Суперстан: Канткенде баламды туура тарбиялайм? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Канткенде баламды туура тарбиялайм? Кыргызда бала тарбиясы же бала тарбиялоодо сунуштар

#181 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 02:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Баланын тамак жебегенине ата- энелер өздөрү күнөөлүү
Жаш балалуу энелердин дээрик басымдуу бөлүгү балдарынын тамак жебегенин айтып даттанышат. Буга байланыштуу бир нече негизги себептерин карап көрөлү, эмне үчүн балдар тамактануудан баш тартышат?

Сүрөт

Оорунун айынан

Эгерде бала сыркоолоп калса, дене табы көтөрүлүп же жөтөлүп жатса, анда тамакка табити жоголот. Ошондой эле, дисбактериоз, тамак аш сиңирүү органдары жабыркаганда да тамак жегилери келбей калат. Мындай шартта дароо дарыгерге алып барып кеңеш алуу керек. Бирок, жогоруда айтылган белгилер менен ооруп, ошол эле учурда таттуудан баш тартпаса, анда тамакты кабыл алуу процессинин бузулгандыгына байланыштуу болот. Бул тууралуу кийинки себепте жазылган.

Психологиялык көйгөй

Чындыгында көпчүлүк ата- энелер балдарынын тамакка табити жоктугун ооруга, таза эмес экологияга, балакайдын маанайына жана кежирлигине оодара салышат. Андыктан дал ушундай мамиле жасаган ата- энелердин аракетинен улам балакайдын тамактануу маданиятынын тарбиялашыны өнүкпөй калат. Буга байланыштуу ата- энелер өздөрүңүзгө байкоо салып көрүңүздөр.

Биринчиден, үй бүлө туура эмес жашоо образын алып жүрөт. Эгер сиз таза абада сейилдөөнүн ордуна сыналгы көрүүнү тандап алган болсоңуз, демек сиз мындай шартта өзүңүздү жана балакайды жигердүү кыймыл- аракетинен кур калтырган болосуз. Мунун айынан баланын табити буулуп калат да тамакка көңүлү тартпайт. Андыктан күн сайын эрежеге ылайык таза абада эс алуу маанилүү экенин унутпаңыз.

Сүрөт

Экинчиден, туура эмес убакытта тамактандыруу. Көпчүлүк учурда энелер качан гана жасаган тамагы даяр болгондо баланы тамактанууга отургузат. Муну менен баланын абалы, кызыкчылыгы эсепке алынбайт да зордук менен тамактандырууга өтүшөт. Андыктан балакайдын кайсы убакта курсагы ачып тамак жегиси келгенин так аныктап алуу үчүн, анын колу жете турган жерге сыр кесип, жумуртканы сууга бышырып, же жер- жемиштерден коюп коюңуз. Ал курсагы ачкан мезгилде көзүнө көрүнгөн тамак- ашка сөзсүз кол сунат. Ал эми таттууларды көздөн алыс коюңуз.

Сүрөт

Үчүнчүдөн, күчтөп тамактандыруу. Мындай ыкма баланы тамактануусу үчүн кедергисин тийгизе турган эн эле натыйжасыз амал. Анын урушуп, кээде чаап жиберип тамактандырууга аракет жасасаңыз, анын психикасына доо кетет. Тамакты ал кандайдыр бир коркунуч каатры кабыл алып калат. Мындан сырткары, адистердин айтымдарында коз жашын тогүп ыйлап, маанайы бузулган абалда тамак ичкен баланын ичкен тамагы сиңимдүү болбой, ден- соолугуна олуттуу кедергисин тийгизет. Ал эми жакшы маанайда тамактануу менен жетиштүү энергия топтогонго шарт тузүлөт.

Сүрөт

Төртүнчүдөн, тамактануу учурундагы алаксытуучу оюндар. Мультфильм коюп берүү же дагы бир башка оюнчуктарды берүү менен тамактандыруу эрежеге ылайык келбейт. Албетте, бир аз убакытка баланы алаксытып тамак ичкенге шарт түзүп бериши мүмкүн, бирок, муну менен баланын тамактануу маданияты бузулуп, эмне ичип- жегенин сезбей калат. Ал эми алаксыганына кубанган энелер өлчөмүнөн ашыкча тамак берип коюшу да мүмкүн. Анын айынан баланын ички жана тамак- аш сиңирүү органдарына доо кетет.

Бешинчиден, тандоо табити. Балакай бир гана макарон же картошка жейм, сууну бөтөлкөдөн ичем деп талап коюшу ыктымал. Бул анын кежирлиги болуп эсептелинет. Мында, тамактануудагы көйгөй эмес, тарбиянын негизи экендиги талашсыз. Баланын ар бир кежирлигин аткаруу менен анын тарбиясына залака тийгизесиз. Андыктан, унчукпай эле коюңуз, көңүл бурбаңыз, бир аз ачка болгондо сиз сунуштаган тамакты сөзсүз жейт.

Алтынчыдан, таттуулар. Балакайдын көзү көргөн жерде таттуулар турса, анын эч качан тамакка табити келбейт. Аныдыктан эч качан анын колу жеткен жана көзү көргөн жерге таттууларды койбоңуз.

Сүрөт

Демек, жыйынтык чыгаралы, баланын тамакка болгон табитин кайтарууда үй бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы балакайга ылайыкталган жана туура келген эрежелерге баш ийүүлөрү керек. Албетте, бул жеңил эмес, бирок аракет жасоо маанилүү. Мындан сырткары, кичинекейинен баштап жаңы тамактарды жасап, аларды жегенге көндүрүү керек.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 12 Июнь 2015 - 02:27

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 02:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Балаңызга чоочун адам тийишсе эмне кылуу керектигин үйрөтүңүз

Бүгүнкү күнү сыналгыдан, гезит барактарынан, интернет баракчаларынан жаш балдардын жоголуп жана зордукчулукка кабылып жаткандыгын тилекке каршы көбүрөөк көрүп жатабыз. Жараткан дагы "Сактанганды сактайм"- деп айткандай ар бир ата- эне балдарына бул тууралуу күн сайын кулактарына кумдай куюп айтып жана үйрөтүүлөрү талапка ылайык. Ар бир бала менен жок эле дегенде күнүнө бир жолу бир чоочун адам сүйлөшөт.

Сүрөт

- Айрымдары муктаждыктан жолду, саатты же дагы башка нерсени сураса, кээ бир ниети бузуктар өзүнүн арам оюн ишке ашыруу үчүн азгырма суроолор менен кайрылат.

- Оорукана кайсы жерде экенин чогуу барып көрсөтүп коюну суранат.

- Атаң же апаң сени тигил бурчта чакырып жатышат деп айтышы да ыктымал. Мунун кесепетинен баланы белгисиз жакка ээрчитип көздөн кайым болот жана эң эле жагымсыз көрүнүштөрдүн бири болгон зордукчулук көрсөтүшөт. Андыктан кандай гана кырдаал жаралбасын чоочун адам менен сүйлөшүүгө тыюу салыңыз. Божомолдуу түрдө чоочун адам айта турган азгырыктуу сөздөрдү эсине салып туруңуз. Маселен, "Жүрү, тээ тигил жерде сонун бир кичинекей күчүк көрдүм, ошону сага берейин макулсуңбу" , "Балмуздак алып берейинби, же суусадыңбы, кандай шире ичкенди жактырасың, жүрү дүкөнгө"- деп айтышы мүмкүн. Мындай адамдар сыртынан сылык көрүнгөнү менен абдан кара мүртөз, балдарга зордукчулук көрсөткөн, аябаган адам экенин көбүрөөк айтыңыз. Андай адамдар калп эле жагымдуу жана күлүп сүйлөшөт. Демек, мындай зордукчу адамдарды сыртынан такыр байкоого мүмкүн болбогондуктан бардык чоочун адамдар менен сүйлөшүүнү, алардын колунан таттуу алууну жана ээрчип кетүүгө такыр мүмкүн эместигин эскеритиңиз.

Сүрөт

Суранычка же жардамдарга кол сунбагандыгы үчүн өзүн адепсиз же тарбиясыз деп эсептөө туура эмес экендигин түшүнүктүү мисалдар менен айтып бериңиз. Адепсиз көрүнгүсү келбесе, жөн гана кечиресиз менин убактым жок, атам күтүп жатты эле- деп басып кетүүгө үйрөтүү зарыл.

Бирок, тилекке каршы кэ бир учурда кылмышкер адам көз көрүнөө эле каршылык көрсөткөнүнө карабай баланын колунан сүйрөп же көтөрүп жөнөшү мүмкүн. Ал учурда бала коркунуч жаралып жатканын сезген бала андан корккондугунан ал айткан гана нерсени аткаруу өтөт.

Сүрөт

Андыктан балага бул шартта өзүн кандай алып жүрүү керектигин түшүндүрүңүз. Албетте, мындай крүнүштөр болбой эле койсун, бирок кокусунан дал ушундай окуяга кабылып калса, анда балаңыз ал адамдга коркпогондой түр көрсөтүшү керек экендигин айтып берүү керек. Ошондой эле үндүн болушунча кыйкырып жардам сурап, жулкунуп, кез келген жерин тиштеп, тырмактары менен аймап салуу туура болот. Кыйкырганда мени коё бер деп эмес, мага жардам бергиле, мен бул адамды тааныбайм, ал мени уурдап бара жатат деп айтканы натыйжалуу болот. Себеби, кээ бир адамдар атасынан качып атат деп түшүнүшү ыктымал. Кыскасы, кандай гана жол менен болбосун башкалардын көңүлүн буруусу зарыл. Айрым учурда бул ыкма чындыгында жардам берет. Зордукчу качып жөнөйт. Эгер зордукчу качып кетсе, кийинчерээк ошол белгилери аркылуу табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Сүрөт

Мындан сырткары, балаңыздын чогуу ойноп жаткан досун чоочун бирөө ээрчитип бара жатса, алардын артынан ээрчибей чоңдорду жардамга чакыруу керектигин түшүндүрүңүз. Бирок, чоочун адамдын белгилерин эстеп калууга аракет жасасын. Эгер унаага отургузуп кетсе, номурун жаттап калса да жакшы. Жардам чакырууда сөзсүз түрдө жакындарга айтуу маанилүү эмес, эң башкысы чоң адамдарга жана милиция кызматкерлерине айтуу маанилүү.

Сүрөт

Ошондой эле, кээ бир учурда жардам чакырууга такыр мүмкүнчүлүк болбойт же ээн талаа болушу ыктымал. Мындай шартта колунан эч нерсе келбей калышы толук мүмкүн. Ошондуктан жалгыздап ээн талаа, сейил бак, же кароосуз калган имараттарга барууга толугу менен балаңызга тыюу салыңыз. Ар дайым көпчүлүк менен эл көп жүргөн жерде гана ойносун.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 02:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Балаңыз менен туура сүйлөшкөндү үйрөнүңүз
Сүрөт Шыбыр

Катуу кыйкырык- бул өзүңүздүн алсыздыгыңыздан кабар берет. Бирок, балдар аны анчейин сезе беришпейт. Себеби, аларга сөздүн мааниси эмес, үн маанилүү. Андыктан психолог адистери балага эч качан кыйкырбоо керектигин белгилешет. Балдар катуу айтылган сөздөргө караганда шыбырап, жумшак жана мээрим төгүп айткан нерселерди жакшы угуп, эсине мыкты түйүп алат.

Сүрөт

Балким

Балага ар дайым эле "жок"- деген сөздү айта берсеңиз, анын кыжырдануу сапатын өнүктүрүп алышыңыз ыктымал. Анткени балага "жок"- деген сөз көп деле жага бербейт. Андыктан "жок"- деген сөздү "балким" - деген түшүнүккө алмаштырып алыңыз. Маселен, балаңыз сыртка сейилдөөгө чыгабызбы- деп сураса, дароо эле "жок"- дей салбай, "балким чыгып калышыбыз ыктымал, сен оюнчуктарыңды жыйнай бер, мен бул жасап жаткан жумушумду бүтүрө салайын"- деп жооп бериңиз. Балаңыз күн өткөн сайын мындай тартипке калыпка салына баштайт.

Сүрөт

Кечирип койчу?!

Чоң адамдар деле ар дайым адашып келишкен жана адаша беришет. Туура эмес мамилебиз үчүн туугандарыбыздан же кесиптештерибизден кечирим сураганыбыз менен кичинекей балдарыбыздан кечирим суроону унутуп коёбуз. Алар дагы чоң адамдардай эле адептүүлүккө муктаж. Андыктан балаңыздын алдында кандайдыр бир күнөөңүз бар болсо, тартынбай эле кечирим сурай билиңиз. Мунун менен сиз ага эң сонун үлгү болосуз.

Сүрөт

Стоп, оюн бүттү!

Бул сөз менен баланы дароо токтотконго көндүрүңүз. Кайс бир ишти туура эмес жасап жаткан болсо, же орундатпай жатса, дароо эле "стоп, оюн бүттү"- деп коюңуз. Муну менен ал кандай гана жагдай болбосун токтош керек экендигин сезет. Ашыкча калжаңдап эркелебейт. Кайрадан суранбайт.

Сүйкүмдүү жана мээрим төккөн көз караш

Ким менен гана баарлашпайлы анын козүнө карап аңгемелешет эмеспизби. Бул ыкманы балдарыңызга да колдонуңуз. Жагымдуу, сүйкүмдүү, мээримдүү көз караш менен балаңыздын көзүнө карап сүйлөсөңүз, ал мындай жылуулукту сезбей койбойт. Сөздөрүңүздүн таасирдилүүгү жана кабыл алуусу да жогору болот.

Сүрөт

Үйрөнөбүз да.....

Эгер балаңыз кайсы бир нерсени туура эмес жасап, адашкан болсо, анда ага эч кандай капа болуунун кереги жок. Ошондой эле ачууланып, көр- жемеге алуунун да кажети жок. Анын ордуна "макул, кээде ушундай боло берет да, мунун коркунучу жок, экөөбүз баарын башынан кайрадан үйрөнөбүз" - деген сөз айтсаңыз, анын натыйжалуулугу жогору болот.

Сенин колуңдан келет!

Балаңыз өзүнүн жөндөмдөлүүгүнө ишенбей, олку- солку маанайда жүргөнүн бацкасаңыз, анда дароо түрткү берүүнү баштаңыз. Ийгиликсиз иш бул- баланын өз максатына жетүү үчүн пайда болгон алгачкы тоскоолдук жана аны оңой эле басып өтүүгө боло тургандыгын жакшылап түшүндүрүп бериңиз. Өзүңүз жасап жүргөн иштерди алгач жасай албай, кийинчерээк кантип үйрөнүп кеткендигиңизди мисал катары айтып бериңиз жана ар дайым баары сенин колуңдан келет деп кайталап турууну унутпаңыз.

Сүрөт

Ар дайым көңүл буруңуз

Балаңыз сизге кандайдыр бир окуя айтып берсе же суроо берип жаткан учурда ага көңүл буруп, көзүнө карап, сөзүн бөлбөй ынтаа коюп угуңуз. Бул балаңыз үчүн маанилүү жагдай. Экөөңүздөрдүн ортоңуздардагы байланыш, кеп- кеңеш алуу ушундай көрүнүштөн улам жакшырат.

Сүрөт

Ар дайым жылмайып жүрүңүз

Сиздин жан дүйнөңүздүн абалы да бала үчүн мааилүү. Андыктан анын көзүнчө эч качан кайгырып, көз жашыңызды төкпөңүз. Кээ бир балдар мындай жат көрүнүштөрдү көп көрө берсе, өздөрү да маанайы жок болуп түнт тартып кетишет.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 12 Июнь 2015 - 02:36

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 02:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Баланын тартынчаак сапатын кантип жеңүүгө болот?

Сүрөт Балакайдын тартынчаактыгына ар кандай жагдайлар себеп болушу ыктымал. Маселен, ал табиятынан өтө жоош же тескерисинче агресивдүү үй бүлөдө чоңоюп, ар дайым басмырланып тургандыгынан улам болушу мүмкүн. Мындан сырткары, өзү менен тең курактагы балдар менен бааралашуудагы жаралган көйгөйлөр да себеп болот. Анткени тил табыша албаган бала түнт тартып калат.

Баланы коомго көндүрүү жана аралаштыруу ыкмасы

Ата- энелер эң алгач баланын кулк- мүнөзүнө жараша ылайыктап коомго аралаштырышы талап кылынат. Чөйрөсүндөгү жакшы адамдар менен баарлашуу жашоодо керек экендигин жана пикир алышуу маанилүү экендигин түшүндүрүп берүү зарыл. Албетте, ар бир балалын өзгөчө мүнөзү болот. Андыктан ага ыктап, коомго аралаштыруу маанилүү роль ойнойт.

Сүрөт

Тартынчаактык сапатынан арылтуу ыкмасы:

1. Ата- энелер балдарын өзүнчө бир инсан катары кабыл алып, аны менен ар дайым жан дүйнөсүнө кирип баарлашып туруулары зарыл. Коңшу балдар менен ойноп, алар менен тил табышып, мамиле курууга шарт түзүп бериңиз. Ал үчүн досторун үйгө таттуу торт жасап чакырсаңыз да жакшы натыйжа берет. Андан кийин дүкөнгө же башка бир эс алуу жайларына барган учурда дагы баланы башкалар менен пикир алышууга көндүрүңүз. Сиздин көзөмөлүңүздө соода- сатык жүргүзүүнү үйрөнүп алуу да ашыктык кылбайт.

Сүрөт

2. Балага ар дайым көңүл буруп, көбүрөөк убакыт бирге болууга аракет жасоо керек. Буга үй бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы катышканы жакшы. Маселен, чоң ата- апалары сейилдетүүгө алып чыкса, ата- энеси паркка алып барсын, ал эми эже- агалары даргы бир башка эс алуучу жайларга ээрчитип барсын. Мындай шартта балада тартынчаактык сапат жоголот жана анын аң- сезиминин туура өсүшүнө жакшы шарт түзүлөт.

3. Ата- энелер өздөрүн туура алып жүрүү менен балага эң сонун үлгү боло алат. Андыктан балага зыяны тийе турган көрүнүштөрдү жасоодон этият болуу зарыл.

Сүрөт

4. Баланын туура эмес жоруктарын айтууда аны башкалар менен салыштыруудан абдан абайлоо керек. Маселен, баланчанын баласы түкүнчөнүн кызын сабап койгондугу үчүн баланча баласына таттуу сатып бербей коюптур- деп айткан туура эмес. Анын ордуна баланчанын баласы түкүнчөнүн кызын сабап коюптур, бул абдан жаман сапат. Сен андай болбо ээ?- деп койгон жакшыраак болот. Мында, балаңыз жасалган жоруктун туура эместигин түшүнөт.

Майда, бирок маанилүү....

Психастения менен ооругандар асанкайгы, уяң, турмушка байымы жок, мокок болушат. Өзүнө өзү ишенбегендиктен, бир чечимге келе алышпайт, өз жоруктарын кайта-кайта талдай беришет, бардыгынан шектенишет, бир ишти баштаса аны ишке ашырыш үчүн далбастап, тынчы кетет. Андай адам өзүн башкалардан кем санап, өз ишине ыраазы болбойт. Окуяны көргөнгө караганда укканы, окуганы көбүрөөк таасир калтырат. Мындай оорулуу тажатма, майдачыл болот. Аларга көнүмүш турмуштун өзгөрүшү, үйрөнгөн адаттын бузулушу өтө оор, андай чакта өзүнө ишенбөөчүлүк, шектенүү, кооптонуу күч алат. Алар жеңил, жашык, ызакор, тартынчаак келишет, ден соолугу бир аз начарласа эле жамандыкка жоруп, тынчсызданат, ар кандай шектүү ойлорго кабылат (Ишенүү оорулары). Психастения түрдүү психикалык травмалардан, катуу коркуудан, ошондой эле тубаса да (Психопатия) болушу мүмкүн.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 02:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Баланын тартынчаак сапатын кантип жеңүүгө болот?

Сүрөт Балакайдын тартынчаактыгына ар кандай жагдайлар себеп болушу ыктымал. Маселен, ал табиятынан өтө жоош же тескерисинче агресивдүү үй бүлөдө чоңоюп, ар дайым басмырланып тургандыгынан улам болушу мүмкүн. Мындан сырткары, өзү менен тең курактагы балдар менен бааралашуудагы жаралган көйгөйлөр да себеп болот. Анткени тил табыша албаган бала түнт тартып калат.

Баланы коомго көндүрүү жана аралаштыруу ыкмасы

Ата- энелер эң алгач баланын кулк- мүнөзүнө жараша ылайыктап коомго аралаштырышы талап кылынат. Чөйрөсүндөгү жакшы адамдар менен баарлашуу жашоодо керек экендигин жана пикир алышуу маанилүү экендигин түшүндүрүп берүү зарыл. Албетте, ар бир балалын өзгөчө мүнөзү болот. Андыктан ага ыктап, коомго аралаштыруу маанилүү роль ойнойт.

Сүрөт

Тартынчаактык сапатынан арылтуу ыкмасы:

1. Ата- энелер балдарын өзүнчө бир инсан катары кабыл алып, аны менен ар дайым жан дүйнөсүнө кирип баарлашып туруулары зарыл. Коңшу балдар менен ойноп, алар менен тил табышып, мамиле курууга шарт түзүп бериңиз. Ал үчүн досторун үйгө таттуу торт жасап чакырсаңыз да жакшы натыйжа берет. Андан кийин дүкөнгө же башка бир эс алуу жайларына барган учурда дагы баланы башкалар менен пикир алышууга көндүрүңүз. Сиздин көзөмөлүңүздө соода- сатык жүргүзүүнү үйрөнүп алуу да ашыктык кылбайт.

Сүрөт

2. Балага ар дайым көңүл буруп, көбүрөөк убакыт бирге болууга аракет жасоо керек. Буга үй бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы катышканы жакшы. Маселен, чоң ата- апалары сейилдетүүгө алып чыкса, ата- энеси паркка алып барсын, ал эми эже- агалары даргы бир башка эс алуучу жайларга ээрчитип барсын. Мындай шартта балада тартынчаактык сапат жоголот жана анын аң- сезиминин туура өсүшүнө жакшы шарт түзүлөт.

3. Ата- энелер өздөрүн туура алып жүрүү менен балага эң сонун үлгү боло алат. Андыктан балага зыяны тийе турган көрүнүштөрдү жасоодон этият болуу зарыл.

Сүрөт

4. Баланын туура эмес жоруктарын айтууда аны башкалар менен салыштыруудан абдан абайлоо керек. Маселен, баланчанын баласы түкүнчөнүн кызын сабап койгондугу үчүн баланча баласына таттуу сатып бербей коюптур- деп айткан туура эмес. Анын ордуна баланчанын баласы түкүнчөнүн кызын сабап коюптур, бул абдан жаман сапат. Сен андай болбо ээ?- деп койгон жакшыраак болот. Мында, балаңыз жасалган жоруктун туура эместигин түшүнөт.

Майда, бирок маанилүү....

Психастения менен ооругандар асанкайгы, уяң, турмушка байымы жок, мокок болушат. Өзүнө өзү ишенбегендиктен, бир чечимге келе алышпайт, өз жоруктарын кайта-кайта талдай беришет, бардыгынан шектенишет, бир ишти баштаса аны ишке ашырыш үчүн далбастап, тынчы кетет. Андай адам өзүн башкалардан кем санап, өз ишине ыраазы болбойт. Окуяны көргөнгө караганда укканы, окуганы көбүрөөк таасир калтырат. Мындай оорулуу тажатма, майдачыл болот. Аларга көнүмүш турмуштун өзгөрүшү, үйрөнгөн адаттын бузулушу өтө оор, андай чакта өзүнө ишенбөөчүлүк, шектенүү, кооптонуу күч алат. Алар жеңил, жашык, ызакор, тартынчаак келишет, ден соолугу бир аз начарласа эле жамандыкка жоруп, тынчсызданат, ар кандай шектүү ойлорго кабылат (Ишенүү оорулары). Психастения түрдүү психикалык травмалардан, катуу коркуудан, ошондой эле тубаса да (Психопатия) болушу мүмкүн.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 02:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Баланын акыл-эсин кантип туура өнүктүрүүгө болот?

Сүрөт Эс- тутум – маалыматтардын эсте кармалып туруусун камсыз кылуучу, эс жараяндарын бири. Эске тутумду мүнөзүнө, ишке ашуу жолуна жараша:

а) эрктүү, эрксиз;

б) механикалык, маанилүүлүк;

в) түздөн-түз, кыйыр деп бөлүүгө болот.

Сүрөт

Эрксиз эске тутумда кубулуштур, материалдар алдын-ала тандалбайт, эрктик аракеттер жумшалбайт, кошумча каражаттар колдонулбайт. П. И. Зинченко, А. А. Смирнов ж. б. психологдор тарабынан материал иш-аракеттин негизги максаты менен байланыштуу болсо, эрксиз эске тутум жемиштүү боло тургандыгы далилденген. Эрксиз эске тутум акыл активдүүлүгүнө, жумуш аткаруудагы өз алдынчалыкка жараша болот: акыл аракеттерин талап кылбаган материал начар, эрксиз эсте калып, тез унутулат.

Эрктүү эске тутумда адам аныкталган мотивдердин негизинде (өзү белгилеген же ага сунуш кылынган) нерселерди эсте калтыруу үчүн өзүнүн алдына максат коёт, б. а. эрктүү эске тутум атайын мнемикалык аракет болуп саналат. Эрктүү эске тутумдун ийгиликтүүлүгү мнемикалык максаттардын өзгөчөлүгүнө көз каранды болот. Эрктүү эске тутум ийгиликтүү жүрсүн үчүн төмөндөгүдөй жолдорду колдонуу керек:

а) материалдын планын түзүү;

б) эски менен жаңынын ортосундагы тиешелештикти коюу, б. а. жакшы белгилүү жактарына таянуу;

в) материалды системалаштыруу жана класстарга бөлүштүрүү;

г) материалды айырмачылыктары, окшоштуктары боюнча ажыратуу ж. б. у. с.

Бирдей шартта эрктүү эске тутум, эрксиз эске тутумга караганда жогору бааланат, анткени анда өздөштүрүлгөн билимдер бекемдиги, аң-сезимдүүлүгү, системалуулугу боюнча айырмаланышат. Бирок практикада адамдын активдүү акыл иш-аракеттерин талап кылган көп иштер (адам өзү көңүл койсо) эрксиз эсте жакшы тутула тургандыгы белгилүү.

Механикалык, маанилүүлүк эске тутум жараяны түшүнүк менен байланыштуу. Механикалык эске тутум дегенде бул же тигил объектилерди так удаалаштыкта, логикалык байланыштарды түзбөстөн эсте калтырууну түшүнөбүз. Маанилүүлүк эске тутум – материалдын маңызын, логикалык байланыштарын табуунун эсебинен ишке ашырылат. Практикада маанилүүлүк эске тутум механикалык эске тутумга караганда бир топ жемиштүү келет. Түздөн-түз эске тутумда таасир эткен дүүлүктүргүч төгүлбөй-чачылбастан, эч кандай алымча-кошумча киргизилбестен, өзгөрүүсүз сакталат. Ал эми кыйыр түрдө эске тутумда кийин эстөөгө зарыл болгон "ачкычтар" изделип, аң-сезимдүү түрдө кошумча каражаттар пайдаланылат. А. Н. Леонтьевдин изилдөөсүндө түздөн-түз эске тутум эстин өнүгүшүнүн алгачкы этабында байкалып, анын жогорку өнүгүү деңгээлин кыйыр түрдө эске тутум камсыз кыла тургандыгы далилденген.

Сүрөт

Эске тутумга таасирин тийгизүүчү эки факторду бөлүп көрсөтүүгө болот:

1) Эсте тутулган материалдын өзгөчөлүктөрү – субъект үчүн маалымат канчалык маанилүү болсо, ошончолук жакшы эсте тутулат.

2) Эске тутумдун детерминанттык жагы – материал үйрөнүлүп жатканда кандай болсо, ал эсте тутулуп, кайра калыбына келтирилгенде так ошондой контекстте болсо эске тутум эң жакшы жүрдү деп айтса болот, б. а. субъект эске тутумга жөндөмү.

Эске тутум жараянынын жүрүшүндө негизги роль кайталоого таандык. Кайталоо аркылуу маалыматты эске тутумунун мыйзамченемдүүлүгү – белгилүү психолог Г. Эббингауз тарабынан кеңири изилденген.

Сүрөт

Ал эми баланын акыл- эсин жана туура өнүктүрүүгө болот жана ал сөзсүз керек. Муну окумуштуулар дагы ар дайым белгилеп келишет. Баланын мээси 7 жашка чейин өсөт жана бул убакыт аралыгында ал көптөгөн маалыматтарды билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жана сактап кала алат. Бала маалыматты канчалык көп алса, жөндөмдүүлүк ошончолук иштелип чыгат. Мындай шарт мектепте жана жогорку окуу жайында окуган мезгилде жакшы түзулөт. Андыктан баланын акыл- эсине ар дайым көнүгүү жасап туруу маанилүү.

Төрөлгөндөн баштап 1 жашка чейин

Балакай 3-4 айлыгынан баштап өзүнө эң маанилүү жагдайларды эстеп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло баштайт. Ал эми 6 айлыгында кээ бир буюмдарды жана адамдын келбетин эстеп кала алат. Бул куракта анын алгачкы коркуу сезими пайда боло баштайт. Маселен, көзүнө өөн учуруган адамдын кийиминен, келбетинен же ак халатчан доктурдан да чочулайт.

Сүрөт

Ата- энелерге тапшырма:

• Балакай менен төрөлгөндөн баштап сүйлөшүңүз. Жакшы маанай жаратуучу окуяларды айтып бериңиз. Ыр, китеп окуп бериңиз. Кулакка жагымдуу музыка угузуңуз.

• Балакай менен үйүңүздөн башка жайга барганда ал жердеги кооз нерселерди көрсөтүп көңүлүн буруңуз. Маселен, ит же мышык болсо, үнүңуздү акырын чыгарып итче үрүп, мышыктай мияулап коюңуз. Ал үндөргө көнгөнү жакшы. Себеби, кийин чочулабайт.

• 7 айлык бала менен жашынмак ойносоңуз болот. Албетте балакай бул учурда баса элек болот. Бирок, оюнчук же буюмдарга жашынып ойноңуз. Жеңил кездемелерди да анын башына бир азга жаап ойносоңуз болот.

• 8 айлыгында балакайда сүрөттү китептерди бериңиз, ал эми 9 айлыгында манжа оюндарын ойноого жетишет. Ага жаккан кызыктуу оюндарды уюштуруп бериңиз.

Сүрөт

1-3 жаш

Бул куракта балдар, айрыкча сизздин кыймылдарды жакшы өздөштүрүп, аны туурагысы келет. Бийлеп, секирип, пластилинден ар кандай формаларды жасап, сүрөт тартыңыздар. Оюнчук музыкалык аспаптарды сатып бериңиз. Муну менен анын мээсинин кыймыл аракети өнүгөт.

Сүрөт

Эстеп калуу оюну

Бала менен жашооңуздагы бардык маселелер тууралуу сүйлөшүңүз. 3-4 саптуу ыр жаттатыңыз. Табышмак айтып, аны жандырмагын озү табууга түрткү бериңиз. Китепти көбүрөөк окуп бериңиз. Жаңы сөздөрдү көбүрөөк санда үйрөнүшүнө шарт түзүп бериңиз. Китепте жазылган окуя тууралуу талкуулоону үйрөтүңүз. Кийинки күнү ал тууралуу кайра сураңыз. Эмнелерди эстеп калганын байкаңыз.

Мындан сырткары, оюнчуктарды катып коюп аны табууга жөнөтүңүз. Бир нече оюнчуктун бирөөсүн бекитип коюп, кайсы оюнчук жокболуп жатканын сураңыз. Оюнчуктарды тизип, кайрадан орундарын алмаштырып балаңыздан мурдагы орду кандай болгондугун сураңыз. Сүрөт тартылган баракчаларды бир көз ирмемге көрсөтүп, жашырыңыз да, кайра баладан сураңыз эмне сүрөт тартылганын.

Сүрөт

3-6 жаш

Бул жашында баланын акыл- эси абдан активдүү өнүүгүнүн үстүндө болот. Эмнени гана уктпасын баарын эстеп кала алат. Ырларды жаттатсаңыз бат эле өздөштүрүп келет. Психолог адистеринин айтымдарында дал ушул куракта чет тилдерин үйрөтүүгө бере турган жакшы жагдай түзүлөт.

Сүрөт

6-9 жаш

Башталгыч класста окуган маалда баланын акыл- эси эң маанилүү сыноодон өтөт. Андыктан эч качан ага эскертүү берип, маанайын түшүрбөңүз. Маселен, кантип эле ушуну жаттай албайсың? Сага мектепте түшүндүрбөдү беле, эмне үчүн эстеп кала алган жоксуң?- деген эскертүүлөрдүн зарылчылыгы жок. Эң эле жакшысы эринбей мектептеги өткөн сабактарын чогуу кайталаңыздар.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 02:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Жумуштан колу бошобогон эне баласына кантип убакыт бөлсө болот?
Жумушта иштеген айымдардын басымдуу бөлүгү убакыттын жоктугунан балага көңүл бууруга шарт жок деп даттанышат. Албетте, бир жагынан алып караганда буга түшүнсө болот. Анткени азыркы замандын шартына ылайык, көптөгөн айымдар күйөөлөрү менен тең жарышып иштеп, каражат таап үй бүлөнү багуу аракети менен жүрүшөт. Бирок, кандай болгон күндө да балага сөзсүз убакыт таап, аны менен баарлашуу маанилүү. Себеби ар бир бала менен эненин ортосун бириктирип турган көзгө көрүнбөгөн өтө ичке байланыш жиби болот. аны үзүп албай аяр ммиле жасоо керек. Бала үчүн сиз иштейсизби же үйдө отурасызбы мааниси жок, болгону ошол байланышты үзүп албоо керек.

Сүрөт

Күн сайын кечинде убакыт бөлүңүз

Кечинде жумушуңуз аяктаган соң, үйгө түз келбей башка иштер менен кармала турган болсоңуз, аны таразага салып көрүңүз. Эгер анчалык маанилүү болбосо, анда дароо үйгө жөнөңүз. Анткени кээ бир учурларда жумуштан кийин курбулар кафеге чогулушат же дүкөн кыдырышат. Сиз маанилүүсүн тандаңыз, тактап айтканда балаңыздын кызыкчылыгын ойлоңуз. Балаңыздын маанайын байкаңыз. Анын кандай окуяларга күбө болгондугун сураңыз. Эркелетиңиз, кучактаңыз, жүзүнөн сүйүңүз.

Сүрөт

Балаңыздын жашоо ыргагына калыптаныңыз

Балаңызга кайсы учурда ыңгайлуу болсо ошого жараша сүйлөшүп алып чогуу сейилдеңиз. Кечинде жумуштан келип дароо эле сыртка алып чыгыңыз. Эгер эртең менен эрте турса анда эрте менен жок дегенде жарым саатка сейилдеп келсеңиз болот.

Сүрөт

Дем алыш күнү эрте ойгонуңуз

Албетте, дем алыш күндөрү узагыраак уктап эс алгыңыз келет. Бирок, балаңыз үчүн эрте туруңуз. Ага жаккан эртең мененки тамагын даярдап бериңиз. Паркка же озүнө жаккан эс алуу жайларына алып барыңыз. Үй жумуштарын чогуу жасап, ал эми туш ченде аны кучактап уктап алсаңыз да болот. Кечки тамакты да өзгөчө жасаңыз. Балаңызды жардамдашууга чакырыңыз.

Сүрөт

Жолдошуңуз менен жумуштарды бөлүшүңүз

Чындыгында иштеген эне үчүн жогоруда айтылган нерселердин баарын жасоо кыйынга турат. Андыктан үй жумуштарын жолдошуңуз менен бөлүп алыңыз. Ким тамак жасайт, ким идиш жууйт жана кимиңиздер баланы сейилдетип келесиздер, булардын баарын алдын ала пландап алыңыздар.

Сүрөт

Күндүзү да убакыт бөлүңүз

Азыркы тапта техниканын өнүккөн заманы эмеспи. Эгер үйдө интернетке уланган компьютериңиз болсо, анда балаңыз менен түштөнүү учурунда 5 мүнөт болсо да камера аркылуу баарлашыңыз. Мындай мүмкүнчүлүк жок болсо телефон чалыңыз.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   Begay.00.kg   19 Июнь 2015 - 22:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 89
  • Катталган: 10 Февраль 15
  • Соңку аракети: 25 Мар 2021 17:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Баткен

менде баланы башынан чонойгонуна чейин,моралдык, психикалык,билимге ундогон мыкты ата энелерге арналган китеп бар.мында баары жазылган жана жонокой.Баасы арзан эле сатылат.250сом
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 23:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Бала менен баарлашууда кандай оң жана терс гормондор бөлүнүп чыгаарын билесизби?

Сүрөт Адам баласынын организминде ондогон ар түрдүү гормондор иштелип чыгат. Алардын арасынан айрымдары биздин эмоционалдык маанайыбыз үчүн иштейт. Ал эми окумуштуулар буга байланыштуу эки гормонду баса белгилеп келишет. Алар адам баласынын коомдогу өзүн- өзү алып жүрүүгө багытталган мүнөзүнө байланыштуу- стресстин гормону кортизол жана сүйүү менен көнүп калгандыктын гормону окситоцин.

Эми өзүңүзгө суроо берип көрүңүзчү?! Балаңыз менен сүйлөшкөн маалда анын организминен кайсы гормон көбүрөөк иштелип чыгат?!... Маселен, балага эскертүү бергенде, анын кыял- жоругу, баскан- турганы жана өзү тууралуу сүйлөшкөндө, же, кучактап, жүзүнөн сүйүп, кунт коюп анын айткандарын уккан мезгилде.... Кортизолбу же окситоцинби? !

Муну билүү эмне үчүн маанилүү?! Жообун чогуу издеп көрөлү.

Жогоруда айтып өткөндөй кортизол стресстин гормону. Ал организмдеги энергетикалык ресурстарды калыпка салууда натыйжалуу жыйынтык берет жана коркунучтуу кырдаалда камкордук көрөт. Бирок, мындай кам көрүүгө жөн эле калып калбайт, анткени ал үчүн сиздин организм дагы ага "кызмат" көрсөтүшү керек. Кортизол баш мээнин жарым шарында пайда болгон коркунучту убактылуу жаап, каршылык көрсөтөт. Мунун жыйынтыгында адам баласынын сезимталдуулугу артып, ачуусу чукул келе баштайт. Себеби эс тутум кандайдыр бир коркунучка кабылганынан кабар берет. Демек, кортизолдун таасири жоголо баштайт. Натыйжада узак убакытка кармалган стресс кортизолдун көп болүнүп чыгышына себепкер болот да акыр аягы депрессияга жеткирет.

Сүрөт

Окситоцин- жүрөктүн тынчсыздауусун басат, ырахат алуу сезимин пайда кылат, коркуу сезиминен арылтат. Мунун натыйжасында адамдар менен пикир алышуу, баарлашуу жакшы маанай жаратат. Бирок, окситоцион өтө эле коркок жана узакка кармалбаган гормон. Себеби мээге кандайдыр бир коркунуч келгени байкалса дароо жоголот.

Демек, бири- бирибиз менен кандай шартта баарлашпайлы, бул эки гормондун бири сөзсүз иштелип чыгат. Медициналык тил менен айтканда химиялык коктейль деп айтылат.

Окситоциондун деңгээлин жогорулаткан коммуникациялык формалар интеллектуалдык баарлашуунун деңгээлин жогорулатат. Тактап айтканда адам баласында кандайдыр бир жаңы, өзгөчө нерсени ойлоп табууга, шериктештик менен иштөөгө жөндөмү пайда болот. Ал эми кортизон гормону бул артыкчылыктардын деңгээлин тескерисинче төнөмдөтөт.

Сүрөт

Жүрүм- турумдардын айырмачылыктарынын арасынан окситоцин гормону бөлүнүп чыгуусуна себеп болгон жагдайлар:

• Чын- жүрөктөн, жакшы ниет менен кам көрүү

• Боорго кысып, жүзүнөн сүйүп коюуда

• Колдоо көрсөтүүдө

• Анын эмоционалдык абалына, айткан кептерине кунт коюп угууда

• Ийгиликке жетүү үчүн түрткү берүүдө

• Ишеним көрсөтүүдө

Сүрөт

Ал эми кортизол кандай шартта бөлүнүп чыгат:

• Эмоционалдык жактан көнүп алган адамды бөлүп- жарууда

• Коркутууда

• Жалган жалаа жабууда

• Салкын мамиле жасодо

• Кемчиликтерин айтканда

• Ишенич билдирбегенде

• Өз пикирин таңуулаганда

• Уккусу келбегенде

Сүрөт

Демек, балаңыз менен баарлашып жатканда сиз маани бербеген кандай жагдайлардын пайда болушун биле жүргөнүңүз маанилүү маселе. Жөнөкөй эле себептер дагы терс гормондордун иштелип чыгышына себеп болушу мүмкүн. Андыктан чоң адамдар балакайдын кортизол гормонунун көп иштелип чыкпашы үчүн бардык аракеттерин жумшоолору керек жана окситоциондун иштелип чыгышына шарт түзүп берүүлөрү зарыл. Бул сиздин колуңуздан келе турган аракеттер. Балаңыздын кең келечеги, бактылуу балалыгы ата- эненин колунда экенин эстен чыгарбоо маанилүү.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 23:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Бала тарбиялоодо колдонулуучу 22 альтернативдүү ыкма

Сүрөт Ата- энелердин басымдуу бөлүгү баланы тарбиялоо учурунда физикалык күч колдонуу же катуу сөз айтуунун натыйжалуулугу жок экенин жакшы билишет. Анткени, мындай ыкма менен тарбиялоодо баланын өзүн- өзү баало деңгээли кыйрап, терс сапаттар өнүгүп, окуусуна терс таасирин тийгизип, ошондой эле ата- энеси менен болгон мамилеси солгундайт. Бирок, муну билүү жетиштүү эмес, болгону баланы туура тарбиялоого ташталган алгачкы кадам гана болуп эсептелет.

Ал эми төмөндө баланы кайсы бир туура эмес жоругу үчүн жазалоонун алдын- алууга багытталган жана колдонула турган альтернтивдүү ыкмалардын иш үстүндө натыйжалуулугун көрсөткөн. Мындан сырткары, баланын инсан катары калыптанып, окууда ийгиликтерге жетишип, ден- соолугу чың болуп чоңоюушуна абдан жакшы таасирин берет.

1. Алдын ала туура эмес жоруктар кандай болоорун эскертип коюңуз. Баланын муктаждыгына дароо жооп кайтарыңыз. Муктаждыгы чечилген бала кийинки окуу тепкичине өтөт.

Сүрөт

2. Балаңызга достук абалды түзүп, анын айлана- чөйрөсүн коопсуздук менен камсыз кылыңыз. Кымбат баалуу жана аяр мамиле жасай турган буюмдарды көздөн алыс алып коюңуз. Кокусунан аны сындырып алса, баланы урушуп коюшуңуз ыктымал. Ал эми балакай буюмдардын баалуулугун али биле элек.

3. "Алтын эрежелер" ыкмасын колдонуңуз. Балаңыздын ордуна өзүңүздү коюп коюңуз. Кайсы бир кырдаал учурунда өзүңуз кандай абалда болоор элеңиз?!... Адамзаттын табиятындагы нерселер жаш куракка карабайт эмеспи...

4. Балага ар дайым кам көрүп, аяр мамиле жасаңыз. Кандай гана туура эмес иш жасабасын, анын көңүлүн сурап туруңуз.

5. "Сен капалуудай көрүнүп жатасың, бир нерсе болдубу?" - деп сурап койсоңуз, сиз үчүн өзүн маанилүү экенин дароо сезет.

6. Эс алууга багытталган муктаждыктарын аткарыңыз. Эгер ага сейилдеп келүүнү убада кылсаңыз, аткарыңыз. Телефон менен сүйлөшүп, сыналгы көрүп же интернетте отуруп албаңыз.

Сүрөт

7. Бала менен келишим тузө билиңиз. Бирок, "сатып алуу" жолу менен эмес аткарыла турган ишке багытто менен болсун.

8. Кээ бир балдар өзүнө көңүл бурдуруу максатында туура эмес кыял- жоругун көрсөтүшү ыктымал. Андыктан ар дайым ал сиз үчүн маанилүү экенин, канчалык деңгээлде аны сүйөөрүңүздү айтуудан тажабаңыз.

9. Бала стресстик абалга кабыла турган кырдаалда аны эс алдыра билиңиз. Маселен, сынакка даярдануу учурунда. "Кел, бир аз тыныгуу жарыялайлы. Эмне менен алек болууну каалап жатасың?" - деп алаксытууга аракет жасаңыз.

10. Баланын тамактануусуна көңүл бурууну унутпасын. Витаминдүү, сапаттуу, пайдалуу азыктар менен тамактансын. Ачка жүрүү дагы баланы ачуулуу сапаттагы абалга жеткирет.

Сүрөт

11. Балаңызга ачууңуз келген маалда өзүңүздү колго алып терең- терең дем алууга көнүңүз. Дем алуу менен ичиңиздеги, мээңиздеги терс энергиядан арыласыз.

12. Баладан ийгилик күтүүдөн мурда өзүңүз ага багыт бериңиз, жардам көрсөтүңүз, үлгү болуңуз.

13. Ромашка чөбүнөн жасалган чай жаш балдарга дагы жакшы таасирин тийгизип, мээни эс алдырат. Андыктан кез- кезде ушундай чай демдеп берип туруңуз.

14. Балаңыз менен бирге күнүмдүк калыпка салынган жашооңуздарга кызыктуу өзгөртүүлөрдү киргизиңиз.

Сүрөт

15. Балага кайсы пайдалуу эрежелерди үйрөтүу жана кеңештерди айтуу керектигин тизмектеп кагазга жазып алыңыз.

16. Укттар алдында жомок айтып, массаж жасап бериңиз. Эртеңки күнү ал абдан сергек болуп жакшы уктап ойгонот.

17. Тандоо мүмкүнчүлүгүн сунуштаңыз. Мейли оюн ойноодо болсун же кийим- кече тандоодо болсун, сөзсүз түрдө анын пикирине кулак салыңыз.

18. Бала менен ар дайым акырын үн менен баарлашыңыз. Мындай ыкма баланын көңүл коюп угуусуна түрткү берет.

Сүрөт

19. Өзү үчүн убакыт бөлүп бериңиз. Бул убакта ал өзүнүн каалаган жумушу менен алек болсун.

20. Өзүңүзгө да убакыт бериңиз. Такай эле баланын артынан жүрө берсеңиз, нерв системаларына доо кетет. Андыктан маал- маалы менен эс алыңыз.

21. Буйрук берүүнү өтүнүчкө алмаштырыңыз. Тигил же бул буюмду алып келип бер,- дегендин ордуна, мүмкүнчүлүгүн болсо мага бул буюмду алып келип берип коё аласыңбы,- деп өтүнүч менен кайрылыңыз. Балакай адептүүлүккө көнөт.

22. Жагымдуу көз ирмемдердин көбүрөөк болушун камсыз кылыңыз. Анекдот айтып бериңиз же кызыктуу куяларды айтып берип баланы күлкүгө бөлөңүз. Терс энергиянын баары чыгып кетет.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   bema_bema   02 Июль 2015 - 15:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Китептин автору бала менен алгачкы күндөн

тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл

экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар

эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын

турмуштук мисалдардын негизинде, жалпак тил

менен айтып берет. Балдардын толук кандуу

өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда

ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү

мааниге ээ экендигине басым жасайт.

Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн

ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө

кам көргөн бардык ата-энелерге арналат.

 

Баш соз

Урматтуу окурман, ата-эне, бүгүн биз сиздер

менен дагы бир жакшы саамалык аркылуу кездешип

отурабыз. Дүйнөгө белгилүү “Сони” корпорациясын

негиздөөчүлөрдүн бири, гениалдуу инженер, жапон

атуулу Масару Ибуканын ушул китебин кыргыз

тилине которуп, сиздерге тартуулоо мен үчүн бир

чети сыймык болсо, бир чети кайрылуу, балдар

темасына көңүлүңүздөрдү бурдуруу.

Мындай дүйнөлүк алкактагы ири менеджер,

ири корпорациянын негиздөөчүсү эмне себептен

кичинекей балдар үчүн китеп жазды, инженер

болуп туруп балдарга билим берүү жана тарбиялоо

маселесине эмнеден улам кызыкты деген суроолорду

өзүбүзгө берсек. Бул таң калыштуу деле эмес экен.

Адам ресурсуна, алардын билимине, тарбиясына

жана эмгекчилдигине таянуу менен гана ийгиликке

жетсе болорун ал жакшы түшүнгөн. Дүйнөлүк

атаандаштыкка туруштук бере турган алдыңкы

ишкананын кызматкери кандай сапаттарга ээ болушу

керек, балдарды тарбиялоо канча жаштан башталат

деген суроолордун үстүндө ойлонгон. Жыйынтыгында акыркы эки кылымдан бери Жапония жаратылыш

ресурстарынын чектелгендигине карабастан дүйнө

жүзүндөгү эң алдыңкы экономиканы куруп, жашоо

стандарттары боюнча өтө жогорку деңгээлге чыга

алды. 1947-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин,

такыр талкаланган өлкөдө өнөктөштөрү менен

биргеликте болгону 700 доллар менен гана “Сони”

фирмасын негиздеген. Азыр да модернизациялануу

доорун басып өткөн, илимий-техникалык жактан

дүркүрөп өскөн Жапония күжүрмөн, талыкпаган

инженерлердин, адистердин, жумушчулардын

эмгегине таянат.

Кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктү-

рүүнүн өтө зарыл экендигин алдыңкы өлкөлөр XX

кылымдын 70 жылдарында түшүнө баштаган. Бул

багытта бир топ изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алардын

ичинде Нобель сыйлыгынын ээси экономист Жеймс

Хикман адамдардын ортосундагы жөндөмдүүлүктөр

кенже куракта пайда болорун, алар менен системалуу

иштөөнү канчалык эрте баштаса, ошончолук май-

наптуу болорун белгилеген. Ал тургай ал экономи-

калык эсептөөлөрдү жасап, мектеп жашына чейинки

балдарга жумшалган 1 доллардын кайтарымы 7-8

доллардан кем болбой тургандыгын эсептеп чыккан.

Башкача айтканда, биз сыяктуу өнүгүп жаткан өлкө-

лөрдө билим берүү системасын каржылоо пирамиданын учунда тургандыгын белгилеген. ЖОЖдордун ордуна кенже курактагы балдарга каражатты макси-

малдуу жумшоо зарыл экендигин экономикалык тил

менен түшүндүрүп берген. Азыркы күндө өнүккөн

өлкөлөрдө билим берүү дал ушул нукта өнүгүүдө.

Совет системасы кыйрап, завод-фабрикалар

жабылуу астында турган кезде балдардын 30

пайызы бала бакчага барса, азыркы учурда анын

жарымынан да азайып кеткенине күбө болуудабыз.

Ар кыл формадагы бала бакчалардын жетишпей

жаткандыгы – ачуу чындык. Мектепке барганда

окуганды үйрөнүп, билим алат, ага чейин ойноп,

телевизор көрүп алсын деген пикир коомдо

кеңири жайылган. Андан тышкары жашоонун

кыйынчылыктарына шылтоолоп, балдардын

тарбиясына жана өсүп-өнүгүүсүнө анча маани

бере беришпейт. Жыйынтыгында кенже курактагы

балдардын мектепке даярдыгы начар болуп,

сабакты өздөштүрүүдө кыйналышат. Ушул сыяктуу

себептерден улам балдар мектепти араң бүтүрүшөт.

Жакынкы жана алыскы өлкөлөргө жумуш издеп

барган балдарыбыздын дээрлик көпчүлүгү кара

жумуштарда иштешип, ошол өлкөлөрдөгү төмөнкү

квалификациялуу адистерден болуп калышууда.

Ошондуктан биздин фонд Кыргызстандын билим

берүү системасында кенже курактагы балдардын

өнүгүүсүнө артыкчылык берип, бул багыттагы

бир канча долбоорлорду ишке ашырууда  Кенже

8

курактагы балдарды өнүктүрүү – өтө маанилүү

багыттардын бири. Өлкөбүздүн келечеги азыркы

кенже курактагы балдардын колунда. Балдардын өтө

тез өсөрүнө Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон

жылдарда төрөлгөн балдардын кантип өскөнүн

байкабай калгандыгыбыз мисал боло алат.

Масару Ибука мазмунду эмес, тарбия жолдорун

өзгөртүүнү сунуштайт. Чоң кишилер кыйындык ме-

нен үйрөнгөн нерселерди балдар ойноп жатып эле

үйрөнүп аларын ишенимдүү мисалдардын негизинде

көрсөтүп жатат. Адам баласынын нерв клеткалары

үч жашка чейин эң активдүү өнүгүп, 70-80 пайызга

дейре калыптанат. Бул курак бала бардыгын билгиси

келип, мээси гүлдөй болуп ачылып, ата-энесине миң

түркүн суроолорду берген мезгил болуп саналат.

АКШнын окумуштуулары эң алдыңкы технология-

ларды колдонуу менен бир-эки жашка чыккан бал-

дарды дыкат изилдөөнүн негизинде ошол куракта

чет тилдерин оңой эле үйрөнүп аларын далилдешти.

Менин неберем 2 жашка чыккандан тартып 40-50

мамлекеттин желектерин жатка айтып, айырмалай

алгандыгы Ибуканын тапкандарынын туура экенди-

гин дагы бир жолу далилдеп турат.

Кенже балдарды окутуу дегендик – үч жашка

чейинки балдарга окуганды, санаганды эле үйрөтүү

эмес! Айлана-чөйрөдөгү негизги тушунукторду жалпы эле чоп чар,тал терек,момо жемиштер.

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 02 Июль 2015 - 15:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   bema_bema   02 Июль 2015 - 15:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

деп койбостон, алардын аталыштарын так атап,

кичинесинен үйрөнүп алса, өмүр бою керек болот.

Музыка, бий, ыргак, дене тарбиясы, тазалык, туура

тамактануу сыяктуу көндүмдөрдү балдар кенже

курактагы мезгилден баштап үйрөнүшү абзел. Андан

тышкары бөбөктөргө өмүр бою кызмат кыла турган

зарыл, маанилүү сапаттар – башка балдар менен тил

табыша алуу, баарлашуу, конфликттик жагдайларды

жайгара билүү, өз кыймыл-аракеттерин акырындап

талдай алуу, оң жана терс көрүнүштөрдү ажырата

билүү алардын инсандык калыптанышына түрткү

болуп, ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүктөрүн

кеңейтет. “Балапан уядан эмнени көрсө, учканда

ошону алат” – муну кыргыз элинин миңдеген жылдык

тажрыйбасы таасын айгинелейт.

Масару Ибуканын уулу Макото Ибука мырза

бул китепти кыргыз тилдүү окурмандарга которуп,

сунуштообузга өз макулдугун бергендиги үчүн

Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Молдогазиев

Рысбек мырзага жана Пен эл аралык клубунун

катчысы Хори Такеаки мырзага терең ыраазычылык

билдиребиз. Бул көңүлдүү, мээримдүү, жеткиликтүү

тилде жазылган китепти адис-педагог, фондубуздун

кызматкери Жоодонбеков Асылбек которгондугун

белгилеп кетмекчимин.

Урматтуу ата-эне, бул китепти окуп эле тим бол-

бостон, анда айтылгандардын үстүндө ойлонуп, бал-

дарды тарбиялоодо колдоносуз деген терең ише-

ничтемин. Жер-жерлерде бири-бириңиздер менен

ой бөлүшүп, талкууга алсаңыздар, китептин маани-

лүүлүгү, таасири артат. Кенже курактагы балдарды

ар тараптуу өнүктүрүүгө ар бирибиз өз салымыбыз-

ды кошуп, бул багытта жжигердүү аракеттенишибиз

өтө зарыл экендигин дагы бир жолу баса белгилейм.

Бул китеп эмне себептен “Үч жаштан кийин кеч”

деп аталган? Жапонияда кенже курактагы балдардын

15 пайызы коомдук же бюджеттик, ал эми 80 пайы-

зы жеке менчик бала бакчаларга барышат. Мектепке

чейинки мекемелердин калыптануусу 150 жылдык

тарыхты артка калтырган. Балдар бала бакчаларга

үч жаштан баштап тартылат. Демек, бул китептин

мазмуну балдар бала бакчага барганга чейин ата-эне

аларды жакындан таанып билип, жөндөмдүүлүктө-

рүн ачуусуна, толук кандуу өнүктүрүүсүнө арналган.

Үч жашка чейин бала үчүн зарыл болгон сапаттарды

үйрөтүүгө үлгүрүп калыңыз. Үч жаштан кийин кеч

болуп калат.

Роза Отунбаева,

 

 

Автордон

 

Байыркы замандан бери улуу талант – бул баары-

нан мурда тукум куучулук, жаратылыштын кубулу-

шу деп эсептелинип келген. Моцарт өзүнүн биринчи

концертин үч жашында бергендигин же Жон Стюарт

Милл ошол эле курагында латынча классикалык ада-

бияттарды окугандыгын бизге айтып калышканда

көпчүлүк тек гана: “Албетте, алар деген генийлер да”,

- деп коюшат.

Бирок Моцарт менен Миллдин кенже курактагы

жашоосун дыкат талдоо балдарын чыгаан кылууну

каалаган аталары аларды катуу тартипте тарбия-

лагандыгын айтып турат. Менин оюмча, Моцарт да,

Милл да гений болуп төрөлгөн эмес, алардын та-

ланты аларга кенже куракта жагымдуу шарттарды

түзүп, мыкты билим беришкендигинин аркасында

абдан өнүккөн.

Тескерисинче, эгерде жаңы төрөлгөн ымыркай,

тээ башынан өзүнүн табиятына жат чөйрөдө тарбия-

ланып жатса, кийин анын толук кандуу өнүгүп кетүүгө

мүмкүндүгү болбойт. Эң жаркын мисал – 1920-жыл-

дары миссионер жана анын аялы тарабынан Каль-

куттанын түштүк-батышындагы үңкүрдөн табылган

“карышкыр кыздар” Амала менен Камаланын тарых-

таржымалы. Алар карышкырлар тарабынан тарбия-

ланган балдарга адамдык кулк-мүнөздү, кебете-кеш-

пирди кайтарып берүү үчүн бардык күч-аракеттерин

жумшашкан, бирок бүт аракеттери текке кеткен.

Албетте, адамдан – адам, ал эми карышкырдан – ка-

рышкыр туулары анык. Бирок адамдык шарттарда

жашап жатканда деле бул кыздар карышкырга мү-

нөздүү адаттарын ташташкан эмес. Демек, ымыркай

төрөлөр замат туш болгон айлана-чөйрө жана билим

баарынан мурда анын ким болорун – адам же бөрү

болорун – аныктайт!

Бул мисалдардын үстүндө ой калчап отуруп, жаңы

төрөлгөн балага айлана-чөйрө жана билим кандай

гана зор таасирин тийгизерин көбүрөөк ойлоно бе-

рем. Бул көйгөй айрым балдар үчүн гана эмес, бүткүл

адамзаттын саламаттыгы жана бактысы үчүн да зор

мааниге ээ болду. Ошондуктан 1969-жылы “Кенже

курактагы балдарды өнүктүрүү жапон ассоциация-

сы” уюмун түзүүгө кириштим. Биздин окумуштуулар

жана чет өлкөлүк илимпоздор доктор Шиничи Сузу-

кинин ошол кезде бүт дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп

турган кичинекей балдарды скрипкада ойноого үй-

рөтүү методун эксперименттик класстарда изилдөө,

талдоо жана кеңейтүү үчүн чогулушту.

 

Ишибиз илгерилеген сайын, балдарга салттуу ма-

миле канчалык жаңылыш экендиги бизге айдан ачык

боло баштады. Биз, адатта, балдар тууралуу баарын

билебиз деп ойлойбуз, ошол эле учурда алардын

чыныгы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө абдан аз биле-

биз. Биз үч жаштан өткөн балдарды эмнеге үйрөтсөк

деген суроого көбүрөөк көңүл бөлөбүз. Бирок соң-

ку изилдөөлөргө ылайык бул куракта баланын баш

мээсиндеги клеткалардын өнүгүүсү 70-80 пайызга

аяктап калган болот. Бул өзүбүздүн бардык күч- ара-

кетибизди үч жашка чейинки курактагы баланын

мээсин өнүктүрүүгө жумшашыбыз керек дегенди тү-

шүндүрбөйбү?

Кенже куракта өнүктүрүү эмчектеги балдарды

кыйнап фактылар жана сандар менен оозандырууну

сунуш кылбайт. Башкысы – жаңы тажрыйбаны “өз

убагында” киргизүү. Бирок күн сайын бала баккан

адам гана, адатта, апасы аны “өз убагында” аңдай

алат. Бул китепти мен ушул апаларга жардамдашуу

үчүн жаздым.

Масару Ибука

 

1-бөлүк

Баланын потенциалдык

мүмкүнчүлүктөрү

 

1. Маанилүү мезгил

Бала бакча

кеч болуп калат

Мектепте окуп жүргөн жылдары класста көзгө

көрүнөрлүк аракети жок эле класстын лидери болуп

калган өзгөчө жөндөмдүү окуучу болгондугу, ошол

эле убакта башка бирөө канчалык аракет кылбасын,

артта калып кеткендиги ар бириңердин эсиңерде

болсо керек.

Мен окуп жүргөндө мугалимдер бизди минтип

шыктандырышчу: “Сен акылдуусуңбу же жокпу, ал

тукум куучулук эмес. Бардыгы сенин өзүңдүн араке-

тиңден көз каранды”. Бирок жеке тажрыйбам мыкты

окуган окуучу – дайыма мыкты, начар окуган окуу-

чу – дайыма начар бойдон каларын даана көрсөттү.

Кыязы, интеллект башынан эле аныкталат окшобой-

бу. Мындай дал келбөөчүлүктү эмне кылуу керек?

Мен адамдын жөндөмдүүлүгү жана мүнөзү аны

менен кошо төрөлбөйт, көбүнчө анын жашоосунун

белгилүү бир мезгилинде калыптанат деген тыянак-

ка келдим. Тукум куучулук же алган тарбиясы менен

билими адамды калыптандырабы деген талаш көп-

төн бери жүрүп келет. Бирок бүгүнкү күнгө чейин

бир дагы көбүрөөк же азыраак ишенимдүү теория

бул талаштарга чекит койгон жок.

Акыры, мээнин физиологиясын изилдөөлөр, бир

жагынан, балдардын психологиясын изилдөөлөр,

башка жагынан, баланын акыл жөндөмдөрүн өнүктү-

рүүнүн ачкычы – бул анын өмүрүнүн алгачкы үч жы-

лындагы, башкача айтканда, мээ клеткалары өнүккөн

мезгилдеги жекече таанып билүү тажрыйбасы экен-

дигин көрсөттү. Бир да бала гений болуп төрөлбөйт

жана бир да бала келесоо болуп туулбайт. Бардыгы

баланын жашоосундагы чечүүчү жылдарда баш мээ-

синин өнүгүү даражасына жана шыктануусуна жара-

ша болот. Бул – төрөлгөндөн үч жашка чейинки ку-

рак. Бала бакчада тарбиялоо кеч болуп калат.

 


Жакты

Алга умтулуу,жашоонун кымбаттыгын сезуу!!!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   admin_portal   02 Июль 2015 - 15:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 541
  • Катталган: 19 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:29

"Уч жаштан кийин кеч" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   nurchik05   02 Июль 2015 - 17:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 686
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 05 Дек 2024 22:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Ушу темага ылайык бир мисал жазып кетейин
Бир молдо болгон экен аябай кучтуу баласына тарбияны бериптир баардык жакшы нерсени уйротуптур . Бир куну терезенин туйундо уктап жатса бироо согунуп жатат дейт токтодобу десе эч токтобойт кошунанын балдарыго деп чыкса озунун баласы ашатып согунуп жатат дейт не кыларын билбей туруп калат корсо чойродон да болот экен туугандар сиз уйдон жакшы тарбия бересиз кошунаныздын баласы жаман болсо чогу ойноп калып согунгонун ататарын кантип корбой укпай койот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 15:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Ар бир бала жакшы окуй алат –

бардыгы окутуу методунан

көз каранды

Окурман таң калышы мүмкүн, эмне үчүн

мен кесибим боюнча инженер жана ушул тапта

компаниянын президенти болуп туруп, адамдын

кенже курактагы өнүгүүсү менен алектене

баштадым? Себептери жарым-жартылай “коомдук”:

мен жаштардын бүгүнкү күндөгү козголоңдоруна

кайдыгер эмесмин жана мен ушул жаш адамдардын

жашоосуна канааттанбоосуна азыркы билим берүү

канчалык күнөөлүү деген суроону өзүмө-өзүм

узатам. Жеке себеп да бар – менин өзүмдүн балам

акылынын өнүгүүсү жагынан артта калган.

Ал кичинекей кезинде ушундай мүчүлүштүктөрү

менен төрөлгөн бала, эгерде төрөлгөндөн баштап

аны туура окутса, кадыресе билимдүү адам болуп

өсүп жетилери башыма да келген эмес. Менин кө-

зүмдү “артта калган бала болбойт – бардыгы окутуу

методунан көз каранды” деп ишендирген Шиничи

 

Сузуки ачты. Доктор Сузукинин “Талантты тарбия-

лоо” методу, наристелерди скрипкада ойноого үй-

рөтүү методу, кандай укмуш жетишкендиктерди

бергенин биринчи жолу көргөнүмдө атасы катары

өзүмдүн балам үчүн өз убагында эч нерсе жасай ал-

багандыгыма абдан өкүндүм.

Мен студенттик тополоңдор көйгөйү менен би-

ринчи жолу алектенгенимде билим берүүнүн мааниси

тууралуу терең ойлондум, эмне үчүн биздин система

мындай жаалданууну жана канааттанбоону жаратып

жаткандыгын түшүнүүгө аракеттендим. Алгач бул

жаалдануунун тамыры университеттик билим берүү

системасында жаткандай туюлду. Бирок көйгөйгө

тереңдеп кирип, бул орто мектеп үчүн да мүнөздүү

экендигин түшүндүм. Анан мен орто жана башталгыч

билим берүүчү мектептерди изилдедим, акыры бала

бакчада да балага таасир этүү кеч болуп калат деген

тыянакка келдим. Күтүүсүздөн бул ой Сузуки жана

анын кесиптештери алектенип жаткан нерсе менен дал

келип калды.

Доктор Сузуки өзүнүн уникалдуу методун 30

жылдан бери практикалап келет. Ага чейин ал баш-

талгыч жана жогорку класстарда окутуунун салттуу

методдорун колдонуп сабак берип келген. Ал жогор-

ку класстарда жөндөмдүү жана жөндөмсүз балдар-

дын ортосунда чоң айырма бар экендигин таап чык-

кан, ошол себептен ал өзү окуткан балдардын жаш

курагын улам кыскартып жүрүп отурган, башкача

айтканда, адегенде жаш балдар менен, андан кийин

наристелер менен алектенип көрүүнү чечкен. Док-

тор Сузуки скрипкада ойногонду үйрөтөт, анткени

өзү скрипкачы. Качан гана мен бул ыкманы билим

берүүнүн бардык тармактарында ийгиликтүү колдо-

нууга болорун түшүнгөнүмдө, “кенже куракта өнүк-

түрүү” көйгөйүн олуттуу изилдейин деп чечтим.

Кенже куракта өнүктүрүү генийлерди тарбиялоону максат кылбайт

Кенже куракта өнүктүрүү генийлерди тарбия-

лоого жардам береби деп менден байма-бай сурап

калышат. Мен “жок” деп жооп берем. Кенже куракта

өнүктүрүүнүн жападан-жалгыз максаты – балага ал

акылы терең, дени сак, зээндүү жана мээримдүү бол-

гудай билимди берүү.

Бардык адамдар, эгерде алардын физикалык мү-

чүлүштүктөрү жок болсо, болжолдуу бирдей төрө-

лүшөт. Балдардын акылдууга жана акылсызга, жал-

такка жана жаалдууга бөлүнүүсү үчүн жоопкерчилик

тарбияда. Кайсы бала болбосун, эгерде ага эмне ке-

ректигин жана качан керектигин билип берсе, зээн-

дүү жана туруктуу мүнөзгө ээ болуп өсүп чыгат.

Менимче, кенже куракта өнүктүрүүнүн негиз-

ги максаты – бактысыз балдардын пайда болуусун

болтурбоо. Балага андан чыгаан музыкантты өстү-

рүп чыгуу үчүн жакшы музыка угузуп, скрипкада

ойногонду үйрөтүшпөйт. Ага гениалдуу лингвистти

тарбиялап чыгуу үчүн, ал тургай аны “жакшы” бала

бакчага жана башталгыч мектепке даярдоо үчүн чет

тилин үйрөтүшпөйт. Башкысы – баланын жашоосун-

да жана дүйнөсүндө кубанычтар көбүрөөк болушу

үчүн баладагы чексиз потенциалдык мүмкүнчүлүк-

төрдү ойготуу.

Адам баласынын толук жетилбей төрөлүшүнүн өзү

анын зор потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн кабар берет

Кенже куракта өнүктүрүү жаңы төрөлгөн баланын

зор мүмкүнчүлүктөрү менен байланышкан деп эсеп-

тейм. Албетте, жаңы төрөлгөн ымыркай абдан эле

бечел, бирок ал ушундай бечел болгондугу үчүн анын

потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү ушунчалык жогору.

Адам баласы айбанаттардын балдарына караганда

абдан эле аз өнүккөн абалда төрөлөт: ал кыйкырганды

жана сүт эмгенди гана билет. Ал эми айбанаттардын,

мисалы, иттердин, маймылдардын же жылкылардын

балдары эмгектеп, бир нерсеге жөлөнүп-таянып, ке-

рек болсо дароо туруп басып кете алышат. Зоологдор

жаңы төрөлгөн бала айбанаттын жаңы туулган бала-

сынан 10-11 айга артта калат, мунун себептеринин

бири – адамдын туруп баскандыгы деп айтышууда.

Адам тикесинен туруп калгандан баштап дене эне-

нин жатынында толук кандуу өрчүгөнгө чейин кала

албайт, ошондуктан бала абдан бечел болуп төрөлөт.

Ал төрөлгөндөн кийин гана өз денесин колдонгонду

үйрөнөт. Дал ушундай эле ал мээсин пайдаланганды

да үйрөнөт. Эгерде айбанаттын баласынын мээси тө-

рөлгөнгө чейин калыптанган болсо, жаңы төрөлгөн

ымыркайдын мээси таптаза барак сымал. Баланын

канчалык зээндүү болушу ушул баракка эмнелер жазыла тургандыгынан коз каранды.

 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 15:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Мээнин түзүмдөрү

үч жашка чейин

калыптанат

Адам баласынын мээси 1,4 миллиард клеткадан

турат дешет, бирок жаңы төрөлгөн балада алардын

көпчүлүгү ишке кире элек болот.

Жаңы төрөлгөн баланын баш мээси менен чоң

кишинин баш мээсинин клеткаларын салыштыруу

мээнин өнүгүү процессинде клеткалардын ортосунда

өзгөчө көпүрөлөр-байланыштар калыптанарын көр-

сөттү. Баш мээнин клеткалары бири-бирине бекем

ыкташып сезүү органдары аркылуу сырттан алыш-

кан маалыматка жооп кайтаруу үчүн бири-бирине

кол сунушат. Бул процесс электрондук компьютер-

деги транзисторлордун иштөөсүн абдан эске салат.

Ар бир транзистор өз алдынча иштей албайт, алар

бирдиктүү системага биригишкенде гана компьютер

катары иштейт.

Клеткалардын ортосундагы байланыштар актив-

дүү калыптанган мезгил – бала төрөлгөндөн үч жаш-

 

ка чейинки мезгил. Бул убакта ушундай байланыш-

тардын 70-80 пайызы пайда болот. Алардын кандай

өнүккөнүнө жараша мээнин мүмкүнчүлүктөрү артат.

Бала төрөлгөндөн кийинки алты айда мээ өзүнүн то-

лук потенциалынын 50 пайызына жетет, ал эми үч

жашка чейин 80 пайызына жетет. Албетте, бул үч

жаштан кийин баланын мээсинин өнүгүүсү токтойт

дегендикке жатпайт. Үч жашка чейин негизинен мээ-

нин арткы бөлүгү жетилет, ал эми төрт жашка кел-

генде бул татаал процесс “маңдай жак” деп аталган

бөлүккө өтөт.

Ишаратты сырттан алып, анын образын түзүү жана

аны эстеп калуу мээнин фундаменталдуу жөндөм-

дүүлүгү болуп саналат, бул – баланын кийинки бар-

дык интеллектуалдык өнүгүүлөрүнө шарт түзгөн не-

гиз, компьютердин дал өзү. Ойлонуу, муктаждыктар,

чыгармачылык, сезимдер сыяктуу жөндөмдүүлүктөр

үч жаштан кийин өнүгөт, бирок алар ушул куракка

карата калыптанып калган базаны колдонушат.

Демек, алгачкы үч жашта балада бекем негиз тү-

зүлбөгөн болсо, аны кандай колдонууну үйрөтүү пай-

дасыз. Бул начар компьютерде иштеп жатып, жакшы

жыйынтыктарга жетүүгө аракеттенгенге тете.Бейтааныш адамдардын

жанында баланын

тартынышы – образдарды

таануу жөндөмдүүлүгүнүн

өнүккөндүгүнүн далили

Менин китебимде “образ” деген сөздү өзгөчө кол-

донгондугумду түшүндүрүп кетким келет. “Образ”

сөзү көбүнчө “схема”, “нерсенин түзүлүшү”, “модель”

деген маанилерде колдонулат. Мен бул сөздү кене-

нирээк, бирок баланын мээсинин маалыматты таа-

нуусуна жана кабылдоосуна жардам берген ойлонуу

процессин көрсөтүү үчүн атайын мааниде колдонууну

сунуштайм. Чоң киши негизинен логикалык ойлонуу

жөндөмдүүлүгүн пайдаланып маалыматты кабыл-

даган жерде бала туюмун, өзүнүн көз ирмемдик об-

раздарды түзүү сыяктуу сейрек кездешүүчү жөндөм-

дүүлүгүн колдонот: чоң кишинин ойлонуу ыкмасы

балага жеткиликтүү эмес, ал ага кечирээк келет.

Бул кенже курактагы таанып билүү ишинин эң

жаркын күбөсү – ымыркайдын адамдардын жүздө-

 

рүн айырмалоо жөндөмдүүлүгү. Мен балдар оорука-

насынан көргөн бир наристени өзгөчө эстеп калдым.

Ал бир жаштан жаңы эле ашкан курагында 50 адам-

ды айырмалоого жөндөмдүү болгондугун айтышты.

Андан тышкары, ал аларды таанып эле койбостон, ар

бирине өз атын берген.

“50 адам” – бул сан бизди анча таң калтырбашы

мүмкүн, бирок чоң кишиге деле бир жылдын ичинде

50 адамды эстеп калуу кыйынга турат. Сиз өзүңүздөн

бардык тааныштарыңыздын жүзүн тагыраак сүрөт-

төп көрүңүзчү, аналитикалык жол менен бирөөсүнүн

жүзүн башкасыныкынан айырмалай аласызбы?

Баланын таанып билүү жөндөмдүүлүктөрү алар-

да уяңдык пайда болгон кезде, болжол менен жарым

жашка чыкканда, таасын көрүнө баштайт. Анын ки-

чинекей башы тааныш жүздөрдү, мисалы, апасын же

атасын бейтааныштардан айырмалай алат жана ал

муну даана түшүндүрө алат.Азыркы тарбия “катаалдык”

мезгил менен “баарына уруксат”

мезгилинин орундарын

алмаштырып, ката кетирүүдө

Бүгүн да көптөгөн психологдор жана педагог-

дор, айрыкча “прогрессивдүү” деп эсептелингендер

кичинекей баланы аң-сезимдүү окутууну туура эмес

деп ойлошот. Алар ашыкча маалыматтар баланын

нерв системасына терс таасирин тийгизет, баланы

өз жайына коюп, ал эмнени кааласа, ошонун баарын

жасоого мүмкүнчүлүк берүү керек деп эсептешет.

Айрымдар, ал тургай, бул куракта бала өзүмчүл бо-

лот, баарын өзүнүн ырахаттануусу үчүн гана жасайт

дегенге ишенишет. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү

ата-энелер ушундай идеялардын таасири астында

аң-сезимдүү түрдө “өз жайына коюу” принцибин

карманып келишет.

Ошол эле ата-энелер алардын балдары бала бак-

чага же мектепке бара баштаганда бул принциптен

дароо баш тартышат да, өз балдарын тарбиялаганга

жана бир нерсеге үйрөткөнгө аракеттенишип катаал

болуп чыга келишет. Күтүүсүздөн “мээримдүү” апа-

лар “каардуу” апаларга айланышат.

Ошондой болсо да, бардыгы тескерисинче бо-

лууга тийиш экендиги жогоруда айтылгандардан

түшүнүктүү болду го дейм. Дал ушул балдардын ал-

гачкы жылдарында аларга катаал да, мээримдүү да

мамиле жасоо зарыл, ал өз алдынча өнүгө баштаган-

да анын эркин, “Менин” сыйлоону акырындап үйрөнө

баштоо керек. Тагыраак айтканда, ата-эненин тааси-

ри бала бакчага чейин токтош керек. Кенже куракта

кийлигишпөө, анан кечирээк болуп калганда балага

басым жасоо андагы талантты өлтүрүп, каршылыкты

жаратышы гана мүмкүн.

 

2. Кичинекей бала

эмне кыла алат?

Чоңдордун “оор” жана

“оңой” деген түшүнүктөрү

балдарга жарабайт

Биз, чоңдор, мисалы, бул китеп бала үчүн абдан

эле оор же бала классикалык музыканын баркын

баалай албайт деп өзүбүзчө тыянак чыгарабыз. Би-

рок биз мындай тыянактарды эмненин негизинде

чыгарып жатабыз?

Эмненин “оор” же “жеңил” экендиги туурасын-

да так түшүнүгү жок бала үчүн – англис тилиби же

жапон тилиби, Бахтын музыкасыбы же балдар ырла-

рыбы, бирдей угулган, бир түрдүү музыкабы же үн-

дөрдүн шайкештигиби – баары бирдей убакта баш-

талышы керек, ал үчүн баары тең жаңы.

Сезимдердин негизинде чыгарылган тыянак би-

лимден көз каранды эмес, тескерисинче, билим се-

зимдерге тоскоол болушу мүмкүн. Кыязы, көптөр

атактуу картинаны карап туруп, чындыгында ал аны

анчалык тамшандырбаса деле, картинанын баалуулу-

гу ал үчүн сүрөтчүнүн ысымында жана анын баасын-

да болсо да, өзү жөнүндө: “Бул ажайып!” – десе керек.

Ал эми бала, тескерисинче, ар дайым чынчыл. Кан-

дайдыр бир нерсе же жумуш, эгерде ал ага кызыктуу

болсо, баланын көңүлүн толук арбап алат.Бала үчүн “тогузга”

караганда “көгүчкөндү”

эстеп калуу жеңилирээк

Көптөн бери көрбөй жүргөн 2 жашар неберем

үйгө коноктоп келген учур эсимде. Ал терезеге ка-

рап, неон асмаларын мага көрсөтүп, сыймыктануу

менен: “Бул Хитачи, а бул болсо “Тошиба”, - деп айт-

кан. Кубанганымды жашырганга аракеттенип, небе-

рем эки жашында эле “Хитачи” жана “Тошиба” деген

кытай иероглифтерин окуп калган турбайбы деген

чечимге келдим. Келинимден неберем кытай алфа-

витин качан үйрөнгөнүн сурадым, ушул жерден ал

кытайча “Хитачи” менен “Тошибаны” окубаганын,

болгону соода маркаларын образ катары эстеп кал-

ганын жана аларды ушундайча айырмалаганын бил-

дим. Баары мени шылдыңдап күлүштү “небересин

жакшы көргөн, аңкоо чоң ата” деп, бирок мен көп-

төрдө ушундай болоруна ишенем.

Жакында эле мен жумалыкка жазган кенже ку-

ракта өнүктүрүү жөнүндөгү макалаларымды окуган

фуджисавалык 28 жаштагы энеден кат алдым. Анын

катынан 2,5 жашар уулу эки жашка чыгайын деп кал-

гандан тартып автомобилдердин маркасын эстеп

кала баштагандыгын билдим. Бир нече айдан кийин

эле ал кыркка жакын автомобилди, жапон марка-

ларын жана чет өлкөлүк маркаларды оңой эле атап

бере алган, кээде ал жадагалса үстү жабылып турган

машинанын маркасын айтып бере алган. Андан бир

аз мурдараак, “ЭКСПО-70” телепрограммасынын

таасиринен улам болсо керек, ал ар кайсы өлкөлөр-

дүн желектерин эстеп кала баштаган, эми болсо 30

өлкөнүн желегин таанып жана туура атап бере алат,

алардын ичинде Монголия, Панама, Ливан сыяктуу

өлкөлөрдүн желектери бар, аларды чоң кишилер да

араңдан-зорго эстерине тутушат. Бул мисал чоңдор-

до эбак эле жок болгон сапат балдарда бар экенди-

гин айтып турат. Бала нерселерди образдар аркылуу

таанып-билүү жөндөмүнө ээ, мунун анализдөө ме-

нен эч кандай жалпылыгы жок, аны бала кийинче-

рээк үйрөнөт. Бул жоромолду тастыктай турган эң

сонун мисал – ымыркайдын апасынын жүзүн таануу

жөндөмдүүлүгү. Көптөгөн наристелер, эгерде алар-

ды бейтааныш адамдар колуна алса, ыйлай башта-

шат, апасынын колунда сооронуп, күлүп калышат.

Эксперимент катарында биздин “Кенже куракта

өнүктүрүү ассоциациябызда” Исао Ишии мырза кытай

жазуусунан сабак берген. Үч жашар балдар “көгүчкөн”

же “жираф” сыяктуу кыйын иероглифтерди оңой эле 

эстеп кала алышкан. Анткени жадагалса адамдын жү-

зүндөгү кичинекей өзгөрүүлөрдү да эч кыйынчылык-

сыз эстеп калган бала үчүн кыйын кытай иероглиф-

тери көйгөй эмес. “Тогуз” деген сыяктуу абстракттуу

сөзгө караганда, ал конкреттүү нерсени түшүндүргөн

“жираф”, “енот”, “түлкү” сыяктуу сөздөрдү канчалык

кыйын болсо да оңой эле эстеп кала алат. Ошондуктан

бала чоң кишини картадан утуп алса, мында таң кал-

гыдай эч нерсе жок. Эгерде чоң кишиге орунду, санды,

картинаны аң-сезимдүү түрдө эстөөгө туура келсе,

бала мыкты образдык эстутумга
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 16:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Балага арифметикадан

көрө алгебраны эстөө жеңил

Математиканын фундаменталдуу идеяларынын

бири – катарлар теориясы. Алгач сан түшүнүгүн,

андан соң геометрия менен алгебраны окуган чоң

кишиге аны түшүнүү өтө эле кыйын. Ал эми бала

үчүн катарлар теориясынын же көптүк теориясынын

логикасын түшүнүү жеңил. Математиканы окутуу

боюнча таанымал болгон Ришени Феликс айым ба-

лага математиканы кайсы куракта болбосун үйрө-

түүгө болорун белгилейт.

“Катар” же “көптүк” – бул тек гана окшош нер-

селердин жыйындысы. Бала кубиктер менен ойноп

жатканда аларды таанып билет. Ал ойноп жатып,

аларды катар менен формасына карата ала баштайт:

төрт бурчтук, үч бурчтук ж.б.. Ал ошол курагында

эле ар бир кубик – “катардын” элементи, бир нече

кубик – бир катар, ал эми үч бурчтуктар – баш-

ка катар экендигин жакшы түшүнөт. Предметтерди

белгилүү мүнөздөрү боюнча топторго бөлүштүрүү

боюнча ушундай жөнөкөй идея катарлар теориясы-

нын негизинде жаткан башкы идея болуп саналат.

Бала татаал, ойлонууну талап кылган арифметика-

га караганда жөнөкөй логикалык көптүк теориясын

жакшы түшүнөт.

Демек, арифметика жөнөкөй, алгебра татаал де-

ген салттуу түшүнүк – чоң кишилердин балдардын

мүмкүнчүлүктөрү тууралуу дагы бир жаңылыштыгы

экенине ишенем. Баланын мээси көптүк теориясынын

логикасын жеңил түшүнө алат, бул алгебранын негиз-

дерин түшүнүү үчүн башталыш болуп саналат.

Мынакей, арифметикалык маселенин бир миса-

лы: “Зоопаркта бардыгы болуп 8 жаныбар, таш бака

жана турна бар. Алардын 20 буту бар. Зоопаркта

канча таш бака жана турна жашайт?

Келиңиздер, алгач бул маселени алгебралык ме-

тод менен чыгарып көрөлү. Турналардын санын Х

менен, ал эми таш бакалардын санын У менен белги-

леп алалы, ошондо Х+У=8 а 2Х+4У=20 болот. Эсеп-

тейли, Х+2У=10, башкача айтканда, Х=8-У=10-2У;

демек, У=2. Демек, 2 таш бака, 6 турна бар экен.

Эми ушул маселени “таш бака” жана “турна” ариф-

метикасы менен чыгаралы. Эгерде бардык айбанаттар

таш бакалар десек, алардын 32 буту бар экендиги ай-

кын болот. Маселе боюнча 20 бут берилген, демек, 12

бут ашыкча. Алар бардык айбанаттар 4 буттуу таш

бака деп ойлогондугубуз үчүн ашыкча чыкты, чын-

дыгында алардын айрымдары 2 буттуу турналар бо-

луп саналат. Андыктан ашыкча 12 бут – турналардын саны, ал эки жандыктын буттарындагы айырмачылыкка көбөйтүлгөн; 12ни 2ге бөлсөк – 6, демек, 6 тур-

на, эгерде 8ден, жалпы айбанаттардын санынан алсак,

6 турнанын санынан таш бакалардын саны чыгат.

Бул маселени чечүүнүн түз логикалык белгисиз

сандардын ордуна X менен Yти коюп чечүү жолу тур-

са, биз эмне себептен мындай арифметиканы “таш

бакача” ыкмасы менен чечишибиз керек?

Чындыгында алгебралык чечимдерди шыр эле

өздөштүрүү кыйын, логикалык эмес чечимдер оңой

көрүнгөнүнө карабастан, алгебраны логикалык жак-

тан түшүндүрүү алда канча жеңил.

 

Жадагалса беш айлык бала

Бахты баалай алат

“Сони” фирмасынын биринде бала бакча уюш-

турулган. Ал жакта балдар кандай музыканы угарын

билүү максатында изилдөө жүргүзүлгөн. Жыйынты-

гы күтүлбөгөндөй болгон. Балдар үчүн эң таасир-

дүү музыка Бетховендин 5-симфониясы экендиги

аныкталган. Эртеден кечке телевизордон берилген

популярдуу музыкалар 2-орунга, балдар ырлары эң

акыркы орунга туура келген. Бул жыйынтык мени аб-

дан кызыктырды.

Биз, чоң кишилер, адатта, балдардан алыс кар-

маган классикалык музыкаларды алар эң кызыктуу

дешти. Балдар татаал симфонияларды баалай турган

музыкалык табитке төрөлгөндөн баштап эле ээби?

Доктор Шиничи Сузукинин байкоолоруна ылайык

беш айлык балдарга Вивальдинин концерттери жагат.

Бул бир окуяны эсиме салат. Классикалык музыканы

абдан жакшы көргөн жаш ата-эне жаңы төрөлгөн ба-

ласына Бахтын 2-сюитасын күн сайын бир нече саат

бою угузган. 3 айдан кийин бала музыканын тактысы-

на жандуу кыймылдай баштаган. Ыргак ылдамдаганда анын кыймылы активдүүрөөк боло баштаган. Музыка

бүтүп калганда ал капа болгонун билдирген. Ымыркай

чыргоолонгондо же ыйлаганда ата-энеси ошол музы-

каны коё салган, ошол замат ал сооронуп калган. Бир

жолу алар джазды коюшканда бала чуу салган.

Татаал музыкалык формаларды түшүнүү – кере-

мет. Көптөгөн жапондор тек гана бала кезинде улут-

тук музыкадан жана балдар ырларынан башканы ук-

пагандыктан батыш классикалык музыкасын кабыл

албай тургандыгына бекем ишенем.

 

Алты айлык бала

сууда сүзө алат

Көптөгөн чоң кишилер сууда сүзгөндү билишпейт

(алар “Балта сымал” сүзүшөт). Андыктан тырмактай

баланы сууда сүзгөнгө үйрөтсө болорун билгениңиз-

де таң калышыңыз мүмкүн. Баса элек бала жерде эм-

гектегенге аракет кылгандай эле сууда да ошондой

эле карманганга аракет кылат. Бул жерде кичинекей

баланын сууда сүзө алгандыгы эмес, бала болуп ту-

руп сууда сүзгөндүгү маанилүү болуп саналат.

Бир канча жыл мурун Бенесейл деген белгиялык

адамдын эмчектеги балдар үчүн сууда сүзүү мектебин

ачкандыгын гезиттен окуган элем. Ал үч айлык бала-

ны бассейнде аркасы менен суунун үстүндө калкып

турганга үйрөтсө болорун, ал эми тогуз айлык баланы

сууда туура дем алганга үйрөтсө болорун айткан.

1965-жылдын августунда аял-атлеттердин То-

киодо өткөн эл аралык конференциясында төрайым

Ризе Дим бир жашка чейинки балдарды сууда сүз-

гөнгө үйрөтүү жөнүндө айтканы чоң сенсация бол-

гон. Алгач 32 градус сууга 5 айлык баланы салган, 3

айдан кийин ал сууда 6 мүнөт сүзүп жүрө алган. Бала

өзүнчө рекорд да койгон, сууда 8 мүнөт 46 секунд

чыдап тура алган.

Пресс-конференцияда Дим айым: “Бала сууда

кантип өзүн кармоо керектигин, жерде кантип турса

болорун жакшыраак билет. Биринчиден, сиз аны суу-

да өзүн кармаганга үйрөнгөнгө чейин колдоо көрсө-

төсүз. Бала сууга чумкуп киргенде сыртка чыкканга

чейин демин кармап, көзүн жумуп алат. Ал колдорун

жана буттарын иштетип, сууда сүзгөндү үйрөнөт”, –

деп айткан. Дим айым адамдын мүмкүнчүлүктөрүн

жана талантын бир жашка чейин өнүктүрө баштоо

керектигин бир канча жолу белгилеп кеткен.

Баланын сууда сүзө алгандыгы – алардын мүмкүн-

чүлүгүнүн чексиз экендигин далилдеген бир гана факт.

Там-туң баса баштаган бала ролик тепкенди да үйрө-

нө алат. Басканды, сүзгөндү, сыйгаланганды – ушунун

баарын бала ойноп жатып өздөштүрөт. Эң башкысы

аларды туура багыттап, шыктандыруу зарыл.

Албетте, мындай эксперименттер баланы суу-

да сүзүүгө же скрипкада ойноого үйрөтүү үчүн гана

жасалбайт. Сууда сүзүү – баланын жөндөмдүүлүк-

төрүн өнүктүрүүнүн бир жолу: ал баланын уйкусун

жакшыртат, табитин ачат, рефлекстерин ойготот,

булчуңдарын чыңдайт. “Темирди ысыгында куй” де-

гендей эле, башка сөз менен айтканда, металл катып

калгандан кийин темирди ийге келтире албайсың
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 16:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Баланын мээси

чексиз көлөмдөгү

маалыматты батыра алат

“Иниси менен эжеси, лингвистикалык генийлер,

алар англисче, испанча, италянча, немисче жана

французча: беш тилде сүйлөй алышат, ага кошум-

ча өзүнүн “агрессивдүү” атасын да түшүнө алышат”.

Гезитке чыккан “Агрессивдүү ата” деген аталыштагы

макала көптөгөн жапондордун эсинде болсо керек.

Макалада Масао Кагата мырза жөнүндө айтылат,

ал мугалимдикти таштап, өзүн үй кожоюну деп жа-

рыялаган, бүткүл убактысын балдарды тарбиялоого

арнаган. Ал убакта баласы 2,5 жашта, ал эми кызы 3

айлык болчу. Балдар дагы эле абдан кичине эле, “аг-

рессивдүү” тарбиячы ата көптөрдүн сынына кабыл-

ган. Өтө көп маалымат балдардын нерв системасына

таасир этет деген кооптонуулар айтылган.

Бул сындардын эч нерсеге арзыбагандыгын Ка-

гатанын өнүгүүдө болгон үй-бүлөсүнө карап туруп

айтууга болот. Ишин таштап, убактысын жалаң гана

балдарды тарбиялоого арнаган атанын туура же туу-

ра эмес кылып жаткандыгын сындоонун дагы кереги

жок. Кагата мырзанын колдонгон окутуу ыкмасы-

нын ийгилиги балдардын интеллектуалдык жөндөм-

дүүлүктөрүн даңазалап жаткандыгында. Мына анын

айткандары:

“Мен аларды англис, италян, немис, француз тил-

деринде сүйлөөгө бир эле убакта үйрөтө баштадым.

Радиодо француз тил сабактары англис тилинде үй-

рөтүлөт. Андыктан көп тилге бир эле убакта үйрөтүп

жатканда окутуу методикасын бириктиргенге болот

деп чечтим. Ошол эле убакта сүйлөшө баштадым.

Дал ошол убакта менин балдарым пианинодо ой-

ногонду үйрөнүп жатышкан. Алар ойногон нотанын

түшүндүрмөсү италянча жазылган эле, ал эми котор-

мосу англис, немис жана француз тилдеринде болчу.

Эгерде алар нускаманы түшүнүшпөсө, кандай ойноо

керектигин биле алышмак эмес. Ушул себептен улам

мен аларга тилди үйрөтүшүм керек эле. Башкалар

мага “Алар бир эле мезгилде беш тилди үйрөнүп жа-

тып адашып калышпайбы? ” деген суроону көп бери-

шет. Менин оюмча, жок, анткени алар аны туура кол-

донуп жатышпайбы. Биз чет тилдерди радио аркылуу

гана үйрөндүк. Бул радиоберүүлөрдү өтө жагымдуу

дикторлор алып барышат. Сүйлөө көнүгүүлөрү ме-

тодикалык жактан так жана көп жолу айтылат. Качан

гана балдар өздөрү сүйлөй баштаганда баарын туура

айтышат” (“Кенже куракта өнүктүрүү”. Май, 1970).

Демек, чоң кишилерге караганда балдардын мээ-

синин маалыматтарды сиңирүү жөндөмдүүлүгү алда

канча жогору экендигин белгилөөгө болот. Бир гана

нерсе “ашыкча болуп кетет” деп коркпоо керек: бал-

дардын мээси губка сымал, билимди тез кабылдайт,

качан гана маалымат жетиштүү болгондугун сезгенде

жаңы маалыматтарды кабылдоону токтотот. Бизди

балдарга көп маалымат бергендигибиз эмес, алар-

дын толук кандуу өнүгүшү үчүн маалыматтардын өтө

эле аз болуп жаткандыгы тынчсыздандырышы керек.

 

Бала өзүнө кызыктуу болгон

нерселерди гана эстеп калат

Буга чейин мен баланын мээсинин керемет жөн-

дөмдүүлүгү, маалыматтарды сиңирүүсү жөнүндө жаз-

дым. Мээ бул өнүгүү этабында машина сымал, ага сал-

ган нерсенин баарын механикалык түрдө сугунат, ал

маалыматты алып, аны түшүнүү деңгээлине жете элек.

Бирок убакыт келет, бала өз алдынча чечим кабыл

алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болот. Демек, калыптанган

интеллектуалдык аппаратты колдоно турган бөлүгү

өнүгөт. Бул болжолдуу 3 жаш курагында ишке ашат.

Дал ушул убакытта баланы эмне менен кызыктыруу

керек деген суроо туулат. Бала өзүнө кызыктуу бол-

гон нерсени так эстеп калат. Башка жөндөмдүүлүк-

төрү да өнүгөт – ал бир нерсени жаратууга, жасоого

болгон каалоосун билдирет; алар андагы интеллект-

тин жана мүнөздүн калыптануусу үчүн зарыл болуп

саналат.

Балаңыз сиз окуп берген нерселердин бир аз гана

бөлүгүн түшүнсө да, аңгемелерди жана жомокторду

окуп бере баштайсыз. Балаңыз аны бир канча жолу

уккандан кийин эстеп калат, эгерде сиз көңүл төшө-

бөй окуп жаткан болсоңуз, ал ошол замат катаңызды

табат. Бала балдар баяндарын жана жомокторду өтө

так эстеп калат, бирок бул алардын түшүнүгүнө ка-

раганда элестетүү эстутумуна негизделген.

Анан бала тигил же бул окуяга кызыгып калат да,

аны өз алдынча окугусу келет. Ал алфавитти билбесе

да, өз кулагы менен уккан окуяны китептин сүрөттө-

рү менен салыштырат, ал окуй албаган тамгаларды

ирети менен көз жүгүртүп “окуп” чыгат. Дал ушул

убакта бала ар кандай тамгалардын окулушу, маани-

си тууралуу кызыгып сурай баштайт. Анын мындай

талапчылдыгы таанып билүүгө болгон эң чоң кызы-

гуусунун далили болуп саналат.

3 жашка жете элек бала өзү кызыккан нерсесин

оңой эле жаттап алат. Буга кеткен күч, энергия тын-

чыңызды албай эле койсун.

 

Көптөгөн көндүмдөр

бала кезде өздөштүрүлбөсө,

кийин мүмкүн эмес

Иш боюнча мага көп жолу англисче сүйлөөгө

туура келет. Бирок мени сүйлөп жатканда жана ты-

нымдарда кетирген каталарым дайыма тынчсыздан-

дырат. Угуп жаткан адам менин “япончо-англисчем-

ди” түшүнбөй калбайт, түшүнөт. Кээде анын жүзүндө

эч нерсе түшүнбөй калгандык пайда боло калганда

ал менден кайталап коюшумду өтүнөт. Андайда мага

алар түшүнүш үчүн тамгалап айтууга туура келет.

Бирок кошунамдын 1 жаш 2 айлык баласы анг-

лис тилиндеги сөздөрдү өтө так айтат. Жапондордун

көпчүлүгү үчүн [p] жана [л] тамгаларын айтуу кы-

йынга турат, ал айта алат. Балким, мен англис тилин

орто мектепте окуп жатканда үйрөнө баштагам, ал

эми бул бала болсо жапон тили менен кошо англис

тилин өздөштүрүп жаткандыгы үчүн болушу мүм-

күн. Анын экинчи тил менен алгачкы таанышуусу

англисче аудиолорду угуу менен башталган, башка

тилди өз тили менен кошо өздөштүрүп, бир амери-

калык аял менен англисче сүйлөшө баштады.Бул салыштыруудан улам акылда эне тилдин об-

разы калыптанып калгандан кийин бөлөк тилдин об-

разын кабылдоо кыйынга турат. Бирок, мен жогору-

да айтып кеткендей, баланын мээси үч жашка чейин

эне тили болгон жапон тилинин гана ойлонуу систе-

масын эмес, башка тилдикин да өздөштүрө алат, бул

процесс бир эле убакта да жүрө алат. Андыктан бала

ушул куракта башка тилди өзүнүн эне тилиндей эле

өздөштүрө алат. Эгерде сиз бул мезгилди өткөрүп

жиберсеңиз, кенже куракта жеңил эле өздөштүрүп

ала турган нерсени өздөштүрүү кыйынга туруп калат.

 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 16:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Чет тил балдардын

кенже курагында

өздөштүрүлө турган

бир гана нерсе эмес

Музыкалык шык, физикалык жөндөмдүүлүктөр

(кыймыл-аракетти координациялоо жана тең сал-

мактуулукту сезүү) дал ушул куракта калыптанат.

Болжолдуу дал ушул мезгилде эстетикалык кабыл-

доонун негизи болгон сенсордук реакция дагы ка-

лыптанат.

Жайкы каникул башталганда ар жылы ар кандай

өлкөлөрдөн ата-энелер балдарын доктор Сузукинин

скрипка классына алып келишет. Алардын эч кимиси

жапончо бир да сөз билбегендигин түшүндүрүүнүн

кажети жок. Биринчиден болуп эң кичинекейлер

сүйлөй башташат. Андан кийин башталгыч жана

орто класстагылар. Эң эле кургурлар – алардын ата-

энелери. Эгерде көп балдар бир айдан кийин эле жа-

пончо сүйлөй башташса, алардын ата-энелеринин

сүйлөй башташы үчүн жылдар керектелет, алар ко-

тормочулар катарында балдардын кызматынан пай-

даланышат.

 

Угуму бузулган балдардын

угумун өнүктүрүүгө болот

Буга чейин кадимки балдардын ички мүмкүнчү-

лүктөрүн жана бул жөндөмдөрдү ачууда эрте жаш-

тан окутуунун маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылдым.

Бирок тилекке каршы, дүйнөдө физикалык жактан

жабыркаган балдардын саны да аз эмес: полиомие-

лит менен ооругандар, акыл жактан артта калгандар,

дудук, дүлөйлөр. Кенже куракта өнүктүрүү аларды

кыйгап өтпөшү керек, тескерисинче, алардын оор

абалынан улам жетишпестигин мүмкүн болсо эр-

терээк аныктап, кенже куракта өнүктүрүү техника-

ларынын жардамы менен алардын кемчиликтерин

мүмкүн болушунча толуктоо зарыл.

Мен сиздерге аз убакыт мурун гезиттен окуган

окуяны айтып бергим келет: бул окуя дүлөй болуп

төрөлгөн бала жөнүндө, бирок кийинчерээк ата-эне-

синин талыкпас аракетинин натыйжасында башка-

лар менен сүйлөшө ала турган абалда болгон. Ацута

деген бала азыр 6 жашта, төрөлгөндө ден соолугу

чың болгон. Ал бир жашка чыкканда ата-энеси бала-

 

дагы өзгөчөлүктү байкашат, анан өздөрүнө баланын

угуу сезими жайындабы деген суроону беришет, би-

рок алардын баласы кеч тили чыккандардын арасы-

на кирсе керек деп анча тынчсызданышпайт. Ацуто

1,5 жашка чыкканда да тили чыкпагандан кийин да-

рыгерге алып барышат.

Ата-эне угуу сезими бузулган балдарды дарылоо

жана билим берүү боюнча адис доктор Мацузавага

жардам сурап кайрылышат. Ал баланы өзүнүн атын

уга билүүсүн үйрөтүүдөн баштайт. Анан бала башка

сөздөрдү да өздөштүрөт. Акырындап дарыгер сөз-

дөрдү мааниси менен бириктирип, калган үндөрдүн

издерин бири-бири менен бириктире баштайт. Док-

тор Мацузаванын ою боюнча, кенже куракта укпаган

баланы укканга “үйрөтүүгө” болот.

Ал минтип жазат: “Эне гана баладагы өксүктүктү

биле алат. Төрөлгөндөн бир жумадан кийин ымыр-

кай катуу үнгө же чуру-чууга реакция кылат. Бир

канча айдан кийин энесин үнүнөн тааныйт, ажыратат,

ал эми төрт айдан кийин өзүнүн атын билет. Эгерде

ымыркай катуу ызы-чууга, атынан чакырганда эч

кандай реакция кылбаса, анда анын угуу сезиминде

мүчүлүштүктөр бар деп күмөн саноого негиз бар.

Бала болжол менен 3 жашка чыгып калганда чоң ки-

шилер күнүмдүк турмушта колдонгон көп сөздөрдү

билет, андыктан ушул курак угуу сезиминде көйгөй-

лөрү барлар үчүн ар кандай сөздөрдү үйрөтүүгө ыла-

йыктуу мезгил болуп саналат. Эң негизгиси, баланы

баары бир укпайт деп ар кандай үндөрдөн четтетпеш

керек. Таптакыр укпаган бала эч нерсе укпайт деген

пикир чындыкка төп келбейт. Эгерде бала дайыма

үндөрдү укса, анын угуу жөндөмдүүлүгү өнүгөт.

Демек, балада даана байкалган угуу көйгөйү бол-

со да, ата-эненин аракети жана окутуу аркылуу анда-

гы угуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө болот.

 

2-бөлүк

Кенже курактагы

тажрыйбанын таасири

 

Башкысы – тукум куучулук

эмес, курчап турган чөйрө

Мурунку главада кичинекей баланын уктап жат-

кан жөндөмдүүлүктөрү жөнүндө айттым. Бул дандан

бак же жагымдуу гүл өсүп чыгуусу үчүн сиздин кан-

дай шарттарды түзгөндүгүңүзгө жана алардын үстү-

нөн иштегениңизге байланыштуу болот. Менимче,

баланын өнүгүшүндө билим жана чөйрө тукум куу-

чулукка караганда алда канча маанилүү роль ойнойт.

Жапонияда эгиздерге бир канча эксперименттер-

ди жүргүзүшкөн, аларды төрөлгөндөн баштап башка

үй-бүлөлөрдө тарбиялашкан. Изилдөөлөр эгиздер

да ар кандай шарттарда башка адамдардан тарбия

алган учурда бири-биринен мүнөзү жана жөндөм-

дүүлүктөрү боюнча таптакыр айырмаланып каларын

көрсөттү.

Маселе кандай билим берилгендигинде жана

чөйрөнүн баладагы потенциалдык мүмкүнчүлүк-

төрдү эң мыкты деңгээлде өнүктүрө алгандыгында.

Буга жоопту окумуштуулардын ар кандай шарттарда

жана ар кыл ыкмалар менен жүргүзгөн изилдөөлө-

рүнүн жыйынтыктары берет. Андан тышкары мек-

тептин билим берүү системасына канааттанбаган

ата-энелер өз алдынча балдарын окутушканы боюн-

ча да мисалдар аз эмес. Мындан тышкары иттерге

жана маймылдарга жүргүзүлгөн эксперименттердин

да жыйынтыктары алынган, алардын да айта турга-

ны бар. Эми ушул эксперименттердин айрымдарына

токтолгум келет

 

Илимпоз атадан төрөлгөн бала

сөзсүз окумуштуу болбойт

Мен апалардын минтип айткандарын көп эле угуп

калам: “Менин уулум атасын тартып калды окшойт,

анын музыкалык шыгы таптакыр жок” же “Менин

күйөөм жазуучу, ошондуктан биздин балабыз жак-

шы дилбаян жазат”. Албетте, макалда айтылгандай,

“Алма сабагынан алыс түшпөйт” же жапондор айт-

кандай, “пияздан роза өнүп чыкпайт”. Чындыгында

окумуштуунун баласы окумуштуу, соодагердин ба-

ласы соодагер болгон учурлар кездешет. Бирок бул

жагдай балдардагы адистик сапаттар аларга тукум

куучулук аркылуу өттү дегендикке жатпайт. Алар тө-

рөлгөндөн тартып атасынын ишин улантышы керек

деген шартта тарбияланышы мүмкүн. Ата-эне түзгөн

чөйрө баланын чөйрөсү болуп саналат. Ал атасынын

адистигине болгон жөндөмдүүлүктөрүн ойготот, ага

болгон кызыгуусун арттырат.

Эгерде баланын келип чыгышы жөндөмдүүлүк-

төрдү аныктоодо негизги фактор болсо, анда балдар

муундан-муунга аталарынын иштерин улантышмак.

Бирок жашоо андан да кызык, окумуштуунун баласы

скрипкачы болгон, дарыгердин баласы жазуучу бол-

гон учурлар көп эле кездешет.

Сиз өзүңүз жашап жаткан чөйрөдөгү адамдарды

карасаңыз, таланттуу ата-энелердин балдары сөзсүз

эле таланттуу болбогондугун көрөсүз. Тааныгандар

мындай балдарды “атасына тең келген жок, атанын

уулу болууга татыксыз” деп айтышат, бирок бала ким

болгондугуна жооп бербейт, анын бала кездеги чөй-

рөсү аны “татыксыз” кылып чоңойтту.

Тескерисинче, бекерпоздон жана аракечтен тө-

рөлгөн балдар мыкты инженер же сүрөтчү болушу

мүмкүн.

Башкача айтканда, ата-эненин адистиги жана

жөндөмдүүлүктөрү баланын жөндөмдүүлүктөрүнүн

жана мүнөзүнүн калыптанышына түздөн-түз таасир

этпейт. Дарыгердин баласы дарыгер болуп калган-

дыгынын негизги себебин анын кичинесинен дары-

лардын жытын жыттап, ак халатчандардын жана

бейтаптардын атмосферасында чоңойгондугу менен

түшүндүрүүгө болот.

 

 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 16:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Бүгүн бала кечээгиден

таптакыр башкача болот

Биз балдарыбыздын кандай өсүп жаткандыгын

майда-баратына чейин байкай бербейбиз, анткени

биз аларды күндө көрөбүз. Бирок алар биз ойлогон-

дон алда канча тез өсүшөт. Дүйнөгө белгилүү өнүгүү

психологиясы боюнча адис, швейцариялык профес-

сор Жан Пиаже өзүнүн үч баласынын өнүгүүсүнө

байкоо жүргүзүү аркылуу өнүгүү фазаларынын тео-

риясын түзгөн. Анын китебин канчалык көп окуган

сайын, туура билим берүүнүн жана баланын ар бир

өнүгүү баскычында чөйрөнүн маанилүү экендигин

дагы жакындан сезип жатам.

Пиаженин байкоолору боюнча, жаңы төрөлгөн

бала оозуна салган нерсенин баарын сорот, бирок

төрөлгөндөн 20 күн өткөндөн кийин сүт гана ичет,

аны көшөрүп талап кылат.

Үч айдан кийин балада бир нерсени кармоо каа-

лоосу өнүгө баштайт, бир нерсеге мисалы, керебет-

тин үстүндө илинип турган кездемеден жасалган

куурчакка тийгиси келет, муну ал абдан каалоо, ка-

нааттануу менен жасайт. Ал эми 1,5 жашка келгенде

бул бала, эгерде колу сунуп жетпей жатса, таяк ме-

нен жетсе болорун биле алат. 2 жаштан кийин сөз-

дөрдү абстракттуу маанилери менен байланыштыр-

ганга аракет жасайт, бирок аларды өзү түшүнгөндөй

кабылдайт. Мисалы, “эркек” деген сөздү өзүнүн ата-

сы менен гана байланыштырат же “жаанды” көчөнүн

четиндеги гүлдөрдү сугарган машина менен салыш-

тырышы мүмкүн.

Бала акыл жана физикалык жактан да ыкчам

өнүгөт. Ошондуктан анын өнүгүшү ар бир баскычта

шыктандырылып турушу керек. Ата-эне балага эң

жакын адамдар катары ага эмне керек, качан керек,

кызыгуусу кайсы багытта өнүгүп жаткандыгын өтө

кылдаттык менен байкап туруусу зарыл. Чет тилин

үйрөнүү үчүн туура убакытты тандап алуу зарыл, ба-

ланы кенже куракта өнүктүрүүнүн ар бир этабында

туура келген убакыт бар.

Мисалы, бала басканды үйрөнүп калгандан кийин

роликте жүрүүнү үйрөтүү өтө эле татаал, басканды

жаңыдан үйрөнө баштаган мезгилде үйрөтсө, эки ай-

дан кийин андан мыкты фигурист чыгат.

Америкалык психолог Макгроу эки эгизге экспе-

римент жүргүзгөн. Ал бирөөнө 11 ай, экинчисине 22

ай болгондо коньки тепкенди үйрөткөн. Жыйынтыгы

бири-биринен таптакыр айырмаланган: эрте үйрөн-

гөн баланын жетишкендиктери экинчисинен алда

канча жакшы болгон.

Бүгүнкү күнгө чейин тигил же бул көндүмдү үй-

рөтүү азырынча эрте деп отуруп “мыкты мезгилди”

өткөрүп жиберебиз да, балдардын жашоосун татаал-

даштырабыз.

 

Бир карын майды

бир кумалак чиритет –

бул балдарга да тиешелүү

Мен эмнени айткым келип жатканын түшүнүүңүз

үчүн бир окуяны айтып берейин. Жаш адисти чет өл-

көгө иштеп келүү үчүн жөнөтүшөт, анын аялы болсо

жаңы төрөлгөн кызы менен Тохокудагы өзүнүн ата-

энесине барып жашап калат. Чоң атасы менен чоң

апасы небересин абдан жакшы көрүшөт, аны менен

көп ойношуп, сүйлөшүшөт. Бир жылдан кийин кыз-

дын атасы сапардан кайтат, аялы менен кызы кай-

радан Токиодо жашап калышат. Ал убакта алардын

кызы сүйлөө үчүн абдан кичинекей эле. Бирок ал

сүйлөй баштаганда ата-энеси таң калышат: алардын

кызы сүйлөгөн сөздөрдүн бардыгы Тохоку диалекти-

синде эле. Бул окуяга таң калышат, анткени үй-бүлө-

нүн бардык мүчөлөрү кадимки жапон тилинде сүй-

лөшөт, кыз гана диалект менен сүйлөйт. Ал тургай

бир нече жылдан кийин кыз мектепке барганда да

Тохоку акцентинен арыла албай жүрөт. Көрсө, бала

сүйлөй баштаганга чейин эле баланын мээсинин ка-

налчаларына жайылган экен. Издер түшүп калгандан

кийин аны өчүрүп, жаңысын кайрадан салуу абдан

кыйынга турат.

“Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген-

дей, балдардын кенже курагында тийген таасирлер

өмүр бою өчпөс изин калтырат. Андыктан бул таа-

сирлердин туура болушу үчүн ата-энелер болгон

күч-аракетин жумшашы керек.

 

Шыктанткычтары

жок бөлмө балага зыян

Дубалдары жана шыптары таптаза, аппак, сырткы

үндөрдөн таптакыр обочолонгон бир бош бөлмөнү

элестетиңиз. Кайсы бир эне бул жаңы төрөлгөн бала

үчүн идеалдуу шарт деп түшүнүшү мүмкүн. Чындыгын-

да мындай атрибуттардан таптакыр куржалак бөлмө

бала үчүн пайдасыз эле эмес, зыяндуу да болуп саналат.

Америкада профессор Брунер тарабынан жүргү-

зүлгөн эксперименттер баланы курчап турган сырт-

кы чөйрө кичинекей баланын интеллектине таасир

этерин көрсөттү. Ал аны төмөндөгү изилдөөлөрү ме-

нен далилдеди. Алгач жаңы төрөлгөн балдарды эки-

ге бөлдү, биринчилерди эч кандай шыктанткычтары

жок бөлмөгө, экинчилерди болсо түстүү, гүлдүү ду-

бал кагаздары, түстүү шыптар, ала-була жабуулар

менен жапты, ал жакта терезеден дарыгерлердин,

медайымдардын иштегендери көрүнүп турду. Ал

тургай бул жерде музыка ойноп турду.

Мындай шартта эки топтогулар тең бир канча ай

тарбияланышты, мындан кийин алардын интеллек-

туалдык өнүгүүсүн аныктай турган тестирлөө жүргү-

зүлдү. Ар бир балага жылтыраган буюм сунушталды,

ал буюмга жетүү үчүн короткон убактысы боюнча

балдардын өнүгүү деңгээлин аныкташты. Жыйын-

тыктар ортодогу айырманы так көрсөттү: шыктан-

дыруучу чөйрөдө чоңойгон балдардан бош бөлмөдө

чоңойгон балдардын интеллектуалдык деңгээли үч

айга артта калган.

Бул үч айлык артта калуу өтө олуттуу, анткени

баланын төрөлгөндөн 3 жашка чейинки өнүгүүсү

өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша 4 жаштан 17 жаш-

ка чейинки курактагы өнүгүүгө дал келет. Ошол эле

мезгилде, окумуштуулардын ою боюнча, балага туу-

ра тарбия берилсе, бул артта калууну жоюуга болот,

бирок бул аракеттенүүнү, кичинекей балага басым

жасоону талап кылат.

Мындай изилдөөлөр профессор Брунер тара-

бынан гана эмес, башка көптөгөн психологдор та-

рабынан да жүргүзүлгөн. Жыйынтыктар сырткы

шыктандыруулардын болушу же болбошу жөндөм-

дүүлүктөрдүн өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе-

рин көрсөттү.

Шыктандыруунун көптөгөн түрлөрү, көбүнчө ин-

теллектти өнүктүрүүгө таасирин тийгизүүчү түрлөрү

тыкыр иликтенген. Көптөгөн ыкмалар сынактан өткө-

рүлгөн: термелүүчү бешик, кыл калемдер, ачык түс-

түү бүйүрмөлөр, жылтыраган топтор, түстүү дубал

кагаздары ж.б.у.с.

Кенже куракта өнүктүрүү жаатындагы изилдөө-

лөр менен алектенген Гарвард университетинин пси-

хологу профессор Уайт, эгерде баланын өсүшү үчүн

төрөлгөндөн тартып эле ар кандай шарттар түзүлгөн

болсо, анда бул интеллекттин калыптанышына олут-

туу таасирин тийгизет деп эсептейт.

 

Балага эч күтүлбөгөн

нерселер таасир этет

XIX кылымдын улуу математиктеринин бири

Карл Фридрих Гаусс болгону 8 жашында арифмети-

калык катарлардын суммасы формуласын ачкан.

Гаусстун атасы окумуштуу болгон эмес. Ал жөнө-

көй таш уста болгон. Дубалдарды, каминдерди курган,

көп эле жолу баласын жумушка ээрчитип барган. Гаус

атасына кирпич алып берип, аларды санаган. Гаустун

математикалык жөндөмдүүлүгү ошол кенже куракта

калыптанып калган көндүмүнөн улам ойгонсо керек.

Кенже курак – адамдын жашоосундагы кабыл-

доо сезимдери курч болгон мезгил. Ата-эне үчүн эч

маани-маңызы жоктой сезилген нерселерди бала

ушунчалык сезимталдык жана күч менен кабылда-

шы мүмкүн, ал тажрыйба анын кийинки жашоосунда

негиз катары каралышы ыктымал.

 

Бала китептеги сүрөттөрдөн  чоң кишилер окуп жаткандагыдан

таптакыр башка окуяны түшүнүшү мүмкүн

Чоң кишилер менен баланын ортосундагы ка-

былдоонун айырмачылыгы чогуу отуруп сүрөттүү

китеп же жомок окуп жатканда даана байкалат. Кен-

же курактагы балдарга билим берүү боюнча алгачкы

ачылыштарды жасаган улуу италиялык айым Мон-

тессори өзүнүн китебинде кичинекей баланын жү-

рүм-туруму боюнча мисалды келтирет. Апасы бир

жарым жаштагы баласына ар кандай айбанаттардын

сүрөтүн жана мергенчилик көрүнүшүн берет.

Бала Монтессори айымга сүрөттү берет да, ба-

ланын тили менен “машина”, “машина” деп кайталай

берет. Ал машинага окшош эч нерсе көрө албаган-

дыктан, “Бул жерде машина жок?” – деп, балага су-

роолуу карайт. Бала ишенимдүү түрдө: “Мына”, -деп

сүрөттү колу менен көрсөтөт. Ошондо гана Монтес-

сори сүрөткө кунт коюп карайт. Сүрөттө ит, мерген-

чи, ат, анан арткы фондо машинанын жолуна окшош

сызыкча, анда бир чекит бар экендигин көрөт. Бала

чекитти колу менен көрсөтүп: “Машина”, - дейт.

Чындыгында эле бул кичинекей машина экен.

Монтессори айым дагы бир мисалды келтирет. Бир

жарым жаштагы эркек балага апасы “Самбо” деген сү-

рөттүү китепти берип, андагы жомокту айтып берет.

“Кичинекей Самбо аттуу африкалык бала өзүнүн

туулган күнүндө алган белекти алып жолдо кетип

бара жатып, жолдон жапайы айбанаттарды жолукту-

рат, алар анын белегин тартып алышат. Ал ыйлаган

бойдон үйүнө барат. Атасы менен апасы аны сооро-

тушат. Ал кубанып тамак ичкен столго отуруп калат.

Ал жакта китептеги сүрөттөгүдөй майрамдык чоң

торт бар эле”, - деп апасы жомокту бүтүрүп, китеп-

ти жабат. Кичинекей бала күтүүсүздөн каршы чыгат:

“Жок, ал ыйлап жатат”, - деп китептин арткы бетин-

деги көз жашын көлдөтүп ыйлап жаткан Самбонун

сүрөтүн көрсөтөт.

Башкача айтканда, кенже курактагы балдардын

кабылдоосу ойдо жок жерден болот, чоң кишилер

алардын кабылдоосун чаржайыт деп кабылдайбыз.

Биз балдар менен баарлашып жатып шаблондуу пи-

кирлерден качып, дүйнөнү балдар көргөндөй сезе

алуу үчүн кыял күчүбүздү иштетишибиз керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 32 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 32, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 04:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: