- Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар!
Мына форумдун түптөлгөнүнө да, 8 жылдын жүзү болуп калыптыр. Бул арада канчалаган ага-инилүү, эже-карындаштуу, достуу болдук. Көптөгөн маалыматты алып, кайра өзүбүз билген маалыматтарды башка форумчулар менен бөлүштүк. Бири-бирибизди реалдан көрүп билбесек да, виртуалдуу жашоодо чоң, ынтымактуу "үй-бүлөгө" айландык. Муну эске салганымдын себеби, бири-бирибиздин кандай экенибизди, ким кандай маалыматы же кеңеши менен бизге жардам бере ала тургандыгын жакшы билээрибизди айгинелөө.
Эми суроо: Ушул жылдар аралыгында (форумга келгенден баштап), сиз кумир туткан, башкача айтканда "Ошол форумчудай болсом экен" деп кыялданган форумчуңуз болду беле? Балким азыр да бардыр?
Мен жеке өзүмдү айта кетсем, форумга жаңы келген убагымда мен сыйлаган, урматтаган форумчулар б.а "кумирлерим" "Дауд, Барс" байкелер болчу. "Мен да качан ушул байкелерге окшоп форумчулар менен аралашып, жакшы жазып калаар экем?" дечүмүн (себеби ал убакта кыргыз тилинен начар болчум да)) . Өзгөчө Дауд байкенин Дин жана Философия бөлүмүнө жазган билдирүүлөрүн баалачумун.
Билдирүүнү түзөткөн: kanat4ik: 30 Июнь 2015 - 23:58