Куран керемети. ...
#61 28 Февраль 2016 - 13:55
Ардактуу Пайгамбарыбыздын учурунда Курандын толук жазылып бүтүшү
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз аяттар түшүрүлгөн кезде аларды жанындагы сахабаларына окуп, андан соң атайын аяттарды жазууга дайындалган сахабаларына жаздыра турган. Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) түшүрүлгөн аяттарды кайсыл сүрөөгө таандык болгондугун өзү айтып берген.1 Аяттарды жазууга милдеттүү сахабалар түшүрүлгөн аяттарды курма дарагынын бутактарына, жалпак таштарга, терилерге жана ошондой эле тактайларга жазышкан. Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз жаңы түшүрүлгөн аяттарды сахабаларына окуп берээри менен алар ошол замат жаттап, дароо бири-бирине кайталап окуп бышыкташаар эле. Ислам аалымдарынан Хаким «Мустадрак» аттуу китебинде аяттарды жазууга милдеттендирилген Зайд бин Сабиттин (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегенин маалымдаган: «Алланын Элчиси өзүнө түшүрүлгөн аяттарды мага жаздыраар эле. Жазып бүткөн соң мага жазганымды окушумду буйура турган. Мен акыркы Пайгамбардын буйругун аткарып, жазганымды окуп берээр элем. Эгер жазганымда ката болсо, аны дароо оңдоор эле». Ал эми Бухарийдин айтымы боюнча, ал-Бараа мындай деген: «Жихадга катышпай үйүндө оорубастан (себепсиз) отургандар менен Алланын жолунда өзүнүн мал-жаны менен күрөшүп жүргөндөр тең эмес...» (Ниса сүрөсү, 95-аят) деген аят түшкөндө Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларына Зайдды чакыртып, аятты жазганга тери-тактайын, калемин алып келишин буйурду. Зайд бин Сабит келип, Алланын Элчиси окуп берген береги аятты жазып алды». Бул жерден дагы Куран аяттары түшүрүлөөрү менен жоон топ сахабалар тарабынан дароо жатталып, атайын дайындалган сахабалар тарабынан жазууга түшүрүлгөнүн даана байкайбыз. Ырас, агезде кутман сахабалардын бир даары түшүрүлгөн ар бир аятты жаттаса, бир даары кээ бир сүрө-аяттарды жатташкан. Ал эми ардактуу Пайгамбарыбыз каза болгонго чейин Ыйык Куран кутман сахабалар тарабынан толугу менен жатталып, жазылгандыгы талашсыз чындык.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#62 28 Февраль 2016 - 13:56
Суйутий «Иткан» аттуу китебинде Хаттабийдин мындай дегенин эскерген: «Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын көзү тирүүсүндө Курандын кээ бир аяттарынын өкүмү жагынан күчүн жоготушу жана жаңы аяттардын келиши мүмкүн болгондуктан Куран китеп абалында болгон эмес. Ардактуу Пайгамбарыбыздын көз жумушу менен Ыйык Куранга кошумча жаңы аяттардын кошулуу ыктымалы болбогондуктан халифа Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) Куранды китеп абалына алып келген».
Азирети Пайгамбарыбыз жана момун-мусулмандар Ыйык Курандын кыяматка чейин бир да сөзү өзгөрүлбөй сактала тургандыгына толук ишенишкен. Себеби бул багытта Жараткан Алла Тааланын «Ырасында эскертмени (Ыйык Куранды) Биз түшүрдүк. Аны Өзүбүз гана сактайбыз» (Хижр сүрөсү, 9-аят) деген ачык-айкын түрдөгү кепилдиги болгон.
Ошондой эле кутман сахабалар ардактуу Пайгамбарыбыздын өз оозунан уккан жаңы Куран аяттарын дароо жаттап, өз араларында кайталашаар эле. Алар Куран Алла Тааланын ыйык китеби болгондуктан агезде аны жаттоо Исламдын парздарынан бири деп билишкен. Исламга кирүү менен бутпарастардын түркүн-түстүү зордук-зомбулуктарына чыдаган, өз жеринен куулуп чыгууга сабыр кылган алгачкы мусулмандар Куран аяттарын жаттоо менен өзүнчө дем-күч алышкан. Ар бир түшкөн аят аларга өзүнчө жаңы күч, жаңы дем берген.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#63 28 Февраль 2016 - 13:57
Акыркы Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) көз жумган соң кутман сахабалар азирети Абу Бакирди (Алла ага ыраазы болсун) халифа катары шайлашат. Азирети Абу Бакир халифа болгондон көп өтпөй араб жарым аралынын чыгышында «Мусайламатул Каззаб» аттуу өзүн пайгамбар катары таанытып, элдин башын айландырган бир бузуку чыгып, коомчулукта абал оор кырдаалга айланат. Мына ушул окуядан улам азирети Абу Бакир Халид бин Валиддин жетегинде бир аскер топтоп, окуя болуп жаткан жерге жөнөтөт. Бул окуя кандуу согушка айланып, анын жыйынтыгында мусулмандардан 1200 киши шейит кетет. Булардан болжол менен 70 киши Куранды баштан-аяк жаттаган «каары»2 адамдар болгон. Жагдайдан кабардар болгон азирети Умар бул багытта терең ойго батат. Азирети Умар халифа Абу Бакирге барып, кокус башка жерлерде да ушул сыяктуу кандуу окуялар болсо, анын кесепетинен каарылар шейит кетип олтуруп, акыр-аягы алардан толук кол жууп калуу коркунучун айтып, өз ойун ортого салат. Ал эми азирети Абу Бакир дароо азирети Зайд бин Сабитти чакыртып, бул маселе боюнча анын да оюн сурайт. Бул багытта азирети Зайд бин Сабит (Алла ага ыраазы болсун) өзү мындай дейт:
«Азирети Абу Бакир Ямама согушунан кийин мени чакыртып жибериптир. Халифанын алдына барганымда жанында азирети Умар да бар экен. Азирети Абу Бакир Умарды Ямама согушунан кийинки жагдай кабатырлантып жатканын, себеби Ямама күнү көп каарынын шейит болгонун, мындан кийин дагы балким ушул сыяктуу оор кырдаалдардын айынан каарылардын улам четинен шейит болуп кетишинен коркконун, ошондуктан Курандын айрым бир аяттарынын жоголуп кетүү ыктымалы болгонун, ал эми мунун алдын алуу үчүн ар кандай нерселерде жазылуу Куран аяттарын топтоп, аларды барак бетине түшүрүп китеп абалына келтирүү керектигин өзүнө сунуш кылгандыгын айтты. Азирети Абу Бакир ошондой эле Умардын бул сунушуна алгач «акыркы Пайгамбар кылбаган нерсени биз кантип кылабыз» деп каршы чыккандыгын, бирок маселенин чоо-жайын таразалап-калчаган соң Алла Таала Умардын жүрөгүнө бул иштин жалпы үммөт үчүн өзүнчө чоң жакшылык болгондугун кандай илхам кылса, өзүнүн жүрөгүнө да дал ошондой илхам кылгандыгын маалымдады»
Ошентип азирети Абу Бакир Зайд бин Сабитке жаш, зээндүү жана эң негизгиси ардактуу Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга түшүрүлгөн аяттарды жазуу бактысы башына конгон адам катары ошол күндөн тарта жазылган Куран аяттарын издеп таап, аларды барак бетине түшүрүп беришин өтүнөт. Ал эми азирети Зайд бин Сабит эгер бул милдеттин ордуна опол тоодой жүктү өзүнө жүктөсө, бул милдетчелик оор келбей турганын айтып, акыркы Пайгамбар кылбаган нерсени Абу Бакир менен Умар да кылбашы керек деп алгач аларга каршы чыгат. Зайд бин Сабит дагы Абу Бакирдин бул иштин өтө чоң кызмат болооруна карата айткан омоктуу ойлорунан кийин Жараткан Алланын илхамы менен ырасында эле бул иштин өзүнчө чоң жакшылык болгондугуна муюп, азирети Абу Бакирдин сунушун кабыл алат. Азирети Абу Бакирдин учурунда топтолуп жазылган бул барактар одүйнө салганга чейин өзүндө болуп, андан кийин азирети Умарда, ал көз жумгандан кийин болсо кызы Хафсанын үйүндө сакталган. Бул жакшылык иш азирети Абу Бакирдин халифалык учурунда эң маанилүү иш-аракеттерден болуп, болжолдуу түрдө бир жылга чейин созулган.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#64 28 Февраль 2016 - 13:58
Ислам дүйнөсүнүн кеңейиши жана араб эмес элдердин мусулман болушу менен Курандын ар кайсы диалектикалар боюнча туура эмес окула башталгандыгынан улам жагдайды туура түшүнгөн халифа азирети Осмон ардактуу Пайгамбарыбыз менен Жабраил периштенин ортосунда акыркы жолу кайталанып окулган Курандын нускаларын чогултуп, аларды көбөйтүп жазууга буйрук чыгарган. Азирети Осмондун халифалыгы учурунда мусулмандардын саны бир кыйла өсүп, Ислам дини кеңири кулач жая баштоо менен бирге анча-мынча көйгөйлөр да болуп келген. Мына ушул көйгөйлөрдүн бири Курандын ар кайсыл диалектикаларда туура эмес окулушу болгон. Азирети Осмон маселенин төркүнүн туура кабылдап, оор кырдаалга себепкер болуп кетишинен тынчсызданып Курайш диалектикасы боюнча түшүрүлгөн Куранды тек гана Курайш диалектикасы боюнча жаздырган. Бул жерде эскерте кетүүчү жагдай, азирети Осмондун халифалыгына чейин элге жеңилдик болушу үчүн Куранды ар кайсы диалектикалар боюнча окууга уруксат берилген болучу. Азирети Осмон өз учурундагы жагдайды эске алып, береги муктаждык күчүн жоготконун, андыктан Курандын тек гана Курайш диалектикасы боюнча окулушунун жалпы Ислам дүйнөсү үчүн алдаканча пайдалуу болоорун ойлоп, ушул кадамга барган. Ал эми ошол кезде көзү тирүү бардык кутман сахабалар азирети Осмондун бул жакшылыгын кош колдоп кабыл алышкан.
Ошентип Ислам дүйнөсүндөгү диалектикалардын ар түрдүүлүгүнөн улам жаралган талаш-тартыштарга чекит коюлган. Ал эми мындан кийинки мезгилдерде жаңы мусулман болгон элдер Куранды кыйналбай, жеңил окуп түшүнүүлөрү үчүн тамгалардын асты-үстүнө «харака» делген чекит-ишараттар коюлган.
1Муну Ахмад бин Ханбал, Тирмизий, Абу Давуд, Насаий, Ибн Хиббан жана Хаким аттуу хадис илими боюнча терең билими бар аалымдар маалымдашкан.
2Каары – Куранды баштан-аяк жаттаган адам.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#65 20 Февраль 2017 - 20:21
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Куран периштелердин арасынан Жебрейил периштеге түшүрүлгөн, ошол себептен ал, периштелердин эң сыйлуусу болуп калган...
Курани Карим Рамазан айында түшүрүлгөн, ошол себептен Рамазан айы, айлардын эң улуусу болуп калган...
Курани Карим кадыр түн кечесинде түшүрүлгөн, ошол себептен ал түн, түндөрдүн эң абзели болуп калган...
Курани Карим Мухаммад (соллалоху алайхи васаллам)га түшүрүлгөн, ошол себептен ал, мусулмандардын жол башчысы, кадырлуусу, сыйлуусу жана эң жакшысы болуп калган...
Курани Карим Мухаммад Пайгамбардын үммөтүнө түшүрүлгөн, ошондуктан ал үммөт, адамдарга чыгарылган эң жакшы үммөт болуп эсептелет...
Аллага ант ичип айтам! Курани Карим кимибиздин жүрөгүбүздөн орун алса, анда ошол адам үммөттүн арасындагы эң жакшысы болот...
Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам) айткан: "Силердин эң жакшыңар, Куранды үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөнүңөр" ...
Куранды таштап койбо, аны окуп ичиндеги буйруктарга амал кыл! Окуп үйрөн, башкаларга да үйрөт! Куран сени бейишке жетелеген жол башчың!! !
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Nasaat.kg
#66 20 Февраль 2017 - 20:28
Жаратканым эмне үчүн Куран китебин биринчи *«Оку! »*-деп түшүрдү. Анткени адам баласы китеп окуу менен адам болуп жашап келет. Китеп окубаган сабатсыз,жан дүйнөсү тар,тактап айтканда токойдо жашаган жапайы адам сыяктуу болот. Эмне ак? Эмне кара? Эмне адал? Эмне арам? Эмне туура? Эмне ката? Барын китеп окуу аркылуу билебиз. Дегиеле жашообуздагы бардык жетишкендик, ийгиликтер,чоң таанымал инсандар,окмуштуулар ,аалымдар ошол биздин китеп окуубуз аркылуу жетишип келебиз.
❓Чындыгында эле бир жолу болсо да кызыгып көрдүңүз беле?Кураан китеби кандай китеп? Эмнелер жазылган? Кимдин сөзү? Кайдан келген? -деп. Канчасы окуп,канчасы жаттап,канчасы үйрөнүп жатканы сиз үчүн кызык болбодубу?
Ойлоп көрүңүзчү башка китептерди, гезит -журналдарды, интернет -сайттардан канча түрүн окуп жаткандырсыз. А Куранга келгенде аны бир гана илимдүү адамдар,атайын окуу жайдагылар, мүмкүнчүлүгү барлар окушат деп ойлошуңуз мүмкүнда э…
Же болбосо менде убактым жок,ишим бар,үй -түйшүгү ,бала -чака багуу керек деп шылтоо айтасыз. Бирок ушундай азыркы өнүккөн заманда илим алуу мүмкүнчүлүгү толтура, андан да зор мүмкүнчүлүк бул биздин мамлекетте динибиз эркин ,эч бир тосколдуктар жок. Мындай неаматты пайдаланып албасак бир күн ушул күндөргө да жооп бере турган күн келет.
*Куран окуу кыйын деп ойлойсузбу? *
Жок андай эмес кадимки эле биздин: * А -Б -В тамгаларыбыз деген сыяктуу: ا -Алиф,ب -Ба, ت -Та -деп » Ата -атка та ка как» дегендей тамгаларды бирине -бирин кошуп олтуруп,өзүңүз окуган А,узу,бисмиллах, фатиха сүрөөлөрүн жазылышын,окулушун оңой эле үйрөнүп алсаңыз болот.
*«Ким бир эле аятты жаттаса,100рекет нафил намаздан жакшыраак! »*
Мен сизге бул -Ыйык, Улуук болгон Куран китебин жашообузга маанилүү канчалык керек экенин,сиз элестете албаган сооп -жакшылыктар жетишиңиз тууралуу айтып берейин.
Эгерде сиз бир эле *«ا»* алиф тамгасын үйрөнгөн болсоңуз сизге *«он »*сооп жазылат,а эки же үч тамга үйрөнсөңүз *«жыйырма,отуз »*сооп жазылат. Эми элестетип көрүңүз бардык тамганы жаттап,кошуп окуганды үйрөнсөңүз канчалаган сооптор жазылат.
Пайгамбар (С.А.В.) *«Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла! Кураан окуу менен нурлантып тургула. Кайсыл үйдө Кураан көп окулса, ал үйдүн куту артат анын ээсине жакшылык жаайт. Жердегилерге асмандагы жылдыздар кандайча кооз көрүнсө, асмандагыларга да ал үй ошондой кооз көрүнөт»*
Кураан канчалык туура окулса ар бир тамгасына 10сооп берилет.
Анкени Пайгамбар (С.А.В.) айткан:
” أنا لاَ أقُولُ الم حَرْفٌ بَلْ أقُولُ ألْفُ حَرْفٌ, وَلاَمُ حَرْفٌ, وَمِيمُ حَرْفٌ “َ
*«Мен Алиф, Лаам, Миим ди бир тамга деп айтпаймын Алиф бир тамга, Лаам бир тамга, Миим бир тамга»* деген.
Ар бир адам ыклас менен Кураан окуса, ага сооп болот. Ал эми, бул окуу зирек жүрөк менен, маанилерине түшүнүү менен болсо, анда сообу он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйөт.
Пайгамбар (С.А.В.) дын сахабалары ар күн сайын белгилүү өлчөмдө Кураан окууну адат кылышкан эле.
Пайгамбар (С.А.В.) акыркы хутбасында мусулмандарга мындайча насаат айткан:
” تَرَكْتُ فِيْكُمْ أمْرَيْنِ لَنْ تَضِلُّوا مَا تَمَسَّكْتُمْ بِهِما كِتَابَ اللهِ وَسُنَّتِى”
*«Мен силерге эки нерсени таштап баратамын эгерде бул эки нерсени бекем кармасаңар эч качан адашпайсыңар. Ал эки нерсенин биринчиси Кураан экинчиси Сүннөтүм»*
Кураан окуулуучу жана үйрөтүүчү жерлерге ашыгуу.
Анкени Пайгамбар (С.А.В.) айткан:
*«Бир коом Аллахтын үйлөрүнөн болгон бир жерге жыйналышса, бир-бирлерине Кураан үйрөтүшсө ал жерге Аллахтын рахмат түшүп, периштелер аларды ороп, ал жер бейкутчулук ичинде болуп, Аллах аларды өзүнүн улуу ордунда периштелерге айтып сыймыктанат»*- деген.
Дегиеле Курандын касиеттерин, соопторун канчалык улуу,даражалуу экенин сөз менен айтып түгөтө албайсың. Куран окулган үй -бүлөөгө нур жаап,тынчтык, бей -куттук орноп,жашооңузга үй -бүлөөңүздөгү чыр -чатактар а,келишпестик, сабырсыздык азайусуна,кыйынчылыктар жеңилдешине, оорусаңыз шыпа болусуна себеп болот . Башка китептер сиз үчүн бул дүйнөндө пайда берсе,а Куран бул дүйнө,кабырда, акыретиңизге түбөлүк жакшылыгын ,жыргалчылыгын тартуулайт. Башка китепти көп окусаңыз үч төрт жолу кайталап окуйсуз тажап ташап атасыз,а Куран китебинин сөздөрү эгер сиздин жүргүңүзгө орун алган болсо, күн сайын, же өмүрүңүз өткөнчө кайталасаңызда тажабайсыз, канча көп окуган сайын жан дүйнөңүз тынчтыка бөлөнүп, башкалардан айрылмаланып, өзүнчө ырахат аласыз.Куран бул -Аллахтын Затынан чыккан керемет улуу нерсе.
*«Кимдин жүрөгүндө Куран болсо ,аны тозоктун оту эч качан күйгүзбөйт! *…
Дагы эле ойлонуп олтурасызбы? Ойлонбостон бүгүндөн баштап Куран окууга жолдорун издеп шашылыңыз! Бүл күндөр,мүмкүнчүлүктөр дайым эле боло бербейт пайдаланып калыңыз!
*Эң өкүнүч бул -мусулман болуп бир жолу болсо да Жараткандын Куранын окубаг
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 20 Февраль 2017 - 20:33
#67 20 Февраль 2017 - 20:43
Хадисте Куран билбеген адамдардын абалы эскирип кыйраган, ичинде эч ким жашабаган таштанды үйгө окшоштурулган. Кыйраган үйлөр адамдарга эч кандай пайда тийгизбей тескерисинче, күн өткөн сайын урандыга айлангандай эле, Куран үйрөнбөгөн адамдын да өзүнө, айланасына эч кандай пайдасы болбойт. Бул абал уланган сайын адамдын жан-дүйнөсүндөгү боштук чоңоюп, физиологиялык жана психологилык проблемалары көбөйөт.
Куран окуудан башка ар кандай жакшы иштердин сообу бирге он эсе көбөйтүп берилсе да, Куран окуунун сообу айрыкча көп. Мисалы: окулган ар бир Куран сөзүнө, же аятына ондон сооп берилбестен, ар бир тамгасы үчүн ондоп сооп берилери убадаланган.
Андыктан Куран окууну башка: ибадаттарга салыштырганда, эң кыска убакыт ичинде эң чоң соопторду колго келтирүүгө боло турган ибадаттардын бири экени көрүнөт. Куран окуунун сыйлыгы хадисте мындай айтылат: «Бул Куранды үйрөнгүлө. Аны окуу аркылуу ар бир тамгасына он сооп берилет»
уландысы бар ин шаа Аллах1......
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 20 Февраль 2017 - 20:45
#68 20 Февраль 2017 - 20:48
(сабактын уландысы)
������Айрыкча, айрым сүрөлөрдү жана аяттарды окуунун өзүнчө сообу жана өзгөчөлүктөрү бар экенин билдирген хадистер көп. Мисалы: бир гана «Ихлас»сүрөсүн окуунун өзү бүт Курандын үчтөн бир бөлүгүн окуганга тете соопко жеткирет. Хадисте: «Алла Таалага ант ичем: ал сүрө Курандын үчтөн бирине тең келет» деп айтылат. Бул кадимки бир тал жүгөрү данынан бир канча жүздөн түшүм өнгөнүнө окшош маселе. Дагы бир мисал, пайгамбарыбыз (САВ) «Ваакыа» сүрөсүн түнүчүндө окуп жүргөн адам кедейликке өмүрү кабылбайт деп көрсөтөт.
������«Аятул курси»ни жатаар маалда окуса, таң атканга чейин Алла Тааланын периштелеринин бирөөсү ал адамды коргоп, шайтанды жолотпойт» деген да хадис бар.
������ Куранды окуп үйрөнгөндөй эле, аны үйрөтүү да ошончолук улуу иш. Ал эле эмес, иштин башталуусу үйрөтүү болгондуктан Куранды окуп үйрөнгөндөрдүн сообунда Куран мугалимдеринин үлүшү чоң. Мына ошондуктан, Исламдын башталышынан тартып эле аарылардын бал челекте ызылдоолору сыңары Куран мугалим менен анын окуучуларынын үндөрү Куран үйрөтүлгөн мечиттерди толтура келген. Мусулмандардын бир бөлүгү бүткүл өмүрлөрүн Куран үйрөтүүгө арнаган. Куран үйрөтүүнүн улуулугун, пайдасын Пайгамбарыбыз (САВ):
������ «Силердин эң жакшыңар - Куранды үйрөнгөн жана аны башкаларга үйрөткөнүңөр» деп кыскача,таамай ачыктаган. Хадисте үйрөнгөн менен үйрөтүүчүнүн жакшылык жана соопто бирдей болгонуна басым жасалган. Андай болсо, эң жакшылардан болуунун жана эки жакшы ишти бирлештирүүнүн жолу Куранды окуп үйрөнүп, башкаларга үйрөтүү дей алабыз.
������Куранды үйрөнүү бийик баалангандай эле, аны унутуу да сындалган. Куранды окууну үйрөнгөн же болбосо бир сүрөнү жаттаган адам ыкыластуулук менен үзгүлтүксүз кайталоосу зарыл. Болбосо, жаттаган сүрөсүн же Куранды окушту унутушу мүмкүн. Хадистерде Куранды унутпоо үчүн үзгүлтүксүз окулуусуна басым жасалып, төөнүн жиби чечилгенде качып кеткендей, окулбай калганда да Куран зээндерден өчүп кетээри айтылган. Бул абал пайгамбарыбыздын (САВ) хадисинде:
������«Куранды такай кайталап, эсиңерде сактоого аракеттенгиле. Себеби, ал жибин үзгөн төөнүн качканынан да тезирээк эстен чыгат» деп таамай салыштыруу менен айтылат.������
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 20 Февраль 2017 - 20:49
#69 18 Май 2019 - 20:08
#70 14 Июнь 2019 - 10:14
brother
#71 17 Август 2019 - 23:17
#72 10 Октябрь 2019 - 06:52
Негизи, Пайгамбарыбызга عليه الصلاة و السلام куран тушурулгон убакта, жахилия доорун суруп жаткан арабтар, созго ото чечен болуп, акындары ото кучтуу болгон. Жада калса, бир ыр жазуу учун, аны ондоп тузоп бир жыл отурушкан экен. Мына, ошентип аларга "вызов" таштап, алардын алсыздыгын корсотуп Аллах Таала,таптаза араб тилинде, бир кемтиги жок, уйкаштыгы, ирээти бут тарабынан идеалдуу болгон Ыйык Кураанды тушурот. Жана, алар бул Кураанды Улуу Жаратуучу тарабынан экендигин, моюндабаганда, Кереметтуу Куранда Аллах Таала аларга : "Эгер, айткан созунор чын болсо, ушул сыяктуу он суроо алып келгилечи" - деп кайрылганда, алар ушундай кыйын чечен булагалар, фусохалар болуп туруп, Кураанга тен келе алаар он суроо эмес, бир суроо дагы эмес, бир аят дагы алып келууго алсыз болушат...
Билдирүүнү түзөткөн: Zaatulilm: 10 Октябрь 2019 - 07:08
#73 10 Октябрь 2019 - 23:18
Zaatulilm (10 Октябрь 2019 - 06:52) жазган:
Негизи, Пайгамбарыбызга عليه الصلاة و السلام куран тушурулгон убакта, жахилия доорун суруп жаткан арабтар, созго ото чечен болуп, акындары ото кучтуу болгон. Жада калса, бир ыр жазуу учун, аны ондоп тузоп бир жыл отурушкан экен. Мына, ошентип аларга "вызов" таштап, алардын алсыздыгын корсотуп Аллах Таала,таптаза араб тилинде, бир кемтиги жок, уйкаштыгы, ирээти бут тарабынан идеалдуу болгон Ыйык Кураанды тушурот. Жана, алар бул Кураанды Улуу Жаратуучу тарабынан экендигин, моюндабаганда, Кереметтуу Куранда Аллах Таала аларга : "Эгер, айткан созунор чын болсо, ушул сыяктуу он суроо алып келгилечи" - деп кайрылганда, алар ушундай кыйын чечен булагалар, фусохалар болуп туруп, Кураанга тен келе алаар он суроо эмес, бир суроо дагы эмес, бир аят дагы алып келууго алсыз болушат...
Мааша Аллах, соонун.
#74 02 Ноябрь 2019 - 18:47
vankuver (14 Апрель 2014 - 00:40) жазган:
.
Булуттардын салмагы абдан таң калыштуу чоңдуктарга жетет. Мисалы, топтолгон жамгыр булуту (cumulonimbus) түрүндөгү бороон булутунда 300 000 тонна массага жеткен көлөмдө суу чогулат.
Асманда 300 000 тонналык бир масса тура ала турган бир системанын «курулган» болушу – албетте, таң калыштуу көрүнүш. Курандын кээ бир аяттарында булуттардын салмагына мындайча көңүл бурулууда:
Ырайымынын алдынан шамалдарды бир сүйүнчү катары Ал жөнөтөт. Булар оор булуттарды жогору көтөрүшкөндө, аларды (кургакчылыктан) өлгөн бир шаарга айдайбыз жана муну менен ал жерге суу түшүрөбүз, ушундайча бүт түшүмдөрдөн чыгарабыз... (Аьраф Сүрөсү, 57)
Ал – силерге чагылганды коркуу жана үмүт катары көрсөткөн, (жамгыр көтөргөн) салмактуу булуттарды (жасап) пайда кылган (Зат). (Рад Сүрөсү, 12)
Албетте, Куран түшүрүлгөн доордо адамдардын булуттардын салмагы жөнүндө мындай маалыматка ээ болушу мүмкүн эмес эле. Куран аяттарында көңүл бурулган жана жакынкы өтмүштө аныкталган бул маалымат Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринин дагы бирөөсү.
Бул кызыктуу маалыматтар кайсыл булактардан алынган?
Бишкекте Куран жаттоо кружоктору барбы кыздар учун?
#76 14 Ноябрь 2019 - 21:02
#77 16 Ноябрь 2019 - 20:17
#78 02 Январь 2020 - 20:12
Жазуусун коросун.
Акылын менен карасан илимин коросун.
Журогун менен карасан, ашыктыкты коросун.
Жан дилин менен, рухун менен карасан Алланы, Роббинди коросун !
Билдирүүнү түзөткөн: Salixa.: 02 Январь 2020 - 20:14
#79 06 Январь 2020 - 23:54
#80 26 Декабрь 2020 - 23:39
....Аллахка чексиз шүгүрлор болсун.......
Билдирүүнү түзөткөн: Salixa.: 26 Декабрь 2020 - 23:44