Кош бойлууларга кеңеш Кыз-келиндерге кенеш
#3083 22 Май 2015 - 14:42
#3084 22 Май 2015 - 14:57
#3085 22 Май 2015 - 16:11
#3086 22 Май 2015 - 16:15
Nargiza.1 (22 Май 2015 - 14:42) жазган:
Туура эле коркосуз. Бала оорлошуп калганда чалкалап жатууда сиздин венаныз басылып калат да, маткага анча коп кан барбай, давление тулуп кетет. Сиздин башыныз айланып, бала тыбырчылагандан байкасаныз болот муну. Басканда бандаж тагынып алсаныз ынгайлуу болсо керек. Айрымдар озу ылдый которот. Эгер кан келбесе, ич туйулбосо коркуунун кереги жок.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#3087 22 Май 2015 - 18:55
#3088 25 Май 2015 - 07:11
#3089 25 Май 2015 - 07:15
#3090 25 Май 2015 - 07:56
Камыр жана майлуу тамак-ашты көп ичүүгө болбойт, ал баланын салмагын көбөйтүп, төрөттү кыйындатат. Кош бойлуулуктун 1-жарымында күнүнө 4 маал тамактануу зарыл, 2-жарымында түйүлдүк тез өсүп, аялдын организмине күч келтиргендиктен 5—6 жолу (аз-аздан) тамактануу сунуш кылынат. Тамак-ашка жашылча, жемиш, сүт жана сүт азыктарын, сууга бышкан эт, балыкты кошуу керек. Эттин сорпосу менен тузду азайтуу (5 гга чейин) зарыл.
Суюктукту күнүнө 5 стакандан ашык ичиш керек, денеде шишик пайда болуп жана салмагы көбөйүп кетсе, догдурдун кеңеши менен мүнөздөп тамактануучу күндөр түзүлөт.
Тамакашта витамин (жашылча, мөмө-жемиштер) жетиштүү болушуна өзгөчө көңүл буруу зарыл, кышында рационго А, В, С, Д, Е витамини бар сироптор же драже кошулат, кальцийлүү азыктарды (сүт жана сүт азыктарын) көбүрөөк жеш керек. Боюнда бар кезинде ич көп катат. Ошондуктан жатарда кефир же айран ичип, ач карын жашылча, мөмө-жемиш (сабиз, кызылча, алма, кара өрүк жана башка) сунуш кылынат. Ич алдырма дарыларды догдур менен кеңешпей туруп ичүүгө болбойт, боюнан түшүп калуусу мүмкүн.
Гигиенасы
Өздүк гигиенага чоң көңүл буруп, үй температурасындагы сууга күн сайын белге чейин жуунуп, жумасына бир жолу душка түшүү керек. Жылуу ваннаны (суунун температурасы 34—35°С) 15 минутадан ашык алууга жарабайт, акыркы 3 айда ванна алууга болбойт. Деңизге, көлгө түшүүдө кош бойлуу аял өзүнүн абалына караган оң.
Боюнда бар кезде эмчекти туура багуу кийин эмчектин үрпүн кесилип кетүүдөн жана эмчекти сезгенүүдөн сактайт (к. Мастит). Эмчекти күнүгө жылуу суу менен самындап жууп, катуу сүлгү менен сүртүү зарыл. Кээде атайын укалоо пайдалуу, аны аялдар консультациясында үйрөтөт. Айрыкча жыныс органдарынын тазалыгына көңүл буруу зарыл: күнүнө 2 жолу астын жылуу суу менен самындап жууш керек (арткы тешиктен микроб кирип кетпеш үчүн артты көздөй жууйт). Боюнда бар кезде жатын кынын жууга болбойт. Жыныстык катнашууну өзгөчө алгачкы 2—3 айда азайтуу (боюнан түшүп калбас үчүн), ал эми акыркы 2 айда эне менен баланын организмине инфекция кирбес үчүн аны токтотуу сунуш кылынат.
Аялдын ден соолугун чыңдоо
Кош бойлуу аял үчүн уйку чоң мааниге ээ. Ал 8 сааттан кем эмес, өзүнчө жатып уктоо керек. Аялдын ден соолугуна жана түйүлдүктүн өөрчүшүнө таза аба өтө керек. Ошондуктан күнүнө 1 саатча таза абада, өзгөчө уктар алдында сейилдөө пайдалуу. Бөлмөнү күнүнө бир нече жолу желдетүү зарыл. Боюнда бар аялдын кийими көкүрөгүн, белин, ичин, жамбашын кыспагандай кенен, бут кийими жапыз такалуу болушу керек. 6—7 айында атайын бандаж кийүү (жатып алып киет) пайдалуу. Ал ичти көтөрүп, жатындын туура жайгашуусуна жана курсактын чоюлуп кетпешине жардам берет.
Боюнда бар кезде акыл эмгегинен жана оор жумуштан ашыкча чарчоого болбойт. Кээде боюнда бар аялдар токсикоз (к. Талгак) болот. Алгачкы мезгилде кускусу келет, алы кетип, көңүлү чөгөт, кийинчерээк кан басымы жогорулайт, шишийт жана башка оорулуу тиштерди дарылап же жулдуруп таштоо зарыл.
Аялдын ден соолугун чыңдап, сырткы чөйрөнүн терс таасирлерине организмдин туруктуулугун жана тамакка табитин көтөрүүгө, ошондой эле төрөткө катышуучу булчундарды чыңдоого гимнастикалык көнүгүүлөрдүн атайын комплекси иштелип чыккан, аны консультациядан үйрөнгөн жана аялдар консультациясында алдын ала психикалык даярдоодон өткөн аялдар оңой жана бат төрөйт.
Боюнда бар аял аялдар консультациясынан атайын толтурулган карта алат. Ага догдур аялдын ден соолугу, боюнда бардыгы, абалы жөнүндө негизги маалыматтарды жазат. Бул маалыматтар төрөттү туура кабыл алууда абдан маанилүү, ошондуктан боюнда бар аял бул картаны дайыма жанына сактап жүрүп, төрөт үйүнө ала келиши керек.
КОШ БОЙЛУУ АЙЫМДАРГА КОФЕ ИЧКЕНГЕ БОЛБОЙТ
Эми кофени кош бойлуу айымдарга сунушталбай турчу суусундуктарга кошуп койсоңор болот. Калифорниядагы докторлордун изилдөөсү күнүнө эки чөйчөктөн ашык кофе ичкен боюнда бар айымдар коркунучка кабылаарын көрсөттү.
Б уга чейин акылман докторлор боюнда бар же эне болсомбу деп ой толгогон айымдарга кофени үч чөйчөктөн ашырбай ичүүгө уруксаат берчү. Бирок эми Калифорниядагы “Кайзер илимий изилдөө институнун доктору Де-Кун-Ли минтип чектөө койбой эле кофени такыр ичпей койгон дурус дейт. <br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"><br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;">" Жакында эне болуу бактысын күтүп жаткандар же балалуу болсомбу деген айымдар эн биринчи кофеден баш тартышы зарыл. Же жок эле дегенде алар кофеини жок кофеге өткөнү жакшы."< br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"><br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"> Ли-нин айтымында күнүнө 200 милиграмм, башкача айтканда эки чөйчөктөй кофе ичкен айымдар такыр кофе ичпегендерге салыштырмалуу эки эсе көп коркунучка кабылат. Муну Ли өз изилдөөсүнөн ачыктаган. Бирок кош бойлуу айымдар үчүн коркунуч туудурган бул кофе эмес, анын курамындагы кофеин. <br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"><br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"> Кофеин кофеден башка чай, ысык шоколад өндүү энергия берчү суусундуктарын курамында болот. Алалы, бир чыны чайда 39 миллиграмм кофеин болот экен.<br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"><br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"> Кофеин жатындагы түйүлдүк үчүн зыян болушу мүмкүн. Анткени кофеин түйүлдүктүн метоболизмине, башкача айтканда зат алмашуусуна кедергисин тийгизе алат. Мындан тышкары кофеин баланын тонунда кандын айланышын жайлатат. <br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"><br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"> Эми кофеден баш тарта албайм дегендерге кандай кенеш болот? <br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"><br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;">" Эгер алар чындап эле кофесиз тура албайм дешсе, анда күнүнө кофени бир чөйчөктөн ашырбай ичсе болот. Канча аз ичсе ошончолук жакшы", -дейт доктор Ли. <br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"><br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"> Доктор Ли буга чейин боюнан түшүрүп алгандар болсо "мен кофе ичип ушундай болдум" деп жыйынтык чыгарып, өзүн жемелөөгө болбойт деп эскертет. Анткени айымдардын боюнан түшүшү бул генетикалык аномалиянын эсебинен гана болчу нерсе. Кофеин болсо буга чейинки коркунучтарга кошул-ташыл гана болушу мүмкүн.< br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"><br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"> Анткен менен Линин пикиринде өзүнүн, баласынын ден соолугун ойлоп, кофеден такыр баш тарткан айымдар мактоого арзыйт.< br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"><br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"> Боюнда бар айымдар кофеин эле эмес, тамеки чегүү, алкоголдук ичимдик ичүү өңдүү терс өнөкөттөрдөн алыс болгону дурус экени доктор Ли айтпаса да белгилүү эмеспи.< br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"><br style="color: rgb(0, 0, 0); font-size: 15px; line-height: 22px;"> Кофеиндин кош бойлуу айымдарга болгон таасири тууралу кененирээк “Төрөт жана гинекология” америкалык басылмасынан таап окуй аласыздар.
Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 25 Май 2015 - 07:57
*************************************
#3091 25 Май 2015 - 08:00
Түйүлдүк энесинин минералдык туздарын, анын ичинен кальций менен фосфорду пайдаланган себептүү кош бойлуу аялдарда тиштин оорусу пайда боло баштайт. Сөзсүз түрдө тиш доктурга көрүнүү керек! Ооз көңдөйүнүн гигиенасын тыкандык менен кармаңыз. Күнүнө эки маал тишти тазалаңыз. Ар бир жолку тамактан кийин оозду чайкап жүрүңүз. Күнүнө кеминде эки саат сейилдеңиз. Таза абада жөө жүрүү түйүлдүктүн кычкылтек менен камсыз болушун жакшыртат. Күндүн нурлары баланын рахит болуп калышынын алдын алат.
Уйкуну кандыруу өтө пайдалуу. Ошондуктан анын узактыгы 8-9 сааттан кем болбошу керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, күндүзү эс алуудан да, баш тартпоо керек. Эртең менен жана кечинде жылуу душ кабыл алыңыз. Эгер ага шарт жок болсо, анда жылуу суу менен белиңизге чейин сүртүңүз. Эгер кош бойлуулук нормалдуу өтүп жатса, сиз өзүңүздү жакшы сезсеңиз, анда жыныстык турмуш ыргагын өзгөртүүнүн зарылдыгы жок. Кош бойлуулук мезгилинде аял денесине күч келбеген, ыңгайсыз абалга байланышпаган, дененин көп бүгүлүшүн талап кылбаган адаттагы эле үй жумуштарын аткара берсе болот. Сиздин кийимиңиз кенен, ыңгайлуу жана таза болууга тийиш. Ал табигый кездемелерден болсун. Мисалы: пахтадан, жүндөн, жибектен, буладан. Ич кийимдерди жана кенен эмчек кабын күнүгө алмаштырып турган дурус. Кош бойлуу мезгилде курсактын алдыңкы булчуңдары бошоңдойт. Ошондуктан аны бекемдеп алып жүрүү үчүн 26-27 жумадан баштап атайын бандаж тагынуу сунуш кылынат. Дененин салмагы көбөйгөнүнө байланыштуу буттарга күч келет. Ошондуктан бекемдик үчүн жана таманга, согончокко күч келбестиги үчүн таманы жайык, тегиз бут кийим кийген жакшы. Отуруп жумуш жасаган кезде буттарды отургучка ыңгайлуу коюп алган жакшы болот. Мунун өзү, кош бойлуу кезде көп учуроочу буттардагы кан айлануунун кыйынчылыгынан келип чыккан, кан тамырдын варикоздук кеңейишинен сактайт.
Психогигиена
Кош бойлуулук –аял табиятынын жогорку көрүнүшү дегенибиз менен кубаныч менен кошо коркунучту да алып жүрөт. Гормоналдык өзгөрүүдө улам аял кош бойлуу мезгилинде кээде ачуулуу, таарынчаак, ыйлаак болуп калат. Мындай учурда кош бойлуу аялдын күйөөсү, туугандары ага көңүл буруу менен аны колдоп, жакындан жардам көрсөтүүлөрү керек. Көбүнчө болочок энелер төрөт кандай өтүшү менен жетишерлик тааныш эмес болушат. Алар төрөт жакындаган сайын анын ооруусунан корко башташат. Бирок, төрөткө чейинки байкоо мезгилинде үйрөтүлгөн ооруну басаңдатуучу ыкмалар сизге бул көйгөйдөн жеңил чыгууга жардам берет. Айрым аялдар өзүнүн келбетинин өзгөрүүсүнөн кабатыр болушат. Кээде болочок эненин күйөөсүнө байланыштуу коркунучтар тынчын алат. Айтмакчы болочок ата да бул мезгилде көбүрөөк кабатырланат. Ал өзүн карандай жалгыз сезип кыйналат. Жубайлардын экөө тең муну жакшы түшүнүүсү керек. Көбүнчө аялдар баланын алдындагы жоопкерчиликтен коркушат. Эгер бала ыйласа, ооруп калса эмне кылам дейт. Жакшы нерселерди ойлоңуз. Ымыркай үчүн оюнчук же бирдеме сатып алыңыз. Коркунуч өзүнөн-өзү жоголот. Аялда дагы бир башка, анын социалдык абалынын өзгөрүүсүнө байланышкан, жумуш ордунан ажырап калуу, кесиптик чеберчиликтин төмөндөп кетүү коркунучу пайда болот. Сиз коркпоңуз. Жоготконго караганда көбүрөөк нерселерге жетишип жатпайсызбы. Анткени кош бойлуулук ички баюуга алып келет. Бала эненин курсагында жатып, тийген нерсени сезет, угат, жарыкка, ооруганга жооп кылат, жылмаят. Келечектеги ымыркайыңыз менен карым-катнашта болуп, эркелете сүйлөшүңүз. Ага өзүңүздүн жылуулугуңузду, жылмаюуңузду жибериңиз. Ошол аркылуу сиз аны менен эмоционалдык жана руханий байланыш түзөсүз.
Кыймыл- аракет сергек кош бойлуулукка өбөлгө
Кыймыл- аракеттин активдүүлүгү кош бойлуулук учурунда жөн гана өзүн жакшы сезүү эмес. Бул сулуулук жана келишимдүүлүк, жеңил төрөт, төрөттөн кийин батыраак өзүнө келүү жана келбеттүүлүк. <br style="font-family: arial, verdana, helvetica, sans-serif; font-size: 18px; line-height: 25.200000762939453px; text-align: justify;"> Татаал эмес көнүгүүлөрдү дайыма жасоо керек. Мисалы: жөө жүрүү, жөнөкөй дене көнүгүүлөрүн жасоо, оор эмес үй иштери менен алек болуу. Түйүлдүктүн жакшы торолушун камсыз кылат. Дененин коргоочу күчтөрүн арттырып, төрөт менен байланышкан оорчулуктарга көндүрөт.
Туура тамактануу
Сиздин болочок ымыркайыңыз дени сак жана чыйрак болуп төрөлүшү үчүн кош бойлуулук учурунда туура тамактана билүү керек. Күн сайын сиздин рационуңузда жаңы жашылчалар жана мөмө-жемиштер, нан жана күрүч, гречка, сулу акшагынан даярдалаган ботколор, сүт жана сүт азыктары, эт, балык, буурчак, жумуртка, жаңгак, өсүмдүк жана маске майы болушу шарт. Тамакты бышырганда мээлүүн отко даярдаган жакшы. Куурулган, ачуу, туздуу жана майлуу тамактардан, эт жана балык консерваларынан, сүрсүтмөлөрдөн жана колбасалардан алыс болгонуңуз дурус. Тамак аркылуу рафинад углеводдорунун (канттын, кондитер азыктарынын, конфеттердин) санын азайтуу керек. Алар түйүлдүктүн салмагын ашкере чоңойтушу мүмкүн. Кофе менен коюу демделген чайды азыраак ичиңиз. Суу жана табигый ширелерди көбүрөөк ичиңиз. Ашкере туздуу азыктардан алыс болуңуз. Йоддолгон гана тузду пайдаланыңыз. Аны менен сиз йод жетишсиздигинин алдын аласыз.
Эне төрөткө чейин жана төрөттөн кийин өзүнө кандай кам көрүш керек?
Биздин элибиз абалтадан "аялзаттын бир өлүмү төрөттөн" дешип, баланы аман-эсен жарык дүйнөгө алып келип алуунун камын көрүшкөн. Боюнда бар аялды түрдүү жамандыктан сактап, ар кандай ырым-жырымдарды жасашкан. Элдик медицина менен атайын медицинанын багыты, түшүнүгү эки башка болгону менен тилеги, максаты бир экенине ынанабыз. Биз бүгүн элдик дарыгерден жана профессионал врач акушерден айрым суроолорго жооп алдык. small;"> "Кош бойлуу аялга бат көз тийет" <ze: small;">-
Элдик медицина боюнча боюнда бар аялзаты өзүнө кандай кам көрүш керек дейсиз? Азыр биздин трагедиябыз - илгерки каада-салтыбызды "эскилик" деп чанып, башка элдин таасири менен жашап калдык. Кыргыз элибиз кандай гана акылман эл болгон, апаларыбыз, аталарыбыз кандай ишке кантип кам көрүп, эмне кылыш керек экендигин даанышмандык менен ийне-жибине чейин билген жана ошону так-тыкандык менен аткарган. Илгери боюнда бар аялдар наристесин 9 ай көтөрүп, жарык дүйнөгө апкелгенге чейин, анын боюнда бар экенин үй-бүлө мүчөлөрүнөн башкалар билген эмес, байкабай калышкан. Анткени, алар биринчиден - көз тийгенден сактанышып, экинчи чети курсагын торсойтуп жүргөндөн улуу-кичүүдөн айбыгып, кенен көйнөк кийип, сыртынан кемсел, чыптама менен кымырынып жүрүшкөн. Азыр эмне кылып атышат? Атайын боюнда бар аялдарга шым, курсагын ачык көрсөткөн кийимдер чыкты. Албетте, бул заманбап көрүнүш, бирок ошондо дагы жаш келиндер курсакты жашырганга аракет кылып жүрсө пайдасы өзүнө болот. Эмне үчүн? Боюнда бар аялзаты өтө назик абалда болгондуктан бат көзүгүп калат. Аял кишиби, же эркектерби боюнда бар аялга кимдер суктанбайт? Көз тийген аялдын ичи бурап ооруп, эмнеден экенин өзү да аңдабай калат. Бул наристеге дагы өтүшүп кетиши ыктымал. <br style="font-family: Arial; font-size: small;">-
Кош бойлуу аялга көз тийген соң андан кандай жол менен кутулуш керек? Көз - маңдай-тескей тиктешип отургандан эле тийип калбайт. Адам аба аркылуу деле көзүгө берет. Мисалы, бирөөнө оомат келип, иши ийгиликтүү болсо эл кеп кылат, суктанат, мына ошондо адам үйүндө отуруп көзүгүп калат. Кош бойлуу келин деле ошо сыяктуу - "баланчанын боюнда бар экен" деп сыртынан сук артып койсо, көз тийе берет. Боюнда бар экендигин жашыруунун дагы бир сыры ушунда.
- Дагы кандай ырым-жырымдарды жасашыбыз абзел?- Илгертен бери апаларыбыз боюна бүткөндөн баштап чач кыркканга тыюу салган. Негизи эле чач - ырыскы деп айтылат. Ошондуктан боюнда бар кезде чач кыркса - ырыскысын кырккан менен барабар деген түшүнүктө болушкан. Андан сырткары кош бойлуу аял күүгүм киргенден баштап, эшикке жылаң баш чыкпайт. Бул учурда жин-шайтандар көбөйүп, ойноп аткан маал болот. Кокус аялдын башына тийип кетсе, аял элирме, жин оорусу менен ооруп калышы мүмкүн. Негизи эле аял киши турмушка чыккандан кийин уктаганда да ар дайым жоолук салынып жатышы керек. Жин-шайтан ийненин көзөнөгүндөй жерден да үйгө кирип кетет. Аялдардын ар кандай баш ооруга чалдыкканынын бир себеби - түнкүсүн жылаң баш жаткандан болот. Аялдар билип алуучу дагы бир маанилүү нерсе - аял киши дайыма күйөөсүнүн оң ыптасына жатып уктоо керек жана чачын жазып жатпашы зарыл. Чачын дайыма жазып жаткан аялдын күйөөсүнүн иши жакшы жүрүшпөй, же кырсыктарга кабылып калышы мүмкүн. <br style="font-family: Arial; font-size: small;">-
Илгери аялдарды "кара басты" деп айтышкан. Бул илдетпи же, кандайдыр бир сыры барбы? <br style="font-family: Arial; font-size: small;"> - "Кара басты" дегенди илдет деп койсок да болот. Эгерде аялдын илээшкени бар болсо - кара басышы мүмкүн. Илээшкен деген эмне? Адам үч нерседен илээшкени болот. Биринчи - кара дубадан ( тескери окулган дуба), экинчи - көз тийгенден, үчүнчү - каргыш. Каргыш ата бабасынан келаткан каргышпы, же ата- энесине айтылганбы, же өзүнөбү биз аны аныктап алып анан дарылайбыз. Аял ушундай илээшкендеринен тазаланып алышы керек. Кош бойлуу аялды албарсты көп басат. Албарсты адам же айбанат болуп көрүнүп, аягынан келет. Ушулар төрөттөгү кара басуунун белгилери болот. Албарстысы бар адамдын кийимин кийип же ордуна жатса албарсты ошол адамга ооп кетет. Булардын жакшысы да, жаманы да бар, аны бир Алла билет. Басырык баскан күндөн тартып аял ичинен келме келтирип, "жакшылыкка болсо экен" деп кудайдан тилек кылып жүрсө, жакшылыкка оойт. Эгер ага назар салбай, көңүл бурбай жүрүп алса төрөт учурунда да басып, кырсык алып келиши мүмкүн. Кара басуу - бул төрөп аткан аялды албарсты басканды айтат. <br style="font-family: Arial; font-size: small;">-
Аял төрөгөндөн кийин өзүнө кандай мамиле кылган талапка ылайык? <br style="font-family: Arial; font-size: small;"> - Аял киши аман-эсен төрөп алгандан кийин ооруга чалдыкпай жакшынакай тыңып алышы биринчи максат болот. Муну кайненеси, өз энеси айтып, акыл-кеңешин берип, туура багытка салыш керек, себеби жаштар көп нерсени билбейт. Алар "төрөп алган менен эле иш бүттү, боштондукка чыктым, эми жеңил-желпи жүрө берсе болот" деп ойлошот. Төрөгөн келин ал-күчүн калыбына келтирип, кеткен канын кайрыш үчүн сорпо ичип, эт жеш керек. Буга мал аттуунун баары эле боло бербейт, ургаачы малдын гана этин жегенге уруксат болот. Анан ачытылбаган кара жармага айран катыктап ичсе былкылдаган бели бат катып күчүнө келет. Үчүнчүдөн - колдон келсе колун сууга салып, кир жуубаш керек. Эгер жардам бере турган адамы болбосо анда айла жок, бирок муздак суу эмес, жалаң ысык суу пайдалансын. Төрөгөнүнө кырк күн болгончо элге тамак бергенге, конокко барганга болбойт, себеби, бул учурда төрөттөн кийинки каны токтой элек учур болот. Ошондуктан аялдын жасаган тамагы арам болот, башка үйгө да булганган нерсесин сүйрөй барганга илгери катуу тыюу салган. Каада-салтты жакшы карманган байбичелер бул ырымды бүгүнкү күнү да колдонуп келишет. <br style="font-family: Arial; font-size: small;">-
Төрөттөн соң аял кишилердин көбү ашыкча салмак кошуп, толуп кетишет, бул эмне себептен? Муну дарыласа болобу? <br style="font-family: Arial; font-size: small;"> - Келин бирде ысып, бирде муздап бирдей температура сактабагандыктан "жел кабыз" деп коёт, ошентип толуп кетишет. Муну албетте, дарыласа болот. Жел кабыздап кеткен келиндер бизге кайрылса болот. Биз аларды көрүп анан дарылайбыз.
"Аялга моралдык-психологиялык жардам керек"
Аял төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки гигиенаны сакташ керек: <br style="font-family: Arial; font-size: small;"> Оор көтөрбөй, өтө ысыкка, өтө суукка урунбай, ачууланбай тынч, жагымдуу, жайдары абалда жүрүүсү кажет. Бойдогу бала 6 айдан өткөндөн кийин жолдошу менен кошулганга, чуркаганга, секиргенге болбойт. Каттоого туруп консультацияга келген келиндерге атайын үй шартында жамбашына, ичине жасалуучу көнүгүүлөр берилет. Бул ыкма төрөт убагында, аял ыйынып атканда жакшы натыйжа берүүчү жардамдардын бири. Андан тышкары, баланы эмизгенде эмчек жарылып, ар кандай ооруларга кабылбаш үчүн биз алдын алуучу кеңештерди беребиз: эмчегинин үрпүн туздуу суу менен жууп, катуу сүлгү менен сүрүш керек. Кош бойлуу аял ваннага жатканга болбойт, себеби кандайдыр бир микроб кирип кетсе бала төрөлүп атканда төрөт жолдорунда калып калган баягы микроб баланын көзүнө түшүп калышы мүмкүн. Андан ымыркайдын көзү ириңдеп, ушул сыяктуу жагымсыз натыйжаларга алып келет. Кош бойлуу кезде келиндин кайненеси жардамга келиш керек, биздин менталитетибизге сиңип калган: "Ай, эмне Манас тууй тургансып жатасың? Мен деле туугам, жасабайсыңбы алдагы ишти" деп, бөйрөк таянып келинин демитет. Энесинин ачууланган, туталанган, кейиген абалын - ичиндеги наристеси өзүнө кабыл алат да, жыйынтыгында ымыркай ыйлаак, тынчы жок бала болот. Ал эми төрөттөн кийин үйгө чыгып келген келинди жакшынакай карап, тыңытып алыш -үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдети. Жаңы төрөгөн эне ургаачы малдын этин жеш керек, себеби ургаачы малдын эти жеңил жана сиңимдүү болот. Белин бекем таңып, ысык-суукка урунбай, бирдей температураны кармаш керек. Куурулган тамак, сүрсүгөн эт, консервалар, туздуу тамак-аштарды жегенге тыюу салынат. Жеген тамак-аштын баары кайнатылган, жаңы болушу абзел. Ымыркайын татынакай жуунтуп, таза кийинтип бакса эне өзүн да дал ошондой бапестеп караш керек. Денеси, кийген кийими таза болушу зарыл. Эмчек эмизээрдин алдында үрптү кайнак суу менен жууп турса бала жугуштуу оорулардан алыс болот. Эне төрөгөндөн кийин күйөөсү, кайненеси башка үй-бүлө мүчөлөрү моралдык-психологиялык жактан жөлөк болуусу эң маанилүү нерсе. Эне уйкусу канбай, ачка калбай, депрессияга түшпөшү керек. Бала уктай баштаганда эне өзү дагы жатып, эс алып алышы керек. Жарык дүйнөгө жаңы келген ымыркайдын дени сак чоңоюшун каалаган кайнене, күйөө - жаш төрөгөн аялга да жакшы жардамчы болушат жана жакшы камкордук көрөт.
Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 25 Май 2015 - 08:07
*************************************
#3092 25 Май 2015 - 08:09
ЖАҢЫ эле жарык дүйнөгө келген дени сак ымыркай мээримдүү эненин алпештеген колунда эч нерседен бейкапар уктап жатат. Атасынын жүзүнөн нур жанып, өзүнчө сыймыктанып турат. Жыл сайын миллиондогон үй-бүлөлөр сөз менен айтып жеткиргис ушундай кубанычка бөлөнүшөт. Бир карасаң, дүйнөдөгү бардык эле балдар аман-эсен төрөлүп жаткандай сезилет. Анткени ымыркайдын төрөлүшү — табигый процесс. Бирок тынчсызданууга кандайдыр бир себеп барбы?
Энелер көп учурда аман-эсен көз жарып алышат, бирок дайыма эле андай эмес. Ошондуктан болочок ата-энелердин төрөткө байланыштуу кыйынчылыктардын алдын алуу үчүн тийиштүү чара көргөнү эстүүлүккө жатат. Мисалы, төрөткө байланыштуу кыйынчылыктарга эмнелер себеп болорун билип, адистерге кайрылышы керек, ошондой эле боюнда бар кезде жана төрөт учурунда өмүргө коркунуч туулбаш үчүн керектүү чараларды көргөнү абзел. Анда, келгиле, ушуларга кененирээк токтололу.
Кыйынчылыктарга эмнелер себеп болушу мүмкүн?
Кыйынчылыктардын негизги себептеринин бири — эненин боюнда бар кезинде өзүүчүн да, баласы үчүн да жетиштүү түрдө кам көрбөгөнүндө. Уэльс принцинин Гонконгдогу клиникасында неонатолог болуп иштеген Чунг Камлау мындай дейт: «Боюнда бар аял төрөткө даярдык көрбөсө, өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн. Көптөгөн аялдар дени сак, тоголок жүздүү бала төрөгүсү келет, бирок дайыма эле ойдогудай боло бербейт».
Эненин өмүрүнө коркунуч туудура турган себептер тууралуу бир медициналык журналда: «Аялдын төрөт учурунда каза болушуна кандын көп кетиши, баланын туурасынан келиши, кан басымынын жогорулашы жана инфекция жуктуруп алышы себеп болот»,— делет. Бактыга жараша, мындай кыйынчылыктарды догдурлар чече алат жана бул үчүн көп учурда, аталган журналда белгиленгендей, «татаал медициналык аппараттардын деле кереги жок» («Journal of the American Medical Women’s Association»).
Ымыркайдын аман-эсен төрөлүшүнө өбөлгө түзгөн көптөгөн жөнөкөй ыкмалар бар. «БУУнун хроникасы» билдиргендей, «эгер болочок энелерге жана алардын балдарына эч кандай татаал аппаратсыз эле жөнөкөй, анча кымбат эмес медициналык жардам көрсөтүлгөндө өлүү төрөлгөн үч баланын экөөнүн өмүрүн сактап калууга болмок». Өкүнүчтүүсү, «Филиппинс ньюс» белгилегендей, көптөгөн болочок энелер төрөт тууралуу маанилүү нерселерди билишпейт, төрөткө даярдык көрүүгө да шалаакы мамиле кылышат.
Төрөткө чейин даярдык көрүү
«БУУнун хроникасы» белгилегендей, «ден соолугу чың эненин баласынын да дени сак болот». Ошол эле журналда аял төрөткө чейин, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин тийиштүү медициналык жардам албаса, бул баласынын да ден соолугуна таасир этпей койбойт делет.
Бирок айрым өлкөлөрдө боюнда бар аялдардын тийиштүү жардам алышы кыйынга турат. Алсак, аларга догдурга көрүнүш үчүн узак жол жүрүүгө туура келиши же медициналык чыгымдарды төлөөгө чамасы жетпеши мүмкүн. Ошентсе да болочок эне эң зарыл медициналык жардамды алууга аракет кылышы керек. Бул, өзгөчө, ыйык китептик принциптерге ылайык жашаган аялдар үчүн абдан маанилүү. Анткени Кудайдын көз алдында ар бир адамдын, анын ичинде төрөлө элек баланын да өмүрү ыйык (Чыгуу 21:22, 23*; Мыйзам 22:8).
Тийиштүү жардам алуу деген жума сайын догдурга көрүнүп турууну билдиреби? Сөзсүз деле андай эмес. Боюнда бар кезде жана төрөт маалында эмнелер кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн экенин изилдеп чыккандан кийин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДССУ) «боюнда бар кезинде догдурга төрт эле жолу көрүнгөн аялдын көрсөткүчтөрү он эки же андан көп жолу көрүнгөн аялдыкындай эле болорун аныктаган».
Догдурлардын жардамы
Болочок эненин жана баланын ден соолугуна кам көрүүдө догдурлар, өзгөчө, акушерлер төмөнкүлөрдү кыла алышат:
▪ алар аялдын медициналык карточкасын карап чыгып, анын же курсакта жаткан баласынын саламаттыгына коркунуч туудура турган факторлорду аныкташат.
▪ Кандын жана зааранын анализин текшерип, эне менен баланын резустарынын дал келер-келбесин, аз кандуулук, инфекция же дагы башка оорулардын бар-жогунаныкташат. Башка ооруларга диабет, кызамык, жыныстык жол менен жугуучу оорулар жана кан басымынын жогорулап кетишине алып келген бөйрөк оорулары кирет.
▪ Эгер себептер бар болсо, алар кош бойлуу аялга резустардын дал келбесине, сасык тумоого жана селеймеге каршы вакцина алууну кеңеш кылышат.
▪ Ошондой эле витаминдерди, айрыкча, фоли кислотасын ичүүнү сунуш кылышы мүмкүн.
Догдурлар кандайдыр бир кыйынчылыктар тууларын байкап, тийиштүү чара көрүшсө, төрөт ойдогудай өтөт.
Төрөт ойдогудай өтүшү үчүн...
БДССУнун генералдык директорунун мурунку орун басары Жой Пумапи: «Эң коркунучтуу учур — төрөт маалы»,— дейт. Эненин жана баланын өмүрүнө коркунуч туулбашы үчүн кандай чараларды көрүүгө болот? Ал чаралар жөнөкөй эле, бирок алдын ала жасалышы керек*. Бул, өзгөчө, ыйык китептик принциптерге бек кармангандыктан же кан аркылуу кандайдыр бир оору жугузуп алууну каалабагандыктан кан куйдурбагандар үчүн маанилүү (Элчилер 15:20, 28, 29).
Алар догдурунун же акушеринин кан куйдуруунун альтернативаларын колдонуу боюнча билими, тажрыйбасы бар экенине ынанышы керек. Ошондой эле төрөт үйүндөгү башка догдурлар да бул жагынан алар менен кызматташууга даяр экенине ынанганы акылдуулукка жатат*. Догдурга: «Эне же бала көп кан жогото турган болсо же дагы башка кыйынчылыктар пайда болсо, кандай иш-аракет кыласыз? Төрөт учурунда сиз жок болуп калсаңыз, кандай чаралар көрүлөт?» — деген суроолорду берип көрүүгө болот.
Болочок эне төрөткө чейин канынын көрсөткүчтөрү жакшы экенине ынануу менен кыраакылык көрсөтөт. Кандагы гемоглобиндин деңгээлин көтөрүш үчүн догдур фоли кислотасын, В тобундагы витаминдерди, ошондой эле курамында темир бар препараттарды жазып бериши мүмкүн.
Догдур башка нерселерди да эске алышы кажет. Балким, кош бойлуу аялдын ден соолугуна байланыштуу көз жаздымда калтырбаш керек болгон кандайдыр бир көйгөйлөр бардыр. Ага көп баспай, көбүрөөк жатканы жакшыраак болоттур. Кичине салмак кошушу же тескерисинче, арыкташы керектир. Балким, көнүгүүлөрдү жасашы керектир. Өздүк гигиенага, өзгөчө, ооздун гигиенасына олуттуу көңүл бурушу зарылдыр.
Изилдөөлөр бүйлө оорулары боюнда бар аялды преэклампсия оорусуна чалдыктырышы мүмкүн экенин көрсөттү* . Ал — кан басымынын кескин түрдө жогорулашы, катуу баш оорулары жана шишик басуу менен коштолгон олуттуу оору. Преэклампсия аялдын мөөнөтүнөн эрте төрөшүнө, атүгүл эненин да, баланын да каза болушуна алып келет. Мындай көрүнүш өнүгүп келаткан өлкөлөрдө көп байкалат.
Андыктан тажрыйбалуу адис болочок эненин инфекция жуктуруп алганын байкаса, ага көз жумуп койбойт. Аялдын толгоосу мөөнөтүнөн эрте башталса, догдур ага тезинен ооруканага жатууну кеңеш кылат. Анткени мындан аялдын жана баласынын өмүрү көз каранды болушу мүмкүн.
БДССУнун боюнда бар аялдарга кам көрүү департаментинин директору Кази Монирул Ислам: «Эне бирөөгө өмүр бериш үчүн өз өмүрүн тобокелге салат»,— деген. Бактыга жараша, аялдарга боюнда бар кезинде, төрөт учурунда жана андан кийин зарыл медициналык жардам көрсөтүүнүн аркасында көптөгөн кыйынчылыктардан качууга жана төрөт учурунда өлүмдүн азыраак болушуна шарт түзүлүүдө. Бирок, эң негизгиси, болочок эне өзү да ден соолугуна жакшы кам көрүшү керек. Анткени мындан баланын ден соолугу көз каранды.
[Шилтемелер]
Түп нускада бул аяттарда эненин же курсакта жаткан баланын өлүп калышы мүмкүн болгон жагдай тууралуу айтылган.
«Төрөткө даярдык көрүү» деген кутучаны карагыла.
Жахабанын Күбөлөрү алдын ала Ооруканалар менен байланышуу комитетине (ОБК) кайрыла алышат. Ал комитеттин мүчөлөрү догдурларды кансыз дарылоо ыкмалары тууралуу маалыматтар менен камсыз кылышат. ОБКнын мүчөлөрү ошондой эле бейтаптын укугун сыйлаган, кансыз дарылоо ыкмаларын колдонуу жагынан тажрыйбасы бар догдурларды табууга жардам беришет.
Бүйлө оорулары боюнда бар аялды преэклампсия оорусуна чалдыктырышы мүмкүн экени толук далилдене элек болсо да, ооз көңдөйүнө жана тиштерге жакшы кам көрүү акылдуулукка жатат.
Ай күнүнө жетпей төрөлүп, организми эритроциттерди жетиштүү түрдө бөлүп чыгара албагандыктан аз кандуулукка чалдыккан балдардын ата-энелерин догдурлар балага кан куйдуруу зарыл деп мажбурлашы мүмкүн.
Төрөткө даярдык көрүү
1. Алдын ала баарын таразалап, кайсы төрөт үйүндө төрөөрүңдү, кайсы догдурга көрүнөрүңдү аныктап ал.
2. Догдуруңа дайыма барып көрүнүп тур. Аны менен достук мамиле өрчүт.
3. Ден соолугуңа жакшылап кам көр. Зарыл болсо, догдур кеңеш кылган витаминдерди ичип тур. Бирок догдур уруксат бермейинче ар кандай дары-дармектерди (догдурдун уруксатысыз ичүүгө болгон дарыларды да) ичүүдөн сак бол. Спирт ичимдиктерин такыр ичпей эле койгонуң оң. Ичимдикти кыянат пайдалануу жана аракечтик боюнча Америка улуттук институту билдиргендей, «ичимдикти көп ичүү түйүлдүккө коркунуч туудурары баарына маалым болсо да, канча өлчөмдөгү ичимдик курсактагы балага коркунуч туудурбай турганы так аныктала элек».
4. Толгооң мөөнөтүнөн эрте башталса (37 жумага жетпей), тезинен догдуруңа кайрыл. Андайда көрсөтүлгөн тез жардам мөөнөттөн эрте төрөөнү жана аны менен байланышкан кыйынчылыктардын алдын алууга жардам берет.
5. Дарылоо ыкмаларына байланыштуу чечимдериңди документ түрүндө жазып кой. Маселен, көптөр алдын ала толтурулган «Эрк билдирүү» документин жанына алып жүрүүнүн пайдалуу экенине ынанышкан. Сен жашаган өлкөдө юридикалык күчкө ээ дагы кандай чараларды көрүүгө болорун билип ал.
6. Төрөттөн кийин өзүңдүн жана балаңдын ден соолугуна жакшылап кам көр. Бул, өзгөчө, баласы ара төрөлгөндөр үчүн абдан маанилүү. Кандайдыр бир көйгөйдү байкасаң, дароо педиатрга кайрыл.
Балам майып болуп төрөлбөсүн десең
<b><br style="font-family: Arial;"></ b>Кийинки кездерде ар кандай себептер менен колу-буту тубаса мунжу балдар төрөлүп жатканы кимди да болсо тынчсыздандырбай койбойт. Ошондуктан "тубаса майып" балдар төрөлүп калбашы үчүн эмне кылуу керек? - деген суроонун үстүндө ар бирибиз терең ойлонуп медиктер тарабынан берилген кеп-кеңештерди ар дайым кулак жаздымында калтырбай эске ала жүргөнүбүз оң.<br style="font-family: Arial; font-size: small;"><br style="font-family: Arial; font-size: small;"> Андыктан үйлөнөөр алдында ар бир адам доктурга текшерилүүсү зарыл. Мында кандары бузук адамдар, шал оорусу менен ооруган адамдар дарыгердин текшерүүсүнөн гана аныкталып, мындай оорулар адамдын организминде болгон болсо, анда ал адамдын бири-бирине баш кошуусун токтотуу керек. Адатта кыздарга 25 жаштан турмушка чыкса жакшы болуп, андан өтө жаш же кечирээк турмуш курса да төрөлгөн балдар тубаса майып болуп калуусу айтылган. <br style="font-family: Arial; font-size: small;"> Ошондой эле боюнда бар аялдар ар дайым бойдо бар кезинде тамекиден жана арактан өздөрүн оолак алып жүрүүсү зарыл. Анткени, тамекидеги көмүр кычкыл газы жана арактагы спирт эненин денесине тараганда кийин түйүлдүктүн нормалдуу жетилүүсүнө тоскоолдук кылып, мөөнөтүнөн мурда төрөп коюу, боюнан түшүү, майып төрөлүп калуу фактылары аныкталган. Боюнда бар аял алгачкы үч айында аспирин, тетрациклин, өзүн-өзү тынчтандыруучу дарылар жана Д,К,В витаминдерин кабыл алса, булар да жаңыдан жетилип келаткан түйүлдүккө терс таасирин тийгизет экен. Өздүк гигиеналык тазалыкты сактабаса да вирустар эненин денесинен түйүлдүккө өтүп же болбосо сарык оорусун пайда кылып, мына ушундай кырдаалда да түйүлдүктүн майып болуп калган учурлары кездешет. Боюнда бар кезде ашыкча толкунданбоо жана өтө кайгырбаш керектигин аялдар ар дайым эстерине сала жүрүш керек. Анткени боюнда бар кездеги өтө эле толкундануу жана кайгыруу организмдин ички бузулуусун пайда кылып, бөйрөктүн, түйүлдүктүн борбордук нерв системасын үзгүлтүксүз иштөөсүнө залалы тийип калган учурлары кездешет. <br style="font-family: Arial; font-size: small;"> Боюнда бар кезде аялдар ар түрдөгү эле тамактарды жей бербей, түйүлдүктүн өсүп жетилүү мезгилинде белогу көп болгон азыктарды, башкача айтканда жашылча, коон, дарбыз ж.б. жер-жемиштерди көбүрөөк жеш керек. Анткени булар түйүлдүктүн баш мээсиндеги клеткалардын жакшы жетилбей калуусунан сакташат. Ошондой эле медицинада боюнда бар кезде оор жумуштарды жасабоо сунуш кылынган. Бул учурда кир жууп, үй-тиричилик иштерин жасоодо пайдалуу жеңил кыймылдар менен алектенсе болот. Бирок адаттан тышкары бел көп ийиле турган оор жумуштарды кылбоо сунуштары айтылган. Эгер боюнда бар аялдар ысык сууга жуунса же бууга отурса денедеги ысыктын өлчөмү күчөп, температурасы жогорулап, курсактагы баланын туура өсүп бараткан борбордук нерв системасына терс таасирин тийгизген учурлары кездешкен. Мына ушул убактарда тубаса майып балдардын төрөлүп калуу коркунучу келип чыккан. <br style="font-family: Arial; font-size: small;"> Ошондой эле илгертен эле улуттук менталитетибизге туура келбеген жакын туугандар менен куда түшүүдөн сактануу керектиги, башкача айтканда мындан үч урпактын ичинде жакын туугандардын үйлөнүүсүнө катуу тыюу салуу керектиги айтылып келген.< br style="font-family: Arial; font-size: small;"> Ошондуктан көп жылдык медицина илиминин изилдөөсүнүн негизинде пайда болгон ушундай кеп-кеңештерди эске ала жүргөн болсок, келечекте жарык дүйнөгө жарала элек наристенин тубаса майып төрөлүп калуусунан сактанууга болот.
Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 25 Май 2015 - 08:11
*************************************
#3093 25 Май 2015 - 11:42
tentewka88 (25 Май 2015 - 07:11) жазган:
Бешин боонуз бекем болсун, аман эсен чоное бергиле.
#3096 25 Май 2015 - 23:38
tentewka88 (25 Май 2015 - 04:15) жазган:
Омурлуу болсун уулунар!
Пояс болбойт алгачкы 5 кундо. Торогондон 5 кундон кийин же 7 кундон кийин ич танса болот. Болбосо матка загиб болуп калат. Бул боюнча врачтар да кенеш берет.
#3097 26 Май 2015 - 00:00
tentewka88 (25 Май 2015 - 07:15) жазган:
#3098 26 Май 2015 - 00:03
#3099 27 Май 2015 - 00:16
#3100 27 Май 2015 - 05:11