Суперстан: Улуу күүлөр баяны - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Улуу күүлөр баяны

#1 Пользователь офлайн   jigit.85   25 Май 2015 - 13:07

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 07 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 26 Июл 2023 22:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Иркутск

Улуу кұұлөр баяны

Кылымдарды артка таштаса дагы жаңы гана жаралгандай уккан жандын жан дөйнөсүнКошудай сиңип, кыттай уюган кыргыз күүлөрү дал өзүндөй салмактуу, олуттуу тарыхка ээ. Эмесе, ал тарыхтын бир барагына үңүлүп жаш-карыга бирдей тааныш болгон айрым күүлөрдүн жаралган убактысын, жашырган сырын таанууга аракет кылалы. Алар тууралуу улуу комузчулардын улуу көчүн ушул күнү улап турган күүчү, комузчу Кенжебек Алдаяр айтып берет.



Сынган жан жараткан «Сынган бугу» күүсү

– Бугу уруусунан чыккан Байгазы аттуу зирек жигит байдын Шааркан аттуу кызына ашык болот. Шааркан да жигитке кайдыгер болбой экөө арзышып калышат. Бирок жаштардын арзуусуна байдын кызынын сөйкөлүү экени жолтоо эле. Кудалаган жери бар туруп башка адамга арзыганы байдын да, элдин да ачуусун келтирет. Андай болсо да арзышкандар анчалык тоскоолдук, коркунучтарга карабай бири-бирине болгон сезимдин күчүнө таянышат да, ашуу ашып токойго качып кетишет. Бирине-бири караан болуп элден азып жүрүшүп эки кыздуу болушат. Ошондой жашоо өтүп жаткан кезде эки кыздын энеси каза болуп калат. Арманы ашкан Байгазы комуз чаап арман-муңун комузга ката жүрөт. Акыры эл анын кабарын алып, жайын билген соң кечиришип, элине кайтууга уруксат берип чакырышат. Элине келгенде аларга болгон сагыныч-кусасын, канча убакыттан берки сырын комуздун күчү менен жеткирип, күүсүн «Камбаркан» атайт. Күү бат эле элди аралап тарап кетет. Кийин Байгазынын көзү өтүп кеткен соң күүнү ийине жеткире аткарган комузчу Карамолдо болгон. Бир күнү Карамолдо күүнү чертип болгон соң Кыдыр аке: «Бул кайсы күү?» - дейт, «Баягы бугунун Байгазысынын күүсү», - дегенде «аа, сынган бугунун күүсү де…» - деп бугудан чыккан Байгазынын элинен качкан азабын, кийин сүйүп алган келинчегинен айрылып сыздаганын эске алган Кыдыр акенин ошол «Сынган бугу» деген сөзүнөн кийин көп камбаркандын бири болгон бул керемет «Камбаркан» күүсү «Сынган бугу» аталып калган экен.



Иликтөөсү жаңылган «Ибарат» күүсү

– Окумуштуулар бул күү тууралуу “Ибарат” сөзү санат-насыят деген сыяктуу сөз” деп жаңылып келишет. Андай эмес, бул күү - түздөн-түз бир айымдан, тактап айтканда, күүнүн жаралышына себепкер болгон лирикалык каармандын же түз, же алмаштырылып, жашырылып аталган ысмы. Күүнүн автору Карамолдо Орозовдун өзүнүн аткаруусунда уккан жана күүнүн тилин билген адам бул күүдөн махабат сезиминин маңызын, баянын, ак сүйүүгө себеп болгон аруу жандын образын көрө алат. Ошондон улам мен бул күүнүн чыныгы каарманы бар экенине толук ишенем. Окумуштуулардын жогорудагы пикирине макул боло албай бул күү тууралуу он беш жылдан ашык убакыттан бери ой толгоп келип кечээ жакында гана ойлогон жообумду ала алдым. Көлдүк комузчулардын айтымында, Карамолдо Көлдүн бир сулуусуна ашык болуп чыныгы махабат сезими менен ушул чыгарманы жараткан экен. Ал эми ашыктык отун жандырган ал айымдын аты ошол кездеги аялзатына болгон катуу мамиленин же турмуштук себептердин негизинде аталбай калышы мүмкүн. Күү күүчүнүн чыныгы эргүүсүнөн жаралгандыктан 19-кылымдан бери карай азыркы күндө да улуулугун жоготпой, “мен комузчу” деген улуу-кичүүнүн ар биринин аткаруусунда жаңырып келет. Комуз ансамблдерин «Ибарат» күүсүсүз элестетүү мүмкүн эмес десек да жарашат.



Нурактын балалыгын катып турган «Улуу тоолор» күүсү

– Жогоруда атын атап келген улуу инсандардын сапарын улаган залкар Нурак Абдыракманов комузчу катары да, күүчү катары да татыктуу эмгек өтөп кетти. Залкардын ондогон чыгармаларынын ичинен эң бийиги, эң нускалуусу «Улуу тоолор» күүсү болду деп эсептейм. Бул күүсүн Нурак ага өзү да жакшы көрчү эле. Ал тууралуу айтып бергенде жайнаган жылдыздуу көздөрү ого бетер нурданчу. Нурак аганын кыргызды дилинен сүйүп, анын улуу мурастарын аздектеп калуусуна атасы чоң себепкер болгон экен. Өзү комузду мыкты черткендиктен уулу Нуракка да комузду жогорку деңгээлде үйрөтүптүр. «Атам токойду абдан жакшы көрчү. Үрүл-бүрүлдө экөөбүз атка учкашып алып токойго бет алчубуз. Таңда токой керемет болот. Суунун, жан-жаныбардын, деги эле баарынын үнү укмуштай керемет сыйкырга айланып кетет», - деп айтып берчү. Атасынан ажырап калуу Нурак агага абдан оор сокку болгон экен. Атасынын тоодой орду бош калып, караанын жоктоп, ансыз жашоого макул боло албай жүргөн кезинде ушул күүсүн жаратыптыр. Күүнүн башталышындагы «ту-уң» эткен добуш улардын үнү дейт. Олуттуу күүнүн ичинде автордун улуу тоолорго болгон саякаты менен катар атасына болгон ичине батпаган кусасы сыздайт.




Кыз жашоосун кайрыган «Кыз кербез» күүсү

– Кыргыз күүлөрүндө «ботой», «кербез», «камбаркан» деген күүлөр өтө көп. Анткени бул сөздөр чагылдыра ала турган, тереңдеги маани-мазмуну, күүдө камтылган кайгы-зар же кубануу, жан дүйнөнүн жаңырыгы камтылган окшош абалдар көп болот. Ошолордун «кербез» түрүнө кирген күүлөрдүн бири - «Кыз кербез» күүсү. Бул күүнү элге жеткирген комузчу Атай Огонбаев болгондуктан көпчүлүк аны Атайдын күүсү деп санашат. Бирок бул түпкүлүгүндө Токтогул Сатылгановго тиешелүү болушу мүмкүн. Анткени улуу залкар бул темага көп кайрылган. «Кыз кербездин» башка күүлөрдөн артыкчылыгы, баалуулугу – ал атайын бир лирикалык каарманга арналган эмес. Ал жалпы кыз аттуунун, өткөн кездин, учурдун жана кийинкинин кыздарынын сырын, кылыгын, назын баян кылат. Ал эми кыз деген ар бир заманда бирдей, башкача айтканда, улуу-кичүүнүн коргоосундагы үлпүлдөк зат болушу керек. «Кыз кербез» күүсү дал ушуну айтып турат.





Жоролорго жарашкан «Ак бакай» күүсү

– Коргол Досу уулунун аткаруусунда элге тараган бул обон-күү кадимки Токтогул залкардын ашыгы Алымканга барып такалат. Тарыхта Токобуздун бул сүйүүсү жоопсуз болгон. Ага өзүнүн бою жапалдаш, тогологунан келген киши болуп, ашыгы Алымкан узун бойлуу болгону себеп болгон делет. Арзуусу ойлогонундай болбой калганда Токтогул Алымканга арнап чыгарган ырын обон-күүсү менен кошо эч кимдин ырдабашын талап кылып бул чыгармасын жокко чыгарып салган. Бирок жакшы нерсени эл жерге калтырбайт да, Коргол ал обон-күүнү азыраак өзгөртүп атын «Ак бакай» атап алып ырдай берген. Бул обон-күү кийин жаамы журтка эмес, тар чөйрөдө гана ырдала турган ыр менен коштолуп калган. Ал ырда аял менен эркектин бири-бирине болгон мамилелери ар тараптуу каралып, анын ичинде одоно, орой, керек болсо уяттуу сөздөр дагы колдонулган. Ошондон улам ал бозо-жоро, тели-теңтуш, жаш муун арасында гана аткарылган. Ал эми Коргол атабыз башка залкарлардан айырмаланып андай ырларды аткарууда тартынууну билген эмес. Эми «Токтогулдуку болгон эмес» деп же деги эле бул маалыматка макул болбочуларга бир далил келтирип кетүүм керек. Улуу талант Нурак Абдыракманов бир күнү мага Виноградовдордун эмгегин көргөзүп: «Нота тааныйт эмессиңби, бул кайсы күү экен, окучу», - деп калды. Нотанын башында «Алымкан» деген тема турат. Нотага салып чертип келсем эле Коргол Досу уулунуку деп саналган «Ак бакай» күүсү чертилип баштады. Башынан аягына чейин ошо. 19-кылымда жаралган күүнүн сыры ушинтип ачылган. Азыркы кезде бул обон-күү кадимки күү катары эле кабыл алынып келет. Анткени аны кийин Болуш Мадазимов аттуу комузчу обон-күүнү күүгө буруп иштеп чыгып койгон.





Гүлайым Калыбекова
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Kg.lady   26 Май 2015 - 02:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Улуу тоолорду менда жактырам. Озгочо жаралган куу. Нурак Абдыракмановдон олбос-очпос шедевр болуп, ушул куу калды.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   jigit.85   26 Май 2015 - 11:09

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 07 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 26 Июл 2023 22:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Иркутск

Мен да куулорду жактырып чертем,эң окуучтуусу Нурак агайдын бизден эрте кетип калгандыгы баарыбызды окундурот,артында канчалаган окуучулары, калдайган калын калкы боздоп кала берди!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   kalen9001   26 Май 2015 - 11:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 230
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 17:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Борбор

Жакшы тема екен, менда кыргыз кочу, кыз кербез сыяктуу куулордон кылдыратып койом, айтылатко "комуз билбеген кыргыз кыргыз емес"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   belka   30 Май 2015 - 14:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Куулорду ото берилип,делгирип угам. Бирок комузга келгенде чоркокмун,комуз кармап чертип коргон эмесмин. Сынган бугунун тарыхы аябай кайгылуу экен,маанисин тушунбой эле укчумун,эми уксам баары элестеп ыйлайм го.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   elnurkou   31 Октябрь 2016 - 09:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 04 Июнь 13
  • Соңку аракети: 04 Янв 2021 23:28

бул теманын ачуу себеби куулорубузду уйдо балрарыбызга уйротсок дейм, баарыбыз билген куулорубузду жаза кетейли, куулорубуз унутулбасын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   elnurkou   31 Октябрь 2016 - 09:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 04 Июнь 13
  • Соңку аракети: 04 Янв 2021 23:28

Журоктун кылдарын черткилепКонулдун черин жазып коздорум суйуу чачып,Жол журуп суйгондорго жолуккан кандай бакыт,Иий гул кармап колдорума бактылуу болгонума Мен сени коруу учун баратамын жолугууга.Иий гул кармап колдорума бактылуу болгонума Мен сени коруу учун баратам жолугууга . Кун болуп коруносун, нур болуп тогулосун,Мен эми сезимдерге кезикен ушул кечим.Иий омур аз ойноп кулсон окунуп калбайын деп Эеритип журогумду эркелеп алчы эркем,Иий омур аз ойноп кулсом окунучко калбайын деп Эеритип журогумду эркелеп койчу эркем.Тартылып колдор аста арбалып махабатка,Айланып келеличи арманды таштап артка.Иий мен сени суйомдечи сездинби сендик дечи Бир омур жатта калсын суйуунун ушул кечи.Иий мен сени суйомдечи сендикмин сендик дечи Бир омур жатта калсын суйуунун ушул кечи омурдун алтын кечи.УШУЛ ЫРДЫН КУУСУ КИМДЕ БОЛСО ЖАЗА КЕТКИЛЕ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   mega777   04 Ноябрь 2016 - 12:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

"Комуз менен ойнолуучу күүлөр"темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   elya95   05 Ноябрь 2016 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 905
  • Катталган: 16 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Дек 2021 12:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызыстан, Ош

Мен жаш кезимде курсска барат элем, азыр унутуп деле калдым даже комузду кантип кармаштыда.
Л
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Aisuluu7   24 Ноябрь 2016 - 10:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 318
  • Катталган: 15 Февраль 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2017 09:14
  • Жынысы:Аялзаты

Аттин, мен да комузда ойной алсам кана.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   bond0202   24 Ноябрь 2016 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

жакшы жазылыптыр
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: