Адам психологиясы Түрдүү макалалар, кеңештер
#1 20 Июль 2015 - 23:43
2. Адамдарга өзүнүн атынан дагы жагымдуу добуш жок. Таанышууда эң биринчи атын эстеп калыңыз. Анын кызматы, кесиби эмес – аты. Бул жакшы мамиле түзүүдөгү эң биринчи эреже болуп саналат.
3. Тезирээк укташ үчүн чалкаңыздан жатып, бутту сунуп, денени бош ташташ керек. Көздү жумуп жана жабылуу каректер менен жогору кароо зарыл. Бул уктап жаткандагы көздүн адаттагы эле көрүнүшү. Адам ушул абалында тез жана терең уктап калат.
4. Психологдор аялдарга бейтааныш эркекти билүүгө 45 секунд керек экендигин далилдеп беришти. Анын 10 секунддун жалпы сырткы толук келбетине арнайт, 8 секундду көзүн баалаганга кетет, 7 секунд чачын карайт, 10 секунд ээк жана эриндерин, 5 секунд ийиндерине көңүл бурат.
5. Психология илимин билүү жашоону татаалдатканы менен колдонуу ошончолук жеңил болот.
6. Оксфорд университетинин окмуштуулары стресс жана тынчсыздыктан кутулуунун эң мыкты жолу - окуу экендигин жана бул организмге ыкчам таасир берээрин белгилешти. Эң таң калыштуусу: бул ыкма эс алуу, чай ичүү же музыкадан да бир топ тассирдүү касиетке ээ.
7. Кээде ажырагыс сүйүү чыныгы башты айлантууга чейин жеткирет. Ал гана эмес психикалык бузулууга да алып келет. Мисалы, Адели синдрому сыяктуу. Адели синдрому – бул оору сыяктуу жоопсуз калган эң узак ашыктык.
8. Эң ири спорт мелдештеринин биринде миллиардаган билдирүүлөрдү анализдеген окмуштуулар тартышмаларда канчалык үнү катуу жана ишеничтүү чыкса жеңишке тез жетишет. Башкача айтканда, туура эмес болсоңуз да ишеничтүү болуңуз.
9. Эгерде адам бир нерсени эстей албай, бирок көзүңүздү карап турса анда ишене бериңиз – сизди алдап жатат.
10. Аялдар өзүнүн өнөктөшү менен бетме-бет сүйлөшкөндү жактырса, эркектер, тескеринче, эмоционалдуу баарлашууга жакын. Алар жумушта, ойноп жатканда же сүйлөшкөндө сезимталдуулукка басым жасашат.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2 20 Июль 2015 - 23:46
Жашоо сыдыргыга салгандай шыр кетпейт эмеспи... Кээде ар кандай кырдаалдардын натыйжасында чыр- чатактар чыгып, адамдардын ортосундагы мамиле бузулуп, бир топ буйшайман кылат. Мейли, кесиптеш болуп бирге иштеңиз, мейли тууган болуңуз, жубайлардан болуңуз же, жөн эле тааныш- билиш болуңуз, айырмасы жок.... Бирок, мындай абалдын жыйынтыгы менен маанай, мамиле бузулат, көңүл ооруйт, ден- соолукка терс таасири тийет, ишке болгон жигердүүлүк басаңдайт... Кыскасы, бир топ жагымсыз көрүнүштөр пайда болот. Мунун алдын алуу үчүн болгону төмөндөгү 10 сүйлөмдү эсиңизге жакшылап түйүп алыңыз... Чыр- чатак, уруш- талаштын кереги жок, жашоону жакшы маанай менен гана жашап өтүңүз....
Кел, тыныгуу жарыялайлы? ! Баарын бирге ойлонуп, анан бир чечимге келели...
Эки адамдын ортосундагы пикир келишпесиктен чыккан чыр- чатактын өнүгүп кетишин токтотуу үчүн "Кел, тыныгуу жарыялайлы? ! Баарын бирге ойлонуп, анан бир чеимге келели..." - деп сунуш киргизиңиз да жагымсыз абалды дароо токтотуңуз. Тынчтанып, сергек акыл- эс менен ойлонуңуздар. Чыр- чатактын келип чыккан себебин сөзсүз издеп табуу маанилүү. Жакшылап ойлонуп көрүңүз, балким сиз өзүңүз туура эмес пикир айтып жаткандырсыз. .. Эгер муну байкасаңыз, анда дароо кемчилигиңизди мойнуңузга алып, экинчи тарапка билдириңиз. Себеби, кээ бир учурда башка нерсеге ачууланып турсаңыз деле каршыңыздагы адамдан күчүңүздү чыгарып алышыңыз ыктымал. Адилеттүү болуңуз.
Кел, бирге ойлонуп, маселени чечели да мамилени бекемдейли. ..
Бул сүйлөмдү айтуу менен эки коёнду бир ок менен аткан болосуз. Биринчиден, сиз ал адам менен болгон мамилеңиздин бузулушун каалабайсыз жана ал мамиле сиз үчүн маанилүү, андыктан ага кийгилишүүгө эч кимге жол бербей тургандыгыңызды көрсөтөсүз, экинчиден, экинчи тарап менен бир пикирге келип, эки тарапты тең нараазы кылбай турган тандем тузүүгө макулдуңузду билдирип жатасыз. Азаматсыз! Сиз сөзсүз ийгиликке жетишесиз.
Ой, сен ачууланган убагында дагы сулуу көрүнөсүң...
Чыр- чатактын уланып кетпеши үчүн табылгыс алтын сүйлөм дал ушундай айтылат. Бул сүйлөмдү айткан соң, жагымдуу жылмайып коюуну дагы унутпаңыз. Себеби, чын ниетиңиз менен жагымдуу сөз айтсаңыз, экинчи тараптагы адамдын бактылуулук гормондору иштелип чыгат да, ачуусу бат эле таркап кетет. Мамилени бузууга эмес, сактап калууга ар дайым аракет көрүңүз.
Макул, мен сени абдан жакшы түшүнүп турам...
Чыр- чатактын нугун калыбына келтирүүгө болбой калган убакка жеткенин байкасаңыз, дароо "Макул, мен сени абдан жакшы түшүнүп турам"- деп айта салыңыз... Көпчүлүк учурда пикирин бербей, өз оюн таңуулай берген адамдар карысындагы адамдан ушул сүйлөмдү абдан күтөт. Андыктан дароо айтыңыз. Ал тынчтанган соң, маселени туура багытка салып чечип аласыздар. Ал эми азыр болсо, эң башкысы чыр- чатакты өнүктүрбөй токтотуу болуп эсептелет.
Сени түшүнүүгө өзүң мага жардам берчи?!....
Ооба, кээде дал ушундай кырдаал жаралат. Эки тарап тең бири- бирин угууга таптакыр каршы чыгып, ар кимиси өз пикирин гана таңуулай берет. Эки башка тилде, эки башка дүйнөдө сүйлөшүп жаткандай сезилет. Андыктан бириңиздер озүңүздөрдү колго алып, "Сени түшүнүүгө өзүң мага жардам берчи"- деп сунуш киргизиңиз. Баары жакшы болот, ишенип коюңуз.
Мындан деле жаман нерселер бар болуп кетиши мүмкүн эле, бирок, биз бул маселени оңой эле чечип алабыз ээ?
Эгер сиздердин жашооңуздарда буга чейин олуттуу маселелер болгон болсо, анда дароо ошону эстете коюңуз. Экинчи тарапты азга болсо да учурдагы чыр- чатакты унуткарып, экөөңүздөр бир команда экендигиңиздерди кыйытма билдириңиз. Бир команда кайда болбосун, бир кызыкчылыкты жана бир багытты гана көздөйт эмеспи.
Кырдаалды жакшыртыш үчүн, менин кандай аракетим туура болот деп эсептейсиң? ...
Албетте, бардык эле чырдашкан адамдардын башында, өзү каалаган максатына кандай жетүү үчүн, эмне кылуу керек деген ой турат. Андыктан ,анын чындыгында эмне каалап жаткандыгын билүүгө аракет жасаңыз. Эгер түшүнө алсаңыз, анда эң жакшы. Дароо эле "Кырдаалды жакшыртыш үчүн, менин кандай аракетим туура болот деп эсептейсиң" - деп андан кеңеш сурай коюңуз. Ал чыр- чатакты унутуп, сизге кеңеш берүүгө өтөт.
Кел, бул көйгөйдү башка тарабынан да карап көрөлүчү?! ...
Эки тараптын көз карашы бирдей болушундагы жашыруун сырдын бири бул- көйгөйдү ар тараптуу кароо болуп эсептелет. Жаралган маселени ар тараптан карап, ар кандай ой жүгүртө билсе, чыр- чатак чыкпайт. Маселен, жубайлардын арасындагы чыр- чатактар ушул себептен көп чыгат. Себеби, дем алыш күнү жубайы тузгөн планды четке кагып, жолдошу балык уулоого достору менен жөнөйт. Ачууланган жубайы чыр- чатак салат. Анын ордуна башка жактан карап көрүңүзчү... Мисалга, жолдошуңуз балык уулоого кетсе, сиз курбуларыңыз менен жолугушуңуз, же жакын туугандарга зыяратка барыңыз....
Кел, бул маселеге экөөбүз тең тынчтанып, даяр болгон соң кайрылалы?! ....
Ооба, кээде эч ким жеңилгиси келбейт. Күчтөнүп, көк беттенип, акыр- аягына чейин турууга өзүнө- өзү сөз берип катуу чабылат. Мындай учурда бир азга тынчтанып, даярданууга убакыт бөлө коюу эң мыкты чечим... Себеби, кээде ал маселе унутулуп, башка жумуш менен алек болуп кетүүгө толук мүмкүндүк бар...
Кел, чыр- чатакты азыр дароо токтотолу да, кайрылбайлы? !...
Бири- бирин негизсиз күнөөлөө, кыйкырктар, төгүлгөн көз жаш булардын баары чыр- чатак кырдаалын ырбатат. Андыктан кескин түрдө дароо токтотуп, эки башка бөлмөгө барып, бир азга эс алуу туура чечим.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 20 Июль 2015 - 23:47
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#3 20 Июль 2015 - 23:50
Сиздин эмоцияңыз физикалык жактан кандай ооруларды жаратат?
Мигренден баштап согончокко чейин
Жашоо- бул кээде эмоционалдык катуу чимирилген айлампага окшош. Анткени бирде төө, бирде ат, бирде жөө жүргөн жашоо кечирип калууга толук мүмкүн. Буга мисал, ойчул Фил Муц: "Башыбызда айланып жүргөн эмоция жана ойлорубуз, физикалык жактан ден- соолугубузга кандай таасирин бере тургандыгын билген соң, абдан катуу таң калгам"- деп айткан. Адамдар деле муну жакшы түшүнүшөт, бирок, олуттуу көңүл бурушпайт.
Адамдар кабылган депрессия жана эмоционалдык травмаларды изилдөө боюнча психолог Сюзанна Беббел жазгандай, өнөкөт оорулар физикалык травмалардан эмес, дал ошол эмоционалдык, стресстик абалдын натыйжасында болот. Андыктан эмоционалдык травмаларга кабылган жакындарыңызга өз убагында жардам бербесеңиз, акыр аягы өлүм менен аяктай турган коркунучка ээ. Мындай пикирин психолог Беббел ар дайым белгилеп келет.
Баш оору
Ашыкча эмоционалдык дүүлүгүү, стресс эң биринчи мигрен дартына чалдыктырат. Анткени мээге керексиз жана пайдасы жок ойлонуулар баш сөөккө залакасын тийгизет да, анын натыйжасында мигрен оорусу пайда болот. Андыктан мээни терс энергия жана ойлордон тазалап, сергитип туруңуз. Ашыкча жүк артпаңыз, ошондо гана мигренден кутуласыз.
Моюн оорусу
Окумуштуулардын пикиринде, моюну көп ооруган адам кандайдыр бир нерсеге өзүн күнөөлүү сезет, же болбосо кимдир бирөөлөр аны бир нерсеге ар дайым күнөөлөй беришет. Андыктан өзүңүзгө жана сизди күнөөлүү деп эсептеген адамга актануу үчүн ар ар дайым эмоционалдык травманын чеңгээлинде болосуз, анын айынан моюнуңуз ооруй берет. Өзүңүздү анчалык катуу жазалабаңыз. Өзүңүзгө кам көрүңүз, кимдир бирөө сизге таарынычы бар болсо, андан кечирим сураңыз.
Ийин ооруса
Өзүнө ашыкча милдеттендирилген жумуштарды үйүп алган адамдын ийиндери көп ооруйт. Мындай адамдар жасалбай калган көп жумуштары үчүн катуу ойлонушат. Аткара турган иштериңизди тизмектеп жазып алып, бир- бирден аткарыңыз. Оор жүк ийиниңизден кандай түшкөнүн байкабай каласыз.
Далыңыз уюп ооруса
Далысы уюп ооруган адамдар эмоционалдык колдоого муктаж болгондор жана сүйүүгө муктаж болушат. Алар ар дайым өздөрүн жалгыз сезишет. Андыктан жаңы мамиле куруңуз. Өзүңүздү сүйүктүү адамдардын катарына кошуп, маанайды көтөрүңүз.
Чыканак оорусу
Ашкере көк беттик кылсаңыз, чыканагыңызга күч келет. Ошон үчүн дайыма эле өзүңүздүн пикириңизди таңуулап, көк беттик кыла бербей, сүйлөшүп келишүүгө, ынанууга үйрөнүңүз. Башкалардан дагы колунан келбей келген турган нерселерди жасоону талап кылбаңыз.
Алакан ооруса
Жалгыздыкка кабылып жана өзүн кимдир бирөөнүн коргоосуна муктаж болгон адамдын алаканы ооруйт. Чөйрөңүздөгү адамдарга байкоо салыңыз, сиз менен пикирлештер сөзсүз табылат. Кам көрүүчү адамдар да жок эмес. Өзүңүзгө ылайыктуу эреже иштеп чыгыңыз, айтоор, жалгыз болууга жол бербеңиз.
Бел ооруса
Эгерде белиңиз көп ооруса, демек жашооңузду толугу менен түп тамырынан өзгөртүү талап кылынат. Ошондой эле сиздин чечимиңизди күткөн көптөгөн маселелер чечилбей турат. Ошондуктан чечкиндүү болууга аракет жасаңыз. Бир орунда турбай кыймылда болуңуз.
Таман ооруса
Өзүнүн мүмкүнчүлүгүнөн жогору болгон нерселерди талап кылууда жана ашкере активдүүлүктө таман ооруйт. Ошондой эле ар дайым жалгыз жумуш аткаргандар да мындай ыңгайсыздыкка кабылат. Андыктан дос- жар күтүп, жумушта жардамчы же кесиптеш менен иш бөлүшүп иштегенге үйрөнүңүз. Эс ала билиңиз.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#4 20 Июль 2015 - 23:56
Психологдор "аялдардын жалгыз болушуна өздөрүнүн туура эмес кылык-жоругу же көз карашы себепкер" деп айтышат. Андыктан түгөйлүү болгусу келген аял биринчи кезекте өзүн өзгөртүүсү кажет. Бирок айрымдар бир нече жылдар жалгыз жашаса жана эркек менен туруктуу мамиле күтө албаса, анда психологиялык көйгөйлөр себеп болуусу мүмкүн.
Үй-бүлө курууга тоскоол болгон психологиялык факторлор
1. Өзүнө-өзү ишенбөө жана таарынчаактык
Жалгыз бой аял көпчүлүк учурда өзүнө-өзү ишене бербейт жана башкаларга да жакпайм деп ойлойт. Эркектер менен мамиле курганда өзүнчө кысынып, уялып өзүн олдоксон сезе берет. Аял канчалык сулуу, сүйкүмдүү болбосун, өзүнө-өзү ишенбесе, канааттанбаса, эркектердин көңүл борборунда боло албайт.
2. Эркектерден коркуу жана аларга ишенбөө
Аялдардын аң-сезиминде эркектерге карата калыптанып калган коркуунун себептери:
Өспүрүм кезде сүйүүдөн көңүл калуу;
Үй-бүлөдө ата-энесинин бактысыз жашоосунун кесепети;
Жалгыз бой эненин тарбиясы, кызын үй-бүлөдө катуу кармап тыюусу. Кызга «эркектин баары акмак, аялдарды алдап, таштап кетет» деген сыяктуу сөздөрдү айта берүүсү;
Ушул себептерден улам кыздарда эркектерге ишенбөө чү лү к пайда болуп, «бактылуу боло албайм» деп өз үн андан оолак кармашат.
3. Убактысынын баарын ишине арноо
Азыркы заманда аялдар бизнес, карьера деп жүрүп жеке турмушуна убактысы, күчү да калбай калат. Мындай аялдар өзүнүн көз карандысыздыгын, эркиндигин аябай баалагандыктан эркектер менен мамилени обочороок кармашат. Андыктан алардын сүйүү мамилелери көпкө созулбайт. Анын үстүнө мындай аялдардан эркектер чочуп, коркуп, өздөрүн анын алдында ыңгайсыз сезип турушат. Эркектер көпчүлүк учурда алсыз, жөнөкөй аялдар менен мамиле курушат.
4. Өзүнүн сырткы келбетине карай албаган аялдар
Көпчүлүк жалгыз бой аялдар сырткы келбетине анчалык маани бере беришпейт жана кам көрө билбейт. Бул нерсе үй-бүлөдөгү тарбиядан да болот. Алар модага кызыкпайт, боёнгуч, тагынчактардан алыс, салмагына көңүл бурушпайт, жыйынтыгында бир топ эле өңү суук көрүнүшөт. Эркектер көзү менен сүйгөндүктөн өзүлөрүнө караган сымбаттуу аялдарга көбүрөөк көңүл бурушат.
5. Дене кумарын сүйбөгөн аял
Эгерде кыз бала кичинесинен ата-энесинин «эркек киши менен чогуу баспа, колун кармаба, дене кумары ыплас нерсе» деген сыяктуу тыюулары менен тарбияланып өсүп, жалгыз калса таң калбай эле коюңуз. Мындай аялдар төшөктө күйөөсүнөн рахат алмак турсун, жийиркенүү, булганыч сезимдерге туш болушат. Эркектер болсо дене кумарын өтө сүйгөндүктөн түрдүү шылтоо менен төшөк кумарынан качкан аялдарга көп кызыгышпайт.
Жалгыз бой аялдарга кеңештер
1. Өзүн баалоо. «Мен кыйынмын, күчтүүмүн, сулуумун» деп өзүн-өзү ишендирип, өзүнүн баасын көтөрүп туруу керек. Эгер аялда убакыт жана каражат болсо, мыкты психологго барып кеңеш алышы зарыл.
2. Келбетке кам көрүү. Анткени аял өзүн-өзү караганда өзүн сүйө баштайт. Өзүн сүйгөн адамды айланадагылар да сүйүшөт.
3. Эркектерге карата өзүнүн мамилесин оңдоо. Аял эркекке болгон тескери ойлору менен күрөшүшү керек. Бирок бул оңой эмес, андыктан ага психологдун кеңеши же психологиялык көнүгүүлөр керек. Башкысы аял өзү эркектен кандай мамиле күтсө, дал ошондой мамиле кылышы шарт.
4. Жумуш менен жеке турмуштун ортосундагы тең салмактуулукту сактоо. Иштин баарын жасап бүтө албайсың, иштеп акчанын баарын таба албайсың. Эгер аял жалгыз болсо, байлык да, карьера да ага бакыт тартуулай албайт. Ушуну эске алуу менен бийик максаттардын катарына жан шерикти кошо коюу керек.
5. Сексуалдуу болгондон уялбоо. Эгер аял жалгыз болгусу келбесе жана жеке турмушун бакытка бөлөгүсү келсе, анда ал секс менен алек болуу уят эмес, табигый көрүнүш экенине ынанышы керек.
Жалгыз болуу эмнеси менен коркунучтуу?
1. Окумуштуулар жалгыздык аялдардын ден соолугуна абдан зыян экенин далилдешкен. Жалгыздык психикалык жактан эле эмес, физикалык дагы ооруларга дуушар кылат. Айрыкча жалгыз бой аялдарда эмчек рагы көп кездешет. Анткени көп ойлонуп, стресске коп кабылуулары организмдеги клеткалардын пайда болушуна таасирин тийгизет. Андан улам рак оорусуна чалдыгышат.
2. Секс менен алек болбой жашаган жалгыз бой аялдын кыял-жоругу бузулат, нерви жукарып, эч нерсени жактырбай, сөз көтөрүмү жок болуп, тез-тез бакырып, ызы-чуу салып, себепсиз эле көз жаш төгүп, болбогон нерсеге ачууланып калат.
3. Интимдик жашоонун жоктугу айрым аялдарда жашоого болгон кызыгууну жок кылат. Уйкусу келип, ныксырап, ишке болгон жөндөмдүүлүгү жоголот.
4. Секстин жетишсиздиги аялдардын келбетине да терс таасирин тийгизет. Бетине безеткилер чыгып, чачынын өңү бозоруп, көздөрүнүн жылдызы өчүп бат картаят.
5. Физиологиялык ооруларга дагы дуушар кылат. Мисалы, кандын кетишине, жыныстык органдарда шишиктердин пайда болушуна алып келет. Секс менен алек болбогон же канааттанбаган аялдарда мурдагы оорулар да күчөйт.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#5 21 Июль 2015 - 00:01
1-КАТА: Эгерде үй-бүлөдө аял лидердин же «апанын» ролунда болуп эркекке баласындай мамиле жасаса, анда эркектин ага болгон сексуалдуулугу жоголот. Анткени эркектин оюнда “апа” жана секс эки башка нерсе. “Апа” бул сүйүү үчүн, ал эми секс үчүн башка аял издешет. Аял – кыз жана апанын айкалышуусу, андыктан аялзаты дайыма назик, алсыз болуп туруусу шарт. Эркектер жанындагы аялынын алсыз болушун каалашат. Ал эми өзүн лидер же «апа» катары көрсөткөн аялдардын арты ажырашууга алып келет.
2-КАТА: Аялдар эркектин анын оюндагыдай болбой жатканын көп билдиришет. Алардан жоопкерчиликти күтүшөт. Ар дайым «сен жалкоосуң», «сен акча таппайсың же чечкинсизсиң» деп айта беришет. Ушундай позицияда айтылган сөздөр эркектин көңүлүнүн калышына алып келет. Негизи эркектер - жоопкерчиликти сүйбөгөн жандар, аларга «мен сага капа болдум» же «мен сага ишенем» деген жакшы сөздөрдү айтуу менен жоопкерчиликти өзүнө алдырса болот. Эркектер аялынан мактоо сөз укканды жактырышат.
3-КАТА: Эркекке өзүн керектүү адам катары көрсөтүү үчүн аялдар өз кызыкчылыгын курмандыкка чалышат. Мисалы, күйөөсүнүн көңүлүнө карап ал таттуусун жесин, ал жакшысын кийсин деп жүрүп өзүн унутуп коюшат. Бул нерсе башкалардын алдында жакшы көрүнгөнү менен аялдын баркы жок болуп калат. Ал үйдө чоңойгон кызда дагы “аялзаты үй-бүлөдө экинчи орунда турат” деген түшүнүк калыптанып калат.
4-КАТА: Табиятынан эркектер сулуу аялга сөзсүз түрдө көз кырын салышат. Эгерде аял аны кызганып урушчу болсо, өзүнө-өзү ишенбестигин гана көргөзгөн болот. Эркек өзүнө-өзү ишенген аялды атайын кызгандырыш үчүн ар нерсе кылышы ыктымал, бирок эч качан эч кимге алмаштырбайт. Эгерде эркек чындап тескери жолго баскысы келсе, аялга көрсөтпөйт, кызганганына карабай басып кетет. Ошондуктан аял эркектин башка аял менен маектешип жатканын көрсө шек санай бербеши керек. Ал эркектин кыжырын гана келтирет.
5-КАТА: Аял түгөйүнүн маанайы чөгүп турганын же аны менен сүйлөшкүсү келбей турганын байкаса, аны жайына коюшу керек. Эркектер аялдар сыяктуу ичиндеги көйгөйүн бирөө менен бөлүшө бергенди каалашпайт. Көп нерсени ичине катышат. Андыктан эркекке ар кандай суроолорду бере бербөө керек. Болбосо ортодо уруштун чыгуусуна алып келет.
6-КАТА: Көпчүлүк аялдар бакыт эмне экенин баамдашпайт. Сүйгөн адамына турмушка чыгууну канчалык кыялданып жүрүп жетишсе дагы турмуш кургандан кийин болбогон турмуштук маселелерден улам жашоосуна нааразы боло беришет. Ата-эненин эң негизги милдети - балдарына бакыт эмне экенин сездирүү. Эгерде өзүндөгү бактылуу сезимин сезип жана балдарына да көрсөтө алса, анда ал өзүн да, балдарын да бактылуу кылган болот.
7-КАТА: Баланы эркелетип тарбиялаганды билишпейт. Эгерде баланы эркелетип ага жакшы сөз айтып койсо, анын жаман болууга жолу жок. Ошондой эле балдар чоңойгондо сырын айтпайт деп капа болбой, баланын сезимин жашынан эске алуу керек. Эгерде кызыңыз ыйлап жатса, эч качан анын жөн эле ыйлап жаткандыгын айтпаңыз. Анын ордунда болсоңуз сиз да ыйларыңызды айтып, анын сырын тең бөлүшкөнгө үйрөтүңүз.
8-КАТА: Эркек кишилер аялга жакшы сөз сүйлөгөндү көп эле биле беришпейт, а жакшы сөз укпаган аял болсо өзүн керексиз сезет. Аял жакшы сөз күтүп капа болуп олтура бергенден көрө өзү үйрөтүшү керек. Мисалы, күйөөсү көйнөгү кайда экенин сураса «мага тиешелүү жакшы үч сөз айтсаң, көйнөгүң кайда экенин айтам» же «дүйнөдөгү эң даамдуу тамак жасап берем» деп айтсын. Ушундай жакшы сөздөрдү айттырганга эркекти башынан үйрөтүү керек. Кийин ал өз алдынча бул сөздөрдү колдонуп калат.
9-КАТА: Эмне үчүн аялдар көчөгө чыгардын алдында сааттап күзгүнүн алдында олтуруп тааныбаган элге сулуу көрүнүүнүн аракетин кылышат. Ал эми үйдө күйөөсү үчүн жасанууга убакыт табышпайт. Мунун баары аялды элдин ою кызыктырганында. Аялдарга күйөөсүнөн жакшы сөз укканча башка бирөө анын кандай сулуу экенин айткандыгы алда канча маанилүү. Бул жакшы көрүнүш эмес, муну жок кылуу керек. Аял өзүн таштабай, биринчи кезекте күйөөсүнүн алдында сулуу болушу керек. Ошондо күйөөсү башка менен алмаштырбайт.
Бактылуу болуштун эң оңой жолдору:
- «Бүгүн өзүмө кандай ырахат тартууласам? » деп ойлонуңуз.
- Күнүнө 4 км жөө басыңыз. Бул азыр 500 метр, анан 500 метр басам деген эмес, дароо 4 кмди басып өтүңүз.
- Суу ичиңиз, организмди депрессиядан тазалаңыз.
- Дайыма өзүңүздү жактырарыңызды айтып туруңуз.
- Аз болсо да эрте менен өзүңүзгө жаккан иш кылыңыз. Күнүңүз жакшы болот.
- Дагы бир жакшы кеңеш: бир жумада бир күн эч нерсе кылбай эс алыңыз. Төшөгүңүздү жыйнабаңыз, фитнеске барбаңыз, идиш жуубаңыз ж. б. Бул эң керектүү процедура.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#6 21 Июль 2015 - 00:03
Сөз – улук. Улуу сөз өлбөйт. Жашоого жан берген жанга кубат сөздөр болот. Алардын кадырын билсек өмүр бою жаназык болот. Биз алардын кээ бирлерин санадык:
1. Позитивдүүлүк
Сиздин эмне ойлогонуңуз, эмнеге ыкылас койгондугуңуз жана сизди курчап тургандарыңыз акырында сизди калыптандырып, ким экениңизди аныктап турат. Сүйүүгө толгон жүрөгүңүзгө ыраазы болгон жашоону, терең ичиңиздеги тынчтыкты, бардык мүмкүнчүлүктөрдүн жолу ачык экендигин шыбыраган үмүттү тандаңыз.
2. Чыдамкайлуулук
Убакыттын жардамы жана ааламдын таасири, чыдамкайлуулугу менен эжекебесалар көпөлөктөргө, кум берметке, көмүр алмазга айланат. Сен дагы өз ишиңди сабырдуулук жана чыдамкайлуулук менен алдыга жылдырышың керек.
Азыр каалаганыңыз ишке ашпай жаткандыгы эч качан болбойт деген мааниге келбейт.
3. Күчтүүлүк
Жаңылыштык кетирбей жашоого мүмкүн эмес. Канчалык көңүл салып, ашыкча аракеттенсеңиз деле баары ойдогудай боло бербейт. Дайыма эле идеалдуу убакытты күтүп отурууга мүмкүн эмес. Кээде күч топтоп, келечекти көздөй секирүүгө туура келет.
Кээде сизге эмне керек? Болгону жыйырма секунд күчтүүлүк, болгону 20 секунддук ыңгайсыздык жана эмне деген улуу иштер жасаларын көрүңүз.
4. Сүйүү
Сүйүү качан гана сиздин жылдыз жолчуңуз болгондо - дүйнөгө кызматыңыз менен бардык бийиктиктерди багынта аласыз. Өз ишеничиңизди коргоого күч жана ишенич табуу дайыма эле жеңил эмес. Бирок, толугу менен сиздин колуңузда... Адегенде сизди сиз кылган нерселерге көңүл буруңуз. Эң жакшы жактарыңыз кайсы? Кечээ кандай элеңиз? Ички мүмкүнчүлүктөрүңүздү ачыкка чыгарууга эмнелер тоскоол болууда?
5. Чындык
Ар дайым чындыкты айт, же акырында аны сен үчүн бирөөлөр айтат. Чынчыл жашоо баа жеткис, жан дүйнөгө тынчтык берет. Кыянаттык кылба жана алдындан чыккан абийирсиз адамдарга катуу күрөш жүргүз.
6. Моюнга алуу
Эгерде өз кемчилигинизди айта албасаңыз, башка бирөөлөрдү кемчилигин сындабыңыз. Өзүбүздөгү кемчиликтерди моюнга албаганыбыз менен эртеби, кечпи ортого чыгат. Ал дагы эң күтүүсүз учурда капталдан урат.
7. Баа берүү
Кээде биз колубузда жок нерселерге ишенип, өзүбүздү жана айланабыздагыларды алдайбыз. Анын ордуна эмнелерибиз жетишсиз экендигин ойлонуубуз керек. Сиздин колуңуздун алдында эмнелер барын көрүңүз. Анткени ашыкча эч нерсе жок.
8. Жоопкерчилик
Качандыр бир убакта болгон бардык абалдарда оң же тескериби – сиз болгонсуз. Жоопкерчилик – бул ошол учурда эмне болгондугуна карабай абалды алмаштырууга жана ага болгон мамилеңизге болгон тандооңузду моюнга алуу...
9. Өнүгүү
Сиз өзүңүздүн өткөнүңүздү аныктап жана чектей аласыз. Болбосо инсандык өсүү билим алуунун жардамы менен өткөнүңүзгө бөгөт кое аласыз. Жыл мезгилдери сыяктуу сиз дагы өзгөрө аласыз.
10. Туруктуулук
Эң биринчиден бир нерсе жеңил болушу үчүн ал оор болушу керек. Бул жерде кеп төмөндөө боюнча эмес, тескеринче жогорулоо тууралуу болуп жатат. Ийгилик бул - тажрыйба, тырышчаактык жана туруктуулук.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 21 Июль 2015 - 00:05
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#7 21 Июль 2015 - 00:06
Балакайларыбыз биздин жашообуздун маңызы. Алар үчүн тоону томкорууга даярбыз. Алардын жан дүйнөнү балкытып, жүрөктү элжиреткен кыял- жоруктары өмүрүбүзгө дем берип, мындай бактылуу көз ирмемдер жашообузду дайыма коштоп жүрүүсүн каалайбыз. Көп балалуу болгубуз келет. Албетте, көп балалуу болууда аларга кам көрүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга кезигебиз. Бирок, физикалык күч талап кылган кыйынчылыктардан сырткары психологиялык дагы кыйынчылыктар бар экенин унутпашыбыз керек. Мындай абал сизде эмес балдарыңызда кездешет. Айрыкча улуу балдарда. Анткени алар кийинки төрөлгөн бир тууганынан сизди кызганат.
Мындан сырткары, балакай ата- энесин бири- биринен, башка туугандарынан, досторунан деле кызгана беришет. Анткени жаш балдардын мындай кызгануусу патологиялык, эгоисттик маанайда болот. Андан арылуу өтө кыйынчылыкка турат. Мунун жыйынтыгында үй бүлөдө терс мүнөздөгү мамиле же абал орноп калышы толук ыктымал.
Бирок, буга көп кейибеңиз. Экинчи балалуу болууну пландап жаткан болсоңуздар бардык кыйынчылыктарды алдын ала көрө билип, ага даярданыңыздар, ошондо жеңил өтөт.
Балакайдын кызганыч сезими кантип байкалат?
Жаш балдардын кызгануу сезими ар биринде ар башкача болот. Кээ бир балдар өздөрүнө көңүл бурдурууга өтө катуу аракет жасашат. Айрымдары болсо тескерисинче түнт тартып кетет. Бул эки абалды тең көз жаздымда калтырбай, убагында байкап, ага аракет көрүү талапка ылайык.
Балакайлардын өздөрүнчө бири- биринен кызгануу сезимдери төмөнкүчө байкалат:
Агрессия
Агрессиялык жүрүм- турумга улуу балдар көп кабылышыт. Алар өзүнөн кийинки төрөлгөн бир тууганын жактырбайт, себеби ата- энесинин өзүнө болгон сүйүүсүн тартып алды, өзгөчө кам көрүп жатышат деп ойлойт. Андыктан себесиз аны токмоктоп, оюнчуктарын бербей, ар дайым ызы- чуу жаратып турат. Ызалантат, чымчып коёт, кыскасы колунан келишинче аны басмырлоого аракет жасайт. Кээ бир учурда катуу зыян берип коюшу толук ыктымал. Андыктан мындай жүрүм- турумду байкасаңыз, дароо алдын алыңыз.
Тынчсыздануу
Мындай учурда балакай экинчи бир тууганы менен урушуп- талашпайт. Токмоктобойт. Болгону өтө эле түнт тартып кетет. Бардык кызганыч, капалык сезимдерин ичине ката берет да, анын терс таасири ден- соолугуна зыян берет. Маселен, табити эч нерсеге тартпай, уйкусу калыптагыдай болбойт, ар дайым бир нерседен корккондй, тынчсыздануу абалында жүрөт.
Активдүүлүгү чектен ашат
Бул анчалык терс деле жүрүм- турумга кирбейт. Бирок, экинчи бала төрөлгөндөн кийин ага көбүрөөк кам көрүп жатканыңыздарды байкаса, анда чырланып, өтө эле активдүү болуп кетет. Бала- бакчага баргысы келбейт, сырттан үйгө киргиси келбейт, маалында уктап, убагында тамак ичүүдөн баш тартат. Үйдө болсо бардык нерседен чаң тополоң чыгара берет.
Невротикалык реакция
Эгерде экинчи бала төрөлгөндөн кийин улуу балаңыз ашкере чырланып, кысталып- буулуп, кекечтенип калса, анда, дароо психолог адисине кайрылыңыздар. Анткени адистин жардамысыз бул көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес.
Сыртынан эч нерсе билинбейт
Сыртынан сыр бербегени менен түнү жаздыкка башын бекитип алып ыйлайт, түн чочуп ойгонот, ызакор болуп чыга келет. Ар дайым маанайы чөгүңү жүрөт. Мектепте окуган болсо, сабакка жетишүүсү кескин начарлайт. Көп ооруйт. Эгерде балаңыздан ушундай белгилерди көрсөңүз, дароо ага жардам берүүгө шашылыңыз.
Балакайдын кызгануу сезиминин классификациясы
Балакайдын кызганыч езими кандай себептерден улам пайда болбосун, бул сезим өзүнчө бир классификацияга ээ болот. Мында. Баланын кызганыч сезимин ойготкон жиптин учугун тапкан соң, аны менен күрөшүү ыкмалары да жеңил болот.
Кызганыч сезиминде жүргөн балакайды эч качан тилдеп- урушуп, катуу айтпаңыз. Аны менен жан дүйнөсүнө кирип, өзүңүздүн жан дүйнөңүздү кенен ачып баарлашыңыз.
Аны канчалык деңгээлде сүйөөрүңүздү айтып бериңиз, колдон келсе иш үстүндө ар дайым көрсөтө билиңиз. Кучагыңызга кысып, жүзүнөн сүйүп, убакыт таап бирге ойноп анын сиз үчүн маанилүү ролду ойной тургандыгын эч талыкпай айта жүрүңүз. Кичинекей бир тууганын сүйүүгө үйрөтүңүз. Абайлап колуна карматып, чоңойгондо сенин жардамчың болот деп айтыңыз. Экөөңдү бирдей сүйөм, бирок, бул азырынча кичинекей болгондуктан өз алдынча эч нерсе жасай албагандыктан ага көбүрөөк кам көрүү талап кылынат, деп түшүндүрүп айтып бериңиз.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 21 Июль 2015 - 00:08
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#8 21 Июль 2015 - 00:09
Адамдардын сөлөкөтү
Адам кейпин түшүндүргөн кичинекей сөлөкөттөрдү тарта берсеңиз, бул сиздин алсыздыгыңызды, кандайдыр бир жоопкерчиликтен кача бергениңизди айтып турат. Эгер адамдарды тегерек эмес, таяк түрүндө бир сызык кылып чийип тартсаңыз, башка адамдар менен мамиле кургуңуз жана алар менен ачылып сүйлөшкүңүз келбейт.
Кол коюу
Автоматтуу түрдө кол коё бергендер менменсинген, көпчүлүк адамдарды теңине ала бербеген өзүмчүл болушат. Басымдуу бөлүгү даңкка умтулгандардан болот. Телефон менен сүйлөшүп жатып же кандайдыр бир көйгөйдү ойлонуп жатып кол коё берген абал өзүнүн кыялына байланып калганынан кабар берет.
Геометриялык фигуралар
Алдыңызга койгон максатыңызды жакшы билген тырышчаак, аракетчил жана көксөгөнүн бербеген көк адамсыз. Эч убакта оюңузду жашырбай баарын тарс этип ачык айтасыз. Мындан тышкары өтө эле кыраакы, сезимтал адам болгондуктан сиз жөнөкөй иштерге да маани берип аябай этиеттик менен карайсыз.
Тегерек жана шакекчелер
Тегерек сүрөттү тарткан адамдар кандайдыр бир иш-чараларга катышууга аракет кылышат. Бирок өздөрүн тышкы дүйнө менен байланыштыра албагандыктан улам өзүн жалгыз сезишет. Мындай адамдарга достук жана жакын адамдардын жылуу мамилеси жетишпейт.
Жаныбарлар
Сиз тарткан жаныбарыңызга жараша сүрөттөлөсүз. Эгер арстан же карышкыр тартсаңыз агрессивдүү, түлкү тартсаңыз куулук менен иш бүтүрүүнү пландаган, коёнду же тыйын чычкан тартсаңыз камкор мамилеге муктаж, чымчыктарды тарта берсеңиз дайыма бирөөлөрдү өзүңүзгө салыштыра берген адамсыз.
Толкун сызык, спираль
Бирөөнүн көйгөйү сизди ойлондурмак түгүл, кызыктырбайт дагы. Жаныңыздагы адам катуу кайгырып жатса гана ал сизди кичине ойлондурушу мүмкүн, бирок эч убакта эмоцияга алдырбайсыз.
Жебе
Тарткан жебеңизге жараша мүнөздөлөсүз. Эгер жебеңиз жогору карап турса башка адамдардын көз карашын, ылдый карап турса өзүңүздү, сол тарапты карап турса өткөндү ойлоп жашайсыз. Ал эми оң тарапты караса келечекке тилек кылып, максаттарыңыздын ишке ашышына ишенесиз.
Жылдыздар
Сиз ар дайым элдин көңүл борборунда сөзгө алынып жүргөндү каалайсыз. Тарткан сүрөтүңүздө жылдыздын нурлары көп болсо же жылдыздан чыккан нурду жылдыздан бөлүп өзүнчө тарта турган болсоңуз, анда депрессияда жүрөсүз.
Гүл, булут жана күн
Көз жоосун алып гүлдөп турган гүлдөр жана күн сүйлөшүп жаткан адамыңызды жакшы түшүнгөнүңүздү билдирет. Сизге оюн айтып берип жаткан адамды угуп жатып сүрөт тартсаңыз, анда угуу менен катар алдыга койгон максаттарыңызды кыялданганга жана аны фантазиялап жибергенге шыктуусуз.
Крест
Бири-бирине каршы-терши айкалышып жаткан эки сызыкты чие берсеңиз, анда кимдир бирөөнүн алдында өзүңүздү күнөөлүү сезе бересиз. Болбосо кайсы бир иштин жоопкерчилигин мойнуңузга алып, ал иш бүткөнчө өзүнчө эле кыжалат болуп кыйналасыз.
Үй жана куту
Мындай сүрөттөрдү тарткан адамдар тартипти бекем сактап, анын өкүм сүрүп турушун каалайт жана ар бир баскан кадамын эсептеп пландашат. Алардын басымдуу бөлүгү “эмнени каалап жатканымды жакшы билем. Көз карашымды өзгөртпөйм, кандай ойлосом, ошондой болушу керек” деген көк адамдар болушат.
Шахмат талаасы
Кыйын абалда болуп көйгөйлүү маселеси чечилбей жаткандардын басымдуу бөлүгү шахмат талаасын тартышат. Мындай сүрөттөрдү дайыма тарткандар сырларын ичине сактаган, алдыга максат коё албаган, кандай гана кырдаал болбосун, андан чыга албаган жана “туура жашап жатамбы же жокпу” деп күмөн санаган адамдардан болушат.
Аарынын уясы
Аарынын уясын тарта бергендердин басымдуу бөлүгү жанындагы адамдар менен бири-бирин түшүнүп тынч жана ынтымактуу жашаганды жактырышат. Мындан тышкары көйгөйлөрүн биринен сала бирин акырындык менен чечүүгө аракет кылышат.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#9 21 Июль 2015 - 00:12
1. Каржылык жактан жардам көрсөтүүнүн кажети жок
Эгер ал тынымсыз эле каржылык жактан жетишпеген маселесин айтып даттана берсе да, ага жардам берүүгө аракет жасоонун кажети жок. Ошондой эле ага экинчи жумуш таап берүүгө да убада берип жана издебеңиз. Көпчүлүк айымдар дал ушундай жардам көрсөтүү менен кайра өздөрүнүн көңүлдөрүн мырзалар оорутуп, стресске кабылышкан. Андыктан психолог адистери ушундай кеңеш берет. Мырзалар айымдарга караганда 3 эсе күчтүү болгондуктан, өзүнүн маселесин өзү чечүүгө кудурети жетет. Ал эми даттанган мырзалар болгону жалкоолор.
2. Кымбат белек берүүнүн зарылчылыгы жок
Бул тууралуу такыр ойлонбоңуз, унутуңуз. Кайсы бир маанилүү дата үчүн же майрамдын урматына белек берүүнү кааласаңыз, анда өзгөчө жагымдуу маанай жарата турган жеңил белек сатып бериңиз. Кымбат белек сатып берүү менен анын ой- жүгүртүүсүн тескери жакка бузуп аласыз. Анткени, кийинчерээк ал сизди өз кызыкчылыгы үчүн пайдалана баштайт.
3. Көйгөйлөрүн угуп, боор оорунун муктаждыгы жок
Кээ бир мырзала айымдарга даттанганды укмуш жакшы көрүшөт. Ал эми айымдар, эгер анын көйгөйүн угуп, боор ооруса мамиле тереңдеп, жакшы нукка бурулат деп жаңылыш ойло алышат. Бирок, мындай учур айымдарда болушу керек да.... Айымдар даттанып, мырзалар кунт коюп угуп, боор ооруш керек.... Ал эми чыныгы мырзалар эч качан көйгөйүн айтпайт, айрыкча айымдарга... . Себеби ал күчтүү болушу шарт. Көп даттанган мырзалар алдамчылыкка жакын келишет. Маселен, сизге байкуш болуп көрүнгөну менен башка айымдын алдында өзүн баатыр сезип, башкача көрсөтүшү толук ыктымал.
4. Кеңеш берип, сунуш киргизбеңиз
Кайсы бир маселе тууралуу кандай кылайын деп сураган жерде да, жоопту өзүнө калтырыңыз. Кеңеш берүүнүн же сунуш киргизүүнүн кереги жок. Анткени анын жоопкерчилиги сизге түшөт. Андыктан мырзалар өздөрү чече билсин.
5. Эргүү берүүгө аракет жасабай эле коюңуз
Көпчүлүк айымдар мырзалага эргүү берүү үчүн керектүү, кызыктуу китепти алдына коюп, музыканын же сыналгынын үнүн бийик чыгарып коет. Бул мырзалардын кыжырына тийет. Андыктан мындай кылбаңыз. Өзүңүздүн акыл- эсиңизди, жөндөмдүүлүгүңүздү таңууласаңыз бардыгы тескери чыгышы ыктымал. Кээ бир мырзаларга акылдуу айымдар такыр жакпайт.
Андыктан бул кеңештерди эсиңизге бекем түйүп алыңыз. Менин гана колуман келет, мен гана жардам беришим керек деп, мырзаңызга кол сунсаңыз, ал түшкөн биринчи "чуңкурдан" куткарышыңыз мүмкүн, бирок, экинчисине кайра дароо эле түшөт.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 21 Июль 2015 - 00:13
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#10 21 Июль 2015 - 00:21
Байкабай жашообузду өзүбүз бузуп алабыз
Жашоо- бул түз кеткен сызыктай же сыдыргыга салгандай шыр кеткен нерсе эмес. Ал атайын бир калыпка салынып, күн тартибине бекитилгендей өтпөйт. Маселен, жаш курагыңызды жогорку билим албай калдыңыз, же убагында үйлөнгөн жоксуз. Бул көйгөй эмес, себеби бардык нерсенин ордун толуктап койсо болот. Сизди бул үчүн эч ким жопкерчиликке тартпайт же сынга албайт. Буга албетте каалоо жана аракет гана керек. Бирок, көпчүлүк учурда кайдыгерликке жана жалкоолукка алдырып көп нерсени убагында байкап, көңүл бурбай калабыз. Ар бир адам убакыт алууга укуктуу. Андыктан жашооңузга сарэсеп салып, өзүңүзгө убакыт бөлүп жашооңузду эмнелер бузуп жаткандыгына аныктап алыңыз. Өзүңүзгө жаккан нерседен эргүү алганга аракет жасаңыз.
Туура эмес план түзүп жашообузду бузабыз
Негизинен мектеп босогосун аттап баштагандан эле өзүбүздүн жашообузду кандайдыр бир калыпка салып программалап баштайбыз жана аны менен бирге жогорку окуу жайына тапшырганга чейин жашайбыз. Окуу жайды бүткөн соң жумушка орношобуз. Көпчүлүк учурда аткарган жумушуңуз өзүңүздү канааттандырбайт. Бирок, сиз ага көп убакыт кетирип койгонуңуз үчүн айласыздан иштегенге туура келет. Муну менен эле токтолуп калбайт. Улам кадам таштап отуруп тээ бала кезде программалап койгон жашооңузга аткарылды деген белгини коюп кете бересиз. Бирок, тилекке каршы бир күнү жашооңузга нааразы болуп депрессия менен ойгоносуз. Абдан оор депрессияга кабыласыз. Анткени сизде эргүү алуу, канааттануу, ыраазы болуу сезими жокко эсе. Жашообуз ушундай себеп менен бузула баштайт.
Жашообузду туура эмес адамга жолугуп бузабыз
"Жашоодо сөзсүз жаныбызда бир адам болушу керек. Жалгыз жүргөнгө болбойт. Эртерээк үйлөнүп же турмушка чыгуу керек. Жаныбызда жардам берген бирөө болсо кандай гана жакшы"- деп жаңылыш ойлойбуз. Албетте, эгер тандаган, бирге тагдырыңызды байлаган адам сиздин талаптарыңызга жооп берсе маселе жок. А бирок, баары тескерисинче болуп калсачы?!. .. Андыктан шашпаңыз. Сизге туура келбеген адам менен жашап, жашооңуз жалаң гана көңүл калуу, азаптардан куралып өткүчө жалгыз эле боло туруңуз. Жалгыздыкта акыл- эс сергек болуп көп нерсени түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Шашылбаңыз. Тагдырлаш адамды бардык тараптан байкоо салып, акылыңыз менен ойлонууга үйрөнүңүз. Көпчүлүк учурда жүрөктүн каалоосу менен жаңылыш иштерди көп жасайбыз. Андыктан жүрөктүн каалоосун акылга салып жыйынтык чыгарганыңыз оң.
Өткөн жашообуз бизди башкарып алганда жашообуз бузулат
Жашоонун негизги маңызы ушул- көп нерсе болот жана боло берет. Көңүл калуу, жан дүйнө оорусу, кайгыруу... Сиз бул учурда өзүңүздү эч кимге кереги жоктой сезесиз. Бул туура эмес. Сизди кимдир бирөө көңүлүңүздү ооруттубу, жан дүйнөңүздү азапка салдыбы аны Жараткандын гана сурагына коюп коюңуз. Мындай терс сезимдерге эч качан багынып бербеңиз. Жаңы таанышууларды, жаңы идея, жаңы кызыгууларды ойлоп таап, жашооңузду кызыктуу өткөргөнгө аракет жасаңыз. Кайра- кайра эле өткөндү эсеп жан дүйнөнү эзген жарабайт. Өткөн окуялар эч качан сизди өз бакаруусуна албашы керек. Тескерисинче аларды өзүңүз башкарып, алыска таштанды чакага ыргытыңыз.
Башкаларга өзүбүздү салыштырып жашообузду бузабыз
Чөйрөңүздөгү тааныш адамдардын ийгилиги үчүн кубаныңыз, бирок ага өзүңүздү салыштырып кейүүнүн кажети жок. Ар бир адамга ар түрдүү жашоо берилген. Андыктан өзүңүз жан дүйнөңүз менен каалаган кыялдарга жетүүгө аракет кылуудан эч талыкпаңыз. Аракетке береке дейт. Жумшаган эмгегиңиздин сөзсүз жемишин аласыз. Буга ишенип коюңуз.
Сезимдерибизди жоготуп жашообузду бузабыз
Кимдир бирөө сизге күч- кубат, эргүү же түрткү берсе, аны жашырбай ачык айтыңыз. Кимдир бирөөнү сыйлаган- урматтаган болсоңуз аны да тайманбай эле билдириңиз. Кайсы бир айымга өзгөчө сезимиңиз барбы, жашырбаңыз, ачык айтыңыз. Себеби, жашоодо сезимдерсиз өмүр кечирүү кыйынга турат. Өзүңүзгө ал сезимдерди бекитпеңиз. Сиз канчалык башкалар үчүн ачык- айрым болсоңуз, башкалар да сизге ошондой мамиле жасайт. Ал эми жакшы мамиле жашооңузду жагымдуу кылат.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#11 21 Июль 2015 - 00:23
Чечимди тез чыгарган “3” саны
Кыргыз эли кытай, япон элдери сыяктуу эки-үч тамгадан ысым ыйгара беришпейт. Бирок үч тамгадан турган ысымдар кездешет. Окумуштуулардын аныктоосу боюнча, үч тамга өзгөчө белги болуп эсептелинет. Андыктан үч тамгадан куралган атты алып жүргөн адамдар чечимди тез кабыл алып, аны дароо аткарууга ашыккандар болушат. Изилдөөчүлөр тарабынан үч санына “алтын ордо” деген наам берилген. Булардын мүнөзү оор басырыктуу жана сабырдуу. Бирөөнүн алдында басынганды жаман көрүшүп, аны басмырлап сүйлөгөн адамдар менен заматта чатакташууга баруудан кайра тартышпайт. Ал эми жан дүйнөсү менен тил табышкан адамдар үчүн баарына даяр турушат.
Калпты жактырбаган “4” саны
Ал эми төрт тамгадан куралган аттын ээлери күндөн-күнгө өсүп-өнүгүүгө багыт алгандардан болушат. Булардын мүнөзү өтө эрктүү жана оор келет. Калп сүйлөгөндү, жагалданып, кошомат кылганды жактырышпайт. Бирок айрым учурларда жакын адамдарынын көңүлү үчүн мындай ыкмаларды колдонуп да коюшат. Ысмы төрт тамгадан куралган эркек адамдардын мүнөзү курч болгондуктан алар аскер кызматкерлеринен болсо, куп жарашып, бул образды бийик деңгээлде жарата алышат. Айымдар болсо бийликти кармап, үй-бүлөнү колго алууга шыктуу келишет. Алардын ичинен кээ бирлери сыр жашыруу жагынан алсыз болушат. Жеке жашоолорунда карьерага умтулуп, ар убак алдыга кадам ташташат. Стабилдүүлүктү баалашкандыктан кай жерде болбосун, тынчтыкты самашат.
Максатка умтулган “5” саны
Беш тамгадан куралган аттын кожоюндары өтө аракетчил, өжөр жана алдыга койгон максаттарына жетүүгө жан үрөгөн инсандар экени далилденген. Накта диктаторлор. Өзүнүн идеясы үчүн ар кандай тоскоолдуктар менен күрөшүүдөн чарчабайт. Керек болсо бул адамдар өз максаттарына жетүү үчүн өмүрлөрүн да аябайт. Эгер көздөгөн максаттарын орундата албай же кыйын кырдаалдарга тушугуп калышса, психикалык жактан өздөрүн кыйнай беришет. Андай учурларда өз мүмкүнчүлүктөрүнө гана ишенип, алдыга кадам ташташса ийгиликтерди багындыра алышат. Булар уюштургуч лидерлерден жана кандай кырдаал болбосун, тегерегиндегилер менен тил табыша билишет. Ошондой эле дайыма башкалардан биринчи болгонго аракеттенишет. Көп учурда күтүлбөгөн жерден эле бир нерселерди ойлоп чыга калышат.
Жумшак мүнөз “6” саны
Кыргызда алты тамгадан куралган ысымдар арбын. Булар өз максаттарын ишке ашырууда туруктуу чечим чыгара албай көпкө кыйналышат. Тартипти катуу талап кылган оор мүнөздүүлөрдөн эмес. Тескерисинче, боорукер, жапакеч, жумшак мүнөздөгү адамдар. Терс сапаттардан сараңдык, өзүмчүлдүк, алсыздык жактары бар. Эгер ак көңүлдүгү кармаса булардан өткөн берешен жок. Бирөөлөрдүн иштерине ой-пикир айтып аралаша берүүнү жактырышпайт. Уруш, жаңжал, ызы-чуу деген көйгөйлөрдөн коркушкандыктан андайлардан алыс болууну самашат. Жеке жашоолорунда сүйүүгө маани беришип, жан дили менен сүйүүнү туу тутушат. Өзүндө жетиштүү болуп турса да андан да көбүрөөк болсо деген ниетте көп далалаттанышат.
Жашоону жеңил жеңген “7” саны
Кыргызда “Жетинин бири кыдыр”, “Жети өлчөп, бир кес” деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Жети деген сандын өзүнүн сыры эле башка элдерде “ийгилик” дегенди туюндурат экен. Ал эми жети тамгадан куралган ысымдын ээлери табиятынан таланттуу келишет. Жашоодогу тажрыйба булардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө өз таасирин берет. Жашоолору жеңил нукта өтүп, ийгиликтер чыгармачылыгындагы эмгегинин жыйынтыгы менен келет. Бирок баары эле табиятынан өзүнө берилген таланттарын бага алышпайт. Талантын, өнөрүн эрктүү жана күчтүү мүнөздөгүлөрү гана бапестеп өстүрүп кетишет. Булар кенен ой жүгүрткөн жана өзүнө бекем ишенген инсандардан болушат. Ошондой эле жети сандуу адамдар өзүн эле эмес, айланасындагылардын да кызыкчылыгына кам көрүүнү көздөп жашашат.
Чексиздикти сүйгөн “8” саны
Сегиз тамгадан түзүлгөн ысымдагылар көз карандысыздыкты сүйгөн, эркин болууну каалаган адамдардан болушат. Ошондой эле кайда болбосун, бирөөнүн алдында көз карандылык кылып иш кылганды жактырышпайт. Булар реформатор жана революционерлер. Көпчүлүгү жөнөкөй мүнөздөгү адамдардан эмес. Жанындагы аңгемелеши же болбосо биринчи жолуккан адамы жан дүйнөсүнө жакпаса, аны менен тил табышып, ачылып сүйлөшө бербейт. Ата-эне, бир туугандары үчүн сезимтал, тууганчыл келишет. Эң жакшы сапаты - ата-эне, бир туугандары эле эмес, алардын жакын мамилелеш адамдарына да колунан келген жардамын аябайт. Кыраакы, кайрымдуу, берешен, чексиздикти сүйгөн алар үй-бүлө үчүн ичкен ашын жерге койгон камбыл, үлгүлүү кожоюн жана ашкананын көркүн чыгарган мыкты кожойкелерден боло алышат.
Ой-туюмга бай “9” саны
Ысмы тогуз тамгадан куралган адамдардын ой-туюму өсүп-өнүккөн. Табиятынан акыл-эстүү, түшүнүктүү жана сезимтал болушуп, ушул сапаттары менен өзгөчөлөнүшөт. Жашоодо мүмкүнчүлүктөрүн көпчүлүгү колдоно бербейт. Бул адамдар терең сырдуу жана ал сырын ачпаган мүнөздө болушуп, сыр сактаган жагынан алдына киши салышпайт. Жакшы, жарык, бийик жашоолордо жашап өтүүнү максат кылышат. Бирок ал максаттарына жетүү үчүн жан үрөп аракет кылышпайт. Эркиндикти самап жашаган эң мыкты баарлашуучу жана кеңеш берүүчү болушат. Көпчүлүк арасында тартипти катуу кармап, тактыкты талап кылат. Булар боорукер адамдардын катарына кирбейт. Тескерисинче, бирөөлөргө жаны ачып, кейий бергендерди жактырышпайт.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12 21 Июль 2015 - 00:31
Жашоодо көп нерсе ишкерлик менен алектенүү сыяктуу эле. Анткени ким бардыгын ишендире алса, жеңишке ошол жетет. Ал эми кээ бир учурда далилдер бар болуп, көптөгөн күч жумшаган учурда деле ишендирүүгө кудурет жетпей калат. Андыктан ынандыруу сапатына ээ болууну кааласаңыз, анда аны үйрөтүүчү ыкмаларды билип алыңыз.
Баарыбызга эле маалым блгондой, ийгиликке жетүү үчүн кандай гана пикир алуу болбосун эң ириде адамдын өзүнө болгон ишеничи бекем болушу шарт. Бирок, эмне үчүн бул сапат болсо деле жеңилүүгө мажбур болушат?! Ал эми башкалар бул учурда оңой эле ынандыра алышат... Же, алардын өзгөчө сыры барбы?!....
Эмоционалдык ынандыруу
Кандай гана баарлашуу болбосун негизги ролду эмоция ойнойт. Ошол эле учурда пикирлеш адамыңыздын дагы эмоциясына көңүл бурушуңуз талап кылынат. Баарлашуу учурунда ага байкоо салыңыз. Сиз сүйлөп жатканда ал кандай абалда болуп жатат? Эмнелерди байкадыңыз? Коркуубу, чочулообу, көңүл калгандайбы же, тескерисинче кызыккандай түр көрсөтүүдөбү. .. Балким, сиздин айткандарыңызга ишенип, бирк, ынанууга жетишээрлик абалга жете электир... Демек, пикирлеш адамыңыздын эмоциясын байкоо менен анын жүрөгүнө жетүүчү жана ынандыруучу жолду оңой эле таба аласыз.
Келишимдик ынандыруу
Натыйжалуу ынандыруу үчүн колдонула турган дагы бир ыкма. Маселен, жер тамда жашаган картайган ата- энеңизди шаарга бардык шарты бар үйгө жашоого көндүрө аласызбы? Бирок, алардын көнүп калган жашоосун өзгөртүп, кам көрүп баккан жемиш багынын кеткен чыгымдарын төлөп берүүнү сунуштабасаңыз алар көнөбү?! Жок, көнбөйт. Андыктан аларды көндүрүү үчүн өздөрү колдонуп, өмүрүн өткөрүп келген буюмдарын кошо алып келишиңиз туура болот. Ошондой эле маал- маалы менен жаштыгы өткөн жер тамга алып барып турушуңуз да маанилүү.
Көнбөгөндүккө ынандыруу
Ар бир көнбөгөн нерсеге да кылдат караш керек. Себеби, кээ бир учурда олутуу себептер менен көнбөгөнгө мажбур болгон учурлар кездешет. Андыктан өзүңүздүн каалооңузга ынандыруу үчүн аны менен конфиликке баруу туура эмес. Майдаң- тескей отуруп алып макул болбогонго түрткөн себептерди тизмектеп жазып чыгыңыздар жана аны чечүү жолдорун кошо изилдеңиздер. Көнбөй жаткан пикирлешиңиз, сиздин өзүнүн пикири менен эсептешип жатканын көрүп ынанууга барат.
Баарлашып жаткан адамыңызды жалгыз таштабаңыз
Эгер кайсы бир нерсеге көндүрүүгө бел байласаңыз, анда аягына чейин күрөшүңүз, жарым жолдон таштап салбаңыз. Анткени, өзүңүзгө болгон ишеним жоголуп, баарлашкан адамыңызды ынандыра албайм го деген күмөн саноо кетсе, демек бул сиздин катачылыгыңыз. Себеби экинчи тарап сизди ишке олуттуу карабаган, сабырсыз, чечкинчи, ынандырууга шыгы жок адам катары баалап калат. Ишеним- эң маанилүү сапат. Андыктан ишенимден тайбаңыз.
Ынандырууга жеткендей өзүн- өзү алып жүрүү
Ишеним ишке ашкан фактыдай эсептелгенде натыйжалуу болот. Анткени мындай мамиле менен сиз экинчи тарапка сиз тууралуу жакшы пикирде болушуна ойлонууга түрткү берген болосуз жана ойлондурасыз. Маселен, сизди татыктуу инсан катары баалай баштайт.
Мындан сырткары, дагы бир нече баалуу эрежелерди колдоно жүрүңүз:
- Өзүңүздүн туура эмес жасаган нерсеңизди моюнга алыңыз
- Экинчи тараптагы адам менен баарлашууда майда- барат дебей бардыгына олуттуу көңүл буруңуз
- Ар дайым көйгөйдөн чыгуу жолу бар экенине ишенип, издеңиз
- Орундуу сүйлөңүз, маанилүү маселе козгоңуз
- Тамашаларды колдонуңуз. Күлкү бар жерде ийгиликтер болбой койбойт.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 21 Июль 2015 - 00:39
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#13 21 Июль 2015 - 00:40
1. Көп учурда буттарыңызды кайчылаштырып алып бутуңуздун башын ары-бери кыймылдатып ойноктото бересизби? Анда сиз көп нерсеге көңүл кош мамиле жасап, кол шилтеген кайдыгер мүнөздөгү адамдардын катарын толуктайсыз.
2. Эки бутуңузду бирдей сунуп жерге отуруп, бутуңуздун баштарын эки тарапка таштап коюп, өзүңүз бир аз артка чалкалап же алдыга эңкейип жер таянып олтуруу жагабы? Мындай болсо сиз бардык нерседеги тактыкты, тартиптүүлүктү талап кылган, тазалыкты, тыкандыкты сүйгөн адамсыз.
3. Адам менен жолугушууда тизелериңизди бириктирип, чыканактарыңызды белге тийгизип, колдоруңузду саныңызга коюп отуруу сиз үчүн ыңгайлуубу? Ушундай ыкманы көп колдонсоңуз, уялчаак, өзүнө-өзү ишенбеген, жашоодогу ар кандай кыйынчылык, тоскоолдуктарга чыдай албаган адамсыз.
4. Дайыма эки тизени бириктирип, буттарыңызды паралелдүү түрдө алып келип буттун башын катар жайгаштырып олтурсаңыз, жакшы тарбия көргөн, оор басырыктуу, токтоо мүнөздөгү үлгү болчу инсансыз. Отуруунун бул туура түрүн башкаларга да үйрөтө жүрүңүз.
5. Буттарыңызды эч качан түз жана бирдей алып отура албай бушайман болосузбу? Бул тынчы жок адамдардын мүнөзүнүн татаалдыгы болуп саналат. Демек, сиз - туруксуз, улам-улам чечим чыгарган, жеңил-желпи мүнөздүн ээсисиз.
6. Кресло же отургучка буттарыңызды бири-биринен алыс коюп, башты артты көздөй чалкалатып отурганды жактырсаңыз, өтө кыялкечсиз. Мындай ыкманы чыгармачыл адамдар көбүрөөк колдонушат.
7. Кайчылаштырылган буттарды бир аз артты көздөй коюп отуруу өзүн дайыма тең салмакта алып жүрөт дегенди билдирет. Аткарган иштериңизден, сүйүүдөн жана башкалардан ырахат алып жашаганды билесиз.
8. Денени кыйшайтып же бүкчүйтүп, буттарды кайчылаштырып отуруу менен бирге тынч ала албай тынымсыз кыймылдай берсеңиз, эч нерседен коркпогон, бардык сыноодон өтүүгө даяр, турмуштук тажрыйбасы мол, эрктүү адамсыз.
9. Бут кийимди чечип, бир буттун таманын берки буттун тизесине коюп отуруп алууңуз сиздин өтө шамдагай, элпек, спортко жөндөмдүү мүнөздөгү адам экениңизди айгинелейт.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#14 26 Июль 2015 - 18:33
Жалаң айымдар иштеген жамааттагы социалдык-психологиялык "аба-ырайы" кандай?
Жамаатта жалаң гана айымдардын иштешинин өзгөчөлөгү, алар мырзалардан айырмаланып эмоционалдуу байланышы бекем болот, демек, чыр-чатактар, пикир келишпестиктер, нараазычылыктар бат-баттан болуп турат. Анткени дал ошол бекем байланыш аттандаштыкты же колдоону калыпка салып, жамааттагы социологиялык- психологиялык "аба-ырайын" жаратат.
Социалдык- психологиялык аба-ырайынын түшүнүгү
Социалдык- психологиялык аба- ырайы - бул жамааттагы өз ара мамилелердин түзмөгү болуп эсептелет жана ал ар тараптуу багытта иш жүзүндө көрсөтүлөт.
Вертикалдуу мамиле- бул жетекчи менен анын кол алдында иштеген кызматкерлер ортосундагы мамиле.
Горизонталдуу мамиле- бирдей даражадагы кесиптештердин өз ара мамилеси. Мындан сырткары, социалдык- психологиялык аба- ырайы өзүнө кызматкерлерди эрежелерди аткартууну, мекеменин деңгээлине жараша айлык акы менен камсыз кылууну да камтыйт. Андыктан ар бир кызматкер өз пикирин кагаз жүзүндө же оозеки түрдө жетекчиге айта алат.
Жамааттагы социалдык-психологиялык аба-ырайынын абалын анонимдүү социалдык суроолордун негизинде билип алууга болот.
Маселен, катардагы менеджер ден-соолугуна байланыштуу атайын ортопедиялык отургучка муктаж. А бирок, жетекчи ага мындай үстөл сатып берүудөн баш тартат. Себеби, анын пикиринде эрежелер жана коюлган шарттар бардыгы үчүн бирдей болушу шарт. Мындай учурда кесиптештери ага колдоо көрсөтүшөт. Оозеки эле даттанып, нараазычылыгын билдирип коюп кала бербестен, жазуу түрүндө жетекчиге жамааттык кат жолдошот.
Айрыкча айымдар иштеген жамаатта
Адистердин айтымдарында, жалаң гана айымдар иштеген жамаатта, мырзаларга салыштырмалуу социалдык- психологиялык аба- ырайынын деңгээли төмөнүрөөк. Анткени мырзалар, бири-бирине түшүнүп, колдоочулук мамиле жасашат. Мырзалар иштеген жамаатта аткарган иштин маанилүүлүгү жана ага карата төлөнгөн айлык акы маанилүү ролду ойнойт. Ал эми айымдар иштеген жамаатта ыңгайлуу иш убактысы, жагымдуу эмгек шарты жана эмоциналдуу жактан бекем болуу маанилүү болуп эсептелет. Кызыгы, айымдар жумуш учурунда жеке көйгөйлөрүн талкулоого аз убакыт сарпташат. Себеби, ага караганда маанилүү жетекчи жана башка кесиптештер тууралуу сүйлөшкөн кызыктуураак.
Айымдар өздөрүнүн кесиптештерине талапты катуу коюшат жана пайда болгон көйгөйдүн чечүү жолдорун чогуу издегенге көмөк көрсөтүшөт. Андыктан айымдар үчүн вертикалдуу мамиле ыңгайлуу, себеби, жетекчилик алардын психологиялык аба- ырайынын туруктуу болушуна жакшы кам көрөт.
Жетекчилер кээ бир учурда чыр-чатактын чыгуусуна өзү себепкер болот. Себеби, кимдир бирөөнү көбүрөөк мактап, сыйлык берип, ал эми айрымдарын жемелеп, басынтып коюшу ыктымал. Андыктан бардыгына тегиз, бирдей мамиле жасаган маанилүү. Болбосо социалдык- психологиялык аба-ырайы бузулуп "согуш" чыгып кетиши толук ыктымал.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#15 26 Июль 2015 - 18:38
Мырзалардын ишенимдүүлүк сапатын өнүктүрүүгө кантип түрткү берсе болот?
Эгерде сиздин мырзаңызга өзүнө болгон ишенимдүүлүк сапаты жетишпей жатса, анда, бул көйгөй экөөңүздөрдүн мамилеңиздерге кедергисин тийгизбей койбойт. Албетте,өзүн- өзү баалоо анын жеке өзүнө тиешелүү маселе деңизчи, бирок, эгер ал сиз үчүн маанилүү болсо, анда кол сунуп жардам беришиңиз маанилүү. Эң эле натыйжалуу жана жакшысы түз, ачык түрдө эмес, көмүскөдө, байкатпай жана сездирбей жардам жана түрткү беришиңиз маанилүү.
Ага өзүнүн жакшы сапаттарына маани беришине жардам бериңиз
Мамилени жакшыртуу үчүн жакшы сапатка ээ болуу талапка ылайык. Андыктан ага өзүнүн жакшы сапатттарын таанып, ага олуттуу маани беришине жана жашоосунда жаңы ийгиликтерге, жогорку тепкичтерге көтөрүлүүсүнө түрткү бериңиз. Эгер ал сиз менен баарлашууда өзүнүн начар сапаттарын айта баштаса, сөздү дарооо башка жакка буруп ,анын буга чейинки жакшы аткарган бир ишин эске сала коюп, ошол тууралуу сүйлөшүүгө аракет жасаңыз.
Алдыга койгон максаттарын колдоңуз
Мырзаңыздын өзүнө болгон ишенимдүүлүк сапатын жогорулатуу үчүн колдонулган эң эле маанилүү ыкмалардын бири- бул анын алдыга койгон максаттарын кош колдоп колдооңуз болуп эсептелет. Бирок, аны кандайдыр бир нерсени жасоону мажбурлабаңыз, болгону түрткү берип жана сунушуңузду айтыңыз.
Чын дилиңизден комплимент айтыңыз
Эгер ал өзүнүн жетишкендиктерин туура баалай албаса жана көрбөсө, анда, ага сөзсүз сиздин жардамыңыз керек болот. Үстү- үстүнө жана кайра- кайра кайталап комплимент айтуудан алыс болуңуз. Маанилүү жана чеги менен кайсы бир жакшы сапатын эске салып мактап коюңуз. Бул ыкма ага сөзсүз жардам берет.
Ашкере сын айтуудан алыс болуңуз
Адамдардын басымдуу бөлүгү сынды жакшы көтөрө алышпайт. Айрыкча мырзалар муну жактырышпайт. Андыктан анын кемчиликтерин көзгө сайып катуу айтпай, багыт берип, өзүнүн пикирин угуп, өзү оңдогудай кылууга аракет жасаныз.
Ар дайым ыраазычылык билдирип туруңуз
Мырзалар табиятынан күчтүү, коргоочу жана кам көрүүчү болуп эсептелишет эмеспи. Андыктан ага ар дайым ыраазычылык билдире жүрүңүз. Бул ыкма да өтө натыйжалуу.
Чөйрөсүндөгү пайдасыз достору тууралуу ачык эле айтыңыз
Көп мырзалардын өзүнө болгон ишенимдүүлүгү жоголуп, терс сапаттардын өсүп- өнүгүшө анын чөйрөсүндөгү тура эмес жашоо образын алып жүргөн жана түшүнүгү тайкы "достору" болуп эсептелинет. Алар аны ар дайым арта тартат. Андыктан мырзаңызга ачык эле ал адамдар тууралуу түшүнүктүу тилде түшүндүрүп беришиңиз талапка ылайык.
Юморго үйрөтүңүз
Кээ бир ийгиликсиз иштери үчүн өзүнө карата тамашалуу, юмор аралашкан сөздөрдү айтууга үйрөтүңүз. Күлкү- ден- соолуктун мүлкү дегендей ийгиликсиз иш бат эле унутулуп кетет.
Коомчулук алдында өзүңүздү ага багынып, байлангандай алып жүрүңүз
Дос- жар, кесиптеш, тууган- урук же жөн эле жыйналган компанияда анын кадыр- баркын жогорулатып, өзүңүздү ага багынып, байлангандай алып жүрүңүз. Мындай ыкма менен анын өзүнө болгон ишенимдүүүлүгүк сапатын арттырган болосуз.
Сизден жардам суроого үйрөтүңүз
Эгер ал кайсы бир чечимдеринде ойку- кайкы болуп бир пикирге келе албай жатса, анда байкатпай өзүңүзгө жардам суроого, кеп- кеңеш алууга үйрөтүңүз. Анан албетте, сурап калса, натыйжалуу жардам берүүгө аракет жасаңыз.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#17 28 Июль 2015 - 23:47
Күнүмдүк жашоо- тиричиликте ар кандай көйгөй жана кырдаалдардын алкагында түгөйлөрдүн ортосунда чыр- чатак чыкпай койбойт. Бул учурда айрыкча аялзаты сабырдуу келип, ортодогу мамилени бузуп албаганга аракет жасоолору керек. Демек, бүгүн жолдошуңуз менен жарашуунун ыкмаларын үйрөнөбүз.
Психолог адистеринин айтымдарында үй бүлөлүк чыр- чатак учурундагы кеңири таралган кырдаал эч кимиси алгачкы жарашуу кадамын таштагысы келбегендикте болот. Себеби, мырзалар үй бүлө башчысы катары өзүнүн пикирин талашсыз туура деп эсептеп кежирленишет. Ал эми көпчүлүк айымдар мындай мамиледен жапа чегип калышат, анткени кандай аракет жасаарын билбей калышат. Андыктан психолог адистери мындай кежир жолдошу бар айымдарды сабырдуулукка чакырат. Ошол эле учурда ортодо чыр- чатак болуп өткөн соң, айымдар өздөрү күнөөлүү болуп жаткан маалда деле дароо эле кечирим сурай калуу дагы туура эместигин белгилешет. Муну менен айымдар өз баасын түшүрүп алышат жана сый- урматты экинчи көрбөй калышы да толук ыктымал.
Жолдошуңуз менен пикир келишпесик болур кер- мур айтышкан соң, тыныгуу жарыялаңыз. Эч нерсе болуп өтпөгөндөй эле түшкү же кечки тамакка даярданып даамдуу тамак жасап, дасторконду күндөгүдөн өзгөчөрөөк жасаңыз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, жолдошуңуздун үй бүлөлү досторунан "чай ичип кеткиле"- деп конокко чакыра коюңуз. Жолдошуңуз дострунун көзүнчө буга чейинки чыр- чатакты козгобойт, кээде таптакыр эле унутуп да калат. Ошол эле учурда сизди сыйлоосу жогорулайт. Демек, конокторду экөөңүздөр байкабай эле жарашкан абалда узатасыздар.
Жогоруда айтып өткөндөй чыр- чатактын келип чыгышына ар дайым эле мырзаларды күнөөлөгөнгө болбойт, айымдар деле себепчи болушат. Андыктан көпчүлүк айымдар мындай абалга кабылган соң, ачууга алдырып чыр- чатакты чыгарып алып ,кайрадан бардыгын орду- ордуна коё албай буйшайман болушат. Мындай учурда бир нече натыйжалуу ыкмаларды колдонсо болот.
1- Күтүлбөгөн жерден эле жолдошуңузга туугандардын үйүнө конокко барып келүүнү сунуштаңыз. Жолдошуңуздун ата- энесиникине барсаңыздар абдан жакшы болот. Себеби ар адам үчүн эне маанилүү ролду ойнойт эмеспи. Ачуусу тарап, көңүлү көтөрүлүп келет.
2- Романтикалуу кечки тамак уюштура коюңуз. Даамдуу тамак, жагымдуу музыка... Түгөйлөрдүн ортосундагы мамилени сактап калуу үчүн бул эң эле сонун ыкма болуп эсептелет. Андыктан дасмалыңызды кооз жасап алып жолошуңузду жумуштан жагымдуу маанай менен күтүп алыңыз. Мүмкүнчүлүк болсо белек берсеңиз да болот. Белек сөзсүз түрдө эле майрам күндөрү эмес, жөнөкөй күндөрү да берилгени жакшы.
Чыр- чатактын себепкери жолдошуңуз болсо....
Эгер чыр- чатакты жолдошуңуз баштаган болсо, анда, белгилүү бир ыкмада аялзаттык ыкма менен аракет жасашыңыз зарыл болот. Болгону аны менен макул болуп чыр- чатакка чопчоң болгон чекит коюп коюңуз. Кийинчерээк, бир аз убакыт өтүп, жолдошуңуздун кабагы ачылган соң жеңил. Жайбаракат абалда анын бир аз жаңылгандыгын белгилеп айтып коюңуз. Бирок, сеники туура эмес дебеңиз, бир аз жаңылыштың деп айтыңыз. Кээде өтө эле кежир мырзалар болот, алар эч нерсеге "алданышпайт" . Маселен, ата- энесине конокко барганда, үйгө достору келгенде же жубайы рматикалуу кечки тамак уюштурганда. .. Мындай мырзаларга жөн эле убакыт бериш керек... Баары өз ордуна келип калат. Жолдшуңуз күнөөлүү болгон учурда сиз кечирим сурабай эле коюңуз. Ал өзүнүн катачылыгын сезиши керек. .
Смс билдирүү жазып коюңуз...
Ар бир жубайлардын ортосундагы сыр катары кармалган сүйлөшүүлөр жана бири- бирине арналган жылуу сөздөр эмеспи... Жолдошуңузга ошондой жагымдуу сөздөрдөн бир сүйлөмдү смс менен жөнөтүп коюңуз.
Дагы бир маанилүү жагдай, чыр- чатактын чыгышына себепчи болгон айымдар өз катачылыктарын моюндарына ала билиш керек. Бул абдан маанилүү. Себеби кээ бир айымдар өздөрүнө чаң жугузбай, жолдошторун гана күнөөлүү деп эсептей беришет. Бул туура эмес. Өзүңүздүн катачылыкты моюнуңузга алганда гана үй бүлөлүк жашоодо бейпилдик болот. Экинчи ал катачылыкты кайталабайсыз.
Ошондой эле эч качан ата- эне, жоро жолдошторуңуздарды аралаштырып, аларга даттанбаңыз. Мырзалар муну абдан жаман көрүшөт. Мындан сырткары, абдан сабырдуу болуңуз эч качан ажырашуу темасын козгой көрбөңүз. Себеби мырзалар өз намыстарын бийик коюшат, андыктан кокусунан ажырашууга макул болуп жибериши ыктымал. Мындай учурда кырдаал кыйындайт.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 28 Июль 2015 - 23:48
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#18 28 Июль 2015 - 23:51
Кээ бир адамдар ички туюм эмне экенин жакшы түшүнө беришпейт жана анын кандай болоорун, кантип өнүктүрүү керектигин сурашат. Себеби, бул ички туюм сезими өтө пайдалуу жана керек. Айрыкча кайсы бир маселе боюнча ыкчам чечим чыгарууда логилкаык ой жүгүртүүгө убакыт жетишпей турган маалда ички туюм жакшы жардам берет. Демек, эгерде сиз ички туюмуңузду туура өнүктүрө алсаңыз, анда, ыкчам жана туура чечимдерди кабыл алууга жетишесиз. Ал эми бул макалада кантип ички туюмду өнүктүрүүгө болот, атайын ыкмалар барбы деген суроого жооп алуу менен бирге баалуу кеңештерди жана сунуштарды аласыз.
Өзүңүздү табыңыз
Ички туюмду өнүктүрүү үчүн эң алгач, өзүңүздүн денеңиздеги чыгыны өзүңүздү башкача айтканда "Мен" деп өзүңүз мыкты билген өзүңүздү табыңыз. Себеби, дал ошол Мен чыныгы сиз болуп эсептелесиз. Сиздин Мениңиз маанилүү сезим органдарынан турат. Сырткы көрүнүш менен эч нерсе жасай албасак да, ички жан дүйнө сезими менен ички туюмду таанып биле алабыз. Демек, чыныгы Мениңизди табыңыз.
6- сезим органын өнүктүрүңүз
Ички туюмду өнүктүрүүдө цивилизациялык өнүүгүдөн даяр турган 5 сезүү органын азыраак колдонуу талап кылынат.ал эми 6- маанилүү сезүү органын өзүңүз таап өнүктүрүшүңүз керек. Ал үчүн төмөндө бир нече ыкмалар көрсөтүлгөн. Мунун негизги түшүнүгү 6- сезүү органы калган 5 органды толугу менен алмаштыра ала турган мүмкүнчүлүгү бар. Мындай учурда дененин өзү бизге "кереги жок" болуп калат.
Көзүңүздү жумуп алып, көргөнгө үйрөнүңүз
Ички туюмду өнүктүрүү үчүн сизге сыйкырдуу ыкма мене машыгуу керек болот. Ал үчүн бир нече түстүү гүлдөрдү алып, көзүңүздү жумуп алып, аларды таанып билгенге аракет жасаңыз. Жакшысы сиз айткан учурда анын туура же каталыгын айткан адам жаныңызда болсун. Албетте, алгачкы ирет эле баары ойдогудай болот. Улам кайталап отуруп гана ийгиликке жетишесиз.
5- сезүү органын алмаштырыңыз
Жакшы өнүккөн 5 сезүү органыңызды дал ошондой кайталаңыз. Алардын баарын 6- менен алмаштырууга аракет жасап көрүңүз. Муну менен денеңизди, жүрөгүңүздү сезгенди үйрөнүңүз. Ал үчүн китеп окуңуз. Акыл- эсиңизди өнүктүрүп, дүйнө таанымыңызды жогорулатат.
Сүкүт жасаңыз
Ички туюмду сапаттуу өнүктүрүү үчүн профессиналдуу түрдө сүкүт жасашыңыз талап кылынат. Сүкүт жасоодо сиз Мениңиз менен ички дүйнөңүздү табасыз. Ал эми ички дүйнө менен бардык нерсени таанып- билип, көрүүгө болот.
Жүрөгүңүзгө ишениңиз
Кайсы бир аракетиңиз үчүн ичиңизден кандайдыр белги берилет. Болгону сиз аны туура баамдап кабыл алышыңыз керек. Жүрөгүңүздүн каалоосун сезесиз. Ага ишеним артыңыз. Жүрөккө жаккан иш коомчулукка сөзсүз жагат. Демек, ички туюмду өнүктүрүү үчүн анын берилүүчү булагын таап алуу маанилүү. Ал эми анын булагы жүрөгүңүз болуп эсептелет.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 28 Июль 2015 - 23:52
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#19 28 Июль 2015 - 23:53
Кээ бир адамдар өздөрүнүн калыпка салынып калган мүнөздөрүн өзгөртүүнү каалашат. Анткени кээ бир мүнөздөгү өздөрүнүн сапаттары өздөрүнө жакпайт. Маселен, ашыкча тартынчаактыгы, коркоктугу же чечкинчиздиги. ... Адистердин айтымдарында адамдын колунан келбеген нерсе жок, андыктан туура аракет жасаса мүнөздү да өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар...
Өзүңүздүн мүнөзүңүздү иликтеп чыгыңыз
Мүнөздү өзгөртүүгө мүмкүнбү деген суроону берээрден мурда, алгач, сиздин мүнөзүңүз кандай түргө кирип, кандай бөлүктөрдөн тураарын билип алууңуз маанилүү маселе болуп эсептелет. Муну билбесеңиз, аракетиңиз текке кетет, натыйжа чыкпайт. Ал үчүн өзүңүздүн мүнөзүңүздү өзүңүз бир апта боюу иликтеп, сарасеп салып, дептерге жазыңыз. Апта аягында аны кайрадан баштан- аяк окуп чыгып өзүңүздүн ким экениңизди жана кандай мүнөзгө ээ экендигиңизге тыянак чыгарыңыз. Маанилүүсү өзүңүздү өзүңүз алдабаңыз, бардык сапат- мүнөзүңүздү ачык жазыңыз. Бардык нерсенин нукура, табигый учурун жазыңыз.
Комплекстер
Көпчүлүк адмдар жашоосундагы ийгиликсиз иштердин жана катачылыктардын жыйынтыгын мүнөзүнө жана белгилү бир түрдөгү комплексине байланыштырып келишет. Бирок, бул туура эмес. Алгач, сиздин комплексиңиз эмне экенин аныктап алыңыз. Ал үчүн кагазга ирети менен жазып, ар биринен арылууга аракет жасаңыз. Жөнөкөй эле мисал, эгер сиздин комлексиңиз кичинекей бой келбетиңизде болсо, анда, кичине бойлуулардын жакшы жактарын изилдеп окуңуз, ишенип коюңуз бой чындыгында маанилүү эмес.
Бар нерсенин баркын билиңиз
Эгер адам баласына колундагы бар болгон баалуу нерселердин баркын билбей турган болсо, анда, ал мүнөзүн өзгөртө албайт. Андыктан алгач, мүнөзүңүздөгү жакшы сапаттарды кагазга жазып чыгыңыз. Балким өзүңүзгө жакпаган мүнөзүңүз башкалар үчүн жагат жана пайда алып келет. Мындан кийин туура эмес деп эсептеген мүнөзүңүздү өзүңүз эле сыйлап каласыз.
Сиз кандай мүнөзгө ээ болгуңуз келет?
Туура, көпчүлүк адамдар мүнөзүн өзгөрткүсү келет, бирок кайсы мүнөзүн өзгөртүүнү каалап жаткандыктарын өздөрү билбейт. Андыктан бир күндү өзүңүзгө арнап, мүнөзүңүздүн кайсынысын өзгөртүүнү каалайсыз, аныктап алыңыз. Кандай гана маселени чечүүгө бел байлабаңыз, алгач анын булагын жана түп тамырын аныктап алуу маанилүү экенин унутпаңыз.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 28 Июль 2015 - 23:55
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#20 28 Июль 2015 - 23:57
Негизинен мырзалар эч нерседен корпой, эр жүрөк келет- деп, түшүнүп келебиз. Бирок, чындыгында бул жаңылыштык. Болгону мырзалар айымдарга караганда өздөрүнүн коркунучун сезимин беткап артында жашырып, күчтүү көрүнүүгө көнүп калышкан.
Ар бир мырза жашоодогу кайсы бир баалуулуктан ажырап калуудан коркот. Албетте муну ал сыртка көргөзгүсү келет. Бул баалуулуктар ар бир мырзада ар башка түрдө кезигет. Себеби, баалуулуктар анын социалдык макамына, жашоодогу көз карашына жана тутунган динине байланыштуу болот. Бирок, ошентсе да кээ бир жоготуулардан мырзалардын дээрлик бардыгы коркот.
Мырзалардын баалуулуктарына киргендер:
Иштеген ишинен айдалуу
Көпчүлүк мырзалар социалдык тепкичтин кайсы гана деңгээлинде турбасын жумуш менен карьерасы жашоосундагы баалуулукка кирип, эң негизги ролду ойнойт. Мейли, ал, белгилүү бир ишкананын жетекчиси болсун же катардагы жөнөкөй кызматкер болсун, баары бир иштеген ишинен кетирилүүдөн коркот. Сүйүктүү жумушунан кетүүдө мырзалар жашоо үчүн кызмат кылган маанилүү бир органынан айрылгандай сезишет. Мындай кырдаалда айрым мырзалар акылдуулук менен кыйынчылыкты жеңип кете алышат, ал эми кээ бири тилекке каршы терең депрессияга түшүп кетишет. Эгер жумушунан айрылган мырзаны чөйрөсүндөгүлөр колдобой, жаңы жумуш таап берүүгө аракет жасашпаган болсо, анда ал такыр эле өзүн таштап салат. Эрки боштору ичимдикке да берилип кетишет.
Каражатынан айрылуу
Банкрот болуп сокур тыйынсыз калуу бардык эле мырзалар үчүн оор жагдай. Буга кабылган мырза канчалык бай болсо, тынчсыздануусу да ошончолук жогору болот. Себеби, акча каражаты мырза үчүн өтө маанилүү. Анткени аны менен чөйрөсүндөгүлөрдүн арасында кадыр- баркка ээ, социалдык макамы бийик, каалаган жагына эс алып келе алган мырза катары эсептелип келген да... Бирок, акчаны маңдай тери менен тапкан мырза, аны кайрадан калыбына келтирүүгө кудурети жетет.
Үй бүлөсүз калуу коркунучу
Эгер мырза жакшы үй бүлө башчысы болсо, аны жубайы менен балдары абдан сүйсө, ошол үй бүлөлүк бакытты жоготуп алуудан абдан коркот. Мындай мырзалар жумушуна караганда үй бүлөсүнөн ажырап калуу коркунучтуураак деп эсептешет. Бирок, тилекке каршы үй бүлөлүк бакытты баалуулук катары эсептебендер үчүн албетте, коркунучтуу деле эмес...
Ден соолугун жоготуу коркунучу
Күчтүү көрүнгөн мырзалар дагы ар кандай оорулардан абдан коркушат. Ооруга чыдамсыз келишет. Бирок, көп деле билгизе беришпейт. Кээ бир үй бүлөдө жубайынын ден- солугуна караганда өзүнүкүн маанилүү эсептеп, ар дайым текшерилүүдөн өтүп витаминдердин түрүн кабыл алып жүргөндөр да кездешпей койбойт. Албетте, буга каршылык жок деңизчи, бирок жубайынын ден- соолугуна да карай жүрсө жакшы болот...
Жоро- жолдошторун жоготуу коркунучу
Мырзалардын дээрлик басымдуу бөлүгү үчүн достору маанилүү ролдо экендиги жашыруун деле эмес. Анткени башына ар кандай кырдаал түшкөндө эң биринчи дал ошол достору жардамга келип же кубанычы менен тең бөлүшөт эмеспи. Демек ,кайсы бир досу менен мамилеси токтоп калган болсо катуу кабатырлашынат.
Чөйрөсүндөгү адамдардын сыйлоосунан кур калуу коркунучу
Ар бир мырза чөйрөсүндөгү адамдардын сый- урматынан кур калуусунан абдан коркушат. Себеби алар ар дайым көңүл чордонунда болуп, көпчүлүктүн сый- урматына ээ болууну жактырышат. Эгер кокусунан чөйрөсүндөгү адамдар сыйлабай калса, анда, кемсинип, өздөрүн бактысыз сезишет.
Сырткы келбетинин өзгөрүүсүнөн да коркушат
Айымдар эле эмес мырзалар дагы сырткы өн- келбетине өтө маани берип карашат. Байкатпаганы менен күзгүдөн каранып, бетиндеги өзгөрүүлөрдү байкап турат. Айрыкча чачтын түшүшү жана курсактын чыгып калганы алар үчүн жагымсыз көрүнүш болуп эсептелет.
Көз карандысыздыкты жоготуу коркунучу
Мырзалардын дээрлик 90 пайызы кимдир бирөөдөн көз каранды болуп, ага толугу менен баш ийип калуудан коркушат. Себеби, жөнөкөй эле. Буга чейин жогоруда дагы белгилеп өткөндөй мырзалар өздөрүн күчтүү сезишет жана алсыздыгын байкаткысы келбейт.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 29 Июль 2015 - 00:00
Живу и радуюсь каждому дню!!!