„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.
#1161 24 Ноябрь 2015 - 23:46
#1162 14 Декабрь 2015 - 04:14
Meruet84 (26 Октябрь 2015 - 23:06) жазган:
Бирок бул хадистин бар же жалган хадис экенин билбейт экем.
Арам деп келгенде деле мааниси жок болуп калатго...?
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#1163 14 Декабрь 2015 - 11:22
#1164 14 Декабрь 2015 - 11:32
#1165 14 Декабрь 2015 - 23:30
2. Дагы бир коомду көрдүм, мойнуна оттон боо салып колу- бутун от аркан менен байлап азап берип жаткан. Андан кийин, я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик булар сүткорлор деп айтты.
3. Дагы бир жамаатты көрдүм, өз этин өзү жулуп жеп турган. Я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик айтты, булар жалган дүйнөдөушак айтып, зыян кылып, тобосуз дүйнөдөн кайткандар.
4. Дагы бир коом көрдүм, тозоктун ичинде эки оттун ортосунда бутунда оттон кепич, башында оттон тажы, үстүндө оттон кийим. Я Малик, булар ким?- десем. Булар жалган дүйнөдө эки аял алып, экөөбүнө тең карабай, бирин артык, бирин кем көргөндөр.
5. Дагы бир жамаатты тозокто от найза менен уруп азаптап жаткан экен. Бул кандай жамаат?- деп дагы сурадым. Ошондо Малик айтты, булар дүйнөдө күнөө ишти жасап, эл ичинде жасабагандай болуп жүргөн, тобо кылбай өлгөндөр. Эми биз аларга казык кагып, азап берип жатабыз.
6. Дагы бир жамаат көрдүм, тили салактап салбырап турат. Я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик айтты, булар аялын, балдарын себепсиз уруп, себепсиз сөккөндөр.
7. Жана бир аялды көрдүм. Эмчегинен асып коюптур. Мен бул ким?- деп сурадым. Бул күйөөсүнөн уруксатсыз башка бирөөнүн баласын эмизген аял эле деди.
8. Дагы бир аялды көрдүм. Чачынан асып коюптур. Мээси шарактап кайнап турду. Бул ким деп сурадым. Бул күйөөсүнүн көңүлүн оорутуп, беймаани сөз айткан аял эле.
9. Бир аялды көрдүм, өз этин өзү жулуп жеп турат. Бул жалган дүйнөдө өзүн боёнуп, менменсинип, асыл буюм тагынып, жат адамдарга өзүн көрсөткөн аял деди Малик.
10. Жана бир жамаат аялдарды көрдүм. От аркандар менен буту- колу байланган, жылан- чаян соруп этин жеп, катуу азап берип чыңыртып жатат. Бул эмне болгон аялдар деп сурадым. Булар дааратты туура албагандар деди.
11. Дагы бир аялды көрдүм, оттон жасаган табытка салып коюптур. Бүт денеси күйүп турат бул кандай аял деп сурадым. Бул аял ойноштон бала тууп, ал баланын атасын жашырып, бөлөк бирөөгө телиген аял деди.
12. Бир аялды көрдүм, бутунан асып, башын төмөн каратып от дандырга салып коюптур. Малик айтты: Я Мухаммед бул аял күнөөлүү адамдарга ээрчип бир айылдан экинчи айылга барган аял деди.
13. Жана бир аялды көрдүм, ит сүрөтүнө болур турду. Ал аялдын от ичинен өтүп оозунан чыгып турат. Малик айтты: Бул ойноштон бала боюнча бүтүп, аны түшүрүп, же тууп анан өлтүргөн аял деди.
14. Жана бир аялды көрдүм, тилин аркасынан чыгарып койгон, от болуп жанып туру. Малик айтты: Булар дүйнөдө калп ант ичкендер деди.
Муну угуп азирети Айша, Фатима ыйлашты: О Расул, адамдар бул иштен кандайча кутулат”- деп. Раслу айтты, мен бул ишти баян кылдым, сиздер өзүңүздөр шайтан азгырып иштесеңиздер, тобо кылып, экинчи иштебеңиздер. Өкүнүңүздөр, тобо кылыңыздар. Алла- Таалага ушул иштерден сактап, тобобузду кабыл кылып, өзү рахым этсин, Оомийн, я раббил аламиин.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#1166 28 Декабрь 2015 - 21:35
~
------------------ Киши оз апасына жана ата- апасы тарабынан болгон чон энелерине уйлонушу адал эмес , бул тууралуу Алла Таала :
لقوله تعالى: {حُرِّمَتْ عَلَيْكُمْ أُمَّهَاتُكُمْ وَبَنَاتُكُمْ} [النساء: 23]
( Силерге оз апанарга жана оз кыздарынарга уйлонуу арам кылынды ) деп айтат.
Бул аятта " апа " созу тилдик жактан " негизги " деген созду берип, чон энелерди да оз ичине камтып кетет, ошондой эле чон энелерге уйлонуу арам экендиги тууралуу ижма тарабынан да бышыкталган.
------------------- Жогорудагы аятта айтылгандай киши оз кызына уйлонушуу да арам кылынган, ушул менен бирге киши оз баласынын кызына жана мындан да томонуно ( баласынын кызынын кызына ) уйлонушу адал эмес ижма тарабынан.
--------------------- Ошондой эле киши оз карындашына жана карындашынын кыздарына жана бир тууган агасынын же инисинин кыздарына жана тай эжесине жана чон апасына уйлонушу адал эмес, себеби булардын никелери да жогорудагы аятта арам кылынган , жана жогорудагы аятка баардык чон апалар, тай эжелер жана ага-ининин кыздары кирет, себеби аят ат тарабынан жалпылыка корсотмо берет.
------------------ Киши оз аялынын апасына ( аялына жыныстык жакындык кылганына же кылбагандагына карабай ) аялынын апасына уйлонуу адал эмес. Буга томондогу аят далил болот , Алла Таала :
" لقوله تعالى: {وَأُمَّهَاتُ نِسَائِكُمْ} [النساء: 23]
( Аялдарынардын апалары силер учун уйлонууго арам кылынды) деп айтат. Бул аятта аялына жыныстык кошулуштук же кошулбастык анык айтылган эмес.
-------------------Киши жыныстык жактан кошулган аялынын алдынкы эринен болгон кызына да уйлонушу адал эмес. Аялдын алдынкы эринен болгон кыз ал кишинин карамагында же башка бироонун карамгында экендигине карабай уйлонушу адал эмес.
--------------------- - Ошондой эле киши оз атасынын жана чон ата бабаларынын аялдарына уйлонушу да адал эмес. Бул тууралуу Алла Таала :
لقوله تعالى: {وَلا تَنْكِحُوا مَا نَكَحَ آبَاؤُكُمْ مِنَ النِّسَاءِ} [النساء: 22]
( Атанардын никесинде болгон аялдарга уйлонбогуло ) деп айтат.
-------------- Киши оз балдарынын жана балдарынын балдырынын аялдарына да уйлонушу адал эмес. Бул тууралуу Алла Таала :
لقوله تعالى: {وَحَلائِلُ أَبْنَائِكُمُ الَّذِينَ مِنْ أَصْلابِكُمْ} [النساء: 23]
( Озунордон болгон балдарынардын аялдары да силерге арам кылынды ) деп айтат.
----------------- Ошондой эле киши сут эмизген энесине жана эмчектеш бир тууган болбогон эже- карындаштарына уйлонушу адал эмес. Бул тууралуу Алла Таала :
لقوله تعالى: {وَأُمَّهَاتُكُمُ اللَّاتِي أَرْضَعْنَكُمْ وَأَخَوَاتُكُمْ مِنَ الرَّضَاعَةِ} [النساء: 23]
( Силерди эмизген эненерге жана эмчектеш эже – карындартарынарга уйлонуу силерге арам кылынды ) деп айтат. Ошондой эле улуу пайгамбарыбыз (сав) :
لقوله عليه الصلاة والسلام " يحرم من الرضاع ما يحرم من النسب ".
( Туугандак тараптан уйлонуу арам болгондой эле эмчектештик тарабынан да уйлонуу арам болот ) деп айтат.
-------------------- Ошондой эле киши эже-синдини бир эле убакта никелей албайт жана эже-синдилер кул болсо , анда экооно тен жыныстык катнаш кыла албайт. Бул тууралуу Алла Таала :
لقوله تعالى: {وَأَنْ تَجْمَعُوا بَيْنَ الْأُخْتَيْنِ} [النساء: 23]
( Силерге эже-синдини бириктирип уйлонушунор да арам кылынды ) деп айтат. Улуу пайгамбарыбыз (сав) :
ولقوله عليه الصلاة والسلام " من كان يؤمن بالله واليوم الآخر فلا يجمعن ماءه في رحم أختين "
( Ким Алла жана кыямат куну менен ыйман келтирсе , бир убакта суусун эже-синдинин жатынына токпосун ) деп айтат.
#1167 29 Декабрь 2015 - 10:24
¤Сенин Роббин ким.?
~Менин Роббим-Аллах Таала.
¤Сенин динин кайсыл.?
~Менин диним-Ислам.
¤Сенин пайгамбарын ким.?
~Менин пайгамбарым- Мухаммад саллаллоху алейхи ва саллам.
¤Китебин кайсыл.?
~Менин китебим-Курани Карим.
¤Сенин кыбылан кайсыл.?
~Менин кыбылам-Кааба. (Каабаи мукарама)
¤Сен кимдин урпагынансын. ?
~Мен Адам алейхиссаламдын урпагынанмын.
¤Динин боюнча кайсы элденсин.?
~Менин элим-бул Ибрахим Алейхиссаламдын эли.
♡Мен чыныгы-Мусулманмын. ♡ *Альхамдулиллях.*
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 29 Декабрь 2015 - 10:25
#1168 29 Декабрь 2015 - 15:12
1.Албетте мен арабмын
2.Куран араб тилинде
3.Жаннат эли Жаннатта араб тили менен суйлойт.
#1169 30 Декабрь 2015 - 17:10
"Бирок, эскерте бергин! Анткени, эскертуу ыймандууларга пайда берет". (Заарият суроосу, 55-аят).
#1170 30 Декабрь 2015 - 19:59
Уяттуулук адам баласындагы эң улуу сыпаттардан. Адам уяттуу болуу менен аруу сапаттарга жетет жана көптөгөн жаман сапаттардан арылат. Ислам дининде да уяттуулуктун орду бийик жана ыйманга тийгизген таасири абдан чоң.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) айткандай:
«Уяттуулук адамга жакшылыкты гана алып келет».
(Имам аль-Бухари)
Абдулла ибн Умар (р.а.) айтты:
«Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) бир адамдын жанынан өтүп баратып, анын өз инисин уялгандыгы үчүн урушуп жатканын көрүп калат. Ошондо Алланын Элчиси ага мындай деп айтты: «Аны жөн койгун! Чындыгында, уялуу да ыймандан». (Имам аль-Бухари, Имам Муслим)
Ал эми башка хадисте Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:
«Ыйман жетимиштен ашуун бөлүктөрдөн турат. Алардын эң жогоркусу – “Лаа илааха иллаллах” келмеси жана эң төмөнкүсү – жолдогу зыяндуу нерсени алып таштоо. Ал эми уяттуулук – ыймандын бөлүктөрүнүн бир бөлүгү».
(Имам аль-Бухари, Имам Муслим)
Араб тилинде «аль-Хая’у» (уяттуулук) деген сөз «аль-Хаят» (жашоо) жана «аль-Хая» (жамгыр) деген сөздөрдөн алынган. Адамдын жүрөгү канчалык жандуу болгон сайын, анын жашоосу маани-маңызга ээ болот жана бул анын уяттуулугун күчөтөт. А эгер анын уяттуулугу кетсе, бул анын жүрөгү өлгөндүгүнөн жана жашоосу маани-маңызын жоготконунан кабар берет.
Умар ибну аль-Хаттаб (р.а.) уяттуулук туурасында мындай деп айткан:
«Кимдин уяттуулугу кетсе, таквалыгы да кетет. Ал эми кимдин таквалыгы кетсе, анын жүрөгү өлдү дегенге барабар».
Уяттуулук – адамдагы сыпаттардын эң жакшысы, эң пайдалуусу жана адамды көп жакшылыктарга жеткирет. Алланын пендеси канчалык уяттуу болсо, анда бул сыпат аны жакшылыктарды кылууга, жамандыктардан алыс болууга түрткү болот. Кимде-ким уяттуу болсо, анда бул аны күнөөлөрдөн тыят жана диний милдеттерин аткарууда кайдыгерликтен тосот.
Ал эми уятсыз адам канчалык чоң күнөө кылабы, бузукулук кылабы, ал үчүн баары бирдей.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:
«Алгачкы пайгамбарчылыктан адамдарга жеткен сөз: «Эгерде уялбасаң, анда каалаганыңды кыла бер».
(Сахих аль-Бухари).
Уятсыз адам кылган күнөөсүнө көңүл бурбайт, аны кылуудан да баш тартпайт. Анткени ал Алладан да, адамдардан да уялбайт.
Кээ бир адамдар уятсыздыгынан улам кайсы жерде болбосун, эч көңүл бурбастан күнөө кылышат. Ал эми кээ бирлери кылган күнөөсү аз келгенсип, аны адамдарга айтып мактанат. Ал өз оюнда эң туура кылдым деп ойлойт.
Уяттуулуктун эң жакшысы жана эң зарылдуусу – ааламдардын Раббисинен жана бардык макулуктардын Жаратуучусунан болгон уялуу.
Эй, адам баласы! Билгиниң, уяттуу болуу – бул сени жараткан, сага чексиз неъматтарды тартуулаган жана сени көрүп, билип туруучу Алла Тааланын өкүм-буйругу.
Имам Ахмад “аз-Зухд” китебинде риваят кылды:
«Бир адам Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) гакелип: «Мага наасат кыл»,– деп айтканда, ал айтты: «Өз элиңден салих адамдардын биринен кандай уялсаң, Алладан да ошондой уялууңду сага наасат кыламын».
Төмөндөгү иш-аракеттер адамдын жүрөгүндө уяттуулукту пайда кылат:
• Алла Тааланы улуктоо;
• Аны жакшы көрүү;
• Аны көрүп, билип турат деген терең ишенимде болуу;
Мына ушул үч иш-аракет адамдын жүрөгүндө уялуу сезимин пайда кылат. Качан адамдын жүрөгү Раббисин улуктаса, Аны жакшы көрсө жана Ал ар бир кылган ишин көрүп, билип турат деп ишенсе, анда анын жүрөгү Алладан болгон уялуудан жанданат.
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:
«Алладан талаптагыдай денгээлде уялгыла». Биз айттык: «О, Алланын Элчиси! Албетте, биз уялабыз, Аллага шүгүр». Ошондо ал айтты: «Андай (уялуу) эмес. Алладан талаптагыдай денгээлде уялуу – бул башты жана андагы (мүчөлөрдү күнөөлөрдөн) сактоо; курсакты жана андагы (мүчөлөрдү күнөөлөрдөн) сактоо; өлүмдү жана чирип жок болууну эстөө. Ал эми ким Акыретти кааласа, анда ал дүйнө кооздуктарын таштайт. Мына ушуларды ким аткарса, ал Алладан талаптагыдай денгээлде уялган болот».
#1171 31 Декабрь 2015 - 10:47
✏. Язид бин Харун(рахматуллоохи. ьалайхи) айтат:"Азирети Абу Бакр Сыддык бир жолу баян кылып айтты:"Кыямат куну бир пендени алып келет,Аллах Таала дуйнодо ага ото коп белектерди берип,ырыскысын ото кен кылган. Анын ден-соолугун да чын кылган. Бирок,ал озунун жаратуучусуна шугурсуздук кылат эле. Аны Аллахтын алдына тургузуп ага айтылат:" Сен бугунку кун учун эмнелерди кылдын жана озун учун кандай амалдарды алдыга жонотконсун? ". Ал эч бир амалды жонотпогондугу учун ыйлай баштайт. Ушунчалык ыйлагандыктан коз жашы калбай калат. Андан кийин Аллах Тааланын окумун текке кетиргендиктен, аны уят кылып,шерменде кылат. Ошондо ыйлап жашы кан болуп агат. Андан кийин аны дагы уят кылып шерменде кылат. Анда ал эки колун чыканагына чейин жеп койот. Андан кийин Аллах Тааланын окумун текке кетиргени учун уят кылып ,шерменде кылат. Анда ото бийик ун менен ыйлайт жана анын козу чыгып,анын бетине келип калат жана эки козунун узундугунун ар бири уч мил жана туурасы уч мил болот. Андан кийин уят кылып,шерменде кылганда,ал кайгыланган абалда:"Оо, Аллах! Мени тозокко жибер жана мени ырайым кылып ,бул жерден чыгар"-дейт. (Хаятус сахаба 3 т., 483-бет)
#1172 01 Январь 2016 - 08:34
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан:
“Качан ыймандуулар Оттон куткарылып коопсуз жерге чыгышканда, алар Аллах менен Тозокко түшүп калган бир туугандары жөнүндө сүйлөшүп башташат, жаным колунда болгон Зат менен ант, силердин эч кимиңер бул дүйнөдө досуңардын укугун алардай болуп коргой албайсыңар.
Алар айтышат: «О, биздин Роббибиз! Алар биз менен бирге намаз окуп, орозо кармап, ажылык кылып, биздин катарыбызда согушуп жүргөн биздин бир туугандарыбыз эле, Сен аларды Тозокко киргиздиңби? !» Аллах айтат: «баргыла да тааныгандарыңарды (Тозоктон) чыгаргыла! ».
Алар айтылган бир туугандарына барып, аларды От тийбеген жерлеринен таанышат: алардын арасында бетине, кай биринин буту ортосуна чейин От тийбеген, ошондой эле бут кетменине чейин эле Оттон жабыркаган болушат. Жана алар ал жактан көп адамдарды алып чыгышат. Алар: «О Роббибиз! Сен бизге чыгаргыла деп буйругандарыңдын баарын чыгардык! » деп айтышат.
Андан соң алар кайтып келишип, бири бири менен сүйлөшүп турушканда Аллах аларга айтат: «Кайтып баргыла дажүрөгүндө динарчалык ыйманы барларды алып чыккыла!». Алар ал жактан көп адамдарды алып чыгышып: «О Роббибиз! Сен бизге чыгаргыла деп буйругандарыңдын бирөөсүн да калтырганыбыз жок!» деп айтышат. Ошондо Аллах айтат: «Кайтып баргыла да жүрөгүндө жарым динарчалык ыйманы барларды алып чыккыла!». Алар ал жактан көп адамдарды алып чыгышып: «О Роббибиз! Сен бизге чыгаргыла деп буйругандарыңдын бирөөсүн да калтырганыбыз жок!» деп айтышат.
Ошондо Аллах айтат: «Кайтып баргыла да жүрөгүндө жарым чаңдын бүртүкчөcүндөй ыйманы барларды алып чыккыла!». Жана алар ал жактан көп адамдарды алып чыгышат.
Бул хадисти айткан Абу Саид айтты: «Ким бул хадисти кабыл кылбаса бул аятты окусун: «Албетте, Аллаh эч кимге чаңдын бүртүгүнүн салмагынча да зулум кылбайт. Эгер (пенденин иши чаңдын бүртүгүнчөлүк) жакшылык болсо, аны көбөйтөт жана Өзүнүн даргөйүнөн чоң сооп берет.» Ан-Ниса 40.
Алар айтышат: «О Роббибиз! Сен бизге буйругандардын баарын алып чыктык жана Отто жакшылыгы бар эч ким калган жок!».
Ошондо Аллах айтат: «Периштелер да, пайгамбарлар да, ыйандуулар да өз шапааттарын берип бүтүштү, (шапаат бере элек) бир гана Ыраймдуулардын Ырайымдуусу калды!».
Ошентип Аллах Оттон көмүрдөй болуп күйүп калган, өмүрүндө Аллахтын ыраазычылыгы үчүн бир дагы жакшы амал кылбаган адамдардан кочуш менен (же ал (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: «эки кочуш») кочуштап алып чыгып, Жашоо деп аталган сууга алып келип аны менен аларды сугарып баштаганда алар агын суу алып келген уруктай болуп өсүп башташат, жана өз денелеринен бермет сымал чыга башташат. Алардын моюндарында «Аллах аркылуу бошотулгандар» деген жазуу болот. Жана аларга айтылат: «Бейишке киргиле да көргөнүңөрдү жана каалаганыңардыалгыла, жана силерге ошончо үстүнө кошулуп берилет!»
Ал эми Бейиш жашоочулары «Булар Ырайымдуу тарабынан бошотулгандар, Ал буларды катып койгон бир дагы жакшы амалдары болбосо да Бейишке киргизди! » деп айтышат.
Алар айтышат: «О Роббибиз! Сен бизге ааламдардагылардын эч кимисине бербеген нерсени белек кылдың!»
Аллах айтат: «Бирок менде силер үчүн мындан да жакшы нерсе бар!»
Алар сурашат: « Мындан артык эмне болушу мүмкүн?»
Аллах айтат: «Бул Мен силерден ыраазы болгонум жана силерге мындан ары каарданбай тургандыгым! »
аль-Бухари, 7439, 4/482; Муслим, 1/117; ибн
#1173 01 Январь 2016 - 10:21
✏276) Муъавия (разияллооху анху) айтат: " Мен Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уктум: " Эгер сен адамдардын кемчиликтерин издесен, аларды бузасын" (Абу Дауд)
❗Пайдасы: Адамдардын кемчиликтерин издоо, алардын карама-каршы жек коруу, жаман ойлорун пайда кылат. Адамдардын кемчиликтерин издоонун натыйжасы, уруш-талаш, куноолордун кучошуно алып келет.Анан алардын алашуусуна себеп болот. (Базл Мажхуд).
✏277) Ибну Умар (разияллооху анху)дан риваят:" Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам): " Мусулмандарга ыза бербегиле (зыян келтирбегиле), айыптабагыла жана кемчиликтерин издебегиле" -деди. (Ибн Хиббан)
#1174 02 Январь 2016 - 23:15
***
«Эркектин (күйөөнүн) милдеттери - абалына жараша аялын жана балдарын тамактандырып, кийиндирип жана турак жай менен камсыз кылуусу».
***
«Жакшылык жана такыба иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душманчылык жана күнөө иштерде жардам бербегиле. Аллахтан корккула».
***
«Ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе, коңшусуна жакшылык кылсын, мейманын сыйласын. Жакшы сөз сүйлөсүн же тим болсун. Алды тараптан 40 үй, арт тараптан 40 үй, оң тараптан 40 үй, сол тараптан 40 үй, ушул үйлөр коңшу болуп эсептелинет».
***
«Баланын жакшы адам болушу Аллахтан, адеп-ахлак үйрөтүш - аталардын милдети».
***
«Атаңдын атын атап чакырбагын, анын алдына баспагын жана андан алды олтурбагын».
***
«Атага кылына турган жакшылыктардын эң жакшысы - ал жакшы көргөн адамдар менен карым-катнашта болуу».
***
«Кимде- ким ата-энесин же алардын бирөөсүн карыган мезгилине чейин алардын кызматын кылып ыраазы кыла албаса, тозокко кирсин!»
***
«Эгерде чоң күнөөдөн алыс болуп, ата-энеңе жумшак сөз сүйлөп, тамак-ашын алып берсең, албетте, бейишке киресиң».
***
«Киши коңшусун, ага-инилерин жана атасын өлтүрө турган заман келмейинче кыямат болбойт».
***
«Күйөөдөн ажырап, сага келген жана сенден башка жардамчысы болбогон кызыңа берген садакаң - эң жакшы садака».
***
«Бейишке жакындатып, тозоктон алыстата турган амалдардын бири – тууган-урук менен карым-катнашта болуу».
***
«Ким ырыскысы кең жана өмүрү узун болушун кааласа, тууган-уругу менен карым-катнашта болсун».
***
«Ким Аллахтан корксо, тууган-уругу менен карым-катнашта болсо, ажалы кечиктирилип, мал-мүлкү көбөйүп, үй-бүлөсү аны жакшы көрүп калат».
***
«Үч адамдын дубасы күмөнсүз кабыл болот: зулум чеккен адамдын, сапардагы адамдын, ата-эненин баласына кылган дубасы».
***
«Мусулман бир тууганыңа жылмаюу - садака (ага садака бергендей соопко ээ болосуң)».
***
«Эй момундар! Шайтандын жолу менен жүрбөгүлө, ким шайтандын жолу менен жүрсө, аны шайтан сөзсүз уят жана тыюу салынган иштерге буйруйт».
***
«Аллах өз пендесинин тобосуна силердин бирөөңөр чөлдө төөсүн жоготуп жиберип, кайра таап алгандан да катуураак сүйүнөт».
***
«Алланын жакшылыктарын сурангыла, чындыгында Алла андан сураганды жакшы көрөт».
***
«Бир адамга жаман сөз айтып же зыян берип жеңип коюш жеңил. Бирок адамды жакшы сөз, жакшы мамиле менен жеңүү – бул чыныгы жеңиш».
***
«Төрөттүн оор болушунун бир сыры - эненин баласына мээримин ойготуу. Антпесе «башкасын төрөп алам» деп жакпаган учурда таштап кете бермек».
***
«Ким өзүн өлтүрсө, бейишке кирбейт жана кыямат күнү өзүн өлтүргөн аспабы менен жазаланат».
***
«Жашоодо бардык нерсе өзгөрөт. Жадагалса жакын досуңуз, жакындарыңыз да өзгөрөт. Бир гана ата-энеңиз өзгөрбөйт. Аларга жакшы мамиле кылыңыз».
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#1175 03 Январь 2016 - 14:07
Абдышукур Ажы Нарматов.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дын эң акыркы сөзү: "Намаз, намаз. Кол астыңардагылардын акысын берүүдө Алладан корккула! ".
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дын эң жаман көргөн кулк-мүнөзү "жалган айтуу".
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)га эң сүйүктүү болгон амал: Аз болсо да уланып турган амал.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) адамдардын эң жакшысы, эң мыктысы жана эң эр-жүрөгү болгон.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) жамаат менен намаз окуганда жеңил окуп, жалгыз окуганда намазын узун окуган.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) уктаардын астында оң колун оң бетинин астына коюп жатчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)га сүйүнүчтүү кабар келсе Алла Таалага шүгүр кылып сажда кылчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) үйүнө кирээр замат мисвак колдончу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) ооруп жаткан адамды кабар алганы барганда: "Эч нерсе эмес Кудай буюрса күнөөлөрдөн тазаласын" - деп айтчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) маркумду жерге бергенден кийин кабырдын жанында туруп: "Мусулман бир тууганыңар үчүн истигфар айткыла жана ыйманын бекем кылуусун сурагыла. Чындыгында ал азыр сурака алынат" - деп айтчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) жакындарынын бирөөсү ооруп калса "Фалак жана Наас" сүрөлөрүн окуп дем салчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) өзүнүн балдарына жана жаш балдарга мээримин төкчү.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дын эң көп ушул дубаны кылаар эле. "Роббанаа аатинаа фид дунйаа хасанатан ва фил аахироти хасанатан ва кинаа азаабан наари".
(О, Жараткан! Бизге бул дүйнөнүн да акыреттин да жакшылыктарын бер жана бизди тозок отунан сакта!).
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) аз күлүп, көпкө унчукпай отурчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дын сакалы койуу жана айбаттуу эле.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) түнкү намазды такыр калтырчу эмес, эгер ооруп калса отуруп окучу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) сакалын тазаланганда, бут кийимин кийээрде, улоосуна минээрде жана иштеринин барысында оң жактан баштаганды жактырчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) дайыма Алланы зикр кылчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) белекти кабыл алып өзү да белек берчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) жаш балдардын жанынан өтүп баратып аларга салам берчу.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) дүйшөмбү жана төртүнчү күнү орозо кармаганга аракет кылчу.
أللهم صل و سلم و بارك على سيدنا و حبيبنا و مولانا محمد صلى
#1176 03 Январь 2016 - 18:43
° Бейиш жана Тозок азыр да бар.
Бейиш жети кат асмандын устундо. Тозок болсо бардык болмуштун астында. Сегиз Бейиш, жети Тозок бар.
Бейиш жерден, кун жана асмандан да чон.
Ал эми Тозок кундон да чон.
Арасат аянты :
"Мавкиф" жана "Махшар" деп дагы аталат.
Бул жерде кабыр жашоосунан кийин адамдардын бардыгы жыйналып, суракка тартылат.
• Бул жердегилердин кандайча чакырыла тургандыгын Ислам аалымдары ар турдуу суроттогон.
Аллах Таала эн алгач адам олтургондорду суракка тартат.
Эн алгач эсептери кылына тургандар, сооптору бериле турган кулдар - дуйнодо Ыйманы туура болгон сокурлар болот.
•Алардын сурагы журуп жатканда бир Периште сокурлардын атынан :
"Дуйнодо коруудон чектелгендер кайда? - деп сурайт.
•Ага: "Алар Аллах Тааланын жамалын корууго баарынан да кобуроок ылайыктуу" , - деген жооп айтылат.
Анан Аллах Таала аларга :
"Он жакка баргыла!" - дейт.
• Алар учун бир туу байланып, Шуайб (алейхиссалам) дын колуна берилет.
Шуайб (алейхиссалам) аларга Имам болот.
Алардын алдына санын Аллах Тааладан башка эч ким билбеген ото коп нурдуу периштелер келишет.
• Булар Сыраттан тез эле отуп кетишет. Сабырда жана жумшак муноздуулукто алар сахаба Абдуллах ибни Аббас (радиаллаху анху) сыяктуу болушат.
• Андан сон :
"Кыйынчылыктарга сабыр кылгандар кайда?"- деп суралат.
• Ото катуу жана жугуштуу оорулар менен сыналган Пенделер майданга алып келинет.
Аллах Таала аларга салам берет.
Аларга да : "Он жакка баргыла!" - деп айтат.
• Алар учун да жашыл туу байланат. Аларга Имам болгон Аййуб (алейхиссалам) Пайгамбарга берилет. Сахабалардан Укайл бин Аби Талиб (радиаллаху анху) жана ага окшогондор ошол топто болушат.
• Андан сон:
"Ислам душмандарынын жалгандарына, жалааларына алданбай, ахли Суннот ишенимине бекем карманган жана ошол туура Ыйманын кемел даражасында сактап калган Ыймандуу, ар - намыстуу жаштар кайда?"- дейт.
• Алар үчүн даярдалган туу Юсуф (алейхиссалам) га берилип, аларга Имам болот.
Ал жаштардын озгочолуктору - харамдардан качып, чоочун аялдарды карабагандыктары.
Рашид бин Сулейман (рахимахуллах) жана уммот ичиндеги ал сыяктуу адамдар ошол топто болушат.
• Андан сон :
"Аллах Таала учун бири - бирин суйгондор, Мусульмандарды суйгондор жана капырлар менен муртаддарды суйбогондор кайда?"- деп суралат.
Алар да Аллах Тааланын алдына алып келинет. Алар да он жакка жиберилет.
Аллах Тааланын душмандарын суйбой тургандардын сыпаты сабырдуулук жана мээримдүүлүк.
Алар дунуйолук себептерге байланыштуу Мусульмандарга эч кандай жамандык кылышпайт.
Хазрети Али (радиаллаху анху) жана бул уммоттон ага окшогондор ушул топко кирет.
"Аллах Тааладан коркуп, харам иш кылбагандар жана ыйлагандар кайда?"-дейт.
Нух (алейхиссалам) токтойт. Жамаат да аны менен бирге токтойт.
• Ахли Суннот алымдарынын сыясы менен шейиттердин каны таразага тартылат.
Аалымдардын сыясы оор келип, алар он жакка отушот.
Шейиттер учун да сары туу берилет.
Ал Яхйа (алейхиссалам) дын колуна берилет.
Алардын алдында Яхйа (алейхиссалам) журот.
Аалымдар алдына отууну каалашат.
Алар мындай дейт:
"Шейиттер биздин илимибизди уйронуп согушка катышкан.
Биз алардан алга журууго ылайыкпыз" -деп айтышат.
Аллах Таала: "Аалымдар менин алдымда Пайгамбарым сыяктуу"- деп айтат.
Аалымдарга : "Каалаган адамдарга шапаат кылгыла"- дейт.
Аалымдар балдарына, кошуналарына, Мусульман досторуна, жолундагы шакирттерине шапаат кылышат.
• Аалымдардын ар бири учун бир периште чакырылат.
Периште адамдарга айтат:
"Баланча аалымга Аллах Таала шапаат кылууну буюрду.
Ким анын бир кажетин орундаган болсо, же бир жутум суу берген, китептерин тараткан болсо, аларга шапаат кылат".
Ошол аалымга дуйнодо жакшылык кылган, китептерин тараткан адамдар орундарынан турушат. Аалым ошол кишилерге шапаат кылат.
Хадиси шарифте эн алгач шапаат кыла тургандар - расулдар, андан кийин набилер, андан кийин аалымдар экендиги билдирилет.
Аалымдар учун ак туу байланат.
Ибрахим (алейхиссалам) га берилет. Ибрахим (алейхиссалам) жашыруун илимдерди жарыкка чыгаруу жагынан Расулдардын ичиндеги эн улуусу. Ошондуктан, туу ага берилет.
• Андан кийин: "Нафакасын терип жеш учун эмгектенип, тер токкон, тапканына канаат кылган кедейлер кайда? - дейт.
Алар да Бейишке жиберилет. Алар учун да бир сары туу байланып, Иса (алейхиссалам) га берилет. Иса (алейхиссалам) аларга Имам болот.
• Андан сон :
"Байлар башкача айтканда шугур кылган, мал-мулкун, акчасын Динди кубаттандырууга, Мусульмандарды заалымдардан коргоого жумшаган байлар кайда? - деп суралат.
Аллах Таала берген байлыктарынын эсебин беш жуз жыл сурайт.
Алар учун турдуу тустуу туу алып келинет.
Аларга Сулейман (алейхиссалам) Имам болот.
Алар да Бейишке барышат.
• Чон куноо кылган адамдардын журогундо Ыйман бар болсо, азабын тартып бутуп, анан шапаатка жетишет.
Аллах Таала аларга ырайым кылып, миндеген жылдардан кийин аларды Тозоктон чыгарат.
• Тозоктогулордун терилери куйуп буткондон кийин кайрадан жаратылат.
Улуу олуялардын бири болгон Хасан Басри: "Мен дагы ошондой кишилердин катарынан болсом го"- деген.
Хасан Басри акырет тууралуу ото жакшы билген адам эле.
Кыямат куну бир Мусульман келет.
Анын энчисинде эч кандай кылган жакшылыгы болбойт.
Аллах Таала анын Ыйманынын урматына ырайымы менен ага айтат :
"Адамдарга бар, сага жакшылыгын жана сообун бере турган адам изде.
Ошол аркылуу сен Бейишке киресин".
Ал адамдардын арасына кирет.
Адамдар арасына кирип дартына чара боло турган адамды издейт.
Кимге айтса да :
"Менин дагы жакшылыктарым жетпей калат деп корком. Мен соопко сенден дагы муктажмын" - деп айтат.
Ал кубанып, ыраазы болуп, таразанын башына келет.
Аллах Таала ал пендесин абалын билип турса да :
"Кандай келдин? - деп сурайт.
Ал болгон окуяны айтып берет.
Озунун сообун берген адамга Аллах Таала : "Ыймандууларга Менин жоомарттыгым, сенин жоомартыгынан, жакшылыгынан алда канча коп. Досундун колунан карма, Бейишке киргиле"- деп айтат.
• Таразанын эки тарабы да тен болуп калса, Аллах Таала айтат :
"Бул кул Бейиште да эмес Тозокто да эмес".
Ошол кезде бир периште таразанын куноо жагына бир барак алып келип коёт.
Ал баракта "уф" деген соз жазылган болуп, ошол тарап оор басып кетет.
Анткени "уф" деген соз Ата-Энеге каршылыкты билдире турган соз.
Ал кишинин Тозокко ыргытылуусу буйрулат.
Ал адам эки жагына карап турат.
Аллах Тааланын чакыруусун каалайт. Аллах Таала аны чакырат.
"Эй, куноокор кул ! Менин чакыруумду эмне учун кааладын" - деп сурайт.
"Эй, Раббим !
Ата-Энеме каршы чыкканым учун Тозокко бара жатамын.
Алардын азабын мага кошуп бер, аларды Тозоктон куткар" - дейт.
Аллах Таала айтат: "Ата - Энене дуйнодо каршы чыктын. Акыретте сыйладын. Алардын колунан карма, чогуу Бейишке киргиле" - деп айтат.
Бейишке жиберилбегендерди Периштелер кармайт.
Анткени, периштелер акырет окумдорун ото жакшы билишет.
Ал эми, акыреттен насиби жок элге алардын Тозок отуну экендиктери айтылат.
Алар Тозокту толтуруу учун жаратылган.
Аллах Таала "Саффат" суросунун 24-аятында :
"Аларды токтоткула ! Алардан сурак суралат"- дейт.
Алар ошол жерде туткунда калышат. "Саффат" суросунун 25 - аятында билдирилгендей :
"Силерге эмне болду, бири - биринерге жардам кылбайсынарбы" - деп айтылганга чейин кармалып турушат.
• Алар куноолорун моюндарына алышат. Бардыгы Тозокко жиберилет.
Мухаммед (алейхиссалам) дын уммотунун чон куноо кылгандары да ушинтип алып келинип, кары, жаш, аял, эркек баары бир жерге жыйналышат.
•Тозоктун кузотчусу Малик:
"Силер жаман топтонсунар.
Бирок, колдорунар байланган эмес. Жузунор карайган эмес.
Тозокко киргендердин арасында силерден откон сулуу эч ким жок"- деп айтат.
Алардын бардыгы харамга баткан омурлоруно окунуп ыйлашат.
Аллах Таала:
"Эй, Малик! Буларды биринчи Тозокко жибер"- деген буйрук келет.
Тозок аларды ичине алайын дегенде алар : "Лаа илааха иллаллоох" - деп кыйкырышат.
Тозок бул созду укканда беш жуз жылдык алыска качат.
(Бир нерсенин коптугун билдируу учун чон сандар менен сыпаттоону Арабстанда адат экендиги Ибни Абидиндин "Радд - уль -мухтар" китеби "ал - хазар вал ибаха" болумундо жазылган.
Башкача айтканда Диний адабияттардагы сандар анык олчомдорду эмес, коптукту билдирет).
• Дагы бир ун угулат: "Эй, Тозок!
Буларды ал!
Эй, Малик! Буларды биринчи кезекте Тозокко ташта!" .
Ошол кезде кундун куркурогонундой бир добуш чыгат.
Тозок аларды журогун орттомокчу болгондо Малик ага кедерги болуп :
"Эй, Тозок!
Ичинде Курани Карим бар, Ыймандын мекени болгон журокту куйгузбо!
Рахман болгон Аллахка сажда кылган мандайды куйгузбо! "- деп айтат.
Ошол бойдон бул коом Тозокко ташталат.
• Ошол кезде Тозоктон бир адамдын башкалардан да катуураак ун менен кыйкырып ыйлаганы угулат.
Аны Тозоктон чыгарат.
Анын териси эле куйуп улгургон болот.
Аллах Таала ага:
"Сага эмне болду?
Эн коп кыйкырып ыйлаган Сенсин? - деп сурайт.
Ал: "Эй, Раббим! Мени эсепке тарттын. Сенин Ырайымынан алиге чейин умут узгон жокмун.
Сенин мени уга тургандыгынды билем. Ошондуктан, кыйкырып ыйладым" - деп айтат.
Аллах Таала:
"Кимде - ким Аллах Тааланын Ырайымынан умутун узсо ал адашкан адам"- деген маанидеги "Хижр" суросунун 56 - аятын корсотуп:
"Бар, сени кечирдим" - дейт.
• Акыреттин тан калаарлык жагдайы - ар бир адамды Аллах Таала эсепке тартат. Ар бир адамдын сооптору менен куноолору тартылат.
Ар бир адам ошол кезде Аллах Таала бир гана озунун эсеби менен алектенип жатат деп ойлойт.
Бирок, Аллах Таала бир убакыттын ичинде санын озунон башка эч ким билбеген коп адамды эсепке тартат.
• Ал жерде кээ бир адамдар кээ бироолорду корбойт.
Бири экинчисинин созун укпайт.
Балким, ар бири Жараткандын пардалары астында болоор.
Кандай чон кудурет! "Лукман" суросунун 28-аятында :
"Силердин дуйно жана акыретте жаратылуунар бир дем алгандай убакытта жузого ашат"- деп айтылат.
Аллах Тааланын бул созундо сырлар бар, бул - мекенсиздик жана убакытсыздык сыры.
Анткени, Аллах Тааланын иштеринде чек менен кедерги жок.
Аракеттеринин эч бири башка иштерди жасоосуна кедерги боло албайт.
• Ал кезде адам озунун баласына :
"Эй, балам! Мен сени кийинттим, жедирдим, ичирдим.
Сага динди, Ыйманды уйроттум.
Сени Куран окутуп уйротуучу Устазга бердим.
Бирок, Кыяматтын азабын коруп турасын.
Куноомдун коп экенин да билесин. Ошонун биразын сен жуктон.
Куноом азайсын.
Мага бир сооп бер. Сообум оор бассын" - деп айтат.
• Ушундайча, бала менен Эненин арасында, эрди-катындардын арасында ошол сыяктуу ангемелер болуп отот.
Мына, Аллах Таала "Абаса" суросунун 24 -аяты аркылуу ошону кабарлайт :
"Ал кундо адам бир тууганынан, Эне оз баласынан качат".
Хадиси шарифте: "Адамдар Кыямат куну жыланач бойдон жыйналышат" -деп билдирилген.
Айша Энебиз муну угуп: "Алар бири - бирине карашпайбы? -деп сурайт. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи уа саллам) :
"Ал куну бардык адамдын жагдайы оор, ар ким бир гана озу менен алек болот", -деген маанидеги "Абаса" суросунун 37 - аятын окуду.
• Адамдар бул кезде бир жерге жыйналышат.
Алардын устуно бир кара булут келет.
Ал булут адамдардын устуно амал дептерлерин жаадырат.
Барактар учуп тушот.
Барактар адамдардын он же сол жагына тушот.
Бул адамдын каалоосу менен болбойт.
Аллах Таала "Исра" суросунун 13 - аятында :
"Кыямат куну анын китебин ачык турдо жиберебиз" - деп билдирет.
• Кээ бир Мусульмандар кыйын эсепке тартылбастан эле Бейишке кирет.
Аларга тараза курулбайт.
Алар дептерлерин алышпайт.
Аларга бериле турган барактарга "Лаа илааха иллаллооху, Мухаммадур расулуллоох.
Бул баланчанын уулу баланчанын Бейишке кире тургандыгына куболук"- деп жазылган болот.
• Бир кулдун куноолору кечирилсе, бир Периште аны Арасат аянтына алып барат.
"Бул баланчанын баласы баланча, Аллах Таала анын куноолорун кечирди.
Эми ал шаки (куноокор) болбойт, саид (акырет бактылуусу) болуп, Бейишке кирет",- деп айтат.
Ошол кезде адамга бул кабардан да суйунучтуу башка кабар болбойт.
• Кыямат куну Расулдар минбарлардын устундо болушат.
Ар бир Расулдун минбары өзүнүн даражасына байланыштуу болот.
Ахли Суннот ишенимин карманган жана амалдарды орундаган аалымдар нурдан жасалган орундарда болушат.
Аллах Тааланын Динин коргоо жана таратуу учун шейит болгондор менен салихтер, башкача айтканда Ислам динине моюн сунган адамдар, Курани Каримди урмат менен тажвидге ылайык окуган каарылар, азанды Суннотко ылайык окуган азанчылар жыпар жыттуу жерлерде болушат.
Исламдын окумдоруно моюн сунуп, жакшы амалдарды кылгандыктары учун аларга Адам (алейхиссалам) дан баштап Пайгамбарыбыз Мухаммед (алейхиссалам) га чейин келген бардык Пайгамбарлардан кийин шапаат кылууга уруксат берилет.
Хадиси шарифте: "Курани Карим Кыямат куну жылуу жуздуу, корком муноздуу адам соротундо келет.
Андан шапаат кылуу суралат.
Ал шапат кылат.
Озун музыкалык аспаптар менен окуп, конул ачуу максатында жана акча табуу учун окугандардын устунон арызданат. Андай адамдардан оз акысын талап кылат.
Ыраазы болгон адамдарды Бейишке алып кирет"-деп билдирилген.
• Ал эми, дуйно (башкача айтканда кулчулук кылууга тоскоол болгон, харам иштерди кылууга себеп болгон нерселер жана адамдар) болсо картан, ак чачтуу, жийиркеничтуу аял суротундо корунот. Адамдардан суралат: "Силер муну тааныйсынарбы? "- деп айтылат.
• Жума куну болсо суйкумдуу адам суротундо корунот.
Ыймандуулар ага суктанып карашат. Жума Намазын окуган момундардын устундо Нур болот.
Баары ага карап танданат.
• Жума кунуно корсоткон урматтарына байланыштуу Бейишке жиберилет.
°АЛЛАХЫМ БИЛИП БИЛБЕЙ КЕТИРГЕН КУНООЛОРУБУЗДУ ОЗУН КЕЧИР!
БУЛ ЖАЛГАНДА ШАЙТАНДЫН АЗГЫРЫГЫНАН САКТА.
ОЗУНО ДЕП КЫЛГАН АМАЛДАРЫБЫЗДЫ АКЫРЕТТЕ ОН ЖАГЫБЫЗДАН БЕРЕ КОР.
ПЕНДЕМ ДЕ АЛЛАХЫМ.
АКЫРЕТТЕ ТОЗОК ОТУНАН САКТА.
ЖАННАТЫНДАН ЖАЙ БЕРГЕЙСИН АЛЛАХЫМ.
ОЗУНДОН ГАНА УМУТ КЫЛАБЫЗ.
МУСУЛЬМАН БИР ТУУГАНЫМ !
АЛЛАХ ТААЛАНЫН ЫРАЙЫМДУУЛУГУНА, КУРАНИ КАРИМДИН, ИСЛАМДЫН ЖООМАРТТЫГЫНА НАЗАР САЛ !
КУРАНИ КАРИМДИН ЖОЛУНДАГЫЛАРДЫН НАМАЗ, ОРОЗО, ЗЕКЕТ, САБЫРДУУЛУК ЖАНА КОРКОМ МУНОЗДОН
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 03 Январь 2016 - 18:49
#1177 04 Январь 2016 - 11:32
Аларга(Ыйман келтирбегендерге)< <Аллах тушургонду (Куранды) ээрчигиле деп айтса,алар: Жок, биз ата-бабаларыбыздан калган (дин, ырым-жырымдарды ж.б.у.с) нерселерди ээрчийбиз> >, дешет. Ата-бабалары эч нерсеге акыл калчап,туура жолго тушбогон болсода ээрчишеби?! (Бакара 2:170).
Аларга: <<Аллах тушургон нерсеге (Куранга) жана элчиге келгиле>> ,дешсе алар: <<Бизге Ата-бабаларыбыз тапкан нерсе (коп кудайга соокторкторго табынуу) жетиштуу >>,-дешет. Алардын Ата-бабалары эч нерсени билишчу эмес,туура жолдо да эмес эле. (Маида 5:104)
(Аллах таала Мухаммед салалохи алейхи ва саламга кайрылууда). Ошентип сенден мурун бир айылга Пайгамбар жиберсек,алардын мансаптуулары: <<Ата-бабаларыбызды бир жол устундо таптык. Чындыгында биз да алардын ээрчигенбиз> >,-деди.(Зухруф 43:23)
(Пайгамбар): <<Эгер силерге Ата-бабаларынар тапкан жолдон туурарагын алып келсем дагыбы?>> ,-деди. Алар (Ыйман келтирбегендер) : <<Чындыгында силер аркылуу жиберилген нерсеге каршыбыз>> ,-дешти. (Зухруф 43:24)
Ошондо биз да алардан оч алдык. Эми жалганга чыгаруучулардын акыбетти кандай болгонун коруп ал! (Зухруф 43:25)
Урматтуу менин эже карындаштарым сиздерге айта кетчуу нерсе Тенирчилерге турмушка чыгуунуздар харам болот, ошондуктан динин сурап андан кийин мусулмандарга турмушка чыгыныздар.
#1178 05 Январь 2016 - 16:48
✏170) Айша (разияллооху анха) дан риваят:" Пайгамбар (салляллаху алейхи ва саллам) айтты:" Ким тахажжуд намазды окууну адат кылып алган болсо, (бирок тундордун биринде) уйку басып,ойгонбой калса Алла Таала окуган тахажжуд намазынын сообун берет (жазат), анын уйкусу ага садака болот". ( Б.а. ал уйку Алладан жакшы белек катары болот). (Насаи)
✏171) Абу Дарда (разияллооху анху) дан риваят:" Пайгамбар саллаллаху алейхи ва саллам):" Ким тошоко жаттарда, тахажжуд окуйм деген ниет менен жатып, бирок уктап калып,танды атырып жиберсе , кылган тиетинин сообу жазылат да,уйкусу Алладан тартууланган белек катары саналат"- деди. (Насаи)
#1179 05 Январь 2016 - 16:51
Аллах Таала айтты:
"Акыйкатта абийирдуу, ак ниеттуу момун аялдарга жалаа жапкандар, бул дуйнодо да, Акыретте да каргышка калышат.
Албетте, алар учун чон азап бар".
Аллах Таала айтты:
"Эгер таза аялдарга аягы суюктук кылды деп, жалган жалаа жапкандар торт кубо келтире албаса, анда аларга сексен балак ургула".
(Нур-4).
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллам): "Жети чон куноодон алыс болгула-деп, абийирдуу, ак ниеттуу момун аялдарга жалаа жабууну да эскертти" .
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: "Мусульман колу жана тили менен Мусульмандарга зыян бербеген адам".
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллам) Муазга айтты: "Энен сени жоготуп ыйласын! Кыяматта адамдар тилинин айынан жуздору менен суйролорун билбейсинби? "...
Аллах Таала айтты: "Ошентип момун эркектерди, момун аялдарды жазыксыз ызаланткандар, албетте оздоруно жалааны жана ачык куноону жуктоп алышты".
(Ахзаб:58).
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: "Кимде-ким кулуна зынакор деп жалаа жапса, Кыяматта жазасын алат".
(Муттафакун алейхи).
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 05 Январь 2016 - 16:52
#1180 13 Январь 2016 - 18:48
БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.
(ырайымдуу боорукер Алланын аты менен баштаймын)
Момундардын (мусулмандардын) өкүмдары Абу Хафса Умар ибн альХаттаб2(рози Аллоху анху)3нун айтымында:
1. Амал- (арабча)- иш аракет деген маанини билгизет. Амалдар негизинен үч түрдүү болот:жакшы, жаман жана ортосаар.
2. Азирети Умар ибн аль Хаттаб – Экинчи халифа. Халифа – орун басар деген маанинибилдирет. Сөз бул жерде Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис салам өлгөндөн кийин анын орунбасары катары мусулмандарды башкарып турган төрт халифанын бири жөнүндө баратат.(Котормочунун эскертүүлөрү).
3. Рози Аллоху анху- ага Алланын ыраазылыгы болсун деген мааниде. Мындан ары карайайрым жерлерде кыскартылып, мүмкүн: (А.Ы.Б.) деп да берилет. Тексттеги кашаага алынганбардык сөздөр котормочу тарабынан берилген.
Бир жолу Алланын Элчиси (азирети Мухаммад алайхис салам) мындайдегенин уктум:
«Бардык иш – аракеттер адамдын ниетинен болот жана ар кимгениетине жараша берилет. Ошондуктан кимдин хижраты2 Алла жана анынЭлчиси үчүн болсо ал адам Алла жана анын Элчиси үчүн хижрат кылды(деп эсептелинет). Ал эми ким бул дүйнөнүн пайдасы үчүн же үйлөнүү үчүнхижрат кылса ал хижрат эмне үчүн болгон болсо ошол үчүн болду (депэсептелинет)». (Жогорудагы биринчи хадис жана мындан кийинки хадистердин да биртоптору хадистерди эң мыкты билүүчү жана аларды чогултуучулардан болгоназирети имам Бухари жана азирети имам Муслимдер тарабынан алардын«Сахих»- деп аталган китептеринде берилген. Сахих- эң туура анык, дегенмаанини билгизет. Дүйнө жүзүндө мындай Сахих деп аталган хадис китептер«Ас Сахих ас Ситта» же болбосо «Эң ишенимдүү алты жыйнак» деген аталышменен кеңири белгилүү. Мына ушул атактуу алты китептин ичинен да эңатактуусу Имам Бухаринин «Ал Жами ас Сахих» же «Сахихул Бухари» депаталган хадистер жыйнагынын китеби. Бул Китеп бүткүл Ислам дүйнөсүндөгүжана тарыхындагы бардык улама (дин окумуштулары) тарабынан өзүнүндаражасы жагынан ыйык Курандан кийинки эле өтө кадыр барктуу,кастарланган экинчи бир ыйык китеп болуп саналат. Бул китеп мусулмандүйнөсүнүн дээрлик бардык мамлекеттеринде кеңири таралган. Китептинкотормолору ал турсун Европа, Америка, Индия, Кытай жана дүйнөнүн башкада тараптарындагы мусулман эмес мамлекеттеринде да басылып чыгы п,небактан бери эле элге таралып келе жатат) (Котормочунун түшүндүрмөсү)
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 13 Январь 2016 - 18:49
Живу и радуюсь каждому дню!!!