Нургүл
Оттой жанган Нургүл
Менин жаркылдаган келиним Нургүл сырттан үйгө кирери менен эле “апа, дарыңызды ичтиңизби, ооруган жоксузбу?” деп кайрылат. Андан кийин гана балдарына назар салат. Балдарына эмес, мага, кайын энесине жасаган камкордугуна эрип кетем. Жакшылыктарда,
тойлордо кайын журтунун сыйына ээ болгон келиним дайыма көңүлдө. Нургүлдүн жасаган даамдуу тамагы, таза, тыкандыгы, жайдары мүнөзү, ачыктыгы, көтөрүңкү маанайы адамды эс алдырып турат. “Менин да келиним Нургүлдөй болсо” деп суктангандар көп. Кандай гана той-кече өткөрүлбөсүн “Нургүлдү чакыргыла” деген сөздү сөзсүз угабыз. Адамдын мүнөзүнө жараша мамиле жасоону билген эстүүлүгү, келиндерге тиешелүү кызматты бүт аткаргандыгы,
усталыгы менен айырмаланып турат. Бир жагынан оорукчан кайненесин бакса, экинчи жагынан балдарынын түйшүгүн көтөрүп кабагым-кашым дебей турмуш куруп келет.Бирок эч качан чарчадым дебеген, карамдуу, камкор, кайраттуу менин келиним экени талашсыз. Нургүлүм менин жалгыз уулумдун келинчеги, чолпондой жанган татынакай неберелеримдин энеси, менин өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөгүм, сырдашым. Караңгы жерди жарык кылып уулумдун жалгыздыгын билгизбей уучун узарткан, нур чачкан, нурдай жанган жаркылдак келиним Нургүл.
Апаң Зоя.
Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.
«СУПЕР КЕЛИН» сынагы Катышуучулардын тизмеси
#22 26 Февраль 2016 - 14:04
Айжамал
Кызым мага секелектей көрүнөт
Кызым Эсенкан кызы Айжамал 24 жашта, 3 баланын энеси, бир үйдүн кенже келини. Кызым 3 баланын энеси болуп калса деле мага дале секелектей көрүнөт.Неберелерим менен үйгө келгенде үйүбүз базар болот. Аларды көрүп эт-жүрөгүмэзилип, бакытка бөлөнөм. Айжамал жаш болсо да 3 баласына татыктуу тарбия берип, келиндик кызматын жакшы аткарып жатканына ишенем. Куда-кудагыйларым да дайыма ыраазы болуп батасын беришет. Кызымды келе жаткан майрамы менен куттуктап, үй-бүлөлүк бакыт каалап, аман-эсен төртүнчү неберемди жарык дүйнөгө алып келишин Кудайдан тилейм.
Айжамалыма
Уктабай кээде түндө ойгономун,
Айжамалым, мен өзүңдү көп ойлоймун.
Чыр салып баласы ыйлап жатабы дейм,
А балким, бир нерсеге капабы дейм,
Кудайым кызымды өзү колдосо дейм.
Уясын бирөө бузуп койбосо дейм,
Ардактап алган жары ар убакта
Көңүлүн оорутуп капа кылбаса дейм.
Ушундай кыштын узак түндөрүндө
Мага окшоп канча эне санаа тартат.
Уктабай түн уйкусун үчкө бөлүп
А балким, мени да апам ойлоп жатат.

#23 26 Февраль 2016 - 14:06
Анара
Мен кайненемди келе жаткан 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайм. Ошондой эле бул сынакта кайненем жөнүндө айткым келди. Мен 2010-жылдын 1-ноябрында жолдошумдун үйүнүн босогосун аттадым. Ушу күндөн тарта кайнене менен келиндин мамилеси башталды. Азыркы учурда кайнене менен келиндин мамилеси глобалдуу маселе болуп калбадыбы. Биз, кайненем экөөбүз, ушул убакка чейин жаман айтышпадык, Кудайга шүгүр. Мен турмушка чыкканга чейин анча-мынчаны түшүнбөгөн, колумдан көп нерсе келчү эмес. Биринчи баламды төрөгөнчө оор иштерди кылдыртпай, нан жаптырган жок. Азыркы учурда да аяп турат. Кайненемдин 2 кайын эжеси, 5 кайын сиңдиси бар. Алар менен да ынтымактуу күндөрдү өткөрүп келет. Кайненемдин эң жакшы сапаты - аябай сабырдуу. Кайнатама да үнүн катуу чыгарып сүйлөбөйт, каяша да айтпайт. Мен кайненемдин сабырдуулугун жана сарамжалдуулугун өзүмө алгым келет. Экөөбүз эже-сиңдидей сырдашып, эч нерсени бирибизден жашырбайбыз. Ар убак кайненем менен кайнатам төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн жарыгы, жашообуздун маңызы, бизге баш-көз болуп жүрө бериңиздер. Менин кайненем дүйнөдөгү эң мээримдүү, эң сабырдуу, идеалдуу, супер кайнене десем жаңылышпайм. Билбегенди үйрөтүп, өз кызындай көрүп тарбия берип келе жатканыңызга ыраазычылык билдирем. Мен сизди аябай жакшы көрөм. Сизди терең урматттоо менен келиниңиз Назира.

#24 26 Февраль 2016 - 14:09
Фарида
Сиздердин супер келин сынагыңыздарга эжемдин келиндик кызматы, жашоосу жана кызыктуу жоруктарынан айтайын деп чечтим. Эжем Фарида Маматаева мындан 2 жыл мурун кайын журтунун ак босогосун аттап, ак жоолук салынып сүйкүмдүү келини болгон. Келиндин келген кези эстен кетпей эмеспи. Анын сыңарындай жаңы келин болуп баргандын эртеси кыш айлары болчу. Таң эрте караңгыда туруп эшиктин алдын шыпырып жүрсө апасы көрүп катуу чоочуп кетиптир. Апасы ойлосо керек кышында суукта шыпырмак беле деп. Азыр айтып күлүп калышат. Ошентип келиндик жашоосу башталат. Дагы бир жоругу апасынын гүлдөрүн киргизгенди унутуп үшүккө алдырганычы. Азыр эжемдин келин болгонуна 2 жыл болуп калды. Жолдошунун өмүрлүк жары, бир ширин кыздын апасы, кайын журтунун сүйүктүү келини. Мен эжемди көрүп бул жашоодо аялдык бакыт биринчи орунда турарын билдим. Ошондуктан Жараткан ар бир аялзатынын кучагына бала берсин деп тилейм.

#25 26 Февраль 2016 - 14:15
Мээрбан
Жакшы кабар жанга жагымдуу дегендей сиздердин “Супер келин" сынагыңыздарга көзүм түшүп көздөй болгон абысынымдын кыял жоругун жарыялоону туура көрдүм.
Абысынымдын аты Мээрбан. Кыларман келин билерман дегендей, кызматы менен жагып кайындардын кандай гана чабуулу болбосун айтылуу Акылкарачачтын акылындай акылы менен жеңишке жетишип отуруп, азыр анын катышуусуз маселе чечилбейт.
Жаңы келин болуп келген күндөрдүн бириндеги окядан айта кетейин. Кечкисин жарык өчүп, шам күйгүзүп кечки дастаркондо отурабыз. Чай демдөө үчүн келин тура калса шам өчүп калып жатпайбы. Анда кенже кайын сиңдиси "жеңе бул жагы кандай болду?" десе күлүп ушундай "менин шамалыма шам өчөт деп кырдаалдан чыкты. Аңгыча жарык күйүп калса кайната кайненени унутуп "ураа" деп кыйкырып алакан чаап жиберди. Анан кайра чочуп унчукпай отуруп калып жатпайбы. Келинден мындай иш аракетин күтпөгөн биз аябай күлдүк. Эмдигиче кайын сиңдилерим жеңемдин шамалына шам өчөт деп күлүп калышат.
Жакшы аялдын белгиси сыртта бийкеч үйдө күң дегендей жасаган ишине көзүң да, көңүлүң да тоёт. Чынын айтсам Мээрбанды комбайнга окшоштурам. Жараткан ушундай келинди ар бириңерге насип кылсын деп ич ичимден тилек кылам. Ылайым сага көз тийбесин абысынжан. Мактайын деген деле оюм жок эле, бирок элет жериндеги табиятынан өзгөчө жаралган жан экендигин айткым келди.
Жаманкеева Дамира

#26 26 Февраль 2016 - 17:05
Сезим
Сезим-ашказанга мезим
Саламатсыздарбы? Биз үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Октябрь айында дагы бир бир туугандуу болдук. Дегеним, байкем өзүнүнү сүйүктүүсүнө баш кошуп, бизди татынакай жеңелүү, ата энемди келиндүү кылды. Жеңем биздин үйгө бат эле аралашып, келиндик кызматты эң мыкты аркалап жүрөт. Үйдө 90 жаштагы чоң атабыз жана 86 жаштагы чоң энебиз бар. Ошол адамдардын батасын алып, чайын берип жүрөт. Жеңемдин аты Сезим. Эң эле кызыктуусу чоң энем жеңемди “Мезим” дейт. “Мезимим, Мекум” деп да эркелетет. Биз болсо “Эне жеңемдин аты Сезим да”, десек, “Мейли, Мезимим ашказанга дары”, дейт. Ар дайым жеңем дартка даба болуп, биздин үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй, байкем экөө бактылуу болсо экен деген тилектебиз. Рахмат сиздерге, урматым менен Касиет Асекова.

#28 26 Февраль 2016 - 22:12
Баары сулуу, акылдуу келиндер экен. Азаматсыздар!
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#30 26 Февраль 2016 - 23:47
учурдан пайдаланып баардык апаларды дегеле аял затын 8-март жаз майрамы менен куттуктап кетким келет. Өзүмдун апам Венераны да куттуктап баш ийип таазим кылам. Апа,билем,кантсем да ак сутунузду актай албайм,бирок аракет кылам. Мен да сиздин жолунузду жолдоп турмуштун ысыктыгына,
сууктугуна чыдаган келин болгум келет. сиз эн эле супердин супперисиз.
Супер келиндерге ийгилик
Супер келиндерге ийгилик
#31 26 Февраль 2016 - 23:55
admin_superstan (26 Февраль 2016 - 12:27) жазган:
Гүлжаз
Жүрөктүн түбөлүк ээси
Алтыным бир гана сенсиң,
Тартуулап тунук сүйүү
Кубантып мени келесиң.
Колу ң дан кармап бекем
Келечек к е умтулам,
Ардагым болду ң менин
Жалгыз мага буюрган .
Таарынып каласы ң бат
Э ркелеп назик жаным,
Жылмайып кайра күлсөң
Чеги жок кубанамын .
Те ң деши жок ааламда
Э неден кийинки сен,
Тү г ө нг үс ж ү р ө кт ө г ү
С ү й үү мд ү билеси ң сен.
Арнадым ө м ү р ү мд ү
Б айланып сага бекем,
Д ү йн ө д ө кымбаттардын
Бири болду ң сен эркем.
Жаркылдаган ү йд ү н куту алтыным,
К ү л ү птурса ң ошол менин бакытым.
О кшош болсо ң болду менин апама,
Мээрим т ө г ү п акыл айткан балдарга

Добуш берем
#33 27 Февраль 2016 - 00:08
admin_superstan (26 Февраль 2016 - 12:58) жазган:
Александра
Келиним анык супер келиндеген аталышка татыктуу
Саламатсыздарбы, "Супер - Инфо" гезитинин жамааты!
Менин келиним анык супер келин деген аталышка татыктуу деп 100 пайыз кепил боло алам.Бизде жалгыз эркек уул жана 3 кыз бар. Ошол жалгыз балам жогорку окуу жайда 6 жыл бирге окуган курсташ орус кызына үйлөнгөндө& nbsp; “кыргыздан кыз табылбай калдыбы ?” деп бир жума ыйлап жаткам. Кайнене болуп кылдан кыйкым таап бир ай сынадым. “Кыңк” деп өйдө карап үн чыгарган жок. Айткандарымдын баарына башын ийкеп, жер карап угуп "апа, үйрөтө бериңиз , мен сиздин айтканыңызды& nbsp; бүт үйрөнүүгө аракет кылам" деп бир ооз жооп берчү. Бара-бара ал менден үйрөнбөй эле мен жана кыздарым андан көп нерсени үйрөнө баштадык. Уйду шакылдата сааганы, тоонун боорундагы карды жиреп ат чапканы, тамакты түрлөп даамдуу жасаганы, мейман тосордо дасторконду гүлдөтүп кооздоп, конокторго тыпылдап чай куюп чуркап жүргөнүнө тан берем . Анан да тазалыгы на сөз жеткис. үй жыйнаганда "чычкандын тешигинен" бери шашпай кырып жышып чыгат. Келгенине 3 жыл болду. Татынакай кыз, кара көз эркекти удаасынан төрөп берди. Күйөөсү менен бир урушуп, катуу үн чыгарганын уга элекмин. Эрте келеби, кеч келеби жылмайып тосуп алат. Балдарына катуу үн чыгарбаган ушуну көрдүм. Бошобой жатса да жасап жаткан ишин токтото коюп, алардын суроолоруна да жооп берип, чекесинен сылап өөп турат. Айтор , баарыбызга кылган мээримдүү сый мамилесинен улам биз да аны жакшы көрүп калдык. Бирөө жөнүндө айтып “ ооруп-кыйналып жатыптыр ” десең , көзүнүн жашы даяр. Акыркы нерсесин берүүдөн кайра тарпайт. Үй-б үлөдө туулган күн болгон сайын дасторкон жайып, белектерин камдап турат. Ар бир баламдын туулган к үнүндө мага да кошо белек берип "апа, бул сиздин да майрамы ң ыз" деп турат. Балдарын бала бакчага жеткирип коюп, жумуштары менен чуркайт . Кечинде баары жаткандан кийин түн бир оокумуна чейин архитектуралык долбоорлорду чийип акча да табат. Иши кылып бир мүнөт бош отурганын көрбөйм . Ошентип "кайнене" болоюн десем да шылтоо таппайм. Эми "ата-апа, силерди Түркияга жиберем , эс алып келгиле ” деп акча чогултуп жаткан кези . Айтор, Александра келиним орус эле болбосо, анча-мынча кыргыздын келинине алмашкыс. “Энесин көрүп кызын ал ” дегендей , апасы мыкты аял. Иши кылып көз тийбесин. Отурган жерде кээ бир аялдар келиндерин жамандаса, мен мактанып эле отурам. Кайра өзүмдү урушам, көз-сөз тийбесин деп. Туугандарым болсо “ унчукпай эле жыргап отура бер, сага Кудай мыкты келинди берди ” деп калышат. Кудайга шүгүр , ыраазымын. Келиниме, уулума, неберелериме бакыт, ден соолук, ынтымак каалайм, өсүп-өнүгө беришсин.
Таттыгүл, 56 жашта.

Жактыы. Добушумду да бердим. Ийгилик каалайм.
Барпылыктар рулит))
#34 27 Февраль 2016 - 00:17
Кыргыздын салтынан бери оздоштургон орус кызы Александрага тан калдым. Добушум ушул бактылуу келинге
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#36 27 Февраль 2016 - 00:26
Александра добушум ушул келинге!
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#37 27 Февраль 2016 - 00:29
#39 27 Февраль 2016 - 00:37
admin_superstan (26 Февраль 2016 - 14:09) жазган:

Дообуш берем