Суперстан: Жортуул - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жортуул Асанбек Стамов тарыхый роман

#41 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 20:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Эх, сонун тарых экен, — деп Сарытай жетине албай кетти.— Ап бали! Сен ишендиңби?— Ишенбегендечи, бек! — Сарытай чын пейлинен айтты. Эки жагын акмалай караган атасы акырын күлүп койду. — Мен буга ишене бербейм...— Кантип, бек? — деп, жигит чыдамсызданды. — Себеби мында: мен ордодо жүргөн чагымда «алтынбешиктин» тарыхын эч ким кеп кылчу эмес. Аны билбегендиктен эмес, андай тарых жоктугунан унчугушпадыго. Болбосо падышанын ал уулунан тараган бир эки кандын ысмын биз да билет элек го...— Капрай! Таңгалган жаш мырзаны атасы чындап оңдоду.— Анда эмесе билип жүр: кандыкка жетип, өз кандыгын бекемдегиси келген ар бир кара башыл пенде ушундай жосунга барат. Алдапсооласа да элди ишендирүүнүн айласын кылат. Адегенде жанагинтип айың таратат. Анан өзү кан аталып тактыга чыгып алган соң, аны төгүнгө чыгарып ачык айткандар чыкпайт. Антчүлөрдүн баштары ыргыйт. Кийинки тукумдарга эмне, кан такта отурса ага болгон ишеним ого бетер күчөй берет да е— Атасы уулун бир карап алып, сурап койду:— Айткандарымды түшүндүңбү? — Түшүнүп атам, бек!— Жок, антип төгүн сүйлөбө! Сен али эч нерсени түшүнө элексиң, — деп коюп, Карабай оюн улады: — Кептин төркүнү башка. Нарботобий мага окшоп азыр пайгамбар жашына чыга элек. Ошентсе да мындан ары ал өзүн кан көтөрө койбос. Мурдагысындай эле өзүн бирде бий десе, бирде кан атап жүрө турар. Накта кандык анын уулдарынан башталат...— ...Андай болсо, бербейби кандыкты уулдарынын бирине,— деп Сарытай айтып алды .Карабай уулун каккан жок:— Ашыкпа, билсең так бирөө: Нарботобийдин балдары көп .Баары тең өздөрүнчө кан болсок деп үмүттөнүшөт. Бийлик атаколунан кеткенде эле так үчүн талаш чыгат. Аны түшүнгөнбий азырынча аяр, шашылбайт. Акылга кенч, кайраттуу мураскорду ал эмдигиче чуктап да койду. Бирок болочоктогу так ээси ким болору азырынча айтылбайт, ал жашыруун, Коконду Кокон кылган Нарботобий. Анын керт башынын даңкына ушу тапта ким теңеле алат? Ордонун куту Нарбото кандыгын жүргүзө турсун. Ага чейин мураскорлор жетилер, каныгар. Анан дагы билип ал: мындан ары кандык кимден башталса да, ал КанТоонун койңундагы сан кыргызга катылбай койбойт. Ал эми ордосу жок, шаары жок, же башкарган каны жок, кайран журт жатат камсыз... —Үшкүргөн Карабай дымып калды. Атасы үшкүрүп, күйшөлө түшкөнүнөн улам Сарытай кантседа өзүн айыптуу сезип, ат жалынан көзүн албай катты дакалды. Көк ала сакал болуп карыган, каржалган, үшүкеткенсиген атасынын кейпи бир саамга жаш мырзанын зэзнин кейитти. Чогуу жүрүп, такай ээрчий жүрүп, мурда атасын түшүнгөн эмес тура, азыр кадимкидей уялууда. Карабай бек жеке өз керт башынын, үйбүлөсүнүн түйшүгүн тартып жургөн адамдардан эмес тура. Атасы эл камын жеп, эл үчүн куйгөндүктөн ордодон кол үзбөй кара жанын карч уруп келатат. Барып бий жандап, анын кепкеңешин укса, кайракелип журт аралай, элдин паанайын байкап, кыргыздын азаптозогуна ортоктош болуп жатам деп ойлойт. Карабай канчалык боорукер, сергек көрүнсө, ал табиятынан ошончолук таш боор. Керек жерде кылыч көтөруп, баш алууга чейин барса, анысы да эл камы үчүн деп түшүнөт. Айкөлдүк,жоомарттык, куулук шумдук жана бир караган көзгө урунган энөөлүк, ошондой эле залимдик, канкордук турпатында чогуу жашаган бул эткелинен келген кара сур кишинин пайгамбар жашынан аштым дегени анчейин тамашадай, экиленгендей көрүнүшү ыктымал. Болбосо, али да билегинен күчү кете элек жигитче чымыр; дидиндеги кайраты ташкындаган: максатчыл, тынч жатып, куунак өмүр сүрүүнү жактырбаган — сергек адам Карабай бек.— Бир келген жоонун мизин кайтарганга корстон болушуп, баары бейкам, — деп кейип алды Карабай бек.— Уюшпайт, чогулушпайт, баары эндей жатышат, кайран эл. КетменТебөгө киргизбей, Нарын боюндагы ЭчкиСайда ЭрДаана менен Нарбото бийдин айласын куруткан Сатыке баатыр кайда азыр? Жатат ал да өзүнчө чээнге кирген аюудай болуп. Ажыдаардай түрүлө жоо болуп, өрт болуп каптапкелген Аблай хан менен тең тайлаша кан төгүшкөн СарыӨзөн Чүйдөгү Жайыл баатырдын тукумдары менен Жамансарттын уулу Түлөберди баатыр жана Атаке баатырдын сүрүнөн, дүңүнөн ким чочулабайт. Бириге албай жатабыз. Ар уруунун мыкты кашкалары өзүнчө кан, өзүнчө бий. Эртең эле төбөсүнө келтек ойноп, мойну кылычтын мизинде калары санааларына кирбейт. Кыргыздар эмитен Коконго баш ийбесе акыры келип кажылдаган көп кытайдын улуу эгеси Богдыхан басат. Ага караганда кокондуктар өз каныбыз, бир элбиз го... Куттуу конуштан ойротторду кууп чыкканда чогуу турганбыз. Өз тилибизди унутуп, дилибизди жоготуп, кытайча сүйлөй кытайга кор болгончо, Кокондун көк туусуна баш ийгенибиз оң эмесии. Ушу кезде кыргыз журтчулугунда Атаке баатырга тең келчү адам жок.Баатырдыгына жараша ал өзү акылман адам. Атаке баатыр жеке сага эмес, бүтүндөй сан кыргызга бел болууга арзыйт,билсең. ..

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 20:11



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 20:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Баянда кыргыз эли мындан туура эки жүз жыл мурда башынан өткөн окуя тууралуу сөз болууда. Тарыхтын барактарында азыраак изи калган жана эл ичинде айтыла калып жүрчү көптөгөн таржымал далайдан бери көөнүмдү алагды кылчу. Качандыр бир кезде аны кагазга түшүрүп коюу мойнумдагы парзым деп ойлочумун. Мына азыр биз он сегизинчи кылымда саякатта жүрөбүз. Эгер дастанда ошо кездеги доордун жүзү ачыгыраак сүрөттөлмөйүнчө окуя маңызсыз болуп калары белгилүү дечи. Рас, ар кандай эле доордун өзүнө жараша заңы, эрежеси болору бышык. Андыктан, ушул жерден ошо кездеги күчүнө толуп келаткан Кокон хандыгындагы саясий кырдаал тууралуу, анын ичинен өзгөчө кыргызга тиништүү жактарына азыраак токтоло кетүүнү ылайык таптык. Алгачкы ирет 1709 жылы Кокон хандыгын түзгөн миң уруусунун өкүлү Шорукбий өлкөнү он үч жылча башкарган .Андан соң Абдыкерим бий, Абдрахман бий жана Эрдаанабийлер келген такка. Өзгөчө өтө көрөгөч, ары акылман, кайраттуу Эрдаана бий өлгөндөн кийин бийлик 1770жылы Нарбото бийге өтөт да, ал дагы өлкөнү отуз жылга жакын башкарат. Эрдаана бий менен Нарбото бийдин тушунда бир кездеги кичинекей Кокон кадимкидей ордо шаарга айланып,казына алтынкүмүш менен зерге толуп, өлкөнүн чеги аркы СырДария, Ташкенге чейин жетти. Эрдаана бийдин тушунда башталган Алай, Мургап, Бадакшан жана Кара тегинден тартып, бүтүндөй Ала-Тоонун койнундагы кыргыздарды Кокон ордосуна баш ийдирүү саясаты ишке ашпаган. Эндей жашаган, эркин жашаган көчмөндөр атам замандан эле бөтөн бирөөнүн бийлигине көз каранды болуп, мөгдүрөп туруп бергенге чыдашпады. Кокон кандыгынын кыргыздарды толук багындырууга карата жасаган алгачкы чапкыны Эрдаана бийдин тушунда башталганын эскерттик. КетменТөбөнү алмайынча КанТоолук кыргыздарды өзүнө биротоло багындыруу мүмкүн эместигин сергек Эрдаана бий башынан эле эң жакшы билчү. Рас эле, кыргыздар мекендеген тоолордун арасындагы ой түзөңдөрдүн шарты менен тааныштыгы бар адам үчүн КетменТөбө жер ортосу. Сөздүн ачык маанисинде КетменТөбө — Кан Тоонун эшик алдында жаткан өзүнчө эле дарбазасы эле да. Ошол ыңгайлуу дарбазаны ээлеп, анын ичине чеп куруп бекемделип алган соң КанТоонун башка коюнкончу кайда качмак. Эрдаана бийдин кошуну КетменТөбөнү көздөй жайдын капортосу ченде жүрүш жасады. Кошун башы кылып Кулубексаларды дайындаган, Эрдаана бий. Кокондон чыккан шайдоот Кулубексалардын кошуну Анжиянды кыйгап өтүп, ҮчКоргонго келгенде гана жакшылап өрүш жасады да, анданары КараСууга түшкөндө чаалыккан, жай чилдеде каржалган чапкынчылар кайрадан тыныгууга токтойт. Мээден өткөн аптап алсыратып, тамак жүрөккө барбай, жайыла баскан кол жуунуп, суусуну канган соң — бир саамга болсо да көлөкөлөр саябан издей, кээси тамашашоокко алаксый күлкү алда кайда угулууда. Алдыда коркунуч өлүм жатканы эч кимисинин капарына кирбейт. Кошунда келаткан колдун ичинде кыргыз аттуу жок эле, чыккынчылык кылбасын деген ойдо Кокон менен ымала кылган кыргыздардын эч кимисин кошунга жолоткон эмес Эрдаана.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 20:17



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 20:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кошундун жол чалгычы Касым мангыт четкерээк жакта кызыл асканын көлөкөсүндө отурат. Кабагы түнөргөн, эч ким менен сүйлөшпөй ойлуу, жүрөгүндө бир түпөйүл санаа турган эле. Ал буга чейин кербен баштап, соодагерчилик кыла далай жолу КанТоонун ичин аңтарган, тинтип чыккан адам. Баш ийдиребиз деп атайын жүрүш жасап бараткан жапайы кыргыздардын кулкмүнөзүн, жашоо тиричилик шартын эң жакшы билет. Бул кандуу чапкынга кошулууга ал аргасыз макул болду. Эрк өзүндө болгондо келет беле өлүмгө өз башын байлап. Эрдемсиген кошун Кокондон аттангандан тартып жүрүш жасоонун эрежеси ага жакпайт. Кошун чапкынга чыккандан бери тартип сактоо деген болгон жок.Чачырай жайылып күндүз жол жүрүшөт да, кечинде токтогон эле жерлерине алоолонто от жагышып, шатырашатман ого бетер күчөйт. Кошундун деми, шаңы алда кайдан эле көрүнүп,алар каякка жана кимди беттеп баратканы жылгажыбыттардагы тоолуктарга айтылбаса деле алда качан дайын болгон. Бул жапайы өлкөдөгү узун кулактардай кабарчы башка элдерде жоктур. Кичинекей эле кабар улам биринен экинчисине өтүп отуруп, заматтын ортосунда ал чагылгандай тездик менен бүтүндөй журтка тарайт. Кошунбашы Кулубексалар өзүнчө дөөгүрсүйт, эч кимдин кепкеңешин көңүлгө алар түрү жок. Анын өтө эле бейкам жоругун жактырбаган Касым нечен жолу жанына барып: бу кыргыз деген журтчулук тегин жоо эмес экендигин айта келип тартип сактоонун, сыр сактоонун жол жобосун суранганда Кулубексалар кайра анын өзүн ашата сөгүп тыштады. Ошо бойдон Касым жол чалгыч аскер башыга батына албай калган.Кыргыздардын баарын жапайы айбан катары көрүп, деген менен аларды өзү үчүн жоо катары эсептебегенине анын ого бетер ичи күйдү. Рас, Кулубексалар нечен нечен жолу не бир мыктымын деген жоолор менен беттешкен дечи. Жеке кертбашы далай коркунучка тайманбай кирип, өлүмгө тике караган эр адам. Кантсе да ал кол банчы түзөң жерлерде согушуп келген эле. Беттешүүлөрдө согуш эрежесин сактай жекеме жекеге чыгып же душманын буктурмага алып; тороп,толгоп жолжобону сактай кооз согушканды жакшы көрөт. Көчмөндөрдүн жер шарты башка, элинин да кыял жоругу бөлөк экенин бул сапар эске албады ал. Турган жеринде барып эле камынтпай басып алуунуң, мууздап салуунун жолун ойлоп, кан ичкиси кармай эңсеп келатат. Жылуу кандын жыты каңылжарың өрдөй жүзү кумсара делебеси кызыйт Кулубексалардын. Кол учундагы жеңишин эстеген сайын каны башына атыла, алыска көз чаптырган болот да, шараптан шыңгыта жутуп, анан барып магдырай түшөт. Шарапкакызыган ал Касым мангытты өзүнө чакырып алып оолжуй кепке алды, бу жолу;— Ойэ, Касим, качан жетебиз жапандардын чегине!— Хазрети бек, биз үч күндөн бери жапандардын жерин аралап келатабыз го.Ал сурданды:— КетменТөбөгө чейин канча бар? Мага ошону айтың.— Жакындап калдык, хазретим. Мына ушу биз турган жерди КараСуу деп коёду. Билгенге касиети артык жер.Капкара ташка мол. Кара таштарын отко жаксаң кадимкидей күйөт. Табы өтө ысык болоды. Бул кара таштын ысыктыгына темир кадимки зле коргошундай эрийт. Кулубексалар ызырына колун кесеп токтотуп таштады Касым жол көрсөткүчтү. Мындай жортуулга тиешеси жок кептин мага кереги жок деген түрүн билгизди. Касым маңгыт түшүнө коюп, бектин алгачкы суроосуна жанталашып жооп берүүдө.— Хазретим, азыр биз тетигил Тегене деген жайлоону тепчип өтүп, андан ары КүрпСайга түшөбүз. КүрпСайдан өтөбергенде КетменТөбөнүн эң кууш капчыгайы, ЭчкиСай башталат. Менин коркконум жапандар биздин колдун келатканын билип калышпаса болду. Анда эле шорубуз кайнайт. Көчмөндөрдүн ичинде Жайчы деген сыйкырчылары бар.— Жайчы сыйкырчы не кылат бизге? — деп, кызыга түштү Кулубексалар. — Жайчы сыйкырчынын өнөрү күч. Ал көкө тенир мененс үйлөшө алат, ак жайдын күнү каалаган жерине кар жаадырат. Бир эле жайчы бүтүндөй кошунду кырып таштоого күчү жетет — деп алып, чеки сүйлөп койгонун билген ал кайра оозун баса калды. Ачуусу келген Кулубек:— Кантип? — деп титиреңдеди.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 20:23



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 20:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Айттым го хазретим, каалаган кезде, каалаган жерине мейли жай чилдеси болобу, ал мөндүр же кар жаадырып күндүн көзүн ачпай коёт. Жайчынын каарына калгандар саратандуу ысыкта атматтары менен кайыгып өлгөнүн далай жолу өз көзүм менен көргөм. Биздин жүрүшүбүз кетментөбөлүк Сатыке баатырга жетпегей эле. Ал билсе эле Кадыр жайчыны бизге каршы коё берет. Кадыр жайчы капчыгай ичинде кар жаадырып, кыян жүргүзүп жатып алса канттик? Тетиги каткыра күлүп жайылган колду тартипке чакырбасак болбойт. Деги мындан ары сактаналык, хазретим. Кыргыз айтат: еактыкка кордук жок. Кабагы жыйрылган Кулубексалар жол баштоочусунун айтканына ишенип ишенбей, не болсо да дедиби, кошунду жыйып тартипке чакырган болду. Бирок Кокондон жоо келатканын алда. качан эле уккан Сатыке баатыр өзүнчө кол курап, душманын ЭчкиСайдын башында күтүп жаткан.Сатыкенин жол күзөтчүлөрү бейкам келаткан жоонун санынан бери билип, алар кайсы жерде, кантип эс алып жатканына дейре баатырга жеткирип турушканын Кулубексалар кайдан сезсин.Тизилген, чубалган кол түшкө жакын эбин бузбай ЭчкиСайга киришип, андан ары Нарынды бойлой өр тартышты. Капчыгайдын ичи аябагандай салкын болгондуктан чөл кезип, далайдан бери жол азабын тартышкан кошун муздак, таза абадан дем ала жыргай түшкөн эле. Кырка тизилген кошундун кылда башында жоош монгол жылкысын минген Касым маңгыт. Капчыгай ичи кууш, жол тар. Он жагында көгүш тарта түнөрө аккан Нарын дарыя. Чокусу булут челген аскалардын үстундө көк асман бүлбүлдөгөнсүйт. Мурда мындай каргыш тийген жолду басып көрбөгөн кошундун үрөйү уча өз ара сүйлшкөн жан жок. КетменТөбөнүн түзөңүнө чыксам жапандардын сазайын беремго деген Кулубексалар үрөйү учкандай өзүнчө мелтирейт. Кошун капчыгайды ортолоп калганда заматта асман көрүнбөй, жыш булут каптады да, жамгыр төгө баштаган. Учугуна чейин суу өткөн жоокерлер калтырап үшүй баштаганда эми үстүүстүнө мөндүр сабап кирди.— А, кудоо, Кадыр жайчы билген экен кабарыбызды, —деп жаны көзүнө көрүнгөн Касым Кулубексаларга карап кыйкырып алды. — Хазретим, кошун бөлүнбөй, буйдалбай тез жүрсүн. Азыр кар жаайт, буюгуп калышат. Атын эпеңдете желдирген Касым көпчүлүктөн азыраак бөлүнө, окчундай түшкөндө «күү» эткен катуу добуш чыгып,үйдөй, койдой таштар заматта кошун алдындагы Кулубексалардын өзүн баш кыла шыпырып кетти. Чуркурай үрөйү учкан аскер сөрөйлөр артты көздөй жыйрылып,түртүшө баштаганда топон суу жүргөндөй үйөрлөнгөн кыяндан улам кошундун эң арт жагынан койдой таштар үстөккөбосток кулады. Бирде алдыга жүткүнүп, кайрадан артка сүрдүгө кошундун тымтыракайы чыкты да, чайкайнамга жетпеген убакыттын ичинде Нарын дарыясы атматы менен аккан адамдарга жык толуп, эмелеки эрдемсиген көп кол жер жуткандай кыйрады да калды. Жол көрсөтүүчү Касым маңгыт бая алдыга чаап чыккан бойдо нкөк асканын түбүнө корголой ордунан козголгон эмес. Көз ирмемчелик мезгил ортосунда болуп өткөн кырсык бечаранын үрөйүн учурду. Калч калч эткен ал биринсерин тоңкойгон өлүктөрдү аралата артты карай чаап келатканда эмелеки тээ жогору аска башынан чыккан кыйкырыкчуу дадароо басылып, чайыттай көпкөк асман көрүндү. Жанатан бери аска башынан таш кулатып жатышкан жигиттер эликтей так секирише төмөн түшүп келатышкан болчу. Эки далысын күйшөй жанталаша чаап бараткан Касым маңгытка жаа кармай берген жигитти: «Тим кой, Коконго жетсе мынабул кыргын жөнүндө айтып барат. Анан экинчи жолуЭрдаана бийдин кошун топтогонун көрөбүз» — деп,локуйган Сатыке баатыр камырабайт. Кызыгың түшкүрдүкү, эгер качып бараткан Касым маңгыт Сатыке баатырдын жигиттеринин ичинен бири да суу болбогонун көрсө аябай эле таңгалмактыр

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 20:29



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 20:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ошо боюнча Кан-Тоолук кыргыздарга катылганын коюшкан кокондуктардын экинчи жортуулун, Нарбото бий такка келгенден кийин 1773жылы топтоп: — жайында этке тоюп, кымызга карк болгон жапандар алдуу келет. Анан калс акыргыздардын жайчысы да балекет экен—дешип чапкынды кышында жөнөтмөк болушкан.— Кан сарайындагылардын ою боюнча кыш кыргыз үчүн мүшкүлдүү мезгил, кышында жоого айбат көрсөтмөк тургай боз үйдө жашаган көчмөндөр үшүпкайыгып эз жанынын айласын таппай калат. «Айнекташтан чыгат, айнекти талкалаган да таш» — дешип бул сапар бүткүл Наманган менен Шахрихан аймагынын акими,калайыкка таанымал баатыр, Нарбото бийдин карачечекей иниси Кан Кожону кошунга башчы кылып дайындашкан эле. Анда да кокондуктар караманча талкаланып кыш жеке эле кыргыздар үчүн гана кыйын мезгил эмес, эрдемсигендер үчүнда тозоктун айы болуп чыккан. Ак кар — көк муздун үстүндө мүдурүлө араң бастырып келатышканда дагы эле ошол ЭчкиСайдын үстүнөн кыйкырык чуу чыгып, таш кулай көчкү жүрдү. Араң келаткан кошун айла издөөгө үлгүргөн жок. Көчкү өткөн жерден кошундун изи да билинбей, тим эле өрт ###### кеткендей мисирейип калыптыр. Мында да кыргыз колунун башында пайгамбар жашына жете элек Сатыке баатыр турган. Ошол чапкында кошундун кашкасы КанКожо өзү колго түштү. Көчкүгө серпилбей көк аскага жабышып турган жеринен колго түшкөн Кан Кожого Сатыке баатыр мээримдүү мамиле кылган дейт. Анан калса,ал кездеги жигит Кан Кожо кичинесинен кыргыздардын арасында көкүлдөш болуп өскөнү эске алынды да, Сатыке баатыр Чаткалда өскөн көкүлдөштү зынданга салып ызалагысы келген жок. Мындан кийин туугандарыма кол салбайм дедиртип убадасын алган соң, кадимкидей сый көрсөтүп он чакты жигит аны ҮчКоргонго чейин узатып келишкен. Баса, ушул эле Кан Кожо бий Нарбото өлгөн соң такка анын уулу Алимкан келгенде андан тарткан запкынын айынан үч эркек балдары менен башын калкалай Чаткалды жамынган. Кан Кожонун тун уулу Шералы ошондо он алтыжашта эле. Жапайы кыргыздарга ичинен кекенип, каны кайнаса да, Нарбото бий ошо бойдон аларга катылганын бир мерчемдүү мезгилге чейин токтоткон болучу. Азырын чакыргызды күчкө салып багынтуу натура экенин түшүнгөн эле Нарбото. Ошо бир аз бейкут мезгил аралыгында КанТоолук кыргыздар кадимкидей ирденип дегендей санкыргыз атала баштаганын эң мурда эскерттик. Кокон Кокон болуп көтөрүлгөн сайын ажайып кооз Паргана өрөөнүндөгү бул жаңы өлкөнүн кадыр баркы жыл санай анын чегинен ары ашып кетти да, калган Хива менен Бухарага окшогон мурда чыккан кан ордосу өзүнчө эле басырына, алсырап, жүдөй баштаган кезде да Нарбото бий эмнегедир кан атагын алууга шашпай, ал мурдагысынча эле бирде бийдин атынан жардык чыгара, кээде өзүн «эмир» атап коюп, жылуу төшөктө тынч уктабай салыцуруп жүрө берди. КанТоодук кыргыздардай эле: Алай, Мургап жана Памир тоолорун мекендеген кыргыздар да Нарбото бийге анча баш ийип беришкен жок. Эгер, бул кара баскан жапан эл анчалык каршылык көрсөтүшпөгөндө анын амири тиги Кашкарга чейин жетерин ойлогондо бийдин ичи күйүп, кыжырлана, ызырына араң чыдоочу. Анан кантмек эле, дагы да болсо оңтойлуу учурду күтүп жатты ал көкжал.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 20:46



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 22:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Байкап, өзүң күбө болуп кой, — деп уулуна кеңешкендей үн катты Карабайбек. — Илгертеден эле ордого аралашып, ордо менен ымаласын эч бузбай келаткан Анжиян менең Аксынын кыргыздары. Калган боордошторубуз ар качан жапайылыгын, терсаяктыгын коё беришпей, анан ошонун кесепети өз баштарына тийип жатканы менен да караманча иштери болбойт. Жамы кыргыз акыры келип Коконго баш ийери күмөн иш бекен? Түшунгөнгө алкашкайган чындык. Бүгүн болбосо эртеңби, айтор, акыры келип эле ордо бир айласын табат алардын. КанТоонун көп жеринде чеп курулат, чеп Сары Өзөн Чүйдө да орнойт. Ордонун каары күчтүү, ага жеке Атаке баатырдын керт башыда туруштук бере койбос. Ушуларды сен капарыңа алдың беле?Кокусунан коюлган суроого чынын айтты Сарытай:— Ойлобоптурмун, бек.— Мындан ары биле жүр. Ал кезди мен көрбөсмүн. А бирок ошол коогалаңдуу доорго сен туш келесиң. Анда сенин арааның жүрөт. Эгер акылың жетип, айласын тапсаң, ошондосан кыргызды бөлүп алганга жарарсың, — деп Карабай дымый түштү.Экөө унчукпай бастырууда. Чыдамы кеткен Сарытай сурап жиберди:— Кимден, бек?— Кимден болмок эле кыргыз журтун Кокондон бөлүп чыгып, ордо кур. Каны жок ордо болбойт, өзүңдү кан көтөр.Кадырың өтсө кыргыз атанын тукумдары сени колдоп алууга жарайт деп ойлойм.Бул максатты куру кыял катары сезбеген Сарытай:— Бек! — деди, тайсалдай.— И, ие, — айта бер!— Мени коюп Нарбото бий өзү даабай жатат го ыйык ишке.— Баятан бери бекеринен жобурап келатамбы сага. —Нааразы болгон Карабай акырын түшүндүрдү. — Нарбото бий даабай жатат дегенимди сен ушундайча түшүндүңбү? Сөздүн маңызын туура баамдап жүр. Бий учурдун, кырдаалдын келишин күтүп жургөнүн эскерткем жана эле. Нарббто бийдаа байбы, ал коркок пенделерден бекен? Дагы айтам: акыры анын уулдарынын бири өзүн кан көтөрөт. Ошондо ордого кадыры өткөн сен дагы кынтыксыз бек аталып чыга келесиң.Ал эми бабаларынан бери бек аталган адам кандык кылууга арзыйт. Жаның жокпу, анан кан тагына отуруш кашкабактын ортосундагы иш да...Орто Азия элдеринин саясий турмушунда илгертеден бери эле Чынгызкандын тукумдарынан бөлөк эч ким кан укугуна ээ болушпай, ал эреже салт катары калайыктын каныжанына аябай сиңгендиктен учурунда Аксак Темирдин өзү да зор өлкөнү чеңгелине мыкчып турганы менен, өзүн кан деп атай албастан, кандын «күйөө баласынын» атынан бийлик жүргүзгөн. Кийинчерээк Темирландын тукумдары Султанатала падышалык кылуу укугуна толук ээ болгон соң, кандык алардын ата мурасы катары эсептеле баштайт да,качан Султан Бабырды Шайбани кан Ооганды көздөй сүргөнгө чейин бийлик бүт бойдон алардын энчисинен чыкпаган. Султан Бабыр ата мурасы Ооганды ээлеп, анданХиндустанга падышалык кыла баштагандан бери үч жүзчө жылдын жүзү болду. Анын аралыгында далай заман, нечен бийлик алмашты да, эмики кезек миң уруусунан чыккан Нарбото бийдин үлүшүнө тийип отурат. Бирок тукумдарынан бери бий болуп келатканына карабастан тегинде Султан тукумунун каны жок экендигин жакшы билген Нарбото адегенде доордун салтына ылайык келчү укук издей көп чарпылып жүрүп, акыры минтип «Алтынбешиктин» тарыхы табылгандан бери анын көңүлү жайыңда. Азыр билгендерге Нарботобийдин түпкү бабалары Султан Бабырдан тарайт. Минтип бийликтин туу чокусунда тургананы менен, мыктымын дегендер талашып муну төгүнгө чыгарып көрсүнчү

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 23:00



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 23:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ушуларды уулуна түшүндүрүп келип:— Кокондун куту азыр — Нарбото, — деп Карабай кубангандай күлүп алды. — Кокон чоң өлкө. Ал азыр теңдешсиз күчтүү өлкө. Бийдин кендирин кескен эле өзүбүздүн КанТоонун көк жал сөрөйлөрү. Алар бийликке моюн сунуп бергенде Нарбото алда качан эле, отурган аккийизинин бир учун сан кыргыздын эң мыкты чыгаанына кармата берип өзүн кан көтөрүп таштамак. Ошондо элибиз ордого андан бетер энчилеш болмок. Кыргызсыз Кокондун күнү жок. Коконсуз эндей кыргыз өзү да жашай албайт. Аны билбей эле ар бири кыйынсына беришсе, кайран элибиз акыры келип Богдыханга жем болот... — Ошону түшүнгөн кыргыз кашкалары кайда? — деп Сарытай атасынча кейиди. Карабай баш чайкады:— Кыргыздын ичинде деле түшүнгөндөр, акылмандар көп .Алардын эң мыктыларынын бири Атаке баатыр. Богдыхан КанТоого тузак тартып салганын Атаке билет. Аны түшүнбөсө эл башы болобу.— Андай экен Коконго баш ийип бербейби, кан ордосу аларды канатына калкалайт эле го.— Антишпейт биздин эл.— Неге?— Кокондун канатына сыйбайт кыргыздар.— Анда ойлогондору не?— Кеп ошондо...— Кызык, — деди Сарытай. Карабай сурады:— Атаке баатырдын элчилери ак падышанын ордосун карай кетишти дейт, эшиттин беле?— Жок.— Атаке баатыр аны ич ара жашыруун иштесе да, билинип калды.— Угуп атам, бек.— Орус чон өлкө.— Орус кайда, биз кайда, бек!— Туура айтасың. Орустун ордосу жердин түбү дешет. Ага аргымак аттын туягы айдап жылдап араң жетет. Ошого карабастан Атаке баатырдын жигиттери: аргымагы баш болгон жүздөгөн кундузсуусарлары менен кошо баалуу белек алып орустун ордосуна чейин жетишип, падыша эненин колун өбүшмөкчү экен.— Капырай, — деп Сарытай дагы таңгалды. — Деп: аякка кеткендеги максаты кандай?— Орус бийлигин кабылдагыбыз келет дешип, падыша энеге кат жаздырган тура Атаке баатыр. Сарытай чоочуп кетти:— Капыргабы? — Ооба, капырга!— Акылсыз жорук экен.— Аша чаппа, Атаке акылдуу адам. Ал жөнүндө башында эскертпедим беле.— Жеткен акылы ошобу...— Атакебаатыр ал ишке айласыздан барып отурсачы...— Айласызданбы? — Ооба, айласыздан. — Баатырдын айласын кетирген кимдер?— Ап бали, сөздүн чордонуна эми келдик.— Кулак сизде, бек.— Атакени мажбурлаган, тушушунан кыскан душмандар көп. Карабашыл жалгыз адамда душман бар. Атакебаатырда душман аз дейсиңби. Атаке ушу тапта эл кишиси. А түшүнсөң Атакенин душманы, жамы кыргыздын душманы. Көк кашка суулары шар агып, тулаңы буралган КанТоонун коюнколтугу менен, жаз ченде. куураган таякты сайып койсоң күзүндө көгөрүп өнүп чыккан Сары Өзөн Чүйдөн тартып касиеттүү кыргыз жери — берекенин кени. Түмөндөгөн төрт түлүк малга бай, куту ташыган мекенге кимдер көз артпасын. Сулуу кыз менен ташыган байлыкка ээболсом деп самагандар четтен чыгат. Айткандай, кыргыздынон жагынан манжур кытай падышасы Богдыхан турат аңдып. Кечээ күнү Атакенин бет алдындагы камыштуу сары талааны жиреп чыгып Аблай хан чапты. КетменТөбөнү ээлеп, кокондуктар муунтсак дейт кыргызды. Атаке баатыр макоо бекен! Ушунун баарын көрүп, билип отурбайбы... — Анда өзү эле ордону таанып койбойбу?— Баягы эски суроону дагы бердиң. Атабаланын тилегибир. Андыктан ашыкпа, сөз ук. Акылы жетилди, көзү каныкты деп айтып жатам. Журт арасындагы таймашуулардын түрлөрү арбын. Ачык чыкканы, тымызын бышканы бар. Аларды таанып, ажырата албасаң эл билмек кайда. Бөрүчө улуп, бөрүнүн баатырлыгын үйрөн, анан түлкүчө сак жүр. Анан да эч качан унутпа: туюу жана акыл менен ченөө — айры буттун милдети. Кандай маселе чыкпасын акылыңа салып, миң толгон. Озунуп суроо салган,ороңдоп урушкан бек журт эгеси боло албайт. Канчалык ичиң бышып, ачууң келип турса да ырайын аны сездирбесин. Маңдайың жарыла кубанганыңды ичиңе оп тартып кой. Туура сүйлөгөн адамды ачык кубаттаба, жаңылыш айтканды жекирбе. Бөөдө жерден мактай жайкап көңүл уласаң ага да көнөт журтчулук. Жөнүн айтканда, азыркы тукумдар илгерки эл билген көйкашкалардын айла амалы менен баатырдыгына тең келбейбиз. Алар көбүнчө бөтөн көсөмдүн оозунан чыккан акылды өз атынан айта билишчү. Жаны ооруса онтобой, бычак жесе мисирейип кирпик ирмебей коюшканычы. Оордук кылбаса, атаңдын жаман акылын көңүлүңө түйүп кой. —Карабай уулун сынагандай. Ал өзүнчө кебелбегенсийт: — Керектүү таштын оордугу жок да, бек! Карабай кайрадан кобурай берди:— Кептин наркы, Атаке баатыр ушу тапта өзүн Нарботобийден кем көрбөйт. Койдон койдун эмнеси артык,кол башындай эти артык. Нарбото Хоконду бийлесе, Атаке өз кадырым КанТоодон ашты деп түшүнөт. Эми эле эскерттим го,баатырлыгына жараша — Атаке амалкөй. Анын амалкөйлүгү менен гана Сары Өзөндөгү бир ууч сарыбагыштар азыр санкыргызды жонунан биле башташты го. Баса, кечээ Аблай хан Чүй менен Таласты чапканга чейин Атаке мынчалык дөөлөткө жетпеген. Ошол чапкында калың солто менен саяктын нечен Эр азаматтарынын башы кетти. «Жайыл кыргыны» деген алаамат бүгүн да элдин эсикөөнүнөн кете элек.— Кабарым бар, — деди Сарытай.— Ырас, кабардарсьгң, бирок Аблай кандын насилин биле жүргөнүн оң, — деп кебин улады. — Ошентип, Чынгызхандын накта тукумунанмын деп өзүн Султан атаган Аблай кечээ эле кыргызды анчалык жоо катары көрбөй, Кең Чүйдү беттеп колбаштайт. Сары Өзөндө ага Тагай бийден тараган Солто элинин Жайылбаатыры менен Эр Момокон жана АлаКөз Кабанын шери Эр Садырлар каршы туруп, Көл башындагы көк жайсаң Каркырада жүргөн Атакебаатырга . кабар кеч жеткен. Ал колкурап жетип келгенче Аблай хандын чапкынчылары Солто элин сапырып жиберген тура. Атайын чыгынып келген жоо СарыӨзөндү өртчө каптай, казак кыргыздын эки жагынан теңкан суудай аккан дешчү. Жайыл баатырдын анда жетимишкетайап калган кези. Жоон санынан бери талкаланган бутун чытырата таңып салган ал улам ат которо минип, үч күн бою салгылашса да, кайран эр төрт уулу менен кошо туткунга алыныптыр. Кансыраган Эр Садыр менен эр Момокон да жоо колуна тутулган. Ошондо колго түшкөн кыргыз кашкаларынын ичиндеги Жайыл баатырдын кенже уулу Итикеден башкасын бүт бойдон күмжам кылып таштаган канкор Аблай кул,

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 23:11



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 23:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Сарытай чоочуду:— Бек, неликтен Аблай канды кул дейсиң? Теги Султан эмеспи...— Аны бир кудай билет...— Кандайча, бек?— Олда уулумай, — деп, эми чындап кейиди Карабай. —Жанатан бери Нарбото бий кандай жол менен Султан Бабырдын тукуму болуп чыкканын бекер жобурадымбы сага.Аблайдын назили кул экендиги азыр деле айтыла калат. Алтургай, ушу күндө токсондон ашып, көзү тирүү турган Букар ырчынын алда качанкы айтканы элдин эсинен чыкты дейсиңби. Калкаман уулу Букар акылман өзү — Аргын казагы. Аблай өлөр өлгүчө Букар ырчы анын кашында жүрүп, ал тургай кандын кеңешчиси, увазири болгон. Аблайдын жети атасынан бери билген акылмандын айтканын билип ал анда:Аблай сен он бир жасыңдаТурумтайдай уул едиң.Он бес жаска келгендеАркалык Абдулмамбет төрөнүн Төөсүн баккан кул едиң... Аблай атың жок еди Сопол атпен жүр едиң,Аны да көргөн жерим бар...Букар айткандай жыйырма жашка келгенче Аблай көп каракчынын бириндей эле уурулук менен жан сактаган. Алгана эмес, эки курдай кыргыздар аны туткунга да алышкан. Биринде эр Солтоной каракчынын канын кечип койсо, экинчи жолу Талкандын уулу Кошой баатыр аяп коёт аны. Анан акырындай аты чыга келди Аблайдын. Дегинкиси, өзүнүн көкжалдыгы, көйкашкалыгы менен ал жаамы казактын башын бириктирип, кан атагына ээ болду. Аблайдын эрдигин,акылмандыгын мен танып жаткан жокмун. Аблайдай эрлер бир гана келет. Бирок, кантсе да кан аты менен ошондо алдына келген туткун эрлерибиздин башын алдыртканына таңмын. Кандын жолун туткан жок анда Аблай. Ошол кыргында мыктыларыбыздын башы кетпесе Атаке баатыр бүгүн санкыргызды биле алат беле? Ай, ким билет. Жанагы мен айткан«Жайыл кыргынында» өзү курчоодо калып, колго тушөрүндө Аблай кыргызды алдап кеткен.Атасы тымый түштү эле:— Кантип? — деди, ынтызар Сарытай.— Сарыбагыш уруусунун Эсенгул менен Атаке баатыры кол курап келип калганда жоого түшкөн саяк менен солтонун жоокерлери алсырай баштаган учур экен. Атакенин колун көргөндө жоо сестей тушөт. Ал аңгыча Эр Солтоной менен Бердике берендин тукумдары сол жагынан жапырып,Аблайдын көп колу сазга камалып курчоодо калган дешет. Антип минткенче амалкөй кан ак туу көтөртүп кыргынды токтотуу жөнүндө элчи жиберет да, Жайыл баатыр макулдугун берип коёт. Сарытайдын ачуусу келе түштү:— Амалкөй деген Атаке баатыр унчукпаптырбы анда? Ушу жерден жүйөөлүү ой эсине келген Карабай күлөсүйлөдү: — Апбали, сөз ошо жөнүндө болсун. Мурдараак айтам деп эстен чыгарып таштаптырмын. Атаке баатырдын байбичеси эмелеки мен айткан Бердике берендин небереси эле. Андан төрт уулу бар. Азыркы токолу Жайыл баатырдын тун кызы— Бегимжан. Бегимжан Атаке баатырга эки уул, эки кыз төрөп берди. Сен алчу колуктуңду да Бегимжан тууган. Кантмек эле анан, кайын атасынын аңкоо жообуна Атаке баатыр каршылык кыла албайт да. Ошентип капкандан бошонгон бөрүчө Аблай казактын сары талаасын көздөй беталган болот...— Жоо аяган жаралуу, бекер кылыптыр.— Ак сөз, жоо аяган жаралуу, — деп Карабай уулун тукура сүйлөдү. — Көксөөсү суубаган канкор Аблай чөлгө сиңип кеткен болуп күч жыйнай, бир топ күн тыныгат да,кайра келип капарсыз жаткан Солто элин чабат. Ошо боюнча казактар жана мен айткан баатырлары менен кошо жүздөгөн үйбүлөнү байлап матап ала кеткен. Теги калмак Аблайды ушундан кийин ким десек? Султан аталган башы менен кылган ищин көр. Төрт жылдын жүзү болду, а да кетти тиги дүйнөгө. Эмдигиче баатырларыбыздын арбактары менен бет келишкендир. Өлгөндүн артынан жаман айтуу салтта жок. Мен билип койсун деп, сага окуянын маңызын гана баян эттим...— Анык канкор турбайбы Аблай, — деди ичи күйгөнсүгөн мырза. Карабай уулун акырын зекигенсиди: — Канкордук кан менен баатырга жараша берет. Кеп Аблайдын боордош эки журтчулуктун заңын бузгандыгында. Асты калмакка ишенбе, уулум. Алар канчалык эл болуп беребиз дешсе да, дилин бербейт кыргызга. Оңуту келген жерден жамандыгын бүкмөлөп жасай беришет. Ошол окуядан кийин Атакебаатырдын жигиттери арыбери өткөн орус кербендерин ээрчий: Кашкарга, Ооганга чейин барып жүрөт дешкен. Көрсө Баатыр бекеринен орусту аңдыбаптырда. Орус — адилет, боорукер, айткан сөзүнө туруктуу болот деп көңүлү уюп, куштары түшүп калган го. Атакеге Богдыхан караманча жакпайт. Коконго да баш ийгиси келбейт. Нарбото бийден да көңүлү калган анын. Аблайдын көзү өтсө да акыры аның тукумдарынын бирөө келип кол салат деп көп ишене бербейт. Өзүн кан көтөрүп, ордо курууга кубаты жетпесин да билет. Анын үстүнө ататегинде бий аталган эч жан болбогон. Анан калса Нарбото өзүн кан көтөрүүгө даабай жатканда, Атакени кан деп ким тааныйт. Оруска таянып сан кыргызды биротоло бийлесем деген ниети ичинде. Оруска, кол берген кыргызга Богдыхан менен кокондуктан катыла алабы? Мынакей, Баатырдын оюндагысын мен апачык эле көрүп турам. Билгенге орус кайда биз кайда? Орус келип кыргызга болушканча — текенин куулугу түшөт менен ээрчип жүрө берип ачкадан өлгөн түлкүчө Атаке баатыр да картайып алдан таяр. Эртеңки куйруктан — бүгүнкү өпкө. Мындан ары сенин заманың келатат, уулум. Чыгынып бел байла, үмүт кылбаса, максат тутпаса, жигит мүдөөсүнө жетпейт. Жок жерден Нарбото бийлик жүргүзүп жатканда, сенин андан эмнең кем! Кыргыз намыскөй журт. Амал айласын таап кан болуп калсаң өз кулунусуң да, кыргыз атанын тукумдары кылычынды чаап, найзага төштөрүн тосконго жарайт. Касиеттүү Манастын арбагы колдосун сени. Атабабасынан жоокер эл — кыргыз атанын арбагына сыйынышып, ушу кезге чейин жоголуп житип кетпей далай окуянын ичинен чыгышты го. Ыйык максатка жетуүнүн бирден бир жолу азыр Атаке баатырды колго алуу. Кудай буйруп, баатыр менен кудасөөк болсок иш оңунан чыкты дей бер. Тагдырга бүткөн Сырга кыз, а мүмкүн сенин бактыңа бүткөндүр...

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 23:19



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 23:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Акылыңызды туйдум, бек... Карабай сүйлөй берди:— Арбактан корксо, тууганчылыкты эске алса, Атакебаатыр кызын өзүңө кошуп аттандырып жиберер. Атабабаңды ал жакшы билет. Калмактан запкы көргөн" эр Тынай Анжиянга тууган издеп келгенде аны кастарлагандардын бири биздин уруулар. Жедигер туугандарына кошулуп аштык айдаганына жер бердик. Алдына мал айдаттык. Жайлообуз, жатагыбыз да чогуу болду. Аштык себем дегенде арыгын казыштык. Жоолашам, калмакты сүрөм дегенде кылычын чабышып, ата конушуна ээ кылдык. Атакенин да бала чагы өткөн биздин элде. Анжияндагы ата журтунун изи азыр да сууй элек. Атасы салган Тынай арыктан ушу кезде да суу агат. Ата салтында тууганчылыгын, кылган жакшылыгын док кылуу жарабаган жорук. Мен муну сен билсин деп анчейин эскертип жатам... .Ата менен баланын дили бирикти, катар баскан кош аттын добушу билинбей көтөрүлгөн, мемиреген саргыч ай булутсуз, булайган асманга чөгөрүп таштагандай түн бейкут,түн жылуу. Асыл максат, алыскы максат жигиттин делебесин жибитип, атасы айткандай; кара ташча муздак, каны жок, катырылган сүлдөдөй мерез, тоң көрүнүүгө аракет кылса да,көңүлү алып уча, атасы менен дагы да эркин сүйлөшкус үкеле, өзүнчө эле эреркеп турду. Дайыма ээрчише чогуу журүшсө да, ээн эркин сүйлөшпөй, өзүн оолак хуткансыган атасынан кечирим сурагысы келип, жанагы тайкылыгына ,чийкилигине азыр чындап жини келүүдө. Кыраакылыктын жоктугу, бышпагандык, жетилбегендик жыйырмадан алда качан ашкан жигитке, бек тукумуңа сыйар жорукпу., Сулуу кыз тандай: куш жаздык, олпок төшөктү эңсөө — эл тагдырын чеччү, эл кадырына жетчү мырзанын кылар ишиби? Бир саамга өзүн жек көрүп кетти Сарытай мырза. Кыргызды бириктирип, чачылган, өксүгөн, далай азап көргөн байкуш журтту, баатыр журтту, баёо элди багып алчу, ага эге болчу адамдын кейпи мендей болобу? Бирде эргип; бирде каны ичине тартып: күйүп быша бир эле заматта көкүрөгү тоону тирап, төбөсү көккө тийип жетиле түшкөнүнө, көзү ачыла акылмандын кейпин кийгенине таңгалып да коёт. Алды жактан түтүн жыттанып; иттер үрө айылга жакындап калышкан эле. Көк жондун ай тийбес тескейинен жылкы кишенеп, үйурүн коруган айгыр туш келди чуркай буту менен жер чапчып, ана жылкычылардын өз ара ун салышканы алда кайдан угула демейдеги турмуш, көчмөн элдин кадимки тиричилиги — кыялы асманда жургөн мырзаны көктөн көтөруп алып бутунан жерге коюп койгондой болду. Өксуй түштү, пастай түштү жигит Ушу тапта атасынын үнү чыкты. Ал дагы уулу жөнүндө, эл жөнүндө йлоп келаткан эле.—. Тилегиңе жетсең, сан кыргыз өзүңдү өгөйлөбөй,дөөлөтүң артса — катын курусун. Сулуулардын не мыктысы, акактай таза, айнектей тунугу бектин эркенин кайда качат? Ошондо да эсиңе түйүп ал: сулуу катындан туулган уул менен кыздын көпчүлүгү шайкелең болушат. Өзгөчө андай катындан туулган эркек бала көйрөң келип, мокок чыгат. Андай эркек эр жеткенде катынпозураак болуп, оюншоокту жакшы көрөт, кылыч кармагандан качып, кыз жандагысы келет. Шайкелең эркек жортуулда жолтоолук гана кылар. Анан калса аруу катынга суктангандар четтен жолугар. Көз артса, мактай берсеакыры анын дили бузулат да... Көп мактаган жибек тез торсуйт, көп мактоо уккан катын тез жибип, тез бошойт. Барып келип эле атабабадан калган сөз: ойношчул катындан —шылдыңчыл уул. Шылдыңчыл уул жоокер болуп жыргатабы? Азыркыдай залим заманда — эрдин алган катыны да өзүндөй жоокер болбосо, тукум курубайбы... Кой жуушаган айылды кыйгап өтүшүп, алар шар ак кан суунун боюндагы, колоттун алкымына жакын тигилгёй он экиканат ак боз үйдү көздөй жай бастырып келатышты. Бул —Карабай бектин өргөөсү. Баятан бери акыйып тнктеп турган эки жигит утурлай чуркап келишип, тизгиндерге колдору, чап жабыша калды. Боз үйдөн чыккан комуздун үнүнө жини келген Кара бай бек:— Бердибай, комузчуну ким чакырган? Ыр угуп шаттанчу мезгил бекен. Сары Өзөн Чүйдө анын атасынын акысы жок. Калеын быякта — деп катуу айтып таштады. Жигиттердин эч кимиси оңдуу жооп бере албай, чуркап кетти боз үйдү көздөй бирөө. Комуз үнү тып басылганда боз уйгө киргиси келбеген Карабай бек бир ордунан жылбай жардана туруп турган кырк жигитти көздөй утурлады. Өздөрүн көздөй келаткан Карабайдын алдына шайдоот кырк жигит чуркап келишип тура калышкан болчу. Ичинен ыраазы болгон Бек:— Арыбаңар, жигиттер, — дёп эркелете салам берди. Баары бир ооздон унчугушту:— Бар болуң, Бек!

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 23:26



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2016 - 21:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Күн мээрими көңүлдү ого бетер жибитип, али бүгүлө элек көк жибек чатырдан анчалык алысташпай, жайма жай илээнди кадам таштаган жигиттер кээде экиденүчтөн топтошо калып, бир аздан кийин кур каткырык тоо жанырса те чет жакалай тущалган кыпкызыл буудандар оттогондон эрингендей өз беттеринче ныксыраша, бирде ээлерин күткөндөй баш чайкап, жер чапчып тыбырчылай, кантсе да чуркаса кара буулары чыкчудан бетер, айтор, жаныбарлардын кандайдыр бир коогалуу ызычууну эңсеген түрлөрү бар. Азыр кыз көрүү, кыз узатуу шааншөкөтүнөн башка көңүлдөрүндө эч нерсе жок жигиттердин бейкапар каткырыгы жолтоо болмок беле. Сарытай мырза аларга таптакыр көңүл бөлбөстөн, атасы экөөнүн ортосундагы ошол түнкү аңгеме ой дүйнөсүн дүүлүктүрүп, курчутуп, ан сайын жүзү сурдана, каны ичине тартып, кирпик кашы да кыймылдабай, ободогу ж,алгыз бүркүтчө, жалгыздай басып,жалгыз кыялданган ал ушу тапта эч ким менен иши жоктой мелтирейт, мемирейт. Ооба, атасы көрсөткөн асыл максат, алдыда жолукчу келечек делебесин кызыта улам дем берип, доссуз, жолдошсуз жүргөнүнө кайыл боло, эч убакта зерикпеген кыраан бүркүт сыяктуу жалгыздыктын рахатына канып жаткандай, көктү тиктеген боюнча ал бир азга ката түшкөн эле.Селейген, каткан Сарытайды баятан бери алдыртан байкап отурган Ыман аксакал жанына жетип келген Койсарыны кепке алды:— Жаш мырза сүрдөй баштадыбы? Баатырдын кызына күйөөлөп баруу оңой бекен. Анан калса, кандайча сый көрөр экенбиз. Алып барган калыңыбыз ыраазы кылбаса. Атакебаатыр баарыбызды чогуубуз менен кайтарып жибериши мүмкүн. Анда канттик? Атаке дээринде тоң киши. Ал көп сүйлөп, кургак чечендик кылганды жактырбайт. Баатыр өз кадырын эң жакшы билет. Ага ушу тапта кыргыздар дээрлик баш уруп калды. Түш ооп, күн бешим чен болуп калган. Катар басышкан Ыман карыя менен Койсары мурдагысындай эле соксоюп кыймылдабай турган Сарытай мырзаны көздөй утурлай басып баратышкан болчу. Жанараак Сарытай мырзанын айтканы менен азыркы Ыман акса калдын сөзү бирдей чыкканынанулам күмөндөр болгон Койсары:— Сарытай мырзадай күйөө талаада, жатпайт. Баатырдын нааразы боло турган жөнү эмнеде? Алып келаткан калыңыбызАтакенин такыясына тар келбес. Деги, кандайча өөнтабылышы мүмкүн. Түшүнсөм өлөйүн, — деп айта салып,кайра сөзүн минтип бүтүрдү. — Же Карабайбектин атакдаңкы Атаке баатырдыкынан кемби? Калыңдан өөн тапса да, бекти кантип теңине албасын. Жок, Атакебаатыр антип ырыс кесерлик кылбас...— Сен түшүнгөнчө качан, — Ыман шылдыңдап койду жигитти. — Кыз Сырганын колун казактын кайсы бирб аатыры сураптыр деген каңшаар бар. Аблайга тен тайлашкан Атакени колго алсак деген казактар толуп жатат. Калыңданкыйкым тапкысы келсе ал Атаке үчүн оңой иш. Кара башылы жок деп чалкасынан кетсечи?..— Кулсуз келиптир деппи?— Ооба, кулсуз келатабыз. Сарытай мырзанын санаасын эзип жаткан да ошодур...Аттанаар мезгил келгенин сезген Сарытай коо ылдый шыпылдай басып келаткан эле. Экөө ошо бойдон унчугушпай калды.Күйөөлөп келген Сарытай мырза Ыман аксакалы баш болуп, мына үч күндөн бери Атаке баатырдын айылында .Бирине бири улай тигилген үч боз үй. Ар бири он эки канаттан, кереге ууктарынын жошосу анча кургай элек, ичинеда ыш сиңбеген жапжаңы боз үйлөр. Боз үйлөрдүн жасалгалары аябай жупуну. Керегеуук менен түндүктүн чамгарактарына чейин баары кадимки эле төөнүн шириси менен көктөлүптүр. Адатта, баатыр айлындагы боз үйдүн ичине шаң берген алтын бакан, күмүш бакандар бир караган көзгө чалдыкпайт. Ал тургай боз үйдө дүнүйө мүлк быякта турсун: баалуу аңтерилер, куралжарак менен аземдүү атжабдык сыяктуулар да ныпым жок эле. Бир жакшы жери бозүйдүн таман алдына жапжаңы кооз шырдактар салынган.Анын үстүндө аюу талпак, карышкыр талпактар. Талпактардын үстүндө жибек төшөктөр. Бул ак боз үйлөр кырк жигити менен Ыман аксакалы баш болгон Сарытай күйөөнүн эртеликеч тамак ичип, эс ал.чу жайы. Алтүндө уктай турган жай бөлөк экен. Апаппак он эки боз үй те нары обочо жерге тигилгендиктен ага күйөөлеп келгендер жатаар маалда гана кирип жүрүштү. Сарытай мырза бир боз үйдө жигит башы экөө гана уктайт. Ага маани деле берилген жок. Баса, боз үйлөр тигилген кокту Шамшы капчыгайынын оозунан анча деле алыс эместей. Коктунун ичи куушураак,бирок анча тар да эмес экен. Алкым жагы туюгураак келип,туш. тарабынын баары жапжашыл токол тоолор. Бул жерлерге мурда. мал жайылмак тургай адам буту тиелек сыяктуу. Ар түркүн чөптөр аралаш өскөн тулаңы белден чыгат. Сары Өзөн Чүйдөгү бөксө жайлоолордун көбү ушуга окшош болорун башында түшүндүргөн эле Ыман аксакал Сарытайга. Улуу тоонун этегинде көзгө дароо чалдыкпаган биринебири окшош токол адырлар жана мына мындай чакан коктуколоттор эң эле көп болот Чүйдө. Алардын баары тең оттуу келип, төрт түлүк малга жайлуу. Ызгаар урбай, кышы жылуу. Сары Өзөндүн бөксө тоолорунун арасы малкыштоого да ыңгайлуу.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 04 Март 2016 - 21:28



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2016 - 21:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Мал айдап, дүнүйө жүктөлгөн кербенди тосуп алгандар адеп айылга кирген күнү жигит башы Койсарыга жолугушкан, ошо бойдон көзгө көрүнүшө элек алар. Айыл демекчи, бул жерде иттер үрүп, тызылдай бала бакыра чуркап,ызычуу түшө катынкалач кемеге башында кам урган кадимки чоң айылдын, баатыр айлынын шааниси эч бир сезилбейт. Баса, колоттун төмФнкү ооз жагына тигилген чоң үч боз үйдүн эң ортоңкусу Атаке баатырдыкы экенин меймандар билишет. Андан башка бул жерде айыл аттуунун изи да жок. Бейчеки бастырган атчандар менен курулай жөө жүргөн адамзаты да көзгө такыр урунбайт. Кыз Сырганын өргөөсүн көрүшмөк быякта калсын Атаке баатырдын айылы кайда экенин биле албай ар кимиси өздөрүнчө таң. Ошого карабастан мёйман күтүү ойдогудай эле.Ышталган серке чаначтар толо кымыз биринин артынан бири үзүлбөй, дасторкон жыйылбады. Баглан козунун же тайдын эзиле бышкан чүйгүн эти күнүгө төрт маал тартыла, коломто ортосундагы калдайган чоң жез самоор дайыма буубүркүп турса да жеген ичкен тамактарына корстон болушмак беле, Сарытай мырза быякта турсун, жигиттер да аябай зеригишип, бирок аны бир да бири сыртка чыгарбай тымпыйышат, зынкыйышат. Меймандар менен кошо отуруп, кошо тамак ичише, аларды кээде сөзгө алып, алакеытууга аракет кылыш үчүндүр Атакенин кайтыш болгон иниси Сатыбалдынын жалгыз уулу Жообасар экиүчтөй тентушу менен жигиттердин жанынан алыс кетишкен жок. Жообасар меймандарды канчалык сөзгө алгысы келсе, ортолорунда сөз оту ошончолук тутанбай, боз үйдүн ичи далайга чейин тымтырс боло калат. Рас, адеп келип түшкөндө Атаке баатыр күйөөлөп келгендердин алдынан өзү тосуп чыккан. Өтө карапайым кийинген пайгамбар жашындагы албеттүү адамда баатырдын,манаптын кейпи жок эле. Аттан тушүшүп, жардана карап турушкан жигиттер жабыла бир ооздон салам айтышты:— Арыбаныз, баатыр. Жоон үндүү Атаке:— Бар болуңцар, мырзалар! — деп, жайма жай алик алды да, Ыман аксакалдан баштап, баарына тегиз кол берип учурашты. Анан жигиттерден айырмаланган сөөлөттүү Сарытай мырза менен азыраак тууганча жай сурашууга өткөнсүдү. —Урматтуу агабыз Карабайбёк дени сак жүрөбү? Малжаны аманбы? Жеңем Торко кантип атат? Күүлүү демдүү жүрөбү?— Айтор, ушуга окщогон салт каадага ылайык суроолоруна элпек жооп алган соң узун бойлуу дилгир жигитине баш ийкей ишаарат кылды. Анысы меймандар эс алсын, боз үйгө киргизгиле, аттарын жайлагыла деген буйругу эле. Ошо бойдон өз боз үйүнө кирип кеткен Атаке баатьгр көрүнө элек. Баарынын көз алдында бир саамга учураган баатырдын жупуну элеси гана калды. Анын үстүндө үзун этек, төөнүн чуудасынан токулган боз чепкен, бутунда кызгылтым өтүк, башында чекеси жырык ак калпак. Калпакда жаан тийип көп кийилгендиктен оңуп, эскирип калыптыр. Такыба адамдардыкынча кыркылган тегерек кара сакалчан Атакенин чүңүрөйгөн быткыл, айбаттуу көздөрү болбосо жылкычыдан анча айырмасы жоктой. Кара шайы жоолук менен сыпаа таңып алгандыктан эл ичинде далай жолу сөз болгон анын үстүнкү эрдиндеги коён жырыгы билинбеди. Ал жырыгын сездирбөөнүн аракетинде баатыр бетөн бирөөнүн көзүнчө тамак жебей турганына чейин жигиттерге дайын болчу. Туш тарабын карабастан жигиттерче өтө элпек кыймылдаган Атаке баатыр боз үйгө кирип кеткенче меймандар тиктеп тура беришкен. Сарытай мырзанын көөнүндө да атактуу баатырдын жылуу сүйлөп учурашканы менен шадылуу, карылуу колунан башка көзүндөгү сүрү, айбаты кетпей туруп алды. Кызыгың түшкөн Баатыр. арзып келген мырзаны күйөө катары кабыл алган жок. Ошондой эле тууган иретинде күтүп жатпаганы да көрүнүп турат. Келип түшкөндөн бери күйөөнүн салтына ылайык жышаандардын бири да көрсөтүлбөдү. Жана да тууган катары тоссо элижериң көрсөтүп, көпчүлүккө тааныштырат эле го. Эртели кеч бир аз эшикке чыгышканы болбосо, мына бул кичинекей жайлоонун ары жагында кандай дүйнө бар экенин караманча билишпейт. Атактуу Сары Өзөндүн аяк башын араласак дегенде жигиттердин эки көзү төрт. Же оюнзоок баштап койсо далай өиөрлөрүн көрсөтүшүп, кырк жигит кумардан бир чыгышпайт беле. Араларында не бир күрөштөр _ менен эңиштерде, эр сайыштарда жеңилбеген, көзгө атар мергендери четтен чыгат. Чаап бараткан аттын боору менен сойлой жерде жаткан тыйынды тиши менен илип кеткендери бар. Мемиреп жоош отургансыган кырк жигитте өнөрдүн түрлөрү көп. Ырдап, күү черте келгенде да алдырышпас. Айтор, алардын бири онго, ону жүз жигитке татыйт. Мунун баарына алар жан кыйнап машыгуу, эзилүү менен жетишкен. Андай өнөр.сынашууда Сарытай мырзанын алдына эч ким чыкчу эмес. Жалаң өзү отуз жигитке моюн бербей жан кечтилик кылатСарытай. Андай кезде өзү да эч кимди аябай, өзүн да бирөөлөрдүн аёосуна жол бербейт. Аларга сабак берген,баарын кайышча ийлеп машыктырган манжур чал жакында кетти Коконго. Анын бала кезинен күткөн өнөрү ошол экен. Ээнэркин жорткон тоонун бөрүсүнчө кенен жүргөн жигиттер бекер көргөн сыйга, майлуу чүйгүн тамакка корстон болушмак беле, алар тизе бүгүп үч күн бою боз үйдөн чыкпаганга аябай зёригише, колдон жем жеп, колго түшкөн бүркүтчө жаш эмелердин тынчы кетсе да, Сарытай мырзага эчшек алдырышпай ич ара бушайман болуп жатканын Ыман аксакал алда качан эле түшүнгөн болчу. Өз башына жүктөлгөн аксакалдык милдет менең жеке эле Карабай бектин алдындагы жоопкерчилик быякта турсун, бүтүндөй эл алдындагы намыс Ыманды тынч жаткырбай калсын, ал өзүнчө ойлонуп, айла издей баштады. Атаке баатырдын көрсөткөн сыйсыпатынан айыпты ким табат. Ага доо коё албаса да, эмне үчүн кошунду мына бул кичинекей коктудан чыгарбай, матап жатканынын себебин билиш аксакал үчүн парз. Төртүнчү күнү эртең мененАтаке баатырдын өзунө бет келип сүйлөшсөм деген ниетин айттырып жиберди Ыман. Ошо замат жооп келди баатырдан кутүп атыптыр. Ыман аксакал мына эми мойну жоон, локуйган, кең далылуу Атакенин жанында кымыз ичип, жай сөзгө кирип калышкан зле. Мандайы бийик экен баатырдын, таза кырылган башында көк тукаба топу. Ошентсе да топунун чет жакасынан башындагы тырыктардын изи көрүнүп турду. Ак көйнөктүн сыртынан жамынган кадимки эле жылкычылар жаанда кийчү кементай. Алдына салынган күрпөң козулардын терисинен жасалган талпак. Баатыр отурган боз үйдүн ичинде деле аземдүү буюмдар, көзгө урунган байлык аттуу жок болчу. Эл камын көрүүнүн аракетинде далай чапкындын ичинен чыккан журт сактоо милдетин өз мойнуна жүктөгөн Атаке баатыр көчүпконуп, сайышып, далай жолу куугун жеп нелерди көрбөдү. Кезинде ал деле адам катары нечен асыл байлык чогултса, анысы бир эле күнү колдон төгүлгөн суудай көздөн кайым болгонун билет. Далайдан бери ал асыл ташы баш болгон баалуу дүнүйөмүлккө анча көз артпайт. Карапайым көчмөндун күнүн көрүп, ойлогону эле: кайСы кунү кай жагымдан жоокелет деп Атаке баатыр түлкүчө аяр, бөрүчө сак. Далайды баштан өткөргөндүктөн акылы жетик, көзү канык. Өз айльшда баланчанын аялы эркек бала төрөптүр десе ошого кадимкидей кубанат. Кыргыздың тукуму өсүп, элимдин башы көбөйсө дегенде эки көзү төрт. Ал тилегин Атакебаатыр беш рекет намазына да кошуп окуит.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 04 Март 2016 - 21:38



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2016 - 21:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Сөз алыстан башталып, сөз ырбап, Ыман аксакал айтайын деген оюнун кыябын келтире албай аңдып, күтүп отурганда баатыр өзү сурап калды.— Басыз туугаңдарыбызды көп жылдан бери көрбөй куса болуп калыппыз. Катышсак, алжай сурашсак эле дейбиз, жердин алыстыгы, чолоонун жоктугу кендирди кесет экен...Кыябы келе түшкөндүктөн Ыман сөз кыстарды:— Карабай бек дубай салам айттырып, айлыңызга туз буйруп келип калдык, баатыр. Сыйыңызга кандык, үч түнөдүк, сапар да карыды окшойт. Эдге кайтсак, жолго чыксак деген ниетибиз бар. Биздин тилегибиз өзүңүзгө маалым...Атаке баатыр Ымандын сөзүн аягына чейин уккан жок. Өкүм сүйлөй чорт үзүп таштады Ыман, сен экөөбүз бөтөн кишилерден бекенбиз... Бир атадан тарайбыз, Тагайбийдин балдарыбыз. Тууганчылыктысен да унутпа. Же эмне, менин сыйым жигиттерге жакпай жатабы? Туугандары үч күн мейман болсо оордогондой Атаке ким экен. Жыл бою жатсаңар да чыдай беребиз. Ашыкпай, кең кесири конок болгула. Качан кете тургаңыңарды айтабыз. Туугандын топурагы алтын, көптөн бери көрүшпөй өзүбүз да сагындык. Чыдайбыз, күткөнгө кубатыбыз жетет...Жигиттер зериксе тогуз коргоол рйношсун. Упай атышсын. —Ошо бойдон Атаке баатыр сөздү башка жакка буруп айласы түгөнгөн Ыман туруп кетүүгө аргасыз болгон. Тогуз коргол зериккен карынын иши. Упайды кобунчо балдар ойнойт. Чондор аны негизинен кыштын узун түнүндө эрмек кылышат. Тууганым деп айтып салды Атаке. Бирок тууганча кабыл алып, уруу аксакалдарына, эл ичиндеги мыкты кашкаларына да тааныштыра элек меймандарын. Бек аталган тууганды тосуунун да өзүнчө салтсанаасы бар. Ыман карыядан бөлөк тигил кырк жигиттер деле билет аны. Ат чаптырып,жамбы атуу: эр эңиштирип, аң уулоого алып чыгуу, а болбосо жер суу кыдыртып, эл менен тааныштыруунун бирин да көрүшө элек да. Же салт билбей турган жан бекен Атакебаатыр. Неси болсо да анын табышмагын түшүнүп турат Ыман. Сырга кызды бербей, ордо көргөн мыкты туугандарын нааразы кылууга баатырдын дити акыры чыдабайт дечи. Кайра келип Сарытай мырзага саз узатты:— Сыягы, Баатыр биз алып келген калыңдан өөн тапты. Айла издебесек болбойт, — деп Атаке экөөнүн ортосундагы кепти төкпөйчачпай айтып келатканда Сарытай мырза ордунан шарт тура калды:— Барам, баатырдын алдына. Жоопту өзүм берем. —Кындан суурулган кылычтай курч Сарытай — баатырдын өргөөсүн көздөй атып жөнөдү. Ыман аксакал аны токтоткон жок.Руксат сурап боз үйгө кирген Сарытай салам айткан соң тизелей калып, тике сүйлөдү: — Баатыр, үч күндөн бёри жылбай отуруп аябай зериктик. Жигиттеримдин толорсугуна кан уюп, баса албай турган болушту. Сиздин жооп бышкаңча биз тамаша куруп, ууга чыгып келелик. Дагы бир кырк жигит кошуп берсеңиз экен. Аткөлүгү, жоожарагы шай болсо...Кирпик кашын ирмеп койбой тартынбаган көк жал жигитти Атакебаатыр жактыргандай тиктеп туруп:— Мырза, айтканың аткарылат, түштөн кийин аттанып кетесиңер дей салды. Баатыр айткандай ошол эле күнү түш оой, бирине бири жарашкан сексен жигит катар тизиле калышканда Атакебаатыр эшикке чыкты. Жоо жарагы шаймашай сексен жигитти көрүп баатырдын ичи жылыса керек. Сарытай мырзанын кара сур аргымагы тыбырчылай, анын сымбатына кызыккан Атаке баатыр тиктей калганда, жанындагы Бөбүй сынчы сүйлөй берди.— Баатыр, кара сур аргымактын энеси таза кандуу чөл жылкысы, теке түрктөрдүн аргымагынан, атасы биздин кыргыздын тоо дулдулу турбайбы. Бул экөөнүн ортосунан чыккан жаныбардын чыдамкайлыгын айтпаңыз. Кууса аткан жаага жеткирбейт. Муштумдай куйрук сугунтуп коюп чөлгө салсан суу ичпей, чөп жебей айлап чыдайт. Ташка салсаң,тоого айдасаң да талыкпайт. Күчү лөктүкүнөн да ашар, кырсыкка учураган ээсин ылайым тыштабай, жаныбардын акылы адамдыкынан кем болбойт. Таптаган саяпкери аргымак менен адамча эле сүйлөшө алат. Мындай аргымактуу жигит бактылуу. Аргымакты баалай, сырын билген Сарытай мырза акыр түбү келип эл туткасы болууга арзыйт, баатыр.Ушу кезде Атаке баатыр Сарытай мырзанын жанына келип калган болчу.— Мырза, — деп эркелете сүйлөдү. — Мүмкүн, жолуңар узак болор. Сапарда жүргөндө башка не иш түшпөйт. Ууда жүргөн адам аякбашына карабайт, тоого чабат, аңга кирет. Суу кечип, токой аралайт. Арыстанга бет маңдай келип, каманга кабылат. Кырсык кашкабак.тын ортосунда. Аргымагыңдын аягы ичке, сөөгү да ката элек, өзүңдөй курч экен. Түз жерде, сөөлөткө минчү жаныбарды мертинтип алба. Менин бууданым сеникннен кучтүрөөк. Ары нечен чапкынды баштан өткөргөн. Аяр баскан, жол жүргөнгө, жортуулга маш менин карагер бууданымды минип, кара сурду таштап кет...Аргымагын азыр таштап кетсе, кайра сурай албасын түшүнгөн Сарытай дароо жооп айтты:— Баатыр, мен ууга чыкканда, жортуулда жүргөндө кош ат мингенди жакшы көрөм. Сиздин бууданды жетелеп алсын жигитим. Чын айтасыз: сапар узак, жол татаал болор. Баатыр каршы болбосо, Койсары, тизгинди ал. — Сарытай жигитине жалт карады. Ошентип Атаке баатырдын бууданын өзү менен кошо жетелеген Сарытай мырза айылдан чыгып кеткен дейт...

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 04 Март 2016 - 21:45



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2016 - 21:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Канча күн жол жүргөнү белгисиз. Айтор, КөкОйрок аркылуу жүрүп отурушкан бойдон көлгө түшүшүп, андан көл жакалай Каркыраны кесип жунгар жерине өтүшөт да, нечен күндөптүңдөп ойротторду чапкан тура сексен жигиттүү Сарытай мырза. Кең Жунгардын Котон аймагы ал кезде бүт бойдон дагы эле ойроттордун мекени болгон. Чөп катып,мезгил коңур кургак күзгө тартып калган кез. Котон жеринде булут челген бийик тоолор жокко эсе, боз адырлуу мейкиндик мал жандыктын куттуу жайыты. Түзөңүндө жыш өскөн койшыбак, адырлары бетегелүү келет. Аш болумдуу кургак бетегени керте чайнаган жылкы жаныбардын текши семирип турган учуруна туш келишти жортуулчулар. Сексен жигит Котонго жеткен эле күнү күркүрөтө чаап кирбей, Сарытай мырза амал менен кол салыптыр. Кошунду буйгага катып таштаган мырза өзү баштай, экиден, үчтөн жигитин алып,бирнече күнү жер чалып, үйүр үйүр жылкылардын санын алат. Жылкычылардын кандайча куралданганына чейин байкап билишет да,.жолдун оңуту кайда, буйгалуу чытырман бадалдар менен суу аккан колот жана кууш капчыгайга чейин текши изилденген соң, ай отуруп чыккан кезде чабуул коюптур кайран эр. Ошентип жаш болсо да баарын акылга салып өлчөй, амал Менен катылган дейт ойротторго Сарытай. Туюп калса кең талаага кире качышат деп Котон мейкиндигинин эң алды жагынан торой ылдыйтан өйдө көздөй сыдырып эч кимди камындырбай бейкам жаткан жеринен басышат. Туш тушунан сокку жеп жүдөп, чүнчүп турган элге Сарытай мырзанын колу чоң жоо келип тийгендей көрүндү. Анан калса Сарытай куулук кылып сексен жигитти чогуу каптатып жибербестен он ондон иргеп,ону бешке бөлүнүп; айкай салган беш жигит жаадай атылып сүрүп киргенде, калган экинчи бешөө башка жагынан чабуул коё, эгер ойроттор каршылык көрсөтүп көптөп баратса,акмалап турган башкалары туш тушунан жыра чаап, мылтык атыла, буйгада жаткандары өздөрүнчө улуп, айкыра, айтор, түмөн кол басып киргендей бейкам жаткан элдин жүрөктөрү түшүп отуруп калышкан экен. Жерге жарык киргенде жигиттер бирде башын кызыл жоолук менен таңып чапса,бирде кара жоолук буунуп, сүрүп айдап киргенде илгеркиче кыргыздын түмөн колу басып кирди дешип, жылкычылар малжанын таштай түзөңгө, талаанын түпкүрүн көздөй качып беришет. Далайды кырса, далай кыргынды өз баштарынан өткөргөн ойроттордун жүрөгү түшүп, Ала-Тоо ичиндеги кыргын, казак талаасындагы кан төгүлгөн салгылашуу, Зндан кийинки манжыркытай падышасы Богдыхан бирден терип мууздай бергендиктен улам — байкуш эл сес көрсөтүүгө кубаты жетпей, жан айласын издеи, эптеп тирүү калсак болду деи отуруп калган кез болчу анда. Элден ырк кетип, жигиттердин жүрөгү элгөндө — жалгыз атчан да айбаттуу жоо көрүнөт. Бул жерде ойроттор Сарытай баатырдын жигиттерине караманча каршылык кылбады деп жаткан жерибиз жок. Ойроттор өжөр, намыскөй эл болушат. Алар Сарытай мырзага алдатып коюшту. Куулук кылды, амалдууэкен Сарытай мырза. Ошентип, кең Котонду эки күнчө түрүп, сүрүп чааптыр ал. Колго түшкөн үйүр үйүр түмөн жылкыларды Ала-Тоодон ары бел ашыра кыргыз жерине айдап жиберип, акыры тогуз ойроттун колубутун байлай аттарына таңган бойдон көп олжонун артынан өзү куюндай чаап жөнөйт. Бел ашканча бирде токтоп артка кайрыла жол чала, кээ жерге кароол коюп, ойроттор куулук кылып тосуп жаткан жокпу деп акмалайт. Куугунга алышмак быякта турсун кара башы аман калганга сүйүнүшкөн ойроттор сан жылкыга кайыл болушуп кала беришкен тура.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 04 Март 2016 - 21:50



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Disappear   05 Март 2016 - 15:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Көлдүн башы — атактуу Каркыра. Сан кыргызга буйруган ыйык Каркыраны Манас атанын буту баскаң. Каркыра —кыргыздын айкөл адамдарынын аштойлору өткөн ыйык жер.Көп өтпөй түмөндөгөн сан жылкыны айдаган Сарытай мырза Каркырага келип жетти. Чалкыган, кеңирсиген кең жайлоо Каркыранын ичи дүпүрөгён камбар атанын тукумуна батпай кетет. Дүпүйгөн узун жалдуу, аяктары кыска, бойлору пас,түктөрү узун — ташка салсаң ташыркабаган, канча күн жол жүрсө да эч чарчабаган болот туяк ойрот жылкылары кызылмай боло чарчап, чаңкап келишип, Каркыранын суусунан моюн созуп шимиргенде мелмилдей агып жаткан дарыя бир саамга сооло түшүп, тоо суусунун кара сур балыктары тыпырап туйлай, боору күнгө жаркырай жатып калышкан дешет. Чапкынга келген сан жылкы кек жашыл өрөөндү беттеп, жамырай бергенде — кең Каркыранын ичи тардык кылган имиш. Чатырларды тигип таштап эки үч күнгө өрүш алганы эс алып жаткан Сарытай мырзанын кабарын угушкан чет жакадагы кыргыздын мыктылары учурашканга келишип, Каркыраньж ичи өзүнчө эле шаңтамашага толо түшөт. Ооба, Каркырага адеп жеткен күнү эле жигиттер толук баш кошкон жерде, кошун жортуулда мерт болгон эки жигитин жоктой аза күтүшө, өлүктүн муздак денесине баштарын ийишип, азыраак турушкан соң:— Кана, эмне кылдык? — деп, көпчүлүктү тегерете тиктейтСарытай. Жигиттер тунжурай эч ким озунуп кеңеш айтууга даабайт. Жигит башы Койсары алдыга өтөт. Сарытай. мырзага батынган жалгыз ошол. — Жортуулга чыккан жигит, ар качан өлүмду моюнга ала жүрөт. Баш жарылып, баш кетпей да мөрөй колго тиймек беле. Карабашыл жигиттин мойнунда ар качан бир өлүм бар. Кудая шүгүр дагы чыгым аз. Биз актык ишке, ыйык ишке аттанып чыкканбыз. Баатырдын айылына куда түшүп келдик,баш алганы келдик. Тилегибиз ак, жүргөнүбүз тойдун камы. Ушунча олжо менен баратып, баатырдын айлына өлүк жүктөп киргенибиз кандай? — Койсары унчукпай калды. Сарытай мырза кимден кандай сөз чыгар экен дегендей өзүнчө мелтирейт. Анан калса, мерт болгон экөө тең Атакебаатыр кошкон жигиътердин тобунан. Бирөөнүн төбөсүнө чокмор тийип ошо замат жан берген. Экинчиси катуу чаап баратканда атынын буту суурдун ийинине кирип мүдүрулдү да, арка мойну үзүлгөн бечара жолдо келатканда жан берди. Шамдагайлык менен машыккандыктын пайдасы тийдиби, Сарытайдын жигиттеринин башы түгөл. Жарадар болуп, жапа чеккендери да жок ичинде. Бирок, эки тарап теналда качан эле жаны бирге жолдоштордон болуп калышкан. Койсарынын сөзү ойго салды баарын. Атаке тараптык маңдайы жарык, кыл мурут жигит алдыга өттү.— Өлүктү жүктөй кеткенибиз натура болор. Той үстүндө айылда өкүрүк чыкпасын. Анда эле карындашыбыздын жолу, келечеги кантет. Жакшылык жышаан бузулат. Кара жолтой атантпай башкача жол издейлик.Ушул жортуулда Сарытай мырза сындан өттү. Азыр өзү да өпкөсү көөп, ичинде кубанып турат. Айткандай, жунгарларга ырым үчүн аттанбады беле. Онойбу, топ жигит менен барып,бүтүңдөй журттун үрөйүн учурду. Минтип чаап, айдап келди сан жылкысын. Көчмөндөр учүн жылкы — байлыктын башы. Кыргыз баласы аны башынан жакшы билет. Эми, ойроттор көпкө дейре боору менен жылып оңоло албас. Канатын кайрып, канатын сындырбадыбы Сарытай мырза алардын. Атаке баатыр да күйөөнүн өнөрүн көрөйүн деп сынай үч күн бою унчукпай койгонун дароо түшүнгөy. Анын үстүнө салтты бузуп кара башылы жок барышты баатырдын айлына. Аны да айткан атасы уулуна. Эл ичинен кул издесе, ким берет ага кара чечекей уулун. Багар көрөрү жок болсо да, ар бир карабашыл эркектин артында уруусу бар. Журт ичинен башка жакка кул кетсе, уруу башчысына доо кетет. Элин асырай албай, жетимин кулга алдыргандын башынан бак таят. Тартып кетсе алсыз журт да карааңдай жоо болот. Өз элине зомбулук көрсөтсө Карабай бек журтка батабы. Анда ал элдин башын кошуп бектик кыла албай келечек үмүтү таш капмак. Кул олжологусу келген бий менен бек ар качан бөтөн элди чапкан. Кыргыз ичинде кул аталгандын баары чет элден келишкен. Илгертеден эле кан көтөрүп ак кийизге саларда курмандыкка адам мууздашса, анда да бөтөн журттан колго түшүп келген бечаранын гана алкымын шамшар шылыган. Канча ойлосо да,Атаке баатырдын алдына кара башыл кул ала барууга Карабай бектин күчү жетпеген эле. Муну Сарытай мырза эң жакшы билчү. Аны өзу менен келаткан кырк жигити учурунда сезбеди. Абийир болуп мына, бөрүдөй көзү канталаган бир эмес тогуз кул жатат байлоодо. Сарытайдын өзү тургай,минтип жигиттеринин да маңдайы жарык. Аны түшүнгөн Атаке жаатындагылар да той жэнүндө, жакшылык жышаан катары ачык айтууда. Үзүрлүү ушул тилектер мырзанын ичин жылытты. Ошондо амалдуу , Сарытай өзү бүтүм чыгарбастан өлүктүн жайын кандай кылууну көпчүлүккө салып отурбайбы.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 05 Март 2016 - 15:41



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Disappear   05 Март 2016 - 15:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Сарытай бир саамга тунжурай түштү да, ал кайра жарданып тургандарды сыдыра карады:— Канттик анда? Айткыла...Атакенин жигиттери бир ооздон кыйкырышты. — Жортуулчу жигиттин башы жолдо калат.— Ыйманы жолдош болсун деп бата кылып көөмп кете бергенибиз оң. Мисирейген Сарытай унчукпайт. Койсары сүйлөдү:— Курмандыкка жылкылардан чалабыз, кардын жарабыз...Баардыгы бир ооздон кубаттап уудуу күчөй түшкөндө Сарытай мырза колун көтөрдү — Шейиттерди биротоло көөмп кеткенибиз он болбос. Атаэнеси, тууган уругу эмне дейт. Анда эле токонаалатка калабыз. Күйүпбышкан атаэне каргап койсочу...Мырзанын айтканы жөндүү эле, кантсе да көпчүлүктүн чечимин бузуп коёбу деп Койсарынын жаны чыкты.— Мырза, жоопту чогуу беребиз. Айтып жатпайбы! Сөөкту ала кеткенибиз кандай болор экен? Сарытай оң колун көтөрүп аны кайрадан тыйды: —.Айтканыңарга мен каршы эмесмин. Рас, сөөктү калтырабыз. Бирок аманат калтыралык. Жаш мырзанын акылын эп көргөндөр:— Ак сөз, мырза туура айтат, — деп жабалакташты. Сарытай андан ары оюн улантты:— Билесиңер, аманат калган сөөк коюлбайт. Издеп алчулары келгиче ал бузулбай турган буйга жерде, муздак жерде катылуу турат. Андан көрө иткуш жетпёген, эч ким билбей турган муздак жай издегиле. Тетигил ак карлуу чокунун этегиндегидей жерде бир үңкүрчө табылса сөөк тоңуп жата бермек. Чолоо тийтенде туугандарын ээрчитип келип алып кетмекпиз. Эгер туугандары макул көрсө жортуулда өлгөн жол боюна коюлат деп, кайра келип көргө берсек боло берет. Атабабанын салты ушундай го? Жигиттер дагы коштоду.— Мырза туура айтат.— Аманат калтыралык. — Аманат... Ошо бойдон шейиттерге арнай, бээлер жарылып, топжигиттер аманат үчүн жай издешип, туштушка жөнөштү. Акыры Каркыранын түндүк жагындагы карагай черлүү токол тоолорду тинткен жигиттер ак карлуу чокунуң этекчениндеги «Турна көл» деген сонун көлдүн четинен жай табышты. Ажайган тунук кичинекей көл. Көлдүн үстү жагыжашыл карагайлуу кызыл аска. Аска ылдый кулаган билектей шаркыратма туптунук, апакай көлгө куюп турат.Ошол шаркыратманын алдында үңкүр бар экен. Үңкүрдүн ич жагы кенен, таманындагы тоңгон муз жайында да эрибей, тонсуз адам.чыдап тура алгыс үңкүргө, ак кийизге оролгон жигиттердин сөөгүн катышты да, үңкүрдүн оозун эч жан аттуу кире алгыс кылып бекитишти. Кайра келген берендер жолдошторунун кара ашына аябай тоюшкан соң ал түнү унчугушпай жатып калышкан. Олжо жылкыларды түнү бою кезектеше кайтарып, өрүш алган жортуулчулар эртеси көңүл ачып, кумар жазууга киришти. Сарытайдын жигиттери бир жак, Атаке кошкон жигиттер өзүнчө. Эңишип, күрөшүп, жаа атышкан алар бири жыгылса экинчи тарап чычалабай, өз ара аяр мамиле кылыша дилдери биригип кетишти. Көбүрөөк үстөмдүк кылып баратышканын сезген Сарытайдын машыккан жигиттери күйөөлөп келген жолун эстеринен чыгарышпай мөрөйдүн көбүн тигилерге оодарууга кылган аракетине кайын тараптагылар көнүшкөн жок. Алардын ойну эрөөл эмес,тамаша. Ошондуктан: — Ат аттан калса туягын кес. Жйгит жигиттен калсакулагын кес, — дешип, намыстанып коюшкан. Бирок ортолорунда чатак чыкпай, ызага алдыргандар да болбоду. Жыккан жакка жыгылгандар ак дилинен таазим эте, _бул карапайым асыл жигиттердин көңүлдөрүнүн тазалыгына мырза да ичинен ыраазы боло, өзү да чамынып кирип, чечинип сала оюнга аралашкысы келет да, кайра өзүн араң тыят. Чанач чанач кымыздар келди алынып. Ортого отту улуу магышып, жылдыздуу түн алдында эч кимдин уктагысы келбей Каркыранын кбңур абасынан кенен дем ала алдыларындагы жаядан кесип жай жешип, жай отуруп май жешип, байлануу туткундардын колубутун бир аз бошотушуи, кымыздан бере, этке тойгузуп ташташкан. Колго түшкөн бечараларда не айып кылтыйып, унчукпай жатышат кошун четинде.— Тогузу тен баатыр айылында калабы? — деп бир жигит экинчисинен акырын сурай калды.— Аны мырзанын өзүнөн сура, — деди тиги кытмыр. Койсары сөзгө аралашты — Теңин ала кеткенибизде аларды кул жумшамак белең сен. Жолболду туура айтат. Аны мырза билет.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 05 Март 2016 - 15:47



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Disappear   05 Март 2016 - 15:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бул сөздү укмаксан болгон Сарытай мырза муздак кытай арагынан рахаттана шыңгытты да, эч ким менен иши жоктой өзүнчө сүйлөнгөнсүдү. — Таңга жуук ууга чыгабыз. Жүрөгүндө кара жок он жигит бөлүнүп, уктап эс алсын. Жоон топ үн чыкты:— Башкабызчы? Сарытай кесе айтты:— Ондон ашыгы көптүк кылат. Эрдемсиген жыйырма жигит тура калды.— Биз даярбыз, мырза! Сарытай баш чайкады:— Ондон ашыкты албайм.— Көптүн зыяны тийбейт мырза. Сарытай жооп бербестен буйруду:— Кырк жигит түнү бою жылкыларга көз болгула. Кирпик ирмемей жок. Жолболду, жылкы күзөткөндөргө сен башсың. Жыйырма жигит кошун четиндё калат. Туткундар качып кетпесин, сак болгула. Койсары, он жигитти өзүң танда. Ууга чыгабыз. Айтып коёюн: уу демекчи, тирүү жолборс тутабыз. Жанараак кабар алдым. Бир бээни жара тартып, казымазысы менен кошо кара этине чейин тоё жеп, тоо таяна бадалга кирип кетиптир. Жаткан жерин билип койдук. Үч күнгө чейин кардын көтөрө албай уктайт шер. Таңга маал кызуу уйкуда жаткан жеринен басабыз. Тамаша иш бекен ал? Бирөө жарымыбыз мерт болушубуз да мүмкүн. — Сарытай мырза өз чатырын көздөй жөнөдү. Жылдыздар коюу, жылдыздар бажырайып, али таң ата элек кез. Жигиттердин колунда кыл аркан, айбалта чот,кындагы шамшарлардан бөлөк курал жок аларда. Баары жөө,баары жеңил кийинишкен. Тим эле жылан сойлоп келаткандай шилтеген кадамдары эч билинбейт.Тоо таяна чытырман бадалдуу коктуга жеткенде Сарытай жигиттердин алдына тура калды. Баары уй мүйүз тарта чогула калышкан эле. Шыбырай сурады: . — Бээ кайда? — Жолборстуу бадалдын желкесинде. ..— Үркпөгөндөй эмеби?— Жүк арткан көлүк экен, жоош дешти.— А, жакшы анда. Кудай шыбаа кылсын, — деп шыбырады Сарытай.— Таң агарсын, күтө туралык. .Жалпак ташка көчүк баскан Сарытай, жигиттер аны тегеректеп сыңар тизелей калганда, акырын сурады:— Ичинерде жолборс чапканга катышканыңар барбы?— Бар! — деп Атаке тараптык эки жигит ордунаи козголуп койду.— Мен өзүм да катышкам, — деди Сарытай. — Силёрде кандай? Улуурагы жооп берди:— Биз жакта кереге көтөрүп чыгышат. Койсары таңгалды:— Керегеси кандай? Жигит түшүндүрдү: — Тегерете ашталган керегелердин үстүнө да кереге жабылат. Анан кыл жиптер менен бекем байлаган соң ичине он чакты жигит кирип алып, камыштын арасындагы жолборс жаткан жерге чейин керегелерди көтөрүп бара беришет.Жакындан кыйкырып чоочутканда ал өзү эле кол салат.Секирип келип керегеге урунган жолборсту жигиттер найзамёнен жүрөккj .мээлеп саят. Жолборс абдан өжөр келет. Качкандын ордуна күрүлдөгөн шер кереге ичиндеги адамдарга ого бетер катылат. Шамдагай жигиттер анан бат эле аны колтукка сайып шайын оодарып таштайт. Анда жигиттер шердин терисин бүлдүрбөөгө аракеттенчү. Ан уулоонун кызыгын айтпа, а бирок мен өзүм" жолборсту тирүү кармаганды көрө элек болчумун.— Биз тирүү кармайбыз, деп Сарытай көкүттү. — Баатырга аны тирүү тартуулайбыз. Коркуу үркүүнү билбеген, жүрөгүндө карасы жjr азаматтар Сарытай мырза кандай буйрук берсе тартынбай аткарууга даяр. Эч кимиси кебелбейт, баарынын кабагы ачык. Котондун жылкыларын түг көтөрө айдап келгенден да коркунучтуу бекен тируү жолборс кармоо — деген эрдемсүү тургансыйт кыялдарында. ..— Айла кетип, жолборстун чеңгелинде калмайынча айбалта көтөрүү жок. Бир мышыкка он жигит кантип татыбасын. — Сарытай кайрадан көкуттү жигиттерди. Кекиликтер сайрай, жерге таң шооласын жаңыдан чачканда аңчылар жолборс жаткан бадалдын желке жагында туруп калышкан. Жалы түксүйгөн, чоң туяк семиз бээни чылбырдан кармаган жигиттин далысына колун койду Сарытай:— Бээ жетелеп бадалга кире бересиң. Коркпо, калгандары сенин артыңдан ээрчийт. Жолборс озунуп кол салчу болсо бээни сала бер.; Ошондо анын мойнуна сыйыртмак ыргытат арттагылар. Биз жолборстун көчүк жагынан киребиз да,экинчи сыйыртмак ыргытабыз. Жолборс бизден шек албасынг Жакшылап түшүндүргөн Сарытай калган беш жигитти ээрчите өңүп жөнөдү. Жерге боз шоола жарык кирди. Жолборс жаткан жер капкара бадал, дүпүйөт. Ошо кезде жогортон аяктай таш ыргып келип дүп дей түштү. Жолбррс кебелбегендей жымжырт. Кайрадан аяктай таш атылды. Курр эткен добуш чыкты да, Сарытай берген белгини түшүнгөн жигит бээсин жетелей акырын алга жылып, алды жагынан көзүн албай өзүнчө кобуроодо:— Ай, баатыр, бегилик алып келдик. Алдыңа келдик. Ачууланба, баатыр, биз баратабыз. Коркутпасаң, кел достошолук. Ай, баатыр, баатыр! — Жигиттин үнү дирилдей өтө мээримдүү, өтө жумшак, ары муңайым. Жолборстун күркүр эткен үнү чыгып, өзү көрүнбөйт. Бутактар сынып,бутактар качырай жылкы жетелегендер улам жакындай беришти.Дирилдеген адам үнү басылган жок:— Ай, баатыр, башыңды көтөр. Бегилик алып келдик.Тосуп ал, кабыл ал бегиликти. Билебиз: курсагың ток азыр. Эртең эле ачып калат да курсагың. Эртең да тамак керек, баатыр. Эринбей тутуп ал бегиликти. Ачууланба дейм, ачууланба. Жинденген болот бекен? Сенден өткөн шер, сенден өткөн эр жок. Кана, чык бери. Башыңды көтөрчү. Кана,көрүнүп кой.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Disappear   05 Март 2016 - 16:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Жолборстун үнү улам катуу чыгып, күрркүрр эте курсагын көтөрө албай, ал дагы эле эринип, өзүнө келаткан үндөн анчалык коркпогон, аны тоотпогон түрү бар. Адамдар өтө жакын барып калгаңдыктан коңурсуган жылуу жыт ура, бээ кошкуруп артка кетенчиктей, кишенеп жиберди. Жигиттин үнү басылбайт.— Ай, баатыр, тур эми. Мейман келсе тоотпогон уят да. Тур дейм, өйдө бол! Уктуңбу, бегиликке бээ алып келдик. Семиз бээ! Кел бери, тутуп ал. Жетелеп кет, Эрдик кыл, баатыр.Колум уялбасын, шер. Тирүү жандын баарына тамак керек.Баарыбыз кара курсак үчүн жашап жүрөбүз. Тамагы жоктун,дымагы жок, баатыр. Кана, өйдө бол. Көрүп эле койчу. Аябагандай семиз, таман казысы бар. Мына кишенеп жиберди. Коркуп атат. Кантет, жан керек да. Ай шер, туруп коц, көрүнүп кой! — Жерге таптаза жарык кирди. Жигиттин үнү басылбайт. Дирилдеген жумшак үн. Өзүнө коркунуч туудурбаган үндөн жолборс такыр чоочубады. Ал күрүлдөй ордунан турган бойдон башын чайкап, тили менен жалана керилди.Арт жактан акмалай жылып келаткан Сарытайлар мунун баарын көрүп турушат. Сыныртмак ыргытууга аралык али алыс. Анын үстүнө бадал да аябай жыш эле. Төрт беш карбаскан жаш жолборс экен. Аябай тойгон курсагы жер чийип турат. Жигиттин үнү дирилдеп, тынбады:— Ай, баатыр, турдуңбу! Кана, бери бас учурашалык. Карачы күн чыгып келатат. Кара жерде тирдик башталды. Чык бери, маалкатпай. Көзүңдү көрсөт маалкатпай. Ал бегилигиңди. Мына карачы, коркконунан бээ сийип жиберди.Сенден коркпогон тирүү жан барбы? Шерлердин шери,жолборс, минтип алдыңа келдик. Кана, бассаң бери! Көзгө көрүнсөң эле мен бээни агытып жиберем. Билем, курсагың ток. Жебесең мейли: мууздап кой, тамактап эле кой. Курсагың ачканда жейсиң, баатыр. Баатыр, көп сурантпа! Ошо кезде чын эле кан какшаган жигиттин тилине жибигендей жолборс бадалды жирей чыгып башын созгон бойдон туруп калды. Муруттары кыймылдап, башын салаңдаткан ал тили менен жаланып «ыррырр» этип эч бир кебелбейт. Бээ чучуктай чыңырып кишенеп жиберди. Жолборстун илээнди турушунан жигит коркпогондой. Кол сала турган, секире турган түрү жок анын. Курсагы жер чийип токпейил. Анын үстунө жырткыч да болсо адамдын жумшак, мээримдүү үнү аны арбап таштаган эле. Беталдындагы жылкы жетелеген адамдардын өзүнө кол сала турган түрү жоктугун түшүндү. Токчулук, өтө тое жеген тамак айбандын да кыраакылыгын жоготуп, илээнди кылаттура. Анын үстүңө алдында титиреп жылкы турса кантет. Өзүнөн коркуп, калчылдаган жылкы тукуму жолборстун дилин ого бетер жумшарткан сыяктуу. Жылуу жылуусүйлөсө, жылан ийинден чыгат. Адамдын бал тили жолборстой жырткычтын да дилин ээритти.— Ай шер! Кана, кичине баса түш! — Жолборс ордунан жылбай «ыррырр» этет. Жолборстун башы бадалдан бери чыкпайт. Ыргытылган сыйыртмак мойнуна илинбесин билген алар ар бир кадамды көз менен өлчөп, көздөрүн жырткычтан албай, өтө сак, өтө кылдат. Ошо кезде эки бутун алдыга суна берип, жолборс боору менен жата калды. Жырткычтык сезим коё бербейт да,ал жатса да көзүн бет алдынан алган жок. Жырткыч менен адамдар канчалык тиктешип, кирпиктерин бирбирине кадай сактанышса да, үйүр алыша түшкөнсүдү. Мына ушу кезде жаадай тездик менен кимдир бирөө секирип келип жолборстун үстүнө минип кулактан алган эле. Аны силкингенге үлгуртпөй дагы экинчи бирөө шап учкаша калды. Айласы кеткен жырткыч жаны чыга кыжырланып тура калмакчы болгондо, зрткы эки бутунан алган күчтүү колдор жолборсту көчүктөн басып, боору менен сойлогон ал «ыррырр» эте алдыга жүткүнгөнгө мойнунан оролгон кылчылбыр муунта шердин жаны көзүнө көрүнду да, оозун чоң ача берди эле ошо замат оозуна кемеч салынып, чытырата оролгон кыл аркандар бутуколун кыйып жибергенсиди. Ошентип тили салаңдап, үн чыгарууга жарай албаган кайран шер колго түштү. Адам тилинин сыйкырын, адам деген айры буттун амалын ошондо бир түшүнгөндүр кайран шер.Торпоктой болгон кызыл чаар жолборсту эми тоголото тээп ойносон да айласы канча. Майлуу этке жык толгон карды салаңдай, бөйрөгүн кагып араң дем алууда. Кечээки эркиндиги, кечээки жыргалы бир заматта бүттү. Айры буттарды алыстан көргөндө жакшы эле саксынып; буйтап кетип, бет келип жолукпоого кылган аракети бекер эмес болчуда... Жоон кайыңдарга төрт бутунан бекем байланган соң он жигит ийиндерине арта бадал ичинен араң көтөрүп чыгышты айдыңга. Күндүн муруту чачырап, сан жылкы батпаган касиеттүү Каркыранын ичи жаткан экен кеңирсип. Чаап келаткан топ жигит мергенчялерге жеткенде таңылган жолборсту көрүшүп, таңгала туруп калды. Аттар кошкуруп,аттар үркүп жакын жолобойт.— Мырза, мөөрөй сиздики! Жолборстун үстүнө сиз секирип минип, кулактан албаганда биз даай албайт элек. Анык шер экенсиз. Башыңан бак кетпей, жолун ачылсын. Койсарынын мактаганын капарына албагансыган Сарытай мырза атына секирип минген бойдон кошунду көздөй чаап жөнөдү.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Disappear   05 Март 2016 - 16:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Баш аягына көз жеткис атактуу Каркыра өрөөнү канчадан бери мынчалык шаңга, ызычууга толбогондур, түмөндөгөн сан жылкы көпкөк шиберди жирей бирде удургуй удургуй үркүп барып токтошсо, бирде күнгө сооруларын жаркырата жайыла беришип, өз мекениндеги конур кургак жайытына таптакыр окшобогон жаңы конуш жатыркатып жаткандай, айтор, кишенеген айгыр жана ачуу кыйкырган үндөн кулак туна, карагайлуу жашыл этекке тигилген Сарытай мырзанын чатырынын тегерегинде да адам аттуу батпайт. Кемегелерде казанказан эт кайнаса, кере кулач серке чаначтардан сары кымыз куюлуп, мырзанын каармандыгын алда кимдир бирөө комузга кошуп ырдап жатты. Жакын айылдардан учурашканы келишкен уруу өкүлдөрү Сарытайды тегеректей таңтамаша, узун сөз арбыган кез. Таңдайын жанган ырчынын таттуу мактоосу, сыпайы айтылган кошоматтар өз касиетине тиешесй жоктой, жаш мырза мелтирейт, сынын бузбай бет алдын тиктеген боюнча сөзгө да аралашпайт. Чалкыган көпкөк асман, чатырай тийген күн алдында жортуулчу жигиттердин да кабактары ачык. Анан калса оңойбу, чидерленген тирүү жолборс, тогуз кулу баш болгон түмөндөгөн сан жылкылуу олжо алардын эрдемсинүүсүн ого бетер арттырып, мына Каркырага түшкөндөн бери чери жазыла эс алышкан жигиттер, эми мырзасы кандай буйрук берсе да, кылыч болуп чабылууга даяр. Жибек чатырдын желке жагындагы карагайлуу черди жарып чыккан кашка суу кошундун бет алдынан агып өтүп.суу жээгиндеги кемечтелген. Жолборско катарлаш буттары кишенделе, колдору байланган ойроттор өз ара шыбырашмак турсун, айыгышкан душмандардан бетер биринбири карап да коюшпайт. Тунжураган бечаралар кантсе да, өз тагдырларына баш ийип калышкан эле.Мына ушу кезде Сарытай мырза кокусунан суроо салды.— Койсары, туткундар жуушап калыптыр го, деги сообу? Койсары обдула берип:— Калмактан өткөн кара мүртөз зл жок дешчү эле. Чын экен ал. Ооздоруна таруу куюп алгандай жатышат өлөрүн санап.— Анда эле баарын келтир мында.— Баса, мен дагы ынжылардын тили кесилгенго деп ойлогом. Келсинчи, чын эле тамырын бир тарталык. —Ниязбек мырза оюн чындын ортосунда ийнин күйшөп эрдемсинди. Койсары сүр көрсөткөндөй ныгырды: — Ниязбек мырза, салтта баш кесмей бар, тил кесмей жок.— Тилине алы жетпегендердин кезинде тили да кесилген.— Ниязбектин каны ичине тартты. Койсарыны жооп берүүгө үлгүртпөстөн: — Койсары, келтириң ойротторду мында, — деди Сарытай мырза. Шарт ордуна туруп бараткан Койсары жообу тил учуна калганына бир чети өкүнгөн түрү бар. Ниязбек — Сарыбагыш манабы Эсенгулдун уулу. Ал баятан бери обдула көбүрөөк сүйлөп, өкүмүрөөк сүйлөп, көпчүлүк ичинде үстөмдүк кылган түрдө өз жигиттерине кээде опурула да калат. Ниязбектин анте турган жөнү бар. Касиеттүү Көлдүн күнгөй жагы бүт бойдон Көтмалдыдан тартып, Жыргалаңдын ысык суусуна чейин Сарыбагыш журтчулугуна карайт. Анан калса, Ниязбектин атасы Эсенгул менен Атакебатыр кыйыр туугандардан. Андыктан, кыз Сырганы арзып келген Сарытай бүтүндөй Сарыбагыш элине күйөө бала. Билгенге, бул жерде Ниязбектин жолу улуу. Чынында эле Сарытай мырза кайынагасына өйдө кароого акысыз. Доордун, элжурттун салты дабул. Баса, Каркыранын тең жарымын да Сарыбагыштың малы жайлайт. Андай болгон соң Сарытай мырза кайындарынан жортуулга келген сан жылкынын туягына эздирип, эки күндөн бери бейкам жатканы үчүн айыпка жыгылсачы! Башка уруунун беги ошенткенде капкачан эле иш чатагына айланмак. Бирок, Сарытай мырзаны айыпка жыгып, журт үстөмдүгүн кылууга Ниязбек езу да батына албайт дечи. Атакебаатырдын сүрүнөн не кылса да чоочуйт. Анда эле тууган ортосундагы чатак ырбап, минтип туштуштан душмая алка жакадан алып турган чакта сөөк өчтүүлүк чыкпайбы. Ушуну түшүнүп турсада, Ниязбек дилинде Сарытайды көрө албай ичи тарып отурат. Бир эле ашуунун ары жагында жаткан сасык ойротторду чаап алуу ушу кезге чейин өзүнүн акылына келбептир да. Акылына келген күндө да Ниязбек даайт беле ага? Чапкынга өз жанына кайыл болгон, жүрөгүндө карасы жок жигит гана аттанат.Үйдө баатыр, жоодо жок. Анын сынарындай өз жайытында жүргөн, өз жеринде жаткан Сарытайга кылыч көтөрүү Ниязбектин колунан келер бекен? Анда эле кан суудай төгүлөт. Анын үстүнө өзү байкап отурса — Сарытайдын жигиттери бассатурса да жоо жарагын таштабай, көз ачып жумганча кармаш чыгарууга даяр окшойт. Жеңишине шыктанган жигиттердин колунан ушу кезде баары келмек. Аларда өлүмдөн кайра тарта турган түр жок. Ниязбек кашканын баамы чын. Болбосо, Сарытайдын жигити Койсары ага каяша айтат беле? Эр болсоң катылчы деп сес көрсөтүп койду. Өзүнчө ойлогон Ниязбек сууй түштү. Койсары кошоктошкон тогуз туткунду алдына салып айгдай баштаганда эл жарыла ортосун ачты. Мына эми кандай да болбосун соогат өндүрүп калууну эсинен чыгарбаган Ниязбек капылеттен: — Мырза, соогат, соогат! — деп, Сарытайды бет алды.Сарытай кебелбейт. Суроосу жоопсуз калган Ниязбек ачуулу унчукту:— Соогат сурап жатам, күйөө! Сарытай ордунан туруп сүйлөдү:— Мырза, соогатыңызга жүз кыл куйрук. Элдин салтын кантип эстен чыгаралык... — Аркачан жоомарттын жолу болот, мырза. —Ниязбектин маңдайы жарыла сүйүнүп кетти. — Мына бул тогуз ынжы бүт бойдон Атаке баатырга буйрабы? Карачы тогузу тең жараган азаматтардан экен. — Ойроттордун эң алдындагы жыйырмалардагы жигитке кызыга тиктеди Ниязбек.Эмнегедир, Сарытай ошондо шарт айтып салды:— Ниязбек, мырза, алыңыз ушуну. Ниязбекти тиктеп турган ойрот кебелбестен кыргызча суйлөдү.— Мырза, мени соогатка буйра албайсыз.— Эмне үчүн? — Олжосу колунан чыкчудан бетер Ниязбек шашып кетти.Туткун жооп берди. — Эмне үчүн дейсизби, Ниязбек мырза? Жигиттин көзү күйүп, эч кимден жалтанар түрү жок. — Эмне үчүн дегенде, мен кыргызмын.— Кыргыз болсоң эмне экен? Ниязбекти карабастан эми ал Сарытайга көзүн кадады:— Туткунга мен өзүм атайлап түшүп бердим. Ойроттордун жылкысын кошо айдашып, өзүм кошулдум силерге.— Анын эмнеси бар! — деп, Ниязбек кызаңдады. — Мурда калмактардын жылкысын кайтарсаң, эми менин жылкымды бак.Жигит өзүнчө кебелбейт.— Кул аталгым келбейт, мырза... Ниязбектин ачуусу келди:— Мунун кыйынын. Элине келип өз мырзаңдын жылкысын күзөтсөң эмне экен. — Өз элиме келип, кул болгум келбейт.— Өлө албай жатып өлөң айтат. Сарытай мырза соогатыңа ракмат? — Ниязбек өз жигитине туткунду бөлүп кетүүсүн өтүндү. ,Туткун жигит дагы эле тайманбады. — Сарытай мырза, менин уруум — отуз уул. Отуз уулдар оңой менен бирөөгө кул болгон эмес. Түшүнгөнгө отуз уул —кыргыздын уюткусу. Отуз уул кыргыз атанын түпкү урууларынан. — Андан ары жигит Ниязбекти тиктеп туруп айтты: — Менин жолум баарыңардан улуу. Мен агаңардын тукумунан болом.— Алгыла бутундагы кишенди. Чечкиле колун. — Сарытай каплеттен буйрук берди.Заматтын ортосунда туткундун бутундагы кишен алынып,колу чечилди. Селейип туруп калган жигитке Сарытай:— Отур, — деп өзүнүн төмөн жагынан орун көрсөттү .Бошогон жигиттин далысына жабышкан туткундун бети ачыла түшкөндө Сарытай кайрадан кол жаңсады:— Ниязбек мырза, алгын мобуну. Буюрганы ушул.Эркиндик алган туткун Сарытайды жалооруй тик теди:— Ал менин иним. Бир тууганым, аке. Ниязбек чаңырып жиберди:— Бу эмне деген кеп? Сарытай таңгалды:— Койчу?,— Чын эле, аке?!— Ишенбейм, — деди жаны күйгөн Ниязбек. — Ынжы,сен капыр кууланып жатасың. Алдагың келеби баарыбызды!


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Disappear   06 Март 2016 - 18:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Жигит кебелбеди.— Ниязбек мырза, азыр алдасам, ал эртең элё төгүнгө чыгып калат да. Мен өз элиме келип карабеттик менен азаттык алгым келбейт. Башка жерде калп айтсам, да, тууганым басыздардын кылыч тамгасынан чыккан Сарытай мырзаны кантип алдайын.— Азамат эй, билет тура тегин, — дешти баятан бери күбө болуп отургандар. — Колу бутун чечкиле! — бурк этти Сарытай. Айласы түгөнгөн Ниязбек туткунду какшыктады. — Дагы бир туугандарың бардыр мына бул ынжылардын арасында?Жигит жооп айтты:— Жок, калган жетөө тең калмак.— Ынжыларга кантип кабылдыңар? — Ниязбек дагы эле ишенбегендей. — Чачыңар да өрүлгөн, кейпиңер да бүт бойдон калмак.— Башка түшсө байтал жорго, мырза. Бөрүнүн арасында жүрсө бөрүгө окшойт адам баласы. Ит менен жүрсө ит болуп үрөт. Айласыздан туткунда жүрдүк шор кайнап. Элге качып кетсек дегенде эки көз төрт эле. Энебизди кыйбадык.— Энеңер да бар беле? — Сарытай кызыга түштү.— Колго энебиз да кошо түшкөн.— Кандайча? — Отургандар кызыга түштү.— Биздин туугандардын көпчүлүгү КараКулжа менен Алай жакта деп укчумун. Бир уруу журт жайкысын Текести жайлап, кышында Кундузга көчүп келчүбүз. Жайында Кундузду мекендегенден коркушат. Себеби, Кундузда уулуу жыландар аябагандай көп. Өзгөчө жылкы баласы жыландын уусун көтөрө албайт экен, чакса эле өлөт. Ошондуктан биз Кундузга кышында келчүбүз. Кышында ал жер отко мол. Атамдын тумөндөгөн жылкысы кыш бою этинен азчу эмес.Аякта жазгы ала шалбыртта эле жыландар ойгонуп, ченден чыга башташат. Тим эле боз үйгө кирип келишчү. Ошондо гана биз журт которуп кетчүбүз. Ал жылы жаңыдан жаз кылтыйганда бизди ойроттор басты. Көп кол менен келиптир. Биз камыналбай калдык. Атам баш болгон жигиттер аябай эле кармашты. Айла жок, ойроттор көп экен, кырылып калдык. Ойроттор колуна тийгендерди бизчилеп мууздабайт, белин гана сындырып тыштай беришет. Башына келтек тийип кансырап жаткан атамдын белин сындырган калмактар иткушка жем болсун деп жардан алыс ыргытып жибергенин кийин уктум. Айылдагы катынкалач, балабакыра коргоосуз калдык. Калмактар тестиер балдарга чейин кырып жиберишти. Мен анда жетиде, иним беште болчу. Апам бизди бооруна басып чыркырады. Анан жоо башы Маркашка бизге тийгизген жок. Апам чырайлуу адам эле. Көрсө кызыгыптыр. Айылына барганда катындыкка алды. Бизге айтканы ушул: кыргызча сүйлөсөңөр боорунарды тилем. Биз сасыган калмактардын көзүнчө өз тилибизче такыр сүйлөшчү эмеспиз. Ээн жүргөндө гана тилибизди унутпас үчүн мына бу иним экөөбүз такай сүйлөшөр элек. Кийин энем дагы үч бала тууду. Алар нака эле калмак. Тил билишпейт. Бой тартканда эптеп качып кеткиле дечү энебиз. Өзү да кыргызды эстегенде көз жашын көлдөтүп ыйлай берет. Качып кетиш оңой эле болчу. Бирок биз энебизди кыя "албай, анан калса салт кетпей, жылкы тийип кеткенге оңутун келтире албай жүрдүк. Биз менен кошо кеткенде энебиз бир чети калмак балдарын кантет? Ичтен чыккан ийри жылан. Ошол чын тура. Сарытай сурап калды:— Ысмың ким, үкөм — Атамдын азан чакырып койгону — Багдөөлөт. Ойротто жүргөндө Кутчу аталып калгам. Алар эмнегедир кыргыздын көбүн Кутчу дей беришет.— Үкөңдүкүчү? — Иним — Нурдөөлөт. Ойроттор аны Жутчу дешет.— Багдөөлөт үкөм, Нурдөөлөт экөөңөр мындан ары менин жигиттериме кошул. Азыр сууга жуунуп, чач алдырып дегендей... Койсары, туугандарга таза кийии тап, үстүндөгү салбарларын өрттөп салышсын: Мындан ары экөө тең мага жан жигит, бир чети ини болот.Багдөөлөт мырзанын айтканына кубанган жок. Ал башын ийип өтүндү:— Мырза, элден мурда бир тилегимди айтып калайын. Рахым этиң!— Айт! — деди, Сарытай.— Бизди кошуп ала көрбөңүз. Сарңтай чоочуп кетти:— Эмнеге?— Мырзанын кошуну бизге ылайык келбейт...— Кантип?— Себеби бар. Айыпка жыкпан, мырза.— Кандайча себеп? Өзүмдүн жанымда жүрөсүңөр такай.— Анда эле курудук.— Айта бер, чоочулабай. — Болбойт, мырза. Сарытай чындап өтүндү:— Алынып кетесиңер элге. Эч ким кор тутпайт.— Кыйылып барып оюн айтты:— Ошондо да биздин кул атыбыз өчпөйт.— Кантип?— Качан да болсо оосар сүйлөгөндөр четтен чыгар.— Кордоочуларбы? — Чапкында келген кул деген ысым жети атага чейин айтыла берер. Урпактарга доо кетет, жаман аттууу калат. Анда эле бала бакыра бизге наалат айтпайбы! — Кандай кылалык дейсиңер?— Эл журтка келдик. Каалаган жерди өзүбүз изейлик — Мейли анда, башыңар бош!— Ыраазыбыз, мырза. Көшөгөң көгөрүп, кудай тиегиңе жеткирсин.Сарытай ыраазы боло түштү:— Мындан ары төрт тарабыңар кыбыла! Кайсы жер жакса,кайсы жерде кыргыз болсо батып жашай бергиле.— Жакшылыгыңды эки дүйнөдө унутпайбыз, мырза!— Сан жылкыдан энчилерин бөлүп бер, Койсары.— Оруночок алсак, акыры издеп барабыз өзүңдү, мырза!— Жолуңар ачылсын! Ниязбек кашка сөзгө аралашты:— Мырза, соогат кантти?— Мына бул жактан жети ойроттун бирнн тандап алыңыз.Ниязбектин бир жигити кошоктолгон ойроттордун ичиненон тогуздар чамасындагы ылжыраган саргычын кошундан ары сүйрөп кетти...— Кап, баатырга жети кул тартууласак болбойт беле. —Койсары кейип алды.— Ниязбек кебелбейт.— Алты кул оңойбу! Баатырдын такыясына тар кел Сарытай Багдөөлөткө кайрылды.— Кыргызча сүйлөйбү буларың?— Эч кимиси тил билбейт.— Сурачы анда, ичинде улуусу ким?— Чөкүлдөн улуу эч ким жок! — деп, чачы аркасына өрүлгөн, бакжайган ойротту көрсөттү. Анын жашы кырктар чамасында эле. Ошо кезде алар менен өз ара сүйлөшө кеткен Багдөөлөттү тыңшап туруп Ниязбек кашка бүшүркөдү:— Жана биз менен сүйлөшүп жатканда мынабу көзүмө кыргыздай көрүнгөн. Азыр ынжылардын арасында кадимки ынжынын өзү болуп калды. Ойроттор менен сүйлөшүп жаткан Багдөөлөт чынында алардан караманча айрып алгыс эле. Өзүда кызыга түшкөн Сарытай Багдөөлөттөн сурады:— Туткундар эмне дейт?— Мал мүлкүбүздүн баарынаң айрылдык. Өзүбүздү коё берсин деп жатышат. Сарытай кабак чытыды:— Кыргыздын контайжисине бегилик кылабыз. Эмне дешер экен, "айтчы ойротторго ушуну. Алар менен далайга сүйлөшө түшкөн Багдөөлөт тигилердин оюн Сарытайга которду:— Мырза зордоп алып барган күндө да качып кетебиз дешет.Сарытайга сурданды.— Карасаң дешкендерин. Чын эле качып кетсечи,ыя! — Булардай карамүртөз, жан кечти эл жок. Айтканынан оңой менен баш тартышпайт. — Карасаң буларды, — деп Койсарынын жаны күйдү.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Disappear   06 Март 2016 - 18:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Эмнегедир Ниязбек кашка кебелбейт:— Сарытай мырза, ага сен көп баш оорутпа! Баатырдын колуна тийгизсен болду да. Кара башыл кулдарын качырса өзүнөн көрсүн. Айласын өзү тапсын, андай эле баатыр экен...Ниязбектин айтканы Сарытайга жакпай калды.— Ойроттордун качып кетүүсүн мен каалабай турам. Ниязбек кашка кытмыр күлдү:— Менин сасык кулум эч убакта качпайт. Койсары:— Эмне, орго саласызбы?— Орго да салбайм! Төрт тарабың кыбыла деп туруп бошкоё берем.Сарытай таңгалды:— Чын элеби?— Чын эмей, бирок аны мен эч качан качпай турган кылам.— Кантип?— Алоңой, мырза!— Билсек болор бекен? — дешти, отургандардын бир тобу.— Үйрөнүп алгыла, анын жайын айтып берейин. —— Ниязбек кыткыт күлдү. — Туткундардын согончокторун тилип, анан эт менен терйнин ортосуна жылкынын мапмайда кылын салып туруп, кайра терини тигип таштаса, бир айга жетпей жарат бүтөт. Күлбото кыл этке жабышып, эт менен эт болуп ичинде калат. Анан бул шордуу алыс басып, качып көрсүн. Бир үй менен экинчи үйдүн ортосундагы кемегени айланчыктай от жага, отун алып, эмгектенгенге жарайт. Бечаранын кызына башын байлап койсоң андан да сонун болот. Балабакырасына каралап кала берет да...— Андай кул тузакты биз да билебиз, — дешти бир топтору. Өзүнчө тунжураган Сарытай сөзгө аралашкысы келбегендей Багдөөлөттөн: — Демек, баары бир качып кетет экен да, — деп какшыктай сурады.— Сак болбосо,качып кетиши бышык, мырза.— Аны ойлонолук, андан көрө айтчы, кимдер буларыңдын уруулары.— Чөкүлдөн башкасыныкын билбейм. — Чөкулдүкү ким?— Дербет болот уруусу. Калгандары менен мурда тааныш эмес элем. Алар Иленин боюнан туткундалды. — Анда сурап көр? Багдөөлөт ойроттор менен сүйлөшө кетти.— Мырзага өзүбүз айтабыз деп жатышат. Сурай бериңиз мен которуп берем.— Андай болсо өздөрү четинен айта беришсин! Эки ойрот катары менен тура калып удаа удаа жооп берди:— Мен — Дербет.— Мен — Дербет.— Демек булар Чөкү менен уруулаш экен да. — Ооба, деп бышыктады Бакдөөлөт.— Калгандары айтсын, — деди Сарытай.— Байит!— Кошут!— Торгойот! Акыркы торгойотмун дегени былдырай бир нерселерди айта баштады. Багдөөлөт которду:— Ойроттун төрөсүнун тукумунанмын дейт."Кое берсе,тууган уругу көп экен, кун төлөп берерин айтып жатат.— Төрөнүн тукуму боло туруп жылкы кайтарганы кандай?— Мырза, калмактын төрөлөрү жылкы күзөткөндү эрөөн көрүшпөйт.— Айтып кой: бир ойроттун кунун сурап Жунгарга бармак белем. Тапкан акылын.Ойрот кайра сурады:— Бул дайыма эрөөлгө чыкчу экен, — деп которду Бакдөөлөт. — Күрөшүп, найзалашууга, жаа атып кылычташууга, баарына жарайм дейт. Мырзанын эки жигитине жалгыз чыгам, эгер жеңилип калсам силерге түбөлүк кулмун деп атат.— Ансыз деле кул. Бөөдө жерден жигиттерди өлүмгө жумшай албайм. Сөзгө Ниязбек аралашты.— Ынжылардан өткөн балит, арам эл болбойт. Буларды жакшы билебиз. Ылайым агын сууга бутун малышпайт. Киринип тазаруу деген жок буларда. Үстүнө салганы чирип,эзилип этине токтобой калганга чейин кийим которушпайт. Өлсө да казан аягын жуушпайт. Итикушу дебей бардыгы тамакты чогуу ичишет. Эт бир кайнаса эле ар кимиси"бирден казан башынан тартып .алышып, карышкырча үзүпжулуп жей бермей. Карачы, бир азга кашыбызга келгенге коңурсуп, сасып — жытына адам чыдагыс. Буларды көп алпечтебей, тат мандарын тил, мен айткандай кылбасаң бу жан кечтилердин качып кетишери анык.— Кулдугум бар, мырза! Кеңеш айтууга уруксат бериңиз.— Багдөөлөт Сарытайдан өтүндү:— Айт, — деди Сарытай.— Мырзам, байкуштардын таманын тилип кыйнаганда не пайда. Андан көрө.. Ниязбек сөздү жулуп алды: — Эй, сен ынжыларга жан тартканды коюп, өз жайыңды билсенчи.Багдөөлөт тырчый түштү:— Мен калмактарга жан тартпайм. Мырзага керектүү кеңеш айтмакчымын. — Карасан, жок жерден кеңешчй болуп чыга келбе диби! Сарытай акырын зекиди:— Айтып көрсүнчү. Кеңешип кескен бармак оорубайт.— Калмактар мусулман эмес. Буларда дин жок, — деп баштады Бакдөөлөт. — Ташка, отко сыйынып коюп жүрө беришет. Азыр буларды таза жуунтуп, чачын алып, сүннөткө отургузуп койсо эле эч жакка. кача албай калышат. Мусулман болуудан аябай коркушат. Эгер элине качып барган күндө да,сүннөткө алынганы билинсе кабыргасын тилип, жүрөгүн сууруп алышат. Өлтүрүп коюшат. Көрөсүңөр сүннөткө отургузулгаддан кийин өздөрү деле кача албайт.— Азамат эй, туура акыл айтты.— Ак сөз экен, — дешти кеңеш кургандар. Сарытай дароо буйруду:— Багдөөлөттүкүн туура таптым. Даярдагыла сүннөткө.Сүннөт деген сөздү укканда ойроттор дүргүй түштү. Мырзанын буйругун которуп бергенде өзгөчө Чөкү байланган колун булкуй, томолонуп кетип, башы менен жер сүзө не бир токтосочу.— Ынжыга эмне болду? — дешти карап тургандар. Багдөөлөт боор тарткандай унчукту: ,— Сүннөткө отурганча өлгөнүм жаншы дейт. Ниязбек күлдү:— Өлө албайт, жан таттуу. Туткундарды топтон бөлө жетелегенде Чөкү калмак беталдына жыгылып Сарытай мырзага бир нерселерди сүйлөй баштады:— Которчу? — деди Сарытай.— Мейли, мусулман болоюн дейт. Бирок өтүнчү бар экен.Сарытай ныгырды: — Айтсын.— Сүннөткө отургузардан мурда колу бутун бош коюунуөтүнүп жатат. Ниязбек жырып кетти:— Бош койбогондо чидерлеп таштачу беле.— Тилегин аткарабыз, анан дагы?— Онагы кыл чокунун башына чыгып: өз кудайым,көкөтеңирге акыркы жолу сыйынып алайын дейт. Мен билемго, булар сүлдөгө, ташка сыйынышат, көккө табынышат... — Кыргыз баласы деле көктү ыйык көрүп, ага сыйына берет. Анын эмнеси бар — Ниязбек кайрадан кепти алакачты. Сарытай мырза бет алдындагы көк чокуну тиктей ойлоно тушкөн эле. Чокунун үстүндө жалгыз бүркүт айланууда. Эмнегедир, Сарытай башынан бүркүттүн турмушуна суктанып, ага таңгалгандан тажабайт. Кырааң дайыма жалгыз жүрөт, жалгыздыктан ал рахат алат, Рас,бүркүт айланган жерде карга кузгун жана жорулар батпай чыгат дечи. Бүркүт аларды. жанынан куубайт, аларга көңүлда бурбайт. Алар бүркүттөн калган тарпты жейт, ошого ыраазы. Эл башкарып, кыраан чыккан адам баласы менен бүркүт бирдейби... Мына өз керт башынан улам ушул ойго келди ал. Өзү да алдына максат коюп, бийликке умтулгандан бери — дилинде жалгыз. Санаасы тээ алыста, бийикте,бирөөлөр менен сүйлөшүп, эл арасында жүргөн менен жолдошжородон алыстап, аларга кошулгусу келбей боюн бирөөлөрдөн оолак тутуу, эч кимге ачылып, сыр алдырбоо адатка айланды. Мурда канчалык катуу, суз көрүнсө, азыр кара таштай ого бетер мээримсиз. Дымыйт, көбүнчө унчукпай, кыска сүйлөйт. Бул жарык дүйнөдө — адамды барктуу кылган жалгыз гана бийлик, мансап. Мансап колдон кеткенде жолдо бараткан кайырчы да сага жүзүн үйрүп, ызырынып өтөт. Ооба, атасы айткандай: чөлдөгү кулан кулаганда, кулагынын үстүндө кургак бака чардайт. Чынында эле бийлиги, мансабы жок болсо — көтөн жүнү көгала болгон Атаке баатырдын алдына кол куушуруп келет беле Сарытай. Дөөгүрсүгөн Ниязбек кашканын сөзүнө чыдайт беле. Кыз затынын не бир чырайлуусу Кокондо го. Чекесинен чертип туруп, тандап алмек алардын бирин катындыкка. Жергилитинен мансапкор жигит ушуларды ойлойт. Ал өзү ошентип кара таштай ката түшкөндө, эки буту тайтайып кебелбей басып бараткан Чөкү калмадты тиктей көпчүлүк алаксый түшкөн болчу. Кыйшык бут Чөкүнүн кең далысына түшкөн бир өрүм кыска чачы бар. Шалбыраган жаргак шым,үстүндө кыпкыска таар чепкен, жаракчан төрт жигит анын эки жагында жаймажай бастырып, жөө басканга көнбөгөн Чөкү кебелбейт, шашпайт. — Аябагандай чыдамдуу, ит жандуу эме, —деп Багдөөлөт катырып койгондой кыймылсыз турган Сарытай мырзага акырын шыбырады. — Кышында кулагына тоңгон музду камчысы менен кагып коюп кебелбей жүрө берет. Эр сайышта, жаа тартып, чокмор алып жекеге чыкканда эч кимден жеңилип көрө элек. Жеткен эр, жеткенкара мүртөз.Угуп жатам дегендей Багдөөлөттүн аңгемесине бир азкызыга түшкөн Сарытай мырза жүзүн ага саал бургандай болду. Ошого эргий түштүбү, Багдөөлөт ангемесин улайберди.— Мырза, Чөкү калмактын катыны укмуштай сулуу. Ал илелик казак төрөсүнүн кызы.Сарытай ого бетер кызыга түштү белем:— Сулуу казак кызы ушуга кантип тийди? — деп акырын сурап койду.— Болгондо да чурөктөй сулуу жан,аке!— Ата көрү ээй, кандайча тийди ал сулуу, мына ушул сасыган калмакка? — Багдөөлөттүн аңгемесин кулагы чалган Ниязбек кашка кепке аралашты.— Сулуу кыз, мага катын бол деп Чөкү калмак анын макулдугун сураптырбы! Иле дарыясынын боюнда бейкам жаткан бир журтчулукту чаап алганда, кыз Чөкүнүн колуна түшүптүр. Ал кезде Котондун мыктысы, кашкасы Семер ойрот эле. Семер төрө көрсө тартып алат деп корккон Чөкү эки үчжылга чейин эл журтка көрүнбөй жүрөт. Кийинчерээк балачакалуу болгондо Чөкү баалуу бегилик алып, Семердин алдына келген дешет. Өзү ал жөнүндө эч нерсе айтпайт. Чөкүнүн баатырлыгын жакшы билген Семер ага ачууланбаптыр. Аялыңды көрөйүн деп бир жолу анын үйүнө барып, келиндин сулуулугуна аябай таңгалыптыр. Анан жыл бою Чөкүнү жылкынын күзөтүнө айдап жиберип, үйүндө түнөп кетчү деп айтышат. Ниязбек сөгүндү:— Атаңдын оозун урайын, дагы баатыр имиш. Ошого чыдап жүрө бериптирби урган Чөкү.— Баатыр, калмактарда аны эрөөн көрбөйт. Ниязбек каткыра күлдү:— Тамаша, ошондойбу?— Мен силерге Чөкүнүн аялынын башка жоругун айтып берейин.— Айта бер, — деди Ниязбек. — Ошо кезде Чөкү асканын белине чейин тырмышып чыгып калган эле. Багдөөлөт аңгемесин мындайча улады:— Бир курдай калмактар Иленин боюнда көчүпконуп жүрүшкөндө, Чөкүнүн аялы атасыныкына качып кетиптир.— Ие, тамаша, — Ниязбек кубаттап койду. — Анан?— Сууга барган жеринен келин бир тааныш казакка жолугуп калат. Ал төркүнү келинге атасы жайлаган жайлоону так айтып бериптир. Анда Чөкү жылкыда жүрсөкерек. Келин түн ичинде балдары уктаганда, күлүк атты токуп минип, кайрылып келгис болуп, жүруп кеткен экен. Аялы кеткенин укканда ылайым капалыгын билдирбеген Чөкү, жер сабап аябай ыйлагац дешчү. Бирок көп өтпөй келин кайра келсе болобу.— Тамашаң түшкүр, өзү каалаппы? — деди, Ниязбек.— Өзү кайдан кааласын! Атасы аттандырып жибериптир. — Атасыбы? — дешти, эми аңгемеге кызыккан көпчүлүк. — Келиндин атдына көп мал айдатып, бир топ кызкелин менен жигиттер жеткирип келишти. •— Айта бер, — көпчүлүк жаалап кетти.— Окуя мындайча болот. Кызды айылы, ата энеси бащболуп аябай кубанып тосуп алышат. Кыз төркүнүнө үч төрт айча туруп калса керек. Анан кантсе да балабакырасын сагынып, эрин ойлойт да. Келин үйүнөн чыгып баратканда колуна тийгени ошолбу, айтор, эринин жаргак шымын ала кетиптир. Бир курдай эринин шымын жайып коюп аны тиктеп отурса, байкоосуздан атасы үстүнө кирип келет. Кыз атасынан шымды ката албай калат. Эки адамдын кере кучагына тең келген шымды тиктеп туруп атасы сурайт:«Эриңдикиби? » Келин кантмек эле: «Ооба» деп чынын айтат. Аңгыча байбичеси үстүнө кирип келет. Анан атасы акесименен шешесин калтырбай сөгүп туруп: «Ушундай баатыр күйөөнү чанган катынды кусур урат. Мындан башка эрге, эми өзүң да чыдабайсың, көнбөйсүң» деп, кызын качып келди кылбай, төркүлөп келиптир деген шылтоо менен кайра жеткирип ташташты.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 01:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: