Ибадаттарды "хушуу" сезими менен аткаруу.
#1 06 Август 2015 - 11:41
"Алла Таалага Аны көрүп турганыңдай ибадат кыл! Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени көрүп турат!
(Бухарий, иман, 37)
(Бухарий, иман, 37)
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#2 06 Август 2015 - 11:49
Ибадат кылуу мусулман баласынын жашоосунда Алла Таалага жакындоонун эң берекелүү учурлары болуп эсептелет. Ал адамды бул дүйнөнүн дарттарынан алып чыгып жалгыз Жараткандын ыраазылыгы үчүн аракет кылуунун ырахаты менен жан дүнүйөгө бейпилдик тартуулап, демине дем, күчүнө күч кошкон өзгөчө белек.
масален, намазда колду кулакка чейин көтөрүп такбир алуу -бул бүт нерсени аркага таштап түздөн түз Алла Таалага бет алууу, дегенди түшүндүрөт.
масален, намазда колду кулакка чейин көтөрүп такбир алуу -бул бүт нерсени аркага таштап түздөн түз Алла Таалага бет алууу, дегенди түшүндүрөт.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#3 06 Август 2015 - 11:54
Ибадаттар - өлүмдөн кийинки жашоо үчүн кам көрүүнүн аракети. Ошондой эле адам баласынын түбөлүк бактысы үчүн аткарылган!
иштердин топтому. Ибадаттар мына ушундай өзгөчөлүктөрү менен адам баласынын жашоосунун тең салмактуулугу жана жан дүйнөсүнүн бейпилдиги үчүн дайыма олуттуу мамилени талап кылган жакшылык.
Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 06 Август 2015 - 11:55
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#4 06 Август 2015 - 12:02
Ибадаттардын толук кабыл болушу үчүн көөдөндө "хушуу"
сезими жандуулугун сакташы керек. "Хушуу"
-бул жан дүйнөнүн бейпилдиги менен сүйүү жана коркуу сезимдеринин биримдиги аркылуу Жараткан Аллага бет алуу сезими. Маңдайындагы Улуу Кудуреттин азабына душаар болуу жана чексиз ыраакымынан ажырап калуу коркунучун эстен чыгарбай, жалгыз Өзү менен гана бирге болуу сезими.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#5 06 Август 2015 - 12:09
Ибадаттардын ичинен эң берекелүүсү -бул намаз ибадаты. Намаз -биз үчүн ыроолонгон Алла Тааланын өзгөчө белеги. Куттуу хадистин биринде;
"Эгерде бир мусулман адам алгач даарат алып, андан соң башынан аягына чейин чын жүрөктөн "хушуу" сезими менен эки ирекет намаз окуса, бейиш ага важип (милдет) болот" делет. (Муслим,тахарат, 17) .
"Эгерде бир мусулман адам алгач даарат алып, андан соң башынан аягына чейин чын жүрөктөн "хушуу" сезими менен эки ирекет намаз окуса, бейиш ага важип (милдет) болот" делет. (Муслим,тахарат, 17) .
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#6 06 Август 2015 - 12:18
Адам баласына тартуулаган руханий байлык өңүтүнөн толук кандуу түрдө окулган намазга тең келе турган эч бир ибадат жок. Мындай намаз үчүн Жараткан Алладан башка бүт нерсе, алтургай адамдын өз жаны дагы көңүлдөн, жан дүйнөдөн алыс болушу кажет.
Сулайман Дараний олуя; "Эгер мага эки ирекет намаз окуу менен Фирдаус бейишине кирүүнүн ортосунда тандоо укугу берилсе, эки ирекет намаз окууну тандамакмын. Себеби Фирдаус бейишине кирүү бул напсиге жага турган арзуу каалоо. Ал эми эки ирекет намаз окусам, Жараткан Алла менен бирге болгон болом! деген экен.
Сулайман Дараний олуя; "Эгер мага эки ирекет намаз окуу менен Фирдаус бейишине кирүүнүн ортосунда тандоо укугу берилсе, эки ирекет намаз окууну тандамакмын. Себеби Фирдаус бейишине кирүү бул напсиге жага турган арзуу каалоо. Ал эми эки ирекет намаз окусам, Жараткан Алла менен бирге болгон болом! деген экен.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#7 06 Август 2015 - 12:18
Дагы улантыныз. Аллах ыраазы болсун.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.

#8 06 Август 2015 - 12:29
Толук кандуу түрдө окулган намаз тартуулаган деми менен мусулман баласын напсинин тукумуна айлануудан арылтып, дайыма Жараткандын алдында туруу, өзүн өзү теске салып суракка алуу сезимдерине жетелеген абдан берекелүү ибадат.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алёйзи васаллам); "Алла Таалага Аны көрүп тургандай ибадат кыл! Канчалыгы менен сен Аны көрбөсөң да, Ал сени көрүп турат!"
"Намазыңда өлүм жөнүндө ойло! Себеби өлүмдү эстеп намаз окуган адамдын намазы толук болот. Намазыңды акыркы намазың окуп жатканын ойлогон адам сыяктуу оку" дейт.

Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 06 Август 2015 - 12:32
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#9 06 Август 2015 - 13:54
Алла ыраазы болсун !
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#10 06 Август 2015 - 15:17
Намаздын адамды ар түрлүү күнөө иштерден арылтышы намаздагы "хушуу"
сезиминин намаздан кийин да жандуулугун сакташына байланыштуу болот. Эгер намаз окуган адам жүрөгүндө ушул сезимди жандуу сактабаса, ал намаздан толук пайдалана албайт.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#11 06 Август 2015 - 15:26
кера хадистерден кошо жаз
УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!

#12 06 Август 2015 - 15:26
Куран аяттарында намазды көңүл кош окугандар жөнүндө маалымдайт;
"Азап болсун, аларга! анткени алар намаздарга маани беришпейт жана эл көрсүн үчүн гана окушат" (маауун сүрөсүндө).
Андыктан ким намазга маани бербей, Жараткандын алдында тургандыгын унутуп, ойу соода сатыгы же башка күнүмдүк тирлиги менен чектелсе, анда анын намазы күтүлгөн натыйжаны бербейт. мындай намаздар милдеттен эптеп кутулуу үчүн же рия үчүн гана орундалат.
"Азап болсун, аларга! анткени алар намаздарга маани беришпейт жана эл көрсүн үчүн гана окушат" (маауун сүрөсүндө).
Андыктан ким намазга маани бербей, Жараткандын алдында тургандыгын унутуп, ойу соода сатыгы же башка күнүмдүк тирлиги менен чектелсе, анда анын намазы күтүлгөн натыйжаны бербейт. мындай намаздар милдеттен эптеп кутулуу үчүн же рия үчүн гана орундалат.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#13 06 Август 2015 - 15:32
" Риа" ушул созду чечмелеп беринизчи.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#14 06 Август 2015 - 15:34
Алла Таала берекелүү намаз жөнүндө;
"Намазын хушуу менен окуган момун мусулмандар ийгиликке жетишти". (муминун сүрөсү,1-2 аят).
Азирети Абдуллах бин Шиххир сахаба Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам) намазда тургандагы абалын төмөнкүчө сүрөттөйт;
"Мен Алланын Элчисин намаз окуп жатканын көрдүм, Анын көөдөнүнөн ыйы менен аралаш кадимкидей казанда кайнаган суунун үнү сыяктуу үн чыгып жаткан болчу". (Абу Давуд,солаат, 156)

#15 06 Август 2015 - 15:36
кера ушунча тема ачып калыпсын намаздын тушушу
анын бизге кандай турдо керектиги
намаз окубай откон адамдын окуган адамдын аркы дуйнодо ал акыбалы жонундо
жана башка толтура мисалдар менен кошо жаза кет даваат да болуп калсын
анын бизге кандай турдо керектиги
намаз окубай откон адамдын окуган адамдын аркы дуйнодо ал акыбалы жонундо
жана башка толтура мисалдар менен кошо жаза кет даваат да болуп калсын
УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
#16 06 Август 2015 - 15:36
#17 06 Август 2015 - 15:39
ACAH_AKA (06 Август 2015 - 15:36) жазган:
кера ушунча тема ачып калыпсын намаздын тушушу
анын бизге кандай турдо керектиги
намаз окубай откон адамдын окуган адамдын аркы дуйнодо ал акыбалы жонундо
жана башка толтура мисалдар менен кошо жаза кет даваат да болуп калсын
анын бизге кандай турдо керектиги
намаз окубай откон адамдын окуган адамдын аркы дуйнодо ал акыбалы жонундо
жана башка толтура мисалдар менен кошо жаза кет даваат да болуп калсын
даават же намаздын пазилеттери темага жараша болот.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#19 06 Август 2015 - 15:46
Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун) намазга турганда жүзү саргарып, турган турпаты менен бүт нерседен арыла турган. Казаттардын биринде ал бутуна сайылган октун чыгарылышы үчүн намазга турган эле. Себеби ал намаз учурунда октун чыгарылышындагы азапты сезбей тургандыгын билген. Мына ушундай деңгээлде дүйнө менен байланышты үзүп намаз окуу бүгүнкү күндө канча пендеге насип болду экен.?