Суперстан: Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. Чын же калп экенин талкуулайбыз.

#341 Пользователь офлайн   medina.   08 Февраль 2016 - 14:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Ырчы Бек Борбиев депутат
Мээрбек Мискенбаевге жооп
жазып, Фейсбуктагы
баракчасына жайгаштырды.
Урматтуу Фейсбуктагы
достор, санаалаштар! Бул
постту жазуумдун себеби
кечээги "бир" депутаттын
(атын билбейм, эсиме
тутпайм аттарын) менин
жана сахналаштарымдын
дарегине карата айтылган
"эленбеген" сөзү болду.
Эленбеген деп кыргызча
которуп алдым, мындай
айтканда «нефильтрованный
базар» дечү беле...
Менин наамым көп
адамдардын уйкусун бузуп
жүрөт, аны билем. Былтыр
эле айткам, керек болсо
өкмөттөн буйрук чыгартып,
ажого кол койдуруп алып
салгыла. Менин жашоомо
материалдык жактан ал
наамдын эч кандай пайдасы
жок. Ал эми руханий жактан
Эл артистине жетели деп
аракет кылаар стимул бар
эле, андан үмүт үзгөнүмө көп
болду...
Бакиевдин тоюна барып
ырдап келгеним, кайталайм,
ал менин жеке жумушум.
Эгер ал адам биздин
бийликке душман,
кылмышкер болсо кармап,
жоопко тарткыла! Эмне мен
барган жерге силер бара
албайсыңарбы! ? Ооба, акча
төлөп беришти, бекер барып
ырдагандай алар мага эч ким
эмес. Бийликте турганда
мени көтөрмөлөп чоң
кызматтарга койгон эмес, кээ
бирөөлөргө окшотуп мени Ак
үйдө иштеткен эмес.
Акаевдин убагында иштеген
деңгээлден Бакиевдин
убагында бир тепкич да ойдо
көтөрүлгөн жокмун.
Тескерисинче, Бакиевдин
убагында чалчаңдап
жүргөндөр азыр ого бетер
эркелеп, Ак үйдө отуруп
алып мени Минскиге барып
келиптир дегенине күйөсүң.
Биз өнөр адамдары көп
«кылмышкерлердин»
алдында ырдайбыз. Түрмөнү
айтпай эле коеюн, 25-30
жылдан бери Кыргызстанды
талкалап, соруп, алдап
элдин акчасын жеп, бирок
жоопкерчиликтен качып, ак
көйнөк кийип, галстук
тагынып керек болсо
депутат, министр болуп
отуруп алгандардын да
алдында тилекке каршы
ырдайбыз. Кайсы бийлик
болсо да колтугуна кирип
тоодой бизнес, базар, алтын
кендерин жулуп алып,
кенедей элдин канын соргон
кылмышкерлердин да
тойлорунда кызмат кылып
жүрөбүз...
Биздин өлкөнү парламент
башкарууда, ошол жерде
отуруп алып бирөөгө
жагынайын деп
тантырагандын ордуна, элге
кызмат кылбайсыңбы.
Четинен кыргыздын жери
коңшуларга өтүп кетип
жатат, ГЭСтердин тагдыры,
кыргыз тилинин кейпи,
сомубуз арзандап баратат,
чет өлкөлөргө жумуш издеп
күндө жарандарыбыз суудай
агылат.
Жумушсуздук, сойкулук,
баңгичилик, наркотрафик,
уурулук, коррупция,
паракорчулук күндөн күнгө
күчөп баратканы калппы?
Же парламент алар менен
күрөшүп, иш алып барып
бүттү беле?
Тарыхты карасак, өнөр
адамдары чындыкты айтып,
бийликтин кемчилигин
көзүнө көрсөтүп келген.
Керек болсо парламент дагы
мени "муну ырда,
куудулдарга тигини айт" деп
айттыра албайт. Бизде
демократия, сөз эркиндиги
бар.
Бир гана кейиткен окуя,
2010-жылы апрелде каза
болгондор. Аллах жаннаттан
жай берсин. Жүз адамдын
каны төгүлдү эле,
азыркыларды бийликке алып
келүү үчүн. Эмне өзгөрүлдү,
эмне жагынан өсүп атабыз,
көп убадалар болду эле...
Ошол балдар жанын берген
үмүттөр аткарылдыбы,
аткарылар бекен?
Мына ушул айтаар сөзүм.
Мени чыккынчы деп
айтардан мурда, өзүңүз ошол
жерде отуруп алып, туура
эмес мыйзамдарга,
токтомдорго жогортон
айтылды деп добушуңузду
берип, туура эмес министр,
адашкан талапкерлерди
колдоп, кызматтарга коюп,
Кыргыз элине чыккынчылык
кылган жоксузбу? Албетте,
эл көрүп-билип эле калды...
Бийлик кошоматчылары
кетет, ал эми өнөр адамдары,
биз эл менен калабыз.
Жараткан бийликке да, ага
каршыларга да ыйман
берсин. Кайсыл партия,
кайсыл өнөр тармагы, кандай
жумушта иштебесек да
жүрөгүбүз – Кыргызстан деп
согот. Мына ошол бириккен
жерибиз. Бар болуңуздар,
рахмат!.
Бек Борбиев, ырчы
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#342 Пользователь офлайн   zoichka   08 Февраль 2016 - 14:15

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 172
  • Катталган: 08 Май 15
  • Соңку аракети: 21 Июн 2017 11:24
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Dubai

Просмотр сообщения medina. (08 Февраль 2016 - 14:05) жазган:

Ырчы Бек Борбиев депутат
Мээрбек Мискенбаевге жооп
жазып, Фейсбуктагы
баракчасына жайгаштырды.
Урматтуу Фейсбуктагы
достор, санаалаштар! Бул
постту жазуумдун себеби
кечээги "бир" депутаттын
(атын билбейм, эсиме
тутпайм аттарын) менин
жана сахналаштарымдын
дарегине карата айтылган
"эленбеген" сөзү болду.
Эленбеген деп кыргызча
которуп алдым, мындай
айтканда «нефильтрованный
базар» дечү беле...
Менин наамым көп
адамдардын уйкусун бузуп
жүрөт, аны билем. Былтыр
эле айткам, керек болсо
өкмөттөн буйрук чыгартып,
ажого кол койдуруп алып
салгыла. Менин жашоомо
материалдык жактан ал
наамдын эч кандай пайдасы
жок. Ал эми руханий жактан
Эл артистине жетели деп
аракет кылаар стимул бар
эле, андан үмүт үзгөнүмө көп
болду...
Бакиевдин тоюна барып
ырдап келгеним, кайталайм,
ал менин жеке жумушум.
Эгер ал адам биздин
бийликке душман,
кылмышкер болсо кармап,
жоопко тарткыла! Эмне мен
барган жерге силер бара
албайсыңарбы! ? Ооба, акча
төлөп беришти, бекер барып
ырдагандай алар мага эч ким
эмес. Бийликте турганда
мени көтөрмөлөп чоң
кызматтарга койгон эмес, кээ
бирөөлөргө окшотуп мени Ак
үйдө иштеткен эмес.
Акаевдин убагында иштеген
деңгээлден Бакиевдин
убагында бир тепкич да ойдо
көтөрүлгөн жокмун.
Тескерисинче, Бакиевдин
убагында чалчаңдап
жүргөндөр азыр ого бетер
эркелеп, Ак үйдө отуруп
алып мени Минскиге барып
келиптир дегенине күйөсүң.
Биз өнөр адамдары көп
«кылмышкерлердин»
алдында ырдайбыз. Түрмөнү
айтпай эле коеюн, 25-30
жылдан бери Кыргызстанды
талкалап, соруп, алдап
элдин акчасын жеп, бирок
жоопкерчиликтен качып, ак
көйнөк кийип, галстук
тагынып керек болсо
депутат, министр болуп
отуруп алгандардын да
алдында тилекке каршы
ырдайбыз. Кайсы бийлик
болсо да колтугуна кирип
тоодой бизнес, базар, алтын
кендерин жулуп алып,
кенедей элдин канын соргон
кылмышкерлердин да
тойлорунда кызмат кылып
жүрөбүз...
Биздин өлкөнү парламент
башкарууда, ошол жерде
отуруп алып бирөөгө
жагынайын деп
тантырагандын ордуна, элге
кызмат кылбайсыңбы.
Четинен кыргыздын жери
коңшуларга өтүп кетип
жатат, ГЭСтердин тагдыры,
кыргыз тилинин кейпи,
сомубуз арзандап баратат,
чет өлкөлөргө жумуш издеп
күндө жарандарыбыз суудай
агылат.
Жумушсуздук, сойкулук,
баңгичилик, наркотрафик,
уурулук, коррупция,
паракорчулук күндөн күнгө
күчөп баратканы калппы?
Же парламент алар менен
күрөшүп, иш алып барып
бүттү беле?
Тарыхты карасак, өнөр
адамдары чындыкты айтып,
бийликтин кемчилигин
көзүнө көрсөтүп келген.
Керек болсо парламент дагы
мени "муну ырда,
куудулдарга тигини айт" деп
айттыра албайт. Бизде
демократия, сөз эркиндиги
бар.
Бир гана кейиткен окуя,
2010-жылы апрелде каза
болгондор. Аллах жаннаттан
жай берсин. Жүз адамдын
каны төгүлдү эле,
азыркыларды бийликке алып
келүү үчүн. Эмне өзгөрүлдү,
эмне жагынан өсүп атабыз,
көп убадалар болду эле...
Ошол балдар жанын берген
үмүттөр аткарылдыбы,
аткарылар бекен?
Мына ушул айтаар сөзүм.
Мени чыккынчы деп
айтардан мурда, өзүңүз ошол
жерде отуруп алып, туура
эмес мыйзамдарга,
токтомдорго жогортон
айтылды деп добушуңузду
берип, туура эмес министр,
адашкан талапкерлерди
колдоп, кызматтарга коюп,
Кыргыз элине чыккынчылык
кылган жоксузбу? Албетте,
эл көрүп-билип эле калды...
Бийлик кошоматчылары
кетет, ал эми өнөр адамдары,
биз эл менен калабыз.
Жараткан бийликке да, ага
каршыларга да ыйман
берсин. Кайсыл партия,
кайсыл өнөр тармагы, кандай
жумушта иштебесек да
жүрөгүбүз – Кыргызстан деп
согот. Мына ошол бириккен
жерибиз. Бар болуңуздар,
рахмат!.
Бек Борбиев, ырчы

Жакшы жооп
Ардагым Атам.Асылым Апам.сагындым сиздерди (((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#343 Пользователь офлайн   medina.   09 Февраль 2016 - 13:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Бишкек шаарынын мэри
Кубанычбек Кулматов өз
арызы менен кызматтан
кеткенин "Азаттыкка"
тастыктады жана жакында
маалымат жыйынын
өткөрөрүн билдирди.
Азырынча президент
Алмазбек Атамбаевдин
Кулматов боюнча жардыгы
расмий жарыялана элек.
Алмазбек Атамбаев былтыр
24-декабрда жылды аяктаган
маалымат жыйынында,
мэрдин ишинин жыйынтыгы
январь айында караларын
билдирген. Ал Кулматовдун
шаарды таштандылардан
арылтуу боюнча чечимин
гениалдуу деп атаган. Андан
мурдараак Атамбаев
Кулматовду таштанды
маселеси боюнча кескин
сынга алган жана жыл
этегине чейин мөөнөт
чектеген.
Кубанычбек Кулматов
Кулматов Бишкектин мэри
болуп 2014-жылдын
башында шайланган эле. Ага
чейин өкмөттүн Чүй
облусундагы өкүлү, Бажы
кызматынын башчысы болуп
иштеген.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#344 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   12 Февраль 2016 - 20:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Камчыкеге чындап эле жалаа жабылган экен...

Шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жалал-Абаддагы кеңсесине бастырып барып, Абдыманап Абдувахаповду сабады деген саясатчы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши арабөк абалда турат.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Мирбек Исагалиев январдын этегинде Камчыбек Ташиев сабады деген Абдыманап Абдувахаповдун соттук-медициналык экспертизасынын корутундусун жарыялаган. Анда “оор жаракат алдым” деп арызданган Абдувахаповдун маалыматы тастыкталбаганы айтылган. Ошондой эле тергөө анын жанынан арызда жазылган 20 миң доллар акчанын жоголбогонун аныктаган.

Тергөө бөлүмүнүн башчысы Мирбек Исагалиев тергөөнүн жыйынтыгы боюнча буларга токтолгон болчу:

- Жабырлануучу эмгекке жарамдуулугун жоготпогон жеңил жараат алган. Ошол экспертизанын жыйынтыгын Оштун комиссиондук экспертизасы тастыктап берген. Андан кийин Бишкекте комплексивдүү комиссиялык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы дагы ошондой чыккан. Анан чатакташуу учурунда жоголду деген 20 миң доллардын бар экенин тергөө учрунда эч ким далилдеп берген жок.

Андан көп өтпөй тергөөчү Мирбек Исагалиев шашылыш түрдө мурда айтканынан кайтып, Ташиевге байланыштуу кылмыш иши аяктай электигин айрым маалымат агенттиктерине айтып чыккан. Бирок иш кыскарабы же сотко өтөбү, бул боюнча Камчыбек Ташиевге айып тагылдыбы деген суроолор жоопсуз калган эле.

Тергөө бөлүмүнүн башчысы Исагалиев бул боюнча акыркы чечим 5-февралда чыгарын убада кылган. Бирок андан бери бир жума убакыт өткөнүнө карабастан Мирбек Исагалиев эми бул кылмыш иши туурасында маалымат берүүдөн баш тартты.

Тергөөчүнүн кетенчиктегенине эмне түрткү болду?

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин коомдук жактоочусу Нурлан Шакиев тергөөчүгө жогортон басым болду деп шекшийт:

- Тергөө кандай болуп, кантип бүткөнүн коомчулукка ачык айтып чыккандын өзү чоң эрдик. Кандайдыр бир деңгээлде тергөөнүн өз алдынчалуулугуна ишеним арттырып, үмүт жараткан болчу. Бирок көп өтпөй анын жалтайлап, маалыматты ачык айта албай жатканы ага саясий басым болуп, саясат аралашканын туюнтат. Анткени негизи бул иш башында эле саясат болгон. Эми бул ишти зордоп сотко ашырышса деле таң калбай калдым.

Ошол эле кезде Камчыбек Ташиев сабады деп милицияга даттанган “Өнүгүү” партиясынын өкүлү Абдыманап Абдувахапов тергөө менен экспертизага нааразы. Былтыр 25-сентябрь күнү “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жалал-Абаддагы кеңсесине Камчыбек Ташиев келип уруп кетти деп милицияга арызданган Абдыманап Абдувахапов тергөө бир жактуу жүрдү деп даттанды. Ошондуктан ал тергөөчүнүн үстүнөн жакында прокуратурага арыз жазганын билдирди. Анын айтымында, тергөө ишти атайын терең иликтеген эмес:

- Тергөөчү да, эксперттер да коррупцияга малынды. 20 миң долларды менин жаныман көргөнбүз деп эки киши тастыктап берип жатат. Алар Ильяз Чолпонов жана Чыңгыз Ажыкулов дегендер. Тергөөчү алардын көрсөтмөлөрүн эске алган жок. Анан да менин жараат алганым ошондо эле көрүнүп турган. Мен жөн эле барып жатып алгыдай жинди эмесмин да... Башында сынганын билген жокмун. Дарыгерлер денеңиз жөн эле көк-ала болуптур десе, ошого ишенип жүрө берипмин. Бишкекке барып, атайын ооруканага жатып, ЮРФАга барып, текшерүүдөн өткөнүмдө, ошол жактан кабыргаңыз сыныптыр деп келди. Ага Ташиевдин адвокаты ишенбей Оштон дагы бир жолу экспертизадан өттүм. Оштон аны эски сынык деп чыгарышты. Албетте бир айдан кийинки текшерүүдөн кийин эски сынык болуп чыгат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#345 Пользователь офлайн   medina.   12 Февраль 2016 - 22:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

l

Билдирүүнү түзөткөн: medina.: 12 Февраль 2016 - 22:35

Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#346 Пользователь офлайн   medina.   12 Февраль 2016 - 22:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

/ Коом"Жупуну" аткаминерлердин "эркетайлары" Кыргызстан эгемендикке жеткенден бери оңуп кеткен “эркетайлар” феномени социалдык тармактар пайда болгондон тарта кайра бажырайып гүлдөгөнү байкалат.Басып чыгарууОй-пикир (17)Маалымат бөлүшүүКөчүрүп басууРаимбек Матраимовдун уулунун Инстаграммдагы сүрөтүРаимбек Матраимовдун уулунун Инстаграммдагы сүрөтү Live Journal 7Pin ItТектеш макалалар" Эркетайлар" аскерге бара баштады “Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”"Раим миллион" ким менен соодалашкан? Жарыяланган учуру: 12.02.2016Азыр социалдык тармактардан кимге байланыштуу болбосун маалымат табууга болот. Коомчулук дайыма белгилүү адамдар тууралуу кабарга кызыгат эмеспи.Биз дагы Кыргызстандын аткаминерлеринин чүрпөлөрүнүн жашоосу тууралуу билгибиз келип, алардын интернеттеги баракчаларына “саякат” жасадык. Кызыгы “эркетайлар” дүйнөнүн чар тарабында жүргөн, алдыга умтулган, көп тил билген жаштар болуп чыкты. Анан албетте, саясий жана экономикалык кыйынчылыктын эпкини аларга тийбегени көрүнүп турат.Айта кетчү нерсе, бул жаштардын ата-энелери өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген жана азыр дагы иштеп жатышат. Алар жыл сайын өтө жупуну кирешеси тууралуу декларация тапшырат. Ошого карабай, балдарын чет өлкөдө окутуп, кычараган машиненин рулуна отургузган. "Эркетайлардын" социалдык тармакка койгон сүрөттөрү жана видеолору алар эгерим кем-карчты көрбөй чоңойгонунан кабар берет. Бирок ошентсе да калыстык үчүн айта кетүү зарыл, “эркетайлар” арасында эл катары жүргөндөр да жок эмес. Кыскасы, саясатчы жана аткаминерлердин балдары алардын ата-энелериндей эле ар кандай экенин көрүүгө болот.Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун уулу Инстаграммга атасы менен футбол ойноп жатканын, лыжа тепкенин, Чарльз дарыясында спорт кайыгы менен сүзүп, машыккан сүрөттөрүн жайгаштырган. Ал эми кызы социология жана психология жаатындагы жетишкендиктери тууралуу дайыма айтып турат. Асановдун чүрпөлөрү социалдык тармакта Массачусетс (Бостон, АКШ) университетинин студенттери экенин жазышкан. Бул жогорку окуу жайына тапшырган студент жылына 30 230 доллар төлөп окуйт. (Жашаган жеринин ижара акысын кошпогондо). Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун балдары да күндү кантип өткөргөнү тууралуу сүрөттөрүн коюп турат. Бирок макала даярдалып жатканда алар Инстаграммдагы аккаунтун өчүрүп салышты. Уулдары футбол ойнойт. Сүрөткө караганда уулу студент, өз ырын жаздырган.Заманбап бардык жаштардай эле алар достору менен ар кайсы өлкөгө барганын, машиненин жана кемелердин жанында туруп сүрөткө түшкөндү жактырарын байкоого болот. Матраимовдун үй-бүлөсү спортту, айрыкча футболду сүйгөндүгү жана ага меценанттык кылганы менен таанымал. Ата жолун балдары дагы улаган.Матраимовдун дагы бир уулу мектепти бүтө элек. Ал Инстаграммда Британия жана Дубайда “Арсенал” футбол командасынын мектебинде машыгып жаткан видеосун койгон.Матраимовдун студент уулу жашынан эле өзүн чыгармачыл чөйрөдөн тапкысы келген. Музыкалык клиптерди тартып, аны [moderated]дагы өзүнүн каналына койгон.Инстаграммда Матраимовдун 14 жаштагы уулунун сүрөтү бар. Анын кол сааты швейцариялык Hublot компаниясына окшош. Сүрөт сингапурдук Marina Bay Sands мейманканасынын инфинити-бассейнинин фонунда тартылган.Бул мейманкананын эң арзан номери суткасына 600 доллар турат.Hublot компаниясы как Louis Vuitton, Givenchy, Guerlain, Chaumet, Moët & Chandon, Hennessy өңдүү кымбат брэнддерди чыгарган LVMH холдингине кирет. Окуучу уулунун колунда болсо дүйнөдө 500 экземпляр гана болуп чыккан King Gold Carbon Ferrari саатын көрүүгө болот. watchtime.com сайтынан мындай сааттардын баасы 43 миң 600 экени жазылган. Hublot саатынын оригиналынын жасалмадан айырмасын detectafake.com. сайтындагы жазылган критерийлер аркылуу билсе болот. Мектепте окуган уулу яхтадаМектепте окуган уулу яхтадаЭкс-депутат Равшан Жээнбековдун уулу Инстаграммдагы сүрөттөрүнө караганда АКШда иштейт. Ал өз баракчасында үй-бүлөсү тууралуу өтө жылуу сөздөрдү жазган. Ал Америкада саякаттап, серфинг жана футбол менен машыгат.Равшан Жээнбековдун баласынын Инстаграммдагы баракчасыРавшан Жээнбековдун баласынын Инстаграммдагы баракчасы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун балдары социалдык тармактардан улам өтө жупуну экенин байкоого болот.Асылбек Жээнбековдун чырайлуу кызы жергиликтүү ЖОЖдордун биринде окуйт, эл катары маршруткага түшөт. Өтө карапайым жана ата-энесин урматтап, сыйлап турат. Жээнбековдун уулдары өтө жупуну жана атасынын партиясын көп учурда үгүттөйт.Жээнбековдун баласынын Инстаграммдагы баракчасыЖээнбековдун уулунун Инстаграммдагы баракчасынан алынган сүрөтЖээнбековдун уулунун Инстаграммдагы баракчасынан алынган сүрөт
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#347 Пользователь офлайн   medina.   14 Февраль 2016 - 18:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Нарын районуна караштуу
Учкун айылында бир жарым
жашар наристе тууганынын
токмогунан көз жумду.
Облустук Ички иштер
башкармалыгынын
жетекчиси Ороз Молдосариев
“Азаттыкка” билдиргендей,
окуя 11-февралда болгон.
Маалыматка караганда,
наристенин апасы аны
келинине таштап, өзү
борборго иштегени кеткен.
Келин бала ыйлай
бергенинен бир чапканын,
өлтүрүү ниети болбогонун
тергөөчүлөргө айткан. Алдын
ала маалыматтарга
караганда, бала эс-учун
жоготкондо дарыгер
чакырышкан. Ак
халатчандар анын өмүрүн
сактап кала алышкан эмес.
Наристенин денесинде күч
колдонулган белгилер
аныкталган.
Айыпталып жаткан аялдын
өзүнүн да төрт баласы бар.
Анын үстүнөн Кылмыш-жаза
кодексинин адам өлтүрүү
беренеси менен кылмыш
иши козголду.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#348 Пользователь офлайн   medina.   14 Февраль 2016 - 18:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

The Independent гезити
Куран менен Инжилдин
текстиндеги зомбулуктун
деңгээлин салыштырган
адистин изилдөөсүн
жарыялады. Том Эндерсон
аттуу инженер-программачы
Курандын 1957-жылы англис
тилине которулган версиясы
менен жөөттөр жана
христиандар ыйык туткан
Инжилдин Эски жана Жаңы
осуяттарындагы зордук-
зомбулукка байланышкан
сөздөргө анализ жасаган.
Атайын
автоматташтырылган
программа үч китептин
мазмунундагы сөздөрдү
эсептеп, натыйжада
Инжилде Куранга караганда
эки эсеге көп зомбулук
тууралуу сөздөр бар экенин
аныктаган. Бул изилдөөнү
Эндерсон акыркы мезгилде
исламдагы радикалдашуунун
Курандын текстине
кандайдыр бир катышы
барбы деген суроого жооп
алыш үчүн ишке ашырган.
Сөз жана сөз айкаштарын
сегиз эмоциялык категорияга
бөлүп, бакыт, жек көрүү,
ачуулануу, кайгы, таң калуу,
коркуу, чочулоо жана
ишеним деген түшүнүктөр
боюнча эсептеген. Киши
өлтүрүү, талкалоо жана өч
алуу Куранда 2,1 процент
болсо, Жаңы осуятта 2,8
процент, ал эми Эски осуятта
5,3 процент болуп чыккан
деп баяндайт The
Independent.
Сорос Путинди жактырбайт
Узаган аптада Жорж
Соростун Владимир Путин
тууралуу жазган макаласы
эл аралык коомчулукта бир
топ талкууну жаратты.
“Синдикат долбоору” деген
аталыштагы веб-сайтка
чыккан бул макалага үч
миңдей киши пикир жазган.
Жорж Сорос Кошмо
Штаттары жана Европа
Биримдигинин “Ислам
мамлекети” экстремисттик
тобуна каршы Владимир
Путинди өнөктөш катары
кароосу жаңылыштык деп
эсептейт. “ Орус лидери
таланттуу тактик болгону
менен узакты көрө алган
көсөм эмес. Буга азыркы
Түркия менен болуп жаткан
кызыл-чеке мамилеси деле
мисал. Сирияга согуштук
чабуул жасоосу Европа
Биримдигине да, Түркияга да
тынчтык алып келбеди. Анан
калса Путиндин режими өз
өлкөсүндө 2017-жылы
банкротко учураганы турат.
Андыктан Европанын
коопсуздугуна чоң көлөкө
түшүрүп жаткан “Ислам
мамлекети” тобун жок
кылууда Путин мыкты
өнөктөш боло албайт”, -
деген пикирин жазган Жорж
Сорос.
Жапония бир жылда 27 гана
качкынды кабыл алган
The Washington Post
гезитинин аналитиги Адам
Тейлор бул ирет качкындар
көйгөйүнөн өзүн оолак тутат
деп, Жапонияны сындаган
макала жазды. 2015-жылы
Жапониядан баш калка
издегендердин саны 7 586
киши болсо, бийлик алардын
27син гана кабыл алган.
Өлкөнүн Киото шаарындагы
Качкындар агенттигинде 10
830 мигранттын арызы
каралбай турат. Мунун
себебин бийлик өкүлдөрү
мыйзамдагы тыкыр
тескөөлөргө шылтап
жатышат. The Washington
Post басылмасынын
Токиодогу бюросунун
жетекчиси Анна Файфилд
өткөн жылы жапондордун
айрымдары өлкөгө аз кирип
жаткан качкындар санына
таң калып жатышканын,
ошентсе бул өлкө бир гана
улуттуу маданиятты
көздөөрүн жазып чыккан.
Asahi Shimbun гезитинин
кабарчысы Ясунори
Каваками Твиттерге Жапония
азыркыга чейин Экинчи
дүйнөлүк согуштагы
Хиросима менен Нагасакиден
калган азаптын каарын
тартып келет деп жазганы
бар.
Эмнеге Кытай Хиллари
Клинтондон коркот?
Кошмо Штаттарынын
биринчи айымы катары
күйөөсүн ээрчип Хиллари
Клинтон Кытайга 1995-жылы
барган. Бээжинде болгон
Улуттур Уюмунун
конференциясына катышып,
аялдардын укугу - адам укугу
экенин айтканы бар. Кийин
мамлекеттик катчы болуп
турганда 2009-жылы да
Кытайга иш сапар менен
барып, бул өлкөдөгү адам
укугунун абалын сындап
чыккан.
Эгерде Хиллари Клинтон
президенттик шайлоодо
жеңип, АКШнын президенти
болсо, Кытайдын лидери Си
Цзинпинь менен ынтымактуу
алака түзүшү күмөн экенине
сереп салат The Diplomat
журналынын баяндамачысы
Шеннон Тиззи. Хиллари
айымдын Кытайга карата
терс көз карашын 2011-
жылы The Atlantic
журналына курган маегинен
да окуса болот. Кытайда
демократия жок, адам укугу
корголбойт деп айткандары
бир катар эл аралык
басылмаларга да чыккан.
Ыңгайы келгенде бул өлкөнү
сүзө качырып сындоо
Клинтондун көндүм
адаттарынын бири. Ошентсе
да Хиллариден башка АКШ
президенттигине
талапкерлердин деле
Кытайга карата көз карашы
түз эмес. Андыктан 2017-
жылдагы шайлоодон ким
жеңбесин Кытайды ыраазы
кыла албаса керек деп
божомолдойт The Diplomat.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#349 Пользователь офлайн   kirgizstan   14 Февраль 2016 - 18:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 014
  • Катталган: 08 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Дек 2020 14:03

Просмотр сообщения medina. (14 Февраль 2016 - 18:01) жазган:

Нарын районуна караштуу
Учкун айылында бир жарым
жашар наристе тууганынын
токмогунан көз жумду.
Облустук Ички иштер
башкармалыгынын
жетекчиси Ороз Молдосариев
“Азаттыкка” билдиргендей,
окуя 11-февралда болгон.
Маалыматка караганда,
наристенин апасы аны
келинине таштап, өзү
борборго иштегени кеткен.
Келин бала ыйлай
бергенинен бир чапканын,
өлтүрүү ниети болбогонун
тергөөчүлөргө айткан. Алдын
ала маалыматтарга
караганда, бала эс-учун
жоготкондо дарыгер
чакырышкан. Ак
халатчандар анын өмүрүн
сактап кала алышкан эмес.
Наристенин денесинде күч
колдонулган белгилер
аныкталган.
Айыпталып жаткан аялдын
өзүнүн да төрт баласы бар.
Анын үстүнөн Кылмыш-жаза
кодексинин адам өлтүрүү
беренеси менен кылмыш
иши козголду.


Колдорунан келбесе неге карашат экен ээ бироонун баласын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#350 Пользователь офлайн   medina.   15 Февраль 2016 - 21:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Пикирлерди көрүңүз
Бөлүшүңүз
Жүз миңдей студенти бар
Оштогу түрдүү окуу
жайлардын бири дагы көзгө
басар илимпоз же ойлоп
табуучу адис чыгара албай
жатышат.
Ош технологиялык
университети билим
берүүнүн сапатын
жакшыртуу максатында окуу
жайга үч өлчөмдүү принтер
сатып берген. Бирок бул окуу
жай ал принтерди жөндөп
иштетип кеткен
студенттердин тобу бар деп
мактана албай турган кези.
Аталган окуу жайдын
Колдонмо илимдер
институтунун директору
Айбек Аттокуров илимди
колдоого бюджеттин 5%
бөлүү тууралуу токтому
аткарылбай жатканын эске
салды.
- Илим менен каражат
маселеси тыгыз келет.
Негизи университетте
студенттердин илимий
аракеттерин колдоочу фонд
болгондо жакшы болмок. Бул
маселени айтып эле
келатабыз. Каражат
жетишсиз деп ал фонду
түзүүгө мүмкүн болбой
келатат. Бирок окуу
жайларда илимий иштерди
колдоо үчүн келишимден
түшкөн каражаттын 5%
бөлүү тууралуу токтом бар.
Аймактагы жалгыз
техникалык окуу жайдагы
илимий иш-чаралар
теориядан алыстабаган
формалдуулукка айланып
кеткенин жетекчилиги
моюнуна алат.
Студенттердин илимий
аракеттерин колдоо
долбоорлору жок.
Ош технологиялык
университетинин илимий
иштер боюнча проректору
Бакытбек Шамшиев үч
жылдан бери студенттерди
илим жана ойлоп
табуучулукка тартуу үчүн
окуу жай жетекчилигинен
каражат бөлдүрө албай
убара.
- Мен илимий иштер боюнча
проректор катары үч
жылдан бери илим фондун
түзүү сунушун окуу жайдын
окумуштуулар кеңешине
берип жатам. Илимге
жөндөмдүү студенттердин
аракетине шарт түзүп
берели деп айтып келем.
Илимий иштер менен
алектенүүсүнө кичине болсо
да шарт түзүп берели деп
жатабыз. Себеби, ал фонд,
анын каражаты ректоратка
жана контракттын
көлөмүнө көз каранды.
Контракт аз. Ал
окутуучулардын айлык
маянасынан ашпайт. Илим
акча болсо өнүгөт .
Ушундай эле көрүнүш
Оштогу бардык окуу
жайларда бар. Маселен Ош
мамлекеттик университети
жеңил-желпи шоулорду жыл
сайын уюштурууну салтка
айландырып алган.
Жыл сайын «Мистер ОшМУ»,
«Мисс ОшМУ», «Окутуучулар
обон созгондо», «Идеалдуу
түгөйлөр» сыяктуу оюн-зоок
кечелеринин ар биринин
байгесине 100 миң сомдой
жумшалат. Ошол эле учурда
студенттерди илимге
азгырууга, жаңы
технологияларга тиркеме
жазууга, ойлоп
табуучулукка, өз алдынча
ишкана ачып кетүүгө
багыттаган иш-чаралар
уюштурулбайт.
Бул окуу жайдын илимий
иштер боюнча проректору
Тасилкан Жумабаева
университет азырынча
илимге эмес, маданиятка көп
артыкчылык берип
жатканын айтты:
- Билим түбөлүктүү,
сулуулук убактылуу деп,
чырайлуу кыздарды өз
убагында барктап коёлу
деген аракет. Негизи ЖОЖдо
билимге артыкчылык берип,
илимге шыктуу адистерди
тарбиялап алууга болот.
Бирок биздин практикада эң
мыкты окуган студентти
контракттык төлөмдөн
бошоткон, жок дегенде 50%
бошоткон учурду көрө
элекмин. Бизде
студенттерге материалдык
жардам билимине эмес,
социалдык абалына карап
берилип калган. Маселен,
томолой жетим, майып,
Ооган, Баткен согушунун
катышуучуларынын
балдарына берилет дегендей.
Бирок муну университет
өзүнүн уставына киргизүү
менен билимдүү
студенттерди колдоону
ишке ашырса болот. Муну
мен айтып эле келатам .
Ош мамлекеттик
университетинин жаш
илимпоздору. Сүрөт
"Азаттыктын" архивинен
алынды
Учурда Оштогу бир дагы окуу
жай өз студенттеринин
илимий ойлоп табуучулук
аракеттерин көзгө
көрүнөрлүк материалдык
байге менен сыйлабайт. Жок
дегенде контракттык
төлөмдөн да бошотпойт.
Ошол эле учурда сулуулар
конкурсу сыяктуу жеңил-
желпи шоулорго Дубайга
жолдомо сыяктуу ири
байгелер сайылып келет.
Ошто жогорку окуу жайдын
биринин студенти Анара
Жолборсова илим күнүмдүк
шапардын тепсендисинде
калып жатат деп эсептейт.
- Жогорку окуу жайларда
илим-билимге тиешеси жок
иш-чаралар тез-тез
өткөрүлүп турат. Сулуулар
конкурсун уткан бийкечтерге
чет өлкөлөрдө эс алып
келүүгө жолдомо берилет.
Бул билимге умтулган
студенттердин өзүнө болгон
ишенимин жоготот деп
ойлойм .
Учурда Ош шаарында он
жогорку, жети орто кесиптик
окуу жай бар. Буларда окуган
студенттердин жалпы саны
100 миңди чапчыйт. Окуу
жайлар илим жактаган
окутуучуларга 20-40 миң
сомдон жардам беришет.
Бирок мындай жардам
студенттерге каралган эмес.
Учурда Ош мамлекеттик
университетинин 600
миллион, Кыргыз-өзбек
университетинин 140
миллион, Ош технологиялык
университетинин 150
миллиондон жылдык
бюджети бар. Азырынча бул
окуу жайлардын бири да
студенттеринин ири илимий
ачылыштары менен мактана
албайт. Коомчулук болсо
таңгактап диплом тараткан
окуу жайлардан тиш чукугуч
чыгарганга жараган бир
адистин чыкпай жатканын
сынга алууда.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#351 Пользователь офлайн   medina.   17 Февраль 2016 - 00:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Ушул айдын башында
Нарын облусунда 14
жаштагы кыз төрөп,
коомчулукта кызуу талкуу
жаратты. Саламаттык
сактоо министрлигинин
дарылоо жана алдын алуу
бөлүмүнүн башчысы Айгүл
Бообекованын билдирүүсү
боюнча, секелек кыздар
арасында кош бойлуу болуу
жана төрөө фактысы жыл
санап өсүп, өткөн 2015-
жылы алардын саны 1200гө
жеткен.
Бала туруп балалуу болууга
эмне себеп? Эртелеп эне
болуу аялдардын
саламаттыгы менен улуттун
генофондуна тескери таасир
бербейби? “Азаттыктын”
кезектеги таңкы талкуусу
мына ушул көйгөйгө
арналды.
Көйгөй боюнча Саламаттык
сактоо министрлигине
караштуу Энелерди жана
балдарды коргоо Улуттук
борборунун дарыгери Анара
Ордокова, педагог
окумуштуу, Чүй
университетинин проректору
Назгүл Мазекова жана
акыйкатчынын Талас
облусундагы өкүлү Арзыкан
Момунтаева ой бөлүштү.
“Азаттык”: Анара айым,
расмий статистика боюнча
Кыргызстанда жылына 16
жашка чыга элек жатып
төрөгөн секелек кыздардын
саны өткөн жылы 1194кө
жетиптир. Врач катары
айтсаңыз, жашы жетелек
кыздын төрөшү эненин жана
баланын ден соолугуна
кандай таасир берет?
Анара Ордокова:
Өспүрүмдөрдүн кош бойлуу
болушу боюнча Кыргызстан
алдыңкы орунда болуп
жатат. Мисалы, кош бойлуу
1000 аялдын ичинен секелек
кыздардын саны Орусияда 35,
Грузияда 55, Англияда 28,
Корея менен Сингапурда төрт
болсо Кыргызстанда 38 болуп
жатат. Буга экономиканын
таасири абдан күчтүү. Ал
эми жаш туруп бала төрөө
эненин ден соолугуна абдан
жаман таасир берет. Алар
кош бойлуу кезиндеги
талгактан, төрөттөн кийин
ден соолугун жоготушат,
психологиялык жараат да
алышат. Аборт
жасаткандардын айрымдары
да кийин төрөбөй калышат,
кан басымы жогорулап же аз
кандуу болуп, ден соолугунан
айрылышат. Мен бул жерде
бир жагдайды баса белгилеп
кетейин, бул кыздар
сексуалдык зордук-
зомбулуктун курмандыгы
болуп жатышат.
Миграциянын айынан
туугандарына калтырган
кыздарды таекелери,
туугандары зордуктап коюп,
кош бойлуу болуп келишет.
Анан педофилияга каршы
жазаны катуулатуу керек
болуп калды. Наристелер
зордукталган учурлар абдан
көп.
“Азаттык”: Назгүл айым, сиз
педагог катары аялдардын,
анын ичинде кыздардын
көйгөйлөрүн иликтеп жүргөн
адамсыз. Өспүрүм кыздардын
эртелеп эне болуусуна, жашы
жете элек кыздардын
турмушка чыгуусуна башкы
себеп эмне? Экономикалык
абалдын таасири күчпү же
билимсиздик башкы
себеппи?
Назгүл Мазекова: Мурда
секелек кыздардын эрмеги
куурчакка көйнөк тигүү
болсо, азыркылардын эрмеги
бала кучактоо болуп калды.
Мунун эң негизги себеби
социалдык абалга
байланыштуу. Өткөөл
курактагы 12-16 жаштагы
кыздардын көбүнүн ата-
энелери мигрант болуп
кетип, калыптануу учурунда
жанында жок болуп
жатышат. Ал эми
билимсиздик дегенге
кошулбайм. Анткени,
мектепте боз үйдө, чатырда
же шарты бар мектепте
окутуп жатышса да тарбия
берилүүдө. Бирок мектептен
тышкаркы мезгилде бала
ата-эненин көзөмөлүндө
болбой, көчөнүн таасиринде
калды. Мектептен кийинки
тарбияны бала көчөдөн алып
жатат. Постсоветтик
өлкөлөрдө, анын ичинде
Кыргызстанда мурдагыдай
идеология жок болгондуктан
боштук пайда болду. Ошол
боштукту батыштын жашоо
образы, интернет, дин жана
башка күчтөр ээлеп, бала
ошол таасирдин негизинде
тарбияны сырттан көбүрөөк
алып жатат.
“Азаттык”: Арзыкан айым,
сиз элеттеги аялдардын
турмушуна көз салып келе
жаткан адам катары
айтсаңыз, Кыргызстанда 12
жаштан 17 жашка чейинки
кыздар арасында жылына
1200 аборт жасатышат экен.
2011-жылы 1 214 баланы
15-17 жаштагы энелер
төрөшүптүр жана алардын
дээрлик бардыгынын күйөөсү
жок экен. Мындай
көрүнүштөр эмне себептен
көбөйүп жатат? Элет
жеринде мындай
көрүнүштөргө мамиле
кандай? Кадимки көрүнүшкө
айланып бара жаткан жери
жокпу?
Арзыкан Момунтаева: Бул
жерде ата-эненин күнөөсү
көп. Балдарды көзөмөлгө
албай жатабыз. Анан
жогоруда мугалимдин мектеп
иш жүргүзүп жатат, деген
оюна кошулбайм. Мектептер
балдарды келечекке
умтулткан тарбия берген
жери жок. Мисалы, Таласта
9-класстан кийин кыздардын
көбү окубай эле калышты.
Алардын турмушка даярдыгы
жок, эч нерсеге
кызыгышпайт. Андан
тышкары социалдык
тармактардын түрдүү
бутагына кирип алышып,
Фейсбук, Твиттерден ар
кандай оюн-зоокторду
көрүшүп, ар кандай жигиттер
менен таанышып, убактылуу
кызыкчылыктарга берилип
кетишти.
Угармандын пикири: Мен
Жумабаев Үсөнбек, Баткенден
чалып жатам. Бул абдан
маанилүү тема. Биздин
аялдар никесиз төрөгөн
жагынан КМШда чемпион
болушту. Алар кантип
балдарды тарбиялашсын?
Аялдар митингге чыгып, жол
тосушуп, акчага сатылып
кетишти. Булар эркиндиктен
пайдаланып бузулуп
баратышат, эркектерибиз
бош болуп, аялдарыбызды
башкара албай калдык.
Арзыкан Момунтаева: Бул
кишинин айтканына мен
каршымын. Аялдарды
күнөөлөп коюш өтө оңой. Үй-
бүлөнү кармаш атанын
колунда, ата - мекен болушу
керек. Эркектер ата катары
аялын, кызын багып,
тарбиялап, эркектин ролун
чындап аткарышса, балким
аялдар мындай жолго
барышмак эмес.
“Азаттык”: Назгүл айым,
кийинки кезде жашы жете
элек кыздарын эртелеп
күйөөгө берүү күч алды. Нике
кыйдырып коюп эле ошону
менен балдарынын бактысын
тилеп отурган ата-энелер
көбөйдү. Буга эмне себеп?
Эмне үчүн ата-энелер
кыздарын эртелеп
балалыктан айрып
жатышат?
Назгүл Мазекова: Бул деле
мамлекеттик идеологиянын
жоктугунан болууда. Ата-эне
материалдык жүктөн
арылгысы келип жатат.
Айрым мектеп окуучулары
арасында азыр эртелеп
үйлөнүп алуу, келин болуп,
окууга жоолук салынып
келүү модага айланып
баратыптыр. Бул ата-эненин
“Ашка жүк, башка күчтөн”
эртелеп арылуу жана бала
тарбиялоо милдетинен
кутулуу аракети, демек
социалдык абал-каражаттын
жетишсиздиги, жумушсуздук
түрткү берип жатат деген
ойдомун.
“Азаттык”: Арзыкан айым,
айрым укук коргоочулар бул
көйгөйгө коомчулуктун
көңүлүн буруп, чара көрүү
үчүн Үй-бүлө кодексине жана
башка тиешелүү
мыйзамдарга “балдардын
никеси” деген түшүнүктү
киргизүү керек деп жатышат.
Мындай кадам зарылбы? Ал
жоопкерчиликти көтөрө
алабы?
Арзыкан Момунтаева:
Менимче, анын кереги жок.
Себеби, жашы жетпеген бала
баары бир турмушка даяр
болбойт. Бул жерде ата-эне
жаманатты болгучакты
кызыбыз барар жерине
эртерээк барсын деп
чочулашы башкы себеп деп
ойлойм. Мисалы, Түркиянын
Себат мектебинде окуган
кыздардын эрте турмушка
чыкканын жана ажырашып
кеткенин көрө элекмин.
Демек, бизде билим берүү
абдан катуу аксап жатат.
Билимсиз, түркөй адам
бардык нерсеге барат,
караңгылык деген эң жаман
нерсе да! Ата-эне, мектеп,
коом келечектеги энелерге,
аталарга жеткиликтүү
тарбия бербегендиктен
ушундай абалга жеттик.
Угармандын пикири: Бул
абдан көйгөй кескен маселе.
Азыр ата-энелердин
жоопкерчилиги такыр
жоголду. Айрыкча,
аталардын жоопкерчилигин
көтөрүү керек болуп калды.
Эне намыстанып, бала-
чакасын багайын деп
мигрант болуп кетип
жатышат. Аталар болсо
балдарын тарбиялабай ичип
же башка аял алып кетип,
балдар таптакыр кароосуз
калып жатат. Ошон үчүн
аталардын жоопкерчилигин
көтөргөн мыйзамды кабыл
алуу зарыл.
“Азаттык”: Жашырганда
эмне, чын эле азыр кыргыз
коомунда атанын
жоопкерчилиги, намысы
төмөндөп кетти. Кызды
сыйлоо мындай турсун, ата
болорун билгенден кийин
дайынсыз жоголуп, атасыз
өскөн балдар аз эмес.
Атанын жоопкерчилигин
көбөйтүү үчүн алименттен
кесүүдөн тышкары башка
мыйзамдык чара зарылбы?
Арзыкан Момунтаева: Бул
мамлекеттик деңгээлде
чечиле турган маселе.
Атадан тарбия көрбөгөн
балдар кандай гана
жоруктарга барып жатышат?
Балдарыбыз ушундай абалда
калса биздин келечегибизди
ким ойлойт? Ошон үчүн
аталардын ролун же
жоопкерчилигин күчөткөн
өзгөчө статус бериш керек
болуп калды окшойт.
Ошондо улуттун рухий
саламаттыгы оңолор деп
үмүттөнөм.
“Азаттык”: Коомдогу, үй-
бүлөдөгү зордук да секелек
кыздардын эртелеп
төрөшүнүн бир себеби, деп
бейөкмөт уюмдар коңгуроо
кагып жатышат. Буга өгөй
атасы, туугандары,
классташтары зордуктаган
кыздардын айласыздан
төрөшү мисал. Бирок,
мындай көрүнүшкө
“Жабылуу аяк жабылуу
бойдон калсын” деген тартип
коргоо органдарынын, үй-
бүлө, жаштар жана аялдар
маселеси боюнча иштеген
аткаминерлердин
кайдыгерлиги көбөйтүп
жатат деген пикирге
келишкен. Абалды
жакшыртуу үчүн эмне кылуу
керек же атайын
мамлекеттик мекеме
керекпи?
Арзыкан Момунтаева: Ооба,
мамлекет бул жагдайды
колго алышы керек. Анан
нике кыюудан мурун расмий
никеге тургузуу зарыл.
Себеби, молдо оомийин
дегенден кийин баласын
кучактап, эч кимге батпай
мүлксүз көчөдө калган
келиндер абдан көбөйдү.
Назгүл Мазекова: Бул
көйгөйдү мамлекеттик
идеология менен катуу
тартипке салуу зарыл.
Антпесек, мамлекетибиздин
келечегине коопсуздук
жаралат.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#352 Пользователь офлайн   medina.   17 Февраль 2016 - 01:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Өзбекстан президенти
Ислам Каримов өткөн чакка
кайрылып, СССР пионерлер
менен комсомолдордон
лидерлерди таптабай эле
саткынчылыкка ыктаган
адамдарды тарбиялаган деп
айыптады.
Президент Ислам Каримов
СССРди сынга алган пикирин
11-февралда Өзбекстандын
балдар спортун өнүктүрүү
Фондунун камкордук
кеңешинин жыйынында
айтты:
- Советтик режим
пионерлердин жана
комсомолдордун мыйзам
эрежелери менен баарынын
башын айландырган.
Комсомолдон эч качан, эч
кандай лидер чыккан эмес.
Ошолордун ичинен азыркы
биздин талапка жооп берген
балдар болгон жок. Ал
уюмдар көбүнесе
саткынчылыкка даяр турган
адамдарды тарбиялаган.
Ошол эле учурда Каримов
убагында өзү да кызыл жагоо
тагынып пионер болгонун,
кийин Лениндин сүрөтү
чапталган кызыл жылдызча
тагынып комсомолго өткөнүн
белгилей кетүү керек. Ал эми
коммунисттик партияга мүчө
болгондо ошол эле советтик
жол башчы Лениндин сүрөтү
чапталган башкаруучу
партия КПССтин билетин
алганын өзү да тана албас.
СССРди сындаган сөзүнө улай
президент Каримов
Өзбекстан келечекте жаңы
замандын жүгүн тартып кете
алчу кандай лидерлерди
таптап жатканын ачык
айткан жок.
Тек гана басып өткөн жолуна
эми эч качан кайрылбасын
айтып, Өзбекстан азыркы
жолунан тайбайт деген кош
маанилүү ой менен сөзүн
улады:
- Жок, коркпогула, эми
Өзбекстанда заман
өзгөрүлбөйт. Аягына чейин
ушундай доор болот. Минтип
айтууга менде 100, 120, 200
пайыз укук бар. Ошондой эле
өткөн заман эч качан
кайтып келбесин билип
койгула. Ал көпүрөдөн биз
эбак өткөнбүз жан ал
көпүрөлөр өрттөлүп,
жоголгон. Эми алга гана
карайбыз. Ката кетирсек да
артка жол жок , - деди
Каримов шатыраган кол
чабууларга аралаш.
Камкордук кеңештеги сөзүнө
караганда, өлкө башчысы
социалдык тармактардын
өзбекстандыктар арасына
кенен тараганына кабатыр
болгондой. Интернетти
чектей албайбыз дегени
менен, ал жаштарды
жакшылыкка алып келбейт
деген пикирин кошумчалады:
- Бу интернеттин пайдасы
өтө көп. Аны чектөө
акылсыздыкка жатат.
Интернеттин чек арасын
аныктай албайбыз. Бирок бул
соцтармактардагы
Твиттери болобу,
башкасыбы, кандайдыр бир
балээ экен, аларды
токтотконго болбойт
турбайбы. Балдар өздөрү
гана акты карадан ажырата
билиши керек экен. Башка
жол жок.
Акыркы убактарда өзбек
мамлекет башчысы
чуулгандуу, бирок, элдин
чыныгы көйгөйлөрүнө
түздөн-түз тиешеси жок
билдирүүлөрдү айтып келет.
Мисалы, февралдын башында
Ташкент эл депутаттарынын
Кеңешиндеги экономикалык
жыйында сүйлөп жатып эле
капыстан кумсаларга сын
тагып, аларды психикалык
жактан оорулуу адамдар деп
атаган эле.
Интернеттеги талкууда
айрым өзбекстандыктар
Каримовдун билдирүүлөрү
элди чыныгы көйгөйлөрдөн
алаксытуу деп чыгышкан.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#353 Пользователь офлайн   medina.   17 Февраль 2016 - 11:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Бүткүл дүйнөлүк экинчи
“Көчмөндөр оюндарын”
өткөрүүгө Кыргызстандагы
коммерциялык банктар жана
ири ишканалар акча бөлөт.
Бул боюнча президенттик
аппараттан тийиштүү каттар
жөнөтүлгөнү маалымдалды.
Демилге “Көчмөндөр
оюндарын” уюштуруу
катчылыгына таандык. Аны
президенттик аппарат
колдоп, мындай практика
башка өлкөлөрдө да бар
экенин мамлекет башчынын
басма сөз кызматынан
“Азаттыкка” билдиришти.
Маалыматта айтылгандай,
2014-жылы биринчи Бүткүл
дүйнөлүк “Көчмөндөр
оюндары” ийгиликтүү өткөн
соң бизнес өкүлдөрү, анын
ичинде коммерциялык
банктар иш-чаранын
кийинки уюштурулушун
колдоого кызыкдарлыгын
бийликке билдиришкен. Азыр
бул жаатта көз карандысыз
маркетологдор иштеп жатат.
“Көчмөндөр оюндарынын”
экинчиси быйыл күзүндө
Ысык-Көл облусундагы
Бактуу-Долоноту
айылындагы ат майданда
өтөт. Өкмөт бул үчүн
тийиштүү каражат
бюджеттен бөлүнөрүн мурда
кабарлаган болчу.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#354 Пользователь офлайн   Shanson   18 Февраль 2016 - 00:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Турсунбек Акундун 2013-жылы жардырам деген бомбасы эми жарылды окшойт ))

Сүрөт
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#355 Пользователь офлайн   medina.   18 Февраль 2016 - 22:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кыргыз улуттук
университетинин
жетекчилиги окуу акысынан
түшкөн 10 миллион сомго
чукул акчаны айлантып,
каржылык мыйзам бузганы
аныкталган.
Бул кыңыр ишти жабуу үчүн
окуу жайдын проректору
Нурзак Асанбеков менен
башкы эсепчи Ольга
Бондарчук 100 миң сом
акчаны пара катары
көрсөтүлгөн банк эсебине
которгону үчүн камакка
алынды. Университеттин
ректору Чынара Адамкулова
бул окуяга өкүнүчүн айтып,
кылмышка шектелген
аталган кызмат адамдары
жумуштан убактылуу
четтетилгенин жарыялады.
Адистер параны банк
аркылуу которууну сейрек
кездешчү практика катары
атап, мында милиция
аларды пара берүүгө түрткөн
жагдай болушу мүмкүн деп
шек санашууда.
Пара берүүнүн “жаңы
технологиясы”
Бишкек милициясынын
бешинчи башкармалыгы
Ленин райондук
прокуратурасы менен
биргеликте улуттук
университеттин проректору
Нурзак Асанбеков менен
башкы эсепчи Ольга
Бондарчукту 15-февралда
кармап, камакка алды. Буга
алардын окуу жайдын
каржылык ишмердигин
текшерген милиция
кызматкерлерине ири
өлчөмдө пара сунуштаганы
негиз болду. Анткени ага
чейинки текшерүү учурунда
окуу жайдын казынасынан
ири өлчөмдөгү акчанын
жетишпестиги чыккан.
Бишкек шаардык ички иштер
башкармалыгынын
маалымат кызматынын
жетекчиси Олжобай
Казыбаев каржылык мыйзам
бузууну жабуу үчүн пара
сунуштаган жагдайды айтып
берди:
- Окуу жайдын казынасына
бир айда эле контрактан 10
миллион сомго жакын акча
түшөт экен. Мына ошол
акчаны айлантып,
коммерция кылып
жүрүшкөнү аныкталып
калган. Анан ошол фактыга
“көз жуумп койгула” деген
негизде ооз басырык
иретинде 100 миң сом
сунушташкан. Аны кантип
бересиңер дегенде “банк
эсебиңерди көргөзгүлө, ошол
жакка которуп койобуз”
дешкен. Ушундай жол менен
банк эсебине которгон учурда
кармалып отурушат.
Катардагы эсепчилерден
баштап ректорго чейин кечээ
суралып, бардыгы
көздөштүрүлдү.
"Бул ишти ректор билген
эмес"
Бул окуяга байланыштуу
Кыргыз улуттук
университетинин ректору
Чынара Адамкулова эмгек
жамаатын атайын жыйынга
чакырып, расмий билдирүү
жасады.
Окуу жайдын акчасын
коммерциялык максатка
колдонуу фактысы тууралуу
ректордун өзү менен
байланышып, комментарий
алууга мүмкүн болгон жок.
Кыргыз улуттук
университетинин маалымат
катчысы Жээнбек Эралиев
каржылык документтерге кол
койуу укугу проректор менен
башкы эсепчиде болгонун
айтты:
- Улуттук университеттин
ректору Чынара Адамкулова
жыйын өткөрүп, болуп
өткөн окуя өтө өкүнүчүн
билдирип, укук коргоо
органдары бул иш боюнча
тергөөнү калыс жана
акыйкат алып барат деген
ишенимин айтты. Анан эми
ал жыйында миллиондогон
сом каржылык мыйзам бузуу
тууралуу сөз болгон жок.
Андай болушу дагы мүмкүн
эмес. Каржылык
документтерге биринчи кол
койуу укугу
административдик жана
чарба иштери боюнча
проректор менен башкы
эсепчиде болгон.
Капканга “илүүнүн”
кадимки усулубу?
Буга чейин Бишкек шаардык
милициясынын
экономикалык кылмыштар
менен күрөшүү боюнча
бешинчи башкармалыгы
кыргыз улуттук
университетинде кезектеги
текшерүүсүн жүргүзгөн.
Анын жүрүшүндө
студенттердин окуу
акысынан түшчү акчанын
максатсыз пайдаланылганы
боюнча факт калкып чыгып,
мындан улам кылмыш ишин
козгоого жетишерлик
материалдар топтолгону
эскертилген. Мурдагы баш
прокурор Байтемир Ибраев
кылмышка шектүүлөрдү пара
берүүгө түрткөн өнөкөт соңку
мезгилде күчөп кеткенине
мындайча токтолду:
- Милиция кылмышка шектүү
адамды пара берүүгө негиз
болчу чагымга түртпөш
керек. Өзүнүн кызматын
сунуштабаш керек. Биз эми
мына ошол пара берүү
тууралуу сунуш болгонго
чейин эки ортодо кандай
сүйлөшүүлөр болгонун
билбейбиз да. Эгерде атайын
жаздыруу ачыкка чыкканда
ким биринчи бул багытта
сөз баштады деген суроого
жооп алмакпыз. Анан эми
параны башкалардан
жашырып, банкка которду
деп жатпайбы. Аны кийин
ректор көрүп калат,
текшерүүчү органдар билип
калат деген ой болушу керек
эле да. Анан ал акча эмнеге
которулду эле деген маселе
туулат эле да. Анан ошону
проректор менен башкы
эсепчи кантип билбесин.
Анча-мынча акылы бар адам
минтип пара бербейт.
Ошол эле кезде адис-эксперт
Байтемир Ибраев из кубарлар
адатта козгой турган
кылмыш ишине далил
жетишпей калганда аны
тастыктоо үчүн пара берүүгө
түрткөн чагым уюштурууга
барышы мүмкүн экенин
белгиледи.
Анткени окуу жайдын
проректору менен башкы
эсепчи “Росинбанктагы”
университеттин эсебиндеги
акчадан милиция
кызматкерлери көрсөткөн
“Финанскредитбанктагы”
эсепке пара катары 100 миң
сом которгон.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#356 Пользователь офлайн   medina.   18 Февраль 2016 - 23:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

28 адамдын өмүрүн алган
Анкарадагы жардырууга
катыштыгы бар деген шек
менен тогуз адам
кармалды. Түркиянын
премьер-министри Ахмед
Давутоглу теракт үчүн
Сириядагы күрт
партиясынын куралдуу
кошуундарын айыптады.
28 адамдын өмүрүн алып,
60тан ашуун адам жаракат
болгон Анкарадагы
жардырууга катыштыгы бар
деген шек менен тогуз адам
кармалды. Бул тууралуу
бүгүн премьер-министр
Ахмет Давутоглу билдирди.
Ал теракт үчүн Сириядагы
күрт партиясынын куралдуу
кошуундарын айыптады.
Өкмөт башчы Ахмет
Давутоглу жардырууну
уюштурууга жана аткарууга
Сириядагы күрт
партиясынын куралдуу
кошуундарына Күрт
жумушчу партиясы
көмөктөшкөн деп эсептейт.
Давутоглу бул жардыруудан
кийин Түркиянын
союздаштары уюмга каршы
күрөштө биригет деген
ишеничте. Анын айтымында,
набыт болгон 28 адамдын
26сы аскер кызматкери
болгон.
- Биз бардык чогултулган
маалыматтарды БУУнун
Коопсуздук кеңешинин беш
мүчөсү менен бөлүшүп
турабыз. Биринчи кезекте
андай маалыматтарды
Сириядагы күрт
партиясынын кошуундарын -
ИПГны террорчул уюм деп
тааныбай жаткандарга
беребиз. Биз ар тараптуу
кызматташтыкты күтөбүз.
Калаба болгон жерге келген
Түркиядагы ири
оппозициячыл Элдик-
республикачыл партиясынын
төрага орун басары Вели
Агбаба жардыруу үчүн өкмөт
да жоопкер экенин
белгиледи:
- Окуя эң катуу кайтарыла
турган жерде болду.
Коопсуздук үчүн жоопкер
адамдар жазаланышы керек.
Биз мындай чабуулдардын
канчасын көрдүк? Эч ким
жазаланган жок. Биз өз
алсыздыгыбыз үчүн жооп
беришибиз керек, - деп
билдирди түркиялык
оппозициячыл саясатчы.
Жардырууну Кошмо Штаттар
да кескин сынга алды.
АКШнын Улуттук коопсуздук
боюнча кеңешинин өкүлү
Нед Прайс “Биздин
ишеничтүү өнөктөшүбүз
жана НАТО боюнча
союздашыбыз Түркияга биз
жөлөк-таяк болуп турабыз”
деген пикирин айтты.
Күрттөргө сокку уруу
уланды
Ал тапта Түркия Ирактын
түндүгүндөгү Күрт жумушчу
партиясынын болжолдуу
уюктарына абадан сокку
урууну улантты. Буга чейин
Түркиянын президенти Режеп
Тайип Эрдоган Анкарадагы
жардырууну
уюштургандардан сөзсүз өч
аларын эскерткен.
Күрттөр Түркиядагы 80
миллиондой калктын 20%
жакынын түзөт. Ошондой эле
күрттөр Сириянын жана
Ирактын Түркия менен чек
аралаш аймактарын да
байырлашат.
Маалыматтарда Сирияда
алардын саны 2 миллион,
Иракта 5 миллиондой күрт
бар.
Анкаранын жайкын
тургундары терактты
уюштурууга бөтөн өлкөлөр
колкабыш кылган деп
санашат. Маселен,
анкаралык Абдуррахман
Озер:
- Бул биздин мамлекетке
каршы чет өлкөлөлүк
державалардын оюну. Эч ким
кимдир бирөөнү сындай
албайт. Биз тескерсинче, эми
биригишибиз керек. Мен
аябай капамын, - деди.
Азырынча жардыруу үчүн
жоопкерчиликти эч ким
өзүнө ала элек. Ал эми
мамлекеттик "Ени Сафак"
гезити жардырууну
уюштурган жанкечти
Түркияга Сириядан качкын
катары кирген Салих Несар
аттуу жаран экенин жазды.
Анын тек-жайы бомба
коюлган унаада калган
манжаларынын издери
аркылуу аныкталган.
Анкарадагы жардыруудан
кийин
Анкарадагы
кыргызстандыктар аман-
эсен
Түркиянын борбору Анкара
шаарында консулдук
каттоодо турган
кыргызстандыктардын саны
1200дөн ашуун. Ал эми
бейрасмий маалыматтар
боюнча үч миңге чамалап
барат.
Анкарадагы жардырууда
кыргызстандыктар
жабыркаган эмес. Калаба
болгон жерден төрт-беш
чакырым аралыкта жашап,
иштеген кыргызстандык
Урият Ташматова
“Азаттыкка” катуу үн
чыкканда эле жардыруу
болду деп коркушканын
айтып берди:
- Кечке жуук болуп калган.
Үйдөгү жумуштар менен
алектенип жаткан болчубуз.
Катуу үн чыкты, эки жолу
болду окшойт. Артынан эле
жер титирегенде
тарсылдагандай бир катуу
үн келди. Ошондо эле сездик,
жардыруу болду окшойт деп.
Анткени мындай
жардыруулар мурда да
болбоду беле. Көпчүлүгү эле
жардыруу болду дешиптир.
Анкарадагы аскердик окуу
жайда окуган кыргызстандык
студенттер да аман-эсен.
Тышкы иштер
министрлигинин маалымат
департаментинин эксперти
Максат Жуманбеков
“Азаттыкка” буларды
кабарлады:
- Алдын ала маалыматтар
боюнча, 17-февралда
Анкарада болгон жардырууда
кыргыз жарандары
жабыркаган жок. Жараат
алгандар да катталган жок.
Азыр кыргыз элчилигинин,
консулдугунун
кызматкерлери түрк
бийлиги, күч кызматтары
менен байланышып, дагы
тактоо иштерин жүргүзүп
жатышат.
Швециядагы жардыруу
Ушул эле күнү Швециядагы
түрктөрдүн маданий
борборунда да жардыруу
болду. Жергиликтүү
полициянын айтымында,
окуя кечке маал
болгондуктан жабыркагандар
болгон жок. Стокгольмдун
жака белинде жайгашкан
имараттын терезелери
күбүлүп, жарымы
талкаланып бүлүндү.
Борбордун башчысы Исмаил
Зенгиндин айтымында,
бомба имараттын ичине
ыргытылган.
- Бүгүн түрк бирикмесинин
имаратына чабуул жасалды.
Бомбаны ким ыргытканы
азырынча белгисиз. Ар
кандай божомолдор
айтылууда. Имараттын
басымдуу бөлүгү жабыркады,
- деп билдирди Зенгин мырза.
Соңку жарым жылдын
ичинде Түркияда бир нече
ири теракттар уюштурулду.
Өткөн жылдын октябрь
айында күрттөрдүн тынч
жүрүшү маалында болгон
жанкечтилердин кош
жардыруусу 100дөй адамдын
өмүрүн алган. Ал эми бир ай
мурда Стамбулдун чок
ортосунда уюштурулган
теракттан он киши каза
тапкан. Алардын көбү
германиялык туристтер
болгон. Өткөн жылы
октябрда Анкарада болгон
дагы бир кош жардыруудан
кеминде 95 киши мерт болуп,
186 адам жараат алган эле.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#357 Пользователь офлайн   medina.   19 Февраль 2016 - 18:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Бишкек шаардык
кеңешиндеги фракциялардын
баары Албек Ибраимовдун
талапкерлигин колдошту.
27-февралда Бишкекте мэр
шайлоо өтөт. Ибраимовду
кечээ КСДП фракциясы
көрсөткөн. Андан башка
фракциялар эч кимди
сунуштаган жок.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#358 Пользователь офлайн   medina.   19 Февраль 2016 - 23:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Алты жыл илгери
кармалган 51 жаштагы
Светлана Кулбаевага 4-
февралда Кытайдын Үрүмчү
шаарында уу ийне сайылып,
өлүм жазасы ишке
ашырылды. Кыргыз келин
кытайдын жөн-жай
товарларын ташыгандарды
пайдаланган кылмыштуу
топтордун курмандыгы
болуп калды.
"Дело №..." гезитинин
маалымдашынча, Светлана
Кулбаева 1964-жылы
төрөлгөн, Кыргызстанга
Кытайдан кийим-кечек
ташып жүргөн.
Ош-Үрүмчү аба каттамы
Светлана эки өлкө ортосунда
эч кандай тоскоолдуксуз эле
каттап жүргөн. 2010-жылдын
ноябрында кытайдын
Гуанчжоу шаарына
аялдардын кол баштыгын
алып барган. Бирок Үрүмчү
абамайданынын бажы
текшерүүсүндө кармалып
калган.
Гезиттин ырасташынча,
аялдардын баштыгын
текшерүү учурунда
кичинекей пакеттерге
салынган жалпы салмагы 7
килограммдык героин
табылган. Кулбаеваны ошол
эле жерден камакка алышып,
2011- жана 2012-жылдардагы
сот аны өлүм жазасына өкүм
кылган. Маңзат сактоо жана
ташуу Кытайда эң оор
кылмыштардын катарына
кирет.
Өкүмдү аткаруу бир нече
ирет артка жылдырылган,
бирок да аягында бул ишке
соңку чекит коюлуп, 4-
февралда келинге уу ийне
сайышып өлүм жазасы
аткарылды.
- Тилекке каршы, Светлана
Кулбаевага карата
чыгарылган өкүм
аткарылды. Ушу тапта
ТИМдин Үрүмчүдөгү
консулдук кызматы менен
виза пунктунун
кызматкерлери сөөктү
Мекенине жөнөтүүгө
байланышкан
документтерди даярдап,
маселени чечүүнүн үстүндө
иштеп жатышат. Биз анын
жакындары менен такай
байланышта болуп турабыз.
Жакында мекендешибиздин
сөөгү үйүнө жеткирилет, -
деп билдирди ТИМдин өкүлү
Нурлан Сүйөркулов.
Баары жасалды
2010-2013-жылдары ТИМдин
Үрүмчүдөгү паспорт-визалык
пункттун башчысы ушу
тапта дипломатиялык
кызматтан кеткен Азат
Эркебаев болчу. Светлана
Кулбаеванын кармалышы
жана соттолушу анын
Үрүмчүдө иштеген кезине
туура келет.
Бул иштин чоо-жайын
тактоо максатында
"Азаттык" Азат Эркебаевге
кайрылды. Мурдагы
дипломаттын ырасташынча,
мекендешибиз алданып
калган, ал жүктөрүнүн
арасына маңзаттары
катылганын өзү билген да
эмес:
- Үрүмчүдөгү ТИМдин виза
пунктунун кызматкерлери
мурда деле азыр деле
консулдук ыйгарым
укуктарга ээ эмес, бирок биз
аны менен жолугушууга
жетиштик. Мен Кулбаева
СИЗОдо жатканда баргам,
кандай шартта кармалып
турганын, жагдайын көргөм,
кеп-кеңеш бергем. Биринчи
сотто өлүм жазасы боюнча
өкүм чыккандан кийин
апелляциялык арыз берүүнү
айткам.
Аны алдап кетишкени
билинип эле турат, жүк
жеткиргич катары
пайдаланышкан, ташып
бараткан буюмдарынын
арасына маңзаттарын салып
коюшканын өзү да билген
эмес. Тергөөнүн мына ушул
жүктө маңзатын алып
келгени тууралуу тана алгыс
далилдери бар болчу. Ал
героин катылган жүк өзүнө
таандык экенин айтып,
кармалгандан кийин
тергөөчүлөр менен
болушунча кызматташты.
Тилекке каршы, Кытайдын
мыйзамдары аябай катаал -
50 граммдан ашкан
маңзатты сактоо же ташуу
үч өлүм жазасы берилет.
Кулбаева бир нече килограмм
таптаза героин алып келип
атпайбы.
Азат Эркебаев
Азат Эркебаев
кошмчалагандай,
Кыргызстандын Тышкы
иштер министрлиги бир нече
ирет кытай тарапка өкүмдү
жумшартуу өтүнүчү менен
кайрылган. Атүгүл президент
Алмазбек Атамбаев кытай
лидери Си Цзинпинге
ушундай эле өтүнүчтү
билдирген. Бирок кытай
тарап булардын баарын
жоопсуз калтырды.
- Биздин укук коргоо
органдарыбыз
маңзаттарынын кантип
ташылышынын схемасын
иликтеп чыгышы керек болчу.
Бул Кулбаеванын ишине
жардам кылып, өкүмдү
жумшартууга мүмкүнчүлүк
бермек. Кыязы, бул ишти
аягына чыгара алышкан эмес
окшойт. Кандайынан
келгенде да, акыркы чечимди
кытай тарап алмак, - дейт
визалык пункттун мурдагы
башчысы.
Эркебаев ырастагандай,
Светлана Кулбаева менен
аңгемелешүү учурунда аны
Бишкектеги кеңселердин
бириндеги белгисиз жаш кыз
жүк жеткиргич кылып
алганын билдирген. Кытайга
бир нече каттамдар эч
кандай тоскоолдугу жок,
шек-шыбаасыз өткөн.
Эл аралык баңги төбөлдөрү
"Дело №..." гезитиндеги
материалга караганда, ошол
"белгисиз жаш кыз" мындан
аз илгери атайын кызматтын
өкүлдөрү тарабынан
кармалган. Ал кыз ушундай
эле жол менен биртоп жүк
жеткиргичтерди жалдаган,
алар аркылуу Кытайга жүк
жөнөткөнү белгилүү болгон.
Светлана Кулбаева
кармалганга чейин ошол жүк
ташуучулар жеткирчү
жашыруун жүктүн ичинде
эмне барын "белгисиз жаш
кыз" деле билген эмес. Бирок
ал бул иштен баш тарта
алган эмес. Себеп дегенде, ал
жүктү Кытайдан тосуп
алчулардан оңой эмес акча
алып турган. Атайын
кызматтардын анын
катышуусу менен жүктү
алуучуларды кармоо
операциясы оңунан чыкпай
калганына карабай, тергөө
менен жакшы
кызматташканы үчүн кыз
кылмыш жоопкерчилигинен
бошотулуп, боштондукка
чыгарылган.
Улуттук коопсуздук
мамлекеттик комитетиндеги
(УКМК) булактарга таянып,
"Дело №..." гезити Кытайга
маңзаттарын Нигериядан
келген наркотоп жөнөтүп
турганын кабарлады.
Кылмышкерлер товарлар
менен жүктөрдү ташып
келүүчүлөрдү жалдап,
буюмдардын арасына
маңзаттарын катып
коюшкан. Жүк ташуучулар
эмне алып баратканынан
кабарсыз, алар
наркотөбөлдөр үчүн болгону
бир пайдаланып ыргытылчу
гана "материал" болушкан.
Наркотрафикке каршы
күрөшүү боюнча
борборазиялык регионалдык
маалымат борборунун
кабарына караганда,
Светлана Кулбаева бул
топтун жападан-жалгыз
курмандыгы эмес. Андан
башка да жалданып Түштүк-
Чыгыш Азияга Орусия,
Казакстан, Кыргызстандан 20
жакын адам жөнөтүлгөн.
Алардын арасында Жибек
Сакеева менен Анастасия
Яичникованын да аты
аталат. Жибек Сакеева сегиз
килограмм маңзат менен
2010-жылы Индонезияда
кармалып, 12 жылга эркинен
ажыратылган. Бул кызды
жолдуу экен деп койсо деле
жарашат, ага да башында
өлүм жазасы буюрулуп
калышы деле мүмкүн болчу.
Анастасия Яичникова беш
килограмм героин менен
2011-жылдын мартында
"Манас" абамайданынан
Кытайга учайын деп жаткан
жеринен кармалган. Ал 16
жылга эркинен ажыратылып,
Кыргызстандын абагында
отурат.
Борбор Азия регионалдык
баңгиликке каршы күрөшүү
борбору менен
Кыргызстандын УКМКсынын
маалыматтарында бул
иштерди жасап жаткан
нигериялык Околи Паулинус
Набуке экени аныкталган. Ал
жүктү жеткирип берчүлөрдү
таап, аларды жалдап,
жүктөрдү кабыл алып,
жөнөтүп турган.
Ага каршы жана белгилүү
болгон кылмыштуу топторго
ачылган кылмыш иштери
УКМКдан Баңгизаттарын
көзөмөлдөө боюнча
мамлекеттик кызматка
(БКМК) өткөрүлүп берилген.
Баңгизаттарын көзөмөлдөө
мамкызматынан
"Азаттыкка"
билдиришкендей, 2011-жылы
нигериялык наркотөбөлгө
Интерпол аркылуу эл аралык
издөө жарыяланган.
Кылмыш иш иликтенүүдө,
бирок анда азырынча
жылыш жок.
Ошол эле "Дело №..."
гезитинин ырасташынча,
наркотөбөлдөр маңзаттарын
Кыргызстан аркылуу учак
менен ташууну токтотушкан.
Жаңы жол Кыргызстандан
Алматыга чейин автоунаа
аркылуу ташылып андан ары
Кытайга учак менен
жөнөтүлөт. Азыр кандай жол
менен маңзатты ташып
атканы белгисиз.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#359 Пользователь офлайн   medina.   19 Февраль 2016 - 23:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Бириккен Улуттар Уюмунун
баш катчысы Пан Ги Мун
Сириядагы аскердик
аракеттердин тыйылбай,
кайра күчөшү
жаатташкандарды
элдештирип, тынч
сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү
үзгүлтүккө учуратарын
эскертти.
Ушул эле учурда Сириянын
калкы тынчтыктан сырткары
күнүмдүк муктаждыктарын
жапчу жардамга өтө муктаж.
Улуттар Уюмунун
гуманитардык жардамын
алып жаткандардын бири,
сириялык тургун Або
Мохаммед азыркы
акыбалдарын сүрөттөп
берди:
- Жашоо-шартыбыз абдан
начар. Тамак, суу тартыш.
Электр жарыгы тургай
отунубуз да жок. Дегеле
эчтемебиз калбады. Ачка
болгон адамдар бак-
дарактардын бүчүр-
жалбырактарын жегенге
өттү. Турмуш-тиричиликке
керектүү нерсенин баарына
зарбыз.
Сириянын эли азыр
тынчтыктан тышкары тамак-
аш жана күнүмдүк
тиричиликке эң керектүү
буюм-тайымга өтө муктаж.
БУУ 17-февралдан тарта
Сирияга гуманитардык
жардам ташый баштады.
Уюмдун Сирия боюнча
чабарманы Стеффан де
Мистура иштин жүрүшүнө
оң баа берди:
- Бул иш Улуттар Уюму үчүн
да, жаатташкан тараптар
үчүн да оор сыноо болду.
Биздин жардам 82 миң
кишиге жетти. Бул толук
канааттандырарлык. Эми
муну менен эле токтоп
калбай Сириядагы жардамга
муктаждардын баарына кол
сунушубуз керек.
Баарына, анын ичинде
Орусиянын аба соккусуна
кабылган Алеппого жардам
сунууга согуштук аракеттер
тоскоол болууда.
АКШ жана Орусия баштаган
Сирияны колдоо боюнча эл
аралык топ 12-февралда
Мюнхенде жетишкен
келишимге ылайык, бүгүн,
19-февралда Сирияда ок
атышуу токтомок.
Бирок мөөнөт бүтсө да
тынчтык орнобогонун,
Орусиянын аба күчтөрүнө
таянган Сирия өкмөтү
оппозиция ээлигиндеги
Алеппону дале камалап
жатканын Пан Ги Мун
эскертти.
Ошондой эле Түркия да чек
арасына жакын жердеги
сириялык күчтөргө сокку
урууну улантарын айтып,
буга башка да өлкөлөрдү
кошулууга үндөп келет.
Сауд Арабиясы чакырыкты
кабыл алып, колдой
турганын билдирип жатат.
17-февралдагы Анкарадагы
жардыруудан кийин Түркия
Сириядагы күрттөрдү
аткылаган эле.
Мына ушундан кийин Пан Ги
Мун эл аралык коомчулук
алдында эки ачык жол
турганын кайрылуу катында
жазган.
“Бири - Мюнхен келишимин
аткарып, согушту токтотуп,
аймакка гуманитардык
жардам киргизилишине,
терроризм менен күрөшүүгө
жол ачат. Экинчиси - 250
миңден ашуун кишинин
өмүрүн алган Сирия согушу
дагы уланып, заманыбыздагы
эң ири кризисти тереңдете
берүүгө, “Ислам мамлекети”
жана “Ан-Нусра”
экстремисттик топторунун
көз жазгырып кетишине
шарт түзөт", - делет катта.
Бул арада Женевада Орусия
менен АКШнын аскер
өкүлдөрү Сириядагы
тараптарды жараштыруу
боюнча сүйлөшүү
өткөрүшкөнү маалым болду.
Бул жолугушуу тууралуу
мурда маалымдалган эмес.
Reuters агенттигинин
дипломатиялык чөйрөгө
таянып маалымдашынча,
тараптар Москва менен
Вашингтондун позициясын
жакындатууну талкуулашты.
БУУ дагы сириядагыларды
элдештирүүнү бардык
тараптар менен
масилеттешери да
кабарланууда.
Ошондой эле, Сирия боюнча
Улуттар Уюмунун жыйыны
жума күнү кечки убакка
белгиленген.
Согушту токтотуу үчүн
сүйлөшүүлөрдүн акыркы
раунду 25-февралда өтүшү
керек.
Бирок БУУнун сүйлөшүүлөр
уланышы үчүн 17 өлкөдөн
Сирияны колдоо боюнча эл
аралык топ “ак ниеттикти
көрсөтүп, туруктуу колдоону
улантышы керектигин”
белгилейт.
Туруктуу колдоонун ичинде
гуманитардык жүк
жеткирүүгө жардам көрсөтүү
да бар. БУУнун эсебинде
учурда аймактагы 13,5
миллион адам гуманитардык
жардамга муктаж. Анын 4,6
миллиону жетүүгө татаал
аймактарда.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#360 Пользователь офлайн   medina.   21 Февраль 2016 - 23:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Бир үйдүн тиричилиги
башына түшкөн 13 жашар
Айчүрөк эки жарым жылдан
бери базарда желим баштык
терип, майып энесин жана
инисин багып келет.
Айчүрөк Сулайманова
Бишкек шаарындагы
мектептердин биринде 7-
класста окуйт. Ал эки жарым
жылдан бери Ош базарында
желим баштык чогултуп
акча табат.
Айчүрөк буттары баспай
калган майып апасы, 10
жаштагы иниси болуп
базарга жакын жерде -
мурдагы “Фрунзе” заводунун
жатаканасында бир бөлмөдө
турушат экен. Алар эч
кандай шарты жок бул
жертөлөдөй болгон бөлмө
үчүн 6 миң сом төлөшөт.
Эскилиги жетип, тамтыгы
чыккан бул жатакана эчак
менчиктештирилип кеткен.
Айчүрөк мектептен келер
замат, түшкү саат бирлерде
жумушуна жөнөйт. Антпесе
базардагы башка балдар-
кыздардан желим баштык
артпай калышы ыктымал.
Жалгыз иштегенден
кооптонобу, айтор дос кызы
менен чогуу иштейт.
Айчүрөк жана анын
досунун бир күндүк
жашоосу тууралуу баянды
толугу менен бул жерден
уга аласыз.
Турмуш
түйшүгүнө эрте
аралашкан
Айчүрөк (15:46)
Алар түш мезгилинен
баштап каш карайганга
чейин желим баштык,
таңгактарды чогултушат.
Ара чолодо бирден пирожки
жеп, анча-мынча керектүү
буюм караган кыздар он
килограммга чейин баштык
чогултканга үлгүрүшөт.
“Азаттык”: Иштеп тапкан
акчаңды эмнелерге
жумшайсың?
Айчүрөк: Үйгө... Нанга, азык-
түлүккө. Кечээ эки эже
подъездди ремонттоп
жатышкан экен, ошолорго
тапкан акчамдан 100 сом
беришим керек эле. Бүгүн
болсо 150 сом бересиң дешет.
Апама айтсам берип кой
деди эле берип койдум.
Ошондо эки күндүк акча
ошол ремонтко кетип калды
да. Кечээ үйгө нан алынбай
калды...
Айчүрөк жок мезгилде апасы
эптеп кечки тамакка кам
көрүп, даярдык көрөт.
“Азаттык” : Дары-дармекке
да акча коротосуңбу?
Айчүрөк: Ооба. Апамдын
дарысы түгөнгөндө алып
берем, калганы баары эле
нан, азык-түлүккө кетет.
“Азаттык” : Айтмакчы, үйгө
азык оокаттын баарын сен
кыласың да?
Айчүрөк: Ооба.
“Азаттык” : Демек үйдө
негизги эле акча таба турган
адам сен болуп калыптырсың
да?
Айчүрөк: Ооба.
“Азаттык” : Азыр 7-класста
окусаң, келечектеги
кесибиңди тандадыңбы?
Дегеле кайсыл кесиптин ээси
болгуң келет?
Айчүрөк: Башта дарыгер
болгум келчү. Азыр ойлонуп
калдым. Себеби көп сабак
окуш керек экен. Апам
ашпозчу бол дейт. 9-классты
бүтсөм ашпозчулукка окуйм
го. Анан бийлегенди жакшы
көрөм. Үйдө олтурганда ар
кайсы кесипти ойлоп
кыялдана берем.
“Азаттык” : Ашпозчу болгуң
келсе анда азыртан тарта эле
тамак даярдоону үйрөнө
беришиң керек го. Сен кайсы
тамактарды жасай аласың?
Айчүрөк: Картошка кууруйм,
шорпо, тоок бышыра алам.
Анан күрүч баса алам.
Манты жасайм. Оромо.
“Азаттык” : Айчүрөк, сен
мектептен келип эле базарда
иштесең, ийримге барсаң,
апаңа жана иниңе жардам
берсең, сабакка даярданганга
убактың жетеби?
Айчүрөк: Тапшырма жазбай
калып, "2" алган күндөрүм
көп эле болот.
“Азаттык” : Мектепте
досторуң барбы?
Айчүрөк: Эки досум бар.
Алар да мага окшоп базарда
иштешет. Бирөө цехте кийим
тигет. Бирөө соодага чыгат.
Ошол үчөөбүз жүрөбүз.
Башка кыздар кошпойт да
бизди.
“Азаттык” : Эмнеге?!
Айчүрөк: Силер базарда
иштейсиңер. Подвалдарда
жашайсыңар деп айтышат.
Алар бай кыздар да. Алардын
үйлөрү сонун. Кээ биринин
үйүндө атайын үй жыйнаган
кызматчылары, өздөрүнүн
жеке бөлмөлөрү бар. Биз ал
кыздардан ылдый турабыз
да...
“Азаттык” : Мектепте дагы
кандай проблемалар бар?
Айчүрөк: Окуу башталганда
жаңы мектеп формасы деп
2000 сом чогултуп бердик.
Андан сырткары ремонтко
деп, пол жууган эжелерге деп
50 сомдон жыйып беребиз.
Анан эжейлердин майрамы,
карылардын майрамы деп
майрамдарда акча
чогултулат. Ушулар да
кыйнап коет...
P.S. Айчүрөккө, дегеле бул
үй-бүлөгө жардам берүүнү
кааалгандар 0703685448
телефонуна байланышса
болот. Бул Айчүрөктүн
апасы Ырыскан
Сулайманованын телефон
номери.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 01:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: