Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана өлкөбүздүн алдыңкы ММКлары окуучулар арасында жарыялаган сынагынын жеңүүчүлөрү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана өлкөбүздүн алдыңкы ММКлары окуучулар арасында жарыялаган сынагынын жеңүүчүлөрү

#1 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Декабрь 2015 - 09:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ысык-Көл облусу боюнча Малайзияга жолдомону 8-класстын окуучусу Жумадил Муңайтпасов утту

Сүрөт


Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Ысык-Көл облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 14 жаштагы Жумадил Муңайтпасов табылды.

Жумадил Муңайтпасов Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №4-гимназия- мектебинин 8-классынын окуучусу. 14 жаштагы окуучу эмгегинде кыргыз жеринин кооздугун, туристтик мүмкүнчүлүгүн, өзүнүн жеке кыялын баяндап жазган. Сынакты Ысык-Көл облусу боюнча "Кабарлар" сайты жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.
Жеңүүчүгө учурда кош майрам, анткени 21-декабрь анын туулган күнү экени белгилүү болду.


Жеңүүчүнүн дил баянын сунуштайбыз:

"Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

"Кыргызстан картада кичинекей болгону менен, келип көрсөң абдан кызыктуу, кооз жер. Элинин меймандостугу, ынтымактуулугу жана кичи пейилдиги башка элдердин мүнөзүнөн өзгөчөлөнүп турат. Кыргызымдын жети дубаны бар. Ар бир дубандын өзгөчө сонун жактары бар. Алар: Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй, Баткен, Жалал-Абад жана Талас.

"Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, толкуса толкунуна мен ортокмун" деп Алыкул Осмонов атабыз баса белгилегендей, Ысык-Көл касиеттүү бир акак мончокко окшоп мөлтүрөп жатат. Тегерек четин аска-зоолуу, ак мөңгүлүү, карагайлуу капчыгайлар курчап турат. Көптөгөн пансионаттар, эс алуучу жайлар, минералдык булактар бар. "Тоо-токойду жиреп өткөн Нарын дайра, жарык менен камсыздайт элди кайра" дегендей, Нарыным төрт түлүк малдын түрүнө, эт, сүт, айран, май, кымызга абдан бай келсе, Сары-Өзөн Чүйүбүз жашылча-жемиш менен элибизди камсыздап турат. Борбор калаабыз Бишкек да ушул жерде жайгашкан. Андан ары Төө-Ашууну ашсак эле Манас атабыздын кичи мекени Талас болот. Таластын эли да эмгекчил, меймандос келет. Айтылуу Сулайман-Тообуз жайгашкан түштүк борборубуз Ош шаарын, өрүкзарлуу,
Айгүл-Тоолуу Баткенди, Сары-Челек, жаңгактуу Арстанбабды кучагына алган Жалал-Абадды көрбөсөм да, кооздугун көкүрөгүм менен сезип турам. Төрт түлүк малыбыз, көк мелжиген тоолор, керемет жайлоолор, шаркырап аккан сууларыбыз, аскалары асман менен кучакташкан мөңгү баскан тоолорубуз, алардын коюнунда байырлап жүргөн аркар, кулжа, бугу, ак илбирс, аюу жана бүркүт, ителги сыяктуу куштар, карагайлуу чер токойлор - биздин жерибиздин түгөнгүс байлыгы.

Мен дил баянымдын ушул жерине чейин кыргыз жеримдин кооз жаратылышын сүрөттөп жатып, өзүм аралап жүргөндөй элестетип, "көп байлыгыбыз бар турбайбы..." деп кубануу менен жазып жатам. Карагайлар, токойлор жөнүндө жазууга келгенде, жакында эле сыналгыдан көргөзгөн Ысык-Көлдүн карагайлуу токойлорун кыйып, ташып, жок кылып жаткан өзүбүздүн эле аталарыбызды, агаларыбызды эстеп, зээним кейиди. Алар башка жактан, Орусия же Казакстандан келип уурдап жаткан жок да! Чыңгыз атабыз көрөгөчтүк менен көрө билген Орозкулдар дагы эле Нургазылардын тилегине балта чаап жатышпайбы! Табигый байлыктарыбызды бир кишидей бекем туруп коргоп алсак, кыргыз жерибиздин гүлдөп-өсүшүнө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Алсак, мен жашаган керемет Ысык-Көлүбүздө дүйнөнүн төрт бурчунан келип рахаттануу, суктануу менен эс алып кетип жаткан туристтерди көрүп, жерибиздин кереметтүүлүгүнө дагы бир жолу ынандым.

Мен жайкы каникулда Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү "Аврора" эс алуу жайында иштедим. Агам көлгө түшүүчү баллон-матрацтарды, катамарандарды, күндөн коргоочу чатырларды алып берип, көл жээгине тургузуп койду. Менин милдетим - аларды эс алуучуларга ижарага берүү. 1 саатка 100 сом. 28 баллонду берип, кайра акчасын алып чогултуу керек. Дагы 2 катамаран бар. Аны сууга киргизип, кайра жээкке чыгарып туруш керек. Ошентип, көл жээкке жипсиз байландым. Эч жакка басып кете албайсың . Апамдын жанынан чыгып көрбөгөн жаным араң эле чыдадым. Мен башында уялып жаткам, бирок ошол жерде жүргөн кенедей балдардын жүгөрү, балык, суусундук көтөрүп алып сатып жүргөндөрүн көргөндө намыстандым. Алар өздөрүнүн үй-бүлөсүнө, ата-энесине жардам берип, өздөрү үчүн акча таап, жан талашып иштеп жатышты.

Менден 3 жаш кичүү иним ыйлап жатып үйгө кетип калды. Мага болсо артка жол жок. Ошентип жумуш башталды. Эртең менен эрте туруп, тамактанып алып көлгө жөнөмөй. Бакка байлап кеткен баллондорду, катамарандарды сүйрөп көлгө алып чыгып коюп, эс алуучуларды күтмөй. Орусча көп сүйлөбөгөндүктөн, билсем деле башында орусча сүйлөй албай, көп акча кармабагандыктан, акчанын артканын кайрып бере албай, тез санай албай көпкө кыйналдым. Айрыкча чет өлкөлүктөр келгенде "же англисче, же кытайча жакшы окуп, билип албай" деп абдан өкүндүм. Бизди мектепте бекер окутса да, ошону пайдаланып, үйрөнүп албагындыгым үчүн уялдым.

Анан "местный" балдар келип тийише башташты, таяк жедим, бирок эч кимге айткан жокмун. Сезондун аягында алар менен дос болуп калдым. Жеңем күндө кечинде канча акча тапканымды эсептейт. Агам өзү дагы башка жээкте иштеди. Акчаны катпай, алдабай, ар кайсыга коротпой, "честный" иштөөнү талап кылды. Сезон бүтүп, кирешебизди санадык. Агамдар эмерек жасоочу ишкана ачышты. Мага 8000 сом тийди. Бул менин өмүрүмдө биринчи жолу акча кармап, өзүм иштеп тапкан акчаны кармаган күнүм болду. Мектепке даярданып, базарга барганда баарын өзүм сатып алдым. Апам үйдө жалгыз иштегендиктен, аябай сүйүндү. Буларды айтып жаткан себебим, ар бир адам өзү үчүн, үй-бүлөсү үчүн кандай иштесе, мамлекет үчүн да ошондой аракет кылса, бат эле экономикабыз бутуна турмак.

Бир күнү күн бүркөлүп, эс алуучулар чыкпай, жээкте иштегендердин маанайы түшүп калды. Ошондо эски катамаранымдын ичине отуруп алып ойлондум. Балыкчы шаарына эмне үчүн туристтер көп келбейт? 2015-жылы февраль айларында "Мосфильмден" кишилер келип, "Алтын балык" деген киного тартылууга бир топ балдарды тандап алышты. Анда 1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согуш учурунда орус жергесинен эвакуацияланып келген орус балдардын кыргыз айылындагы окуясы, алардын өз ата-энелерин күткөндүгү, кыргыз-орус балдарынын урушканы, кайра достошкондугу жөнүндө баяндалат. Тартуу иштери башталды. Москвадан келген башкы ролдогу бала эркелеп, чыр салып, бир күнү калп эле ооруп калып бизди аябай убара кылды.

Мен анын досунун ролундамын. Кыргыз балдар режиссёрдун айтканын айткандай кылып, бат эле илип алып аткарып жаттык. Фильмдин режиссёру Александр Галибин кетеринде: "Кино тартууга согуштан кийинки мезгилдегиге окшош жер издегенде, эмнегедир мага Балыкчыны сунуш кылышты. Биздин сценарийге абдан туура келген жер экен. Бозоруп, чаң учуп, шамал болуп турат. Кыргыз жерине биринчи жолу келишим. Бирок, балдар, азаматсыңар! Аябай тартиптүү, улууларды сыйлаган, элпек, жөнөкөйлүгүңөр жакты",- деди. Мен "согуштан кийинки жылдарга окшош шаар экен" дегенине чычалап:"Андай эмес, азыр кыш да, жайында келип көрсөңүз, Чолпон-Атага, Жети-Өгүзгө барсаңыз",- дедим. Ал:"Когда будут возможности, я объязательно приеду",- деп, чыгармачыл топ коштошуп кетти.

Ичимден ойлондум, эгерде Галибин жайында Балыкчыга келсе, эмнени көргөзөм? Эмнеге биздин кумдуу жээктер "Аврораныкындай" эмес? Шаардын көл жээктери кир, таштандылар толуп, жагымсыз жыттар болуп турат. Туристтерге көргөзүп, мактанчу жерибиз да жок. Шаарда музей бар, бирок иштегенин көргөн эмесмин. Шаардын чеке-белдеринде чоң-чоң имараттар жабык турганын көрөм. Ары-бери өткөндө бул эмне экенин сурасам, апам "бул нан заводу болчу, бул элеватор, а бул эт комбинаты, бул оргтехника заводу эле, а бул эски кинотеатр, киного билет алып кирчүбүз" деп айтып калат. Азырчы? Кафелер, дүкөндөр, 3-4 спорттук клубдар, эски базар, жаңы базар, анан чакан ишканалар иштейт экен.

Кыялымда Балыкчы шаарына кирип келе жаткан жерге Ысык-Көлдүн дарбазасын курсам дейм. Балыкчы шаары бекеринен тогуз жолдун тоому деп аталып калбаса керек. Балыкчынын ичиндеги жолдор оңолду, эми Балыкчы-Каракол, Күнгөй-Тескей айланма жолдорубуз президентибиз Атамбаевдин күчү менен оңдоло баштады. Тамчыда эл аралык аэропорт ачылды. Бул туризмдин мындан ары өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ишенем.

Менин кыялымда Балыкчынын кире беришинде жалаң алты канат ак өргөөлөрдөн турган боз үйлөр комплекси жайгашса, атайын чет өлкөлүктөр үчүн ар бир боз үйдө кыргыздын дасторкону жайылып, улуттук суусундуктар, эжигей, курут, быжы, бешбармак, сары май, жаа бөйрөк, таш кордо сыяктуу тамак-аштар даярдалып турса. Бир боз үйдө "Манас" айтылып, бир боз үйдө күүлөр чертилсе, сыртта ала бакан селкинчек орнотулуп, жаш балдар чүкө ойноп, апаларыбыз өрмөк согуп, шырдак шырып, ата-агаларыбыз ээр, комуз чаап устачылык кылса... Элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, сувенирлер сатылса… Бир жагында тогуз коргоол, кыргыз күрөш, алыш сыяктуу оюндар ойнотулса…

Бул жерге токтогон турист элибиздин нукура жашоосун чагылдырган комплексте эс алып, улуттук суусундуктардан жутуп, даамдуу тамактанып, чери жазылып, андан ары керемет көлүбүздү карай жолун уламак. Ошол жерде иштеген кызматкерлер кароолчусунан тартып баары улуттук кийим кийип тейлесе, чет тилдерди мыкты билсе абдан жакшы болмок. Муну менен биз кыргыз элинин нукура кыргыз кийимдерин, улуттук тамак-аштарын, кол өнөрчүлүгүн, искусствосун, улуттук оюндарын, эң башкысы, кыргыз элинин меймандостугун көргөзмөкпүз. Комплекске кирүү үчүн билет сатылмак. Бул комплексти "Кыргыз конушу" деп атамакмын. Анан жайында "Аврорага" барбай эле Балыкчыда иштемекмин. Балыкчылыктардын көбү жумуш менен камсыз болмок. Андан кийин Александр Галибинди "Кыргыз конушу" деген кино тартууга чакырмакмын…

"Сколько стоит за час?" деген үндөн улам өйдө карасам, күн алтын кумдарга мээримин чачып, жээкте күндөгүдөй шаңдуу жашоо уланып, жанымда көлүбүздү суктануу менен жылмайып карап алтын чачтуу эс алуучу кыз туруптур.

"Менин Кыргызстаным! Менин Ата Мекеним! Менин турагым! Менин сыймыгым! Менин алтын уям! Менин байлыгым! Сенин бир тамчы сууңду кор кылбайм! Сен үчүн кызмат кылам! Сенин гүлдөп-өсүшүңдү чын дилимден каалайм!" деп жүрөгүм дүкүлдөп согуп, шашып-бушуп катамаранды көлгө киргиздим…

Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары.

№4-гимназия- мектебинин 8-"б" классынын окуучусу Жумадил Муңайтпасов.

Сынакты уюштуруп жаткан элчи Кылычбек Султановго окуучулардын мекенчил сезимин ойготуп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Декабрь 2015 - 10:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ош облусу боюнча Малайзияга жолдомону 8-класстын окуучусу Абдыжапар уулу Медербек утту

Сүрөт

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Ош облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 8-класстын окуучусу Абдыжапар уулу Медербек табылды.

Медербек 2001-жылдын 6-октябрында туулган. Учурда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кожоке айылындагы Кожоке орто мектебинде билим алат. Сынакты Ош облусу боюнча "Элтр" телеканалы жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

Жеңүүчү деп табылган дил баянды сунуштайбыз:

" Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм!"

Биздин айыл жайы-кышы кар кетпеген, кооздугу көздүн жоосун алган Алтын-Казык, Үтөр тоолорунун этегинде жайгашкан. Айыл эли жер бети жашылданып, байчечекей жаңы ачыла баштагандан, дарактар саргайып, жаратылыш калың тонун жамына баштаган мезгилге чейин жайлоодо жайытташат. Биз да эл катары эчки, мал кармап, курут май кылып, кымыз, сүт, айранды тамшана ичип, ат үстүндө шамал менен жарыша, бир аз болсо да ызы-чуудан алыстап, жайлоодо эс алууну адат кылып алганбыз.

Күнүгө күндүн учу көрүнө баштаган учурда табияттын обонун чертип жаткансып, шар-шар аккан Кошчан дарыясын жээктей мектепке карай жол алам. Таза абадан кере кере дем алып, кичинемде уккан жомоктордогу сүрөттөлгөн кооздук көз алдыман өтүп жаткандай кете берем. “Кыргыз жери жер бетиндеги бейиш” деп бекеринен айтылбаса керек. Эжейимдин бир аңгемеси мекен, эл-жер жөнүндө терең ойлонуума түрткү болду. Бир урууда бойго жеткен бир бала жашаптыр, ал жан-дүйнө, боор оору, сүйүү сыяктуу сезимдерден узак экен. Бой көтөргөн, менменсинген мүнөздөргө ээ экен.

Бир күнү атын айтуудан баш тарткандыгы үчүн бир кызды мыкаачылык менен өлтүрүп салат экен, аны көргөн айыл эли кандай жаза колдонуу керектигин ойлоно башташат, бирок жада калса өлүм жазасына да татыксыздай сезиле берет. Ошондо бир аксакал : “ Адам баласы үчүн өз мекенинен куулуп, жалгыздыкта күн кечирүүдөн өткөн азап жок”- дейт. Ошентип ал баланы өз мекенинен айдап чыгышып, эч ким аны менен сүйлөшпөөгө сөз беришет. Чындыгында эле адам өз мекенинде гана бактылуу боло алат, буга эзелтен сакталып келе жаткан аңгеме-жомоктор, жазуучулар калтырып кеткен чыгармалар далил болуп бере алат.

Мен өз мекенимди абдан сүйөм. Кыргызстан мен үчүн дем алып жаткан абам, ичип жаткан мөлтүр таза суум, ата-энем, бир туугандарым, эли – жерим, киндик каным тамып, жашоомдогу биринчи кадамдарым ташталган жер. Мекен – деген сөздү укканымда сүрөтчүнүн барагына тартылган пейзаждай асман тиреп, аккар баскан Ала-тоо, ал эми ошол тоонун ары жагында тириликтин жүрүп жатканын көргөзгөнсүп үйлөрдүн төбөсүнөн түтүн асманга көтөрүлүп жатканы көз алдыма тартыла түшөт.

Менин кыялымдагы Кыргызстан элдери бардар турмушта күн кечирген, гүлдөп өнүкөн өлкө. Бирок кыялдан бираз алыстап, чыныгы көз караш менен карасак өлкөбүз бираз аксап, эки жүздүүлүк, алдоо, жана күнөөнү айланадан издөө деген чуңкурга түшүп бараткандай сезилет. Эл бийликти, бийлик элди күнөөлөгөнү ачык айкын эмеспи? Саясат деген оору менен баары ооруп калгандай. Жада калса шайлоо болоор алдында мектепте, сабакта, көчөдө теңтуш дос балдар менен партиялар жөнүндө терең маек курабыз, ар ким үйүнөн угуп чыккан ата-энесинин сөзүн айтып, бир партияны колдоп талаша да кетебиз, футболдогу ар бир командага жан тарткандай, партияларга жан тартып, ар ким өз партиясын жеңет деп мелдеше да кетебиз.

Элдин жашоо шартынын начардыгына бийликти күнөөлөгөндөргө кошулбайм. Менин ойумча ар бир жаран үчүн шартты түзүп берүү мүмкүн эмес. Элибиздин жашоо турмушу жакшыруу үчүн ар бирибиз өзүбүз аракет кылышыбыз керек. Улуу адам майда иштен да чоң ишти кыла алат, ал эми майда адам чоң ишти да майдалап салат деп бекеринен айтылбаса керек?

Эгер ар бирибиз бийлик мансапка эмес, канткенде менин адамдарга көбүрөөк пайдам тиет деп жашаганыбызда, өмүр жолубузда ырахаттуу, пайдалуу издерди көргөн болоор элек. Кандай гана мамлекет болбосун, анын келечеги жаштардын колунда делет эмеспи? Ата – бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырып кеткен жерди коргоо, сактоо, гүлдөтүп, өстүрүү келечектеги муундардын милдети, сыймыгы, жоопкерчилиги деп билем".


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Декабрь 2015 - 10:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бишкек шаары боюнча Малайзияга жолдомону 10-класста окуган Айжамал Марипова утту

Сүрөт


Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" аттуу дил баяндар сынагынын Бишкек шаары боюнча жеңүүчүсү 10-класстын окуучусу Айжамал Марипова болду.

Айжамал Марипова Бишкек шаарындагы №61-мектеп-лицейинде окуйт. Сынакты Бишкек шаары боюнча "Вечерний Бишкек" гезити жүргүзүп, аталган окуучунун эмгеги 150дөй дил баяндын ичинен мыктысы деп табылды. Айжамал окуу менен биргеликте тил үйрөтүүчү курстарга барып, бийге катышып, фортепианодо ойноону үйрөнүүдө. Сынак тууралуу Айжамал жогорку класстын окуучуларынан угуп, катышып көрүүнү чечкенин айтат. "Сынакка катышып, өзүмдү сынап көргүм келди. Башынан эле жеңүүчү болууга өзүмдү даярдагам",- деп билдирди жеңүүчү.

Айжамал келечекте кайсы кесиптин ээси болорун тандай электигин айтат. "Мен өзүмдү көргүм келген төрт кесип бар. Музыкант болууну ойлонуп, кийин бул оюмдан кайткам, анткени биздин өлкөдө музыканттарды баалашпайт. Музыка менен алектенсем, анда муну өзүм үчүн гана жасайм жана негизги жумушум менен айкалыштырам.


Программист - келечектин кесиби, азыр технология өнүгүп жатат. Балким, атамдын жолун жолдоп финансы тармагын тандайм. Мүмкүн, журналист болом, бул кесип дагы кызыктуу. Маалыматты биринчи угуп, жаратып, анан башкалар менен бөлүшөсүң. Кесип тандоодогу акыркы чечимди 11-класста, жогорку окуу жайга тапшырарга жакын кабыл алууну пландап жатам",- дейт Айжамал.
Жеңүүчү деп табылган дил баянды сунуштайбыз:

"Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал" (Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм)

Когда я узнала о конкурсе сочинений, то буквально загорелась - так захотелось проверить себя , смогу ли написать достойное сочинение. Но при раскрытии темы согласно поставленной задаче обнаружилось, что есть много сфер, познания в которых мне требуется значительно расширить. Я составила большой список вопросов и обошла среди знакомых и родственников представителей многих профессий, обстоятельно с ними побеседовав. Конечно же, в ходе работы этот список претерпел значительные изменение вместе с моими представлениями о жизни.

Но прежде потребовалось выяснить,что же такое процветание. Согласно толковым словарям процветать - значит быть желанном положении, успешно продвигаться вперед или успешно развиваться, иметь благоприятные условия, жить преуспевая во всем благоденствовать. Теперь самое время задаться вопросом - чот означает процветание для страны? В самом начале моих размышлений я считала, что в процветающей стране самое главное - это люди, и рассуждала соответственно.

Чтобы страна процветала, надо, чтобы человек чувствовал себя в безопасности, был сытым, нужно, чтобы у него были работа, возможности самореализации, заниматься любимым делом и уверенность в завтрашнем дне. А это возможно только тогда, когда в обществе есть согласие, и государство исправно выполняет свои функции. Последние 3 революции показали, чот в нашем обществе с согласием пока не очень густо. Но в людях все же живет надежда на лучшее. С исправным выполнением государства своих функций тоже, как выяснилось, есть много проблем, как, впрочем, и с бережным отношением к природным и культурным богатствам нашей страны.

Родственники из села сказали, что раньше, еще 20-30 лет назад, они могли употреблять для питья воды из арыков, которые проходили через каждый двор. Сейчас это уже не так - жители стали мыть там автомобили, сливают мыльную воду и даже нечистоты. Почему-то ушла культура отношения к воде и земле.

Однажды, разговаривая с профессиональным велосипедистом, который объездил весь Кыргызстан вдоль и поперек, я спросила, есть ли в Кыргызстане красивые места, не испорченные нерадивыми туристами. Где нет мусора, пластиковых бутылок и пакетов и прочего. И я была потрясена, когда услышала его ответ. Какой - догадаться несложно: труднодоступные места пока еще относительно чисты. а более-менее доступные замусорены. Что касается деталей, то он рассказал, что видел петроглифы в ущелье Донги недалеко от Кызыл-Кии. Так вот эти петроглифы в некоторых местах оказались закрашенными надписями типа "Здесь был Вася" на русском и кыргызском языках. Некоторые надписи были набиты молотком прямо поверх петроглифов. ..

Мы не экономим воду, текущую из крана. В нашей столице так пока и не восстановлена арычная сеть, из-за чего засохли многие зеленые насаждения. Освещение у нас есть не везде, и все еще нерегулярно вывозится мусор, который, оказывается, не перерабатывается в качестве вторсырья, а просто вывозится на свалку вперемешку - органические отходы и бумага, пластик и батарейки, стекло и многое другое.

Наверное, хранить свою природу, свой город в чистоте и порядке не так сложно. Главное - перейти от слов к конкретным делам. Для этого нужны несколько вещей - план действий, система вознаграждения и соответствующее воспитание, а в тех случаях, когда это не работает, и принуждение. Знаю, что есть страны, где запрещены в использовании пластиковые пакеты. И есть даже такие, где не разрешается жевать жвачки и даже плеваться на улицах. Они добились значительных успехов в охране окружающей среды и идеальной чистоты на улицах.

Я давно заметила, что сейчас мало людей - как детей, так и взрослых, знающих историю кыргызского народа, несмотря на т, что ее преподают в учебных заведениях уже лет двадцать. Знаю точно, что в наших школах история Кыргызстана - это довольно скучный предмет. То ли авторам учебников, то ли учителям не хватает кокого-то огонька, чтобы оживить и расцветить историю, историю нашего народа, зажечь и увлечь интересом учеников. Думаю, было бы лучше, если бы люди шли в будущее, опираясь на опыт предков. Можно гордиться до бесконечности тем, что мы - потомки великого Манаса, но, наверное, лучше жить не только былыми заслугами наших предков, но и самим сделать что-то стоящее.

Образованность неселения играет большую роль в развитии страны, но сейчас можно сказать, что ее уровень сильно упал. Мой дедушка профессор, больше 40 лет отдавший работе в университете, посетовал на то, что последние 15 лет стало трудно обучать студентов, потому что большинство из них едва владеют школьной программой, многие из них не могут решить задачки в рамках 4 арифметических действий! Преподавание таким студентом высшей математики, физики, химии и других естественных дисциплин является практически неразрешимой задачей. Это говорит о том, что качество образования хромает, начиная со школы. Происходит это потому, что государство не выделяет достаточно денег на оплату труда учителей, содержание школ, выпуск действительно нужных учебных материалов. Низкая зарплата привела к тому, что в учителя не идут самые лучшие и способные. И их тоже можно понять - ведь они думают о своем будущем, ищут лучшей перспективы для себя и своей семьи. Дальше - все по цепочке. Недообученные в школе и в ВУЗах молодые люди не могут представлять из себя ценности на рынке труда. Выяснилось, что сейчас руководители и в бизнесе, и в госструктурах не могут найти хороших работников - мыслящих и с подходящим уровнем образования.

Поднять страну молодые, целеустремленные люди. Но сегодня несколько сотен тысяч молодых людей уехали на самую черную работу в другие страны. Живут и работают там порой в тяжелых условиях. Уезжают они, потому что не видят для себя перспективы в Кыргызстане, и не знают где и как приложить себя. Размышляя на эту тему, я пришла к выводу, что нам следует найти применение этим людям. Обучить их, открывать новые предприятия, дать им рабочие места. Как выяснилось, и это сделать непросто, поскольку следует создать выгодные условия для бизнеса, создания промышленности. Таксист, который однажды подвозил меня с мамой, рассказывал, что в советское время был инженеров на производстве, и с сожалением говорил, что сейчас прослойка технической интеллигенции почти исчезла. Как же нашей стране воссоздавать производство, если там будет некому работать?

Я выяснила, что в нашем сельском хозяйстве тоже все далеко от идеала - механизация недостаточна, и до 40 процентов выращенной сельхозпродукции портится, сгнивает из-за отсуствия нормальных условий хранения. Причиной этому является недостаток складов с надлежащими условиями хранения, а следствием - низкий уровень жизни сельских жителей. И государство почему-то пока мало что сделало для решения этих проблем и даже не создало условий для того, чтобы бизнес сам взялся за их решение.

Но, как бы то ни было, тяжелые условия дали толчок нашим людям к развитию. У нас появилось много хороших певцов, гениальных торговцев, которые умеют торговать не только китайскими товарами, но и сумели создать швейное производство. У нас появились компании, которые шьют костюмы на мировом уровне и даже не успевают обслуживать весь вал заказов. Наши службы такси, наверное, самые мобильные и конкурентоспособные на всем пространстве СНГ. У нас в Бишкеке кафе, как мне сказали, по уровню кухни и качеству обслуживания не хуже парижских.

Есть еще много простых вещей, которые, на мой взгляд, значительно изменят нашу жизнь. Я по-новому посмотрела на поток автомобилей в Бишкеке в часы пик. И была потрясена открытием - наверное, треть, если не более автомобилей, находятся на дорогах для того, чтобы отвезти или забрать своих детей из школы. И в каждом авто сидит по одному школьнику! В результате таких заторов страдают люди, бизнес - кто-то опоздал на встречу, кто-то вовремя не довез товар, кого-то своевременно не довезли в больницу... И самое главное, родители в этот момент не находятся на работе, а выполняют роль водителей. Почему такое происходит? Просто потому, что общественный транспорт недостаточно выполняет свои функции. И вот что важно - у родителей тех самых школьников исчезло доверие к порядку на улицах. Опасение за жизнь своих детей и заставляет родителей заниматься доставкой собственноручно.

Как можно решить проблему перегрузок на дорогах? Мне кажется, следует увеличить количество автобусов и троллейбусов, следует добиться порядка на улицах и в общественных местах, чтобы родители могли спокойно отправлять своих детей в школу и не беспокоиться за них. И таких решений - простых и сложных одновременно найдется множество. Главное - начать.

И все же, несмотря на все сложности нашей жизни, у нас прекрасная страна. Я люблю подолгу смотреть на наши горы, выезжать с родителями на природу (конечно же, весь свой мусор мы забираем с собой). Восхищаюсь нашей природой, ее чистотой и совершенством.

Самое главное, у нас есть молодые люди, получившие образование за границей, даже поработавшие там, которые вернулись домой, в Кыргызстан. Они встали на ноги, очень дружны, организовали свои сообщества, регулярно встречаются, поддерживают друг друга, делятся своим опытом. Они полны планов улучшить нашу страну. Занимаются благотворительностью, в том числе помогают и молодым дарованиям.

Я поняла, что для процветания нашей страны хорошее отношение должно быть не только к людям, но и к нашему прошлому - мы никто без нашей культуры и исторического наследия. Без бережного отношения к природе нет и нормальной жизни для людей - не будет ни чистой воды, ни полноценной биосферы, ни экологически чистых продуктов.

Что нужно для того, чтобы наш родной Кыргызстан достиг процветания? Я считаю, что каждый должен честно делать свое дело - начиная от школьника и студента, и заканчивая членами правительства, депутатами парламента и президентом.

Я благодарна организаторам этого проекта, потому что при любом исходе конкурса могу считать себе уже выигравшей, поскольку благодаря нему узнала много нового о своем родном Кыргызстане. Не сомневаюсь, что это окажет большое влияние на всю мою последующую жизнь. Я еще не решила, по какой дороге пойду после окончания школы - стану ли журналистом, экономистом или выберу технические специальность. И если я окажусь в числе победителей и поеду в Малайзию, то постараюсь подметить там все хорошее, что можно будет применить у нас Кыргызстане. Как они относятся к природе, к своему культурному и историческому неследию, как строят свое будущее...

Когда в жизни появляется цель, многое уже не страшит. И тепер глядя на этот огромный пласт проблем, которые накопились в Кыргызстане, мне немного не по себе, но в то же время изнутри распирает какой-то задор. Так хочется поучаствовать в разрешении всех этих проблем, внести свой вклад в такое значительное дело. Теперь я точно знаю, каких людей мне нужно будет искать в своей жизни, с кем мне будет интересно и по душе - тех, кто по-настоящему любить нашу Родину и готов приложить все свою силы для ее процветания.

Я верю в то, что мой Кыргызстан будет процветать!

С уважением и благодарностью,

Марипова Айжамал, ученица 10 "В" класса 61 школы.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Декабрь 2015 - 10:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Нарын облусу боюнча Малайзияга жолдомону 8-класстын окуучусу Уланбек уулу Элназар утту

Сүрөт

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана мекенибиздеги 9 алдынкы ЖМК биргеликте баштап, бүткүл мамлекетибизди кучагына алып, бир ай бою жүргүзүлгөн “Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” деген аталыштагы дил баяндар сынагы жыйынтыкталды.

Кыргыз жериндеги 9 алдынкы маалымат булагы өлкөбүздүн 7 дубаны жана Ош менен Бишкек шаарларын бөлүп алышып, ар бири өз аймагынан дил баяндарды кабыл алып, жыйынтык чыгарышмак. “Супер-Инфо” гезити сынакты Нарын облусу боюнча жүргүзүп, редакцияга келип түшкөн 106 дил баяндын ичинен 14 жаштагы Уланбек уулу Элназардыкын мыкты деп баалап, аны жеңүүчү деп тапты.

Элназар Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу. Жеңүүчү болгонун укканда кубанып, күлүп да, кыйкырып да алды.

- Элназар, куттуктайбыз! Нарын облусунун окуучулары өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ар бир районунан дил баяндар келип жатты. Жүздөн ашык окуучунун арасынан суурулуп чыгам деп күттүң беле?

- Күткөм, ооба, күткөм. Бүгүн сынактын жыйынтыгы жарыялана турган күн эмес беле. Эртеден бери үй-бүлөбүз менен күтүп отурдук эле.

- Жеңүүчү болгондогу сезим кандай экен?

- Жыргап жатам.

- Жыйынтыкты сени менен кошо күтүп отурган дагы кимдер бар, үй-бүлөңдөн башка?

- Таенем, бүт туугандар күткөн болчу. Досторго да сунуштагам, "ушундай сынак жүрүп жатыптыр, катышкыла" деп.

- Кимге сүйүнчүлөдүң?

- Таенемди күтүп жатам. Азыр үйүндө эмес болчу. Ошого сүйүнчүлөйм.

- Дил баянда буга чейин Москвада болгонуңду жазыптырсың. Дагы кайсы чет өлкөдө болгонсуң?

- Орусиядан башка чет өлкөгө чыгып көрө элекмин.

- Жеңүүчү 9 окуучу кышкы каникулда Малайзияга барып эс алып кайтат. Ал өлкө кайсы жакта жайгашканын, эмне болгон өлкө экенин билесиңби?

- Ооба, билем. Индонезия менен чектешкен Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкө. Борбор калаасы Куала-Лумпур шаары.

Элназардын кебин атасы Уланбек улантып, “бүгүн сынактын жыйынтыгы чыга турган күн” деп эртең менен май токоч бышырып, жубайы экөө "уулубуз жеңсе экен" деп тилек кылышканын билдирди.

Нарын облусунан жиберилген дил баяндардын арасында Ат-Башы районунун Дыйкан айылынан Болот Арналиевдин , Нарын районунун Учкун айылынан Алмаз Эшбаевдин , Нарын шаарынан Алишер кызы Нуржанаттын , Жумгал районунун Чаек айылынан Нурхан Буларбековдун дил баяндары да өзгөчө кызыгууну жана талкууну жараткан эмгектер болду.

Эсиңиздерге салсак, дил баяндар сынагына өлкөбүздүн жети дубанынын жана Ош менен Бишкек шаарларынын 12 жаштан 15 жашка чейинки окуучулары катышты.

Жеңүүчү деп табылган дил баянды сунуштайбыз (автордун стилистикалык жазуу өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди):


"Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

Дүйнөдө бир да адам болбосо керек, мекенинин гүлдөп-өсүшүн каалабаган. Мен дагы кооз мамлекетте кыргыз болуп төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам. Атым - Элназар, 14 жаштамын жана Чкалов атындагы гимназия-мектебинин 8-классынын окуучусумун. Бул сынакты ойлоп тапкан Малайзияда элчи болуп иштеген Кылычбек Султанов байкеме ыраазычылык билдиргим келет. Канчалаган өспүрүмдөрдүн өз жерине болгон сезимдерин ойготуп, мамилесин, ой-жүгүртүүсүн өзгөрттү. Мен дагы жеңүүчү болсом, анан Малайзияга баруу мүмкүнчүлүгүн алсам деп кыялданып турам.

Менин оюм боюнча, Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө 3 нерсе керек.

Биринчиден, үй-бүлө мамлекетибиздин өзөгү болгондуктан, өнүгүүнү дал ушул үй-бүлөдөн башташ керек. Мисалы, кыргыз ата-энелеринин психологиясын өзгөртүү зарыл. Ата-энелер көбүнчө бизди “муну кылышың керек, тигини бүтүрүшүң керек, керек, керек...” деп тарбиялашат. Бүт айтышат, бирок көрсөтүшпөйт. Мисалы, балдарына "бири-бириңер менен урушпагыла" дешет, бирок өздөрү уруша беришет, "тамеки чекпегиле" дешет, өздөрү тарта беришет.

Кинолорду карап турсаң, өнүккөн мамлекеттерде балдарынын көзүнчө урушушпайт, тамеки чегишпейт, аларга үлгү болууга аракет кылышат. Эң негизгиси, мыйзамды катуу сыйлашат, балдарын кичине кезинен тартып мыйзамдарды сыйлоого, сактоого үйрөтүшөт. Биздин ата-энелер керек болсо өздөрү мыйзамдарды биле беришпейт. Азыркы ата-энелерди өзгөртүү кыйын, бирок келечектеги үй-бүлөлөрдү колго алса болот деп ойлойм. Мен чоңойгондо балдарыма татыктуу тарбия берүүгө аракет кылам. Үй-бүлөлүк тарбия да өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошо алат.

Экинчиден, өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, Америка, Орусия, Кытай, Японияда адамдардын билим деңгээли жогору. Ал жактарда жөнөкөй мектептерде да билим терең берилет. Жеке менчик окуу жайлар көп, ата-энелер балдарын менчик мектептерге көп беришет. Мен 7-класста окуп жүргөндө мектептеги “Интеллект” ийримине катышып, алдынкы алты окуучу Москва шаарындагы М.Ломоносов атындагы менчик мектепте өткөн Дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиадага катышып келгенбиз.

Орус окуучуларынын билим деңгээли биздикинен жогору экенин көрүп, ошондо абдан ызаланып келдим. Демек, биздин мамлекетте менчик мектептер көп болуп же бардык мектептерде терең жана сапаттуу билим берилиши керек деп айткым келет. Ошондо биз келечекте билимдүү адис, билимдүү жетекчи, окумуштуу, министр, депутат, президент болуп чыгабыз дагы, мамлекетибизди туура башкарууга, өнүктүрүүгө шарт түзө алабыз.

Үчүнчүдөн, кичи жана орто бизнести өнүктүрүш керек, анткени бул бизнестер элге жеткиликтүү. Алгач адамдарды бизнеске үйрөтүш керек экен. Мисалы, менин ата-энем 5 жыл мурун чакан дүкөн ачышып соода кылышты, башында жакшы болду, анан тез эле банкрот болуп калышты. Себебин сурасам, "акчаны туура пайдалана албай койдук" дешти.

Азыр мындай банкрот болгон адамдар канча? Эгерде мектепте турмушка көп пайдасын тийгизген сабактар өтүлсө, мисалы, бизнес боюнча, окуучулар чоңойгуча туура эсептегенге, кирешени туура көбөйткөнгө, деги эле туура ойлонгонго даяр болуп калышат эле. Ар бир үй-бүлөдө бизнес болсо, кыргыздар байышат да. Эл бай болсо, Кыргызстан тез өнүгөт деп ойлойм. Мамлекет жетекчилери жакырчылыктан чыгуунун, жумушсуздукту жоюунун жолдорун издебей, өнүгүү жолдорун ойлонуп калышат эле.

Кыргызстанда азыр жашоо жакшы деп эсептейм: согуш жок, элдин курсагы ток, кийими бүтүн, кафелерде күндө той дегендей. Ошону менен кошо элдин психологиясын, элдин түшүнүгүн, билим деңгээлин, мамлекетке болгон мамилесин да өнүктүрүш керек. Ошондо менин кыргыз элим, менин кыргыз жерим сөзсүз гүлдөп-өнүгөт. Мен ишенем!

Уланбек уулу Элназар, 14 жаштамын.

Нарын шаары, Шералиев көчөсү – 283.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Декабрь 2015 - 10:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ош шаары боюнча Малайзияга жолдомону 10-класстын окуучусу Мээрим Рахманова утту

Сүрөт
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" аттуу сынактын Ош шаары боюнча жеңүүчүсү болуп 10-класстын окуучусу Мээрим Рахманова табылды.

Мээрим Рахманова Ош облусунун Кара-Суу районундагы Питомник айылында 2000-жылдын 27-апрелинде туулган. Үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү. Атасы Акылбек Рахманов жыгач уста, апасы Айдана Айтматова үй кожойкеси. Сынакты Ош шаары боюнча "НТС" телеканалы жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

Жеңүүчү өзү тууралуу: "2006-жылы, 6 жашымда Питомник орто мектебинин босогосун аттагам. Мектепте эң жакшы деген бааларга окуп, активист кыз болдум. 9-классты жалаң 5 деген баалар менен бүтүп, 10-класста Ош Мамлекеттик Универстетинин Билим лицейине тапшырдым. Кайсыл жерде болбосун терең билим алууга, дилгир болууга умтулам. Бүгүнкү күндө кытай тили багыты боюнча окуйм. Максатым - кытай тилин өздөштүрүп, Кытай мамлекетинде билимимди өркүндөтүү. Келечекте дүйнө жүзүн кыдырып котормочу болсом деп кыялданам. Кыргызстаным өнүккөн алдынкы өлкөлөрдүн катарына кошулса ар бир жаран татыктуу билим алып, жумуш менен камсыз болсо. Ошондуктан жакшы ниет кылып алдыма чоң-чоң максаттарды коюп ага жетүүгө аракет кылам!"- деп билдирди.
Ош шаары боюнча жеңүүчү деп табылган дил баянды сунуштайбыз:

"Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

Апам табиятынан асан кайгы жан. Болор болбоско деле кайгырып, капалана берет. Бир күнү эшиктен эле куру челегин калдыратып, сүйлөнүп келди.

- Деги качан сууга жарыйт экенбиз? Кошунанын келини суусуз кантип барам деп муңайганынан ошого куюп берип койбодумбу. Көпчүлүк жан эмеспи...

Апамдын эмнеге кейип жатканына таң калбай деле калганбыз. Мен эс тарткандан бери эле ушул көрүнүш. Жаңы суу тартылып келди деп айыл бир дүрбөгөнү эсимде. Азыр болсо ошол айылдагы жалгыз түтүктүн оозун акмалап ай караган текедей болуп, кечки саат 5тен 6га чейинки убакытты күтөбүз. Же бир анысы да ал убакытта аркырап агып берсе не. Жылтылдаган сымаптай болуп, карап турган элдин баарынын ичин бышырып, 10 мүнөттө араң бир челекти толтурат. Кезекте тургандардын акыркыларына жетпей да калат. Ошол үчүн тээ саат эки, үчтөн баштап эле мага окшогон жаш балдарын кезекке жиберип коюп, жакындаганда чоңдору барышат. Болбосо, канткен менен айылда суу жок болсо да, ыйман-ынсап деген бар эмеспи, улууларга кезек берип олтуруп балдары суусу жок кайтып барышат да. Анан апама окшогондору минтип араң жеткен суусун бирөө менен бөлүшүп келе беришет.

Оо биздин айылда бул ишти кылган адам кыйла эле соопко калат. Эми кошунанын келини апамдын алдынан кыя өтпөй, бүгүнкү кылган жакшылыгын эч качан унутпай жүрөт. А мен болсо, ушундай апам менен өзүмчө эле ичимден мактанам.

Кыскасы бир айылдын, балким кимгедир кичине көрүнгөн, а биз үчүн опол тоодой маселебиз ушул. Сууга жетпей жатканда жаштар үчүн спорт клуб, шаардагыдай чачтарач, өтүк оңдоочу жай дегендерди ачууну ойлоого чоң кишилерибиздин деле алы жете элек.

Бирок мен булардын баарын бир нерсени айтуу үчүн жазып жатам. "Кошуна айылга жаңы үй-бүлө көчүп келип, үйүнүн алдынан суу чыгарып алыптыр" деген кеп желдей тарады. Аны биздин да бир айылдашыбыз үйрөнүп келиптир. Көрсө биз таза сууну тебелеп жашайт окшойбуз. Саз эмес, таштак, бийигирээк жерди казышып, тереңдеп кирип отуруп акыры суу чыкканда кудук кылып коюшту. Кудук казгандарга тимеле алтын казып жаткандай анын арасында менин да атам аралашып жүргөнүнө сыймыктанып, апам демдеген ысык чайды улам ташып жүгүрүп жүрөм. Биздин үйгө жакын жерден суу чыгарын досторума тымызын, көзүм менен мактанам.

Мал-кел башын салып булгабастыгы үчүн үстүн жаап, менин көзүм менен караганда мультфильмдеги кудуктун эле өзүндөй кылып коюшту. Эмнеге мурда эле ушуну жасабагандарына таң калам. Ошондо айыл боюнча сууну аябай ташыдык. Көзүбүзгө жакшы көрүнөт да. А азыр болсо ар бир эки үйдө бирден кудук. Мектепте биология сабагынан берген эжейим айтат "жер астынан чыккан суу таза болот" деп. Демек, биз өзүбүздү өзүбүз таза суу менен камсыздап алдык. Мен ушундай болорун билгем.

Ушинтип, мамлекетим мага эмне кылып берди деп керсейбей, мен мамлекетке эмне кылдым деген суроонун үстүндө ойлонсок, ар бирибиз моюнубуздагы жүктү сезет белек.

Учурда мен мамлекетим үчүн чоң нерсе жасап жатам. Тагыраак айтканда, чоң нерсе жасоого даярданып жатам. Мектепте жакшы окууга тырышып, келечекте мыкты котормочу болом деп аракеттенип жүрөм. Ошондо айылыбызга кудум шаардагыдай чачтарач, өтүк оңдоочу жай, спортзал курам. Анан ага бүт айылдын чачын үйүндө тегиздеген Замирбек акени, бүт айылдын өтүгүн тиккен Талип абаны алып келем. Балким кимдир бирөө да ушинтип ойлоп жаткандыр. Эгерде ал ушунун баарын менден мурун жасап койгон болсо кандай жакшы болор эле. Анда мен андан да башка маселени чечүүгө жардамдашам. Ошондо мага окшогон дагы бир секелек кыз "мен ушундай болорун билгем" деп кубанат.

Кыргызстанды бир чоң килем деп элестете турган болсок, чоң килемдин чаңын күбүп-кагуу үчүн бир-эки адам жетишпеген сыяктуу, биз да өзүбүздүн эле айлана тегерегибизди тазалап, жаман нерселерден арылтып, аны менен кошо өзүбүз да жакшырып отурсак эле болгону. Мамлекетти өнүктүрүү ар бирибиздин эле колубузда. Болгону ошол жоопкерчиликти ар бирибиз сезе билели.

"Мен ушундай болорун билгем" деп мен кубанчу, биз кубанчу күндөр али алдыда...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Декабрь 2015 - 10:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Чүй облусу боюнча Малайзияга жолдомону 9-класстын окуучусу Мари Раимбекова утту

Сүрөт

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынакта Чүй облусу боюнча 9-класстын окуучусу Мари Раимбекова жеңүүчү болуп табылды.

Сынакты Чүй облусу боюнча "Zanoza.kg" сайты жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады. Көрсөтүлгөн дарекке келип түшкөн 85 дил баяндын ичинен аталган окуучунун эмгеги жогорку баага татыган. Мари Раимбекова Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында жашап, түрк лицейинде билим алат.

Жеңүүчүнүн апасы Гүлзат Раимбекова кызы лицейде алдынкы окуучу экенин, учурда информатика сабагы боюнча облустук олимпиадага даярданып жатканын айтты. Мари үч бир туугандын улуусу, 11 жана 5 жаштагы эки иниси бар. Апасы учурда декреттик өргүүдө болсо, атасы - аскер кызматкери.

Жеңүүчү деп табылган Мари Раимбекованын дил баянын сунуштайбыз:

"Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал" ("Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм")

"Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал" ... В этой фразе хотелось бы отметить слово "процветать" . Давайте сначала разберёмся, что вообще значит это слово. Оно напоминает слово "счастье" . А что это такое? Даже если у кого-то получится сказать несколько слов, то это будет что-то вроде: "Ну... счастье - это жизнь в кайф", или "Это когда первый лучик света приветливо светит в окно", или "Это когда у вас есть семья". Звучит классно! А главное - определённей некуда. Сразу понятно, о чём идет речь, не так ли?

Мало кто задумывается об определении этих слов, а даже если и задумываются, то счастье и процветание у каждого своё. Есть много причин, почему я хочу, чтобы моя страна процветала, вот несколько из них:

Я хочу, чтобы в моей стране я была счастлива и здорова. Я хочу, чтобы в моей стране было красиво. Чтобы тротуары, по которым я хожу, были чистыми, а дороги без ям. Чтобы дома выглядели свежими и чтобы во время ремонтировалось все что сломалось. Для меня процветание страны - значит разностороннее развитие государства в сфере культуры, истории, экономики и образования.

Хотелось бы заметить, что наша страна наделена богатыми минералами и преобладает большое количество ресурсов такие как: уголь, золото, вода, ртуть и так далее. Если смотреть с научного ракурса - это выглядит как задача по физике. Без формул задачу никак не решить, также и здесь. Ресурсы нашего государства как формулы для экономических задач страны. Если мы будем правильно пользоваться формулами, мы ведь сможем вывести страну в свет!

Теперь хотелось бы сфокусироваться на проблеме с нехваткой специалистов в различных сферах. Думаю, это также является загвоздкой для процветания страны, так как какая-то часть населения недостаточно эрудированна. Это берёт своё начало со школьных дней.

Проблема в том, что во многих государственных школах ученики не принимают учёбу всерьёз. Они проживают обыденные будни, не задумываясь о будущем, а лишь живут вечерней жизнью в сети.

Стандартное мышление, телевизионное воображение и школьные идеалы - все, что есть у них. Однако хотелось бы перевести внимание на задний фон этой картины - туда, где находятся учителя. К сожалению, какая-то часть учителей государственных образовательных учреждений являются рабами комиссионных смотрителей. Заполняют парадоксальные планы что-то вроде: план занятий есть, а занятий по плану - нет. Заполняют бумаги, живут в бумагах, дают ученикам бумаги, в конце концов превращаются в бумажных людей с газетным кругозором. Следовательно, и ученики становятся такими, с подрезанным учителями стандартным мышлением.

Однако много - не значит все. Среди такого поколения находятся амбициозные молодые люди. Люди, которые ставят себе высокие цели, ищут информацию и учатся тому, чему в школе не научат. С таким интенсивным настроем они достигают своих целей. В красивом будущем они становятся успешными людьми, продвигая нашу страну в различных сферах. Ведь если человек имеет высокую цель, он может управлять своей жизнью.

Мы начинаем развивать в себе культурный дух будучи в садике. Любовь в культуре, интерес к нашей богатой истории даётся нам с молоком матери. Ведь у нас очень широкая культура, одни лишь произведения Чынгыза Айтматова чего только стоят. С пелёнок нам рассказывают его прекрасные произведение в виде сказок. Думаю, каждый гражданин нашей страны прочитал хоть одно его произведение. Отрывок из произведения "Материнское поле":

"- Ты уходишь, Толгонай? - Да, ухожу. Если жива буду, ещё приду. До свидания, поле!" - описывает нынешнюю преуспевающую молодёжь, которая уезжает учиться за рубеж, но забывшись, остаются там на довольно-таки долгий период. Соответственно, многие наши специалисты творят не для своей страны. Это ведёт к небольшим потерям, больших людей.

Вы только представьте, что завтра Кыргызстан перестанет называться Кыргызстаном. Что завтра вы не будете гражданином своей страны, а превратитесь в раба чужого государства. Когда-либо вы думали об этом?

Мы как новое поколение, а иными словами, будущее страны, предпочитаем вести беседы на зарубежных языках, однако тем самым забываем родной язык. Также забываются обычаи. Из-за того, что поколение идеализирует запад, забывается народная воспитанность. Ведь только хорошее воспитание человека может оберечь его от тех, кто плохо воспитан. К сожалению, не все это понимают.

Так почему бы нам, как будущему страны, не начать действовать прямо сейчас. Давайте продвигать нашу культуру, нашу историю, нашу страну!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Декабрь 2015 - 10:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Баткен облусу боюнча Малайзияга жолдомону 7-класстын окуучусу Адилет Сайдилаев утту

Сүрөт

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Баткен боюнча жеңүүчүсү болуп 13 жаштагы Адилет Сайдилаев табылды.

Адилет Сайдилаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейде 7-класста окуйт. 13 жаштагы окуучу эмгегинде кыргыз жеринин баркына жетүү керектигин, байлыктарын сактап, экономиканы көтөрүүгө үгүттөгөн ой-пикирин жазган. Сынакты Баткен боюнча "7-канал" телеканалы жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

Жеңүүчүнүн дил баянын сунуштайбыз:

"Кыргыз жеримдин гүлд өп- өс үш үн каалайм"

Кыргызстан - менин мекеним. Мен Кыргызстандын мекенчил уулумун. Менин жерим - жер соорусу, мекендердин бейиши. Ала-Тоону мекендеген Манастай баатыр элдин урпактарыбыз. Бабаларымдын батасы менен эл көгөрөт. Мекеним чегине көз жетпеген кооз арча, кайыңдар менен курчалган. Суусу мол, баба дыйкандын эмгеги зор, түрдүү жемишке бай. Молдо Кылыч баяндагандай, Чүйдөй жерим дагы бар. Жайыты малга ыңгайлуу. Мал багуу менен тиричилик өткөрүп, мал этинен түрдүү тамак даярдап, конок күткөн берешен менин элим.

Алакандай кыргыз элим байыртадан ынтымактуу, ар-намыстуу, гумандуу болуп: "Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө, бөлүнсөң бөрү жеп кетет. "Бөлүнүп кетти кыргыз" деп, бөтөн элге кеп кетет",- деп элдин ынтымагын кыргыздын эң жакшы накыл кептери менен сактап тарбиялап келген.

Мен дагы элимдин макал-лакаптарын, жомокторун окуп бой тартуудамын. Менин эн башкы максатым - эр жетип, элиме ак кызмат кылуу. Өз эли үчүн жанын үрөп кызмат кылган жергемден чыккан улуу инсандар
А.Орозбеков, И.Раззаков, А.Масалиев. Т.Кулатов сыяктуу ак кызмат өтөө. Күн санап өсүп жаткан калкымдын саны мени өтө кубандырат. Ошону менен бирге эле элимдин көйгөйү болгон экономиканы көтөрүү, жумушсуздукту жоюу, элимдин ден соолугу, экологияны сактоо, чек араны тактоо да ойлондурат.


Кыргызстандын келечеги биз сыяктуу жаштардын колунда. Эгерде биз терең билим алып, кен байлыктарды иштетип, элибиздин керегине жарап, экономиканы көтөрүп, жашоо шартыбызды оңдосок, биз да эң бай, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз. Ушундай өнүккөн кыргыз эли деген атка жетүү үчүн, албетте, биз эне тилибизди сакташыбыз керек, себеби тил болсо, улут болот. Улут болсо, мамлекет болот эмеспи. "Элди бузгуң келсе, дилин буз" деген кеп бар.

Элибиздин аброюна шек келтиргендер да жок эмес, бирок биздин эл андай эл бузарларга жол бербейт. Элимдин тили да, дили да айкалышып, кылымдарды карытып келе жатат.

Андан көрө, келгиле, курдаштарым, кыргыз элибизди сактап калыш үчүн, Кыргызстандын экономикалык күч-кубатын чыңдаш үчүн аракеттенели! Болгон билимибизди, акылыбызды, жөндөмүбүздү, мүмкүнчүлүгүбүздү, кыргыз эли үчүн, мамлекетибиз үчүн жумшайлы. Эл-журттун алдында, калайык калктын алдында атуулдук парзыбызды аткаралы.

Манас бабабыз Ала-Тоону, касиеттүү Ысык-Көлдү кандай сактап келсе, анын укум-тукумдары кыргыз тилин, жерин, атын сактоого сөз беребиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Декабрь 2015 - 10:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Талас облусу боюнча Малайзияга жолдомону 6-класстын окуучусу Нурэл Абасканов утту

Сүрөт

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Талас облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 12 жаштагы Нурэл Абасканов табылды.

Нурэл Абасканов Талас шаарындагы "Манас Ата-Себат" лицейинин 6-“б” классынын окуучусу. Окуучу дил баянында кыргыз элинин ынтымагын, тарыхын, каада-салттарын сактоо боюнча көз карашын жазган. Сынакты Талас облусу боюнча "Фабула" гезити жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

"Мен бул сынак тууралуу телеканалдан берилген жарыядан улам билдим. Андан кийин апам эч ойдо жок жерден "Супер-Инфо" гезитинин 2015-жылдын 4-декабрында чыккан санын алып келди. Гезитти окуп жатып: "Балам, сен айтып жаткан дил баян сынагынын шарттары бул санга чыгыптыр" ,- деп калды. Өзгөчө сынак экен деп катышууну чечтим. Жыйынтыгын чыдамсыздык менен күн санап күттүм. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигине, мени жеңүүчү кылган гезиттин жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз" ,- дейт Нурэл.

Жеңүүчүнүн дил баянын сунуштайбыз (автордун стилистикалык жазуу өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди):


"Мекенимдин гүлдөп-өсүшүн каалайм же бир кумурсканын тилеги"

"Эмне үчүн кумурска? Кандай тилек?" деп таң калып турасызбы? Анда четинен жооп берип өтсөм.

Мен апама бул сынакка катышарымды билгизгенде, ал "сенин дил баяның, биринчиден, кызыктуу, экинчиден, жөнөкөй, үчүнчүдөн, кайталангыс болушу керек" деди. Мен дил баянга киришүүдөн мурда өз өлкөм тууралуу да, Малайзия тууралуу да кененирээк билгенге далалат кылдым.

Алгач кумурсканы каарманым катары тандап алганым тууралуу жазып өтсөм. Биринчиден, кумурскалар абдан ынтымактуу келишет экен. Мен көп ойлоном, эмне үчүн кыргыздар жамандыкта гана биригишет? Ал эми өнүгүүгө келгенде, ар бир адам, ар бир үй-бүлө өз багынын гана гүлдөшүн каалайт. Ар бир облус “биз алдынкыбыз” деп мактанат. Бул көрүнүш өнүгүүгө алып келбейт. Ар бирибизди “Мен - кыргызмын! ” дегенге сыймыктануу менен караганга чакырат элем. Экинчиден, ал абдан эмгекчил. Бул жактан караганда, алар бизге үлгү.

Эми кумурска досум менен кыялымдын канатында көк тиреген Ала-Тоонун бооруна конуп, Малайзияга көз чаптырайынчы. Кыргызстан менен окшоштук жактарын издейинчи.

1. "Малайзия" сөзү “тоолуу өлкө” дегенди билдирет.

2. Гибискус гүлү беш желбирчектен турат, мусулманчылыктын беш эрежеси катары өлкөнүн символу болуп эсептелинет. Куала-Лумпурда бул гүлдүн эки жүздөн ашык түрү өстүрүлүп, ал жыл бою гүлдөйт экен. Ошондой эле гибискус гүлү - Малайзиянын Улуттук учак компаниясынын символу.

3. Малайзия кызгылт-күрөң бүркүтү менен сыймыктанат. Ал эми биздин Ала-Тообузду бүркүттүн ондон ашык түрү мекендейт.

4. Малайзия да эгемендүүлүк күнүн 31-августта белгилейт.

Кумурска досум, карачы, өнүккөн мамлекеттер гүлдөрү менен да сыймыктанышат. Кыргызстандагы айгүл гүлүн эстечи, гректер талашып келген кыргыз жаңгактарычы, мөлтүр сууларычы. Бул асыл нерселер өлкөбүздүн жүзү болуш үчүн аны дүйнөгө туура тартуулаганды билиш керек экен. Билим менен сеникиндей эмгекчилдик, талант, тапкычтык негизги талаптар тура. Мен ишенем, кыргыз эли - таланттуу эл.

Кумурска досум, кайра Малайзияга сапар алалы. Малайзия - Сингапурдан кийинки эле Азиядагы эң өнүккөн ири мамлекет.

Мен өнүгүүнү кандай түшүнөм? Өнүгүү - бул компьютерди бешке билип, өз тарыхыңды унутуп, башка улуттарды тууроо эмес. Жок. Тарыхыңды түбүнөн бери билүү, салт-санааларды турмуштук эрежелер катары колдонуу, өз тилиңде таза сүйлөө, чет жакка чыкканда өз өлкөңдү даңазалай билүү!

Кумурска досум, кел, эми Куала-Лумпурдагы заманбап Петронас, 88 кабаттан турган эгиз мунарасына чыгып, элди карап көрөлү. Кумурска досум, бийиктиктен эл кумурскадай эле көрүнөт экен! Анан бул жердин эли абдан эмгекчил деп айтышат.

Тээтиги Лангкавидеги “SKY Bridge" көпүрөсүн карачы, ал эми Куала-Лумпурдагы үч миңден ашык куштары бар “Куштар багычы”. Борнео шаарындагы “Нефть” музейичи. Мен бул мамлекет тууралуу окуп жатып бул нерсени түшүндүм. Кайсы өнүккөн мамлекет болбосун, “эң” деген нерсеге умтулат экен. Эң ири шаар, эң чоң мечит, эң узун көпүрө, эң даамдуу балмуздак же ушул сыяктуу. Биздин Кыргызстаныбыз да Орто Азиядагы гүлдөгөн, эң ынтымактуу мамлекет болсо экен деп тилейм!

Ооба, кумурска досум, буюрса, ушунун баарын жакындан көрөбүз! Бөлөк мамлекеттердин жакшы жактарын үйрөнүп келип, Ата Мекенибизге кайтып келгенде асыл ойлорубузду ишке ашырабыз! Анткени мен да, сен да Кыргызстандын бир кайталангыс бөлүгү экенибизди унутпашыбыз керек!

Нурэл Абасканов, Талас шаарындагы "Манас Ата-Себат" лицейинин 6-“б” классынын окуучусу.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   admin_superstan   22 Декабрь 2015 - 10:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жалал-Абад облусу боюнча Малайзияга жолдомону 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова утту

Сүрөт
Сүрөт
Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ММКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Жалал-Абад облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова табылды.

Зыягүл Искендерова Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Миң-Өрүк айылындагы Токтосун Темирбаев атындагы №6-гимназия- мектебинде окуйт. Окуучу дил баянында айылындагы таза суунун жоктугун, ата-энеси үй салуу үчүн чет жакта иштеп жүргөнүн айтып берген. Сынакты Жалал-Абад облусу боюнча "Азаттык" радиосу жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

"Бул сынак тууралуу радиодон угуп, атам мага катышып көрүүнү сунуштады. Башында мен дил баянды башкача ыкмада жазган болчумун, бирок өзүмө жакпагандыктан, кайрадан жазууга туура келди. Айылыбызда таза суунун жоктугун, ата-энем үй салабыз деп кезектешип Орусияда иштеп жүргөнүн жана тоодогу таенемдин үйүндөгү турмушту дил баянга тиркедим. Сабактарымды аткарып бүтүп, дил баянды төрт күн бою түнү менен жазып чыктым. Андан соң сынакка жөнөттүк. Жакшы окусам, адамдар эч оорубай, жакшы иштешсе жана чет өлкөлөр менен байланышып иш кылса, Кыргыз Республикасы өнүгөт деп ойлойм",- дейт Зыягүл.

Кыздын атасы Кайрат Искендеровдун кубанып турган учуру.

"Чындыгында, "кызыңыз үч жеңүүчүнүн катарына кирди" деп мага телефон чалганыңарда кубанганымдан кыйкырып, секирип да жибердим. Мектеп директору жана эжелери телефон чалып куттукташты. Өзгөчө атам менен апамдын сүйүнгөнүн айтпагыла! Орусиядагы апасы да кубанганынан ыйлап жиберди. Азыр да оюм бир жерде болбой, толкунданып турам. Ар ким чала берип башым да айланып калды. Бүгүн да сүйүнгөнүмдөн уктай албасам керек",- деди кыздын атасы.

Зыягүлдүн чоң энеси Карамат Усенова да кубанычы менен бөлүштү.

"Байлар же таанышы барлар биринчиликти алса керек деп ойлогом. Азыр эле мугалими менен ушул багытта сүйлөшүп отурганбыз. Буга чейин бир кызым сынактан өткөнүнө карабай чет өлкөгө даярданып жаткан учурда ордуна акчасы барлар башка бирөөнү киргизип жиберишкен. Бул жолу да биз ошондой болбосо экен деп күмөн санап жатканбыз, бирок абышкам сынак акыйкат өтөт деп бизди сооротуп койду. Неберем үйдө мага чакалап суу ташып берет, эми ал менин эрке кызыма айланып, көп суу ташытпайм деп турам (күлүп). Мектепте окуган балдарым мактоо баракчасын алып, Искендеров деген фамилия чыкса аябай толкунданып сүйүнчүмүн. Жаш болсо да эл-жер көрүп, билимин өркүндөтүп келсин",- деди чоң эне.

Жалал-Абад облусу боюнча жеңүүчү деп табылган дил баянды сунуштайбыз:


"Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

Кыргызстан - биздин эгемен мамлекет, бирок чоң атам айткандай, азырынча бай эмес. Биздин айыл Жалал-Абад шаарына жакын. Шаарга тез-тез каттап турабыз. Шаар көчөлөрү тар, машиналар көп. Кайда барсаң базар. Бул жерден алып тиги жерде кайра сата беришет, себеби шаардыктарга туруктуу иштөө үчүн жумуш жок. Ал эми айылда жер иштетип, мал багабыз. Алардан алган азык-түлүктү шаарга өткөрөбүз. Кышында көбүнчө иш жок. Мунун баары буюм же кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Жадакалса биздин көчөдө эки чоң мектеп болсо да, таза суу чыкпайт. Баарын узактан ташып ичебиз. Көп убактым суу ташыганга кетет.

Үй курабыз деп айылда алардын адистигине ылайык жумуштун жоктугунан атам, апам Москвада алмак-салмак иштеп келишет. Көбүнесе чоң ата, чоң энемдин карамагында калабыз. Чоң атам телевизордон дайыма кечки жаңылыктарды көрөт. Биз да чогуу көрөбүз. Биздин президентти көп көрсөтөт. Аны баарыбыз тааныйбыз. Ал өтө жакшы адам, себеби ал араздашкан эки элди жараштырып, өлкөгө тынчтык, ынтымак алып келген. Агай-эжейлерибиздин айлыгын көбөйтүп, көп бала бакчаларын ачкан. Түндүк-түштүк жолун курууга киришти. Эми биз Ысык-Көлгө тез эле сонун жол менен жетебиз. Мунун баарын бизге чоң атам айтты.

Биздин өлкөдө баары бар: суулар, токойлор, тоолор, көлдөр, жапайы жан-жаныбарлар. Ошол байлыгыбызды, жаратылышыбызды сактап, эс алуучу жайлар курулса, саякатчылар көп келип, элибиз байымак. Таята-таенем кооз тоо койнунда турушат. Мен көп барам. Токойдон жаңгак, алма, алча теришем, бирок мөмө-жемиштерди үйдө кургатабыз. Аларды эч ким сатып албайт, себеби баарында бар. Жөн эле ысырап болуп калат.

Чындыгында, менин Кыргызстаным кооз экенине суктанам. Биз жакшы окуп, ынтымактуу болуп, талыкпай эмгектенсек, баарыбыз бардар, өлкөбүз да бай болуп, мамлекетибиз өнүгүп, күчтүү болот.

Менин тилегим ата-апама жумуш болуп, биз менен экөө тең чогуу жашаса. Чоң ата, чоң энемдин пенсиясы көбөйүп, биз чогуу чет өлкөлөрдөн эс алып келели. Биз телевизордон көргөн Париж, Астанадагыдай бизде да бийик-бийик имараттар, музей, айбанаттар багы курулса. Айыл-шаарларыбыз таза болуп, эч ким оорубаса. "Жалал-Абад" курортубуз кеңейип, эс алуучулар көп келсе. Бул оюмдун баары сөзсүз орундалат. Мен ишенем.

Азыр биздин республика өлкөлөр, коңшу мамлекеттер менен карым-катнашта, ынтымакта. Ушул ынтымак бузулбай, тынчтык болсун. Албетте, биз Кыргызстаныбыздын өнүп-өсүшүнө чогуу салым кошобуз.


Зыягүл Искендерова

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Vo_i_ni   23 Декабрь 2015 - 11:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2015 21:35
  • Жынысы:Эркек

Азаматтар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   balzak   23 Декабрь 2015 - 11:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 26 Август 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 09:35

азаматсынар, Кыргызстандын келечегине мен да ишенем акыл-эстуу,илимдуу- билимдуу жаштарга созсуз орун келет, кудай буюрса мекеним осот-онугот! !!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   admin_superstan   25 Декабрь 2015 - 09:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG


Нарын облусу боюнча Малайзияга жолдомону 8-класстын окуучусу Уланбек уулу Элназар утту
Сүрөт Нарын облусу боюнча Малайзияга жолдомону утуп алган 14 жаштагы Уланбек уулу Элназар


Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана мекенибиздеги 9 алдынкы ЖМК биргеликте баштап, бүткүл мамлекетибизди кучагына алып, бир ай бою жүргүзүлгөн “Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” деген аталыштагы дил баяндар сынагы жыйынтыкталды.

Кыргыз жериндеги 9 алдынкы маалымат булагы өлкөбүздүн 7 дубаны жана Ош менен Бишкек шаарларын бөлүп алышып, ар бири өз аймагынан дил баяндарды кабыл алып, жыйынтык чыгарышмак. “Супер-Инфо” гезити сынакты Нарын облусу боюнча жүргүзүп, редакцияга келип түшкөн 106 дил баяндын ичинен 14 жаштагы Уланбек уулу Элназардыкын мыкты деп баалап, аны жеңүүчү деп тапты.

Элназар Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу. Жеңүүчү болгонун укканда кубанып, күлүп да, кыйкырып да алды.

- Элназар, куттуктайбыз! Нарын облусунун окуучулары өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ар бир районунан дил баяндар келип жатты. Жүздөн ашык окуучунун арасынан суурулуп чыгам деп күттүң беле?

- Күткөм, ооба, күткөм. Бүгүн сынактын жыйынтыгы жарыялана турган күн эмес беле. Эртеден бери үй-бүлөбүз менен күтүп отурдук эле.

- Жеңүүчү болгондогу сезим кандай экен?

- Жыргап жатам.

- Жыйынтыкты сени менен кошо күтүп отурган дагы кимдер бар, үй-бүлөңдөн башка?

- Таенем, бүт туугандар күткөн болчу. Досторго да сунуштагам, "ушундай сынак жүрүп жатыптыр, катышкыла" деп.

- Кимге сүйүнчүлөдүң?

- Таенемди күтүп жатам. Азыр үйүндө эмес болчу. Ошого сүйүнчүлөйм.

- Дил баянда буга чейин Москвада болгонуңду жазыптырсың. Дагы кайсы чет өлкөдө болгонсуң?

- Орусиядан башка чет өлкөгө чыгып көрө элекмин.

- Жеңүүчү 9 окуучу кышкы каникулда Малайзияга барып эс алып кайтат. Ал өлкө кайсы жакта жайгашканын, эмне болгон өлкө экенин билесиңби?

- Ооба, билем. Индонезия менен чектешкен Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкө. Борбор калаасы Куала-Лумпур шаары.

Элназардын кебин атасы Уланбек улантып, “бүгүн сынактын жыйынтыгы чыга турган күн” деп эртең менен май токоч бышырып, жубайы экөө "уулубуз жеңсе экен" деп тилек кылышканын билдирди.

Нарын облусунан жиберилген дил баяндардын арасында Ат-Башы районунун Дыйкан айылынан Болот Арналиевдин , Нарын районунун Учкун айылынан Алмаз Эшбаевдин , Нарын шаарынан Алишер кызы Нуржанаттын , Жумгал районунун Чаек айылынан Нурхан Буларбековдун дил баяндары да өзгөчө кызыгууну жана талкууну жараткан эмгектер болду.

Эсиңиздерге салсак, дил баяндар сынагына өлкөбүздүн жети дубанынын жана Ош менен Бишкек шаарларынын 12 жаштан 15 жашка чейинки окуучулары катышты.

Жеңүүчү деп табылган дил баянды сунуштайбыз (автордун стилистикалык жазуу өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди):

"Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

Дүйнөдө бир да адам болбосо керек, мекенинин гүлдөп-өсүшүн каалабаган. Мен дагы кооз мамлекетте кыргыз болуп төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам. Атым - Элназар, 14 жаштамын жана Чкалов атындагы гимназия-мектебинин 8-классынын окуучусумун. Бул сынакты ойлоп тапкан Малайзияда элчи болуп иштеген Кылычбек Султанов байкеме ыраазычылык билдиргим келет. Канчалаган өспүрүмдөрдүн өз жерине болгон сезимдерин ойготуп, мамилесин, ой-жүгүртүүсүн өзгөрттү. Мен дагы жеңүүчү болсом, анан Малайзияга баруу мүмкүнчүлүгүн алсам деп кыялданып турам.

Менин оюм боюнча, Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө 3 нерсе керек.

Биринчиден, үй-бүлө мамлекетибиздин өзөгү болгондуктан, өнүгүүнү дал ушул үй-бүлөдөн башташ керек. Мисалы, кыргыз ата-энелеринин психологиясын өзгөртүү зарыл. Ата-энелер көбүнчө бизди “муну кылышың керек, тигини бүтүрүшүң керек, керек, керек...” деп тарбиялашат. Бүт айтышат, бирок көрсөтүшпөйт. Мисалы, балдарына "бири-бириңер менен урушпагыла" дешет, бирок өздөрү уруша беришет, "тамеки чекпегиле" дешет, өздөрү тарта беришет.

Кинолорду карап турсаң, өнүккөн мамлекеттерде балдарынын көзүнчө урушушпайт, тамеки чегишпейт, аларга үлгү болууга аракет кылышат. Эң негизгиси, мыйзамды катуу сыйлашат, балдарын кичине кезинен тартып мыйзамдарды сыйлоого, сактоого үйрөтүшөт. Биздин ата-энелер керек болсо өздөрү мыйзамдарды биле беришпейт. Азыркы ата-энелерди өзгөртүү кыйын, бирок келечектеги үй-бүлөлөрдү колго алса болот деп ойлойм. Мен чоңойгондо балдарыма татыктуу тарбия берүүгө аракет кылам. Үй-бүлөлүк тарбия да өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошо алат.

Экинчиден, өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, Америка, Орусия, Кытай, Японияда адамдардын билим деңгээли жогору. Ал жактарда жөнөкөй мектептерде да билим терең берилет. Жеке менчик окуу жайлар көп, ата-энелер балдарын менчик мектептерге көп беришет. Мен 7-класста окуп жүргөндө мектептеги “Интеллект” ийримине катышып, алдынкы алты окуучу Москва шаарындагы М.Ломоносов атындагы менчик мектепте өткөн Дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиадага катышып келгенбиз.

Орус окуучуларынын билим деңгээли биздикинен жогору экенин көрүп, ошондо абдан ызаланып келдим. Демек, биздин мамлекетте менчик мектептер көп болуп же бардык мектептерде терең жана сапаттуу билим берилиши керек деп айткым келет. Ошондо биз келечекте билимдүү адис, билимдүү жетекчи, окумуштуу, министр, депутат, президент болуп чыгабыз дагы, мамлекетибизди туура башкарууга, өнүктүрүүгө шарт түзө алабыз.

Үчүнчүдөн, кичи жана орто бизнести өнүктүрүш керек, анткени бул бизнестер элге жеткиликтүү. Алгач адамдарды бизнеске үйрөтүш керек экен. Мисалы, менин ата-энем 5 жыл мурун чакан дүкөн ачышып соода кылышты, башында жакшы болду, анан тез эле банкрот болуп калышты. Себебин сурасам, "акчаны туура пайдалана албай койдук" дешти.

Азыр мындай банкрот болгон адамдар канча? Эгерде мектепте турмушка көп пайдасын тийгизген сабактар өтүлсө, мисалы, бизнес боюнча, окуучулар чоңойгуча туура эсептегенге, кирешени туура көбөйткөнгө, деги эле туура ойлонгонго даяр болуп калышат эле. Ар бир үй-бүлөдө бизнес болсо, кыргыздар байышат да. Эл бай болсо, Кыргызстан тез өнүгөт деп ойлойм. Мамлекет жетекчилери жакырчылыктан чыгуунун, жумушсуздукту жоюунун жолдорун издебей, өнүгүү жолдорун ойлонуп калышат эле.

Кыргызстанда азыр жашоо жакшы деп эсептейм: согуш жок, элдин курсагы ток, кийими бүтүн, кафелерде күндө той дегендей. Ошону менен кошо элдин психологиясын, элдин түшүнүгүн, билим деңгээлин, мамлекетке болгон мамилесин да өнүктүрүш керек. Ошондо менин кыргыз элим, менин кыргыз жерим сөзсүз гүлдөп-өнүгөт. Мен ишенем!

Уланбек уулу Элназар, 14 жаштамын.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   osh93   30 Декабрь 2015 - 09:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Админ теманы карап коюнуз Нарындан уткан бала эки жолу кетип калыптыр...
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   atiram   14 Январь 2016 - 15:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 26 Март 12
  • Соңку аракети: 20 Фев 2017 00:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Азаматсынар, балдар! Рахмат силерге! Силер чондорду ойлонттунар, копторду "ойготтунар" ! Окуп жатып ыйладым. Балалыгымды эстедим, мекеним учун кейидим, кубандым, суйундум... Силердей балдары бар биздин Кыргызстаныбыз бай!
Супер Инфо, силерге рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Nusii   26 Январь 2016 - 11:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 03 Июль 15
  • Соңку аракети: 07 Сен 2021 12:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сулукту шаары

Азаматтар Аза ма та р


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 20:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: