Ибадаттарды "хушуу" сезими менен аткаруу.
#21 06 Август 2015 - 15:56
Намазды мындай деңгээлде окуй албагандар үмүт үзүп, шайтандын азгырыгына алданып намазды таштап салбоолору керек, Себеби эч болбосо, мойнундагы парзын аткарууга жараган ошол намаздары күндөрдүн биринде тигил же бул өңүттө баралына келет.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#22 06 Август 2015 - 16:04
Күн сайын беш маал окулган намаз адамдын убактысын белгилүү тартипке салып, ага жандуу жашоонун үлгүсүн берип, мойнундагы милдетине карата жоопкерчилик сезимин күчүнө киргизет. Жашоосу ыймансыз, башаламан өтүп жаткан адамдын жан дүйнөсүндө тең салмактуулук,
бейпилдик, тынчтык болбойт. Муну менен катар намаз руханий жактан баа жеткис дем күч берип, ыйманды бекем сактоого, жашоонун өйдө ылдыйында жөлөк таяк болууга себепкер болот.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#23 06 Август 2015 - 16:06
Аллах ыраазы болсун. Уланта бериниз.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.

#24 06 Август 2015 - 18:08
Абдулло ибн Умар (р.а.) мындай дейт;
Качан сахабалар намазга турушканда алар эч качан эки жака караган эмес. Алар Алла Таала көрүп турат деген абалда көздөрүн сажда кыла турган жерге салышып намазга толук көңүлдөрүн буруп турушаар эле.
Алиден (р.а.) кимдир бирөө; "Хушуу -деген эмне? деп сурады. Ал мындай деп жооп берди; "Хушуу жүрөктө болот, намазга жүрөк менен толук көңүл буруу, ошондой эле жан жака көз жүгүртүп карабоо да хушуга кирет.

#25 06 Август 2015 - 18:15
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айтты; "Эки жүздүүнүн хушуусунан сактангыла!
Сахабалар сурады; "Эки жүздүүнүн хушуусу эмне? " Ал; "Сырткы көрүнүшү -хушуу, жүрөгүндө болсо эки жүздүүлүк" деп жооп берди.
Эки жүздүүлүктүн хушуусу сырттан караганда хушуу болгондой көрүнөт, жүрөктө хушуу жок. Жүрөктүн хушуусу бул Алладан коркуу жана көздү ылдый кылуу.
Сахабалар сурады; "Эки жүздүүнүн хушуусу эмне? " Ал; "Сырткы көрүнүшү -хушуу, жүрөгүндө болсо эки жүздүүлүк" деп жооп берди.
Эки жүздүүлүктүн хушуусу сырттан караганда хушуу болгондой көрүнөт, жүрөктө хушуу жок. Жүрөктүн хушуусу бул Алладан коркуу жана көздү ылдый кылуу.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#26 06 Август 2015 - 18:21
Али (р.а) жөнүндө айтылат. Намаздын убагы келгенде өңү өзгөрүп, денеси калтырап кетчү, бирөөлөр анын себебин сурашканда;
"Асман, жер көтөрө албай койгон жана тоолор көтөрө албай койгон аманатты бере турган убакыт келди, мен аны толук бере аламбы же жокпу билбейм" деп жооп берген эле.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#27 06 Август 2015 - 18:26
Абдулло ибн Аббас (р.а) азанды уккан кезде кан тамырлары чоңойуп, көздөрү кызара түшөт эле. Кимдир бирөө сурады; Биз деле азан угабыз, бирок мынчалык таасирленбейбиз,
сиз эмне үчүн мынчалык коркосуз? " "Эгер элдер азанчы,эмне деп жатканын билишсе, ырахат алууну унутушмак, уйкулары качмак" деди да, азандын ар бир сөзүн маанисин түшүндүрүп берди.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#28 06 Август 2015 - 18:32
Бир киши айткан; Мен Зуннун (р.а.) нин артында туруп дигер намазын окудум. Качан ал; "Аллоху"
дегенде намаздын башында, Алла Тааланын Улуулугу аны каптады да, руху денесинен чыгып кеткенсиди.
"Акбар"
деген сөздү айткан кезде, Алланын Улуулугунан менин жүрөгүм тилинип кетти.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#29 06 Август 2015 - 19:06
Бир адам Хатим р.а.дан намазды кандай окуурун сурады, Хатим р.а.айтты;
"Намаздын убагы келгенде шашпай даарат аламын, андан соң намаз окуган жерге келип, качан намазга турганымда Кааба алдымда, бутум кыл көпүрөнүн үстүндө, көпүрөнүн алды алоолонгон от, оң жагымда жогору карай бейиш, сол жагымда төмөн карай тозок, жан алгыч желкемде турганын сезип, ушул акыркы намазым болбосун деп, алсыз корккон түрдө; "Аллоху Акбар" деймин, куран окуп алсыз сажда кыламын, анан колумдан эч нерсе келбегенин сезип Алланын алдына алсыз сажда кыламын, ушундай акыбалда Алла Таалага жалбарып намазымды окуймун. кабыл болуусун үмүт кылам, кабыл болбоосунан коркомун, отуз жылдан бери ушунтип окуп келем дегенде, Сураган адам;
Мага бир жолу да минтип окуганга мүмкүнчүлүк болбоду, -деп ыйлап жиберген экен.

Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 06 Август 2015 - 19:10
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#30 07 Август 2015 - 01:12
Намазды хушуу хузуу менен окуган жакшы.Болбосо отуруп турган менен барабар болуп калат деп уккан элем.(Аллаху Аълим)
#31 07 Август 2015 - 01:30
"Мусулман пенденин кылган ибадаттары кабыл болуусу учун кылган мээнет, амал, ибадатында "Мизажи набувваттын"
(пайгамбарлык муноз) болуусу шарт" деп окугам 6 сыфаттын мээнети деген китептен. Бул деген жон эле отуруп, туруп намаздын суротун кылып коюу эмес. Мизажи набувват- ички дуйносу да, сырткы корунушу да суйуктуу Пайгамбарыбызга окшош болуусу! Намаз окуган адамдын ошол намазынан ырахат алып калуусу.
Убакыт даарылайт деген созго ишенбей бараткандаймын.
..
#33 07 Август 2015 - 02:03
musulmanin (07 Август 2015 - 01:32) жазган:
Сүрөтүн эле кылып жатат окшойм... аттиң....
Бир тууганым менде деле тилекке каршы ошондой пикир болуп жатат акыркы кундору. Кыямат куну ушул намаздарыбыз бетибизге эскирген чупурок болуп урулбаса болду. Мумкунчулук бар. Андыктан аракет кыла берели.
Ошол эле 6 сыпаттын мээнети деген китепте мындай риваят келет;Хазрат Анас р.а хажаат намазды окуду да. асманды карады. Асманда эч бир булут корунбоду. Сахабанын ниети, Аллахтан дуба кылып суранганы жаан эле. Баштан жанылап даарат алып келип кайра окуду, булутту карады. Ушинтип кайра кайра дааратын жаныдан алып, 4-5 жолу намаз окуган сон кичинекей булуттун болугу корунду да. жамгыр тамчылай баштады. Уулун жонотту жамгыр кошуналарда да жаап атабы же бизде элеби деп. Уулу айтты биздин курма бакта гана деп."
Убакыт даарылайт деген созго ишенбей бараткандаймын.
..
#34 07 Август 2015 - 06:07
Сади Танху р.а. тууралуу айтылат. Качан ал намазга турса, ар дайым көз жашы жүзүнөн мөлтүрөп агып тураар эле.
Муслим ибн Яшир р.а. намаз окуган кезде үй бүлөсүнө; "Силер сүйлөшө бергиле, мага тоскоол болбойт, мен эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканыңарды билбейм", деп "Мен намазга турган кезде, мага акыретте эмне суроолор берилээри туурасында мени ойго салат" деген эле.
Муслим ибн Яшир р.а. намаз окуган кезде үй бүлөсүнө; "Силер сүйлөшө бергиле, мага тоскоол болбойт, мен эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканыңарды билбейм", деп "Мен намазга турган кезде, мага акыретте эмне суроолор берилээри туурасында мени ойго салат" деген эле.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#35 07 Август 2015 - 06:15
Халиф ибн Айуб р.алейхиден кимдир бирөө сурады;
"Эмне, сизди намазда чымындар жадатпайбы? "
Ал; "Мен намазга кемчилик келтирүүчү нерсени адат кылбайм. Жадагалса кылмышкерлер да өкмөттүн камчысын элдер, чыдамкай экен, деп айтуусу үчүн көтөрөт. Анда мен үчүн Алла Тааланын алдында туруп, болбогон бир чымынга алаксышым керекби" -деп жооп берген экен..
"Эмне, сизди намазда чымындар жадатпайбы? "
Ал; "Мен намазга кемчилик келтирүүчү нерсени адат кылбайм. Жадагалса кылмышкерлер да өкмөттүн камчысын элдер, чыдамкай экен, деп айтуусу үчүн көтөрөт. Анда мен үчүн Алла Тааланын алдында туруп, болбогон бир чымынга алаксышым керекби" -деп жооп берген экен..
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#36 07 Август 2015 - 06:22
Бир сахаба түндөсү Тахажуд намазын окуп жатканда, бир ууру келип анын атын байланып турган жеринен уурдап кетти, Ал уурдап жатканын байкаса да, намазын үзбөстөн окуп бүтүрдү. Бирөөлөр андан; "Ошрл убакта намазыңды бузуп, ууруну кармап алсаң болбойт беле?" деп сурашты.
Ал; "Мен алек болгон нерсе, андан дд кымбат эле" -деп жооп ксйтарган экен.
Ал; "Мен алек болгон нерсе, андан дд кымбат эле" -деп жооп ксйтарган экен.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#37 07 Август 2015 - 06:36
Азирети Амир р.а. намазга турган кезде үй бүлөсүнүн сүйлөшкөнү ары турсун, барабандын үнүн да укчу эмес. Бирөө сурады; "Сиз намазда турганда кандайдыр бир нерсе сезесизби?"
дегенде Ал;
"Ооба, мен бир күнү Алла Тааланын алдында турамын, ошондо мен бейишке же тозокко жөнөтүлөм, мына ошол учур мага кооптуу экенин сезем" дегенде жанагы киши;
"Жок, мен сизден намазга турганыңызда жаныңыздагы элдердин сөздөрүн түшүнөсүзбү? ошону сурап жатам"-деди. Ал айтты;
" Мага намазда туруп силердин сөзүңөрдү уккандан көрө, найза сайса жакшыраак болмок" деген экен.
"Ооба, мен бир күнү Алла Тааланын алдында турамын, ошондо мен бейишке же тозокко жөнөтүлөм, мына ошол учур мага кооптуу экенин сезем" дегенде жанагы киши;
"Жок, мен сизден намазга турганыңызда жаныңыздагы элдердин сөздөрүн түшүнөсүзбү? ошону сурап жатам"-деди. Ал айтты;
" Мага намазда туруп силердин сөзүңөрдү уккандан көрө, найза сайса жакшыраак болмок" деген экен.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#38 07 Август 2015 - 06:47
Бир улуу адамдан "Сиз намазга турган кезде дүйнөнү ойлойсузбу?
деп сурады. "Намазда да намаздан тышкары да ойума келбейт" деди.
Бир аалымдан сурашты; "Сиз намазга турганда дүйнөлүк бир нерсе эсиңизге түшөбү?" дегенде Ал;
"Эмне намазда туруп эстей турган, намаздан да жакшы нерсе бар бекен?" деп жооп берген экен.
Бир аалымдан сурашты; "Сиз намазга турганда дүйнөлүк бир нерсе эсиңизге түшөбү?" дегенде Ал;
"Эмне намазда туруп эстей турган, намаздан да жакшы нерсе бар бекен?" деп жооп берген экен.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#39 07 Август 2015 - 07:02
Абу Убайда ибн Жаррах р.а. бир жолу намазда имам болду. Намаз окуп бүткөндөн кийин айтты;
"Шайтан наалаты намаздын ичинде мага кол салып, мага; "Сен баарынан жогорусуң' деп пикир берди. Кийин ал; "Эми мен эч качан имам болбоймун" деди.
Ошондой эле сахабалар бир такбирди өткөрүп жиберишсе, үч күнгө жери кайгырышчу. Эгер жамаат менен окубай калса, жети күнгө жери өкүнүшөт эле.
Сахабалардан, Табииндерден, Олуялардан, Аалымдардан, Жүрөгү таза хушуу сезимдери бар инсандардан, Алардан Алла ыраазы болсун.

#40 07 Август 2015 - 07:16
Качан сахабалар намазга турушканда,
алар Алла Тааладан коркушаар эле.
Хасан р.а. даарат алган кезде жүзү өзгөрүп кетчү. Качан кимдир бирөө мунун себебин сураганда; "Жаратканымдян алдына туруу убагы келди" деер эле, даарат алгандан кийин мечитке барганда, мечиттин эшигинин алдында токтоп мындай дечү;
"Йя, Алла! Сенин пендең Алдыңа келди, Йа, жакшылык кылуучу Зат!, Сен бизге; "Жакшылар жаманды кечирсин" деп өкүм бергенсиң, Сен жакшылык кылуучусуң, Кечирүүчүсүң, а мен күнөөкөрмүн. Күнөөлөрүмдү Өзүң ээ болгон жакшы сыпаатарыңдын берекесинен кечиргин! ," деп мечитке кирээр эле.

Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 07 Август 2015 - 07:19