Мындан 3 жыл мурун аны менен таанышып калдым.Досумдун жумушуна барып калгам, иштерим бутум чыгып бара жатып бир жигитти коруп отуп кеткем.Бир аз баскандан кийин артымдан машинасы менен келип токтоп калды.Мен жол бошотуп отуп кетет го деп ойлогом, бирок мен ойлогондой болбой менин отурушумду жеткирип койушун суранып калды.Албетте мен так секирип каршы болдум.Жайдын куну болгондуктан кун аябай ысык жоо басканга мумкун эмес болчу.Астановкага чейин мен бир далай басышым керек эле а мен бара жаткан жол бир тараптуу болгон учун келе жаткан машиналарга бир кыйла тоскоолдук жаратты.Кээ бирлери сигналын катуу басып согуп да кетип жатышты окшойт. Себеби жолду тосуп алгандыгына байланыштуу.
Машинага тушпой копко бастым ал да когоргон неме окшойт кетпей койду.Айласыз макул болуп машинага отурууга туура келди.Жумушума жетейин деп калганда телефонумду сурап озунун балансы жок экенин жана зарыл бироого чалыш керек экенин айтып телефонумду алды.Ал адам албай койгонун жана чалып калса атын айтып мени чалды эле деп айтып койушумду суранып калды.Ошол ошол болду жумушума алаксып аны унутуп деле калгам кеч жумушумдан чыгып жатсам чалып калды жеткирип койусун айтып.Мен бир шылтоо таап ага жолукпай уйумо кетип калдым.Себеби жиним келди мени алдап таанышына эмес озунун эле номерине чалганына.Арадан кундор отуп жатты кайталанмай.
Кундо жолугууга чакырат ар шылтоону айтып жолукпай журдум.Бир куну уйумо келип алыптыр кайдан таап келген билбейм.Чогуу тамактанып келишим керек экен, эгер чыкпасам уйго кирип барам деп калды.Макул болуп бир жерге тамактанганы барып откон кеткенди суйлошуп отуруп келдик.Ошол кундон баштап мен аны жактырып калкалдым, ал жактыруу бара-бара суйууго айланды.
- (13 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жүрөк кургур унутууга жол бербейт.
#3 25 Декабрь 2015 - 15:48
Убагында мага да суйуу келет бекен, мен да бир инсанды суйот бекенмин деп кыялданчуу элем.Ошол кыялым ишке ашып мен да суйдум чын дилимден, чын журогумдон суйдум.Ар бир саат минутам аны эстоо менен отчуу болду.Анын айткан ар бир созун, тамашасын, табышмагын дегеле эмне айтпасын кунт койуп угуп, керектуусун озумо алып калчуумун.Озум да бир аз оор басырыктуу,
анан анча-мынчага конул болуп кыжаалат боло бербеген жанмын.Ал аралыкта ал менин конулумду оорутуп кплууга да улгуруп жатты.Албетте кызганычтын айынан.Болбосо менин телефонумду да номеримди да алмаштырткан ашыкча эч ким чалбайт озу баарын козомолдоп турат.Ким менен канча минута суйлоштум эмне деп суйлоштуп баарын билип туруп да менин жанымды кашайтып салат.Эгер сен кимдир бироону суйсон ал учун баардык нерсени унутууга, кечиримдуулукко,
сабырдуулукка жана чыдамкайлыкка конушун керек экен.Андай болбосо болбойт экен.Ал учурда биздин суйлошконубузго бир жыл болуп калган.Ошол бир жыл ичинде далай жакшы кундор, капачылыктар,
таарынычтар ошол эле учурда уйкусуз тундор да отту.Мин ирет таанышканыма окунуп да жургон кундор болду.Албетте анын баары утурумдук эле.Баарын унутуп кечирип кайра суйлошо баштайсын таарынычын ашып барса бир сааттык.Мен да ага конгонго аракет кылдым эми орган адамы болсо бир аз мунозу да татаал болот тура деп.Суйлошконубузго бир жылдан ашып калганда жумуштарыма байланыштуу чет олкого кеткенге туура келди.Албетте аны кондуруш оной болгон жок.Далай уруштук талашып тартыштык анын ортосунда кол которгонго чейин барды.
#4 25 Декабрь 2015 - 15:59
жакшы чыгарма окшойт ан окуйм.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#5 25 Декабрь 2015 - 16:15
Озум уй-булодо жалгыз кыз болсом ушул жашка келип кол котормок турсун катуу суйлогон эч ким болбогон.Мен эс тарткандан баштап эстеп корсом чын эле бироодон бир катуу уруш укпапмын.Атам каза болгондон бир жумадан кийин торолгон экенмин. Ошогобу атам тарап да, апам тарап да баары эле биздин конулубузго карап турушчу.Апакем жароокерим агам экообузду чекебизге чертпей остуруптур.
Биз да ашыкча кетпей эрке талтан болбой апамдын конулун карап жашоодо барды жокту коруп эле чонойдук.Жашоодо атанын орду башка болот тура.Апакем агам экообуз деп кийин турмушка да чыкпады.Кыйынчылыктар болду апам иштеп биз окуп.Агам экообуз тен чон окуу жайларды бутурдук.Анан бара-бара бутубузга туруп уй жайлуу, эл катары агам да иштеп машиналуу да болдук.Кудайым берээрин унутпасын элдин арты да эмес алды да эмеспиз кудайга шугур.Буларды айтканымдын себеби эч кимден уруш укпай келип ошол мен суйгон адамдын кол которушу мени чын эле капа кылды.Баарын жыйнаштырып эртен кетем деген куну апакемдин жанына барып откон кеткенди суйлошуп отурсам суйлошконун барбы деп сурап калды.Эне да журогу сезди окшойт мынчалык тез кетип атасын капачылыктар болдубу десе бир ыйлагым келет, бирок сыр бербей баары жакшы деп эле кутулдум.Ал учурда саат сайын чалып кечирим сурап, телефонум смс терге толуп кетти.Мен болбосо баардык нерсени тушундуруп айттым ошол аралык ичинде мен бир ооз ойдо карап суйлободум,
макул сиздики туура сиз жакшы деп кутулчуумун.
Кыргызда бир жакшы соз бар каранын жини келгиче сарынын жаны чыгат болуп бир нерсе болуп боло электе атырылып эле кой айга келбей кыйкырып чыкчуу.Ошол учун да конулумо албаганга аракет кылчуумун.Анан эле байкуш болуп кечирим сурап чыга келчуу.
#7 25 Декабрь 2015 - 20:23
Автор уландысын кутобуз....
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#8 25 Декабрь 2015 - 20:54
Регистрация башталышына эки саат калган экен досум жур киного барып анан кет дегенинен барып калдык.Кино коруп отурсак чала берди жанымды кашайтып, коргудой да болбой сыртка чыксак дагы чалып калды.Сапар кетип атканда жаман жакшы айтышпай алып жооп берейинчи эми деп алсам, эми укпаган созду уктум. Ал суйлогон сайын козумдон жаш, журогумдон кан агып атты.Аны ал бир билип койсочу.Колумдан телефонду досум ала калды.Экоо да бир паста айтышып, урушуп мага кошуп досумду да согуп салса болобу.Мен го мейли досумчу анын алдында мен эмне деген адам болдум.Жердин катуулугунан гана туруп бердим.Ал эси ооп эмне дешин билбей бир мени, бир телефонду тиктеп туруп эле калды.Озумду колго алып мен ким элем ага, ал ким мага менин кайсы куноом учун мындай создорду угушум керек дедим.Сыртымдан сыр бербегеним менен ичим орттонуп атты.Досумдан удаа удаа эле кечирим сурап аттым.Тез кетишим керек деп аэропортко жонодум.Мен суйлошо албасам да бошогондо чалайын деп смс да жаздым.Ошондо деле тушунуп калса болмок да.Бирок ал тушунгусу келбеди.Конул деген назик нерсе го же ал адамда конул да жокпу билбедим . Аэропортто отурам,эрте эле барып алдым.Ошол аралык ичиндеги ар бир кунубузду эстеп, ар бирин коз алдымдан откоруп олтурдум.Ойлоп корсом чынында мен тараптан катачылыктар кеткенин деле билбедим. Ар дайым ошол айткан нерселер бар деген жерге барганым, барба деген жерге барбаганым айтканын эки кылбай аткарганым эле болбосо ашыкча деле кеткен жерим жок экен.Тайэнем акылдуу инсан он баланы тороп остургон киши.Ошол айтып калчу ар дайым эсин болсо эркекке тенелбе, ажылдап айтышпагын,
жини келип турса сен жакшы, сеники туура деп кутулгун а кийин акырын суйлоп чечишип аласын дечи.Мен ар дайым ошол создорду кулагыма туйуп келчуумун.Ошондуктан ага тенелчуу эмесмин.Карындашым мекенинден кетип атканга апам жапкан нанды сагынам деп ыйлап жатасынбы деген бир кишинин созунон чочуп озумо келсем, козумдун жашы бетимди жууп атыптыр.Калп эле жылмайып койдум.Ал менин ичимле эмне болуп жатканын билбейт да.Телефонумдун жаны тынбай койду болду албайм, азыр кетсем сенсиз жашоо баштап, сенсиз гана жашайм дедим.Убакыт келип учууга камынып калдык, ошондогу журогумдун булкунганы,
жургумдун согушу озумо угулуп, акылым менен башка жашоо баштайм деп кетип атканым менен журогум мекенимде калып кеткендей болду.Бул сезимди, бул корунушту эч кимге эч кандай кылып суроттоп бере албайм.
#9 25 Декабрь 2015 - 21:19
Барып эс алып эртеси жумушума чыктым.Жумуш учурда бир аз гана унута алам, а бирок бош болдум ошонун элеси ээрчип,ар бир айткан созу кулагымда жанырып турду.Ооба бир убактарда мен да бироону суйуп, суйуктуусу болууну каалагам, аны мойунума алам.Бирок мен мындай суйууну каалаган эмесмин да.Суйгон адамын менен олтурган ар бир минут, саат озунчо бир бакыт эмеспи.Мейли суйуу болсо кызганыч да болуш керек, мен да кызганам бирок ар нерсенин чеги болгон жакшы да.Убакыт отуп бир аз озумо келе баштадым, келгенде ошону эле ойлоп тамак ичпей, эч нерсеге конулум жок бир нерсе болсо эле козумдун жашын кол кылып эле туруп берчуу болдум.Ошол убакыттарда мага аябай кыйын болду.Ал канчалык конулумду ооруткан болсо, мен анын баардык жакшы жактарын эстеп гана туруп алдым.Арадан бир ай откондо досум чалып калды, байкен деп койчу ал аны.Ошол куну озумчо башкача болуп журогум эле кундокудой сокпой негедир бир нерсени сезгендей кыжаалат кылып туруп алды.Апама чалдым тынчсынарбы десем баары жакшы кыжаалат болбо деп коет.Эмне эле болуп атат анда десем досум чалып эрте менентен бери байкен чалып шаштымды алды, сени сурап атат деп калды.Курган журогум ошого оолугуп аткан экен да деп эле калып калдым.Кеткенден бери уч ай откондо досум болду эми ар шылтоону айтпайм, мени жадатты табасын болбосо сени менен башкача суйлошом деп атат, бир нерсе кыл сенден сураныч деп ал жалдырайт. Мен аны унутайын, аны эстебейин ансыз деле ушунча азап чектим деп так секирип болбой койдум, бирок досундун конулу учун бир эле суйлошуп койчу деп туруп алды.Айлам канча андан кундо чалып кечирим сурап аны да бир тараптан жудотуп жиберсе.
#10 26 Декабрь 2015 - 10:59
Туну бир оокумда уктап жатсам телефонума чакыруу келип калды, тынчылык бекен уйдокулор мынча кеч чалбайт эле деп жооп берип калдым. Мени албай коет деп ойлогонбу башка номерден чалыптыр, унун угуп эле уйкум умачтай ачылды.Мага тааныш, мен суйуп, мен ардактап ошол эле учурда мен таарынган инсандын уну.Канчалык озумду кармабайын козумдун жашы кетти куйулуп.Чынында мен аны сагыныпмын,
сагынганда да кандай сагынгам.Абалымды суранып аны менен бирге жалынып,жалбарып,
сагынганын,
менсиз жашоо кыйын болгонун аны менен катар кечирим сурап,эми эч качан капа кылбашын айтып убада берип жатты.Унсуз гана угуп турдум, кечирдим кечире албай кое албадым, себеби мен аны суйом да.Ашыкча кетпедим бул сапар угуп эле туруп бердим, унчукпаганым менен мен ичимден суйунуп анын кайра жашоомдо пайда болушуна макул болуп турдум.Кундор отуп жатты саат сайын суйлошпосок да бир кундо бир жолудан суйлошобуз.
Баашында баары жакшы башталды уруш талашы жок, кызганса да азыраак, катуу айтпай дегендей.Балээнин баары бир айдан кийин башталды.
#11 26 Декабрь 2015 - 11:09
Ии анан, озу баардык нерсе кызганычтан башталат. Аябай эле ашыкча кызганган эркектен алыс эле болгон жакшы...
#14 26 Декабрь 2015 - 12:43
Жумушка байланыштуу кээ бир учурда телефонго жооп бере албаган учурлар болот да, же кандайдыр бир себептер менен ала албай каласын.Ал менде эмес баардык эле адамдарда кездешсе керек.Онолду деп суйунгон адамым онолбой эле кайра арка кетиптир.Мен аны менен баарын башкача кылып баштайбыз деген тилегим таш капты.Кызганыч деген оору менен ооруйт окшойт деп жыйынтык чыгардым.Саат сайын чалып жок жерден бир шылтоолорду таап мени кыйла жудотуп жиберди.Эми бул орган адамдары кандай ар нерсени ар тараптан кылып айтып, бир берген суроону он беш жолу ар кандай кылып сурап, адашпай так болгон нерсени айтып турсан ишенбей, болбогон нерсени мойунуна койуп, андай эмес мындай деп баштасан актанган адам болуп чыга келет экенсин.Мейли жумушунда ошондой болсун ага тушунойун дейин бирок айланадагы адамдарга андай мамиле кылган болбосо керек дейм.Элге окшоп кафе,ресторан,
тунку клуб жана ушуга окшогон нерселерге барсам бир жон.Иш уй менен эле кунум отсо анан дагы ушунун баары менин мойнума жуктолуп атса капа болбой не кылат элем.Тенелбей койуп унчукпай кутулсам балээге калам, мен тоготпой, суйбой, сен ким элен деп калган имишмин.Мен тоготпой, суйбой калган болсом аны кечирип кайра жарашмак белем.Чарчап кеттим акыркы кундору коп ойлонгондонбу башым да коп ооручу болуп калдым. Ошентсе да журок кургур суйбой койбой атпайбы.Мени суйот экен ошол учун кызганат имиш, бирок бул болбогон нерсе да.Ал озуно андай деген менен менин конулумду муздатып жатпайбы.Ал аралыкта канча уруш табышкпнга улгурдук.Ошентип мекенге кайта турган убакыт келип мына кетем деп атканда кутуусуз кырсык болуп калды.
#15 26 Декабрь 2015 - 12:44
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#18 27 Декабрь 2015 - 00:42
Копчулук эркектер "кечирип кой, эми капа кылбайм, айыптуумун кайтчы мага суранам",
дешетда кайра эле бир ай откондо мурдагы адатын баштайт. Ошон учун ырас бир кеттинби кайрылбаш керек, унутууга женилрек болот.
Уландысын кутобуз.
Уландысын кутобуз.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#19 27 Декабрь 2015 - 11:55
Шашылып кетип жатып кокустан бутумду жаман жеринен, болгондо да жерге койуп басууга мумкун эмес болгон жерден сындырып алдым.Ушул эле жетпей тургансып.Жумушума да чыкпай, мекениме да кетпей калганга туура келди.Албетте кете албайт болчум, ушул абалымда кантип апакемдин алдына бармак элем.Мен кыйналсам кошо кыйналып, ойдо-ылдый болгон сайын сыртынан бербегени менен апакемдин жеген ичкени аш болбой, менден отуп анын азап чегишин каалабадым.
Бутум сынды да дебедим, бир аз кокустатып алдым жакшы болгондо барайын деп айтып койдум, ушунума эле канча чый пыйы чыгып кыжаалат болду.Гипсте оролгон бутумду корсо чалкасынан кетпесин деп ойлодум.Албетте бул корунуш менин суйгонумо жага бербеди, мен атайын барбаштын жолу кылып ушул ойду таап айткан имишмин, анысы аз келгенсип бироону таап алып ошого кетким келбей ушул шылтоону айтыпмын.Эмне болду, азыр кандайсын, этият болбойт белен, жакшы болуп кетет кыжаалат болбо дегендин ордуна ушундай жалаа жапты.Бул эмне деген адам, мынчалык пас кетпесе,менин башыма таш тийдиби ушундай деп шылтоо айтканга деги койчу эмне дешти да билбей эсим ооп отуруп калдым.Мен мындай нерсени эч кутпогон элем.Ушул 2 жыл аралыгында бир ооз катуу айтып, ойдо карап суйлобогон жаным, ошол куну жарылдым.Акмак экенин, сыйласа сыйды билбеген, бир келесоо экенин айтып бакырдым.Чындап келсе жаны кашайып, заманасы куурулганда дудуктан да ун чыгат эмеспи.Эмне кылса ошол кылып алсын, экинчи мага чалбашын айтып, телефонду очуруп салдым.Курган жаным мага ушул керек беле, кен дунуйом таарып ааламга батпай турдум.Мындан коро суйбой жашасам тынч жашамак элем го деп озумо озум капа болдум.Ошол бойдон эч жооп бербей журдум.Он кун дегенде смс келди кечирим суроо менен бирге больницада жатканын, озу баарына кунолуу экенин жана ушуга окшогон создор менен.
#20 27 Декабрь 2015 - 16:05
Больницада экенин укканда журогум жарылып кете жаздады. Бир алдын ошону кормок дедим, бирок кайда журогум акылыма баш ийбей ага чалышым керек экенин айтып туруп алды. Даро эле жооп берди. Билген имиш мени ага баарыбир званок кылаарымды.
Мен озундой болуп ар нерсени бир айтпадым, абалын сурап озун этият кылышын жана баары жакшы болоорун айттым.Менден кечирим сурап, мени капа кылган учун ал да ушундай абалга келгенин айтып сайрап атты.Корсо ал да буту ооруп баса албай жаткан экен.Кундор отуп жатты саат сайын чалбасам да, бир кундо эки жолудан чалып сурап аттым.Озумдун бутум калып эле ага кыжаалат болом, жакшы болуп калды бекен, курсагы кандай, жалгыз кантип атат деген ойлор менен алпурушам.Мен ойлогончолук,
мен кыжаалат болуп санаркаганчалык ал да мени ойлоп атты бекен деп озумо суроо берем.Андайда убакыт да отпой калат, эртерээк эле жакшы болуп мекениме кетсем дегенде эки козум торт болот.Ал мага караганда тез жакшы болду 15 кун дегенде чыкты больницадан.
Мен да бир аз жакшы болуп бутумду койуп калгам. Жакшы болуп чыккандан кийин баштады, ага чейин жакшына эле суйлоп аткан. Корсо анын бутунун оорушуна мен себепкер имишмин.Мен сенин да бутун ооруп калса экен деген имишмин.Мен андай демек тургай жаман ойлогон эмесмин.Мындай ойду, мындай жамандыктарды кайдан ойлоп таап алганына тан калып кала бердим. Ага чейин мен жакшы, менден артык эч кимди таба албаганын, колунда барында барктай албай капа кылганын айтып какшап аткан.Тушунбой деле калдым, эмне деген инсан.Ошентип мен да жакшы болуп, качан врачтар уруксат бергенде мекениме жонодум.
- (13 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »