Суперстан: Жортуул - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жортуул Асанбек Стамов тарыхый роман

#1 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 14:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Мына куттургон жаз да келди. Кобунчо болумдо биздин замандын окуялары, жазуучулары экен. Озум жакшы коргон, мен учун баалу болгон тарыхый чыгармалардын бири менен болушуп коюну туура таптым. Кочуруп теруумдун негизги себеби китеп окугум келгенде издеп эч жерден таппай калам, издегенимди тапсам энем эркек торогондой суйуном Сүрөт ичимден таап илип койгон адамга ыраазымын. Мумкун мен дагы бироонун керегине жараармын. Кээде атайын китепканага барууга мумкунчулук болбой калат эмеспи, же тун ичинде уйку жок туйшолуп, алаксууну коксойбуз. Китептен кочуруп жазмакчымын, абдан эле шаштырбагыла демекчимин.


П.с: бул романды бутсом жакында колума издеп коксогон дагы 2 тарыхый роман келмекчи аны дагы кудай буюрса илип коермун.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   belka   29 Февраль 2016 - 14:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Сизге ото терен ыраазычылык билдирем, чын журоктон каалайм оорубаныз. Бул чыгарманы канча кайталап окусам да жадабайм. Китепти толук кочуруп аягына чыгасыз деп умут кылам. Дагы бир жолу рахмат.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 16:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

АВТОРДОН: Кыргыз элинин Орус мамлекетинин көзөмөлүнө өтүүжөнүндөгү алгачкы кадамы 1785ж.ылга туура келет. Тынайбийдин уулу Атаке баатырдын элчилери жогоруда айтылганжылдын жай мезгилинин башында Чүйдөн чыгып, ошол элежылдын аяк ченинде Омск шаары аркылуу Петербурггажетишкен. Россия империясынын падышасы Екатерина II экижылга жакын создуктуруп болсо да, кыргыз элчилеринкабыл алганы тарыхта белгилүү. Атаке баатырдын бүтүндөйкыргыз журтчулугунун атынан жазган каты азыр делеЛенинград менен Омск шаарларынын архивдеринде сакталуу.Элибиздин Россия бийлигин таанып коюга кылган аракети —учурдагы муктаждыктан келип чыккандыгын эске алууылайык. Ошо кездерде Кокон хандары Эрдана бий мененНарбото бий жамы кыргызды өздөрүнө багындыруу үчүндалай аракет жасашкан. Жаңыдан эле азаттыкка жеткенкыргыз эли Кокон ханына кул болгусу келген жок. Рас, ал кезкыргыздардын атажуртунан жунгаройрот баскынчыларынбиротоло кууп чыккан учур эле. Ошондуктан өз бетибизчеэл катары эркин жашасак деген кыргыздардын тилегинеМанжурЧиндердин Цин династиясынын императоруБогдыхан ЦяньЛун да бөгөт боло баштаган. Баса,ТеңирТоонун коюнколтугунан ойроттордун биротолокуулуп чыгышынан кийин кыргыз журтчулугуна Цинимпериясы да көз арта баштаган. Ошого тете, үчүнчүжагынан кыргыз эли казактык султаны Аблай хандынчабуулун да баштан кечиришкен. Демек, үч тарабынан бөрүчөтытып турган заманда Атаке баатыр Россия мамлекетин адилетдеп эсептеп, аны өзүнө жөлөк кылгысы келген. Сан кыргызаталган элди кулдуктан сактоонун бирден бир жолу —оруска кол берүүдө экенин илгерки атабабаларыбыз ошондоэле ачык түшүнгөн. Бул жерде сөз кыргыздардын орусмамлекетине өз ыктыяры менен кошулуу жөнүндө эмес,подданство тууралуу болуп жатат. Ал доордогу атабабалар орус бийлигин таануу дегенди — бөтөн эл менен чогууопуртопур боло аралаш жашоону түшунүшкөн эмес. Кыргызжерине чепшаар куруи, элижуртун көчүрүп келишип,бышыкчылыктуу асыл жерлерди ээлеп алуу — оруспадышасынын кийинки саясаты. Андыктан, ыктыярдуукошулуу менен бийлик көзөмөлүндө болуу дегендинортосунда чоң айрыма бар.1785жылы Петербург шаарына жиберилген элчилерАбдракман Кучаков менен Шергазынын айланасындакийинки жылдары да. лай талаштартыш болуп жатканынбайкайбыз. Булар кыргыз элинин атынан биринчи жолупадыша сарайына жетишип, Екатерина II менен бетмебетсүйлөшкөн адамдар. Ошого жараша алар жөнүндө архивдесакталып калган маалыматтар да өтө жупуну, так айткандакараманча аз. Мында жаш тарыхчы Дөөлөт Сапаралиевдинэмгеги арбын. Ал Петербург менен Омск шаарларынынархивиндеги даректи бүт бойдон иликтеп чыкты. Агакарабастан айрым бир орус тарыхчыларыбул. окуянынтегерегинде өз бетинче эркин ой жүргүзө баштаганына таңкаласың. Өзгөчө Абдракман Кучаковду эч кандайдокументке таянбай туруп эле кээ бир жазылган тарыхыйочерктерде ташкенттик өзбек кылып таштаганы кызык.Сыягы, анын атыжөнү бүгүнкү кездеги өзбектердикинеазыраак үндөшүп жатканынан болсо керек. Ал эми ошолмезгилде өзбектер улут катары калыптана электигин кимбилбейт. Анан калса, ал учурда Ташкент шаары жана анынтегереги бүтундөй кыргыз менен казакка таандык болчу.Кучаков деген фамилия орус транскрипциясына өткөндөбузулган. Болбосо, эл ичиндеги санжыра менентаржымалдарда ал Күчүк уулу деп аталат. Абдракман дегенат кыргызда деле толуп жатат дечи. Бирок ал Абдракманэлчнннн дияий аты, мындайча айтканда псевдоними. Абдракмандын төл аты — Коргонбай же Каргабай. Архивдесакталган дарек боюнча Абдракмандын уулунун аты —Сатымбай экен. Накта кыргызга берилчү ысым. Анан калса кыргыз элинин кызыкчылыгын коргойм деп бөтөн элденчыккан соодагер татаал жолго аттанып, башын өлүмгөбайлабайт эле да. Андай ыйык ишке Атаке баатыр чоочунэлдин өкүлүнө ишенет беле? Сөзсуз, андай чечимге кыраакыАтаке бара алмак эмес. Баарынан да кызыгы, орустарыхчылары тарабынан жазылган очерктерде экинчи элчиШергазыны — Атаке баатырдын токолуна ойнош кылыпкөрсөтүштү. Атаке баатыр токолун кызганган дыктанШергазыны барса келгиз сапарга, элчиликке кошуп жибергенимиш. Андай трактовкалаганда эле бүтүндөй кыргыз сыйлап:«Журт атасы» — деп кадырлаган Атаке баатырдын инсандыккасиетин караманча төмөн түшүрүп тыштайбыз. Баса, эличинде айтыла калчу санжыраларда Шергазы Атакебаатырдын асырап алган уулу. Атаке баатыр Шергазыны өзбалдарынан да артпк көрчү экен. Ошондуктан ШергазыАтакенин аябай ишенген кара көздөй кишиси жана аныөзүндөй көргөндүктөн гана ошондой ыйык ишке аттандырыпотурат. Андай болсо, ардактуу окурмандарым, Абдракманэлчинин өмүрүндөгү бир болгон окуяны эл оозунда айтылакалчу уламыштардан алып жаздым. Романдын ал биринчибөлүмү: — Каргабай каракчы — дел аталат. Романдын калганбөлүмдөрүнө да өзүнчө ат бердим. Романды ушу турушундабүткөн чыгарма катары эсептөө натура болор.Баса, ушу жерден романдын үчүнчү повести жөнүндөазыраак тушунүк бере кетелик. Ыйык курандын он экинчисүрөөсү: — Жусуп —деп аталат. Илгертеден эле: адилет, акниет Жусупка ашык болгон бейкүнөө Зулайканын армандуутарыхы өз доорунун неченнечен билимдүү, көзү ачык, акынжана дастанчы адамдарынын кызыгуусун туудуруп келген.Жалаң эле ушул атактуу сюжетти пайдаланып, түркү тилиндесүйлөгөн далай акындар, шайырлар тарабынан жүзгө жакындастандар жазылган. Кыргыз ичинде илгери мунун жомоктүрүндө, кара сөз менен айтылган варианты да жолукчу. Алтургай өз учурунда «Жусуп менен Зулайка» деген салттуу куүда чертилчү экен. Октябрь революциясынан кийин кысым менен анын баары колдонуудан чыгып калды. Баса,курандын Жусуп сүрөөсү библиядан ооп келгени айдан ачык.«Иосиф прекрасный» жөнүндөгү легенда Библияда дажолугат. Бул атактуу сюжетке далайдалай чыгармачылыкинсандар кайрылышкан. Анын баарын бул жерде тизмелепотуруунун кажети жоктур. Куранды окуп уйрөнүү, анычечмелөө кыргыз окумуштуулары менен интеллигенциясынын шыбагасына буйрубагандай, биз нечен жылдар бою алжөнундө сөз кылгандан айбыгып, талкан сугунган адамчаунчукпай жүрө бердик. Бир чети өзүбүзгө ар кандай саясийдоомат коюлат деп коркчубуз. Ардактуу элжурт, булповестте мен курандын атактуу сүрөөсү туурасында эркин ойжугүртүп, аны өз бетимче чечмелөөдөн качып, аз да болсобул ыйык теманы чагылдырууга бел байлап отурам. Андайболсо, Алла өзү колдосун... Бисмилла! Ошентип, ардактуу окурмандар: — Жортуул —романымдын бул — бүткөн бөлүмдөрүн жай отурупдегендей, сын көз менен карап окусаңар экен. Анан калсамен, көркөм чыгармада тарыхый фактылардычагылдыруунун иштелип чыккан көптөгөн методологиясынэске алдым. Андыктан бул тарыхый факты мындай эмес,тйгиндей болчу деп курулай талаштартыш чыгаруужарабаган жоруктур. Эмесе, ардактуу окурмандар, силердинкепкеңешиңерди, жардамыңарды күтөм.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 16:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

КАРГАБАЙ КАРАКЧЫ
Жыгылсаң бетке сайылар оту жок, чөбү тургай кумташыначейин күйгөн жансыз, каралжын адырлар. Деги, учукыйрынаадам көзү жеткис адыр артында адыр, колотторунда булактургай баш калкалап саябан кылар шилби чычырканагы даныпым жок. Жайлоонун чөбү саргайган, сумбула чыгып, сууалда качан муздаганына карабастан, күн ысыгы мээден өтүп,бул жерлерде сейрек кездешчү майда жандыктардын баарын жер жутуп кеткендей. Адырдан адырды илкий ашып: суусаган,жандары кыйналган үч караан келатты. Алардын эң ортоңкусуээр токумчан ат жетелеп алган. Жаныбар канбар атанынтукуму аягынаң катуу аксаптыр. Ошондон улам алдыңкы солбутуна күч келтире сороктоп араң басууда. Мынчалыкаксаганына караганда ал бечара кыл куйрук жолоочулардынбашына жүк болгондон бөлөк тийгизер пайдасы көрүнбөйт.Ошого карабастан жүргүнчүлөр да атты жетелеген боюнчаилээнди кадам шилтеп баскандары өтө жай. Баса, бул үчөө теңбир катар жаш жигиттерден эле. Эриндери кеберсип,курсактары ачыңкы. Алсыраган бечаралардын кыртыштарысуу көтөрбөй келатышса да: түрлөрүндө кандайдыр бир өзүнчөайбаттуулук бар, кала берсе жортуулдан жолу болбогоназаматтыкындай. Байкаганга алар бир жолу, эле тоё тамактана,суусуну канса, бир жоону өрт болуп каптоочу көк жалдарданго деп ойлошмок. Азамат деп айтканга тете, алар эң эле мыктыкуралданышкан болчу. Үчөөндө тең кынга катылган болотканжар жана чыканактан ашпаган кыска кылычтар. Ал эмиортоңку ат жетелегени — тигил экөөнөн кырдуурак,улуурактай; ошого жарашабы, анысынын тумшугу чүлүккызыл өтүгүнүн оң кончунда да канжар. Атка артылганшалбыраган кызгылтым куржунда дүнүйөмүлктүн жоктугусезилип турат. Болсо эле анда азыраак өзөк жалгар азыктүлүк.Эгерде илкиген аксак ат болбогондо, тигил үчөөнүн алда качанэле сапарлары арбып, көздөгөн жерине жетип калышмактыр. ..— Каргабай аке! — деди он жактагысы иймениңки.— Ие, үкөм? — Көрсө ат жетелегенинин ысмы Каргабайэкен, ал тыңшаган калыбында андан ары унчукпады. Акмандайлуу Каргабайдын узун кара каштары, турпаты үнкаткан үкөсүнө кандайдыр бир өзүнчө сүр берип, бою да узун,анда жок жерден пайда болгон куюн өндүү көккө атылыпчыкчудай жекилдик, шамдагайлык байкалып, деги бул жашбаш нечен коогалаңдуу, жоруктун ичинен чыкканын кыраакыкөз дароо таанымак. Калган экөө болсо алы быша элек,калыптана элек бозуландар. Болгону аты чыккан Каргабайды караан тутуп келатканы байкалып турат. Берки экөөнөкуралдары сүр берсе да баскандары шалкы, өңдөрү кумсараүйлөрүн сагынган паанайы сезилүүдө.Үкөсү Козуке үн катты:— Кергашка элге жетпейт го... Каргабай жактырбагандай: — Кантелик анда? — деп кекетти. Үчүнчүсү сөзгөаралашты: — Ушуга алаксый берип жол да арбыбайт. Болбосо алдакачан бел ашып кетпейт белек...Козуке: — Каргабай аке, алдыңкы оң аягы быркырап калыптыр.Билесиз, ат сыныгы бүтпөйт да. — Ал үмүттүү тиктеди.Куйкасы курушкан Каргабай дагы эле болсо ачуусуничине катты:— Айткылачы, анда кандай айла кыл дейсиңер? Үчүнчүсүпикирин тике айтты.:— Ээр токуму менен жүгөнүн шыпырып коё берсекчи...! — И, анан? — кекетти Каргабай.— Эптеп күнүн көрөр. Болбосо кененче жылбай калдыкко! Козуке үгүттөдү:— Макул де, аке, башка арга калбады окшойт сыягы.Каргабай кантсем дегендей мелтирейт. Адатынчакыйкырып тилдейт деп күтүшкөн эле тигил экөө. Бир маалдаал кейип койду: — Ат — адамдын канаты. Адамдын аттан өткөн досуким? Башыңа .каран түн түшкөн күндө да кайсы кыргызкачан атын талаага тыштачу эле. Келдибек үкөм, коё бердикэле деп кой. Анда заматта карышкырлар тытып кететбайкушту. — Келдибек Козукеден аяк ичер улуурак.Ошондуктанбы аны теше тиктеди Каргабай. Кантсе даКелдибек өз оюнан баш тартпай каяша айткансыды: — Айтканыңыз ак сөз дечи, бирок да айла кетипжатпайбы. ..— Жандан өткөн кымбат эмне? Бир айла издейлик. Козукежанданды. — Чын эле чымын жандан өткөн эмне бар! Болбосо,жаныбарым кергашканы кантип кайыпка кыялы?— Майли, кайыпка кыйып эле коёлук. Айттым го, бир найчкайнамга жетпей тарпы калат. Бу биз жол жүрүп келатканталаа — өзүнчө бир балакет жер. Ууру менен ит-куштун ганамекени. Топтошуп, куралчан жүрбөсөң алеки заматтакарышкырга жем болосуң. Же ууру карактайт. Ким билет, абалким ушу кезде бирөөлөр акмалап келаткандыр артыбыздан. — Акмалаганда эмнебизге кызыгат эле, же жыргагандүйнөбүз болсочу — Келдибек кобурады.— Бир айласын тап, Каргабай аке! — деп, Козуке жалбарыпжиберди. Ошо кезде Каргабай шарт артына бурулду да, анан айласыкуруган адамча керкашканы аягандай көкүлүнөн сылапкобурады: .— Жаныбарым, кантелик эми... Эми ал эки жигиттисооротту: — Мен да билип турам. Ушинтйп жүрө берсек,эгерим элге жетпесибиз чын. Дагы бир күнчө чыдайлык.Балким, ошондо тоо этегин таянарбыз. Же болбосо булактууколотко жетсек, керкашканы союп тыштап бир тыныгабыз.Моюнга алыш керек өзүбүз да аябай каржалдык. Көрүп турамбашка арга жок. Андан көрө чаначтагы суусундан куюп ичип,куруттан жегиле, азыраак кубаттанбасак буттар шилтемгекелбей калды.Келдибек жаңы эле канжыгага асылганда Козуке кыйкырыпжиберди. — Акебай, тетигилер эмне деген шумдук жандар, ыя!Ырас эле, те кыр үстүндө бешалты караан турган эле.— Түлкү го! — деди камырабаган Келдибек. Шыйрактарытартайган, тумшуктары упузун, кызгылтым жаныбарларжүргүнчүлөргө таңгалгандай тиктеп, өздөрү кебелип дакоюшпайт. Капарында эч нерсе жок Козуке катуу кыйкырдыэле, кыйкырык менен караманча иши жоктой, топтунбашындагы эн ирдүүсү эки бутун алдыга таштай боору мененжата кетти. Жондорундагы жүндөрү күрөң кызыл, боор жүндөрү саргычтай. Түлкүдөн алда канча ирдуү көрүнгөнуменен сөлөкөттөрү бир туруп тайгандын элесин берет.— Атаңдын көрү — деп, Каргабай кейип алды. —Буларың накта чие бөрүлөрдүн өзү. Бөлтүрүктөрүн торолтуп,мына эми чогуусу менен жортуулга чыгышкан тура напсибузуктар. Ырас эле, карасаң жүндөрүнүн кызылын. Кышкыбиринчи карда түлөйт. Ошондо көрүп тур, узарып, кызарыпбир өңүнө чыгышат дейсиң. Булардын териси илбирстин,жолборстун терисиндей эле баалуу болот. Далай үйдөнилинип турган жеринен көрдүм. Атаганат дечи, бешалтысыколго тийсе, бир марыйт злек да...Ошо кезде баягы эки алдыңкы бутту сунуп, боору мененжатканы ордунан ыргып тура өр таяна желип жөнөдү.Калгандары анын артында.— Карагылачы, бөрүнүн эле өзү, желгендери ылдам.Буларың ушинтип дайыма тобу менен жүрөт деп уккам.Камаганын оңой менен куткарышпайт. Чуркаганычагылгандай тез, өтө акылдуу болушат. Бизди акмалапжүрүшкөн тура, оңбогурлар. Алтүндө кол салышы мүмкүн.Канча экен, саначы, Козуке?— Он бирдей бар го...— А үкөм, кырдын ары жагында да жатышат бизди аңдып.Байкасаңар, бөлтүрүктөрү көрүнбөй калды да. Баштапжүргөн үйүр башчысы кайда кетти, ыя?— Анысы локулдап алдыга баратат.— Арттагылары улам көбөйүүдө. Эркеги көзгө чалдыкпайкалды. Тез баскыла дейм, андан көрө бийик аскалуу беткежамыналык. Булар кол салганда төрт тарабыңдан курчап,кирет дешчү эле.— Деги баятан бери аска учурата элекпис го, аке?Калтыраган Козуну Каргабай жемеледи:— Жигиттик кадырыңды түшүрбөй акыл токтот. Адамданайла качып кутулбайт. — Ал кылычын кармалады.Чие бөрүүлөр ошо бойдон жер соруп кеткендей көрүнбөйкалды. Түш оой, бешим болуп калган учур эле.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 16:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Айтпадымбы, кана куржунду бери алып келгиле,шамшум этип алалык. Дагы кандай балээси күтүп турганынким билет.— Каргабай алда нерседен кооптонгондой экижагын каранып коёт.Кун бата жаздап калган кезде жүргүнчүлөр кырга чыгаберишти да, каралжын тарткан боз адырлар ылдыйтакальгатыр. Мындан ары күнгө күйгөн кара шагылдуудөңсөө башталат экен. Салкын жел жүрүп кетти да, сергийтүшкөн ал үчөө ат тизгинин коё беришип, ташка көчүктөрүнбасышты. Аяктары аябай талыган эле. Не болсо да жандарыжыргай айланага көз чаптырышат. Тегеректен тирүү караанкөрүнбөй, ал тургай көктө да канат сермеген куш аттуу жок.Тээ төмөнтө кашкар тарап кызгылт мунарык тартат. Ээндик,жымжырттыкка эргигек үч жигит бул ач талаанын сырын,ыгын кайдан билишсин. Ошондуктан, дагы эле эч нерседенкапарсыз. Ушу кезде ычкыр кашатын кармалаган Келдибекарытада чөгүп жаткан кара таштын артына жашынган бойдонотура калды. Ал аңгыча жигиттин чар эткен үнү чыгып, селтэткен берки экөө томолонуп барып чалкасынан кеткенжолдошуна көз салууга араң үлгүрүштү да, бешалты кадамобдула берип кайра артка кетенчиктешти. Баягы чиебөрүлөрдүн башчысы Келдибектин жерге чубалганичегикардына карабастан эми аны тамактап турган болчу.Калган он беш чактыдайы — кантер айлаларын билбей, үрөйүучкан тигил эки жолоочуну карап коюп кебелишпейт. Аларбир аз эле алдыга жылса, атылган жаача алеки заматта жетипкелип кол салууга даяр тургансыйт. Алда немеден коркконаксак ат мына бул жан алгычтарга айры бут адам сөрөйлөрдүнда алы жетпесин билдиби, жаны ачыгандайкишенеп кишенеп туруп кан сийип жиберди. Каргабай мененКозукенин бир колунда кылыч болсо, экинчи колунда экижагы миздүү албарс канжар. Ооба, өлүм менен ажал кирпикирмеп койбой тиштешүүдө. Байкуш Келдибектин денеситигилердин алдында. Сулк денени азырынча чие бөрүлөрдүнэч кимиси тыткылабады. Тартипке баш ийип көнүккөн белем, сыягы алардын алдыңкы көк жалынан уруксатболмоюнча жемге тийишпейт окшойт. Ошо кезде баягыбашчысы эңкее берип, сулк жаткан денени үч кадамчаартка сүйрөп таштады да, көкүрөгү ачык чапанынан аркыкызгылтым төшүн эки жакка бөлүп таштаганда, Козуке экикөзүн жумуп жиберди. Бөрүлөрдүн калгандары тигил экибечера менен арбашкансып көздөрүн алышпайт.Ниеттеринде — кана, мыкты болсоңор бери басып көргүлө— деген сыр бардай. Ошо кезде башчысынан белги болдубу:чоңоюп калган бешалты бөлтүрөк жылуу этке тумшуктарынмалып тыткылай кетишти.Байкашса асманда жору пайда болуптур. Айласы түгөнгөнбечералар кантет? Дагы эле турушат селейген бойдон.Көзүнөн жаш кылгырган Каргабай бир маалда өзунчө батакылып, талоонго түшкөн Келдибек менен коштошту да, аксакатына артылган эмеректерди жерге алып, башындагыжүгөндү шыпырды. «Чү, жаныбарым» — деп жүгөн мененаны такымга бир салса да титиреген жаныбар ордунанжылган жок. Бакырайган кара көздөрү өзунөн өтөт, эмнекылмакчы? Кечирим сурагандай аттын соорусунан сылаганКаргабай куржунду ийнине салып, Козукеге чаначтыкөтөрткөн бойдон шарт басып кетти. Чие бөрүлөр эмиөздөрүнө катылбасын билип турат, минтип энчисин алыштыалар. Мындан артык калыстык болмок беле... Ээрчишкен экижан бир аз узай беришкенде чие бөрүлөр жылкынытегеректеп алышкан эле. Чыңырып, кишенеп жаттыжаныбар. Алар артка кылчайышпайт, кантсе да алеки заматтажара тартып ташташты көрүнөт. Козуке шоңшоңдоп желгенкалыбында өңгүрөп ыйлап коёт.— Болду дейм, бир ажалдан аман калдык. Эми алар бизгекатылбайт. — Каргабай инисин чындап соороткон болот.Козуке үңүлдөдү:— Мен эмне, өз башымды ойлоп жатыптырмынбы. Байкуш Келдибек. Акырет кеткен көкжалым. — Капырай, деги адам аттуу көрүнбөйт да.— Каргабайкейиди. Күн кылкылдап батып бараткан.Алар бул түнү өздөрү өрдөп бараткан кара колоттун бүткөнжериндеги суу жеген жардын боорундагы казанбактайаңгектин ичин түнөп чыгышты. Кулагына кишенеген аттын,кыйкыра жардам сураган Келдибектин үнү угулгандай уйкусутынч болгон жок Козукенин. Таң агарганда жолго чыгышты,адар. Ооздоруна наар алышпай жүрүп отурушуп, жер жүзүнөкүн нуру толук чачыраганда булакка туш болушкан. Ошожерден тамактанган алар чаначка суу толтуруп,алышты да,кайрадан жан талаша жолго чыгышты. Керели кечке тынбайжол жүрүшүп суй жыгыла токтой калышты эле, тээ алыста,кылайып ак карлуу тоо жатат. Байкаганга ал жерге чейин дагыбир күндүк жол. Бир кезде алар чөбү күйүп кеткен боз адыргатуш болушкан. Алдыларында көптөн бери сөөк коюлбаганэски көрүстөн. Ортосунда төбөсү анча урай элек эски күмбөзтурат, башкалардан бөлүнуп. Каргабай күмбөзду жакшылапайлана кыдырса, ичи арча менен ашталган, кылда үстүнөчыгып жатса да болчудай. Күмбөздүн дал ичинде үстү түщкөнмүрзө бар болчу. Байкап көрүшсө, анда жатса, уктаса даболчудай. Көз байлана электе тамактанган болушуп, жаталыкдеп чечишти чарчаган бечералар. Ушу жерден Козукемүрзөнүн ичине жатам деп такыр болбой койгон. Каргабайкантсе да мейличи дедиби, күмбөздүн үстүне чыгып кетти. Түнжылуу, караңгы. Үчтөрт күндөн бери тынбай жол жүрүшүп,чарчапчаалыккан эки тууган дароо эле көздөрү илинип кеттида, канча укташканы белгисиз, бир маалда Каргабайдынкулагына Козукенин чаңырган үнү угулду. Башын көтөрүп,дароо кылыч шамшарын колуна ала жерге түшмөкчү болду эле,туштушунан карышкырлар улуп жатыптыр. Күмбэздүн ичиндеда толтура карышкыр жүргенсүйт. Күмбездү айлана өзүнкөздөй секирип жаткан карышкырлардын бирин эңкееберип. кылыч менен тартып алды Каргабай. Нар кескен албарскылыч карышкырдын башын бөлүп тыштадыбы неси болсо даал ошо бойдон тынчыды. А. бирок туштушунан улугандай болсо, не бир адам дити чыдар эмес, жан таттуу да,калчылдап коркконун айтпа. Анан кантет, күмбөз үстүндөгүучу чыккан арча түркүккө жабышып мусапыр жанкыймылдабайт. . Оң колунда кылычы, карышкырлар улуйберди, жигит да жанын оозуна тиштей таңдын атышын күтөт.Таң супа салганда, көр ичиндегилери сыртка чыгышып,күмбөздөн окчунураак комдонгон комдонгон бойдон жатыпкалышыптыр. Он чактыдай бар эле. Жерге түшкөндөнкоркот. Анда эле көрколор аны заматта жиликтеп кетпейби.Айласы түгөнгөн Каргабай соксойгон бойдон күмбөзүстүндө. Көздөрү кызарган көркоолор: — «кайда качмак эле»— деген кыязда кебелип да коюшпай аны аңдып отурат.Шору жок экен жигиттин, күн нуру жер жүзүнө тегизчачырай, теребелге толук жан кирген кезде алыстан жоон топатчан көрүнгөн. Күмбөз үстүндө тикеси, нен соройгонКаргабай ак көйнөгүн колуна кармай желпип, кыйкырганболот. Бирок да үнү чыксачы же үнү жетсечи! Атчандар тооэтектей кыйгач бастыра, катуу баратышкан эле. Бир маалдатоп атчандардын бирөөнө Каргабайдын үнү жеттиби жекөзүнө чалдыга калдыбы, айтор, алар бейитти карайбастырышты. Ошентип Каргабай жерге бутун койгондо эсиоой, буркурап ыйлап жибергенин бир билет. Качан эсинжыйнаганда ал атчандарга болгон окуяны айтып бергендебуурул сакал кош башы кейип алды:— Заман яябай бузулган учур, уулум. Иле мененКундуздун талаалары адамдын өлүгүнө батпай кетти. Жержүзү кан жыттанат. Жору менен бөрүнүн күнү тууду.Кыргызказак боордошуп куттуу жерден ойротторду куупчыксак, эми быяктан аларды Чин падышасы Багдыхан кырыпжатат. Эмчектеги бала, боюнда бар аялдарды да аяган жоккапыр. Айттым го, ушу тапта жортуп жүргөн бөрү быяктатурсун, корооңдогу ит да кутурду. Куралданбай чогуужүрбөсөң эле ажалыңдын жеткени. Байкушум, өзүңКашкардан чыксаң, анан эмне быяктын эрме чөлүнө кирипкеттиң? . Чактап чыгынбайсыңбы? Азыр эрдемсинген эрди бөрү жейт. Эми кантмек элең кайрат кыл. А тиги бейкүнөөбечералардын ыймандары жолдош болсун. Дагы өз башыңаман калганына шүгүр де...Ар жакта басып жүргөн жолоочу унчукту:— Капырай, бөрүлөрдүн амалын кара? Адегенде көричиндеги уктап жаткан жигиттин куралын эшикке тиштепчыгыптыр. Анан барып өзүн жайлаган тура. Чын эле азыр адамөмүрү бир ууртам айранга татыбай калды го. Кана жигит,жолдон калбайлык... Кейип кепчиген Каргабай инисине бата кылып, анынкызыл ала сөөкбашын көргө жашырды. Бирок мына бул ээнталаа, эрме чөлдөгү төтө жолду эмнеликтен тандаганынжолоочуларга айтмак беле, анын сыры өзүндө калды да. Ошобойдон тыңбай жүрүп отурушкан көп атчан бел ашаКара Кулжага күн бата кирип келишкен эле.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 16:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Өз жер, өз эл. Чочулай турган жөндөрү жок. Жоон топатчандар өз ара бөлүнүшүп, кош айтышып жатканда:— Үкөм, мени ээрчи — деп, тиги күмбөздөн чыкканда элеКаргабайды коштогон атына мингизе келген кара жаак, арыккиши акырын көз кысты.Кантсем дегендей ал ойлоно калганда Каражаак аныныргылжың бюлгон түрүн дароо түшүндү да, буйругандайныкырды: — Онагы жакта менин тагам бар. Эт бышымга жетпейкирип барабыз. Тыныгасың, көңүлүң да алаксысын.Чоочулабай бастыра бериң, үкөм...— Сизге ыраазымын. Мен өзүмчө эле кете берсем, аке!— Э, үкөм, кеткенде кайда? Ээрчий бер дейм. Бир аз күнжатып өргүйлүк. Жакшылап сый көрөбүз. А зериксең, сенҮрүмчүгө алпарган кыздардан да сулуусун таап берем...Селт эткен Каргабай башын көтөре «билет экен да...» дептуш жагын караса, кудай жалгап экөө жалгыз. Каражаак аныкытмыр карай күлүп турат... — Жарайт байаке!Катар бастырып келатышат. Каргабай жүрөгү даап сүйлөйалбай, кандайдыр актанып койду.— Мен ал кыздарды тагасына тапшырып келатам.— Тагасы канча пул берди? — Дагы эле кытмыр күлдү ал.Каргабай эмне айтарын билбейт: — кайдан билип алдыбул балакет баарын — дейт ичинде. Өзүнчө кыжалат, ошобойдон Каражаак токтоп калбай, биротоло бетин ачып коёюндедиби, эми жаш жигитти жемелегендей муну айтты:— Перидей кыздар эле. Арзан сатып койдуң... Каргабайкөпкө дымыды да, анан барып мойнунаалды: — Буйруганы болду да, байаке!— Каухарды кор туткан соодагер акыры оңбойт.— Чын эле мен осолдук кылдым, байаке! .— Осолдукбу? Али тиш какпаптырсың. Дүнүйе таап, анытутунганды билбесең эмнең адам...— Ошондой болуп калды атаң көрү.Каражаак Каргабайды далайга тиктеди. Анан барыпайтканы бул:— Колтугунда беш кыл куйруктун кунуна жетпеген алтынтурат. — Койчу? — чоочуп кетти Каргабай.— Ошол да дүнүйөбү? Аны сактайм деп эл жүрбөгөн каражолтой жолго түшпөсөң, бөөдө жерден бирөөлөрдүнубалына калбайт элең.Адам эмес эле бул балакет го, мунун баарын кайдан билетдегендей Каргабай сапарлашын аңдый карайт. Бөтөн адаманы табалагансыды: — Мына ошонун салдарынан эки жолдошуңданайрылдың, Каргабай мырза!— Байаке, деги өзүңүз кимсиз? Менин атыма чейин билетэкенсиз. Сизди мен тааныбайм да... — Мен деген көзү ачык олуямын. Билгин келсе пириңболом. Тилимди уксаң, мындан ары минтип ач талаадатүнөбөйсүң. .. Карышкырларга жем болбойсуң... — Угуп эле жүрөйүн.— Ап бали, азаматым! Ушинтет деп ойлогом. Каражаактынкыялындагы максатын Каргабай алитүшүнө албады. Алар унчугушпай бастырышууда. «Буким?» деген күдүк ой жигиттин мээсин эзип, акыры тигиКаражаактын унчукпаганынан тажадыбы, Каргабай сурапжиберди: — Деги дайнымды кайдан билесиз?Кыя жол менен баратышкан. Каражаак капылеттен тоожаңырта каткырганда анын ач күлкүсүнөн бадалдан эликтерүркүп, шакылыктай сагызгандар үн берди.— Каргабай каракчыны ким билбейт? Эл ичинде сенушинтип «Каракчы» деген атка көчкөнсүң. Ал эмес мадырабашым, сенин Самаркандагы медреседен качыпчыкканыңачейин билем. Үрүмчүгө сарттын эки аруу кызынуурдап барып саттың. Же жалганбы? Анын пулун дартдикемойноп уттуруп, керт башыңды кумарга сайганыңа чейинбилем. Анан жолдошторуңду ээрчите, жаныңды арачалай араңкачып чыктың. Аз жерден көкүрөгүңө канжар малынган жок.— Капырай! — деди жакасын карманган Каргабай! — Базардан чоёке тандап алганыңда да көрүп турдум. Рас,сен анын сулуулугуна кызыктың. Ошо бойдон дайның чыкпайкалган. — Анча болду уланта бериңиз?— Мен ойлоптурмун сен чоёкенин ысык койнунан чыгаалбай жатат деп. Өткөндө ал чоёкеңди базардан жолуктуруптаң калдым. Жаңы эрди күтүп олтуруптур. Каргабай чыдабай кетти:— Сүйлөшө алдыңызбы? Каражаак далысын купшуңдатты: — Сүйлөшкөндү айтат, мен дагы ал чоёкеге эки күнгө никекыйдырткам. Жаттым анын үйүндө, сүткө түшкөн элекоңуздун өзү болдум. Хихи... Ушу жерден Каргабай чын дилинен кейиди:.— Каап, ата көрү десе. Жакшы коштошо албадым.Каражаак аны жооткотту:— Кейибе, үкөм! Чоёке сага ыраазы экен.— Ыраазы бекен? — Каргабай сүйүндү.— Жалган айтканды жек көрөм... Ишене бер.— Ошондойбу, байаке! Каражаак кебелбейт.— Пулду аябапсың, катынга андан башка эмне! Пул мененалтын болсо, катын кайда качат.Жигит үшкүрдү:— Мейли, каргап калганча ыраазы болсо эле болду!— Айттым го, ыраазы экен. Бир гана жери түн ичиндекетти. Шашылып кетти дейт.— Айлам кетип калган эле, байаке!— Чоёкелерге эмне! Күндүз кетесиңби, түндө кетесинби,анын айыбы жок. Бир гана жери — алар талак бербейкеткенди чоң күнөө көрүшөт.— Мен ага талак берүүгө үлгүргөм.— Аны уккам. Болбосо ал башы бош катынча базаргабарып отура алмак эмес да.Жигит дагы бир жолу такып сурадьг.— Ыраазы экен деңизчи? Чоёке деле адам тукуму да...Каргабайдын чоёке катынды аяганына тигил күлдү.— Чоёкеге бооруң ооруйт да, сарттын наристе кыздарынсатканды күнөө деп ойлобойсуң, кызык экенсиң...Тердеп кеткен Каргабай:— Бир жолу азгырылдым, байаке! — деп, актанды. Ал огобетер басмырлады: — Бир эле жолубу?Айласы куруган Каргабай унчуга албай, маек бир азгатоктой калган. Айсыз караңгы түн. Алар тынбай бастырыпбаратышат. Кала берсе экөөнүн тең бирбири менен сүйлөшөрдиттери жоктой. Быяктын коён жатагына чейин жакшыбилген Каражаак ат тизгинин жыя кармап, бастырганы тыкан. Ал өз кыялында Каргабайды кантип колдончыгарбоонун айласын таппай жатты.Каргабайдын санаасынан Кашкардагы кумардын саатынанжаңы эле жолдо бөөдө курман болгон эки жолдошу чыгатурган эмес. «Кап, эмнеге кызыктым экен» — деп кейийт. Эмианын көз алдына колго түшкөн эки кыз келе калды.Кыздардын ыйлаганы, жалынганы кулагынан кетпей, ичиненкарганып коёт: «Экинчи мындай итчиликке барсам кусурурсун». Алар бастыра беришти. Жакын арадан түтүнжыттанып, оттор көрүне, иттер урө баштаган болчу.Кошкурган жылкы, кыйкырган үндөр Каражаакты алагдыкылбагандай. Алардын токтой турган айлы бөлөк эле,ошондуктан кыйгачтай өтө беришкенде: — Узун жолду кыскарт, үкөм? — деди, камырабаганКаражаак. — Эмне айтат элем? — өзүнчө кыжалат болгонКаргабайдын аңгеме кургусу келбегендей тайсалдады. Тутканкесибин мына бу балакет баскан адам билет экен. Дегиэмнеден баштайт. Анан калса, башынан кечиргендин чынынайтам деп еырын ачкысы да келбейт. Мейли дегендейКаражаак жигитти жайына койду да, өзүнчө ырдай баштады.Колдураган жоон үндө обондун ыргагы деле жок болчу, ошогожараша ырдын мааниси да түшүнүксүздөй сезилдиКаргабайга. Каражаак ырды бир эле жолу созуп койбостонуламулам кайталайт.Кара көз сенин айыңдан, Карлуу жерге көп жатып,Какшады менин муунум. Какшаган менин муунума Кайыптынетү даары дейт, Кайыптын өтүн сурасам, Кашкардан да арыдейт. Кашкарга барсам жетермин, Кашкарга барып келгенчеКайыгып өлүп кетемин... Мунарым сенин айыңдан, Муздуужерге көп жатып Муунукту менин муунум. Муунуккан менинмуунума, Буудайык өтү дары дейт, Буудайык өтүн сурасамБукардан да ары дейт. Букарга качан жетемин? Букарга барыпкелгенче Буулугуп өлүп кетемин... Бул маанисиз ырга көңүл бурбай, аны «кубаттабастан, Каргабай өз дүйнөсү менен алек. Ошондогу Анжияндынысыгы ай. Бирок алар тоо таянып калышкан, туштуштантуура суулар куюлган аскалуу жашыл өрөөн. Аттарбалдыркан башын кашыган болуп, ооздуктар күртүлдөйт. Онбеш, он төрт жашар эки айча кыз кең таар куржундардыничинде, Каргабай аларды өзү бөктерүнүп алган. Козукеменен Келдибек анын эки жагында, туштушун акмалай карапалар унчугушпайт. Ээн жерлерде кыздардын бетин ачып,моюндарын куржундун оозунан чыгарып коюшат.Кыйналбасын дегендей куржундун алдына олпок төшөп,кыздар кара чапанга оролгон. Кез келген ыктуу жерлердекыздарга тамак берген болушат. Бирок үчөөнүн тең көздөрүкыздарда. Качып кетпесин деп аңдыса да, кыялдарында булчүрөктөргө алдыртан көз артканы сезилип турат. А байкушкыздар качмак тургай тигил үчөөнүн этегине корголоп, огобетер аларды караан тутуп келатышпайбы. Өздөрүнүн кайдабаратканы жана кандай тагдырга туш болорун капарына даалышпайт. Кыздарга кызыкканы менен үч жигиттин болгонбайлыгы да ушул эки чүрөк. Андыктан ал экөөнү көздүнкарегиндей сактагандан башка эмне кылмак. Кокус качыпкетишсе же бирөөлөр кол салып карактаса, байлыктан колжууйт да калат. Эптеп Кашкарга жетсе, Үрүмчүгө киришсеболду. Аякка миңден кой айдап, аргымак баштап сатканданкөрө бул кыздар алда канча баа. Кыздардын майда өрүлгөнчачтары далыларын жаап, көздерү капкара, кирпиктерикоюулана музоонукундай узун. Агышынан келгенбеттеринин сулуулугу, белдеринин ичкелиги Козуке мененКелдибектин демин бекер жерден буулуктурмак беле. Кимбилет, Каргабай болбогондо алда качан эле басыпжыгылышмактыр. Кантсе да андан ыйбаа кылышат, алтургай коркушат.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 16:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Просмотр сообщения belka (29 Февраль 2016 - 14:57) жазган:

Сизге ото терен ыраазычылык билдирем, чын журоктон каалайм оорубаныз. Бул чыгарманы канча кайталап окусам да жадабайм. Китепти толук кочуруп аягына чыгасыз деп умут кылам. Дагы бир жолу рахмат.


Рахмат, жазып бутуром буюрса)
П.с- даярдап койгон заготовкаларым тугонду, анан дагы вордо барын коп коп кылып терип даярдап койгон текст бул жакка кочургонумдо, кээ бир создор бири бирине жабышып калгандарын байкадым. Аны ондогонго амал табалекмин, коп ага конул бурбай окуп коюнуздар.





Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 17:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Муну алдын ала байкаган Каргабай биржолу тигилерин зекиди: — Көз артпагыла дебедим беле. Булар катын болупжарытпайт. Биз элет болобуз. Элеттиктерге алдуу күчтүү, бозүй тигип, бээ сааган, эри менен жарыша атка минип чапкан,көч баштаган, эндей жердин, ээн жердин ысыксуугуна бышканит жандуу чыдамкай катындар ылайык. Булар биздинкатындар тарткан түйшүктүн бирине да чыдашпайт. Кашкаргажеткирсек алтын күмүшкө туйтунабыз. Андан соң кыргыздынтандаган кызын алып берем.Ышкысы кайткан жигиттер үшкүрүнүп алды. Кыздар эмигана Каргабайдын тилегин анык түшүйүшкөндүктөңжалыныпжалбарып жиберишти:— Ака, Кашкарга алып барып сатмаң. Өзүң алың. Жакшыкатын болуп беремиз. Ака, сатмаң. Кашкарга барбайбыз.Кыздар анын максатын түшүнүп калганга Каргабай ичиненкейип алды да, анан кыздарды жоошута баштады.Соороткон менен болмок беле алар ыйлай беришти:— Ака, кудай үчүн. Бизди сатмаң. Каргабай жинденди:— Эй, силер эмне?... Кандын жалапканасынан куткарыпкалдым го...— Биз ордодо ханшаны жаңдап жүрмөкпүз. Жалапкананыайтпаң, ака.— Тикини, тикини. — Каргабай баш чайкайт. Кыздарболбой ыйлай бергендиктен: — Болуптур Кашкарга барбайсыңар. Анагы белди ашалык,анан өзүм катын кылып алам бириңди. А сени Келдибеккекыйдым — деп, Каргабай калп эле кабак түйө экинчисинесөөмөй кезеди.Эми кыздар чөгөлөй калып жалынды:— Ака, нике кыймайынча тийбең бизге, нике кыйыңыз.— Нике дейт дагы. Бийдин сарайына алып бараткандарсилерди тим койду бекен жолдо?— Ака, биз тазабыз. Алар бизди жолдо бузса бий сарайынабарганда баштары алынмак... — Тигини! — Каргабай эркелеткендей кыздардынчачынан сылап коюп, ал.арды куржунга салып жатыпөнөктөрүнө акырын кобурады.— Буларды Кашкарга кыз боюнча жеткиргенибиз оң.Наркы он эсе артат. Көз ирмем жыргалга миң теңгесарптабайт кыргыз баласы.Кыздарды Каргабай Оштон он ийгич төмөн жердегидөңдүн жанынан олжологон. Булак четиндеги чоң чынардынтүбүндө топ кыздарды кайтарган кошун эс алып жатты.Кыздар бүт бойдон кошоктолуу. Баарынын жаштары биркылка. Ошого жараша биринен бири өткөн сулуу эле.Алардын артынан бир күн кечке акмалап келаткан, Каргабай.Кыздардын түшкөнү бийик дөңгөлөктүү жалгыз ат чегилгентөрт араба. Араба тарткан аттарга да буттарын сүйрөлтүпбирден [moderated] минип алыптыр. Арабаны коштогондордунбелдеринде кылычтары сүйрөлөт. Алар атчан. Кезек- кезегинде көкүрөгүн кере иленди үн салып ырдаган болушат.Күн ысык, коштоочулардын ичинде кыздарга кызыга караганбирөө да байкалбайт. Алардын кээси нашаа тартып баңгиболуп келатса, кэзси апийим эзип ичип уйкусоонунортосунда экенин ким да болсо байкамак. Бу баңгилер качанөрүш алышат? Чыдамы кеткен Каргабай өзүнчө кобурапкоюп, алыстан акмалайт. Кошун бешим ченде чынардынтүбүнө токтой, башаламан каткыра, кээси жыгылып тураалбай жатты. Кыясы, араба тарткан аттардын үстүндөбуттарын сүйрөлтүп келаткандар гана соо өңдөнөт. Арабаданшыпырыла түшүшкөн кыздар булакка жуунган болушуп өзабалдары менен караманча иши жоктой, беймаралбири бирине күлө карай оюн зоокко алаксый баштащкандатиги эки сакчы сөрөйлөр да камыш аралай дарыяны көздөйжөнөштү. Бир кезде муздак сууга түшүшүп жандарыжыргаган алардын каткырыгын кулагы чалды, Каргабайдын. Жакын келсе калган күзөтчүлөр чалкасынан түшө кайфэкенин көрдү. «Арам гана баңгилер, көрсөтөм эми силерге»— деди Каргабай. Эми алардын көпкө чейин баш көтөрө албасын түшүнүп турат. Ооба, бул он беш кызды чогуусуменен айдап кетсе да ага эч жан жолтоо кыла албастыр.Анткенде баарын кайда батырмак, аны түшүңуп турат.Кумарланган жигит кыздардан көзүн албай көпкө дымыйт. Алтургай катуураак дем чыгаргысы келбеди. Бир маалдакошоктошкон эки кыз өзүн көздөй утурлады. Алар отузкадамча илгери басышып тигил топ кыздан алыстай түшкөндөкоркпосун деген кыязда Каргабай акырын өйдө болду дакыздарды тиктей беймарал бажырая кулдү. Секелектерадегенде селт эте чочугандай жүздөрүн алакандары мененжабасалышты. «Коркпо, коркпогула» — деди Каргабай, үнүөтө эле жумшак. Мына бул алдыларында бажырая күлүптурган карапайым элеттик жигиттен кыздар кантип чочусун.Узунунан келген шырыктай ыймандуу жигит. Анан калсабажырая күлүп турат. Өздөрүн кайтарып итиркейин келтиргенбаңгилерге караганда Каргабай алардын кызыгуусун туудурду.Беттерин басканы менен салааларынын арасынан бул мээримдүү жигитти акырын караган болушат. Ошолжылмайган калыбында жумшак үнү менен: «Силерди алыпкелгенге атаңар жиберди. Бол, тез болгула» — дедисыйкырдуу жумшак үн. Кыздар Эрдаана бийдин сарайынабаратканын билишчү. Кокон — Ордо шаар. Ал жакка тандапалынган кыздар хан сарайында бийлсл беришет. Ханшаганөкөр кыз болот деп алдай турган. Бийдин жасоолдорутарабынан [moderated] айылдарынан тандалып алынган сулуукыздардын ай чырайы бириникинен бири өтөт. Такта олтурганЭрдаана бий ал кезде кыргыз кыпчак айылдарынан сулуукыз келин жыйнатчу эмес. Анжиян, Аксы, Алай кыргыздарынөзүнө өчөштүрүп алган күндө эле иши бүтпөйбү. Чынында элекыргызкыпчактардан аябай чочулайт Эрдаана бий. Ананкалса тоолук кыргыздар Кокон бийлигин толук бойдонкабылдай элек. Аларды үркүтүп алып опоңой эле иш.Ошондуктан кыргыздардын кыздарын салыкка алмак тургай,өзү көз каранды аларга, канткен менен айбыгат. Ар биркокту колотто жашаган кыргыздын өз бийи, өз аксакалы бар. Бөтөн бирөөнүн бийлигин оңой менен тааныгысы келбегенкөк, ары энөө, эркин эл болушат, кыргыздар. Анан калса:«Биз кыргызбыз, сан кыргызбыз» дешип ураанчылдыгычы. Кези келет, ошондо аларды алдапсооротуп ажыдаарчаакырын сорот дечи. Маңыроо элеттиктерди мактап, аболбосо ыгы келген жерден күч менен басып албаса Эрдаанааты өчсүн, Анжиян, Аксы, Чаткалдан аркы арка тараптагыКан Тоонун ичи али жапайы, эндей эле бойдон. Аларазырынча ойроттор менен чабышууда. Кылычтан аккан кан,кызыл кыргын ошол жакта. Анда да айлакер Эрдаанабий колкураган кыргыздарга жан тарткан боло ойротторду түртүп,сүрүп берди. Кыргыздар менен азырынча санаалаш өңдөнөт.Ошондуктан алардын айылдарынан сулуу кыз чогултмактургай, чындап салык да сала элек.Кантсе да эки кыз Каргабайга ишенген кыязда арт жагынжалт карап коюшуп, жигиттин артынан ээрчий беришкен.Иңир кирип, көз байланып калган кезде атын жетелей уламарылап барып кыздардын колун чечти да, биринучкаштырып, экинчисин өңөргөн бойдон жүрүп кетти,Каргабай эр. Атын кезинде эс алдырган болуп, түнү мененжол жүрдү да, таңга жуук гана Козуке менен Келдибектинайлына жетти. Андан соң кыздарды жапсарга байланган атжанына калтырып, тигил эки жолдошун таап келген болчу.Козуке экөө тууган, бир уруудан. Келдибек —мундуз.Экөөнун жаны бирге, дос десе достой, айтор кыяматта дабир бирин кыйбаска ант беришкен жакын. Күндүз жолжүрүшкөн жок алар. Каш карайганча кашат ичиндегибадалда жатышат. Аярлабай ачык жүрүшсө кармап кетеринбилишет. Тоо таяна бир аз күнчө из жашыралык депишендиртен жаш кыздарды. Аларга эмне, туткундан —ордодо туш болчу эрксиздиктен кутулушканына курсант,мына ушул өткүр элет жигиттерди ээрчий кайда да болсокете берүүгө кайыл. Бул жолу алар түнү менен жол жүрүшүпкичи Алайга жетишти да, Бүлөөлүү суусунун чатындагыэки үч адамдын кучагы жеткис кызыл кайыңдардан турган чытырман токойдун ичине кирип кеткенде гана таң аткан.Андан ары жигиттер эч бир чоочулабай чоң шашкеге чейин атчалдырып, өздөрү да курсактарын тойгузуп алып, ошол элекүнү КараКулжага жетип токтошкон эле. Ашуудан оогон соңалар: бүткүл Кашкар, Кулжа, Турпан, Кытай быякта турсуиОоган, Хиндустанга чейин ьгсмы дайын атактуу көпөсТемиржандын бийик коргондуу ысык үйүнө кайрылышкан


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 18:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ошол жылы атактуу Үрүмчү шаары — Дихуа деген каңыысымга көчтү. Ал дагы алланын амири менен Жунгармамлекетинин улуу эгеси — Алдан Серендин жан тасилимболушуна байланыштуу эле. Манжурчиндердин Богдыханыойротторду биротоло жер жүзүнөн жексен кылмакчы болуп,кара башыл бала аттууга чейин кырганы аз келгенсип,ойротторго тийиштүү жер менен шаар аттарын да биротоложер жүзүнөн өчүрмөкчү эле. Эзелки жунгар талаасы ЦиньЦзянаталса, ошентип Үрүмчү — Дихуага көчтү. Антсе элежергиликтүү элжурт Үрүмчүнү ооздорунан түшүрүп коюшмакбеле. Көчмөндөрдүн оозунда Үрүмчү — Үрүмчү бойдон калаберди дечи.Сулуу кыздарды көргөн кытмыр соодагер жигиттердижаналы калбай каршы алды, ал эмес жаштыгына карабайКаргабай менен төшүн төшүнө тийиштире кучакташып, зкикүн өз жанынан чыгарбай өргүттү. Бул ырайымдуу адамдынколунан жакшылык гана келерин сезген байкуш кыздар анынмеймандос үйжайында деги бир чочулашкан жок. Кара көздөйтагам болот деп кыздардын кулагына шыбыраган Каргабайадеп келгенде эле. Анын айтымына караганда үч күндөн кийиннике ушул үйдө кыйылмак. Темиржан көпөс жаш жигиттердижанынан карыш жылдырбай базар кыдыртып, Каргабай өзүжактырган чоёкеге нике кыйдырган. Карабашыл адам сатылчубазарга Темиржан соодагер эки кызды дароо алып чыккан жок.Алардын соодасы качан бышарын жакшы билет. Ага чейинжан алы калбай үч жигитти мырзаларча кийиндирип, ал.ардыпулга карк кылдым дегенден кийин кана ойноп көңул ачкыладеп өзүнүн кызматчысын кошуп берген. Ошентип бекер табылгансыган пул колун кычыштырган Каргабай кечиндедартдикем ойногон кумарчылардын тобуна барып кошулдуда, жарым түнгө чейин шык өзүнө ооп, оюнгакатЫшкандарды бүт бойдон утуп алгаңдай да болгон. Козукеменен Келдибектин «ойнобо, кетелик» дегенине ынанбай,эртеси түнү кайрадан оюнга түштү. Бул оюн адегенде кыргызбаласы үчун анча деле кыйынга турбагандай көрүндүКаргабайга. Кумарчылардын колунда эч жеринде айыбы жок,жиликтен чийкилей омурулган улактын жапжаңы төртчыйбылы. Чүкөнүн экөө оң, экөө сол. Оюнга кирген алтыкиши бир саам ойногондо эле кайрадан чыйбылдардынжаңысы алдыга келет. «Дарт дикем» деп тасырайган түзжердин четине коюлган таш үстүнө чүкөлөрдү чогуусу мененкалчайт да, жылаңач көкүрөктерүн бир койгон бойдонсукандары кете акшыйып калышат, кумарчылар. Төрт айкүртурса — чурум — анда эле утканың. Ортодогу пул бүт сагаыйгарылат. Үч чик, бир айкүр чыкса да утуш сеники. Экитаа, эки айкүр да сенин пайдаңда. Төрт таа турса сенинжыдыганың. Үч бек, бир таа турса да жыдыйсың. Үч таа бирбөк же үч айкүр бир чик сенин уткурганына күбө. Эгердекалчаган чүкөлөрүң төрт оңко турса сага кудайдын бергени.Андай шык оңой менен келбейт. Калган чүкөлөрдүн үчөөчылгый бөкбү же чикби, айтор мейли, арасында бир оңкосу •болсо элс утушка эсептелет. Оюн бир караганга анча делекыйын эместей. Ар бир кумарчы утуш чыккан сайын үйээсине чотон акы берип турат. Үй ээси болсо кумарчынынкаалагаң тамакашын алдынан үзбөйт. Уктагысы келсетөшөнчү орун даяр. Кумардын азгырыгын, азабын сүрөттөөөтө машакаттуу келет. Мындайча айтканда кумаргакиргендер кээде кызып отуруп, жанындагы пулунаң бөлөккөйнөкыштаны быякта турсун, үй мүлкүн, ал эмескатынбаласына чейин да уттурган учурлар болот.Уттурганын толук төлөй албагандар үчүн кумардын бир ганашарты бар. Ал — өлүм. Жүрөгүңө канжар урулат же ошожерден эле башыңды кесип ыргытышат. Түн ортосу ченде ордодогу додолонгон алтынкүмүшкө Каргабай үстөк урду.Өзүнүн да каны кызып, колу келип тургандай көрүнгөн. Ананкалса чүкө менен ордо атышып, упай ойноп көнгөн кыргызбаласына ушу да кеппи. Көздөрү кызарган кумарчыларКаргабайды арбап жаткан жыланча кан сөлдөрүн ичтеринетарта дымып калышты. Ичинен кудайга нечен мертебежалынган Каргабай өкчөдү: «Дарт дикем», Мына саатбаскырдыкы десе: бир таа, үч бөк жатты да калды. Туштуштан:утулдуң, утулдуң — деп чурулдаган үндөр. Ымшып эси оой,азга сүйлөй албаганын бир билет. Далдалчылар ордодогупулду санап жатышат. Андагы пул канча чыкса, ошончонуКаргабай жанынан чыгармак. Калтасынын баарын аңтарыпташтаса да баары бир пулу жеткен жок. Бир кыйла алтын,дилде жетпегенинен улам «төк» дешти көздөрүн кызарткантигил кумарчылар. Жаңы көзүнө көрүнгөн Каргабай докурунууда: —Мен оюндан али чыга элекмин. Шаштырба,төлөйм бир аздан кийин. Кан ичерлер болгон жок: — Пулдутолук төлө, анан гана оюнга киресиң. Каргабай дагы эле сыралдырбады: «Пулум үйдө». «Бар алып кел» — дедикумарчылардын башы, Сүйүнүп кеткен ал ордунан турду.Бирок аны жалгыз кантип жиберишсин, үч кумарчы аныээрчип алышты. Чыгып бараткан Каргабайдын артынанкумарчылардын бирөө кыйкырып калды: — Үймүлкүн,катынбаласын баала. Калп айтса иттин баласын мындажетелеп кел. Анын калласинин бизге кереги канча? Эртеңбазарга алып чыгып сатабыз. Кумар ойногонду билбегенпадчагар биротоло кул болсун.— Каргабайдын басышы тың,кебелбейт, Сыр алдыргысы келбеди. Ийрибуйру көчөлөр,жалпак тамдар. Баарынын терезелери караңгы. Мындайдажалынсаң да, кыйкырсаң да эч ким жардамга келбейт. Калыңбактуу сарайдын артындагы жапсарга келип токтогонКаргабай саара ушаткан боло аярдай калды да, койнундагышамшаарын мыкчый кармады. Артындагы үңкүйгөн үчөөкапарсыз. Бул элеттик момун кол салат деп күтүшпөсө керек.Жан деген курусун, жебедей атылган Каргабай дароо. кайрыла берип ортоңку кумарчынын далысына канжар уруугаүлгүрдү да, кайра кетенчиктей берди. Карышкырдай тапберген экинчисин чурайга тепкенде ал үч бүктөлө отурупкалды эле, канжар дагы шилтенди. Ал кулаганда үчүнчүсүканжар шилтөөгө аракеттенбей тайсалдай:— Баары бир кармаласың, башың алынат — деп качмакчыболгондо, колуна урунган чыныдай ташты шилтеп жиберди.Бута атым жерде качып бараткан адам тоголонуп кетти.Каргабайдын Букарадан үйрөнгөн өнөрү ушул эле. Жанынабарса биринчи жолку канжар жегендин дымы чыкпайкалыптыр. Чала өлүк болгон экөөнү кайрадан барыпээккекелиштире тепти. Өлгөнү өлүп, тирүү калгандары таңатканча тура алышпас. Ошентсе да: сактыкка кордук жок —дедиби, үчөөнү аңгекке сүйрөп барып, колубутун чидерлепташтады да, чоёкесинин үйүнө мышыкча секирип кирди.Анысы капарсыз уктап жатыптыр. Көзүн ушалаган чоёкегедароо үч талак берген ал кошуна үйдөгү Козу мененКелдибекти ойготту. Саат басып, аттардын экөөТемиржандын сарайында байлануу турган. Мыкты аттар эле,ууру албасын деген ниетте сактанган болчу. Жарым түндөанын дарбазасын каккандан айбыгышты да, жалгыз аткаучкаша минип, бирөө анын үзөнгүсүн кармаган бойдоншаардан чаап чыгышты. Таң агарып калгандыктан куугунтүшсө кармап алат деп төтө жолго, ээн жолго салышканы дабекеринен эмес эле. Каргабай туш болгон кырсык мынаушундайча башталып, ындыны өчкөн байкуш ыргылжыңболо, мына эми бейтааныш Каражаакты эзрчий аргасызбастырууда.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 18:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Алыстан иттердин үргөнү угулгансыды. Айыл бар экен.Эми таптакыр эле көнүлү айный, санаасы кирдеген Каргабай:«экинчи мындай ишке барсам төшү түктүү жер урсун, арбакурсун» — деп ичинен карганууда. Айнып калгансыганКаражаак эчактан бери баягы маанисиз ырын улам улам созгонун койбойт:Кара кез сенин айыңдан... Каргабайдын оюнда эптеп эле айылга жетип, кенен уктап алуудан болок тилеги жоктой, ого бетер тунжурады. Өзү дааябай чарчап, жаны кыйналып турган эле. Капылеттен ырын токтоткон Каражаак Каргабайды кайрадан сөзгө алды:— Чүрөктөрдү бекер жерден Кашкарга алып бардың да.Соодасатыктын көзүн таба элек экенсиң, үкөм. Сулуу кыз,күлүк ат бу заманда кайда барбасын кымбат. Анын баасын алыска барып бычканда не пайда. Көзүн тапсаң дүнүйөмүлкколго оңой урунат. Аны салаадан аккан суудай жоготуп коюшда оңой.— Айта бер, кулак сенде — дегендей унчуккусу келбеген Каргабай бейкам.Каражаак суроону эми түз берди.— Мындан ары жанакындай олжо тапсаң, мага алып кел.Наркын өзүм бычам. Үрүмчүнү үмүт кылба, андай баалуу заттардын кардары өз жерибизден эле табылат...Каргабай тушүнбөгөндөй күңк этти:— Кайсыны айтасыз, байаке?— Жан кыйнагандын да жөнү бар. Өлүмгө баш байлапКатпкарды эмне кыласың? Андай экен сарттын перизаттары колуңа көп урунса, мага алып кел деп жатам. Көзүн табабыз...— Түшүнсөм өлөйүн...— Наркын бычабыз. Үч жылга жетпей ичкилик жана элеттин учу кыйырына таанылган мыкты соодагерлерден болуп чыга келбесең мурдумду кесип берейин...Каргабай чын оюн айтты:— Каргыш алып койдум, байаке! Мындан ары андай жорукка бара албайм.— Каргыш алып...— санын чаап каткыра күлдү Каражаак.— Ооба, каргыш алып койдум. Арам иш жакпайт экен мага.— Ошондойбу? — тигил шылдыңдады. — Анын үстүне бирөөнүн убалына калып болобу!— Убал дейсиңби? Бөөдө жерден бирөөнү өлтүрсөң гана убал. Падыша Батдыхан сан миңдеген ойротторду кырганда убалды ойлоптурбу? Же болбосо ойроттор кыргызды сан жылдан бери муунтуп, өлтүрүп келди. Ошондо кыргыздын убалынан корккон жок алар. Тигине, Кокондун ханы Эрдаана бийдин салаасынан кан шорголоп жатат. Деги эле ал хан сөрөй ылайым мусулман баласына соопчулук кылайын дебейт. Сен болсон сарттын эки кызын уурдап чыгып, кайра соопко калдың. Болбосо экөө тең Эрдаана бийдин жалапканасына кабылмак. Хан сарайынан күн нурун көрүүгө зар болушмак. Топ катынды бычылган семиз эркек кайтарарын билесиңби? Бечара кыздар накта эркек жытына.зар болуша, чыныгы азапты ошондо көрүшмөк. Кокуй бала,дагы убал жөнүндө кеп кыласың да. Сен ал кыздарды өлтүргөн жоксуң, же алардын бөйрөгүн тытып жеп жаттың беле? Эркек имиш дагы, антип көп эле жашыктык кылба.Каргабай жалооруду.— Антпегенде кантмек элем, байаке? Жүрөгүм зилдеп жатпайбы.— Ап бали, бая эле ошентпейсиңби? Мындан ары мени уксаң кор болбойсуң. Мобул куу баш далайды көргөн.Айттым го, мынакей тагамдын айылына келип калдык. Бешалты күн жакшылап тыныгалык. Анан кандай кылышты өзүм айтам...— Майли, байаке!— Кана эмесе, бастыра бер, баатыр. Тигине ай да чыгыпкелатат. Ана, «Бекбекей» айткан келинкыздын үнү. Тим элесозолонот. Деги аларга эби чени менен жакындап жүр, пайда таппайсың.Алар четтей бастырышты да чоңураагынан келген агышбоз үйдүн эшик алдына жетпей:— Кочкор тага, үйдө барсыңбы? — деп, үн салды. Айылиттери арсылдайт, ар жактан кой үркө, зоңкулдаган бийик үн боз үйдөн жооп бергенсип жатты. Бирмаалда кементай жамынган узун киши эшикке чыкты.— Оо, Абдурахман, сенсиңби? Ат — көлүң аманбы,кайраңым. — Арыбаң тага! — Бар болуң! Кана аттан түшүң. Күтүп жаткам. Кайрылбайкойбойт го деп үмүттөнгөм, — узун бойлуу киши жан алы калбайт.Каргабай Букарадагы ыйык медреседен качып келгенденбери атасы Күчүк аябай кейип, санаркоодон уламбы,жаздыктан башын көтөрбөй, боз үйдөн тышка чыкпай калганэле. Карыянын сынып калганын сезишкен анын телитеңтушынактары үстүнө кирип чыгып жооткоткон да болушту.Күчүк мурдагысындай күлүп жайнап сөзгө аралаша албай,кабагын түйүп түнөргөнү түнөргөн. Карыянын сыйкын көргөндөр .да көп батына албай жайына коюшкан. Чынында Күчүк карыя балам медреседен курандын ыйык сүрөөсүн кана түшүнүп, анын аяттарын жатка айткан такыба болбой калдыдеп кейибестен, ал уулунун эч жанга баш бербеген тоң моюн мунөзүнөн улам жаны кашайып отурат, Каргабайды медреседен окутуунун өзүнчө себеби да, анын эч кимге баш бербеген көктүгүнө байланыштуу болчу. Ал эс тарткандан баштап эле өтө тентек, жорукжосуну чатак чыкты. Кезикелгенде алы жеткен жетпеген менен да курулай сабаша кетип, ошого тете көзгө чалдыккан жылтырак буюм менен басыгы тың Камбар Атанын тукумуна аябай өчү бардай мине качып, жоругу улам күчөй, көпчүлүктүн да каргышын уга баштаган эле. Тонобосо, талабаса жигит аты чыгабы бу отуң күйбөгөн жоокерчилик заманда деп тим койсо деле болмок,бирок уулунун жалгыз башын аяды. Зарлап жүрүп элүүсүндө көргөн чүрпөсү. Жортуулчу уулдун башы жолдо калат дегендей, бир күнү келтек жеп ач талаада мерт болсокантет? Туяксыз калып ошондо эле Күчүктүн күнү бүтпөйбү.Биротоло аты өчмөк. Медреседе окуп сопу болбосо да жалгыз медери бирөөлөрдүн сообуна калар деп каниет кылган.Күчүктүн санаасы жайында эмес беле. Кудайдын бермегинен үмүт үзбө дегендей, кийинчерээк Күчүктүн токолу дагы бируул төрөп берди. Анысы азырынча ылжырай өтө жаш.Үмүт — тилеги — жалгыз Каргабай. Анан калса, Каргабайдын жаштайынан зээндүү чыкканына Күчүк өзүнчө корстон. Адеп медреседе окуп жүргөн уулуна Күчүк бир эки аптада барып да келген. Кийинчерээк көк жетиле чөп бышкан кезде медресе жабылып, Сумбула чыкканга чейин Каргабайүйүнө келе калчу. Барабара уулунун ыкластуулугуначындап көзү жетти. Ал кулкулдабатты жатка айтып,касиеттүү курандын сүрөөлөрүн шатырата окуйт да, анан калса атасы менен шарияттын заңы туурасында талаша кетет. Мында да өзүнө караганда уулунун ыкластуулугун сезип, бирөөлөрдүн көзү тиет дейби, эч жанга айтчу эмес.Кала берсе Каргабай качып келерден бир жыл мурда Кучүк үйүнө ынактарын чогулткан. Тезек каланган коломтону тиктей, эттин бышышын күткөндөр дин исламдын санжырасынан сөз кыла кетишти. Ырас, талашкандардын. ичинде маани билгени, мыктыбыз дегени да бар. Ошондо баятан бери кепке аралашпаган Каргабай, тигил чаламолдолорду түзөтүп койсо боло. Анын билгенине караганда:— казак кыргызды жана да кыргыздын онсолу же элети менен ичкилигине чейин дин исламга караткан Азрети ЭшенШейх Хожо Искак экен. Жаки болбосо, кыргыз касиеттүү Кожонун атасы имам Макдуми Аземдин ыкласынан чыгарыбызды айтып салды. Мына ошондо .боз үйдө отургандар чычаламак тургай, кайра жоошуй эртеси эле аркимиси өзүнчө үймө үй Каргабайды отко кийришип дегендей,сый көрсөтө башташпады беле. Ошондон бери ал оозго алынып кетти да, медресеге кайтып баратканда Каргабайдын далысынан көзүн албаган атасы эр жетип калыптыр деп өзүнчө бата кыла, уулуна дилин сала эсенчилик каалаган.Бүгүн Каргабай атасы экөө жалгыз. Боз үйдүн чамгарагынан күндүн нуру түшүп турат. Чакыртып алса да жаздыктан башын көтөрбөгөн атасы уулуна ооз ача элек. Маанилүү сөз сүйлөшөрүн билсе да Каргабай озунуп суроо салбай, үнкүйгөн калыбында ал да унчукпайт. Бир маалда какырына өйдө болгон Күчүк: — Кымыз куйчу? — деп уулуна акырын ооз учун кыбыратты. Кызгылтым кымыздан кере жутуп жаткан ал демин тарта, кокусунан сурап калды: — Тукумуң өскүр, жашырба. Алла-тааланын ыйык үйүнөн неге качтың? Же сени бирөө куудубу? Кылмыш кылбасаң качпайт элең да...Атасына калп айтып көрбөгөн Каргабай эч нерсе жашыргысы келбеди:— Токмоктой беришет эмне...— Жөн элеби?— Кылдан кыйкым издей берет дамбылдабыз. — Кантип эле такыба дамбылдалар ошентсин. Жаныңды жебей чыныңды айт?— Чын айтам, ата!— Жаныңды жебе дейм. Себепсиз эле кантип токмоктошсун. — Токмоктогусу келсе, себеп деле табылат зкен...— Чыныңды айт деп жатам?Башы саландаган Каргабай болгонун жашыргысы келбеди:— Бир жолу коргондун түбүнө сийип аткам..— Ошо элеби?— Шарыятта туруп алып саара ушатууга жол берилбейтда. ..— Болуптур, анан дагы?— Дамбылданын көзүнө чалдыгып калдым.— Анан?— Анан эмне, даарат алдырды.— Ырас болуптур.— Анан шарияттан дарс сурады. Мен жооп берип жаткам.Каргабай токтой калды эле:— Айта бер! — деди атасы.— Жооп берип бүткөнүмдө, дамбылда көмкөрөмдөн жаткырып коюп сууга салынган көк чыбык менен өлөрчө сабатты. Бир жума тура албай койдум. Жанчып салышыптыр. — Айткан жообуң көңүлүнө толбогон да... — Жообумду дамбылда жаратты. Бирок сабардын алдьшда минтип айтканынбир билем: — Кулкулдабатты го билесиң, неге анда туруп туруп сийесиң?...— А тукумуң өскүр, жетесиз адамдын жоругун кылыпсыңанда. Дамбылдаң эң туура сабаткан тура. Сени ыйык медересеге берерде: — эти силердики, сөөгү меники — деп тапшыргам.— Мен деле чыдап бердим, ата.— Чыдаганың ошобу? Бир эле токмок жегенге туруштук бербей...— Кийин да сабашты, алар.— Ал кандайча болду?.— Кыйкым издей беришет дебедимби... — Чыныңды айт? Себеби жок болсо кантип...— Базарлап жургөм...— Айта бер дейм?— Анан кокустан кызынын бетин көрүп койдум.— Паранжысын сыйрыдыңбы? — Өзү ачты, кызыгып карап койдум.— Анан?— Анан артыман түшүштү." Мен медересеге кире качкан болчумун. «Ким?» деп сураса, балдар дамбылдага айтып салышыптыр.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 29 Февраль 2016 - 18:19



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 19:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Каргабай жети атасынан бери тоо ташты аралай көчүп конуп жан сактаган элет баласы. Ат чаап, эркин жашоо анын канфша канчалык сиңсе, терезесинен күн көрүнбөгөн медересе ага барган сайын ошончолук тардыккыла, эси көөнүнөн киндик каны тамган өз жери кетчү эмес.Кээ бир түндөрү кулагына жылкы кишенеп, койдун маараганы угулуп, ордунан тура да калчу. Өзгөчө боз үйдү,анын жытын сагына, түндүгүнөн жылдыздар көрүнгөн тоонуэстей куса боло берчү. Ээндик, эркиндик каны жанына сиңгён боз улан эс тарткан сайын жүрүм турумун башкарууга кудурети жетпей калды. Жашоо менен тиричиликте элеттиктин жорук жосуну өзүнчө го. Ошол жосундар сан жылдай алардын дилин бийлеп алса кантет? Бүк түшүп керели кечке табынып-ташынуу, аны менен бирге ыйык куранды жан кыйнап жаттоо Каргабайга барган сайын кыйноодон башка рахатты берген жок. Элеттиктин катын кызы эч убакта жүзүн жаап жашырбайт. Боз үйдө чогуу жашап,чогуу жатышып тукум көбөйттү го алар. Кыргыз катын кыздары качан эле курулай экиленчү эле. Бөтөн бирөөдөн жазгануунун да өзүнчө жол жобосу болорун жакшы билчү эле го алар. Салтка жат нерсени жерүүнү кыргыз ургаачылары да сонун түшүнгөн. Жайлоодогу чөп жетилип,чөп бышкан учурду улуу кичүү дебей эңсеп күтүшчу. Оюн зоок,ырым жырымдуу тамашалар ал кезде аябаи күчөйт. Жылкычы жигиттердин шырылдаңы, короо четинде бекбекей. айткан кыздардын сыбызгы үнү Каргабайдын башын маң кылачакырып жатса кантет. Көкүрөгү көөп, көксөөсү күчөгөн бозулан барабара медересенин тар короосуна сыйбай баратканын селдечендер кайдан түшүнө койсун. Элет балдары үчүн ыйык деп аталган бул жер кыйноого барабар экени менен алардын иши эмне? Шаар калкы да өз заң законунун кулу. Аларды ким айыптай алмак. Дегинкиси, ай жүзүнө түн түшүргөн сарттын катынкыздары он жетидеги канжаны бышкан Каргабайдын кызыгуусун ого бетер күчөттү. Паранжынын ары жагынан жалт этип бир көрүнгөн каракөз, аппак жүз аны жинди кылып коё таштаган. Ыраё эле, мындан ары медереседе жашап калууга анын эрки жеткен жок. Бул тозокто жүргөндөн көрө,көк асканын үстүнө бир чыгып,көк асманды бир тиктеп алыпөлүп калган артык деп ойлоду ал. Жок, бул кордукка алмындан ары чыдай албайт. Кетет элетке, сиңип, житип кететкыргыз топурагына. Анан калса, соопчулукка куран окуп,тумар чийгенди, ак кагаз бетин чаар ала кылып. жазганды үйрөндү го. Эпейген элеттик үчүн ушул аздык кылабы? Эшен болбойт, сопу болбойт ал. Эл аралай эрди катын боло баш кошкондордун никесин кыйып, өлгөндөргө куран түшүрүп берсе жетпейби, теспе тарткан молдолуктун да кереги жок ага.Жайыттан жайыт тандай, бир күндө шар аккан он сууну кечип өткөн кыргыз боюнча калгысы келет. Жүз коюн айдап, бирүйүр жылкысын көздүн карегиндей сактаган жай кыргыз олгусу да келбейт. Жүз кой, миң кой же бир үйүр жылкы бул жоболоңдуу заманда бир жолку чапкындын олжосу да.Боор эт менен тең мал жандан айрылганда эле кыргыз баласы күн көрө албайт. Каргабай мырзанын тез эле байыгысы келчү. Бирок байлыкты да ды туурап күтсөм дейт.Бир жерде кыштоочу тамы, анда катылган алтын зери бар,жайлоо жетилгенде көчүп чыкчу тоосу тигинде турса.Каргабайдын кадырына эл сыйынып, анын ысмын билбегенкыргыз болбосо гана, атаганат. Ошентип, дилинде Каргабай— даңккор эле.— Эми сага катын алып берем! — деди, баятан бериунчукпаган уулуна Күчүк.Атасынын сөзүнө көнуп катын алып койсо деле болмок.Бирок анда эле атасынын. бир короо кою менен анын бир үйүр жылкысына каралап, мына ушул турган элеттин аймагынан чыга албай турганын билип турбайбы Каргабай.Көздөгөн ой, көксөгөн максат жексен болду дей бер анда.Каргабай атасына акырыи каршылык көрсөттү:— Соода сатык жүргүзсөм дейм, ата. Коё турайынчы катын албай.Андан бери Күчүк уулу.менен оңду берди сүйлөшө элек.Билген богуңду жегин дегендей төрт жылдан бери аныжайына койгон эле. Мал жандыкка караан болууга али өзүнүнк.үчү жетүүдө. Анан калса союлдай болгон үч катын анынколуна кол, бутуна бут. Азырынча кор болгондой абалдабекен? Жок, бирөөнүн көзүн карай элек. Али тың, аликүүлүү. Ошол төрт жыл ичинде уулу Каргабай анын алаканына чактуу болсо да алтын күмүш салып кетип жүрдү.Далайга. чейин жок болуп кеткенине көп кейибей көнүпкалган. Кээде уулунуй төбөсү көрунгөндө сүйүнуп да кетпейт. Соодагерлерди ээрчип бирде Эдил боюндагы дешти кыпчактарга барганын айтса, бирде Кашкар, Турфан,Үрүмчүдө болуп келгенинен кеп салат. Ишенип же ишёнбесе да уулун такып сураганды койгон. Ичинен гана сыздаганы: —Атаң көрү, жакшы чыгар уулуңа калаа көрсөтпө.— деген ушултурбайбы, медересеге окутпай койгондо эмне?..» Ошентип мындан ары уулунун маңдайына жазылган тагдырды билеалбай ич күптү болсо, бирде: «мейличи, аман жүрсө болду»дегейдей кайрат кылат. Бирок да Күчүк үчүн уулу чоңбазарларда кыздарды сатып, адам тукуму менен соода кылыпжүргенү үч уктаса түшүнө кирбей турган иш эле. Уулунун булжоругун ал бечера караманча билчү эмес. Күчүктүн басса турсаичинен жалынып зарлаганы: Чоң кудайдан ушу жаманчүрпөсүнө эсенчилик тилөө.Каражаак бейтаанышка жолукканга чейинки Каргабаймырзанын тарыхы ушул

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 29 Февраль 2016 - 19:43



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 19:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Толгон ай көтөрүлүп, теребел кадимкидей жарык. Баятанбери Каргабайды сөзгө албай өз жайына койгон Каражаак дакандайдыр кыялдын үстүндө термелип келаткансыган. Эми алар бетегелүү түзөңгө чыгышты. Каражаак ушу жерден өзү ат тизгинин жыйып, Каргабай аны жандай бастыра бергендекапылет суроо салдьр— Үкөм, дүнүйө мүлктүн эн баалуусу эмне? Мындай суроону күтпөгөн Каргабай кантсе да буйдала түштү. Кайсы биринин башын чарпып убараланмак. Оңбогур кайсы жерден чалмакчы? Эмне деген суроо? Сынап жаткандан кийин ойлонуп жооп бербесе тузакка түшөөрү белгилүү. Баалуу демекчи, жакут таштын түрлөрү аябай көп.Кайсы бирин айтат. Андан бөлөк эн бир табылгыс баалуу аңтерилер бар. Ошондон баштасамбы? Болбойт, бул суроо бекеринен берилген жок. Желкесин кашый салбыраган жигитке Каражаак жалт карады да, кайрадан өзү сүйлөп кирди:— Убараланбай эле кой. Суроомо жооп таба албайсын.Билгенге, жообу деле оңой. Ушу тапта дүнүйөнүн эн баалуусу— сулуу кыз. Төрт түлүк малы түмөндөп, алтынзери батпаган,манатщайысы түтөгөн көпөскө сулуу кыздын ай чырайын көрсөтсөң каалаган дүнүйөңдү алаканыңа салат. Кээ бир эркек калыңын келтире албагандыктан бир катынга жетпей жүрсө, байлыгына чиренгендер каалаган сулууну катын кылып алууга кудрети жетет. Же калп айтамбы? Сулуу аялдын жыпар койнун эңсебеген эркек жоктур. Өзгөчө, сулуу кыз он беште, байлыгьг ташыган эркек эр ортону элүүдөн ашкан деп коёлук. Демек, кандай ач көз эркек болсо да жердин жети кабат түбүнө катылган алтын күмүшүн сулуу кызды көргөндө гана чачат. Айттым го, сулуунун азгырыгына кара башыл эркек аттуунун көбү чыдабайт.Каргабай анын пикирин кубаттай акырын сыпайкерчилик кылды:— Айтканыңыз жүйөлүү экен, байаке! —Каражаактын үнү эми кекеткендей: — Дагы бир суроом бар. Кана айтчы: Дүнүйөнүн эң эле арзаны кайсы?Каргабай дагы буйдалды. Ал ойлонгончо Каражаак бапылдап кирди:— Дүнүйөнүн эн арзаны да сулуу кыз. Мансап бийлиги бар хан менен бийлер же дүнүйөсүнө чиренген мырзалар кези келгенде сулуу кызга бекер жерден ээ болушат. Күчкө салса олжо, каарланса колко, айтор, тартып алышат. Дагы айтам:сулууга кызыкпаган эркек жок. Түшүнгөнгө сулуудан өткөн кор, нарксыз эмне болмокчу. Олжого түшкөн сулуу кыз чалгада, кулга да катын болот. өзгөчө, бечера кишинин колундагы сулуу кыздын тагдырын теңирим эч жанга бербесин. Муну билнп ал деп айтып жатам, үкөм. Угуп атасыңбы?Каргабай үн чыгарды:— Укпагандачы, байаке!— Андай болсо дагы бир маани узатайын. Жакшылап тынша, анан ойлонуп туруп жооп бер. Эң эле ширин, таттуу деп эмнени билесиң?Жообу тил учунда тургандай Каргабай обдулуп алды. «Эңэле ширин, таттуу болсо — халвадыр, мүмкүн аселди айтыпжатпасын. Жок, тузду айтып жатса керек. Тамакты ширин кылган туз эмеспи. Дагы ойлоноюнчу» дегендей ал унчукпай келатканда Каражаак кайрадан кытмырланды: — Көп убараланбай мени тыңша. Канча баш катырсаң дааны таба албайсың. Адам жанынан таттуу эмне бар? Анданөткөн ширин эч нерсе жок. Оо, эртең менен бизди кайчы өтүп кетеби деп эшекче айкырдың го. Сага өз үнүң чыкпагандай угулду. Бизге жетти. Тойгон бөрүглөр күмбөзгө жетеалбаганын көрдүк. Эртеби кечпи баары бир алар сени жемек.Ошондо эмне жөнүндө ойлодуң? Кана чыныңды айтчы?— Чын эле байаке, жаным көзүмө көр.үнду. Кудайдан жалгыз тилегеним жанымды сактай көр деп жалынып жаттым.Деги жандан башка эмне ойлойт элем...— Ап бали, мына эми сага ишендим. Анда эле кара башыл адамдын жанынан өткөн таттуу эч нерсе жок бу жалганда.Керт башын сакташ үчүн адам баласы дүнүйө мүлкүнүн баарына кайыл болот, жан үчүн бала бакыра менен үйбүлөсүнөн да кечет. Мына бул куу баш далайды көргөн.Алар бастырып бараткан бетегелүү төш али бүтө элекболчу. Салкын жел леплеп жүрүп, чар тарап ажайып, чокуларыай нуруна чагылышкан тоолор. Бабыргандын сыйкырдуу үнү,эликтин бакырганы, көктөгү ай нуруна өчкөн бозомтук сансызжылдыз. Каражаак айткандай топ атчан убагында жолукпаса Каргабай ушул Керемет дүйнөдөн ажырап, карышкырлардын сасык курсагына жем боло, анчамынча калган сөөгүн ушумаалда түлкү тыткылай, жумуру баштагы кара көзүн карга кузгун оймок. Бүткөн бою калтырай кайрадан жаныкөзүнө көрүндү бечеранын.Каражаак бейтааныштын үнү Каргабайды эмелеки оюнанселт эттирди:— Узун жолду кыскартып дегендей сүйлөшө жүрөлүк,үкөм. — Кулак сизде, байаке!— Айтса, жалган дүйнөдө баарынан эмне кор?— Байаке, канчалык баш оорутпайын мен сизчелик кыраакы эмес экенмин. Аны го, көрүп турасыз. Менден жооп кутпөй, өзунүз эле чечмелей бериңиз. Мен тыңшаганды. гана билейин...Каражаак сөзүн бирөөлөр укпасын дегекиби, башын Каргабайга жакындатып коюп, акырын кобурады:— Кыйын заманга туш болдук, үкөм. Ушу азыр карабашыл адамдын жанынан өткөн кор эч нерсе жок. Адамдынөмүрүн кыйып коюу, өгүздүн чандырына жабышкан көгөндүи башын жулгандай эле кеп. Тирүү жан үчүн төшү түктүү кара жердин үстүн тепсеп жүрүү азырынча кыйбат.Карышкырча жортуп, итче кабышып калдык. Олпок тешөктө тынч жата албайбыз. Кошуна кошунага айгак. Бир эл экинчисине жоо. Хандын сөзү ширин, кылычынын мизинен шүүшүн тамат. Кечээ эле казак, кыргызды кырып,малжанына ээ кылбай, катынкызын олжологон ойроттордун бүгүн көргөн күнүн теңирим итке берсин. Миң сандаган ойроттун каны суудай агып, жер жүзүнөн биротоло жексен болууда. Аларга боор ооруп,.адам тукуму катары көргөн эчким болбоду го. Азыр Кокондун алтын тагында отурган Эрдаана бийдин кекиртегинен тирүү жандын баары өткон ажыдаарга айланды го чиркин. Кыргыз атанын тукумдарынын башың эми ошол мыкаачы мыкчыйт. Бирдекүлүп алдаса, бирде кылычтын мизине алып кырат, коркутат.Көргөнүбүздөн көрө элегибиз дагы көп. Бир тукум элди экинчисине тукурууда ал шүмшүк. Эки жакшыны жоолаштырып коюп, боорун тирүүлөй тилип, рахатка баткысы келет ал. Далай сулуу кыз келиндин көз жашы төгүлөр. Далай эрлер кул болуп, элдин щору кайнар... Үкөм,мен буларды эмне үчүн айттым туюп жатасыңбы?Санаасында эч нерсе жок эрке балача Каргабай күңк эти:— Таң, аны мен кайдан билейин, байаке. Каражаак чындап эле жигитке жини келди:— Көп эле ыйманыңды жебе. Сен караманча эле макоо болсоң, кыз карактагандын кынуусун алат белең. Күнөөсүн мойнуна алган Каргабайдын башы салаң дай тушкөндө, тигинин үнү шылдыңдуу чыкты.— Чынында эле сенин дөдөйлүгүң өтө күч. Жаки болбосо,калтаң толо алтынды бир эле түндө суудай төгөт белең.Минтип жүрсөң алдагы алмадай каллаңдан көз ачып жумганчаайрыласың. Же сага анын кереги жокпу? Кур дегенде ушуну түшүнсөң боло!— Аны го түшүнөм дечи, байаке!— Үкөм, түшүнбөгөнүң, билбегениң али көп. Мындан ары мени ээрчи. Кор болбойсуң, көзүңдү ачам.Каргабай ыргылжын жооп берди: —Мен макулмун, байаке. Айттым го башында.Мөөрөйү колуна тийгендей шаңкылдады Каражаак:— Анда эле келе колуңду. Мындан ары менин ыгымданчыкпайсың. Макулбу? Шертке турбагандын катыны талак,дүнүйө мүлкү арам. Макулсуңбу? Каргабай чыйрала түштү:— Айтканымдан кайтсам теңир урсун. Төшү түктүү жер урсун.Ал экөө кол алышкан соң, Каражаак кайрадан кепке алды:— Жана бир айтканымды көкүрөккө түйүп кой. Элиң карышкырбы .— карышкыр, түлкүбү — түлкү бол — деген кепти эшиткендирсиң. — Аны уккам. Каражаак секиди:— Ашыкба, туйганыңды ичке тута бил. Менин сөзүмү экикылбасаң далай кызыктын үстүнөн чыгасың.— Анан ал ойлоно калып эскертти: — Куйрук жалың жетилгенде буйтап кетпе, капыр.Каргабай шеригине тике карады:— Кол кудайдын мөөрү, байаке. Шерттештикко азыр эле.Кантип качайын...— Шертке турбаганды теңир өзү жазалайт. Анан калсаменин да колум кыскалык кылбайт. Эмки айтарым бул Замаиа,эл деген жазгы кирген суудай. Кирген суну ноктоолооучурунда эч жандын колунан келбейт. Кирген кезинде ал ажыдаарча туйлап кудай сакта сүрүн, күчүн коё кал,албууттана агат, нугун өзгөртө, жарды эзип, жарды бузат,ошентип тооташты кулаткан, үйөрлөнгөн жансыз жоо кайраДан бөксөрөт, тунат, ал эмес кечсең тушарыңданчыкпай тайыздап араң агып, ал тургай караманча соолуп,балыр гана жыттана кургап калганын көргөндүрсүң. Андыктан, кирген сууча кутургаң, жулкунган ырайымсыззамандын шарына бой урбай: байкап, жайкап күн көрөт,эстүү адам. Замандын шайы оосо шылкыйбай, арааның жүрсө кутурбай, кууса качымыш болуп буйтап, качсакуумуш болуп жетпей оокатын кылат эстүү адам. Дөөлөт эрбашына жети жолу келет. Жети болбосо да үч жолу келеринмен билем. Андыктан аксактын акырына, күлүктүн туягына карап, мендей как баштын, түк баштын акылын уга жүр,баатыр.Каражаак токтой калганда, моокуму канган Каргабай жайынча сураган:— Бирге жүрүп келатабыз, жолдош болдук. Кантсе да ысмыңызды билсек кантет, байаке.Каражаак ат жалына эңкее берип какшыктады: — Анча болду канча катының бар? — деп сура. Сөздүн чоожайына .түшүнбөгөн Каргабай шашылды:— Антип сурабай калайын.— Сурасан эмне экен?— Аны айлыңызга барганда билет элек да...— Айлымда канча күн коно жатып, коюн кончума канча кирсең да аны биле алмак эмессиң.Каргабай таңгалды:— Кандайча?— Ошондойчо... — Кызык, — деди Каргабай. Тигил кубаттады:— Билбесең кызык, билгенге анын жайы башка.Ай жапжарык, мурдагыдай эле бетегелүү айдын төш. Желаргы жүрүп, тоолор маңкая, маарап ийчүдөн бетер, алыстабы иттин каңырыш үргөнү угула кайдандыр түтүн жыттаныпкетти. Неси болсо да өз эл, өз жер; санаа жайында, аттар сергиген, бирок ал экөө унчугушпай катар бастырып келатышат. Өзү айткандай мына бул как баш оңой адам бекен?Анын кыялында бир сыр.бар экенин түшүнгөн Каргабай да суроо салбай мемирей түшкөндө Каражаак сөздү кайра эле өзүбаштады: — Эр кишиге бир ысым, бир зле катын аздык кылат, үкөм.Анын сыңарындай эр жигиттиң жактырып миңген аты да жалгыз болбоопо тийиш. Мына бул ит үргөн жер: деги айылда мени — Эрмат дешет. Өз айлымдагы чыныгы ысмым —Шермат. Бел ашып Кашкарда, Какшаалда, Иледе жүрсөм —Жусуп дешип учурашат тааныгандар. Казак туугандарды араласаң — Маркабаймын. Сарттын калааларын кесип Хивага,Самарканга жетсем Абдрахман; Теке түрк, Асар түркү менен Осмон түркүндө болуп калганымда —Шахбердимин. Ооба,кээде Эдил боюндагы булгарларды аралайм, андан ары дини капыр чүрчүттөрдүн шаарына кирип кетсем — мени Кыргызбай деп жазбай таанышат. Ишенсең ишен, ишенбесеңөзүң бил. Ичкилик менен элетте жана аркадагы кыргызкатындарымды санабаганда да Анжыянда кыпчак катыным,Ташкенде казак катыным бар. Үрүмчүдө чоёке катын,Кокондогу, Хивадагы ак катындарымды эсепке албайм. Кудая шүгүр баарынан эки үчтөн уул кыздуу болдум. Эркек балдарым бүт бойдон өз тегин жакшы билишет. Баарынын назили кыргыз, теги Адигине, «өз урууңар Бөрү» деп жети аталарына чейин айтып кулактарына куя берем. Мансап колдун кириндей: жуусаң кетет. Байлык аккан суу — бир күнү соолот, тукумуң үзүлбөй, бала бакыраң көп болсо — сенин накта байлыгың ошо. Анан дагы тоо аралай минип бел ашчу,туягы кетилбес дулдулум бир башка. Саз кечип, Сары Арканынкең талаасын, КараКумдун ысык чөлүн аралай, анын азабыначыдай турган күлүктөрүм да бир өңчөй. Байгеге чабылчу, эрсайышка түшчү аттарымды өзүнчө бактырам Каражаактын айткандарынын канчасы чын, канчасы "төгүн экенин биле албаган Каргабай таңгалып бүткөнчө алдыжактан ит үрүп, тезектин түтүнү жыттана, оозунан шилекейикуюлган Каргабай ачка экенин эми сезди.— Куда кааласа келдик биздин айылга — деп, Каражаакатын шарт теминип алды.Лок-лок желген аттардын үзөнгүсү кагышып, алар чоңайылдын этегине кирип келишкенде ат тизгинин жыйган Каражаак жаш жигитти имере тиктей:— Далай күндөн бери жолдош болуп шерттештик. Максатыбыз, тилегибиз бир жерден чыгьш, мына ушинтипмага чын эле шакирт болом деп калдын. Андай болгон соңсенден үкөм, бир буюм сурайм, —деп аярлай калды.— Сураңыз! —деп, чечкиндүү айтты Каргабай. Бироккантсе да ичинде жипкирип калган болчу ал: — Оңбогон какбаш, колтукка катылган алтынды сезип калган экен да.Мейли алсын. Баштан садага! — дегендей ниет кылды.Каражаак пашпай, салмак менен сүйлөдү:— Шертибиздин башы ушул болсун. Ак пейлиңден береа лсаң гана суранам. Билип турам, ушу кезде ал буюм сен үчүн аябай баалуу. Мен дагы ошон үчүн кызыгып калдым.Болбосо шертибиз бузулат.Каргабай тобокел кылды:— Сураганыңызды берем. Айтыңыз, байаке, керек десең керт башымды да аябайм.Каражаак: — Эгерде жолум болот деп ниет кыла, мага ишенип, мени ээрчий мындан ары пейлибиз бир болсун десең — кумар ойногонду тышта. Кумарды азган тозгон соодагерлер кесипкылат. Ыйык иште, чоң иште андайлардын жолу тарыйт,жолу куруйт. Кумарчыда дос, тууганурук, катынбала,малмүлк деген болбойт. Кумарчыдан өткөн жандимини менэч жерден көрө элекмин. Азыр жаш экенсиң, кумарга дилиң али бериле элек кезде, бер ушунунду мага.Каргабай дүрт эте жанып кетти: — Бердим, алыңыз менден ошол капырды башоту менен,байаке. Кумарга мындан ары малынсам: —энемди алайын!— Болду! — деди Каражаак. — Каргабай үкөм, ишендимсага. Оомийин, байаке — Каргабай алакан жайды.— Оомийин!Экөө кыбыланы караган бойдон бата кылышты. Жонунан ысык тер чыккан Каргабай байкаса, кадимкидей жеңилдей түшүптүр.Алар айылга кирип келгенде зоңкулдаган эркек үн катты:— Кимсиңер! Ой, кимсиңер — дейм.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 29 Февраль 2016 - 20:01



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Disappear   29 Февраль 2016 - 20:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Жайды жайлата КаражаакАбдрахманды ээрчиген Каргабай үй жайы жана ата энесинен кабар албастан, капарсыз, арыбейкам. Анын санаасы караманча тынып, кечээки эле ач талаада шериктеринен ажырап, өзүнүн да аз жерден өлбөй калганы каплет эстен чыккансыйт. Ушул арада алар тоодон тоо ашып, айыл аралашты. Ойго түшө, чөлдөнчөл кесип, далайкызык окуянын үстүнөн чыгып, нечен айлар бирге жүрүшкөнүнө карабастан, мына бул жанындагы кара башыл Абдрахман акеси Каргабай үчүн али да ачыла элек сыр,табышмагы жандырылбаган жомок. Байкап көрсө ушу кезге чейин анын жашын да ажырата албайт экен. Пайгамбар жашындагы адамдардын арасында отурса аларга теңтуш,окшошуп калат. Орто жашта десе — жаны жаштарга курбу.Айтор, Абдрахман көзгө токтобогон заакымдай кубулганы кубулган, ал тургай колдон суурулган сыйкырчынын өзү.Караңгыда баратканда карышкырча улуса жүрөк түшөт. Иши кылып ал жанжаныбардын баарын өзүндөй кылып туурайт.Капырай, бул чын эле кубулган сыйкырчы болбосун деп жүрөкзаада болсо, кейпи кара башыл адамдын өзү, кээде анын боорукерлигине, адамкерчилигине не жетсин. Бирок, ага карабай зулумдугу, керек жерден баш кескенден кайра тартпаган канкорлугучу. Неси болсо да, Каргабайдын бул теңир кошкон щериги — өзүнчө эле табышмак.Жыйымтерим алда качан бүтүп, төрт түлүк тоо этегин жакалай боз кыроо түшкөн мезгил. Эки шерик баятан бери эч бир сүйлөшпөй катар бастырышып, чыңалган карылуу аттар ооздук кемире, алар чоң өзөндөгү азыраак тартылган көксууну бойлой жай бастырып келатышканда өр талаша сузгөнкызыл чаар балыктар, эки үч кулачтай өйдө суу үстүнө учупчыгып, кайра көк иримге кирип кетишет. Аны көп элес албаган Каргабайга кеп салды тигил:— Мына бул өр талаша сүзүп учкан балыктарды карачы.Каргабай көрдүм дегендей баш ийкеди.— Буларды кызыл чаар деп коюшат. Жалаң гана биздин Кан Тоодогу көк кашка сууларда болушат. Башка жактаучурабайт алар. ЫсыкКөлдө мындан бир башкараак — көкчаары кездешет экен.Мунун эмнеси кызык дегенчелик кылып, Каргабай унчукпайт. Оюн улады Абдрахман:— Чүрчүттөрдүн падышасы муну көрсө тим эле жатакалат дешти. Ал үчүн мындан өткөн мыкты, барктуу тамакболбойт имиш. Адеп укканда өзүм да ишенген эмесмин.— Койчу! — Каргабай чочуп кетти. Балыкты жемек тургай, аны макрөө сезген кыргыз баласы таңгалбай турган жорукпу бул. Каражаак Абдрахман сүйлөдү:— Карасаң, падыша гана жей турган алтын балыктар бул жерде быкпырдай жайнап жатканын. Эгер тирүүлөй жеткирип берсең, бир балык бир мыкты кыл куйруктуң кунуна татымак атаганат. Каргабай дагы таңгалды:— Чын элеби, байаке? Абдрахман азыраак тырчыды:— Байакеңе ишенип жур. Ал эч убакта жалган айтпайт.Иймене түшкөн Каргабай жооткотту:— Сизге кантип ишенбей коёюн. Не болсо да көргөндөн көрө элегим көп экен. Көзүмдү ачтыңыз.— Ашыкпа, үкөм. Көрө элегиң али алдыда. Тартына түштү Каргабай. — Улантыңыз кепти, байаке!— Ысык Көлдүн көк чаар балыгы мындан да баалуу дешет.— Капырай буларды кайдан билип алышты алар.— Чүрчүт көпөстөр айткан да. Жүрүшпөйбү алар биздннкан жолдун уч кыйырына чейин кесип...Каргабай дагг эле таңгалууда: — Балыктын этин жылкынын жалы менен жайасынан ашык баалаган да эл болот экен, ээ?— Болбогондочу. — Шумдугуң кургур.— Бир курдай мен кызыл чаарды тирүү да жеткизгем.— Падышанын сарайынабы? — Кайдан?— Азыр айттыңыз го.— Чүрчүт соодагер экөөбүз макулДашканбыз. — Анан эмне болду?— Мен Эдил боюндагы калаага чейин жеткирмекмин. — Ак падышанын сарайына жеткен жоксузбу?— Анда эмнем бар.— Айттыңыз го жана.— Өзү жейби же падышага береби, калганын чүрчут көпөсөзү билет да.— Дегинкиси, тирүү балык кантип жетсин Эдилге.— Жеткирдим.— Койчу?— Адегенде чырпыктан чоң чоң чабыра токуттук.— Кызык...— Андан соң чабыраларды төөлөргө арттык да, серке чаначтарга суу куюп чабырага салдык. Оозун болсо желкиргендей кылып койдук. Жеткиче ичиндеги балыктар бузулган жок. Жол бою, кезек кезеги менен суусун алмаштырып отурдук.— Адамдан амал качып кутулбайт экен да.— Ананчы! Кыпкызыл гана алтын дилде көзгө көрүнүптурса кантесиң. — Чын эле жеткенде алтын акча алдыңызбы?— Биз ошентип макулдашканбыз. Сумбула чыкканда жөнөгөн элек. Эдил жерине жеткенде кыш түшүп калыптыр.— Кызык эл экен, балыкты алтынга баалап.— Аны кой, чүрчүт көпөстүн сүйүнгөнүн айтпа.— Кызыгың түшкүр десе. Каражаак күлдү:— Көпөстөр арасында: орус оюндагысын кылат деген лакап бар. Ошондо гана ишендим ага.— Деги кандай эл болушат чүрчүттөр?— Биздей эле эки көздүү, айры бут. Каражаактын шылдыңына Каргабай тырчыгандай: — Аны го билип турам, байаке. Абдрахман сөзүн түзөттү:— Кызыгып калдың айтайын. Жолдошчулукка бекем болушат алар. Ылайым айткан сөзүндө тура алышат.Пейилдери ачык. Ошого жараша кара мүртөз жагы да көп.Ногойлор айтышат: орус менен дос болсоң айбалтаңды алажүр.Аңгыча алдыдан айыл көрүндү. Эл чуручуу, балбандар күрөшкө түшүп жаткан ордо жер экен. Оюндун кумарына кызыгандар чоочун адамдарды элес албады. Экөө четкерээк,аттан түшпөй карап турушат. Кызыл жаргак шым кийген кары эле адам, улам чыкканды жамбашка салып уруп, эч кимге байге бере турган түрү жок. Жолоочулар андан көзүн алышпайт, чынында да ал таңгала турган жорук эле.Кургатып койгонсуп, ал чымчып алар ашык этсиз, айтор,жашы алтымыштардагы жайык төш, тарамыштуу, аябагандай чымыр жана өтө күчтүү адам экен ал. Килейген жигиттер.алдына келер замат тарс жыгылып, көпчүлүк дуудуу боло барып басыла түшкөндө:— Чогороктор, кана ким чыгат? — деп айланасын бир сыйра тегерете карап алды балбан.— Балта акени эч ким жыга албайт! — дешти демисуугандар. Балта үнүн кайрадан бийик чыгарды: — Чогороктордо палбан түгөнсө, каңгыларда бардыр...Кана, кимиңер чыгасыңар?Жарчы кыйкыра баштады:— Ким чыгат?— Шермат чыксын!— Шыкмат сен чык.— Мамат, алдыга өт.Көпчүлүк ээ жаа бербей толкуп жатканда: —Палбандар түгөнсө байгемди бергиле — деп, Балта демите бергенде Абдрахман Каражаак аттан ыргып түштү да, анын жанына жетип барды.— А Балта палбан, азыр сага эч ким даабаса өзүм чыгам.Андан көрө анагы белдеги оромолдун төмөнкүсүн мага чечипбериң. Балта чоочуп кетти:— Кимсиң өзүң?— Ким экенимди күрөш бүткөндө айтам. Азыр алдагы ычкыр кашатка байланган оромолду чечиң._.— Анте албайм — Балта кетенчиктеди. Көпчүлүк эми ал экөөнөн көзүн албай тиктеп калган болчу.Абдрахман болгон жок.— Болуң, чеч дейм.— Неге чечем?— Күрөшкө чыкканда белге эки оромол курчанбайт. Ал күрөштүн шертине туура келбейт.— Анда менин ишим жок. Ол оромолду мен такай курчанып жүрөм.Каражаак да моюн берер эмес:— Азыр чечип туруң. Жоголбойт, коркпо.— Чечпейм.— Айттым го, күрөштүн шертин бузбаң. Көпчүлүк жаалап кетти:— Мейман туура айтат, чечиң!— Чечиң!— Жолоочу калыс экен, чечиң. Айласы кеткен палбанга үлгүртпөстөн Каражаак анын ычкыр кашатындагы оромолду көз ирмемге келтирбей чечипалды да:— Мамат алдыга өт, коркпой чыгың — деп, эл артынажашынган дулдуйган жигитке көз ымдады:— Күрөшпөйм — деди, эми Балта. Байкаганга ал жүдөп, жүүнү бошой, бир заматта башынан куту уча кунары кете түшүптүр. Көпчүлүктүн ызычуусунан кулак тунат:— Мамат!— Мамат!— Качыр, Мамат!— Чамда, Мамат! Уудуу түшкөн элдин колдоосу жана Балтанын чоочуп кетенчиктегени Маматты чындап эле шердентип жиберди, ал эки кулачын жая жагдаңдаган бойдон ортого чыкты. Шык Маматка ооп кеткенин Балта палбан тушунүп турса да күрөшпөстөн четке чыгып кетсе элге шылдың болуп, өлгөн менен тете болгондон көрө дедиби, арсарсыган ал Маматты көздөй бир силкинди. Күрөш көпкө узаган жок.Ого бетер эрдемсиген Мамат үшү кеткен карт балбанды алеки заматта чалкасынан салганын бир билет.Кыйкырык сүрөөн арасында картайып жүдөгөн, кор болгон Балтага оромолун берип жатып:— Картайганыңды билип, жылкыңа карап ышкырып жүрбөйсүңбү катыгүн! — деп, Каражаак кулагына шыбырады. Анын үнүндө табалоо, басынтуу жок эле. Өзүн сырдуу тиктеген, чырдуу кишиге ызалуу карт балбан да сөзкаткан жок.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 29 Февраль 2016 - 20:12



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Disappear   01 Март 2016 - 00:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Катар бастырышкан эки жолоочу мурдагысындай өз арасүйлөшүшпөйт. Жол узак, жол ээн болчу. Каражаак эчнерседен капарсыз: көңүлү ток, санаасы жайында, телегейитегиз, ал кезегинде башты экчей, көздү сүзгөн бойдон, баягы мааниси тайкы, өзүнөн бөлөктөр жете түшүнбөгөн жалгызырын улам кайталай созгон болот.Мунарым сенин айыңдан, Муздуу жерге көп жаттьшМуунукту менин муунум. Муунуккан менин муунумаБуудайык өтү даары дейт, Буудайык өтүн сурасам, Букарданда ары дейт, Букарга барсам жетермин, Букарга барыпкелгенче, Буулугуп өлүп кетермин...Табышмактуу ыр оозунан чыкканда эле Каражаактын жүзүтамылжый, кыялы дүрт этип жанып кетет да, ааламда өзү ганажалгыз жан сактап жүргөндөй баарын, баарын унута, ал тургаймына минтип жанында көлөкө • сүндөй ээрчип жүргөнКаргабай менен да караманча иши болбой калчу. Мындайчакта Каргабай шериги ырды бир нече жолу кайталап бугучыкмайынча суроо салып, аралжы болчу эмес. Бул жолу да алКаражаакты кунт коюп тыңшаган кишиче, бирок өз дуйнөсүменен алек болуп кетти. Ырасы бир туруп жанына өтө жакын,кээде ушинтип сыйкырчыдай өзүнөн алда канча алыс көрүнгөнаны чечмелей албай убаралана, туңгуюк суроо жүрөгүн эзет.Деги ким бул өзү? Адам кейпин кийген сыйкырчыдыр жекуучубу? Сүйлөгөңүнө, тамакаш жегенине карап адам депойлосо, кээ бир кылыкжоругу жанагинтип сыйкырчыныэлестетет. Каражаак карт балбандын белиндеги жоолугун чечипалганда эле анын шыгы кетти. Мындан ары байкуштунтаптакыр жолу болбосун ошондо эле сезген. Эми ага боорооруй, шеригине өзүнчө жини келип келатканда, алКаргабайдын оюндагысын туйгандай ырын тык токтотту да:— Иие, Каргабай мырза, не болду сага? Ыр укпай койдунго? — деп бир чети кекете, ары тамашалагандай күлдү ал.Чоочуп кеткен Каргабай калп жооткотту:— Угуп атам. Уланта бериң, байаке! Ал такыды:— Оюңдагыны билсек болобу, үкөм?— Капарымда эч кандай ой жок, байаке. Ырдай берин...— Айтпасаң мейли. Ойлогонуңду баары бир туюп койдукүкөм Каргабай чыдабай кетти:— Чынымды айтсам сиз жөнүндө ойлоп келаткам, байаке.— Иие рас айттың. Анан?...— Сиздей кыраакы адамга шерик болгонума кубаныпкелаткам. — Калп айтпаң, мырза. — Мырза дегенди ал какшык үчүнатайын айтты да, анан сөзүн акырын улады. — Кандайсыйкырчыга туш келдим эле деп жаман көрүп жатасың мени.Туурабы? Каргабай азыр буйтай алган жок. Чынын айткандан башкаайласы түгөнгөндүктөн түкшүмөлдөгөнүн ортого салды:— Мейли, айтса айтайын: чынында эле сизди такырчечмелей албайм. Бир карасам адам элесиз. Кайра агаишенбей кетем. Кандайдыр сыйкырыңыз күч. Ал тургайолуяча эле барсыз. Баарына көзүңүз жетип, туюп турасыз.Сизден сыр жащырууга болбойт. Билип коёсуз да...Колдогонду колдоп, кордойм дегенди кордойсуз. Байкасам,адамдан башка жаралгансыз. Мен сизге ант бердим, каргышалдым. А өзүнүз кимсиз деги? Сырыңызды билсек,сыйкырыңызды үйрөнсөк...Каргабай сөзүн бүтө электе эле Каражаак чалкалай берип,айталааны жаңырта каткырды:— Кайдагы сыйкырчылык? Сендей эле кара башыладаммын. Эне тууган мени да. Чапсаң кылыч өтөт, атсаң оккөзөйт. Өмүр сүрүүгө куштармын. Такыр өлгүм келбейт.Улам картайган сайын жан таттуу болуп баратат. Сыйкырчыда, куучу даэмесмин. Болгон сырым ушул, үкөм.Каргабай түкшүмөлдөдү: — Кандай десек? Жана өзүм көрүп турдум го... БечараБалтанын күчүн алып койдуңуз. Сиз болбогондо алжыгылбайт болчу. Кудай урсун, аны дубалап салдыңызошондо. ..Каражаак ого бетер каткырды: — Деген менен айтканыңда чындык бар. Рас эле, мен анынкаруусун алып койдум. Балбандын сырын көргөндө элетүшүңгөм. — Кызык...— Билгиң келип жатабы?— Туура келсе... Каражаак камырабастан: — Балбандын каруусу алтында болчу— деп койду.— Каргабай таңгалды:— Кайсы алтынды айтасыз, байаке?— Шылуунсуң, бирок али көзүң ачыла элек. Айттым гобашында, кызыл ооз балапан экениңди бир көргөндө элетааныгам. Алтынды баалап, алтындын касиетин талдайбилбеген адам да тирүү жанбы. Мен өзүм андайлардыбашынан жек көрөм. Сенин дөдөйлүгүң азырынча кечиримдүү. Бирок, билип жүр, адамдын даанышмандыгы — алтындынсырын, анын күчкубатын жете тааныгандыгында. Карапайымэлет менен дан эккен бакырдан сен экөөбүз алда канча ашыптурбасак жарашабы? Антпесек эле кара курсактын камынжеген байкуштун бирибиз. Болбосо туш келди жайыламаңмаң, маң баскан төөдөн айырмабыз кайсы? Антип жансактаганча. ..Шеригинин унчукпай калганынан пайдаланды Каргабай:— Мен да ошентип ойлой берем. —Антип ойлогонуң жаман эмес. Бирок да мындан арыменин жолумдан чыкпа, анан да унчукпай, көрүп —билгениңди көкүрөгүңө түйүп жүр. Кези келгенде сөз да, төшда тийет өзүңө. Ага чейин эсакылың каныксын. Дегинкиси,дээриңде бар, ошон үчүн сенден сыр жашырбай атам. Бугадейре далайларга акыл сөзүмдү бергем. Бирок жолумдуберерим жок эле. Дилиң ак болсо — жолумду да аларсың...— Ыраазымын, байаке!— Ия, ошондойбу?Каргабай карганып жиберди:— Калп айтсам, жайрап калайын! — Мейли, мейли — деди, ыраазы болгон Каражаак. Алкайрадан тымый калганда сөзгө кызыга түшкөн


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Disappear   01 Март 2016 - 00:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Каргабай: — Улантың аке! — деди акырын.— Кеп эмне жөнүндө баратты эле?Анын калп анткорлонгонун капарына албагансыганКаргабай сыпаа үн катты:— Алтын туурасында. ..— Ооба, ооба сөз алтын туурасында баратпады беле —деди, башын тезтез ийкеген Каражаак. — Алтындын сырын,анын көптөгөн касиетин туя билбеген адам — өмүрүдүнүйөмүлктүн кадырына жетпейт. Рас, жана мен чалдынычкыр кашатынан чечип алган жоолуктун четине кыркалайтигилген итапкаң алтын бар болуп чыкты. Аны мен адепкелгенде эле сезгем. Карылыгына карабастан Балта эрдин эчкимден жыгылбай жатканы да ошондон улам болчу.Жанында такай алтыны болгон адам дайыма жаш көрүнө?,андайлар оңой менен алданкүчтөн тайбайт да, эр жүрөккелишет. Жанындагы алтыны болбосо, кары Балта ошончокарылуу жигиттерди катары менен жыгат беле. Өзүң көрдүңго, жоолукту чечип аларым менен анын куту учуп, эрбейгенэле бир чал болуп калды. Билгенге алтындын бир касиетиушул. ..— Капырай! — деп жакасын кармады Каргабай. Шерденетүшкөн Каражаак купуя сырын ортого салды:— Алтындын сыры өтө татаал, касиети көп. Бироккөкүрөгүңө түйүп кой: адегенде алтындын негизги экикасиетине токтолоюн... — деп коюп, ал кайрадан тунжурады.Каргабай кубаттады:— Айтың, байаке!Каражаак көптөн бери көкүрөктө катылган тажрыйбасыншашпай баяндап берди:— Алтыны көп адамды илгертеден. касиеттүү депэсептешкен. Алтын эң мурда каректи албай, каректи кубантып, журөккө сыйкырдуу шоола чачат да, адамдынтулку- боюндагы күчкубатын арттырат, шердентет, сен эчкимден жалтактабай ар дайым өзүңдү баатыр тутасың, анан даакылэсиң курчуп, кыраакылыгың, даанышмандыгыңтаасындап, жүзүвдөгү ажарың ачылып, бөтөн көзгө ыймандууда, аруу да көрүнөсүң. Ан сайын сенден карылык алыстайт да,улам барган сайын боз жигиттей бир калыпта жаш, кубаттуусезилесиң. Дөөлөтүң арткандан артат, улуукичүүнун арасындакадыр баркың түшпөй, не бир сулуу, аруу деген катындардынкөзү түшөт сага. Ай жамал катындын көөнүнө тез чалдыкканэркек оңой менен картайчу беле. Сары алтындын сырдуукасиетинин бири ушунда. Денсоолуктун бекем болушу үчүн даалтындын таасири аябай эле арбын деп айткам. Алтын буюмтакай жанынан үзүлбөгөн адам оору сыркоого оңой мененчалдыкбайт. Бөөдө өлүмдөн тышкары болот. Жаңыданталпынган наристе алтын идиштен аш ичсе тили тез чыгып, ичөткөк илдети менен оорубайт. Майдабарат дартка моюнбербей, көзгө сүйкүмдүү көрүнүп, ар кимдер бетинен канчасүйсө да, ага ылайым көз тийбейт. Жүрөгү түпөйүл болуп,ашынган кайгыга чалдыккан адамды да алтын айыктырат.Түшүнөн чоочуп, элиртме дартына кириптер болгонду даалтындын күчү менен эмдөөгө болот. Алтын саптуу кылычыбар адам жоого алдырбайт, алдынан жолборс бетмебет чыксада коркпойт. Деги эле андай эрдин каруусундагы күчкубатыөлөрөлгөнчө кетпейт. Кечээ эле жакында аркалык тууганыбыз, алтын саптуу кылыччан, алтын кемерлүү эр Солтонойтоксондон ашып калганча эр сайышка түшүп, жортуулданкалган эмес. Кайран эр ойротторду кырып, куттуу жерденсүрүп баратканда, калмактар алтүндө анын алтын саптуукылычыи уурдап кетишкен тура. Ошонун эртеси элекалмактардын төрөсү Маркашка менен эр сайышка түшкөндөэр Солтоной мерт болгон дешет. Жан таслим болуп баратып:«Аттиң ай, алтын сап кылычым жанымда турганда алдырбайтэлем да» —деп арман кылыптыр. Жамы кыргыз аза кутүптоксон үчтөгү эр Солтонойду кара жерге кыйышкан Кыргыздын туусун жыктык деп эрдемсинишет калмактар.Кыргыздай намыскөй, өжөр эл болчу беле. Кийинки жылысолтодон чыккан эр Кошой, саруунун ичййдеги алакчынБердике берендер баш болуп эр Солтонойдун кунун куугачыгышат. Сан кыргыздын айбатына чыдабаган калмактаркөлдү көздөй оошкон. Баса, токсон бир жашында эрСолтоной алкөзкабаа саягынан чыккан он беш жашар эрСадыр менен он үч жашар Атакени такай жанында алыпжүрүп жортуулдун, жоо чапкандын сырын үйрөткөн. ЭрКошойдун уулу Момокон да анда он үчтө экен. Аны дажанында алып жүрүп такшалткан, кыргыз баатырларынынпири өз учурунда эр Солтоной болгон. Сөз тизгинин башкажакка буруп жибердим ээ. Мейли, а да болсо алтындынкасиетинен чыкты. Ошентип, алтынзериң канча көп болсо дабирөөгө оной менен алтын буюм тартуулообого аракет кыл.Катынбалаңа да алтын каткан жериңдин жигин билгизбе.Алтындын ээси жалгыз кана өзүңсүң, казына катылганжерди мураскоруң жетилип, ага аныкишенгенде гана көрсөт.Көп баланын ичинен алтындын мураскору бирөө гана болот. Калгандарынын энчисине малмүлк, үйжай калат. Мураскоружөнсүз чыкса эстүү адамдар казнасынын жигин чыгарбайжүрүп көз жумган. Андай казнанын ээеи — жер. Жерденкасиеттүү, жерден ыйык эмне бар? Жанжаныбар жанадүнүйөмүлкдебей баары жерден чыгат. Керек дегенде каражер кара башың менен кошо байлыгыңды баш кылып баарынөзү алат. Ээси жок жаткан алтынказына учуру келгендебактылуу адамга, эр адамга гана кезигет. Кыраакы адамалтындын кайсы жерде катылганын сөзсүз билет.— Уланта бер, байаке!— Кара жердин төшүн тепсеп, жан сактоо оңойго турбайт.Бирөөгө күнүң түшөт. Өзүңдөн дөөлөтү чоңго алтынтартуулайсың. Ошондо да эки алтын буюмду катары мененбирдей бегиликке тартуулаба. Алтындан алтын куралат.Дагы айтайын, алтындын кадырына жетпегендер — адамдынкадырына жетпейт. Жаш кезде алтын — жигитти алдуу күчтүү кылат дегем. Анын кадырбаркын көтөрүп,токтоолукка, салкын кандуулукка уйрөтөт. Көптөгөнкырсыктан, балээден сактайт аны. Душманынын кылычыөтпөйт, ага дуба —каргыш жукпайт. Шал оорусуначалдыккандарды да арча менен аластап, алтындын гүлботосунжуткурушкан. Айта берсе нечен түрдүү дартты алтын менендарылаган. Алтындын аял затына тийгизген таасири датүгөнгүс. Кыз балага кичинесинен такай алтын чөйчөктөндаам татырса ал оорусыркоого чалдыкпай, эпсиз сулуу чыгат.Андай кыз баланын мойну узун, өзү бойлуу болуп, ошогожараша карылуу келет. Алтын сырга, алтын билерик кайсыаялдын көөнүн көтөрбөйт дейсиң. Көңүлү көтөрүлгөндө ганааял ажарына чыгат. Аялдын көңүлүн кубаттуу эркектин демижана алтын буюмдун касиети гана көтөрөт. Тотуккан эстуү аялкөбүнчө алтын чачуштук тагьшат. Андай аял тукум-уругун арбалээден сактап, эрин душманына алдырбайт. Бирок да билипал: алтын казнанын ээси аял болсо элжурттун куту кетет.Айттым го, башынан эле алтын казнаны эркек кармаган.Алтынды жаны жок, өлүү мүлк катары көрбө. Алтын —касиеттүү, жандуу мүлк. Ал сырын билген адамды жашындакүчтүү, барктуу кылса, картайганда аны дөөлөттүү кылат.Ошондуктан карыган адам алтынга калганда сараң, ары бүйрөболбосо жарашпайт. АлТыны көп карыга балабакырасы, тууган уругу тургай, бүтүндөй эли көз каранды эмеспи. Көөнөалтындын көөнөрбөс сырларын айта берсе түгөнбөйт.Байлыкка марып, дөөлөтүм башкалардан өйдө болсун десеңалтынды баркта. Ал тамакашка, жемчөпкө муктаж бекен?Багам, тосом деп күнүтүнү жаныңды жебейсиң. Катканжериңде жымыйып жата берет. Өзүңдөн бөлөккө сыр ачпайт.Санааң тынч, жүрөгүңдөн айбат кетпейт. Түмөндөгөн төрттүлүк малды кудай кут кылсын. Оосар сүйлөп күнөөгөбатпайын, бирок төрт түлүк бир күнкү гана жоонун олжосу.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Disappear   01 Март 2016 - 13:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Аңгыча алар бастырып бараткан узун өзөндүн төмөнжагынан майдамайда боз адырлар көрүндү да, аньш үстүндөкаалгый айланган жорулар көзгө чалдыкты. Боз кыроо түшкөн кеч күз эле. Бирок күн ачык, мемиреп жылуу тийип турган.Ошол айланган жоруларды тиктеген бойдон бир топкоунчукпай барып, анан Каргабайдан сурап калды ал:— Тетигил көктө айланган жоруларды байкачы?— Көрүп келатам...— Эмнеге айланган себебин билдиңби?— Билбегенде, анын эмнеси бар.— Билсең айтчы?— Ошол жерде тарп жатат окшойт.— Тарп аттуу жок болсочу ал жерде? Каргабай ишенгенжок: — Кантип? Тарп жок, жерде жорулар бекерге айланбайтда. ..— Аны мен да жакшы билем.— Анда кантип. эле жөн айлансын?Жөн эмес, жорулар айланган соң бир мандем бар дечи.Каргабай чындап таңгалды:— Тарп жатпаган жердин үстүндө жорулар курулайайланбайт. — Анан?— Болбосо, эмне себеп ага?— Жакшылап байкачы, баятан бери бири да жерге конгонжок. Бири да жерден көккө учуп чыккан жок.— Чын эле — деп, бушүркөдү Каргабай.— Андай болсо айтчы, эмне себептен айланууда алар?— Ага көзүм жетпейт, байаке.— Анда билип ал.— Айтсаңыз.— Ошо жорулар айланган жерде алтын катылган казнабар экен.— Койчу? — Каргабай чоочуп кетти.— Койчумойчусу жок эле. Тарп жок жерде жорулар алтынкатылган казнанын үстүндө гана айланышат.— Капырай!— Көп таңгалба, бара көрөбүз аны. — Жетип барганда эле бир кумара алтын таап алчуданбетер Каргабай байкоосуздан атын теминип алды. Каражаакбейкапар күлдү.— Секин секин, ашыкпа үкөм...Каргабай уяла түшкөн болчу. Ал эрксизден тизгин жыйды.Алар жакындай бергенде ураган коргондор менен катар эскишаардын нугуна туш болушту. Алда качантан бери эңилчекбаскан, алабата, адрашман, миңдубана, жыш өскөн эскишаардын нугу. Кээ бир жеринде тобулгу, чогойно, ал эмесжылгын да батпайт. Бир жолку алааматка туруштук бере албайалда качан жексен болгон эски шаар. Алар аттан түшпөи эскикоргондорду ; четтей төш таяна бастырып барып токтошту.Быкпырдай кайнаган эски мүрзөлөр жатат. Ураган мазардынжанына келип аттан түшкөн Каражаак бата кылган соңбуйруду: — Жакшылап карачы, тарп жаткан жер бар бекен? Ансыз дакызыгып калган Каргабай бастырып кеткен бойдон бир топтонкийин кайра келди. Ал жанына кайра келгенче Каражаакунчукпады. — Жакшы эле карадым, бирок тарп аттуу билинбейт.— Канча издесең да аны таппайсың. Мен калп айтмакбелем? !— Андай болсо алтын кай жерде, казнаны кантип табабыз?Каражаак какшык кошту:— Айткандай эле, жору айланган жерде, алтын додолонупжатыптырбы? — Деги айтам да...— Ал билгенге гана сырын ачат.— Айтсаңыз?— Биринчиден, казна катылган жердин тегерегинде жыланкөп жүрөт, өзгөчө ажыдаарлар. Азыр көрүп турасың кеч күз,жылаандар чээнге кирип кетишкен. Демек, жыланга болжопказна катылган жерди таба албайбыз.— Анда канттик? — Шашылба! — Каражаак атын жетелеген бойдон алгабасты.Эч нерсеге түшүнбөгөн Каргабай аны ээрчий басыпшашпайт. Бул табышмактуу адамдын сырын тарткысы келе,андан калбайт. Бирок ичинде көп ишенген да жок ага.Токтой калган Каражаак:— Тээтиги ойдуңдагы куураган чынарды көрдүңбү? —деп койду.— Көрүп турам, байаке.— Анын түбүнөн илгери арык өтчү тура. Кийин суубарбай чынар куурап калыптыр.— Чын экен, — д«ди Каргабай жакын келгенде.— Алтынды катканда ээси ошол чынарды белги кылганда...— Кантип?Анда чынардын көгөрүп, гүлдөп турган кези дечи. Каап,чынар куурап калбаганда алтын катылган казынаны опонойэле табат болчубуз.Каргабайдын айласы түгөнгөндөй: — Эми табылбайбы? — Жакшылап акыл токтотолук, кай жерде жатканынбилүүгө болот.— Кызык — деди, ынтызары күчөгөн Каргабай. Каражаакжооп бербеди.Алар куураган чынарга жетпей токтой калышканда: — Жакшылап карачы. Алтын катылган жер ушулчөлкөмдө, — деди Каражаак.— Канчалык көз салсам да, аны мен биле албайм, байаке!— Ашыкпа, жанымдан чыкпа дебедимби. Азыр көрсөтөмсага. Экөө андан ары унчугушпайт. Чычкан аңдыганмышыктан бетер Каражаак эки жагын имере тиктей, далайгакыймылсыз отуруп, анан шашыла ордунан турду да,дикилдеген бойдон баягы кызгылтым түп четиндин жаныначейин чуркап барды. Четин куураган чынардын желкежагында өсүп турган. Андан ары баягы жыбараган майда мүрзөлөр. Жапырылган куурайчөбүнөн төбөсү көрүнбөйэңилчек басып, аябай эскиргендиктен мүрзөлөрдүн дүңү ганаараң көрүнүп турат.Четиндин калган бутактарынан өзгөчөлөнө узун жана жоонөскөн бутагын тутамдаган Каражаак кадимкидей сүйүнүпалыптыр. Кыйкырып жатты:— Бери бас дейм! Мына, буйруса таптым! Жанталашажетип барган Каргабай:— Кана, кайда алтын? — деп эки жагын айланкөчөк такарайт.Бирок алтын тургай колго урунарлык таш да таба алай алжерден куураган ала бата менен эрмен, миңдубаа жанашыбактан башканы көрө албады.— Буйруса, алтын ушул чөлкөмдө деп дагы эле кубанганынжашыра албаган Каражаак кебелбейт.Өпкөсү көпкөн Каргабай демитти:— Түшүнсөм жаным чыксын, канакей алтын? Кайда ал,көрсөтчү, байаке?— Кайда, кана? Мунун ышкыбозун. — Каражаак емеледи.Каргабай таарынгандай: — Айтып жатсаңыз ишенбегенде канттим.— Эгерде алтын жер үстүндө чачылып жатса, анда нынэмнеси алтын. Алтын адамдын көзүнө оңой мененчалдыкпайт. Ал эми акмактарга такыр сырын ачпайт.Алтын ошонусу менен баалуу. Башында эскертпедимби, алсырын түшүнүп, өзүн баалай билгенге гана көрүнөт.Ындыны өчкөн Каргабай унчукпайт. Эми жини келгенсигенКаражаак аны жеңден тартты:— Бас бери дейм? Мына бул бир түп долонону көрүптурасыңбы? — Каргабай баш ийкеди эле, ыраазы бол,огондойүнүн бийик чыгарды ал: — Мына бул долонону жакшылапкара — деп жатам.Каргабай шашып калды:— Көрүп турам, байаке. — Андай болсо эсиңе тут. Шамал такай жогортон, өндүртараптан согот тура. Андай кезде дарактын бутактары такайтуура жакты карай өсүшөт. А бирок мына буд жоон бутактыкарачы. Ал ошого карабастан: тоо тарапты карай өсүптүр.Башка бутактардын баары жыш жана да бир беткей майда. Абирок мына бул жоон буакты көрүп эде — алтындын кайда жатканын бат эленыктоого болот. Демек, алтын катылган казына мыа ушулжоон бутак өскөн тарапта. Алтын жаткан жерин үстүнө чөпкоюу чыкпайт. Эгёрде алтын жаткан •ерге жакын дарак турсаанын бутактары алтынды көзөй тартылып, жоон болот. Көпдаракка караганда түүнө алтын катылган дарак тез чоңоюп,тез жооноёт. Андай дарак суу жетпесе да оңой мененкуурабайт. Анткени алтын жаткан жерге жамгыр суусу өзүэле топтоло берет.Каргабай: — Андай экен кана, кай жерде алтын?Бул жолу элдешкендей жай түшүндүрдү Абдрахман:— Сен көп башты катырбай мени тыңша. Алтын катылганказына ушул эле жакын арада. Ага менин көзүм жетип турат.Бирок ал теренде жатат. Жылан менен келемиш, суурларчээнге кирип кетпегенде мен алтын жаткан жерди оңой элетаап бермекмин. Эми аны күзгү жам гырда же кар жаагандатабууга болот. Эгерде алтын түзөң жерге катылса, жаандынсуусу ошо жерге көп чогулат. Ошондой эле казына жатканжерге кар жукпай тез эрийт...Бир кезде чычкан аңдыган мышыктай бүсө түшкөнКаражаак биртопко унчукпай барып кыйкырып жиберди.— О, чоң кудай, мына таптым. Теңир берет деген ушул. —Ал уңгусу калган эски коргонго жетпей калтыраган бойдонтуруп калды. Баягы бир түп долононун желкесинде бозчополуу такыр жер бар экен. Эчтеке түшүнбөгөн Каргабай даал жерди тиктей берди. Байкаса ал жерде саргыч аарыларүймөлөктөшүп жатат. Кыбыланы карап, өзүнчө бата кылганКаражаак кобурады: — Көрдүңбү, гүл өспөгөн такыр жерге аарылар конбойт,эмнеге үймөлөктөшөт дебейсиңби? Демек, бул жерде казынажаткандыктын бир белгиси. Алтындын күчү ушунда, алаарыларды арбап жатпайбы өзүнө Карачы, кадимки эле аселаарылар. — Эми канттик? — деди Каргабай.— Кантмек элек. Шащпай, жайынча шайманчан келипказып алабыз. Бөөдө бирөөлөрдүн көзүнө чалдыкпайлык. Чоочун көз, суук көз жолтоо болот. Же өзүбүздү майыпкылат. ..Көп ишене бербеген Каргабай көктү тиктеди: Чын элеалардын төбөсүндө дагы эле жорулар айланып жүргөн экен.Аңкайган Каргабай көктү карап турганда Каражаактын үнү чарэтти:— Айтпадым беле, мына таптым! — Ал боз чап болододолонгон ар чычкандын ийининин оозун камчы саптын учуменен казып жатып кыпкызыл келген бир алтын дилдени таапалган эле. Бүйрөлөрү кызыган ал экөө ары ийиндин оозункөпке казышты, көпкө тиктешти да, эч-нерсе табыша албай,жүрөгү элепжелеп боло туруп калышканда. Каражааккебелбестен: — Буйруса казынаны таптык, эми жайынча келелик.Мындай олжого кудайдын пендеси, оо, чанда бир жолугат.Жакшылап көз салып, унутпагандай бол, эсине тут. Казынакатылган жер сыйкырдуу келет. Андай жер адамды тезжазгырат. Көздү тез уйпалайт. Анан калса, көпкө жатканказынанын ээси болот деп уккам. Ал адамдын көзүн байлап,жалгыз келгенди азгырып кетет. Байкадыңбы, бул алтындыжердин түпкүрүнүн түбүнөн ач күзөн тиштеп чыккан. Демек,бул казынанын ээси — ач күзөн. Ач күзөн мекендеген жергежылаан менен курткумурска эгерим жолобойт. Казына ээситүн ичинде кыз болуп каткырса, күндүз чөөчө улуйт. Несиболсо да бул чөлкөмгө адам аттууну жолотпой сыр берип,белги берип жүрө берет.Аңгыча карс этип бутак сынгандай, анан барып: — Кой десе болбойт! — деген эркектин ачуулуу үнүчыгып жок болду.Ар жактан кошоктошкон аттар тыбырчылай, Каргабайкелме келтире, Каражаак башын көтөргөн бойдон катты дакалды. Эски мүрзөнүн арасы кайрадан жымжырт. Көктөгүжорулар да бир жакка житип кеткендей, сырдуу, сүрдүүкөрүстөн үстү. Атка минген эки жолоочу жай бастырыпбаратты. Сырдуу үнгө, сүрдүү үн менен жооп бергендейКаражаак кандайдыр кыжырланды: — Үн тегин жерден чыккан жок. Казнанын ээси болоручын.Мына аны азыр өз кулагыбыз менен уктук. Кантсе дамынчалык тез белги берет деп ким күтүптүр? Билгенге,качанкы күмжам болгон ээси каткан алтынкүмүштү күзөткөнөлмөсөк арбак чал жүргөндүр мына ушул жансыз чөлкөмдө.Кантмек эле, байкуштун түнөгү эски мүрзө, оокаты чөпчар.Болбосо не?— Койгулачы, катуу кыйкырганына караганда адамдынэле үнүндөй угулду го... — Каргабай бүшүркөдү.— Арбактар — өлгөн адамдын жаны. Адамдын жаныболгон соң алар адамча сүйлөбөгөндө, эшекче айкырат депойлодуң беле... Мейли, сен айтканга ишенип эле коёлукдейли, ошондо да казнаны алда качан ээлеп алган көрүстөндөжиншайтандар толтура жүрбөгөндө ким жүрөт? Деги, тезкетеликчи, балакет баскан жерден...— Анда эмне, экинчи жолу келбейбизби быякка? — дедиКаргабай. — Ал чыны менен казнаны кыйгысы келбейтурган. — Кантип келбей коёлук. Башында айттым го, алтынказнаны кудайым сүйгөн пендесине чанда бир жолу ганажолуктурат. Биз дагы теңирди ооздон түшүрбөгөнадамдарданбыз. Бирок эмки жолу быякка атайын камыныпкелгенибиз оң. Арбактарга куран түшүрүп, түлөө өткөрүпдегендей көрүстөн ээсинин жолун кылбасак жарашабы.Азырынча ким болсо да мейли, казна тарапка бейчеки баскандарды жолотпой, коркутуп үркүтүп дегендей жүрөтурсун. ..Өзүнчө кобурай сүйлөп келаткан Каражаак токтой калгандакандайдыр селт эткен Каргабай артына жалт карады элебыжыраган көптөгөн майда молонун арасынан селдечадби, айтор, ак баш сөэтөкөттүн төбөсү көзүнө чалдыккандайжүрөгү шуу этти да, өз нчинен келме келтире атына камчышилтей теминип алды. Өктөм ат алга атып кеткенде Каражаакжигитти шылдыңдагандай кёкетти:— Үкөм, арбактар арбап калат деп чочуп жатасыңбы?Каргабай кантсе да актанды:— Ким бнлет? Үн адамдыкына окшош болгону мененсүрдүү чыкты. Жинпериби же арбакпы, баары тең эле кантипадамча сүйлөй алсын...— Мейли, жиншайтаны кошулуп азыткысы бирге болсо да,баары бир катылган казна сырын ачып койду бизге. Акырыкелип адам колуна урунбаган алтынмүлк болбойт. Айттым гобашында, шашпай келип жолжобосун кылсак, казна кайдакачат? Буйруса, алтынкүмүш биздики дей бер.Каражаакты кубаттагандай башын ийкеген Каргабайунчукпайт. Бирок да кэрүстөн тараптан көзүнө чалдыккансүйрөлгөн сөлөкөт жөнүндө ал жолдошуна ооз ачпады.Жел дагы жүрбөй, мемирей тийген күн нуруна маашырлана, кебёлбей жай бастырып баратышкан экөөнүн санаасы тыныпкалган. Ушу тапта Каргабай кокусунан эле өзүн аябагандайбактылуу сезди да, алдыда анын мартабасы артып, жыргалдуутурмуш жана да ай жамалдуу жаркын жар күтүп тургандайөзүнчө эргий түштү ал.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Disappear   01 Март 2016 - 20:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бул сапар жолоочулар жалгыз түп карт чынардын түбүнөтүнөп чыгышкан. Жайдакталган салт аттар шар аккан суунунчетиндеги мажрүм талга аса байлангандыктан таң атканча суукечип туруп шыйрактары какшады. Эми тыбырчылай, уктапжаткан ээлерин үмүттүү караган болушат. Ээр токумдарынбаштарына коюп, чапандарын айканасынан жамынганжолоочулардын ойгонор түрү жоктой. Жерге жарык кире,күндүн муруту чачырап келаткансыды. Бир заматта аркайсы жерлерден туш келди сайраган куштар, карт чынардынбутак арасынан да таранчылар чырылдай, айтор, теребелшаңга тунду да калды. Ошондо гана Каражаак мененКаргабай жумуру баштарын соксойто чыгып келаткан күнгөалакан жая табына, экөөнүн тең сейрек муруттары сербеңдей,негедир арбашып жаткан адамча ооздору да тынбайкыбырап жатты. Сапарда жүргөндө ал экөө тең намаздарынжыгып коюшат. Ошондуктанбы, эртең менен бир маал күнгөтабынып алуу алардын адаты. Антип, чыгып келаткан күнгөтабынуу көчмөндөрдүн "илгертеден бери келаткан салты.Андыктан жол жүргөн кездерде жолоочулардын тутунганжалгыз кудайы күн менен учу кыйыры жок көкө теңир. Динисламдын жолжобосуна анын эч кандай тийиши жоктугунКаргабай жакшы билет. Күнгө табынып, заруураттанганКаражаакты ал билмексенге салып, өзү да ага кошулачөгөлөй калат. Каражаак болсо ал тургай эки көзүнөн жашкылгыра, мындайда бүткөн бою ээрип бараткандай эч кимменен иши жоктой муңаят да отурат. Ооба, мындай учурдаал эчкимден ыйбакбай, эч кимден тартынбайт. Үнүн муңдуучыгарып катуу, ачык сүйлөйт. Жумуру башы түндөн түгөл,эсенсоо чыкканын, амандыгын кабарлайт. Бөөдө кырсыкменен күтүлбөгөн жоодушмандан кара жанын алакчылаган, арачылаган анык эле касиеттүү күн деп билет ал. Күндөнөткөн калыс, ага тетё мээримдүү ким бар? Ал эч кимдиалакчылабай мээримин тегиз жаят. Түндөн түгөл чыккансайын ар дайым эртең менен Күн аттуу кутка салам берүүКаражаактын эзелтен келаткан парзы. Кала берсе алатабабадан бери үзүлбөй келаткан салт. Арзыбаган садагатүлөөгө татыйт. Утурумдук тобоо караандай балээденсактайт. Мындай чакта Каражаактын артында ыкласынжазбагансыган Каргабай дагы өнөгү ордунан турмайынчатакыр козголбойт. Кудайга сыйынуунун жолу көп. Бирок Каражаактын ар күнкү жоругу ыйык курандын көптөгөнсүрөөлөрүнө эп келбесе да, Каргабай ага негедир жолтооболбойт. Кудай жалгыз, аны көз менен көргөн, тааныган ушуубакка чейин бир жан боло элек. Андыктан ар бир мусулманбаласы кудайды көкүрөгү менен гана туйбаса, көз менен көрөалбайт. Ошондон уламбы, эки ынак дин жана шарият жөнүндөталаштартышка барышпайт. Бул жалган дүйнөнүн түйшүгүансыз да көп. Өздөрүнүн да ошо сандаган түйшүктөрдүнартында, бүткөрө элек иши, жетпеген максаттары далай бар.Ошого жараша теңир алдында кетирген күнөөлөрү даарбындыр. Көзүнүн жашы кылгырган Каражаак ордунан өйдө болгондогана баятан бери чыдамы кеткен Каргабай аттарды көздөйутурулады. Кечээ жол жүрүп келатышкан алар түштөнмөкчүболушуп, аттарды тушап отко коё беришсе ачыга түшкөнжаныбарлар орок түшө элек кайракка, кеч айдалган арпагакирип, аны майкандап жиберишиптир. Как бышкан, ороккүткөн арпа экен. Алар бел ашып түшкөндө гана аттардынбутуна жем түшкөнүн билишти да, экөө тең бирдей аксап,айлалары кеткен жолоочулар жакын айылдардын биринежетпей, карт чынардын түбүнө түнөп чыгышканы бекериненэмес болчу. Ошентип билгенге аттар бекеринен суугабайланып, таң ашырылган жок. Илгертеден эле бутуна жемтүшүп аксаган атты ушинтип сууга байлайт. Андай ат тезсакайып, эртеси эле мингенге жарап калчу.Аттарды отко коё беришкен соң, өзөк жалгоого кириштижолоочулар. Ортодогу майланышкан кызылчаар куржундабышырылган баглан козунун эти, арасында бүкүлүүбүкүлүүарпа токочтор жүрөт. Кол чаначтагы кымыздан кылкылдатажай жутуп коюп, эттен абайлай сыпаа сугунган Каражаак арпатокочтун бирин колуна аярлай кармаган боюнча аны майдалапсындырбастан же четинен кертип жебестен:— Арпа дандын, арпа нандын өзүнчө касиеттери көп, —депайтты да, Каргабайды сөзгө аралаштыргысы келбегендейкайрадан өзү сүйлөй берди. — Байлыктын башы, анын падышасы — алтын. Ал жөнүндө башында эскерттим. Данаттуунун баарынан баалуусу жана эң эле кадырлуусу, жагымдуусу бул — арпа. Айта берсе арпанын касиеттери даар кыл. Демек, дүйүм тамактын башы, тамактын падышасы— арпа. Андан бышырылган нан. Адегенде сага арпанынпайдасы, анын көптөгөн касиеттери жөнүндө айта кетейин.Эң жакшы деген аргымакты да арпа берип багат. Илгертеденэле акылмандардан тартып, падышаларга чейин арпа нанжеген. Кайырчы менен бейбечаранын да сүйгөн тамагы арпанан. Аргымакты чабарда саяпкер үнөмдөп арпа бериптаптайт. Арпа жеген аргымак алданкүчтөн тайбайт, оңойменен чарчабайт, канат бүткөндөй алыска чуркайт. Андайаргымак алдына күлүк чыгарбайт, эч кандай күлүккө байгебербейт. Ошондой эле такай арпа нан жеген даанышмандында акылэси ого бетер арта, көңулү сергек жүрөт, денесинеашык эт байлап семирбейт. Уйкусу тынч болуп, асмандагыкушча сергектигичи. Үзбөй арпа нан менен тамактанганпадышанын ыймандуулугу артып, акылэси курчуйт,карапайым элжуртунун сыйсыпатынан ажырабай кадырыарта, түмөндөгөн кара башыл адам аттуунун баары сыйынат,сыйапат кылат. Деги эле арпадан жасалган оокат тирүужандын канын булгабайт, бузбайт, кайра аны жакшыртат,тазартат. Арпадан жасалган тамак мээ менен жүрөктүништешине жакшы өбөлгө түзсө, табыптардын айтуусундаарпадан тартылган арак далай сыркоону айыктырат, деги элеанын дарычылыгы күчтүү. Арпа арагын кудайдын амириненжаралган ачык суу деп падышалар ичсе, сыркоо адамдаргадарылык, үчүн берген. Арпадан тартылган арак отузданашык ооруга дары деп айтылат. Ошентип, ал көптөгөнилдеттен адам тукумун сактайт, айыктырат. Талмаоорусуначалдыккандар менен кутурган адамга да арпадан тартылганарак берсе айыгып кетчү дешет. Шал болуп тура албайкалган адамдын бутуна арпанын урпагын ысытып тартса жеарпа арагы менен учуктаса тез сакайып кеткенин өз көзүмменен көргөм. Чинманжур акылмандарынын айтуусуна караганда ай тутулган түнү себилген арпанын түшүмү мененажына оорусуна чалдыккандарга чейин, айтор далайдалай жинооруларды айыктырууга болот экен...— Арпа данды, арпа нанды буудайдан жогору койгонуңузгаанча ишене бербейм — деп, Каргабай дилиндегисин ачыкайтып калды.— Ээ, үкөм, сен эмнени билесиң? — деп, Каражаактырчыды. Мына ушу жерден Каргабай да моюн бербеди.— Жибектен бөздү өйдө койбойт. Көңүлүңө алба, байаке,бирок күмүштү алтындан жогору баалаган адамды ушу кезгечейин көрө элекмин. Анын сыңарындай дандын атасы —буудай. Буудай дандан, буудай нандан арпаны өйдөкойгонуңузду кантсе да түшүнбөй турам. Ак буудайдай назик,жагымдуу тамак кайда? Мен көргөн, мен билген Букара мененСамаркандда буудай нандан өткөн ыйык тамак жок дешет.Бийдин өзү, вазирлери менен ыйык сопу, соодагерге чейинбуудай нан жешет. Буудай тамакты өтө урматташат. Күндүжазгыргың келсе да бир себет жүзүм менен буудай нандынчетин көрсөтөсүң. Каражаак тырчыган жок:— Сен айткан Букарадагы хан сарайында чоёке катындардыда буудай нан берил багат. Рас айттың, бир сындырым буудайнан менен бир шиңгил жүзүм кул менен күңдүн күнүмдүкшыбагасы ал жерде. Ушунча жашка келип, далайды башынанөткөргөн Абдрахман сен айткандарды билбейт бекен?Жаңыласың, уулум.Тайсалдаган Каргабай:— Абдрахман аке, көңүлүңдү оорутуп койдумбу? —кечириңиз дегендей башын ийди.— Сен бирэки гана шаардын үрпадатын жакшы билген, аликөзүң ачыла элек сары ооз балапансың — деп кекеттиКаражаак. — Мактанып эле коеюн: мен деген миндегеншаарларды көргөн адаммын. Ар бир шаар менен элжурттунсанаасалты ар башка. Саңдаган адамдарга кездешип, далайы менен тамырлашып, достошууга чейин бардым. Кызыгыңтүщкүрдүкү десе, ошолордун ичинен нечени ак дилденкылган соопчулукту актамак быякта турсун кайра өзүмөөчөгүшкөн кас болуп, көр казды. Адамдар баары эле текшимээримдүү болбойт. Ар кимде бирден терс кыял, одоножорукжосун болот. Кудайым алды пейли кара адамдансактасын. Өзгөчө бою пас, башы чоң адам сөрөйдөн боюңдуалыс тут. Алар актык, адалдык жөнүндө көп сүйлөйт да,ичине кара таруу айланбаган кара көңүл келйшет. Андайларбулганыч жорукка, пастыкка тартынбай бара беришет. Айтса,булганыч жорукка барарда андайлар кудай алдында өзүнкалп эле ак сезет, жалган жеринен калыс, ак ниет көрүнүүгөаракеттенгеничи. Дагы бир кызык байкоом: деги эле өзүндөнтөмөн турган майда адамга пайда кылсаң, ал акыры сенденөч алууга аракеттенет экен. Эгер андайлар байлык мансабыжагынан сага бир аз теңтайлаша түшсө, илгерки сенденкөргөн жакшылык кайра аны басынтып, кордоп жаткандайкөрүнөт турбайбы. Ошол жасаган жакшылыгың менен сенаны кемсинтип коёт экенсиң. Адамкерчилик мененайкөлчүлүгүңдү өзүңө тете айкөл адам гана түшүнө билет.Ошондо да акыры келип андай айкөлсүнгөн адамды даопоңой эле өзүңө каршы коюуга болот. Сөз төркүнү мында:миң кишиге кылган жакшылыгыңдан бирөө гана кайтса, сеношого тобоо кыл. Абийирдүү адам деги эле ар кимгекөрсөткөн жакшылыгын соопчулук үчүн садага бергенсыяктуу эч качан колко кылбайт. Эми эле айттым го,бирөөдөн көргөн жакшылыктын өтөсүнө абийири бар, айкөладам гана чыга алат. Кудай каары десе, бирок адам болупжаралгандын баары эле айкөл эмес да...— Айтканына кандым. Көңүлдө сактай жүрөйүн, — дедикөп муюбагансыган Каргабай. Ушу жерден Каражаак санынчапты: — Мен сага арпанын касиети жөнүндө чечмелейм деп,адам тукумунун керт башында учурай калчу кулкмүнөзгөтүшүп кетиптирмин. Адам болобу же арпабы, неси болсо да баары эле Алла тааланын амиринен жаралган. Жанжаныбардебей баары тегиз топурактан жаралса, кайра келип баары теңтопуракка айланат. Топуракка көмүлбөй, жер алдындакалбаган ким экен? — Туулдум өлдүм — деп айтат мусулманбаласы. Же болбосо эненин курсагынан жылаңач түшүп, көргөда бир — эки кес кепинге оролгон менен жылаңач эле бойдонкиребиз. — Андай болсо баарыбыз эле дүйнөнүн кызыгынан баштартып, бакшы болуп кетеликпи? — деди Каргабай.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Disappear   01 Март 2016 - 20:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Отклик кыргызчасын билбейм, жок экенине караганда бул чыгарма озумдон башка окурмандарга кызыгы жок окшойт. Баштагандан кийин орто жолго таштабай аягына чыгарып коюну туура кордум. Башка темаларды окуганда авторлору жоголуп кетип, бир эки абзац жазып анан суранткандарын коруп, мен жазуу жоопкерчилигин моюнга алсам 1-2 абзац жазып суусунун канбай калып умсунгандай кылбай, коптон жазып, чыгарманы бат баттан бутурот элем деп ойлочумун. Бирок мындай сый жарашпайт окшойт...))))) кандай десенер ошондой дегиле азыркы таптан баштап колум бошогондо кана терип козум чарчаса окурмандар кутуп калышпасын деп жанталашып аракет кылбастан, озумдун шартыма жараша кана жуктоймун. Китеп 191 беттен турат азыр 34 беттемин мумкун жыл аягына жакын толук бутуп калаарбыз. Колко кылды дейсинерби, же эмне эле баадаланат дейсинерби озунордун ишинер, аягына чыгарарым чын бирок баштагыдай калоом да, мотивациям да жок.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Disappear   02 Март 2016 - 00:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Каражаак кебелген жок:— Менин тамсилим ал жөнүндө эмес. Негизги сөз теңиржараткандын баары бирибирине эришаркак. Маселен,кудайым данды жаратпаса, тирүү жанды ким сактамак?Дегинкиси, арпа жөнүндөгү айткандарымды оюңа түйүп кой,сөзүмдүн пайдасы ошондо тийип калар. Баса, токчулук болоржылды же ачарчылыктын келерин жыл санагандар арпанынчыгышы менен, анын түшүмүнө карата аныктай алышкан.Эгерде арпа кара көк тарта коюу чыгып, бой тирей көктү караптик өссө — ал токчулуктун белгисң. Итирейип арпанын бою кыска жана да сейрек өссө аңда эле, ачарчылыктын, жутчулуктун белгиси деп биле бер. Арпанын касиеттери жөнүндө айта берсе сөз көп. Мисалы эле арпанын дагы бир касиети деп Каражаак токтой калганда...— Айта бергиле — деди, ыкласын салган Каргабай.— Арпа пайгамбар-саабалар жеген насип. Кимде-ким жол- жобомду тутуп, мени сыйласа, арпа тамак жеп, ылайым аны жерибесин, — деп осуят калтырган Мухамбет пайгамбар.Мусулман дининин куту — Меке жана Мединада жашагандардан тартып, Иран, Ооган, Индустандын дөө- шааларына чейин арпанын нанын жешкен. Арпа данын ыйык тутушкан. Азыр эле айттым го, ал тургай акылмандар кай жылы эл ичинде токчулук менен ачарчылык болорун арпанын өсүшүнө карай аныкташкан деп. Ачарчылык болордо,айтканымдай арпа начар өсүп, адамдар көп ооруйт да,малжандыкка ар кандай ылаң жайылып, мал көп кырылат. Иттер кутуруп, карышкыр көркоо боло баштайт. Андай чакта эл башына түшкөн кырсыкты ченеп бычып болбойт. Баса,алтын катылган казнаны да арпа өскөн жерге карата опонойэле аныктоого болот. Мисалы, алтын катылган жерге арпа айдалса анын сабагы өтө жоон келип, коюу өсөт да, ал башын көтөрө албай калат. Андан башка дагы бир белгиси...Ушу жерге келгенде Каражаактын кеби чорт үзүлдү.Анткени аларды көздөй чукул бастырып келген жалгыз атчан салам айтпастан дейди адамча тигил тамак жей, бейкапар сүйлөшүп отургандардан көзүн албай карап турган болчу.Каражаак бейкапар адамча:— Аттан түш, Жекебаатыр, — деп, өзү ордунан козголгонжок. Локуйган албеттүү эмени күрөң ат бели майыша араңкөтөрүп турат. Жолоочунун бутундагы ышкын түпкө боёлгон чокою эмнегедир Каргабайдын көзүнө дароо урунду.Башындагысы түгү алда качан кырылган сүлөөсүн чалыш эски малакай, сакал мурутту да кыркпай ээн эркин коё бергенэкен, кайран эр. Деги эле олчойгон бейтааныштын кейип кепшири жупуну, ал эмес адамга аралашпай бозуп жүргөнсүп өтө жүдөңкү болчу. Ошого карабастан ал өз алдында эптеп жан сактап жүргөн бечаралар тургандай, кала берсе тигил экөөнү теңине албаган кишиче негедир аттан түшүп жатып кекете сүйлөдү:— Силерди тээ алыстан көрдүм, анан атайы жаныңарга бастырып келсем, салам айтпаганыңар кандай? Же ушу бир чеңгел башыңарды чилдикинче жулсамбы? Же болбосо мойнуңарды толгоп, пириңер ким экендигин таанытып койгонго жарайм.Дөөгүрсүп сүйлөп, тер жыттанган, айтор, бүксүгөн бул жапайы чалыш эмеден кантсе да чочуган Каргабай акырынкөз кыйыгын салса, Каражаак деги эле кебелип койбойт.Каражаак кайра тигил эменин өзүн айыптады:— Жекебаатырым, сен тоо-таштын арасында аюуча жалгыз үй жашап жүрүп, эл-журттун салт-санаасын таптакыр эле билбей калган турбайсыңбы? — А сен билгич экенсиң айтып түшүндүрчү мага? Ошондо көрөм сени...Каражаак тартынган жок:— Мындан ары билип жүр. Улуу кишиге кичүүсү дайыма озунуп салам берет. Бул — биринчиси деп кой. Муну айтканым: менин жашым сенден улуу, жолум улуу. Эгерде бет келишкен эки адамдын жаштары бирдей болсо, атчан келаткалы жөөсүнө салам айтат. А болбосо жогортон келатканы ылдыйтан келатканына салам айтуу парз. Мен сенин атыңды уккам, атаңды көргөм. Тоого кире качып, көпжылдан бери эч кимге жолукпайсың. Ал тургай бирөөлөр менен алакаң жок, Эсенбай атың өчүп «Жекебаатыр» аталдың.— Эй, муну көр — деп, түркөй адам таңгалып койду,— Эки уулуң он сегиз жашында каза болду — деп уккам. —Каражаак сөзүн улай берди. — Шейит болушту кайран жигиттер, жаткан жери жайлуу болсун. Баса, алар да энеатаңдын колунда жүрүп эр жеткен болчу. Сен элден оо,андан көп жыл мурда ооп кеткенсиң. Ал кезде казатта жайран болтон уулдарың тамтуң баскан кези эле. Туура айтып жатамбы?Локуйган неме кебелбеди.— Айтканыңдын жалганы жок...— Мен ылайым жалган сүйлөп көргөн жан эмесмин — деп,сөзүн улантты Абдрахман. — Ошондон бери жалгыз үйсүң.Кай жерде жашап, каякта көчүп конуп жүргөнүңдү бир кудай оилбесе, адам аттуу билбейт. Кармашканың аюу. Жолборстон, ал эмес жиншайтандан да коркпойсуң. Билишимче, колуң азырда кур эмес, эки жаман чүрпөң бар. Бири кыз бала, экинчиси эркек. Кызың жакында экиге толот. Азыр жыгылып туруп,басып жүргөң кезй. Жалгыз аттокуруң бар. Бирок баралына келгенде уулуң өзүндөй эр жүрөк чыгат. Азыр сынап берейин анын ким болорун. Балакаттан өтө электогузда эле экен, эчкимде жок, адам баласы тең келбеген бир өнөрү бар уулуңдун.Куюн көтөн Маамытча жөө күлүк чыгыптыр аның. Түзөңдөгү бөкөндү тайганча кууп жетип, тирүүлөй кармаса, аскадагы аркар-кулжага илбирсче чап жабыша калат да, бычагы менен кайберендин кекиртегин көз ачып жумганча шылып таштайт тура. Уясында жаткан сагызгандын жумурткасын алдынан билгизбей алып кетсе, көктөгү күйкөнү көзгө аткан мерген экен, Теңирим балаңа учарга канат гана бербептир.Калганынан кур койгон эмес тура. Эми айтаарым, каратоонун арасында кардың ачпай, каржалбай жашаганыңа корстон болбой элге кошул. Сеникиндей уул — элдин кенчи.Уулуң журттун керегине жарасын. Айттым го, атаңды билчүэлем. Ал киши көзү барда Чогороктордун уюткусу деп айтпайың» не болсо да көп уруулардын данакери болчу,кайран Нурак. Сөзмөр эле, сыйкор болчу. Сенин да өнөрун өзүнчө, башынан эле Чогороктор падышанын бийлигине баш ийип көгөн жан эмессиңер. Султан Бабыр нечен жолу кол жиберип силерди багындыра албай койгон деп айтылат санжырада. Топоз минип булутка колуңар жете, түмөндөгөн кой багып эркин жүргөн силердин да акыры падыша Бабырдын укуругу. мойнуңарга илинген. Адегенде салык төлөбөй силер, чогороктор падышанын айласын кетиргенде, Бабырдын аскерлери акыры келип баарыңарды кырып, тукумкурут кыларда, араңардан бириндей, аска жамынып аман калганыңар болуптур. Ошондон бери Чогороктордун тукуму анча өспөй, өзүнчө атпай журт болуудан калып, бирде каратейитке, бирде сары тейитке жамынып, кээде Найман болуп кетсеңер, бир туруп Нойгуттун ичине кирип, же болбосо Каңгы, же Жоокесекке, Авакка айландыңар. Акыры келип ошондой чоң журтчулуктун, баатыр элдин бир кулуну сен —Жекебаатыр аталдың. Эрдигиңди, айбатыңды жоодо көрсөтүп, ээн тоо, эрме чөл, чытырман токойдо өткөн кеткен адам баласын коркутпай, элге кошулуп, Эсенбай иним,Жекебаатырым, агаңдын тилин ал...

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 02 Март 2016 - 00:48



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   gulmira96   02 Март 2016 - 17:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Просмотр сообщения Disappear (01 Март 2016 - 20:34) жазган:

Отклик кыргызчасын билбейм, жок экенине караганда бул чыгарма озумдон башка окурмандарга кызыгы жок окшойт. Баштагандан кийин орто жолго таштабай аягына чыгарып коюну туура кордум. Башка темаларды окуганда авторлору жоголуп кетип, бир эки абзац жазып анан суранткандарын коруп, мен жазуу жоопкерчилигин моюнга алсам 1-2 абзац жазып суусунун канбай калып умсунгандай кылбай, коптон жазып, чыгарманы бат баттан бутурот элем деп ойлочумун. Бирок мындай сый жарашпайт окшойт...))))) кандай десенер ошондой дегиле азыркы таптан баштап колум бошогондо кана терип козум чарчаса окурмандар кутуп калышпасын деп жанталашып аракет кылбастан, озумдун шартыма жараша кана жуктоймун. Китеп 191 беттен турат азыр 34 беттемин мумкун жыл аягына жакын толук бутуп калаарбыз. Колко кылды дейсинерби, же эмне эле баадаланат дейсинерби озунордун ишинер, аягына чыгарарым чын бирок баштагыдай калоом да, мотивациям да жок.
Кызыгып окуп жатканда ушундай кылганынар жакпайт да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: