Жайдын кундору эле, кызарып кун батып баратат. Моорогон торпоктор, женелеримдин бири уй саап, экинчиси тандырга наны жаап, тамагын кошо кылып очок башында. Шалдая чарчап , орок чалгысын которгон агаларым келишти чоптон. Ызылдап-чурулдаган биз, чон атамдын неберелери. Каникулдап шаардан келишкен, дегеле бир корообуз.
Женелерим чондорго башка, жаш-балдарга башка орундук даярдашып, кечки дасторконун жайнатышты. .....
Откон кеткенди эстеп, адатынча чон атам дагы бир маегин баштады. Андай нерсени укканда онкомон тушкон жаным, кулак туро аларга жакын келип, сооруго ээктей жармаша жайланышып алдым.
"Анда мен кичинекей бала кезим. Кичинекей болгонум менен оз оюмду бербеген ожор анан да зирек бала экем.
Тан суро баштаптыр. Эртен менен жулкулдата тургузуп, кийиндирип, курсагымы тойгузуп, эки агам менен мени апам чон атама кошуп жайлоого кошуп берди.
Чон атамдын ак боз аты бар эле. Алдына ат салдырбаган, оюн-зоок, шаан-шокоттордо баш байгенин ээси боло турган.
Ошентип чон атам аты менен биз учообуз эшеке алмак-салмак учкашып келаттык. Ал куну тынымсыз жол журуп отурдук. Кечкисин бир жерге токтоп туноону чечтик. Жайлоого чыккан эл кечкузго чейин кыштоо деп ушул жерде мал-алы менен отурукташа турчу.
Тарс!!! этип абага атылган мылтыктын унунон козум маштай ачылды. "Атандын гору кысталак! Тукумун курут калгыр! Теринди сыйрып алсамчы, каргыш алган!" деп чон атам тилденип калды. Корсо тун ичинде койлорго карышкыр тийип, тортоо бешоону жарып кетиптир. Эртен мененкиге калтырбай аларды мууздай салып атка оноруп алдык.
Кун тободон чак тийип, тортообуз торт жактан " Айт! эле айт!" деп кыйкырып -бакырып журуп отурдук...
Койлорго дагы тийип кетпесин деп сак олтурабыз кайдан, дагы эле уйку алып кетет...
Тамагыбыз азайып, чон атамдын гана койнундагы баштыкта наны калды. Сууну бокуп ичип коюп, чарчанкы жай баракат баратабыз.
Жаш балдарбыз, агаларым менден бир азга гана улуу. Журушубуз кечтеп, эки кун журчуу жолубуз узарып эле баратты го... Козубуздон нур качып, жузубуздон ыран жоголгон.
Берекелерим аз калдык, чыдагыла деп чон атам кагылып согулуп, демибизге дем кошуп баратты.
Мына балдарым, мобул турган коктуну ашалы анан бир кардынарды тойгузам деп бизди алга карай суроду.
Жетип келдик, суйунгонубузду айтпа! мына бир тоюп алат экенбиз го деп кудундап суйунуп болбой калдык. Ушунча чыдадынар, эми ушул колотту ашып коелу менин чырактарым деп, Куураган жаныбыз дагы колотту аштык. Ошентип кокту-колотту умут менен ашып отурдук. Ичегим кабыргама жармашып, бизди ачкадан олтуром деп ойлоп атат ко сыягы чон атам деп, ал кишинин берген созуно турбагандыгы учун, алдап устубуздон кулуп келе жаткан жан алгычтай коруп, аны кектеп да жектеп да келе жаттым... Сабырым тугоду... Чый-пыйым чыгып, башка чыдабайм! Журо албайм! Олуп баратам! деп жаным козумо коруно, зар какшпа ыйлап кирдим. Агаларым болсо мени менен тук иши жок, конул бурганга чамасыда жок.Коздору уча эртерээк болжогон жерге жетип, баштыктагы нерседен жалмашса. "Эк! кызга окшоп чоектогон десе! мен буларды эр жетип жигит болуп чоноюп калышкан деп жолго алсам! Атандын гору" деп кайра мени арыма келтирди.
Тээ тиги турган эн бийик чоку ошого жетели анан кенен отуруп жейли берекелерим десе.
Дегеле ааламдын бир бурчунан экинчи бурчуна бараткандай жол арбысачы чиркин! Мына жетип келдик! чон атам ун катпайт... Бир кезде козун чылпылдата аарчып агаларымын бироосу: " Чон ата наныны качан бересин? деп акырын байкуш ун катты. Атандын оозун урайындар десе чыдамы жоктор! Ушул нан силерден айлансын деп койнундагы апам туйуп берген гулдуу баштыкты сууруп чыгып, андагы нанды терээн бир моокуму кана жыттап туруп кайра койнуна катып койсо болобу? " Ылдый тушуп, колоколоп салкыныраак суу боюна баралы анан берем деп. эми тушушту айта бер... каран кун! Кантели?...
Жарыктык! !! жайыка тушоорубуз менен катар-катар тигилген боз уйлор! алдында буусу чыгып, асылган казан. Кубангандан кыйкырып, чуу салгандын ордуна аран гана ууртубуздан жылмайып койдук...
Чон энем тапкан тутканын алдыбызга жайнатып, куйполоктоп аластап жатты... Бир кезде жамбаштай жаткан чон атам оор ушкуруно койнундагы баштыктын ичинен тебетейин сууруп чыгып отурбайбы?! Жарыктык десе!...
Жымжырт...
Созун аяктаган чон атам кен алакандарын жая, кана эмесе: "дасторкондон береке кетпей, кырманынар данга толсун! Бири- бирини сыйлап кадыр барктуу жургуло, тынччылык болсун оомийн" деп бата берген сон баары алды алдынан туруп кетип жатышты.
Чон атамдын чон атасынын акылман даанышмандыгына баа берип,жылдыздарды карап копко ойлуу жаттым...
Билдирүүнү түзөткөн: Kg kyz: 26 Июль 2009 - 23:43