Кээ бироо жон эле жазыша берет,бирок барып жолуугуп дальше-больше кетпейт болуш керек.
куйоонуз убагында уйго келип атса болду да анда жон эле жазышып атат ал кыз менен.
куйоом деле ошондойлордун катарына кирет,акыркы жолу 3ай мурун соз берген жазышпайм деп.бирок анча конул бурчу эмесмин ызы чуу чыгарчу эмесмин.барып жолугуп келсе бир жон деп.
азыр деле болсо менин деле колуман куйоомдун колунан телефон тушпойт.
Жүрөк сырлар жыйнагы
#43 24 Ноябрь 2015 - 02:40
ар Ким ар кандай максатта олтурат. Кимдир зеригет. Кимдир конуп калган. Дагы дагы башка себептери бар. Аялдар жаман ойлобой эринерди жакшы тосуп алып жакшы узатып уйго келгенде приятно болсо эркек эч жакка кетпейт.
#44 24 Ноябрь 2015 - 02:45
уйго келгенде эле мына жок. Сен мынтпейсин.
Мындай кылба. Дагы ушул сыяактуу баш орутма создор менен тосуп алсанар. Анда уйго келгенден коро болок жака баргысы келип калат да. Уйдо акырын бардык маселени ортого салып чечсе болот анан да балалуу болгондон кийин аялдар ото егаист болуп алышат экен. Куйосун сатып алган буюмдай коруп. Баары эмес айрымдары
#45 24 Ноябрь 2015 - 02:56
Жок нерсени жок дейби омей? Эркек кылчу жумуштарды кылынбады десе да жаманбы? Анда силер төрөп үйдө бала карап, тарбиялагыла өзүбүз эле жерге, сууга тийгизбей багып алабыз! Айрым аялдар багып эле келе жатат үй бүлөсүн эри иштебей.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#46 24 Ноябрь 2015 - 03:07
АЯЛ
(Бүтпөс монолог)
Ким айтат,
аялдарды – алсыз деп?
Аял – жеңил,
акылы аз, арсыз деп?
Аял – шайтан,
аял деген – азгырык,
Бузуку иштер
болбойт болчу ансыз деп?!.
“Алтын баштуу аялдардан –
Бака баштуу
эркектерди артык...” – деп...
Ооба, айтышат...
Жатат мында улуу ой,
Четке кагуу
мүмкүн эмес – калпыс деп!
Анткени ушул
Макалды да чыгарган –
Аял го деп
болжойм да айтам – алкыш кеп!
Кезде анткени –
эл башына иш түшкөн,
Эмес эрлер –
бүжүрөйүп, бүктүшкөн!
Аял дайым:
“Баатырым! ” – деп дем берип,
Турганы үчүн
сакасы айкүр, чик түшкөн!
Менчи? Ушундай
Аял боло алдымбы?
Абай салып
карайм артым, алдымды.
Шерим, сени -
“Баатыр” кылуу ойдо эле,
Сезе алдыңбы,
Сен да менин баркымды?
Жубай болдум,
ооба, уулуна атанын...
Жондо – бала,
жолдо – эрчиди азабым.
Жолдош болду –
көртүйшүгүм, а бирок
Көөнөргөн жок,
көкүрөктө казалым!..
Башыңа иш
түшкөн кезде мүңкүрөп,
Алтын таажы
келди сага жасагым!..
Баар таптымбы,
барк таптымбы ушундан?
“Канат болсом...”-
дедим сени учурган!
Кербезденбей,
кетмен, күрөк колго алып,
Оңдойм дедим,
ой-чуңкурду бузулган...
Улутунуп
Унчукпайсың. .. Турмуштан
утулдумбу,
балким жокмун утулган!
Алдастадым,
алыс-алыс талпындым,
Мойнума анан
чаар баштыкты артындым!
Орусия, Европа, Корея,
чет жерлерде
Канча өмүрүм калтырдым!
Ден соолугум,
жаштыгымды, назымды,
Садага чаап
капчыгы үчүн калкымдын.
Канча эне
калды бала “өңөрбөй”,
Канча бешик
турат бөбөк бөлөнбөй?!
Кайран кыздар
азып-тозуп жүргөндө,
Манастай уул,
калды бекен төрөлбөй?! .
Канча ымыркай,
чоочун жерде калгандыр?
Башка түшкөн
бул – шор, ачуу армандыр?!
Эркеликти,
аял назын унуткан,
Эби келсе
эркектерче урушкан,
Энелерди,
эжелерди, кыздарды,
Эрлер, шерлер,
мен силерден суранам,
Колдон келсе,
Эми аялга айландыр?! .
Кечир, шерим?
Албайсың да төгүндөй...
Ак аралап,
кара чачты көмүрдөй,
Сен бир кезде
сүйгөн эки ууртумдан,
Күн нурундай
күлкү, шаттык төгүлбөй,
Аппак жүзүм,
ысык-суукка туурулуп,
бырыш түштү
ошол бойдон өбүлбөй...
Менде да айып,
балким бардыр азыраак?
Акыйкаттын
даамы дайым ачуураак.
Мен эшикте
“эркек” болуп жүргөндө,
(Айта албаймын,
Аны аял деп пасыраак),
Башка бирөө,
менден эстүү, жашыраак...
Мен бере албай
Жүргөн назды, сүйүүнү,
Тартуу кылып
турса сага асырап,
Айтчы, ага
айта аламбы каяша,
Сен деп турса,
кантип сүйлөйм катуу, даап?..
Кайран күндөр,
кайран менин жаштыгым!
Кайран түндөр,
кайран жалкы жаздыгым!
Кабыргасы
ката электе кайышкан,
кайда сезим,
кайда сүйүүм, жактыруум?..
Кайталабас
бекен биздин катаны,
Кагылайын,
калдайган топ – арткы муун?!..
Балдарды ошол
эркелетип өбө албай,
Эмизе албай,
эне мээрим төгө албай,
Ата салтын,
эне наркын үйрөтүп,
“Илгери-и... ” - деп
жомок айтып бере албай..!
Жада калса
ата-энемди жайына,
бергенде да
алып-учуп келе албай!..
Балдарга эми
кантип айтам батынып:
“Маңкуртка окшоп
Калдыңар, - деп, - неге андай?!.”
Кыздарыбыз
өзүнө орун таппаган,
Түйүлө элек
түйүлдүккө, башкадан –
жакшы жашоо,
издеп уя, жылуулук,
чет элдикти
эрчип кетип жатса анан!
Кантип гана
кабыргалар кайышпайт,
Күңгө айланып,
жатышса ошол жакта анан?!
Акылы бар
болчу! Билем, анын да –
Кыргыз эне
каны бар да, канында!
Бизге энелер
айткан окшоп насыят,
Биз айта албай,
болбой калып жанында...
Шырдакбектин
Эркайымы окшотуп,
Байкуш кыздын,
биз байладык багын да...
“Оорун – колдон,
Жерден алсам жеңилин”, -
деп жашагам...
Беделине Шеримин
шек келтирүү –
оюмда да жок эле,
катуу кетсем,
кечир мени, Теңирим?!
Кантип айтпайм,
тамырына доо кетип,
жүрөгү ооруп
турса элим-жеримин.
Өх-х десеңчи,
өмүр барат азайып,
Өксүп эмне,
эми көзгө жаш алып?!.
Өйдө-төмөн
өкчөлсөк да акчанын,
Көрдүйнөнүн
кулу болуп жашадык.
Сенчи, Шерим?
сереп салып карачы,
Аткардыңбы,
парсыңды эрлик, аталык?
Улуулардын
аманатын урпакка,
бере алдыкпы?..
Кечир бизди, Атажурт.?!
Кечир тарых,
кечир бизди келечек?
Эмнелер жок,
өткөн-кеткенди элесек...
Азбы, көппү,
жол издеген адашып,
Ай-жылдарга
салган кезде сары эсеп,
Ойлор – онго,
санаа – санга бөлүнүп,
Өзөктү өрттөп,
өксүк күндөр жан эзет.
Эркек! Чыны
сен бийиксиң аялдан,
Мен анткени
кабыргандан жаралгам.
Сен – күчтүүсүң,
түндүгүмдүн түркүгү,
Сени көрөм,
неберемден, баламдан...
Каалаганым -
Элди, жерди, эртеңди,
Калкалап кал,
кара тумоо абалдан?!.
3.01.2015.
Жыпара Исабаева туура жазган экен))) .

#47 24 Ноябрь 2015 - 14:24
Билбейм мен мисалы кирем соц.сеттерге,
бирок мен ал жерден озумо керекту нерселерди уйронгону ачып койгонмун..куланария,
прическа,макияж иши кылып ошондой нерселерди карап окуп турам. А жолдошум болсо воопще кирбейт кызыкпайт дагы. Меникин карап карап турат бирок...
#48 24 Ноябрь 2015 - 15:12
менин куйоом соц.тармактардан саясаттыле окуй берет. мен суперге кирип , форумда журуп ошо бойдон тел коюп койсом, куйоом "сонку кабарга" кирип окуп атып очурбой коюп коет. кайрале мен алып форумга кирип коем... менин телефонуму мгбайтка откоруп койгон да 1 айга. ошого 1 телефондон кире беребиз. озунукуно ед салбайт инет эмес даже ватсабын да ачпайт. кызыкпайт. азыр мени урушуп аткан кези колундан тел тушпой калды да деп.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#49 24 Ноябрь 2015 - 15:23
Соц.тармактарга ашыкча берилген адам жашоодон артта калат "пауза"
басылып калгандай эле кеп.интернет чон бир супер маркет. озуно керектуусун алып кайра тезинен чыгуу керек.ансыз деле керексиз нерселер убактыбыздыда алат зыяныда коп.жашоодон артта калуубуздун себептеринен бири озубузго тиешеси жок анан керексиз нерселер менен алек болуп керектуу нерселерди унутуу.керексиз сайттардан чыгалы сыртта бизди таза аба суйуктуу жакындарыбыз ширин созубузду куткон аялыбыз озуну керексиздей сезип бара жаткан балдарыбыз кутуп турат
#50 25 Ноябрь 2015 - 01:54
Каракулжа районунун тургуну Абдивали уулу Сталбек 2005 - жылдын 24- мартында Россиянын Чита областынын Ултовский районундагы Душлан селосунда автокырсыктан каза болгон.
Бул китепте кутулбогон автокырсыктан жашында каза болгон Каракулжалык Абдивали уулу Сталбек жонундо энесинин, жубайынын жана башка жакындарынын эскеруулору жарыяланды.
Кырчындай омур арманы.
Ата-энеге баланын кайгысын салбасын жараткан. Ботосун издеген бозингендердин арманын жомоктон угуп, боорубуз эле ооруп, сабыр кылчубуз. Ботом деп эзилип эстеп, элесин табалбаган эненин эскеруусун айтууга дарманым келгидей эмес. Ошентсе да, Алладан куч-кубат тилеп, Сталбегим тууралуу аз да болсо соз курап, жоктоп олтурам. Анын азасы башымдан кетмек беле! Бул чиймелегендерим балдарына, кийин неберелерине эскеруу мурас болуп калар. Атасынын асын мудоолорун ошолор аткарып улантарында коз алдыларына келтирип журушор...
Атасынын мээримине канбай, анын мактоо, кагуу созун укпай, ото жаш калбадыбы Сталбегимдин кулундары атаганат.
...Сталбектин тегинен эки ооз соз кылалы.
Сталдын чон атасы Келдибек абасы бардар жердин тукумунан экен. Откон кылымдын 30-жылдары жугуштуу оорудан каза болгондо 3 баласы калыптыр. Балдарын энеси торкунундо баш калкалап турганда, ал киши да дуйнодон отуптур. Балдар корунгондун колунда жан багып, жетилишиптир. Алардын экоо Атамекендик согушта курман болуп, кайтпай калышыптыр. Ал эми Сталбегимдин чон атасы Кадыралини колхоз ишине суранып алып калышкан экен. Анткени, колхоздогу кара-жумуштун баары анын колунан келгенин эл чон баалаптыр. Кой багат, чоп чабат. Коп суйлобой, коп иш кылганга конгог адам. Омурундо 9 уул-кыз коруп, тарбиялап, бардыгын оз жайына жайгаштырган.
Сталбектин атасы Абдивали ошол кишинин экинчи перзенти. Армияда кызмат кылып келгенден кийин 25 жыл монтер болуп иштеди. Ардак грамоталарды алып, ардак тактада турчу. Азыр ден-соолугуна байланыштуу эс алууда. Сталбегим атасына куюп койгондой окшош, ундорунон да айырмалай албайсын. Анан ички дуйнолору эки башка эле.
Мен апасы Каныш сегиз бир туугандын улуусумун. 1974-жылдан бери кургак учук диспансеринде эле медсестра болуп, бир кесипте иштейм. Бишкектеги Медицина окуу жайын бутургонмун. Саламаттыкты сактоонун отличнигимин.
Сталбектин атасы Абдивали ошол кишинин экинчи перзенти. Армияда кызмат кылып келгенден кийин 25 жыл монтер болуп иштеди. Ардак грамоталарды алып, ардак тактада турчу. Азыр ден-соолугуна байланыштуу эс алууда. Сталбегим атасына куюп койгондой окшош, ундорунон да айырмалай албайсын. Анан ички дуйнолору эки башка эле.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Мен апасы Каныш сегиз бир туугандын улуусумун. 1974-жылдан бери кургак учук диспансеринде эле медсестра болуп, бир кесипте иштейм. Бишкектеги Медицина окуу жайын бутургонмун. Саламаттыкты сактоонун отличнигимин.
Кээлер эмнеге адабият болумуно жазбады дешинер мумкун. Журок сыры болгон учун ушул жакка жазып жатам. Ошол кезде тагыраагы 2005- жылы баласынын куйутунон баласына болгон сагынычын, эскеруусун Каныш эже китеп бетине тушургон экен эле.
Мактоо грамоталарым коп, бирге иштегендердин кадыр-урматына ыраазымын. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);"><br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Абдивали экообуз 1975-жылы баш кошконбуз. Сарыбулак айылынан болобуз. Ошондон бери Каракулжада жашап келебиз. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Анда жаштыкка кыялдарга жендирип журупмун. 《Мен аз торосом да, саз тарбиялайм》деп ашыкча суйлоп куноо кылыпмын Алла таала алдында. Кечире кор жараткан. Эки эркек, бир кыз тарбияладым. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Сталдын уулу Нурдоолотко айтчумун: 《Сенин уч атан бар: эки чон атан, анан Стал атан мына!》ошондо кесир суйлопмун, атаганат! <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Эми Сталбегимдин омур жолуна саресеп салып, эстеп алайынчы.< br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">1979- жылы 8-июну эрте менен саат 11-де Сталбегим торолгон куну. Элге окшоп медицинаын жетилип турган кезинде, уйго торогонго мумкун эмес деп турган мезгилде 2 комнат уйубуздо Сталбегим торолгон.< br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Ошол кундогу бактылуу кунубуз, суйунчубуз ичибизге батпай, озубузду бактылуу сезген кезибиз. Биздин оокатыбыз аз болсо да, биздики айга жеткенине суйунуп жашоочубуз. Атасы, роддомго да бара албай жууп, куболук алганга зорго улгуруп роддомго барган. 《Атын ким койдун?- десем Сталбек койдум. Болоттой бекем болсун деп баламын атын Сталбек койдум деп келген. Сталбек учунчу торотум болсо дагы биз учун бакыт чачыратып келген. Себеби, Сталдан улуу кызым Жазгул чарчап калып, биз озубузду бактысыздай сезип, ушул баланы эсен-аман коз жарып, омурун берип балама шерик болсо экен дее тилегенбиз. Биз учун Сталбектин торолушу уйго жарык алып келди. 70 жашка чыккан раматылык мени баккан энем бар эле. Ал келип ырымдап бешикке болоп, чебереми багып берейин деп 5-10 кун журуп калды биз менен.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Стал кара тору чон коз,кашы, кирпиги тогулгон, коргон адамды озуно бурган бала болуп чоноё баштады.< br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Козун карагангабы, же ошол эле козго суйкумдуулугунонбу айтоор тез-тез ооруп, ооруканага жатып, тез-тез эле догдур чакыртып турчу болдук. Жатсак-турсак да уулумун омурун тилеп турчубуз. Туну ойгонгон кезде да колу бутун кармап жакшына элеби!》 -деп коркчубуз. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Кундордун биринде уктап жатып колун кармасам муздап калыптыр. Ыргып туруп ыйлап журом, устумо кийим кийгенди да билбей 《скорый》 чакыртып баламан айланып садага болуп бакырып ыйлай берипмин. Кошуна кемпир келип жакшына эле балан, коркпо деп 《скорый》келгенде халатымы жапканда, ошондо ич койнокчон жургонумду билдим.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Корсо балам жакшы эле экен ачынып эле колу буту муздаган экен. Андай кундор коп болду. Туну эти ысып кетсе да, тун бир оокум экенине карабай которунуп ооруканага бара берчу элек.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Сталбегим аябагандай ыйлаак болуп чонойду. Оорукчан болуп козун карагангабы эч кимге барчу эмес эле.
Кыйналганыбыз деле билинчу эмес эле. Коздору бакырайып тептегерек кирпиги тогулуп кайрылып турчу.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Каштары келишкен, бир коргон адамды суктанткан эле бала эле. Стал бир жашка толду, пальто алып берем деп Озгон базарга бардык. Ал убакта азыркы учурдай ойлогон кийиминди оной эле таба алчу эмессин. Жакасы бар, кара пальто алып берип кийгизип аябай суйунуп жатсак кошуна Торкун эже келип: 《Жуугула баланардын пальтосун》дегенинен 2-3 кошуна болуп отуруп жуугандыгым эсимде. Коп эле жолу бата алып берип турчуумун. Бирибиз иш кылганда, бирибиз алып алмак-салмак алып турчубуз. Кичине чоноё баштаганда мен жумушка чыгып 1, 5 жашында детсадка алып бардык. Эн кенже группада болчу. Сталым оной менен детсадка конгон жок. Стал садикте ыйлап калса, ыйлап чыгып кетет элем. Кулуп калса кулуп кетет элем жумушка. 《Оо, ыйлаак десе》деп озунун жакшынакайлыгынан которуп садиктеги эжекелери алып калышчу. Роза, Адалат, Нурлан, Гулсара эжекелеринин мээнети чон эле. Стал садиктен чыкканда эле 《Чолпон》 деген магазинди коргозчу. созсуз турдо магазинден тегерек шоколад алып берчубуз. Болбосо магазинди эле коргозуп тура берчу. Магазиндегилер таанып, акчабыз жок болсо да, айлык тийгенде берерсиз деп бере беришчу. Стал атасына абдан жакын эле. Жумуштан келээри менен жабышып калчу. Атасы тоодогу атабыздыкына ата-энесинен кабар алганы жоногондо кошо ээрчип барчу.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Атасын жолдоштору тамашалап согуп койсо, же койуп койсо: 《атама тийбегин》деп тепкилеп, койгулап калчу. Тоодогу чон атасынын кой короосуна чейин барып келчу эле. Кундордун биринде дагы ошентип барышса тоодо эч ким калбай, жайлоого кочуп кетишиптир. Мкл короодо чон атасы, Сабирали, Артисбек акалары эле кой кайтарып калышыптыр. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">- Оо, Сталбек келиптир, бул небереме кой союп берейин,-деп чон атасы кой союптур.< br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Бычак менен эле казаны бар экен. Казанга эт кууруп, казандан эле жегенбиз,- деп кичинесиндегисин эскерип айтып калчу Сталым.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Сталбекти садикке алып барып жургон мезгилде, жумушка комиссия келип садикке кечигип бардым. Барсам Стал жок. Атасы Алайкууга командировкага телефон ондошко кетишкен. Эжекеси Розанын уйуно барсам. 《Аяш атасы болом》деп бир киши алып кетти》дейт. Мына мен ошондо Рахманберди аяшым уйуно жеткиче озондоп ыйлаганмын. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Мен тируу туруп, баламы жалдыратып ала албадым деп. Сталым болсо аяшатасынын эки баласы менен отурат. 《Атам ушул жакка келем》-дептир деп.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Стал кандай десе ошону аткарчу элем. Канча жолу кантип кыйнаса да, Сталдын мээримдуу жароокерлиги мени эч нерсени сездирчу эмес. Жолубуз абдан начар, жазындасы чан, кышындасы баткак болчу. Сталды 5 жашка чейин котордук. Карындаштуу болгондон кийин гана которбой калдык. 《Жолдо буту кир болот》-деп, алмак-салмак жонубузга которуп келе жатып, атасы экообуз колун да чыгарып алып, Сталдын колу басылганча ыйлап-сыктап жургонмун. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Атасы бизди торот уйунон чыгарганына келип жатып: Стал аллейини алып келем сен уйдо отуруп турасынбы?》десе 《Жок балдар менен ойноп турам》деп кочодо калыптыр. Озу аябай коркок болчу. Туну эмес кундузу да уйго жалгыз кирчу эмес.
Торот уйунон келгенибизде кочонун башына чейин чуркап барып ымыркайды мен котором деп бетинен ооп кирди.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Балага ушундай жакын эле. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Стал тамак ичип алчы десен эле тиги досуму чакырайын, муну чакырайын дечу эле. Кичинесинде болсо тамак ичээрде эшикке чыгып ичем деп, 《балдардын баарынын оозуна салсан анан мен жейм》деп чатакташчу. Ошентип, эшикте журуп анан тамактанып келет.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Гукуну аябай жыкшы коруп жанынан чыкпай отуруп, бешик тербетип, бешикти бир канча жолу тоголотуп да журду. Гуку эме албай жатат, деп Сталга эмизсем эмип-эмип алчу. Баладай болуп 1 жашка чейин эмес 5 жашка чейин эле эмчек ээмип журду. Бир да жолу 《чыгарам эмчектен 》деген жокмун.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Бир жолу Сталым 2 жаштан отуп калган кези. 《Тоого баралы деп даярданып жатканбыз.
Атасы жумушка барып айтып келейин деп кеткен. Сталды 《ойноп жатат балдар менен》уй жыйнап журо берипмин. Бир убакта атасы келип болгула кеттик деп эле жоносок Сталбек жок. Издеп журобуз, ал кочо, бул кочо калган жок. Уйдун артындагы чон энени тамашалабай 《бериниз шашып жатабыз》десек, жок айланайын эшикке чыккан жокмун. Бекиткеним жок, -дейт. Жок болгону эмнеси деп ыйлап издеп журобуз.< br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Корсо Стал атксынын артынан эле кетип жатам деп чон жолго, оорукана жакка кетип калыптыр. Ооруканага жетип атасы жок экенин билгенден кийин, апамы ээрчип келчу жер деп ал отделениеге, бул отделениеге кирип журо бериптир. 《Каныштын баласы го, ушул жерде окшойт апасы》деп тим коюшуптур. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Бир убакта уй жакка жоносо тон кетип баткак болгон жолубузда, отугу чыкпай орто жолдо калыптыр отугун чыгара албай эч ким болгондо ыйлай баштаптыр. Ошондо анан: эй балан бая ооруканада журот эле. 《Каныш бар окшойт дептирбиз》деп иштен сменден чыккандар айтканда анан кийин Сталды тапканбыз. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Сталбек, чон атасы, оз атасы болуп базарда журобуз. Универмагка кирип соода кылып жатсам, бир велосипедти тээп кетип жатат. Ал магазиндики деп да ойлобойт. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">《Эй бала, коюп кой》деп магазинчи ээрчип алыптыр. Карап кулуп анан, эми тим коюнуз деп акчасын толоп кеттик. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Велосипедке кызыкканынан 1 км алыстыктагы уйго чейин велосипед тээп барган.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Ой баламын жоруктары ай.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Кандай канча оюнчук сатып берсек деле, 《кандай кыймылдап жатат》деп ичин ачып коруп бузуп койчу. Кундордунбиринде жумуштан нары кызымы ээрчитип айылдап барыпмкечигип калдым
Коросо атасы да кечигип жок экен. Стал окуудан келгенде дайыма уйдо болоор элек. Келсе биз жокпуз уйго киргенден коркуптур, кошунабыз Абдирашид аканин мал короосу биз жакта болчу. Ошол кишинин уйлары, торпоктору бар эле, ошолдорду эш тутуп, мал тоскон шыптын кырына отуруп, жолонуп уктап калыптыр. Свети куйуп турчу. Жолдо эле биз келе жатканда корунду. Садага болоюн коркогум. Атасы экообуз: 《Сен кеч келдин, мен кеч келдин》деп урушканыбыз эсимде. Садага кетейин уйлоруно эле кирип турбайсынбы? -десем болбойт эле. Шадырандап жургону менен тантынчаак эле. Кичинесинде эле тартынып бироонун устуно кире койчу эмес.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Сталбектин 4-5 жашында эсимде жок. Детсадка барсам эле баардык балдар ыйлап жатышат. Эмне болду деп шашып кирсем, балдарды группадан группага которуп жатышыптыр. Корсо детскддага достору, Талант, Баатыр, Улан, Алик болуп биз ажырабайбыз, чогу которулабыз деп ызы-чуу тушуп жатышыптыр. Достору ошондо эле ынтымак эле. Баатыр экоо кече сен атаман болгонсун деп, бугун мен атаманмын деп чоноюшту.< br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Талант, Дайырбек, Улан, Азамат, Улукбек, Алик, Алтынбек, Жыргал, Зарыл деген достору мына кичинекейинен бери бирге журуп чоноюп, эр жетишти.< br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Стал досторун абдан кадырлачу, барктачу. Досторум дегенде ичкен ашын жерге койчу. Стал озу ак конул, ичинде кири жок, баардык адамды озундой ойлочу.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Кундордун биринде, (дем алыш куну эле ). Уйлорду жыйнап коюп, печкага от жагып койгонбуз. Мен эшикте кир жууп жатканмын. Стал менен Гуку сурот тартып ойноп отурушкан уйдо.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Бир убакта:
《Апа, уй куйуп жатат》 дейт, 《уй куйгон эмнеси》деп жугуруп кирсем, патологдон орт кетитир. Аны Стал менен Гуку очуробуз - деп кол кашык менен суу чачып корушуптур, бир убакта кошуналар деле, орт очургуч деле келди. Копчулуктон айланса болот, 2 комнатасы орттонуп 3 комнктасы таза калды.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Стал жанын аяганды билбейт эле. Мени менен кошо тошокторду ташышып, ыйлап-сыктап мага кол кабыш кылган киши болуп журду. 《Уй орттонсо байыйсын ыйлаба десе》,《байыбасак деле мейли, уйубуз бутун турганда 》,- деп жалооруйт. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Сталды кичине кезинде кандай кыйналып чонойтсом да, Сталжын мээримдуулугу, кылыгы, жоругу мен учун башкача, озгочо эле.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Кичинесинде коз мончок тагып, тумар тагып ушул бир нерсе болбосо экен деп коркчумун. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Эми коз мончок тагып, тумар такмак тугул, чоноюп жетилди деп, эс нерсенин алы жетпей тургандай сезип конул болбой коюпмун. Балдарымын конулу которулуп ан-сезими оссун деп (ал убакта борбор шаарыбыз Фрунзе болчу) Фрунзе шаарына алып бардым. Самолет менен, балдарым суйунуп терезеден жерди карап алып: 《карачы апа, машиналер кичине болуп, уйлор дагы кичине болуп калды! 》деп суйунуп барышты. Сталбек анда 2- класста окуучу. Барып ойноп келсен десек, жок мен силер менен барамын дечу. Озунун мунозубу, же мээнетти коп тартып калгандыктанбы, бизден коп ажырачу эмес эле.
Баланы кандай мээнет менен чонойтот. Бизди да ушинтип чонойтсо керек. Дуйнодо энеге балдарынын, жамандыгын, мерт болгонун коргозбосун. Дуйнодогу кордук, соз менен айта алгыс азап-тозок, дуйнонун карангысы азабы, тируунун тозогу ушул тура.
Же мен созумон жанылдымбы же Алланын мага коргозо турган кордугубу, билбейм. Мен аз тороп, саз кылып тарбиялайм деп ойлочу элем. Жок мен айткандай саз кыла албадым. Мен ойлогондой болбоду.
Тилегим орундалбады. Ойлогон ойума жеттим дем, балдарымы ойлогондой тарбиялап, ойдогудай оорду-ордуна койдум дегенде мага башкача кордукту, азапты салды. Бул дуйно озу тегиз эмес, озу калыс эмес турбайбы. Ата-эне олуму бул парз дейт.
Эч убакта ата-эненин алдында баланы албасын!, ата-жээнени алсын. Бул кордукка айласыздан чыдайт экенсин. Бирок бир коодон болуп максатсыз, мойнунан байлаган иттей жашайт экенсин.
Бул дуйно эмне мындай адилет, калыс эместигин, мен башыма келгенде билдим. Эмнеге жашына карап, жолу менен алса болбосун. Мына жараткан озу калыс болбосо, озу тегиз болбосо, пенде кантип тегиз, кантип калыс, кантип
боорукер, кантип куйумдуу болсун.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Бул дуйно жалганбы, чынбы кандай болсо да кордук дуйно экен.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Сталым жадырап-жайнап баягы эле кичине кезиндегидей ата-апа деп жанкеч, боорукер, ак конул далдаке боюнча чонойду. Чонойдун дебей эле баштагы кундоруму унутуп, урушканда урушуп, жиним келсе урду-сокту кылсам да балам кабагын буркоп койбой эле, секунда отсо эле жинин таркадыбы деп кулуп,- жайнап: эми эмне кылайын дечу эле. Жароокер, куйумдуулугундо чек жок эле.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Мен баланын баары эле 《ушундай ата-энеге куйот, ата-энени ушундай суйот, ушундай эле боор ооруп турат》деп ойлопмун. Жок. Мен китептен окуганмын баласын жамандаганды. Гезиттен нааразы болгон ата-энени окуганмын. Бирок тарбиядан деп ойлочумун. <br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Корсо бардыгы башкача экен. Мен Сталдын мээрими менен бизден ажырабай, куйумдуулугунон, боорукерлигинен, жароокерлигинен башка балдарымын кандай жолдо баратканына конул да болбопмун. 10 балан болсо деле бироо гана куйот дегени кулагыма да албапмын. Стал мээримин тогуп, акыры мени ушундай какшатаарын сезбепмин. Куу турмуш ушу кунду коргозгончо мурдараак эмне алып кетпеди мени?..<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Стал сырттан окуп, милицияга жумушка орноштум дегенде абдан суйундум: Формо сонун жарашыптыр деп. Мурдагыдан да конулум тынып калды.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Себеби, Сталым озу каалаган кызына уйлонду. Мына жаркылдаган эки уулду болду. Сталдан конулум тынды...<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Мындан наркысы жолу менен кете берет дегемин.< br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Жок, корсо сенин коргонунон коро элегин коп, сен озуну бактылуу сезип журуп отуп кетесинби? Сен да бир кордукту кор деген экен.<br style="font-size: 13px; line-height: 19.5px; background-color: rgb(250, 251, 252);">Коргондо да дуйнодогу эн оор азап, эн жаман кордук ушул тура. Корсо жете алгыс, суйлошо алгыс, онбогон жер тура.
Ажал деген ата-энени, ырааттуу жолу менен алып, жашы менен алып кетсе болбойт беле?
Жанга-жан алмашса алмашат элем, ээрчишип журо турган жер болсо барат элем. Кандай кылаар айламды таппайм.
Чырактай болгон балдарынын кулкусун, кылыгын, жоругун корбой калды. Кун коруп, жыргап ойноп жургон чагында, иштеп талбай жашай турган чагында суйуп-куйуп турган чагында шум ажал баламан ажыратты.
Мына бардык жашоосу турат: уйлору ангырап турат, балама насип кылбады. Сталымы мен эрте уйлоп алып эле анын жаштыгын, анын курчтугун, анын озу токтоно электигин билбей, чон кишидей озу билет, озу чечет деп конул болбой койупмун. Озуно окшогон жылдыздуу, суйкумдуу балдарын эркелетип, ошолорду карап баласы чонойгон кишидей эле оз оюна коё бериптирмин. Стал азыр кырчын бойдон тура.
Мына Сталым тендуулор уйлонбой эле журбойбу жигит бойдон.
Баламы ал жакка барба, мындай иште, мындай жаша десем болмок экен. Балам чонойду мурдагы бала мезгили отту, озу билсин деп койгон турбаймынбы? Адам баласы басып журсон эле колунан бир нерсе келе тургандай сезилет экенсин. Жок адам кайсы куну кандай кылып алып кетсе эч жолто боло албай, колунан эч нерсе келбеген макулук турбайсынбы.
Корчу ажал каалагандай кылат тура. Мен кетип баратып кумурскадан бироонун басып алдым. Калган кусурскалар тегеренип отуп жатышты. Корсо биз деле чонураак кумурска турбайлыбы, арабыздан алып кетип жатса да, тиктеп отура берет экенбиз.Ушундай алсыз бечара турбайлыбы.
Сталыма ишенип мен эч нерсени ойлонбой кайкалап чалкалап журбодум беле. Баланы эмне деп багасын? Бизге олгондо топурак салат ,карыганда багат деп тилейсин.
Эми мындай болгондо эмне кылса болот ? Таш боор ажал эми кайсы арыма чалкалап, кайкалайм эмне деп жашайм эме деп басам, эми эмне деп журом билбейм максатсыз дуйно.
Стал мектепте окуп жургондо кол жазмасы аябай жакшы болчу. Суротту да жакшы тартат эле. Дайыма сабакка даярданганда балдар комнатасына кирсем сурот тарткан болоор эле. Стал, сабак окуганыны корбойм да, качан сабакка даярданасын? - урушсам азыр мынаны жазып бутуп даярданам, ушуну жазып кел деген деп мектептин коп жазууларын жазчу эле.
Балдардын баардыгындай эле магнитафонду бийик коюп отурчу. Комнатасына жакшына суротторду илип, жасап алып, кордунорбу жакшына болуп калыптырбы деп коргозчу.
Бир куну менин туулган кунумо досторум келип калса, апа минин да жакшы корон классташтарым келет дейт. Койчу балам-десем чын дейт.
Алты, жети классташы келишти белек которуп алышыптыр.
Кийин айтып кулуп: 《кызык элемин сиз досторунуз менен отурсаныз,мен да ушинтейин дептирмин》- деп калчу.
Ошентип журуп эле бир куну мен военный училищага - Суворовго деп калды. Койчу баламал кыйын дейт барбай эле кой десем, жок, апа барам 8-классташ балдар кетип жатабыз- деп калды. Балам чыдабай качып келбе, сен андай тартипке чыдашын кыйын десем болбой, балдарга кошулуп кетти кайра отпосо келээр десек, 《оттум, бутумун тапанынан отпой кала жаздадым》-деп кат жазыптыр.
Ошентип Суворовдо окуп калды. Кантип журот экен деп чыдабай барсам, тузук эле конулдуу жургон экен. Кийин каникулга келгенде: 《ээ, апа, уйкудан тургузуп жумшашат, ушунусу эле кыйнады, калганы колуман келет》-деди. 《Кой, балам, эми чыда 2-3 курс болгондо тынч уктап каласын》 дегемин. Ошентип 2- курсту бутоордо таштап баягы барган балдар менен баардыгы кайра баса беришиптир. 《Эми уят болбойбу, кантип барасынар мектепке?》десем мен жалгыз эмесмин 10ду бутуп анан кетебиз деп кайра барды эле.
Кийин класс жетекчиси келип (Базаркул) 《булар шаардан келип шоктук кылып жатышат》,-деди эле. Стал, уят болбойлу, балам шоктонбосонор десем: Бул жердегилер деле бизден кем эмес, калп эле бизден коруп жатышат деп калды. Кийин Базаркулдон кантип жатышат десем:《Оо, азыр балдар аябай жакшы болуп калышты. Бир нерсе болуп зарыгып, балдарга айтсам дароо аткайышат. Стал болсо балдар мындай кылалы》деп баардыгын чогултуп суйлошуп коет,- деп мактап калды.
Бироодон соз отуп эле калбаса бироонун конулун оорутуп, каяша суйлоп, баланы урган бала эмес эле. Ушинтип балалык доору да бутуп мектепти аяктады.
《Стал, быйыл бир иш кылалы. 1 жылча коё тур окууну》десек, мурда кайра келген балам айта албай биз менен кала берди. Жер алып семичке эктик, журогу эктик. Жоо журуп иштеш кыйын экен деп 《Нива》машинасын сатып бердик. Сталды машина айдай алабы же шофер окуусун окубаса дебей эле, машина айдай алам десе эле алып берип койуппуз.
Садага болоюн, ошол жылы аябай кыйналып, дыйканчылыкка иштеп, машина айдап, ушунчалык тоодой кызмат кылды.
Ошентип балам жаштыгынан эле машинаны жакшы айдап кетти. Жазындасы ГАИден бутуп барып куболук алды.
Права алгандан кийин окууга баргысы келбей машина менен алектенип калды. Бир куну балам 《Саман алып келе коёюн》-деп калды. Сейли десек Стал жок. 1 кун отот, 2-куну коркуп издеф баштадык. Атасы 1-май кыштагына чейин барды. Корунгондон сурайбыз. Корсо алыс жакка жибербей коет деп достору менен Алайга кетип калышыптыр.
Садага кетейин, айтсам алыскы жолго, жалан балдар болсок жибербей коет эленер деп кулуп келди. Мен урушуп журогубузду тушурдун деп чыбык менен чапсам да, болдубу жининиз таркадыбы?-деп бир кабагым, кашым дечу эмес. Мындай кундору коп эле болду.
Досторун кыя албай, калп айтып кетип, келгенде туурасын айтчу.Садага болоюн, кулунум экообуз базарга коп бирге барчубуз. Апа сиз менен базарга барганды жакшы кором деп калчу. Жадабай эми эмне кылалы, кайсыны алалы деп ээрчип конулумду калтырчу эмес. Балам ай балам, бизди канча жолу ойноттун. Ажикеге Рыспай Абдыкадыровдун эскеруу концерттине, койчу кайсы бирин айтайын, коп жерлерге алып барып журду.
Ошентип жургон кундордо биз уйдо жок кезде, венкоматтан бироо келип, шофер болосун деп армияга барасынбы деп алып кетип калыптыр. Мен армияга кеттим деп кат жазып коюптур. Военкоматка барсак 《2 кундон кийин кабар алгыла, кайсы жерге барганын айтабыз. Балдарды алып кеткендер келе элек》деди. Ичим аябай ачышты. Эптеп чыдап журуп 1 айдан кийин бардык. Алам жудоп калыптыр. Эски военный кийимдердм дубанадай кылып кийгизип коюптур. Коруп алып ыйлап сыктап, болгон тыйындарыбызды берип Сталды сурап алып келдик. Келгенден кийин жибергим келбеди.
Озубуздун военкоматка барып ыйлап-сыктап кейпин коргозуп жибербей боздодум. Канча жолу тушундурсо дагы болбодум, жолун таап бер жибербейм. Мен шофер болуп иштеп калган тура дептирмин, армиянын салтын тушунбой эле. Мына мен армияга ыра корбогон баламы эмне кылды жараткан.
Кайсы кунду коргозду кудайым?
Жаркылдаган баламы жаныман чыгаргым келбей журуп эми кантип жашайм, билбейм.
Акча толоп военкоматта калды, ушундай жолу бар экен. Олдо жараткан берсе бышыктап бербейби, берсе тим койбойбу?
Алда тегеренейин ай, мен сени кандай жакшы корчу элем озгочом.
Ашыкчам, балдарыма алаксып чоноюп эр жетпедиби деп киришпейкойгонуму карачы? Колуман чыгарбай койсом эмне? Ой апа, ушинте эле бересин - деп коюп конулуму калтырбайт эле. Арадан 3 жыл ушинтип отуп кетти. Онду бутконуно.
Эми окууга тапшырайын деп юридический факультетке документин тапшырды. Кой балам,эми уйлонуп ал, ушинтип журо бербей десем: 《койчу апа, ойундагыны эле жасай бересиз》,- деп калды. Койчу балам, балдарын озун менен тен чоноюп калат коросун?-дедим. 《Койсончу болбогон созду》- деп кейип калды. Досторунун эч кимиси уйлоно элек. Достору келгенде айтып койсом, биз Сталды кондуробуз. Кызы бар деп калышты.
Сталдын уйлонгон куну, озумду кандай бактылуу сездим эле коргон билгендер баардыгы эле билишет. Асманда учуп жургондой эле калкып калгамын. Мен ойлогондой куда таап, куда соок кутуп, келиним озум чонойткон кызымдай болуп жуурулушуп кала бердик. Той откоруп экооно бата алып бердик. Экоо тен юрфакта окушат ээрчишип.
Ошто жашап калышты.
Кел дегенде келишет, чыдабай кетсем жетип барам. Ошентип уулдуу болушту. Биринчи уулунда Стал жок эле торотун коргон жок.
Мен болсо эсен-аман коз жарып алса экен деп ыйлап-сыктап кудайдан тилеп жалынып журдум. Садага болоюндум атын Нурдоолот койдук. Нур чачырап турсун деп. Доком менин Сталыма куюп койгондой окшош болуп калыптыр. Биз озунчо эле бактылуу кундордо жашап жаттык.
Экинчи баласын торогондо коркок Сталым, Оштон жашаган жеринен Каракулжага алып келиптир. Апамын коз алдында бол деп. Эккинчиси да уул болуп Бексултан койдук. Ошондо мен Сталды досторун коруп, булар бала эле бойдон да карасандеп кулдук. Достору чогулуп алып жолдо гулдогон гулдорду узуп-узуп алып роддомго кетишти.
Каракулжада же гул сатпаса...
Ошону ойлоп тапканын карасан бала бойдон да булар.
Эки уулдуу болдун, эми киши болуп калдын десем, койсонор силердин эле баланар булар деп Нурзатты карап кулуп койчу. Олдо шору жок балам. Мен силерди досторун эми уйлонуп колдоруна кичине балдарын которуп оюн шоокто жургондо силер ээрчишип кыз-жигит болуп журосунор, буларды уйдо мен багып чонойто берем дебедим беле. Олдо куураган жаным, ушундай кааран кунду кором дедим беле.
Бир куну ап мен милицияга ишке кире турган болдум, азыр окуп жатабыз деп келди. 2 ай окуп, закондорду уйронуп анан ишке алат экен. 20 бала окуйбуз, старостасы менмин деп, деги эле чон кишидей болуп тушундурду. 《Жакшы болгон тура, окуй бер, балам》-дедим. 《Окууму буткондо жогорулап алам》- деди. Окуп журуп буткондон кийин дагы эки айдай бош журуп анан иш алыптыр. 《Резиденцияда дежурстводо турам》дечу эле. Иштеген жерин корбоппуз. Бирок, Сталга милицейский форма аябагандай сонун жарашыптыр деп суйунуп журдум. Ушинтип эле иштеп журо бербей балам ай Россиялыктар чакырып жатат, бир барып келейинчи?- деп кетип калды.
Ишинчи?-деп чочуп кеттик. Начальнигиме суйлоштум, кайра келип иштей берем- деп калды.
Кой барба деп койбой, озун бил деп койупмун, куураган жаным.
Ата сен бул машинаны мине бер- деп машинасын таштап кетти? Мен машинаны иштеп келип сатып алам деп калды. Артынан Нурзатты жонотуп жибердик. Балдары менен уйдо отурат деп суйлоштук.Стал кайсы жерде болсо да тез-тез суйлошуп турчу.
Куздо келип калды, Гукуну турмушка беребиз десек. Мен 《куйоого берели эми Гукуну》десем, апа, озу эмне деди?-дагы сиз берем деп жатасызбы? Гукуну чонойду деп ойлогон жок элек.
《Бир карындашым болсо,тойуна кантип келбей коеюн》деп жетип келди. Онбогон куу баш жаным, болду эми кетпе дебей, тойго келди да кетет тура деп эле кетирип жиберипмин.
Машина минип келди эле тойдо минейин деп. Дагы эмне жибердик. Тез кел деп дагы Россиядан званок келсе, кетиш керек деп эле жонотуп отуруп калыппыз.
Балам бир баш бербеген бала эмес эле. Кайда барасын? Барбайсын! -десек эле калат эле. Шордуу жаным, эмне деп жонотуп жибердик? Караан кун тушконун билбей баламы жонотуп жиберип, элдей, мурдагыдай эле келет деп журсок, ушу караан кунду коргозбодубу.
Кантип эле ушундай болсун деп ишенбей кетем. Суротторун коруп, кассетадан коруп баламы эч ыраа корбойм. Жаркылдап балдарын эркелетип, токойго алып барып, парктарга ойнотуп эле журот. Ушундай ала коодок, ичинде кири жок, тардыкты, зарлыкты билбеген бала кыял болгон балам кантип эле чын кудайым бар болсо алсын деп ойлойм.
Кечээ куну бир досум конул айтып келгенде Сталым кантип ушинтсин, кандай жоодураган бала эле деп ыйладым. 《Ээ дос, кудай караозгойлорду колдойт окшойт убактынча》деди.
Чын эле кудай деп канча жолу кудайы откорупСталга бата алып берип, мага эч нерсенин кереги жок, балдарым эле эсен болсо болду десем, ушундай кундон сакта деп тилесем кайра мага ушул кунду коргозбодубу? Чын эле кудай дакудай дегендерди карабай, жаны жок, ач коздорду колдоп калган бейм- деп куноого батам. Кечире кор Аллам.
Сталбегим дайыма Оштон же бир жактан келсе ишканага келип: 《Бас апа, кеттик, сен жок уйго киргим келбеди》дечу эле. Койчу балам, чон эле болуп калдын, уйдо эле олтуруп турбайсынбы? ...дечумун.
Садага кетейин мээриминен, эми мени сендей болуп ким кадырлап, ким суйуп сендей болуп ким сырдашат?
Балдарын жетилгиче качан?Стал Россияда жургондо Нурдоолот: Сталды сагындым, видео койчу. Стал атама айтам, мага чон машина сатып келет!-деп калчу. Сталды койгондон кийин копко чейин унчукпай, чон кишидей болуп ойлонуп журду. Бир куну ушинтип бата кылсак-келеби дегендей кылып, апа, Стал атама 100го чыгып, коп жаша деп бата кылалычы деп ыйлатты. Эми ичи куйуп келбей калабы деп ойлоп айтты окшойт. Сталдын копиясы ондуу окшошуп эле турат, бирок шок, ордунда тура албайт. Сталдын кичинесиндеги суротун илип койсом 《апа, менби?》-деп сурайт. Нурдоолотту детсадка тапшырсам 《Ой, Стал эми сен келдинби, атан ыйлаак эле》 деп, атын таппай эле Стал келди дешет. Стал баягы сен жургон детсадка тапшырдым баланы десем, келген сайын озум алып келейинчи Докуну деп детсадка барып калчу эле. Стал атам мени машина менен алып келди, алып кетчу эле да - деп койот. Биз куран окусак атама мен биринчи окуйун деп билгенин айтып куран окуйт.
Нурдоолоттун ички дуйносу Сталдын озу эле: ичинде кымындай кири жок, далдаландаган, эч кимге окшобогон, 《бардык адам мендей》деген бала болот. Сталдан чон эмес кичинерээк болот окшойт. Бексултандын сулпаты Стал эле: басышы журушу, турушу баардыгы Сталдай, бирок ону окшобойт. Балдарынын кыялын, жоругун, турушун журушун окшоштуруп аргасыздан, айласыздан жашайт экенсин. Кундордун биринде Нурдоолот шоктонгонунан: кой балам шоктонбо, Нурзат апан Россияга кетип калам дейт тил алсан десем: Стал жок Россияга барбайт,-деп кууратпадыбы! Олдо балам ай, чонойгуча дагы канча соз угуп, канча ыйлайбыз. Эртеменен туруп Сталды жоктоп ыйласам алдыма уктап калат. Ойгонуп: 《буттунбу, апа》дейт. Стал атам баралычы деп калат, мурзосуно алып барып койобуз.
Кээде барып келдинби Стал атама,- деп баардыгын тушунуп калды. Бексултан болсо 《Стал кана десек!-,《ана》- деп суротун коргозот.
Каякта?-десен 《вум,вум》-депти ата,-деп калат. Кундордун биринде келет деп кутуп журот. Мурдараак саныды окшойт, кишилердин бардыгынын бетин карап, анысына, мунусуна бара берет эле, эч кимиси окшобойт, эч кимиси Сталдай эркелетип, суйлобойт. Азыр эми Абдивалидан башка эч кимге барбайт. Ии, менин атам деп турат. Атадан шору каткан балам. Мен силерди уч атасы бар бактылуу балдар дечу элем. Корсо бактысыз жетимдер турбайсынарбы? Кайсы куноонор учун силерди ушундай кылды?
Сталым тез-тез эле кээдк ошол илгери чарчаган кызымы эскере берчу: Апа, Жазгылун болгондо менин эжем болуп мени башкармак экен, быйыл мынчага чыкмак экен,- десе мен эскергенине суйунуп бул мынчага чыкмак ээ, ал болгондо эмдигиче бала-чакалуу болуп калмак деп калчу элек.
Экоо ткн июнь айында: кызым 6-да, Стал 8-де торолгон. Мен дайым эле 6-июнда торолгон белен Стал? - десем, жок мен 8-июндамын, Жазгулун 6-июнда дечу эле. Олда шордуу балам, откон кыз отподу беле, аны эмне эскерип журдук?
Сен эмне болдун эр жеткенде?
Ал го наристе эле? Ошо наристени 27 жыл эскерип айтып журчу элем. сен мени кууратпадынбы? Эми карыганда бизди багаарда, балдарыны таштап, куйутко салып кетпединби? Онбогон, ажал баламан мурда мени албайсынбы? Каардуу, заардуу ажал,Стал бизге топурак салса болбой беле? Тегизим, боорукерим, куйумдуум, Сталдын сен деп суйлогон созу, мен учун алаканга салгандай кымбат тура. 《Апа, Нурзат сиз》деп айт леп урушуп атат деп калды. 《Койчу балам сен десен деле бизге сиз дегенден жакшы угулат. Мейли балам сен деп журо бер дегемин. Мына сен деп турган караанына зар болуп калбадымбы?
Стал садага кетейиним. Мен хми сага садага кетпедим.
Жоодураган козунон тегеренейин. Мен эми тегерене албадым?
Алдына кетейиним. Мен эмне алдына кетпедим? Жараткан кудай бар болсо эмне бизди болду? Мен сенден кантип ажырадым? Сени кандай жакшы корчу элем. Баардык тапканымы сеники дечу элем. Керек болсо жанымы сенин ордуна берет элем.
Кандай кылаар айламды таппайм. Сен кичинекейинде айланчыктап турчу элем. Эми чонойду деп, балдарыны эркелетип, сенин али да жаш эле бойдон экенине карабай конул болбой коюптурмун. Сени мен жаш эле уйлогонум болбосо, сен кырчын эле бойдон элен. Карачы, таш боор ажал кандай дуйнодогу кордукту мага корсотту. Жоодураган боюнча эч нерсе корбой, балдарынын кулкусун, чонойгонун корбой кеттин. Менин болсо эч жерим деле оорубайт. Бар менен жоктун ортосунда оло албай балдарыны тиктеп жашап жатам. Чын кудайым бар болсо жок дегенде бир кучактап сырдаштырып койсочу! Кандай ак конул, боорукер, тегиз, ичинде кирин жок,тамашакой бала элен. Уйдун туткасы, уйдун куту, берекеси, ынтымагы, жарыгы эмес белен! Сен бар мага эч нерсе билинчу эмес экен. Карачы сага конул болбой сени коро албаган, ач коздорго неге кошконуму билбей,масилат кылып же барбайм деп эле койсончу.
Сени мен тойго келди, деген ой менен эле кетирип жибериптирмин.
Баланын ошол куну чыркырап ыйлаганы, сен атанын кейпи, кылган жоругу мени сыздатып гана ийет. Кандай кылганда ордуна келет эле онбогон жарык дуйно!
Стал, дуйнодо мени бактысыз кылып койдун. Сенин: Жазгыл болгондо мени баштайт эле,-деген созун азыр кулагыма жанырып мен унуткан нерсени эстеттин ошол чычкандай немени, сенин мээримдуулугун унуткарбады эле. Карачы эми эр жетип, мени багат деп умут, кылган чырагым сен эмне болдун? Кандай кылаар айламды таппайм.
Кийинки кезде коп сырдашпай калган экенбиз. Сага эптеп жетким келет, бирок жанымы кыя албай эки баланы эш тутуп отурам. Бирок бул дуйнодо озумду ашыкча, кереги жок буюмдай эле сезип журом. Олдо садага болоюн, кырсыгыбы же ажалыбы сени эптеп алып кетти. Экообуз сырдашып калсак, эшиктен кирип келсе деп ойлойм. Сени эстеп жинди кишидей эле болуп журом. Олдо садага болоюнум, Тоом, арстаным, жолборсум, уйуно келсем эч ким жоктугун сен Россияда жургондо билчу эмес элем. Карачы баардыгы турат, озун жок. Онбогон жашоо, онбогон жарык дуйно кандай ачуу?
Ушул дагы эки баланы айтсан- бири козун, бири озун болуп калганын, ушинтип алдайт экен жарык дуйно. Элге окшоп коз тийет, соз тийет дебей эле журо бериптирмин. Кичинендегидей тумар тагып, коз мончок байлап койсом эмне? Же кой балам жакын эле журчу дебей эмне болдум?
Кара башыма корунуп мени эле албайбы, как чокума корунуп мени эле албайбы. Онбогон ажал? Эми менин кайсы жыргалымЭми менин кайсы жыргалым калды? Мен учун бул дуйнодо уулум жок. Жакшы, мурунга жыт кылып Гукуну, эки баланы бергенин. Ушулардын ден-соолугу чын болсун, омуру узун болуп, башыдан чон бактылары болуп сендей боорукер, мээримдуу болушсун деп тилеп отурам. Стал тушумо бир жакшына кирчи. Сени коруп ооп суйлошуп алайын, жок дегенде сени кучактап ооп ыйлап-сыктап сырымды айтып, арызданып алсам бул менин оюм. Бул чындыгында болбогонун билсем дагы, жиндилерге бир нерселер корунот дечу эле. Ошондой жинди болуп ушундай кунду коргозсо деле мейли болуптур десе деле мейли эле, сени гана корсом болду эле. Садага болоюн жоодураган козунон тегеренейин. Таш боор жашоо... Мен эми кантип сени мурдагыдай кором? Мурдагыдай обом? Эстесем журогум зырпылдайт. Ээ балам, жоодураган эки балан болбосо мага эми жашоонун ъмне кереги бар эле? Ач коздор эки балан чонойгуча баса калып балдарды кор кылабы деп корком. Болбосо оз ырыскысын озунон айтсын, даярдаганда деле насип кылбаса бекер тура.
Мен сени бир жерге ишке койгонго аракет кылып журбодум беле. Сен ал жактан тапсан, мен бул жактан аракет кылсам сени оз тендуулордун алды кылам деп эле шашып журо беринмин. Кереги жок баардык нерсенин, балам менен бопурашып эле тапканымды жеп-ичип журо бербей кетирбей койбой эмне болдум? Барбайсын десем калат элен? Оо шордуу жаным, кандай караан кунго кабылдым, эмнеден жазып-тайдым? Онбогон куураган жаным кандай кылсам болот? Кантип жетсем болот? Оо шордуу дуйно, ушундай азап коргозбой эле жаратпай койсо эмне?!Атаганат, арсаны куч бул дуйнодо кайрат кылышка дарманым жетээр бекен? Эч болбосо, Сталдын эки чырактай уулу эр жеткиче жолок боло алар бекемин? Балдарды багып алар келиним Нурзатка обок боло алсам кана?
Баламын балалык кезиндеги ар кыл жоруктарын эстеп отуруп эзилип кетем.
Сталды 2-классында Ажике жайлоосуна каникул учурунда жонотсом, бир жума откондон кийин сагынып кетем деп ыйлаптыр- жеткизгиле мени деп, ошол кундору Ажикеге вертолет барып калат. Вертолеттун тегеренип жаткан пырпыракты коройун деп калпагын ыргытып коруптур.
Калпактан эч нерсе жок, чоптой болуп тытылып кетиптир. Садага кетейин коройунчу деп оюнчуктардын да ичин ачып коро коюп буза берчу эле.
Мен Сталдан бир нерсе чыгат, ичин ачып эле коро берет дечу элем. Стал озун токтотуп эми бир нерсе козу жетип, жетилип бир нерсе чыга турган мезгилде шейит болбодубу?
Салабаттуу суйлоп мынандай жасайлы дегенге доход керек, созсуз бир иш жасайлы деди эле, тилегине жетпей калбадыбы? Бир нерсени чече албай атасы экообуз алашып калсак, койгулачы мындай жасайлы деп тынчытып коер эле.
Советтер Союзунун жакшы мезгили экен, балдарымы лагерге жиберип, жай мезгилинде эс алып келишчу. Лагерден деле силерди сагындым деп келе берчу. Балдардын кыялдары башкача болот тура, корсо Стал бизге ушунчалык жакны тура, жаныбыздын тени тура. Талаада журсо дагы жума сайын суйлошуп, ал-акыбалды сурап турат эле. Олдо кудай, куураган жалгыз калган ата-эне толуп жатпайбы? Сталдын ашыкча куйумдуу, ашыкча боорукери, ашыкча ата-энесин кадырлаганы, биз
учун табылгыс болуп атпайбы?
Садага кетейин таппасанделе, бакпасан деле, журсон болбоду беле. Мээриминен айланып кетейин Стал бир бала менен урушуп же бироонун конулун калтырбайт эле. Жаш бала болсо дагы ушунун айтканын жасап берейин дечу эле.
10-классында окуп жургондо аяш уулум Илимбек менен иним Жанарбек издеп келип калчу. Сени эле экоо коп издейт десем: буларга кичине жолок болбосом, болбойт деп калды. Ал эмнеси десем, корсо чон класстарга менин инилерим деп, Кыялбекти, Илимбекти, Жанарбектин агасы болом деп коргоочу экен. Бир жолу Кыялды кел жардам берип койчу десе тил албай койгондо эми керек болбой калдымбы деп тамашалаганын билем. Балам ай эч кимдин конулун ооруткун келчу эмес эле кай жеринен жанылып, кай жеринен жаздык?
Сталым акем уйлонот деп куну-туну суйунуп кызмат кылганын эстейм. Коп эле бала мындай куйугуп кызмат кылбайт ата-энеге. Олдо балам ай балакананы 2 суткада, досторун алып келип, бутпой турган нерсени келип, бутпой турган нерсени бутуп коюшкан. Негедир буту куйгон тооктой берилип, дагы эмне жетишпейт деп уктабай кызмат кылды эле. Коп эле жолу конуп алган балабыз го эс алганын, албаганын билбей эле 《кокуй бул жок, тиги жок》дей берчу экенбиз.
Азыр болсо бир нерсе бутуро албай кайра-кайра убара болуп, чарчап-арып жатабыз. Биз азыр эмес кийинчерээк кантебиз балам? Азыр го ыйлап-сыктап басып журобуз. Сен бизге карыганда абдан керек эмес белен. Сени эмне деген тилек менен бактык эле. Сен же эртерээк кетем деп мээримдуу, куйумдуу боорукер болуп какшатып,боздотуп алдынбы? Мен учун жарык дуйно сен экенсин! Балдарын болбосо боюмду таштап жок болгум келет. Балдарын озундой жанысан чыкпайт, койнума колун салып экоо тен талашып калганынан ган Сталдын балдары учун жашайт окшойм деп ойлойм. Сенинколумду сыйпалап жатып уктаган кундорундой, балдарын да ошентип сендей болуп колдорумду сыйпалап, койнума колун салып укташат.
Мына турмушта корунуп тургандай, балдар аял алганда озгорулуп ата-эне менен мурдагыдай боло койбой, озунун комочуно кул тарткан балдар толуп жатпайбы. Мен ушуга тан калам, ушундай кунго калтырыш учун эле, Сталды башкача жаратканбы? Карайынчы чонтогунду? -деп зарыкканда же тыйын сураарда ушинтип калчу эле. Бар болгондо 《апа, мына керек кылаарсынар》деп пул берип коер эле. Озуно деле керек да, уй-булоолу болду, озунчо оокаты бар же болбосо аялына берип койсо деле болмок мен булардын канча таап, эмне кылганына киришет белем? Ошон учун ойлойм, бизди сеники-меники жок, ашыкча эле бактылуу кылган экен》-деп. Телефондон суйлошкондо деле 《эмненер кем, эмне керек?》-дейт эле. Эмне баламын баардыгы жетишип ашып кетти беле, жок, бул бизди сыйлап, бизди барктаганы, кадырлаганы болсо керек деп, биздики Сталдыкы да деп ишенип бирге деп журо бердик эле.
Мээримдуу ак конул балам ай, кочодогу кичине балдардын да конулун которгусу келип балдарды салып алып машинасына ойнотуп келчи эле. Кана тизилгиле деп суротко тартчу эле. Балдарга силерди бир видеого тартайын》 деп балдардын конулун таап ойнотконун айт.
Бала кыял ак конулум озундойкорот баардык элди.
Нурдоолоттун тушоо кестисин откоруп аялдарды озунчо, кыздарды озунчо, эркектерди озунчо жугуртуп, папырап оюнчук, арак-шарак берип озунчо эле бир кубанычта той откоруп журдук эле.
Талаада журом дебей, Россияда да Бексултандын тушоо кестисин откоргонун карасан.
Беки эрте басты деп ал жерде тушоо кечени тойдой кылып откоруптур. Стал акыркы кундору тез-тез кийим кече жонотуп, 《эмне керек?》-деп эле тез-тез сурап биз учун деле кам коруп жатты эле. Олдо кулунум ай, кайсы караан кун тушту башыбызга?!
Балан жакшы чыкса баары суктанат. Айылдын жаш балдары да кеп кылат экен. Атаганат, бул балама бироолордун сугу отту бекен?
Ата-эненин сугу катпайт имиш. Сталды озгочо жакшы коруп,суктанчу элем. Ошого озуму жемелеп отурам азыр. Ал анкоолугунан же чалпоолугунан майып болгон жок да. Мандайынан капыс чыккан доодой машина кабыштырып, каптап отту, дешпедиби. Жанындагы 3 жаш неме да бейажал набыт болуптур, атаганат. Ошол жердегилердин кадыр-урматына татып калган экен Стал уулум. Авария болгон жерге эстелик орнотуп, ошондо эн устуно Сталдын суротун коюшуптур.
Арманым айтам кошокто
Чырагымдай жаркылдаган балдары
Сталымдын жашоолорун улантат
Атасындай осуп жоомарт, боорукер-
Чон энесин, чон атасын кубантат.
А Сталым эстен кетпейт куну-тун
Алыста эле бир ишинде жургонсуйт.
Апасына, балдарына жарк этип
Адатынча сагындым деп кулгонсуйт.
Кундор отот, айлар отот зымырап,
А Сталым кетпейт ушул дуйнодон.
А мен болсо арман менен кыбырап,
Кошок кошуп, коштошо албай суйлоном.Аргасыздан тируулордун сабында
Биз журобуз бала артынан кеталбай.
Тируу сезем кагылайын балам ай.
Же караанын бир корууго жеталбай.
Балдарына алаксытып бул дуйно
Жан кыйбашка, жашаганга ээрчитет.
Медер кылып бала берип жараткан.
Кайра алып, кайра неге кемсинтет?
Жаркылдаган жапжаш менин баламы
Эмнеликтен эрте алды экен кудайым?
Жароокерим, боорукерим дуйнодо
Ишенгеним, сен деп тартам убайым.
Бажырайган жап-жаш менин кулунум
Эмне мынча ажырадык эртерээк?
Кайсы жерде, кайсы убакта жанылдык.
Эстен тайып, чеч албадым энтелеп.
Мээримине садага
Чабылбадым кулунум.
Жоругуна садага
Кетпедим неге кулунум!
Колунду кармап чырагым
Укпай калдым оюну.
Бетинен ооп чыркырап
Билелбадым ооруну.
Талаада журуп ушундай
Болоорунду билбедим.
Наркы дуйно тууруна
Конорунду билбедим.
Бажырайган балдарын
Таштаарынды билбедим
Жаркылдаган зайыбын
Жаш калаарын билбедим.
Уч уктасам тушумо
Кирген эмес мындай кун.
Уч уктаса ата-энен
Билген эмес мындай тун
Карыганда кутоору
Жол калаарым билсемчи..
Канкакшатып куйуттон
От калаарын билсемчи.
Улгайганда ушинтип
Багары жок каламбы?
Ушуп-жудоп калганда
Табары жок каламбы?
О, шору жок балам-ай,
Ушунча беле журорун?
Уй-булону кубантып
Ушунча азбы кулорун?
Уч-кыйры жок бул дуйно
Балам учун тар белен?
Баладан куткон умутум
Байкатпаган жар белен?
Кагылайын каралдым
Караанына зар энен.
Жок дегенде балам-ай,
Отузга чыгып калбайбы?
Опасыз бул дуйнодон
Ошондо ажал албайбы!
Кандай гана кыйналып
Бактым эле, балам ай!
Эми гана жаным тынч
Жаттым эле, балам ай.Балдарыман башкача
Эмес белен, балем-ай.
Бир жарк этип жалдыздай
Элес болдун, балам-ай.
Сени коруп озгочо,
Таштап кетет дедимби?
Баш айланткан кайгы-мун,
Баштап кетет дедимби?
Баарыбыз сыздап ыйладык
Балдарын жап-жаш калганда.
Алган жарын кыялбай
Ал дагы отор арманда.
Балдарын журот мени ээрчип,
Ошого каниет кылайын.
Пешенен жарып тиякта-
Бейишин берсин ылайым.
Ыйлайм, сыздайм, боздойм, аргасыздан жашайм. Максаты жок жашоо. Коп кун ыйлайм, коп кун боздоп, коп кун сыздасам да Сталым тушумо дагы кирбей койду. Сталым менен жок дегенде тушумо кирип сырдашсам экен деп тиледим, бирок, аюмдагыдай кирбеди. Эмнелерди айтып, эмнелерди гана дебедим. Ичим ысып, куйуп жаткансыды. Бирок эч нерсе болбоду. Олгум келди, бир канча жолу кат жазып, туну эшикке чыгып журдум, бирок оло албадым. Сталдын эки баласын тиктеп, кайра кайттым.
Стал балдарын кандай жакшы корчу эле, таштабайт эле балдарын. Онбогон ажал болбосо Стал кантип таштасын. Стал аргасыздан ажалдын айынан ажыраса мен да таштап кетейинби?-деп озумду озум алаксытам.
Стал бизди кантип эле боздотуп кетип калсын. Жок эле ыйлай турганымы коргондо деле, ыйлатпайт эле, эмне кылыш керек деп чечет эле. Жакшы созун айтып сооротот болчу. Сталдын колунан келбеген иш болбодубу. Нурзатты жалгыз калтырбай эки баласын козум откучо багышам. Сталдын оордун жоктотпошко аракет кылам. Жакшы адамдан жакшы соз чыгат, жаман адамдан жаман соз чыгат деген чын туура.
Мени Чынар досумун: сен ыйлап-сыктап, боздоп отура берип ооруп калсан, куйо турган Сталын болбосо, неберелерини карашпай ооруп калсан, сени ким карайт?-деген созу мени чыйралттырды. Чын эле мени ким карайт? Ооругандан коро олойун дедим. Мени карамак тургай, эки ооз жылуу созун айта албаган мени бакмак беле деп озумду озум токтотуп эч ким жок жерде ыйлап, козумун жашын тамчылатып, оюмдун баарын кагазга жазып, бугумун баардыгын жазып женилдендим.
Садага болоюнум Гукуну кичине деп конул болчу деле эмес экем. Ушу кызым да: -《апа, ушуинтип оксуй берип, озунузду таштабанызчы. Баардыгынбыз эле кете турган жак тигил дуйно экен, Стал акамин балдарын чонойтсонуз, анан сиз деле Стал акамин артынан барасыз》дегенде мен чын дилден Сталды эртен коро тургандай кубандым.
Чын эле ошол жакка кеткиче Сталдын балдарын бага турайын деп сабыр кылып калдым.
Омалуу-токмолуу дунуйо кээ бир адамдар олум эмне экен, ажыроо эмне экенини тушунбогон да макулуктар бар тура.
Оо онбогон олум! Жакшыны молдо кылган, жаманды жинди кылган онбогур. Олумду деле жолу менен, жашы менен алса болбойбу!
Ата-энени балдардын алдында алган кандай сонун! Балдарынан топурак буйруса кандай сонун! Таш боор ажал, душманга ушак кылып кемиткен ажал кандай кунго туш кылдын?! Мен деги эле жаш сураган жок элем. Азыр алса деле мейли: корорумду коруп буттум, балдарыма тийбесин дечу элем. Тилеген тилегим ушундай беле?
Куйгон катын кошокчу деп бекеринен айтпайт тура. Бардык бугумду кагазга жагып, женилдейм. Кошок кошуп женилдейм.
Эртелеп турам шашылып
Балам бир кутуп тургансыйт.
Эртелеп туруп эскерип Конулум бир аз суугансыйт.
Саарлап турам шашылып
Сталым кутуп тургансыйт.
Саарлап туруп эскерип
Санаам бир аз суугансыйт.
Кун батканда ай чыгат,
Куну бир бутпойт турбайбы!
Кутуп бир журом Сталды,
Келет деп кутом куркайгы!
Ай батканта, кун чыгат,
Жашоосу бутпойт турбайбы.
Ай айланып кун отсо
Сталым колун сунбайбы!
Эки бир козум жумулуп
Кеткичекти эскерем
Сталымын артынан
Баргычакты эскерем.
Эгиздей болгон балдарын
Эркелетип суйчу элен,
жакшы коргон балдарыны
Кантип таштап кеттин сен.
Ардактаган балдарыны
Кантип таштап кеттин сен?
Айланайын зирегим,
Кеттин сен, айтчы кайда.
Тапканымын баардыгын
Сталдыкы дечу элем
Басканымын баардыгын
Стал учун басчу элем. Тапса ме деп апаке
Чонтогумо салчу элен,
Керек боло калганда
Чонтогумон алчу элен.
Оо шору жок кулунум
Кырчын бойдон кеттин да.
Сендей болуп чонтогумо
Эми колун ким салат?
Сендей болуп жаркылдап
Эми мени ким эстейт?
Сендей болуп жоодурап
Эми мени ким суйот?
Сендей болуп шарактап
Мен учун ъми ким куйот?
Сендей болуп жоктогон
Эми асты болбойт да.
Сендей болуп камкоргон
Бкла эми болбойт да,
Ашыкча бооуп куйумдуу
Балам эрье кетти да.
Озгочо болуп суйкумдуу
Балам эрте кетти да.
Ээрчишип алып базарга
Барчуу элек экообуз.
Сени менен жургон кун
Жагат мага дечу элен
Сени менен сырдашып
Жаткан кун жагат дечу элен.
Сендей болуп эч ким менен
Сырдашып коргон жок элем.
Сендей болуп базарда
Ээрчишип жургон жок элем.
Масилат кылып ээрчиткен.
Кун болбосун эстесем.
Куйуп, куйуп кетемин
Кайра экообуз сырдашчу-
Кун келбесин эстесем
Боздоп-боздоп кетемин.
Куйгон катын кошокчу
Деген соз туура турбайбы!
Бугумду жазам кагазга,
Оюмду тартып кур кайгы.
Козумун жашы тогулуп
Тамчылап турат кагазга.
Куйбогон билбейт турбайбы,
Соз кылат тура аз гана.
Олгонду билбейт турбайбы,
Ушактайт тура уялбай.
Эч нерсеси олбогон
Билбейт тура куйгонду.
Карыганда адамга
Конул керек эмеспи
Жашын откон чагында
Конул керек эмеспи.
Конулун чогуп турганда
Конулуну которор
Бала керек эмеспи!
Дунуйосу курусун,
Мээримин тогуп турганда
Бала керек эмеспи.
Сыздап ыйлап турганда
Сооротор балан болсочу.
Боздоп ыйлап турганында
Боорукер балан болсочу.
Куу чоку болбой дуйнодон
Баламан мурда кетпедим.
Куу баш болбой жашоодоСталыман башта кепедим.
Алып келип гулдорду
Эктин эле эшикте.
Эгип кеткен гулдордун
Бажырайып гул ачты.
Гул ачкан сайын баркырап
Эстеп турсун дединби.
Эгип кеткен гулунчо
Журо албадын кулунум.
Эшиктеги бактарды
Эктин эле чырагым.
Эгип кеткен бактарын
Баары бирдей момо алды.
Эгип кеткен багынча
Жашабадын чырагым
Бышып турган момончо
Журо албадын чырагым.
Атам эккен алма деп
Балдарын узуп жеп журсун.
Ай тийбес тоонун ар жагы
Корунбойт такыр турбайбы.
Кулунум кеткен алыс бак
Корунбос жер турбайбы
Сталыма кете албай
Сыздап тартам куркайгы.Жаштыгына карабай
Миндин эле машина.
Айланайын чырагым
Машинан жетти башына.
Турлоп бир минип машина
Журдун эле зирегим.
Жо журбосун дептирмин
Машина жетип башына.
Тентушунун алдына
Чыктын эле зирегим.
Акылын бир башкача
Болду эле зирегим.
Балдарынын алдына
Чыктын эле зирегим
Жашоодо бизди оксутуп
Алды болуп туйгунум
Кетип калдын каяка?
Суук коз отуп кетет деп
Коз мончок тагып койбопмун
Элдин созу отот деп
Тумар тагып койбопмун.
Кырчындай болгон курагын
Кыйылып калды жаш гана.
Отузга жетпей курагын
Ойрон болдун жаш гана.
Отузга жетип жашасан
Куноо болот дединби?
Кырчындай болгон курагын
Жаш бойдон кете бердинби?
Артында калган туягыны
Ойлобой кете бердинби?
Артында калган зайыбыны
Сагынбай кете бердинби?
Алмалуу жерге чоп чыгат
Арасына гул чыгат.
Артында калган балдарын
Атасыз калды чыркырап.
Жийделуу жерге чоп чыгат,
Арасына гул чыгат.
Жетекте турган балдарын
Жетим калды чыркырап.
Асманда учкан ылаачын
Айланып колго конбойбу!
Артында калган балдарын
Атасыз калып боздойбу?
Коктогу учкан ылаачын
Айланып келип конбойбу!
Артында калган балдарын
Атасыз калып боздойбу?
Коктогу учкан ылаачын
Коколоп колго конбойбу!
Кичине калган балдарын
Коксоп бир сени жоктойбу?
Ааламдын алы жетпеген
Ажал деген бар тура.
Жаш экенин карабай
Жанын алар бар тура.
Эми омур берсин кудайым
Сталдын балдарына
Жакамы кармап тилейин
Сталдын атын очурбой
Балдары болсун артында
Окшошсо экен Сталдын
Кыялындай баласы.
Болсо экен Сталдын
Жоругундай баласы.
Болсо экен куйумдуу
Атасындай баласы
Болсо экен суйкумдуу
Атасындай баласы
Журсо экен балдары
Узун болсун омуру.
Атасынын жетпеген
Тилегине жетсе экен.
Узун болуп омурлору
Таалайлуу омур сурсо экен.
Ата-эненин кадырын
Билген бала болсо экен.
Мээрим тогуп чачырап
Турган бала болсо экен
Суук коздон алыс болуп
Журсо экен балдарым.
Ач коздордун козуно
Илинбесин балдарым.
Коро албагандын козуно
Корунбосун балдарым.
Жандарын таштан жаратып
Бекем болсун омурлору
Омурлору узун болуп
Оксубосо экен конулдору.
Пенде жарык дуйного келгенде
Эмнелерди максат кылат?
Ага омур берген Алла Таалага ибадат кылып, жараткандан жакшы нерселерди несип этишин сурап-тилейт эмеспи. Биринчи эле тилеги- бул перзент багып, артына из калтырууну самайт. Бизде деле ошондой тилегибиз болгон. Уч перзент тапьык. Аларды кыйналып-кысталып чонойтконубуздун туйшугун балалуулар так билет. Ото коп туйшук тарткан учун Сталбегимди ошончо суйчумун.
Ал эстуу-баштуу, адептуу, боорукер жана турмушка эптуурок жетилип келатканынан улам карыганда карай турганыбыз бар деп камсанабай жургонубуз чын. Эми эсибиз ооп, эншерилип калдык. Заманабыз куурулуп, арсар кундо алы жок, шайы жок отурабыз. Жолонгон туркугубуз тубунон омкорулуп тушуп кеткендей болду.
Бкарынан да жаш кетип, арман каптады. Эмне кылам? Артынан олуп калалбаганым учун озумду жемелеп отурам. Озунду озун кыйганын- Кудайдын алдында куноого батканын, акыретте да тозокко капталасын деп эстуулор айтышат. Адам деген кайышчаак жаныбар экен. Эми кайгыга чыдап калат окшойбуз.
Анын устуно Сталбектин бажырайган эки уулу калбадыбы. Ошого каниет кылып, сабыр тутуп калдык. Ушул балапан наристелердин чоноюушуна эч болбосо караан болушубуз зарыл экенин тушунуп баратам. Мумкун, алар чонойгон сайын жолун жолдоп кетишсе биздин бул кайгы женилдээр. Алла Таала Сталдын ордуна ушуларды бизге берип отурат окшойт.
Алла Тааладан ушул Нурдоолот менен Бексултандын омурун тилеп, эмгечил, март, боорукер, ден соолугу чын жетилишине гана кам корушубуз бизди чыйралтат.
Сталбек менен Алла Таала бейиште жолугушууну насип этсин. Ошондо да бала куйот дейт ата-энеге. Кош, топурагын торко болсун, уулум!
Каныш Мурзаева Сталбектин апасы. Айыл Кенешинин депутаты, Саламаттыкты сактоонун отличниги.
Атасынын ордун балдары басышар.
Ошол кунду эстесем буткон боюм чымырай. Ошондогу элдин коптугу козумду карангылатты. Кирип келе жаткан элди коруп эмне келдинер, эмне журосунор деп кыйкырып ыйлап жаттым. Анда мени кармап коё бербей жаткан аялдардын бироосу: Нурзат койсончу, эмне болуп жатасын, булар жон эле мас болуп алып келишти,- дейт. Антсе, журогум сезип турса дагы, ошондой болуп калса кана деп, ичимдеп ойлоп аттым. Бирок туугандардын ыйлап жаткандарын коруп ушулар жон эле кантип ыйлай берсин!-дедим. Ангыча кайын энемдиалып келип калышты. Кайын энемди машинадан алып тушкондо ана,-кыйкырыктар башталды. Мен:《Эмне болуп жатат, бул эмне деген жорук болуп жатат?》-деп ыйлап, кыйкырып аттым. Бул жон эле тушум, бул менин тушум, мындай болуш керек эмес. Анан кайын энем корунду, кишилер карсап сооротуп журушту окшойт. Бир убакта кайын синдим Гуку деле келип калды мени кучактап ыйлап жатты. Мен 《Гуку Сталдан айрылдык》деп ыйлап аттым. Бир туугандарым, ата-энем деле мени менен кошо ыйлап жатышты. Жок, мындай мумкун эмес, телефон чалып турчу. Он кунго жетсе жетет, жетпесе жума сайын чалып турчу.
Биринчи балабыз торолгондо Стал Россияда болчу. Сегиз айга толуп калганда келип калды. Ошол куну Нурдоолот уктабай койду. Тун бир ортосунда Стал келип калды. Ошондо баласын колуна алып, кубанычы койнуна батпай, аябаф суйунуп опкулоду. 《Ушул менин баламбы, чын эле менин баламбы》деп суйунгон эле.
Нурдоолот аябай атасына окшош. Сталды кичинертип койгондой эле. 《Мына кордунорбу атасын корбосо дагы таанып, мага келбедиби, туну дагы уктабай мени куткон турбайбы》деп калчу.
Биздин турмуш аябагандай кызыктуу, конулдогудой болчу. Озубузго ылайык оокатыбыз бар эле. Жума сайын Каракулжага, уйго жонойт элек. Алдыбызда машина бар, балабызды, кайын синдим Гукуну салып алып уйго келип кетчубуз. Биз келгенде кайын атам менен кайын энем кубанып, берерге эч нерсесин таппай калчу.
Биз аябай бактылуу уй булоо элек.
Стал милицияда иштеп жургондо экинчи балалуу болдук.
Ошол кун эсимден кетпейт. Стал дежурстводо болчу, а мен болсо уйдо Нурдоолот экообуз калганбыз. Айыма жетип калгандыктан уйдо жалгыз калбайлы деп Гулзат эжемдикине келе бердик. Ошол куну, туну толгоо тартып калдым. Эрте менен тан атайын деп калганда Сталга звонит этсем, бир заматта эле келип калды:《Дежурствону эрте эле тушундуруп откоруп келдим》деди. Озу аябай сурдуу корунгону менен, ал аябай коркок болчу. Стал бизди Каракулжага алып жоноду. Мен биринчимди операция менен торогондуктон Стал:《апама эле алып барайынчы》деди. Ал аябай кайын энемди жакшы корот, энеме ишенет эле, болгон ичиндеги оюн,сырын айтаар эле, кыздай болуп сырдашат эле. Ошентип 40 минутта эле Каракулжанын больницасына алып келди.
Экинчи балабыздын атын Бексултан койдук. Бексултан экиге чыкты. Боюнун узундугу, чондугу, басышы, муноздору Сталга окшош, а Нурдоолот озуно окшош: кирпиги, аландаганы, бакырайган чон коздору, кашы, коркоктугу.
Стал озу аябай ак конул, колу ачык эч кимдин конулун оорутпаган адам эле. Бардыгына тегиз карачу, кичинеден баштап чонуна чейин конулун алчу.
Сталдын бир агасы Нурлан, бир карындашы Кайыргул бар. Уч бир тууган. Ал экоону аябай эле башкача сыйлачу. Карындашын аябай жакшы корчу. Мен жаны келин болуп келгенде:《Нурзат, менин бир эле карындашым бар, биз аны сыйлашыбыз керек》дечу. Кайын синдим мага синдимдей эле. Мен аябай жакшы жерге туштум, биз бактылуу, чакан уй булообуз деп жашап жургондо, бизди кудай болуп койбодубу, болгондо дагы кудай башкача болбодубу.

Шамалга каршы барууга мүмкүн, бирок бакытка эмес. Шамал көп жолу кайталанып келет, бирок бул жашоодо бакыт бир гана жолу берилет
#51 26 Ноябрь 2015 - 01:36
Нары жагынан бузулгусу бар адам одно'суз деле бузулуп кетет. Баары адамдан!
#52 29 Ноябрь 2015 - 01:13
Озум окуп отуруп негедир ушул болумго да жазып коюну туура кордум
БАРКТАЛБАГАН ЖАР.
Шаардын ызы-чуусу эч
качан түгөнбөчүдөй. Тиякты карасан да
шашылган эл, биякты карасаӊ да. Күндөр аптага,
айлар жылдарга алмашат. Шаарда кантип
өмүрүн өткөнүн да билбей каласыӊ. Биз да
жолдошум экөөбүз балдарды багалы, бутка
туралы деп алгач кичинекей камок ачканбыз.
Соодабыз жакшы болуп аны чоӊойтуп отуруп,
килейген азык-түлүк магазинге айланттык.
Жашообуз жакшы, эч нерседен кем эмеспиз.
Соода жакшы болгондуктан кантип кеч кирип
таӊ атканын билбей да калабыз. Биздин
кардарлар абдан көп. Айланабыздагы көп
кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын дээрлик
бардыгы канча жылдан бери бизден соода
кылгандар. Бардыгы менен учурашып, ал-жай
сурашып турабыз. Кыскасы биздин магазин
микрорайондогу эн чоӊ соода түйүнү десем
болот. Кардарлардын ичинен бир жылдай болду
жашы 40-45 чамасындагы жигит келип соода
кылат. Тепкени кымбат машине, кийимдери
таптаза, өзү да сулуу, бойлуу. Күнүгө келип чоӊ
суммага азык-түлүк алып кетет. Күнүгө, күнүгө …..
жадакалса дем алыш күндөрү да. Акыркы күндөрү
эмнегедир ага көнүл буруп байкачу болдум.
Эмнегедир ага кызыга баштадым. Өзүм
магазинге келбей калган күнү жолдошумдан
жана балдарымдан сураймын: «Менин «иним»
келдиби?!» - деп. Аны «иним» деп алгам. Кээде
жолдошум тамашалап калат «иниӊ келди, салам
айттым» - деп. «Кален, бул жигит күндө толтура
азык-түлүк алат. Үй-бүлөсү ошондой эле чоӊбу?» -
деймин таӊ калганымды жашыра албай «Оой,
Күкүш, канча жыл магазинде отуруп, ушакчы
кемпир болуп калыпсыӊ – деп жолдошум
тамашалайт –сүйлөшүп, сурап көрбөйсүӊбү? »
«Чындап эле, сурабаганда эмне, сураймын эле» -
деймин кыйын болуп Бирок, жигит эч кимге
көӊүл бурбай, товарын эсептетип, акчасын төлөп
коюп чыгып кетип калат. Оозумду ырастап
баратып сүйлөй албай калып каламын.
Сүрдүүлүгүн айтпа Акыркы күндөрү: «Кандайсын,
иним? Аманчылыкпы? » - деп саламдашчу болдум
Кыргызда саламды алик албаса уят го. «Иним» да
күндөн-күнгө мени менен саламдашчу болду
«Абдан чоӊ үй-бүлөнү багат окшойсун ээ?» -
дедим бир күнү товарды эсептеп жатып. «Иним»
мостоё түштү. Ыӊгайсыз суроо берип койдумбу
деп өзүм да буйдала түштүм. «Ушунча азык-түлүк
алып барчу үй-бүлөм болгондо бактылуу
болмокмун» -деп үшкүрүп койду Бул сөз андан
бетер кызыгуумду арттырды. Бир четинен уялып
да калдым. Чоӊ эле эже, абдан ушакчы окшойт
деп ойлоп калдыбы деп. Үйгө келип жолдошума
айттым: «Ай бай болгур, тиги инимдин тамырын
тартып көрчү, бир сыры бар окшойт …» «Анын
сырын билгенче өлдү эми – деп күӊкүлдөдү
жолдошум – макул сүйлөшсө сүйлөшүп
көрөйүнчү. Бир жылга чукулдап калды, же бир
келинчегин ээрчитип жүргөнүн көрбөдүк»
Күндөлүк түйшүк менен болуп, «инимди» унута
түшүпмүн. Бир күнү жолдошум жумуштан келип,
эшиктен кирип-кирбей жатып: «Байбиче
сүйүнчү!» - деди «Болсун, болсун абышка» - деп
утурладым «Иниӊдин сыры чечилмей болду –
жолдошум жылмайып – эжем менен чогуу
болгонуӊарда эрттеӊ кенен маектешели деди
иниӊ» Эрттеси кечке жуук иним келди, керектүү
бардык нерселерди алып: «Эже, байкем
экөөӊөрдүн убактыӊарды албаймынбы» - деди
«Жоок, жок, өтө кеч болуп кетти соода да токтойт
эми» - дедим мен «Анда мен, колумдагыларды
берчү жерге берип келейин» - деп иним чыгып
кетти Бир саат өтүп өтпөй кайра келди. Элдер
суюлуп калган эле. Жолдошум үчөөбүзгө жай
даярдады, мен ыссык чай даярдай койдум.
Үчөөбүз жайланып отурдук «Мага абдан кызыгып,
таӊ калып жатыпсыӊар – деди иним жылмайып –
сиздер менен бүгүн маектешип таанышып алсак
болчудай» «Бул эжеӊ абдан сага сарысанаа болуп
жүрөт – деди жолдошум адатынча тамашалап –
таанышса таанышалы» «Айланайын, тепкениӊ
кымбат машине, кийингенин болсо кычырайсын,
элдер бир жума, бир айлык ала турган азык-
түлүгүн аласыӊ. Бирок, үй-бүлөӊ барлыгына
күмөнүм бар, анткени, ээрчиткен келинчегиӊ,
балдарыӊ жок» -дедим мен канчадан бери
айталбай жүргөн оюмду сыртка чыгарып. Иним
оор үшкүрүп алды «Булардын бардыгы: машина,
акча, байлык колдун кири. Адам баласына, аялга
да эркекке да үй-бүлөлүк бакыт буюрбаса
булардын бары бир тыйынга арзыбайт экен –
деди иним – мен убагында колго конгон бакытты
баалабаган көр пендемин…… Өзүм колунда жок,
кедей үй-бүлөдө чоӊойдум. Айылда жүргөндө
балалыгымда шаарда окусам, иштесем, жашасам
деп кыялданчумун. Биздин жаштык катаал 90-
жылдарга туура келди. Ошентсе да
тырышчаагымдан улам өзүм окуп, кыйынчылыкка
карабастан бат эле бутума турдум. Балалыгымда
кыялданган нерселерге жеттим. Баягы айылдан
бозурайып келген бала жок, кычыраган жигит
болдум. Ичимдик ичпеймин, тамеки чекпеймин,
кыскасы идеалдуу адам болчумун. Мага бир гана
нерсе «жар» жетишпей жаткан. Анткени,
байлыктын артынан кууп жүрүп жашым 30 га
таяп калган. Бардыгы ата-энем, бир
туугандарым, досторум «үйлөн» деп абдан
асылышты. Көӊүлүмө жаккан кыз таба
албагандан кийин, «убагы келсин» - деп гана
кутулчу болдум. Алгач бул жөн эле тигилерден
кутулуунун амалы болсо, акыркы күндөрү чындап
эле үйлөнүш керектигине көзүм жетип, сарсанаа
болчу болдум: «кимге үйлөнөмүн?» - деп. Тээ
балалыгымда классташ кызымды жакшы көрүп,
ошону аламын деп жүрчүмүн. Бирок, айылда
кыздарды бат эле турмушка беришет эмеспи, ал
классташым отуз жашында чооӊ байбиче болуп
калган эле. Сезимдерим ошол классташыма гана
козголгон болчу. Туура, кыздар көп эле, бирок, эч
кимиси сезимимди козгой алган жок. Ошентип
жүргөн күндөрдө болочоктогу жубайым менен
таанышып калдым. Жумуштан кайтып келе
жатсам, көчөдө гүл саткан жерде бир кыз гүл
алып жатыптыр. Акчасы жетпей жаткан го, улам
сумкасын аӊтарып жатты. Эмнегедир жүрөгүмө
жакын адамдай, аны көргөндө кандайдыр бир
сезим пайда болду. Көрсө жүрөк эч качан
алдабайт турбайбы?! Көчөдө көргөн бардык
кыздардай эле кыз, бирок, эски жакын
таанышымдай сезилип кетти. «Немножко
нехватает» - деди кыз гүл саткан орус кемпирге
Анысы болсо бербеймин, мага да акча керек деп
наалып кирди Жакын басып барып: «Сколько
нехватает?» - дедим Тиги кыз жалт карады.
Көздөрү ушунчалык сулуу экен, бир көргөндөн
сүйүп калдым десем да болот. «Жөн эле коюӊуз,
бул жакта арзаны бар ошону аламын» - деди ал
сылык жылмайып «Ушул гүлдү алгыӊыз келгенин
байкап турамын. Келиӊиз, мен сизге гүлдү сатып
берейин, сиз мага атыӊызды айтасыз» -дедим
мен да жылмайып Мен да кызга жактым окшойт,
көндү. Ошентип экөөбүз тааныштык. Ысымы
Гүлкайыр экен. Кандай сулуу ысым, ээсинин
сулуулугун айтпай эле койойун. Мен
таанышканда аны жаш деп ойлогонмун, андай
эмес, менден бир эле жаш кичүү экен. Тагыраак
айтканда 30 жашта экен. Иштеп жүрүп ал дагы
турмушка чыкпаптыр. Экөөбүз бири-бирибизге
жагып, сүйлөшө баштадык. Ал убакта мобилдик
телефондор жаӊы чыга баштаган. Мен ага
телефон белек кылдым. Ошентип экөөбүз күнү-
түнү сүйлөшөбүз. Жакындарым билип, абдан
сүйүнүштү. Качан той жейбиз дегендери канча.
Ата-энем алып кел деп чыкырып жатышты.
«Үйлөнөлү» - деп сунуш киргиздим. Гүлкайыр
дагы макул болду. «Шаан-шөкөттүү той өткөрбөй
эле коюлучу – деди Гүлкайыр – жашыбыз да өтүп
калбадыбы» «Макул – дедим – айылга барып эле
той беребиз, бул жакта жөн эле белгилеп коебуз»
Гүлкайыр да, мен да июль айында отпускага
чыгып үйлөнмөй болдук. Жазда таанышканбыз,
жайда үйлөндүк. Гүлкайыр шаарда байкесинин
үйүндө турчу, ошол жерге барып эле сөйкө
салып алып кеттим. Экөөбүз да чексиз бактылуу
элек. Айрыкча Гүлкайыр, үйдөн чыгып келе
жаткандагы анын бактылуу жылмайып турганы
азыр дагы көз алдымда. «Ай кыз, кичине көз
жаш чыгарыӊыз, ырымы ушундай» - деген
жеӊесинин үнүн чала була угуп калдым. Бул
сөзгө маани да берген жокмун, ал күн, бул
жашоо экөөбүзгө гана тиешелүүдөй, чексиз
бактылуу элек. Ошентип үйлөндүк, экөөбүздүн
бактылуу жашообуз башталды. Бизди куттуктап
келгендер көп болду. Алардын ичинен чындап
биз үчүн сүйүнгөндөрү да, тымызын
кызгангандары да бар эле. Анткени, экөөбүз төп
келишкен, бири-бирибизди толуктаган жубайлар
элек Күлкү, бакыт кирген үйгө кайгы жана
кызганыч да кошо кирет турбайбы?! Гүлкайыр
күлкү жана бакыт алып келген болсо, мен кайгы
жана кызганычтын булагы болдум. Колум конгон
бактыма өтө эреркеп кеттип окшойт, мага баары
мүмкүн деген куру эркектик намыс пайда болду.
Ал аз келгенсип, арак иче баштадым. Мурда
оозума да албаган жаным, үйлөнүп жаман жакка
кеттим. Куттуктап келген досторум, тааныштарым
шыкап жатып ичиришип, акырындап аракка
көнүп бараттым. Гүлкайыр «ичпечи» - деп
суранат. Анын жалдыраган көз карашына
туруштук бере албай «макул» деймин да, көчөгө
чыгып кайра эле ичип аламын. Стакандаш
санаалаштарым көбөйдү. Мас болгондо алардын
сүйлөгөн сөздөрү кулагыма кирет бейм, абдан
өзгөрдүм. «Бул татынакай перини кайдан
тапкансын?» - деген сөздөрдү угуп, бир эсе
сыймыктансам, бир эсе кызганамын. Үйгө мас
болуп келип, жаӊжал чыгарчу болдум. Менин
темам ар кандай эле: кызганыч, тамак, жумуш.
Үйлөнгөнүбүзгө бир ай болбой, бир күнү мас
болуп келип, Гүлкайырга колум да тийди.
Байкушум эрттеси абдан ыйлады. Кантип колум
барды экен деп, өзүмдү-өзүм сөгүп, арак
ичпешке сөз бердим. Бир ай араӊ чыдадым го.
Бир досумдун туулган күнүндө кайра ичип
алдым. Менин ичкенимди баарынан жашырган
Гүлкайыр акырындап жүдөй баштады.
Мурдагыдай жароокер жарым жок, чүнчүп,
өзүнөн-өзү корунуп, өзгөрүп кетти. Мен болсо сөз
укпаган жинди болдум да калдым. Досторумдун:
«сулуунун суусу кургабайт, аялды башынан каттуу
кармаш керек» - деген сөздөрү менин девизиме
айланды. Алган жарым ушунчалык акылдуу,
ушунчалык тартиптүү эле. Бактыма чычтым,
анын сөзүн укмак тургай, көчөдө кетип жатып,
сол жакты же оӊду карап койсо да ызырынып,
ашата сөкчү болдум. Байкушум: «күнөөм кайсы?»
- деп зарылдайт. Ал ансайын күчөймүн. Ичиме
шайтан кирип алгандай, өзүмдү башкара албай
чакчаӊдаймын. Жумуштан чыгып, жумушуна
барамын. Үйгө келип: «жумуштагыларыӊдын
кимиси менен жүрөсүӊ? Ойношуӊ кайсыл?» - деп
жаӊжал чыгарамын. Акырындап, мас эле эмес
соо кезимде да кол көтөрчү болдум. «Иштебе
десеӊ иштебеймин, макул, эмне десеӊ макулмун»
- деп жалдырайт байкушум Иштетпей кое
албаймын. Анткени, кайынагаларым бардыгы
чоӊ жумуштарда иштеген, интеллегент адамдар.
Алардан айбыгам. «Боюна бүтсө ошондон ары
иштетпей коемун» -деймин сокур оюмда. Бирок,
Гүлкайырдын боюна бүтпөй жатты. Врачтарга
барып, текшеринип да көрдүк. Баары жайында.
Эмнегедир Жараткан Алла бизге наристе ыраа
көрбөдү. Бул мага берилген жаза болсо керек.
Гүлкайырдын боюна бүтпөгөнү дагы бир чоӊ
шылтоо болду. Күндө көзүм ачылбай иччү
болдум. Бирок, системага салып койгон бизнесим
жакшы жүрүп жатты. Машина алдым, үй алдым.
Көӊүлүм келгенде: «Жолдуу экенсиӊ! Сен менин
бактымсыӊ! » - деп жарымды эркелетем. Бирок
мас болгондо айтылган сөздөрүмдү эки эселеп
чыгарып аламын. Ошентип, жылдар өтүп жатты.
Жегенибиз алдыбызда, жебегенибиз артыбызда,
сырттан караган адамга эӊ бактылуу адамдар
элек. Кийинчерээк ойнош күтүп кеттим.
Гүлкайыр ага да чыдады. Мага билдирбей ыйлап
алчу. Көздөрү шишип, көөп калчу. Көрмөксөн,
билмексен болуп коюмун. Бир дагы жоругумду
төркүнүнө айткан жок. Алар келсе жаркылдап
тосуп, мен тарапты да бирдей көрүп, акылдуу
жар эле. Аны карап туруп көӊүлүм жылып,
боорум ооруп кетет, бирок, ичимдеги шайтан
дароо оюмду бузуп, жаман иштерге жетелейт.
«Эмнеге менин бардык кылыгыма чыдайсыӊ?
Кетип калбайсыӊ?» - дедим бир күнү Гүлкайырга
«Мен сенин аялыӊмын – деди ал – бул үйдөн
өлүгүм гана чыгат!» Аттиӊ, алтыным ай! Ушул
сөздү эмнеге айтты экен? Азыр ойлосом жүрөгүм
өрттөнөт. Балким ошондо: «Мен сени сүйөмүн!
Кайтып кел! Мурдагыдай бактылуу бололу!» -
десе баары башкача болмок беле, ким билет?
Бирок, Гүлкайыр ал сөздөрдү айтпады. Азыр
ойлосом менден чындап көӊүлү калып, намыс
үчүн эле заӊгыраган чоӊ үйдө жалгыз жашаган
турбайбы Улуу сөздө уят жок эмеспи; көрүнгөн
аялды ойнош кылып, өзүмө ооруу жугуздум.
Албетте, бул Гүлкайырга да жукту. Бир күнү
жолдоштук милдетимди аткарайын десем эле,
«оорубатат» - деп зарылдап, ыйлады. «Кайсы
ойношуӊдан жугузуп келдиӊ? Соо эмессиӊ сен!» -
деп койдой сабадым. «Кудай алдында акмын!» -
деп чырылдайт. Билип турам, бул ооруу менден
жукту. Ошентсе да куру эркектик намысым
моюнга алууга жол бербейт. Ошондо
Гүлкайырдын көӊүлү менден чындап калды. Мен
болсо сыр бербей корстон боломун. Акыркы
күндөрү ага жакындабай калдым. Үйгө
видеокамераларды коюп, текшерем, өзүм болсо
ойношум менен болуп калдым. Арадан жылдар
өттү. Бир күнү жумушта отурсам, карындашым
Асель телефон чалды: «Кайда жүрөсүз? Жеӊем
ооруканага түшүп калды» - деп. Жүрөгүм бир
жамандык сезгендей учуп жеттим. Гүлкайыр
палатада жатыптыр. Өӊү кубарып, араӊ эле
жаны бар. «Эмне болду?» - дедим карындашыма
«Сиз кандай адамсыз?! – деп кыйкырган
карындашым ыйлап жиберди – врачка
кириӊиз!» Гүлкайыр менен ушул карындашым
айрыкча жакын болчу. Менин бүт-бүт
кылыктарымды билчү. Мен карабай койгондо да
Гүлкайырга ушул эле барып жүрүптүр. Врачка
кирип чыккандан кийин, дүйнөм тарып, башым
айланып, жер айлан-көчөк болгондой болуп
турду. Врачтын айткан сөзүнө ишенбей турдум.
«Жубайыӊыздын диагнозу: «рак мозга».
Операция жасайбыз. Андан чыкса чыкты,
чыкпаса, кудайдын жазганы!» -бул сөздөр мен
өмүрүмдө уккан эӊ жаман сөздөр эле. Палатага
бардым, Гүлкайыр көзүн чылк жумуп жаткан
экен. Жакын барып, чөгөлөп отурдум да,
колдорун кармадым. «Берекем! » - тамагым
буулуп, бул сөздөрдү араӊ айттым Гүлкайыр
көзүн ачты. Анын ошондогу көз карашы эч качан
эсимден кетпейт. Бул көз карашта: сүйүү,
сагынуу, таарынуу, кайгы баары бар эле. Алсыз
аялдын кичинекей жүрөгү ушунчалык чоӊ
сезимдерди батыра алышына таӊ калдым «Мен
сени ушунчалык сагындым! » - деди Гүлкайыр
Ошондо жер жарылса мен кирип кетсем деп
тиледим. Бирок, адамдын жаны иттикинен да
бышык болот дегени чын окшойт, кылган
кылыктарымды билмексен болуп жер жүзүндө
басып жүрдүм. Гүлкайырды чет өлкөгө алып
барып, дарылатамын деп да оолуктум. Бирок, ал
көнбөй койду. Баарыбыз ошол жерде болдук.
Байкелери, ата-энеси, менин туугандарым, ата-
энем. Гүлкайырдын жакындары мага жасаган
мамилеге татыксызмын деген ой мээмди жеп
жатты. «Мен Гүлкайырды барктай албадым. Аны
күн алыс сабаганымды, ак жеринен
күнөөлөгөнүмдү, оозго алгыс сөздөр менен
сөккөнүмдү билер бекенсиӊер? ! Алаканыма
салып багамын деп үйлөнүп алып, бутум менен
тепсегенимди билер бекенсиӊер? ! Мен бул
периштеге татыксыз экенимди, силердин
сыйыӊарга, аяган сезимдериӊерге татыксыз
экенимди билер бекенсиӊер? !» - деп кыйкыргым
келди. Байкелери мени ортого алып, иттей
кылып сабашын, мени өлтүрүшүн кааладым.
Бирок, өзүмдү кармадым. Ортобузда болгон ызы-
чуунун бирин да Гүлкайыр туугандарына
айтпаганын билемин. Атүгүл менин ата-энем,
туугандарым да билбейт болчу. Бир гана
карындашым баарын билет эле. Чыккан киргенде
мени жекирип, какшыктап жаткан карындашыма,
унчукпай жер менен жер болуп турган мага таӊ
калып карап жатышты баары «Койчу, Асель –
деди Гүлкайырдын жеӊеси карындашыма – күйөө
балада эмне айып?! Бул Жараткандын буйругу.
Кызыке атанын үйүнөн күлүп кеткен, ошондуктан
ушунча ый болууда» Тээ беш жыл мурда үйдөн
кызыл гүлдүү татынакай көйнөк кийип,
күлүмсүрөп чыгып келе жаткан Гүлкайырдын
элеси көз алдыма тартылды. Ошондогу
экөөбүздүн бактылуу мүнөттөрүбүз, жароокер
жарымдын эркелегени, шыӊгыр күлкүсү, акылдуу,
орундуу сөздөрү көз алдымдан чууруп өтө
баштады. Ушунча жыл жубайымды сүйүп, бирок
моюнга албай көрүнгөн менен көӊүл ачып
жүргөнүм үчүн өзүмдү сөгүп жаттым. Ооба,
адамзат колго конгон бакытты көп учурда
билбей, барктабай калат турбайбызбы? ! Гүлкайыр
менин ошол бул өмүрдө бир гана жолу берилген
бактым экенин ушул дары жыттанган, суук,
кунарсыз ооруканада билдим…. Операцияга
Гүлкайырды даярдай баштаганда врачтан
суранып жанына кирдим. Эмне деп айтышымды,
өзүмдү кандай алып жүрүшүмдү билбедим,
билемин күнөөм чоӊ, бирок, жарымдын жанында
болууну чечтим. «Мени кечир, жаным! Мен сага
татыксызмын! » - дедим «Мени сага жолуктурган
тагдырыма рахмат! – деди Гүлкайыр жүзүмдөгү
жашымды колдору менен аарчып –өзүӊдү
күнөөлөбө, мен сага ыраазымын. Бардыгына мен
күнөөлүүмүн, сени туура жолго сала албадым!»
«Оо, Жараткан! Ушундай да асыл адам, акылдуу
жар болобу?!» - менин акыркы ойлогонум ушул
болду. Бардыгы түштөгүдөй өтүп жатты. Акылыма
бир келсем, бир келбей айланада болуп жаткан
окуяларды жинди болгондой карап отура
бердим. Сарсанаа болуп жаткан адамдар,
операциядан чыккан врач, ыйлап жаткан
аялдар….. «Эсиӊе кел, акмак!» - жулкулдатып
жаткан атамдын үнүнөн өзүмө келдим Көрсө
карындашым Асель атам менен энеме бардыгын
айткан экен. Энем Аселге ишенбей ыйлап жатты,
атам болсо мени эч нерсемди калтырбай сөгүп
жатат. «Эми өкүнгөнүӊүз бир тыйын!» - Асель
заарын чачып мени карап туруптур Гүлкайырды
менин айылыма алып барып жерге бердик.
Ошол күндөн баштап менин жашоом өзгөрдү.
Ичпей калдым. Бирок, менин эсиме келишиме
Гүлкайырдын өлүмү керек болгонун эстегенимде
жашагым келбей кетет. Башы ооруса да эч кимге
айтпай жүрө берген турбайбы, байкушум! Же
жанынан ушунчалык тойду бекен? Жакын
адамымды өзүм өлтүрүп алганымды эстегенимде
жинди болуп кала жаздаймын. Жашоо мага бир
тыйындай азыр. Үйлөнбөймүн деп чечтим.
Анткени, Гүлкайырдай жар эми табылбайт.
Байлык деген колдун кири, а бакыт деген бир
гана жолу берилет бейм адамга. Бирок, азыр үй-
бүлөлүүмүн, Гүлкайырдай инсанды таппаймын го
деп ойлогом. Апам, жеӊемдер болуп жатып бир
келин менен тааныштырышкан. Ал байкуштун да
күйөөсү көз жумуптур. Балалуу болушкан эмес
экен. Үйлөнгөнүбүзгө көп жыл болду. Бирок,
балалуу боло элекпиз. Мен эми тагдырыма моюн
сунгам, бала да күтпөймүн. Антени, бул мага
берилген жаза. Азыр дин жолуна түшүп, колунда
жокторго күнүнө азык-түлүк таркатамын.
Тапканымдын баарын Балдар үйүнө которгонмун.
Гүлкайырдын туугандарына, өзүмдүн
туугандарыма эч нерсени аябай жардам
беремин. Атам менден таарынган. Мени менен
мамиле кылбайт. Акыркы жолу айткан сөзү: «Мен
апаӊа бир да жолу кол көтөргөн эмесмин! Кимди
тарттыӊ акмак!» Мен бакытка татыксызмын.
Менден башка баары бактылуу болсо деп
тилеймин. Түшүмө Гүлкайыр көп кирет. Ошого
ыраазымын. Кийинки жашоодо аркы дүйнөдө
экөөбүз кайрадан жолугабыз. Мен ишенем ал
бейиште!» Инимдин аӊгемесин угуп,
жоолугумдун учу көз жаштан суу болуп,
мурдумдан аккан сууну шуу тартып коюп отурдум
«Дааа – деди жолдошум – ар кимге ар кандай
сыноо жөнөтөт турбайбы Жараткан! Арты
кайырлуу болсун жубайыӊдын» «Бир жолу
сүйлөшүп жатып менин аялым бир гана жолу
атасынын үйүнөн алып кеткенимде ыйлаган,
андан бери бир дагы жашын агызганым жок
дегениӊизди угуп, абдан жаман болдум –деди
иним жолдошума кайрылып –биринчи жолу
сиздердин магазинге келгенде ынтымактуу
жубайлар экениӊиздерди көрүп, сиздерден гана
соода кылайын деп чечкенмин. Колуӊуздарда
береке, жүрөгүӊүздөрдө мээрим бар экен. Эӊ
негизгиси сыйлашкан бактылуу жубайлар
экенсиздер. Менин Гүлкайырым тирүү болгондо
биз да сиздердей жубайлар болсок керек эле,
балким» «Арты кайырлуу болсун, Гүлкайырдын! » -
дедим мен эми араӊ өзүмө келип Иним жөн гана
баш ийкеп койду Ошол күнү үйгө абдан кеч
келдик. «Ай ий, эмне мынча кеч келдиӊиздер? » -
деп үч уулубуздан кийинки жалгыз кызыбыз
жолубуздан чыкты «Алтыным, бактылуу болсоӊ
экен!» - деп мен кучактап туруп, саамайынан өөп
койдум. «Ой деги эмне болду?» - кызым таӊ
калып «Эрттеӊ айтып беремин, кызым» - деди
жолдошум да кызын эркелетип Ушул күндөн
баштап жолдошум экөөбүз бири-бирибизди
андан бетер сыйлап, андан бетер бири-
бирибизге байланып калдык. Анткени, экөөбүз ак
никелүү, түбөлүктүү жубайларбыз да. Бул кыска
жашоодо ден-соолук, акыл, мээрим, ынтымак,
сүйүү гана керек! Калганын адам өзү жасап алат
турбайбы

#55 29 Ноябрь 2015 - 03:02
Таасир калтырчуу окуя экен. Чынында кайгылуу. Ашыкча кызканчаактык да адамды чынында айнытат экен. Барга кооп кеткенго бул байке
Жаңы жолго түшүү үчүн, эски жолдон чыгуу керек!
#59 29 Ноябрь 2015 - 19:47
Ушундай ыйлатчу нерселерди окуп ыйлап озумчеле буулуп аламда. Анан кыйналам. Ото таасирлуу жазылыптыр
#60 29 Ноябрь 2015 - 21:54
Конулду калтырбайлы баары отот бул дуйнодон деген ыр саптары жакшы жарашчудай го бул тагдырга. Байлыкты ченебей бакытт ы ченеп коюптурда Алла таллам. Аттин арман баарын тен берсе гана.... козумо жаш тегеренди...
.