Суперстан: Чолпонбек Абыке уулу - "Качкын" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чолпонбек Абыке уулу - "Качкын" "Качкын","Өлүмгө даярдык".

#21 Пользователь офлайн   Arstan   10 Сентябрь 2012 - 20:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Чынында сонун чыгарма.Мондур айткандай мен да айылда окуп жургондо окуганмын.,свет очуп калса,чырактын жарыгында окуган элем.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   aizadochka   11 Сентябрь 2012 - 13:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 13 Апрель 12
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2013 23:13
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

сонун чыгарма экен, ушундай чыгармаларды окуганда черин жазылып, терен дем алып окуйсун. Ирээти менен, абдан корком жазылган экен. Так ушундай чыгармаларды кутобуз. Рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   nazi25   11 Сентябрь 2012 - 21:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 11 Апрель 12
  • Соңку аракети: 06 Янв 2021 21:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:тынчтык

Замира айымга рахмат!Абдан кызыктуу чыгарма экен.Сериял кылбай,сразу бутуруптурсуз да.Жумушумду токтотуп окуп чыктым.
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Elit   12 Сентябрь 2012 - 09:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Чоон рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   future_kg   27 Март 2013 - 18:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 18 Окт 2020 22:31

Ак ийилет бирок сынбайт дейт эмеспи, ак та оз максатына жетпей кара бойдон кала берет экенине ынандым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Djoni88kg   18 Январь 2014 - 02:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 189
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 13:23
  • Жынысы:Эркек

Жакшы чыгарма акыркысы гана өкүнүчтүү бүтүп калат экен тилеке каршы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Aisuluusha   27 Январь 2014 - 09:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 01 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 25 Мар 2019 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Качкындын кайгылуу жашоосуна,айласыз олумуно зээним кейип,аны аяп,ансыз да ооруп турган башым кадимкидей ооруду. Авторго да,апторго да чоон рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Ханбийке   30 Январь 2014 - 07:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 247
  • Катталган: 24 Май 09
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
  • Жынысы:Белгисиз

Эн сонун чыгарма. :good:
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   dos   02 Февраль 2014 - 12:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 29 Май 07
  • Соңку аракети: 14 Дек 2021 00:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ат-Башы

Бул болгон окуя
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   samiira   03 Февраль 2014 - 22:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 20 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2015 00:33
  • Жынысы:Аялзаты

жакшы чыгарма экен, бирок акырын тушунбой калдым Зарлык олгонун же Казакстанга кеткенинСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   zarlyk2211   10 Февраль 2014 - 13:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 643
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 10:27
  • Жынысы:Эркек

аябай жакшы чыгарма экен. Баш каарман Зарлык ордуна мен Зарлык болгонсуп анын эрдигине сыймыктанып алдым...авторго жана жазган кызга чоон рахмат.
Жыгылып баратсанда, жалгандан алыс бол!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   01 Май 2014 - 09:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Сонун чыгарма, мен бул чыгарманы мектепте окуп жургондо кызыгып окуганым эсимде.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   gulpana   03 Май 2014 - 19:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 03 Июн 2018 03:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Зарлык Нарын дарыясына агып кетпедиби.
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Urmat-1989   07 Май 2014 - 21:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 421
  • Катталган: 10 Июль 13
  • Соңку аракети: 30 Дек 2020 00:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

сонун чыгарма
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   abaychik   20 Июнь 2014 - 14:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 178
  • Катталган: 25 Июль 11
  • Соңку аракети: 22 Июл 2014 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош, Сочи

Чынын айтсам азыр ыйлап отурам ото таасирдуу чыгарма, Чолпонбек Абыке уулунун талантына таазим, Замира сизге терен ыраазылык билдирем.
Алланын корсоткон ар бир күнүнө миң мертеден шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   abaychik   20 Июнь 2014 - 14:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 178
  • Катталган: 25 Июль 11
  • Соңку аракети: 22 Июл 2014 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош, Сочи

samiira (03 Февраль 2014 - 19:13) жазган:

жакшы чыгарма экен, бирок акырын тушунбой калдым Зарлык олгонун же Казакстанга кеткенинСүрөт

Нарын дарыясына агып кетти го, неси тушунуксуз?
Алланын корсоткон ар бир күнүнө миң мертеден шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Rozalia   13 Май 2015 - 13:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 296
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Янв 2016 01:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эң мыкты.Чолпонбек аганын чыгармалары аябай таасирдүү
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   egiz-jigit   21 Май 2015 - 12:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 17 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 11:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:===>

Рахмат Rozalia сонун чыгарма экен Чолпонбек Абыке уулунун чыгармаларын жазгылачы дагы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   jigit.85   25 Май 2015 - 11:37

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 07 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 26 Июл 2023 22:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Иркутск

Чыгарма Чолпонбек Абыкеевдин “Кара китеп" аттуу чыгармалар жыйнагынан алынып берилүүдө

Өлүмгө даярдык.

(Башталышы)

Көзүн ачкандан кийин бопбоз шыпты тиктеп көпкө жатты. Кирпиктери ирмелген да жок. Бир караган киши өлүп калган го деп да ойломок. Ал түгүл дем алганы да билинбейт. Боз шып бозоргондон бозоруп, көзү мунарыктап башына эч нерсе кирбеди. О-оо далайда барып оор онтоп алды да үшкүрө ордунан козголгонго аракеттенди. Ордунан кыймылдашы да тозок болуп калыптыр. Ар бир мүчөсү өзүнчө бөлүнүп кеткенсип оңой менен эпке келбей, бели кырсылдап, буту-колу шалактайт. Кичине кыймылдаганга чыкыйы лукулдап, башы тең жарылчудай какшай баштады. Көөдөнүн чыканак боюнча көтөрүп барып кайра шалак таштады. Таштаганда да тээ түбү жок туңгуюкка таштагандай таштады. Дагы оор күрсүнө онтоду. Дүлөй тынчтык. Кулак угуп, көз көрөөр жерде жан жок. Кургаган эриндерин ###### койду. Тили да кургап калыптыр. Куудурап, эриндерин нымдаганга да жарабады.

Так ушул көз ирмемде башына бир ой келди. “Өлүш керек”,-деди. Ушинтип күбүрөнүп да жиберди. Көөдөнүнө бирөө кирип алып сүйлөп жаткандай туюлду. Туура, өлүш керек. Башка ылаажы калган жок деп дагы оюн бекемдеп күңгүрөндү. “Кой, минтип жарым жан болуп жата бербей биротоло өлүп тынчыйын”,- деп так чечимге келди.

Ушул ойду ойлоору менен башынын ооруганы басылып калды. Ал түгүл эпке келбей аткан мүчөлөрүнө да жан кирип ордунан сергек козголду. Жаткан дивандын кырына соксоё отуруп алып “кантип өлөм?” деп ойлоно баштады.

– Асылсамбы? Өзүмө бычак урсамбы? Кан тамырымды кессемби? Кандай жол менен өлсөм деле баары бир эмеспи. Акыры өлөм да. Алгач дайынданып алайын,-деп кетти.

Жылаңач өлө берсемби?-деди. – Кой болбойт го. Киргендер тартайып жылаңач өлүп жатканымды көрсө эмне дейт? Өлгөндөн кийин баары бир да. Жылаңач боломбу, кийимчен боломбу, айырмасы кайсы? Баары бир жылаңачташат да. Өзүнүн ыркыйган арык денесине көз жүгүрттү. Сөөктөрү каржайып, кабыргалары каркайып деги эле адам карагыс, үрөй учкудай болуп калыптыр.

Кан тамырлары көгөрүп тарам-тарам болуп, териси сөөккө жабышып саргыч тартып кеткен. Тобоо, өзүнүн турпатына качантан бери карай элек.

“Ушул чын эле менминби?”- деди да ишене бербей ордунан сүйрөлө туруп, арыта турган чоң күзгүсүнүн астына барды. Кудай сакта! Бетинин бырышы токсон кат, көзү үңүрөйүп ары кирген, көптөн бери алынбагандыктан ээгин саксайган сакал баскан, жаак сөөктөрү уркуйган, коңкойгон мурдунун учу кызыл быткыл бейтааныш адам турду. Я-а Алла... ээгин сыйпалап күңгүрөнүп алды. Бир нерсе айткысы келди, айта албады.

“Минтип жылаңач өлгөнүм болбойт экен. Адамча жашаган жокмун, жок дегенде өлгөндө адамча өлөйүн,-деген ойго келип.

– Азыр таптатынакай болуп кийинем да анан өлөм”,-деди да арыта эшигинин тогосу бузулуп оңдуу жабылбай кыйшайып турган кийим салган шкафын ачканда аңкая туруп калды. Шкафтын ичиндеги кийим илгичтер бүт бош экен. Бурчта тоголоктошкон бир аз түрлүү кийим жатат.

– Бир топ эле кийимим бар эле го? Бирөөлөр уурдап кеткенби я-а? Акмак, алкаш достордун кылары ушул да,-деп ачык сүйлөнүп жиберди.

Дагы үшкүрүнүп алды. Тигил тоголоктошкондорду оодарса оңдуу эч нерсе жок экен. Анан калса адам жийиркенгидей кир. Каңырсып жыты да жаман. Даана аргасы кете түштү. “Кой, бул кийимдерди кийгиче жылаңач өлгөнүм түзүк окшойт”. Кайра күзгүсүнүн астына келди. Эми өзүн такыр эле карагысы келбеди. Шөлбүрөгөн турсасынын кири да укмуш. Кайра артка бурулуп жаткан диванына шоңшоё отура кетти.

– Өлгөндөн кийин мага баары бир эмеспи. Ким эмне десе ошо десин. Түйшүктөнбөй эле өлө бербейимби я-а.

Кимдир бирөө менен сүйлөшүп аткансып үн чыгара күңгүрөндү. Башына жанагы “жашоодо адамча жашаган жокмун, жок дегенде өлгөндө адамча өлөйүн”,-деген ой кайра мыктай кадалды. Үстүнө үйрүп салаар жарытылуу да кийими калбаптыр го. Кой болбостур... Мынча болду болгон кийимимдин арасынан түзүгүрөөгүн иргеп, жууп-тазалап туруп кийип анан өлөйүн,-деди да, шашпай болгон кийимин чачып, иргеп чыкты. Иргелгендин ичинен алып кийинди. Түзүк дегендерин жууп-тазалоону чечти. Аңгыча сырткы дарбаза таңкылдап калды. Тоголоктошкон кийимин колтугуна кысып сыртка жөнөдү. Какжырап кулап түшчүдөй болгон дарбазасы дагы таңкылдады.

– Бара-таам,-деп киркирей кыйкырып койду. Ачса жүдөө кийинген, чачы үксүйгөн, мурдунун учу көпкөк бирөө туруптур. Экөө тиктешип туруп калышты.

– Эмне аңкыясың? Жүрү, тиги Бакбергендики чоң тамын түптөттүргөнү таш түшүрткөнү жатыптыр. Сүйлөшүп койдум. Түшкү, кечки тамагы, ичкилиги, анан бир шишеден жаныбызга салып бермей болду. Биз экөөбүз, дагы экөө болот экен. Берки дагы деле тиктеп тура берди.

– Ой, эмне эсиң ооп жатат?

– Сен кимсиң?

Жанатан сүйлөп жаткан беркинин көзү алая түштү.

– Акылдан айныгандан соосуңбу?.. Чын эле мени тааныбай турасыңбы? Экөө дагы тиктешип туруп калышты.

– Туйтусуңбу?

– Жинди болбочу. Ооба, Туйтумун.

– Тобоо. Ушундай болуп калдыңбы?

Беркиси даана аңкыйды. Өзүн бир сыйра карап да алды.

– Кандай болуп калыпмын? Чочуй, үнүн пас чыгарып сурады.

– Кызыл тоголок чатыраган жигит эмес белең? Эмне болуп калгансың? Туйтунун көзү алайып кетти.

– Саке, сен эмне деп жатасың? Экөө дагы кичине тиктеше түшүштү. Берки кичине артка кетенчиктеди.

– Туйту, алдагинтип жашагыча сен деле өлүп албайсыңбы? Кел экөөбүз чогуу өлөбүз. Мен өлөйүн деп чечтим. Болгону өлөөрүмдө адамдай болуп таза кийим кийинип өлөйүн десем тазасы калбаптыр. Деги эле жыргаган кийимим да жок экен, энеңди урайындыкы. Буларды таза жууп туруп кургатып кийип өлөйүн деп чечтим. Адамча жашаган жокмун, жок дегенде өлгөндө адамча өлөйүн да туурабы, Туке?

Туйту дагы артка кетенчиктеп басты.

– Кайдагы жокту айтпачы, Саке?

– Чын сөзүм. Менин бары-жогум кимге керек? Сеники деле ошондой да. Кечке таш ташып, акысына арак ичип эмне кыласың?Андан көрө үйгө кир. Экөөбүз чогуу өлөлү. Нечен жыл аракты чогуу ичтик эле. Эми тиги чын дүйнөгө да чогуу кетели. Туйту алактай чалына-чулуна жол жакка бурулуп, артынан берки кармап алчудай кача жөнөдү.

– Э-эй, Саке, акылыңа келсеңчи?-деп угуза айтты да, өзүнчө:

– Ту-у, айнып калган тура,-деп декилдеп кетип баратты.

Сапарбек аны узата карап турду да:

– А-а байкуш итирейген, өлүмтүгүңдү сүйрөп жүргүчө менин акылыма көнсөң болмок,-деди артынан кыйкыра.

Анан дарбазасын кайра жаап коюп өз ишине киришти. Ар жерди оодарып жүрүп кир жууган самындын калдыгын, бир аз “Айна” порошогун таап, чылапчынга кирин чылады. Муздак сууга кир жакшы кетчүдөй эмес. Демек, суу жылытуу керек. Сууну кайда жылытарын билбей башы маң боло баштады. Чоң мискейлери, казандары боло турган эле бири да жок. “Энеңди... алкаш достор бүт уурдап сатып жоготушкан экен”,-деп сөгүнүп алды. Анда-санда чай кайнатып ичкен кичине чайнегине суу жылытса эч нерсеге жетпейт. Казан издеп жүрүп мончосуна баш баккан. Ошондо эстеди. “О-о, таппасаң сыйпалап кал, мончону өкүртө жагып туруп киримди да жууп, өзүм да таза жуунуп албайымбы я-а”. Өзүнүн тапканына курсант боло мончонун бочкасына суу куяйын десе ичинин даты, кири тирукмуш экен. Арга жок тазалап жуушка туура келет. Акыркы жолу мончосун качан жакканы да эсинде жок. “Энеңди... бул да мендей болуп кароосуз калган тура”. Сөгүнүп коюп онтолоп ишке киришти. Алка-шалка терге чөгүп тим эле бир дат калтырбай мөлтүрөтө тазалады.

Суу толтуруп коюп отун сактаган сарайын ачса бир тоголок көмүр жок. “Энеңди... алкаш достор бүт көмүрүмдү сатышкан экен”,-деп койду кайдыгер.

Мал сарайдагы какжыраган жыгач аштоону талкалап отун кылды да күркүрөтө жакты. Суу бат жылысын деп трактордун эски резина камерасын да салып ийди эле морунан тим эле кара түтүн буркурай баштады.

Сырткы дарбаза дагы такылдап калды. Ачса кошуна аял экен. Экөө тиктеше түшүштү.

– Ботом, үйүң өрттөнгөн жокпу?

– Жок эже. Мончо жагып жатам. Ошонун түтүнү.

Экөө дагы тиктешип калышты. Кошуна аял беркинин нуру өчкөн көздөрүн карап туруп ийнин күйшөй:

– Мончо жагып жатам дейсиңби?

– Ооба, мончо жагып жатам.

Экөө дагы тиктешип турушту. Аял уккан кулагына ишенкиребей:

– Жага гой... жага гой... Мен кара түтүндү көрүп сарайы өрттөнүп жатабы деп чочулабадымбы. Ошону эле билейин дегем... Кайра артына бурулуп:

– Мейли анда,-деди эмне дешти билбей.

– Эже, нан ооз тий дейин десем үйдө бир тиштем да нан жок. Кечирип коюңуз.

Аял токтой калды. Башындагы жоолугун оңдоп көздөрүн чоң ача карап алды. Маңдайында турган чын эле кошунасыбы? Ошол эле өзү. “Тобоо үнү башкача угулат. Мен акылымдан айнып турамбы же бул айныганбы?”, -деп ойлоду ичинен.

– Эч нерсе эмес Саке. Өмүр болсо нан табылат. Бүгүн болбосо эртең болот,-деп койду да жолун улады.

– Эми мага нан табыштын деле кажети жок,-деди берки үнүн пас чыгарып. Аял укпады. Жашы алтымыштан өтүп жетимишти таяп калса да сымбатын бузбай кайкалап баскан калыбында каздай койкоё жайкалып кете берди. Артынан узата караган берки ичинен: “өлгөнүмдөн кийин ушул эже биринчи тиричилигиме кол кабыш кылышат болуш керек. Ак көңүл, жакшы эже. Колунан да баары келет”. Анан үшкүрүп алды. Кайра дарбазасын жапты да бул жолу илбеди. Ал түгүл кичине кыйгач ачып койду. Бирөөлөр келсе такылдатып отурбай шар кирсин дегени. Анткени, өлгөндөн кийин дарбазасы илинүү болсо такылдатып- такылдатып , эч ким ачпаган соң кете беришсе сасып кетиши мүмкүн. Ал түгүл бир нече күн жатып курттап кетсечи. Элестеткенде жүрөгү опкоолжуй түштү. Ал түгүл өзүнүн ичи көөп көгөрүп өлүп жатканы, чымындар оозу-мурдуна үймөлөктөшүп, килейген курттар соймоңдоп атканы көз алдына тартыла мууну калчылдай, денеси дүр деп ымшып чыкты. “Өлгөндөн кийин баары бир да”,-деп өзүн соороткон менен курттай чирип жаткысы келбеди. Адамча жашаган жокмун, жок дегенде өлгөндө адамча өлөйүн деген ою кайра кайталанып “эгер курттап, чирип кете турган болсом анда кир жууп, таза кийинип эмне кылам. Таза кийингенге жараша таза өлөйүн. Демек, өлгөнүмдөн кийин көп убакыт өткөрбөй кимдир бирөө билгидей шарт түзүшүм керек окшойт”,-деген жыйынтыкка келгенде кичине тынчтанып калды да баштаган ишине кайра киришти. Түзүк деген бир сыйра кийиминен бөлөгүн отко жагып жиберейин деп чечти. Жууганда-жуубаганда эмне. Ансыз деле кичинекей самын менен порошогу баарына жетмек эмес.

Резинанын табы күчтүү эмеспи, мончонун суусу бат эле кайнады. Чылапчынга кайнак суудан куюп жууюн деген кийимин салса суу үстүнө бир нерселер жабырап калкып чыкты. “Тобоо ушунча болуп кеткенби?”- деди күбүрөнө. Бит экен. “Тим эле укмуш го”,-деди дагы күбүрөнө. “Аа, байкуш, ансыз деле өлмөк турбайсыңбы”, -деп койду үшкүрө кимдир бирөөгө айтып жаткансып. Үстүндөгү көйнөгү менен шымын, ич кийимин чечип карабай туруп отко жакты. Карагысы келген жок. Эмне кылат жүрөгүн оорутуп.

Энеден туума жылаңач болуп алып кир жууганга киришти. Киринен мурда өзү эзилип калчудай алка-шалка тердеп бир катар териси шыпырылгансып күчүктөй баштады. Өжөрлөнүп чыдап кирин эзип жууй берди. Кир самыны менен, кээде порошок менен өзүнүн денесин да жышкылап коёт. Демиккенине да карабады. Акыры өлө турган болгондон кийин эмнесин аянат. Башын самындап атып чач арасынан колуна кошо чыккан биттерди көргөндө таң калган деле жок. Кийими тигинче болгон экен башы соо болмок беле. Кирин жууп болуп бурчка коюп койду да өзү аябай жышынып бууланды. Анан үйүнөн сакал алгычын издеп жүрүп тапты. Кудайдан болуп бир жаңы лезвиеси да бар экен. Кайра мончого кирип күзгүнүн сыныгына каранып чачын өзү шыпыра баштады. Ар жерин кесип кетип жатты, Ага да караган жок. Чачын тасырайта шыпырган соң сакалын алды, колтук жүндөрүн, деги болгон жүндүү жерин бүт тазалап кырынды. Башынын, сакалынын кесилген жериндеги кандарын жууган соң өзүн-өзү карап алып жылмайып койду. Анан “эми өлсөм менден эч ким жийиркенбейт”, -деп күбүрөндү.

(Уландысы кийинки санда)

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 20 Август 2016 - 13:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   jigit.85   25 Май 2015 - 11:46

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 07 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 26 Июл 2023 22:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Иркутск

Кайра үйүнө кирип жууган кийимдери кургагыча үстүнө кийип тургудай ылайыктуу бир нерсе издеп эски пальтосунан башка эч нерсе тапкан жок. Калганын бүт өрттөптүр. Пальтосунун тигиштеринен бери үңүлө караса бит-сирке көрүнбөйт. Таза экен деп жалаңкат жылаңач денесине кийип алды да үй ичиндеги диван үстүнөн өмүрү жыйналбаган, жатып жүрчү эски жуурканын да өрттөдү. Шейшеп аттууну качан урунганын да унутуп калыптыр.

Үй ичин иреттөөгө өттү. Иреттегидей деле эч нерсе калбаптыр. Бир эшиги жок, кыйшайып жыгылчудай болгон эски кийим илген шифоньери. Бурчта колго жасалган электр плита. Бир темир чайнек. Эки кружка, эски жатуучу диван. Болду. Төрт бөлмө үйдө болгону ушул дүнүйө. Үй ичин бир жакка көчүрүп кеткендей каңгырап бош. Улам бир бөлмөнү ачып карай, оозу аңкая ачылды. “Энеңди... алкаш достор бүт уурдап сатышкан тура”,-деди күңгүрөнө. Бир кездеги дубалдарга тартылган туш кийиздердин, килемдердин, сандыктардын, идиш-аяк толтура шыкалган шкафтын, дубалга илинген түлкүнүн, карышкырдын терилеринин кайда кеткенине башы жетпей турду. “Ту-уу ата... алкаш достордун мени эле сатмайы калган тура. Бүт тукум курут кылышкан турбайбы”,- деп койду. Чынында досторуна кошулуп бүт өзү аракка сатканын эстей алган жок. Эстегиси келбеди. Эмнеси болсо да алкаш досторун сөгүп, өзүн кичине жеңилдетип алды. Үйдүн полунун киринен сырынын түсү билинбей калыптыр. Мончодон ысык суу алып келип бардык бөлмөлөрдү жууп чыкты. Эски шыпыргы таап алып дубал боорундагы, потолоктогу желелерди шыпырды. Канча убакыт өткөнүн да билген жок. Кайра мончого кирип дагы бир чайканды. Короодогу алманын бутагына илип койгон кийимдерин караса кургап калыптыр. Алып киейин десе тигиштеринде сиркелер кум. Үтүктөбөсө болчудай эмес. Өзүнүн үтүгүнүн кайда кеткени дайынсыз. Коңшу эжеден сурабаса башка арга жок.

Жалаң этине пальтосун кийип турган коңшусун көргөндө аялдын оозу даана ачылды. Ал түгүл сүйлөй да албай калды. Астында адам эмес эле арбак тургандай болуп кетти.

Башын жалтырата кырган, сакал-муруту жок коңшусунун жаак сөөктөрү уркуюп чыгып, башы сокудай болуп тирукмуш болуп калыптыр. Мурда чачы үксүйүп, сакалы барпайып жүргөндөгү өңү башкача эле.

– Ботом, Сапарбексиңби? ..

– Ооба, эже, тааныбай калдыңызбы?

– Ботом, чачыңды, сакалыңды алып койсоң таанылгыс болуп калат турбайсыңбы, -деди өзүнө келе.

– Кел кир.

– Кирдим, эже. Үтүгүңөрдү сурап келдим эле. Бир саатка жетпей кайра алып келем.

Аялдын дагы оозу ачылды. Ичинде “үтүгүмдү эмне кылат? Чын эле кийим үтүктөгөнү жатабы?”-деген ойлор турса да сурай албады.

– Мейли, мейли...-деди шыпылдап. Арытан алып келип карматкыча шашты.

– Рахмат, эже. Бат эле апкелем,-деди да берки башка сөз айтпай бурулуп жөнөй бергенде, аял артынан узата ээрчий карап калды. Пальтонун этегинен сөөк болуп арыктаган шыйрагы көрүнгөн берки үңкүйө кетип баратты.

***

Кийимдерин шашпай үтүктөдү. Чолоо жерин калтырган жок. Ал түгүл эски дивандын үстүн да үтүктөдү. Пальтосун да үтүктөдү. Шалдырап чарчай баштады. Ичегиси жабышып, ачка болгондон ичи курулдайт. Үйүндө күкүм да нан жок экен. Чай кайнатайын десе кургак чайы да жок. “Тобоо, кантип жашап келаткам?”- деп койду. Кийимин кийип алып кайра үтүктү жеткизип барды. Костюм, шым кийгенге адамдай боло түшкөн. Болгону башына киерге эч нерсе таппай койгондуктан, башы сокудай болуп ырайын бузуп турат. Эшикти ачкан коңшу аял аяк-башына бир карап алды да:

– Ботом, адамдай болуп калган турбайсыңбы. Өт. Жаңы эле нан жаап, чай ичейин деп жаттым эле. Отур, чогуу чай ичели,-деди. Берки “жок эже, мен кете берейин” дейин деп, кайра “мейли, өлөрүмдө бир жолу тамактанып алайынчы”-деп ойлой төргө өттү. Коңшусу менен деги эле шашпай чайлады.

Төрөлгөнү ачка жүргөнсүп табактагы каймакты, вареньени бүт аймады. Бир көмөч нанын бүт эле өзү жеп койду. Коңшу аял көргөн көзүнө ишенбей “бул чын эле арагын таштап, оңолоюн деген го?”-деп ичинен ойлоп коёт да, кайра “кайдан оңолсун? Жөн эле бүгүн өзүнө бир жолу көңүл буруп жатканы болсо керек”,-дейт. Ошентсе да сөзгө тартып:

– Сапар, ырас чачыңды, сакалыңды кырып, тазаланып алыпсың. Ботом, раматылыгы болгон эжең тирүү кезинде кирпигиңе кир жугузчу эмес эле. Иним... иним...-деп үстүңө үйрүлүп турчу эмес беле. (Сапарбектин өлгөн бир тууган эжеси жөнүндө айтып атканы). “Жалгызым” деп сени жакшы көргөнүнөн көзүнүн тирүүсүндө сага “ичкилигиңди азайтсаңчы же таштачы” деп да айта албады. Кайран эжем, адамдын алтыны эле го. Бир айыбы – аягы канап төрөбөгөнү гана болду да. Болбосо, асыл жан эмес беле,-деп үшкүрүнө шыпшынып койду.

Беркинин көз алдына тээ илгерки өткөн өмүр бүдөмүк мунарыктай элестей калып жатты.

– Сен да өзүңдү такыр таштап койбодуңбу. Ботом, болбосо бул чөлкөмдө сендей колу алтын уста бар беле? Оңбогон арак оңбосун! Болбосо сендей дөөтү колдогон усталар жүз жылда да төрөлбөйт го. Азыр да сенин салган үйлөрүң заңгырап турат. Сеникине окшоштурам деген нечен усталар шылдың болушпадыбы.

Берки үн деген жок. Жаңы бышкан нандан каймакка мала бурдай сугунуп, бир курсагы менен алек болуп жатты.

– Ботом, сендей эр жигит да жаман бир салпетек катын үчүн ушунча чөкмөкпү? Катынга өчөгүшүп күчүңдү ичкиликтен чыгарам деп аягы эмне болдуң? А катының болсо жүрөт. “Таба эмес тобоо. Анын ошондой эрки бош экенин билип мен учурунда ажырашпадымбы”, -деп. Мынча болду күйгүзө айтайын деди окшойт. “Баары бир турмушубуз болмок эмес. Акыры алкаш болуп кетерин билгем. Балдарымдын ырыскысын ажырашып кетип сактап калдым. Болбосо бүт ичип таштамак”,- деп айтат экен өлүкканаңды көрөйүн шерменде... Эжең байкуш өлөөр-өлгүчө “ушул сойкуга кайсы шайтан айдаган күнү жолукту эле?!”-деп боздоп жүрүп өттү го...-деп көз кычыгында турган жашын жоолук учу менен сүртүп койду. Берки тойгондон кийин:

– Рахмат эже, эмнеси болсо да өлөөрүмдө бир тоё тамак ичкендей болдум. Сообум тиер. Бата кылып коюңуз,-деди да, бата тилеп ордунан тура жөнөдү. Тигил аял беркинин өйдө-төмөн сөзүнө түшүнө бербей “эмне деп дөөрүп койду” дегенсип аңкайып кала берди.

Үйүнө үңкүйө басып баратканы менен кулагына кошуна аялдын “таба эмес тобоо деп жүрөт дейт” деген сөзү кайра-кайра жаңырып атты. “Мейли, өлсөм табалай турган кишиң да калбастыр”, -деп койду күңгүрөнө.

Өз дарбазасын өзү тааныбай калгансып үтүрөйө тиктеп туруп калды. Босого устуну кыйшайып, жыгылчудай болуп калыптыр. Сырлары эскилиги жеткенден сыйрылып түшүп, өңү өчкөн. Бир кездеги өз колу менен жасаган, зыңкыйып турган кооз дарбаза көз алдына тартыла түштү. Ичи бурала толгонуп кетти. Кайра кол шилтеп койду. “Эми өлө турган болгон соң дарбазанын эмне кереги бар. Куламактан кыйрап калсын”-деди да ичкери кирип, киши кирип-чыгуучу эшигин кыйгач жаап койду. Илбеди. Үй түбүндөгү эски орундукка күнөстөй отура кетти. Күн түштөн ооптур. “Бүгүн канчасы?”-деп ойлоп алып өзү чочуп кетти. Күндү кой, кайсы ай, кайсы мезгил экенин эстей албай башы ката түштү. “А-а, атаңдын оозун урайындыкы, мен эчак өлгөн турбаймынбы. Дагы уялбай өлөйүн деп коём. Тобоо, жылдын кайсы мезгили экенин билбей калганымдан кийин эмне деген шумдук?! А-а, атаңдын оозун урайындыкы. ..”-сөгүнүп-сөгүнүп алды да, аргасы кеткенден “жардам берчи” дегенсип күндү үлүрөйө тиктеди. Айлананы аяр карай баштады. Алма чыпалактай болуп түйүлүп калыптыр. Короо ичин жашыл отоо чөп баскан. Демек, жаз окшойт. Кейпи апрель айы болсо керек деп боолгоду. Барып кошуна аялдан сурап келсемби деп ойлой, кайра айныды. Өлө турган кишиге мезгилдин айырмасы кайсы?

Күндүн жылуулугу денесине өтүп, бир чети курсагы тойгонго магдырап уйкусу келе баштады. Көз алдына өлгөндөн кийинки көрүнүштү элестеткиси келди. Опурап-топурап кирип-чыккан эл аялына сөзсүз кабар айттырышат. Өзү келгиси келбесе да балдары топурак салсын деп келээр.

Аялы келип суйкаңдап машинадан түшүп, анан кыйшайып кулайын деп турган дарбазаны көрүп, киргиси келбей мурдун чүйрүп турганы көз алдына тартыла түштү.

Балдарына карап: “Мына, силердин атаңар кандай үйдө жашаган. Кандай адам болгон. Көрүп алгыла. Мен силерди торолтуп багып, адам кылып жүрөм”,-деп атканы ал түгүл кулагына угулуп кетти.

– Энеңди... ######... муну кара... Ушул дарбаза элеби? Ордунан кантип атып турганын билбеди. Сарайын аңтарып жүрүп эски лом, күрөк таап алып келип кыйшайган босого устундун түбүн казып түзөп, кайра таш салып бекемдеп бекитти. Кыйшайган дарбаза кайкалап түзөлө түштү. - Ушул элеби энеңди... Муну минтип эле түзөп койсо болот. Өз ишине өзү ыраазы боло түштү. Чекесинен тер куюлгуча иштептир. Анан көзүнө дубалдын урап түшкөн бурчу урунду. Кирпичтери ар жерде чачылып жатат. Суу ташып кичине ылай жасай койду да оңдоп кирди. Кеч күүгүмгө чейин короосун айланта бүт ураган жерлерин оңдоп чыкты. Тырп этерге алы калбай чарчады.

Эмнегедир өзөгү карайып, курсагы ача баштады. Коңшу аялдын ысык нанын эстеди. Каймагын эстеди. Дагы баргысы келип кетти. Бирок, батынбады. “Эмне деп барам? Акыры өлө турган болгон соң ачка эле өлө бербейимби. Курсакты тойгузганда эмне да, тойгузбаганда эмне?”-деп үйүнө кирди. Эски диванына чалкалай отуруп эс алайынчы деп жаңы эле ойлогондо сырткы эшик ачылып калды.

– Я-а, Сапар, кайдасың?-деген коңшу аялдын үнү угулду.

– Бул жактамын эже, кириңиз,-деп тосо жөнөдү.

– Жүрү үйгө. Ысык тамак ичип ал. Кечке жаның тынган жок. Атайын сен үчүн эт астым эле. Оокат кылганыңды көрүп кубанычым койнума батпады. Акыры намысың ойгонгон экен деп жатам. Эми ушул бойдон адам болуп кетсең болду. Жакшы атанын уулу элең,-деди эбиреп-жебиреп.

– Эже, жөн эле койбойсуз да...

– Кой, жүрү. Ботом, сенин эжекең менен бир тууган эже-сиңдидей болуп өлөр-өлгүчө сыйлашып жүрдүк. Сен деле инимдей болуп калдың. Жүрү, уялба. “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” деген. О-о, кокуй, өзүңдү-өзүң ушинтип колуңа алсаң эртең эле зыңгыраган жигит болуп чыга келесиң,-деп астыга түшүп жөнөдү. Артынан ээрчий баскан Сапарбек: “Мейли, барып тамагын ичсе ичип коёюн, тигил дүйнөгө кеткенимде сообу тиер”,-деп ойлоп койду.

– Ботом, али жашсың да. Жашың канчада?-деди аял Сапарбекке бурула. Берки мукактана түштү, көрсө быйыл канчанчы жыл экенин билбейт экен. Анан эсине туулган жылы түштү. Жылын айта салды.

– О-о, кокуй, 45 жашта эле турбайсыңбы. Али жигитсиң да,-деди коңшусу. Берки ичинен эсептеп быйыл канчанчы жыл экенин чыгарды. Ту-уу ата, аялы менен ажырашканына он төрт жыл болуптур. Эжекесинин үйүндө жашаганына он үч жыл, эжекесинин өлгөнүнө беш жыл болгон экен. Ту-уу ата, ушунча жыл өтүп кеттиби?-деди ичинен. Улуу баласы он тогузга, кичүүсү он жетиге чыккан тура. Ту-уу ата...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: