Жаш балалуу энелердин дээрик басымдуу бөлүгү балдарынын тамак жебегенин айтып даттанышат. Буга байланыштуу бир нече негизги себептерин карап көрөлү, эмне үчүн балдар тамактануудан баш тартышат?

Оорунун айынан
Эгерде бала сыркоолоп калса, дене табы көтөрүлүп же жөтөлүп жатса, анда тамакка табити жоголот. Ошондой эле, дисбактериоз, тамак аш сиңирүү органдары жабыркаганда да тамак жегилери келбей калат. Мындай шартта дароо дарыгерге алып барып кеңеш алуу керек. Бирок, жогоруда айтылган белгилер менен ооруп, ошол эле учурда таттуудан баш тартпаса, анда тамакты кабыл алуу процессинин бузулгандыгына байланыштуу болот. Бул тууралуу кийинки себепте жазылган.
Психологиялык көйгөй
Чындыгында көпчүлүк ата- энелер балдарынын тамакка табити жоктугун ооруга, таза эмес экологияга, балакайдын маанайына жана кежирлигине оодара салышат. Андыктан дал ушундай мамиле жасаган ата- энелердин аракетинен улам балакайдын тамактануу маданиятынын тарбиялашыны өнүкпөй калат. Буга байланыштуу ата- энелер өздөрүңүзгө байкоо салып көрүңүздөр.
Биринчиден, үй бүлө туура эмес жашоо образын алып жүрөт. Эгер сиз таза абада сейилдөөнүн ордуна сыналгы көрүүнү тандап алган болсоңуз, демек сиз мындай шартта өзүңүздү жана балакайды жигердүү кыймыл- аракетинен кур калтырган болосуз. Мунун айынан баланын табити буулуп калат да тамакка көңүлү тартпайт. Андыктан күн сайын эрежеге ылайык таза абада эс алуу маанилүү экенин унутпаңыз.

Экинчиден, туура эмес убакытта тамактандыруу. Көпчүлүк учурда энелер качан гана жасаган тамагы даяр болгондо баланы тамактанууга отургузат. Муну менен баланын абалы, кызыкчылыгы эсепке алынбайт да зордук менен тамактандырууга өтүшөт. Андыктан балакайдын кайсы убакта курсагы ачып тамак жегиси келгенин так аныктап алуу үчүн, анын колу жете турган жерге сыр кесип, жумуртканы сууга бышырып, же жер- жемиштерден коюп коюңуз. Ал курсагы ачкан мезгилде көзүнө көрүнгөн тамак- ашка сөзсүз кол сунат. Ал эми таттууларды көздөн алыс коюңуз.

Үчүнчүдөн, күчтөп тамактандыруу. Мындай ыкма баланы тамактануусу үчүн кедергисин тийгизе турган эн эле натыйжасыз амал. Анын урушуп, кээде чаап жиберип тамактандырууга аракет жасасаңыз, анын психикасына доо кетет. Тамакты ал кандайдыр бир коркунуч каатры кабыл алып калат. Мындан сырткары, адистердин айтымдарында коз жашын тогүп ыйлап, маанайы бузулган абалда тамак ичкен баланын ичкен тамагы сиңимдүү болбой, ден- соолугуна олуттуу кедергисин тийгизет. Ал эми жакшы маанайда тамактануу менен жетиштүү энергия топтогонго шарт тузүлөт.

Төртүнчүдөн, тамактануу учурундагы алаксытуучу оюндар. Мультфильм коюп берүү же дагы бир башка оюнчуктарды берүү менен тамактандыруу эрежеге ылайык келбейт. Албетте, бир аз убакытка баланы алаксытып тамак ичкенге шарт түзүп бериши мүмкүн, бирок, муну менен баланын тамактануу маданияты бузулуп, эмне ичип- жегенин сезбей калат. Ал эми алаксыганына кубанган энелер өлчөмүнөн ашыкча тамак берип коюшу да мүмкүн. Анын айынан баланын ички жана тамак- аш сиңирүү органдарына доо кетет.
Бешинчиден, тандоо табити. Балакай бир гана макарон же картошка жейм, сууну бөтөлкөдөн ичем деп талап коюшу ыктымал. Бул анын кежирлиги болуп эсептелинет. Мында, тамактануудагы көйгөй эмес, тарбиянын негизи экендиги талашсыз. Баланын ар бир кежирлигин аткаруу менен анын тарбиясына залака тийгизесиз. Андыктан, унчукпай эле коюңуз, көңүл бурбаңыз, бир аз ачка болгондо сиз сунуштаган тамакты сөзсүз жейт.
Алтынчыдан, таттуулар. Балакайдын көзү көргөн жерде таттуулар турса, анын эч качан тамакка табити келбейт. Аныдыктан эч качан анын колу жеткен жана көзү көргөн жерге таттууларды койбоңуз.

Демек, жыйынтык чыгаралы, баланын тамакка болгон табитин кайтарууда үй бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы балакайга ылайыкталган жана туура келген эрежелерге баш ийүүлөрү керек. Албетте, бул жеңил эмес, бирок аракет жасоо маанилүү. Мындан сырткары, кичинекейинен баштап жаңы тамактарды жасап, аларды жегенге көндүрүү керек.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 12 Июнь 2015 - 02:27