Менин ырларым Менин ырларым
#41 19 Январь 2016 - 01:51
«Сени ойлосом»
Сени ойлосом куйомун да орттоном,
Кандай куч бар сенде мени орттогон,
Канча кыздар жолугушту а бирок,
Жактыруудан ашып эч мен отпогом.
Сени ойлосом озунчо эле керемет,
Сезимдерим бешик сымал термелет,
Кайра кайра ырлар келет конулго,
Калем сабым кагаз бетин чиймелеп.
Сени ойлосом кусаланам сагынам,
Суудай болуп сен тарапка агылам,
Суротуно тигилемин айлам жок,
Сылап коем кара кундуз чачынан.
Сени ойлосом толкуймун да ташыймын,
Бала сымал кубанам да жашыймын,
Суусаймын да келбетине ай жуздуу,
Суусундугум жута албай акыйдым.
Сени ойлосом батам туркун кыялга,
Жетелеймин гулдуу ашуу кырларга,
Качанкыга чейин минтип жашаймын?
Кара коздуу карындашым кыл арга.
Сени ойлосом учкум келет асманга,
Суротунду тарткым келет таштарга,
Карап туруп суротунду таштагы,
Жазгым келет сен жонундо дастан да.
#42 19 Январь 2016 - 02:01
Baktyluumun (19 Январь 2016 - 01:36) жазган:
Жакканына кубанычтамын. Эл акыны болбосом да ушинтип алкап каалоо-тилек айтканынызга ыраазычылык
#43 19 Январь 2016 - 02:06
#44 19 Январь 2016 - 20:19
«Жар издейм»
Жар издейм журогундо ыйманы бар,
Жамандык башка тушсо ыйлабасын,
Сыйласа деймин менин ата энемди,
Чыдаймын мейли мени сыйлабасын.
Жар издейм, дебеген кабак кашым,
Келгенде уйго досум аяштарым,
Жаркылдап кулуп жайнап тосуп алып,
Жайнаткан даярдаган тамак ашын,
Жар издейм, акылы терен болсун,
Акниет, пейили да кенен болсун,
Аябай берип таалим тарбиясын,
Балдарыма суйуктуу эне болсун.
Билдирүүнү түзөткөн: Patrik: 19 Январь 2016 - 20:25
#45 19 Январь 2016 - 22:16
#46 20 Январь 2016 - 14:17
«Бой которгон сулууга»
Ашыктыктын куйуп буттум дартынан,
Айтайын дейм, айта албай тартынам,
Алдап гана озумду озум журомун
Андып коюп аста секин артынан.
Билем ,билем сен мени тоготпойсун,
Соз ыргытсам жооп берип койбойсун,
Баалабастан сага деген суйуумду,
Бай жигитти издеп журот окшойсун.
Эй сулуу кыз болбо мынча текебер,
Талкалаба келечегин сен бекер,
Эрмек кылба сезимдерим ойнотуп,
Колун да бош, жолунда бош кете бер.
#47 20 Январь 2016 - 14:28
#49 20 Январь 2016 - 21:07
«Жанында жургум келет»
Карегин карегиме кадалганда
Чечилип жан дуйному ачкым келет
Аккудай сенин узун моюнуна
Ак бермет, шуру мончок таккым келет
Коро албай мен алыста сагынганда
Чуркаймын сен тарапка шашкым келет
Суйуунду козун менен айтканында
Кучактап кокурого баскым келет
Кун дагы бере албас жылуулукту
Кукугум мен озундон тапкым келет
Куйутум батпай кетсе журогумо
Катпастан сага гана айткым келет
Коштошуп бара жатып мен жанындан
Кыялбай кайра артка кайткым келет
Турмуштун ойдо ылдый жолдорунда
Туболук сени менен баскым келет
Ай батып тан да атып кун чыкса да
Ардагым жанында мен болгум келет
Алчадай кызыл сенин эриндерин
Алты кун кое бербей соргум келет
Аккудай сузуп журсон кол устундо
Айланып учуп барып конгум келет
Арзышып ак суйуудон туболуко
Ашыгым мен сеники болгум келет
Анкыган жыпар жыттуу гулдор турса
Алтыным сага арнап узгум келет
Апакай жумшак сенин беттеринден
Аярлай аста секин суйгум келет
Ардактап алаканга салып алып
Ар дайым жанында мен жургум келет.
#51 22 Январь 2016 - 00:34
«Ичи тар экен»
Куугум талаш келген элем базарга,
Эми эле, токтоп соода кыларда,
Баратыптыр жугу оор бир киши,
Которо албайт автобуска чыгаарда.
Чуркап жеттим жугун алдым колунан,
Сабы отот колго жуктун оорунан,
Ал карыя бир чечимге келгиче,
Автобус да жылып кетти ордунан.
Атаке ай уйун сенин каякта
Бир колун жук а бир колун таякта
Ал карыя колун жансап корсотту
«Жакын эле тээтиги тарапта».
«Анда эмесе жеткирейин жоо эле,
Акы албайм жардамдашам жон эле»,
Улутунду «болбо балам убара»,
«Жок атаке убактым да коп эле».
Коп узабай жугун уйго жеткирдим,
Ал ангыча кун да батып кеч кирди
Бата алсам деп жашы улуу карыдан,
Боорукердик жакшы иш го деп билдим,
Жашаганы зангыраган там экен,
Олбогудой тын оокаты бар экен,
Бата турмак ырахматын айтпады,
Ал адамдын ичи абдан тар экен.
Билдирүүнү түзөткөн: Patrik: 22 Январь 2016 - 00:43
#52 22 Январь 2016 - 00:50
#53 24 Январь 2016 - 13:18
«Сулууга»
Жай шамалга желбиреген койногун,
Элестетет толкун урган кол боюн,
Эй кара коз мени бир жалт карап кой,
Элесине оозум кургап олбоюн.
Чачын болсо кок асмандын булуту,
Кантип болсун сендей жандын унутуу,
Байлап алган жипсиз мени ээрчитип
Кайсыл жердин болосун сен сулуусу.
Кара козун молтурогон булакбы,
Канчалаган жигиттерди кууратты?
Кайдан келген перисин сен асыл жан
Кантип табам мен озундой ынакты?
Чийме кашын кылычындай жоокердин
Чанда болоор сендей сулуу оо пери,
Бир соз айтсан эт журогум солкулдап,
Батынууга колдон келбей жооп беруу.
Ойго салат оймок сымал эринин,
Оппой эле коргондо мен эридим,
Чычаладай куйуп барат журогум.
Чыдам тугоп тынчтык бербей сезимим.
Суудай тунук жамалына корк кошкон,
Кирпиктерин кирпигиндей музоонун,
Бушайманмын ээ боло албай озумо,
Жолун таппай сенин атын суроонун.
Кала бердим карап карап суктана,
Капаланган ойлорумда бут санаа,
Кайырмактай илген мени илмектен
Кетип калдым озумду озум куткара.
Билдирүүнү түзөткөн: Patrik: 24 Январь 2016 - 13:22
#54 24 Январь 2016 - 21:20
#55 25 Январь 2016 - 00:32
#56 25 Январь 2016 - 13:39
«Мерез журок»
Жетем деп сага жанымды жундой сабадым,
Жетууго эми , кандай бир айла табамын?
Жек коруу калды, озуно деген сезимден,
Жел деле суйгон, суйбодум сенин жамалын.
***
Суйбогон сени , сезими жоктой сеземин,
Сунбадын мага, суйуунун татуу белегин,
Суктанып журуп суйкайган сенин жузуно,
Сезбепмин аттин , журогун сенин мерезин.
#57 25 Январь 2016 - 23:09
«Камандар»
Ак уй жакта жакшылар бар жаман бар,
Жеп жутаарлар, ач коздор да сарандар,
Калктын канын кан соргучтай шимиген,
Копчулугу, коркулдаган камандар.
Топтолушат дайым элди тоношот,
Казынаны кош чонтоко солошот,
Кафелерде, саунада, запойдо,
Эл акчасын зынаа жака коротот.
Суйлосо эле каратат да калп айтат,
Кол куушурат кулактарын шалпайтат,
Айтчы чындык такаса да тапанча
«Чын айтчу»-деп олсон эгер калк айтат.
Элди ойлобой бир кокосун коздошот,
Мушташышат, ачуу айтып создошот,
Кылгылыкты, кылат дагы каамарбай,
Мурда иштеген адамдарга тонкошот.
Кыйынсынат , баштайт токол алышып,
Атаандашат да бироосу жарышып,
Кызы тендуу кыздарды аял кылганда,
Куйуп кетем журок ысып, кан ысып
Элди ойло болсо эгер акыл эсин,
Эрдик жаса, корсун элин акыбетин
Окуносун эл акысын жегенине,
Олум башта келет бир кун акыретин,
#58 26 Январь 2016 - 20:46
«Чон акындардай болом деп»
Ырларды жаздым, журогумо, дары ушул,
Айланып турган бут денемдеги кан ушул,
Гулдорун тердим, берметин таптым создордун,
Билбеймин неге боло албайм сендей Алыкул?
Чогултсам созду чачылат кайра бириндей,
Ошентип журуп убакыт отот билинбей,
Тенелем деп журуп агармак болду чачтарым,
Жаза албай койдум сатирик акын Мидиндей.
Ырында жазган, жалыны менен оту бар,
Ыр жазсам сага ырыскым бир кун кошулар,
Ышкыбоз болгон махабат менен суйууго,
Ыр жазсам болмок, алп акын сендей оо Турар.
Умтулам дайым чон акындардай болом деп,
Тилеген максат бир куну кабыл болор деп.
Ырлары дайым конулго кыттай уюган,
Элестетип кетем мен озумду Жолон деп.
#59 27 Январь 2016 - 16:33
#60 02 Февраль 2016 - 23:04