Күйөөңүздү бактылуу кылыңыз
Үй-бүлөдө эркектин аялын башкага алмаштырганы – эң көйгөйлүү маселелердин бири. Үйдө жылуулук, жакшы маанай жоголуп, аял оор стресске кабылат. Бирок мунун баарына аял өзү күнөөлүү экенин билбей бар айыпты күйөөсүнө коёт. А чынында күйөө аялын эмнеге алмаштырат, анын кантип алдын алууга болот?
АР ДАЙЫМ КЕЛБЕТИҢИЗДИ САКТАҢЫЗ
– Дайыма өзүңүзгө карап, сулуу болуп жүрүңүз. Үйдөн да жарашыктуу халат кийиңиз. Кыскасы, күйөөңүзгө жумуштагы кесиптешиндей жагымдуу көрүнгөнгө аракет жасаңыз. Айрым европалык аялдар косметика менен атырды эшикке чыгарда гана эмес, уктардын алдында да колдонушат, муну эркектер абдан баалашат.
– Сиздин кийген кийимиңизден ал бир да кир, бир дагы жыртык таппасын.
ЖАГЫМДУУ МААНАЙ МЕНЕН ТОСУП АЛЫҢЫЗ
– Жумуштан чарчап келгенде жылмайып тосуп алып, ал күндү кандай өткөргөнүнө сөзсүз кызыгыңыз, аны кунт коюу менен угуп, даамдуу тамагыңызды берип, керек учурда кеңештериңизден да бөлүшүңүз. Ага колдоо көрсөтүңүз. Эркек үй чынында мыкты сепил экенин түшүнсүн.
– Тамакка олтурган соң сүйлөшүүнү жагымдуу жаңылык менен баштаңыз. Ал эми жагымсыздарын эс алып алганга чейин айтпай туруңуз.
МЭЭРИМДҮҮ, НАЗДУУ СҮЙЛӨШҮҢҮЗ
– Минтип бир гана өзүңүздүн жолдошуңуз менен сүйлөшө аласыз, башка бир да эркек менен эркелеп, назданып сүйлөшкөнгө акыңыз жок.
– Төшөктө дайыма бир ыкманы колдонуп, бир түрдүү боло бербеңиз. Таасирдүү, эстен тандырарлык жаңы ыкмаларды чогуу үйрөнүп туруңуздар.
АНЫН КАМКОРДУГУН БААЛАҢЫЗ ЖАНА ЫРААЗЫ БОЛУҢУЗ
- Эгерде күйөөңүзгө ыраазы болсоңуз, ал кубанат, сизди сүйөт жана сиз үчүн мындан да көп нерселерди жасоого аракет кылат.
– Ал эми нааразы болгондон башканы билбесеңиз, анын көңүлү калат да, өзүнө-өзү “эгер ал мунун баарын баалабаса, мен ага эмне үчүн жакшылык кылышым керек?” деген суроо берет.
КҮЙӨӨҢҮЗДҮ КЕМСИНТПЕҢИЗ
– Күйөөңүздүн туура эмес жактарын аны кемсинткен, орой сөз менен эмес, сылыктык менен акырын айтыңыз.
– Күйөөңүздүн сырларын, туура эмес жактарын эч кимге айтпаңыз, керек болсо эң жакын адамыңызга да.
– Башка эркектин кадыр-баркын айтпаңыз, аны менен күйөөңүздүн кызганыч сезимин эле козгобостон, аны басынткан да болосуз.
– Күйөөнүздүн майда кемчиликтерине көз жумуп эле коюңуз.
ТАТЫКТУУ КЫЗГАНА БИЛИҢИЗ
– Кызганыч - күйөөңүзгө болгон сүйүүңүз. Бирок ал чектен чыкпоого тийиш, башкача айтканда, ызы-чуу, уруш-талашты чакырбашы керек.
– Күйөөңүздөн шек санап ага «эмнеге үйгө кечигип келдиң?» деген сыяктуу ар кайсы суроолорду берип тажатпаңыз.
– Эркектин эркиндигин чектеп, өзүңүзгө баш ийдирип алам деп аракет кылбаңыз.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 02 Январь 2016 - 22:53