فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ عَمَّا جَاءَكَ مِنْ الْحَقّ
ِ
- «Эми алардын арасында Аллах түшүргөн шарият менен өкүм кылгын жана сага келген Акыйкаттан жүз үйрүп, алардын каалоолоруна ээрчип кетпе». [5:48]
وَأَنْ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَي
ْكَ
- «(Эй Мухаммад) алардын арасында Аллах түшүргөн шарият менен өкүм кылгын! Алардын каалоолоруна ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп, фитнага салып коюуларынан этият бол».[5:49]
Расулуллах с.а.в.га болгон хытаб (кайрылуу) - эгер бул хытабдын Расулуллах с.а.в.дын өзүнө гана тиешелүү экендигин билдирүүчү далил келбеген болсо - бүткүл Үммөткө болгон хытаб болот. Бул жерде болсо мындай далил келбеген. Демек, бул аяттардагы хытаб Аллах түшүргөн шарият менен өкүм жүргүзүүлөрү үчүн бардык мусулмандарга карата кылынган хытаб болуп саналат.
Сүннөткө келсек, Расулуллах с.а.в. айткан:
«Кимде-ким мойнунда байъат болбогон абалда өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр» ( Имам Ахмад жана Табароний Муавияндан риваят кылган).
Имам Муслим Ибн Умардан риваят кылат:
«Кимде-ким Аллага итаат кылуудан колун тартса, Кыямат күнүндө Аллага далилсиз абалда жолугат. Кимде-ким мойнунда байъаты болбогон абалда өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр».
Хишам ибн Урва Абу Солихтен, ал Абу Хурайрадан риваят кылат, Расулуллах с.а.в. айтты:
«Силерге менден кийин валийлер башчы болот. Алардын жакшысы силерге жакшылыгы менен, жаманы жамандыгы менен валийлик кылат. Ошондой болгон соң, силер аларга кулак салгыла жана акыйкатка ылайык келе турган ар бир нерседе аларга итаат кылгыла. Эгер алар жакшылык кылышса, бул силердин пайдаңар, эгер жамандык кылышса ( анда да итаат кылгыла, анткени), бул силер үчүн пайда, аларга болсо зыян».
Эми ижмага келсек, Бухарий жана Муслимдердин сахих хадистер топтомдорунда келген Бану Саъида бастырмасында болгон окуялар жөнүндөгү хадиске караганда, Расулуллах с.а.в.дын өлүмүнөн кийин сахабалар бүткүл этибарын халифа тикелөөгө гана каратышкан. Бардык халифалардын өлүмүнөн кийин да ушундай болгон. Сахабалардын халифа тикелөөнү важиб деп ижма кылгандыктары таватур (эң ишеничтүү) жолу менен келтирилген. Ал тургай, алар бул ишти «важибдердин эң маанилүүсү» деп билишкен. Бул болсо, катъий далил деп этибар кылынат. Үммөттүн эч бир убакта халифасыз калбашы керектиги туурасында да сахабадардын ижмасы таватур жолу менен келтирилген. Демек, Үммөттүн имамды тикелеши жана өзүнө башчы кылып алышы важиб. Расулуллах дүйнөдөн кайткандан тартып тээ кыямат күнүнө чейин бүткүл Үммөт ушуга чакырылган.
Сахабалардын Расулуллахты жерге коюну мамлекетти башкаруу үчүн бир халифага байъат кылганга чейин кечтктирип турушканынан халифаны тикелөөнүн канчалык зарыл экендиги жана муну сахабалардын канчалык терең сезишкендиктери өз-өзүнөн көрүнүп турат. Бул нерсе Умар ибн Хаттаб р.а. оор жараланган убакта кылган ишинен да айкын болот. А кишиден мусулмандар өзүнөн кийинки халифаны дайындап берүүнү сурашканда, ал көнгөн жок. Кийин мусулмандар катуу туруп алышты. Ошондо Умар р.а. ичинен бирөөсүн шайлап алуулары үчүн алты кишини тандады. Муну менен эле чектелбестен, шайлоо үчүн кыска мөөнөттү т.а. үч күндү белгилеп берди. Ошондон кийин, үч күн ичинде өздөрүнөн бирөөнү халифа кылууну чечишпесе, алардан каршы болгон адамды өлтүрүүнү дайындаы. Ал тургай, алар ахли шуродон же улуу сахабалардан болушса да, ким каршы чыкса, аны өлтүрө турган адамдары да даярдап койду. Халифалыкка талапкерлер Али, Усман, Абдуррахман ибн Авф, Зубайр ибн Авам,Талха ибн Убайдула, жана Саъд ибн Абу Ваккос р.а.лар эле. Эгер ушундай сахабалардын бири халифа шайлоого келише албаса, өлтүрүлөт болчу. Бул крүнүш халифа шайлоо өтө зарыл экендигине далил болот.
Өкүмдөрдү ишке ашыруу, хаддарды тикелөө чегараларды бекемдөө, кошуундарды согушка даярдоо, адамдар ортосундагы келишпөөчүлүктрдү токтотуу, тычтыкты сактоо жана ушул сыяктуу шаръий милдеттер халифага байланыштуу. Ошондуктан халифа тикелөө важиб
Ушуга карай, Исламий мамлекетти тикелөө бардык мусулмандарга фарз. Бул Китеп, Сүннөт жана сахабалар ижмасы менен тастыкталган. Анткени, бүгүнкү күндө мусулмандар өз өлкөлөрүндө куфрдун таасири астында болушуп, алардын үстүдө куфр өкүмдөрү колдонулууда. Алардын өлкөлөрү алгач Дарул-Ислам эле, кийин дарул-куфрга айланып калды. Т.а. алардын өлкөлөрү исламий болсо да, жарандыктары исламий эмес. Мусулмандардын Дарул-Исламда жашашы жана аларда исламий жарандык болушу важиб. Ал эми, бул нерсе Исламий мамлекетти тикелөө аркылуу гана жүзөгө келет. Анткени, мусулмандар Исламды колдоно турган, анын даъватын бүткүл дүйнөгө алып чыга турган халифага баъат кылуу үчүн Исламий мамлекетти тикелөөгө умтулушпаса, күнөөкөр болуп кала беришет.
Билдирүүнү түзөткөн: Beka.: 15 Август 2015 - 19:58