Медицина жаңылыктары! Медицина илиминдеги, тармагындагы акыркы кызыктуу жаңылыктар барбы?
#1 12 Март 2014 - 17:43
Кыстырма: Кыргыз тилинде калтырсаңыздар! Башка тилде башка жактан таап алабыз.
#2 12 Март 2014 - 17:46
Виагра – дал ушул эркектин бел кубатын жогорулатуучу дары Англиянын Ньюпорт шаарында жашаган он айлык наристеге жардам берүүдө.
Серис Смолл (кичине наристенин аты) жарык дүйнөгө бир нече майыптык менен төрөлгөн. Наристенин уйку бези тубаса жок жана да эң коркунучтуусу, кандын жүрүшүн жөнгө салган жүрөктүн сол бөлүгү толугу менен аракеттенбейт. Кичинекей наристенин жүрөгү толук күч кубатында иштебегендиктен веналык кан айлануусу абдан жай болуп, кан көмүр кислотасы менен өтө тез толуп, кыздын денеси көк түскө ээ болууда.
Виаграны кабыл алуу кыздын жүрөгүнүн иштешин жөнгө салууда. Дарынын негизги компоненти болуп саналган силденафил жүрөктүн иштешине оң таасирин тийгизүүдө. Виагра дарысы алгач жүрөк-кан тамырлар системасынын ооруларын айыктыруу үчүн ойлонуп табылганы көпчүлүктүн баардыгы эле биле бербейт. Кийин кокустуктан эркектердин бел кубатын жогорулата тургандыгы аныкталган.
#3 12 Март 2014 - 17:57
элдик пайдалануудагы бардык азык-түлүктөр
жана товарлар санитардык- гигиеналык жана
лабораториялык көзөмөлдөн өтүшөт. Бул
тууралуу Ооруларга профилактика жүргүзүү
жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин
башкы директору Төлө Исаков билдирди.
#4 12 Март 2014 - 18:01
Республикалык карантин жана өзгөчө коркунч
туудуручу жугуштулук борборунун директору
Джалалидин Гайбулин республикада
бурцеллиез оорусу дээрлик басаңдаганын
билдирди.
#5 12 Март 2014 - 18:04
Клаудия мындан 3 жылча мурун жол кырсыгына учурап, сол колунан ажыраган. Ага азыр дагы 5 киши менен кошо жаңы компьютерлешкен протез коюлду. Дарыгерлер анын мээсиндеги нерв тамырларын электроддор менен байланыштырышкан. Ошол электроддордун жардамы менен мээнин сигналы жасалма колго жеткирилип турат.
Бионикалык протезди Чикагодогу Реабилитация институтунун кызматкерлери иштеп чыгышкан. Тодд Кайкен институттун инженердик борборун жетектейт.
-Ал колун Клаудия жашылча жемиш, этти туураганда, сүлгү, кийим кечелерин бүктөп жыйнаганда эркин эле колдоно алат.
Көпчүлүк жасалма мүчөлөр менен бир нерсени ачып-жабуу, чыканагын бүгүү
өңдүү жөнөкөй кыймыл-аракеттерди эле аткарса болот. Жаңы муундагы жабдыктарда болсо электроддор колдонот. Митчеллдин мисалын алсак, хирургтар анын колу менен байланыштырып жүргөн нервтерин төшүнө туташтырышты. Албетте мындай технология арзан болбойт. Компьютерлешкен жасалма колдун баасы 40-80 миң доллар турушу мүмкүн.
Анын үстүнө аны улам текшерүүдөн өткөрүп туруу керек дешет.
Ушул жаңылык мени кубантты, анткени биз жардам берип, кайрымдуулук кылып жургөн Самат аттуу жигит да ушундай жардамга муктаж экени эсибизде.
#6 12 Март 2014 - 18:20
Билдирүүнү түзөткөн: MEDER_KULETOV: 12 Март 2014 - 18:21
#7 12 Март 2014 - 19:11
Врачтар анын мурдун мурункудай калыпка сала албай коюшкандыктан, жаны мурун остуруп, эски мурундун ордуна салууну чечишет.
Жаны мурунду анын озунун эле бешенесине остурушкон, натыйжада алар озу каалаган мурунга ээ болушуп, пластикалык жол менен аны жигиттин эски мурдунун ордуна салышкан. Операция ийгиликтуу откон.jpg]
#8 14 Март 2014 - 17:08
Лондондун Moorfields Eye ооруканасынын дарыгерлери клиникалык текшерүүгө расмий уруксат алгандыгы белгилүү болду, мында окумуштуулар адамдын эмбрионалдык ствол клеткаларын пайдаланышкан. Бул экспериментке айыккыс штутгарт оорусуна чалдыккан 12 оорулуу катышкан. Бул ооруу 10 миң адамдын биринен кездешкен. Адам акырындык менен борбордук көрүүнү жоготот, перифериялык көрүү начарлайт.
Сыноо жаңы методиканын коопсуз экендигин тестирлөө үчүн жүргүзүлөт. Анын мазмуну көздүн эң ички кабатына адамдын ствол клеткаларынан алынган эпителийдин пигменттик клеткаларын киргизүүдө турат.
Жаңы экспермент англис дарыгерлери менен ооруулууларды ствол клеткалары менен дарылоодо зор тажрыйбага ээ америкалык Advanced Cell Techologу фирмасынын ортосунда жүргүзүлөт. Университеттин өкүлдөрү эксперимент регенеративдик медицинанын өнүгүп жаткандыгын дагы бир ирет далилдейт деп эсептешет.
Азиздикти дарылоо үчүн ствол клеткаларын пайдалануунун зарылдык идеясы профессор Крис Мейсон тарабынан колдоого алынган. Ал сыноону жүргүзүүнүн маанилүү фактору болуп жаңы технологиялар жана анын коопсуз эместиги жөнүндө маалыматтарды топтоо деп белгилейт.
#9 16 Март 2014 - 12:25
Баткен облусунда 1 адам кутурма оорусуна шектелип ооруканага жаткырылды
Бишкекте “Эркектердин урологиялык саламаттыгынын жумалыгы” акциясы аяктады. “Эркектердин урологиялык саламаттыгынын жумалыгы” акциясынын 3-күнүндө 1027 адам текшерилди.
Бишкекте жугуштуу ооруларга чалдыгуу кыскарды.
7-февралда Панфилов райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна флюорографиялык аппарат тапшырылды.
2013-жылы Кыргызстанда 410 адам тамактан ууланган.
Кыргызстанда жыл сайын кеткен дарыгерлердин саны кыскарууда.
Кыргызстандын түштүгүндө онкологиялык бейтаптар стигматизацияга көбүрөөк дуушар болушат.
Кыргызстанда жыл сайын 3 миң онкологиялык оорулуу каза болот.
Кыргызстанда рак менен ооругандар жардам сурап адистерге эмес, бакшыларга кайрылышат.
Премьер-министр саламаттыкты сактоо тармагында оңдуу жылыштар болбой жаткандыгын билдирди.
Жогорку Кеңеш М.Миррахимов атындагы сыйлыкты уюштурууну колдоого алган жок.
ММКФ 85 тез жардам автомашинасын сатып алды.
Алайда лапароскоп ыкмасы менен өткө операция жасалды.
Ысык-Көл облусунда 11 айда А вирустук гепатити менен 1739 адам ооруган.
Япония Кочкор аймактык ооруканасына меджабдууларды берет.
Премьер- министр КРнын “Ден соолук-2020” Улуттук стратегиясын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын ролун белгиледи.
Кыргызстанда тукумсуздук менен жапа чеккен адамдардын саны жылдан жылга өсүүдө.
29-ноябрда Ноокат районунда СПИДге каршы күрөшүүгө карата акция болуп өттү
Жалал-Абадда ВИЧ-СПИД илдетине чалдыккандардын саны күн санап өсүүдө
Кыргызстанда 250дөн ашык бала диабет менен ооруйт. Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк диабетке каршы күрөшүү күнү белгиленет
Кыргызстанда 2013-жылдын 9 айында энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 29,9%га кыскарган.
Панфилов районундагы Вознесеновка айылында ууланган 25 окуучунун абалы канааттандырарлык жана кооптонууну жаратпайт
Билдирүүнү түзөткөн: dina: 17 Март 2014 - 10:39
#10 20 Март 2014 - 12:28
Республикалык эне менен баланы
коргоо улуттук борборунда 28-
февралда Польшадан келген эл
аралык угуу жана сүйлөө борборунун
“Мединкус” тобунун алдыңкы медицина
кызматкерлеринин катышуусунда конференция өттү. Аталган чогулушта лор патологиянын
негизги көйгөйлөрү жана деги эле
кереңдик патологиясы боюнча маселе
коюлуп, Польшадан келген адистер
кыргыз коллегаларына бул жааттагы
тажрыйбалары менен бөлүшүп, докладдар окулду. Конференциянын
жүрүшүндө кыргызстандык кичинекей
кыздын Варшавага барып дарыланып
келгени туурасында чакан тасма
көрсөтүлдү. Айлана-чөйрөнү көрүү
сезими менен гана тааныган кыз жарым жылдан соң кээ бир добуштарды
чыгарып, үндөрдү кайталап, “апа”
деген сыяктуу биринчи сөздөрдү айта
баштаган. “Албетте бул өтө кыска
убакыт, бирок ошондой болсо дагы
жакшы жыйынтыктарды көрүп жатабыз”,-дейт польшалык адис. Польшалык медицина кызматкерлери
белгилегендей, керендикти алдын алуу
үчүн калкка түшүндүрүү иштерин
жүргүзүп, бат-баттан текшерүүдөн өтүп
туруу керек. Анткени көп адамдар бул
ооруга чалдыгып бара жатышканын байкабай эле жүрө беришет. Эне жана баланы коргоо улуттук
борборунун директору Камчыбек
Аскарбековичтин айтымында, бул
конференция кыргызстандык адистер
үчүн абдан пайдалуу болуп, жакшы
тажрыйба алмашуу болду. “Польшалык коллегалардын дарылоо ыкмасы абдан
жакшы экен. Алар жаңы төрөлгөн
балдардан баштап мектеп
курагындагыларга чейин изилдөөлөрдү
жүргүзүп турушат. Кулагы начар
уккандарга атайын калыптандыруучу программалары бар. Мына ушул
системаны Кыргызстанга да киргизели
деп жатабыз”,-деп ой бөлүштү.
Камчыбек мырза белгилегендей, керең
болуп төрөлгөндөргө же кийинчерээк
такыр укпай калгандарды Польшада атайын имплантанттарды колдонуу
жолу менен дарылашып, аларды
кадимки дени сак адамдардын
катарына кошушат. Ал эми
Кыргызстанда андай имплантанттарды
сатып алганга каражат жетпейт.
#11 20 Март 2014 - 12:29
өстүрө башташты.
Техас штатынын окумуштуулары лаборотория шартында адамдардын өпкөлөрүн жасап чыгышты. Эксперимент үчүн кайсы бир кырсыктан өлүп калган жаш балдардын бузулган өпкөлөрү колдонулган. Доктурлар өпкөнүн скелетин гана калтырышып, иштетип башташкан. Кийинчерээк ал атайын кошулмага жайгаштырылган. Окумуштуулар бир айдан кийин өпкөнүн клеткалары көбөйүп, чон адамдын өпкөсүнүн чоңдугуна чейин өскөндүгүн байкашкан. Алар жасалма өпкөлөр чыныгы өпкөлөргө абдан окшош болгондугун белгилешет. Алардын келечектеги планы- жасалма өпкөлөрдү чочколордун организминде байкап көрүү.
#12 20 Март 2014 - 12:31
Кыргызстандын кайсыл жеринде?
Соңку медико-демографиялык
изилдөөгө таянсак, чылымды көп
чеккен аялдар Бишкекте, андан
кийинкилери Чүй облусунда, Ош
шаарында, Талас облусунда, Жалал-
Абад облусунда көп катталган. Бир гана Нарын облусунда сурамжылоого
катышкан аялдардын арасында чылым
чеккендер катталган эмес. Жалпысынан 15-49 жаш аралыгындагы
аялдардын 3 пайызы учурда чылым
чегишерин, ал эми бир пайыздан
азырагы тамекинин башка түрлөрүн
колдонушарын айтышкан.
Сурамжылоого катышкан биздеги кээ бир аялдар салтка ылайык келбегени
үчүн чылым чегишеери тууралуу
тартынып ачык жооп бербөөсү толук
мүмкүн. Шаардык чылым чеккен
аялдардын деңгээли (5%)айылда
жашагандарга (1%) караганда көбүрөөк болуп чыккан. 20-24 жана 45-49 жаш
курактагылардын чылым чегүү
ыктымалдуулугу башка жаш
курактагыларга караганда көбүрөөк.
Жогорку билимдүү айымдар (5%)билим
деңгээли төмөн айымдарга (1-2%) караганда чылым чегүүгө көбүрөөк
ыкташат. Жакыр үй-бүлөлүү
айымдардын чылым чегүү деңгээли
жашоо-шарты абдан жакшы айымдарга
салыштырмалуу 1%дан азыраак. Ал
эми жашоо шарты абдан жакшы болгон айымдарда 6%. Чылым чеккен
айымдар арасында 18%ы бир күндө 6-9
даана чылым чексе, 41%ы 10даана же
андан да ашык чылым чегишет. Чылым
чеккен аялдар калктын канча бир
пайызын түзүшү мүмкүн, бирок андан дагы көп сандагы аялдар өзүлөрү
чекпесе да тамекинин түтүнүнөн ден
соолугуна зыян алып турушат.
#13 30 Июнь 2014 - 23:17
Изилдоочулордун аныктоосу боюнча бул вакцина 10 жылдардан кийин кенири колдонула баштайт.
#14 07 Июнь 2015 - 00:07
Дары- дармек рыногу күн санап өлкө жарандарынын ишеничинен чыгууда. Дары-дармекти сатуу пункттарындагы баалардын кескин айырмаланышы, дарылардын сапатынын төмөндүгү, өлкө тарабынан бул рыноктогу көзөмөлдүн начардыгы мындай жагдайга түрткү болууда.
Буга чейин КСДП фракциясынын жыйынында дары-дармек рыногундагы абалды жөнгө салуу боюнча талкуу болуп, эл өкүлдөрү медициналык жабдыктардын, дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү керек экендигин белгилешкен.
Ошондой эле учурдагы мыйзамга толуктоолор киргизилип, дары-дармек пункттарын текшерүү бир жылда бир эмес, учурдагы шартка ылайык өтүүсү жана аларды текшерүү тууралуу алдын ала маалымат берүү тажрыйбасын токтотуу керектигине токтолушкан.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, адистердин эсеби боюнча өлкөгө жылына 100 миллиард сомдук медициналык жабдыктар жана дары-дармектер импорттолот. Бирок, бажы кызматынын маалыматы боюнча импорттолгон товардын көлөмү 10 миллиардды гана түзөт. Мындайча айтканда, учурда өлкө бул рыноктун 10%ын гана көзөмөлдөөдө.
Эгерде дары-дармектердин бирдиктүү маалымат базасы түзүлө турган болсо, жарандар үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү. Алсак, ар бир жаран база аркылуу өлкөнүн дары-дармек рыногунан кабардар болуп, аларга болгон баалар менен түздөн-түз тааныша алат.
Мындай база учурда өнүккөн өлкөлөрдө, коңшу Казакстанда, Түркияда ишке кирген. Ошондон улам Түркия тараптын адистери Кыргызстандагы мындай базаны түзүү боюнча кенеш берүүгө даяр экенин билдиришкен.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#15 07 Июнь 2015 - 00:18
#16 09 Июнь 2015 - 11:35
Бул тууралуу “Майыптарга юридикалык көмөк көрсөтүү” уюмунун жетекчиси Толкунбек Исаков Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына таянып, билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы расмий эсепте 160 миңдей майып болсо, учурда 162 миң киши каттоодон өттү. Алардын 30 миңге жакыны 18 жашка чейинкилер. Исаковдун айтымында, көрсөткүч мындан эки-үч эсе көп болушу да ыктымал. Анткени көп жарандар медициналык кароодон өтпөй жүрөт.
- Глобалдык статистика боюнча дүйнө элинин 15% майып кишилер түзөт. АКШда калктын 21% майыптар. Кыргызстандагы көрсөткүч 3-4% гана болууда. Ошондуктан бул сан реалдуулукка анча жакын эмес,- дейт Толкунбек Исаков.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:37
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#17 09 Июнь 2015 - 11:38
Вирустун очогу Тоңгидо провинциясы болуп, ооругандар ошол аймактан чыгып жатат. Өлкөдө массалык маалымат каражаттарында оору жана андан сактануу туурасында маалыматтар байма-айтылууда деди Азима Акунова.
Түштүк Кореядагы жашап жана иштеп жаткан кыргызстандыктардын арасында аталган өлкөдө жайылып жаткан MERS вирусун жугузуп алгандар жок. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Учурда Түштүк Кореяда жашоого кооптуу жакынкы чыгыш респиратордук синдром коронавирус (БВРС-КоВ/MERS) жуктуруп алган адамдардын саны дүйшөмбү күндөгү маалымат боюнча отуздан ашты. Бул күнү аталган вирустан эки адам көз жумду. Ал эми карантинге алынгандардын саны 1300гө чукулдап калды.
Кореянын Кимпо шаарында жашап жаткан Азима Акунова учурда өлкөдө алдын алуу, сактануу эрежелерин сактап, бет кап кийип жүрүшкөндүгүн айтты.
"Вирустун очогу Тоңгидо провинциясы болуп, ооругандар ошол аймактан чыгып жатат. Өлкөдө массалык маалымат каражаттарында оору жана андан сактануу туурасында маалыматтар байма-айтылууда. Иштегендер, көчөгө чыккандар бет кап кийип жүрүшөт. Албетте, анан эл чогулган жерлерге аз барганга аракет кылып жатабыз. Учурда көптөгөн мектептерде окуу токтотулду ", — деди Акунова.
Вирус сасык тумоо сыяктуу аба аркылуу жугат. Дартка кабылгандар дене табы ысып, жөтөлүп, күйүгөт, бирок бул белгилер вирустун белгилери экени так аныктала элек. Учурда коронавируска каршы вакцина жок.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:39
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#18 09 Июнь 2015 - 11:40
Жаз келип чөптөр жашылданган учурда тоолордо чөптөрдүн арасында кене пайда болот. Кене бул кан аркылуу жугуучу ооруларды алып жүрүүчү болуп эсептелет. Кенелер 1 метр бийиктикке чейин өсүмдүктөр аркылуу чыгышып, өтүп бара жаткан адамга жабышып кан сорот. Кенелер күндүз, караңгыда, жаанда жабышууга ыңгайланышкан. Тактап айтканда, дененин ар кандай бөлүктөрүнө моюнга, дененин түктүү бөлүктөрүнө, адамдын башына жабышууга аракет кылат. Эгерде адамды вирусту алып жүргөн кене чаккан болсо, 7-14 күндүн ичинде ар кандай оорулар пайда болот. Баш ооруп, температура жогорулап, адамдын кускусун келтирет. Алгач кене чакканда 1-2 күнгө чейин байкалбагандыктан билбей жүрө берип, 2 күндөн кийин ооруксунтуп баштайт.
Андыктан эс алып тоого чыгар алдында атайын даярдыктарды көрүп, бат-баттан кийимдерди алмаштырып, дененин кызарган жерлерин байкап туруу зарыл. Учурда дарыканаларда атайын кенеге колдонулуучу сүйкөй турган мазьдарды колдонууга болот. Кене денеге жабышып кала турган болсо башын өзүнчө үзүп албай кылдаттык менен алып чыгуу зарыл. Мындан сырткары, денеге жабышкан кенени сыгууга, үстүнөн басууга болбойт. Себеби кене жарылып кете турган болсо тескерисинче, вирустун баары адамдын денесине тарайт.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:41
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#19 09 Июнь 2015 - 11:42
Өкмөт башчы Темир Сариев Саламаттык сактоо министрине өлкөдөгү медициналык тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди. Премьер-министр гемодиализди такай алып турууга муктаж жарандар көйгөйүнө көңүл буруп, Кыргызстанда “жасалма бөйрөк” борборлорун өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда мезгилсиз кайтыш болгондордун санынын жогорулоосу, жүрөк кан-тамыр жана онкологиялык оорулардын санынын арбып жаткандыгы менен байланыштуу.
Өкмөт башы Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен болгон жума күндөгү жолугушууда, коңшу өлкөлөргө иш издеп кеткен мигранттар арасында да, ден-соолукту сактоо маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:44
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#20 09 Июнь 2015 - 11:49
Жаз жана жай мезгили келери менен эле жыттарга, чаңдарга чүчкүрүп, организмде ар кандай өзгөрүүлөр болот эмеспи. Бүгүнкү уктуруубузда аллергия оорусунун түрлөрү жана дарылоо жолдору тууралуу аллерголог жана өпкө ооруларынын дарыгери Бермет Эстебесова менен маек курдук.
- Алгач аллергия деген эмне ошого токтолуп кетсеңиз?
- Аллергия – бул организмдин сезгенүүсү. Учурда өтө көп кездешүүчү оору болуп саналат. Аллергия организмдин айлана-чөйрөдөгү түрдүү заттарга - аллергендерге болгон адамдын организминин дүүлүгүсү. Аллергиялык оорулар бронх астмасы, поллиноз, дерматиттер, дарылардан жана тамак-аштан пайда болот. Булардын келип чыгуусуна антибиотиктерди, дары-дармектерди көп пайдалануу, өнөр жайдын тез өсүп, синтездик материалдардын, боёктордун, кир кетиргечтердин жана башка турмуш-тиричиликке керектүү химиялык заттардын көбөйүшү себеп болот. Жөнөкөй химиялык заттардан тартып, эң татаал белоктор, полисахариддер ж.б. бирикмелерге чейин аллерген болушат. Организмге сырттан таасир эткен экзогендик жана огранизмдин ичинде пайда болгон эндогендик аллергендер бар. Экзогендик аллергендер инфекциясыз чаң, жүн, дары-дармек, өсүмдүк чаңчасы, тамак-аш жана инфекциялуу бактериялар, вирустар, козу карындар болуп айырмаланышат. Экзогендик - бул биологиялык аллергендер. Аларга микробдор, вирустар, козу карындар, мителер кирет. Көпчүлүк жугуштуу ооруларды аллергендер коштойт. Ал эми дары-дармектер, мисалы кодеин, аспирин, новокаин ж.б. кээ бир дарылар аллергиялык кабылдоого арбын чалдыктырат. Ошондой эле турмуш-тиричилик аллергендерине чаң, нымдуу үйдөгү козу карындар, курт-кумурскалар, таракан, жүн жана башка кирет. Акыркы мезгилде турмуш-тиричилик химиясына, кир кетирүүчү каражаттарга аллергиялык реакция көп учурайт. Бул аллергендер дем алуу жолдорунун аллергиялык оорусун, бронх астмасын жана мурун бүтүү оорусун пайда кылат.
- Адис катары кеңешиңиз.
- Эгерде аллергиянын кандайдыр бир түрү байкалган болсо, алгач адиске кайрылыш керек. Өз алдынча дарылануу күчөп, өлүмгө алып келет. Сөзсүз түрдө тажрыйбалуу аллерголог адисине кайрылуу зарыл. Себеби, айрым адистер туура эмес дарылайт. Учурда ашыкча дары-дармектерди жазып берүү деген көбөйгөн. Мындан улам организмде реакция жүрүп, аллергиянын оор түрүнө кабылат. Ошондой эле кайсыл тамактан аллергия болсо, аны жебеш керек. Тамеки тартуу дагы аллергияга алып келүүнүн себеби болот. Ошондуктан ата-энелерге айтат элем, балдарынын жанында олтуруп тамеки тартпасын деп, себеби 70 пайызын бала алат. Изилдөөлөргө ылайык, тамекинин ичинде 4 миң зыяндуу зат бар. Ата-энелерге балдардын жанында тамеки тартпагыла деп кайрылат элем.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:50
Живу и радуюсь каждому дню!!!