Суперстан: Сопу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сопу Бердикожо Бийназаров

#21 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 11:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Шамыр бери басты да өзүнчө ойго
алаксып " бул бала чоңоюп эр
жетсе элдик эле эмес, дүйнөлүк
бала болчудай, бала болуп туруп
баарын билет экен. Кап, ушул
баланы асырап алсам мага эле эмес
үйбүлөмө, керек болсо жаамы
калмак элине жарыгы тийчүдөй.
Бирок ылгалып калса, касийети
качып кетпес бекен. Тиги Задибай
бекер айткан жок "Ылгап салгыла"
- деп. Эгер ылгалбаса кызымды
алып берип күйөө бала кылып
алсам, жок дегенде жээним тың
чыгат беле" - деп дагы ойлоду.
Ойдон күлүк эмне бар. Адам
баласынын оюна бир заматта эмне
деген гана ойлор келип кетпейт.
Ошол себептен " баарынан ой
күлүк" -деп айтылат эмеспи.
Шамыр ойго алаксып туруп бир
жолку Задибай сөз арасында
айткан сөздү эстеди.
Анда аз киши болуп түшкү наарды
сызып олтурушуп кеп кылган эле "
Кап, тиги Сарпектин уулунан бир
нерсе чыгат деген оюм бар эле,
соода жолуна түшүп, дүнүйө
кубалап калды, дүнүйө кубалаган
адамдан ынсап кетип, пейил
бузулуп, өзүмчүл мүнөз жолдон
адаштырат. Эки жолу эскерттим
болбой койду. Бул дүнүйө
пайгамбарды дагы жолдон
чыгарган. Эми менин көзүмө алиги
көрүнгөн сыр Сарпектин уулунда
жок" -деген эле. Шамырга ушул
жерден чукул ой пайда болду
"эгер уулум тиги бурутту жандаса
анын жакшы сапаты жугуп, оң
жолго түшөр" - деген. Бирок, аны
кантип үйүнө алып кала алат.
Тигинтип Илебинин дагы бул
балага карата оюу бузулуп турат.
Ким билет деп, ар нерсени ойлоп
жатып башы ооруп кеттиби,
сыртка чыга жөнөдү.
Эч билинбей дагы эки күн
кайрылгыз жакка өтүп кете берди.
Бул эми тынбай агылып өткөн
сапарынан танбаган убакыттын
мыйзамы экенин танып
болбойт.Түш ченде Сопуга жакшы
тамак беришти. Сопу эмнегедир
тамакты ичкенге дити чаппай, бир
нерсени сезгенсип, табити тартпай
араң ичти. Анткен менен тамак
абдан даамдуу эле. Чыпылдап
чекесинен чыккан терди сүртүп,
тасмалдын четине чыга берди. Аз
убакыт өтпөй эле уйкусу келип,
жаны жер тартып, көзү илине
бергенинен жатып, тез эле уктап
кетти. "Уйку жер тандабайт, күлкү
ар тандабайт" -дегендей, башы
жерге тийри менен көшүлүп
кеткенин эле күтүп турушкан
калмактар, колу жеңил элдик
дарыгерге катуу табышташты "
Жаны тирүү калсын дагы, тез
айыгып кеткендей болсун" - деп.
Дарыгер атайын Үрүмчүдөн
алынып келген улуту кытай
дарыгер эле. Бул дарыгердин
колунан баары келет. Атагы
чыккан, төбөсү көрүнгөн дарыгер
болгон үчүн, араң дегенде мында
алып келишкен, кадыр салып
андан дагы көп суммадагы акча
убада кылып жатышып. Уйгур
тилин жакшы билген үчүн,
тилмечи жок сүйлөшүп жатышты.
Дарыгер кеминде эки сааттай
убакыт кетирди, Сопуну ылгаганга.
Аттиң, ошол кезде калмактын
сынчыларынын көзү түшкөн
кыргыздын келечекте жарык
дүйнөгө келе турган уулунун жолу
буулганын танып болбойт эле.
Айла жок, бири кем дүнүйө деген
ушул эмеспи. Жок эле дегенде
Сопуну алиги көзү көрөгөч
Сабитахун көрбөй койсо эмине.
Анда кыргыздын бир чыгаан уулу
минтип бир мүчөөсүнөн айрылбайт
эле да. Аны эми миң айтсак дагы
кайрылып келбеген иш.
Сопуга уйкунун дарысы таасир
берип, уктап жатып түш көрдү.
Түшүндө бир кара ниет киши
келип ичин тилип, денесинен
абдан ыйык нерсени алып
жатканда, ал ыйык нерсени
бербегенге канчалык аракет кылса
дагы болбой, күч менен алып
салды. Аны алганда денеси бошоп,
шалдырап эле туруп ээн талаада
тургансып ээси ооп калды. Канча
жатканын билбейт. Уйкудан
ойгонсо, алаасы ооруп жаны
көзүнө көрүндү. Эч сөз жок эле
калмактардын эмне иш кылганын
билип, көзүнө келген жашты
сүрткөнгө алы келбей, ичинен
сызды. "Ушундай дагы адамдын
колунан, айбан жасабаган
мыкаачылык иш келет экен" -деп
сызып, көзүнөн аккан жаш
жаздыгын жууп, жарык дүйнөгө
жаралып калганына өкүнүп турду.
Колу менен акырын сыйпалап
жумурткасын издеди. Бирок
таңылуу болгон үчүн аны так биле
алган жок. Көзүн ачкан бойдон эч
сөзгө келбей, каны катып суусап
турса дагы чыдап, султандык
сапаттынан жазбай мисирейди.
Калмактардын бул жоругуна
нааразы болуп, өзү жаш болсо
дагы жүрөгү менен сезди,
калмактар эмне максат менен
уурдап келгенин. Бир кезде көзгө
тааныш эмес кыргыз тилин суудай
билген аял кирди. Ал Сопуну көрүп
эле көзүнө жаш алып, аялдык
назик көз караш менен карап,
аяганын билгизип, жанына келди
да алгач эле минтип сурады:
- Кимдин айылынан келдиң эле? -
деп. Сопу жаш болсо дагы ызаага
алдырып ыйлаган жок,
кайратуулугу көзүнөн билинип,
үнүн жай чыгарып:
- Аны билбейм. Биздин
айылдагылар көбүнчө Жакшыбай
ата менен кеңешип иш кылышчу,
өзүм Эсеттин уулу болом деди. Тиги
аял Жакшыбай карыяны
тааныганын билгизип:
- Сен анда сарбагыштардын
айылынан турбайсыңбы.
Жакшыбай карыяны мен тааныйм,
уруусу азык. Ал эми сенин атаң
Эсетти билбейт экенмин. Мында
келгениме эле жыйырма жылдан
ашты. Эми эптеп жакшы болуп
кетсең болду. Коркпо, эми сага
калмактар мындан башка
жамандык кылышпайт. Сопу
шыпты карап:
- Эми менин эмнем калды. Ушундан
көрө жанымды алып салышса
болмок. Мен баарын билем жана
буга чейин эле билгем
калмактардын мага карата жаман
оюу бар экенин. Жупуну кийим
кийген тиги аялдын ысмы Толкун.
Калмактар жаш кезинде сулуу
чырайына кызыгып уурдап
келишкен. Алган күйөөсү бир топ
жыл илгери жоодон каза болуп,
кийин анын туугандары жолун
бошотуп, колу жука кишиге алып
берип коюшкан. Толкун көлдүк
Жамангулдун тукумунан, Асанкан
деген кишини кызы. Сопу менен
кеминде чай кайнам убакыт
сүйлөшүп олтуруп анан изине
түштү. Кантсе да баланы
төркүнсүнүп "кыргыз бала экен" -
дегенин угуп келген. Кыз баары
бир кайда жүрбөсүн төркүнүнө
тартат эмеспи. Толкунду көргөндө
аз да болсо баланын кабагы ачыла
түштү. Анан эмне кылат. Минтип
чоочун эл, чоочун жерде жүрсө.
Сопу үч күн төшөктөн турбай
жатты да, анан акырындык менен
баса баштады. " Көл, дайра
акканда кебелбейт, ал эми чыныгы
калыс, терең акылдуу адам, ичи
таар кишиге теңелбейт" - дегендей,
Сопу сырын ичине катып, тиги кара
санатай калмактарга теңелбей,
керек болсо аларга көңүл дагы
бурган жок. Баягы бир кат кийими
эскирип, жыртыла да баштады.
Бирок, Сопу кеч киргенде эч кимге
көрүнбөй барып, аккан сууга
киринип, тазалыкты сактап, боюн
пакиза алып жүргөнгө аракет
кылды. "Тырмагы өскөндүн өзү
каапыр, чачы өскөндүн кошунасы
каапыр" - дегендей, чачынын эле
өскөнү болбосо, боюна карап
наабатуулуктан жазбады.
Туура эки апта өткөндө Сопуну
айылдын четинде жашаган уйгур
Шамамат деген байга сатышты.
Уйгур байдын төөсүн кайтарып,
Сопу керээлдин күнү кечке
талаада. Көргөн күнү курусун. Бир
күнү төө кайтарып жүрүп кечинде
үйгө келсе, Шамыр үйбүлөөсү
менен конокко келишиптир.
Сопуну көргөн кызы менен баласы
жөн эле бир тууганын
көргөнсүшүп, алдынан чуркап
чыгышты. Бул көрүнүшкө күбө
болгон Шамыр менен аялы да
ыңгайсыз абалда калып,
ичтеринен өкүнүп турушту.
Анткени кызы жанды койбой
сураганда, аны алдап коюшкан
болучу. "Буруттар алып кетти" -
деп. Чынында бул жолу Сопуну
тоодон келип калат деп ойлошкон
эмес. Сопу, ушул абалга алып
келген Шамырды бир башкача көз
караш менен карап, саламдашып
дагы койгон жок. Ал эми Илебини
жекире карады эле, Илеби дароо
көзүн тартып алды да, денеси
үшүгөн адамдай чыйрыгып кетти.
Эмнеге мындай абалда калганын
өзү да билбейт. Көңүлү кирдеп,
денесинен муздак тер чыпылдап
чыгып кетти. Сопунун жанына узап
кетсе эле жаны жай алчудай
сезип, артка кадам таштап, ойго
алаксый түштү. Канча жолу найза
кармап жоону бет алды, канча
жолу кылыч кармап кылычташты,
кандай баатырлар менен беттешти,
бирок мындай абалга кабылып
көргөн эмес. Жашоодогу сапары
карынгансып, көзү караңгылашып,
кара чаар жылан денисине оролуп
алгансып аба жетишпей, көзүнүн
нуру качып, тили буулуп, сөз
оозунан качып, үн дебей эле бир
жерди теше тиктеп олтуруп калды.
Бирок сыр бербегенге араткети күч
болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 11:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ошол күндүн эртеси эле Илеби
жөн туруп эле бул жашоодон узап
кете берди. Анын өлүмүнүн сырын
эч ким билбей калды. Арадан дагы
үч күн өткөндө көзгө урунган
калмактын дагы бир баатыры
дүйнө салды. Бул баатырдын дагы
өлүмүнүн сыры дайынсыз болуп,
калмактардын шаштысы кете
түштү. Шамыр дагы тигилердин
артынан кете берет беле, эгер
анын кызы менен баласы
болбогондо.
Сопу курсагы ачканына караган
жок, жашоо менен күрөшүп, өз
ишин гана жасап жүргөн кезде,
тиги уйгурдун медреседе окуган
эки баласы келип калды. Алар
менен тил табышып, тез эле коюн
колтук алышып, ойноп кетти. Оюн
арасында алардан көп нерсени
үйрөнгөнгө үлгүрдү. Эч ойлогон
эмес, окуу жөнүндө. Ал турсун
окуу бар экенини билген эмес.
Ошол кезде оңдой берди болуп,
уйгурдун төөлөрүн соодагерлер
алыска жүк жүктөп алып кетип,
Сопу үй иштери менен алек болуп
калган. Ара чолодо араб тамгасын
үйрөнүп, тамгалап окуганга дагы
жарап калды. Бул баам салган
кишиге дээринде бар баланын бир
нерсени тез кабыл алгандын бир
белгисин берет эле. Уйгурдун
өзгөчө кичүү баласы Сопуга жакын
болуп, оюн арасында тамгалардын
жазылышын жана окуулушун
дагы үйрөтүп, билинбегени менен
чоң жардамын берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 12:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кайткан үмүт
Баланы уурдай качкан качкындар
түнү менен Бедел ашуусун ашып
кеткендерине абдан сүйүнүшүп,
таң супасы аткан кезде, суунун
жээгине келип эс алышты. Кантсе
дагы өз эл менен өз жердин деми
адам баласына кандай күч берет.
Аттардын ээр токумдарын алып,
жайдактап, алдыңкы буттарынан
тушап коюшуп, үчөө уйкуга
киришти. Жандары кыйналган
үчөө эч нерсени сезбей уктап,
убакыт чоң шашке болгондо гана
ойгонушту. Бул кезде тынчы
кеткен Аксаамай жол карап,
болгон дитин уулу Сопу ээлеп
алган эле. Эне үчүн мындан өткөн
кордук, мындан өткөн азап жок
экенин танып болбойт. Түнү уйкусу
качып, күндүзү ою бир жерге
турбай күткөнү эле Эсет менен
уулу Сопу болду. Баарынан дагы
Сопу апасына жакын болуп, анда
санда алдына ала бир нерселерди
айта койгону туура чыгып
калганын Аксаамай эстеди. Ооба,
жоголор күндөн эки күн илгери
жанына келип " апа, мен сизди
абдан жакшы көрөм, жаныңыздан
эч жакка чыккым келбейт. Бирок,
мен жакын арада алыс жакка
кетет окшоймун. Мени эч жакка
жибербегилечи" дегенде Аксаамай
бул айтылган сөзгө маани бербей
"кайда бармак элең, жөн турчу"
деп койгон эле. Көрсө ушул окуя
болорун алдын-ала билген үчүн
айткан тура деп, ойлонуп олтурган
Аксаамайдын көзүнө алыстан эки
атчан көрүндү. Болгондо дагы
бирөөнүн артында учкашкан бала
бар экенин көргөндө, болуп
көрбөгөндөй сүйүнүп, бир орунга
олтура албай калды. Үйгө чуркап
кирип, бир чыныга суу дагы
даярдап койду "башынан
тегеретип чачайын" деген ойдо.
Кайран эне ай, анан кантет. Улам
караандар жакындаган сайын
Аксаамайдын жүрөгү кабынан
чыгып кетчүдөй согуп,
сүйүнгөнүнөн жүзү албырып, тим
эле чуркап барып уулун аттан
алып түшүп, кучагына кыскысы
келип, жаны жай ала албай, алып-
учуп турду. Ансайын тиги экөөнүн
ат бастырганы жай тартып, бир
жерде туруп калгандай сезилди.
Эсет алыстан эле билди,
Аксаамайдын чыдамы кетип жол
карап күтүп жатканын. Эми ага
кантип айтат "бул Сопу эмес" деп.
Уулунун жоголгону бир тең,
Аксаамайдын тигинтип жол
караганы бир тең болуп, санаасы
санга бөлүндү. Аттиң, кайран гана
ата менен эненин тарткан азабы
ай. Ушул күнгө туш кылган
калмактарга наалат. Керек болсо
чымчык дагы балапанын коргоп,
жоголсо издеп азап чегет. Ал эми
акыл эси бар адам баласы,
болгондо дагы тогуз ай көтөрүп
боюнан бошонсо, ак сүтүн берип,
түн уйкудан калып баланы эмизип
багып чоңойтсо, анан тигинтип көз
көрүнө баласын уурдатып
жиберсе, үмүт оту жанып, издеп
кеткендер бала учкаштырып келе
жатса, эне кандай гана абалда
турганын элестетип көрөлү.
Ак жоолугу башына тыкан
салынган, боюна жарашыктуу
кийген көйнөгүнүн этеги батыштан
соккон шамалга желбиреп, кызыл
чыптамасы боюна көрк берип, жол
караган Аксаамайдын көңүлү алда
кайда алып учуп, бир орунга тура
албай же бир нерсеге алаксыбай,
өз оюу менен алп урушуп, көзүн
ирмебей жол караган энени
бешиктеги бала ыйлап калып,
алаксытты. Бул кезде атчандар
кыйла жакындап калышкан эле.
Аксаамай үйгө кирип, бешиктеги
баланы чечип бооруна көтөрүп,
сыртка чыгып эле чоочун баланы
көрүп , бирөө үстүнөн муздак
сууну куюп жибергенсип
шалдырап, эсинен танып туруп
калды. Бир нерсе айтайын десе үнү
буулуп, сөз чыкпайт десең. Ал эми
күйөөсү Эсет менен кайниси Марка
күнөөлүү кишидей жер карап, беш
кадамдай илгери жылып, экөө
дагы бир орундан жылбай,
чоочуркап туруп калышты. Ортодо
бир топко тынчтык өкүм сүрүп, көз
караштар менен гана сүйлөшүп,
бири-биренен сөз күтүштү, ушул
абалдан кутулуу үчүн. Дагы канча
убакыт турушат эле, бери жактан
кошунасынын үнү чыкпаганда.
Аксаамай болгон окуяны угуп, жок
дегенде экөөнүн аман келгенине
шүгүр кылды. Эртеси Эсет өзү ат
менен бастырып барып,
Самсаалынын үйүнө келди. Бул
учурда Самсаалы күнестеп боз
үйдүн капталында жаткан болучу,
жоголгон баласын эстеп. Ал эми
аялы үй оокатты менен алек
болуп, жаны тынбай жүргөн.
Самсаалы олтурган ордунан туруп,
Эсетти утурлай басты. Эсет
баланын азабын тартып кейпи
кеткен ата менен энени дароо эле
сүйүнтө коюну эп көргөн жок.
Учурашып ал-жай сурашкан соң
Самсаалы үйгө кир деп өтүндү.
Жайланышып олтурганда
Самсаалы:
- Эсет, кайрат кыл. Менин башыма
келген күйүт сага дагы келген тура.
Бул калмактарды эми такыр бул
жолдон өткөзбөш керек. Баланын
азабын тартып минтип жеңең
экөөбүз жашыбыздан эрте карып
калдык көрүнөт. Башка балабыз
болсо эле эмне. Бул жалгыз
баланын күйүтү алы-күчтү алып
кетти. Балам кандай күндү көрүп
жүрөт болду экен? - деди эле, Эсет
чыдабай калды. Көзүнө келген
жашын аарчыган Самсаалыга
акырын эскертти:
- Байке, эгер уулуңуз табылып
калса эмне кылат элеңиз? - деп.
Самсаалы жалт карап, болор
болбос жылмайып:
- Жылкы союп чоң той берет элем!
Мазарга түнөп жүрүп көргөн
баламдан эч нерсени аябай
калайын. Бул жалганда арттан
туяк калып, атыңды өчүрбөй алып
жүргөн бала болсо, андай атадан
өткөн бактылуу жан жок да.
Алдыга тасмал келип, бир чыныдан
кымыз ичилгенде Эсет жай сөз
менен:
- Байке, эмесе жылкыңызды
даярдай берсеңиз болот. Мен
сиздин уулуңузду таап келдим! -
деди эле, Самсаалы олтурган
ордунан туруп, кайра олтурду.
Көзү алайып, кулагына эч сөз
угулбай, жалдырама тийген
кишидей шалдырап эле олтуруп
калганда Эсет чочуп:
- Байке, сизге эмне болду? - деп,
колунан тартканда гана Самсаалы
эсине келип:
- Я, айланайын, Эсет, деги сен эмне
деп жатасың, айткан сөзүң деги
чынбы? - деди. Ал эми
Самсаалынын аялына эбак элек
жалдырама тийип, көзүнөн аккан
жашты аарчыганга жарабай,
аккан жаш бетин жууп, уккан
кулагына ишенбей, Эсеттен көзүн
албай, дагы эмне деген сөз айтат
деп, күтүп калган. Ал эми Эсет
сөздү эмнеден баштаарын билбей,
Самсаалынын берген суроосун
жоопсуз калтырды. Көрсө жаман
кабар менен жакшы кабарды
жеткире айтуу дагы өзүнчө бир
түйшүк тарттырарын билди. Бир
кезде гана Эсет тиги экөөнө минтип
эскертти.:
- Силер эми менин сөзүмдү бөлбөй
угуп тургула. Мен болгон окуяны
болгондой айтып берейин? - деди.
Самсалы башын ийкеп:
- Деги, Эсет, жакшылап
түшүндүрүп айтчы. Биз сенин
сөзүңдү бөлбөй угуп болуп, анан
ошого жараша иш кылалы. Көргөн
түшүм жакшы эле.
Сөзгө аялы кийлигишти:
- Сен түшүңдү коё турчу, аны анан
деле айтасың. Деги сен кандай
жакшы киши элең. Баламдан
жакшы кабар алып келген, - деп,
сөздү ооздон жулуп алды. Эсет сөз
кезеги келгенде болгон окуяны
бир баштан айтып берип, качан
гана Беделдин ашуусун ашып бери
түшкөн жерге келип, сөз андан
ары улана баштаганда Самсаалы
олтурган ордунан тура калды да,
сөздү бөлүп:
- Эсеке, токтот сөзүңдү, кагылайын
Эсеке, калганын анан айтасың!
Деги балам азыр кайда? Сүйүнчүңө
бир ат минип кет. Деги мага балам
кайда, дайынын айтчы? - дегенде
Эсет сүйүнгөн ата менен эненин
бул абалына туура түшүнүп:
- Бала азыр биздин үйдө, - дегенде,
Самсаалы сыртка чыгып эле, токулу
турган атына минип, атын чаап
жөнөдү. Ал эми Баргүл бир топко
чейин жөө барып кайра келди да,
Эсеттин бетинен өөп:
- Айланайын, деги сен кандай
жакшы адамсың! Балам үчүн
баарын сенден аябайбыз, - деп,
оозуна келген сөздү айтып
сүйлөнө берди. Эсет атына минип
жатып:
- Жеңе, эми көп эле калдастай
бербей, тойго камыныңыз, - деп,
Самсаалынын артынан жөнөдү.
Бул жалганда бирөөнү сүйүнткөн
кандай жакшы жышаан. Эсет өзү
дагы тиги экөөнүн сүйүнгөнүн
көрүп алып, бул кылган ишине
ыраазы болду. Самсаалы, атынын
күйүккөнүнө караган жок. Тим эле
жоо кууп келе жаткансып камчы
үстүнө камчы салып, күнөөсүз атты
чапкылап, көзүнө келген жашты
арчыганга дарманы жетпей жолдо
келе жатты. Андайда жол дагы
арбып, узарып калат эмеспи.
Жыгыларына карабай атын катуу
чаап келди да, Эсеттердин үйүнө
жакындаганда эле аттан секирип
түшүп, болгон үнү менен
кыйкырды:
- Кадыр!? Уулум!
Бул кезде Кадыр уктап жаткан
болучу. Калмак жеринде
жүргөндөгү тарткан азабынын
кесепети тийип, келгенден бери
уйкудан ойгоно албады. Эртең
менен туруп, курсагы тойгондон
кийин эле кайра уйкуга баш
койгон. Эсет иниси Маркага келсе,
малы жоголуп, жок издегени
даярданып жаткан үчүн, баланын
дайынын билгизгени алты-жети
чакырым жерге, Самсаалынын
үйүнө өзү келген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 12:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

- Кадыр!? Уулум!
Бул кезде Кадыр уктап жаткан
болучу. Калмак жеринде
жүргөндөгү тарткан азабынын
кесепети тийип, келгенден бери
уйкудан ойгоно албады. Эртең
менен туруп, курсагы тойгондон
кийин эле кайра уйкуга баш
койгон. Эсет иниси Маркага келсе,
малы жоголуп, жок издегени
даярданып жаткан үчүн, баланын
дайынын билгизгени алты-жети
чакырым жерге, Самсаалынын
үйүнө өзү келген.
- Атасынын үнүн уккан Кадыр
уктап жаткан жеринен ыргып
турду да, сыртка атып чыкты.
Калдаңдап чуркап келе жаткан
атасынын караанын көргөндө эле
"ата!" деп бир бакырганын билет,
калганы эсинде жок. Ата менен
бала кеминде чай кайнам убакыт
бири-биринен бошоно албай
турушту. Бул сагынычтын жеткен
чеги болучу. Мындай көрүнүшкө
күбө болгон Аксаамайдын дагы
көзүнөн жаш агып, бетин жууп
жатканын өзү дагы сезген жок.
Бул жалганда мындан өткөн бакыт
барбы. Бир жылдан бери
кабактары түнөрүп ачылбаган ата
менен баланын жолугушуусу бул,
ал эми эне менен баланын
көрүшкөнүн жазганга сөз жетпейт
го.
Бул кезде Баргүл кошунасынын
атын сурап минип, жанына жакын
абысынын алып, жолдо келе
жаткан. Баргүл баласы келгенге
чейин чыдап олтура албайт
болучу. Ансайын жол арбыбайт
десең. Жаңы гана ата менен бала
көрүшүп бүтүп, үйгө кирген кезде
Баргүл келип калды. Аял да.
Алыстан эле уңулдап ыйлап алган
"балам, Кадыр, сени көрөр күнүм
бар экен ээ".
Эми Кадыр аттан жаңы түшкөн
апасын көздөй чымын куюн болуп
чуркап жөнөдү. Аттиң, ай, аз
жерден Баргүлдүн жүрөгү токтоп
кала жаздады го чиркин! Бир жыл
баланын азабын тартуу эмне деген
азап. Канча түндү уйкусуз өткөрдү
да, канча күндү илгери үмүт менен
жол карап олтуруп көзү тешилди.
Баргүл эч кимдин сөзүн укпай
баласын бооруна кыскан бойдон,
кыймылдабастан, үн дебестен тура
берди. Кайран гана эне байкуш ай,
эне үчүн мындан өткөн бакыт,
мындан өткөн жыргал жок белем.
Телегейи тегиз болуп, өңүнөн нур
төгүлүп, көзүнөн от күйүп, өчкөн
шамы кайра жанганы жүзүнөн
билинип Жаратканга миң миртебе
ыраазы болуп, болгон сүйүнүчүн
жана сагынычын баласын
кучактап турган бойдон ушунтип
бир жыл тарткан санаасын боюнан
чыгарып салды. Качан гана эсине
келип баласынын кейпин
көргөндө, кайра көзүнө жаш алып,
уулуна боору ооруп, баласын
ушундай абалга алып келген
калмактарга наалат айтып, сөзгө
келбей бир топ турду. Эч сөз
айтырбай эле билди, уулу бир жыл
азапты катуу чеккенин. Ошол
азаптан кутултуп, жанын аман
алып келген Эсет менен Маркага
эмне сөз айтып ыраазы кылышты
билбей турду. Чогулган элдин
баары эми сөзгө келишип, баланын
башынан өткөргөн күндөрдү угуп,
бир сыйрадан көздөрүнө жаш
алышты. Кадырдын айткандарын
угуп Аксаамай менен Эсет уулу
Сопу дагы көрбөгөн кордукту
көрүп жатканын элестетип
алышып эле, буркурап ыйлап,
көздөрүнүн жаштарын тыя албай
коюшту.
Самсаалы өзү айткандай жылкы
союп чоң той берип, Эсет менен
Маркага чепкен жаап, бирден ат
мингизди. Эми калмактарга күнөө
койгонго далил табылып, жаздын
келишин чыдамдары кете күтүштү.
Ал эми калмактар баланын
уурдалып кеткенин билишкенде,
бармактарын тиштеп, өкүнгөн
бойдон калышты. Ооба, кеч болсо
дагы Беделдин кырына чейин
издеп келишкени менен таба
алышпай кайра кайтышкан. Өзгөчө
Сабитахун менен Батурхан катуу
өкүндү. Анткени алар
кыргыздардын жерине келгенде
айтышкан эле да "уурдалган
баланы таап, далилдеп бериле"
деп. Эми тигинтип кой кайтарып
жүргөн жерден бала уурдалып
жатканы, далил эмей эмне. Аларды
азапка салган маселе, бул окуя
менен кыргыз жеринен Андижанга
кетчү жолдун буулганы болду.
******
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 12:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эч билинбей ортодон беш жыл
жылып өттү. Бул кезде Сопу
кадимкидей бой тартып, көп
нерсеге көзү жетип, тотугуп калды.
Уйгурдун балдарынан окуганды
кадимкидей үйрөнүп, окуганга
дагы жазганга да жарап, такшала
түштү. Тактап айтканда кат сабаты
жоюлуп, анча мынча китептерди
шар окуп калганын уйгурдун байы
Шамамат өзү дагы билип, бир күнү
калмактар менен бир жерде
олтурганда Сопуну мактап калды.
- Бул жөн бала эмес экен. Керек
болсо атайын медересеге барып
окуган менин балдарымдан, тиги
менин малайым абдан китепти шар
окуп, жазганды дагы өздөштүрүп
алды. Төө кайтарып жүрүп кантип
үйрөнүп алганына башым
жетпейт. Бир-эки жолу түнү
эшикке чыксам, чырактын
жарыгында эки баламдын китебин
сурап алып окуп олтурганын көзүм
чалып калды. Бул буруттун
баласынан бир нерсе чыгат, айтты
койду дебегиле.
Айткандай бир жолу соодага
чыккандар төө жетелетип өздөрү
менен бирге алып кеткен. Жолдон
эч ким тоскоол болбой, соодалары
абдан жакшы болуптур. Кийинки
жолу жолдору болбой абдан
кыйналып келишип, малайымды
сураганда бербей койдум. Бул сөз
калмактардын көзүрү, башкача
айтканда чоң билерманы Эрдене
бийге жетип, Сопуну өзүнө
алдырып Куран китебин окутуп
сынап көрдү. Сопу китепти эч
токтолбой шар окуганын көрүп
алып, кызыгуусу арта сураганда
Сопу бир сырды байкап калып,
ашыкча сөз оозунан чыгарбай:
- Айылымда жүргөндө эле
молдодон окуп үйрөнгөм деп
кыска жооп берип койду. Бирок
тиги калмак бул айтылган сөзгө
ишене койгон жок. Анткен менен
жүнү тирүү Сопудан бир сырды
байкап, өзүнүн үйүнө алып калды.
Уйгур келгенде, баланы бербей:
- Мен сага бул баланын ордуна
башка бала берем. Сенин малайың
буруттун баласы өзүң айткандай
жөн бала эмес, идиреги бар,
жарыгы элге тийчү бала экен. Бул
жалганда ким кандай жаралса,
ошондой жашаш керек. Сен
ойлогондой, бул бала кордук
көрчү жан эмес. Ал төө кайтарбай
таза иште иштегени оң. Биз анын
убалына калабыз, эгер аны
кордосок. Айткан сөздү ук дагы,
мен берген баланы алып жолуңа
түш, - деди. Шамамат айласы жок
башка баланы алып кетип бара
жатып, абдан өкүндү. "Эмнеге
мактанып, бул буруттун
баласынын даңкын чыгардым. Ал
келгени ишим алдыга жылып,
кадимкидей үйгө киреше кирип
калды эле" деп ойлоп, үйүнө
келгенче кабагы ачылбады. Ал эми
аялы Чынзайда дагы Сопунун
келбей турганын укканда,
кабагына кар жаап, баалуу буюму
жоголгонсуп, коңултуктай түштү.
Негизи эле бул үй бүлөө мүчөлөрү
Сопунун кеткенине абдан
өкүнүштү. Кудум бир туугандай
болуп, үйгө аралашып калган эле
да. Андан дагы көп ишти
айттырбай бүтүрүп, адамдык
сапаты менен үйдөгүлөргө алынып
калган.
Убакыт алга жылган сайын
калмактар Сопунун касиетин билип
калышып, колго алышты. Анткени
анын иш билгилиги, анча мынча
алдыны көрө билгени, кат таанып,
жазганы өзгөчө калмактардын
көзүрү Эрдене бийге абдан жакты.
Таза кийинтип, жанынан
чыгарбады. Кээде экөө сүйлөшө
калганда, Сопу жүйөлүү
кеңештерди айтып, келечеги бар
сөздөрдү козгогондо, Эрдене "акыл
жаштан, асыл таштан" деген сөздү
эстеп, жасай турган иштерин
кеңеше калып жүрдү. Муну эми
азыркы сөз менен айтканда
"кеңешчи" деп айтууга болот.
Ооба, али балтыр эти толо элек
баланын чоң иштерге аралашып,
эл эгеси менен тең ата сүйлөшүп,
оюн ачык айтуу жөн баланын
колунан келе турган иш эмес.
Баарынан дагы Сопунун алдыны
көрө билгени калмактын Эрдене
бийинин көңүлүн көтөрдү.
Бир жолу кытайдын алыскы
шаарынан келген элчини Сопу бир
көрүп эле, анын жаман ой менен
келгенин билип, учурун келтирип,
Эрдене бийге айтайын дегиче
болбой өзү чакырып калды. Экөө
ээн бөлмөдө олтурганда Сопу сөз
учурун келтирип айтып калды:
- Бий, бул элчинин көзү жаман,
кыймылы дагы шектүү. Колуңуздан
келсе жакшылап текшериңиз.
Балким сизди алдаганы келген
жөнү болушу толук мүмкүн. Ал
жагын өзүңүз жакшылап
текшерип көрөт чыгарсыз. Чынын
айтсам менин ички дүйнөм аны
анча жактыра берген жок. Жаман
ой менен келгенин жакшылап
текшерсеңиз, билесиз. Азырынча
эч сыр алдырбаганыңыз оң. Бул
айтылган сөз менен Эрдене бий
башын ийкеп, өз оюу менен алек
болуп, Сопунун айтканын четке
кага албай, жер тиктеп бир топко
ойлонуп олтуруп, ичинен бүтүм
чыгардыбы ким билет, дароо
ордунун тура калып эле, сыртка
чыга жөнөдү. Эмне максат менен
сыртка кеткенине Сопу ага
кызыккан деле жок.
Ошол окуядан эки күн өткөндөн
кийин, Сопуну өзүнө чакырып
алып, Эрдене бий ыраазычылык
билдирди. Көрсө тиги "элчимин"
деп келген кытай, алдамчы-
шылуун экени такталып, Сопунун
билгичтиги дагы бир жолу анык
болуп, Эрдене бийдин алдында
дагы кадыры өсө түштү.
Убакыт эрте жаз болучу. Кар ээрип,
ала шалбырт болуп, күн жаңы
гана жылуулугун жерге берип, көк
кылтыйып калган кезде, Эрдене
бий алыс сапарга аттанмак болуп,
даярданып калды. Албетте андай
алыс жолго Сопуну өзү менен
бирге алып барбаса болбойт эле.
Чынында Сопу эл башы аталган
Эрдене бийдин билинбей эле оң
колу болуп калган. Муну
калмактар дагы билип калышып,
тымызын кызганышканын сыртка
чыгара алышпаганы менен ич ара
күбүр-шыбыр сөз кылышканы
Эрдене бийге дагы жетти. Бирок
Эрдене бий өз билгенин эч кимге
бербей, ал турсун Сопуга кол
салып коюшпасын деген ойго
келип, жанына бир адамды сакчы
дагы кылып койду " Башың менен
жооп бересиң, Сопуга жан
адамдын колу тийбегендей
болсун" деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 12:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Арадан туура эки апта өткөндө чоң
жүк алып жолго чыгышты, соода
кылганы жана ал өлкө башчылары
менен келишим түзүп келүүнү
максат кылып. Авганстан, Пакистан,
Арабия, Иран, Ирак, Турция сыятуу
чоң өлкөлөрдү кыдырганы.
Жол алыс, бирок Сопунун кабагы
ачык. Эмнегедир жүрөгү жакшы
нерсени сезгендей белги берип,
төө үстүндө ойго алаксып бара
жатып үйүн, ата-энесин, бир
туугандарын эстеди. Анткени,
Эрдене бий убада берген эле "Эгер
сапардан жакшы маанай менен
кайтып келсек, сени үйүңө
жиберем" деп. Бул сөздү укканда
Сопуда чоң үмүт пайда болуп,
ичинен дуба кылып, көп сүйлөбөй
жол карап келе берди. Аяк башы
билинбеген кумдуу чөлдө келе
жатышканда Сопу бир нерсени
сезип, Эрдене бийге кайрылды.
- Биз азыр бир коопту жерге
келдик көрүнөт. Макул көрсөңүз
бул жерге токтобой өтүп
кеткенибиз оң болуп турат. Ооба,
азыр биз суусу бар жерге
жеткенде кечке калбай суу алып
алган соң, жолду улап кетели.
Анткени түнү кол салуу болуп
калышы толук мүмкүн. Эрдене бий
Сопунун ички тую сезими менен
эсептеше билген, анын айтканынан
баш тарпаган жагы бар эле. "Азыр
сууга жетип эс алабыз" деген
сапарлаштары Сопунун айтканын
угуп, ичтеринен жаман көрүштү
"Дагы эмнени ойлоп таап жиберди"
деп. Андайда адам качан жакшы
нерсени ойлочу эле. Сууга
жетишкенде, баары бир сыйра
суусундары кана ичишип, азга эс
алган болушту да, анан Сопу
айткандай идиштерине суу алып,
тез ал жерден орун которуп
кетишти, кечке калбай.
Эртеси артынан келген
соодагерлер сууга түнөп,
каракчыларга тонолгондорун
айтышканда, баягы жаман көрүп
жаткандар жакаларын карманып,
эми нак Сопунун кадырын билип,
билгичтигине баа беришти.
Мурунку күнү эле жаман көрүп,
сын айтып жатышкандарын эстеп
уялып да калышты. Эрдене бий эми
башын жогору кылып "Сопу
билгич экенин биле жүргүлө"
дегенсип карап койду.
Алгач Авганстанды анан
Пакистанды басып өтүшүп, кумдуу
чөлдү күндүн аптаптуу ысыгына
карабай, төөлөрдүн басыгы менен
ар ким өз ойлору менен алек
болушуп, кеминде жарым ай
дегенде Арабиядагы өздөрү
көздөгөн шаарга да кирип
келишти. Сопу жердин
алыстыганан деле тажаган жок,
кайра ушундай жаратылыштын
кубулушуна, жер бетинин сөз
менен айтып жеткисе алгыз
кооздугуна жана ар улуттун
жашоого болгон көз карашына таң
берип, өзүнчө талдоо жүргүзүп,
ойго алаксыды. Бул жолу
эмнегедир соода дагы жаман
болгон жок. Жүк азайган сайын
төөлөрдүн кыймылдары шайдоот
тартып, жүрүшү ылдамдап, алга
карай сапар арбып, улам бир
шаардан экинчи шаарга сапар
алып бара жатышты. Сопу көп
нерсени өз көзү менен көрүп,
алдыда эмне боло турганына эми
нак көзү жете баштады.
Арабиядан тилмечтик дагы кылып
жиберип, чогуу барган
калмактардын оозун ачырды. Кээ
бир арабдар менен кадимкидей
сүйлөшкөндө, Сопунун кадырын,
анын көп нерсеге шыктуу экенин
дагы билишти. Эрдене бий
жанындагыларга мактангандай көз
караш менен карап:
- Мен канча жыл эл башкарып
жүрөм. Кимдин эмнеге жөндөмү
бар экенин бир көрүп эле билем.
Мына жолго чыгарда силер
чырылдадыңар эле "буруттун
баласын эмнеге алып алдыңыз"
деп. Кереги тийдиби. Эми дагы
билесиңер, байкайсыңар, Сопунун
ким экенин. Мен жаныма жөн
адамды албайм - деп, Сопуну
мактап өттү эле, Сопу сөз кезеги
келгенде:
- Бийим, мактоо бир гана улуу
Аллага жарашат. Баардык адам
баласында кемчилик болбой
койбойт. Бир гана Аллада гана
кемчилик болбойт. Ал жагын эстен
чыгарбаңыз, - деди.
Эгер Сопудан башка бирөө
болгондо мактоо сөзгө эдиреңдеп
кетет беле ким билет. Сопунун
айткан сөзүн угуп, бери жактагы
сөз угуп олтурган калмактар дагы
каршы сөз айта албай, баштарын
ийкеп туруп калышты. Бир
жагынан жаш баланын таасирлүү
айткан сөздөрүнө ичтери жылып,
кабактары ачыла түштү. Бул
жалганда сөздүн күчү кандай
таасирлүү. Улам убакыт алга
жылган сайын Сопунун кадыры
өсүп, сөзү чоң чыга баштады,
таасын айткан сөздөрү менен.
Акыры Турцияга дагы келип
жетишти. Түрк тили менен кыргыз
тилинин окшош жагы бар эмеспи.
Муну Сопу билген эмес. Алгач чоң
шаардын билерманы менен
сүйлөшүү болуп, анан соода иши
башталды. Бул жактан дагы соода
жаман болгон жок. Бир күнү
базардан бир аппак кийим кийген,
узун бойлуу, жүзү нурдуу, кара
сакалы ээгин жапкан, бүркүт
кабак, көзү бакыракай киши өзү
келип салам берип учурашкан соң,
Эрдене бийге кайрылды:
- Силердин араңарда бир касиети
күчтүү, жарыгы элге тийген,
байлыкка кызыкпаган бирөө бар
экен. Аны силер капа кылбагыла.
Макул көрсөңүз мага аны бир аз
убакытка бере аласызбы. Мен
көрүп-билип туруп, көргөнүмдү
айтпай койсом, күнөө тартып
калам деди. Эрдене бий башын
ийкеп макул болду эле, тиги киши
жылмайып, нурдуу жүзүн Сопуга
кадап:
- Балам, жүрү мени менен. Биз бул
эки кабат үйдө болобуз - деп,
Сопуну ээрчитип жөнөдү. Эрдене
бий эмне болуп тигил кишиге
каршы сөз айта албай, Сопуну ага
кошуп берип койгонуна таң калып,
эки жигитти артынан жиберди.
Бир жагынан Сопу жанына узап
кеткени кадимкидей жалгызсырап,
баалуу буюмун жоготуп жиберген
кишидей эки жакты элеңдей
карап, олдоксон да боло түштү. Аз
убакыт өтпөй эки жигит жанына
келип бир азга сөз жалгай албай
туруп калышты эле, Эрдене бий
башын жогору көтөрүп, эмне
болду дегенсип белги берди эле,
тиги экөөнүн узун бойлуурагы:
- Бизди ал жакка киргизбей
коюшту. Бир топко күтүп туруп,
сизге кайра келдик "эмне кылалы"
- деген ойдо.
Бөтөн жер, бөтөн эл деген
бөтөндүгүн кылбай койчу беле.
Бул жолу Эрдене бий баштагыдай
чакчаңдабай жай сүйлөдү:
- Сыр бербей аңдып тургула.
Балким чыкчу учуру болуп
калгандыр. Эгер чыкса дароо
мында алып келгендей болгула, -
деп катуу тапшырма берип,
үмүттүү эки кабат үй тарапты
карады.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 12:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сабит жетимиш эки жаштагы, өз
чөйрөсүнө кадырлуу, эки жолу
ажыга барып келген, диндин
талаптарын толук аткара билген
такыба адам. Анча-мынча алдыны
көрө билген касиетке ээ, айтканы
туура келген өнөрү бар адам. Бул
касиетти такыба жашап өткөн
атасынан оогон. Атасы бир адамга
катуу айтпаган, жумшак анан
олуялык сапаты бар киши эле,
учурунда. Атасын ээрчип жүрүп
анын өнөрүн алып калганы минтип
Сабиттин кадырын өстүрүп
олтурат.
Базар аралап келе жатып, алгач
эле көзү Сопуга урунуп, аны менен
баарлашкысы келди жана
баланын элесинен көзүнө
көрүнгөн сырды ага айтып,
жеңилденип албаса жаны жай
алчудан болбосун билип, ушул
жолго барды.
Карапайым Сопуга бөлмөнүн ичи
укмуш кооз көрүнүп, таң калып да
калды. Канча жерге барды бирок,
ушундай көзгө толумдуу бөлмөнү
ушул жашка келгени көрө элек
болучу. Кооз жасалган үйдүн
ичине көз жүгүртүп алып, анан
гана суроолуу карап сөз күтүп
туруп калды. Сабит коңур үнү
менен:
- Балам, деги кайсы элден болосуң?
Менин баамымда сенин улутуң
башка улуттай сезилди, тиги
кишилердин жанында. Андан дагы
сенин дене мүчөңдөгү кемчиликти
дагы байкадым. Баамымда булар
сенин жашоодогу сапарыңа
тоскоол болгондой иш кылышты
беле? - деп, суроолуу карады. Сопу
тиги жүзүнөнөн нур төгүлгөн
кишинин алдына ала бир нерсени
билип койгонуна таң калып, андан
дагы өзүнө жан тарта сүйлөгөнүнө
ыраазы боло бөлмөнүн ичин дагы
бир жолу сыдыра карап алып,
муңайыңкы жүз менен жер карап,
улуттунуп алып:
- Ата, менин улутум Кыргыз, булар
мени алты-жети жашымда уурдап
келишип, эмне максат менен
экенин билбейм, "кечир" кылып
салышкан. Арманымды айтсам ат
көтөрө алгыс. Аз жашаганым
менен башымдан көптү өткөзүп
койдум. Баарынан дагы менин
эсимден атам менен энем кетпейт.
Алар дале болсо менден
күдөрлөрүн үзбөй, үмүт менен
жашап жүрүшкөнү мени абдан
түйшөлтөт. Дагы жакшы булар
менин көзүмдү тазалап
салышпаганына. Бирок азыр мен
булардын жашоо шартына деле
көнүп калдым.
Сөз ушул жерге келгенде, Сабит
сөздү бөлүп.
- Балам, мен сени алгач көргөндө
эле билгем, сендеги касиеттин
жогорку деңгээлде экенин. Ошол
себептен алардан бөлүп, мында
сени алып келип олтурам. Баса, эми
мен сөздү көп чойбой негизги
сөздү айтайын. Сен азыр эле мага
айттың "мени кечир кылып
коюшкан" - деп. Укканым бар
"Калмак менен Кыргыз келише
алгыз душман" деп. Сени эмне
максат менен булар уурдап
келишип кечир кылып
салышканына кийин өзүң
түшүнөсүң. Айтмакчы, менин
баамымда кийин сенден жакшы
уул бала төрөлмөк, ошону булар
билген үчүн сени кечир кылып
салышкан. Ал баланын бул
жалганга бинаа болушуна бут
тозушканын мен дароо эле билдим.
Эми сен мындай кыл. Буйруса эми
сени булар бошотушат. Элиңе
барганда менин айтканымды аткар.
Сенин белиңдеги бала кайра эле өз
улутуңдан төрөлөт. Учуру
келгенде сага аян берилет. Ошол
аянды аткарсаң, сен элиңе чоң иш
кылган болосуң. Менин жеке
баамымда сыймыгың ак куш экен.
Көзүмө эмнегедир ак куш көрүнүп
жатат. Айткандай сага алдыда
боло турган окуялар жөнүндө
белги берилет. Ошол касиетти сен
кармап калгандай бол. Бул
жалганда айтылат "бири кем
дүйнө" деп. Бири кем дүйнө деген
ушул эмеспи. Буга мисал катары
сенин эле тагдырыңды алалы. Эгер
сени булар уурдап кетип кечир
кылып салышпаган болсо, сенден
элиңе керек чыгаан уул туулат эле.
Ошол уулдун тукуму акыр
кыяматка чейин эл бийлеп, элдин
жүгүн артынмак. Кап, бекер иш
болгон экен. Сен көп жыл
жашайсың, келечектен үмүтүңдү
үзбө. Бирок мен айткан сөздү
аткар. Качан сага аян келгенде, ал
ишти так аткарганга аракет
кылгандай бол. Биз бир мусулман
калкпыз. Баарынан дагы Түрк,
Кыргыз, Казак, Тажик, Түркмөн
элдерин Түрк атанын баласы деп
айтылат. Балким сага менин
жолукканыма дагы биздин
аталардын касиеттери себеп болуп
жаткан чыгар. Дагы көп сөздөрдү
айтат элем, сени менден кызганып,
кожоюнуңдун чыдамы кетип күтүп
жатат. Бир нерсе сураса, биз
сүйлөшкөн сөздөрдү айтпа. Жөн
гана "пикир алыштык" деп гана
кой. Бар эми бара гой деп, жылмая
карап, боор тартканын билгизип
көзүн акырын жумуп, кайра ачып
койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 12:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сопу кылчак-кылчак артын карап,
сыртка чыкса чын эле эки жигит
өзүн күтүп турушкан экен. Алар
жөн эле кадырлуу кишини күтүп
турушкансып, алдынан утурлай
чыгышып, бөйпөлөкөтөп
жиберишти, жан алдары калбай:
- Сопу, сага эч катуу сөз айткан
жокпу, эмне кечиктиң?- деп суроо
берип да жиберишти. Сопу өзүн
салабаттуу тутуп, берилген
суроого шашылбай, алдыга эки-үч
кадам таштап анан:
- Мага эч нерсе болгон жок.
Мындай такыба дин адамдарынын
колунан эч качан жаман нерсе
келбейт. Баары жакшы. Жөн гана
пикир алышкысы келиптир. Баса,
силер эмне бул жакта турасыңар?
Бул берилген суроого тиги экөө
бир ооздон:
- Бөтөн эл,бөтөн жерде эмне болуп
кетет деген ойдо сенин
коопсуздугуңду сактап келдик.
Сопу бул сөздү укканда макирөө,
булганыч бир нерсени кармап
алгансып ичиркенип алды да,
жаман көзү менен карап:
- Менин коопсуздугумду бул
жерден эмес, талаа-түздөн
сактасаңар болмок. Бул киши мени
жаман ой менен чакырбаганын
өзүңөр көрүп билип туруп, бекер
убара болгон экенсиңер. Макул
эми, жүрүгүлө, азыр убакыт да кеч
болуп калды, эртерээк эс алгандай
бололу. Баса, бий азыр кайда? -
деди эле, тиги экөөнүн бири
оозунуп, оозунан бирөө сөзүн
жулуп алчудай шашып:
- Кожоюн да сени чыдамы кете
күтүп жатат. Андан көрө айтчы,
тиги киши эмне максат менен
чакырганын. Баамыбызда абдан
кадырлуу киши көрүнөт. Жөн адам
көзүнө тик карай албагандай
сүрдүү киши экен. Сопу бул сөздү
укканда азга үн катпай кадамын
алдыга таштап бара жатып:
- Ниети, пейили таза адамдар ар
дайым көзгө башкача көрүнөт. Ал
кишинин колунан эч качан
жамандык келбегени билинип эле
турбайбы. Силер мени бул жакта
сагалап күтпөгөн болсоңор,
жакшы болмок. Бир нерсе айтайын
деген, бирок силердин күтүп
турганыңардан улам сөзүн айтпай
калды деп, сөзүн туюк бүтүрүп
ойго алаксып кетти.
Чын эле бий өзү чыдамы кетип
күтүп турган экен. Сопуну
көргөндө жоодон уулун күткөн
энедей сүйүнүп кетти. Алты-жети
кадам алдыга басып утурлап тозуп
алды да, алгач оозунуп суроо
берди:
- Сопу, деги барсыңбы?! - деп. Сопу
кош көңүл башын ийкеп гана
жооп берип, кабагы салыңкы жүз
менен карады. Бий качан ичкери
киргенде гана экинчи суроону
берди:
- Деги сен ал абышка эмне максат
менен чакырыптыр? - деп. Сопу эми
гана чечилип үн катты:
- Бий, биз бул жактан тезирээк
кеткендей болушубуз керек.
Болбосо жагымсыз окуя күтүп
жаткандай белги берилиди. Тиги
киши мени бирөөнө окшоштуруп
алган экен. Ар нерсени эле
сүйлөшкөн болдук. Андан дагы ал
кишинин алдыны көрө билген
касиети бар экен. Бизди бул жакта
көпкө кармалбагыла деп айтты.
Бий бул сөздү укканда
тынчсыздана түштү. Көзүн
жүлжүйтүп бир жерди теше
тиктеп туруп:
- Сопу, сага ыракмат, менин дагы
жүрөгүм бир нерсени сезип жатат.
Буйруса, аман-эсен эл-журтка
жетсек мен, сени өз элиңе
жиберем. Сенин ак кызматыңа
ыраазымын. Адам баласы качан
болсо "болгон сайын болсо" деп
алдыга умтула берип, ач көздүктүн
айынан жашоодогу сапарын
булгап алат. Ушунча кирешеге
шүгүр дейли. Эртең жолго камынуу
керек, - деди чечкиндүү.
Бул сөздү укканда Сопу болуп
көрбөгөндөй сүйүнүп, тээ
кичинекей балалык кезин эстеди.
Туулуп өскөн айылы көз алдына
тартылып, ак мөңгү баскан бийик
тоолор, жашыл тулаңга бойолгон
жайлоо, ак калпак кийген
аталары, ак элечек кийген
апалары көз алдына элестеп,
көзүнө кубанычтын жашы келе
түштү. Бул да болсо ата мекенге
болгон кусалыктын, сагынычтын
бир гана үзүмү экенин жашырып
болбойт эле.
Сопу үчүн эми убакыттын өтмөгү
азап болду. Таң атса күн батпайт,
күн батса таң атпайт. Жүк менен
келген төөлөр артка сапар
тартканда жүктөрү жок
кадамдары тез шилтенип, жол
арбыткан болушса да, Сопу үчүн
жол арбыбай, бир жерге токтоп
калгандай сезилип баратты. Адам
баласы үчүн бир нерсеге
шашылганда убакыт токтоп
калгандай, же жол арбыбай
калары анык иш эмеспи.
Акыры күткөн кез да келип,
калмактардын жерине жетишти.
Ушуга чейин Эрдене бий баш
болуп, жүргүнчүлөр санаанын
үстүнөдө келишкени анык эле.
Мындай сар-санаанын нечендери
үйдөн чыккандан бери өзгөчө
Эрдене бийдин кан тамырында
ушул убака чейин тынымсыз
жүгүрүп турду. Анткени соодадан
түшкөн кирешени тонотуп ийүү
коркунучу бүт диттерин ээлеп
алган эле. Айткандай Пакистандын
чегинен өтө бергенде Сопу убакыт
али эрте болсо дагы, бир жерге
токтоп, ошол жерге түнөп калууну
катуу суранганда, Эрдене бий
каршы болуп жатып, кыйылып
макул болгон. Эртеси күнү эртең
менен капчыгайдын чыга
беришинен тонолгон кытай
соодагелеринин жүгүн көрүп,
Сопуга дагы бир жолу ыраазы
болуп, тилин алып, тиги жерде
калып калганына ичинен тобоо
кылган. Тонолгон жүк, таланган
төө баштаган мал көргөн көздүн
үшүн алды. Ал жүк ээлери "эрте
жарыкта капчыгайдан өтүп
кетели" деп шашып коюшкан.
Эгер Сопунун тилин албаган болсо
алардай болуп тонолуп кетиши
толук мүмкүн эле. Жүк болбогону
менен капчык толо алтын динар
бар эле, анын санаасын тартып
келе жатканда, бул көрүнүш санаа
үстүнө санаа кошуп, канаттары
болсо азыр учуп жетчү жерге
жетип баргылары келип кетти. Бул
көр дүнүйөнүн тарттырган азабы
эмей...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 12:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эрдене бий элине келгенде Сопуну
абдан катуу сыйлап оюна койду
да, сөзүнө туруп, эки апта эс алган
соң Сопуга азаттык берди.
Эки жигит ат менен узатып
чыгышты. Аттиң, Сопунун ушул
кездеги сүйүнүчүндө чек жок эле.
Артын кылчайып карабай алдыга
ат бастырып бара жатып, таттуу
кыялга жетеленди. Айткандай бул
калмактардын жери жазы
жаанчыл, көктөмү эрте келет.
Канчалык күнү-түнү менен
күргүштөп жамгыр төксө дагы
жери таштак келип, суу терең
сиңбейт. Чөбү узун эмес, кыска. Ой
кырына чыккан бетеге,
шыбактардын бою сөөмгө
жетпейт, ашып кетсе төрт эли.
Жазгысын майда малдары бат
ирденип, кыштан илбип чыккан
арык-торугу тез көтөрүлүп, куйрук
байлап эт ала баштайт. Көрсө
жери кургак анан таштуу болгону
менен кыска чөбү күчтүү болорун
Сопу кийин байкаган. Улам төш
таянып, өр тарткан чыбырларында
топ-топ болуп үркүп чыккан төө
тапан, карга тырмак, алтыгана, ак
тикен. Булар төөнүн тамагы.
Төөлөрү ошолорду жеп өркөчтөрү
жайы-кышы бирдей ийилбейт,
типтик.
Туулган жеринен, ата-энесинен
ажырап келген кезин эсине салып,
ушул басып өтүп бара жаткан
жолдордон бир кезде ыйлап өтсө,
эми сүйүнүп кетип бара жатты.
Тээтиги карарып - түнөрүп,
мунарыктап боз түшкөндөй
чамбыл тартып батыштан
чыгышты, чыгыштан батышты
карай төө өркөчтөнүп чубалжып
жаткан катмар-катмар бийик
тоолордун ары жагынан бүлбүл
көрүнүп, айчылык алыс жаткан
Кыргыз жерин көздөй жол тарткан
үч караандын бир Сопунун болгон
дитин бир гана энеси ээлеп алды.
Аттиң, бала үчүн алгач энеден
өткөн ыйык адам барбы. Мындан
канча жыл илгери эмчеги сыздап,
көзүнүн жашы кургаганча ыйлап,
ботодой боздоп калган энесинин
көзүн тирүү көрүбү, ал азырынча
табышмак. Ал эми бирге уурдалган
Байгутунун тагдырын эстегиси да
келбейт. Ошол кезде кандай
кичине болсо дагы, болуп өткөн
окуя күнү бүгүнкүдөй көз алдына
тартылып турганы турган.
Эки калмак жигит Бедел
ашуусунун туу чокусуна чейин
чейин узатып келишти да, анан
Сопу менен коштошууга туура
келди. Сопу тиги эки жигит менен
көңүл чек арасын сактап, жакшы
маанай менен коштошуп мындай
деди:
- Айдын он беши түн, он беши күн.
Мени ушул жерден кечээ жакында
эле уурдап өтүштү эле, эми минтип
кайра экөөңөр узатып келип
олтурасыңар. Ар бир адам үчүн
өзүнүн мекени "мисир" деп
айтылат. Эми биз бул жашоодо
жолугушабызба же жокпу деги
аман болгула - деп, кулакка
жагымдуу сөзүн айтты. Эки калмак
жигит Сопу минип келген атты
жетеке салып кеткени жатышып,
кош көңүл гана коштошкон
болушту. Аткени баары бир
алардын көкүрөгү, ой тилеги
кыргыз үчүн ачылбасы ушул
жерден дагы бир жолу билинип
калды. Эки жигит жанынан узап
кеткен соң, колундагы таягы менен
чийип "ушул чектен бери өтпөй
калгыла" деп калмактарга болгон
өчүн, өзү сызган чийин менен
алгандай болду. Бул чийген чийин
өз таасирин берип, чын эле
ошондон кийин калмактар кыргыз
жерине кол салгандан коопсунуп,
ашуунун башынан бери өтпөй
калган экен. Балким Сопунун ичине
толгон кеги, өчү ошол чийин менен
чектелгенби, аны ачык айтып
болбойт.
Ооба, адам баласынын жүрөгү
көңүл сүйбөгөн нерсеге багынбайт.
Сопу канча жыл калмак жеринде
жашап, алардын даамын сызганы
менен көкүрөгүн өйүгөн нерсе
мекенине кантип жетүү болду.
Болгон ой тилегине жетип минтип
Бедел ашуусунун чокусунда туруп,
Кыргыз жерин карап көзү тойбой
турду. Дүйнө жүзү көзүнө кооз
көрүнүп, жашоо кызык сезилди.
Суу менен абасы, жаратылыштын
кооздугу болгон бак-шагына,
карагай-кайыңына, тоо-ташына
бай кыргыз жерине эч жерди
теңебей көзү тойбой карап туруп,
көзүнө дагы жаш алды. Аттиң,
туулган жердин топурагы,
карааны эле эмне деген кооздукту
тартуулайт. Сопу кеминде эт
бышым убакыт туу чокуда туш
тарапка көз жүгүртүп туруп, качан
гана күн ылдыйлай башташанда
таягын колуна алып ылдамдап
басып жөнөдү.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Musabaeva   22 Февраль 2016 - 17:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 930
  • Катталган: 26 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 21 Апр 2016 13:19

Эээх Сопуга уйку дары берип койгон жеринде аябаааай ыйладымго ((((
Жазып жаткан авторго ыраазычылык билдирем, чыдамсыздык менен кутуп калам уландысын!
Наалат болсун ушундайда саран болобу а атты оздору менен ээрчитип кетишкенин тоба кылдым, Сопуга жаман боорум ооруп жатат, келечек жашоосун ойлоп :cray:

Билдирүүнү түзөткөн: Musabaeva: 22 Февраль 2016 - 17:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 18:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Күндүн кызылы тээ алыскы тоо
чокусуна бүгүнкү сапарым карыды
деп батып бара жаткан кезде, Сопу
кырка тигилген ак боз үйлөрдүн
четки үйүн көздөй кадамын бурду.
Боз үйгө жакын жерде эки тайган
тумшуктарын колтуктарына катып,
тоголоктошуп жатат. Сопу көлөмү
чоңураак келген четки үйгө кирди.
Коломтого жакын кире бериштеги
сол капшытка салынган үч бүктөм
кара көлдөлөңдүн үстүндө
башында апаппак топусу бар,
толгураак келген манаттай кызыл
киши малдаш токунуп олтурган
экен. Сопу дароо ойлоп койду,
"жашы улгайып калган өңдүү" деп.
Бирок өзүнө жарашыктуу сыйда
сакалы, субагай тарткан кер
муруттарынын ак чалганы
байкалбайт. Бетинин эч бир
жеринде бырыштын белгиси жок.
Чачын такырайтып алдырып
койгон, бакырайган эки көзү
илбирстикиндей күлүңдөп, от
болуп күйүп турат. Кокус кыжыры
келип теше караса көзүнүн курчу
адамдын шилисинен чыга
түшчүдөй. Мүнөзүнө караса өмүрү
жамандык көргөн жан эместей.
Деги эле бул кишиге карылык үч
уктаса түшүнө кире тургандай
эмес. Сопу салам айтып кирип
келгенде, саламды алик алып:
- Кел, төргө өт! - деп, колу менен
жүк тарапты көргөзүп, жүзүн
буруп койду да, өзү олтурган
ордунан солк этип да койгон жок.
Аңгыча сырттан неченчи аялы
экенин ким билет, тиги кишиге
караганда өтө эле жаш, жыйырма-
жыйырма беш жаш чамасында
болсо керек, бою шыңга, тараз
келген, артык баш эти-жөнү жок,
өңдүү-түстүү, карагаттай
көздөрүнөн жаштыктын оту
ойноп, караганда жалын чачып
турганы байкалып турду. Жаш аял
кыймылдаган сайын шарактап
чолпудан үн чыгып, жаштыктын
илеби сезилди. Буга чейин үн
катпай олтурган тиги киши өзү сөз
баштады:
- Жол болсун баатыр, алыстан
келе жаткан түрүң бар? - деди, сөз
улап. Сопу канча болду, нак
кыргыз тилинде сүйлөнгөн сөздү
укпаганына. Берилген суроого
кыска гана минтип жооп берди:
- Калмак жеринен келе жатам, -
деп. Тиги киши көзүн ирмем, чоң
ачып тигиле кадап:
- Кебетеңе караганда илгери
уурдалып кеткен балдардан
окшойсуң. Тилиң бурулуп
калыптыр, калмактардын тилине.
Сопу тиги кишинин
баамчылдыгына баа берип, азга үн
катпай туруп:
- Туура баамдадыңыз. Кичинемде
калмактар уурдап кетип, бүгүн
башыма азат берип, Беделдин
ашуусуна чейин узатып келип
кетишти. Биринчи көргөн кыргыз
улутташым сиз болдуңуз. Макул
көрсөңүз бүгүн конуп кеткенге
уруксаат бериңиз. Таң эрте жолго
чыгып, ата-энемди издейм, - деди.
Тиги киши сынай карап, бир топко
туруп:
- Кайсы элден болосуң, кайсы
жерди жердеген ата энең? - деп
сурап, кызыгуусу арта карап.
суроолуу тигилди. Аңгыча сырттан
эки карыя кирип келип калды.
Сопу олтурган ордунан тура калып
салам берип, ызаат көргөздү.
Аңгыча чыгдан жактан жаш аял
чырак күйгүздү. Анткени боз үйдүн
ичин караңгылык каптап, көзгө эч
нерсе көрүнбөй бара жаткан. Тиги
эки карыя берилген саламды алик
алышып, суроолуу карап коюшту
"сен кимсиң" дегенсишип. Сопу
ашыкча сөз сүйлөбөй, тиги эки
кишинин кийген кийимине көз
жүгүртүп, кызыга түштү. Анткени
баштарына кийген калпак көзүнө
жылуу учурап, укмуш кызык
көрүнүп кетти. Сопу үй ээсин карап
калды, сиз бирдеме деңиз
дегенсип. Эки карыя төрдөн орун
алып олтуруп жатып:
- Садык, баягы кеткен балдардан
эч дайын билинбейт да, балким
артынан издөө жиберсек кандай
болот? - деп келген жөндөрүн
айтышты. Тигилердин сөзүнөн
улап Сопу үй ээсинин ысмы Садык
экенин билди. Садык жактыра
бербеген түр көргөзүп:
- Бүгүн түнү келишпесе, эртең эрте
издетели. Ушул караңгы түндө ким
кайдан издемек эле? Бул сөздү
укканда тиги экөөнүн
сакалдуурагы:
- Ооба, бүгүн түнү күтөлү, болбосо
эртең эрте жолго чыкпасак
болбойт го? - деп күнөөлүү
кишидей сөзүн кыска бүтүрдү.
Сопу сөз эмне жөнүндө болуп
жатканын алдына ала билип:
- Менин баамымда силердин
жигиттер калмакка жылкыга кетсе
керек. Мен эртең менен жолго
чыгып, Бедел ашуусунун аркы
бетинен үч жигит жылкы айдап
келе жатканын байкадым. Алар
бизди көргөндө, жылкылардын
башын такыр башка жакка
бурганын көзүм чалды.
Жанымдагы эки калмак жигит
аларды байкадыбы же жокпу аны
элес албай калдым. Буйруса бүгүн
түнү келип калышары толук
мүмкүн. Алардын кыймыл
аракетеринен шашкан түрлөрүн
байкагам. Баамымыда эки үйүр
жылкы айдап алышкандай.
Бул сөздү укканда Садык сөзгө
кошулду:
- Жылкыларды кайсы тараптан
айдап келе жатышты эле? - деп.
Сопу берилген суроого такалбай
жооп берди:
- Кашкар тараптан келе жаткан.
Алар дароо жылкылардын башын
коктунун ичин көздөй бурганда,
мен аларды калмактын жигиттери
го деп ойлоп койгом. Азыр
силердин сөзүңөрдөн улам,
кыргыздар экенине ишеним артып
айтып жатам. Бирөөнүн минген
атынын өңү боз боло тургандай
көрүндү.
Бул сөздү укканда тиги эки
кишинин бири:
- Анда алар биздин балдар.
Жуманын минген аты баягы
үйүрдөгү боз айгыр эмес беле - деп
сөз улады эле, Садык:
- Жума кызык неме го. Ошондой
ишке дагы көзгө илине турган
өңдүү ат минеби, ал болгон
калмактардын көзүнө чалдыкты
да, аныкы туурабы эми?! - деп,
ачуулуу үн катты. Бул берилген
суроого эч ким жооп айта алган
жок. Сопу бир саамга үнсүз туруп:
- Сиздер эч кам санабаңыздар, таң
эрте жылкыга кеткендер бул
аймакта болушат. Аларды убара
кылган үйүрдөгү жылкынын
айгыры жолтоо болуп, жолдун
арбышына тоскоолун тийгизип
жаткандай.
Ишенимдүү анан көрүп-билип
тургандай айтылган сөзгө тиги
үчөө таң калып калышты.
Манаттай кызыл киши сөздү бөлүп:
- Я бала, сен көрүп тургандай
айтып жатасың, деги сенин айтып
берүүчүң барбы? Эгер сенин
айтканың чын чыга турган болсо
мен ата-энеңди, айылыңды таап
бергенге жардам кылам. Деги
айтчы, бир нерсени билип айтып
жатасыңбы же болжолдоп үйгө
түнөп кетүүнүн амалы кылып
жатасыңбы? Бул айтылган сөз
Сопуга анча жага берген жок.
Бирок берилген суроого өзүн
сабырлуу тутуп, ишенимдүү жооп
берди:
- Садык, байке мен болжолдоп
эмес, так айтып жатам. Анткени
менин көзүм чалды да аларды. Ар
бир адам көргөн нерсеге алгач
жакшылап баам салыш керек. Тиги
үч атчан атка тың, өздөрү чыйрак
жигиттер экенин алыстан көрүп
эле билгем. Бүгүн түнү келет деп
ишенимдүү айткан кебиме ишене
бергиле. Алар күндүз көздөн
далдоо болуу үчүн коктуга
жашынууга бел байлашты. Эми түн
кирип, эл орунга олтуруп ай
чыккан кезде, айдын жарыгы
менен ашууну ашып алышса,
калмактардын куугунунан кутулду
деп айтсак болот.
Садык дагы таң калып:
- Сен бала жөн бала эмес
окшойсуң. Айткан сөздөрүңдө эч
кынтык жок. Ооздон чыгып кетти,
эгер алар таң атканга чейин
келишсе анда сен, менин кадырлуу
коногум бол. Анан мен ата-энеңди
таап бергенге милдеттүү болоюн.
Айткан кебиң тетири чыкса, анда
күнөө сенде болсун.
Бул айтылган сөзгө тиги эки киши
да кошулуп чокчо сакалчан, кара
киши:
- Сенин оозуң жакшы экен. Жакшы
кабар айткан кандай жагымдуу.
Эми өзүң жөнүндө айтчы, кайсы
элден, кайсы жерден болсуң? -
деди. Күтүүсүз берилген суроо
менен сөз такыр башка нукка
бурулуп, Сопу өзү жөнүндө кенен
токтолуп айтып берди эле, үй ээси
бир нерсени эстегендей маңдайын
теше тиктеп:
- Мен эми эстедим. Сен жоголгон
кездерде, чарчаңкы келген эки
киши артыңдан издеп барып
"калмактардан келе жатабыз" деп,
мында бир күн түнөп кетишкен
эле. Ай, атың өчкүр, тилимдин
учунда эле турат, сени издеген эки
кишинин ысмы. Эсен беле негизи
"эс" менен башталган ысым болучу.
Андан бери канча жыл өттү деп
түкшүмөлдөдү. Сопу дароо сөзгө
кошулуп:
- Менин атамдын ысмы Эсет, кичине
болгонум үчүн жеримди жакшы
биле албай калдым, - деди. Сөзгө
кошулбай олтурган эки карыянын
бири:
- Балам, оозуңда сөзүң бар, сөз
атасы болчу бала экенсиң. Жөн эле
кулакта калчу сөздөрдү айттың.
Бул калмактардын жүзү курусун.
Ошол сен уурдалган кездерде
канчалаган ата - энелер сыздады,
балдарын ууртатып. Мал уурдалса
да эч нерсе эмес, кара чечекей
бала уурдалганды жан адамга
бербесин. Биз күтүп жаткан
жигиттер, кечээ жакында
калмактар тийип кеткен
жылкыларды кайра кайрып
келгени кетишкен. Булар бизди
тынч жашатпай калышты. Сөз
уланып жатканда тасмал
жайылып, булоолоно бышкан
койдун эти келди. Курсагы
ачканын Сопу тамакты көргөндө
сезди. Элпек кыймылдаган жаш
аялдын чач учпагы кулакка
жагымдуу угулуп, боюн сыпаа
тутуп, алгач сорпо куйду. Садык,
бир чыныдан сорпо ичилгенде:
- Сопу, эч кам санаба. Эми эстедим,
сени издеген эки кишини. Эсет
деген киши менен Марка деген
иниси болсо керек эле. Уруубуз
Азык дегендей болду беле… Бул
сөздү айтып "туура айттымбы"
дегенсип карады эле, Сопу:
- Мен чынын айтсам көп нерсени
биле албай калдым. Атамдын
иниси Марка экени эсимде. Бирок
уруум "Азык" экенин так биле
албайм. Жаш сорподон ууртап,
ысык эттен кесип оозуна салып,
чайнап болгон соң:
- Садык байке, бул жалганда
баланы ата менен энеден
айрыбасын. Азыр канатым болсо
айылыма учуп жетким келип турат.
Дегеним, мен үчүн энемдин чеккен
азбын эстеп алып азыркыга чейин
чийки май жегендей болуп жүрөм.
Мындан аз күн илгери бир балага
жолуктум. Ал дагы мендей болуп,
бала кезинде уурдалып барыптыр.
Жаман жери атасы менен энесинин
ысмын так биле албай калыптыр.
Болгону өзүнүн ысмы Бактыбай
экенин билет да, ал жактан
калмактар башка ысым коюп
алышыптыр. Азыр калмактар
койгон ысым менен жүрөт деди
эле, кара киши сөзгө кошулду:
- Ал баланын атасын сураштырып
көрүш керек. Көбүнчө ошол
кездерде Кемин тараптан балдар
көп уурдалган.
Сопу курсагына бир нерсе
баргангабы, шайы кетип уйкусу
келе баштады. Кечке жол жүрүп,
жол арбытып алуу үчүн катуу
басканга, чарчап турган эле. Адам
баласы катуу чарчаганда
сүйлөгүсү дагы келбей калат
эмеспи. Тамак желип болгондо,
Сопу ошол олтурган жеринде
олтурган бойдон үлгүрөп кетти.
Баятан бери жакшы сөздөрдү
айтып берип олтургангабы, үй ээси
да тим койду. Качан гана үй
ээсинин жаш аялы элпек кыймылы
менен төшөк салганда, алиги
кызыл жүздүү киши:
- Эс ал, катуу чарчаган түрүң бар, -
деп түртүп ойготту. Сопу сыртка
чыгып келип, төшөккө баш коёру
менен көшүлүп уктап кетти. Кантсе
дагы көптөн бери "өз элиме
барсам" дегенде ак эткенден так
эткенгеби, эмнегедир өз үйүнө
келгенсип, эркин сезип кабагы
ачык болду. "Элин сагынбас эр
болбойт, үйүрүн сагынбас ат
болбойт" дегендей, Сопу тестиер
бала кезинде кетсе дагы мекенине,
элине келгенге өңү өзгөрүлүп,
жүзүн нур чайып, кубанычы
койнуна батпай мемиреп, тынч
уктады.
Эртең менен таңга жуук аттардын
кишенелегенинен улам ойгонуп
кетти. Кечинде Сопу айткандай
жылкыга кеткендер келишкен
экен. Алгач үй ээси кийимин чала
кийген тейде сыртка чыгып, бир
топко кармалып анан кайра кирип,
аялына кайрылды:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 18:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

- Гүлүм тур, конок баланын
кечинде айтканы туура чыгып,
жылкыга кеткендер келишиптир,
"тамагыңды даярда" деп буйрук
бере сүйлөдү. Бул үй тиги кишинин
токол аялынын үйү болсо керек.
Анткени ортолорунда бала жок,
анан дагы үй ичиндеги буюмдар,
салынган төшөктөр жаңыдай
сезилди. Балким жаш аялдын себи
жаңы келгенби, аны так айтып
болбойт эле. Кобур үндөн Сопу
ойгонуп, кийине баштаганда үй
ээси:
- Коногум, кечинде айткан кебиң
айтканыңдай келди. Бүгүн сен
менин сый коногум болгону
калдың. Баарынан да сен түндө
уктап жатканыңда, эмнегедир мага
бир сыр көрүндү. Аны анан айтам,
азыр сыртка чыгып кел. Ага чейин
үй ичи жыйналсын. Сопу эч сөз
айтпастан сыртка чыкты да, жаңы
атып келе жаткан таңкы
көрүнүшкө суктана карап, күн
чыгыш тараптан көзүн албай
турганда жанына жылкыга кеткен
үчөөнүн бирөө келип салам берип
калды. Сопу берилген саламды
алик алып, тиги жигитти башынан
бутуна чейин сынай карап:
- Кечээ силер бизден бекер
корктуңар, - деди. Тиги жигит эч
нерсеге түшүнө албай калды да:
- Качан? - деген болду. Сопу болгон
ишти болгондой айтып берди эле,
эми гана эстеп: - Биз силерди
калмактын жигиттери экен деп
ойлоп, бети тик коктуга
жылкыларды салып алып, катуу
кыйналып калдык. Андан дагы
айгыр абдан чалпоо экен. Биз
жаңыдан коктунун кырына чыккан
кезде, ат жетелеген эки жигитти
көрүп, дагы жашынганга аракет
кылдык эле, экөө бизге көңүл
бурушкан жок. Сопу кабагын
чытып:
- Бекер кылдыңар, качанкыга
чейин жылкы тийген адат уланат
болду экен? Бирөөнүн ак эмгек
менен баккан малын уурдай
качкан менин жеке оюмда туура
эмесирээк. Бул сөздү тиги эки
жигит жактыра берген жок. Бою
узун, бет сөөгү жайыгыраак келген
жигит:
- Алар биздин жылкыларды
уурдай качкан үчүн, биз дагы
аларга жооп бердик. Эмне
калмактарга жарашып, бизге
жарашпайт экенби? Тээ атам
замандан бери кыргыз менен
калмак сөөк өчтү душман. Бир ай
илгери эле биздин жылкыларды
тийе качышкан. Сөз ушул жерге
келгенде үй ээси жакын келип
калып, үзүлүп калды. Сопу дале
болсо айлананы моокуму канбай
карап, колдон келсе жолго эрте
чыгууну көкүрөгүндө эңсеп турду.
Садыктын кабагы ачык. Анан эмне
кылат. Бекер байлык, үйүрү менен
жылкылар эшигинин алдына
келип жатса, кабагы ачылбаганда.
Тим эле тиги үчөөнө үйрүлүп
түшүп, суроо үстүнө суроо берип
үлгүрбөй жатты. Таңкы наарга
жаңы олтурушканда кечиндеги
эки абышка дагы келип калышты.
Алардын дагы чечкейлери чеч
болуп кубанып алышкан. Бир
кезде чокчо сакалчан абышка:
- Конок бала, кандай эс алдың? -
деп көңүл бурган болду. Сопу
башын ийкеп:
- Абдан жакшы эс алдым. Буга
чейин "мекенге кетем" - деп дегдеп
алганга уйкум качып, түн
жарымына чейин ойго жатчу элем,
түндө катуу уктап калыптырмын, -
деген болду. Жаш аял көзүнүн
кыйыгы менен карап, чай куюп
берип жатып, сөз тыңшап олтурду.
Жылкыдан келген жигиттер
баштарынан өткөн окуяны узун
сабак кеп кылып айтып берип
олтурушту. Баарынан дагы чалпоо
айгырдын ордуна башка айгыр
салбаса, кайра жерине качып
кетээрин дагы кеп кылышты.
Сопу таңкы наардан кийин эле кете
берүүнү өтүндү эле, кызыл жүздүү
үй ээси:
- Бүгүнчө мында калып эс алып,
өргүү ал. Эртең ат менен өзүм сени
узатып коём. Баардык нерсенин
өзүнүн учуру келет. Андан дагы
оозумдан чыгып кетти, азыр мал
союлат, конок бол. Сопу алты
айласы кетип араң макул болду.
Бир чети үй ээсинин жакшы тилек
менен айткан сөзүн кыя алган жок.
Жылкынын ичинен тулуптай семиз
бээге бата тиленди. Аттиң, мал
музздалып жатканда Сопу дагы
ойго алаксып кетти да, олдоксон
кыймылдаган жиниттин жанына
келип:
- Сиз абайлабасаңыз, колуңузду
кесип аласыз. Деги байкасаңыз деп
эскертүү берип нары басты да,
агып жаткан сууну тигиле карап
туруп ичинен ар нерсени ойлоп
"суу адам өмүрү" -деп, суу
жөнүндө ичинен бир топ ырдын
саптарын кайрыган болду. Аттиң,
эгер колунда калеми жана кагазы
болгондо, анда жакшы ыр
саптарын жаратат беле ким билет?
Аңгыча эле алиги бала колун катуу
кесип алды. Сопу ичинен өкүнгөн
болду "азыр эле эскертпедим беле"
деп.
Бул күнү Сопу үчүн убакыттын
өтмөгү азап болду. Убакыт чоң
шашкеден оогондон кийин эт
бышты. Сопу карылардын
арасынан орун алып олтуруп, сөз
улап калды:
- Карагылачы, Ысык-Көлдүн
караанын. Ушундай көзгө сүйкүм
көрүнгөн көл кайсы элде бар?
Көлдүн карааны эле жерибиздин
сулуулугунан белги берип турат го.
Бул жалганда адам баласы көп
нерсени учурунда биле бербейт.
Керек болсо ар бир өтүп жаткан
убактыбызда, бакыттын бир үзүмү
катылып жатат. Ошол бакытты биз
качан гана өтүп кеткенде баалап
калабыз.
Тээ илгери бир кары киши болгон
экен. Ал киши күн эстеп жаткан
калыбында жаш кезин эстеп, ошол
жаш кезиндеги бактылуу
күндөрдүн ушундай тез өтүп
кеткенине кейип олтурса, жанына
баласы келип:
- Ата сизге эмне болду? Деги эле
кабагыңыз ачылбайт десе, карыя
минтип жооп берген экен.
- Балам сен дагы карыйсың.
Ошондо билесиң жаш кезиңдин,
бактылуу күндөрүңдүн өтүп
кеткенин. Карылык келгенде бул
жашоонун оюну кызыксыз болуп
калат тура. Эгер азыр жаш кезимди
кайра кайрып берген болсо, анда
баары башкача болбойт беле.
Адам баласы ар бир өтүп жаткан
убакытты туура пайдаланып
калганы дурус, - деп айтканда,
баласы айтылган сөздүн тереңине
маани берген эмес экен. Кийин
бала карып атасындай болуп боз
үйдүн капталында күн эстеп
жатып, атасынын айткан сөзүн
эстептир. Көрсө карылык келгенде
дене муздап, күндүн жылуулугун
эңсеп калат тура. Минтип айткан
сөзүмдүн себеби, тиги боз үйдүн
капталында күнөстөп жаткан
карыяны көрүп айтып калдым.
Төрдө олтурган кара киши:
- Ал киши азыр бул жакка олтура
албайт. Тамакты да мүнөздөп ичет,
- деди актанып. Бул сөз менен ал
карыя тиги кишинин атасы экенин
Сопу айттырбай билди да, ичинен
ойлоп койду "сен дагы атаңдай
болуп карыйсың, ошондо
түшүнөсүң атаңдын азыркы
абалын" деп.
Эртеси таң эрте Сопуну узатып үй
ээси өзү чыкты. Анткен менен
сөзүнө туруп, жеткирип келүү
үчүн камынып чыккандай түр
көргөздү. Жолдо ката улам
жолуккан кишиден сурап жүрүп
олтурду "Азык уруусунун эли
кайсы жерде жайгашкан" - деп.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 18:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ата - эне үчүн бала канча жашка
чыкса дагы, бала бойдон калары
эч шексиз. Арадан канча жыл өтсө
дагы Аксаамайдын эсинен уулу
Сопу кеткен жок. Дайыма көз
алдына уулунун уурдалып бара
жатканы элестеп, көзүнө жаш
алып жашып алган адатка
айланган.
Кечинде кеч жаткангабы таңга
жуук эмнегедир чочуп ойгонуп
кеткен Аксаамайдын көз алдына
уулу тартылып, аны дагы ойлоп
жатып бир кезде көзү илинип
кетти. Таңкы татуу уйку кандай
адамды өзүнө тартат. Аксаамай
таттуу уйкунун кучагында жатып
түш көрдү. Ушунчалык аз
убакыттын ичинде, түшүнө уулу
кирди. Сопу келишкен жигит
болуп чоңоюп, астананы аттап
кирип келе жатканын кадимкидей
көрдү. Ал турсун экөө кучакташып
көрүшүп жатышкан экен. Жаңы
гана уулунан "кантип келип
калдың?" деп сурап жатканда,
күйөөсү Эсет ойготуп жиберди. Эх,
жакшы түш көрүп жатканда
ойгонуп кеткен кандай жагымыз
окуяны тартуулайт. Аксаамай
кабагын чытып:
- Азыр турам, - деп жооп берип
коюп, кайра көзүн жумду, алиги
түшүн кайра көрү үчүн. Бирок бир
кирген түш кайра кайталанбайт да.
Канчалык көзүн жуумп уктаган
менен түшүнө уулу кайра кирген
жок. Алиги көргөн жакшы түшү
кайталанбады. Бул кезде күндүн
башталышынан белги берилип,
жарыгын чачып күндүн нуру тоо
башынан кылтыйып калган.
Аксаамай сыртка чыгып, Сопу
уурдалып кеткен күн чыгыш
жакты карап туруп калды. Аттиң,
эненин тилеги ай, бул жашоодо
балага болгон эненин тилегиндей
тилекке эч нерсе жетпейт го
чиркин! Бир кездеги беш-алты
жаштагы уулу уурдалып кетип
бара жатканы көз алдына
тартылып, көзүнө чолок жаш келе
түштү. Буга чейин курган эненин
көзү канча жолу тузу ачуу ысык
жашка батпады. Эх, эне ай! Анан
кантет. Алтымыш тамыры, ак сүтүн
берген эмчеги зыркырап, канча
какшанып ыйлабады. Бирок үмүтү
али күнчө акталбай келе жатканы
кайран энени дале болсо ойго
салып келет. Аңгыча жанына
күйөөсү Эсет басып келип,
каруудан алып:
- Ой, сага эмне болду деги? Таң
атпай жаман жорукту баштап эмне
ыйлап жатасың, дени кардың
сообу?! Аксаамай эми гана эсине
келип, жең учу менен көзүнө
келген жашты аарчып:
- Эмне болмок эле, баягы эле
Сопумду эстеп кеттим. Эмнегедир
эле күн чыгыш тараптан келип
калчудай сезиле берчү болду, -
деди эле, Эсет кантсе дагы эркек
эмеспи, теңелгиси келбей:
- Келсе эмгиче келмек да. Аны эстеп
эмне кыласың, унутчудай деле
убакыт өттү го. Андан көрө
уйларыңды саап, ишиңди кылчы,
болбогон нерсени айтпай. Ансыз
деле азыр убакыт тар болуп жатат.
Бүгүн чоң жыйын болот имиш,
малды жайытка чыгарып коюп,
жыйынга барам. Кечинде конок
келип калышы да мүмкүн.
Марканын кечинде келгенинин
себеби, биздин урууну дагы конок
алгыла деп айттырыптыр, болуш.
Элден калбай конок алса алып
коёлу. Коноктун келип турганы
жакшы. Баса, мал жайытка чыгып
кете электе бир кой кармап
калалы. Аксаамай эми сөзгө
кошулду:
- Жайыт жакын эмеспи, мааратып
алып калбай эле кой. Балдар ат
менен барып өңөрүп келе коёт.
Эсет бул сунушка макул экенин
билгизип сөзгө келбей, тушалып
оттоп жүргөн атын көздөй басып
кетти. Бирок ичинен күмөн ойго
кабылды. Мунун себеби канча жыл
өтсө дагы Аксаамайдын жоголгон
уулунан күдөрүн үспөй жүргөнү,
жакшылыктын белгисин берди.
Анткени "эненин жүрөгү эч качан
алдабайт" деген ойго такалды.
Мал жайытка чыгып, самоор
кайнап, таңкы наарга
олтурушканда Аксаамай чай ичип
кыдыракей олтурган балдарына
көз агытып карап алып:
- Кап, эгер Сопум уурдалбаган
болсо, араңарда олтурбайт беле…
деп, төрдө олтурган Эсетти карап:
- Эртең менен сен мени такыр туура
эмес учурда ойготтуң. Түшүмө
уулум Сопу кирип аны менен
учурашып, кучагыма кысып
алыптырмын, бир сөз айтканы
жатканда анын сөзүн укпай
калдым. Бир нерсе айткыча болбой
ойготуп жибербедиңби. Балким
"келип калабы" деген дагы ой
пайда болду. Ал кадимкидей
астананы аттап кирип келди.
Байкушум чоңоюп калыптыр.
Эсет бул сөздү укканда:
- Келип калса гана атаганат.
Ылайым көргөн түшүң төп келип
калса экен. Сен эмес кээде мен дагы
аны эстеп алган адат таап алдым.
Сөз ушуну менен уланып,таңкы
наар кантип желип, болду эч
кимиси билбей калды. Атаганат,
үй-бүлөө толугу менен тамактанып
олтурганда жакшы сөздөрдү
сүйлөшүп олтурган кандай
жакшы. Бул үй бүлөө үчүн
жоголгон уулу, табылып
калгандай элес берилди. Анткени
бир гана Сопу тууралуу сөз
болбодубу. Бир туугандар дагы
жоголгон Сопу жөнүндө сөздү
ынта коюп угушуп маанайлары
ачык, маңдайлары жарык эле.
Аңгыча сырттан аттардын дүбүртү
чыгып калды. Эсет сыртка чыкса
агасы Бекечал, иниси Марка дагы
эки-үч киши келишкен экен. Булар
боло турган жыйынга чогуу баруу
үчүн атайын Эсеттин үйүнө
кайрылышкан болучу. Ат үстүнөн
эле нан ооз тийишип, жолдорун
улантышты. Даяр болуп турган
Эсет мамыда байланып турган
атына минип, артынан жөнөдү.
Таңкы жел акырын согуп, жаңы
гана көтөрүлгөн мемиреп тийген
күндүн нуруна маашырлана
кебелбей жай бастырган
атчандардын ортосунда анча деле
сөз уланбай, ар кимиси өз ойлору
менен алек болуп баратышканда,
суйдаң сакалы ээгине жарашкан,
азык уруусунун жакшысы аталган
Түгөл карыя катар бастырып келе
жаткандарды сыдыра карап алып:
- Азыр биз жыйынга барганда сөз
кызып калган кезде, баягы
жоголуп кеткен балдарды
калмактардан кайрып келүү
маселесин козгойлу. Канча убакыт
өттү, бирок эркек уул баары бир
аман болсо өз элин сагынбай
койбойт. Эсет, сага айтаарым, бул
маселени сен козго, калганын мен
улап кетем. Жакшыбай атабыз да
карып, жыйынга бара албай
калды. Ал болгондо манаптарды
тике карап эле айтып, жардам
сурамак. Буга чейин бул сөздүн
козголбогонун жана эмне үчүн
толгондон бүгүн бул сөздү айтып
калганына алгач Эсет таң калып,
суроолуу карады эле, Түгөл карыя
Эсеттин оюн билгенсип:
- Эсет, менин баамымда сенин
уулуң аз күндө табылып калышы
толук мүмкүн, - деп айтып, кайра
сөзүн токтотуп аттын жалына
тигилди. Эсет үмүт менен көзүн
бакырайта карады. Катар баскан
аттардын добушу эле кулакка
угулбаса, айлана тынч. Бир гана
Эсеттин көңүлү алып учуп, жакшы
кабар уга таргансып сырын ичине
катып, жаңыртып суроо бергенден
жазганып, жөн туруп эле минип
бара жаткан атын теминип алды
да, кайра тайсалдай түштү.
Анткени темингенде аты алдыга
озо түшкөн эле. Түгөл карыя бир
топтон кийин гана кайра сөз
козгоду:
- Баарыңар угуп койгула, эмне
болгон күндө дагы калмакка
ишенбегиле. Алар канчалык эл
болуп беребиз деген күндө дагы,
дилин беришпейт, кыргызга. Оңуту
келген жерден жамандыгын
бүкмөлөп жасай беришет. Уктуңар
беле, кайсы улут энеден баланы
ажыратып, уурдай качканын? Бир
гана калмактар ушул адам колу
барбаган ишке барып, канчалаган
ата менен энени сыздатышты.
Ушул жыйында бул маселени
козгоп, жакшылар менен чечишип
келбесем. Минтип айтканымдын
себеби, жакында Сарытай деген
баатыр калмактарга барып, малай
болуп жүргөн кыргыз балага
жолугуптур. Ал бала кичинесинен
уурдалып кетип, атасынын дагы
ысмын билбей калыптыр. Бул
жакка алып келе берейин деген
экен, бирок тили дагы бурулуп
калган экен. Курган бала өзү да
кетенчиктеп коюптур. Бул сөздү
укканда Эсеттин денеси калтырап,
өңү бузула түштү. Анткени тиги
кишинин айткан сөзү эски
жарасын козгоду. Түгөл карыя
сынай карап алып:
- Эсет, сен бул айтылган сөздү
өзүңө алба. Менин угушума
караганда сенин уулуң аман-эсен
экен. Калмактардын билерманы
сенин уулуң менен гана кеңешип
иш кылат имиш. Анткени уулуң
абдан акылдуу анан тигилердин
билерманынын тилин таап алган
өңдүү. Бул сөздү угуп Эсеттин дагы
эси ооп калды. "Мунун баарын
кантип угуп, кайдан билип алды?" -
деген суроого жооп таба албай
турганда Түгөл карыя:
- Эсет, азырынча бул сөз ушул эле
жерде калсын. Аныгын толук
билген соң, мен сага баарын айтып
берем. Ар бир адамдын жаман
сапаты жана жакшы жасаган иши
эч билинбей элге жетип турат.
Сарытай баатырга калмактардын
бир ачык оозу айтыптыр "биздин
билерман биз менен эмес,
буруттардан уурдалып келген
баланын сөзүн угуп, башы
айланып калды. Бирок ал баланын
өнөрү күч. Сынчы анан дагы
алдыны көрүп билгендей айткан
сапаты бар. Эч жерде окубай туруп
окуганды үйрөнүп алганы да,
бизди ойго салып келет" деп
айтыптыр. Ал баланын ысмын
сураса айтпай коюптур. Менин
баамымда ал бала сенин уулуң
Сопу. Сөз ушул жерге келгенде
Бекечал сөздү бөлүп:
- Ошол бала сиз айткандай биздин
бала болуп калса, анда өзүбүз эле
издеп барып дайынын билип
келгенибиз оң эмеспи, манаптарга
догурунбай. Түгөл карыя тиги
кишини жактыра бербей,
үшкүрүнүп, күйшөлө түшкөнүнөн
улам Бекечал өзүн күнөөлүү сезип,
ат жалынан көзүн албай катты да
калды. Сакалы суйдаң тарткан
Түгөл карыянын каржалган, үшү
кеткенсиген кейпи бир саамга
катар бастырып келе
жаткандардын зээнин кейитти.
Түгөл карыя өз керт башынын, үй -
бүлөөсүнүн түйшүгүн тартып
жүргөн адамдардан эмес. Дилинде
кайраты ташкындаган, максатчыл,
тынч жатып куунак өмүр сүрүүнү
жактырбаган, сергек адам. Ошол
сапаты болгон үчүнбү минтип
жыйынга баруу үчүн эрте
камынып, инилерин ээрчитип
жолго чыгып олтурат го. Бир кезде
капталын кыйгач карап:
- Бекечал, мен бекер жерден
манаптарга чоң жыйында "бул
жөнүндө сөз козгоюн" деп айтып
жаткан жокмун. Алар эл бийлеп,
жакшы аталып жаткан соң, бул
маселе боюнча маалыматты
билгендери жакшы эмеспи. Ал
жакта бир эле биздин бала бар
экенби. Толуп жатат эл, жери
көздөрүнөн учкан кыргыз балдар.
Бир чети Түгөл карыянын айткан
сөзүн эптүү көрүшүп бул жолу эч
кимиси сөз кайрып айтышкан жок.
Жыйын кичи шашкеде башталды.
Эл көп келгенин ушундан улам
билсек болот, жүз баш үйдөн эле
жүзгө жакыны тигилип, келген
коноктордун аттары эки
чакырымдай жерге желеге
байланган кулундай тизилип
турушту. Жыйынды сөзгө чечен,
сөз атасы аталган Шамен баштады.
Сарыбагыш, Солто, Азык, Бугу,
Саяк, Черик урууларынан келген
атуу-баштуу кишилери сөз алып
сүйлөп, ар тараптуу кеп-кеңештер
айтылды. Бир кезде Түгөл карыя
жарыш сөзгө чыгып, өзүнүн оюн
ортого салды эле, бул сунуш абдан
маанилүү анан таасирлүү болду.
Ал турсун уурдалып кеткен
балдарды кайра кайрып келүүнү
дагы негизги жасала турган
маселеге киргизишти. Аттиң,
сөздүн күчү. Чын эле Түгөл карыя
эч ким ойлобогон жана жан
кейиткен маселени козгогону көп
кишинин көңүлүн өзүнө бурду.
Бул сунуш айтылары менен көк
ала сакалчан карыя чыгып
уулунун уурдалып кеткенин
айтып, жакшылардын алдында
арманын төгүп жеңилденип да
алды.
Бир кезде Эсеттин жанына бир
киши басып келип:
- Эсет деген киши сиз болосузбу? -
деп сурап калды. Эсет башын
ийкеп жооп бергенге араң
жарады. Анткени тиги киши дагы
өңүн бузуп, жаман кабар айтчу
кишидей көзүн сүзүп алганы
жаман ойду ойлогонго түрткү
берди. Чап жаак, суюк сакалы
бетине жараша бербеген тиги
киши колун жаңсап:
- Сизди тиги жакта чакырып жатат,
жүрүңүз - деди. Эсет канчалык
өзүн эркин сезгиси келсе дагы
кандайдыр бир күч денесинен
басып алгансып, ордунан араң
копшолуп туруп, алты айласы
кетип тиги кишинин артынан
ээрчий басты. Көпчүлүктү аралап
азга басканда эле кара тору, узун
бойлуу, арыкчырайынан келген,
жетимиш жаштан өтүп калган
киши алдынан утурлап чыгып,
алгач салам айтты. Бул кишини
көргөндө эле Эсеттин көңүлү
жайлана түштү да, жакшы кабар
уга турган адамдай, берилген
саламды жакшы маанай менен
кабыл алды. Эсет бул кишини
тааныбаса дагы ал акыбалын
сурады, бирок тааный албай абдан
убараланды. Анткен менен үнү
кулагына тааныштай угулду. Бирок
бүшүркөп турду, бир топко тааный
албай. Көрсө бул киши тээ илгери
уурдалган баласын таап келип
берген Самсаалы экенин үнүнөн
улам таанып, Эсет кайра
жакшылап учурашып, уулунун
абалын сурап ийди. Самсаалы сөз
кезеги келгенде, үнүн жай
чыгарып:
- Эсет, мен сенин жасаган
жакшылыгыңды кантип эсимден
чыгарат элем. Жашоо шартка
байланыштуу жер которуп кетип,
сени менен байланыша албай
калдым. Баса, бир кезде мени
сүйүнттүң эле, эми кезек мага да
келди окшойт. Сага жакшы кабар
айтайын деп чакырткам. Бул сөздү
укканда Эсет көзүн кымыңдатып,
үмүт менен карады "кулагым сизде"
дегенсип. Самсаалы кепти эмнеден
башташты билбей бир саамга
туруп калды да, анан:
- Эсет сүйүнчү, сенин уулуңдун
дайынын билдим! - деди. Бул сөздү
укканда Эсеттин жүрөгү кабынан
чыгып кете тургансып катуу согуп,
сөзгө келбей көзүн жалдыратып
эле туруп калды. Самсаалы эми шар
кетти:
- Эсет жакын арада уулуң үйүңө
келет. Калмактын чоңу уулуңа
азаттык бериптир. Ушул кабарды
айтып койгум келди. Эсет чийки
май жеген адамдай кылгыра түштү.
Анткени уулу жөнүндө так
маалымат уга албай калганы үчүн.
Көңүлү чөгүп, кабагы салыңкы,
үнүн жапыз чыгарып:
- Мынча болду так айтыңыз,
балким алдынан тозуп чыгармын.
Көп болсо Бедел ашуусунун
башына чейин барармын.
Самсаалы өзүнүн шашмалыгына
дагы бир жолу ичинен нааразы
болуп алды да:
- Эсет, менин оюм сенин үмүтүңдү
жандыруу эле болучу. Жакында
бир калмак жигитке жолуксам ал
айтты "аз күндө бизден бир балага
азаттык берилгени жатат. Ал
баланын ысмы Сопу. Бирок качан
азаттык берилет аны так айта
албайм" деген. Сенин уулуңдун
ысмын укканда эле менин
кубанычым койнума батпай, сага
айтып жибербедимби. Макул
көрсөң бир айдай убакыт күтө тур.
Балким келип калышы ажеп эмес.
Эсет эми гана уулунун аман
экенине нак ишенип, көзү оттой
күйүп, үмүт оту жанды. Андан дагы
эртең мененки Аксаамайдын дагы
түш көргөнүн эстеп, көпкөк болгон
асманга көз жүгүртүп, өзүнчө ойго
алаксып кетти. Бул эми атанын
балага болгон кусалыгы, балага
болгон сагынычы, үмүтү жанганы
эмеспи. Аз убакыт өтпөй
жыйындын алгачкы бөлүгү аяктап,
тамактануу үчүн убакыт бөлүндү.
Кыжы-кужу сөздөр, ар ким өзүнүн
ойлогон оюн туура көрүп, ар
тарапты көздөй басышты.
Аксакалдар, эл жакшысы аталган
акыл кошчулар, алыстан келген
коноктор топ-топко бөлүнүп, боз
үйлөргө кире башташты. Чабарман
ат үстүнөн кыйкырып жүрдү
"тезирээк тамактангыла,
жыйындын экинчи бөлүгү дигер
намазына жетпей башталат" деп.
Бул жалганда улуу Алла
жаратканда ар бир жанга жана
жаныбарга ырыскы бөлгөн эмеспи.
Ушунча котологон элге тызылдап
чуркап жаш жигиттер кызмат
кылып жүрүштү. Эсет жаш
балдарды көрүп "Сопум аман
болсо, ушул балдардын жашына
чыгып калса керек" деп ойлоп
койду. Казысы жарылган
жылкынын бышкан эти жаңы
алдыга келип, устукан колго
тийгенде сырттан бир жаш бала
ичкери эдиреңдеп кирип келип:
- Эсет ата, сүйүнчү! Сопу байкем
келди! - деди. Боз үйдөгүлөр эмне
болуп кеткенине түшүнө да албай
калышты. Эсет колуна алган
устуканды тасмал четине коё сала
эле, олтурган ордунан атып туруп:
- Я, эмне дедиң?! - дегенге араң
жарап, сыртты көздөй кадам
таштады. Кулагы тунуп, эч сөз
уккан жок. Аттиң, жакшы кабар
адамды калдастатып дагы салат
белем. Эсет сыртка чыгып,
жарытылуу сөз оозуна келбей жөн
эле жалдырап гана туруп калды.
Мына баланын күйүтү. Ушул
кабарды укканда көз алдына
уулунун уурдалып кетип бара
жатканы кадимкидей тартылып,
көзүнө ысык жаш келе түштү.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 18:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эки атчан үч күн катары менен ат
бастырып, жол азабын тартышты.
Улам жолуккан айылдан жана
кишиден Эсеттин айылын сурап
жүрүп олтурушту. Садык идиреги
бар Сопунун ар бир кыймылына,
айткан сөзүнө, келечектүү
максатын ал турсун алыскы Мекке,
Медина шаарына чейин барып
келгенин укканда оозу ачылып,
таң калып калды. Баарынан дагы
чоң-чоң шаарлардагы элдин
көптүгүн, китеп окуп билим алуу
керек экенин узун жолду
кыскартып айтып берип, аз да
болсо Садыктын көзүн ачып койду.
Ал кезде кайдагы китеп, окуу жана
билим алуу эмне экенин караңгы эл
кайдан билсин. Качан гана көлдүн
аягы болгон Көтмалды азыркы
Балыкчы шаары орун алган жерге
келгенде, Эсеттин айылы кайда
экенин сурап билишти. Ушул
жерге чейин эле узатып келүүнү
ойлогон Садык сөз кызыгына
кирип, үйгө чейин жеткирип
барууну алдына максат кылды.
Сопу дагы анын оюн билгенсип, эч
ашыкча сөз айткан жок. Бир
жагынан биринчи жолуккан
кыргыз, андан дагы даамын татып
калганга, ичинен ыраазы болуп,
көңүлү жылып көргөн
билгендерин дагы айтып баштады.
Жетимиш жашка кадам таштап
калган Садык ушул жерден нак
ишенди "көп жашаган билбейт,
көптү көргөн билет" деген накыл
кеп турмуштан алынганына. Сопу
бир кезде ойдо жок жерден эле
минтип айтып калды:
- Аба, сиз оюңузга албаңыз. Сиздин
жаш алган жарыңыз абдан эле
чырайлуу экен. Колунда бар бай
менен манаптар дайыма аялдын
өңүнө кызыгып алып, тукумдарын
бузуп алышат. Сулуулардын
сулуусу, акактай таза, айнектей
тунугу колунда бар бектерден
кайда качат? Минтип айткан
кебимдин төркүнүн эсиңизге түйүп
коюңуз: сулуу катындан туулган
уул менен кыздын көбү
шайкелеңирээк болушат.
Баарынан да сулуу аялдан туулган
уул бала көйрөң келип, мокок
чыгат. Анан дагы чоңойгондо ал
бала аял затына жакын чыгып,
оюн-зоокту жакшы көрүп, кылыч
кармагандан качып, кыз
жандагысы келет. Ал эми аруу,
сулуу катынга суктангандар четтен
чыгат. Көз артып, мактай берсе
акырын аялдын дили бузулат. Көп
мактаган жибек тез торсуйт, көп
мактоо уккан катын тез жибип, тез
бошойт. Айтайын дегеним, сиз
өзүңүз абдан жоомарт, чечкиндүү,
ажаат ача билген жакшы адам
экенсиз. Бирок мен сизден
өзүңүздү тарта турган, элдик уул
болучу уулуңузду көрө алганым
жок. Аз жашадым, бирок көптү
көрдүм. Араб элинде болдум. Алар
дагы аялга жакын эл келишет
экен, коштоп эле аял ала
беришкени мага жаккан жок. Ар
бир адамдын жашоо шартына
жараша тагдыры, буйруган өнөрү
болот. Сиз жылкы баласына
кызыккан жан экенсиз. Албетте
күлүк ат минүү ар бир эркек
уулдун максаты. Күлүк ат намыс
алып берет, анан беделди көтөрөт.
Ал эми уулдун жакшы чыкканы
атанын түгөнгүз байлыгы. Макул
көрсөңүз азыркыдай залим
заманда, эрдин алган аялы да
өзүндөй чечкиндүү, жоокердей
сымбатта болбосо тукум
курубайбы… Садык жаш баладан
мындай таасын сөздү угам деп
ойлогон эмес. Сопуга жолукканы
сынчылык сапатын да байкады.
Жаш алган аялын чынында эле
өңүнө карап, малдын көзүнө
карабай, калыңды ченебей берип
алган. Анткен менен бул алган
аялы көңүл отун жашартканы
болбосо чын эле, Сопу айткандай
келген-кеткен эркек тааналар көзү
агылганча карап, суктангандарын
далай эле жолу байкабадыбы. Чын
эле аял заты көйрөң жан келээри
анык кеп. "Бул жаш бала ойлогон
ойду, ушуга чейин эмнеге
ойлободум" деп чукул ойго
алаксый түштү. Мына эми нак
ишенди Сопунун келекчекте
кандай адам болорун. Албетте
акылга дыйкан, сөз атасы, элдин
башын кошкон, далай азап көргөн
байкуш журтту, чачылган, өксүгөн,
баёо элге жол көрсөткөн эге болчу
уул болорун алдына ала билди.
Ойго алаксыган Садыктын оюн
окуп билгенсип Сопу дагы сөз
козгоду:
- Менин көп эмгегим калмактарда
калды. Аттиң, бир өкүнгөнүм ата
мээримин көрбөй өскөнүм. Сиз капа
болбоңуз, эгер катуу сөз айтып
алсам, - деди эле, Садык эч үн
катпады. Алды жактан түтүн
жыттанып, иттердин үргөн үнү
угулуп, жакынкы айылга
жакындап калгандарын сезишти.
Маңдайкы тоонун тескейинен
жылкы кишенеп, үйүрүн коруган
айгыр туш келди чуркай буту
менен жер чапчып,
жылкычылардын өз ара үн
салышканы алда кайдан угула,
демейдеги турмуш, көчмөн элдин
кадимкидеги тиричилиги жүрүп
жатканынан белги берди. Кыялы
менен асмандап жүргөн Садыкты,
жанындагы жаш бала таасын
айткан сөзү менен көктөн көтөрүп
алып, бутунан жерге коюп
койгондой болду.
Айылдын четинен кыйгап өтүшүп,
суу жээгинде тигилген он эки канат
ак боз үйдү көздөй жай бастырып
келе жатышты. Анткен менен
карылык сөөлөттөн алыс, денеси
али кырктын кырындагыдай
көрүнгөн Садыктын кадыры чоң
экенин Сопу жолдо келе жатып
байкады. Бул жолу дагы жөн үйгө
түшпөй колунда бар, манаптын
үйүнө келгенин дароо билинди.
Эки бала утурлай чыгып,
тизгиндерге колдору чап жабыша,
ат алышты. Боз үйдөн чыккан
комуздун үнүнө Сопу кулагын
төшөп, ынта коюп тыңшап калды.
Аттиң, комуз үнү кыргыз уулун
баары бир өзүнө тартып турат
белем.
Салам айтып ичкери киришкенде,
төрдө жамбаштап комуз үнүн угуп
жаткан сөөлөт күткөн, курсагы
чоң, маңдайы жарык адам обдулуп
жаткан абалынан боюн көтөрүп,
олтуруп колун сунган болду. Качан
гана Садыкты тааныганда:
- Оо, кел бугунун кыйыны - деп,
тамаша чала сүйлөдү. Бул Чертки
уруусунун мыктысы Карабай эле.
Учурашып, ал жайды сурашкан
соң, бир чыныдан кымыз куюлду.
Маңдайкы бетте тушалган беш-
алты буудандар оттогондон
эрингендей өз беттеринче
ныксыраша, катуу тоюп алган
уйлардай бир орундан жылбай
турушат.
Боюн көтөргөнсүгөн бул байдын
үйүндө деле аземдүү буюмдар,
көзгө уруна турган байлык деле
байкалбайт. Кезинде башка
байлар сыяктуу эле нечен асыл
байлык чогултса, анысы бир эле
күнү колдон төгүлгөн суудай
көздөн кайым болгонун билет.
Карабай далайды башынан
өткөргөндүктөн, акылы жетик,
көзү канык. Айылында
баланчанын аялы эркек бала
төрөптүр десе, бул кабарга
кадимкидей кубанат. Кыргыздын
саны өсүп, элимдин тукуму көбөйсө
дегенде эки көзү төрт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 18:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сөз алыстан башталып, Садыктын
кай тарапка жол тартканын, ал
турсун Сопунун айылынан бери
сурады. Карабай тигиле караган
тейде, бир топко туруп:
- Тээ илгери азык уруусунан
тарагандар Кеминдин күнгөйүн
байыр алышкан эле. Азыр
Шамшынын белин ашып, Кочкор
тарапка келди деп уктум. Укканым
бар, Кашкелең айылында негизги
Азык уруусу байыр алганын. Сопу
эми гана эстеди "Кашкелең" деген
сөздү уканда. Анткени ошол
тараптан уурдалып кеткенин элес-
булас эсине алды. Бирок эч үн
дебестен сөз тыңшап олтугандай
сыр көргөзүп, сөзгө кошулган жок.
Ар тараптуу сөздөр козголуп, бул
үйдө кеминде тайдын эти быша
тургандай убакыт кармалып
калышты. Бир кезде үй ээси жоон
үнү менен сырты карай үн салган
болду:
- Камчыбек?! - деп. Ушул эле үндү
уга албай турган белем, сырттан
кыймылы чапчаң, жаш жигит шып
кирип келип, оозго туруп калды
да:
Элпек үн катты:
- Эмне дейсиз? - деп. Карабай
жигитти тик карап:
- Буларды иттен чыгарып, узатып
койгула. Тамак ич десем күтпөйбүз
дейт. Бара туган жерлери алыс
экен деди. Тасмалга бата тиленген
соң, баары текши олтурган
орундарынан турушту. Сопунун
көзү киргенден чыкканга чейин
комузда болду. "Болгону үч кылы
бар, анан ушундай мукам үндү
кантип чыгарып жатат?" деп, таң
калып, аны ойноткон кишини да
сынынан өткөзүп алды. "Тили жок
жыгач менен үч кылга үн
киргизген кандай жакшы өнөр"
деп ойлогонго үлгүрүп сыртка
чыкты.
Ооба, Сопунун кээде эч үн дебеген
сыпаалык жайы да бар. Бул үйгө
киргенден чыкканга чейин эч үн
катпады. Болгону үй ээси менен
Садык гана теңтуштук сөздөрү
менен кобурашып олтурушту. Бай
менен манаптардын сөзү баягы эле
жайыт менен малга барып такалат
эмеспи. Айткандай эле бул экөөнүн
дагы сөзү малды кайсы жайлоого
көчүрүү, кышта кайда кышташ
керек ушул теманын тегерегинде
кеп учугу уланды.
Күдүн нуру чакыйып, төбөдөн
тийип турган кезде эки жолоочуну
узатып, Карабайдын эки жигити ат
бастырып чыгышты. Минген
аттарынын басыктары шайдоот,
эртеден бери мамыда байланып
тургангабы баштарын
койкоңдотуп, теминесе эле алып
уччудай абалда. Таң атканча
тоонун бетеге чөбүнө ныксыра
тойгондору билинип, баскан сайын
оосурактары угулуп турду. Жылкы
баласы тоюнуп калса болду баш
көтөрүп, болбогон нерседен үркүп
калары адат эмеспи. Садык атка
минип бастырганда эле, экөөнүн
минген атын сынынан өткөзүп,
өзгөчө жээрде кашка атка көңүлү
имерилип калды. Нак улактын аты
экенин анын омуроосунан жана
өткүрлүгүнөн байкады. Сопу
айылдан бир топ узап калган кезде
гана сөзгө келди, эки жигит уксун
дегенсип:
- Карабай курдашыңыздын ниет-
пейили жакшы, эл үчүн күйгөн,
байлыкка көп үзүлүп түшпөгөн,
тасмалы кенен, көңүлү ток адам
экен. Бир өкүнгөнү, өзүнөн тукум
калбаганы. Бул жалганда кээ
бирине байлыкты, мансапты
ченебей берет экен да, баланын
үнүнө зар кылып коёт белем.
Учурунда бул киши учуп-күйгөн,
шамдагай чыгаан жигит болгон.
Көзгө атар мергенчи болуп,
кайберендин каргышына калган
үчүн, бала үнүнө зар болуп жүрөт.
Анткен менен артында айтыла
тургандай иштерди жасап
коюптур. Ар бир адам баласы көр
дүнүйөнүн артынан үзүлүп түшүп,
оокаттын түбүнө жетчүдөй жан
үрөп жүрүп, убакыттарын бекерге
өткөзүп жиберишет. Кап, учурунда
байкабай гана калган. Көзүнөн
азыр дагы от күйүп, жаштыктын
илеби денесинен кайтпай турат.
Кетирген күнөөсүн жууп, сыйынып
койсо, аттиң, тилеги кабыл болот
беле... Бул сөздү укканда Садык:
- Сопу, бул сөздөрдү жана өзүнүн
көзүнө айтпайт белең? Ушул
берилген суроону тиги эки жигит
дагы берели деп турган белем,
"эмне дейт болду экен?" дегенсип
тыңшап калышты. Сопу аттын
жалын тиктеп, бир саамга үнсүз
бастырып:
- Бир келген үйгө, бир көргөн
кишиге сын айта берсем, анда
менин кадырым түшүп калбайбы.
Кийин убакыт болсо келип
жолугармын же өзү келип
жолугуп, жооптошуп кетээр, - деп
кыска гана жооп берип койду.
Садыктын эми чындап Сопуга
кызыгуусу артып калды. Чын эле
тиги курдашы баланын үнүнө зар
болуп жүргөнү чын болучу. Бирок
анын кайберендин каргышына
калганын билген эмес. Тээ илгери
экөө бир курдай калмакка барып
жылкы тийип келишкен. Ошондо
анын баатырлыгына таң берген.
Сопу айткандай абдан шамдагай,
көзгө урунган чыгаан жигит эле.
Ал турсун бир курдай кайсы бир
белгилүүү кишинин ашында жаа
менен ат чаап бара жатып,
бакандын башындагы жамбыны
ыргыта атып, мергенчилиги менен
көзгө көрүнгөнү бар. Ошондо
билген, көзгө атаар мергенчи
экенин. Эми минтип жаш бала
баарын көзү менен көрүп
тургансып туура, анан ачык сын
берип койгону таң каларлык иш
болуп жатпайбы.
Эки жигит, бир топ жерге чейин
узатып келишип, тиги жаш
баланын жөн бала эмес экенин
билишип, кайра кайтканда
Карабайга болгон ишти айтып
келишти. Карабай эки жигитинин
айткан сөзүн угуп:
- Кап, үйгө өзү келген сый кишини
бир кондурбай кетирген
турбаймынбы. Ал бала көрсө жөн
бала эмес экен да. Мен көп эле
кайберен аттым, "кайсы
кайберендин каргышына калдым
болду экен?" деп, жашоодон
кетирген катасын азыр уккан бир
ооз сөз менен сезип, ичинен сызып
олтуруп, оюнда ал баланы издеп
артынан барууну ойлоп койду.
Куш жаздыкка чыканактап жатып,
өткөндү эстеди. "Качан жана кайсы
жерден жаңылдым?" деп.
Жашоодон басып өткөн жолуна
кайра саресеп салып эстегенге
аракет кылды, бирок такыр эстей
албай койду. Бир эмес, үч аял
алды, бирок алган аялдарынын
биринин дагы согончогу канаган
жок. Бала үчүн түнөбөгөн мазары,
барбаган бакшысы калган жок го
чиркин. Ал турсун төрөп түшүп
турган күйөөсү каза болгон жаш
келинге дагы үйлөндү, бирок
тилеги кабыл боло бербеди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 18:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сопунун айткан сынына туура баа
берип, сырын ичине катты. Садык
курдашына таарынды, жанындагы
бала жөнүндө маалымат бербей
кетип калганына. Андайда адам
баласынын оюна не деген гана
ойлор келбейт. Карабайды эми
чындап санаа басып, ойго чөмүлдү.
Мындайда анын оюн бузган жан
болбойт. Кирпигине карап мамиле
жасаганга жигиттери жана
үйүндөгүлөр көнүп бүткөн.
Билинбегени менен каары жаман.
Карабай, эки апта чыдап туруп
анан, Сопунун артынан издеп
барууну эп көрүп. Чалакалай
жаткан калыбында, ой чүмбөтүнө
сүңгүп кирип кетти.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 18:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эки атчан бир чакырымдай жол
жүрүп калган кезде, Садык
ортодогу тынчтыкты бузуп, суроо
берип калды:
- Сопу, сага калмактардын салт-
санаасы жактыбы, деги эле
алардын үрп адаты кандай экен? -
деп. Ушул суроонун берилишин
алгач жолуккандан бери күтүп
келген. Акыры күткөн суроо
берилгенде башын чайкап жооп
берип:
- Калмактар тазалыкты сактай
алышпаган, көп жуунбаган кир эле
болушат. Андан дагы салт-санаасы
такыр башкача. Эс киргенден
баштап, тактап айтканда кичине
кезимден барып аралашып
калдым, бирок алардын үрп-
адаттарына али күнчө көңүлүм
тойгон жок. Менин эсимде, мен үч
жашка чыгып калган кезимде мени
сүннөткө олтургузушкан, аларда
мындай салт жок. Кээ бир жакшы
сапаттары бар, бирок эмнегедир
мени уурдап кетишкенгеби, аларга
такыр ичим жылыбай, баарына
кош көңүл мамиле жасадым. Көп
нерсеге көзүм жетип эле турду,
бирок айтканым жок.
Садык кыя жолго келгенде, алдыга
бастырды. Анткени бул жол
жалгыз аяк жол. Эки атчан катар
бастырганга болбойт. Ушул кыя
жол менен белге чыгып, нары
ашканда эле, айтылган айылга
келип калышаары анык. Аттардын
кадамы алга жылып, жол арбыган
сайын Сопунун көңүл алып учуп,
кандайдыр бир жагымдуу окуяга
кабылчудай толкунданып,
айланасын сыдыра карап алды.
Аңгыча болбой кырга чыга
келишти. Кырдын үстү жарым
чакырымча жайык экен. Мал
жайылганга ылайык жер жазы
анан кышында кар топтолгонгобу
чөбү калың эле. Тоо чөбүнүн жыты
буркурайт. Кечинде жаап өткөн
жаанга жашара түшкөнсүгөн
чөптөр, тим эле көктөмдө жаңы
ачылгансып, жаздын белгисин
берип турду. Аңгыча алды жактан
түтүндүн жыты келе түштү. Күн
баштышты көздөй дагы биртике
бастыра түшкөн экөөнүн көзүнө
наркы беттин коңулунда тигилген
боз үйлөрдүн карааны көрүнө
калды. Кыя жол менен эми
ылдыйды көздөй бастырышты.
Аксаамай таң эртеден бери эле
ушул кыя жолдон көзүн албай,
кимдир бирөөнү күткөнсүп, жол
карап жаны жай албай жаткан.
Аңгыча эле күн төбөдөн ооп
калган кезде өзү күткөндөй эки
атчан маңдайкы белден ылдый
келе жатканын көзү чалып,
эмнегедир денесин майда
калтырак басып, өзүнөн-өзү
кадамын алдыга таштады. Жүрөгү
сездиби, эки атчандын бирөө уулу
Сопу экенин аны ачык биле албай,
санаасы күч алып, ичинен миң
миртебе тиленди "уулум Сопу
болуп калса экен" деп. Бирок
күмөн дагы санады. Себеби бул
жол менен канча киши, канча
жолу ат минип бастырып
өтүшпөдү. Балким кошуна
айылдын кишилери же "жок
издеген адамдарбы" деп дагы
ойлоду. Алар алга жылып,
караандары жакындаган сайын
эмнегедир көзүнө артта бастырып
келе жаткан атчан ушундай бир
тааныштай сезилип, өзү
ойлогондой ал атчандын жашы
дагы уулунун элесин берди.
Кадамы алга жылганы менен көзүн
экөөнөн алган жок. Аттиң, эненин
тилеги ай. Эмне болгон күндө да,
баары алдаса дагы эненин жүрөгү
эч качан алдабайт эмеспи. Таң эрте
көргөн түшү төп келе тургансып,
алеки саатта эмне деген гана ойлор
башына келип кеткен жок. Он беш,
жыйырма жылдай илгери
жоголгон уулунан күдөрүн үзбөй,
ушул күнгө чейин ичинен миң
кайталап тиленип келген эненин
үнү жетчү жерге жеттиби, ким
билет? Жүрөгү бир башкача согуп,
али уулу менен жолуга электе эле
көзүнө ысык жаштын илеби келип,
көзү жашка каканактап, кырдан
түшүп келе жаткан эки атчанга
тигилип көзүн албады.
Сопу дагы сезди, бул алпештеп
баккан энеси экенин. Анткени
көзүн албай өзүн көздөй келе
жатканы эле кандайдыр бир
сырдын түйүнүнөн белги берди. Ал
турсун дале болсо үмүтүн үзбөй
жол карап жүргөнүн жүрөгү
менен даана сезип, апасынын
тарткан күйүтүн, күткөн эмгегин
баалап, ичи эңшерилип кетти.
Андайда жол узарып, убакыт
токтоп калгандай сезилет эмеспи.
Сопунун көз алдынан кантип
апасынын элеси кетсин. Алыстан
эле апасын тааныды. Аттан
секирип түшүп, чуркап жеткиси
келди, бирок өзүн карманды.
Эмнегедир көзүнө жаш келип,
ыйлагысы келди. Ыйлап алса эле
болгон ичине катылган муңдун
баары ушул ый менен сыртка
чыгып кетчүдөй сезилди. Кайраты
жанып, жашып кетти. Бирок
алдыда келе жаткан Садыкка аны
билгизгиси келген жок. Бала үчүн
эне кандай кымбат. Бекеринен
"энелүү жетим эрке жетим" деп
айтылбаса керек. Бала үчүн баары
бир жанында эне болмоюн,
жашоосу супсак экенине турмуш
күбө. Сопу ата-энеси жанында жок
бөтөн эл, бөтөн жерде канча жыл
жашады. Эми ошол жашоосу көз
алдына тартылып, алыстан
энесинин караанын көрүп, көзү
тойбой карап келе жатты. Көзүн
ирмесе эле бул көрүнүш жоголуп
кетчүдөй болуп, көзүн ирмегенден
жазганып, алдыдан көзүн албады.
Аңгыча арылдап иттер үрүп, эки
атчандын алдынан тосуп чыгышты.
Аксаамай атчандар жакындаганда
эмнегедир көргөн түшү көз алдына
тартылып, түшүнө кирген уулунун
караанын даана таанып,
каргылданган үнү менен:
- Сопу? - деп кыйкырганга араң
жарады. Бирок үнү өзүнө гана
угулгандай туюлду. Он-он беш
кадамдай кантип басып келгенин
да билбей калды. Арылдап үргөн
иттердин үнү Аксаамайдын үнүн
басып кеттиби, Сопу апасынын
үнүн укпай калды. Анткени анын
дагы оюу ордунда эмес болучу. Боз
үй тараптан чуркап чыккан бала
иттерди кубалаган болду:
- Чык! - деп. Арсылдап үргөн иттер
тааныш үндүн буйругун укканга
баштагыдай катуу үрбөй калышты.
Качан гана аралык беш-алты
метрдей жакындаганда, Сопу өзүн
кармана албай, аттан секирип
түшүп эле, апасын көздөй
чуркады:
- Апа, барсыңбы! ? - деп. Ушул эле
үндү уга албай турган белем,
Аксаамайдын жоолугу башынан
шыпырылып, мойнуна түшкөнүнө
карабай алдыга умтулду. Канча
жылдан бери курган эне ушул
үндү угуу үчүн жашап келе
жаткан белем, Сопунун "апа" деген
үнү кулагына бир укмуштай
жагымдуу угулду. Мына эненин
касиети, балага болгон тилеги,
оюнун тазалыгы. Эне бала качан
бири-бирине бой таштап,
кучакташып калганда, бул
көрүнүшкө күбө болгондор таң
калып эле калышты.
Садык эне менен баланын минтип
көрүшөрүн билген эмес. Оюнда ал-
жайды сурап, таанышкандан соң
"көрүшөт" деп ойлогон. Тез эле
кошуна жашагандар чогулуп,
заматта ызы-чуу болуп эле жатып
калышты. Аксаамай дале болсо
уулун көргөнгө ишене албай,
калдастап, уулунун мойнунан
колун бошотпой канча турду. Түш
көрүп жаткан адамдай, селейип
катып да калды. Мына бул канча
жылдан берки ичке катылган муң
менен зардын саркындысы. Эки
саат убакыт кой, козусун көрбөй
калса кандай маарап жоктойт.
Көрсө малдыбы, жандыбы энеден
баланы, баланы энеден
айрыбасын. Чай кайнам убакыттан
соң гана Аксаамай эсине келип,
кошуна баланы жыйынга кеткен
Эсетке жиберди, сүйүнчүгө.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 19:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Адаттагыдай эле айланага жаңы
таңдын нуру атып, күндүн дагы
бир сапары күндүк жолго чыкты.
Канча жылдан бери сапарынан эч
жазбай жерге текши нурун чачкан
күндүн нуру, бүгүн дагы
адаттагыдай эле тоо башынан
кылтыйып өйдө жылып келе
жатты.
Сопу ушул таңкы сулуу көрүнүшкө
күбө болуп, жаратылыштын
кооздугуна суктанып турганда
короодон койлор маарап,
маңдайкы бетти көздөй жайылып
чыгып бара жатты. Алдыда мүйүзү
узун, сакалы өзгөчө башкача
көрүнгөн сур теке баштап баратты,
көп аскерди баштаган
командирдей.
Калмак жеринен келгенине бир
гана түн алмашып, жаңы таңдын
атканын өзүнүн жеринде,
болгондо дагы атасынын үйүндө
кызыгып карап турат.
Кечинде кеч жаткангабы,
үйдөгүлөрдүн алды эми гана
козголуп кыймылга келүүдө. Эсет
малды короодон чыгарып коюп,
атын алып келгени булакты
көздөй баскан. Аксаамай жанына
басып келип:
- Уулум, сага эмне болду? Жата
турсаң болбойт беле, азыр али
эрте го? - деди, мээримин төгө
карап. Сопу апасынын жасаган
жылуу мамилесине ичи жылып:
- Апа, кантип жатам. Канча жыл
башка элде жүрүп, үйүмө келгени
биринчи таңдын атканын өз көзүм
менен көрбөсөм, болбойт калат го.
Андан дагы уйкум деле келген
жок.
Аксаамай уулунун чекесинен
сүйүп:
- Мен уй саайын, сен жуунуп, эки
жакты карап тур. Баса, тиги конок
кишинин аты бар экенби, жакын
арада?
Сопу башын ийкеп:
- Тушалуу ат алыс деле кетпейт
эмеспи. Ылдый жакты отоп жүрөт.
Аксаамай чакасын алып уй сааганы
басканда Сопу ичинен ойлоп койду
"апам карылыкка кадам таштап
калыптыр" деп.
Мурунку күнү учурашып келген
кишилер Сопуну ойго салды.
Чынында мынчалык киши келет
деп күткөн эмес. Ар биринин оюу
таза, тим эле жан алдары калбай
учурашып, акыбалын сургандары
эле эмнени билгизет. Аңгыча
жанына кошуна жашаган
карылыкка кадам таштап, бели
ийилип, таяктын жардамы менен
басып калган Амангелди карыя
келип, нары карап турган Сопуга
кайрылып калды. Кары кишиде
кайдагы уйку. Таңдын атышын эле
күтүп жатат. Качан таң атканда,
жаткан ордунан туруп, ылдыйкы
булакка чейин басып барып
келген адаты. Бул жолу дагы
булакка барып келе жатып,
Сопуну көрүп бери кайрылып
калган:
- Сопу балам, таң эрте турган
экенсиң? -деди. Бул үндү укканда
Сопу чочуп кетти да, дароо салам
айтты:
- Ата, саламалейкум, - деп эки
колун сунду. Карыя берген
саламды алик алган соң, жашыл
тулаңга бөлөнгөн тоо бетине көз
жүгүртүп:
- Сопу, сенин келгениң абдан
жакшы болду. Бүгүн эми
кечээкиден көп кишилер келиши
күтүлүүдө. Анткени сен уурдалган
кезде, сени канча киши издеди. Ал
турсун калмактарды бул жактан
өткөрбөй, кайра артка кайрыган
күндөр дагы болгон.
Калмактардын ойго келбеген бала
уурдаган жоругу ошондо токтоду.
Сопу кабагын түйүп, сөз угуп туруп:
- Ата, азыр дагы ал жакта өз тилин
унутуп, калмактарда жүргөн
балдар бар. Баланын тили башка
тилди үйрөнгөнгө тез көнөт тура.
Мени капа кылган нерсе уурдалган
балдардын тилинин бурулуп
калганы.
Амангелди башын ийкеп:
- Сопу балам, сен абдан жакшы сөз
айттың. Айтылган кеп бар "көп
жашаган билбейт, көптү көргөн
билет" деген. Сени кечээтен бери
байкасам, көп элди көрүп
келгениңден дагы, кат тааныганың
мени абдан ойго салып койду. Эми
сен керекке жарап, идиреги бар
балдарды окутуп, кат тааныганды
үйрөт. Сени алып келген конок
киши дагы кулакты сүйүнтүп,
сенин дарегиңе жакшы сөз айтты.
Сен кат тааныгандан жогору,
сынчылык сапатың дагы бар
турбайбы. Бул сынчылык өнөр,
жөн балага келбейт. Мен бала
кезде укттум эле, Уаалы деген
сынчынын, киши сынаганын. Ал
киши дагы биздин Азык уруусунан
болгон экен. Тээ илгери казактын
Турсун сынчысы айтыптыр, Тагай
атабызга " Азык уулуңдун
тукумунан олуязаада кишилер
чыгат" деп. Анын айткан сыны
туура чыгып Уаалы сынчы, Санчы
сынчы деген сынчылар чыккан,
биздин уруудан. Эми сен дагы
ошолордой сынчы болсоң анда
бизге бергени эмеспи. Уул баланын
жакшы чыкканы элдин багы. Сопу
карыяны тигиле карап:
- Ата, менин кулагым чалган
калмактардан, Уаалы сынчы
туралуу. Ал кишинин ысмы ал
жакта катуу даңаза менен айтылат.
Карыя бери жактагы чоң ташка
олтура калды, буту талып
кеткенин билгизип. Сопу
жакындап бери жылды да:
- Ата, калган сөздү анан
сүйлөшпөйлүбү, жай олтуруп.
Карыя ташка ыктап олтуруп,
жайланышып алганын билгизип:
- Анан деле айтылчу сөз бар. Бирок
ар бир сөздүн айтыла турган кези
болот. Азыр менин, сени менен
сүйлөшкөнгө көңүлүм келип турат.
Бул карылыгың дагы курусун. Түнү
көп уйкум келбейт дагы, күндүз
уктайм. Азыр таңкы наарды
таткандан кийин эле жаным жер
тарта баштайт. Андан көрө эч ким
тура электе сүйлөшүп алалы. Таң
эрте маанайды көтөрүп жакшы сөз
сүйлөшкөн, жакшы сөз уккан дагы
өзүнчө бир керемет. Бекер
айтылбайт "күндүн башталышын
жакшы маанай менен тозуп ал"
деп. Бир келген бул жашоодо
түшүнгөн кишиге жакшы сөз угуу,
жакшы иш кылуу, жакшы кабар
айтуу эмне деген бакыт. Баса, сөз
такыр башка нукка түшүп кетти
өңдөнөт. Мен сага Уаалы сынчы
тууралуу айтайын дебедим беле.
Айткандай Уаалы сынчы өзү
карапайым болгону менен, ички
дүйнөсү толо байлык болгон экен.
Анын айткан акылы, берген
кеңеши, сүйлөгөн сөзү жерде
калбаптыр. Андай кишилердин
бир кемчилиги болот тура. Менин
угушума караганда тукум калган
эмес окшойт. Болбосо баласы эл
оозуна алынат эле го. Сопу,
карыянын айткан кебине азга
ичинен тырчый түштү. Анткени
өзүнөн дагы тукум калбасын
кантип билбейт. Амангелди карыя
кызыл көзүн бар-бар ирмеп алып,
сөзүн улады:
- Тээ илгери Сарбагыш уруусунан
Сарсейит деген чыгааны эл көзүнө
көрүнүп, ыргыткан ташы өйдө
кулап, арааны жүрүп турган кезде
Уаалы сынчы атайын үйүнө басып
келип айтыптыр:
- Сарсейит, колдо бар алтындын
баркы жок дегендей, менин сага
баркым жок болду. Эгер алыс
жашасам атайын ат чаптырып,
алдырып келип, балдарыңды
сынатат элең. Убакыт деген неме
токтоп турбайт, балдарыңдын
убагы өтүп бара жатат. Сынатсаң
боло дегенде, Сарсейит туура
айтылган сөзгө сынып:
- Ал менин эсимде жок. Сынайм
десең азыр дагы сына. Мен ага
каршы эмесмин, - деп, сөзгө келбей
эки уулун чакырган экен. Сынчы
ичинен өкүнүп:
- Кап, башка күнү сынатсаң
болмок, шашып бекер кылдың
дегенче болбой Үчүке менен Түлкү
деген эки уулу боз үйдүн оң
капшытынан жүгүрүп кирип
келгенде, сынчы олтурган ордунан
үч жолу опдулуп туруп, кайра
олтурган экен. Экөөнү тигиле
караган тейде бир топко турган
сынчы, сыр бербей жер карап
туруп калганда, Сарсейит эки
уулуна бир нерсе айткан болуп
"кете бергиле" деп колу менен
белги берип, качан экөө сыртка
чыгып кеткенде, жер карап
олтурган сынчыга:
- Уаалы, сага эмне болду деги? Сен
алдагы кейпиң менен сынчы боло
албайсың го. Эки уулум сырттан
кирип келсе падыша кирип
келгенсип, катуу сүрдөдүң го?
Сынчы бир саамга үнсүз олтуруп,
берилген суроону укпаган адамдай
жоопсуз калтырып, анан:
- Сарсейит, сен бекер кылдың,
шашып. Башка күнү деле сынатсаң
болмок. Мен балдарыңды
сынымдан өткөрдүм, сыртка
чыгалычы, өзүңө гана айтам,
башка жан адам укпасын дейт.
Карыя сөзүнүн ушул жерине
келгенде, үйдөн Садык чыгып бери
басып келип, учурашып калды.
- Саламу алейкум. Таң эрте узун
сөзгө кирген экенсиңер. Карыя
берилген саламды алик алып:
- Кандай эс алдың, конок. Тээ
илгертен келе жаткан салт, келген
коноктун абалын таң эрте сураган
үй ээсинин же кошунанын
милдети. Жакшы жатып жай
турдуңбу?
Садык башын ийкеп, карыянын
сөзүнө маани берип:
- Сиздей кары кишиге кантип
учурашып, салам бербей калалы.
Биз да убагы келсе карылык
айылына баш багабыз. Аны коюп
айтып жаткан сөзүңүздү улай
бериңиз. Мен ылдый басып барып
келейин. Кызыл жүздүү, чымыр
денелүү Садык конок каадасы
кылып, ылдый басканда карыя
узата карап, үнсүз туруп:
- Карачы, бул дагы бир бугу
уруусунун жакшысы экени
билинип эле турат. Байлык не
дедирбейт, жок не жедирбейт.
Атаңдын көрү колдон келсе
бардар жашоодо жашап өткөнгө
эмне жетсин. Бул конок дагы
жакшы жердин тукуму экени
орундуу сүйлөгөн сөзүнөн, кийген
кийминен, минген атынан эле
билинип турбайбы. Ар бир
адамдын сыймыгы болот. Ал
сыймыкты кармана билүү кишинин
өзүнөн. Көбүнчө эркектер
тамагынан анан тилинен аксайт.
Кечээтен бери байкоо салсам, бул
коноктун кыймыл аракети мени
абдан ойго салды. Сенин жөн бала
эмес экениңди билип, улуу башын
кичүү кылып жандап келгенинен
эле бир сырды байкагам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 19:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сопу сөздү бөлүп:
- Ата, сиз баамдагандай мен бул
кишинин сөзүнөн кармап койгом.
Ириде өзүңүз айттыңыз го "адам
баласы тилинен аксайт" деп. Бул
киши дагы оозунан чыккан сөздүн
кулу болуп, мени узатып келди.
Тиги Көтмалдыгы чейин эле
жеткирип келмек, орто жолдон
мен дагы бул кишиге сын айта
коюп, минтип үйгө чейин келгенге
туура келип калды. Аны коюп
жанагы сөзүңүздүн аягына
чыкпайсызбы?
Карыя дагы Сопуну таң кала карап:
- Сен чын эле сынчылык өнөргө ээ
болдуң беле? Тиги конокко эмне
деген сын айттың? Сопу бекер
оозунан жаңылганын бирип:
- Ата, мен анан сизге басып барам,
калган сөздү кийин сүйлөшөлү.
Азыр таңкы наарга карайлы. Бизди
күтүп калышты өңдөнөт.
Чын эле бул кезде күн тоо
башынан аркан бою көтөрүлүп
калган болучу. Чыйбаркуттан
тигилген кемселинин артын күүгөн
болуп, Амангели кары сол колун
жогору көтөрүп, көзүн ушалады.
Чылпактаган көзүнө чаң кирип
кеттиби, бир топко убараланды.
Сопу, карыянын таасын айткан
кебине кызыгуусу артып калды.
Эми алиги айтылып жаткан сөздүн
аягын укпаса, баалуу буюмун
жоготкон адамдай, бир жерге
олтура албайт. Бул, сөз бага
билген ар бир адамдын адаты.
Карыя кадамын акырын таштап,
болгон ишенгени таягына сүйөнүп
басып, үйүн көздөй баратканда,
Эсет жанына келип, чыканагынан
кармап:
- Кайда бара жатасыз? Биз сизди
күтүп, тамак ичпей олтурса.
Амангелди кары жактыра бербей:
- Менсиз эле иче бергиле. Мени
коюп келген коногуңду сыйлап ал.
Мен күндө эле тамак ичип
жатпайынбы. Кемпиримдин деле
самоору кайнап калган чыгар.
- Ал киши биздин үйдө. Чогуу тамак
ичели деп чакырып келдик. Карыя
жыртак көзүн ирмегилеп:
- Анда барайын - деди.
Бул күнү куйрук жалы төгүлгөн,
алты асый кула бээге бата тиленип,
Сопунун аман-эсен келгенине
арналып жылкы союлду.
Шымаланган жигиттер мал союп
жатса, жоолуктарын жүзүн жаба
салынган келиндер ичеги-карын
артып, ынтымакта иш кылып
жатышты. Убакыт жалган шашкеге
жетпей учурашып келген кишинин
көптүгүнөн келген элдер сыртка
олтуруп калышты. Бир кезде
жупуну кийим кийген, жашы
алтымыштарга барып калган, суюк
сакалы ээгине жараша бербеген
карыя келип учурашкан соң дароо
эле суроо салды:
- Балам, сенин кабарыңды угуп эле
мында жөнөдүм. Сен уурдалган
кезде мен дагы баламды уурдаттым
эле. Анын караанын бир көргөнгө
зар болуп, жол карап жүрүп
өмүрүм өтмөй болду. Баламды
көрө алдыңбы? - деди, бир жакшы
сөз айт дегенчилик кылып үмүт
менен карап. Аттиң, ата менен
энени ушундай убайымга салган
калмактарга кантип наалат
айтпайсың. Сопу кабагын түйүп,
болор - болбос көзүнө келе калган
жашты колу менен акырын сүртүп:
- Уулуңуздун ысмы ким эле? - деген
болду. Бул эми илгери үмүт менен
келген кишинин шагы сынбасын
деген гана ойдо айтылган сөз
болучу. Тиги киши оозунан бирөө
сөзүн жулуп алчудай шашып:
- Бактыбай, ырым кылып жүрүп, үч
кыздан кийин көргөн балам эле, ал
бизди деле унутуп калса керек.
Бул сөздү укканда Сопунун
денесин майда калтырак басып,
көз алдына өтө жупуну кийим
кийген, мал кайтарып жүргөн кара
тору бала элестеп кетти. Берилген
суроону бир топко жоопсуз
калтырып, бир кезде катуу уктап
кетип чочуп ойгонгон адамдай селт
этип алып, ошондо дагы сыр
бербей:
- Ата, мен сизге эмне деп жооп
беришти да билбей турам. Уулуңуз
уурдалгандан бери канча жыл
өттү. Аны тапкан күнү деле тили
бурулуп калды да. Бир балага
жолуксам кыргыз бала экен. Аты
калмакча которулуп калыптыр.
Арманы өзүнүн атасы менен
энесинин анан өзүнүн кыргызча
ысмы ким экенин билбегени болду.
Мени ойго салган ошол маселе
болуп жатат. Эгер мен сиздин
уулуңузду билген күндө дагы, сиз
уулуңузду тапканда деле ал
баланы алып келүү азап го.
Калмактар бекер күчтү кантип жөн
эле бере салсын.
Карыя энтигип:
- Эгер мен баламдын дайынын
билсем тили бурулуп калса мейли,
эптеп алып келгендин жолун табат
элем. Эң негизгиси, балам аман
болсо болгону. Эки жолу барып
издеп таппай келдим.
Сопу кыйылып жатып, бир кезде
минтип айтты:
- Анда мындай кылыңыз. Мен
сиздин уулуңузду билем, кимдин
колунда малай экенин. Мындан аз
убакыт илгери бир балага жолугуп
калсам, ысмым Бактыбай, атамдын
ысмын билбейм, унутуп калдым
деди. Калмакча ысмы Кошут. Сөздү
аягына чыгарбай эле карыя көзүнө
келген жашты арчыганга жарабай
Сопуну бек кучактап:
- Сенин оозуң жакшы экен. Ушунча
жыл сураштырып таба албай
келдим эле. Ошол Бактыбай менин
уулум. Оң жак жаагында тилинген
тырыгын байкай алдыңбы? - деди
эле, Сопу башын ийкеп:
- Ооба, бетинде тырыгы бар
болучу. Эрмет деген калмактын
малын багат. Бедел ашуусунан
түшкөндөн кийин күн чыгышты
көздөй азга жол жүрүп, солго
бурулганда чоң кокту бар. Ошол
коктунун баш жагы Эрметтин
жайыты. Уулунун дайынын уккан
Бекмурза:
- Уулум, сүйүнчүңө бир кой алып
кет. Мен эртең эле жолго чыгам.
Көргөн түшүм жакшы эле, буйруса
иш оңунда болгону калды. Калмак
жерине барып жүргөн жаным
барып, баламдын жүзүн көрүп,
мында алып келем - деп, эч сөзгө
келбей кобурана берди эле, бери
жакта олтурган салабаттуу кары
сөзүн бөлүп:
- Бекмурза, сен эмне жаш бала
болуп кеткенден соосуңбу? Алгач
сен жакшылап сурап, дайынын
билип алып анан оолуксаң боло.
Ушу сенин шашмалыгың. Деги бул
адатың качан калат болду экен?
Бекмурза улуу кишиден азга
тайсалдап:
- Сиздин айткан сөз туура. Сопу
балам, гана айтчы, сен уулума
качан жана кантип жолугуп
калдың? - деп, эми гана жай сөзгө
келди. Сопу карыянын жаш
баладай сүйүнүп, калдастаганына
кабагы бүркөлө түшүп, карыя
күтпөгөн сөздү айтты. Анткени
уулун өз көзү менен көрсө кандай
абалда калат, анын дайынын
укканда эле ушунча калдастап
жатат, ушуну ойлоп:
- Бекмурза ата, сиз азырынча
ашыкпаңыз. Ар бир ишти
жасардан мурда ойлонгонубуз оң.
Мен сиздин ал жакка жалгыз
барганыңызга каршымын.
Калмактар сизди кармап алып,
малай кылып алса эмне кыла
аласыз? Андан көрө алдуу-күчтүү
жигиттерди жиберген иштин
ийгисин берет. Бул сөздү
олтургандар текши туура деп
колдоп жиберишти. Сөз ушуну
менен токтоп калды, анткени
Жумгалдан келген коноктордун
жоон тобу көпчүлүктү дүрбөтүп
келип калышты. Сопунун кайтып
келгени алыс, жакын жердеги
элдерге ар тараптуу сөздөр менен
жетип, чын-бышыгын билүү үчүн
келгендер мындан көп, учурашып
келгендер андан көп болуп,
кеминде бир ай убакыт жалаң
конок тозуу менен өттү. Эсет менен
Аксаамай кабагым кашым дебей,
келген элди коноктоо менен алек
болушту. Ушул арада Карабай
дагы көптүн бири болуп атайын
учурашкан болуп келип, Сопунун
өзүн ээндетип чакырып алып, сөзгө
тартты. Алгач эмне айтаарын
билбей апкаарып да алды.
Анткени Сопу баягы биринчи
көргөндөн алда канча салабаттуу
анан сүрдүү көрүнгөндөй болду.
- Иним, сен өткөндө келип кеттиң
эле. Көзүмчө сын айтпай, артымдан
айткан сының мага жетти. Эми
ошол сөздүн аягын угайын деген
изги ойдо атайын ат бастырып
чыктым. Эми менден тартынбай
ачык айтчы, сынаган сыныңды!
Бул айтыла турган сөздү эбак эле
билген үчүн Сопу анча маани
бербегендей түр менен карап:
- Сиздин ошондогу сыйыңызга
ыракмат. Биринчиден мен сиздин
коногуңуз элем, экинчиден улуу
кишиге биринчи көргөндө эле сын
айткан туура эмес иш болучу. Баса
мен сизди сынаганды айтпай деле
койсом болмок, эки жигитиңиз
"айтып барсын" деп атайын
айттым. Мына эми сиз келдиңиз.
Келгениңиз абдан жакшы болду.
Сиз дагы бир атанын баласы
болгондон кийин, бала жытын
жытташыңыз керек. Ал үчүн
кетирген катаңызды айтып койгон
менин мойнумдагы парзым.
Карабай башын ийкеп, сөздү
бөлүп:
- Туура, мен сени жаш бала деп
ошондо көп көңүл бурбай
калганым чекилик иш болду.
Болбосо мал союп коноктой турган
жан экениңди кеч билип калдым.
Андан дагы сен, менин мергенчи
болгонумду кантип билдиң? Мени
кызыктырган суроо ошол болду.
Сопу бул жолу тиги кишини бир
топко тигиле карап:
- Сиздин мергенчи болгонуңузду
жакшылап баам салып караган
киши дароо эле билет. Мен
астанаңызды аттап киргенде эле
төрдө илинип турган мылтыкка
көзүм түштү. Экинчиден
эшигиңиздин алдында капкан
жатыптыр. Анан дагы сиз сол
көзүңүздү кыса берген адатыңыз
бар экенин байкадым.
Мергенчилерде гана ушундай
адаттар болот. Сиз менен
саламдашып кол алышканда оң
колуңуздун сөөмөйү колума
урунду, жешилгендей болуп. Азыр
дагы мергенчилик өнөрүңүз кала
элек. Кээде эриккенде мылтык
атасыз же мергенчиликке чыгасыз.
Бул сөздөрдү укканда Карабайдын
оозу ачылып калды. Абдан таң
калып, Сопунун жаш болсо дагы
баамчыл экенине абдан кызыгуусу
артып, көңүлүндө ыраазы болуп
турду. Эми сөздү кайра Карабай
алды:
- Ал эми каргышка калганымды
кантип билдиң? - деп, дагы сөздү
бөлүп суроо берип калды эле, Сопу
эми сөз кезеги келди дегенсип
кадамын алдыга таштап, нары
басты. Бул анын алыс басалы деген
белгиси болучу. Карабай чымыр
денелүү, бир караган кишиге
сүрдүү көрүнгөн, кишини тик
качырып карган, көзүнүн ичинде
калы бар, бирок көзү
жүлжүгүрөөк келген, толмоч
киши. Анткен менен калыстыктын
анан чындыктын көмүскөдө
калышын жактырбайт. Бетке
айтып, ачык сүйлөгөн адатынын
айынан кээ кишилерге жакпайт.
Сопу он кадамдай баскан соң гана
сөзгө келди:
- Карабай байке, сиздин каргышка
калганыңызды билгениме себеп
булар болду. Биринчиден
үйүңүздөн баланын изин көрө
албадым. Экинчиден бери жактагы
чоң бакта илинип турган
кайберендин башы болду. Ал
кайберенди сиз качан атып
алдыңыз эле?
- Аны атканыма көп жыл болду.
Баамымыда жыйырма жылдан
ашты го?
- Ошол кайберенди сиз аткан кезде
улагы болгон. Ал кайберендин
атылганына канча жыл болсо да
муңайым тартып турат. Сиз бекер
кылгансыз, толгондон ошол
кайберендин башын катырып
үйүңүзгө жакын жерге илип алып.
Жок дегенде башын жерге көөм
салсаңыз, анда башка иш болот
беле… Эми сиз мындай кылыңыз.
Ошол үйүңүзгө жакын илинген
кайберендин башын кайсы
жерден атсаңыз, ошол жерге
барып жерге көөм салыңыз да,
анан өзүңүздүн кетирген
күнөөңүздү моюнга алып улуу
теңирден кечирим сураңыз. Анан
мазарга барып түнөп, улуу
Алладан тилек тилесеңиз балалуу
болуп калаарсыз.
Бул сөздү укканда Карабай өткөн
окуяны эстеди. Ал мындайча
болгон эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 19:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чын эле Сопу айткандай
кайберенди кызыл чаптын бетинен
атканда, кайберен ошончо бийик
жерден кулап жерге түшкөн.
Жакын келип карашканда
желининен сүт агып турганын
көрүп кабагы бүркөлүп, аалам
тарыгандай сезилген. Бирок улагы
бар экенине көңүл деле бурган
эмес. Анткен менен абдан чоң
кийик экенин мүйүзүнөн билген.
Сопу сөз айтып Карабайдын оюн
бөлүп, суроо берип калды:
- Сиз эми мен айткан ишти так
аткарыңыз. Бул жашоодо бир эле
кайберенди эмес, жөрмөлөп
жүргөн кумурсканын дагы өмүрүн
кыйганга болбойт. Колуңуздан
келсе мылтык кармабай деле
койсоңуз жакшы болот эле.
Карабай башын ийкеп:
- Мен сенин айткандарыңа толук
ынандым. Эми мылтык кармабай
калайын. Сен айткан сөздөрүң
менен мени ойго салып койдуң.
Сопу кабагын чытып "бул го
кайберендин каргышына калып
бала жытына зар болуп жүрсө,
менчи, менин эми кантип кийинки
жашоом маңыздуу болмок эле" деп
ойлоп, жер караган тейде оюн
ичине катып, калмактардын
жоругуна ачуусу келе түшкөнүн
билгизбей, суз гана үн катты:
- Басалы, бизди күтүп калышкан
чыгар, аманчылык болсо дагы
жолугуп кеңешээрбиз. Карабай
ушул жерден Сопунун ар бир
кыймылына, салмактуу айткан
кеңешине ичинен ыраазы болуп,
каршы сөз айтпай алдыга кадам
таштады.
Убакыт дигер намазынын убагынан
өтүп калган кезде, бир жаш келин
бешиктеги баласын кучактаган
тейде көпчүлүктү көзгө илбей
Сопуга келип ыйламсырап
кайрылды:
- Макул көрсөңүз балама дем салып
бересизби?! Эмне болуп кетти
билбейм, караңызчы, денеси кара
көк болуп чыкты. Сопу алты айлык
баланы колуна ала коюп,
коюнунан түшүрбөй алып жүргөн
кичине китепчесин алып чыгып
окуп, анан ичинен бир нерселерди
кобуранып, билген аракетин
жасады. Жаны кыйналып, жашоо
менен күрөшүп, аман калуу үчүн
жан талашып жаткан бала убакыт
алга жылган сайын дем алганы
калыбына келип, баштагыдай
кыйналбай созулуп уктап кетти. Эх,
чиркин ай, баласы үчүн баарына
кайыл болгон жаш келиндин
үмүтүн жандырып, баласын көз
көрүнө ажалдын колунан суурап
алгандай эле болду. Сопунун
жасаган мамилесине жана
аракетине жаш келин эле эмес,
ошол жердегилер абдан таң
калышты. Эсет ушуга чейин
уулунун "сынчы, алдыны көрө
билген олуя" деп эле билсе, эми
минтип көмүскөдө жаткан касиети
улам жарыкка чыга баштаганына
ичинен ыраазы болуп, жүзүнөн
нур чайып кубанып турду. Ооба,
алгач алиги келинди абдан жаман
көргөн болучу "ооруган баласына
Сопу кантип жардам бере алмак
эле?" деп. Курандын кайсы бир
аятын улам кайталап, балага дем
салган сайын бала калыбына
келип, мемиреп уйкунун кучагына
сүңгүп бара жатты. Бир кезде Сопу
баланы энесине берип:
- Кечинде дагы бир жолу келип
дем салдырып кет. Балаңа көз
тийген турбайбы. "Кичине баланы
көпчүлүккө көп алып барбай жүр"
деп кеңешин айтып, колундагы
кичине китебин коюнуна катып
алды.
Бул окуядан кийин болгон айыл
эмес, коңшу айылдан дагы баласы
ооруган келин-кезектер келе
башташты. Ооба, Сопунун ар бир
жасаган иши, көркөм сөзгө
салынып, ашыгы менен башка
айылдагы элге жетип турганын
кантип билип, кантип сезбейт Сопу.
Элдин оозун ким тыят. Ушак сөз
кыска болсо узарып, түз болсо
ийрейип кетээрин ким билбейт.
Айтмакчы, Сопу Арабияга эки жолу
каттады. Андан дагы касиеттүү
дубаларды билип, дитин коюп
үйрөнүп алган.
Бир курдай кошуна жашаган
калмак келиндин тестиер уулуна
катуу суук тийип, денеси ысып
ооруп, кыйналып жатканда Сопу
дем салып жатып баланы оорунун
кучагынан бошотуп, алкоого
татыган. Ал турсун колунан китеп
түшүрбөй окуп, кээ бир дубаларды
жаттап алганга да жетишкен.
Кат сабаты жоюлмак турсун, китеп
эмне экенин билбеген айылдык
карапайым эл үчүн Сопунун кат
тааныганы тим эле ойго келбеген
иш болуп, атайын алыстан келип
китебин көрүп кеткен кишилер
дагы болбой койгон жок. Сопу
кээде тамыр кармап дагы ооруну
билип койгон жайы боло турган.
Муну бир кытай чалдан үйрөнгөн.
Кытай чал чөптүн тилин билген,
кайсы чөп эмне ооруга дары
экенин жөн гана карап туруп
айтып коючу. Канча жыл калмак
жеринде жүргөнү менен көп
өнөргө ээ болуп келгени барган
сайын билинип, уу-дуу кеп болуп
жатты.
Убакыт алга жылган сайын
Сопунун кадыры өсүп, али жаш
болсо да эл бийлеген бийлер,
болуштар кеңеш сурап да келе
башташты.
Уулунун минтип элге алынганына
Эсет менен Аксаамай ичтеринен
ыраазы болушканы менен анын
үйлөнбөй бой жүргөнү ойго
салды.
Бир курдай түшкү тамак учурунда
үчөө ээн олтуруп тамактанып
калышты эле, Эсет сөздү алыстан
баштап келип:
- Сопу уулум, минтип сенин элге
алынганың бизди сүйүнттү. Эми
бир келинчек алып, үй бүлөө
күтсөң кандай болот? Деле ооз
батынып айта албай жүрөбүз, энең
экөөбүз.
Ушул айтылган сөз Сопунун ички
жарасын козгоду. Бир жерди теше
тиктеп, көпкө турду да анан:
- Апа, ата, менин сиздерден
өтүнүчүм, башка эмне сөз айтсаңар
баарын аткарам, бирок мындан
кийин мени "үйлөн" деп
айтпагылачы. Сиздерден көптөн -
көп өтүнөрүм ушул.
Уулунан мындай сөздү күтпөгөн
ата менен эне оозунан алдырган
куштай болуп телмиреп эле туруп
калышты. Таасын жана
жеткиликтүү айтылган сөзгө
каршы сөз айта алышпай олтуруп
жер карашты. Ооба, кошуна
айылдан Калман деген кишинин
кызына "куда түшөлү" деген изги
ойлору бир ооз сөз менен жуулуп,
ал максаттары кайда кеткенин
билбей нес болуп үн дебей
турушканда, Сопу өзү сөздү кайра
алды:
- Ата мен силерге кийин
түшүндүрүп айтып берем. Мени
калмактар бир максат менен
уурдашыптыр. Алар тилектерин
аткарышты. Эгер мен аларга керек
болбосом мени уурдамак эмес
чыгар. Болбосо башка балдар
сыяктуу мал кайтарып алардын
малайы болуп жүрөт белем, ким
билет.
Табышмактантып айтылган сөздүн
артында бир сыр катылып
турганын ата менен эне дароо
сезишти да, башка сөз айтпай
тунжурап турушканда, Сопу
тасмалга бата тилеп сыртка чыгып
кетти.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 05:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: