Тээридеги ак тактар...
Чыбыр ала болуп чыгып кеткен апакай тактар барго анча мынчасы (пес) деп койот экен, анын дабаасы барбы? Деги ал эмнеден чыгат?
Баракча 1 - 1
Теридеги ак тактар...
#2 21 Август 2015 - 01:30
Бул оору витилиго деп аталат. Витилиго теринин ачык бөлүктөрүндө (моюн, кол, бут ж.б) пигментацияга доо кеткен учурда пайда болот. Бул оору ата-бабадан балага өткөн аутоиммундук оору болуп да саналат.
Витилиго менен ооруган адам такыр күнгө чыкпашы керек (күн нурунан алыс болушу керек).
Учурда бул оору толук изилденип бүтө элек, бирок оорулууну айыктырууга багытталган түрдүү дары-дармектер чыгарылган. Бирок көпчүлүктүн айтуусу боюнча ал даарылар анчейин пайда бере бербейт, мына ошондуктан да көпчүлүк операция жолуна барышат.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#3 21 Август 2015 - 07:59
Ооба кунго кобойот... Жазгандарыныздын баары туура. Эми омур бою кетпейт экенда только кобойотта...
салам
#4 21 Август 2015 - 13:21
Аа аперация жолу мн толук арылууга болобу же кайра пайда боло береби?
#5 21 Август 2015 - 15:56
969607zina (21 Август 2015 - 13:21) жазган:
Аа аперация жолу мн толук арылууга болобу же кайра пайда боло береби?
Хирургиялык жол менен арылууга болот. Алар донор таап, анын териси менен оорулуунун жабыркаган терисин алмаштырышат экен. Бул операциядан соң кайталануусу белгисиз, бирок витилиго өтө коркунучтуу оорулардын катарына кирбейт. Болгону адам көбүрөөк психологиялык жактан жабыр тартат.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#6 21 Август 2015 - 16:09
tazagul (21 Август 2015 - 07:59) жазган:
Ооба кунго кобойот... Жазгандарыныздын баары туура. Эми омур бою кетпейт экенда только кобойотта...
Өлүмдөн башка бардык нерсенин амалын табууга болот.
Учурда витилигого каршы түрдүү лазердик аппараттар да чыгарылган.
Мындан тышкары төмөнкү ыкмалар да бар:
- фотохимиотерапия,
- фототерапия,
- физиотерапия,
- гормоналдык терапия.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 21 Август 2015 - 16:11
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#7 21 Август 2015 - 22:55
Эй Алла... ооба жукпайт зыйаны жок бирок... Бирок балдарына чыгышы мумкун туурабы бир эки тегерек чыккандале алдын алса болобу?
Билдирүүнү түзөткөн: tazagul: 21 Август 2015 - 23:01
салам
#8 22 Август 2015 - 13:26
tazagul (21 Август 2015 - 22:55) жазган:
Эй Алла... ооба жукпайт зыйаны жок бирок... Бирок балдарына чыгышы мумкун туурабы бир эки тегерек чыккандале алдын алса болобу?
Албетте алдын алса болот. Ооруган адам тезинен дерматологко көрүнүүсү керек, врач лечения жазып берет. Ал леченияны алган соң ак тактар өсүүсүн токтотот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#9 29 Октябрь 2017 - 17:23
Менин дагы баламдын бутуна, колуна, бешенесине,
далысына ак тактар чыкты. Интернеттен окусам витилиго дегендиктен дароо дерматологго алып барсам ичегинин иштөөсүн жөнгө салган Ротабиотик деген дары жазып берген. Экинчи упаковканы түгөтөйүн деп калдык. Дерматолог курту жокпу деп сурагандыктан өз алдымча ичтеги курттарды түшүрүүчү ашкабак данегин дагы берип жатам. Андан тышкары кир самындын дагы аябай пайдалуу экенин көп жерден уккандыктан ваннага жылуу сууну толтуруп кир самынды аябай көбүртүп туруп баламды ошол сууга түшүрүп атам. Жуунтуп бүткөндөн кийин череданын тундурмасы менен денесин сүртүп коём. Азыр бешенесиндеги тактар кетип калды. Башка жериндеги тактардын кетишин күтүп атабыз.
Баракча 1 - 1