Суперстан: Сопу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сопу Бердикожо Бийназаров

#41 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 19:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сопунун айтуусу менен эки жигит
калмак жергесине аттанып
кетишти. Бекмурза "өзүм барам"
деп оолукту эле, сакалдуу
кишилер ортого түшүп, аны тыйып
коюшту.
Жай мезгилинин орто чени болгон
үчүн, алдуу- күчтүү ат минген эки
карылуу жигит таң эрте жолго
чыгышып, кыска жол менен жүрүп
олтурушуп, жолго бир түнөп
эртеси күнү кеч күүгүмдө Садык
жайлаган жайлоого жете
келишти. Бул жерден эт бышым
убакыт жүрүшсө эле Бедел
ашуусунун башына чыгууга болот.
Садык келген эки жигитти жакшы
маанай менен кабыл алып, жөн
жайын сураштырды эле, сөз алгач
Сопу тууралуу болуп, анан кичине
кезинде жоголгон Бактыбайга
барып такалды. Аны Эрмет деген
калмактын малын кайтарган
малайы экенинен бери сөз болду.
Садык бир саамга көзүн
жүлжүйтүп ойлонуп туруп:
- Силер кеп кылган Сопу алгач
менин үйүмө келип конгон. Ал
турсун аны, мен үйүнө чейин
жеткизип баргам. Ошондо Сопу
айткан эле, Бактыбай жөнүндө.
Ошол Бактыбайдын атасы
табылдыбы?
Бул суроого Чекир жооп берди:
- Ооба, баланын атасы биздин
жакын тууган, байкелер болот. Биз
менен өзү кошо чыгам дегенде,
аксакалдар болбой коюшту.
- Абдан туура кылышкан. Ал киши
силер менен келсе, тоскоолун эле
тийгизмек. Андан дагы кары киши
алыс жолго ат менен чыкса
кыйналып калмак - деп, олтурган
ордунан копшулуп алып:
- Баса, силер кеп кылган калмакты
мен жакшы тааныйм. Жеткен
сараң, андан калса митаам неме.
Баланы оңой менен колго түшүрө
албай кыйналасыңар го. Эгер
менин тилимди алсаңар, мындай
кылгыла. Бул сөздү угушканда эки
жигит тигиле карап калышты
"кандай акыл айтасыз?" дегенсип:
- Силер менин сөзүмдү туура
көрсөңөр, баланы талаадан
аңдыгыла. Аны менен эч кимге
билинбей жолугуп сүйлөшсөңөр
анда жакшы болот эле. Болбосо
Эрмет бир нерсенин шегин билип
калса анда бала колуңарга тиймек
турсун, өзүңөр туткун болуп
каласыңар.
Садыктын бул айткан сөзү дагы
эптүү болуп, эки жигиттин алты
айласы кетип, кантип баланы
колго тийгизүү керек экени терең
ойго салды. Ойдон күлүк эмне бар.
Андан дагы Садык абдан жүйөөлүү
сөз айтып, эки жигиттин көңлүн
алагды кылып койду. Анткени экөө
"тез эле барып баланы таап, атка
учаштырып келе беребиз" деген
кыска ойду ойлоп чыгышкан.
Садыктын айткан сөздөрүнөн,
анын баамчыл анан акылга дыйкан
адам экенин билишти. Чекир бир
кезде сөз учугун чыгарды:
- Садык байке, бизге дагы кандай
акыл айта аласыз? - деп. Садык
куш жаздыкка чыканагын коюп,
жамбаштап жаткан калыбында:
- Силер алгач Эрметтин үйүнө
жылкы издеп баргандай болуп,
анын алын, жайын билгиле.
Болбосо, аны алыстан аңдыгыла,
балким алыска ат бастырып чыгып
калар. Менин жеке оюмда башка
айла- амал таба албайсыңар. Бул
түнү экөө аттарын суутуп, жуп
жатаарда гана отко коюшту.
Садыктын жаш аялы элпек
кыймылы менен тез эле экөөнө
төшөк салып берип, өз иши менен
алек болуп, кеч жатты. Чекир
келгенден бери андан көзүн алган
жок. Анткени жаш келиндин көзгө
илинген чырайы, көңүлүн такыр
эле ээлеп алды. Жөн эле аял затын
биринчи жолу көрүп жаткансып,
тигиле караганын Садык да байкап
калды. Ушул жерден Сопуну
айткан сөзүн да эстей калды.
"Сулуу аял алган кишинин шору,
ар кимден кызганганы" - деп. Чын
эле чырайлуу аял затына
кызыкпаган эркек да эркекпи. Аял
заты алтынга кызыгат, ал эми сулуу
аялга кызыкпаган эркектин
дөңгөчтөн айрымасы канча.
Канчалаган эркектер аял затынын
сулуугуна арбалып, арзуу азабын
тартышпады дагы, түн уйкудан
калышпады. Бул эми жашоонун
жазылбаган жана бузулбаган
мыйзамы экенин эч ким четке кага
албайт.
Түндүн көркү ай. Айдын жарыгы
жарым жартылай ачылган
түндүктөн болор - болбос үй ичине
жарык берип турду. Бир айда отуз
күн болсо анын он беши күн, он
беши түн. Түндүн дагы өзүнө
таандык сулуулугу, көркөмү бар.
Түндү ар бир жаныбарды эс алсын
деген максат менен жаратканын
кантип танууга болот. Керек болсо
түндү жылкы баласы дагы турган
тейде көз ирмеп уктап өткөзөт.
Бирок ушул биз кеп кылган түнү
ким уктабайт, албетте жүрөккө
тынчтык бербеген арзуу сезимине
туш болгон жан уктабайт. Черик
канчалык уктап калууну ойлосо
да, көз алдынан атасындай болгон
кишинин наркы капталында
жаткан жаш келиндин ай жамалы
кетпей, тынчын алды. Аны
биринчи көргөндө эле жактырып
калды. Баскан турганы, кыймыл
аракети, музоонуну кирпигиндей
узун кирпиктери, моймолжуган
кара көзү деги койчу, көз толо
караган чырайына ашык болуп,
бир топко ооналактап жатып, бир
кезде көзү илинип кетти. Гүлүм
жөнүндө ойлонуп койгонгобу,
түнү түшүнө кирип чыкты. Бул эми
жаш кезде келген арзуу сезиминин
бир канакей үзүмү экенин
жашырып болбойт. Анткени
ашыктык ар бир адамдын башына
келип кетүүчү нерсе.
Таң эрте эки жигит жолго
чыгышты. Экөө сүйлөшүлгөн сөз
боюнча, эч кимди ойготпой
аттарын токуп минип, таң сөгүлүп
келе жатканда токулган аттарына
шак минип, тоо беттеп жалгыз аяк
жол менен сапарларын улашты.
Бир кезде Черик сөз козгоду:
- Тиги кишинин колуктусу абдан
чырайлуу экен ээ? - деди эле,
Сапарбек:
- Аттиң, бай болсоң кандай жакшы.
Аттын күлүгүн минесиң дагы,
аялдын сулуусун аласың. Байлык
бар жерде бакыт бар. Дегеним
байлыгың болсо байлар менен
баарлашып, тамактын майлуусун,
даамдуусун жеп, кийимдин
жаңысын кийип, сөзүң чоң чыгат.
Байкадыңбы, кечинде жеген
кабырганын майын.
Чекир атына сылай камчы салып:
- Сапарбек, ал эч нерсе эмес,
жаткан төшөгүнүн калыңдыгын
карачы. Кедейлер минтип күнү-
түнү жолдо же малдын четинде
жүрөбүз, байлар жылуу үйдө,
калың төшөктө жамбаштап жатып
сырттуу кабырганы мүлжүп үйдө
жатат. Бир келген жашоодо аттиң,
бардар жашоодо жашаганга не
жетсин.
Сөз бир топко үзүлүп калды. Эки
атчан күн найза бою тоо башынан
көтөрүлүп калган кезде ашуунун
үстүнө чыгып барганга үлгүрүштү.
Мына бекер айтылган эмес да
"минген аттын кадыры алыс жолдо
билинет" деп. Эки аттын күчү ушул
жолу билинди. Эми дагы бир
чакырымдай тик өйдө чыгышса эле
болду, ашуунун туу чокусуна
чыккан болушат.
Кыбыраган кыр ашат болуп, туу
чокуга чыгышканда экөө аттардын
белин эс алдыруу үчүн аттан
түшүп, басмайылды бошотушту.
Бул жерде кеминде чай кайнам
убакыт эс алган болушуп,
тамактанып алышты. Качан гана
жуп аттанаарда Чекир сызылган
чийинди көрө койду. Бирок бул
чийин эмне чийин экенине
акылдары жете берген жок. Ал
чийин Сопу чийген чийин экенин
билишсе, анда дагы бир топко
кармалышат беле ким билет.
Ылдыйды көздөй аттар көп
кыйналбай басып, тез эле көздөгөн
жерге жете келишти. Сопу
айткандай күн чыгышты карай бир
топ бастырышкан соң, оңго
бурулушту. Ушул коктунун
башына барышса эле, Эрметтин
жайытына жеткен болушат. Бирок
ушунча жол жүрүп бир дагы
калмакты жолуктуруша элек.
Чекир аз болсо дагы калмактын
тилин билет. Ошол себептен аны
тандап алышкан. Төрөлгөндө
коюлган ысмы Кабыл. Көзү көк
болгон үчүн кийин эле Кабыл аты
өчүп, Чекир аталып калган. Анткен
менен атка тың, анан сөзгө бай
жигит. Сүйлөгөндө чечендик жайы
бар. Садыктын үйүнөн чыккандан
бери болгон дитин анын аялы
бийлеп алып, эки ооз сөзүнүн бири
эле жаш токол болуп калды.
Чынында ал келинди Садыкка
ыраа көрбөй, ичинен кызганыч
сезими күч алган үчүн, аны
оозунан түшүргөн жок.
Экөө улуу шашкеде Эрметтин
үйүнө жакын жерге келишти. Тоо
чөбүнүн жыты, бетегенин жашыл
түсү тим эле көзгө кооз көрүнүп,
курсагы ачкан аттар улап
баштарын жерге сала калышып,
оттогонго аракеттери күч болду.
Алыс жол жүргөнгө курсактары
ачканы ушундай улам билинип
турду. Аңгыча эле, маңдайкы
имерилиштен койлордун карааны
көрүнүп, бери карай жай оттоп
келе жатышты. Бул Эрметтин
койлору сууга түшкөнү ылдыйлап
келе жаткандагы учуру. Экөө
аттардын тизгинин жыя кармашып,
тык токтоп калышты. Аңгыча
койлордун артынан таяк кармаган
жаш жигит көрүндү, кой
кайтарган койчу экенин билгизип.
Алдында баштаган эркеч бир кезде
сууну көздөй чуркап жөнөдү эле,
баары артынан чурулдап маарап
сууну көздөй чуркашты. Аңгыча
таяк кармаган койчу эч шашпай
кыя жол менен ылдыйлап келе
жатканда, экөө алдынан чыкты.
Тиги койчу бала бул экөөнөн
чочулаган жок. Эригип турган неме
кайра булар менен сүйлөшкүсү
келип, утурлай басты. Аралык
жакындаганда, Сапарбек алгач
тааныды, Бекмурзага окшоштуруп.
Бала жакын келгенде алгач Чекир
сөздү баштады, калмакча сүйлөп
салам берип. Бактыбай кантсе дагы
жалтаң өскөнүн билгизип,
бейтааныш экөөнү жок издеп
жүргөндөр го деп ойлоп, берилген
саламды алик алып "байкелер
силер кимсиңер?" дегенсип
карады. Чекир чочутуп албас үчүн:
- Биз жок издеп жүргөндөрбүз.
Бул койлор кимдин кою, жайыт
кимдики? - деп эки суроону катар
берди эле, Бактыбай эми гана өзүн
эркин сезип:
- Бул жайыт Эрметтики. Койлор
дагы.
- Сенин ысмың ким?-деп Чекир
суроо берди ыгын келтирип.
Бактыбай калмакча атын айтканда,
Сапарбек эки жакты аяр карап
алды, "эч ким жокпу?" дегенсип.
Жолго чыгарда Сопу айткан
ысымды укканда Чекир, издеп
келген баланын нак өзүнө
жолукканын билип:
- Сенин кыргызча ысмың
Бактыбайбы? - дегенде Бактыбай
башын ийкеп жооп берип:
- Силер кайдан билесиңер? - деп
кайра суроо узатты. Сопу
айткандай бул баланын тили
такыр эле калмак тилине бурулуп
калганын баамдаган Сапарбек,
Чекир экөөнүн сүйлөшкөн
сөздөрүнө түшүнө берген жок.
Ичинен аны аяп, ал уурдалгандан
бери атасы менен энеси али күнчө
жол карап күдөрлөрүн үзбөй
күтүп жатканын айтайын дейт, ага
тил билбегени жолтоо болуп,
кулак төшөп гана турду. Бир кезде
тиги экөө бир сөзгө келди белем
Чекир:
- Сапарбек, кеттик, биз кечке чейин
суук көзгө урунбай тиги коктуда
булак бар дейт, ошол жактан
күтмөй болдук. Бактыбай
койлорду короого киргизип коюп,
түнү ат менен качып келмей болду.
Ал деле атасы менен энесин
сагынып, "ушинтип жүргөнчө
силер менен кетем" деп, ушул
учурду күтүп жүргөнүн айтты.
Буйруса иш оң жагына оомой
болуп калды көрүнөт. Сапарбек
экөөнүн сүйлөшкөн сөзүнөн эле
билген, иш оң жагына оогонун.
Чекирдин тил билгени ушул
жерден чоң кереке жараганына
ичи жылып, эч сөз кайрып айткан
жок.
Кабагы ачык нары баскан
Бактыбайдын сырт келбетин
ушундай бир аянычтуу көз караш
менен карап, көзүнө келген жашты
колу менен сүртүп, туугандык аёо
сезими козголуп кетти. Басып бара
жаткан Бактыбай өзүнүн ушул
абалынан кыйынчылыктын катуу
азабын тартканын айттырбай эле
билгизип койду.
Анын кичине кези алигиче эсинде.
Эжелери менен каткырып күлүп
ойноп, аларды атасына таянып
чачынан тартып тийишкенин
кантип унутат. Тиги эки кишини
минтип өзүн издеп келгени
күтүүсүз кубаныч тартуулап,
ичинен жетине албай турду.
Апасын, атасын, эжелерин эстеп,
алар азыр кандай болуп калды
экен деген ойду дагы ойлогонго
жетишип жиберди. Бирок
жүрөгүн эзген нерсе, көнүп калган
жерин кантип таштап кетүү болду.
Баарынан дагы бир күн илгери эле
дайыма булактан кезигип жүргөн
Имардын үй кызматчысы
Боторойго арзуусун билгизгени,
анын уялып жер карап, эки күндөн
кийин жообун берем дегени
көңүлүн алагды кылды.
Билинбегени менен адам баласына
келген алгачкы арзуу кандай гана
таттуу кыялга жетелейт. Минтип
жашы келип, кыз жандар учуру
дагы билинбей өтүп бара
жатканы, кантип көңүлүн
оорутпайт. Чаржайыт ойлор менен
алек болгон Бактыбай кантип
убакыт өтүп, кеч киргенин билбей
калды. Бирок көкүрөгүндө
мекениме кетем деген дегдөө
толкунданууну алып келип, кечки
малды ушундай тез жайлады. Ал
турсун минип кача турган атты
дагы мээрчемдүү жерге тушап
койду. Оңдой берди болуп бул
күнү Эрмет үйдө жок болучу.
Бактыбай эбин келтирип,
Боторойго барып жолугуп, бирок
алыска кете турганын айткан жок.
Ага айтса ал бирөөнө айтып
койчудай сезилди.
Кийген кийми жупуну болгону
менен Боторойдун көзү
жылдыздуу, кара торунун сулуусу.
Бактыбай учурун келтирип:
- Боторой, кел экөөбүз эч ким
барбаган жакка качып кетебиз,
мен сени менен каякадыр качып
кетким келип жүрөт деди эле,
Боторой жактыра бербеген түр
менен карап:
- Бул оюңдан кайт. Бизди Эрмет
менен Имар жигиттерине алеки
саатта таптырып алып, терибизди
тетири сыйрыйт. Андан көрө тынч
жашообузду уланта берели. Сөз
ушул жерге келгенде Боторойду
чакырып калды. Бактыбай акыркы
айта турган сөзүн айта албай,
кабагы салыңкы кайра изине
кайтты да, катып койгон ээр
токумду тушалуу атка токуп, бир
азга күтүп туруп, Эрметтин улуу
аялынын үйүндөгү чырак өчкөндө,
ушуну эле күтүп турган Бактыбай
ылдыйды карай чуркап барып,
токулуу аттын тушамышын чечип,
атка минип, үйдөн бир аз узаганга
чейин жай бастырып барып, анан
аттын башын коё берди.
Бул кезде тиги экөө жол карап,
чыдамдары кетип калган болучу.
Качан гана аттын дүбүртү
угулганда, экөөнүн кабактары
ачыла түштү.
Айсыз караңгыда жол арбыта
алышкан жок. Бирок түн
ортосунан оогон кезде үчөө
Ашуунун туу чокусуна чыга
келишти. Ушуга чейин байкашкан
эмес эле, арттан куугун түшкөнүн.
Дароо аттарына мине калышты да,
ылдыйды көздөй чуу коюп
жөнөштү. Куугун туу чокуга
келгенде эмнегедир тык токтоп,
калмак тилинде бир нерсе деп
кыйкырып калып калышты.
Анткен менен Бактыбай дале
ишене алган жок өзү туулуп өскөн
айылына, атасы менен энесинин
кашына бара жатканына.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 19:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ашуунун түбүнө түшкөндө Чекир:
- Калмактар эмнеге туу чокуга
чейин кууп келишип, андан бери
келе алышпай кетип калышты,
ушуга менин такыр акылым
жеткен жок. Эгер кичине эле
аракет кылып коюшканда, алар
бизге тез эле жетип келишмек. Бул
суроого Сапарбектен жооп күттү
эле, Бактыбай калмак тилинде
жооп берди, бирок азыраак
кыргыз тилин кошуп:
- Менин угушума караганда,
чокунун башында бир чийин бар
экен. Ошол чийинден калмактарды
кандайдыр бир сырдуу көрүнүш
тозуп, өткөрбөйт имиш. Жакында
"мен" деген өз күчтөрүнө ишенген
беш калмак жигити жылкы тийип
келгени жөнөшүп, чийинден нары
өтө албай коюшуптур. Азыр дагы
биз үчөөбүз күбө болдук го,
калмактар алиги чийинге келгенде
тосмо менен тоскондой тык
токтогонун. Чекир бул айтылган
сөздү туура көрүп:
- Бактыбай сен туура сөз айтың,
бирок ал чийинди ким чийгенин
билесиңби?
- Эрмет бир чоочун кишилер
келгенде айткан эле "жакында
буруттардын бир касиеттүү
баласына азаттык берип,
кетиришиптир. Ал ичине кек
сактап кеткен имиш, ошол бала
"Ашуудан бери өтпөй калгыла,
калмактар" деп чийгенин узун
сабак кеп кылып айтышты. Бирок
бир караган кишиге бул жөн гана
айтылган кеп болсо, ишенген
кишилер үчүн мааниси терең.
Сапарбек эми гана бир нерсени
эстеп:
- Чекир, билесиңби, Сопу биз
мында чыгарда айтпады беле
"Беделдин туу чокусунан бери
ашып алсаңар, калмактардын
куугунунан кутулдук" деп ойлой
бергиле дегенин.
- Анда чийинди Сопу чийген
болобу?
Сопунун ысмын укканда Бактыбай:
- Мен ал баланы билем. Бул жакта
жүргөндө ал абдан барктуу
болучу. Ага мен өз ысмымды айтып,
атамдын атын билбейм дегем. Баса,
силер мени кимден угуп келдиңер
эле? - дегенде, Чекир алдыда ат
бастырып бара жаткандыктан
артын карап:
- Бизге сенин ысмыңды ошол Сопу
айткан. Сени атаң канча жолу
издеп келди, калмак жерине.
Бирок такыр таба албай катуу
кыйналды.
- Мен дагы атамды абдан сагындым.
Кичине кезимде мени дайыма
атына өңөрүп, бастырып жүрчү
эле. Азыр ошол кичине кезимди
кайра кайрып берип койсо,
атаганат.
Бул үчөө тоо башынан күн аркан
бою көтөрүлүп калган кезде
Садыктын үйүнө жете келишти.
Черик ушуга чейин көңүлүнөн
орун алган жаш келинди көрүүгө
абдан катуу куштар болуп келди.
Аттиң, билинбегени менен
жүрөккө тынчтык бербеген аруу
сезимдин күчүнө эмнени теңесе
болот. Канчалык башка нерсени
ойлоюн деген менен ага дити жол
бербеди. Чынында эле айтып
койгон оңой болгону менен
жүрөктүн эңсөөсүн башкарууга
бекем "эрк" керек, болбосо
канчалаган жигит, кыздар
тымызын ашыктыктын азабын
тартып, санаасын чегип келген.
Чекир астананы аттап кирээри
менен эле көзү менен издеди, жаш
келинди. Бирок ал көзүнө уруна
койгон жок. Салам берип ал
жайды сурашкан соң Садык,
Бактыбайга суроо узатты:
- Сен барганда атаңды тааный
аласыңбы? - деп. Тили бурулуп
калган курган бала эмне деп жооп
берүүнү билбей турду. Качан гана
Чекир которуп айтып бергенде,
Бактыбай:
- Барганда көрөм. Айтмакчы, менин
эң негизги максатым, мени жарык
дүйнөгө алып келген атам менен
апамдын жүзүн көрүү жана
алардын алдында милдетимди
аткарып, кызматымды өтөө. Бул
сөздү укканда Садыктын ичи
жылып, көңүлү өсө түштү
"баланын дээринде бир нерсе бар
экен" деп. Ооба, ар бир адам
баласынын сүйлөгөн сөзүнөн улам
кандай ой максаты бар экени
билинип калат. Он балага тете бир
бала болот, ата менен эненин
көңүл отун өстүргөн жана
ишенимин аткарган. Ар тараптуу
сөздөр айтылып жатканда сырттан
иймене басып, Чекирдин баятан
бери күтүп жаткан айжамалы баш
бакты. Аны менен бирге боз үйдүн
ичине жарык нур кошо киргендей
эле болду белем, көзү алая түштү.
Эркектерге сынааккы да, сырдана
да көз салып калган мубарак
келин, Чекирдин өзүнө көңүлү
имерилип калганын биринчи
көргөндө эле байкаган. Ал турсун
алкымы агылган арзып калган
Чекирдин сук көз агытуусун жөн
гана эмес, бүтүндөй жан дүйнөсү,
жон териси менен сезди. Андан
дагы экөөнүн көздөрү чагылыша
да түштү. Ак жибек жип менен
саймаланган сырт кийиминин
ичинде толукшуган сымбаттуу
мүчөсү жумуруланган. Турна моюн,
бото көз, аккуудай керилген сулуу,
арзууңду түшүндүм дегенсип,
мыйыгынан аста күлүп койду.
Ооба, буга чейин канчалаган эркек
танаалар бул үйгө башбакты.
Алардын дээрлик теңинен көбү сук
көздөрү менен караганына күбө
болгон келин, кош көңүл мамиле
жасаган болду. Аттиң,
сулуулардын бой көтөрүшүнө
эркектер өздөрү ушинтип жол
бергенин жалганга чыгарып
болбойт. Бир кезде катар олтурган
Сапарбек аста колу менен тигини
ныкып коду "байка, күйөөсү
кызганып кууп чыкпасын"
дегенсип. Албууттанган сезимге
такоол бере албай, курган жигит
ашыгын улам көз кыйыгы менен
карай берди. Оюу туман, ушундай
да адам затында сулуу жан болот
экен деген ойду да ойлоду. Ал
турсун ушул келиндин ээси болгон
Садыктын бактысына көз артты.
Аңгыча Бактыбай дагы байкап
калдыбы, калмак тилинде Чекирге
карап кобураган болду:
- Байке, бирөөнүн ак никелүү
аялына көз арткан болбойт! - деп.
Ушул сөздү укканда гана Чекир
чектен сырт чыгып кеткенин
билип, жүзүндө кызыл пайда боло
түштү да, Садыкты карады. Ал дагы
өзүнө тигиле көз салып турган
экен. Бирок мындайдын далайын
башынан өткөргөн Садык
жеңилдикке барбай орунду сөз
козгоду:
- Балдар, эми силер эртелеп жолго
чыкпасаңар болбойт. Артыңардан
куугун түшүп калса, эртерээк жол
арбытып алгыла. Кечинде тиги
кырдан өтө алышпай калышса,
күндүз өтүп келиши толук мүмкүн.
Алар келсе түз эле мында келишет
да, менден сурашат. Мен аларды
кайра артка кетиргенге аракет
кылам. Менин аларга сөзүм өтөт.
Негизгиси силер алардын көзүнө
көрүнбөгөндөй болгула. Бир, эки
чыныдан кымыз ичкен үчөө бул
сөздү угушканда шашып калышты.
Дароо тасмалга бата тилешип,
орундарынан турушту. Качан гана
үйдөн бир топ узаганда Чекир:
- Кап, кайдан дагы бул үйгө келе
калдык эле. Тиги келин менин
жүрөгүмдү өзү менен бирге алып
калды. Жок эле дегенде башы бош
болгондо эмне, баардык
тоскоолдорго ээ бербей ала качып
кетет элем. Азда болсо кыргыз
тилинде сүйлөнгөн сөздөргө маани
берип түшүнүп калган Бактыбай,
Чекирдин айткан сөзүнө түз жооп
берди:
- Байке, сиз минтип бир көргөн
келинге ашык болсоңуз, менин ал
жакта сөзүбүз бүтүп калган селким
калды. Силер мага чукул убакытты
айтып калбадыңарбы. Болбосо
биротоло үйгө бир башымды эки
кылып келинчек алып барат элем.
Бул сөздү укканда, Чекир:
- Ой, анан сен дароо эле айтпайт
белең, бир күн күтүп тура
турмакпыз. Бактыбай кош көңүл:
- Бир көргөн кишиге эле дароо
баарын айта койгонго менин дитим
чаппады. Эми аны ойлой берип
арзуунун азабын тартам го? Сөз
ушул жерге келгенде, арттан
аттардын дабышы угулуп калды.
Жай ат басыгы менен бара жаткан
үчөө дароо арттарын караса, эки
жигит катуу чаап келе жатышкан
экен. Булардын катуу келе жаткан
түрү жаман экенин дароо билишти
да, алдында минип келе жаткан
аттарына камчы салып, алдыны
көздөй чаап жөнөштү, кудум ат
чабышка түшкөнсүшүп. Эмне
болуп кеткенин билишпеген аттар,
дароо биринен бири калбай
арыштарын кенен салып, чуу
коюшту. Бактыбай атайын
Эрметтин жакшы көргөн атын
минип чыккан. Экөөнө
караандатпай, тай чабым алдыга
узап кетти. Мына күлүктүн баркы
ушундайда билинет эмеспи. Тим
эле учкан куштай сызган аттын
чуркаганына Сапарбектин көңүлү
бурулду. Анткени анын күлүк атка
болгон ынтызары күч эле. Ал
турсун күлүк жылкы баласын
таптай койгон дагы өнөрү бар.
Алдыда озуп бара жаткан атты
көрүп, анын көз кызыккандай
арыш кергенине кызыгып, арттан
куугун ушул күлүк ат үчүн
түшкөнүн Сапарбек айттырбай
аңдап билди. Баарынан дагы
Бактыбайдын бул кылган
кылыгына ичи жылып, дитинде
аны жактырып турду. Анткени
ушунча кылган кызматы үчүн,
өзүнүн эмгегин баалап, күлүк атты
мине качканы бул жигиттик сапаты
эмей эмне. Ооба, ар бир адам
өзүнүн эмгегин баалай билгени
абзел.
Арттан түшкөн экөө бир топко
чейин кубалап келип, бирөө ат
тизгинин тартып артта калды да,
бирөө кубалап келе жатты.
Жалгыз атчандын келе жатканын
көрүп, артта келе жаткан Чекир
токтоп калды. Жалгыз атчан
жакындаганда, баш кийимин чече
калып, булгалады. Аларды, Садык
атайын жибергенин билишсе, күтө
турушат эле. Чекир эми гана эсин
жыйып, жалгыз атчандан коркпой,
боюн токтотуп, он кадамдай
алдыда бара жаткан Сапарбекке
карай кыйкырды:
- Сапарбек, токто, тиги кишини
күтөлү деп. Алдыга узап кеткен
Бактыбай артын деле караган эмес.
Бир топ алдыга узап кеткен.
Алдындагы аттын күлүк экенине
ушу жолу баам салды. Укканы бар
эле, аттын күлүк экенин, бирок
аттын күлүктүгүнө көңүл деле
бурган эмес, жөн гана Эрметин
жакшы көргөн аты деп билген. Бир
кезде артын караса, тээ алыста үч
атчандын сүйлөшүп турганын
көрүп, кайра артка кайтты.
Арттан келген жигит, жетип,
жетпей эле:
- Мен силерди көпкө кармабайм.
Куугун келди, артыңарга карабай
тез жүргүлө. Колуңардан келсе
адаштырмай жолдорго салгыла.
Кожоюн, аларды алаксытып турам
деп, бизди жиберген. Мен кайттым
анда, деп атынын башын тетири
бурду. Бул сөздү укканда эле, үчөө
жүрүштөрүн тездетип, сапарларын
улашты. Ошондо да Чекир
кебелбей:
- Куугундар Садык аксакалдын
сулуу токолуна арбалып
олтурушканда, биз бир кыйла узап
кетебиз, деп, дагы арзып калган
келинин сөз арасына кыпчып өттү
эле, тиги экөө бул жолу анын
айткан сөзүнө кайрып эч сөз
айтышкан жок. Бирок кантсе дагы
өз жер деп эрдемсиништиби,
көңүлдөрү ток экени жүздөрүнөн
билинип турду.
Беш калмак жигит тигилер жаңы
гана кырды ашып кеткенде,
жакынкы белден бери бурулуп
калышты. Эгер азга эле эрте
чыгышкан болсо, кетип бара
жаткан үчөөнү көрүп калышат
беле, ким билет. Алар үйгө
киргенде, Садык атайын эки
жигитин чаптырган болучу,
"артынан барып айткыла, бул
аймактан тез кетип калышсын"
деп.
Беш калмак жигит, Беделдин
башынан аша албай, аны айланып
өткөн үчүн, кармалып
калышканын сөз арасында кеп
кылып өтүштү.
Бешөөнүн сакалдуусу экени
курсагынан эле билинген, тамакты
ылгабай жеген кара киши:
- Бул ашуунун башынан бери
ашкан бизге абдан кыйын болду.
Түндө жакшы эле ашуунун туу
чокусуна чейин келдик, анан эмне
болду билбейбиз, аттарыбыз чоң
зоокага такалгансып эле такыр
баспай коюшту. Бир топко
убараландык анан биз дагы бир
балээге кабылбайлы деп, кайра
артка тарттык. Ушул жерден Садык
сөз кезеги келгенде айтып калды:
- Бир малай үчүн эмне мынча ат
тердетип келдиңер?-дегенде,
бакылдап сүйлөгөн алиги киши:
- Малай өзү жалгыз качмактан
качсын, бизди ал кызыктырган
жок, Эрметтин күлүк атын мине
качып кетип жатпайбы. Ал аттай
күлүк ат, калмак жеринде жок. Биз
атты таап барбасак, Эрмет бизге
тынчтык бербейт. Бул сөздү
укканда, Садык сыртка чыгып, алар
минип келген аттарга көңүл
бурбаганына ичинен өкүнүп алды
да, анан сыр бербей:
- Эгер алар бул жакка келсе.
Биздин үйгө тийе кетишмек.
Балким түн ичинде өткөн болсо,
анда иттер үрөт эле. Менин
баамымда, тескейди көздөй
кетишсе керек наркы белди ашып.
Бул айтылган сөздү укканда, ооз
жакта олтурган калмак:
- Мен силерге айттым беле,
аттардын изи ал жакты көздөй
кетиптир деп. Артынан эрте
түшкөндөй бололу, алар узап кете
электе - деп, чыйпылыктап
жиберди. Курсакчан киши:
- Шашпа, артынан эмне болгон
күндө дагы жете барабыз. Түндө
суукта калганга, жаным жер
тартып, кыйналып турам. Дагы
жакшы, курсакты кампайтып
алганыбызга деп, Садыкка
ыракматын айтты. Садык качан
гана тасмалга бата тиленгенде,
сыртка чыгып калмактарга
маңдайкы бетти колу менен
көргөзүп:
- Тээтиги тоонун аркы бетинде кыя
кеткен жол бар. Ошол жол менен
жүргүлө, балким таап калышыңар
ажеп эмес. Бул сөздү укканда
калмактар аттарына минип, кош
айтышып темине бастырышып,
сылай камчы салышты. Садык алар
кеткенде дагы ичинен бушайман
болду "кап, жана сыртка чыгып
тиги үчөөнү узатканымда,
калмактар кызыккан атты өз көзүм
менен көрүп калат элем" деп, эми
ичинен жеген санаа күлүк атты
көрмөйүн, жанын жай алдырбайт.
Болгон ой тилеги, кызыккан дили
күлүк ат таптоо. Садык ат
чабыштарга барып калганда,
саяпкерлердин жанына карыш
жылбай, аттарды сынаган сынын
уккандан канагат алат. Эки жолу
ат таптап, байгелүү орунду алып,
биринчи жана экинчи байгени
алганы, күлүк атка кызыгуусу
артып калган. Эми минтип
эшигинин алдына келген күлүк
атты көрбөй калганы үчүн, өзүн
кечире албай турду.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 19:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Баланын санаасын көп жыл
тарткан Бекмурза менен
Санийпаны эми баштагыдан чоң
санаа курчап, түнү уйкулары
качып, күндүз жол карагандары
адатка айланды. Негизи жашоонун
шарданында аялдар
сабырдуулукту көбүрөөк
кармашабы, Санийпага караганда
Бекмурзанын чыдамы кетип,
сабыры түгөнүп калды.
Бактыбайдын дайынын уккандан
бери "тукум улоочум табылды, эми
көзүн көрсөм арманым жок" деп
ичинен уулунун аман эсен
келишин миң кайталап тиленди.
Бир жерге олтура албай, уулу
келгенде садага чабуу үчүн улагын
камдап, ал турсун малынан бери
дайындап, чоң той бере тургансып
даярданып алды. Кемпири
канчалык кагып урушса ага дагы
болгон жок.
Бул күнү таң эрте, өзүн кармана
албай атын токуп минип, Сопуга
жолугуп келүү үчүн ат бастырып
чыкты. Санийпа жакшы эле айтты,
"барба" деп. Ага болчу беле,
шашма мүнөзү бар Бекмурза.
Ат менен кенен эки сааттык жолго
чыккан Бекмурза, Сопуга эмне
максат менен кеткенин кемпири
түшүнгөн да жок.
Жалган шашкеде Сопу маңдайкы
кырда олтурганда, Бекмурза келип
аттан түштү. Сопу анын келээрин
алдына ала эле билген. Жашыл
тулаңда көк асманды карап, быйыл
кандай жыл болот ичинен аба-
ырайынын боло турганына терең
берилип, ай саноо менен алек.
Аттиң ушул учурда эч ким тоскоол
болбосо кана.
Илгери кары кишилер кыштын
кандай болорун алдына ала
билип, элге кабар беришчү "кыш
катуу болот, отун-сууну кенен
камдагыла" деп. Адам
жаратылыштын тилин түшүнүүгө
чейин карайлап ага баш ийет, ал
эми түшүнгөндөн кийин
жаратылыш адамга баш ийет.
Баамчыл адамдар жаратылыштын
кандай болоорун алдына ала
билип, кам көрүп келген. Бул өнөр
Сопуда дагы бар эле. Ошол
себептен ичинен күндүн өйдө
көтөрүлгөнүнө, тээ батыш жактагы
ала булутун жылганынан бери
баам салып карап олтурганда, оюн
бузуп шашма Бекмурза жанына
келип калды.
- Саламу алейкум, - деп озунуп
салам берген сакалдуу кишинин
саламын алик алган Сопу, бир
саамга үнсүз отуруп, сөз күткөн
карыяны карабай туруп:
- Сиз мага убара болуп бекер
келипсиз. Уулуңуз буйруса жакын
арада келип калат. Келгенде дагы
астына ат салбаган күлүк ат минип
келет. Бирок сиз ал күлүк аттын
күлүктүгүнө кызыкпай, малга
айырбаштап жибериңиз. Болбосо
аттын азабын тартып каласыз.
Дегеним күлүк аттын артынан
куугун келиши толук ыктымал. Ал
күлүк ат алдына ат салбаган
чыгаан күлүк. Ээси катуу издөө
салдырат. Эгер тилди алсаңыз,
Тынай уруусунун мыкты чыкма
балдарына бериңиз. Алар келген
калмактарды кайра келгиз кылып
кубалап жиберишет. Болбосо
уулуңузга да сизге да тынчтык
беришпейт.
Бул сөздү укканда Бекмурза:
- Сопу балам, деги сага
кеңешмейин эч иш кылбай
калайын. Балам күлүк ат минип
келеби же жөө келеби деги мен
анын жүзүн көрөмбү, мени ойго
салган ушул маселе. Сопу бери
бурулуп:
- Эгер сиз азыр кайра изиңизге эрте
тартсаңыз, уулуңузду үйүңүздөн
күтүп аласыз. Шашпасаңыз анда
уулуңуз үйгө келип жай алгандан
кийин көрөсүз.
Бекмурза кабагы салыңкы:
- Сопу деги сен чын айтасыңбы?
Уулумдун келишин сен кантип
билдиң?
Бул айтылган сөзгө жооп бергенге
шашылган жок. Бир топко үнсүз
олтуруп:
- Сиз менин уулуңуз келээрин
кантип билгениме кызыкпай, азыр
аны күтүп алганга аракет
кылыңыз. Кантип келээрин
билгенимди сизге түшүндүрүп
айтканга көп убакыт керек. Сиз
аны кийин түшүнүп, кийин
билесиз. Менин сырымды азыр
эмес, убакыт өткөндө билип, учуру
келгенде сезесиз. Азыр убакытка
уттурбай эрте жолго чыгыңыз.
Баса, менин айткандарымды эстен
чыгарбасаңыз. Бекмурза карыя
эмне деп сөз айтышты билбей
делдиреп туруп калды да, Сопунун
көз карашынан бир нерсени
түшүнө калып, атына минип кайра
үйүн көздөй шашып жөнөдү.
Жолдо карата бир ишенип, бир
ишенбей Сопунун айткан
сөздөрүнө өзүнчө анализ
жүргүзүп, таң калганы күч алып
атын теминип алды.
Келгенине болгону бир айга чукул
убакыт боло элек Сопуну
издебеген киши жок. Катын-
калачтан баштап эл бийлеген
бийлерден бери ар нерсени сурап
келген кишиден колу бошой элек.
Анткен менен элге кадыры сиңгени
кабагын көтөрсө, ичинен
бушайман болгону колукту алып
балалуу болбосу мите курттай
ичинен жегенин ойлогусу да
келбейт.
Атасы менен апасынын дагы шагын
сындырып катуу айтып алганына
өкүнүп, ойлогон ою бузулуп,
эсептеп жаткан ай саноосу дагы
оңунан чыкпай калды.
Анткени таң эрте көргөн түшүнөн
эле билген, Бекмурзанын келээрин.
Бирок минтип катуу ойго алаксып
ай санап олтурганда келээрин
билгенде, алыс барып ишин
кылмак эле. Бекер айтылбайт
"адам сүйлөп жатканда жана иш
кылып жатканда тоскоол
болгондо ой жоголуп сөз бузулат
же ишке болгон көңүлдүн кайтып
кетиши күтүлөт" деп.
Ар тараптуу ойлордун кучагынан
чыга албаган Сопу, олтурган
ордунан туруп, ылдыйлап баскан
кезде, ак боз ат минген киши
эшиктин алдына келип аттан
түштү. Ал кишини көрүп эле Сопу
анын жөн келбегенин билип,
кадамын ылдамдатты.
Бул киши атайын алыстан ат
арытып келген Черик уруусунан
чыккан сынчы Матай эле. Бул киши
дагы жөн киши эмес, алдыны көрө
билген олуя, айтканы айткандай
чыккан сынчы, топко чыгып
сүйлөп жүргөн Чериктин
жакшысы. Сопунун дайынын угуп,
алыстан атайын ат бастырып
чыккан. "Ырчы ырчыга жакын,
сынчы сынчыга жакын болот"
демекчи, келген жөнүн дароо айта
койгон жок. Кадырлуу киши кайда
болбосун, кадырдуулугун кылат.
Билинбегени менен Матай алыс,
жакынга таанылып калган, аты
чыккан инсан.
Эшиктин алдында ат жабдыгын
ирээттеп олтурган Эсет Матайды
көргөндө олтурган ордунан тура
калып, салам берди. Анткени
Матайды жакшы таанып,
жакындан тааныштыгы бар.
Экөө учурашып, ал жайды
сурашкан соң, үйдү көздөй
басышты. Ушул убакта Сопу жакын
келип калды. Матай жылдызы
жанган баланын саламын алик
алып, дароо эле билди өзү издеп
келген бала ушул экенин. Бирок эч
сыр бербегенге аракет кылды.
"Балыкчы балыкчыны алыстан
тааныйт" дегендей, ички тую
сезими күчтүү Сопу дагы сыр
бербегенге аракет кылып, сыртта
калып калды. Эгер чакырса
кирейин деген ойдо.
Матай бир чыныдан чай
ичилгенден соң, кеп учугун
козгоду:
- Эсет бешик бооң бек болсун!
Уулуң келгенин угуп, учурашып
кетейин деп кайрылдым. Жакшы
иш болгон тура.
Эсет башын ийкеп, ыракмат
дегенди ушинтип билгизди да:
- Бул калмактардын жоругу
курусун. Балам уурдалганы эки
баланын дайыны чыкты. Бир
баланы мен өзүм таап келдим эле,
уулумду издеп барып. Эми дагы
бир баланы алып келгени
кетишкен. Алардын келчү убагы
деле болуп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 19:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сөз ушуну менен уланып, Сопуну
чакырып алышты. Матай дагы бир
сыйра сынай карап, ичинен катуу
өкүнүп алды. Анткени сынчы
Сопунун калмактардан көргөн
кордугун дароо байкап, Сопу
сынына толуп, кетээринде Эсетке
айтты:
- Балаң бир мүчөсүнөн кемип
калыптыр. Бирок уулуңдун элге
тийе турган кызматы али алдыда.
Көп жашайт, сенин атыңды
чыгарган чыгаан уул болот. Бир
гана сенден өтүнүч "балаңды
үйлөн" деп кыйнаба. "Бири кем
дүйнө" деген ушул, перзент үнүн
укпаганы. Эсет ушул сөздү укканда
уулунун айткан сөзүн эстеп, калмак
жеринен кордолуп келгенин
айттырбай билип, башын ийкеп
гана жөн болду. Бул кезде Сопу
коюнунан түшпөгөн китеп менен
алек болуп, китепке үңүлүп үйдөн
окчун жерде олтурган.
Эртеси таң эрте атын тердетип,
Бекмурза өзү келди да, эч сөзгө
келбей Сопуну кучактап бетинен
өөп:
- Сопу сага миң мертебе ыракмат.
Уулумдун табылышына жана анын
келишине сенин эмгегиң чоң. Жүрү
азыр үйгө, балама арнап сойгон
малга бата кылып, тойго катышып,
бир ат минип кет. Балам сени күтүп
жатат - деди, энтиге сүйлөп. Сопу
мыйыгынан күлүп:
- Аксакал, эмне өзүңүз келдиңиз.
Балдарды эле жиберип жибербейт
белеңиз, убара болбой.
Бекмурза калдалаңдап:
- Атайын өзүм келдим, сенин колуң
бошобой калабы деп. Ансыз деле
келген элдин берген суроосуна
жооп берип, талабын аткарып
колуң бошобойт. Уулум сени
келгенде эле сурап, сени көргөнгө
куштар болуп жатат. Сопу бүгүнкү
иши да калаарына ичинен өкүнүп,
айласы жок макул болду.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 19:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бекмурза үйүнө керээри менен эле
аялына кайрылды:
- Саныйпа, бол эле бол, азыр уулум
келет, тасмалыңды даярда! - деди.
Саныйпа абышкасынын
шашмалыгын жакшы билген үчүн,
эч кебелип койбой:
- Энтикпей жай олтуруп
түшүндүрүп айтчы деги? Сага ким
айтты, уулубуздун келээрин?
Бекмурза калдастап, эки жагын
элеңдеп карап алып:
- Кемпир, сен эмне талпайып
олтурасың? Азыр жоготкон
уулубуз келет деп мен сага дагы
айтам. Мага Сопу айтты. Сопу
баарын билет.
Саныйпа оозун чоюп:
- Ошол жаш баланын айткан
сөзүнө дагы ишенесиңби! ? "Сени
башты чакпай кетсин" деп атайын
жөнөтүп жиберди да. Кантип эле
үйүндө жатып алып билип койду,
биздин баланын келээрин. Деги
өзүң эле ой жүгүртүп көрчү. Эмне
ал бала ушундай эле кыйын көзү
ачык болуп кетиптирби? Абышка
карыганда жакшы карычы, жаш
баланын сөзүн айтпай. Кыйын
экенсиң анда тиги Сарыжонго
чейин жолун тосуп барып кел.
Бекмурза чыйпылыктап жиберди:
- Кемпир, сен Сопуга жаман
сөзүңдү тийгизбе! Ал деген биздин
баланын табылышына себеп
болду. Барсам ачык эле айтты "тез
үйүңүзгө барып, уулуңузду тозуп
алыңыз" деп. Баягы улакты таап
коюш керек, садага чапканга. Кой,
мен сыртка чыгайынчы, сени менен
акыйнек айтышпай. Сөз ушул
жерге келгенде, сырттан иттин
үргөнү угулуп калды "бирөөлөр
келди" деген белгини берип.
Бекмурза сыртка чыгып эле, болгон
үнү менен кыйкырып жиберди:
- Уулум, келдиңби?! - деп. Бул
сөздү укканда Саныйпа сыртка
кантип атып чыкты аны өзү дагы
билбей калды. Абышкасы менен
бойго жеткен бала кучакташып
турган экен. Нары жакта баланы
таап келгени кеткен эки жигит,
жалдырама тийгенсип экөө аттан
түшпөй карап турушуптур. Эми
гана Саныйпа уулунун
табылганына жана анын
келгенине толук ишенип, кадамын
алдыга таштап "баа" деп бакырып
барып эле абышкасы менен уулуна
бой таштады. Эх ушул көрүнүштү
жазганга сөз жетпейт го чиркин!
Качан гана элдер жыйылып келип,
үчөөнү ажыратышканга чейин эч
сөзгө келбей бири-биринен
колдорун алышкан жок. Саныйпа
эчак тилден калган. Ылайыктуу
бир ооз сөз оозуна келбей, болгон
күчүн ыйдан чыгарып, уулун
уурдатып ыйлаганда кандай
ыйласа, азыр дагы ошондой ыйлап
жатты. Андан дагы күмөнсүнүп,
бетиндеги тырыкка көз салганга
үлгүрдү. Баягы кулун тээп
жиберип, бетинде калган тырык
күнү бүгүнкүдөй экен. Эгер ал
тырык болбогондо уулун
тааныбай деле калмак беле ким
билет. Бир кездеги уурдаткан
баласынын жыты али күнчө
денесинен кетпегенин энелик
сезим менен сезип, ошол уулунун
мурунга тааныш жытына мас
болуп турганда, келген элдер араң
ажыратышты. Саныйпа калдаңдап
барып үйдөн бир идишке суу алып
чыгып баласынын башынан
айлантып, алыс алып барып төктү.
Ал эми Бекмурза бир баланы
улакка чаптырды. Качан гана
жайланышып олтурушканда гана
уулунун тили бурулуп калганын
угушуп, ичтери муздай түштү.
Анткен менен көптөн күткөн
тилектери кабыл болуп, уулунун
көзүн көргөндөрүнө ыраазы болуп
турушту.
Аңгыча улак келип садага
чабылды. Ызы-чуу көбөйүп,
учурашып келген элдердин
карааны көбөйдү. Сопу айткандай
Бекмурзага уулунун минип келген
аты көзүнө бир башкача көрүнүп,
күлүк экени даана байкалып
турду. Ушул жерден Сопунун
билермандыгына, алдыны көрө
билгенине, айтканы так келгенине
ичинен ыраазы болуп, таң калып,
анын касиетине баа берди. Айткан
сөзү айткандай келип жатса
кантип таң калбайт.
Кеч кирип эл аягы суюлуп
калганда Саныйпа:
- Ыя, абышка, сен айткандай тиги,
Эсеттин уулу Сопу чын эле "олуя"
болуп кеткенби деп калдым. Ал
айтканындай эле уулубуз келип
калды го?
Бекмурза кабагын чытып:
- Сен качан айткан тилди алчу
элең. Сопуга жаман сөз эмес, жаман
ой ойлогонго болбойт. Анын айтып
берүүчү койнуна салып жүргөн
китеби бар. Кичине китебин карап
алып эле көп нерсени билип коёт
экен. Биз эмес эл бийлеген бийлер
дагы кеңеш сурап барып
жатпайбы. Ал бала жөн бала
болсо, мынчалык аз убакытта
оозго алынбайт болучу. Саныйпа
эми гана эсине келгенсип:
- Анда эртең өзүң барып ал баланы
малга бата тилегенге алып келип,
ат мингиз. Карачы балам ушунча
жыл азапты гана көргөн экен. Деле
үстү жаңырып кийим кийбептир
дагы, курсагы тойо тамак жебегени
көрүнүп эле турбайбы.
Калмактардын боору ташпы деп
калдым. Жок дегенде ушунча жыл
малай кылган соң, эмгегин баалап
бир жолу кийим алып берип
коюшса деле болот эле го?
Бактыбай аз болсо дагы кыргыз
тилине түшүнүп, кээ бир сөздөрдү
билип калган. Апасы менен
атасынын ар бир айткан сөздөрүн
ынтаа коюп кулак төшөп, түшүнүп
турду, бирок сөзгө аралаша алган
жок. Балам келип калса деп кийим
алып коюшкан. Жаңы кийим
кийгенге жөн эле чечекейи чеч
болуп сүйүнүп, кубанычтан көзү
жайнап турду. Аңгыча эле сырттан
уңулдаган үн чыгып, Бекмурзанын
жакын жерге турмушка чыккан
кызы кирип келип, эч сөзгө келбей
эле:
- Уялашым, - деп, эле Бактыбайды
кучактап калды. Бактыбай дароо
тааныды эжесин, кантип унутат. Эң
кичүү эжеси. Удаалаш болгон үчүн
ушул эжесине абдан жакын
болучу. Экөө бир күндө канча
урушуп, канча жолу табышчу эле.
Ойносо дагы бирге ойноп, оюнга
тойбой турган кездеринде
калмактар экөөнү бөлүп
салышпады беле... Кантсе дагы кыз
эмеспи. Бир туугандык сезими жөн
эле көзүнөн жашты куюлтуп,
арчыганга ээ бербей турду.
Укканда эле эч кимге ээ бербей
мамыда байланып турган атты
минип, мында жөнөгөн. Чынында
Бактыбай уурдалып кеткени ушул
эжеси абдан катуу күйүткө баткан.
Турмушка чыккан күндө деле
"инисинин жүзүн бир көрсөм"
деген тилекти тилеп, келгени чын
эле. Инисинин келгенин укканда,
калдастап, ал турсун эмчектеги
баласына карабай жолго чыкканы,
туугандык сезимдин улуулугунан
белги берип турду. Бул эми кыз
баланын боорукерлигин
айгинелеп турбайбы.
Бактыбай дагы шолоктоп ыйлап,
эжесин тирүү көрүп турганына
ишене албай күчүн көз жашынан
чыгарды. Эми дагы эки эжеси келе
элек. Алар келсе, мындай
кубанычтар кайталанары белгилүү
иш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 19:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эртеси Сопу келгенде алгач
Саныйпа алдын тозуп чыгып:
- Балам, мен сага өмүрүм өткөнчө
ыраазымын! Сен болбосоң биз
уулубузду көрбөй калат белек, ким
билет? Жаштык таңкы сайраган
торгой болсо, карылык кечки
сайраган булбул. Минтип карылык
айылына баш бакканда баламдын
табылышына сен себеп болдуң.
Мунуңа ыракмат!
Сопу башын ийкеп гана тим болду
да, мамыда байланы турган аттан
көзүн албай, жанында катар
турган карыяга кайрылды:
- Айттым беле "уулуңуз күлүк ат
минип келет" - деп. Эми тиги атты
көпчүлүккө көргөзбөй бага
туруңуз. Ээси келет, жакшы баада
сатып жибериңиз. Ичкериден
чыккан Бактыбай, Сопуну
көргөндө эч сөзгө келбей кучактап
калды "сиз болбосоңуз мен мында
келмек мес элем" деп. Ооба,
чынында эле Сопу ушул жерден
баягы калмак жеринде көргөн
бала менен азыр көргөн баланын
айрымасы асман менен жердей
болуп айрымаланып турганына
кызыкты. "Адамдын көркү
чүпөрөк" деп бекер
айтылбаганына ушул
Бактыбайдын азыркы элеси эле
айгинелеп турду.
Сопунун дарегине жаман сөз айтып
алган Саныйпа өзүнчө эле
бушайман болуп жатты "менин
айткан сөздөрүмдү эмдигиче билип
койду го" деп. Анткени абышкасы
айткан эле да "Сопу уулумдун
күлүк ат минип келээринен бери
билип айтып койду, ал айткандай
эле уулум күлүк ат минип келгенин
кара" деп. Саныйпа абышкасынын
айткан сөзүнө терең баа берип,
Сопуга карата ою оңолуп, анын
касиеттерине кечээтен бери терең
ишенип калган. Чынында эле
баары ал айткандай болуп жатса
кантип ишенбей коё алат. Сопу
тасмал четинен орун алып
олтурганда Бекмурза:
- Сопу, сен эми айтчы шашпай
олтуруп, менин уулумдун өзүң
айткан убакта күлүк ат минип
келээрин кантип билип койдуң?
Сопу алдыга келген даамдан ооз
тийип, жооп бергенге шашылбай,
үйдүн ичин бир сыйра кыдырата
карап алып:
- Бекмурза ата, анын баарын
өзүңүз эле билгизип койбодуңузбу.
Адам баласы ички туюу сезими
менен эсептеше билгени оң. Сиз тээ
алыстан келе жатканыңызда
менин алгач минген атыңызга
көзүм түшкөн. Анан да сиздин
баардык кыймыл аракетиңиз
алдыда боло турган окуяны
айгинелеп боло турган нерседен
белги берип турду. Кыскасы менин
ички туюу сезимим баардык
болгон кыймылдан алдыда боло
турган нерсени билгизип турат.
Сизде шашмалык мүнөз көбүрөөк
кабылданса, менин туюу сезимим
көбүрөөк кабылданса керек.
Бекмурза жакшы эле суроо берип,
аракет кылганы менен Сопудан өзү
күткөндөй жооп ала албады.
Кандайдыр бир сырды ичине
каткандай, Сопу дагы ачылып
сүйлөп берген жок.
Сынчы, олуя адамдар эч качан ички
дүйнөсүн ачык айтып сыртка
чыгарган эмес. Сопуга дагы канча
киши кызыгып суроо бергендери
менен ачык жооп ала алышкан
жок. Анткени кыска жана так
айтылган сөздүн артында эмне
деген сөз жатканын биле
беришпеди.
Ушул күндөн туура эки күн
өткөндө, Садык түшкө маал Эсеттин
үйүнө эки жигити менен келип
калды. Анын күлүк ат үчүн
келгенин Сопу айттырбай эле
билип, эч сыр бербей сөз күттү.
Качан бир сыйрадан кымыз
ичилип, ал-жайды сурашкан соң,
Садык өзү кептин учун чыгарды:
- Сопу, менин эмне максат менен
келгенимди билесиңби? - деп. Сопу
кымыздан сыпаа ууртап:
- Билем, ал турсун менин сизге айта
турган кеңешим бар. Садык бул
сөздү күтпөгөн үчүн, суроолуу
карап, көзүнүн каректерин
өзгөртүп, таң калганын жашырган
жок:
- Кандай кеңеш? - деди. Сопу эч
шашылбай:
- Сизди бул жакка алыстан
калмактардан келген күлүк аттын
азгырыгы азгырып келгенин,
кантип эле билбей калайын.
Садык таң калып:
- Ооба, сенин баамдаганың
чындыкка дал келет.
Сопу карегин тартып алып:
- Сизге ал күлүк ат жагат. Баасы
келишсе ал ат сиздики болот.
Бирок калмактарга кандай жооп
бере аласыз?
Садыктын эми чындап шаштысы
кетти да:
- Ал жагын өзүм билем. Негизгиси
ат колума тийсе болду.
- Тээ илгертеден бери сулуу кыз
менен күлүк ат сиздей колунда бар
байлар менен бийлердин энчисине
басылгандай эле келе жатпайбы.
Аны коюп сиз эртелеп бастырыңыз
дагы, Бекмурза атага жолугуп мени
айтты десеңиз, атты сизге берет.
Бирок, сиз ал аттын баасын
ичиңизди оорутпай жакшы
берсеңиз, ат сиздин колуңузга
тийип калса, кийин чоң
байгелерди алып келээрин атты
көргөндө эле билесиз. Эгер күмөн
санасаңыз атты кыйын саяпкерге
деле сынатып көрсөңүз болот. Куш
учуш үчүн жаралса, адам бактылуу
болуш үчүн жаралган. Балким
сизге тиги күлүк ат кадыр барк,
белгисиз бакыт тартуулап калышы
толук мүмкүн. Садык жүйөөлүү
айтылган сөзгө муюп, ичинен ойго
алаксып олтуруп калганда Сопу:
- Эртелеп атты барып көрүңүз.
Болбосо башка бирөөлөр алып
кетиши ыктымал. Ал атка
кызыккандар абдан көп.
Бул сөздү укканда Садык шашып,
олтурган ордунан тура калды.
Сопу айткандай эле Бекмурзанын
шаштысы кетип калган эле.
Анткени атка кызыккандар улам
келип карап, баасын толук быча
албай жатышкан болучу. Садык
келип көрүп эле, аттан көзүн
албай туруп:
- Атты мага бериңиз. Бир үйүр
жылкы айдатып келип алып кетем
- дегенде, Бекмурза дароо макул
болуп, кол алышып атты соодалап
салды. Анткени буга чейин эч ким
мындай чоң бааны айткан эмес эле.
Бир чети Сопунун айтканын дагы
эске алды. Сүйлөшүлгөн сөз
боюнча Садык атты алып кетип,
эки жигит бир үйүр жылкыны
айдап келмей болду. Анткени
Бекмурза күлүк атты уурдатып
жиберемби деп күмөн санап,
дароо берип жиберүүнү эп көрдү.
Күлүк ат менен сулуу кыз буга
чейин эле талашка түшүп келген
жана түшө берээри анык иш
экенин ким тана алат. Айткандай
бул күлүк ат дагы аз калган,
талашка түшөөрүнө. Эми минтип
анын тагдыры чечилип, баасы
бычылган соң, атка кызыккандар
бармактарын тиштеп кала
беришти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 19:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

- Садык күлүк ат колуна тийгенге
сүйүнсө, Чекир арзыганын бир
көргөнгө куштар болуп, жылкы
айдап келүү үчүн, озунуп
алгачкылардан болуп өзү макул
болду.
Бактыбайды таап келгенден бери
уйкусу качып, бир көргөн
айжамалы келишкен сулуунун
чырайына арбалып, кантип жана
кандай шылтоо таап барып
каректе калган сулуунун жүзүн
көрүп келүүнүн амалын таппай
жүргөн, курган жигит. Эми минтип
илдеттин шыпаасы табылгансып,
көктөн издегени жерден табылып
турганына кантип сүйүнбөйт.
Садык кетип бара жатып, Сопуга
кайрылды, түз кетип калбай,
"коштошуп кетейин" деген ойдо.
Андан дагы эмне сөз угам деп
ойлоду. Сопу узатып жатып:
- Күлүккө сак болуңуз. Билем
сиздин амалыңызды. Бирок баары
бир калмактар таанып коюшу
толук ыктымал. Садык өзүнө
ишенип, үнүн жогору чыгарды:
- Ал жагы менин ишим, эч кам
санаба. Эң негизгиси тулпар колго
тийди. Ушул жашка келгени
мындай күлүк атты көргөн
эмесмин.
Атка кызыккандардын бул адаты
экенин Сопу билген үчүн кош
көңүл жылмайып койду. Анткени
ар бир күлүк атка куштар болгон
киши үчүн өздөрү кызыккан ат
баардык аттан күлүк жана
сымбаттуу көрүнө берээри анык
иш. Садык тим эле алтын таап
алган адамдай маңдайы жарык,
Сопу менен жакшы маанайда
коштошуп, жолуна түштү.
Жолдо карата эки жигиттин бири
жетелеп бара жаткан атка улам
көз агыта карап, андан өөн издеген
болду. Ал эми Чекир үчүн жол
арбыбай, жүрөгүнө тынчтык
бербеген аял затынын жүзүн бир
көрүп алуу үчүн таттуу кыялга
жетеленип бара жатканы баам
салып караган кишиге билинип эле
турду. Мына бул эки адамдын эле
эки башка нерсеге болгон
кызыгуусу. Көрсө бул жашоодо ар
бир адамды жакшы ойго, таттуу
кыялга жетелеген, үмүт шамын
жандырган кумар оту болот белем.
Ооба, Садыктын болгон дитин
күлүк ат ээлеп алса, Чекирдин
санаасын сулуу аял заты ээлеп
алганы эле күлүк ат менен сулуу
аялдын азгырыгы бирдей салмакта
экенин билгизип тургандай элес
берип жатпайбы.
Качан гана айыл четине келгенде
Садык атты жетелетип келе
жатып, жылкы четинде жүргөн
эки жигитти өзүнө кол шилтеп
чакырып алып:
- Тез аранын ичинде бул аттын
өңүн өзгөрткөндөй болгула да,
Кулчун саяпкерге тапшыргыла.
Бир айдын ичинде табына келип,
казакта боло турган ашка даяр
болсун! - деп, каарын төгө карады
да, аттын тизгинин бирөөнө
карматып:
- Мага Жума тез келип жолуксун! -
деп дагы үнүн өктөм чыгарды анан
Чекирге карап:
- Силер бүгүн өргүп, эртең жолго
чыккыла. Баса, сен кызыккан
жеңең азыр үйдө жок, эртең келип
калат чыгар, төркүнүнө кеткен -
деди. Бул сөздү укканда Чекирдин
өлбөгөн гана төрт шыйрагы калды.
Башы дароо жер карап, уятынан
жүзү кызарып, эмне деп жооп
айтууну билбей каткан бойдон
калды. Садык бир гана ооз сөз
менен болгон өчүн алып алгансып,
атына камчы салып жүрүшү тың
атын шайдоот бастырып алдыга
жөнөдү. Чекир үчүн ушул сөздү
уккандан көрө, чокмор менен
башка жеген алда канча жеңил
болмок. Ушул жерден улуу, акылга
дыйкан кишилер эч кандай күч
колдонбой, бир ооз сөз менен гана
болгон өчүн алып коёрун билип,
Чекир өзүн-өзү жек көрүп кетти.
Ал турсун Садыктын ордуна өзүн
коюп көрүп, анын жанында ким
экенин билди. Баарынан сөздүн
күчү кандай салмактуу жана
күчтүү. Эми Чекир үчүн келиндин
жүзүн көрүү түккө турбай калды.
Ушул сөздү угуу үчүн атайын
алыстан келгенине өкүнүп, ичинен
катуу бушайман болду. Анан эмне
кыла алат.
Кабагына кар жаап, түнөргөн
булуттай өңү өзгөрүлө түштү.
Адамдык сапаты, абийири төгүлүп,
ушул жашка келгени ушунчалык
катуу сынып көрбөгөнгө Чекир
үчүн жашоо кызыксыз сезилип
турду. Аттиң, жок дегенде эле
Бактыбайдын калмак тилинде
безеленип "бирөөнүн ак никелүү
аялына көз артпа" деп айткан
сөзүнө эле көңүл буруп койгондо,
анда азыркы жүлүнгө жеткен
сөздү укпайт эле го. Садыктын
баамчылдыгына,
көтөрүмдүүлүгүнө,
чыдамкайлыгына ушул бир ооз сөз
менен баа берип, алдыда узап
бара жаткан аны кызыга карап
койду.
Түнү менен жигиттер шымаланып,
жылкынын өңүн казандагы сууга
кайнаган ысык арканды аттын
денесине ороп, чылкый кара
аргымакты чаар түстү кылып
коюшту. Ал эми Кулчун саяпкер
атты көрүп эле, анын күлүктүгүнө
кызыгып, таптоо үчүн үйүнө алып
кетти. Чынында эле эми атын ээси
эмес, болгон калмактар келсе дагы
атты тааный албайт болучу.
Садыктын бул ойлогон ою алгач
атты көргөндө эле козголгон.
Анткени буга чейин дагы мындай
ишти жигиттерине далай жолу
жасаткан.
Эртеси таң эрте сарала айгыр
баштаган бир үйүр жылкыны
айдап, эки жигит жолго чыгышты.
Бул кезде Садыктын жаш аялы али
төркүнүнөн келе элек болучу.
Анын келээрин күтүүгө Чекирдин
күчү жетпейт эле. Кандай жакшы
тилек, бийик ой менен келип,
арзыганын бир көрө албай кетип
бара жатып өзүнө - өзү сөз берди
"эми башы бош эмес аял затына көз
артпайм!" деп.
Бекмурза бир күлүктү берип, бир
үйүр жылкылуу болушуна албетте
Сопу себепкер болгонун эсинен
чыгарган жок. Байлыкка
кызыкпаган Сопу андан соогат
дагы сурап барбады. Эгер барса,
Бекмурза куру кол кайтарбайт
болучу.
***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 19:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сопу калмак жеринен келгенден
бери күткөнү жана эл арасынан
издегени бир гана Байгуту болду.
Анын ошол эле күнү табылганын
уккандан бери көңүлү жайланып,
эми ага жолугуу көкүрөгүн өйүп
келет. "Кандай болуп чоңоюп,
кандай адам болду экен?" - деген
суроого жооп таба албай жүргөн
күндөрүнүн биринде, Байгуту өзү
издеп келип калды. Аны алгач
көргөндө Сопу такыр тааныган
жок. Бою узун, кара тору жигит
келип адатынча кырда олтурганда
жанына келип учурашып калды.
Чоочун өзү теңдүү баланын берген
саламын, ооз учунан алик алып:
- Кел жигит, кайдан жол тарттың? -
дегенде, Байгуту дагы сыр бербей:
- Алыстан. Атайын "сени келди"
дегенинен учурашып кетейин
деген ойдо ат бастырып чыккам
дегенде, Сопу аны бүшүркөй
карап:
- Сен жаңылбасам, Байгуту болуп
жүрбө? - деп, суроолуу тигилди.
Байгуту ушул эле сөздүн
айтылышын күтүп турган белем,
көзүн бар-бар ирмеп, жүзүн
өзгөртүп, тааныдың дегенсип эми
кучагын жайып:
- Сопу, мени тааныбай калдыңбы?
Экөөбүз бирге уурдалбадык беле, -
дегенде, Сопу ордунан тура калып
эле Байгутуга боюн таштап салды.
Эки дос кучакташып бир топко
турушту. Анан гана узун сөздүн
учун башташты.
Сөз кенен эт бышым убакытка
созулду. Аңгыча үй жактан
чакырып калышты. Болбосо дагы
канчага чейин олтура беришет эле.
Байгуту, Сопунун келгенин кеч
укту. Андан дагы жакадагы иштин
бүтмөгү азап эмеспи. Жаңы
үйлөнүп, бир балалуу болгонун
айтканда Сопунун ички жарасы
дагы козголду. Баягы өзү менен
бирге ойногон Байгуту минтип
балага ата болгону эле арадан
канча убакыт өткөнүн билгизип
турбайбы. Эки курбу илкип басып
үйдү көздөй басып келе жатканда
Байгуту:
- Сопу, менин угушума караганда
сен калмактар менен тил табышып
алып, болгон жердин баарын
кыдырып чыкканың айтылып
жатат, ушул кеп чынбы? Азыр
баардык жерде сени эле кеп
кылган эл. Сынчы, табып, чоң
молдо болуп кат таанып келиптир
деген сымал кулак уга элек сөздөр
эл аралап жүрөт. Деги ушул
айтылган кептерде чындыктын
үлүшү барбы?
Сопу мыйыгынан күлүп:
- Элдин оозун ким тыят. Ар ким
укканына сөз кошуп айта берсе,
тилде сөөк жок да, айтыла берет.
Алдыдан чыккан Маркага экөө
удаа салам берип сөз бөлүнүп
калды. Марка учурашкан Байгуту
дароо эле таанып, бир саамга үнсүз
туруп:
- Байгуту, куш бооң бек болсун,
сени үйлөндү деп уктум эле.
- Андай болсун, баса, байке уулду
дагы болгом.
- Ой, жакшы болгон турбайбы,
карачы, жердин алыстыгын. Уккан
эмес экенмин. Баскыла, силерди
күтүп калышты окшойт, үйгө
киргиле. Досуң келгени конок
үйдөн өксү боло элек. Чогуу конок
бол - деп, алдыга басты.
Сөз тасмал четинен орун алып
олтурганда башталды. Аксаамай:
- Байгуту, сен ырас келген
турбайсыңбы. Апаң Шарапат
кандай, жакшы жүрөбү? -деди эле
Байгуту:
- Мени издеп табам деп бутун
оорутуп алып, азыр деле баягы
бойдон буту жакшы боло албай
жүрөт. Ошондогу окуяны такыр
эстегим келбейт.
Эсет кесилген эттен оозуна салып:
- Эгер апаң ошондо сени издеп
чыкпаган болсо, сен азыр
жаныбызда олтурбайт элең да.
Апаңдын буту ооруганы эч нерсе
эмес, эң негизгиси сен аман
калбадыңбы. Ал эми биз Сопуну
издеп барып, аз жерден калмак
жеринен кайра кайтпай кала
турган болгонбуз. Мунун баары
бала үчүн кылган далалат. Ата
менен эненин эмгегин баалай
билген бул жакшы баланын
белгиси.
- Мунуңуз туура кеп. Мен эч качан
апамдын ошол эмгегин эсимден
чыгарбайм. Ошол окуядан кийин
мени катуу кайтарса, азыр
небересинин жанына чыкпайт.
Калмак дегенди тим эле уккусу да
келбейт. Айткандай Сопунун
келгенин угуп алып, абдан
сүйүнүп, бутунун айынан эле
калды, мында келе албай. Андан
дагы биз жакта Сопунун дарегине
кулак укпаган, ар тараптуу сөздөр
айтылып жатат. Колум бошогондо
эле мени мында жиберди "Сопунун
дайынын билип, учурашып кел"
деп. Баарыңарга салам айтты.
Аксаамай күлө карап:
- Апаңа дагы бизден салам айт.
Сопу кийин убакыт болуп калса
өзү барып учурашып кетээр. Сопу
бир саамга жер тиктеп олтуруп:
- Аяш апамдын илдетин мен
айыктыра алам. Мен калмак
жеринен бир табып менен абдан
жакын мамиледе болуп, бир топ
нерсени үйрөнгөндөй болдум эле.
Ал киши тамыр кармап илдеттин
оорусун билип койчу. Менин
баамымда аяш апамдын буту катуу
кокустап, тилингенде кан менен
кошо денеге кир кирип кеткен
чыгар. Аны көрүп туруп билип
дарылаш керек.
Байгуту тим эле апасынын
илдетинин дарысы табылгандай
сүйүнүп:
- Сопу эгер апамды айыктырсаң,
өмүрүм өткөнчө ыраазы болот
элем. Күндүз эч нерсе эмес, түнү
сыздатып, кээде ыйлап чыгат, -
деди. Сопу дагы ойго алаксып:
- Мен азыр эч нерсе айта албайм,
илдетти көрмөйүн.
Эсет сөзгө аралашты:
- Балам, аяш апаң кыйналып
жатса, барып кел.
Аксаамай дагы сөзгө кошулду:
- Кап, баягы бойдон эле ооруп
жүрөбү. Оорунун азабын тарткан
экен. Байгуту:
- Баарына калмактар күнөөлүү.
Алардын айынан апам эле эмес,
канча кишилер жабыркады. Эгер
алар Сопу экөөбүздү уурдабаган
болсо, апам оорубайт эле го. Сөз ар
тараптуу уланып, не бир түркүн
сөздөр айтылды. Билинбегени
менен Байгуту дагы бир топ сөзмөр
экени билинип калды.
"Жакшылардын талашынан сыр
чыгат, жамандардын талашынан
чыр чыгат" дегендей, бул күнү түн
ортосуна чейин кобурашып
олтурушуп, не бир түркүн сырлар
айтылды, уламыш-жомоктордон
бери кеп кылынды. Сопу эмнегедир
ушул жолу абдан чечилип сүйлөп,
чет элге барганын, ал жакта
жашоо шарт такыр башкача
экенин, медицина тармагына да
токтолду. Күчтүү табыптардын
жасаган дарыларына, ар кандай
илдеттерди алдына алуу керек
экенин түшүнүктүү кылып айтып
берди. "Сөздү уккан жерге айт"
демекчи, кунт коюп сөз угуп
олтургандардын ооздору ачылып
калды. Баятан бери көп нерсени
уккан Байгуту, Сопунун
көргөндөрүн, уккандарына таң
калып, суроо бергенди гана билип
олтурду. Ар бир сөздүн дагы
айтыла турган учуру келет эмеспи.
Эмнегедир Сопу келгенден бери
айтпаган сөздөр дагы оозунан
чыгып кетти. Уулунун далай жерге
барганын, уккан Аксаамай:
- Балам, жанагы колунан
келгендер ажы болгону барган
жерге да бардыңбы? - дегенде
Сопу:
- Бир эмес эки-үч жолу
барбадымбы. Мен бир гана кыргыз
менен калмак тилин эле эмес, фарс
тилин, араб тилин, түрк тилин
үйрөнүп, дагы көптөгөн тилдерди
түшүнүп, жооп бере алам. Бул эми
мактаныч эмес, жөн гана
билгенимди гана айттым.
Эсет уулуна карап:
- Балам деги сак бол, көздүүнүн
көзү, тилдүүнүн тили тийбесин -
деди, кыска гана.
Убада боюнча Сопу эртеси Байгуту
менен бирге жолго чыкты. Эки
достун сөздөрү бүтпөй кобурашып
келе жатышты. Жол алыс. Алдыда
минген аттары бир калыпта аяк
шилтеп жол арбытууда. Бир кезде
чоң айылга туш келишти. Бул
айылды айланып өтүп кеткенге
болбойт эле. Анткени жол ушул
айылды кесип өтөт. Эки атчан
жолуккан кишилерге учурашып
салам берип келе жатышты.
Албетте тааныбаган соң ким менен
кимдин иши бар. Сопунун бир
кезде боз үйдө жөлөнүп олтурган,
жүзүнөн нуру өчкөн кишиге көзү
түштү. Ал кишинин оорудан
кыйналганын көрүп эле билип,
аттын башын буруп ага жакын
келип, аттан түшө калып учурашты
да, тамырын кармап көрүп:
- Сиздин илдетиңиз өтүшүп бара
жаткан турбайбы деп, жанына
дайым салып жүргөн дарыдан
берип, сунушун айтты:
- Сиз бүгүн колуңуздан келсе жаш
сорпо ичип, жылуу жатыңыз. Бул
дарыны азыр ичип, анан тамактын
алдында дагы ичиңиз, кайра келе
жатканда сизге жолуга кетем. Ага
чейин мен айткандарды жасап
туруңуз деди. Жан айласы кетип
эмне кылышты билбей турган
кесел адам Сопунун берген
дарысын алып калды да, абдан
ыраазы болду. Анткени өзүн
таштап салган болучу. "Айыга
турган оорун шыпаасы өзү
табылат" дегендей, Сопунун келип
кеткени тиги кишинин кабагы
ачылып, берген дарыны ичкенде
тердеп чыкты. Жаны кыйналып
турган киши тердегенде
кадимкидей өзүн жеңил сезип, тер
менен кошо ичиндеги илдет
сыртка чыгып кеткендей эле
болду. Дароо кабагы ачылып,
жүзүндө нур пайда болду.
Эки күн жол жүрүшкөн соң түш
оой Байгутунун үйүнө келип
түшүштү. Шарапат жан алы
калбай учурашып, көзүнө дагы
жаш алып жиберди. Анан эмне
кылат. Сопу ал жайды сурагандан
соң эле, аяш апасынын ооруган
жерин кармалап көрүп:
- Аяш апа, илдет катуу өөрчүшүп
кеткен турбайбы. Бутуңуз
тилингенде тарамыштарга доо
кетип, катуу жараланып калган
тура. Эми сиз чыдашыңыз керек.
Бул жерди жакшылап дарылабаса
болбойт. Дагы жакшы
чыдаптырсыз деп, бир чыныдан
чай ичилгенден кийин эле ишти
баштады.
Алгач денени жумшарткан дары
сүйкөп, анан доо кеткен
тарамышты бир топко ушалап бир
далайга олтурду да качан учуру
келгенде, даярдай келген дарысын
жаап, кайра таңып койду. Түнү
бою уктабай чыкчу Шарапаттын
эми жан жай алып, канча күндөн
бери түнү уктабаган Шарапат ушул
күнү уйкусу тынч болуп, көшүлүп
жакшы уктады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 20:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул аракетин үч күн жасады да,
анан Сопу кайра изине кайтты.
Шарапат жөн эле чечекейи чеч
боло сүйүнүп, эмне кылып ыраазы
кылышты билбей турду. Элден
уккан сөздөрү чындыкка жакын
экенин даана билди. Эч ойлогон
эмес, бул оорусунан Сопу
айыктырарын. Канча жыл азап
тартты. Эми минтип ал тарткан
азаптары артта калды. Эх, жан
ооруткан оорунун шыпаасы
табылса кандай жакшы. Сопу
мындай көңүл көтөргөн көп эле
иштерди жасаган. Ал турсун чоң
шаарларды көрүп, көзү каныгып
калганга майда-барат илдеттерди
айыктырганга көзү жетип, илдетке
кабылган адамдарды
айыктыргандан качпады.
Кайра изине кайтып келе
жатканда тиги адам алдын тозуп
чыгып, болбой бир күн коноктоду.
Сопу айтканды жасап, ал киши
дагы оорусунан кутулганга жан
алы калбай сүйүнүп, берээрге
ашын таппай турду. "Сыйга сый,
сыр аякка бал" дегендей, өзү жаш
болсо дагы көп нерсеге көзү
жетип, элдин оозуна алынып,
жакшы аталганына атасы менен
апасы да ыраазы болуп, ичтеринен
сыр бербей сый үстүндө болушту.
Эгер калмактар уурдап кетпеген
болсо артында туяк калып, атын
чыгарган олуязаада балдар калат
беле, ким билет...
Аягы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Muslim1990   22 Февраль 2016 - 20:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Айткандай Сопунун биз балалык
гана тагдырына үстүртөн
токтолдук. Анын элге кылгын
кызматына, алдыны көрө билген
олуялыгына, ушул замандын
болорун алдына ала мындан эки
кылым илгери айтканына,
белгилүү инсандар Калыгул бай
уулуна, төкмө акын Арстанбек
Буйлаш уулуна жана дагы
көптөгөн идиреги бар балдарга
сабак үйрөткөнү, эң
алгачкылардан болуп Кочкорго
медиресе салганына токтолсок,
анда сөз аягы түгөнбөйт.
Айткандай эски адамдар өзгөчө
Сопу атанын касиетине ушундай
терең баа беришкен. Эгер кийин
убакыт болуп, учуру келип калса,
анда Сопу атанын кийинки
тагдыры жөнүндө кенен токтолуп,
изденип жазууга туура келет.
Ооба, бул китеп көркөм адабий
тилинде гана жазылды. Тарых
барактарын чукуп, казып издеп,
жылдарды туура келиштирип
чындыктан тайбай жазуу үчүн
убакыт али алдыда. Айтканга оңой
болгону менен Сопу атанын бир
кезде элге абдан кадырлуу адам
болгонун эсибизден
чыгарбаганыбыз оң. Анткени эң
алгачкылардан болуп ири-ири
өлкөлөрдү кыдырып, жашоонун
башкача нугун көрүп, билим алып,
кат таанып келгени, андан дагы
касиетинин күчтүүлүгүнөн ушул
замандын болорун билип койгону
эле улуу сөздүн башын козойт. Биз
элибизден чыккан чыгаан
инсандарыбыздын жасаган
иштери менен кабардар боло
жүргөнүбүз абзел.
Кымбаттуу окурмандар, эгер
биздин каарман азык Сопу ата
жөнүндө кимде ким угуп,
билгендери болсо анда
байланышып коюшуңуздарды
өтүнөм. Сиздерге жашоодогу
жакшы нерселерди каалайм, азиз
окурмандар ылайым китеп менен
бирге болгула
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   s9zen098   23 Февраль 2016 - 00:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

"Кыргыздар сөз баккан эл"-деген накыл кепке толук ынандым. Сөздүн керемети кандай... Бир эле сөз көнүлүндү көтөрүп, көкөлөтсө, ошол эле бир сөз өлүмгө тете.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Musabaeva   23 Февраль 2016 - 01:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 930
  • Катталган: 26 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 21 Апр 2016 13:19

Чоон рахмаат! Алтындай болгон убактынызды аябай жазып кеткенинизге, дагы да болсо кутуп калам,ушундай чыгармаларды. Сопу атанын андан кийинки жашоосу жонундо дагы жазып кетпесениз болбой калатко, дегеним бул чыгармага сунгуп кирип кеттим.Ойлогонум эле Сопу болуп калды.

Билдирүүнү түзөткөн: Musabaeva: 23 Февраль 2016 - 01:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   basyz-kaman   01 Апрель 2016 - 21:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 11 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтуу Кок-Арт ороону.

Жакшы жазылыптыр, бул жака катасы жок кочурулгону дагы эн соонун болуптур. Тарыхты коп эле окуганмын, Сопу тууралуу биринчи жолу маалыматты ушул чыгармадан билип кызыгып калдым, бул киши тууралуу жакшылап маалымат алмайынча жаным тынч албайт эми. Рахмат сизге автор!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 05:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: