Бердикожо Бийназаров
Жайлоодо калган сезимдер
Сабакты жакшы окуганы менен малга жакын өскөн Жамила кадыресе жигиттерден кем калышпай атка бек олтуруп, талаа-түстө көп жүрдү. Бала кезинен ата-энеси менен көчүп-конгонго көнгөн чыйрак кыз көбүнчө жайлоого мал айдап, ат үстүндө жүргөнгө көнгөн. Сегизинчи классты бүткөндөн кийин окууну таштап мал багып кетүүнү көңүлүндө эңсесе дагы, аны кандайдыр бир күч кармап, дагы эки жыл окуганга түрткү берди. Бир караган жанды суктандырган өңдү-түстү Жамилага чабандык кесипти эч ким ыраа көрбөйт эле.
Ооба, Жамиланын сабакты жакшы окуганын эске албаганыбызда да, анын аялзатына таандык сулуулугу көңүлдүн төрүнөн орун алып, аны мектепти аяктаары менен ала качабыз дегендер четтен чыкты. Убакыттын өтүшү менен бышкан мөмөдөй Жамила чырайына чыгып, ал басып бараткан көчөгө көрк кошулуп, шынаарлаган балдардын саны арбыды. Боз балдардын тийишкендерине көнө түшкөн Жамила барган сайын бул көрүнүшкө дагы көңүл бурбай, кош көңүл мамиле кылып калды.
Кыш мезгилинин илеби кайтып, эркектердин майрамы аталган 23-февраль дагы кирип келди. Бул күнү кыздар өздөрүнчө белек камдап, балдарды майрамдатуу үчүн кам көрүп жатышканда чогуу окуган кыздар "ким кимге белек берет?" деп өздөрүнчө күбүр-шыбыр боло түшүштү. Класста он эки кыз, он үч бала окуйт. Ар бир кыз бирден балага белек бермек болушту. Ал эми Эдил аттуу бала бир айдан бери сабакка келбегендиктен,
аны эске алышкан жок.
Күн төбөдөн ооп, алтынчы сабак аяктаган кезде, классташтар тарых кабинетине киришти да, белек берүү аземин башташты. Жамила өзүнүн жээни Эрланга даярдалган белекти берип, ооз учунан куттуктаган болду.
Жамилага болгон сүйүүсүн ичине каткан Эрлан анын берген белегин туу тутуп, "мага белек берди, демек мага дагы Жамиланын көңүлү бар турбайбы"
деп , чолок ойго алдырган жаш уландын кубанычында чек жок эле. Маңдайы жарыла сүйүнгөн Эрлан ансайын Жамилага жакындап, экөө жакын тууган экенин эсинен чыгарып, келечеги жок сүйүүнү баарынан бийик тутуп койду. Бир сааттан ашык убакытка созулган куттуктоо аземи аяктаган кезде, күн бир топ эле ылдыйлап калган эле. Шатыра-шатман күлкүгө толгон класс ичин алеки саатта жымжырттык ээлеп, классташтар сыртка чыкканда, мектептин алдында турган аскерден келген балдар суук көздөрүн агытыша, жаңы гана бышып, жетилип келе жаткан бойго жеткен кыздарды сынай карап турушкан.
Белек алган балдар аларга көңүл деле бурушкан жок. Ал эми кыздар кантип эле аларды байкабай, көз жаздымдан кетирип калышсын. Олоң чачы далысын жапкан Жамила топ кыздардын арасынан өзгөчө көзгө сүйкүмдүү көрүнүп, ортодо баратты.
Аскердик көк тумагын төбөсүнө кийген, узун бойлуу Темирбек, Жамиланы биринчи жолу көрүп жаткансып көз ирмебей карап, ага кызыкканын жашыра албай, "Кутмандын кызы укмуш чырайына чыккан го… көз жоосун алып. Бул кызды ким алса дагы арманы жок болсо керек. Мындай сулуу менен жашагандын өзү эле бакыт эмеспи" деп тамшанып алды. Жанында турган теңтуштарынын арасынан Эрмек:
- Болду эми, көп караба. Көзүң агып түшүп калат, - деп тамашалаган болду эле, Темирбек калп күлүп:
- Мындай сулууну карабаган көздүн кимге кереги бар. Чиркин кыз эмес бекен. Жөн эле асмандан түшкөн перинин кызынан кем калышпайт го. Баралына келгенде муну талашып, мушташкандар четтен чыгат. Күлүк ат менен сулуу кыз үчүн илгери керек болсо, эки айылдын эли чабышкан дагы учуру болгон экен. Анысыңары, бул Кутмандын кызы эки айылды болбосо дагы эки эрди чабыштырат.
Айтты койду дебегиле, - деп сөзүнүн аягына чекит койгондо, Эрмек:
- Ия, Темирбек ашыкча мактап жибердиң көрүнөт. Мындай сулуулардан азыр көз адашат. Андан көрө майрамдык маанай кылып, бир барматуха алалы, сени эстен тандырган алиги сулууну алеки саатта унутасың, - деди.
Эрмектин бул айткан сөзүн ал жердегилер коштоп кетишти да, жыгачтан салынган көк дүкөндү көздөй бет алышты.
*****
23-февралдан бери Эрландын мүнөзү өзгөрдү. Буга эмне себеп болгонун өзүнөн башка жан адам билбейт. Бала кезинен бери көңүлүнүн төрүндө багып келген таежесинин кызынын колунан белек алуу, түшүнгөн кишиге бакыт эмей эмне? Эми Эрлан 8-мартка белек камдаш керек. Камдаганда дагы Жамила кызыккандай,
көңүлү бурулгандай,
ал кызыккан өзгөчө белек бербесе болбойт. Учуру келип турганда пайдаланбаса,
кийин кеч болуп калышы толук мүмкүн. Эң негизгиси акча таап, райондун борборуна барып келүү, Эрландын жүрөгүн өйүгөн маселе айланды.
Аттиң, сүйүүнүн күчү эмне деген гана таттуу кыялга батырбайт дагы, эмне деген гана ойду ойлонтпойт.
Жүрөгү дүкүлдөп, санаасы санга бөлүнгөн Эрлан убакыт 8-мартка жакындаган сайын, бир орунга олтура албай калды. Эми акча табыш үчүн жалгыз гана уурулук кылуу жолу калды. Антпесе сүйгөнүнө уят болот. Жамила үчүн баарына кайыл болгон Эрлан эмне кылса дагы акча таап, оюндагысын иш жүзүнө ашырбаса, жер үстүндө басып жүрө албайт. Эгер, ойлогон оюнун өтөөсүнө чыкпаса, анда намыс үчүн жер кесип кетүүгө даяр. 5-март күнү сабакка келген Эрлан, Жамилага жакын келип, ооз учунан сураган болду "сага эмне жагат?" деп. Жамила сырдуу жылмайып, сөз төркүнү эмне жөнүндө болуп жатканына дароо түшүнүп, "чын ниетиң менен берген нерсе" деп кыска жооп берип:
- Эрлан, көп чарпылбай эле кой. Экөөбүз жакын тууган эмеспизби. Мен сага эч таарынбайм.
Белек берем деп убара болбой деле койсоң болот. Балдардын катарынан чыкпа, - деди. Бул айтылган сөздүн тереңинде аягандык, сенин колуңдан мага жаккан белек алуу азырынча эртелик кылат дегендик жатканын Эрлан дароо байкап, өкүнүп алды. "Кап, бекер сураган экенмин. Андан көрө өзүм билип эле белек алсам болмок экен" деп. Көңүлү чөгө түшкөн Эрлан, сыр бербегенге аракет кылып:
- Мен жөн эле сурап койдум, - деди да, сөздү башкага бургусу келип:
- Сарай жакка качан барасың? Ишемби күнү мен дагы барып келсемби дедим эле, - деп Жамиланын тик карай албай, көзүн андан ала качты. Жамила баарын сезип турса да, билмексен болуп:
- Аны азыр айта албайм. Эгер сарайга бара турган болсом сага айтып коём, - деди. Ошону менен ортодо сөз үзүлдү. Сабак бүткөнгө дейре Эрландын көңүлү суз тартып, капалуу жүрдү. Бирок, оюндагысын ишке ашыруудан баш тартпады.
Ошол түнү кечинде алдыга койгон планын ишке ашыруу үчүн, жалгыз жашаган Гүлүмкан эненин короосуна кирип, куйруктуу кара козусун уурдап чыгып, атка бөктөрө өңөрүн, коңшу айылды көздөй баратып, өзүн-өзү күнөөлөдү "бекер ушул жолду тандап алдым"- деп. Эгер Жамиланы сүйүп калбаганда,
бул уурулук ишке барбайт эле. Баарына сүйүү жана 8-март майрамы себепкер болду. Жамила 23-февралда белек бербегенде,
бул уурулукту оюна дагы албайт болучу. Эми ага жооп бериш үчүн, козуну жакшы баада сатуу гана калды. Ар кандай ойдун кучагында калган бала, коңшу айылдын четиндеги, алдына ала сүйлөшүлгөн сөз боюнча, айтылган үйгө келип, козуну берди да, акчаны алып, кайра изине ат тердетип, катуу жүрүш менен кайтты. Убакыт түн ортосуна жакындап, саатын жебеси он эки жарым болуп калган кезде айылына келип, тердеген атты короого аса байлап коюп "эми эмне алуу керек" деген ойдун жетегинде бир сааттан ашык убакыт ойлонуп жатып, көзү илинип баратканда,
ордунан шарт туруп, атты отко коюп келип төшөккө кулады. Эртеси Эрлан таң эрте турду да, райондун борборуна барчу автобуска олтуруп белек алуу үчүн, тааныштардын көзүнө чалдыкпай жөнөп кетти.
Эх, сүйүү, сүйүү демекчи, сүйүүнүн күчүнө арбалган Эрлан арам жол менен тапкан акчасын уучтай кармап, райондун борборуна келип, дүкөндөн-дүкөн кыдырып, Жамилага ылайыктуу белек издеп таппай жүрдү. Акыры убакыттын өткөнү менен айылга кетчү автобуска үлгүрүп калыш үчүн, биринчи көргөн кымбат баалуу кол саатты сатып алып, жаңы жүргөнү жаткан автобуска эртерээк үлгүрүп, айылды көздөй жол тартты. Алган белегине көңүлү толгон Эрландын кабагы ачык.
"Бул алган белегимди көргөндө Жамила сөзсүз сүйүнөт" деген таттуу кыялга бөлөнгөн Эрлан, автобустан түшкөндө эле жагымсыз окуяга туш болду. Анткени, айылдык участканын милиционери райондон келчү автобусту күтүп турган эле.
Эрлан алгач эле милицияны көргөндө, өзүн жоготуп койду. "Коркконго кош көрүнөт" демекчи, милиция өзүн күтүп тургандай сезди. Анткени, Гүлүмкан эне сөзсүз милицияга кайрылышы турган иш эле. Милиционер бир сыйра автобустан түшүп жаткан кишилерди карап, өңү купкуу болгон Эрланга кайрылды.
- Каяктан келдиң, эмне өңүң купкуу, - деди.
-Райондун борборунан.
Ооруп турам, - деп Эрлан так жооп берди. Колунда кармаган эч нерсеси болбогондон кийин милиционер,
Эрландан шек алган жок. Эрлан анын жанынан бир аз узагандан соң гана өзүнө келип, кадамын ишенимдүү таштап, жолун улады. Чын- чынына келгенде, бул эне сүтү оозунан кете элек уланды эч ким мал уурдайт деп ойлобойт болучу. Айылдын милиционери дагы Эрландан шек алган жок. Болбосо бөлүмгө алып барганда эле, Эрлан коркконунан күнөөсүн моюнга алмак.
Үйгө келген Эрлан ички үйгө кирип, сүйгөнүнө, балалык аруу сүйүүсүн арнаган Жамилага арнап алган белегин колуна алып, дагы бир сыйра көз жүгүртүп, "эми мага Жамила көңүлүн сөзсүз бурат" деп күбүрөнүп алды да, белекти бекем жерге катып койду. Бул күнү жүрөгү алеп-желеп болгон Эрлан таттуу кыялга батып, көңүлү жайдары жүрдү. Бирок, бул жасаган ишинин аягы өкүнүчтүү аяктарын оюна дагы алган жок.
Эртеси эртең менен сабакка барганда, эң алгач эле уккан кабары бул болду. "Гүлүмкан эненин козусун уурулар уурдап кетиптир. Бүгүн мектепке милиция келип, жогорку класстын балдарын текшерет экен. 8-март майрамына карата ууруга баргандарды териштирет"
деген сөздү укканда, Эрландын өңү өзгөрүлүп, көңүлү чөгө түштү. Дароо Гүлүмкан эне көз алдына тартылып, анын аянычтуу абалын элестетип, өзүнүн жасаган ишине өкүнүп алды. Ойго чөмүлгөн Эрлан качан гана Жамиланы көргөндө көңүлү көтөрүлүп, бүркөлгөн кабагы ачыла түштү. Биринчи сабак математика болучу. Бул сабактан жашы элүүгө жакындап калган Бурулкан эже берет. Сабакты жакшы өтөт. Бирок, ошончолук талапты коё билет. Математика сабагы болот дегенде окуучулардын кабагы бүркөлө түшөт.
Биринчи сабак ортолоп калган кезде, эшик чертилип мектептин завучу менен айылдык милиционер класска кирип келди. Окуучулар жапырт ордуларынан тура калышты. Завуч отургула дегенсип колу менен белги берип:
- Кечээ түнү Гүлүмкан эненин козусун уурдап кетиптир. Айыл ичинен шектүү эч ким жок. Андыктан сабактан кийин болгон бул класстагы балдар менин бөлмөмө киргиле, - деди. Башын жерден албаган Эрлан ичинен өзүн өзү күнөөлөп, бекер уурулукка барганына өкүнүп турду. Милиционер дагы Эрландын шек алып калгандай болду.
Үчүнчү сабак бүтүп, чоң танаписке чыкканда балдар кыздарга белек берүүнү туура көрүшүп, кыздарга эскертишти,
"сыртка чыкпагыла"
деп. Эрлан бул жолу эки анжы ойдо калды. Эгер кол саатты Жамилага бере турган болсо, айыбы ачылып кала тургандай сезилди. Көңүлү чөгүп, кыртышы эч нерсени сүйбөй, арткы партага барып олтуруп алды. Арадан аз убакыт өтпөй сабакты жакшы окуган Алтынбек ортого чыгып каалоо-тилек айтып, белек берүүнү баштады. Балдар өздөрү 23-февралда кимден белек алса, ошол кызга белектерин берип, куттуктап жатышты. Эрлан элден бөлүнүп Жамиланы өзүнчө чакырып, эч кимге билгизбей, камдаган белегин берип, акырын бетинен сүйүп "Жамила, сени мен абдан жакшы көрөм" деп айтып алып, уялып кетти. Жамила мындай белек алам деп Эрландан күткөн эмес. Алгач чочуп кетти да, качан Эрлан көзүн кысып белги бергенде гана сыр бербей кол саатты сумкасына салды. Бирок, Эрландын "сени мен абдан жакшы көрөм" деп айткан сөзүн өзүнө жууткусу келбей, азыраак көңүлү чөгө түштү. "Биз тууганбыз да" дегенсип. Ушул саам гана билди Жамила, сүйүү таяке, жээнге карабасын. Айтканга оңой, бирок сүйүүнүн кудурети күчтүү экенин качан гана адам аруу, таза сүйүүгө кабылганда билет эмеспи. Жамила сабак бүткөнгө чейин жээни Эрлан жөнүндө ойлонуп, көңүлү эч нерсеге чапкан жок. Бир чети "сени сүйөм, жакшы көрөм" деп жигиттердин айткан сөзүнө көнүп деле калган. Бирок эмнегедир Эрландын бул жолу айткан сөзү Жамиланы таасирлентип,
чындап ойго салды.
АЧЫЛГАН АЙЫП
Мектептин завучу эбак эле ар бир класска бирден тыңчы даярдап, ким кимге кандай белек бергени жөнүндө билип алган. Жамилага кымбат баадагы кол саатты Эрлан белекке бергенин укканда эле, дароо шек алган завуч акыркы сабак ортолоп калганда, өзүнө чакыртты.
- Элебесов Эрлан, сени завуч чакырып жатат, - деп физика мугалими Рыскелди агай айтканда эле, Эрлан өзүн жоготуп койду. Өңү өзгөрүлүп:
- Эмнеге агай? - деп сурады.
Рыскелди агай үнүн өзгөртүп:
- Кайдан билем. Завуч мага отчёт бербейт. Бас, ылдам, - деп алдыга басты. Эрлан классташтарынан уялганынан,
жердин катуулугунан гана калды. Кадамы жылбай тушалып калгандай сезилди. Завучтун бөлмөсүнө барганга чейин не деген ойлорду ойлогонго үлгүрдү. Эх, ошондогу Эрландын абалын сүрөттөп жазганга сөз жетпейт го.
Завуч чыдамы кетип күтүп жаткан эле. Эрлан сырттан киргенде эле, эң алгачкы суроосу бул болду:
- Кечээ райондун борборуна эмне жумуш менен бардың? - деди. Эрлан бул суроону күтпөгөндүктөн мукактана түштү. Завучту тик карай албай:
- Өзүмдүн жеке иштерим менен, - деп жооп берди, ооз учунан.
- Кандай жеке ишиң менен бардың? Так жооп берчи, - деп, талап койду.
Эрлан үнүн чыгарып:
- Кийим алсамбы дедим эле, - деп калп айтып, бул шылтоону тапканына өзү дагы сүйүнүп кетти.
- Анан кийим алдыңбы? - деп, завуч суроосун жаңыртып койду.
Эрлан башын жерге салган тейде:
- Жок, мен алайын деген кийим чак келбей калды. Анан кийинки аптада кайра барсамбы дегем.
Завуч көңүлү суз:
- Сен эмне калп айтып жатасың? "Классташым Жамилга кол саат алганы баргам"- деп, чык эле айтпайсыңбы.
Ага андай чоң суммадагы акчаны кайдан алдың? Билесиңби, ага белекке берген саат канча турарын, биз эбак эле билип койгонбуз.
Эрлан бул сөздү укканда, туюкка кабылган жолоочудай сөз таба албай, бир топко үнсүз туруп калды. Ал турсун мен Жамилага кол саат бергенимди эжей кайдан билди деген ойду дагы ойлогонго жетишти. Завуч Замира Алиевна, Гүлүмкан эненин козусун Эрлан уурдаганын,
анын турган турпатынан эле билип койду. Бирок дагы алдап сурап көрөйүн деп:
- Элебесов мен сенден сурап атам? Акчаны кайдан алдың? Бол тез айт. Болбосо милициянын бөлмөсүнө барганда айтасыңбы? Эч ким биле электе айт. Болбосо, бүт мектеп, болгон айылга сенин жоругуң белгилүү болот.
Эрлан башын жерден көтөрүп:
- Чогултуп жүргөн акчама алгам, - деди.
Завуч бул сөздү укканда:
- Калп айтасың. Эч жерде иштебесең, сен кантип акча чогулттуң? Ачык эле айтпайсыңбы,
Гүлүмкан эненин козусун уурдап барып сатып, ошол акчага белек алдым,- деп. Сенин уурулукка барганыңды,
алдагы турган кейпиң эле айтып турбайбы. Айылдык участковый милиционер дагы сенден шектенип жатат. Эгер сен азыр күнөөңдү моюнга алсаң, бул сыр ушул жерде гана калат, эч ким билбейт, - деди. Бул сөздү укканда Эрлан ыйлап жиберди да:
- Эже, Гүлүмкан эненин козусун уурдаганым чын. Эч кимге айтпасаңыз,
- деп күнөөсүн моюнга алып, болгон ишти башынан айтып берди да, "жан адам билбесин, эртең акчасын алып келип берем" деди.
Завуч Эрландын сөзүн баштан-аяк угуп, бир чети аяса, бир чети ичинен кыжынып турду. Кантип эле мектеп окуучусу уурулукка барды? Биз анда эмне максат менен бул баланы окутуп-тарбиялап жатабыз" деп ойлоп бир азга ойго чөмүлө түштү. Эрлан туңгуюктан жол издеген кайберендей завучту жалооруп карады. Завуч өз ою менен алек боло ичинен туттугуп, аба жетишпегенсип,
оор улутунуп алды да, сүрдүү көз караш менен Эрланды карап:
- Кайсы дитиң менен бардың? Сага эмне сүйүү эле керекпи? Эмитеден уурулукка барсаң, кийин кайда барасың, ыя? Ата-энең укса эмне дейт? Сен ушул ишти жасаардан мурда ойлодуңбу деги?
Эрлан башын жерге салган тейде үнсүз туруп берди. Бир кезде завуч үнүн жогору чыгарып:
- Козуну канча баага саттың? Бүгүнтөн калтырбай козунун өзүн ордуна алып келип кой? Болбосо, ата-энеңди чакырып өзүнчө сүйлөшөм, - деп тапшырманы катуу берди. Эрлан башын ийкеп, шашкалактап жиберди:
- Макул, буюрса, бүгүн кечке калтырбай бүтүрөм, эң негизгиси эч ким билбесе болду - деди.
Завуч Замира Алиевна абалынан жазбай:
- Эрлан, эгер бүгүн убаданы аткарбасаң,
эртең ата-энелер жыйналышына салам. Болбосо милицияга салып берем, - деп коркуткан болду да, көзү менен белги берди чыгып кет деп. Эрлан завучтун бөлмөсүнөн чыкканда, өзүн кыйла жеңил сезип, улутунуп алды да, өзүн өзү жемелегенге өттү. "Кап, ким көрүп калды болду кен. Жамилага берген белекти. Кечинде эле берсем эмне? Ой, ушу менин шашмалыгым"
деп илкий басып класска кирди. Сабак өтүп жаткан мугалим:
- Бар, ордуңа олтур! - деп сүйлөп аткан сөзүн улады. Эрлан ордуна олтуруп жатып өзүн сырдуу караган Жамийланын көздөрүнөн жагымдуулукту байкап, аз да болсо көңүлү көтөрүлө түштү да, ага жооп кылып жылмайган болду. Сабак өтүп жаткан мугалим үнүн бийик чыгарып:
- Сүйлөшпөй олтургула. Азыр мен өтүп жаткан тема экзаменге кирет, - деп эскерткен болду.
Баракча 1 - 1
"Жайлоодо калган сезимдер" автору Берди Бийназаров
#2 06 Март 2016 - 14:22
***
Эрлан сабактан чыккан соң, эми эмне кылам, акчаны кайдан табам? Козуну сатып алган кишиге кайра барамбы? Түбү жок ойго чөмүлгөн Эрлан жанына келген Жамиланы дагы байкаган жок. Качан гана Жамила:
- Эмне мынча ойлонуп? Завуч эже эмнеге чакырыптыр? - деп сурап, суроосуна жооп күттү. Жайдары жүз менен караган Эрланга бул көрүнүш жага түштү да:
- Жөн эле. Мен сага берген белекти эжеге ким жеткизип барган? Кызык, эч ким деле көргөн эмес эле го?
Жамиланын өңү бузулуп:
- Анын ага эмне тиешеси бар экен. Майда-баратка эле кирише берет ушунтип. Негизи эле аял кишинин чоң болгону курусун, - деп Жамила бир топ сөздүн башын айтып жиберди. Эрлан кабагын түйгөн тейде:
- Жамила сен билесиңби? Экөөбүз тууган болгонубуз менен мен сени абдан жакшы көрөм. Сен жүргөн жердин баары мага кооз көрүнөт. Канчалык бул ойду ойлобоюн деген менен ага менин күчүм жетпеди, - деп негизги сөздүн учун чыгарды. Жамила ушул сөз айтыларын күткөн. Бирок, сыр алдырбай, ичке жагымдуу үнү менен:
- Эрлан, өзүң ойлончу. Тууган болсок ата-энелерибиз, туугандарыбыз укса эмне дейт. Болду мындан кийин бул темада сүйлөшкөндү токтотолу. Эч адам укпасын, - деп, талап койгон болду. Эрлан башын ийкеп:
- Ооба, сен туура айттың. Бирок, сезим күчү баарын жеңип кетет го. Бул күчтү жеңүү кимдин колунан келет. Билбейм Жамила, мен дагы аракет кылып көрөйүн, - деди.
Жамила ушул саам Эрланга жал ооруган көз караш менен карап:
- Башка кыздар менен мамиле түзүп көрбөйсүңбү? Азыр балалык сезимди жеңсе болот, - деп сүйлөп келатканда алдыларынан чыккан аскерден келген эки жигит чыкты да, бири Эрланды өзүнө чакырып, бири Жамилага жакындады. Эрлан дароо түшүндү. Экөөнүн бири Жамиланы жакшы көрөрүн. Ичинен билгизбей кызганып, өзүн чакырган балага кол сунду, салам берген түр көргөзүп. Алмаз, Эрландын колун кыса кармап:
- Эки жашка тоскоол болбойлу. Сүйлөшүп алышсын, - деди. Эрлан бул сөздү укканда өзүн араң гана кармап, бирок үн дебестен Алмазды жаман көзү менен карап койду.
****
Жамилага кызганычы күч Эрлан көпкө чыдап тура албады. Анткени, Темирбек анын жолун тороп, бир топко кыйнады. "Кечинде жолугалы. Сен мага жагып калдың" деген сымал сөздөрдү айтып. Бул айтылган сөздөр Эрланга даана эле угулуп турду. Бир убакта чыдамы кеткен Эрлан:
- Темирбек байке, болду эми. Бизди жолдон калтырып эмне мынча кыйнайсыз. Сизге көңүлү жок болгондон кийин жабышпаңыз, - деп айтып жибергенин өзү дагы билбей калды. Темирбек ачуусу келгенин билгизбегенге аракет кылып:
- Эрлан, кой анча катуу кетпе. Таэжеңди катуу кызгандың го? Мырза катуу кетсем айып этпе, - деп жоошута сүйлөдү. Эрлан өзүн-өзү кармап:
- Анан силердики туурабы, жаш кызды уялтып. Ар нерсенин чеги менен болуш керек да, - деди.
Темирбектин "таяжеңди катуу кызгандың го?" деген сөзүн жүрөгүнө терең кабыл алып, кабагы саал чөгө түштү. Бул ыңгайдан пайдаланып Жамила алардын жанынан узап кетти. Артынан жете келген Эрлан көңүлү суз:
- Кызык, өздөрү армиядан келип алышып, кенедей кызга асылышат. Өз теңдери менен болбойбу? - деп наалый сүйлөдү да, Жамилага кайрылды.
- Сага эмнеге балдар көп тийишет? - деп. Эрлан суроону берип алып, өзү уялып кетти. Жамила аста жылмайып:
- Аны өзүм дагы билбейм. Балким узун чачыма кызыгышаар. "Кыздын көркү - чачы менен" деп айтылган сөз бар эмеспи, - деп жооткото сүйлөдү. Эрлан бир топ жерге чейин узатып барып изине кайтты да, дароо завучтун сөзүн эстеп, дүйнө тар болуп, өзүн абдан алсыз сезилип кетти. "Эми кайдан табам? Кап, ушул уурулук ишке барбай эле койсом эмне?" деп өкүнүп да алды.
Ал күнү Эрлан убаданы аткара алган жок. Ошол себеп менен эртеси сабакка барбай, таң эрте тоону көздөй бет алды. Барып атасына ачык айтып, акча албаса башка эч аргасы калбай калды. Барганда эле ойлогон ою ишке ашып кетсе анда жакшы болбойбу. Сабактан качып, айылга батпай сарайга барган менен атасына эч сөз айта албай, кечке кыйналды. Акыры тобокелге салып, кечинде атасынын бир козусун уурдап келип, Гүлүмкан эненин козусун сатып алган адамга келип, болгон ишти түшүндүрүп айтып, козуну айырбаштады да түнү менен уурдалган козуну кайра Гүлүмкан эненин короосуна жеткизип, аттын башын сарайды көздөй бурду. Түн ортосунда жан адамга көрүнбөй сарайга келип, атты отко койгон соң, эч нерсе билбегендей ордуна келип жатып калды. Бул жасаган ишине өзү дагы ыраазы боло, түнү тынч уктады. Билсе дагы атам сотко бербейт деп ойлогон Эрлан, уйкудан ойгонгондо, алгач эле атасынын кабагын карады. Козунун уурдалганын билбеген атасы эмне кылмак эле, күндөгүдөй иш менен алек болуп, уулунун абалына көңүл дагы бурган жок. Эрлан эртең мененки тамакты ичип алып, эч шашылбай жолго чыкты да, жакага түшүп келип түз эле завучтун үйүн көздөй бет алды. Бирок, завуч үйүндө жок болучу. Убакыт өткөн сайын Эрланда жан жок, кылыгым элге билинбесе экен деп.
***
Гүлүмкан эже эртең менен эрте туруп кароосунан кирип эле жоголгон козуну көрүп, таң калып калды. Эки жакта элеңдей карап, кайсы убакта алып келди козуну деп ишене бербей кароону айлана карап жатканда, сабакка бараткан завуч Замира Алиева кайрылып калды:
- Эмне болду, сизге? - деп.
Гүлүмкан эне жылмайып:
- Козум табылды. Түндө короого алып келип таштап кетиптир уурулар, - деп сүйүнгөнүнөн бети албырып, тили тилине тийбей сүйлөп жатты. Завуч ичинен Эрландын бул жоругуна ыраазы болгону менен өзүн-зү күнөөлөп алды.
Анткени Эрлан жөнүндө оозунан чыгып кеткен эле да. Замира Алиевна, Гүлүмкан эненин сөзүн эптеп аягына чейин угуп:
- Кечирип коюңуз, мен шашып аттым эле. Сабактан кечигип атам. Ырас козуңуз табылганы жакшы болгон турбайбы, - деп кадамын тез-тез шилтеп, жолун улап баратып, өзүнүн сыр ката албас мүнөзүнө нааразы боло "кап, эми мен Эрланга уят болгон экенмин. Кайдан дагы директорго айттым эле. Эми ага эмне деп айтам. Бир-эки күн чыдай турсам эмне? Эл укса эмне дейт. Ушул жашка келгени убадага туруп келдим эле, бул жолу эмне болдум. Кап, бекер иш болду" деп өз ою менен алек болуп атып, мектепке кантип келгенин билбей калды. Астананы аттап эле, өзүнүн бөлмөсүнүн эшигин ачып, сумкасын үстөлдүн үстүнө коюп, дароо эле директордун бөлмөсүнө эшик чертип кирип:
- Нурболот Салимович, кандай эс алдыңыз? - деп алгач салам берип, анан ыгын келтирип:
- Кечээ мен сизге туура эмес сөз айтып коюптурмун. Ал үчүн кечирим сурайм. Көрсө Гүлүмкан эненин козусун Элебесов албаптыр. Бүгүн эртең менен Гүлүмкан эжеге жолуксам, козусу табылыптыр. Бекер жерден эле Элебесовду күнөөлөп жатыппыз, - деп актанган түр көргөзө сүйлөдү. Нурболот Салимович кабагы ачыла:
- Ойлодум да. Мектеп окуучусу бул ишке барбайт деп. Силер аялдар болжолдоп эле бир нерсени айта бересиңер, чын-бышыгын билбей туруп. Ырас болуптур анын козусунун табылганы, - деп терезе жакты карап койду да:
- Бүгүн Элебесовдун атасын чакыртайын деп аттым эле. Уят болмок экенбиз.
-Ырас эрте айтканың жакшы болбодубу, - деп завучту кете бер бошсуң дегендей каш серпип койду. Бирок, директор дагы эки-үч кишиге айтып, Эрлан жөнүндө сурамжылап жиберген эле. Завучтун сөзгө турбаганынын айынан Эрлан жөнүндө сөз эбак эле айыл ичине тарап, мектеп бүт уккан болучу. "Шамал болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдасын" демекчи, сөздүн аныгын билиш үчүн Жамила, Эрландын өзүнө жолугууну чыдамы кете күтүп аткан эле. Эч жаман ой көңүлүндө жок, мектепке келип эле эң алгач өзүнүн уурулук жоругу боюнча Айбек аттуу баладан угуп, канчалык өзүн жаман сезсе дагы, сыр бербей:
- Койчу, каяктагы сөздү айтасың да. Ким айтты сага мени ууру деп, - деген таисте Айбекти карады.
Айбек абалынан жазбай:
- Бүт мектеп билет, Гүлүмкан эненин козусун уурдаганыңды. Керек болсо ал акчага эмне алганың дагы бизге маалым.
Бул сөздү укканда Эрлан өзүн өзү кармана албай, ачууга алдырып жиберди.
- Эмне алыптырмын, оозуңарга алыңар келбей эле айта бересиңерби. Гүлүмкан эненин козусу табылганы качан, ишенбесең, бар өзүнөн барып сура! - деп Эрлан ичтеги бугун чыгара кыйкырып сүйлөп көзүн чакчайтып Айбекти жеп жиберчүдөй карады. Аңгыча экөөнүн жанына келип калган завуч:
- Силерге эмне болду? Баскыла, менин бөлмөмө киргилечи, ал жактан сүйлөшөлү, - деп. Сөз учугун угуп калгандыктан, ушул жолду тандап алган Замира Алиевна экөөнү өзүнүн бөлмөсүнө алып кирип, Эрландын алдына күнөөлү болуп калганын көз карашынан билгизип алгач Айбекти сөзгө тартты.
- Сага ким айтты, Эрлан Гүлүмкан эненин козусун уурдады деп. Чын-бышыгын билбей эле сүйлөй бересиңби?
Айбек мукактанып:
- Билбейм, баары эле айтып жатышат го? - деп күнөөлүү кишидей башын жерге салды. Завуч үнүн өктөм чыгарып:
- Баары болгондо ким? Бирөөнүн атын айтчы! - деди.
Айбек мукактанып күнөөлүү кишидей болуп оозуна сөз кирбей туруп калды эле, завуч:
- Жаман аялдардай болуп сөз ташыган эркек балага жарашпайт. Эрлан эч кандай уурулук кылган эмес. Антип сен чын-бышыгын билбей туруп сөз ташыганыңды токтот. Бар эми сабакка киргиле, - деди да өзүнүн иши менен алек болуп үстөлдөгү кагазга үңүлгөн болду.
***
Жаз мезгилинин сыдырым соккон жели жүздү аймалап, жаңы жарылган шыбактын жыты мурундун каңылжарын жарат. Көк кубалаган кой бир жерге токтобой кырдан кырды ашып, курсак тойгузуунун камында. Жамила карагер аттын үстүндө алыскы тоолорго дүрбү салып, жакын жерде ит-куш жокпу деген таисте бир топко дүрбүдөн көзүн албады.
Күн төбөгө келген кезде, койлорду сууга түшүрүп, эми гана жаны тынч алып аттан түштү да, жылжып аккан булакка жүз чайып, көрпөчөнү алып келип жерге жая салды да, көчүк басып олтуруп өткөндү эстегенге өттү.
Жамила мектепти бүткөнү эл сыяктуу шаарга барган жок. Башкармага кирип бир короо кой сураганда, айыл башкармасы таң калганын жашыра албай:
- Кызым, сени мугалимдер макташпады беле, жакшы окуйт деп. Эмне окууга тапшырбайсыңбы? - дегенде, Жамила эч тартынбай:
- "Ар бир кесип ардактуу" демекчи, менин сүйгөн кесибим мал багуу. Кичинемден мал менен өстүм. Малга көнүп дагы калдым, - деп бир багытта сөз козгоп, өзүнүн оюн кенен түшүндүрүп бергенде, башкарма Кемел Казиев Жамилага ыраазы боло:
- Азаматсың, Жамила. Сага бербеген койду кимге берем. Бирок кыркын болуп, козуларды бөлгөнгө чейин күтүүгө туура келет.
Жамила жылуу жүз менен жагымдуу жылмайып:
- Мен ага чейин күтө турам. Эң негизгиси эсиңизден чыкпаса болду, - деп изине кайткан.
Быйыл Жамиланын чабандык кесипти аркалаганына дээрлик эки жыл болду. Эки жыл ичинде эмне деген гана окуялар болуп өтпөдү. Жамила сууга түшкөн койлордун алды жуушаганы жай алганда, баягы Эрландын жоругун эстеп мыйыгынан күлгөн болду.
Эрлан менен Айбек завучтун бөлмөсүнөн чыккан соң, ээрчише басып класска киришкенде сабак башталып калган болучу. Математикада сабак берген эжей:
- Бол тез киргиле, - деп тапшырманы сураганга өттү.
Эрлан өзүнүн ордуна олтуруп атып, Жамиланы карады да, көз карашынан дароо бир нерсени байкады. Ооба,ошондо Эрланга Жамила "уурулук жол менен берген белегиңе ыраазымын" деген мааниде карагандай сезилди. Жеке эле Жамила эмес бүт классташтары "сен уурусуң" деген мааниде карап жаткандай сезилди.
Эрландын ою бузулуп, кабагы салыңкы өз ою менен алек болуп олтурду. Качан гана мугалим эжей:
- Элебесов кечээки берилген тапшырманы аткардыңбы? - дегенде гана Эрландын ойдон алаксып ордунан туруп:
- Эжей, кечээ мен сабакка келген эмес элем. Ошол себептен тапшырманы аткара алганым жок, - деди.
Эжей:
- Бул эми кичине класстын окуучуларынын шылтоосу эмеспи. Деги качан бул шылтоону айтканды токтотосуңар, - деп нааразы боло Эрланга олтур деп белги берди.
Биринчи сабак бүтүп, танаписке чыкканда Жамила көңүлү суз олтурган Эрландын жанына келип:
- Сага эмне болду? Бирөө капа кылдыбы? - деп жан тарта суроо берди, Эрлан көңүлсүз:
- Жамила билесиңби, баары сага тийиштүү. Сен жөнүндө ойлоно берип, жинди болуп кетем го. Жамилага бул айтылган сөз эч деле таасир берген жок.
Анткени, бул сөздү жеке эле Эрлан эмес, көп эле балдар айткан. Жамила ээндиктен пайдаланып:
- Эрлан, сен ачыгын айтчы. Азыр экөөбүз элебиз го. Тиги Гүлүмкан эненин козусун сен уурдадың беле? Эмнегедир бул жөнүндө сөз тарап кетиптир го? - деди.
Эрлан жарасын чукутуп алгансып чочуп кетти да:
- Сага аны ким айтты? Баары калп. Гүлүмкан эненин жоголгон козусу табылган турбайбы, - деп өзүн актоонун үстүндө болду. Жамила ишене бербей:
- Качан козусу табылыптыр? Аны сага ким айтты? - деди Эрлан калыбынан
жазбай.
- Завуч айтты, - деп ишенимдүү жооп берди да, завучтун сөзгө турбаганына нааразы боло:
- Жамила, сага ким айтты? Мени ууру, козу уурдаптыр деп. Билбейм, Айбектен угуптур тиги Айнура. Ал турсун ал козуну мага белек алуу үчүн уурдаганыңды дагы кеп кылышууда. Чын эле сен мага берген белекти кайсы акчага алдың? Сен берген белек мага абдан жакты, - деп дагы чучукка тийген суроо берди.
Эрлан мукактанып:
- Эсенбек байкемден карыз акча алгам. Тең акча өзүмдө бар болучу, - деп калпты каратып туруп айтты да, дагы кандай сурооң бар дегенсип карап калды.
Аңгыча айылдын участковый милициясы сырттан кирип келип:
- Эрлан, жүрү мени менен барасың, - деди. Бул байкоосуз келген милицияны көргөндө, Эрландын жүрөгү түшүп, өңү купкуу болуп кетти.
Милициянын келгени, класстагы балдар-кыздарды айраң таң калтырып, Эрландын уурулук кылганы анык экенинен белги бергенсиди. Башын жерге салып, класстан чыгып бараткан Эрландан өңү кыпкызыл болуп, уялганы билинип турду. Буту тушалып калгансып каалгага жетмеги тозоктун тозогу болду. Эптеп сыртка чыгып кетсе эле бир балекеттен кутулчудай сезилип, милиция берген суроого дагы жооп бербей, үнсүз астананы аттап, эшикти сыртынан жапканда гана оор үшкүрүнүп, жеңилдей түштү. Ошондогу Эрландын абалын сүрөттөп жазганга сөз жетпейт го чиркин. "Уят өлүмдөн катуу" демекчи, уялганы бир тең, ууру деген атка конгону бир тең болуп, милицияны ээрчип келатып, Эрлан качып кетүүнү ойлоду. Бирок, бул оюнан тез кайтып, завучтун бөлмөсүнө киргенде гана өзүн жеңил сезип, бүт кыйынчылык арта калгандай сезилди. Күнөөлүү кишидей көз караш менен караган завуч Замира Алиевна Эрланды тике карай албай, көзүн ала качып:
- Эрлан, сен эч нерседен коркпо, болгонун болгондой айтып бер. Бирок, мындан кийин мындай ишке барба, - деп жай сөз менен түшүндүрдү.
Завучтун өтүнүчү менен Эрлан сөздү баштады:
- Баарына сүйүү күнөөлүү, - деп болгон окуяны баштан-аяк айтып берип кечирим сурады да, бөлмөдөн чыкты.Эрландын козу уурдаган окуясы бир айга чукул кеп болуп, акыры ата-энесине дагы угулду. Бирок, эч моюн бербеген Эрлан эң негизгиси сүйүүнү туу тутуп, баарына кайыл болду. Ал эми Жамила башында уялганы менен убакыттын өтүшү менен айтылган сөздөр кулагына жат сезилип калды. Таеже, жээндин ортосундагы сөз дале жашай берет беле ким билет, эгер Эрлан шаарга окуганы кетпегенде. Өткөндү эстеп мыйыгынан күлүп Жамила суу жээктеп ылдый басты. Төбөдөн тийген күндүн ысыгына туруштук бербеген жумурткадай болгон ак койлор көлөкө издешип, биринен бири орун талашып, баш каткандай жай издөө менен алек. Жамила кеминде бир саатка чукул убакыт суу жээктей басып, эң алгач Эрлан менен өбүшкөнүн эстеп, дагы мыйыгынан жылмайып алды.
Ошол козу уурдап уурулугу билинип калган Эрлан эч чөкпөй кайра кайраттанганы Жамиланын жүрөгүн жибитти. Сабакка даярданып жаткан Жамила, Эрландын кирип келгенин алгач сезген жок. Качан гана Эрлан:
- Ии, илимпоз болчудай эле окуу менен алек болуп жатасыңбы? - дегенде гана Жамила чочуп кетип:
- Ой, качан келип калдың? - деп жагымдуу жылмайды. Бул убакта күн кечтеп, көз байланып калган эле.
Бир сааттан ашык сүйлөшкөн экөө сыртка чыкканда Эрлан өзүнүн өктөмдүгүн көргөзүп:
- Жамила, сен деп жүрүп эч нерсеге көңүл жок. Бир гана сен үчүн жашап жүргөндөймүн, - деп кулакка жагымдуу сөздөрдү айтып, Жамиланын ичке белинен кармап, бетинен сыпаа өпкөндө, эркектин жылуу мамилесине мас болгон Жамила өзүн кармана албай, аппак колдорун Эрландын моюнуна артты. Ушул эле жетпей турган белем эриндер бири-бирине чапталышып, таттуу мүнөттөр билинбей өтүп жатты. Биринчи жолку өбүшү экөөнүн тең аң-сезимин ээлеп, көздөрү тумандап барып токтоду. Дагы жакшы, эгер андан ары тереңдеп кетсе, анда эмне болмок. Алгач Жамила боюн түздөп, Эрландын тулку боюн өзүнөн алыстата алсыз түрттү. Эх, ошондогу ширин өбүшүү экөөнүн тең эсинен кеткис болду го. Өзгөчө Эрлан балга конгон аарыдай Жамиланын каршы болгонуна бир топко чейин ээ бербей алкымынан өпкүлөп, денесине бекем кысып, бул дүйнөнү унутуп койгондой абалда болду. Эрландын бул кылыгы Жамилага жагып турду, бирок өзүнүн келечегинен коркуп, сезимге алдырбастын амалын ойлоду. Жарым саатка чукул өбүшүнүн аягы эмне менен бүтмөк ким билет, эгер жакын жерден табыш чыкпаганда. Өбүшүп беттер ачылып калган эки жаш кечкисин жолугуп жүрүштү. Бирок, аскерден келген балдар көбүрөөк тоскоол болду. Ансайын Эрландын кызгануусу күч алып, Жамиланын тымызын кайтарганга өттү. Анткени менен чоң балдар бат эле Эрландын эсебин таап, айылдын четине чыгарып, өздөрүнчө сүйлөшкөндөн кийин Эрлан ызасын ичине катып, өзүн алаксытуу менен алек болуп, алиги кыз талашкан балдарга көрүнүүнү алдыга максат кылды.
Жамила өткөндү эстеп олтуруп, канча убакыт өткөнүн дагы билбей калды. Өзгөчө талаада жалгыз мал кайтарганда убакыттын өтүшү азап эмеспи. Бирок, мал артынан жүргөнгө көнгөн Жамила өз ишине так. Башкармага дагы отчёт бергенде Жамиланын короосунан чыгым аз экенин билгенден бери, көңүлү жайында. Башында көп ишенген эмес эле, Жамиланын өз алдынча мал багып кетээрине. Ошол жылы күзүндө козулар бөлүнгөн кезде, бир кырка эркек козуларды бөлдүрүп берген. Анткени, ноябрь айында бул козулар этке төгүлмөк.
Жамила эч жаман ой ойлобой өзүнө бөлүнгөн малды санап алып, чоң жоопкерчиликти моюнга алганына ыраазы болуп, жолуна түшкөн. Башкарма Жамиланы узата карап, канчалык ишенбей турса дагы сыр бербей тилегин айтып кала берген болучу.
Мына андан бери бир калыпта өткөн убакыт эки жылды койнуна алып, Жамиланы бир топ такшалтты. Иш дегенде ичкен ашын жерге коё койгон Жамила эл оозуна тез алынып, кадыры өстү. Жамила күндүн илеби кайтканга чейин суу жээктеп басып жүрүп, карагандынын арасына кирип, кайра чыга албай калган койду көзү чалды да, дароо ал жакты көздөй кадамын тездете басып барып, койду шыйрагынан тартып чыгып, жүнүнө жабышкан тикенектерди тазалап, коё берди. Кой бир чоң азаптан кутулгансып маарап, маңдайкы тоонун бетине жайылган койлорго барып кошулду. Жамила бул жасаган ишине ыраазы боло тушалып турган атын көздөй басканда, карагер атын тердете Мирлан келип калды.
Айтмакчы, Мирлан Эрландын бир тууган агасы. Аскерден келгенине болгону эки айга кадам таштады. Алыскы Россиянын Новгород шаарында кызматын өтөп, чачты суулап тарап турган учуру. Тактап айтканда, сыны бузула элек кези. Ооба, ал кезде аскерден келген балдардын кеминде алты ай шымынын кыры кетпей, аскердик тартиптен алыстабаган адаттары бар эмес беле. Мирлан дагы чачын кыска кестирип, орус тилин чалып сүйлөп, маданияттуулукту сактап, Жамилага сылык учурашып:
- Жамила, эринген жоксуңбу? Түшкү тамакка келет десем келбедиң го? - деп суроо бергенче аттан секирип түштү. Жамила болор-болбос жылмайып:
- Курсак деле ачкан жок, - деп ичке жагымдуу үнү менен жооп берди да, анын келгенин жактыра берген жок.
Мирлан аскерге жаңы кеткенде Жамила али мектепте окуучу. Бирок, анын өзүнө карата оюн кечээ жакында гана билди. Эгер Мирлан өзү айтпаса, Жамила Мирланга көңүл деле бурмак эмес. Жаңы эле кичүү жээни Эрландын уйгактай жабышкан мамилесинен кутулганда. Эми анын агасынын сөз айта баштаганы Жамилага оор эле тийди. Жок эле дегенде ата-энелери тууган болбосо болбойт беле. Эл укса эмне дейт. Бир жээнинен кутулса, эми экинчи жээни бура бастырбай демиткени түшүнгөн адамга оор эле тиет. Жамила эмне максат менен келдиң дегенсип, карап койду. Мирлан өзүн ыңгайсыз сезип.
- Жөн эле. Эрингенимден сага жардам берип, кой тосушайын деген ойдо ат бастырып чыктым, - деп азыраак сүрдөгөнүн билгизип койду. Эгер Мирлан өзүнүн сезимин билгизбегенде, мындай ыңгайсыз абалда калбайт болучу. Анда экөө таэже-жээндей тамашалашып өздөрүн кыйла эркин сезишет беле, ким билет. Эрланга караганда Мирлан алгачкы убактарда эле оюн ачык айтып, Жамиланын көңүлүн кайт кылып, өзүнүн жагымсыз жактарын билгизип алып, эми өзүн көргөзө албай жүргөн учуру. Жамила, Мирлан сөзүнүн аягына чыкканда оюн ачык айтты. Бирок, Мирландын көңүлү калбагандай кылып.
- Мирлан сен туура түшүн...
Экөөбүздүн ата-энелерибиз тууган болсо. Анан биз минтип жолугушуп жүргөнүбүз уят иш. Андан көрө кеп болбой, тайэже-жээн бойдон калганыбыз эле оң. Өзүң эл жер көрүп, акыл токтолуп калдың. Эки жыл чет элде жүргөндүн өзү эле эмне деген эмгек. Эгер туура түшүнсөң бул сөз ушул эле жерде калсын. Эл укса эмне дейт?
Мирлан бул айтылган сөздөргө көп көңүлүн бургусу келбей, Жамиля сөзүнүн аягына чыкканда:
-Жамиля, ишенесиңби. Мен баарын ойлодум. Акыры жүрөккө тынчтык бербеген сүйүү сезимине күчүм жетпеген соң гана ачыкка чыгып, сага айтып олтурам. Билесиңби, уккандырсың, Олжобай менен Кишимжан жөнүндө. Алар деле экөөбүздөй тайэже-жээн болгон. Бирок, сүйүүнү бийик сактагандыктан ысымдары тарыхта калып, али күнчө эл оозунда айтылып жүрөт го. Биздин сүйүүбүз көп болсо, биздин айылдын элинде кеп болот. Бара-бара убакыттын өтүшү менен унутулуп, жашообуз өз нугуна түшөт. Эң негизгиси сен менин көңүлүмдү кайт кыла көрбө. Ишенесиңби сен дегенде мен баарына кайылмын. Бүт дитимди, эркимди бир гана сен бийлеп алдың. Сен жөнүндө ойлонуу мен үчүн бакыттын-бакыты. Эгер экөөбүз үйлөнүп калсак сени алаканыма салып багам. Азыр болгон тилегим, оюм бир гана сенсиң. Кап! Жок дегенде эле экөөбүз тууган болбой калганыбызда эмне. Анда мен сени эбак ала качсам дагы сага үйлөнөт элем. Аскерден келген күнү эле сени көрүп, сага көңүлүм бурулган. Көрсө ошондо сен менин жүрөгүмө бүлүк салып, тынчымды алдың.
Жамиля бул айтылган сөздөрдү кулагынын сыртынан кетирди. Анткени канча бала аскерден келип, Мирлан айткан сөздөрдү айтпады. Бирок бирине дагы жылдызы түшпөдү. Бир чети өзүн жогору сезип, аял затына таандык көйрөңдүк мүнөз күтүп, сулуу болуп төрөлүп калганына сүйүндү. Өзүнөн кыйла жаш улуу балдар башын ийип, сүрдөп айта турган сөздөрүнөн чалынганы, Жамилянын көңүлүнүн өсүшүнө дагы түрткү берди. Андан дагы курбу кыздары суктанып:
-Кап, биз дагы сендей чырайлуу болуп калганыбызда, четинен тандап бирөөнү кармайт элек деп, кызыга айткан сөздөрү Жамилянын шыгына-шык берип, ан сайын өзүнө куп жарашкан узун өлөң чачын булактата, каш серпип жай кадамын таштап, басканда көркүнө көрк кошула түшөт. Сулуулукка ким кызыкпайт. Өзгөчө болуп-толуп турган бойго жеткен сулуу кыздын айланасын бүт сулуулук ээрчип жүргөндөй сезилет эмеспи. Сулууга суктанбаган жан барбы. Баарына текши ой жүгүрткөн Жамиля турмушка эрте чыккандан алыс болуп, Мирлан өңдүү балдардын айткан ашыктык сөздөрүнө көңүл оорубагандай жооп берип, канча баланы жолуна салды. Бирок, классташ жээни Эрлан менен өбүшкөнү гана болбосо, башка жөн адамга жүзүн өптүргөн жок. Сулуунун сүрүнөн аптыгып, өбүүгө далалат кылгам деген жан адам болбоду. Бирок баары бир, Жамиля деле бойго жетилген сайын эмнегедир турмушка чыгып, бирөөнө эркелегиси келип, эмнегедир тымызын эңсөөсү күч алып келет. Анткен менен өзүнө берилген сулуулукту көңүлүндө бийик тутуп койду. Намысын сактаганды туу тутуп, жеңилдикке алдырбаска аракети күч. Өзгөчө талаа түстө кой кайтарып жалгыз жүргөн кезинде таттуу кыялдарга жетеленип, келечек жөнүндө көп ойлонгон адатка айланган. Жамиля бул саам Мирланга боору ооруп кетти да, жагымдуу жылмайып:
Мирлан, мен сени чангандан алысмын. Адам өмүрү гүлдөй назик. Өзүң айткандай сенин көңүлүңдү кайт кылгандан алысмын. Эң негизгиси апамдардын ою кандай. Алар жөнүндө дагы ойлонгонубуз оң. Бирок, менин жеке оюмча экөөбүздүн жолубуз эки башка -деди. Бул сөздүн айтылышы менен Мирлан чочуп:
-Эмнеге эки башка. Эң негизгиси экөөбүздүн бири-бирибизге болгон сезимибиз түз болсо болгону-деп, Жамиляны суроолуу карады. Жамиля кашын серпип, бул жолу оозунун желин аяп, көз карашы менен гана оюн билгизип койду.
*****
Жайдын толуп турган кези. Бээ байланып, кымыз күчүндө. Жайлоонун көркүнө көрк кошулуп, желеге тизилген кулундар өзүнчө эле көз жоосун алган кооз көрүнүштү тартуулайт.
Жамила дагы өзүнчө бээ байлап, бээни өзү саап, бир маал атка минип койго көз салып, тоонун башына чыгып келгенди адатка айлантты. Бала кезинен тоодо өскөнүнөнбү көңүлү тоого чыкпаса чөгө түшөт. Ал турсун айылга барса, кайра тоого жеткенче шашат. Тоонун жагымдуу абасы, тазалыгы деги эле айтып жеткизе алгыз кооздугу өзүнө тартып турат. Андан дагы ээндикке көнгөндүгү, жалгыз жүргөндү жактырат. Убакыт өз нугунда өтүп, үркөр чыгып, кымыздын күчү тайыган кезде Жамиля байланган бээлерди агыттырып, бир беткей койду кайтарып тоодо жүргөндө, Мирлан дагы ат бастырып келатты, адатынча атка сылай камчы салып. Аны алыстан эле таанылган Жамилянын азыраак көңүлү чөгө түштү да, адатынча мыйыгынан жылмайып алды "Эми дагы көңүлдү көтөрө турган сөздөрдү угам" дегенсип, Мирлан келаткан жакты тигиле карап, туруп аны аяп кетти. Бир чети аны аяп, анын ордуна өзүн коюп көрүп, сүйүүнүн кереметине баа берди. Эгер Мирлан өзүн сүйүп калбаганда, ат тердетип келбейт эле го. Баарына текши ой жүгүрткөн Жамила ушул саам өзүнүн тагдырына наарызы болуп кетти. "Эмнеге мен кыз болуп төрөлүп калдым экен"-деп, өкүнүп дагы алды. Ушул саам гана Жамиля аял затынын алсыз экенин билди да, жакын жеңеси Гүлүмкандын айткан сөзүн эстеди.
Гүлүмкан, Жамилядан болгону үч жашка улуу. Акыркы коңгуроо болгон күнү күйөөсү Жумадил ала качып кеткен. Болгондо дагы мектептин формасы менен көшөгөгө киргенин айтып, күлдүргөнү бар. Мектептен чыгып эле, кайра көшөгөгө киргени кантип күлкүнү келтирбейт. Андан дагы күйөөсү Жумадил "асмандагы айды алып берем" дегенге чейин убада берип, "олтурбайм" деп чыр салган Гүлүмканга албарстыдай жалынганы эле узун сабак кеп, бирок, Гүлүмкандан кызыгы тараган соң, үйлөнгөнүнө үч ай боло элек жатып, кол көтөрүп көзүн көпкөк кылганы али күнгө чейин эсинде. Ошондо Гүлүмкан боюндагы баланы аяп гана жашоосун улантканга мажбур болуп, өзүнүн алсыздыгын жана эле өзүнүн эмес бүт эле аял затынын алсыздыгы жөнүндө кеп учугун улап, көргөн азаптарын айтканда. Жамиля оор үшкүрүнүп, анын кейпин кийип калбас үчүн жана дагы көз арткандар ала качып кетпесе экен деп, өзүн аяр тутуп келет.
Өткөндү эстеп ойго алаксып кеткен Жамиланын жанына келген Мирландын добушу оюн бузду. Мирлан он кадамдай жакын калганда эле оозун жалжайта ачып, жылмайып салам берген болду.
-Кандайсың Жамила?-деп. Жамила ооз учунан берген саламды алик алып:
-Келип калыпсыз?-деп суроолуу карады. Мирлан сулуунун көз карашына туруштук бере албай көзүн андан тартып алып, сүрдөгөнүн билгизип:
-Жөн жай эле. Эриккенимден сени менен кобурашып кетейин деп, ат бастырдым. Балким жардамым дагы тийип калабы деген ой. Жамиля өзүнөн улуу эле баланын, болгондо да аскерге барып келип, сөзүн таппай сүрдөгөнү бир чети күлкүсүн келтирсе, бир чети кыжырына тийди. Өзү ачык мүнөз болгондуктан, шар, ачык жигиттерди жактырат. Бирок жеңеси Гүлүмкан айткандай балдардыкы эмне, жеткенге чейин эле артист болгондору, жеткенден кийин Жумадил байкесиндей болуп, үндөрү жогору чыгып калат эмеспи. Мирлан Жамиланын көзүнөн бир нерсени билгендей байкап, дароо өз оюн айтты:
-Жамила мен атам менен апамдарга аял алам деп айттым.
Жамила буга чейин көңүлү көп деле Мирландын айткан сөздөрүнө бурулган эмес. Бирок, акыркы "атам менен апама аял алам" деп айтым деген сөзү Жамиланы чочутуп, бир силкинтип алды.
Өңү өзгөрүлө түшкөн Жамила, Мирланды биринчи жолу көрүп жаткансып селейе караган тейде:
- Анан? - деп сөз коштогон болду.
Мирлан үнүн жапыс чыгарып:
- Алар деле каршы болушкан жок. Бирок, мен кимди аларымды айтканым жок. Алгач аларды даярдап алууну планга коюп, сөздүн четин чыгардым.
Жамила аттын жалынын караган калыбында:
- Кимге үйлөнөйүн деп аттасың? - деп билсе, дагы билмексен болуп сурап, Мирланды сынай карады. Мирлан көзүн алайтып, берилген суроого таң калгандай түр көргөзүп, өзүн ыңгайсыз сезип, Жамиланы тик карай албай, андан жазганып, ушул саам гана денесин майда калтырак басып, сүрдөп да кетти. Сүйүүнүн сүрдүүлүгү өз өкүмүн жүргүзүп Мирлан, Жамилага "сени алам" деп айткандан жазганганга мажбур кылды. Ан сайын Жамила, Мирланды сүрдөтүп, көзүн андан албай тизгинди тартып, кулак сенде деген таисте жооп күтүп туруп калды. Мирлан акырын көзүнүн кыйыгы менен Жамилага карап, жооп бергенге шашылбай көз карашы менен билгизгенге аракет кылды да, качан гана Жамила берилген суроону кайра кайталаганда, Мирлан бүт күчүн жыйып:
- Жамила, бул эмне деп тамашалаганың? Мен сен деп жүрсө, ойго келбеген суроону бересиң да. Ишенесиңби жаным, бүт өмүрүм сага гана байланыштуу. Сенсиз мен жашоону элестете албайм. Билем, сага ашык болгондор абдан көп. Алардын бирине да сени ыраа көрбөйм. Кыскасы, сөздүн тереңине түшүнгөн чыгаарсың? - деп Мирлан сөзүнүн аягына чекит коюп, Жамиланы суроолуу карады.
Кырааккы кыз тигинин тик качырып айтпай алыстатып, жумшак айткан сөзүнө ыраазы боло, мыйыгынан болоор болбос жылмайып, жооп бергенге шашылбай, согончок менен атты капталга акырын тээп, алыска көз чаптыра карап ойго алаксып кетти. Баарыдан да Мирландын азыркы абалына туура түшүнүп, жооп бергенге шашылган жок. Атаганат, жок эле дегенде ата-энелери бир тууган болбогондо эмне? Эл укса, атасы менен энеси укса кандай абалда калат?
Ушул маалда, өзүнө жакпаган бирөө ала качып кетсе, алда канча Жамилага жеңил болот эле. Эми бул берилген суроого, арнаган арзуусуна эмне деп жооп берем деп дагы бир жолу кыз болуп төрөлүп калганына өкүнүп алды. Ансайын Мирлан көзүн албай, не дейсиң дегенсип, жооп күтө карайт. Жамиланын ансайын шаштысы кетип, оозуна сөз келбей, кыйналып кетти да, бир кезде гана:
- Мирлан, сен баарына текши ой жүгүрттүңбү? Убакыт керек. Балким жаштык кылып жаткан чыгарсың. Үйлөнүү оюнчук эмес, - деп акыл-кеңешин айтып, так жооп бергенге шашылган жок. Ансайын Мирландын шаштысы кетип, көңүлү чөгүңкү калыбында сөз кезегин күттү. Жамила чынында эле туура сөз айтып, акыл кошту. Бирок, Мирландын жүрөгүн өйүгөн маселе Жамиланы башка бирөө ала качып кетсе не болот деген кызганыч ой шаштырганын Жамилага ачык айтып, бул үйлөнүү маселесин эртелетпесе, жаны жай албасын түшүндүрүп берди. Сөз сөзгө уланып, Жамила акыры эч шылтоо таба албай:
- Өзүң бил, эң алгач ойлонуп иш кыл, - деп жооп берип, сөз бүттү дегенсип, аттын башын буруп, узап бараткан койлорду тоскону жөнөп кетти.
***
Жай мезгилинин аптаптуу күндөрүнүн бири. Мирлан, Жамилага жолугуп, көңүл толо жооп ала албаса дагы аны аял кылып алышты биринчи планга коюп, кечки тамакка олтурганда, апасы менен атасына кайрылып, дагы үйлөнүү тууралуу оюн билгизди. Бул саам атасы Амантур, Мирланды тике карап, ичип жаткан ашын токтотуп:
- Ия, уулум, аскерден келгениңе али алты ай боло элек. Үйлөнүү сага менин оюмча али эртелик кылат. Бир иштен иштеп, анан деле үйлөнсөң болот эле. Ушуну менен экинчи жолу кеп кылдың. Деги ала турган кызың кайсы жерлик? Биз дагы ага жараша кам көрүп, иштин ийгисин ойлонолу. Сенин үйлөнгөнүң жакшы. Деги эле жакшылыктын болуп турганына не жетсин. Эгер жашыруун болбосо ала турган кызың жөнүндө айтчы? - деп сурап жооп күтпөй тамакка карады. Мирланды ушул берилген суроонун берилиши кыйнаган. Эптеп атасы менен энесин көндүрсө, калганы жолуна түшүп, ыңгайы келет деп ойлогон Мирлан азга сөз сүйлөбөй, ичинен кыйналып жатып:
- Ала турган кызым биздин эле айылдан, - деп андан аркы сөзүн айткандан жазганып күнөөлүү кишидей жер карады. Амантур башын өйдө көтөрүп:
- Кайра жакшы, биздин айылдан болсо. Айт, кимдин кызы. Алгач барып куда түшүп, кызынын колун сурап келем. Айыл ичинде жакшы эле кадырым бар. Мага эч ким жок дебейт, - деп мактана сүйлөдү. Чынында Амантур туура айтат. Өзү айткандай кадырлуу адам. Өзгөчө кыйналып турган адамга ажаат ачканга шар кетет. Кысталып тургандардын далай эле жолу керегине жараганы бар.
Мирлан берилген суроого кысталып атып араң дегенде жооп берди:
- Ата, эми ал кыздын атын айтсам, сиз урушасыз, -деп андан ары сүйлөй албай, кекечтенип туруп калды. Амантур карыя өңүн өзгөртүп:
- Ия, байбиче, бул балаң эмне деп жатат. Мен эмнеге урушмак элем. Өзүң сүйлөшчү уулуң менен, - деп ордунан туруп сыртка чыкты. Мирлан оор жүктөн кутулгансып, атасынын бул жолку жоругуна ыраазы боло, өзүн жеңил сезип апасын карады.
Апасы Жээнбүбү уулунун абалын түшүнгөнсүп:
- Мирлан, деги сенин дени-кардың сообу? Атаң жокто, айтчы кимдин кызын алганы жатасың. Өткөндө да өтүнүп сурай алган жок элем. Атаң айткандай аял алганга шашылбай эле турсаң болмок. Үйдө дагы шарт жок. Малдын баары сыртта. Деги өзүң билчи, - деп энелик мээримин төгө карады.
Мирлан өзүн ыңгайсыз сезип:
- Апа, мен деле азыр үйлөнөйүн деп ойлогон эмесмин. Бирок, ал мен ала турган кызды ала качып кетеби деген илгери ой. Андыктан, аны колдон чыгарбай, алып калсам, жакшы бүлө болчудай. Аял жакшы эр жакшы демекчи, көрүп-билген, көңүлгө жаккан кызды колдон чыгарып жиберсем, өмүр бою өкүнүп жүрөм го, - деп жорго сөзгө салып, түшүнүктүү кылып айтып берди.
Жээнбүбү да уулунун айткан сөзүнө муюп, келечекте боло турган келинин элестетип, көңүлү алда кайда алып учту. Башка баш кошулган кандай жакшы. Өзгөчө келин алуу тоюна эч нерсе жетпейт эмеспи. Анысыңары, Жээнбүбү дагы таттуу кыялга батып, ойго алаксып кетти. Мирлан апасынын оюн бөлбөгөнгө аракет кылып, демин ичине катып туруп калды. Аңгыча эле сырттан кирген кошунанын кызы ортодогу тынчтыкты бузуп:
- Жээнбүбү апа, сизди апам үйгө келип кетсин деп чакырып жатат, - деп тыпылдай сүйлөп, жообун укпай эле изине кайтты. Жээнбүбү өзүнчө кобуранды, "эмне болуп кетти, жай эле чакырды болду бекен?" деп. Мирлан да оюн бир жерге топтоп, апасын суроолуу карады. Жэнбүбү эми гана сөз учугу эмнеге келип такалганын эстеп:
- Ия, уулум, айтпайсыңбы. Деги сен кимдин кызын алганы атасың? Балээ басып, байкемдин кызы Жамила эмеспи? - деп сөздүн ток этээр жерин сурады. Мирлан болгон күчүн жыйып жооп бергендин ордуна башын ийкеп жер карады. Жээнбүбү ушул эле сөздү уга албай тургансып:
- Кантет, ошол кантип болсун. Иниң Эрландын жоругу бүтүп, эми сеники башталдыбы. Байкем укса эмне дейт. Эч жан адам уга электе бул оюңдан кайт. Кааласаң башка кыз караштыр. Болбосо аял алууну кийинкиге жылдыр, - деп сөзүнүн аягын жылма бүтүрдү. Мирлан кабагын түйүп:
- Апа, антип ойлобогула. Эмне болгон күндө да мен Жамилага үйлөнүшүм керек. Ансыз мен бул дүйнөдө жашабайм! - деп ачууга алдырып, бир топ сөздү айтты да, сыртка чыгып кетти. Аңгыча Амантур кирип:
- Ой, деги жайчылыкпы. Эмне болду тиги уулуңа. Жөн эле аңыраңдайт. Мени да сүзүп кете таштады. Деги ала турган кызын алып берип, жанын тындырбасак болбойт го. Жээнбүбү көңүлү суз. Көзүнө келген чолок жашты аарчып:
- Деги сенин балдарыңа түшүнбөйм. Тим эле бул дүйнөдө байкемдин кызы Жамиладан башка кыз калбай калгансып, бул уулуң дагы Жамиланы алам деп жатат. Эл укса эмне дейт, - деди. Амантур бул айтылган сөздү укканда эмоцияга алдырбай, өзүн сабырлуу тутуп:
- Анан сен эмне дедиң? Сен айткандай буларга эмне болгон. Балким, бул уулуңду дагы шаарга жиберип алаксытпасак, болбойт го.
-Мен кайсы бетим чыдап кайнагама кызыңды бер, келин кылып алайын деп айтат элем. Уккан эл эмне дейт. Уулуңа айт, андан башка деле кыз толуп жатат, алсын эгер аял алгысы келип, ышкысы күчөп жатса.
-Өзүң айткандай, тиги Эрланы дагы Жамиланы сүйүп, короодон кой уурдап, милицияга түшсө, эми мунусу Жамиланы алат элем деген эмнеси? Бар, уулуң менен өзүң сүйлөшүп көр, жай сөз менен.
Жээнбүбү көзүнүн жашын аарчып болуп, бир жерди караган тейде:
-Аны албасам өлөм деп коркутуп жатат. Эгер уулуң өлүп калса эмне кылабыз тиги Оморбектин уулундай болуп? Баягынын баласы муунуп өлүптүр деген сөз да ачуу тиет го.
Амантур эми гана ачууга алдырып, мурду кыпчылып кетти.
-Өлсө, өлсүн! Катын алат элем деп, бир катын үчүн өлсө, анда жайына кой. Деле мунун сүйүүсүнүн күчтүүлүгүн көр! Ушул жашка чыгарып, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай өстүргөн экөөбүздүн эмгегибизди баалабаган баланын кимге жарыгы тиет?! Тигил Төлөбек деле бир кезде "ушул кызды албасам, Нарын дарыясына агып өлөм" деп корутуп атып алган аялына бир ай убакыт жашабай колу тийбеди беле. Ал эми азыр аялынын көзүнөн көк кетпейт. Урдум ошондой сүйүүнү!
Амантурдун ачуусу келгенде Жээнбүбү талкан сугунуп алгансып унчукпай калат. Бирдеме деп айткандан жазганып, эгер сөз кайрып сүйлөсө эле күрөктөй колу менен бир чаба тургандай сезиле берет. Амантур бир топко үн катпай туруп:
-Эмне Жамила менен сөзү бүтүп калыптырбы? -деп сураган болду. Жээнбүбү жооп бергендин ордуна ийнин куушуруп койду да иреге жакты карап:
-Сүйлөгөн сөзүнө караганда экөөнүн сөзү бүтсө керек. Болбосо минтип айтпай эле го деп уулун актап сүйлөдү.
Амантур көңүлү суз, жактыра бербеген калыбында:
-Тактап билчи, эгер экөөнүн сөздөрү бүтүп калса алып берип тыналы. Өзүң айткандай Нарын дарыясына агып кетсе сөөгүн кайдан табабыз. Ачууга алдырбай акылга келеличи, -деп Амантур азыр эле айтып аткан сөзүнөн кайтып ойлонуп калды.
Ушул учурдан пайдаланып Жээнбүбү:
-Абышка, ачууга алдырганда эч нерсе чыкпайт. Аны коюп акылдашып иш кылалы. Мен барып алгач Жамиланын өзү менен сүйлөшүп көрөйүн. Анан анын сөзүнө жараша иш бүтүрөлү. Азыркы жаштарга дагы түшүнүп болбойт -деп жооткото сөз айтты да, өзүнүн иши менен алек болду. Амантур соодасы бүткөн сарттай бир жерди теше тиктеген тейде ойго алдырып жиберди.
"Ушул балдарды эмне кылып бакпадык. Эми минтип биздин эмгектен, келип кетчү сүйүүнү жогору койгондору эмнеси. Тээ илгери чоң атасы Бекмырза айткан сөзүн эстеди. "Уулум, убакыт деген баарын багындырат. Жаш кезиңде иштеп, өзүңдүн келечегиңе кам көрүп ал. Сүйүү деген нерсени туу тутуп, эрте үйлөнсөң, бүт түйшүктү башыңа үйүп аласың. Аны коюп иште, болбосо окуп билим ал. Силердин келечегиңер кең. Сен кандай адам болсоң, сенин каныңдан жаралган бала дагы сендей болот. Сүйүү деп аялга жакын болгондон алыс бол. Аял менен акча азгырык. Айтмакчы акча деп эле көп жулуна да бербе. Баарын убакыт таразалайт. Андыктан азгырыктардан өзүңдү алыс тут. Байлыкка деле көп берилбе. Буйруктан болот. Аны коюп билим ал, болбосо иштин көзүн билген, акылга дыйкан адам болсоң өмүрүң өткөнчө эл алдында кадырың жогору болот"-деп далай эле ирет айткан. Амантур анын баарын эсине алып, акырын бармагын тиштеп өкүнүп алды.
Ооба, Амантур дагы болуп-толуп турган кезинде Карабалта шаарынан келген бөлөсүн алам деп опурулбады беле. Энеси кой десе болбой, "аны албасам сууга агып өлөм" деп коркуткан да болгон. Акыры бөлөсү Салима "Мен бир аптадан кийин келем" деп алдап кеткенден кийин гана жаалы күч албай өзүн-өзү токтоткон. Чоң атасы айткандай, акыры убакыт баарын таразалап жүрөгүн туйлаткан сүйүү өчүп, андан кийин бир топ жыл өткөндөн кийин азыркы аялы Жээнбүбүгө үйлөнгөн. Жээнбүбүнү деле бөлөсүнөн кем эмес сүйүп, "ушул кызга жетсем, менден бактылуу адам жок" деп эңсеп жүрүп алган. Ошондо гана чоң атасы Бекмырзанын айткан сөзүнө баа берген.
Эми ошол өзүнүн изин бир эмес эки уулу басып, бир тууган таежесин сүйүп, алабыз дешкенине Амантур өзүн күнөөлөп өкүнүп турган кези.
Жагымдуу жолугушуу
Аял кишиге таандык эртең мененки машакат иш бүткөндөн кийин Жээнбүбү ат менен эки сааттык жол, Жамила жайлаган жайлоону көздөй каратору атты минип, жөнөп кетти. Эки күндөн бери чеккен санаасы башын дагы оорутуп, көңүлүн кирдеткени аз келгенсип, уулунун "аны албасам, өлөм" деп айткан сөзү эле эне байкушту кантип жөн жаткырат.
Бөксө тоолорду аралай кеткен ат жол менен бастырып келаткан Жээнбүбү эки күндөн бери байкесинин кызы Жамилага айтчу сөзүн ичинен кайталап, улам айта турган сөзүн кайталагандан тажабады. Бир караган адамга оңой сезилгени менен Жээнбүбүнүн абалы чеккен санаасынын төркүнү тереңде эле. Анын ой санаасынын баары уялаш агасы менен кантип куда сөөк болуу. Аны ата-энеси, бир туугандары укса эмне дейт. Туңгуюкка камалган эликтей Жээнбүбү ушул балакеттен эптеп кутулуп кетүүнүн жолун издеп, эмнени гана ойлободу. Өзгөчө санаа чеккен адамдын өңү дагы чарчаңкы тартып, көзгө башкача көрүнүп калат эмеспи. Жээнбүбү түнү бою уктабаган адамдай бир караган кишиге жүдөгөндөй түр көргөзүп, боор ооручудай абалда калды. Анан эмне кылат байкуш эненин оюна андайда эмне деген гана ойлор келбейт. Аны бала кайдан билсин.
Ээрдин кашын тиктеген тейде, бир калыпта түбү жок ойдун кучагында келаткан Жээнбүбүнү карагандын түбүнөн учуп чыккан бөдөнө чочутту. Атка бош отуруп келаткан Жээнбүбү аз эле жерден аттан жыгылып кала жаздады. Анткени ат дагы жалт бере үрккөндө, Жээнбүбү ээрдин кашын кармап калды. Болбосо аттан жыгылса эмне болмок. Өзгөчө аял кишинин аттан жыгылганы жаман эмей эмне.
Бул окуядан кийин Жээнбүбү өзүн-өзү кармап, эми гана айланага көз жүгүртө карап, каңылжарды жарган тоо гүлдөрүнүн жытын искеди. Бул убакта Жамила маңдайкы бетте кой тозуп, ат менен жүргөн болчу. Алыстан эле конушун көздөй атчан келатканын көрүп, дүрбү салып эжеси Жээнбүбү экенин таанып, өзүнчө бүдөмүк ойдо калган. "Эмне максат менен келатты болду экен?" деп ойлоп, Мирландын "апам менен атама аял алам деп айттым" деген сөзүн эстеп, кыжалаттанып алды. Эми эжесинин бетин кантип карайт, маселе мына ушунда.
Жамила атты тоо ылдый кыялата бастырып эжеси Жээнбүбүнүн алдын торой бастырды. Жээнбүбү Жамиланын ар бир кыймылына баам салып, андан анчалык деле жеңилдикти байкаган жок. Бирок уулуна аял болуп жатканын элестетип эле өзүнчө ирээнжип кетти. Жамила он кадамдай жетпей жайдары мүнөзү менен:
-Саламатсызбы эже, кайдан ат бастырып?-деп сурап жылмайганынан жазбай жооп күтүп туруп калды. Жылуу мамиле менен жылуу сөз кимге жакпайт. Жээнбүбү абалын өзгөртүп:
-Жакшы, өзүңөр кандай жатасыңар? Дайыныңар билинбегенинен эле ат бастыргам -деп сөзүнүн аягын чукул бүтүрүп, калганын көз карашынан билгизди. Жамила баарын айттырбай түшүндү да, негизги сөздү кийин сүйлөшөт экенбиз деп сөздү башкага бурган болду:
-Жездем кандай жүрөт?
-Буйруса жакшы, кол бошобойт. Ар бир мезгилдин өзүнчө тарта турган мүшкүлү бар эмеспи. Жездең чөп чаптырат элем деп жакага түштү. Кечки малдын убагына чейин учурашканы мен бул жакка жөнөй бердим.
Жамила айтылган сөздөрдүн тереңине баа берип, өзүнчө бушайман. Жээнбүбү дагы баягы камдап алган сөздөрүн айта албай, мугалимден сүрдөгөн окуучудай сүрдөгөнү өзүнө билинип турду. Акыры айтчу сөзгө дагы кези келди белем, Жээнбүбү болгон күчүн жыйнап:
-Жамила, эмне турмушка чыгайын деп жатасыңбы?-деп сурады. Эжесинен ушул сөздү күткөн Жамила болор-болбос жылмайып, жооп бергенге шашылган жок.
Ан сайын Жээнбүбүнүн шаштысы кетип жооп укканча шашып,
көңүлү баштагыдан да кирдей түштү.
Жамила өзүн токтоо кармап:
-Күйөөгө тийгенди мага ким коюптур. Эгер мен күйөөгө тие турган болсом, минтип тоо башында кой менен жүрбөйт элем го. Эмне мынча кызыгып сурап калдыңыз. Болбосо мен жөнүндө айың кеп уктуңузбу?-деп суроолуу карап, болоор болбос өңүн бузуп, кашын серпип койду.
Болгон тулку боюна көз чаптыра караган Жээнбүбү, Жамиладан мындай жооп күткөн эмес. Демек уулум Мирлан жөн эле Жамиланын сыртынан тон бычып… "алам" деп аткан турбайбы деп эми гана ойлоп, бышыктап, тактап сурабаганына өкүнүп алды да, Жамиланы тик карай албай:
-Жөн жай эле сурап койдум,-деп, сөзүн чукул бүтүрдү. Керегеде илинип турган эликтин шыйрагынан жасалган камчыга көз жүгүртө, өз ою менен алек болуп, мындан ары кандай жол менен сөз улап, Мирлан жөнүндө сурайт, аны билбей турду. Жамила жайпагыраак келген чыныга кымыз куюп:
-Эже кымызга караңыз,-деп сурмалуу көзү менен сүзө карады.
Жээнбүбү кымыздан сыпаа ууртап:
-Жамила жездең экөөбүз азыр ара жолдо турган кезибиз. Ачыгын айтсам мен сени менен өзүнчө сүйлөшөйүн деп келгем. Өзүң деле байкап турган чыгарсың. Уулум Мирлан аскерден келенине аз убакыт болбой үйлөнөм деп, бизди кыстоого алып жатат. Баарыдан да бизге эч нерсе эмес. "Куданыкын кудай камдайт" деп коёт эмеспи. Келин алганга шарт деле бар. Бирок ал чечектин айткан сөзү жездең экөөбүздү бушайманга салды. Баланын кичине кези эле жакшы экен. Чоңойгондо катуу дагы айта албай калат экенсиң. Эки жыл атасы көрбөгөн алыс жерде кызматын өтөп келсе, анан анын оюн ишке ашырбасак бизге таарынып калчудай. Чынында баягы Мирлан жок. Эки жылда өзгөрүлүп да калыптыр. Аял алам деген баланы ким алба дейт. Демек анын дагы ойлогону башка. Биз бала кезде ата менен эненин оозунан чыккан сөздү аткарчу элек. Эми баланын оозунан чыккан сөздү аткарып калдык көрүнөт,-деп, шилекейин кылт жутуп, өзүнүн тагдырына нааразы экенин билгизе, үшкүрүнүп алып, алдыдагы куюлган кымызын ичкен болду. Жамила эжеси эмне сөз айтаарын айттырбай билип турса дагы, андан негизги сөздүн айтылышын күтүп, ичинен жооп даярдап, көзү эжесинде болгону менен ою тээ алыста болду. Мирландын таттуу сөздөрүн эстегенге дагы үлгүрдү. Эгер убагында эле Мирланга көңүлү кала тургандай сөз айтып койгондо, бул машакат болбойт эле го. Жээнбүбү негизги сөздү айтканга чейин Жамиланы жооткотуп көп сөз сүйлөдү. Түшүнгөн кишиге ал айтылган сөздүн аягы барып эле "Мирлан экөөңөр үйлөнгөнү атасыңарбы" деген сөздүн маанисин берип турган эле. Бирок Жамила ток этээр сөздү күтүп, эжесинин сөзүн кунт коюп угуп турду. Жээнбүбү ички бугун чыгарып алгысы келдиби, кеминде чай кайнам убакыт сүйлөдү. Бул убакта койлор сууга түшүп, алды жуушап, көлөкөгө ык койгон. Жээнбүбү алыстан баштаган сөзүн эми гана аяктап, соңунан Жамиланы карап:
-Ириде айттым го, Мирландын үйлөнгөнүнө деле каршы эмеспиз. Бирок, байкем экөөбүз кантип куда болобуз. Эл деле эмне дейт,-деди.
Жамила кара күчкө чочуп:
-Кандача байкеңиз менен куда болосуз?- деп сураган болду. Жээнбүбү өңүн өзгөртүп, эмне сен али түшүнгөн жоксуңбу? - деген таисте карап:
-Жамике, эмне сен түшүнгөн жоксуңбу? Мирлан сени алам деп бизди кыйнап жатат. Жездең бул сөздү укканы ачуусу келип "Кайнагам менен кантип куда болом"-деп, мени сага жиберди. Сүйлөшүп кел деп, - Жээнбүбү жүрөгүн өйүгөн сөздү
айтып алып, аз да болсо жеңилденип алды.
Жамила чочуган болуп:
-Ошол кантип болсун. Эмне мен эле Мирланга макул болуп тиймек белем. Сиз аткандай эл укса эмне болот. Атамдар дагы бул сөздү укпасын,-деп актана сүйлөп. Эжеси Жээнбүбүнүн көңүлүн көтөргөн болду.
Түш оой, көңүлү жай Жээнбүбү кайра артка тартты. Чынында эле ойлогон эле да "экөөнүн сөзү бүтүп калган го" деп. Эгер Жамила каршы болсо, Мирлан эмнеге аны алам деп оолугуп кыйнап жатат. Ырас эле келген экенмин. Бүгүн эле барып Мирлан менен сүйлөшүп, атасы айткандай, муну дагы шаарга жөнөтүп жибериш керек. Болбосо элге уят кылат деген ойдун кучагында келатып, алыска көз жүгүртүп өзүнүн жаш кезин эстеп оор улутунуп алды.
Эгер Жээнбүбү шаардан айылга келбегенде, Амантурга турмушка чыкпайт эле. Баарынан өзүнүн чорт кыялы себеп болду. Бекболот деген жигит менен сүйлөшүп жүрүп, аны көчөдөн бир кыз менен баратканын көрүп, кызганып, кыялын карматып катуу айтып алып, анын көңүлүн кайт кылып алган. Эгер азыраак сабыр кылганда, ага турмушка чыгып, шаарда жашамак. Көрсө, ал жанындагы кыз аталаш карындашы экенин кеч билип калып, өзүнүн осолдугуна өкүнүп, айылга келип Амантур менен тил табышып, дароо эле макулдугун берип, турмушка чыккан. Эгер Бекболотко турмушка чыкканда минтип агасы менен куда болуп каламбы деп бушайман болбойт эле го.
Бирок буйрук деген ушул да. Нике кайып буйруп, Амантур менен жашаган жашоосуна деле көңүлү ток. Бирок шаарда жашаганды кыз кезинен эңсеп жүрчү эмес беле. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" демекчи, көңүл чөккөндө Бекболотту эстеп, тун сүйүүсүнө жетпей калганына өкүнүп алган адат али күнчө кете элек.
Чынында эле Бекболот маданияттуу, аял затын сыйлаган, ачык көңүл жигит болучу. Жээнбүбү жети жыл илгери шаарга барганда республикалык ооруканадан жолугуп калган. Көрсө ал жерде врач болуп иштейт экен. Толгондон Бекболоттун кабыл алуусуна туш келип калганын кантесиң. Үч уулдуу болуптур. Экөө көп нерсени сүйлөшүп, анан өткөндү эстеп көпкө отурушту. Кетээринде Бекболот:
-Эгер сен азыраак сабыр кылганыңда сага үйлөнөт элем. Азыр да ал кезди көп эстейм, -деп сөзүн табышмактатып бүтүрүп, көз карашы менен билгизген эле, дале өзүн сүйөөрүн.
Ошол жолугушуудан кийин Жээнбүбү чийки эт жеген адамдай, өзүнүн тагдырына таарынып, кыялынын чорттугуна өкүнүп келет. Бекболот кадимкисиндей көзүнө жаш көрүнгөн. Негизи эле билимдүү адам менен билими жок адамдын айырмасы асман менен жердей го. Анткени Амантур менен Бекболотту салыштырып Жээнбүбү көп айырманы байкагандыктан, бир кезде айткан атасынын сөзүн эстейт: "Балам, кыз бала бирөөнүн бүлөөсү, билим алган, маданияттуу адамга турмушка чыксаң, жашооң жеңил болот. Бул сөзүмдү эсиңден чыгарба" деп айтканы али күнчө кулагында жаңыргансып турат.
Ой деген кандай күлүк. Эмне деген гана нерселер оюна келип кетпеди. Аттын жалын тиктеген тейде келатып, Жамиланын дагы айткан сөзүн эстеди.
"Эже, мен Мирланга тийбейм! Өзүңүз энелик сөзүңүз менен түшүндүрүп айттыңыз. Эми бир туугандын балдары үйлөнсө акыл эси кем бала төрөлүп калат. Аны илим деле изилдеп чыкпадыбы. Албетте Мирлан келип кетүүчү сүйүүнүн
кулу болуп, жеңил ойго алдырып жатат. Өзүңүз кеңешиңизди берип
көрүңүз. Болбосо, Мирландын ою менен болсоңор ал мени алып качат. Мен отурбай чыр салсам, байкем экөөңөрдүн ортоңордо мамиле бузулат"- деп көп маанилүү сөздөрдү айтты. Жакшы маанай менен айтылган сөз Жээнбүбүнү дагы ойго салды. Жалгыз аяк ат жол менен илкий бастырып келаткан Жээнбүбүнүн ылдый жактан чыккан машинанын карааны көңүлүн өзүнө бурду. Машинаны көрүп дароо тааныды. Мирладын жакын досу Эмилдики экенин.
Машина чаңды асманга сапыра, түз эле Жамила жайлаган жайлоону көздөй бет алганын көрүп дароо эле биди. Мирлан айдатып баратканын Жамилага. Жээнбүбү Эмилдин машинасын узата караган калбында "Кап, бүгүн Жамиланы алып качып келсе эмне кылам"-деген ойду ойлоп, кабагы бүркөлө түштү.

#3 06 Март 2016 - 14:23
Алгачкы аракет
Мирлан көкүрөгүн өйүгөн негизги маселени атасы менен апасына айта албай көпкө кыйналып, толгон кыздан таякесинин кызы Жамиланы сүйүп калганына терең өкүнүп, калыстыгы жок сүйүнүн жетегинен чыгууга кудурети жете бербей, сүйүүнүн күчү билинбегени менен айыкпас дарттай кыйла жан дүйнөсүн кыйнаган жүзүнөн билинип, акыры бүт намысын жыйыштырып, нечен жолу аракет кылып, айтчу сөзүн камдаганы менен ачыкка чыгарып атасы менен апасына айта албай, кыйытып апасына айтып, анан убагы сааты жетип, атасы менен бет маңдай отуруп кимди ала турганын дагы билгизип, оор жүктөн кутулганы менен эми алардын жүзүн көрө албай, үйгө келбей алыстап, теңтуш баласынын үйүнө барып түнөгөнгө туура кели.
Өзгөчө атасынан жазганганы анын… "Эми мен кантип кайнагамды куда кылат элем" деп басым менен ачуусу келе айткан сөзүн эстеп, иш оңунан чыкпасын билип, эптеп Жамиланы ала качуунун жолун ойлоп, кеңешмекке машинасы бар досу Эмилдин үйүн көздөй бет алды.
Аз эле убакыттын ичинде арыктап, өңүнөн аза түшкөн Мирлан эмнегедир көзгө комсоо көрүнүп, нуру өчө түшкөнү жүзүнөн билинип турду.
Эмилдин машинасы үйүндө экенин көргөндө Мирлан чынында эле сүйүнүп кетти. Бирок бул сүйүнүчү көпкө жашаган жок, анткени Эмил райондун борборуна кеткенин инисинен угуп, шаабайы сууп, Темирбектин үйүн көздөй жөнөдү.
Темирбек Эмилдин классташы. Бир чети аскерге чогуу барып, алты ай бир жерде кызмат кылган соң, аны башка жакка бөлүп кеткен. Алты ай бир тууганда болуп, мамилелери тереңдеп, достуктары күч алып турган кези. Баарыдан да Темирбек бир апта илгери келип, өзүн райондун борборунан тосуп алган. Бирок Мирлан, Жамиланын сүйүп калганы менен аны алам деп Темирбекке айта элек болучу.
Мирлан илкий басып адатынча башын жерден албай таттуу ойдун кучагында келатып, алдынан чыккан Темирбектин апасын сүзүп ала таштады. Таттуу түштөн чочуп ойгонгон адамдай катуу селт этип алды да:
-Кечирип коюңуз, саламатсызбы? -деп сылык учурашты.
Батый эне күлүмсүрөгөн тейде:
-Эмне болду балам, мынча ойлонуп?-деп суроо берип, жооп күткөндөй түр көргөзүп туруп калды. Мирлан ылайыктуу жооп айта албай, күнөөсүн моюнга алгансып адатынча мыйыгынан күлүп, ыңгайсыз абалында:
-Ойго алаксып кетиптирмин, -деп кызарып-татарып уялганын өңүнөн билгизип:
-Темирбек үйдөбү?-деп сурап ыңгайсыз абалдан чыгуунун амалын издеди. Досунун үйүндө экенин укканда Мирландын көздөрү жайнап:
-Ырас болбодубу, Темирбекке бараттым эле,-деп жөнүн айтып, жолун улады.
Дарбазадан ичкери кирген Мирлан күрөк саптап жаткан Темирбекти көргөндө алыстан эле:
-Кандай досум? Иш илгери болсун!-деп келгенин билгизип, учурашты. Эки дос учурашкан соң түз эле короого киришти. Анткени ээн, тоскоол болгондор болбосун деген амалдары.
Мирлан сөздү алыстан баштап, бүгүн кечте Жамиланы сөзсүз ала качыш керек, болбосо иш чатак. Мен уялгандан үйгө дагы басып бара албай калдым. Атам менен апам такыр эле менин бул оюма каршы болуп атышат. Бир чети алардыкы деле туура. Бирок биз алардын эмес, менин кызыкчылыгым үчүн аракет кылышыбыз керек болуп жатат. Дегеним мен дагы өзүмдүн максатыма жетип, сүйүү даамын татып, бактылуу жашагым келет. Биз бүгүн иштин өтөсүнө чыгып, салтка таяп, Жамиланы үйгө алып барсак, калганын да көрө жатабыз. Темирбек көңүлдөнүп:
-Жамила менен сөзүң бүттү беле?-деп кызыгуусу арта сурады.
Берилген суроого Мирлан бул жолу шар жооп берди:
-Ал билет. Ал турсун "сени ала качсам дагы алам" деп айткам. Эң негизгиси аны алып качып келсек болгону.
Эки дос кеминде чай кайнам убакыт сүйлөшүп олтурган соң, сөздөн ишке өтмөкчү болушуп, Эмилдин үйүн көздөй бет ала басышты, анын райондун борборунан келгенин билиш үчүн. Бул убакта күн шашкеден ооп, дигер намазынын убагына жакындап калган. Мирлан көйнөгүнүн топчуларын чечип койгондуктан төшүндөгү аскерден чектирген кыздын сүрөтү көрүнүп, көргөн кишинин көңүлүн өзүнө буруп, кандайдыр бир жагымдуулуктун белгисин берип тургандай элес берет.
Албетте бул көрүнүш көзгө жагымдуу болгону менен ден соолукка өз деңгээлинде терс таасирин тийгизээрин Мирлан билген эмес. Баардык нерсенин жаңы кези, жаш кези көзгө сүйкүмдүү элес берет эмеспи. Айткандай бул эки улан дагы көчө бойлой ээрчише басып келаткандары көчөгө көрк берип турду.
Атаганат жүрөктөрү күйүп, беттегендерин бербей турган бул убакта ким эмнени гана кылбайт. Ар нерсенин өз учурундагы убагы өзүнө көрк берет эмеспи. Андыктан Мирлан дагы өзүнүн курч кезинен пайдалаып, беттегенин бербей турганын өзүнүн жаштыгы күч берип жатканы экенин али сезген жок.
*****
Жээнбүбү машинанын жайлоону көздөй баратканын көргөндөн соң санаасы тынбай, аттын жүрүшүн ылдамдатып, шашыла жөнөдү. Анткени кандайдыр бир сыр, кандайдыр бир белги жүрөгүн кытыгылап, боло турган окуядан белги бергенсиди. Эненин жүрөгү баарын сезет демекчи, Жээнбүбү жөн жерден шектенген жок. Үйүнө келип эле не бар, не жок деп сандыгынан өзүнө жаккан ак жоолукту алып чыгып, дайындуу жерге коюп, тымызын даярданып жатканда, сырттан аттын баскан дабышы угулуп, аз убакыт өтпөй Амантур ичкери кирип:
-Кемпир, иче тургандай бирдемең барбы? Тамагым катып суусап жатам. Эптеп талаанын чөбүн чаптырып келдим. Эми аны чөмөлөп, тартыш керек,- деп иш бүтүрүп келгенине корстон боло, бутундагы өтүгүн чечпестен төргө өттү. Бул эми Амантурдун башынан берки адаты, бутун чечпей төргө өткөн.
Жээнбүбү чоң аякка толтура уй кымыз куюп сунуп, өз иши менен алек болгон болду.
Амантур сунулган даамды дем албай туруп тартып жиберип:
-Эмне барып келдиңби? Деги Жамийла не деди. Экөөнүн сөздөрү бүткөнү чын экенби?-деп сурады. Жээнбүбү мукактанып:
-Жамиланын күйөөгө тийчү ою жок. Чын бышыгын сурап жатып билдим. Амантурдун шаштысы кетип:
-Анан эмне тиги сенин балаң аны алам деп жулунуп жатат. Деги башынан айныган жокпу? Эгер биз Мирландын ою менен болсок уят эле болот экенбиз да,-деп ачуусу келип барып токтоду.
Жээнбүбү кабагын түйүп, көңүлү чөгүнкү:
-Ай, абышка сен ага эмне капа болуп ачууңду келтиресиң. Эркек кишинин сабырдуу болгону жакшы эмеспи. Жаш кезде сен деле жаштыкка салып чекилик кетирген чыгаарсың. "Өткөндү эстеп алдыга умтулуш керек"деп өзүң айтпадың беле. Өткөндү эсиңе салып көрчү,-деп сүйлөп келатып дароо сөзүн башкага бурду:
-Анан тиги механизатордун карызынан толук кутулдуңбу? -деп. Абышкасы тоют топтоо менен алек болуп жатса, баласы аял алуунун амалын ойлоп жүргөнүн салыштырып алып, Мирландын жоругуна нааразы боло Амантурду аяган көз караш менен карады.
Амантур өзүн көтөрө сүйлөп:
-Карыз болбой калайын. Андай ишти ордунан бүтүргөнгө не жетсин. Нуркалый акчаны нак алганына сүйүнүп, чөптү коколобой, түбүнөн таза чаап берди. Буйруса чөп жакшы чыккан экен. Быйыл тоют кенен жетчүдөй. Ушундайда эми күч гана керек. Тиги катын алам деген уулуң чөптү жыйнап берсин. Мал семиргенде, күз мезгилинде деле алчу аялын алса болбойт беле кычабай. Эки күндөн бери эми ал кайда жүрөт, үйгө түнөбөй. Тоодогу малга да барыш керек эле. Иш кычап турганда карачы. Пайдасы жоктор. Иш бүткөндө чогулуп калат эмеспи.
Бул айтылган сөздөр Жээнбүбүнүн жүлүнүнө жетип, кыжырын келтирди. Бир чети абышкасы абдан туура сөздөрдү айты. Калыс алып караган кишиге Амантурдун айткандарында чекилик жок эле. Ал турсун ата-эненин эмегин баалабаган баланын бул жоругуна чынында жан тарткан адам болбойт болучу. Жээнбүбү тымызын даярданганы менен ичинен миң тиленип жатты. Уулу Мирлан, "Жамиланы алып келип калбаса экен" деп. Эгер азыр алып келип кала турган болсо, анда абышкасы Амантур бул абалы менен үйгө киргизбей кууп чыгышы турган иш эле. Убакыттын өтүшү менен Жээнбүбү бир жерге тура албай, жасап жаткан ишинин дайыны жок, жөн эле көзү дарбаза жакта. Качан машинанын үнү чыгып дарбаза ачылат деп. Бүт дитин Мирландын үйлөнүп жаткан элеси бийлеп алды.
Ошондогу эненин абалын элестетип көрөлүчү. Эне үчүн баланын оюндагы аткарылып турганынан өткөн бакыт барбы. Бирок бала аны сезбейт эмеспи. Аңгыча эле дарбазадан чуркап кирген Мирландын досун көргөндө Жээнбүбү далбас уруп, кулагы дагы укпай делдейип эле бир гана нерсени ойлоп туруп калды.
************
Мирлан эки досу менен жайлоого түш оой жол тартты. Алгач үчөө жолугушканда бышыктап план түзүштү да анан Жамиланын оюн билип, эгер сүйлөгөн сөзү жана жасаган мамилеси түзүк болсо, анда аны ала качып келе беребиз деген ойго такалышты. Машинанын ээси Эмил бир аз кооптонгон болду:
-Мирлан, Жамиланы го, ала качсак да алып келебиз. Ал эч нерсе эмес. Келгенден кийин концерт башталбайбы. Участкалык милиция дагы кежир неме
сөз укпаган - деп, алдын ойлогон болду. Баятан сөз тыңшап отурган Мирлан:
-Айттым го, тобокелге салалы деп. Антпесек иш чатагына айланат. Эгер мен Жамилага үйлөнбөсөм, анда эле менден ажырадыңар дей бергиле. Мени досум дей турган болсоңор бүгүн Жамиланы колума тийгизгиле, -деп Мирлан өктөм сүйлөп, эки досунун жүрөгүнүн үшүн алып койду.
Арак ичип алган адамдай Мирландын өңү дагы мас адамдын элесин берип турду.
Темирбек менен Эмил үнсүз баштарын ийкеп, бул жолу Мирланга каршы сөз айткандан алыс болушту да, анын ой-тилегин аткаруу үчүн жайлоого барууга макул болгондон башка айлалары калбай калды. Чынында эле экөө мойнунан байлаган иттей гана достуктун кадырын сыйлап, айтылган сунушуна макул болгонун Мирлан билип турса дагы, өз оюнан кайтпай Эмилди айдатты. Жолдо ката эч деле сөз сүйлөнгөн жок. Үчөө өз ойлору менен алек болушуп, жол кароо менен гана ойго алдырып жол улап келатышты.
Машинанын караанын алыстан көргөн Жамила алгач ким келатат деп ойлоп, атка минип жол караган болду. Бир аз көңүл бура караган Жамила машина башкарманыкы экенин билип, дароо ойлоду. "Башкарма бул жакка эмнеге келатат. Эки күн илгери эле келбеди беле" деп. Машинанын жүрүшү катуу экенин билген Жамила жагымсыз окуя болорун алдын ала билип, жүрөгү опкоолжуп кетти. Жаман кабар алып келаткансыган машина жакындаган сайын Жамиланын ою алда кайда учуп, эмнени гана ойлогон жок. "Катуу ооруп жатат" деген таэнеси бирдеме болдубу же дагы "башка жакындары кырсыкка учурадыбы" деп санаасы санга бөлүнүп, катуу жүрүп келаткан машина эми ордунан жылбай туруп калгандай сезилди. Эх, Алла, андайда ой кандай күлүк. Аз убакыт ичинде Жамила эмнени гана ойлогонго жетишпеди. Акыры машина да келип чукул токтоп, машинадан эң алгач Мирлан түшкөндө гана жүрөгү ылдыйлап, "Өх" деп үшкүрүнүп алды да, "Сен белең" дегенсип үзөнгүнү чирене тепкен калыбында:
-Ой деги жайчылыкпы? -деп сурап жиберди. Мирлан ылдамдата басып:
-Жайчылык эле. Өзүң кандай? Мал-жан аманбы?-деп сураган болду да, Жамиланы тик карай албай, андан көзүн ала качып, тайсалдай түштү. Ушул саам Мирлан өзүнүн сүрдөгөнүн билгизип койду.
Аңгыча ээрчише машинадан түшкөн Эмил менен Темирбек салам айткан болушту. Жамила саламды алик алып:
-Эмне мынча шашып, жоо кууп келаткансып? -деп сурап, үчөөнү сынай карады. Кантсе да үйүм жакын дегендик кылып Жамила тартынган жок.
Мурда кийин башкарма менен келип калган Эмил өзүн колго алып:
-Шашкан деле жокпуз. Эгер козу соём десең ага деле күтөбүз. Жөн эле сага жолугуп кетели деп келип калдык,-деп шыр жооп берген болду да, эки досун карап, "айтканым туурабы" дегенсип, көз кырын салды.
Темирбек калп күлүп:
-Эмил туура айтат. Сендей чабан кыздын абалын сурап коюш биз үчүн парз эмеспи деп, өз сөзүн кубаттап ырсактап өзүнө жарашыксыз абалда жылмайган болду. Жамила көңүлү суз:
-Конок болгону келсеңер алдын ала айтып койбойт белеңер, конок камын көрөт элем да, - деп сыпаа жооп берип, аттан түштү да чылбырынан аттын жетелеп келип мамыга күрмөп байлап:
-Үйгө киргиле,-деп жигиттерге кайрылды. Баятан өзүн баатыр, шер сезип жаткан Мирлан оозуна талкан сугунуп алгансып үн дебестен алдыга басып, үйгө кирди. Башкарманын машинасы келгенин көргөн ылдыйкы кошунанын аялы Сагынбүбү дагы бул убакта жетип келип калган эле. Анын келгенин үч конок жактыра бербегенсип карашып учурашымыш болушту да, алдыдагы куюлган кымызга карашты. Сагынбүбү туура эмес келип алганын сезип:
-Жамила, жардамчы чабаның көрүнбөйт. Койлоруң ылдыйлап кетти го- деп, унчуккан болду да, сыртка чыга жөнөдү. Сагынбүбүнүн кеткени үчөөнө жага бербей калды белем, алгач сөздү Эмил баштады:
-Жамила, тамак асам деп убара болбо. Биз жөн эле тамашалап койдук. Шашып жүрөбүз,-деп сөз улап келатып, Мирланды карады, "калган сөздү өзүң улант" дегенсип. Мирлан, Эмилдин көз карашынан улам эле баарын түшүнүп, сөздү өзү алды.
-Жамила, биз неге келдик өзүң түшүнүп тургандырсың. Сөздүн ачыгы сени азыр алып кеткени келдик, даярдан,-деди.
Жамила ишене бербеген түр көрсөтүп:
-Койчу, каяктагыны айтасың да. Аз эле убакыт илгери Жээнбүбү эжем келип эки сааттай сүйлөшүп олтуруп кетти. Эртерээк келсеңер болмок экен, чогуу-чаран сүйлөшөт элеңер. Эжем айтты го сен жөнүндө. Бирок мен сага тием деп, убада берген эмес элем го. Атамдар укса иш чатагына айланат. Андан көрө жан адам уга элегинде токтот бул ишаратыңды. Өзүң эле ойлонуп көрсөң боло, шашкан шайтандын иши дейт. Жок дегенде күзгө чейин дагы ой жүгүртүп, башка план түзүп көрбөйсүңбү? -деди. Мирлан эки досун сыртка чыгып тургулачы дегендей белги берди эле Эмил менен Темирбек дароо сыртка чыга жөнөдү.
Үйдүн ичинде экөө калганда Мирлан чечкиндүү кадам таштап, Жамилага жакын келип, колунан кармап:
-Жамила мен сен деп гана ооруп калдым. Буга чейин далай эле жолу айттым го. Сенсиз мага жашоо кызыксыз деп. Жамиланы даярдантпай денесинен бекем кучактап, өзүнө тартып, капкара өлөң чачынан шуу-шуу жыттады. Мирландын бул кыймылы Жамилага жагып турду. Эркектин тер жыттанган жыты мурун өрдөп, өзгөчө жагымдуулукту тартуулады.
Өзүнө-өзү ээ боло албай Жамила башын Мирландын көкүрөгүнө жөлөп, аяр эркелеген болду. Ушул эле керек белем Мирлан, Жамиланын моюн башынан өпкүлөп, эриндер чапташа түштү. Күчтүү тамак жеп, кымыз ичкенгеби Жамила дагы эркек эңсеп, эмненидир каалап турганын билгизип койду. Мирлан, Жамиланын кош мамасынан кармалап, сугалактык менен өөп, өзүнө-өзү ээ боло албай, эркине баш ийбей баратты. Качан гана жакын жерден чыккан дабыштан чочуган эки жаш аргалары жок гана бири-биринен ажырашты.
*****
Талант чуркап кирип эле, Жээнбүбүгө кайрылды:
-Аяш апа, Мирлан үйдөбү?-деп. Өпкөсү көөп чуркап келген Таланттын бул берген суроосу, Жээнбүбүгө жагып:
-Жок, эмне болду, мынча шашып?
-Башкарма райондун борборуна бармак экен. Машинаны Мирлан айдатып кетти дегенинен башкарма тез таап кел деп өтүнгөн эле. Шашылыш иштери чыгып
калыптыр,-деп, шашкан түр көргөзүп энтиге сүйлөдү. Жээнбүбү кабагын түйүп:
-Кайда экенин өзүм да билбейм. Башкарманын машинасын кимдер болуп айдатып кетиптир биле алдыңбы?
-Эмилдин апасы айтты, Темирбек менен Мирлан айдатып кеткен деп. Анан "дайынын ылдам билип кел" деп, башкарма жибергенинен мында кайрылдым.
Жээнбүбүнүн ою алда кайда кетти. "Эми алар кечиксе башкарма күтүп жатса, аларга эмне болду? Балким жолдон бузулуп калдыбы машинасы" деп түркүн ойду ойлоп, босогодон ары кетпей, же бери кетпей каккан казыктай жалдырап эле туруп калды. Ал турсун Таланттын кеткенин дагы билбей биртопко турду.
Санаа деген кандай күлүк? Бүт дитин бир гана уулу Мирлан ээлеп, "эмне болгон күндө дагы, деги аман эле болсунчу" деп эне байкуш баласнын амандыгын тилеп турду.
Жээнбүбүнүн баятан берки абалына астыртан көз чаптырып, байкап турган күйөөсү Амантур өңүн бузуп, башкача көз караш менен карап:
-Жээнбүбү, сага эмне болгон? Баятан бери бир орунга отура албай эле чебелектейсиң. Менден бирдеме жашырып жаткан түрүң бар. Ачык айтып, оюңду ортого сал. Болбосо убакыттын өтүшү менен баары кеч болуп калышы ыктымал, -деп бир нерседен шек алгандай суроолуу карады.
Жээнбүбү уурусун карматкан адамдай тайсалдап ылайыктуу жооп таба албай:
-Мен жөн эле. Өзүмчө сени аяп, уулуң Мирландын кечиккенинен санаам тынбай турат. Өзүң айткандай сен тоют топтоо менен алек болуп жатканыңда, балдарыңдын пайдасы тийбегени мени дагы түйшөлтүп жатат, -деп негизги маселени жашырып, Амантурду тик карай албай көзүн андан тартып алды. Амантур аялы Жээнбүбүнүн бир нерсени жашырып, ичинен кыйналып турганын сезип, өзүнчө ойлонуп, дарбаза жакты көздөй басты. Тээ бала кезинен эшиктин алдын таза кармаган Амантур дарбазага жете бербей, жерде жаткан ак кагазды колуна алды. Бул кагаз алиги Мирланды издеп келген Таланттын чөнтөгүнөн түшүп калган. Анын Жамилага жазган каты болчу. Амантур сулуу жазылган тамгаларга көз жүгүртө бир орунга туруп калды. Кат төмөнкүчө башталган эле.
"Кымбаттуу Жамила!
Сага кат аркылуу кайрылганым үчүн кечирим сурайм. Мен аскерден келген күндөн баштап, сени көргөнү мени медицинанын тили өтпөгөн, илимдин күчү жетпеген "сүйүү" деген дарт бүт дитимди ээлеп алды. Канчалык аракет кылганым менен ушул катта жазылган сөздөрдү сага айта албай, абдан кыйналдым. Акыры сага арнаган таза, аруу сүйүүмдү бир гана кат аркылуу билдире алаарымды сезип, колго калем алдым. Жамила, ишенесиңби, сен үчүн мен баарына кайылмын. Бирок сен жээниң, менин досум Мирлан менен мамилеси жакшы деген сөздү угуп алып, өзүмчө эле бушайман болуп жатам. Эгер сен Мирланга турмушка чыгып, мени карабай кете бере турган болсоң, анда мен бул жашоодогу ашык адам болуп калам. Кыскасы сен үчүн жан кыйганга чейин барам. Баары сенин колуңда. Сени терең урматтап сүйгөн Талант".
Амантур катты окуп болуп, үнүн чыгарып сөгүнүп алды, "Атаңдын оозун урайын, азыркы жаштар эмне болуп калышкан" деп, ачуусу келе сыртка чыгып, дарбазадан алыс узабай эки жакты карап, өзүнүн жаш кезин эстеди.
Ооба, өзү деле бир кезде сүйүү үчүн жан далбас уруп, эмнени гана кылбады. Бирок азыркы жаштардай болуп жан кыям деген эмес. Эмне барган сайын сүйүү
күчүнө киргенби? Бул Жамила дегени ушунчалык эле сулуубу? Мен билгенден эле эки эркек жан кыям, аны албасам деп жатат. Же эмне андан башка кыз бул дүйнөдө калбай калганбы, тиги Эсенаалынын Айнурасы деле жүрөт го эки жылдан бери үйүндө. Анын деле келбети келишкен сулуу го. Аны эмнеге көрүшпөйт. Эгер мен жаш болсом ошол кызды деле алып алмакмын деп өз ою менен алек болгон Амантур маңдайкы үйдүн жанындагы терекке жем тиштеп келген канаттууну көрүп, эми ою ата-энелердин түйшүгүнө ооду. Канаттууну бир топко карап туруп: "кайран гана ата-эне. Бала үчүн эмнени гана кылбайт. Бардык жан-жаныбарлар үчүн бала кандай кымбат. Бирок бала ата-эненин баркын билет болду бекен?" деп Амантур өзүнүн төрт уул, эки кызын кантип бакканын, кантип ушул даражага жеткиргенин баштан эстеди. Ушулар деп талаа-түздө, жаан-чачында, тоо-таштын башында мал издеп, карышкырга жем болуп кала жаздаганын, көч кечигип бир апта мал менен талаага жалгыз түнөгөнү деги койчу бала багам деп көрбөгөн азабы деле калбаганы Амантур жем тиштеген канаттууну караган тейде бир топко өткөндү эстеп турду да анан ойлуу ичкери кирди. Жээнбүбү, күйөөсүнүн бир нерседен шексип калганын билип, өзүн колго алып, үй оокаты менен алек болду.
х х х
Мирлан менен Жамила дароо дабышты угушканда бири-биринен бир метрдей алыстап, элейип туруп калышты. Дабыш Жамиланын атасы Жамалбектики эле. Жамалбектин жашы алтымыштарга барып калган, сыйда муруттуу өзүнө жарашыктуу келген көздөрү бакыракай, орто бойлуу, бир караган кишиге сүрдүү көрүнгөн, сөзгө сараң бирок, баамчыл адам. Жамалбек сырттан киргенде, Мирлан оозунун учунан салам айткан болду. Жамалбек берилген саламды алик алып, "экөөң эмне кылып жатасыңар?" деген суроону көз карашы менен берди. Жамила атасына ушунчалык ыйбаа кылгандыктан уялганынан жердин катуулугунан гана калды. Жүзү албырып, уйпаланган чачы дагы Мирлан экөөнүн ортосунда болгон окуядан белги бергенсип турду. Жамалбек төргө өтүп, орун алып отуруп атып:
-Мирлан, сен кайдан? Тиги башкарманын машинасын сен айдатып келдиңби? - деп сурап Мирланды тике карады. Мирлан үнсүз башын ийкеп, көзүн ала качып:
-Жамилага жумуштап келдим эле.
-Эмне жумуш?-деп Жамалбек үнүн бийигирээк чыгарды. Бул берилген суроонун тереңинде "эмне экөөңөр ишти ээн үйдө гана бүтүрүп калгансыңарбы" дегендик жаткан эле. Мирлан азыраак сүрдөп:
-Бир козу керек болуп калды, -деп калп айтып, андан ары сөзүн улады: -Жамиладан сурап, кийинки жылы берсемби деп, ошол жөнүндө сөз болуп жатты эле, -деди да чынбы дегенсип Жамиланы карады. Жамила бул убакта кымыз куюп жаткан эле. Жамалбек бир нерсени сезип турса дагы Мирландын сөзүнө ишенип:
-Козуну эмне кылат элең? Менден сурасаң деле бермекмин. Жамила сунган кымызды сыпаа ууртап, алдына коюп:
-Жардамчы чабаның көрүнбөйт, коюңду ким карап жатат?-деп сөз багытын башкага бурду. Баятан бери өзүн ыңгайсыз сезип жаткан Мирлан бул сөздүн чыгышы менен туңгуюктан жол тапкан мергенчидей сүйүнүп кетти. Жамила берилген суроого жооп бергенге шашылбай, сабааны бышып:
-Эртең менен суранып кетти эле. Саат үчтөрдө келип калам деген. Азыр келип калат болуш керек. Койлор болсо сууга түшкөн. Маңдайкы бетке жайылып
чыгып калат.
Бир аз убакыт илгери эле Жээнбүбү эжем келгенинен бери бастыргам.
-Ии, ал эмнеге келиптир? -деп Жамалбек сөздү бөлдү. Жамила ашыкча сүйлөп алганын кеч сезип:
-Жөн эле, мага учурашканы келиптир. Анан бир чанач кымыз алып кетти. Амантур жездем чөп чаптырат элем дегенинен кымыз сурап келсе керек, -деп жүйөөлүү жооп тапканына сүйүнүп алды.
Жамалбектин баары бир жүрөгү бир нерсени сезип турду. Мирланды караган тейде:
-Мирлан, аскерден келгениңе кыйла убакыт болду. Эми эмне иш кылайын деп жатасың? Атаң менен апаңа жүк болбой ишке кир, болбосо аларга жардам бер. Сен аскерде жүргөнүңдө сенин аман келишиңди тилеп, канча санаа чегишпеди. Өзгөчө апаң Жээнбүбү санаачыл адам. Анын ден соолугун аяп, ойлонуп иш кыл, -деп улуулук сөзүн айтты.
Бул айтылган сөз Мирландын жүрөгүнө ок болуп сайылып, бутага тийген жаанын огундай таасир берди. Мирлан таекесин тик карай албай башын гана ийкеп, сиздики туура дегенсип таекесин коштогону менен сүйүүнүн кудурети бир жагынан өз деңгээлинде кыйнап турду.
Салабаттуу сүйлөгөн Жамалбек жээни Мирландын жүрөгүнө тийген сөздөрдү айтып жатканын өзү элес алган жок. Акыры Мирлан таекеси шашпай отурганынан бүгүн жол болбой калды деген таисте:
-Жамила, анда козуну эки күндөн кийин алып кетейин, -деп шашкан түр көргөздү. Бул айтылган сөздүн тереңинде "эки күндөн кийин сени алып кетем" деген сөз жаткан эле. Жамила айласы жок башын ийкеп жооп берди. Бир чети жээни менен өбүшүп бети ачылып калганга өкүнүп, көз карашы менен билгизди "ашыкча сөз сүйлөбө" дегенди.
Боз үйдөн чыгып баратып Мирлан "таеке болуптур анда жакшы туруңуз" деп коштошкон болду да, машинаны көздөй көңүлү суз кадам таштады. Эки досу иш чатагына айланганын Мирландын келаткан абалынан эле билишип, үнсүз тосуп алышты. Бир чети кыз ала качпай калгандарына ичтеринен сүйүнүштү. Качан гана машина ордунан жылганда Мирлан:
-Кап, иш чиеленишип калды. Эгер таякем келбегенде абдан сонун болот эле. Мейли эми, - деп сөз улаганда гана машина айдап бараткан Эмил:
-Эмне болду? Деги сүйлөшкөнгө үлгүрдүңбү? Биз дагы тиги кишинин келгенин байкабай калыптырбыз. Эгер келгенде эле Жамиланы ала качабыз деп машинага сүйрөгөндө атасы чырдын үстүнөн чыкмак экен. Биздин дагы колдогонубуз бар экен, -деп өз сөзүн өзү кубаттап ырсайып күлүп жол карады.
Машина ылдыйкы коктудан чоң жолду көздөй бурулганда, парторгдун машинасы алдыларынан чыгып алдын торой токтоп, машинадан Талант түшүп эле:
-Эмил, сен каякта жүрөсүң? Башкарма издеп жатат, -деп келген жөнүн айтты. Эмил бул сөздү укканда өңү өзгөрүп кетти да, ылайыктуу жооп айта албай Мирланды карады. Бул кезде Мирлан менен Талант тиктеше түштү.
Бул көз караштын тереңинде "Жамила мага гана тиешелүү, талашпа" дегендик жаткан эле. Он жыл бир класста окуп, алтурсун аскерден дагы чогуу келишип, эки достун ынтымактары күч болчу. Бирок ортолорундагы жагымсыздык бир кызды экөө сүйүп калгандарында экенин экөөнөн башка жан билбейт. Алгач Талант көзүн тартып алып:
-Эмил, тез жөнө! Башкарма жинденип жатат, баятан бери сени издеп барбаган жерибиз калбады. Кыскасы түнү менен жол жүрөт окшойсуңар, -деп сөзүн аяктап, дагы бир жолу Мирланды карап алды да, анан сөзүм бүттү дегенсип артка
бурулду.
Баятан бери көңүлү суз келаткан Мирландын кыжырын ого бетер келтирди, Таланттын жолукканы. Эмил машинасын өң-дөңдү карабай айдап, айылдын четине келгенде Мирлан менен Темирбекти түшүрүп койду. Мирлан, Жамила менен өбүшкөнүн эстегенде көңүлү алда-кайда алып учуп, анын дагы менде көңүлү бар экен да деген, илгери үмүт пада болуп, эптеп апасын көндүрсө, калганы өз нугу менен өтчүдөй деп ойлоп койду.
Күн кылкылдап тоо башына жашынып баратканда эки дос айылдын ортосундагы дүкөнгө келишти да, узун моюн бөтөлкө винодон бирди алышып, мектептин бакчасын көздөй басышты. "Зомкара" деп аталган бул вино ичке киргенде, ортодо не бир түркүн сөздөр айтылып, алтурсун Мирлан, Жамила менен өбүшкөнүн дагы балп эткизе айтып салды. "Кайран гана ичкилик, ичкенден кийин кетет итчилик" деп айтылгандай, бул сөздү Мирлан бекер оозунан чыгарды.
Бир сааттан ашык сөз бербей сүйлөшкөн эки дос, бир топ эле кызып калышканын өздөрү көп элес алышкан жок. Мирландын ичкенден кийинки акыбалын жакшы билген Темирбек өзүн токтоо кармаганга аракет кылды. Вино ичке кирген сайын Мирландын үнү жогору чыга баштады.
Ар нерсенин чеги болот эмеспи. Анысы сыңары бул экөөнүн дагы сөзү аягына чыкты. Темирбекти иниси чакырып келбегенде сөз дагы канча убакытка созулат эле аны айтуу кыйын. Темирбек менен жылуу коштошкон Мирлан орто кызуу болуп, үйгө келгенде апасы Жээнбүбү бир орунга отура албаган абалда болучу. Атасы Амантур газета окуп, ички үйдө отурган. Мирланды көргөндө эле апасы Жээнбүбү оор үшкүрүнүп:
-Келдиңби?-деп күч менен айтып, жеңилденип алды. Бирок бул жеңилденгени көпкө жашаган жок. Анткени Мирландын мас абалын көргөндө эле, Жээнбүбүнүн өңү өзгөрүлүп кетти. Анткени кезектеги чырдын чыгышы күтүп турганын айттырбай билип, дендароо болуп эле туруп калды. Анткени Мирлан ичкенде сөзсүз чыр салары бештен белгилүү экенин Жээнбүбү кантип билбейт. Мирлан өзүн канчалык токтоо кармайын деген менен винонун күчү барган сайын өзүнүн вазыйпасын аткарып, Мирландын мээсин ээлеп алганын танып болбойт эле. Жээнбүбү алдын торой басып:
-Эмне ичип келдиң? Эми акырын үйгө кирип жатып кал, атаңа билинбей - деп өтүндү эле Мирлан башын бир булкуп алып:
-Апа, сиз мага акыл үйрөтпөңүз. Мен деген аскерге барып кызмат өтөп келген акылы толук жигитмин. Андыктан эмне кылам ал өзүмдүн ишим. Эң негизгиси мен өзүмдү өзүм билчү кез келди. Айтмакчы аял аламбы, албаймбы аны дагы жеке мен өзүм билем. Кыскасы сөзгө түшүнгөндүрсүз, -деп ыктытып алды. Жээнбүбү кара күчкө өзүнүн жасалма мүнөзүн колдонуп:
-Болуптур, өзүңдү өзүң билсең эми жатып эс ал, -деген болду. Эне да. Эгер башка бирөө болгондо андап башка сөз айтып, Мирландын ачуусуна тиет беле.
Мирлан өз оюнан кайтпай:
-Апа, мен жатып эс албайм. Балдарга барып кеңешип келишим керек. Эртең мен аял алышым жөнүндө. Минтип жүрө берсем, болбойт. Үйдөн бөлүнүп чыгып
өзүнчө түтүн булатып, эл сыяктуу жашасам деген оюм бар.
Амантур сырттагы уулунун үнүн угуп, окуп жаткан газетасын токтотуп, сыртка чыгып, уулу менен аялын көрүп:
-Эй бала, сен эмне бакылдайсың? !-деп, үнүн өктөм чыгарып, аталык сүр көрсөткөн болду. Ичинде жинди суу ойногон Мирлан:
-Ата, сиз мени түшүнбөйсүз. Эгер түшүнсөңүз мага алдагинтип карабайт
элеңиз. Сиз да мендей жаш болгонсуз, -деп сөз улап келатканда Амантур кыйкырганда гана Мирлан атасынын ачуусуна тийип алганын билип, унчукпай калды. Амантур ачуулуу:
-Деле мунун кыйынын кара. Мен кечке чөп чаптырып, чарчап талаада жүрсөм, бул мас болуп алып мага акыл үйрөтөт. Кыйын экенсиң чөптү сен чаптырып оокат кылсаң, мен малга көз болот элем го. Чоңуңардын да, кичинеңердин да жүгүңөрдү энең экөөбүз качанкыга чейин көтөрөбүз. Иниң Эрлан Жамиланы сүйүп калып, козу уурдаса, сен минтип аны алам деп мас болуп мага акыл үйрөтсөң, урдум силердей баланы. Эмне таякеңердин кызынан башка кыз силерге табылбай калганбы? Деле унчукпай койсо башыма чыгып баратасыңар да, деп катуу опурулду.
Бул айтылган сөздү укканда Мирлан төбөсүнөн бирөө мык менен ургандай абалга келе түштү. Ичкен виносу кайда кеткенин билбей, башын жерден албай, үн дебей туруп берди. Амантур дагы чучукка жеткен сөздөрдү айтып:
-Атанын атын булгап, алкаш болгончо бул дүйнөдө жашабай эле койгонуң оң. Айтпайын деген сөздү айттырасың. Эсиң болсо бүгүнкү күндү эмес, келечекти ойло! "Сүйүү" деген эртең эле балалуу болгонуңдан соң өчөт. Анан эмне болот, баягы турмуш өз нугу менен өтө берет. Экинчи сенин мас болгонуңду көзүм чалбасын. Бас, үйгө кирип жатып эс ал. Мени аябасаң дагы энеңди аяп койсоң боло. Сенин келишиңди күтүп, бир орунга отура албай эшикке эле канча чыкты. Сен болсо мас болуп жыргап жүрөсүң!-деп айтып жаман көзү менен атып жиберчүдөй караганда Мирлан үйгө киргенче шашты.
Алгачкы келген сүйүү
Машина жылып кеткен соң Жамалбек кызы Жамиланы сынай карап:
-Кызым, тиги Мирландын козу сурап келгени калп эмеспи. Эмнегедир анын көзү башка бир нерсени айтып тургандай…- деп суроолуу карады. Жамила уурусун карматкан адамдай атасынан бул суроону күтпөгөндүктөн азыраак тайсалдай түштү да, өзүн колго алып:
-Ата, классташ балдарына убада берип коюптур, бир козу союп берем деп. Ошол убадасынын өтөсүнө чыгуу үчүн менден козу сурап келгенин айтып тууганча сүйлөшүп жаткан элек, -деп аялзатына таандык куулукту карматып, атасынын көңүлүн жай кылган соң, Жамила оор жүктү үстүнөн бирөө алып салгансып, жеңилдей түштү.
Жамалбек бул жолу кызынын сөзүнө ишенип:
-Кызым, абайла. Али жашсың. Малдын жайын жакшылап өздөштүргөн соң анан малды карызга берсең болот. Эгер өкмөткө карыздар болуп калсаң, уят болуп каласың, ал жагын да ойлон, -деп аталык акылын айтып, атына минип, маңдайкы бөксө тоону көздөй бастырды. Жамила атасын узата караган тейде Мирлан менен өбүшкөнүн эстеп, өзүнчө уялып кетти. Дагы жакшы эгер экөөнүн өбүшүп жатканын атасы көрүп калса, эмне болмок эле. Жамила бир топко бир орундан жылбай, калпыс жасаган ишине өкүнүп алды. Баарыдан дагы Жээнбүбү эжесине "Мирлан менен сөзүм жок" деп коюп, кайра Мирлан келгенде анын эрки менен болуп,
өбүшкөнү албетте түшүнгөн кишиге өтө эле одонолук. Эгер Мирлан ээн жерден жолукса, балким мындан дагы терең ишке барышмак беле, ким билет. Анткени эңсөө сезимине баш ийбөө өтө эле сабырлуу кишинин колунан келбесе жөн
адамдын колунан келе бербесе керек. Бир чети Жамила ал таттуу өбүшүүнү эми
көпкө чейин унута албасын билип турса дагы, өзүнө өзү сөз берди. Эми мен Мирланды жаныма жолотпойм деп.
Күн батып, мал короого түгөл кирген соң, Жамила ылдыйкы кошунанын үйүн көздөй басты. Анткени кошунасы кечинде келип тамак ичип кет деп чакырып кеткен эле. Жай басып келип, боз үйдүн эшигин ачып ичкери кирген Жамиланын көзү дароо эле төрдө отурган жигитке кабылды. Эки көз аз убакытка чагылыша түштү да, анан бири-биринен көздөрүн тартып алышты. Үйдөгүлөр бир ооздон:
-Кел, төргө өт, -деген болушту. Жамила иймене басып чыгдан жак менен көрсөтүлгөн орунга отуруп жатып үй ээсине кайрылды:
-Үйдө конок бар деп айтып койбойт белеңер? -деген болду. Бул сөздүн артында булар кимдер, кайдан келди дегендик жаткан эле. Жамила бир көрүп эле байкаган,төрдө отурган жигит өзүн ынтаа коюп карап жатканын. Орун алып олтуруп, тамакка караганы менен кайран Жамила аны өз сынынан өткөрүп жатты. Бирок сыр берген жок. Анткен менен алиги өзүн улам-улам карап жаткан жигит чынында биринчи көз караштан эле жагып калганын ниетинде жашыра албайт эле.
Жамила алиги өзүнөн көзүн албаган жигиттин көз карашынан сүрдөп, кыйратып деле тамак жей алган жок. Бирок, тасмал четинде абдан көңүлдүү олтурду. Тамак желип, ортолоп калган кезде гана кошунасы Жамиланы конокторго тааныштырды.
- Бул кыздын ысмы Жамила. Мектепти бүткөнү башка кыздардай болуп шаарга барам деп элирбей бир короо кой алып, өзү багып жатат.
Чынында эле кыз баланын багы окуу, болбосо иштеген кызмат менен чектелбейт. Кыз баланын багы тийген күйөөсүндө. Күйөө бала өзүнө жана оокатка тың болсо болду. Ал эми ургаачы жан төрөп, бала багып, үй ичин эпке келтирсе болгону.
Көрөсүңөр, Жамила "окуйм" деп шаарга кеткен классташтарына караганда бактылуу болот.Тиги Кеңешбек байкемдин кызы шаарга барып окуп чоң окуу жайды кызыл диплом менен бүтүрүп, аспирантурага тапшырган. Азыр чоң иште иштегени менен эрсиз жүрөт. Жашы отузга кадам таштады. Учурунда менменсинген балдарды чанып, тийбей койду эле, эми өкүнүп олтурат. "Денеси катып кете электе төрөп алса болот эле" деп, бул жакта мен өзүнчө бушайман болуп жатам. Бойго жеткен кыздын бой жүргөнү курусун, - деп сүйлөөк Сайра, Жамиланы конокторуна тааныштыруунун ортосунда көп сөздүн учун айтканга жетишти.
Коноктор Жамиланын чабан экенин укканда кызыгуулары артып, көңүлдөрүн бурушту.
Жамила ашыкча сөз сүйлөп албайын дегенсип, өзүн токтоо кармап олтурду. Сайра эми тиги коноктордун ысмын бир баштан айтып, сөз кезеги өзүнө жаккан Казыкбекке келгенде аны берилүү менен тигиле карады да, анын "Казыбек" деген ысмын жүрөгүнө терең кабыл алып, ичинен анын ысмын кайталап, дагы кандай сөз угам дегенсип сөзгө берилүү менен кулак төшөп, анын коңшу райондон келгенин билди.
Эт тууралып, беш бармак алдыга келгенде Казыбек, Жамиланын табагына беш бармактан баса салып берип:
- Чабан кыздын беш бармакка табити кандай болду экен? - деп сөз менен тийишкен болду.
Жамилага, Казыкбектин кыймыл аракети, үнү эмнегедир жакын сезилип, анын тамаша аралаш айткан сөзүн дагы жылуу кабыл алды. Тамакка бата тиленип, колго суу куюлуп, коноктор конок каадасы кылып, сыртка чыкканда, Жамила үйүн көздөй бет алды. Ушул эле жагдайды күтүп тургансып, Казыбек жандай басып келип:
- Жамила, капа болбосоңуз, узатып койсок кандай болот?- деп сыпаа кайрылды.
Жамила күлүмсүрөгөн калыбында, жагымдуу жылмайып:
- Мен каршы эмесмин, - деп Казыбектин сунушун кабыл алып, өзүнүн оюн көз карашы менен билгизди. Казыбек катар басып келатып:
- Жамила, сен менин көңүлүмдүн төрүнөн орун алып калдың көрүнөнт, эмнегедир бир көргөндө эле. Эртең сапар карып жолго чыксам, сени башка көрбөй калам го. Кеткенге шашып жаткан жаным сени көргөнү, бул жактан кетким келбей калды.
Жамила жарк эткизе күлүп:
- Анда кетпей эле койгула, - деп кыска сүйлөп, жагымдуу жылмайды. Айдын жарыгында жайлоонун көркүнө көрк кошуп Жамиланын жылмайганы Казыбекке баштагыдан дагы миң эсе сулуулукту тартуулап, жүрөгүн ысытып турду. Мындай учурда убакыт дагы тез өтүп, бара турган аралык да жакын болуп калат эмеспи.
Жамила үйүнө он кадамдай жакындаганда кадамын жайлатып, Казыбекти сынай карап, жанынан кетиргиси келбей:
- Үйгө кирип даам ооз тийбейсизби? - деп суроолуу караганда, Казыбек экөөнүн көздөрү дагы чагылыша түштү. Бул тиктешүүнүн артында айтылбай турган, сөз жетпегендей терең сыр бар эле. Экөө тең биринчи көрүшкөндө эле бирин-бири арзып жактырышып калганын жүрөктөрү менен гана сезишип, көз караш менен үнсүз сүйлөшүп турушту.
Чынында Жамила буга чейин мындай абалга калып көргөн эмес. Канчалаган бозойлор кылгыра карап, сөз айтышпады. Бирок, бири дагы Казыбек менен жолугушкандай таасир калтыра алганын эстей алган жок. Жамила ушул саам гана чыныгы сүйүүгө кабылганын жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезип, Казыбекти кетиргиси келбей, андан көзүн тартып алып, уялыңкы жер караган тейде:
- Ушунча келип, үйгө кирбей кетсеңиз болбой калат го? -деди.
Казыбек сүрдөгөнүн билгизип:
- Жамила, алгачкы жолукканда эле сүзө качырып үйгө киргеним болбой калат. Өз шартым менен кирейин, - деп сыпаа жооп берип:
- Жамила, эгер макул көрсөң, таза абада басып келбейлиби? Эмнегедир сенин жаныңдан кетким келбей турат. Бул сунушумду туура кабыл алсаң?- деп суроолуу карап, Жамиланы көзү менен арбаганга өттү. Казыбектин бул көрүнүшү Жамиланы ойго салды. Бир азга үнсүз турган Жамила:
- Азыр биз ээрчише басып кетсек, үйдөгүлөр туура эмес ойдо калат. Андан көрө убакыт өткөрүп келиңиз. Мен үйдөгүлөрдү жаткырып коюп, анан чыгайын, - деди. Жамиланын бул сунушу Казыбекке жагып:
Абдан туура, мен анда бир сааттан кийин тиги коктунун оозунан күтөм, - деп Жамиланын колун кыса кармап:
- Убадалаштык, - деп кайра изине кайтты.

#4 06 Март 2016 - 14:24
Баштапкы ойдон кайтуу
Мирлан атасынын сөөккө жеткен сөзүнөн кутулуу үчүн үйгө кире качканы менен түбү жок жоопсуз ойдун кучагында калды. Иниси Эрлан дагы Жамиланы сүйүп, козу уурдаганын уккан эмес эле. Чынында Жамила экөө бир класста окуганы чын. Бирок, экөөнүн ортосунда сүйүү мамилеси болгонун укмак турсун, оюна дагы албаганы анык. Чын эле Эрлан козу уурдады беле? Эмне мен аны уккан эмесмин. Атам айткандай, Эрлан дагы Жамиланы сүйсө, ал аз келгенсип мен дагы сүйсөм, Жамила кандай ойдо калды болду экен? деп көмкөрөсүнөн жаткан бойдон түбү жок ойдун кучагында жатып, көзү илинип кетти.
Мирлан түш көрөт. Түшүндө Жамила ак "Волга" менен өзү теңдүү баланын жаныда алыс жолдо баратып, машинанын терезесин түшүрүп, колун чыгарып, "жакшы калгыла" деп иниси Эрлан экөөнө кол булгалап коштошуп кетип баратыптыр. Эрлан колун кош көңүл көтөрүп, "жакшы бар" дегенсип артка бурулат. Ал эми өзү машинанын артынан чуркап "токто, Жамила!" деп кыйкырып кубалап баратып ойгонуп кетет. Ойгонсо, сырт караңгы, кайсы убак экенин өзү да билбейт. Түшүндө чуркагангабы же күндүз ичкен винонун күчүбү, тамагы катып суусап калган экен. Жаткан ордунан араң туруп барып суу ичип келип, ордуна жатып түшүн эстеп, "Жамиланын менден башка дагы жигити барбы, болсо анда эмнеге мени менен өбүштү. Эгер жигити болсо, мени жанына жакын жолотпойт эле го. Же эмне кыздардын баары эле эки же үч жигит менен жүрмөйүн алым сына алышпайт го. Эгер мен Жамиланы алсам, анда Эрлан эмне дейт. Эрландын козу уурдаганын таякем билет болду бекен?" деген сыяктуу суроолорду өзүнө өзү берип жатып, башы дагы ооруп чыкты. Балким мас болуп соолуккандыкыбы, башынын ооруганы барган сайын күч алды.
Канчалык уктап калайын деген менен уйкусу качып, ойго келбеген ойлорду ойлоп, шыпты тиктеген тейде жатып, атасынын сөзүн эстеп, оор үшкүрүнүп алды.
Чынында эле буга чейин атасы менен апасынын тарткан түйшүгүнө көңүл бурбаганына өкүнүп, үйдүн улуусу катары ушул жашка келгени эч кандай иш бүтүрбөгөнүнө эми гана ой жүгүрттү.
"Атанын сөзү ок" деп айтылгандай, эгер атасы Амантур алиги сөккө жеткен сөздөрдү айтпаса, анда азыр ойлогон ойлорду оюна дагы албайт эле. Түбү жок ойдун кучагында калган Мирлан таңга жуук гана уктап кетти. Канчага чейин уктамак өзү дагы билбейт эле, атасынын ачуулуу үнү чыкпаганда.
Амантур мемиреп уктап жаткан Мирланды жаман көзү менен жактырбагандай карап алып:
-Мирлан, тур! Азыр уктап жаткан кез эмес. Тоют топтоп, кыштын камын көрбөсөк болбойт. Кечээ чөп чаптырдым эле. Бүгүн сен тоого барып малга көз бол. Мен барып техниканын артынан түшпөсөм болбойт, - деди.
Мирлан бул жолу ордунан элпек туруп, иш бүтүрүүнүн камында болду. Кечинде бакылдаган сөзүнүн бири жок. Мирландын бул абалын көргөн апасы Жээнбүбү ичинен ага ыраазы болуп, "баары бир бала атадан сестенет турбайбы" деп, улуунун эч үндөбөй тоодогу малды көздөй беталышына таң кала караган калыбында "кечинде аял алам" деп атпады беле, эмне ал оюнан кайттыбы деп ойлоп Мирланды узата карады.
Мирлан жээрде кашка ат менен тоону көздөй баратып, артын кылчайып өзүн карап турган апасын көрүп, чын ниетинен аяп апасын аянычтуу көз карашта карап, кечинде мастыгы менен айткан сөздү эстеп, өзүн өзү жек көрүп кетти.
Түнкү жолугушуу
Казыбек Жамиланын жанынан кеткиси келбей, мойнунан байлаган иттей гана анын жанынан узады. Бир көрүп сүйүп калам дегенди оюна албаган Казыбек, Рыскелди досунун жоругун эстеди.
Рыскелди, Казыбектин абдан жакын досу. Болгон сырын айтып, сыр бөлүшкөнү Казыбекке абдан жагат. Бир күнү кечке маал шаардагы таекесинин кызы Жамал келип калат. Аны аялдамадан эле көрүп, жактырып калган Рыскелди жүгүн көтөрүшүп келип, дароо эле Казыбекке айтканда, Казыбек таң калганы бар "койчу, бир көрүп эле кантип сүйүп калсын. Сен ал кыздын кандай адам экенин али биле элексиң да" деп. Эми ошол Рыскелди досунун абалына өзү туш келип, Жамиланы бир көрүп эле сүйүп калганы, сүйүүнүн келиши бат эле турбайбы деп кадамын жай таштап изине кайтып келатты.
Бүт дитин бир гана Жамила ээлеп алган Казыбек таттуу кыялга жетелене "эгер мен Жамилага үйлөнсөм, менден өткөн бактылуу адам бул дүйнөдө жок" деп ойлоп койду.
Эх, сүйүүнүн күчү. Аз убакыт илгери эле эч нерсе оюнда жок Казыбектин ички дүйнөсүнө будуң-чаң түшүрүп, түбү жок ойдун кучагында калтырды.
Жамиланын ар бир кыймылын, ал турсун жагымдуу назик үнүн, баскан-турганын, бой-келбетин эстеген сайын Казыбек бир жерге олтура албай, үйдөгүлөргө бир нерседен сыр бергенсип койду. Өзү менен бирге келген Бейшенбек:
-Я, Казыбек, сага эмне болду? Алиги чабан кызды көргөнү сен такыр эле башка адам болуп чыга келдиң го. Деги сүйүп калгандан алыссыңбы? Эгер сүйүп калган болсоң ачык айт. Ала качып деле кетебиз, -деп калп күлгөн болду. Бул айтылган сөз ал жердегилерге жага бербей калды. Казыбек уялганынан болор-болбос кызарып сыр алдырып койду да, берилген суроого жооп бергенге шашылбастан, чөнтөгүнөн чылым алып чыгып күйгүзүп:
-Бейшенбек байке, азырынча кыз ала качканга эрте. Ал кез да келет. Бардык нерсенин убагы, сааты келет эмеспи. Андыктан шашылбай тура туралы -деп кыска сүйлөдү.
Бейшенбек бул айтылган сөздү жоопсуз калтыргандан алыс болуп:
-Бир өлүмдөн башканын баары эрте болгону жакшы. Дегеним ал чабан кызды ала качабыз дегендер көп экен. Байка, кушуңду колдон учуруп жибербе. Кийин кеч болуп калып өкүнүп калба, -деди.
Казыбек "ал чабан кызды ала качабыз дегендер көп экен" деген сөздү укканда дароо кызганыч сезими пайда болуп, Бейшенбекти жалт бир карап алып, жүрөгү кысылып, кызганыч сезимин өңүнөн билгизип койду да, көңүлү суз:
-Буйруктан кайда качып кутулабыз. "Чуркаган албайт, буйруган алат" деген кеп бар эмеспи. Анын баарын убакыт таразалайт, - деп айтып, Жамиланы жактырып калганын билгизип койду. Үй ээси сөзгө аралашып:
-Казыбек туура айтасың. "Чуркаган албайт, буйруган алат" деген чын. Мен жаш кезде байкеңерге тием деп оюма дагы алган эмесмин. Артымдан чуркаган балдарды бозортуп, байкеңер алып албадыбы. "Таш түшкөн жеринде оор" деп отуруп калдым. Жашоо өз нугунда өтүп, мына биз дагы очор-бачар болуп, жыйырма жылдан бери түтүн булатып келатабыз. Убагында ойлогон эмес элем "чабандын аялы болом" деп. Жаш кезде эңсеген шаарга азыр баргым дагы келбейт. Ал турсун айылга барсам, кысынып кетип тоого кеткенче шашам,-деп Сайра бир топ маанилүү сөздөрдү сүйлөп жиберди. Казыбек тымызын шашып, эптеп сыртка чыгып кетүүнүн амалында болду. Анткени убадалашкан жерге эрте барбаса болбойт, Жамиладан мурда. Эгер кечигип калса, анда эле уят болот. "Сөзгө турбаган жигит экен" деп Жамиланын ойлоп калышы толук мүмкүн эле. Акыры ыңгайлуу учур келгенде Казыбек жыла басып сыртка чыкты да, убадалашкан жакты көздөй шашыла басып жөнөдү. Көкүрөгүн өйүгөн Бейшенбектин алиги айткан сөзү болду "чын эле Жамиланы башка бирөө ала качып кетсе эмне болот" деген ой такыр акылын бийлеп алып, оюнан кетпей, өзүнчө эле санаа чеге баштады. Негизи эле өзгөчө эркек балага кыз күткөн кандай жакшы. Эгер Казыбек, Жамиладан башка адамды күтсө, тажап кетип калат эле. Улам Жамиланын келе турган жолун карап, түбү жок ойду ойлоп, Казыбек бир орундан жылбай турду. Шашып жатып болжошкон жерге эрте келип алган Казыбек, Жамиланы кыйла убакыт күтүп калды. Тээ бир оокумда гана өзүн көздөй келаткан караанды көргөндө Казыбек өзүн бактылуу сезип кетти. Өзүнчө сүрдөп, сөздү эмнеден баштасам болот деп, эми айта турган сөзүн камдап баштады. Жамила бурала басып, кыз кылыгын кылып күттүрүп келген жөнү бар. Анткени атайын кеч чыгып, Казыбекти сынаганы болчу. Казыбек утурлай басып, Жамиланы тосуп чыгып:
-Жами, сага эмне болду?-деди. Казыбектин эркелете "Жами" деп айткан сөзү Жамилага жага бербей, өзүнчө эркелей түштү да, өзүн колго алып:
-Азыраак иштер менен кармалып калдым, -деп ичке жагымдуу үнү менен жооп берди да:
-Эмне көпкө күтүп калдыңарбы? - деди. Казыбек көңүлү шат, жагымдуу жылмайып:
-Көп деле күткөн жокмун. Негизи эле мен үчүн сени күткөндөн өткөн бакыт жок экенине сени күтүп туруп билдим, - деп тапандана жооп берди. Эки жаш кеминде эт бышым убакыт сүйлөшүп турушту да, анан гана бири-биринен ажырашкылары келбей турушуп, бир аптадан кийин жолугушууну убадалашып ысык мамиле менен коштошушту.
Муздак жолугушуу
Мирлан тоодогу ат жол менен келатып, Жамиланын конушунун тушунан өтүп баратып, аттын башын конушка бурду. Бул убакта Жамила жаңы гана аттанганы жаткан. Мирландын келатканын көрүп, кечээки окуяны эстеп, уялып кетти да "эмне кылыш керек" деп бастырып кетишти, же ага жолугууну билбей эки анжы ойдо туруп калды. Аңгыча Мирлан чукул келип ооз учунан салам айтып:
-Жамила, суусундук ичсем болобу? - деп сурап, эмнегедир ойго келбегендей мамиле жасады. Бир күн илгери эле сени сүйөм, сени алам деп жаткан Мирландын бул жоругу Жамила үчүн ойго келбеген окуя болду.
Ооба, чынында Жамила, Мирландан мындай муздак мамилени күткөн эмес эле. Мирлан көңүлү суз куюлган кымызды дем албай тартып жиберип:
-Жамила, сен мени кечирип койчу. Мен сени канчалык жогорку деңгээлде сүйсөм дагы экөөбүздүн жолубуз эки башка экен. Азыраак кызуу кандуулукка алдырып, сени дагы бушайман кылып койдум көрүнөт. Ан үчүн кечирим сурайм. Эң негизгиси сен мага таарынбасаң болду.
Жамила алыска көз жүгүртө:
-Эмнеге таарынмак элем. Өзүң айткандай экөөбүздүн жолубуз эки айрылыш. Кечээ сен кеткенден кийин атам дагы бир нерседен шек алып сураганда "сени козу сурап келиптир" деп, шылтоо айтып араң кутулбадымбы. Ата-энебиз бир тууган болсо, экөөбүзгө эле эмес, аларга дагы ыңгайсыздык пайда болмок, -деп Мирландын сөзүн коштогон болду. Сөз кезеги келгенде Мирлан:
-Жамила, эгер катуу тийбесе жооп бересиңби, эмне сага Эрлан дагы сөз айтып, сен үчүн кой уурдаганга барды беле?-деп сурады. Жамила өткөндү эстеп, болор-болбос жылмайып:
-Эрлан жаштык кылган да. 8-март күнү мага белек берем деп ошол ишке барганы чын. Аны айыл эли бүт угуп, ал турсун милицияга суралган. Кыскасы бир топко чуу болуп барып токтогон - деп, Жамила болгон ишти үстүртөн айтып берди. Мирлан иниси Эрландын жоругуна нааразы боло, атасынын күйүп-бышып айткан сөзүнүн тереңи кайда жатканына көзү жетип, уялып кетти. Бир чети ал окуя жөнүндө укканы жакшы болду. Болбосо, өзү дагы акча таба албаса иниси Эрландай болуп уурулукка барат беле аны так айтуу, албетте опурталдуу. Бир чети Эрлан деле айласы жок ошол жолду тандап алган чыгар. Эмнегедир Мирлан ушул саам бардык нерсеге терең ой жүгүртүп, бардык нерсенин терс жагын эмес, оң жагын өзүнө кабыл алып, атасы айткандай бир үйдүн ишенген улуу баласы экенин эстеп, ашыкча сүйлөгөндөн алыс болуп, Жамила менен жылуу коштошуп, андан ары сапарын улады.
Жамила бир суткага жетпеген убакта ушунчалык тез өзгөрүлгөн Мирландын бул жоругуна таң кала ат бастырып тоону көздөй бет алды.
Бир чети Мирландын кыстоосунан кутулганына сүйүнүп, анын мындай абалга туш болгонуна эмне себеп болду деген ойду ойлоп, сыдырым соккон желди жиреп баратып, Казыбекти эстеди. Чынында эле Жамила эми гана нак сүйүүгө кабылганын моюнга алды. Анткени Казыбекти тез-тез эстеп, аны менен жолукчу күнгө чейин али убакыт көп экени кыжалат кылганы болбосо, көңүлү жайында. Чытыраган денесинен көкүрөк тушу өзгөчө көзгө урунган Жамиланын болуп-толуп турган учуру кандай эркек жанды болбосун көңүлүн өзүнө бурарына шек жок эле. Анткени Жамила чырайына чыгып, көз жоосун алган сулуу кыз экенин танып болбойт.
Алдынан чыккан коңшу айылдык Кенжебек, Жамилага сугун арта карап:
-Жол болсун! - деди. Жамила учурашкан соң:
-Менин жардамчы чабанымды көрө алдыңызбы? - деди. Кенжебек Жамиланын төш тушун караган тейде:
-Кам санаба. Алиги тоонун аркы бетинде койдун четинде жүрөт. Аны коюп кеп салчы -деди. Жамиланын көңүлү кирдей түштү, бүт эркектердин ою жаман деп.
Кенжебек ан сайын толуп-болуп турган Жамиланын көз жоосун алган келбетинен көзүн албай, өзүнүн ага карата болгон көз карашын кыймыл аракетинен билгизип койду. Чынында Кенжебек кунаажынды көргөн букадай, ушунчалык ниетин буза карагандыктан, Жамиланын кабагы бүркөлө түшүп, анын жанынан кеткенче шашты.
Тээ илгертен айтылган кеп бар эмеспи. "Күндүзү кымыз, түнү кыз, күпүлдөгөн эр кыргыз" демекчи, Кенжебек жайлоонун таза абасынан дем алып, ичкен жегени күчтүү болгон үчүн өзүнөн кыйла жашка кичүү Жамилага мындай мамиле жасаганынын тереңи башкада болчу. Анткени аялы Калипа эки аптадан бери жок эле. Шаарга кетип алигиче келе элек. Ээн жерден жолуккан Жамиланы көргөндө ниети бузулганы бар. Бирок ал оюн канчалык билгизбейин дегени менен билинип калды. Негизи эле эркек жан, аял затын көргөндө дайыма ашыкча сөз сүйлөп алышы турулуу иш эмеспи. Кенжебек дагы Жамиланы жанынан кетиргиси келбей:
-Жамила, эгер мүмкүн болсо кечке жуук келейинби. Сенде сөзүм бар эле,-деди. Жамила таң калып:
-Эмне сөз, азыр эле айтыңыз?-деп кызыгуусу арта туруп калды. Кенжебектин үнү мукактанып:
-Кечинде келгенде эле айтайынчы. Ал сөздү кечинде айтыш керек. Өзүң деле түшүнүп тургандырсың, сөздүн маанисин-деди.
Жамила бул сөздү укканда өңүн баштагыдан дагы бузуп:
-Байке, сиз ушул сөздү ойлонуп туруп айттыңызбы? ! Мен сизге кечинде жолуккандай сиздин теңиңиз эмесмин, - деп айтып, атына шарт камчы салып бастырып кетти.
Кенжебек мындайды күтпөгөндүктөн Жамиланы узата караган тейде:
-Жамила сага эмне болду,-деп үн каткан болду да, өзүнүн одоно жасаган ишине өкүнгөн тейде, бир орундан жылбай туруп калды.
*****
Мирлан, Жамилага жолугуп, өз оюн айтып алган соң, өзүн кыйла жеңил сезип, эми үйлөнүү тууралуу эмес атасы менен энесине, бир туугандарына кантип жардам берүү жөнүндө таттуу кыядарга батып келатып, беттеген жерине кантип келип калганын өзү дагы билбей калды. Ушул жашка келгени мындай таттуу келечеги кенен кыялга батып көрбөгөн Мирлан, эми бул таттуу кыялды иш жүзүнө ашыруу үчүн аракет кылуу керек экенин алдыга тилек кылып койду.
Ылдыйдан атчан байкесинин келатканын көргөн Нурлан утурлай басып салам айтты да, атын алды. Мирлан көңүлү көтөрүлүңкү:
-Кандай Нурлан, мал жан аманбы? Үйдө ким бар?-деди. Нурлан атты мамыга байлап атып:
-Эжем экөөбүз элебиз. Мен азыр эле келдим. Койлорду сууга түшүрүп коюп,-деди. Мирлан жайлоонун көркүнө көз жүгүртүп карап, суктанганын жашыра албай:
-Я, Нурлан, ууга чыгып атасыңарбы? -деп сурап койду. Нурлан берилген суроого жооп бергенге шашылбай, канжыгадагы баштыкты чечип жатып:
-Койдон кол бошобойт. Кечээ Сейит байкенин коюна карышкыр тийип, эки коюн жара тартып кетиптир. Аны укканы мыкка отурган адамдай эле болуп жатабыз, бир орунга отура албай. Сиз ырас келбедиңизби. Эми биз коркпойбуз, -деди. Бул айтылган сөздүн тереңинде "сизге таянабыз, сиз барсыз жаныбызда" деген сөз жаткан эле. Мирлан эми гана билди өзүнүн ордун. Көрсө атасы деле абдан туура сөз айтканын иниси Нурлан азыркы айткан сөзү менен тастыктап турду. Аңгыча карындашы Элмира үйдөн чыгып салам айтып:
-Мирлан байке, эмне үйлөнбөй калдыңызбы? -деп сурады. Мирлан бул сөздү укканда селт этип алып:
-Сага ким айтты, мени үйлөнөт деп. Мен үйлөнчү кезге али эрте, - деди да, ичкери кирди. Элмира ан сайын Мирланды жарга такап:
-Билбейм, кечээтен бери сизди үйлөнөт деп угуп, сүйүнчү күтүп жатканбыз,-деди. Мирлан үйдүн ичине көз жүгүрткөн болуп:
-Силерге ким айтты ал сөздү, экинчи андай ушактарга көңүл бурбай жүргүлө, - деди да сөздү башкага бургусу келип:
-Элмира, суусундукка эмнең бар? Күн ысык суусап келдим. Бирдеме берчи. Элмира уй кымыз куюп:
-Мирлан байке айылга качан кетесиз, апамдар качан келет,-деди.
-Билбейм, мен эми эч жакка кетпейм. Малга көз болом. Нурлан сен бүгүн атама жардам бер. Кечээ чөп чаптырыптыр. Эртең чөп жыйнайт болуш керек. Атама жардам бербесең жалгыз кыйналып калат го,-деди. Мирландын минтип атасына жан тарта сүйлөгөнүн уккан Нурлан менен Элмира бир чети таң калышса, бир чети сүйүнүп турушту. Анткени аскерден келгени Мирлан өзү менен өзү болуп, үйгө жардам берүүнү такыр оюна алган эмес эле да. Булардан дагы атасы менен апасынын "Тиги аскерден келгени мерез болуп калган тура. Оокат кылууну оюна дагы албайт" деп айткан сөздөрүн далай эле жолу угушкандары бар эле. Ошол күнү Мирлан койлорду өзү зым короого санап кирип, Нурландан өткөзүп алды да, чабандык милдетти моюнга алып, такыр башка адам болуп өзгөргөнгө өттү. Буга атасы менен апасынын кубангандарын айтпай эле коёлу. Мирлан эми сүйүүнү эмес, оокат кылууга көп көңүлүн буруп, айылга караганда тоодо жүрүп, атасы Амантурга көп жардамын тийгизүүнү ойлоду.
Сагыныч жүгү
Казыбек бир аптага жетпеген убакыттын ичинде кайра келди, сагыныч жүгүн көтөр албай. Келгенде дагы Жамиланы бир көргөнгө зар болуп сагынып, куса болуп, шашып келди. Эх, сүйүүнүн илеби, кусалыгы, жан кыйнаган сагынычы. Жамила дегенде ичкен ашын жерге койгон Казыбек үчүн бир апта убакыт бир кылымга тете болду го, чиркин. Акыры көксөгөн оюнун өтөсүнө чыгып, жайлоого келгенде, Жамила чай кайнам убакыт илгери эле койго бастырып кеткен болучу. Андайда убакыт өтпөй, күткөн адам дагы кечигип калат эмеспи. Казыбектин тынчы кетип, бир орунга отура албай, Жамила келчү тарапты улам-улам карай берди. Баятан бери баарын байкап олтурган Сайра:
-Я, Казыбек, сен биздин үйгө келбей эле Жамиланын көздөп келгенсиң го? Баятан бери эле даамга көңүл бурбайсың, берилген суроолорду дагы жоопсуз калтырып, тоо жакты эле карайсың да. Шашпа, Жамила азыр келбейт. Чабан деген Жамиладай болуш керек. Малды каш карайганда айдап келип, таң сөгүлүп келатканда короодон чыгарат. Андыктан Жамиланы эртелеп күткөндөн өзүңдү алаксыт, - деди. Казыбек уурусун карматкан адамдай күнөөсүн сезип:
-Эже, кечирип коюңуз, чынында эле мен Жамиланы жактырып калдым көрүнөт. Ага жолукмайын жаным жай албайт го. Кап, кичине эртерээк келсем болмок экен.
Сайра шаңк эткизе күлүп:
-Түшүнөм, Казыбек. Эгер ошончолук эле тынчың кетип жатса, алиги мамыдагы атты минип, талаага барып жолугуп кел, - деди. Казыбектин көктөн издегени жерден табылгансып сүйүнүп:
-Ырахмат эже, сиз абдан туура айттыңыз, ээн жерден жолуксам деп эңсеп келдим эле, - деп Казыбек байланып турган атты көздөй басты да, атты мамыдан чечип, үзөнгү теппей секирип минип, теңирең таскак жүрүш менен тоону көздөй жөнөп берди. Сайра, Казыбекти узата карап:
-Кайран гана жаш кезек, кайран гана сүйүүнүн күчү. Тээ алыскы жерден бери келтирип, андан дагы бир орунга отургузбай, тоону көздөй алып жөнөгөнүн карачы,-деп Казыбек менен бирге келген досуна кайрылды. Таалайбек күлүп:
-Деги ал чабан кыз эмне кыз эле, Казыбектин оозунан түшпөй койду го, чиркин, - деди, Сайра күлүп:
-Сен эмне Казыбектей болуп сүйүүгө кабылып көрө элексиң го. Качан сен дагы сүйүүгө кабылганыңда Казыбекти туура түшүнөсүң, - деп өз иши менен алек болду.
Күтүүсүз келген бакыт
Жамила дүрбү салып отуруп өзүн көздөй келаткан атчанды көргөндө кызыгуусу арта: "Бул ким болду экен. Минген аты Сайра эжелердин жээрде кашка аты, ал эми үстүндөгү адам ким", - деп ойлоп, көзүн андан албай олтуруп, Казыбек экенине көзү жеткенде, жүрөгү алда кайда алып учуп, олтурган ордунан тура калды. Чиркин, бул көрүнүш керек болсо түшүнө да кирбей турган окуя эле. Өзүн көздөй жакшы ой, жакшы тилек, кусалыктын жүгүн артынып келе жаткан Казыбектин далбас уруп келе жатканы эле, сөз менен айтылбаса дагы көз менен карап турган адамга, анын болгон ичиндеги ою, тилеги сыртынан эле билинип турду. Бул көрүнүш өзгөчө Жамилага абдан жагып, жашоонун кызыгы кайда жатканынан белги берип турду. Кечинде эле Казыбек түшүнө кирген. Уйкудан ойгонору менен аны ойлоп койгон "мени ойлоп, кыйналып жүрөт го" деп. Эми минтип ойго келбеген Казыбек тоого өзүн издеп келге жатканы эле таза махабаттын жана чыныгы ашыктыктын белгизин берип, Казыбек менен бирге айлана дагы көзгө кооз көрүнүп, болуп көрбөгөндөй Жамила сүйүнүп турду. Бир чети таң калып, анын келе жатканына ишене бербей "түш көрүп жатамбы" деп дагы ойлогонго үлгүрдү. Ал эми Казыбек үчүн жол арбыбай, алдындагы аты канчалык тез келе жатса дагы тушалып калган аттай аралык улам алыстап, өзүн карап, дүрбү салып күтүп турган кыздын келбети баштагыдан дагы миң эсе көзүнө кооз көрүнүп, Казыбектин шаштысын кетирди. Эх сүйүнүн керемети. Сүйүү эки жактан бирдей күчкө ээ болгондо гана анын баркы билинет белем, эки жаш бири-бирине жолугушучу учур жакындаган сайын, жүрөктөрү бат-бат согуп, эмнегедир экөө тең бири-биринен сүрдөп турушту. Бул көрүнүш өзгөчө Жамила үчүн күтүүсүз окуя болгон үчүн, калдастап калды. Алдындагы атын жинтиктире катуу жүрүш менен келген Казыбек жакын келгенде аттан секирип түшүп, алгач учурашты:
-Жамила кандайсың? - деп. Бул айтылган сөз менен эле анын сагыныч менен келгенин дагы бир жолу байкап:
-Ой, сен кайдан адашып?-деген болду. Казыбек көзүн кыздан албай:
-Сага болгон сагыныч менин жанымды жай алдырбай, айтылган убакыттан эрте бул жакка жетелеп келди. Тиги Сайра эжем дагы сага берилип калганымды билип калды өңдөнөт.
- Деги тынччылык элеби?-деди, Жамила билип турса дагы.
-Ооба, тынччылык эле, ишенесиңби? ! Баягы сага жолугуп кеткени менден уйку качып, болгон дитим сага арналды да калды. Сөз ушул алгачкы арманын айтуу менен башталып, аягы барып, сөздүн гүлүн тандап сүйлө менен толукталды. Өзгөчө аял заты үчүн жагымдуу сөздү уккандан өткөн бакыт барбы. Демейде өтпөгөн убакыт бул күнү жөн эле учкан куштай өтүп, кечтин киргенин эки жаш элес дагы албай калышты. Казыбек канчалык учурун келтирип, Жамиланы өбөйүн деп аракет кылды, бирок кандайдыр бир күч ага жол бербеди. Ушул жерден Жамила да билди таза сүйүү жана чыныгы ашыктык өбүшкөнгө жана жеңилдикке барганга түрткү бербесин. Сөздөрү түгөнбөй, курсактарынын ачканына дагы кайыл болушуп, кечинде гана журтка келишти. Дале болсо экөөнүн сөздөрү түгөнбөй, жанаша ат бастырып, журтка бир кокту жакын келишти да, анан баягыдай кечинде жолушууну убадалашып, экөө эки жакка тарашты.
Түнкү душман
Койлорду өткөрүп алганы Мирлан чоң жоопкерчилик моюнга жүктөлгөнүн билип, мал бакканга берилүү менен киришти. Анткен менен канча убакыттан бери талаа түздө жалгыз калып көрбөгөнгө эринип, убакыттын өткөмөгү азап болду. Бир кезде постто туруп, эки саат убакыт өтпөй, смен келгенге чейин эринип "ушундан көрө тоодо кой кайтарган жакшы" деп ойлободу беле. Эми минтип ал кыялына дагы жетип, тоодо жалгыз кой артында жүрүп, Жамиланы эстеди "Кантип кыз башы менен эринбей кой кайтарып жүрөт" деп. "Ар бир кесип ардактуу" - деп айтылгандай, Мирлан чабандык кесиптин али ачуу-таттусун көрө элек болгон үчүн ушул ойду ойлогонго үлгүрдү.
Күн кечтеп калган кезде койлорду маңдайкы бетке жайып коюп үйгө келди да, карындашына кайрылды.
-Элмира, чайыңды ылдамдатчы, курсак ачты. Мен азыр койлорду короого киргизгенче. Күндүн дагы арты катуу түнөрүп келе жатат. Деги түнү койго бөрү тийбесе болду деди да, бери жакта жаткан сары тайганга карап:
-Курсагың ачса керек, мен азыр сага тамак берем, сен түнү сак бол деп, тайган бир нерсе түшүнчүдөй ага карап кобуранды. Бул эми ээн жайлоодогу эрингендин бир белгиси болучу. Күн уясына жаңы гана батып баратканда Мирлан иттерди ээрчитип, тынч жаткан койлорду үркүтүп зым короого айдап кирди. Анан атты отко коюп, кечки тамакка олтурганда, сырттан Сейит кирип келди да, ооз учунан учурашкан соң:
-Мирлан, бүгүн койго сак бол. Карышкыр ушундай, күн түнөргөндө малга тийчүү эле. Мурдагы күнү мен үйдөн чыгып, үлгүргөнчө карышкыр койго тийип, заматта чаң будуң болуп эле жатып калдык. Тиги, наркы коктудагы Келдибайдын эки баласы, бир бөлтүрүк алып келиптир, өткөн аптада. Ошол эле күнү бөрүлөр алардын коюна тийген. Бөрүлөрдү бекер гана чочутуп, өчөштүрүп алды. Болбосо койго карышкыр канча болду тийе элек болучу-деп, кобурап тамакка карады. Элмира эттүү кылып картошка кууруган экен, курсагы ачкан Мирлан берилүү менен тамакка карап:
-Анан бөлтүрүгүн кайра алып барып коюштубу?-деди, Сейит ачуусу келгенин билгизип:
-Кайдан, аны эбак шаардагы баласы алып кетиптир. Эми бизде тынчтык болбой калды го. Аны коюп, ок болсо берчи. Кеч кирди эле мени санаа басчу болду. Мирлан оозу бошогондо:
-Мен азыр огу менен мылтыгы кайда экенин да билбейм. Кечээ үйдө Нурлан бар эле, аны бүгүн атама жардам бер деп айылга жиберип жибердим. Кап! Мен дагы карасаң, жок дегенде мылтыкты сурап калбай. Сөзгө Элмира кошулду:
-Мылтыкты мага табыштап кетти, болгону үч огу менен. Сырттан шамалдын ызылдаганы күчөп, кечки коркунучтан белги бере баштаганы Сейитти шаштырып:
-Мирлан жок дегенде бир ок бер. Экөөнү өзүң алып кал. Мен кечинде жатарда мылтык атып, үн чыгарып койбосом, алда кандай күн болот деп, суроолуу карады эле Мирлан макул болуп бир окту берди. Сейит үйдөн чыгып кеткенде, сыртагы шамал баштагыдан күчөп, жаан төгө баштады. Мирлан короону бир айланып келгенде Элмира:
-Байке, мылтык атып коюңуз, мылтыктын үнүн уккан карышкырлар бул аймакка келбейт деди. Мирлан макул болуп, сыртка чыгып мылтыктан ок чыгарган болду. Бирок, мылтыктын үнү анча катуу чыккан жок. Нөшөрлөп жааган жамгырдын үнү мылтыктын үнүн басып кетти. Кайра үйгө кирген Мирлан кечке чарчаганга төшөккө жатып жаңы эле көзү илингенде, Элмира ойготту. Эгер Элмира ойготпогондо, эч нерсени сезмек эмес:
-Байке, тур. Ит үрүп, кой үркүп жатат, - деди. Мирлан мылтыкты көтөрүп сыртка чыкса, ит корголоп эшиктин алдына келип калыптыр. Мирлин дароо карышкыр келгенин билип, үнүн катуу чыгарып, мылтык аткан болду. Бул учурда карышкырлар короого болгону он метрдей эле калган. Мылтыктын үнүнө кошул-ташыл адамдын ачуу кыйкырган үнү, иттердин абалаганы тынч жаткан айланага бүлүк салып, эркек карышкыр менен канчыгы кайра артты көздөй качууга туура келди. Анткени атылган ок жакын жерден чыккандай болду. Мирлан үнүн өктөм чыгарып:
-Элмира!? Дагы ок барбы?-деди эле, Элмира баятан бери даярдап турган эки окту суна койду. Сейиттен үч окту жашырып койгон эле. Мирлан өзүн салмактуу тутуп, бул жолу шашылбай мылтыкты октоп, бөрүлөр качкан жакты көздөй ок чыгарды. Ок алыстап бараткан дөбөт карышкырдын так жанынан шуу деп эле өттү. Эгер бир карыштай солго алганда анда дөбөт жан таслим болот беле… Жан деген кандай таттуу. Бөрү ушул саам жүрүшүн ылдамдатып, маңдайкы бөксө тоону карай арышын кенен керди. Мирлан айлана тынчып, иттердин абалаганы басаңдаганда гана короону айланып басып, үркүп калган койлого көз жүгүрттү. Бирок эч нерсе көзүнө көрүнгөн жок. Бул бүгүнкү түндөгү бир гана көрүнүш болучу. Аңгыча эле аз убакыт өтпөй аттын дабырттаган үнү угулуп, Сейиттин баласы жетип келди да:
-Мирлан байке бол тез, атам чакырып жатат. Койго карышкыр тийип, айла таба албай калдык, - деди. Мирлан аптыгып:
-Биздин койго дагы бөрү катылды. Мен кантип барам деди эле, Асылбек:
-Анда эптеп бир ок болсо дагы таап бериңиз, болбосо башка айла жок деп, үнүн катуу чыгарды. Мирлан бир ок таап берип:
-Айт, мен анан тынч алган кезде барып кетем. Болбосо биздин койго дагы карышкыр тийсе кандай болот?- деди. Асылбек бир окту алганына ыраазы боло кандай келсе ошондой атын чаап караңгыга сүңгүп кетти. Мирлан ушул жерден чукул ойлонгонго үлгүрдү "Эгер мен келбегенде, Нурлан эмне кыла алмак эле"-деп. Боз үйгө кирип кийимчен жатканы менен, уйкусу такыр эле качты. Түн ортосуу ооп, жаңы гана көзү уйкуга илинип баратканда, иттер абалап, дагы коркунучтан белги берген болду. Мирландын көзү умачтай ачылып, дароо ордунан туруп, мылтыгын алып сыртка чыкса, жаан басылып, калган экен. Иттер коктуу жакты көздөй үрүп барып, кайра келди. Мирлан мылтыгын оңдоп кармап, иттер үргөн жакты аңдып, короого кирди да, койлорду аралап, короонун наркы четине бүк түшүп, алды жакка жакшылап көз жүгүрттү. Желе жоортуп келе жаткан эки карышкырды даана көрдү да, алдында келе жатканын мээлеп, элүү метрдей калган кезде машааны басып калды. Ушуга чейин мындай абалда калып көргөн эмес. Иттер эбак кыңшылап, эшиктин алдына барып калышкан. Мылтыктын катуу чыккан үнүнө улай эле, канчыгынан эки кадамдай алдыда келе жаткан дөбөт бөрү жалп эле кулады. Мирлан эптеп экинчи окту октогонго үлгүргөн кезде, бөрүнүн канчыгы короого жакын келип, мына секрээрде Мирлан дагы ага карата ок чыгарып калды. Бирок, бул жолку аткан огу тиги бөрүгө тийдиби, тийген жокпу аны өзү дагы билбей калды. Канчык бөрү кайра эле артын карай качты. Анткени ок алдыңкы бутун черпип кеткен болучу. Мирланда эми ата тургандай огу дагы жок калган. Биринчи жолу бөрү менен бетме-бет келип, биринчи жолу карышкыр атышы. Акырындык менен асмандагы булут тарап, айланага айдын жарыгы тийе баштады. Мирлан жалп кулаган карышкырга жакын келе алган жок. Эгер мылтыгында ок болгондо анда жакын басып барат эле.
Канчык бөрү түгөйүнөн ажыраганы аз келгенсип, алдыңкы бутунан жарадар болуп, аксаңдап чуркап жүрүп олтуруп, чоң тоонун кырына жеткенде гана бир саамга байыр алып, ок жаңылган бутун тили менен ###### анан үнүн катуу чыгарып уулуп жиберди. Өпкөсүнө ок жаңылып, жаны чыга албай катуу жарадар болуп жаткан дөбөт карышкыр түгөйүнүн үнүн укканда, алсыз гана улуган болду. Бул аракети текке кетти. Анткени анын улуган үнү өзүнө араң угулду. Бирок убакыт алга жылган сайын шайы ооп, көзү караңгылашып баратты. Кечинде эле жолдору болбой калган соң, сапарларын башка жакка улап кетишсе болмок, саат басып неге келди, бул жакка. Сейитбектин коюна тийген соң эле, үңкүрүнө тынч барып жатса, минтип ок жаңылбайт эле. Баарына бала үчүн өч алуу керек болдубу, аны дагы ачык айтып болбойт. Түгөйүнүн үнүн акыркы жолу уккан дөбөт, башын жерден эптеп көтөрдү да, үн чыккан тарапты караган болду. Жандын чыгышы эмне деген азап. Өзгөчө ит менен бөрү баласынын жанынын чыгышы жөн эле азаптын азабы эмей. Ошол себептен аялдарды дагы ит жандуу деп атап койгон жөн жерден болбосо керек.
Канчык бөрү эми артын карабай алдыга жылып, өзүнүн жатагын көздөй шашып бара жатты. Жан ооруган жерде дегендей, ок жаңылган буту бир жагынан жанын кыйнаса, түгөйүнүн жанында жоктугу жан дүйнөсүн кыйнап, тили жок болгону менен сезими менен баарын түшүнүп, көзүнө жаш алды. Бул жаш аянычтын жашы эле. Ооба, бул канчык жылда болгону бирди гана туучу. Бирок эмнегедир тууган бөлтүрүктөрү токтогон жок. Биринчи бөлтүрүгүн көчкү басып калган. Экинчисин катуу жааган жамгырдан кийин тайгаланып зоодон учуп өлгөн. Быйылкы баласын тигинтип өздөрү жокто койчунун эки баласы кармап кетип, жүрөгүн сыздатып, минтип өч алганы барып, түгөйүнөн ажыраганы аз келгенсип ок жаңылып, кыйналып турган кези. Канчык эптеп үңкүрүнө келген кезде таң күлөөнөк тартып, кийинки күндүн башталышынан белги берип калган.
Түнү менен бир эмес эки жолу карышкырдын катылганы Мирланды ойго салып, эми чындап уйку качты. Ушул окуяга кабылганы атасы менен апасынын эмгегин баалап, азап менен акча таап, багып жатканына нак ишенип, ата менен эненин кадырын билди. Негизи эле таңга жуук кандай адам болбосун уйкуга алдырып жиберет эмеспи. Мирландын дагы көзү илинип кеткен экен. Оң тарабында мылтык кереге жөлөнүп турат. Үйдүн ичи муздак. Таттуу уйкуну эртең мененки малдын маараганы, уйдун мөөрөгөнү бузду. Элмира катуу уктап жаткан Мирланды түрткүлөп жатып араң ойготту. Мирлан уйкудан ойгоноору менен кечиндеги окуяны эстеп, ок жаңылган бөрү эмне болду деген ойдо дароо ордунан атып туруп эле сыртка чыгып, короону айланып басты. Бөрүнүн али жаны чыга элек экен. Чыкмак турсун капталы менен кеминде он метрдей алдыга жылыптыр. Жакын келип эле анын катуу жарадар экенине көзү жеткен Мирлан, аны бекер кыйнабай өлтүрүп салууну ойлоду да, анан кайра бул оюнан кайтып, короого келип койлорду чыгарып коюп, атка жайдак минип, Сейиттикин көздөй жөнөдү, алардан кабар алып коймокко.
Кечинде карышкыр алардын беш коюн жара тартып кетиптир. Сейитбек баласы экөө жара тартылган койлорду союп жаткан экен. Мирлан жакын келгенде Сейитбек озунуп:
-Мирлан мал аманбы? - деди, учураша элек жатып. Мирлан башын ийкеп жооп берип:
-Сейит байке жүрүңүз, мен бир карышкырды жарадар кылгам. Короонун четинде жатат. Аны эмне кылышты билбей сизге келгем, - деди. Бул сөздү укканда Сейит сүйүнүп кетти. Дароо ордунан туруп:
-Чын элеби? - деди. Мирлан башын ийкеп:
-Түндө биздин короого бир эмес эки жолу карышкыр кол салды. Бирок малга тийген жок. Анткени мага иттер белги бергенде, сыртка чыгып ок аттым. Негизи эле түндө биринчи жолу мылтык менен карышкыр атышым деди, ишендирмекке. Сейит кабагын түйүп:
-Бизден беш койду жаратартып кетти. Мейли эми ушуну менен чыгып кетсин. Асылбек атты токучу, барып ок жаңылган карышкырды көрүп келели. И, баса ок жаңылган дөбөтү бекен же канчыгы экенби?
-Аны деле байкаган жокмун. Кызылала болуп канга боёлуп жатат. Жанына киши даап бара алчудай эмес. Түнү менен тынчтык болгон жок деги. Сейит атка минип экөө жанаша ат бастырып бери жылганда уй саап жаткан Майра:
-Ай Сейит, жүрө бербей тез келип кал. Мен жакага түшөм деди. Бул сөздү укканда Мирлан:
-Жеңе, жакага түшсөңүз атамдарга жолугуп, ок берсе ала келиңиз, анан болгон окуяны айтсаңыз атам келип кабар алып кетсе жакшы болот эле. Майра ишин улантып жатып:
-Ал киши деле ал жакта араң эле жүрсө керек, иши бүтсө байласа дагы айылга токтобойт. Мен дагы ок-дары алганы барганы жатам, - деп, ашыкча сөздү оозунан чыгарып жиберди. Сейит сөздү бөлүп:
-Мирлан сен кантип аттың ал бөрү баласын деди эле, Мирлан туура суроо бердиң дегенсип:
-Алгач абдан коркуп жаткам, анан баары бир болуп калды. Короонун аркы башына барып өңүп жатсам эки бөрү кадимки иттей эле короого жакындап келе жатты. Мен бир-эки метр алдыда келе жаткан бөрүнү мээлеп туруп эле машаны басып калдым. Анан ушундай бир шамдагайлык менен мылтыкты октоп, короого жакындап калган экинчисине карай ок чыгардым. Ага ок жаңылдыбы же жокпу так көзүм жетпеди. Ал ок атылганда эле кайра артка тартып качып жөнөдү. Эгер мен жарым мүнөттөй эле кечиккенимде ал короого зым тордон секирип кирмек. Мага бул окуя кадимки кинодогудай эле элес берди. Ал турсун карышкыр атканыма өзүм дагы ишене албай турам деп, азыраак сыр алдырып койду. Сейит айтылган сөздү берилүү менен угуп, сөз кезеги келгенде:
-Мирлан, сен даана баатырлык кылдың. Эгер карышкырдын дөбөтүнө ок жаңылса го жакшы, анда канчыгы бул аймактан жер которуп кетет. Дөбөтүнө караганда канчыгы алсыздык кылып, өзүнө түгөй тапканча биз бул аймактан көчүп кетебиз. Жалгыз бөрү кол сала албайт деп, өзүнүн оюн айтканча жарадар болуп жаткан карышкырдын жанына келип калышты. Бул маалда койлор маңдайкы бетке жайылып калган болучу. Сейит карышкырга жакын келип эле:
-Мирлан, азаматсың! Бул мен ойлогондой эле дөбөтү экен. Ок өпкөсүн аралап кетиптир. Эми мунун өмүрү аз калыптыр, көп кыйнабай өзүбүз эле жан таслим кылып салалы. Сенде ок калды беле?-деди. Мирлан көзүн алайтып:
-Кайдагы ок. Ок болсо сизге барбай эле өзүм атып салмак болчумун. Көзү жалдырап, жардам сурагансып турса муну өлтүргөнгө кол дагы барбайт экен. Андан дагы терисин бузбагандай кылып өлтүрүш керек го. Сейит бул айтылган сөзгө муюп:
-Анда эмне кылалы деген оюң бар?-деди. Мирлан ийинин куушуруп:
-Билбейм, аны сиз билесиз да. Чынында эле кыйналганы көзүнөн эле билинип турат. Эптеп жанын кыйнабай бирдеме кылалы. Кой дагы узап баратат деп, суроолуу карады эле Сейит:
-Башына жип салып муунтуп салалы. Болбосо бакан менен башка чабалы деди да, эки жакты карап:
-Мирлан чын эле сен абдан чоң эрдик кылыптырсың. Жүрөк жаш да. Сендей кезде адам баласы эч нерседен кайра тартпай калат. Мактоо сөзгө кимге жарашпайт. Мирлан аз да болсо көңүлү өсүп:
-Сейит байке мен анда түндүк көтөргөн бакан менен мойнунан бекем басайын, сиз жипти мойнуна салып тартыңыз, ошондо мунун жаны кыйналбай өлөт деп такилип киргизди. Сейит туура көрүп, башын ийкеп:
-Абдан жакшы амал. Биз так сен айткандай кылалы, антпесек бул бөрү баласы кекчил келет. Бирибизге байкатпай тиш салса анда эле иштин бүткөнү. Карачы көзү менен бизди дагы да болсо айбаттуу карап жатат. Ушул бөрү менин канча коюмду жайлады. Мирлан чуркап барып бакан менен жипти алып келди да, бакан менен бөрүнүн мойнунан кысты эле, жаны кыйналган бөрү ошондо дагы үн чыгарба көзү менен жеп жиберчүдөй карап, оозун ачып айбат көргөздү. Сейит ушундай бир шамдагайлык менен жипти мойнуна салып, бекем тартты эле, бөрү акыркы жолу көзүн ирмеп алып, бул жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди.
Ошонтип түнү кол салган душмандан кутулуп, Мирлан бул жасаган ишинен өзүнө канагат алып, шердене түштү.
Айлуу түндөгү сырдашуу
Жамила, кечинде койлорду үйгө чукулдатып айдап келип, көңүлү шат ат тизгинин ат мамыны көздөй буруп, атка камчы салды. Атты мамыга күрмөп байлап коюп, үйгө кирди да дароо эле курсагы ачкангабы чыгдан жакка көз агытты. Кечинде салынган бышкан эттин калганын тасмалга алып келип коюп, нандан бурдап-бурдап чайнап, чайдан ууртады. Напси деген кандай гана адамды бузат. Сулуу кыздын минтип тамакка үзүлүп түшкөнү чынында эле одоно иш болучу. Бирок адам баласы баарына чыдап ачкачылыкка чыдоого дарманы алсыз кылаарына турмуш өзү күбө. Ошол себептен ач көз байлар, сараңдык, алдым-жуттумдук барынын аягы барып напсиге такалары чындык. Анткен менен адам баласы бул дүйнөгө жылаңач келип, кайра жылаңач кетээри белгилүү болсо дагы баары бир ириде айтылгандай ачкөздүк өз өкүмүн жүргүзүп келген жана жүргүзө берээри бул дагы чындык. Жамила курсагын тойгузган соң, мыйыгынан жылмайып алды, кечинде боло турган жолугушууну эстеп. Бул күн ойго келбегендей бактылуу күндөрдүн бири болгон үчүн жаш кыздын ой тилеги алып учуп, кабагы ачык койлорду санап киргизип, кечки тамактын камын көрдү.
Казыбек өзүнөн өткөн бактылуу киши жоктой, атты мамыга байлап, жалжайып күлүп бери басканда, Сайра:
-Ой, деги сенин дени кардың сообу? Атты эмне мынча кечке кармадың. Жардамчы чабан койду кечке жөө кайтарды. Мен, сени тез эле келет экен десе. Деги сөзүңөр бүттүбү, анан? Казыбек эч жаман сөз укпагандай:
-Эже, мен, сиздин бул жакшылыгыңызды өмүрүм өткөнчө унутпай калдым го. Буйруса жакын арада сизди тойго чакырам. Ишенесизби, мен азыр көктө учуп жүргөндөй сезип жатам, өзүмдү. Бул эмне билесизби? Бул махабат, махабат!-деди. Бети ачылып калган Казыбек эми ачык эле айта баштады, Жамиланы сүйүп калганын. Сайра кабагы салыңкы:
-Биз деле бир кезде жаш болдук эле. Бирок силердей болуп мынчалык ачылган эмеспиз. Деги абайла, Жамиланы алып кетсең, кайра келип аны менен кой багып калбасаң болду. Башкарманын көзүнө илинип калган ал, ишинин ийгилиги менен. Сөзгө Таалай кошулду:
-Эже, азыр Казыбектин көзүн туман басып, бир гана алиги чабан кыздан башка эч нерсе көрүнбөй турган кези. Баарына кайыл болуп, жолдун алыстыгына карабай келбедиби. Сөз сөзгө уланып, Казыбек курсагы ачканын дагы унутуп, кечки малды жайлагандан кийин өзөк жалгады. Качан гана болжошкон учур келгенде сыртка чыгымыш болуп, жолугушчу жерди көздөй жөнөдү. Бул учурда айлананы караңгылык пардасы каптап, көз байланып калган болучу. Казыбек кеминде бир саатка чукул убакыт күтүп, тоонун кечки шамалына чыйрыга түштү. Ошондо дагы таттуу кыялга жетеленип, үмүттүү жол карагандан тажаган жок. Эх, жаш кезек, ак сүйүүнүн деми эмне деген гана азапты тарттырбайт да, кандай гана таттуу кыялдарга батырбайт. Акыры күткөн учурдун дагы учугу келип, көзгө тааныш караан көзгө көрүндү. Казыбектин жүрөгү бат-бат согуп, тарткан азабы унут калып, кандайдыр бир күч сезимин ээлеп алып, алдыны көздөй кадам таштаганга түрткү берди. Бул кезде жаңы гана түнөргөн булуттардын арасынан ай каалгып чыгып, айланага нурун төгө баштаганда, бурала басып кыздын айланага көрк берип келе жаткан тулку бою, ар бир баскан кадамы, сыдырым соккон желге желпинген ак көйнөгүнүн этеги, узун чачынын кыймылдаганы Казыбекке укмуш кооз көрүнүп, сүйүүсү баштагыдан дагы күч алып, эч камынтпай жакын келген Жамиланы кантип кучактап тосуп алды, өзү дагы билбей калды. Сагыныч менен кусалыктын күчү ушул саам даана билинди. Экөө минтип жолугушабыз деп ойлошпосо керек. Эки жүрөктүн соккону бири-бирине угулуп, үнсүз бир топко кучакташкан тейде турушту. Бул күтүүсүз жерден кучакташуу экөөнө тең жагып, ушул мүнөттөрдүн токтоп турушун экөө тең тымызын тилеп, тымызын эңсегендерин жүрөктөрдүн соккону гана билдирип турду. Кыздын жагымдуу жыты Казыбектин каңылжарын өрдөп, анын калың кара чачынан акырын жыттады. Ал эми Казыбектин ар бир кыймылы Жамилага болуп көрбөгөндөй жагып, ушул бакыттан куру калып, ушуга чейин эмне кылып жүргөнүнө жооп таба албай, эркелегендей анын көкүрөгүнө башын жөлөп, үнүн жапыз чыгарып:
-Казыбек сен буга чейин кайда жүрдүң?-деди. Берилген суроого бир топто гана коңур үнү менен Казыбек:
-Сени издеп! - деп, кыска жооп берди. Анткени Казыбек үчүн ушул мүнөттөрдө үнсүз сүйлөшкөн жагып турган. Биринчи жолу кызды кучагына алган жаш уландын бул абалы баарынан бийик эле. Ал дагы ушул бакыттан куру калып жүргөнүнө ичинен жооп таба албай, кучагына толгон кыздын назик денесин аяр кучактап, бакытка балкып турду. Баардык несенин өз учуру болот эмеспи. Ар бир айтылган макал-лакап, учкул сөздөр турмуштан алынган үчүн "кемпир менен чал үчүн түн көрксүз, ал эми жигит менен кыз үчүн түн көрктүү" дегендей, бул түн эки жаш үчүн өмүрлөрү өткөнгө чейин эстеринде калгандай маанай тартуулады белем, кеминде эт бышар убакыт эч сөз жок кучакташып турушту. Анан гана Казыбек, Жамиланын бетинен акырын сүйүп:
-Жамила, эми мени эч кандай күч кармай албайт. Бүрсүгүнү сени алып кетем, даяр бол! Ушул кезге чейин мен, сенсиз кантип жашап келдим билбейм деп, адатынча таттуу сөздөрүн айтты. Жамила аппак колун мойнуна артып:
-Мен дагы кантип сенсиз жашап келгениме жооп таба албай турам, - деди эле, ушул эле сөздүн айтылышы керек белем, Казыбек дагы эч буйдамга келтирбей, кыздын мөлтүрөгөн кызыл эрининен өөп, нак сүйүүнүн даамын татты. Эриндер бири-бирине жабышып, таттуу өбүшүү бир топко созулду. Ошол чыныгы берилүү менен өбүшкөн эки жаш бүт ааламды унутуп, кулакка жагымдуу угулган кумарлуу онтогон үндөр тынч жаткан тоо койнунда жаңырып турду. Эгер бул көрүнүштү байкатпай киного тартып алганда анда кандай эл кызыккан сюжет болот эле. Жамила буга чейин жээндери Эрлан, Мирлан экөө менен өбүшкөнү бул жолу суу кечпей калды. Анткени алар менен өбүшкөндө кандайдыр бир тартынуу жана тууганбыз деген сезим кармаган эле. Бул жолу өзүнө-өзү ээ боло албай, бул дүйнөнү унутуп баратып, кумарга азгырылып барып араң өзүн-өзү кармады. Эркекке эмне, андай учурда сөзсүз мүдөөсүнө жетүү гана негизги максат болуп калат эмеспи. Казыбектин колу эбак кош мамагына жетип, жерге жыгарына аз эле калганда Жамила эсине келип:
-Казыбек эсиңе кел! Болду эми жетишет. Калганына үйлөнгөндөн кийин деле жетишебиз. Сабыр кыл!- деди. Ошондо гана Казыбек эсине келип:
-Кечирип койчу, ашыкча кетип калдым көрүнөт. Бул кумар дегениң акыл эсти ээлеп алат турбайбы - деп, актанган болду. Анан гана экөө узун сөзгө кирип, бири-бирине ичтерине каткан сырларын айтып, аргалары гана жок түн ортосунда эрксиз кош айтышты.

#5 06 Март 2016 - 14:26
Жакшы кабар
Мирландын карышкыр атканы элге кошулуп-ташылып бир укмуш сөз менен тарады. Аны тоодо жүрүп өзү деле билген эмес. Жамилага айылдын кой фермасы келип айтты.
-Жамила, мал-жан аманбы?-деги. Түндө Сейиттин короосуна карышкыр тийип беш-алты коюн жара тартып кетиптир. Ал эми Амантур байкенин коюн аскерден келген баласы короосуна тийген карышкыр менен бетме-бет чыгып, бир дагы коюн алдырбаптыр. Андан дагы дөбөт карышкырын атып жыгыптыр дагы канчыгын жарадар кылып чоң эрдик кылыптыр. Азыр карышкырга бетме-бет чыкмак турсун караанын көргөндө качкан койчулар четтен чыгат. Ошол эле Сейитти алалы. Баласы аялы баары жүрүп койлорун карышкырга алдырыптыр, ал эми Мирлан беле Амантур байкенин баласы, даана эр экен "Баатыр" деп ошону айтыш керек. Амантур байке чөбүнө карап айылда жүргөн. Таң эрте ал дагы аттанды. Баласы ок -дары жок калды деп айтырыптыр. Жамила, Мирландын жасаган ишин угуп, бир чети таң калса, бир жагынан ага абдан ыраазы болду. Ферма Калмурат дагы апыртып, көркөм сөздү кошуп жөн эле Мирланды катуу мактап салды. Анткени Сейиттин аялы келип айткан эле. Ал аялга, күйөөсү дөбөт карышкыр абдан чоң экен, аны кантип батынып барып атты таң калып жатам деген сөзүн, кичине аккан сууну дайрага теңегендей кылып айтып барган болучу. Айыл элине "Амантурдун баласы Мирлан карышкыр менен бетме-бет чыгып, атып өлтүрүптүр" -деген сөз желдей тарап, башкарма дагы машинасын айдатып жөнөдү, Жээнбүбүнү салып алып. Андайда адамдын оюна эмне деген гана ой келбейт. Кечээ эле балам аял алганы жатат деп даярданып жаткан Жээнбүбү, эми минтип баласынын көргөзгөн эрдигине ишене албай, жолдон көзүн албай келе жатты. Машинандан сыбызгып жай чыккан музуканын үнү эле тынчтыкты бузбаса, чымын учса угулчудай. Ар ким өз ойлору менен алек. Бир учурда башкарма:
-Я, Жээнбүбү эже. Силер кантип чыдап Амантур байке экөөңөр айылда жүрөсүңөр. Минтип бөрү малды колдон талашып жатканда. Жанагы Келдибайдын балдары ал эки бөрүнүн бөлтүрүгүн алып келгенин угуп туруп, малды ээн таштаганыңар кантип болсун. Эгер карышкыр балаңарга кол салса эмне болмок… Анда мен дагы суралып, силердин дагы жаныңар жай алмак эмес. Жаш баланын жүрөгү курч болот эмеспи. Дагы жакшы аман калганы. Андан дагы кечинде күндүн арты түнөрүп, жамгырдын жааганы жаман болучу. Ошондой учурду күтөт эмеспи бөрү баласы дагы. Сөз андан ары жакшылыктуу деле уланган жок. Машина короонун четине келген кезде Мирлан тоодон дүрбү менен көрдү, башкарманын машинасы келгенин. Башкарма эмнеге келди деген ойду олоп. Атына минип койлорду сууга түшүрүп коюп, кыя жол менен ат бастырып келе жатып, жалгыз аяк жол менен анда-санда аккан кандын изин көзү чалды. Дароо аттан секирип түшүп, баам салып карап бөрүнүн изин байкады да, ал кайсы тарапка кеткенине баам салды. Ушул жерден кыска ой пайда болду "эми жарадар бөрү кайра кол салат"-деген. "Көч бара-бара түзөлөт"- демекчи, Мирландын дагы эмнегедир мергенчиликке карата кызыгуусу артып, тоо тарапты карады "бөрү кайсы тарапка кетти болду экен"деген ойдо. Эгер кечинде карышкырды атып албаганда анда азыркыдай мергенчиликке карата кызыгуу сезими болбойт эле.
Бир азга буйдалган Мирлан өзүн көздөй келе жаткан карындашын көргөн соң гана башкармага жолугуу керек экенин билип, ылдыйлады. Эч ойлогон эмес, анын кечиндеги жоругу элге желдей тараганын. Башкарма баш болуп келип, ал абалын сураганы эле түшүнгөн кишиге эмне деген бийиктик. Маңдайы жарык, адамды өзүнө тарта сүйлөгөн Адамаалы Кемелбекович алгач колун сунуп:
-Кандай Мирлан мырза. Биз кечинде сенин жасаган эрдигиңди угуп алып, атайын абалыңды сурап келдик. Айтмакчы анан райондук гезиттен кабарчы дагы келет. Жакшылап жооп берип койсоң!- деди. Ортодо ар кандай сөздөр болуп, башкарма өлгөн карышкырды көрүп дагы таң калып калды:
-Ушул бөрүгө бетме-бет чыктыңбы?деп сурады эле Мирлан:
-Жок, мен ага бетме-бет деле чыкканым жок, экөөнү тиги короонун артынан күттүм. Алгач эки бөрү келе жатканын караңгыда эптеп көрдүм да, анан аралык жакындаганда алдыда келе жаткан бөрүнү аттым. Ал кулаганда ушунчалык тез кайра мылтыкты октоп, экинчиси короого баш багарда ага карата ок чыгардым. Ал дагы жарадар болуптур. Азыр эле жалгыз аяк жолдон анын изин жана жолго тамган канды көрдүм. Эгер кечинде ок кенен болгондо тигини дагы качырбай атып калат белем… Эми анын артынан түшүү керек болуп калды. Башкарма Мирланды сынай карап:
-Сен абдан жакшы иш кылыптырсың. Мен өзүм сага сыйлык берем. Эгер макул көрсөң үйлөнүп бир короо кой алып бак. Мирлан апасын карап, каршы экенин билгизип, башын тырмап:
-Жок, байке атам менен апамдын эле койчу болгону жетишет. Аны коюп мага жакшы бир мегенчини берсеңиз, алиги канчык карышкырды атып келели. Ал деле оор жарадар болсо керек, менин баамымда. Сөз ушул жерге келгенде ат менен Амантур келип калды. Аз өтпөй кой ферма келди. Амантур жакшы эле айтты учурун келтирип:
-Адамаалы, мен бир кой соёюн. Конок болуп кеткиле. Бир чети түлөө болсун. Балам аман калыптыр деди эле, башкарма:
-Жок болбойт. Аны коюп эртең эрте мен Сапар мергенчини жиберем, аны менен Мирлан сен алиги канчык бөрүнү таап атып келгиле. Айтмакчы, эгер каршы болбосоңор бул бөрүнүн терисин мага белеке берсеңер жакшы болот эле. "Мирлан атып берген" деп эстеликке алып жүрөйүн. Анча мынча келген конокторго дагы мактанганыма жакшы, - деп, сөздүн ачыгын айтты. Мирлан атасын карады эле Амантур:
-Сиз кандай десеңиз ошондой болот да. Кап! Конок болуп кетиңиз десе болбодуңуз. Ушунча келген соң, бир кой жеп кетсеңер болмок.
Ферма сөзгө аралашты:
-Тиги Сейит тамак асып коюп күтүп жатат. Ошол жакка барып тамак ичебиз. Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт болбой, сенин коюңду дагы жечү кез алдыда деди. Ошону менен сөз деле уланган жок. Алты кар баскан карышкырдын терисин алганына сүйүнгөн башкарма кош кат ыракматын айтып, жолуна түштү. Кечинде айтылгандай эле газетадан кабарчы келди. Бул Мирлан үчүн жакшы кабар эмей… атасы болбой башкармалар кеткенде бир кой союп, тамак астырды. Эки күн илгери эле баласына нааразы болуп жаткан Амантур эми анын эрдигине ыраазы болуп, кабагы ачык аталык мээримин төгө карап:
-Балам, эртең тиги Сапар келсе силер из кууп, Үңкүрлүү-Колотту жакшылап карагыла. Бөрүнүн өзгөчө ургаачысы баамчыл жана сезгич болот. Аны Сапар жакшы билет. Баягы жылы дагы малга карышкыр тийип, Сапчан мергенчинин талантынын күчтүүлүгү менен үч күн аңдып жатып араң аткан элек. Силер дагы ал жарадар бөрүнү атып алуу үчүн аябай эле убара болосуңар го. Анткени денеси ооруган бөрү абдан сак болуп калат. Тамак бышкан кезде короого койлор жакын келип, күн ылдыйлап калган эле.
Негизи эле мергенчинин дагы түйүшүгү оор, - деп, тамак алдыга келгенде Амантур сөздү алыстан баштады.
Менин анда он беш жаштагы кезим болсо керек. Тынай мергенчи экөөбүз каш карайып калган кезде Кыпчык-Таштын башына чыгып, дүрбү салдык да, Бөрү-Көрбөстү көздөй акырын жылып олтуруп, бөрүлөр өтчү жолду тостук. Канча олтурдук билбейм, бир кезде көзүм илинип кеткен экен, Тынай мергенчи ойготту, акырын колу менен жаңсап. Мен дароо алдыны карадым. Эч нерсе көрүнбөйт десең. Көрсө кайран Тынай эбак алардын келе жатканын көрүп, мени ойготуптур. Акырын үнүн жапыс чыгарып:
-Тигилер келе жатат. Сен үстүнү көздөй жылып, артында келе жатканын ат. Мен ок чыгармайын сен атпа деп катуу эскертти. Эч нерсени көрө алганым жок. Бир кезде болор болбос дабыш угулду. Ошондо гана көрдүм бөрүлөрдү. Жыт алып калдыбы, билбейм алдыда келе жатканы мурдун көтөрүп жыт изгеген болду. Аңгыча эле мылтыктын үнүн угулду. Мен арткы карышкырды мээлеп жаткам. Тигиге удаа эле мен дагы ок чыгарып калдым. Аңгыча эле экинчи жолу ок атылды. Тигилер канча бөрү экенин деле баамдай албадым. Карышкырлар качып эле калышты. Канчасына ок тийгенин деле билгиним жок. Аз өтпөй Тынай мергенчи мени чакырды. Экөөбүз алдыга басып барсак ок эки бөрүгө тийиптир. Бирөө жарадар экен. Түн айсыз караңгы. Жарадар бөрүнү Тынай мылтыктын кундагы менен каракушка чаап өлтүрдү. Мунусу окту аяганы болду. Экөөбүз бөрүлөрдүн сөөгүн ыктоо жерге сүйрөп салып, кайра берки бөрүлөрдүн артынан түштүк. Көрсө Тынай экинчи жолу ок чыгарганда ок дагы бир бөрүгө тийип ал жарадар болуп качканын кайран Тынай билип, артынан түшкөн экенбиз да. Биз эки кырды ашканда, ай чыкты. Айдын жарыгынан тоонун койну укмуштай кооз көрүнүт экен. Мен ошондо байкагам, түндүн көркү ай менен экенин. Биз кууш келген коктуга келген кезде, байкатпай бөрү кол салды. Дагы жакшы, ал бөрү ок жеген жарадар бөрү экен. Ага дагы жан керек да. Жакшы эле секирген болду, бирок алдыда бараткан Тынай мерген шамдагайлык менен ойт бергенде бөрү күүлөнгөн күүсүн кармай албай ылдыйды көздөй тоголонуп кетти. Шашып калган мергенчи октолу мылтыгынын машасын ага каратып туруп басып калды эле, мылтыктын үнү менен бирге бөрү жалп эле кулады. Мен ошондо байкагам. Көрсө ал бөрүнүн далысына ок тийип, басканга шайы келбей калыптыр дагы, акыркы мүмкүнчүлүгүн жумшап, күчүн жыйып бизге кол салган экен. Эгер жараты жеңил болгондо Тынайдын бир жерин үзүп алмак. Ушундай оор азапты баштан өткөргөн мергенчилердин тарткан азабын ошондо көрүп, андан кийин мергенчиликке чыкканым жок. Ал эми кийик атуу дагы өзүнчө бир мүшкүл иш. Эртеси биз үч бөрүнүн терисин сыйрып, атка жүктөйлү десек аттар үркүп болбойт десең. Көрсө карышкырдын жыты эле жылкы баласы үчүн коркунуч жаратат экен да. Ошондо билдим, бөрү баласынын сүрүн. Сөз бир топко узарып, тамак кандай желип бүттү билбей дагы калышты.
Эртең менен эрте келген Сапар мерген, таңкы наарга олтурганда Мирландан сурады:
-Сен алиги жарадар болгон бөрүнүн изин кайдан көрдүң?-деп. Мирлан болгонун болгондой айтып берди эле, Сапар мергенчи:
-Аа, анда ал Үңкүрлүү-Колотто турбайбы. Мен өткөн жылы эки бөрүнү көргөм ошол тараптан. Эми биз мындай кылалы. Биз ал бөрүнү оңой эле атып ала албайбыз. Капкан салыш керек. Жаны кыйналган бөрү сак болот. Керек болсо ал биздин жытыбыздан эле билип коёт, канча аралыкта келе жатканыбызды. Анткани биз бара турган жол бары бир күн батыш тарабында. Эгер биз ылдый жагы менен бара турган болсок, анда жөө барганга тура келет. Эң алгач мен анын изин байкайынчы - деди. Мирлан таң калып эле калды, Сапар мергенчинин баамчылына. Али эч нерсе боло электе эле, көрбөй туруп ал бөрүнүн кайсы жерде бөгүп жатканын билип койгонун, - деп ойлоду. Сөз кезеги келгенде Сапар:
-Мирлан, сен макул көрсөң, атаң барсын мени менен. Биз эки-үч күн ал жакта болуп калабыз. Сен аскерден жаңы келдиң, кыйналып каласың го. Ал жакта түтөк бар. Бул жактын абасына көнүү үчүн сага дагы убакыт керек. Айтканга оңой болгону менен бөрү баласын атуу көп эмгекти талап кылат,- деп оюн ортого салды.
Бул күнү Сапар мергенчи Мирлан менен алгач чоң тоонун кырына чейин байкоо жүргүзүп келди. Мирлан ага кечээ көргөн изин жана бөрүнүн жолго тамган канын көргөздү. Сапар бир топко чейин из кууп барып анан айтты:
-Иш оңунда экен. Тиги бөрү катуу жарадар болгон түрү бар. Ал алыс деле узаган эмес болуш керек. Биз бүгүн түнү жолго чыгалы. Ага чейин аттарды тойгузуп, өзүбүз дагы чырм этип алалы деди. Ылдый жакка дүрбү салган Сапар:
-Силердин үйгө машина келди, ал ким болду экен?- деп суроолуу карады эле, Мирлан дүрбүнү алып карап:
-Билбейм, менин баамымда чоочун машина. Андай машина биздин айылда жок го. Сөз ушуну менен уланбады.
Казыбектин жоругу
Жамила, эми ар бир мүнөт сайын Казыбек жөнүндө ойлонуп, сүйүүнүн азабын тартып бир орунга олтура албай калган абалга жетип калды. Анын жасаган мамилеси, ар бир кыймылы, кучагында сүйүүгө балкып турган кези көз алдына тартылып, бул дүйнөнүн кызыгы сүйүү менен экенине толук ишенди. Керек болсо аны менен жер кезип кеткенге дагы ушул кезде даяр эле. Болгон дитин бир гана сүйгөнү ээлеп алгангабы, тоодо мал жайып жүрүп анын эки күн илгери келип кеткендеги жоругун эстеп мыйыгынан күлүп алды. Кыя жол менен ат бастырып, кырга чыкты да үйү тарапка көз чаптырды. Эмнеге минти өзү деле билбейт. Күн чайыттай ачык. Мал күндүн ысыгына туруштук бербе албай, караганга кирип кеткен. Жамила аттан түшүп жаңы эле жерге көчүк басып олтурганда, койлор үркүп калды. Жүрөгү бир нерсени сезген чабан кыз дароо ордунан тура калып, үрккөн койлор тарапты карады. Эч нерсе деле байкалган жок. Тоюнуп калган койлор болор-болбос нерсеге эле үркө берет эмеспи. Көрсө карагандын арасынан кыргоол учуп чыккан экен. Жамила адатынча сүйүү ырын ырдап, кыңылдап өз оюу менен алек болуп олтурганда, жардамчы чабаны ат тердетип келип калды. Мындайды күтпөгөн Жамила олтурган ордунан тура калды да
-Ой, сага эмне болду, деги жайчылык элеби? - деди. Көрсө кайран Казыбек ага акча карматып, бул жаака жибериптир.
-Сизди бир чоочун бала чакырып жатат. Барып жолугуп коюңузчу. Койго мен көз болуп турам деди, берилген суроого жооп берген жардамчы чабан бала. Жамила үчүн ушул эле сөз керек болучу. Ал чакырткан бала Казыбек. Андан башка ким болмок эле. Дароо ал жөнүндө ойлогонго үлгүрдү "мен таркан азапты, ал дагы таркан экен, бирок баары бир эркектер аял заты чыдаган азапка чыдай албайт" -деп, ичинен ойлоп, сыр бербегенге аракет кылып, суурмалуу көзүн бар-бар ирмеп:
-Кызык, сен тааныбаган ал кандай бала экен, деги аны мен тааныймынбы? -деди, суроолу карап:
-Билбейм, сиз тааныган үчүн сиздин атыңызды айтып, мени жиберди да. Менин баамымда тиги Сайра эженин үйүнө келип жүргөн бала окшойт. Кыскасы толук тааный алган жокмун. Барганда билесиз да, ал ким экенин. Айтмакыч, койлорду сууга качан түшүрөйүн?-деп, кайра өзүнө суроо узатты, негизги сөздү бөлүп:
-Саат үчтөрдө түшүр, азыр наркы коктудагы Сейит байкенин койлору сууга түшөт. Алардын койлорун байкап анан түшүрсөң болот-деп, алдыдагы боло турган жолугуушууга шашкан түр көргөздү. Эх сүйүүнүн күчү, эмнени гана кылбайт дагы эмнени гана ойлонтпойт. Жамила канчалык сыр бербегенге аракет кылса дагы баары бир калдастаган кыймылы, шашкан түрү жаш баланы шектенди. Жамила атка минип, теңирең таскак жүрүш менен ылдыйды көздөй таттуу кыялга жетеленип бара жатты. Бул учурда Казыбек аны чыдамы кете күтүп, алдынан тосуп чыккан. Көздөн далдоо бөксө коктуга келген Жамила бул жерден Казыбекти жолутурам деп эч ойлогон эмес. Күтүүсүз жолугушу, тун сүйүүгө кабылган улан менен кыз үчүн эмне деген айтып жеткире алгыз бакыт. Аны ошол бакытка туш болгон гана адам билбесе. Чабдар атты минип желе басыгы менен келе жаткан Жамила Казыбектин көзүнө жөн эле үрдүн кызындай сулуу көрүнүп, ал жакын келгенде атайын эле жерге кулап жыгылып калды. Мындайды күтпөгөн Жамила атка камчы салып жүрүштү тездетип,чукул келип эле аттан секирип түшүп:
-Казыбек сага эмне болду?-деп, башын жөлөгөндө, Казыбек күлүп:
-Сендей сулууну көргөндө эстен танып, жыгылып калбадымбы! - деп, Жамиланы өзүнө тартып, бетинен сүйдү. Кучакташкан эки жаш таттуу өбүшүүнүн кызыгына батып, аттын бошонуп кеткенин дагы элес албай калышты. Ушул маалда койго карышкыр тиймектен жоо келсе дагы экөө үчүн баары бир болуп, бул дүйнөнү унутуп салышкан. Эч сөзгө келбей өбүшүп калабыз деп экөө тең ойлогон эмес. "Сүйүүнүн бир мүнөтү, бүтүндөй бир турмуш"деп кайсы бир акылман айткандай, таттуу өбүшү менен сүйүүгө берилгенден өткөн бул дүйнөдө бакыт барбы. "Сүйүүсүз жашоо, тузу жок даамдай"деп дагы айтылган кеп бар экенинин эч төгүнү жок. Сүйүүнүн баркын, анын даамын татып калган гана адам билет эмеспи. Бетегелүү коктуда эки жаш бир топко чейин оонап, убакытты өбүшүү менен өткөрүштү. Качан гана Жамила минген аты алыстап баратканын көзү чалганда, боюнан Казыбекти алсыз түртүп:
-Болду жетишет. Ат качып баратат. Эл көрсө эмне дейт? - деди. Кантсе дагы кыз эмеспи. Ал эми эркекке эмне, андайда болгон уятты жыйыштырып коёру бештен белгилүү иш экени жалганбы. Казыбек эми гана сөзгө келип:
-Жамила, мен сени алакачканы келдим. Билесиңби, сага жолугуп кеткени менден уйку качып, эч иш кыла албай калдым. Ойлосом оюмдан кетпейсиң, жасаган ишимдин баары оңунан чыкпай калды. Акыры үйдү камынтып коюп сага келдим. Машина бул коктуну ичинде, бизди эч ким көрбөсүн. Мен сени ала качты кылып алганым сага дагы эптүү. Жалжылдаган Казыбектин көздөрү, анын чындап эле өзүн эңсеп, ал турсун алып кеткени келгени Жамила үчүн чоң жаңылык эле. Бирок өзүн токтоо кармап:
-Казыбек бул ишиң жарабайт. Мен жок дегенде үйгө барып кийим которуп кийип алайын. Барган жерим эмне дейт? Карачы экөөбүз бетегеге оонагандагы тапкан пайдабызды, көйнөгүм бүт булганыптыр. Мен азыр үйгө барып аттан жыгылдым деп коём. Сен тиги жерден күт, ашып кетсе бир сааттан соң келип калам. "Кызды келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр" деген кеп бар. Аны дагы эстен чыгарбайлы. Казыбек жүйөөлү айтылган сөзгө муюп:
-Жамила, сураныч сенден тез келе көр. Жол алыс. Үйдөгүлөр тойдун камын көрүп жатышат. Мени уят кыла көрбө. Жамила жагымдуу жылмайып:
-Баарына өзүң күнөөлүсүң. Эгер сен жыгылып түшпөгөндө көйнөк дагы булганмак эмес, ушул кейпим менен сени ээрчип кете берет элем. Деги эле эркектер эч нерсеге чыдамыңар жок келет. Мен, сени сенден жүз эсе ашык сагынып, элесиңе зар болуп чыдап эле күтүп жүргөм. Ал эми сен шашып келгениң аз келгенсип, дароо эле басып жыгылдың. Оюңа койсом азыр эле ушул жерден ишиңди бүтүргүң бар. Кыз болсоң сен мени түшүнөт элең. Кыз балага кырк жерден тыю дегендей, дагы жакшы мен сенин оюң менен болуп, сүйүүгө азыраак азгырылганым болбосо.. деп сөзүнүн аягын туюк бүтүрдү. Казыбек мааниси терең айтылган сөзгө муюп, атасынын бир тууган иниси Бердибектин айткан сөзүн эстеди "эркектин эрдиги жана эркинин күчтүүлүгү учуру келгенде аял менен аракка азгырылбаганында. Эгер аялдын азгырыгына туруштук берип, булганычка жол бербесе ал эркек чоң соопко кабылат экен"-деп айткан эле. Чынында эле бул дүйнөдө адам баласы, болгон азгырыктарга азгырылбай, туруштук бере билсе, жашоосу кандай жеңил болот болучу. Казыбек, соодасы бүткөн сарттай илкий басып, Жамила кеткенде машинаны көздөй келе жатып, анын бир гана сулуулугу өңүндө эле эмес көкүрөгү, көөдөнү, ички оюу сулуу, акыл эси дагы көрөңгүлүү экенин талдап билди. Эгер, анча-мынча жеңил ойлуу кыз болгондо эбак эле этегин ачып коймок. Өзгөчө маанилүү жана келечеги кенен айтылган кыздын таамай айтылган сөздөрү кайран баланы ордуна койду.Адыраңдап кетип кайра маанайы суз келе жатканы бирге барып машинада күтүп жаткан досторун санаага салып, ойлорун бузду. Алар дароо эле кыз колго тийбей калганы жөнүндө ойлошту. Казыбек жакын келгенде сыйда кийинген үч бала алдын тосуп чыгышты да,бир ооздон:
-Эмне болду? - дешти. Эх санаа деген кандай күлүк. Үчөөнүн ою дароо жаман жакка кеткен болучу. Казыбек колун шилтеп:
-Эч нерсе эмес, дагы бир саат убакыт күтүү керек болуп калды - деди, күнөө кетирген адамдай. Турат досу:
-Бир саат элеби, анын жарасы жеңил ошого дагы ушунча капа болосуңбу? Умөт кабагы салыңкы:
-Казыбек, башты көтөрчү, тим эле катуу кагуу жеген адамдай болбой. Кийимиң эмне болгон деги?- дегенде гана Казыбек булганган кийимине көз жүгүртүп, алайып сыр алдырып койду да, бери жактагы агып жаткан сууну көздөй жөнөдү. Ыпластык качан болсо калкып чыгып калат эмеспи. Анысысыңары Казыбектин дагы ашыкча жоругу болгон иштин өзөгүн билгизип койду.

#7 06 Март 2016 - 14:28
Соолуган көчөттөр.
Айжаркын тогузунчу класстын окуучусу. Сабакты жакшы окуганы менен көпчүлүккө кошула бербеген жагы бар. Көбүнчө жалгыз жүргөндү жакшы көрөт. Ачылып сүйлөбөгөн түнт мүнөзү классташтарына анча жага бербеген үчүн көп нерсени али биле элек.
Убакыт алга жылып, бүгүнкү күндөгү акыркы сабактын танаписине чыккан кезде, эки класс жогору окуган Айганыш деген кыз жанына келип:
- Айжаркын, сени биздин класста окуган Бактыгүл чакырып жатат. Барып жолугуп койчу деди, эмнегедир муңайыңкы көз караш менен карап. Айжаркын адатынча моюн бербеген түр менен үнүн өктөм чыгарап:
- Мен керек болсом өзү келип жолуксун. Анын мага эч кандай кереги жок. Айганыш мындай жооп угам деп ойлогон эмес эле. Дароо кабагы бүркөлө түштү да, өзүн колго алып:
- Айжаркын сен байкап сүйлө. Анын ким экенин билесиңби деги? - деп сынай карады да, ачуусу келгенин билгизбегенге аракет кылып:
- Жүрү эми, убакытты албай жолугуп кел. Айжаркын бир ай илгери Бактыгүлдүн жагымсыз жоруктарын кулагы чалган, бирок унутуп калган болучу. Бул жолу жоошуй түштү да баш ийгенин билгизип, Айганышты ээрчий басты.
Бул учурда Бактыгүл мектептин качагарында чыдамы кетип күтүп турган. Ооба, Бактыгүлдү эч ким ойлобойт "орой жана күч колдонуп кыздарды тонойт" деп.
Айжаркын ичкери киргенде эле кытмыр көз караш менен карап:
- Кел бийкеч. Эмне кабагың салыңкы? Мындай жерге буту баспаган Айжаркындын жүрөгү бир нерсени сезди. Берилген суроого жооп бергенге шашылган жок. Өзүн колго алып:
- Эмнеге чакырдың? Мен эч качан мындай ыплас жерге келип көргөн эмес элем. Айтчу сөзүң болсо башка жакка деле чакырсаң болмок. Бандит балдар байыр алган жерге чакырбай. Мындай сөздү күтпөгөн Бактыгүл арданып кетти да, муздак көзү менен жеп жиберчүдөй карап:
- Тилиң так көрүнөт. Сен эми бул окуу жылы аяктаганча мындай жерге далай жолу келесиң! Кыскасы сөздү кыскарталы. Азыр убакыт аз. Сен эртең мага ушул убакта так ушул жерге эки жүз сом алып келип бересиң. Бул бир айлык сенин бере турган акчаң. Эгер баш тарта турган болсоң анда башкача жол менен сүйлөшүүгө тура келет. Мен сени жакшы окуганыңды жана активист экениңди эске алып сага аз акча айттым. Башка кыздар сенден көп акча төлөйт. Билесиңби?! Бул мектептин кыздарын мен көзөмөлгө аларымды. Эми бара бер деди эле Ажаркын күтүүсүз жерден:
- Эгер сен сураган акчаны алып келбесем эмне болот? Биринчиден мен али акча тапчу учурум эмес, экинчиден мен акча алып кел деген кишиге эле акча алып келип бере бергендей ким элем - деди. Баардык эле кыздар башында ушунтип так секирип, баш тартканын башынан өткөргөн Бактыгүл өзүн сабырлуу кармап:
- Айжаркын мен сага туура түшүнөм. Сен али секелек кыз бойдон турбайсыңбы. Мен сага жай сөз менен айттым. Сен түшүнгөн жоксуң. Эми түшүнөсүң деп күтүүсүз жерден эле бет талаштыра уруп калды. Бош турган денеси жерге кулап түштү эле, кадимки кинодогу бандиттердей мойнундагы салынган ичке жоолук менен муунта баштады. Жан деген кандай таттуу. Көзү караңгылашып, денеси тыбырчылап кетти. Бети-башы көгөрө түшкөндө Бактыгүл колун бошотуп, Айжаркынды дем алганга мүмкүнчүлүк берди. Эсине келген Айжаркын жаткан жеринен атып туруп, Бактыгүлдүн бетин тытып алганга аракет кылды эле, ага жетпей катуу тийген муштумдан жерге кайра кулап түштү. Бул жолу Бактыгүл үнүн өктөм чыгарып:
- Сен эмне мага кол көтөргүң келип калдыбы? Азыр мен сени ким көрдү кылып салам. Сендей так секирген кыздардын далайын көргөм!-деп, кайрадан муунта кармаганда Айжаркын баш ийгенин билгизип колу менен белги берди. Ушуну эле күтүп тургансып Бактыгүл заарын чача карап:
- Сен эмне мени башкача ойлодуң беле? Бул чети эле. Эгер менин сунушумдан баш тарта турган болсоң же бирөө жарымга айтсаң сен мектептин босогосун аттабайсың. Башка мектепке которулган күндө дагы ал жакка барып сага жашоо бербейм. Менин ким экенимди али биле элек турбайсыңбы? Тур азыр эч нерсе болбогондой сабакка киргин дагы эртең айтылган сумманы алып ушул жерге келесиң. Дагы айтам эч кимге оозуңдан мен жөнүндө сөз чыкпасын. Сага окшогон далай кыздарды мен эпке келтиргем. Азыр жөнө!- деди. Эч кимден мындай кордук көрбөгөн Айжаркын ушул жерден чыгып кетсе эле, чоң балээден кутулчудай кеткенче шашты. Анан эмне кылат, күтүлбөгөн окуяга туш болуп жаны аман калып жатса.
Ажаркын эки жакты элеңдей карап, качагаркадан чыгып келе жатканын мектептин завучу экинчи этаждын терезсинен байкап калды. Кызыгуусу арта, качагар тарапты карап турса Бактыгүл менен Айганыш дагы алиги он жылдан бери иштебей турган качагаркадан чыгып келе жатканына таң калып, эки күн мурун эле сегизинчи класста окуган Гүлнара деген кыздын апасы келип арызданып кеткенин эстеди.
Таң эрте келген Гүлнаранын энеси Сымбат:
- Деги силер балдарды окутасыңарбы же аягы жок эле акча сурата бересиңерби? Кызым күн алыс эле "акча бер болбосо сабакка барбайм" -деп, жанды койбой жатат. Биз жылдын башында эле акча бербедик беле? - деп, ачуулу үнүн өктөм чыгарып, директор экөөнө суроо берген. Мектеп директору менен завуч экөө эч нерсеге түшүнбөй, класс жетекчисин чакырып суракка алган. Ал деле акча талап кылбаганын айткан болучу. Эми гана ал сырдын түйүнү кайда жатканын билди да, кабинетине Айжаркынды чакыртып алды. Сабакка кечигип кирген Айжаркын жаңы гана ордуна олтурганда башталгыч класстын мугалими Сагынбүбү Белековна баш багып:
- Саламатова Айжаркынды завуч кабинетинде күтүп жатат, уруксат берип койчу деп, тарых сабагынан берген мугалимге кайрылды. Айжаркын ордунан туруп сыртка чыкты дагы дароо "эмнеге чакыртты болду экен" деген ойду ойлоп калидор менен келе жатканда, Бактыгүл алдынан чыгып:
- Эсиңде болсун, биз жөнүндө оозуңдан эч бир сөз чыкпасын. Биздин артыбызда ким бар экенин билесиңби? Сага жашоо беришпейт алар! - деп, сөз менен коркутуп жанынан өтүп кетти. Айжаркын кабагы салыңкы завучтун кабинетине келгенде, аны чыдамы кете күтүп олтурган Бектен Куланович:
- Саламатова кел мындай олтур деп, маңдайынан орун көргөздү. Сүрдөгөн Айжаркын орунтукка олтуруп жатып завучту уурдана карады "эмнеге чакырды болду экен" - деп. Бектен алгач сөздү алыстан баштады:
- Айжаркын кандай окууларың?-деп. Берилген суроого кыз кыска жооп берди:
- Жакшы - деп. Бектен эми кийинки суроосун берди:
- Эмне кабагың салыңкы, бирөө бирдеме дедиби? - деп жооп күтүп туруп калды эле Айжаркын:
- Жок, баары эле жакшы-деп дагы кыска жооп берди.
- Эмнеге бардың алиги эч ким кирбеген качагаркага. Сени тиги Саяковалар капа кылган жокпу? - деди эле ушул жерден Бактыгүлдүн акыркы айткан сөзү кулагына жаңырып, анын ырайымсыз көз карашы көз алдына тартылып дароо башын жерден көтөрүп:
- Жок, алар капа кылган жок деп, коркконун билгизип жооп берди. Завуч ушул саам бир нерсени кыздын жүзүнөн байкап, аны чочутуп албайын деген ойдо сөздү башкага бурду:
- Саламатова кыскасы мындай аз күндө физика сабагынан чоң сынак болот, райондун деңгээлинде. Сен ага катышышың керек, жакшылап даярдан. Биздин мектептин намысына жарап бер, деп такыр башка сөздү айтты. Бул сөздү тапканына өзү дагы сүйүнүп кетти. Айжаркын болор болбос жылмайып:
- Агай, качан болот? Мен анда даяданышым керек.
- Эки аптадан кийин. Негизи эле сага эскертип койсомбу дедим эле. Бул жөнүндө эч кимге айта көрбө - деди. Кыз башын ийкеп:
- Агай ал жагынан кам санабаңыз деди да, дагы эмне дейсиз деген таризде карады. Бектен кыраакы көз караш менен кыздын ички сырын окуп билип, сөздү чойбоюн деп:
- Бар анда сабагыңа кире бер деди. Айжаркын чыгып кеткенде физкультура сабагынан берген жаш мугалимди өзүнө чакыртып алды дагы оюн ортого салды:
- Марат сен билсиңби. Тиги Саякова менен Турусоваларды. Алар кыздарды коркутуп акча алат өңдөнөт. Азыр эле Саламатова тиги качагаркадан чыгып келди. Артынан тиги экөө чыкты. Эгер мүмкүн болсо тиги эки кызды аңдып, дагы кимдерге кысым жасап жатышат байкачы. Эки күн илгери Сейитова Гүлнаранын апасы Сымбат эже келип чыр салып кеткен, акча маселеси боюнча. Балким тиги экөө кысым жасаса керек. Марат көзүн жүлжүйтүп:
- Сиз абдан туура айтасыз. Мен дагы байкаган болучумун тиги экөөнү качагарка тараптан чыгып келе жатканын, мындан эки күн илгери. Аны биз ошол эле класста окуган классташ кыздары аркылуу билсек кандай болот? - деди эле завуч такыр болбой койду:
- Жок, биз бул окуянын түйүнүн өзүбүз чечишибиз керек. Кыздар кайра аларга билгизип койсо же алардын ортосунда чыр чыгып кетсе болбой калат. Сен бүгүнтөн калбай аңдууга ал. Мен дагы көзөмөлдөп турам. Азыр сен сабактан кийин Саламатованын эле кабагын байка жана ар бир баскан изине көз сал. Балким сабактан кийин тиги экөө дагы кармап албасын. Экинчи тиги экөө дагы кайсы кыздардан салык алат көз жаздымыңдан кетирбей байка. Жаныңа Салымбүбү Кезекованы алып ал. Ал кыздардын сырын билет эмеспи. Биз бүгүндөн баштап керек болсо азыртадан баштап бул маселени карап, аягына чекит койгонубуз оң. Экөө бир топко сүйлөшүп анан бөлмөдөн чыгышты. Бул учурда сабак дагы аяктап коңгуроо кагылып калды.
******************
Айжаркын сабактан чыгып тиги экөөнөн кантип өч алууну ойлоп, эч кимге кошулбай үйүнө келе жатканда артынан классташы Бурул келип:
- Айжаркын сага эмне болду? Артыңдан кыйкырсам такыр укпайсың. Эмне сага дагы тигилер талап коюштубу? - деп күтүлбөгөн суроону берди эле Айжаркын билмексен болуп:
- Кимдер?- деген болду. Бурул салмактуу кадам таштап:
- Эмне жашырасың. Билчүлөр билебиз сени качагаркага чакырып барып, талап койгонун. Биз дагы сенин жолуңду эчак эле басып өтүп, азыр аларга салык төлөп турабыз. Алардын талабынан баш таруу бул, деңизден чуңкур казганга тете иш. Мен эки күн эсимден танып жаткам, алар менен уруша коём деп. Тиги Айнураны билесиңби, ал дагы кол көтөрө коём деп, аз жерден бул дүйнө менен кош айтышып кала жаздаган. Тигилердин башка мектепте көз салган чоңдору бар. Кээ бир сөздөргө таянсак, мектепти бүткөн, кесилип келген чоң кыздарга алар салык төлөйт өңдөнөт. Эгер макул көрсөң алардын талабына көнгөнүң эле оң. Болбосо көп азап чегип калышың мүмкүн. "Б" класстагы Айсулуу дагы азыр эле өзүнө келди. Ал канча күн тигилердин азабынан сабакка келбей качканына карабай үйүнө чейин келишип, акыры эпке келтиришти. Жанагы Бактыгүл деген неме мушташтын түрү менен машыккан окшойт. Кадимки эркек балдардан дагы жакшы билет мушташтын ыкмаларын. Өткөндө бир чоочун кыз менен мушташканын көрүп эле жакамды кармагам. Айжаркын таң калганын билгизип:
- Чын эле ал мушташтын түрү менен машыкканбы? - деп суроо бергенин өзү дагы билбей калды. Азыр эле "аны менен жалгыз сүйлөшүп, бетин тытып өчүмдү алам"- деп, ойлоп келе жаткан эле да. Экөө бир топко сүйлөшүп анан өз жолдору менен кетишти.
Эртеси Айжаркын сабакка келген жок. Муну завуч менен Марат дагы байкашты. Эртең менен ар бир окуучуга көз жүгүртүп карап, алардын ар бир кыймылына көз салып турушту. Бир кезде эле сегизинчи класста окуган Замира деген кыз Бактыгүлгө жакын келип бир нерсе берип кеткендей болду. Бул көрүнүштү үчөө тең байкашты. Бирок дагы улантышты, байкоону сабак башталганга чейин . Бирок эч кандай шектүү нерсени байкай алышкан жок. Үчүнчү сабак башталардагы чоң танаписте мектептин артында чогулуп турган кыздарды көрүштү. Бирок алар эмнеге чогулганын биле алышпды. Анткени ал чогулушта алиги шектүү деген кыздар жок болучу. Бул күнү шектүү эч нерсе байкай алышпаган соң, тим болушту.
Эки күн сабакка келбеген Айжаркын үчүнчү күнү сабакка келгени менен кабагы түнөрүңкү болучу. Муну завуч дароо байкады дагы, чоң танаписке чыгардын алдында Маратты качагаркага жашынып турушун өтүндү. Марат эч кимге билинбей качагаркага келди дагы, чоң трубанын артына жашынып олтурду. Коңгуроо болгондон аз убакыт өтпөй Бактыгүл алгач келип эле тамеки күйгүздү дагы, кимдир бирөөнү чыдамы кете күтүп турду. Аңгыча эле Айжаркынды эки кыз ээрчитип келип калды. Алар сырттан киргенде эле Бактыгүл кыжырданган түр менен:
- Бийкеч кандай? Эмне убаданы аткарган жоксуң? Сабакка келбей калсам эле кутулуп кетем деп ойлодуңбу? Айжаркын ушул саам коркуп кетти. Анткени тигинин өңү ушундай бир коркунучтуудай сезилип кеткен эле.
- Жок мен чындап эле ооруп жаттым. Ал эми силердин талапты аткара албай калдым. Себеби үйдө дагы акча жок болуп жатат. Мен ушул айдын аягына чейин калганын берем. Азырынча бул жүз сомду алып тургулачы - деди эле Бактыгүл жибип:
- Баяле ушундай дебейсиңби? Мен сени баягыдай так секирет деп ойлодум эле. Азыр бир эле ашыкча сөз сүйлөсөң, алдагы чымчыктыкындай болгон башың денеңден бөлүнүп жерге түшмөк. Айткандай азыр барасың дагы алиги силердин класста окуган жаңы келген кызды мында чакырып келесиң. Эмнегедир ал дагы өзүн абдан кыйын сезип жүрөт. Ал бир шишканын кызы өңдөнөт ээ? Айтмакчы, сен бир аптанын ичинде калган акчаны Айганышка берип кой. Бул жакка келгенибизди мугалимдер дагы байкап калды окшойт. Жолугушчу орунду алмаштырбасак болбой калды - деди эле Марат жашынып турган жеринен чыга калып:
- Саякова, сөзсүз орунду которуга туура келди эми деди. Мындайды күтпөгөн Бактыгүл баш болгон кыздар чочуп кетишти. Негизги сөз директордун кабинетинен башталды. Айткандай Бактыгүлдүн апасы базарда соода кылат. Аны мында чакырып келишкен. Сөз жебеген Айжан:
- Мен кайдан билем кызымдын минтип кыздарды тоноп жүргөнүн. Аны силер билишиңер керек болучу. Силер окутуп жатасыңарбы! - деп, күтүлбөгөн сөздөрдү айтканда директор дароо милицияны чакыртты дагы, качагаркадагы сөздөрдү жаздырып алган диктофонду койду. Анда ар бир айтылган сөз даана жазылгандыктан так секрип танып жаткан кыздар, эч нерсени тана алышкан жок.
Сот иши козголуп кыздар жаш кездеринен абак даамын татып, жасаган иштерине өкүнүп, соолуган көчөттөрдөй, күчтөрүн көз жаштарынан чыгарышып, өткөнгө өкүнүп турган кездери.

#8 06 Март 2016 - 14:29
Талашка түшкөн тигүүчү кыз
Китептин жарыкка чыгышына Абдылдаев Райымбек Жумагулович каржылап жардам берди.
Автор бул китебинде азыркы кездеги тигүүчү кыздардын иштеген ишине жана жашоодогу кээ бир терс сапаттарга кенен токтолуп, баардык иштин аягы боло турганын жана алдамчылыктын кесепети турмушка залакасын тийгизээрин толук ачып берген. Учурда улуу сезим болгон сүйүүнүн булганып бара жатканын эске алып, жүрөктөн чыккан берилүүнү, сүйүүнү аздектеп багууну, эненин эмгегине, тагдыр кайталанаарына да басым жасаган. Ар бир иштин аткарылышына бир гана аракет керек экенин ачык жазган. Китепте ыймандуулук кенен чагылдырылган. Китеп ар кандай муундагы адамдар окуганга ыңгайланып жазылган.
Талашка түшкөн тигүүчү кыз
Бой мүчөсү келишкен, орто бойлуу, ак жуумал, боюна тыкан жана жарашыктуу кийинген Шүкүр айтылган дарекке дал учурунда келип, эшик сыртынан күтүп калды. Бул кезде "келип жолук" деген чакан ишкананын кожоюну Сыртпай Субанович, али таңкы уйкудан ойгоно элек болучу. Анткени кечинде "Нур-Суфура" кафесине тойго барып, тойгончо ичимдик ичкенгеби, таттуу уйкунун кучагында жаткан.
Шүкүр кеминде бир саатка чукул күтүп олтуруп, тажап ары бери баса баштаганда, жаш кыз келип конторанын эшигин ачты да, ичкери кирип кетти. Шүкүр артынан кирип:
- Чоң кыз, мүмкүн болсо сизге кайрылууга болобу? - деди эле күзгүгө каранып жаткан кыз, эч сөз укпагандай абалда:
- Айта бериңиз! - деди күзгүдөн көзүн албай. Бул кыз Сыртпай Субановичтин катчы кызы Азиза Бейшеновна болучу. Шүкүр тиги кыздын бул жоругун такыр жактыра берген жок. Анткени ал киши келдиби, ит келдиби көңүл бурбай күзгүдөн көзүн албаганы, бир жагынан кыжырын келтирсе, бир жагынан бой көтөргөндөй сезилип кетти. Шүкүр үнүн бийик чыгарып:
- Сыртпай байке келеби же келбейби? Мени "саат сегизде кел"- деп айткан эле, кечээ.
Азиза күзгүдөн жүзүн алып, бери бурулуп, таң калгандан тилге келбей туруп калды да, анан көзгө сүйкүмдүү көрүнгөн жигитти биринчи көз караштан эле жактырып калдыбы же бир нерсе көзүнө көрүнүп кеттиби аны так айтып болбойт, жүзүндө жылуулуктун изгини байкалып, жүз сексен градуска бурулуш жасап, кабагын ачып:
- Аны так биле албадым. Макул көрсөңүз олтуруп күтө туруңуз. Балким иштери менен кармалып жатса керек. Билесиз да, чоңдордун планы тез-тез өзгөрүлүп турат эмеспи деп, сөз улап, жылдыздуу көзүн кадады. Эркек болобу, аял заты болобу негизи эле көркөмдүккө кандай кызыгат. Бул жалганда сулуулук, кооздук адам баласынын көңүлүн өзүнө бурары анык. Азиза дагы Шүкүрдүн сырт келбетине арбалып, баятан бери ага көңүл бурбай кош көңүл мамиле жасаганына өкүнгөндөй, баштагыдай өктөмдүк кылбай, азыраак чегине түштү. Эгер Шүкүр көзүнө жагымдуу көрүнбөгөндө, такыр башка сөздөр менен жооп берип, кетирип жиберет дагы беле ким билет.
Бир көрүп сүйүп калуу дегенге ишенбеген Азиза, Шүкүрдү биринчи көргөндө эле, биринчи көз караштан жактырып калды. Анткени телевизордон көрүп жаткан Корей сериалындагы өзүнө жаккан актёрго Шүкүр куюп койгондой окшош эле. Ал турсун Азизанын көзүнө тиги актёр өзү келип калгандай сезилип кетти. Ооба, ал сериалды керек болсо ошол актёр үчүн көрөрү анык. Азиза ичинен таң калып калды "ушундай дагы окшоштуктар болот экен" - деп, Шүкүрдү көзү токтоп калгандай карап калганын өз дагы байкабады. Кулагы тунуп, көзүн албай, айтылган сөздү укпай да калды. Шүкүр кызга суроо берди:
-Чоң кыз, деги Сыртпай байке бүгүн ишке келеби? - деп. Талмасы кармаган илдет адамдай көзүн албай караган Азиза берилген суроого жооп бермек турсун, өзүнө келе албай турганда Шүкүр үнүн жогору чыгарып:
-Чоң кыз, сизге эмне болду? - дегенде гана Азиза өзүнө келип:
-Мен жөн эле. Эмнегедир сизди бир жерден көргөндөй болуп жатам. Балким биз мурда кийин тааныштык белек? - деди, Шүкүр башын чайкап:
- Мен сизди биринчи жолу көрүп жатам. Балким мени бирөөнө окшоштуруп жаткан чыгарсыз. Чынын айтсам сизди тааныбайт экенмин.
Азиза сөз улансын үчүн:
- Эмне иштер менен келдиңиз эле, Сыртпай Субановичке? - деди, Шүкүр кабагын чытып, баштагындай басынбай, өзүн эркин сезип:
- Силердин ишканага ишке орношмокмун. Эрте кел деп кечээ Сыртпай байке какшап калган. Келсем өзү жок.
Азиза көзүн албаган калыбында:
- Күтө туруңуз. Кечээ тойго барам дегендей кеп кылган. Балким тойдон кеч чыгып калса керек... Сөз ушул жерге келгенде көздөрү шишиген, өңүнөн эле ичимдикти көп ичкени байкалган Сыртпай кирип келип калды. Шүкүр олтурган ордунан тура калып салам берди эле, Сыртпай саламды алик алып:
- Ичкери кир! -деди.
Кабинетке киришти. Шүкүр жасалгасы абдан жакшы кабинетке киргенде, эмнегедир сүрдөп, сөзүн таппай, апкаарып кетти. Башат суудай ою тунук, элеттен келген Шүкүргө шаардын ызы-чуусу, куудум - шуудуму такыр жаккан жок. Анткени айылдан келгени сөз эмизип алдаган шаардыктардын жоругу, оюндагы таза сезимди жууп салды. Айылдан атасынын кызыр эм байланбас тайынын этин жеп олтуруп Сыртпай оозун керип, жакшы эле убадаларды берген. Эми минтип эки сааттан ашык күттүргөнү аз келгенсип, кабагына кар жаап, жактырбаган түр менен кабыл алганы болгон үмүтүн өчүрүп, ичине бурганак шамал ойноп, ээн талаада жалгыз калгандай сезилип кетти. Оюн Сыртпай бузду:
- Кел, Шүкүр. Кечээ келдиңби, айылдан? - деди. Шүкүр соодасы бүткөн сарттай кабагы салыңкы, кабагын чытып:
- Келгениме беш күн болду. Сиздин дарегиңизди таппай, убакытка уттуруп койдум. Телефон чалсам иш ордуңузда жоксуз. Кечээ араң сиз менен байланыштым. Сыртпай элеттик баланын тартынбай айткан сөзүн угуп:
- Атаңдар кандай жатышат? Айылда эмне деген жаңылыктар болуп жатат? - деди, сөз улап. Шүкүр жай сүйлөп, кыска жооп берди.
- Баары жакшы, эч деле жаңылык жок.
Сыртпай сөздү чойбой:
- Шүкүр, эми сен мындай кыл. Азыр мен сени балдарга кошуп коём, сен мени уят кылбай жакшы иште. Биринчи айда айлыгың аз болот, анан экинчи айдан баштап көтөрүп берем. Эң негизгиси балдар менен тил табышып ал, - деп, бирөөнө телефон чалды "Мында тез келип кал" деди да анан:
-Шүкүр, сен сыртта күтүп тура тур. Азыр бригадир бала келип сени иш менен тааныштырат. Ушул эле сөздү айтылышын күтүп тургансып Шүкүр сыртка чыкса, ичкери киргени дагы эки киши күтүп туруптур. Азиза олтурган ордунан тура калып, сурап жиберди. Анткени чыдамы кете күтүп олтурган болучу:
- Сизге эмне деди, иштемей болуп калдыңызбы? - деп. Бой мүчөсү келишкен, арыкчырай, бото көз, жаңырган айдын элесиндей терилген кашы серпилип, жан тарта сүйлөгөн Азиза эмнегедир Шүкүргө жакын адамдай сезилип кетти. Жана эле жактырбай, теңсинбей, кээкерсинген кыз минтип жан тартып сүйлөп, жагымдуу мамиле жасаганына Шүкүр анча деле көңүл бурган жок. Болгон дити иштеп өзүн көргөзүп, айылда калган инилерине жөлөк болгусу келет, бир үйдүн улуу баласы болгондон кийин. Анын дагы себеби бар. Шаарга кеткендер бир, эки жылдын ичинде эле машина айдап келип, сыйда кийинип, акчаны уучтап кармап, тилдери бурулуп орус тилин кошуп сүйлөп, каштарын серпип өзгөрүлүп калгандары Шүкүрдү ойго салып, жакшы үмүт менен келген шаарга. Шаарга келсе эле баары ойдогудай болот деп ойлогон. Баарынан дагы өзүнөн болгону үч жашка улуу Сатымбектин баласы Бакыбай бир ай илгери машина айдап келип, той берип кеткен. Машинасынан магнитолдун үнүн чыгарып, жаңы чыгып келе жаткан ырчылардын ырын коюп, өзүнчө эле министрдей бой көтөргөнү Шүкүрдүн намысын козгоп, атасы менен апасынын жанын койбой шаарга келген жөнү ушул. Азыр Азизанын кылгыра караган көз карашы эмес акча таап, баюу негизги кызыгуусун артырып жатканы чын эле.
***
Шүкүр песко блок чыгарган жерде иштегенине бир аптага кадам таштады. Бул ишканада курулушка керек шлако блок, песко блок, пено блок, брусчатканын түрү жана башка керектүү нерселер чыгат. Иш оор, бирок айла жок Шүкүр иш менен алек. Офис жакын болгон үчүн кээде иштер менен ал жакка барып калганы болбосо, иш орундан жылбады.
Бул күнү түшкү тамак учурунда Азиза, балдар жаңы гана тамакка олтурганда келип калды. Аны көргөндө балдар олтурган орундарынан тура калышты. Бир гана Шүкүр кебелген жок. Анткени ага кыздын келгени мааниге деле ээ эмес болучу. Азиза жасалма мүнөз күтүп, үнүн жагымдуу чыгарып учурашкан соң, эбин келтирип:
- Шүкүр, эмне кабагың бүркөө, чарчадыңбы? - деди. Ичип жаткан куксиден башын албаган калыбында жооп берди:
- Чарчаган деле жокмун. Бирок иш көп деп жооп берип, башын өйдө көтөрүп, Азизаны карады. Ушул саам анын көз карашынан бир сырды байкады. Сыйда кийинген кыздын мындай чаң жерге келгенине албетте жүрөккө тынчтык бербеген "сүйүү" дегендин тартырган азабы алып келгени чын эле. Бул ашыктык деген эң жаман илдет экенин ким тана алат. Ушул убакытка чейин ашыктык деген сары оорунун сырын, дарысын тапкан ким болуптур. Буга керек болсо айга учканга жетишкен илим өсүп турган бул заманда дагы, ашыктыктын сыйкырын тапкан жан адам болгон жок.
Азиза бир апта араң чыдады. Кээде терезени телмире тиктеп, иштеп жаткан бардардын арасынан Шүкүрдүн караанын издегени акыркы кезде адатка айланган.
Түнү уйкусу качып, кирпик ирмебестен тулку бою жалын чокко айланып, жабыгып жан айласы кетип, денеси жуурканга батпай ооналактап, Шүкүр көзүнөн учуп, акыры чыдамы кеткенде болгон күчүн жыйып, ашыгын жакын жерден бир көрүүнү эңсеп келген. Келгени курусун. Келсе Шүкүр минтип көңүл бурмак турсун, тамак көрө элек кишидей жан талашып тамакка үзүлүп түшкөнү кабагын бүркөп, көңүлүн кирдетти. Ал эми берки балдар жандарынан чыгаргысы келбей, үнүн угуп калуу үчүн суроо берип, кетирип жибербөөнүн амалын кылып жатышканы Азизага сезилип эле турду. Андан дагы шыргыйдай бою узун, Азат жан алы калбай кумарлуу көзүн кадап, ыгы келсе баса калгандан кайра тартпай, байталга көз арткан айгырдай жөн эле жутуп жиберчүдөй караганы, өзүн сүйүп, азап чегип жүргөнүнөн кабар берип турду. Бул көрүнүш жалган жашоодогу калсытыктын жоктугунан белги берип турду. Азиза жылмая карап:
- Балдар, эртең аванс берилет. Минтип кукси ичпей башка тамак жасап ичкендей болгула. Кукси ден-соолукка зыян. Иштеген ишиңер кара жумуш болсо, силердин минтип кукси ичкениңер болбойт. Баса, Шүкүр, сен анан иш убактысы бүткөн кезде мага жолугуп кетчи, убактың болсо. Шеф бир нерсе айткан. Ошону айтып койсомбу деп эле келип калгам. Шүкүр жүрөгү менен сезди жашыруун нерсени, бирок Азиза эмне сөз айтаары кызык болуп, бул жолу кабагы ачык, Азизанын көңүлүнө жаккандай мамиле жасап:
- Сиздей сулуунун сөзүн угуп коюш, биздин милдет! - деди. Бул сөз кантип оозунан чыгып кетти, аны өзү дагы билбей калды. Анткени Азиза келе жатканда эле балдар ага көз арта карап, үндөрүн акырын чыгарып " Аттиң, ушул кыздын колун кармап койгондун өзү кандай бакыт" - деп айткандарын кулагы чалган. Андан дагы тиги бою узун Азаттан "мага артмак беле" - деген дагы ойду ойлогон Шүкүрдүн кош көңүл мамиле жасаганынын жөнү ушул болучу. Шаарга жаңы келип, көнүшө албай үйүн сагынып, өз арбайы менен алек болуп жатканда кызга көз артмак турсун, чарчап, жаны жер тартып жүргөнү дагы чын.
Ал эми Азат канча жолу шылтоо таап, Азизага жакындады. Азиза өзү кудум Шүкүрдөй болуп анын аруу сезими менен ойноп, кош көңүл мамиле жасаганын артка кадам таштап бара жатып, ойлоп койду. Ал турсун ар бир баскан кадамын жаза кетирбей тиктеп турган Азаттын көз карашын, жүрөгү менен сезип турду. Ан сайын жамбашын чайкап, узун шыйрактарын акырын шилтеп, кыз кылыгы кылып кылыктана басып, ал жерден узап баратып, жүрөгү жибип "Шүкүр дагы мени карап турса керек" - деген ойго жетеленип артын карап, жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган Шүкүрдү көзү чалбады. Анткени он, он беш баланын ичинен Шүкүрдү даана көрө алган жок. Иш ордуна келип, эми азап чеге баштады " Кечинде Шүкүргө эмне деп айтам, шефти сөзгө кошпой эле койсом эмне" - деп. Аңгыча эле Сыртпай чакырып калды. Ооба, Сыртпай Субановичтин жашы элүүнүн экисинде. Акча табуу жолун абдан өздөштүрүп алган жагы бар. Бир гана кемчилиги орой анан оозуна алы жетпей кеткен кер ооз адам. Азиза кирип келгенде, камдап алган сөзүн айтты:
- Азиза, кел, мындай олтурчу, - деди. Эч качан минтип жанына олтургузчу эмес. Кыздын жаш жүрөгү бир нерсени сезди. Бирок өзүн сабырлуу тутуп, көрсөтүлгөн орунга келип олтурганда Сыртпай чочутуп албас үчүн, акырын колун кыздын ийнине коюп:
- Азиза, мына минтип иштешип жатканыбызга үч айга кадам таштады. Бир жерден иштеп, бир жерден нан таап жеп жаткан соң, экөөбүз абдан жакын жана жакшы мамиледе болушубуз керек. Бири-бирибизден сыр жашырбай, сырдашкан кесиптештерден болсок, иштин илгерилешине өбөлгө болот, - деди, акылдуусунуп. Бирок оюу эмнеде экенин Азиза дароо эле түшүндү. Бул жолу Сыртпай ашыкча кеткен жок. Кыздын назик колун кармап, даярдап койгон акчаны сунуп:
- Сунган колду суутпай алып кой. Колум уялып калбасын. Бул менин алгачкы берген жардамым. Биз минтип бири-бирибизди түшүнүшпөсөк болбойт. Азыр акчасыз эч иш бүтпөйт. Керегиңе жарата тур, - деп акырын жүзүнөн өбүп койду. Бул анын алгачкы ыргыткан тузагы экенин Азиза сезип эле турду. Атасындай болгон адамдан мындайды күтпөгөн Азиза кабинеттен абдан капа болуп чыгып, иш столуна келип, алты айласы кетип, эмне кылышты билбей башы катып турду. Ушул жерден ойлоду " Эркектерде ар деле жок турбайбы. Менден башка кыз-келин көзүнө илинбей калдыбы. Акчага муктаж болгон, ажырашкан келиндер толуп жатпайбы. Сыртпай Субанович эмне акылынан ажыраганы калганбы? Мен анын кичүү кызы менен теңмин го. Эми ушул чыканактай болгон кызындай менин этегиме кызыгып жатабы. Ушул кантип болсун?" - деп ар нерсени ойлоп жатып, кечтин киргенин билбей калды. Санаасы санга бөлүнгөн Азизага жашоо кызыксыз сезилип кетти. Сыртпай берген акчаны эбак эле иш столунун тартмасына салып койгон. Ооба, бир жолу пол жууган аял айткан " Кызым, жаш экенсиң. Бул жерде жалаң эркектер иштейт. Деги сак бол. Жаман сөз, жаман илдет, жаман адат адам баласына тез жугат" - деп. Ооба, эркектер иштеген жерде сөгүнүү, чылым чегүү, ичимдик ичүү, олдоксондук өңдүү жаман нерселер көңүлгө терс таасирин тийгизген сапаттар өзгөчө кара жумуш иштелген жерде көп кездешет эмеспи. Азиза, сурмалуу кирпигине келген ачуу жашты акырын сыдырып алды. Эмнеге көзүнө жаш алды, аны өзү да билбейт. Аңгыча иш бөлмөсүнөн чыккан Сыртпай иштен кетип баратканын билгизип, Азизага чукул келип " жакшы эс ал" -деп бетинен өөп, коштошуп жатканда сырттан дал ушул учурда Шүкүр кирип келип калды да, тиги экөөнүн кылыгына күбө болуп, эсинен танып, таң калып эле калды. Анан кантет, атасындай болгон киши, кызындай болгон кызды каратып туруп жүзүнөн өөп жатса.
***
Шүкүр үчүн кечтин кириши, азаптын азабы болду. Азиза келип кеткени болгон дитин, ой санаасын Азизанын айта турган сөзү ээлеп алды. " Сыртпай байке деги эмне айтты болду экен? Ал эмне айта турган сөзүн менин өзүмө эле айта бербейби, секратаршасыз эле. Балким мени менен сүйлөшкөндөн намыстанып жатабы?" - деген ойлор биринин артынан бири келип, улам саатты карап, жолугушчу кез жакындаган сайын шаштысы кетип, чыдабай калды. Андайда убакыт дагы токтоп туруп калгандай сезилет эмеспи. Баарынан күткөндүн азабын бербесин. Күтүү бул адам баласын кандай гана ойго, кандай гана азапка салбайт.
Майдаланган шагылдын, цементке аралашып блок болуп жасалып жатканын биринчи жолу көрүп жаткансып карап, ойго алаксып кеткен Шүкүрдүн оюн Азат бузду:
- Шүкүр, шефтин секретаршасы келип кеткени, эсиңен танып калдың го? Бол тез кыймылда, шагыл жок калмай болду. "Кыз шайтан" - деген ушул. Азиза сени абдан ойго салып кетти. Мындай абалга кабылганыңды көргөн эмес элем. Анткен менен Азиза жакшы кыз. Алып алсаң жыргайсың. Атасынын жалгыз кызы деп угам.
Шүкүр колуна күрөктү алып:
- Атасынын жалгыз кызы болсо жакшы иштен иштебейт беле? Мындай жерде жалгыз көзгө базар кыз кантип иштесин-деп сөз жалгап келе жатканда эле Азат сөз жебей:
- Атасынын күчү менен ушул жерде иштеп жатат. Азыр мындай иштин табылышы дагы кыйын. Өзү чоң окуу жайды бүтпөсө, болгону компьютердик курсту гана бүтсө, ал башка иште кантип иштейт. Анткен менен Азиза абдан түшүнүктүү анан жүзүнөн күлкү кетпеген, жылдыздуу кыз. Шүкүр ишин улантып жатып:
-Тапкан экенсиң, түшүнүктүү кызды. Баягыда мен жаңы ишке келгенде, берген суроомо жооп бербей, бой көтөрөт. Тим эле министр болуп иштеп жаткансып. Ошондо аз эле жерден калгам, сөгүп жибере жаздап. Мага бой көтөргөн кыздар такыр жакпайт. Андан дагы азыр менин кызга көңүл бургандай убактым да жок. Эптеп акча таап, там сатып алыш керек.
Азат күлүп:
- Сүйүү башыңа келсе, көрөм. Жана сени Азиза тим эле көзү агып кетчүдөй болуп, ушундай бир берилүү менен карады го. Балким ал сени жактырып калган чыгар. Колуңдан келсе бир келген мүмкүнчүлүктү пайдаланып кал! Азиза жакшы аял болуп берчү жан.
Шүкүр ушул сөздү укканда ойлоп койду " Чын эле, мени жактырып калышы мүмкүн" - деп. Тарылдаган песко блокту чыгарган аппараттын үнүнөн, Азаттын акыркы айткан сөзү угулбай калды. Шүкүр маңдайынан аккан терди сүртүп алганга жарабай, иштин кызуусуна кирип кетти. Анткен менен көз алдына Азизанын бир башкача караган көз карашы тартылып, эмнегедир эркектик напсиси бузулуп кетти. Бул напсини тыя билүү жөн адамдын колунун келбегени дагы чын.
Бала болобу, чоң киши болобу жүрөктүн тартылуусундай күчкө туруштук берип, тынчып калган адам болбосо керек. Эмнегедир ушул саам Шүкүрдүн жүрөгүнө мээрим уялады. Бул мээрим жаш жигиттин өмүрүндө биринчи ирет жылуулук сезимин тартуулады. Ушул саам Шүкүр жаз кезинде гүлдөр жайнаган, суулар шылдырап аккан, куштар сайраган, жашыл түскө боёлгон тоолорго Азиза менен бирге кетүүнү кыялданганга дагы үлгүрдү. Анткен менен Азизаны сүйүп калган жок, жөн гана анын кумарлуу көз карашынан өзүнө жагымдуулукту издеп, болгону ага карата ою гана бузулду. Ооба, эркек жан көпчүлүк учурда жан кумар жөнүндө көбүрөөк ойлонуп кетээрин танып болбойт. Шүкүр дагы ушул саам Азизанын өзүнө карата дили таза экенин Азаттын айткан сөзүнөн улам билип, анын кылгыра караган көз карашын эстей берди. Ан сайын Азизаны көрүүгө куштарлыгы артып, тымызын ичинен азап чеге баштады. Андан дагы кечинде видиктен көргөн сүйүү жөнүндө кино дагы сезимин козгоп, аял эңсегени чын эле. Кыздар көбүнчө жигиттерди жакшы максат менен берилип сүйсө, ал эми эркектер Шүкүрдөй болуп тайыздыкка барып, жеңил жагын ойлонгону талашсыз маселе. Акыры сааттын жебеси күткөн санды көргөзгөндө жуунуп, тазаланып, сыйда кийимин кийип жөн эле ак жүзүнө кан толуп, министирге жолуга турган адамдай эки бети албырып, Азиза олтурган контораны көздөй бара жатты. Бирок, өзү күтпөгөн окуянын үстүнөн чыгып, дароо артын карабай, көңүлү кирдеп сыртка кадам таштады.
Анан кантет, күтүүсүз кабылган бул окуяга Шүкүр чынында эле абдан капа болду. Бир жагынан Азизаны эч ойлогон эмес, "мындай ишке барат" деп. Ал эми тиги өзүн кыйын сезген, акылдуу адамдын кейпин кийген шефичи. "Ушул жашка чыгып алып дагы кыз өбөбү"- деп, көргөн көзүнө ишене албай, кайра иштеген жерге келгенде балдар, Шүкүрдүн абалын көрүп эле, таң калып калышты да бир ооздон:
- Шүкүр сага эмне болду, деги жайчылыкпы? Эмне мынча өңүң бузулуп калган?
Берилген суроого Шүкүр эмне деп жооп беришти билбей:
- Мен жөн эле, тиги жактан бир нерсени көрүп алып, өзүмчө ойго алаксып кеттим.
Азат калп күлүп:
- Эмне, Азиза сулууга жолуга албай калдыңбы, жолуң болбой калган го ээ?
Бул сөздү укканда Шүкүр:
- Ал кыз сага эле буйрусун. Мага бир сөз айтам дегенинен барсам, колу бош эмес экен. Эми ал сөздү сен барып угуп кел. Мындан кийин мага Азиза жөнүндө эч сөз айтпагылачы, - деп, чалкасынан жата кетти да, көргөн окуяны эстеп, өзүнчө ачууланып алды. Бул элеттик баланын деле түшүнө кирбеген окуя экенин танып болбойт эле. Ооба, элет жеринде мындай одоно окуяларды көрмөк турсун, эч ким оюна дагы албайт эмеспи.
Шүкүр канчалык көзүн жумуп, уктап калууга аракет кылган менен көз алдына Азиза тартылып, аны ушундай бир жек көрүү сезими менен эстей берди. Буга чейин укканы бар эле "жаш кыздарды акчасы көп адамдар экинчи аял кылып алат" - деген сөздү. Бирок аны көзү менен көрбөгөн соң, ишенген деле эмес. Азиза менен Сыртпай аяш атасынын үйлөнүп жашап жатканын элестетип алып, дагы Азизага карата ички ою кирдеп, жан дүйнөнү ооруткан ойлор келе берди. "Ушул кантип болсун, илгерки эски заман болсо бир жөн. Азиза үчүн Сыртпай абышкадай эле жан эмеспи" деген ойду ойлоп, өзүнчө анализ жасап жатканда сырттан Азимдин үнү чыгып калды " Шүкүр, сени Азиза чакырып жатат" - деген.
#9 06 Март 2016 - 14:30
*******
Азиза кеминде жарым сааттай убакыт Шүкүрдүн келишин күтүп, анын кечиккенинен чыдабай акыры өзү басып келди. Бирок, анын келип кеткенин байкаган эмес болучу. Болбосо минтип кыз башы менен алга обдулуп, намысты жыйыштырып, жолугуунун жолун ойлонуштурбайт эле. Буга дагы жүрөккө тынчтык бербеген арзуунун, жанды жай алдырбаган аруу сезимдин, болгон дитин ээлеп алган сүйүүнүн күчү дем берип, иштен чыккан соң Шүкүр менен кенен сүйлөшүнүн амалын кылган кербези эле.
Ооба, Сыртпай бетинен өөп, акча берип кеткенден соң, тынчы кетип жол карап, сөз камдап, улам-улам күзгүгө каранып, жөн эле илгерки хандын баласына жолуга турган кыздай эле азап тартты. Акыры Шүкүрдүн келбесине көзү жеткен соң "унутуп калды го" - деген ойдо басып келип, сыртта эс алып олтурган балдарды сын көз караш менен карап:
- Балдар, иштер кандай? - деген болду, сөз уланыш үчүн. Бою тартыйган Азат алгачкылардан болуп, оозунуп жооп берди:
- Сиздей сулуулар сураганда кантип "жаман" деп жооп берет элек. Азырынча баары жакшы. Бир гана сиздин карааныңыз гана жетишпей турат. Азаттын мындай тамаша иретинде айтылган сөздөргө кулагы көнүп деле калган. Азиза жагымдуу жылмайып:
- Мен силердин жаныңарда караан болуп турсам, анда менин жасай турган ишимди ким жасамак эле? - деп, сурмалуу көзүн сүзүп, кумарлуу караган Азатты карады. Кыздан көзү өтүп турган Азат жөн эле сөз таба албай, тайсалдап, сулуунун көз карашына турушутук берүүгө алы жетпей, көзүн тартып алды. Эх, билинбегени менен жүрөк жактырган кыздын турпатынан сулуу эч нерсе жок белем бул дүйнөдө. Азат жөн эле сүрдөгөнүнөн жүрөгү тез-тез согуп, кан басымы жогорулаган адамдай деми кысылып, аба жетишпегендей абалга туш болуп, тилин жутуп алгансып делдейип эле туруп калды. Анткени Азиза эч качан аны мындай жагымдуу көз караш менен караган эмес эле. Ушул саам Азиза жөн эле үрдүн кызынан артык көзүнө бир укмуш сулуу болуп көрүнүп, ичинен ойлогонго дагы үлгүрдү "мындай сулууну кандай эне төрөдү болду экен" - деп. Ойдон күлүк эмне бар. Таза сезим, аруу максат менен Азизага жагынуунун амалын жасамакка аракет кылып, айтууга жакшы сөз таппай турду. Андайда адам баласынын оозуна ылайыктуу сөз дагы келбей калат эмеспи. Азизанын боюна жарашыктуу кийген ак көйнөгү, белине чейин созулган тармал күрөң чачы, такасы анча бийик эмес бут кийими, түптүз болгон буттары, ичке бели, ал турсун тырмагынын кызыл боёгунан бери өзүнө жарашып, тим эле сүрөтчү кол менен тартып койгондой келишимдүү келбети Азаттын көзүнө бир укмуш кооз көрүнүп, айтаарга сөз таппай көзү талыганча карап турганда, ички оюна бүлүк салып Азиза шыңгыр үнү менен:
- Балдар эмне, Шүкүр бир жакка кетти беле? - деди. Ушуну менен экинчи жолу Шүкүрдү издеп келген Азизаны, Азат болуп көрбөгөндөй кызганып кетти. Дароо өңү бузулуп, сурданып, абалы өзгөрүлө түштү. Бул берилген суроого жапалдаш бойлуу, толугунан келген, бою кыска болпойгон Азим жооп берди:
- Ал ичкериде жатат. "Сага жолугам" деп кетип, абдан капа болуп келдиби, айтор эч сөзгө келбей эле жатып алды. Сен ага катуу бир сөз айттың беле? - деди. Бул сөздү укканда Азиза эч нерсеге түшүнө бербей:
- Мен ага катуу сөз айтмак турсун, жолуккан да жокмун. Балким бирөө капа кылса керек. Бул сөздү укканда Азим үнүн өктөм чыгарып, Шүкүрдү чакырган болду "Шүкүр, сени Азиза чакырып жатат" - деп. Эх, жашоо. Көрсө жашоо бир ылдыйы, бир өйдөсү менен кызык белем. Азиза аз убакыт ичинде эмнелерди гана ойлогонго жетишти. "Балким Сыртпай Субановичтин кабинетине кирип кеткенимде, келип кетип калдыбы" - деп. Анткен менен Шүкүр дароо эле ичкериден чыга койгон жок. Кыз кылыктанып, күттүрүп чыкпагандай, Шүкүр дагы бир топко жатып, анан өзүнүн артын ойлоп, калп эле катуу уктап жаткан адамдай көзүн ушалап чыга келди да, Азизаны ушундай бир жактырбаган көз караш менен карап алды. Бул көз караштын артына эмне деген сөз жатканын курган кыз биле бербеди. Шүкүрдү көргөндө кайра кабагы ачылып, жаман оюнда "уйкусун бузуп келбей эле койсом болмок экен" - деген ойду ойлоп, Азиза сыр бербегенге аракет кылып, жагымдуу көз караш менен карады. Шүкүр ичинен канчалык жек көрүп турса дагы, ашыкча сөз айткандан айбыгып, бой мүчөсү келишкен жаш кызды Сыртпай аяш атасына ыраа көрбөй, ичинен аны аяп да кетти. Канчалык аракет кылды катуу айтып кагып койгонго, бирок кандайдыр бир күч, кандайдыр бир сезим тилин байлап салгансып, сөзгө келбей, кызды сүрдөтө караганы менен санаасы санга бөлүнүп, аарынын уюгундай ичи уйгу туйгу болуп, Азиза өзүнүн ички купуя оюн таап алчудай таң берип, көзү ачыла түштү да " О, жараткан! Ичиң кең, тикенекке гүл чыгарган кудуретиң күчтүү. Мен эгер бул кыз менен тил табышып калсам, анда аяш атам Сыртпай "эмне" дейт. "Менден калган калдыкка баш баанектешүүгө кантип бардың дейт го" деген ойду ойлоп алып, башын чулгуп алды. Ал эми Азизанын эч нерсе болбогондой, эч ким эч нерсе көрбөгөндөй караган көз карашын ичинен жектегени менен сыртына эч чыгара албай кыйналып кетти. Эки жүздүү адамдардын, бир сөздү эки башка кылып айтканын уккан, бирок минтип эч нерсе болбогондой жылмая караганын биринчи жолу көрүшү. Көрсө жаман нерсе ар качан тайыз жана убактылуу болооруна ушул саам анализ жасап, тик карагандан жазбады. Ал эми Азиза кудум Азаттай болуп сөз таба албай, сүрдөгөнүнөн өңү кызарып, уялганы барган сайын күч алып баратты. Бирок, уяла турчу нерсе али алдыда экенин билген жок. Экөөнү сынай караган балдар бул жерден Шүкүрдүн бой көтөрө караган көз карашына, кызды теңине албаганына ичтеринен эзилишкени менен ылайыктуу сөз айта алышпай, тигиле карап турушту. Качан гана Азиза оозунуп:
- Шүкүр, мындай басалычы. Сага айта турган сөздү айтып коюп кетейин деп, артка бурулду да, оюнда бир жагымсыз нерсе болорун алдына ала сезип, жүрөгү болк эте түштү. " Алдуу дайыма алсызды күнөөкөр кылат" - дегендей, Шүкүр бул жерден Азизаны көз карашы менен эле алсыз кылганга жетишип, өзүн анын алдында кожоюн сезип алганын баам салып караган балдар сезип эле турушту. Азиза, эмнегедир Азатты чүнчүткөндөй, өзү Шүкүрдүн алдында чүнчүп кетти. Эмнеге бул абалга кабылганына жооп таба албай бир топко чейин үнсүз алдыга басты. Шүкүр ичинен кызды жек көргөнү менен өзүн абдан сабырлуу тутуп "эмне сөз айтат болду экен?" деп, табышмактуу айтыла турган сөздүн түйүнүн укмакка жай кадамын таштап, кыздын артынан ойго алаксып келе жатты.
*******
Эки гектардай аянттагы ишкананын жер бөлүгүнүн чет жагына келгенде, алгач Азиза сөз баштады:
- Сен, Шүкүр,эмине сүйлөбөй, апкаарыгандай жер карайсың? Макул көрсөң өзүңдү-өзүң токтотуп, акылыңа келип, ичиңдеги ой-пикириңди, мага болгон оюңду ачык жарып, айта турган сөзүңдү бетке айт. Адамда чиеленчү жол бар. Анын өзүнчө жарыгы, жыргалы, кууралы, келечек бактысы, шору, жарык нуру болот. Кээ бир адамдар ичиндеги терең сырды жашырам деп жашыра албай, каткан кусасын убактылуу басайын деген менен баса албай, ал жалынды кайра күчөтөт. Анан өзү күйгүзгөн шамды өчүргөн шамалга тете өкүнөт. Сен мен айткан сөзгө түшүн!- деди. Шүкүр сурдангандай түз карабай, башка жакты карап кумсарып, боюн токтото албагандай кирпигин кымыңдатып, Азизанын көңүлү өзүнө бурулуп турганын сезип, көргөн билгенин ачык айта албай бир саамга туруп:
- Азиза, сен мага эмне сөз айтайын дедиң эле? Алгач сен мени өзүң чакырасың дагы, анан кайра мага суроо менен кайрылганыңа түшүнө бербей турам.
Бул суроонун берилишин мындай чукул жерден күтпөгөн Азиза сөз таппай мукактана түштү да:
- Баса, Шүкүр сен эмнеге келген жоксуң? Мен сени күтө берип тажаганда, алты айлам кетип акыры өзүм келдим. Сени издеп келгениме эмне, алигинче түшүнгөн жоксуңбу? Жана жөн гана Сыртпай Субановичти бетке кармаган элем.
Эми гана сөздүн ачыгын уккан Шүкүр эч сөзгө келбей бир жерди телмире караган тейде дагы Азиза күтпөгөн сөздү айтты:
- Азиза, сен эмнеге үйүр басты болуп, бою катып, денесинин ысыгы тарап, карылык айылына кадам таштап калган Сыртпай аяш атам менен кыйшаңдашып жүрөсүң. Эгер башка бирөө айтса ишенбейт элем. Көз менен көргөндөн өткөн чындык бул жалганда болбосо керек, - деп, сын көз менен карады эле Азиза эсинен танган адамдай шалдырап эле туруп калды да, анан өзүн колго алып:
- Шүкүр, сен эмнени эле айтып жатасың? - деди эле Шүкүр жактыра бербеген көз караш менен карап:
- Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат болбой эле кой. Мен жана сага жолугуу үчүн ашыгып барып, сени Сыртпай аяш атам өөп жатканын өз көзүм менен көрүп, сенден абдан көңүлүм сынды. Сага болгон таза сезимим булганды. Мен эч качан сени ал кишиге ыраа көрбөйм. Акчасы көп кишиге эле жаш денеңди арнай бересиңби? Мени дагы апам "намыска жарасын" деп төрөгөн. Эркек жан үчүн ала турган жары сүттөй ак, булактын суусундай таза болгону жакшы эмеспи. Менин керек болсо эң алгач сага гана көңүлүм жибип, таттуу кыялга жетеленген элем. Көрсө "сулуунун жүрөгү, суусардын түнөгү болбойт" - деп бекер айтылган эмес экенине эми гана ишендим. Сага деген аруу сезим, жалындуу жакшы тилегиме суу септиң! - деп, оозуна алы келбей бир топ даамдуу жана маанилүү айтылган сөздөрдү айтып, тик качыра карады. Бул айтылган сөздөр Азизанын жүрөгүн тилип кетти. Ушул саам Шүкүр дагы абдан сөзмөр болуп, илхамы келген акындай сөздү куюлуштуруп айтып, Азизаны жарга такады. Азиза эми гана Шүкүр эмнеге таарынганын, анын келип кетип калганын билбей, эч нерсе болбогон адамдай издеп барганына жана атасындай болгон кишиге өптүргөнү үчүн, ал көрүнүшкө арзыганы күбө болгонуна жети өмүрү жерге кирип, жердин катуулугунан гана турду чыдап. Мындан өткөн уят барбы? Баарынан дагы жүрөгү жибип, берилип сүйгөн адамынан ачуу сөз угуу кыз бала үчүн эмне деген кордук. Башка киши айтса дагы моюн бербейт эле. Демейде тили буудай кууруган Азизанын тили буулуп, көзү караңгылашып, жер көчүп аз жерден жыгылып кете жаздады. Эгер ушул сөздөрдү угаарын алдына ала билгенде жана Шүкүр келип кеткенин байкап калганда, анда минтип аны ээн жерге чакырып келбейт эле да. Атайын эркин жана ачык сүйлөшөйүн деген аруу тилек менен келип, акыры уккан сөзү бул. Кыз намысын аттап, кыз башы менен өзү алгач жолугушууга чакырганы бир тең, кайра минтип сын сөз укканы бир тең болуп, көзү жумулуп, жарык дүйнө көзүнө караңгы болуп көрүнүп кетти. Бул жерден Шүкүрдү күнөөлөй тургандай анда эч айып жок эле. Чындыктын даамы ачуу келет. Шүкүр чындыкты айткан үчүн өзүн эркин сезип, башын өйдө көтөрүп турду да, Азиза күнөөлүү болгон үчүн жер карап, уятынан сөз таба албай мунканып, эрине кармалаган жеңил ой аялдай жети өмүрү жерге кирип, көзүнө келген ачуу жашты сүрткөнгө алы келбей, ыйдан күчүн чыгарып:
- Шүкүр, сен мага ишенсең да ишенбесең дагы өзүң бил. Сыртпай Субанович кабинетинен чыгып келе жатып мени камынтпай бетимден өпкөнү чын. Бирок мен улуу кишиге эмне деп каршылык көргөзөт элем. Баары күтүүсүздөн болуп кетти. Эми мен эртең эле иштен бошоном. Ооба, укканым бар эле " Сыртпай Субановичти кыз жандуу" - деп. Ошол себептен катчы токтобой кете бергенин мага пол жууган эже айткан. Чынын айтсам мен эми сенин жүзүңдү карай албай калдым. Макул, жакшы кал. Мен эртең ишке чыкпайм. Чынын айтсам эми мен, сенден башка жанды дагы сүйбөйм. Сага болгон дитимди арнам, сени арзып калдым эле. Кап, кайдан дагы тиги аялсаак неме бетимден өөп калды. Андан дагы аны сенден башка жан эмес, сенин көрүп калганыңды кара. Толгондон сен келген кезде, ал дагы мени... Макул эми мен көп эле актана бербейин, - деп, сөзүн чолок бүтүрүп, тетири бурулду да, тез-тез кадамын таштап кетип калды. Анын минтип тез эле кетип калат деп ойлобогон Шүкүр, ээн талаадан жалгыз калган адамдай узата караганы менен, артынан ээрчип барганга дити чаппай турган тейде өкүнүп алды " кап, көргөнүмдү айтпай коё турганымда болмок экен" - деп ойлоп, жер караган тейде бери басып келе жатып Азизанын ар бир айткан сөзүнө анализ жүргүзүп көрүп, жүрөгү менен сезди, анын ак экенин. Андан дагы биринчи жолу кыздан "сени сүйүп калдым" - деген сөздү укканына көңүлү өсүп, азыр эле жанына узап кеткен Азизаны көргүсү келип кетти. Билинбегени менен ар бир адам үчүн "сени сүйөм" - деген сөздү угуу эмне деген бакыт. Ооба, ооз учунан "сүйүү" - деп айтканыбыз менен бирөөнүн сүйүп калганын укканда, сүйүүнүн кадыры билинерин Шүкүр ушул саам билди. Ал турсун Азизаны азыр эле жанынан узап кетсе, кайра аны көргүсү , аны менен сүйлөшкүсү келип кетти. Элестетип көрөлү, биринчи жолу кыздан "сени сүйөм" деген сөздү уккан баланын абалын. Шүкүр бир топко турду, каккан казыктай болуп бир жерден жылбай. Анын болгон дитин бир гана Азиза ээлеп алып, аны чын эле сүйөөрүн билди. Анткени эч качан минтип бирөө жөнүндө ойлонуп көргөн эмес. Көңүлү кирдеп, кабагы бүркөлүп, кыртышы эч нерсени сүйбөй, асман бетин кара булут каптаган сымал Шүкүрдүн дагы ичи уйгу-туйгу болуп, көңүлү кирдеп турду. Атаганат, адам баласы ар качандан бир качан баары болуп өткөндөн кийин өкүнүп калган адаты бар эмеспи. Шүкүр эч ойлогон эмес, мындай абалда калам деп. Бир кезде гана кадамын жай таштап, изине кайтып келе жатканда, тизилип олтурган жолдоштору бир ооздон:
- Ой, сага эмне болду, соодасы бүткөн сарттай болуп? - дешти. Шүкүр кабагы түнөргөн калыбында:
- Эч нерсе болгон жок, - шылкы бош жооп берип, ичкери кирип кетти. Анын абалын көргөндөр дароо эле билишти, Азиза экөө тил табыша албай калганын.
Шүкүр кийимин чечпестен жерге көмкөрөсүнөн жаткан тейде, уктап кеттиби же жөн эле ойго жатабы аны эч ким билген жок. Бир кезде Азат үн салды:
- Шүкүр сага эмне болду деги? Бир кыз үчүн да ушунча капа болосуңбу? -деди эле, бул сөз жөн гана абага айтылгандай болуп калды. Анткени Шүкүр жооп бермек турсун, үн да чыгарган жок. Бул жалганда адам баласынын көңүлү бир ооз сөз менен калып, кээде бир ооз сөз менен көңүл өсүп каларында эч шек жок.
Убакыт алдыга жылып, айлананы күүгүм каптан, бир күндүк күндүн сапары карып, түн жаңы гана башталган кезде Азим:
- Шүкүр, тур, бей маал убакта уктаган болбойт. Биз менен чогуу тамак ич, - деди. Шүкүр жаткан ордунан туруп бетин-колун жууп келди да, тамакка карады. Сөз дароо эле уланып кеткен жок. Бир кезде сакалдуусу аталган Шамбет:
- Шүкүр, көп эле капа боло бербе. Жаш кезде сүйүү келип-кете берет. Бир кыз үчүн эмне мынча кабагыңды түйөсүң деди эле, Шүкүр сөзгө келип:
- Мага эч нерсе болгон жок. Мен Азизаны сүйбөйм. Бирок ал эртеңден баштап ишке чыкпайт. Жөндөн жөн туруп эле: "эртең мен ишке чыкпайм, сен эми мени көрбөйсүң" деп кетип калды. Анын бул жоругуна мен таң калып эле калдым. Мени ойлонткон маселе, тиги шефке жаман болот го? - деди, тилинен жаңылып. Бул сөз ооздон чыгары менен алгач Азат:
- Шефке эмнеге жаман болмок эле. Азиза кетсе башка кыз ордунда тургандыр? - деп, суроолуу карады эле Шүкүр кабагын түйүп:
- Ошол башка кыз ишке келгенге чейин анын кагаздарын ким карамак эле деп, сөз таап кетти. Шамбет сөздү өзү алды:
- Бул жалганда билсеңер кыздын сулуусу тээ атам замандан бери эле талашка түшүп келген. Мен билгенден айтылган кеп бар "күлүк ат менен сулуу кыз колунан келгендерден артпайт"- деген. Чынында эле баам салып карасаңар Сыртпай байке дагы билинбегени менен абдан кыз жандуу. Ошол себептен катчы кыз көпкө турбайт. Тиги Азизага дагы көз кысып, тийишсе керек. Болбосо ушул иштен жөн туруп эле кантип кетип калсын. Акыркы катчы кыз Салима бир күнү кечке жуук ыйлап кетип бара жатканын көзүм чалган. Эртеси эле ал дагы ишке чыкпай калган болучу. Көрсө кыраан Сыртпай байке, кийин уксам аны кабинетине киргизип алып, этегине асылып катуу аракет кылган экен. Аны пол жууган эже көрүп калыптыр. Балким Азизага дагы ошол адатын каматса керек.
Сөздү Азат бөлүп кетти:
- Жок, мен бул сөзгө кошулбайм. Анткени ал биздин жаныбызга жаркырап-жайнап эле келип, Шүкүр менен бирге эч нерсе болбогондой эле кетпеди беле? Балким Шүкүр сен катуу сөз айтып койгонсуң го? - деп суроолуу караганда, божомол катары айтылган сөздү дагы жактырышкан жок:
- Шүкүр катуу сөз айтса эле иштен кетип калган бул шылтоо эмес, - деди Азим. Бул талаш-тартыш бир топко созулду. Акыры баары сөздүн аягына чекит коё алышпаган соң, улам бири сыртка чыгып кетип жатып, аягында сөз иш жөнүндө уланып кетти.
************
Азизага асман аңтарылгандай эле болду. Эч күткөн эмес эле алиги сөздү Шүкүрдөн. Ал турсун оюна да алган эмес болучу "Сыртбай бетинен өпкөнүн көрүп калат" - деп. Жүзүн жууган жашын арчыганга алы келбей, алдыга кадам таштаганы менен кайда баратканын билген жок. Айткандай Шүкүр чындап эле жүрөгүнөн орун алып, түн уйкусун бузуп, күндүз оюнан кетпей калган. Ушул жашка чыкканы канчалаган жигиттер сөз айтпады, бирок эч качан мындай абалда калып көргөн эмес. Жүрөгү бир гана Шүкүр деп согуп, өзү Шүкүр деп жашап калганын тана албайт болучу. Ал турсун эмне деген гана таттуу кыялдарга жетеленбеди. Атаганат, бул сүйүү башка келгенде адам баласы кандай гана татуу кыялдарга кабылбайт. Көрсө жакшы нерсе жөнүндө ойлонгонго дагы "сүйүү" - деген сезим өзүнүн чоң салымын кошот белем. Бүгүн эртең менен эле Азиза кандай жакшы тилек менен ишке келди эле. Эми минтип болгон ой-тилегине бир гана болбогон нерсе себеп болуп, минтип көзүнөн жаш агызып, болуп көрбөгөндөй капа болуп келе жаткан жаш кыздын абалын жазганга сөз жетпейт го. Көрсө жаш кезде ар бир адам баласы үчүн "сүйүү" бийик туруп каларын ким тана алат. Ооба, "сүйүүнүн баркын сүйүүгө кабылган гана киши билет"-деп айтылгандай, баам салып караган кишиге сүйүүнүн дагы өзүнө ылайык жүгү болору айтыла калып жүрөт. Азиза үйүнө жакын келгенде гана көзүнө келген жашты арчып, өзүн колго алып астананы аттады. Кудум ооруп калган кишидей ичкери кирди да, үй кийимин кийгенден кийин апасына кайрылды, өңүн бузуп:
- Апа, мен ооруп калдым окшойт, жата турайынчы. Эмнегедир эле жаным жер тартып, жаткым келип жатат, - деди, кара күчкө жөтөлгөн болуп. Эне байкуш бул сөздү укканда жан алы калбай, балапанын калкалаган канаттуудай үйрүлүп түшүп, үстүн кымтылап жаап койду. Курган эне билбейт да, кызы кандай сөз угуп, капа болуп келгенин.
Азиза, жаздыкка башын коюп жатып алып, Шүкүрдүн айткан сөзүн эстеди "сени Сыртпай аяш атам өөп жатканын өз көзүм менен көрдүм" - деп айтканы кадимкидей кулагына жаңырып, көзү туманданып кетти. Эгер ошол окуяны апасы же атасы көрүп калса эмне болот эле? Муну ойлогондо, Азиза үчүн Сыртпай Субановичтей жаман киши бул жалганда жоктой сезилип кетти. Түн ортосуна чейин уйку бетин көрбөй бир гана санаа чегип жаткан Азиза, өзүнө-өзү убада берди "Мен бир гана Шүкүргө турмушка чыгам" - деп. Анткени анын алдында өзү ак экенин баары бир далилдеш үчүн.
Ушул эле учурда Шүкүр дагы уйкусу качып, Азизаны ойлоп жаткан.
Күндүн теңи болгон түндү адам баласы эле эмес, болгон жан-жаныбарларды эс алып уктасын үчүн жаратканы жалпыга маалым эмеспи. Бирок кээ бир санаа менен алп урушкандар Шүкүр менен Азизадай болуп уктай албай жаткандары албетте болот.
Эртең менен Азиза катуу уктап жатканда апасы бөлмөсүнө баш багып:
- Кызым, ишиңе барасыңбы? - деди эле, таттуу уйкунун азыгырына жетеленген Азиза:
- Апа, ооруп жатып кантип бармак элем. Анан өзүм телефон чалып айтып коём деди да, кайра уктап кетти. Эх, бул жалганда чын эле өзгөчө таңкы уйкудан өткөн таттуу эмне бар? Ушул себептен "баарынан таттуу - уйку" - деп бекер айтылбаса керек. Азиза ысык төшөктөн турбай, уктап жатканда, Сыртпай Субанович ишке күндөгүдөн эрте кандай гана таттуу кыялга жетеленип келди. Ай, ай, көрсө баары эле ойдогудай боло бербейт тура. Анткени Сыртпай, Азизага күтүүсүз белек кылып алтын сөйкө алып келген болучу. Анткени Азиза ишке келгени ага карата болгон оюу бузулган. Аркар шыйрак, ичке бел, созолонгон сулуу кызга кимдин гана көзү түшпөйт. Азизанын көзгө илинген чырайы болгон үчүн Сыртпай өзүнүн улуулугун эске албай, улуу башын кичүү кылып, сулуунун алдында кызматы туруп өзүн пас сезип, жаш баладай бала кыялга жетеленип, олтурду. Ооба, буга чейин эсепчиси, эки бригадири келип кирип кагаздарына кол койдуруп кетти. Бирок али Азизадан дайын жок. Кечинде бетинен өпкөндө эч каршылык көргөзбөгөнү, илгери үмүттү пайда кылып, таң аппак атканга чейин бир гана Азиза жөнүндө ойлоп, аны көрүү үчүн ашыгып келгени чын эле. Аттиң, бул жалганда сулуу кызга арбалбаган ким болгон.
Тээ илгери, хандар, бектер, бийлер дагы жаш кыздын азгыруусуна арбалышып, эмне деген гана нерселерди жасашпады. Ал эми адамдык сапаттан акча бийик туруп калган бул заманда колунда барлар коштоп аял алып жатканы жалганбы? Сыртпай дагы Азизаны экинчи аял кылып алууну акырын ишке ашыруу үчүн тымызын аракетке өттү. Бирок сааттын жебеси онду көргөзгөнү дагы Сыртпайдын санаасына санаа кошту. Бул жашоодо бирөөнү күткөндөн жаман азап барбы. Сыртпай убакыт алга жылган сайын чыдамы кетип, бир орунга олтура албай калды. Ушул жашка чыкканы азыркыдай бирөөнү күтүп, күтүү жүгүн көтөрбөсө керек. Андайда күткөн киши дагы кечигип калат эмеспи. Сыртпай түш жарым убакыт эптеп чыдады да, Азиза ишке келбеген соң, ичинен ойлоп "ооруп калган го" - деп, өзүн-өзү алаксытты.
Эртеси эртең менен дагы Азиза ишке келген жок. Бул жолу катуу санаага кабылган Сыртпай пол жууган аялга, Азизанын дарегин берип жөнөттү.
- Билип келчи, эгер ишке чыкпаса башка катчы кыз алайын деп. Пол жууган аял келгенге чейин тынчы кетип бир орунга олтура албай калды. Качан гана анын карааны көрүнгөндө, олтурган ордунан тура калды.
Жамал эл ортону элүүнүн экисине чыккан, орто бойлуу жоош аял. Бул мекемеде пол жууп иштегенине үч жылга кадам таштады. Анткен менен абдан баамчыл жана ишин так аткарган иштемчил аял. Сыртпай даректи берип жиберген соң дароо эле билди, Азизага дагы терс сапатын көргөзгөнүн.
Жолдо келе жатып көп нерсени ойлоду. Анткен менен Азизанын үйүн тез эле таап келди да, эшикти какты.
Ичтен өзүнөн улуураак аял чыгып, коомай карады "сага ким керек"- деген таризде. Жамал учурашкан соң, үнүн жай чыгарып:
- Мага Азиза керек эле. Ишке чыкпаганынан "билип кел" деп жиберген болучу. Шааркан эми гана жылуу жүз менен карап:
- Азиза ооруп калдым деп төшөктө жатат. Балким өзү менен жолугуп кетээрсиң, айта турган сөзү бардыр деп, ичкери колун жаңсады. Бул кезде Азиза оорубаса дагы ооруну бетке кармап, жатып жамбашы талыса дагы өжөрлүккө салып төшөктөн турбай жаткан болучу. Жамалды көргөндө кабагы ачыла түштү. Анткени Сыртпай баары бир бирөөнү жиберет деп күтүп жаткан. Жамалдын келгени бир четинен абдан жакшы болду. Болгон ичтеги арманын айтып албаса болчудан эмес эле. Жакшы маанай менен учурашкан соң, апасына кайрылды:
- Апа, чай коюп коюңузчу, биз бир аз сүйлөшүп алалы деди да, апасына карады "бизге тоскоол болбоңуз" - деген таризде. Андайды Шааркан туура түшүнөт. Эшикти сыртынан жаап коюп өзү сыртка чыкты.
Жамал ушуну эле күтүп тургансып, кабагын түйүп:
- Сага эмне болду деги? - деп, көзүн бакырайтып, шектүү карап суроо берди. Бул көз караштын артында "сага дагы тиги бир нерсе дедиби" - деген сөз жатканын Азиза дароо түшүнүп:
- Эже, сиз абдан туура учурунда келдиңиз. Мен сизге айтайын, сиз эч сөз кошпой, албай Сыртпай Субановичке айтып барыңыз, - деди эле, Жамал башын ийкеп:
- Азиза, менин сага болгон оюм таза, эч камсанаба, - деди. Азиза бир саамга ойлуу олтуруп, анан ичине батпай кеткен нерселерди сыртка чыгаргысы келбей калдыбы, айтор баштагы оюнан кайтып жер карап:
- Эже, эми мен ал жакта иштебейм. Мага шефтин кээ бир кылыктары жакпай калды. Калганын өзү түшүнөт. Мен ал киши ойлогондой кыз эмесмин, болгону ошол. Менин ордума башка катчы кызды ала берсин. Мени ага ооруп калыптыр деп эле айтып койсоңуз. Башка сөздүн деле кереги жок. Жамал айтырбай билди, Азизанын абалын. Экөө бир саамга олтурушкан соң башка темада сөз улап кетишти. Бир кезде Шааркан сырттан баш багып:
- Кызым, чай ичкиле деген болду. Экөөнө ушул эле сөз керек белем, сыртка чыгышты. Чай ичилип жатканда ортодо анча деле сөз козголгон жок. Жамал аялдык көз караш менен үйдүн ички жасалгасына ичинен ыраазы болуп, сын көз караш менен караганга үлгүрдү. Азиза сыртка узатып чыкканда, дагы эскертти:
- Эже, башка катчы кыз алсын. Мени ооруп калыптыр деп эле айтып коюңуз - деди да, Сыртпай берген акчаны колуна карматып.
- Сыртпай Субановичке берип коюңуз, карыз элем деди. Жамал башын ийкеп:
- Ал жагынан кам санаба. Азыр тилди тишке катыш гана керек. Бир ооз сөз ооздон чыкса башка миң сөз кошулуп айтылып барат, бул аманатыңды берип коём деп, изине кайтты.
Жамал сырттан кирип келгенде, Сыртпай олтурган ордунан тура калып, шек алдырып койду. Ооба, адам баласы эч качан жипке тизилгендей түз жүрө албайт эмеспи. Эгер Сыртпай шек ардырбаган болсо, Жамалдын ички оюу бузулбайт эле. Берилген суроого Жамал:
- Азиза ооруп калыптыр. Мени күтпөй башка катчы кыз ала берсин деди. Көпкө жатып калат го, айткан сөзүнө караганда. Болбосо "башка катчы кыз ала берсин" деп айтпайт эле. Сыртпай бул сөздү укканда катуу үшкүрүнүп алып, бул кылыганан шек бербес үчүн:
- Башка катчы кыз келип, ишке көнгөнчө качан? - деди эле Жамал колундагы акчаны сунуп:
- Муну сизге Азиза берип жиберди "карыз элем" деп. Сыртпай эми гана баарына түшүнүп, акчаны алды да, сыр бербегенге аракет кылып "кете бериңиз" деген таризде карады, Жамал чыгып кеткенде Сыртпай баалуу буюмун жоготуп жиберген адамдай, бир жерди теше тиктеп жалдырап эле олтуруп калды. Бул да болсо жүрөккө тынчтык бербеген жакшы көрүп калуу сезиминин бир кичине үзүмү болучу. Анткен менен Сыртпай ушул бойдон Азизаны көрбөй кала тургансып, ичи ачышып, абдан катуу ойго алаксып кетти. Азизанын ботонукундай болгон карагаттай көздөрү, жагымдуу жылмая караган көз карашы, кырдач келген мурду, тырмактын агындай кара оюу жок таза ой жүгүртүүсү Сыртпайдын болгон дитин ээлеп алган болучу. Ушул жашка чыгып канча кызды сүйдү, канча аял затына арбалды, канчалаган кыз-келиндин колун кармады күркүрөтө тапкан акчанын күчү менен, бирок, Азизаны арзыгандай, аны эңсегендей, аны самагандай абалда калып көргөн эмес. Көңүлү эч нерсеге чаппай, жаман түш көрүп ойгонгон адамдай далдырап олтурганда, оңдой берди болуп телефону шыңгырап калды. Эгер телефону чырылдабаса дагы канча убакыт олтурат эле, делбеси кармаган адамдай болуп. Көңүлү суз телефонду кулагына такап, илдетке кабылган адамдай үнүн алсыз чыгарды:
- Бул ким? - деп. Телефон чалган өзүнүн ким экенин айтканда, катуу кыйкырып жиберди:
- Солто, чын эле сенсиңби? - деп. Солтонун өз ысмы Сактан. "Уурум Солто" деп кайра-кайра айта бергенден улам ага Солто деген атты ыйгарып алышкан, чогуу кызмат өтөгөн балдар.
Сыртпай Белорусиянын Витебск шаарында Кыргызстандан беш бала менен бирге аткычтар (артиллерия) бөлүгүндө кызмат өтөшкөн. Аскерден келгенден бери төрт бала менен кээде жолугушуп турат. Сактанды али көрө элек болучу. Анткени Сактан Чаткалдык болгон үчүнбү же тоодо кой баккангабы айтор шаарга келбегенине канча болду. Бул жолу малынан сатып, машина алганы келген эле. Анан айтылуу "Орто-Сай" базарынан Шабданга жолугуп калып, андан Сыртпайдын телефонун алып чалып жаткан, экөө пивоканага кирип, бирден кружка пиво алдыга келгенде. Сыртпай болгон ишин токтотуп коюп эле, Сактан айткан жерге келди.
Үчөө жолугушуп, ал жайды сурашкан соң, берки экөөнө телефон чалышты. Мадыл келип калам деди, ал эми Султан Москвага кеткенин телефон аркылуу аялынан угушту.
Сыртпай чынында эле Сактанды катуу тамашага салчу ошол кезде эле "урууң Солто болсо, Чаткалда эмне тентип жүрөсүң"- деп. Теңтуштуктун бир жакшы жери бирин-бири тамашага салганында эмеспи. Төртөө эки сааттай убакыт олтурушкан соң ичтери ысып, ичкилик өз вазыйпасын аткарып, катылып жаткан акчаларды чөнтөктөн сууруп чыгып, эми төртөө саунага барып эс алууну эп көрүштү да, олтурган орундарынан турушту.
Бул кезде Сыртпай, Азизаны унутуп, кудум телегейи тегиз адамдай барбалактап чечилип алган. Аттиң, ичкиликтин кылганы ушул да. Болбосо, канча иши калды, төртөөнүн тең. Анткен менен баягы аскерде жүргөн кездерин эстеп, бир черлери жазылды белем.
Ооба, бир жагынан Сыртпайдын, Сактандын алдында чоң милдети бар. Анткени Сактан көз көрүнө чоң кырсыктан сактап калган болучу. Аны кантип унутат. Эгер Сактан болбосо азыр бир ишкананын жетекчиси, беш баланын атасы болуп, минтип жаш кызга кылгыра көз артып олтурбайт болучу. Ал окуяны да бир сыйра эскерип алышты, саунада ак шейшепти жамынып олтурушуп.
Ооба, ал кез 1974-жылдын кыш мезгили болучу. Белорусиянын аяк башы билинбеген токою. Кышкы учения жүрүп жаткан. Аскерге жаңы барган кездери эле. Күн суук, кар калың. Сыртпайды взводдун командири ашканага нарядга жиберген. Картошка аарчып, таң атканга чейин уктабаганга түшкө чейин уктап алуу үчүн палаткага келген, эки саат эс алып алуу үчүн. Ошол кезде Сактан дневальный болуп, күзөттө турган. Бир кезде Сыртпай уктап жаткан палатка өртөнүп жатканын көргөн Сактан, түтүн каптап из уруп, уйкудан ойгоно албай жаткан Сыртпайды палаткадан алып чыккан, өзүнүн денеси күйгөнгө карабай. Жарат алган экөө бирдей аскердик госпиталга жатып чыгышкан. Ал эрдиги үчүн Сактан мактоо баракчасы менен сыйланган. Бирок, жердешинин жанын алып калган үчүн, арадан канча убакыт өтсө дагы ал жакшылыгы унутта калбай минтип сыйын көрүп жаткан кези.

#10 06 Март 2016 - 14:32
*******
Шүкүр эки күн ишене бербей Азизаны күттү. Ал турсун конторага чейин барып, Азиза олтурган жерди карап келди. Бирок анын чын эле ишке келбегенине өзүн күнөөлөп, ички туйу сезими менен сезди, аны чындап эле сүйүп калганын. Болбосо мынчалык азап чекпейт эле го. Убакыт алга жылып, Азизанын ордуна башка кыз келип иштеп калды. Бул кыздын мүнөзү абдан түнт болучу. Маңдайы жарык жүргөн адам кандай элге тез алынат. Мирана ишке жаңы келгени эч кимге жаккан жок. Анын себеби, ириде айтылгандай ачылып сүйлөбөгөнү, ишине көңүлсүз мамиле жасаганы, ал турсун бул жашоого жаралып калганына өкүнгөндөй түр менен дайыма кабагы суз жүргөнү бир эле Сыртпай эмес, балдарга дагы жакпай калды. Ал эми Азиза жок дегенде эле кылыктана басып, көз кыскан балдарды жылмая карап, көңүлүн алып койчу.
Шүкүр улам барган сайын ишке дагы көңүлү чаппай, айылын сагынып, кусалыгы күч алды. Бул жерде кармап жүргөн, бир гана Азиза экенин кеч сезди. Адам баласы баарына кеч көзү жетип, кеч түшүнүп калат тура, көрсө. Ал эми Сыртпайды көргөндө, Шүкүр абдан жийиркене карап, аны көргүсү келбей кетет. Такыр эле эки жүздүү адам экенин билди.
Бир караган кишиге тим эле айкөл, боорукер, адамкерчиликтүү болуп көрүнгөн Сыртпайдын жүзү Шүкүргө ачык эле көрүнүп, даана байкалды. Экинчи айлык алгандан соң, эч кимге эч сөз айтпай эле, иштен кетип калды. Мындай алдамчылыкка жана эки сүйлөгөнгө көнбөгөн жаны бул жерге батпай калды белем, кечинде эле такси кармап келди да, өзүнө тийешелүү жүктү алып, классташ баласынын батирине жөнөдү.
Шүкүрдүн дагы кетип калганы Сыртпайга абдан катуу тийди. Анткени анын атасы менен бир күн илгери эле телефондон сүйлөшүп, мактанып койгон эле да "балаңды ишке үйрөтүп жатам, көнүп калды" - деп. Досу бир коюн союп келгени жаткан. Эми минтип калпы чыга турган болгон соң, аны алдына алып Шүкүр менен чогуу иштеген балдарын жумшады "эмне болсо дагы Шүкүрдү таап келгиле" - деп. Алар кайдан табышмак эле. Кечке Ош базары менен Аламүдүн базарын акмалап караган болушту да, анан кайра келишти. Сыртпай, Шүкүрдүн табылбасына көзү жеткенде досуна кайра телефон чалды:
- Досум, мен иштер менен алыска кеткени калдым. Убара болуп шаарга келбей эле кой. Кийин өзүм телефон чалып чакырып алам деди. Бул анын кезектеги калпынын бири болучу.
- Убакыт күзгө таяп, жалбырактар саргая баштаганда. Шүкүр шаардан айылын көздөй сапар алды. Анткени иштеген иши такыр эле ичкен жегенинен ашпай, батирде корунуп жашагандан тажап айылы, үйү көзүнөн учуп, кеткенче шашты. Аттиң, көрсө баары бир туулган жер, киндик кан тамган айыл адам баласын бир өзүнө тартып турары анык белем. Машинада айылын көздөй бара жатып, Шүкүр болуп көрбөгөндөй сүйүндү. Бирок, жүрөгүнүн түпкүрүнөн терең орун алган Азизанын элеси кетпей, өтүктүн ичине түшүп калган таш бутту өйкөгөндөй, жүрөгүн өйүгөн нерсе Азиза болорун алдына ала сезди. Аны шаардан канча издеди, жолугуп каламбы деп. Бирок ал үмүтү аткарылган жок. Бир жолу автобустан Азизаны көрүп каламбы деп элдердин арасынан көзү менен издеп жатканда Рыспайдын "издейм сени арасынан элдердин" - деген ырын автомагнитолдон угулуп калып, оюна алып койгон эле "Рыспай дагы мага окшоп арызганын издеп ушул ырды чыгарган турбайбы" - деп. Жеңил машина асфальт жолдо зымырап бара жатты. Машина алдыга жылган сайын тоолордун арасына сүңгүп кирип абасы таза, суусу тунук жакты көздөй жакындап бара жатты. Алыска чыгып көрбөгөн Шүкүр чын эле айылын абдан сагынганы чын эле. Тим эле илгери эки жыл бөтөн элде кызмат өтөп келген солдаттай, көзүнө тоолор жылуу учурап, айылына жакындаган сайын толкундана баштады.
Убакыт алга жылып, жашоо сапары уланып жаш карып, кыз келин, жигит күйөө болуп, жаз артынан жай келип, өз мыйзамынан жазбаган жашоонун шаңы өтүп жатты. Шүкүр айылына келгенде эле атасы Мамыт, Сыртпай жөнүндө сурганда, андан катуу көңүлү калганын билгизип:
- Ата, сизден сураныч, мени балам десеңиз андай адам менен байланышпай эле коюңузчу. Ал досуңуз мага такыр эле жакпай калды. Эки айга чукул убакыт иштеген соң эле андан кетип калгам. Азыр эмне кылып жатат, биле албадым деди. Уулунун бул айткан сөзүнөн эле Мамыт бир нерсени билип, кабагы чыртыйып, көңүлү чөгө түштү. Ата балага сынчы болот эмеспи. Уулунун эч качан бирөөнөн көңүлү калган эмес, мынчалык. Сыртпай досу катуу көңүлүн калтырганын уулунун сөзүнөн улам билип, башка жолу ал жөнүндө сураган жок. Бир гана ал келгенде берээрге ашын таппай катуу сыйлап, андан чоңду үмүт кылчу. Ал турсун уулуна жардам берет деп дагы ойлогон. Бирок оюндагы аткарылбай, такыр башка нукка кеткенин кеч билди. Ооба, аялы Бермет канча жолу айтты "ушул досуң мага такыр жакпайт, андан алыс эле болчу" - деп. Мамыт баарына кеч түшүндү.
Бир күнү Шүкүр түнү уктап жатып түш көрдү. Түшүнө Азиза кирип, катуу таарынгандай түр менен карап " мен эми сени өмүрүм өткөнчө күтөм, мага сенден башка эч кимдин кереги жок" - деп айтып жатыптыр. Ойгонуп кетсе түшү экен. Убакыт түн ортосунан жаңы гана ооптур. Уйкусу умачтай ачылып, таң атканга чейин бир гана Азиза жөнүндө ойлонуп жатып башы чыңалып, ооруп чыкты. Шаарда жүргөндө аны берилип издебегенине өкүндү.
Аттиң, сүйүүнүн азабы. Айылдан сагынычы тарап, көңүлү өсүп, өзүнө келе баштаганда, минтип эски жараны козгоп Азиза түшүнө кирип, оюн алагды кылды. Ушундай болоорун алдына ала билген, бирок убакыт өтсө унутуп калам го деп ойлободу беле. Эми ал ойлогон оюу орундалбасына көзү жетип, өзүн алаксытыш үчүн кер кашка атты токуп минип, тоону көздөй бастырып жөнөдү. Тоо чөбү кургап, быйылкы жашоо сапарлары карыганын билгизип, сары түскө айланып, баягы жазындагы жашыл тулаңга айланган көрктүн бири билинбей, кунары качкан суу жетпеген чөлдөй тоо бети Шүкүрдүн көзүнө абдан комсоо көрүндү. Таң атканча талаа чөбүнө курсагы тойгон кер кашка ат, тим эле алып учат. Шүкүр тоонун эң бийик жерине келип, аттан түштү да, айылына көз жүгүрттү. Эмнегедир айылында көпчүлүк элге кошулуп Азиза дагы жүргөндөй сезилип кетти. Ооба, тоо башына чыгып алып кыялданган кандай жакшы. Шүкүр ушул ээндикти жана тынчтыкты каалап келген. Аттын эки алдыңкы бутунан ноктонун чылбыры менен тушап, ооздугун чыгарып, белин бошотуп коюп, өзү айылын карап олтуруп ойго алаксып кетти. Көз алдына Азиза тартылып, анын акыркы айткан сөзүн эстеди. Ушул саам жүрөгү бир башка туйлап, кысылгансып көзү караңгылашып кеткендей болду. Көңүл чабыты башканы ойлоюн деген менен барып эле бир гана Азизага такала берди. Кеминде эки сааттан ашык тоо башынан түшпөй, бир орундан жылбай олтуруп кантип Азизага жолугууну ойлоп, ылайыктуу амал таба албай койду.
Эч ойлогон эмес, мынчалык сүйүүгө берилем деп. Анткени атасы дайыма айтып калат, кечки тамакка олтурганда "балдарым, ичимдикке, кумар ойногонго, анан аял затына көп эле берилип, артынан түшүп кетпегиле. Баары бул жалгандын азгырыгы" - деп. Атанын айткан кеби бала үчүн чоң сабак эмеспи. Бир чети атасы абдан туура сөз айтканын Шүкүр ушул саам билди. Албетте ичимдикке анча кызыкпайт. Аял затына деле кызыгам деп ойлогон эмес, бир гана Азизадан биринчи жолу "сени сүйөм"- деген сөздү уккангабы айтор, жүрөгү "сүйүү" - деген нерсеге арбалып калганын моюнга алып турду. Ооба, чынында эле атасынан катуу жазганат. Ал турсун атасынан ашыкча сөз сүйлөгөнүн, башка аялдарга тийишкенин, ичимдикти ашыкча ичип чыр салганын көргөн эмес. Атанын орду бала үчүн өзүнүн жаман сапатын көргөзбөгөндө болот белем, атасы Мамыттын көз карашынан эле сүрдөп, коркуп турат. Анткен менен аталык мээримин төккөндө атасына кээде ыраазы болуп кетет. Ал эми апасы Бермет менен чечилип сүйлөшөт. Шаардан келгенде апасы кеп учугун чыгарган "шаардан кыздар менен тааныштыңбы? " - деп. Башын чайкап жооп берип койгон. Эми бул ичинен эзген сырды, кусаны бирөөнө айтпаса ичи бышып бара жатты.
Бир кезде олтурган ордунан көңүлү суз турду да, анча алыс эмес жерде оттоп турган атына жакын келип, анын оттогонун карап туруп, таң калып турду аттын оттогонунун биринчи жолу көрүп жаткансып.
Убакыт чоң шашкеден оогондо тоодон келип, короого атты байлап жатканда, классташы Урмат келип калды. Экөө учурашып ал жайды сурашкан соң ал:
- Шүкүр, мен кечээ эле шаардан келдим. Баса сага шаардан бир кыз салам айтты. Тим эле аның чүрөк экен го. Аны кайдан таап ала койдуң эле, мага билгизбей. Шүкүр дароо эле Азизаны ойлоду. Андан башка кыз салам айттырмак эмес. Ал турсун башка кыздар менен таанышканга деле дити чаппай, иши менен алек болгон. Кызыгуусу арта, көзүн тез-тез ирмеп:
- Кайсы кызды айтып жатасың, мага салам айтчу деле кыз жок эле. Бул эми элеттик баланын тартынчаак анан уяң мүнөз күткөндүн бир белгиси эле. Эгер Шүкүр шаарда туулуп, өсүп калган болсо анда минтип тартынбай кайра мактаныч менен карап, башкача жооп бермек. Урмат сын көз караш менен карап, өзүң аны билесиң дегенсип, жооп бербей туруп калды да анан:
- Тигүүчү цехте иштеген кызың бар беле? - деди сөзүн табышмактантып. Шүкүр кабагын түйүп, бүшүркөй карап:
- Эч кандай тигүүчү кыз менен таанышкан эмес болчумун. Балким ал мени сыртымдан тааныйт чыгар, чынын айтсам тааныш деле эч кимим жок - деди бул абалдан чыгыш үчүн. Урмат дале сөздүн ачыгын айтпай, колунан келишинче табышмактантып:
- Ал кыз сени абдан жакшы көрөт окшойт, сүйлөгөн сөзүнө караганда. Анткени сөздөн сөз чыгып мен "Шүкүрдү тааныйм, ал менин классташым" - десем, абдан сүйүнүп кетти. Сенин айылда экениңди билбейт экен. Баса ал сени дарегиңди алып "издеп келем" дегендей да сөз айтты окшойт. Бул сөздү укканда Шүкүрдүн чындап шаштысы кетти да:
- Урмат, мени шакаба чекпей, кыздын ысмын айтчы. Ал мени издеп келгендей, эмне мен анын боюна бүтүрүп коюп качып кетиптирминби? Урмат дагы сөздү чоюп:
- Жок, ал сени абдан берилип арзып калган үчүн, сенин карааныңды бир көрүп кетүү үчүн келет го менин баамымда. Айткан сөзүнө караганда ал сени ойлой берип уйкусу качып, оюу бир жерге турбай калган өңдүү. Тим эле сен жөнүндө айтып жатканда оозунан көк үшүкүрүк чыгып, абдан берилип айтып жатты. Балким ошондо ичиндеги бугун чыгарып алганга жеңилденип дагы алды окшойт. Бул ашыктыктын азабы укмуш кыйын болорун мен ал кыздын абалынан улам билдим. Эгер сен ал кызга үйлөнсөң, сенин көзүңдү гана карап өтчүдөй бул жалгандан, баарына кайыл болуп. Билбейм мага анын келбетинен ошондой белги берилгендей туюлду. Шүкүр шаштысы кетип:
- Байболгур Урмат?! Мага ал кыз ким экенин ысмын айтчы! Анын ким экенин билүү мага кызык болуп жатат, түшүнчү деги! Сөз ушул жерге келгенде Бермет айтылган сөздөрдү угуп калганы белгисиз, короого баш багып:
- Балам, чай ичкиле, даяр болуп калды, - деп чакырып калды. Урмат озунуп:
- Аяш апа кандай турасыздар? - деп учурашып калды эле, Бермет:
- Сен Урматсыңбы, качан келип калдың? Окууларың жакшыбы? - деп эки суроону катары менен берип калды. Урмат башын ийкеп:
- Баары жакшы. Шаардан кечинде келгем. Шүкүрдө азыраак иштерим бар эле, жолуга кетейин деп эле келип калгам. Бермет мээримин төгө карап:
- Жүрүгүлө, чогуу үйгө кирип чай ичкиле деп, алдыга басты. Анткен менен тиги экөөнүн сөзүнүн чет чеберин угуп калганы чын эле. Бирок аягына чейин укпай калганына өкүнүп калды. Шашма жаны шашып кетпедиби.
Айыл жериндеги тамак аштын тазалыгы. Колго жасалган нанды эле алалы, тегирмендин унунан. Бир бөлкөгө киши тойбой калат. Ал эми айылдан бир кесим нанды жеген киши кандай ток жүрөт. Бермет келиштире картошка куурулган экен, тим эле даамдулугу бир укмуш. Кашка уйдун кам-каймак кошулган сүт чайы эле табитти кандай ачат. Урматтын сөзүн уккан Шүкүрдүн тамакка деле көңүлү чаппай, тигүүчү кыздын ким экенин билбесе жаны жай алчудан болбой калды. Ан сайын Урматтын кечке чай ичип олтуруп алганы, Шүкүрдүн абдан шаштысын кетирди. Мамыт дагы кычап узун сөзгө кирип кетти:
- Урмат, сен шаарда жүрбөйсүңбү, азыркы эл башкаргандарга сенин көңүлүң тоюбу деги? - деди, чоң кишиге суроо бергенсип. Урмат берилген суроого көңүлдөнүп жооп берди:
- Аяш ата, чынын айтсам азыр чоңдор элди баккан жок, чоңдорду эл багып жатат. Мени түйшөлткөн маселе окуу жайдын көптүгү, анан иштин жоктугу. Чоң окуу жайды бүтүрүп диплом алгандар баары эле жапырт базарга чыгып, соода менен алп урушуп калды. Ал эми кыздар тигүүчү цехтерде бир эмес экиден дипломдорун кучактаган бойдон иштеп жатышат. Анан кантип чоңдорго ич толуп, ишенүүгө болот? Азыр менин чоң окуу жайда окуп жатат деген гана атым бар, акча төлөп. Окууну бүткөндө Дордойду көздөй же Ош базарын көздөй жөнөмөй, соода кылганы. Канчалаган жаштар алыс жерге, башка элге сиңип кетип жатканы узун сабак сөздү козгойт. Сөз саясат тармагына ооп, кенен чай кайнам убакыт текке кетти. Шаштысы кеткен Шүкүр ушул жерден билди көп сүйлөгөн адам баласы үчүн өтө одоно иш экенин. Урматтын жаш болуп туруп, ушунча көп сүйлөөк экенин билбептир. Кенен эки саатка чукул убакыт өткөндө гана экөө үйдөн чыгышты. Буга чейин Шүкүрдүн такыр эле чыдамы кетип, көзү алайып калган. Негизи эле бул жалганда өзгөчө болуп-толуп турган жаш кезде сүйүү тууралу кимдин гана сөз уккусу келбейт. Билинбейт, бирок сүйүүнүн түйшүгү башка келгенде гана анын баркын билүүгө туура келет. "Сыйдын чеги болот, ал эми сүйүүнүн чеги болбойт"- деп М. Лермантов айткандай, Шүкүр ушул кезде досунан бир гана сөз күтүп, ичинен эзилгенин сыртка чыгара албай үмүт менен Урматты карады. Бирок ал өзү күткөн сөздү эмес, такыр башка сөз айтты:
- Шүкүр, макул көрсөң жүрү экөөбүз Айжанга барып жолугуп келели. Мен ага сөз берип койдум эле, "бүгүн келип жолугуп кетем"- деп.
Айжан айткандай Урматтын сүйлөшкөн кызы. Быйыл мектептин акыркы классында окуйт. Алгач аны менен таанышканда дагы Урмат жанына Шүкүрдү ээрчитип барган. Шүкүр мектепте окуп жүргөндө кызга жакын эмес эле, кыздарга көңүл дагы бурчу эмес. Шүкүр акыры чыдабай кетип:
- Урмат, эгер сен алиги кыздын ысмын айтпасаң, мен эч жакка барбайм! Мени түйшөлтүп ойго салып коюп, сөздү чоюп башка сөзгө өтүп кеткениң кантип болсун. Сен өзүңдү менин ордума коюп көрчү?- деди эле, Урмат эми гана баятан берки табышмактуу кыздын ысмын айтты:
- Шүкүр, сен абдан бактылуу жансың. Билесиңби, ар бир эркек баланы эле кыз бала эзилип сүйүп, акылынан адашпайт. Тиги кыздын абалын сөз менен айтып жеткизе албайм деди эле, Шүкүр сөздү бөлүп:
- Ой, деги сен айтчы, ал кыз ким экенин?! - деп, үнүн өктөм чыгарды. Урмат эми гана:
- Азиза деген кыз. Ал кыз азыр тигүүчү кыздардын катарын толуктап, акчаны жакшы таап жаткан окшойт баамымда. Кээ бир балдарга караганда абдан чечкиндүү анан колу ачык, пейили кенен экен.
Шүкүр таң калып:
- Эмне Азиза тигүүчү болуп иштеп жатыптырбы? - деп, тигинин сөзүн дагы бөлдү. Урмат көңүл кош:
- Анын эмнеси бар экен. Азыр тигүүчү кыздардын сөзү чоң. Анткени алар акчаны маңдай терлери менен иштеп таап жатышат. Керек болсо кыргыз элин ошол тигүүчү кыздар багып жатат. Эгер тигүүчү кыздар иштебей калса, базардагылардын соодасы жүрбөй калат. Жума сайын акча алып ким эле иштеп жатыптыр. Шүкүр кызыгуусу арта:
- Кайсы жерде иштейт экен? - деди эле Урмат:
- Алмата көчөсүндө. Аны издейм десең мага айт, шаарга барсаң мен таап берем. Керек болсо жашаган үйүн дагы билем.
- Чын элеби? - дегенде Урмат:
- Ооба, жумушчулар шаарчасында жашайт.
- Анын үйүнө эмнеге барып жүрөсүң?
- Цехтен тиге турган машина сатып алган. Ошондо жардам бергени бардым. Апасы абдан жакшы аял экен.
- Сен эмне тигүүчү цехте дагы иштейсиңби?
- Ооба, үтүкчү болуп окуудан кийин иштеп жол киреме акча табам.
- Аның жакшы экен. Баса, мен аз күндө шаарга барам, сен мага Азизаны жолуктуруп койчу, ага айта турган сөздөрүм бар эле.
- Анын эмнеси бар экен. Баса, мен айылга барам десем "сага салам айтып кой"- деген.
Аз болсо дагы Азиза жөнүндө кабар алганга Шүкүрдүн кабагы ачылып, көңүлү көтөрүлө түштү. Эки дос ээрчише басып айылдын четине чыгышты. Анткени Айжандын үйү эң четки там болгону менен сүйлөшкөнгө абдан ыңгайлуу, эч ким тоскоол болбойт.
************
Убакыт өз нугунан жазбай, бир калыпта өтө берет эмеспи. Азиза үч күн үйдө жатып тажап кетти да, анан газетага чыккан жарнама менен иш издеп жөнөдү. Алгач кафелерге барды. Анан ал жакта деле иштеп кете турганга көзү жетпей "тигүүчү кыз керек" деген жарнаманын телефон номерин терди. Бир топто гана нары жактан үн угулду:
- Ало, - деген. Азиза үнүн жай чыгарып:
- Мен газетага чыккан жарнама боюнча чалып жаттым эле, чоочун үн:
- Сен тиккенди билесиңби? - деди эле, Азиза шылкы бош:
- Эже, тез эле үйрөнүп кетет элем. Барып көрсөм кандай болот?- деп, үмүт менен суранды. Тиги белгисиз аял:
- Мейлиң келип көр, биздин дарек деп, цехтин дарегин айтты да, телефонду өчүрүп койду. Азиза үнү жагымдуу анан үмүт пайда кылып айткан аялга ичи жылып, дароо эле маршруткага олтурду.
Шаардын көчөлөрүнүн машинага жык толгон тыгыны Манас көчөсүнө келгенде абдан көп убакытты алды. Анткени тиги өзүн кыйын, акылман сезген ажо же спикер ишинен кетип бара жатканбы, айтор коштоп жүргөн машиналардын ортосунда тим эле чоң иш бүтүрүп жаткансып өтүп кетти. Аттиң, бул да болсо бул жалгандагы жашоонун калыстыгынын жоктугу экенин баамдасак болот. Анын себеби ажо эмнеден коркот жана эмне мынча элдин тынчын алат, көчөнүн баарын тоздуруп илгерки хандардай элди күттүрүп, элдин ишине тоскоол болгону эле баам салып караган кишиге абдан эле одоно экенин ага ким айтат. Азиза улам токтогон маршрутканын айдоочусуна абдан ачуусу келди. Мунун себеби цехтеги эже "тез келип кал" - деген эле да. Ооба, адам баласы шашканда кыйчалыштар көп болуп, жол чырактар дагы кызыл күйүп, кызыл таягын көтөргөн МАИлер да жол жээгине туруп калганы бул адат. Акыры келчү жерге келип, дагы жетон салып телефон чалды эле орто жаштарга барып калган, маңдайы жарык, толмочунан келген Жумакүл Жээнбаева өзү тозуп алды. Жакшылап таанышып, учурашкан соң алдыга баштап цехке кирди да, Азизага кайрылды:
- Азырынча топчуда иштеп тур. Анда-санда машинага олтуруп көн, анан сага өзүнчө машина берем. Иштейм десең.
Азиза алгач иштеген күнү эле өзүнүн ишке карата болгон жөндөмүн көргөзө алды. Бул күнү иш убактысы бүткөнгө чейин иштеп, эки жүз сомдой акча тапты, өзүнүн эсебинде. Анткени ар бир топчу үчүн ала турган акчасын эсептеп чыгып, ичинен ойлоп койду " тиккенди үйрөнүп алыш керек экен" - деп.
Бир аптага жетпеген убакытта эле тиге турган машинага олтурду. Азизанын тээ бала кезинен эле адаты, колу ишке көнгөндөн жана ишти баштагандан кийин аны аягына чыгармайын жаны тынбай калган адаты бар. Жумакүл дагы байкап көрүп, Азизанын ишине ичинен ыраазы болду. Ооба, ким эле иштеген адамды жаман көрөт.
Ошонтип ишке берилген Азизанын иштен колу бошобой, шаар кыдырганга деле убактысы болбоду.
Анткен менен Шүкүр такыр оюнан кетпей, кээде өзүнө карата берилген суроону укпай калган учуру көп жолу кайталанды. Мунун себеби ошол учурда анын оюн бир гана Шүкүр ээлеп алган болот. Чын-чынына келгенде бул арзуунун азабы, түйшүгү аң сезимди башкарып алат белем, Азиза дайыма бир гана Шүкүр жөнүндө ойлонгондон такыр тажабайт. Анын ар бир кыймылы, баскан турганы көз алдынан кетпей, оюнда аны менен бактылуу боло тургандай сезип кетет, өзүн.
Ооба, бул ишке киргени чын эле жанынан акча үзүлбөйт, анан дагы дайыма алдыда бир чоң нерсе күтүп тургансып үмүт кылат. "Чыныгы сүйүү-баардык кыйынчылыкты көтөрүүгө көмөктөш болот" - деп, Ф. Шиллер айткандай, Азиза үчүн кыйынчылыктын баары арта калгандай сезилип келет. Анткени канча жолу Сыртпай артынан түшүп аңдып "кармап алып колун сурады жана ишке кайра чык"- деп өтүндү. Сыртпайды көргүсү келбеген Азиза акыры качып жүрүп кутулдубу айтор, ал кийинки кездерде жабышканын койду. Атасындай болгон кишинин жалынганы, өтүнгөнү, жалдыраганы Азизаны кандай акыбалга алып келбеди. Кыз бала үчүн мындан өткөн кордук барбы. Эгер, Сыртпай өзү теңдүү болсо анда сөз башка эле. Сакалдуу кишинин артынан жүгүргөнүн Азиза такыр күткөн эмес.
Күнгө жума болучу. Иш кычап турган кезде Жумакүл шашылыш жаңы кийимдин фасонун алып келди. Ооба, жаңы кийимдин тигилиши абдан опурталдуу анан жооптуу. Жашы кырктан өтүп калган Мая биринчи тигет, андан соң ошол үлгү менен калгандары тиге баштайт. Азиза эмнегедир Маянын жанына басып келип, жаңы тигилип жаткан кийимди карап туруп, өзүнүн оюн айтып калды:
- Эже, сиз эгер мындай кылып тиксеңиз, балким оңой болобу? - деди эле Мая айтылган сунушту байкап көрүп:
- Азыр, - деп бир саамга ойго алаксып кетти да, анан:
- Чын эле, Азиза сен туура байкаган экенсиң деп, тигип жаткан нерсесин, Азиза айткандай тикти. Ооба, "бир баш жакшы, ал эми эки баш андан жакшы" деп айтылгандай, Азизанын жанына келип калганы Мая үчүн жакшы болду. Айтып койгон оңой болгону менен тигүүчүлүктүн дагы ичине каткан билинбеген мүшкүлү болот. Бир орундан жылбай олтуруп кийим тигүү, материалдын чаңын жутуу, тигүүнүн ар тараптуу машакаты эле ден-соолукка кандай зыян. Азиза адатынча өзүнүн ордуна келип олтурду да, тигип жаткан ишин улантып дагы ой чүмбөтүнө алаксып кетти. Жаш кезде өзгөчө сүйүү темасы ар бир улан менен кыздын биринчи маселеси болуп келгенине тарых күбө. Анткени өсүмдүк дагы убактысы келгенде уругун таштайт эмеспи. Ошол сымал адам баласы дагы бойго жеткенде турмушун андан ары улап кетүү үчүн өзүнө түгөй издейт. Бул жалганда жубу менен жашаган алда канча жеңил анан көңүлдүү болгон үчүн, жаш кезде ар бир адам баласы түбөлүк жубун таап алуу үчүн, алгач жүрөк эңсеген адамын табууга аракет кылат. Азиза дагы жүрөк эңсеген адамын тапканы менен минтип аны менен болгону кыялында гана жашап, кыял менен гана жашоосун улап келе жатканын жан адамга айта элек. Эмнегедир акыркы кездерде түнт болуп, кабагы да ачылбай, илдет адамга кабылган адамдай жер тиктеп көп ойлонот. Адатынча машинасы менен ишин улантып, ойго алаксып олтурганда Мая жанына басып келип, колу менен акырын ийнинен түртүп:
- Азиза, деги сага эмне болду, кыйкырсам такыр эле укпайсың да? - деп, суроолуу карады. Көздөрү чарчап, көңүлү чөгүңкү, каректери суз тарткан Азиза таттуу уйкудан ойгонгон кишидей чочуп кетти, Мая колу менен түрткөндө. Берилген суроого дагы бир топко күттүрүп анан жооп берди:
- Эже, эмне болду? - деп. Мая иши ийгиликтүү болгон үчүн, Азизаны чайга чакырганы келген болучу. Үнүн жай чыгарып:
- Азиза, жүрү, чай ичип келебиз? Мен жана сен болбосоң азыр тиги кийимдин фасонун тигип бүтпөй, алагды болуп олтурмакмын. Курсак ачты, мени менен барып чай ичип келчи,- деди. Азиза улуу кишинин өтүнүчүн четке кага албай макул болуп, олтурган ордунан турду.
Мая чынында абдан тажырыйбалуу анан иштин көзүн билген, калыс аял. Анткен менен учурда жалгыз жашайт. Тийген күйөөсү менен эки гана ай жашап, андан кетип калган болучу. Анткени жеринен эки сүйлөгөн кишини жети желмогузундай жек көрөт. Күйөөсү эки жолу алдаганда, эч сөзгө келбей кийим кечесин алып, үйдөн чыгып кеткен. Ошол бойдон күйөөгө тийген эмес. Анткен менен адамдык сапатка бай, абдан жакшы аял заты. Учурда чындыкты айткан киши баары бир жаман көрүнүп калбадыбы. Жалаң бир гана чындык издеп жүрүп, ушул жашка келгени өзүнө ылайыктуу кишини жолуктура элек.
Экөө ээрчише басып ашканага келгенде, Мая тамакка заказ берди да, анан Азизаны сөзгө тартты:
- Азиза, сен эмне дайыма капалуу жүрөсүң, бир жериң ооруйбу? - деди эле, Азиза берилген суроого кыска гана:
- Эч жерим оорубайт. Башынан эле мүнөзүм ушундай дегенде, Мая тигиле карап:
- Азиза, калпты айтпа! Сени ойго чөмүлткөн жана сени капа кылган бир сырың бар. Аны сенин сырт келбетиң эле айтып турбайбы. Эгер сен, ичиңден жеген ал нерсени бирөөнө айтып сыртка чыгарып жеңилденип албасаң, сөзсүз ооруга кабылышың толук мүмкүн. Адамды санаа кандай жейт, темирди дат жегендей. Ал жагын да эске ал. Эгер мага сырыңды айтсаң, мен сага колумдан келген жардамымды берип, жакшы кеңешимди айтам. Чынын айтсам сенин мага адамдык сапатың абдан жагат. Айткандай тиги бизде иштеген чылым чеккен кыздардын баары, кыларга иштери жок чылым чегип жатышат десиңби, жок, алардын дагы жан дүйнөлөрү кыйналып, болгон күчтөрүн, армандарын, санааларын бир гана чылым чегип чыгарып жаткандары. Айтып койгон оңой, бирок азыр ар бир адамдын ар кандай арманы бар. Билем, азыр силердин болгон санааңар, күйүтүңөр бир гана сүйүү. Жаш кезде ар бир улан, кыздын күйүтү сүйүү болот. Биздин дагы башыбызга сүйүү келип кеткен. Нинон де Ланкло деген Франсуз ойчулу минтип айткан "сүйүү тобокел жасаган эле соодага окшош, көпчүлүк учурда таш жалак калтырат" - деп. Чынында ал ойчул абдан туура айткан. Азыр акчанын гана заманы болуп калбадыбы. Акчаң болсо баарын сатып алууга болуп калды. Ишенбесең эл бийлеген билермандар, акылдуусунган чоңдор кыздарынан жаш кыздарды токол аял кылып алып жатышат. Аларды эмне ошол жаш аялдары сүйүп тийди дейсиңби? Жок, алардын акчасына гана карап тийгендери бештен белгилүү иш экенин турмуш өзү эле айтып турбайбы. Анткени, отуз, кырк жаш улуу кишиге турмушка чыгуу бул сүйүүгө арбалуу эмес. Айткандай кыз бала жыйырма беш жашта болсо, тийген күйөөсү элүүдө дейли. Азыркы элүүдөгү киши ашып кетсе он жылдан кийин абышка болот. Ал абышка болгон кезде кыз болгону отуз беш жашка чыгат. Анан ал абышкадан кайдагы жылуулукту алмак эле. Менин боорум ооруйт, токол аял болуп тийген кыздарга. Бул сөздү укканда Азиза чукул жерден Сыртпайды эстеп кетти. Чын эле анын акчасына карап тийип алса, ал киши Мая айткандай беш-он жылдан кийин карылык айылына баш багып, эркектик касиети качып калмак дагы, анан ал улуу аялынын балдарына кетип калса эмне болмок? Ушул ойду ойлоп, дагы алаксып кеткенде Мая:
- Азиза, сага эмне болду, бир жериң ооруп турабы? - деп, суроолу карады эле Азиза жооп бергенче болбой берилген заказ келип калып алаксып калышты.
Бир чети Маянын айткан сөздөрү абдан жөндүү жана маанилүү туюлду. Тамак желип жатканда экөө тең эч сөз козгошкон жок. Качан гана тамак желип болгондо Мая:
- Азиза, өзүң бил. Мен сени кыйнабайм "сырыңды айт" деп. Билем, сени эзген санаа эмне экенин. Аны сенин көздөрүң эле айтып турат. Бирок ичтен жеген санааны адам баласы айтып сыртка чыгарып алса, абдан жеңилденип калат. Аялдарды жаратканда алсыз кылып жараткан. Ооба, бекер жерден аялдар баардык нерсени ыйлап, ичтен жеген санааны көз жашынан чыгарбайт. Аялдар ыйлап алганда гана жеңилдеп калаары анык. Айткандай кечинде иштен үйгө барсам, кошуна жашаган эженин күйөөсү ичип келип жаман сөз айтып койсо керек, сөздүн уусуна кабылган Жамила эже мага болгон арманын айтып алып, бир топко ыйлады. Анан гана жеңилденип алды көрүнөт "кой, үйгө кирип тамак жасайын" - деп кирип кетти. Мага арызданып, ичиндеги арманын айтып, ыйлап алганга өзүн абдан жеңил сезип калды көрүнөт "тамак жасайын" - деп үйүнө кирип кеткенине караганда. Сен дагы көптөн бери ичиңден жеген санааны айтып алсаң, жеңилденип калмаксың. Аял заты жаш кезде сүйүүнүн азабын тартса, кийин күйөөнүн азабын тарткан бул жашоонун мыйзамы, аны танып эч болбойт. Менин баамымда сен сүйүүнүн азабын тартып жатканыңды жашырбай эле кой деп, ордунан турду. Азиза туура айтылган сөзгө муюп, үнсүз алдыга кадам таштады. Бир чети Мая абдан туура сөз атты. Анткени Шүкүрдү бир көргөнгө зар болуп жүргөнүн кантип танат эле.
Айткандай эле сыртта үч кыз чычайтып чылым чегип турушуптур. Атаганат, кыз балага чылым чеккен такыр эле жарашпайт. Аны танып да болбойт. Мая тигилерди сынай карап, ичкери киргенде Азизага:
- Байкадыңбы тиги кыздарды, алар бекер чылым чеккен жок. Сенден өтүнүч, чылымдан алыс бол ылайым. "Кыз балага кырк жерден тыюу" - деп бекер айтылган эмес. Алиги кыздардын ата-энелери билбейт да, кыздары чылым чегип аял затына жарашпаган иш менен алек болуп жүрүшкөнүн. Жаман адатка кабылган бат, андан алысташ абдан кыйын. Тиги кыздар турмушка чыкканда билишет, чылымдын азабын. Анткени күйөөсү, кайын журту тыя баштайт да. Баарынан чылымды ташташ азаптын-азабы. Учурда канчалаган эрки бекем эркектер чылымды таштай алышпай азап чегип жүрүшөт. Азиза бул айтылган сөздү укканда таякесин эстеди. Ал киши кырк алты жыл чылым чегип, эми түнкүсүн дагы эки маал туруп чылым чегээрин билет. Ооба, баарынан чылым чеккен эмне деген ден соолукту алат. Орус эли бекер жерден чылымдын кутусуна "сигарет убивает" - деп, эскертүү берген эмес да. Адам баласы билип туруп ден соолукка каршы иштерди жасап келе жатканына турмуш өзү күбө. Ооба, чылым чеккен жаш кыздар эртең эле эне болот. Анан кандай бала төрөйт аны алдына ала билбейт да.
Баягы эле кийим тиккен ак машина. Тигүүчү кыздар ойлору менен алек болгондору менен колдору менен буттары машинада. Күндө ушул иш. Кара жанды багыш үчүн керээлди күнү кечке бир орундан жылбай олтуруу керек. Азиза эмнегедир иши менен алек болуп олтуруп дагы Шүкүрдү эстеп кетти. Шүкүрдүн баскан турганы, күлгөн күлкүсү, кыймыл аракети деги болгон турпаты көз алдына тартылып, аны кайдан издеп табуу керек деп ойлоп койду. Бирок аны тапкан күндө дагы эмне деген сөздү айтат, эгер анын алдында уят болуп калса. Ушул сымал ойлор биринин артынан бири келип, убакыттын өткөнүн да билбей калды.
Убакыт келип, сааттын жебеси жетини көргөзгөндө, кыздардын алды кетүүгө даярдана башташты. Азиза элдин арты болуп цехтен чыгып бара жатканда, бычмачы болуп иштеген Сүйүнбек токтотуп калды:
- Азиза, макул көрсөң азыр киного кирип келбейлиби, абдан жакшы кино болуп жатыптыр, деди. Бул бала көптөн бери кылгыра карап, жакшы көрүп калганын көз карашы менен билгизип жүргөн эле. Азиза, кабагын чытып:
- Сүйүнбек менин колум бош эмес. Үйдө апам санаа чегип күтүп жатат. Андан дагы кечке иштегенге абдан чарчап турам. Башка кыздар менен барчы, - деди эле Сүйүнбек:
- Ар бир адам баласы жүрөк сүйгөн, көңүл каалаган адамы менен бирге баскысы келет. Албетте сен айткандай кыздар көп, бирок менин жүрөгүм бир гана сени эңсеп, сени каалап жатса кандай кылам. Чынын айтсам сен ишке келген күндөн бери, менин жүрөгүм бир башкача согуп жатат. Ишке керек болсо бир гана сенин карааныңды көрүү үчүн келгендей өзүмдү сезе берем. Бул жалганда адам баласы бир гана жүрөктү алдай албайт экен. Туруксуз сүйүүнүн далили-ант, чыныгы сүйүү эч качан антты оозанбайт. Мен сени "сүйүп калдым" деп айтуудан алысмын. Анткени сага болгон арзуумду куру ооз сөз менен эмес, иш менен жана ашыктыкка арналган мамилем менен билгизгим келет. Айткандай бул жалганда бекер жерден айтылган эмес "сүйүүнүн көзү сокур" деп. Ушул жашка чыкканы бир дагы кызды сүйүп калуу менин башыма келген эмес эле. Ал турсун сүйүү эмне экенин билген эмес болчумун. Эмнегедир сени көргөндөн бери көңүлүм алагды. Ушул убакка чейин эптеп чыдадым. Азыр сага мунун баарын айтам деген ой дагы жок болчу, эмне болуп айтып салдым билбейм.
Сүйүнбек эмнегедир өзүн эркин сезе түштү, үстүнөн бирөө оор жүктү алып салгансып. Азиза баягы эле угуп жүргөн сөзүн уккан адамдай кош көңүл мамиле жасап:
- Сүйүнбек, мен билем жана эбак эле байкаган болчумун, мени жактырып калганыңды. Бирок тилекке каршы менин жүрөгүм бош эмес. Сен мени кандай жактырып, канча азап чексең, мен дагы бирөөнү жактырып калып, сенден он эсе ашык азап чегип жүргөн кезим, - деп айтып алып, өз сөзүнөн өзү кетенчиктей түштү. Эч качан минтип бир дагы адамга айткан эмес эле. Эмне болуп бул сөздөр оозунан чыгып кетти өзү да билбей калды. Анткен менен аз да болсо жеңилдей түштү. Анын себеби ичтен жеген санаасы сөз менен сыртка чыгып кетпедиби. Адам баласы дайыма турмуштун далай жолун басып өткөндөн кийин гана жашоодон жаңылганын билери анык. Аттиң, эгер Азиза, Шүкүр менен акыркы жолу жолукканында азга сабырлуу болуп койгондо, анда баары башкача болот беле ким билет? Эми минтип өзү бир кезде арзып калып ага жолугуунун азабын тартса, минтип ошол окуяга кабылган Сүйүнбектин абалына кош көңүл мамиле жасаганы калыстыктын жоктугунан белги берип турат го. Ушул жерден көңүл калбагандай жакшы сөз ойлоп туруп айтып койгондо, анда баары башкача болмок эле. Тун сүйүүгө кабылган баланын көңүлүн чөгөрүп, орой анан олдоксон жооп бергенин кеч сезип калды.
Эртеси күнү Сүйүнбек ишке чыкпай калды. Анын ишке чыкпай калганына Азиза өзү күнөөлүү экенин кеч сезди. Анткени айтылган сөздөр ар тараптуу айтылып, акыры кечинде Сүйүнбек менен Азизанын сүйлөшүп турганын көргөндөр, такыр башка мааниде сөздү айтып чыгышты.
Сүйүүнүн азабынан Сүйүнбек таң атканга чейин ичимдик ичип, ичинен жеген нерсени ичимдиктен чыгарган үчүн, ишке чыкпай калды. Ооба, Азизадан алиги сөздү уккандан көрө муштум жегени алда канча жеңил болот беле... Биринчи жолу кызга сөз айтып, андан дагы андан көңүл жубатарлык сөз укпаганы болгон намысын козгоду. Ооба, кыз баланын жүрөгүн жибите берүү ар бир эркектин эле колунан келе бербейт. Сүйүнбек такыр ойлогон эмес эле, Азизадан каршы сөз угам деп. Көзү караңгылашып, кабагы бүркөлүп, биринчи жолуккан дүкөндөн эле бир бөтөлкө аракты алды да, дароо ошол жерден оозун ачып туруп, теңине чейин ичип жиберди.
Эх, бул да болсо пендечилик да. Чынында Сүйүнбектин, Азизага үйлөнсөмбү деген аруу тилеги бар эле. Канча күн таттуу кыялдарга батпады, канча түндүн теңин Азизага арнап түн уйкудан калды, канчалаган убактысын көбүн бир гана тунгуч сүйүүсү тууралуу ойлободу- дейсиң. Эми бир гана ооз сөз менен баардык жакшы тилектер талкаланып, минтип көңүлү сынып, сүйүүнүн туюк жолуна кабылып, ал жолдон ичимдик менен чыкчудай өзүн таштап салды. Атаганат, бул жерден дагы сабырдын жоктугу, жеңил ойго алдыруунун себебинен ишке чыкпай олтурат. Чакырып барган баладан айттырып жиберди " менин ордума башка бирөөнү алсын, мен иштен кеттим"- деп. Эмнеге мындай кадамга барды, аны эч ким билбейт. Азиза, бул кабарды укканда гана жүрөгү бир "болк" деп алды. Анткени таң эрте ишке келгенден баштап көз кыйыгы менен Сүйүнбекти издебеди беле. Аны жактырып калбаса дагы, өзүн арзып калган баланын элесин бир көргүсү келгени чын эле. Адам баласы бул жалганда чындап караганда жакшы сөз угуудан кандай өздөрүнө кубат алат. Азиза дагы өзүн арзып калган Сүйүнбекти көргүсү келди, аны менен жакшылап сүйлөшүп "сүйүү бир тараптан болгондо алсыз болуп калат, мага убакыт жана ойлонгонго уруксаат бер" - деп айткысы келген эле. Бирок ал оюн айта алган жок, балким Сүйүнбек ишке келсе айтат беле... Эмнегедир бул күнү оюнан Сүйүнбек кетпей койду. Анын кылгыра караган көз карашы, телмире карап тиктегени, көңүл көтөрө тургандай сөз камдап жанына келип айта албай кетип калганы, эч иши болбосо дагы жанына келип турганы, көз алдына тартыла берди. Чакырыкчы бала анын ичип алганын жана иштен кеткенин айтканда Азиза абдан жаман абалда калды. Атаганат, көрсө цехтин ичине бир гана Сүйүнбек көрк берип жүргөндөй сезилип кетти. Анын жоктугу алгач эле Азизага сезилди. Эгер ал сүйүүсүн билдирбей иштен кеткен болсо, анда Азизага деле анын кеткени анча деле мааниге ээ болбойт беле, ким билет. Азиза кабагы салыңкы иши менен алек болуп олтурганда технолог келин келип:
- Азиза, мен барып Сүйүнбек менен жолугуп келдим. Ал сени арзып калган турбайбы. Эми ал сенден уялып ишке чыкпайт. Мен сага бир машина берейин, сен анын акчасын бөлүп берип кутулгандай бол. Колуңдан келсе сен үйүңдөн тигип келип турбайсыңбы? - дегенде, Азиза ойлонуп турбай макул болду.
Машинаны Урмат үйгө чейин жеткизип бермей болуп, даярданып жатканда сөздөн-сөз чыгып, Урматтын туулган жерин сурап калды эле, ал айылын айтканда Азиза дароо:
- Сен Шүкүр деген баланы тааныйсыңбы? - деп сурап калды. Урмат дароо көзүн алайтып:
-Ал менин классташым да. Азыр ал айылга кеткен, бул жактан иштеген иши болбой калып. Бул сөздү укканда Азиза:
- Урмат, колуңдан келсе мага Шүкүрдү жолуктуруп койчу, мен аны канчадан бери таба албай жүрбөймүнбү, караанын көргөнгө зар болуп.
Кап, бул сөз дагы оозунан эмне болуп чыгып кетти билбей калып, ушул бир ооз сөз менен Шүкүрдү абдан берилип сүйөөрүн билгизип алды.
Азизага эми абдан дурус болду. Баягыдай эрте туруп ишке эрте келбейт. Каалаган убактысында турат да, берилген заказды тигип, апасынын жанында. Анткен менен аз убакытка эле колу бошой калса телевизор көргөн адаты ишине тоскоолун тийгизбей койгон жок. Түрк, Корея сериалдары боло турган кезде иш токтойт. Бир дагы сериалын куру кетирбей көрүп, кинодогудай жашоодо жашагысы келип кетет. Бирок баары бир Шүкүрдү эстегенде талмасы кармаган адамдай бир орундан жылбай туруп калган адаты бар. Бул кылыгы апасына дагы байкалып калды.
Күнгө бейшемби болучу. Эртең менен уктап жатса технолог өзү келип:
- Азиза, иш көп, эми ишке чыгып ал жактан эле иштебесең болбой калды. Сүйүнбек эки апта иштеп кайра кетип калды. Ага эмне болду билбейм деги. Абдан жакшы бала эле, ишине так. Ал кеткени ишибиз да аксап баштады. Бычмачылык дагы абдан жоопту иш эмеспи. Баса, Азиза сени кечээ күнү бир бала издеп келди, сага жолугуш үчүн атайын айылдан келиптир "сени бүгүн ишке чыгат" деп койгом. Бүгүн келип калышы толук мүмкүн. Азиза үчүн мындан өткөн жакшы кабар барбы. Анткени ал бала Шүкүр, башка айылдан эч ким издеп келмек эмес. Дароо кийинип, сыртка чыгып келди да, жуунуп - чайынган соң таңкы тамака олтурду. Технолог шашып жатканын билгизип, нан ооз тийип эле кетип калган. Таңкы көрүнүш өзүнүн кооздугун тартуулап, күндүн жаңы келгенинен белги бергенсип, аба салкын тартып турду. Азиза, эмнегедир эле шашып жатты. Эмнеге шашканын бир гана өзү билет. Жүрөгү элеп-желеп болуп, толкунданып алганы даана эле байкалып турду.
Эне да, Шааркан кызынын бул абалын көрүп, өзүнүн жаш кезин эстеди. Ооба, анда Шааркан дагы жүрөгүн ээлеген адамга жолугуу үчүн кудум кызындай болуп ашыкпады беле. Аттиң, ошондо ошол эмгегин Курсант билбесе деле керек. Кыздар жолугуушуга кандай жакшы тилек менен жасанат, бирок аны эркектер биле беришпегени албетте өкүнүчтүү. Азиза дагы бул жолу башка күндөгүгө караганда абдан берилүү менен жасанып, күзгүнүн алдында эле канча убакытын коротту. Ар бир кыймылына баам салып турган Шааркан, абдан таң калды. Анткени, кызынан өзүнүн бир кездеги элесин көрүп турду. Көрсө бул жалганда кыз бала энени, уул бала атаны тартпай койбойт экенине Шааркан өзү күбө болду.
Мындан туура жыйырма жети жыл илгери Шааркан кудум кызы Азизадай болуп бир орунга олтура албай, жүрөгүн черткилеген "сүйүү" деген илдет менен ооруган. Анда Шааркан окууну жаңы бүтүп, мектепке мугалим болуп орношкон болучу. Ал эми Курсант математика мугалими эле. Экөө жаңы гана тил табыша баштаганда, дене тарбия сабагынан сабак берген Жолоочу агай канча улуу экенин билбей жолунан тосуп, колун сурап жатканын Курсант көрүп калып экөө бир топко жолукпай, жүрүшпөдү беле. Анан Курсант өзү жолугушууга чакырганда, кудум кызындай болуп карбаластаганын кантип унутат. Кызы Азиза дагы ошол тагдырды кайталап, көңүл сүйгөн адамына жолугуу үчүн ашыкканын апасына билдирип алганын сезген жок. Кыраакы эне билди, бирок эч сөз айта албады. Аттиң, жаштык ай, жаш кезде сүйүү кандай барктуу. Жүрөк таза, бир гана максат сүйүүнүн аягына чыгуу болуп калат эмеспи. Азиза да үйдөн тим эле абдан шашылыш чыкты, таттуу кыялга жетеленип, Шүкүрдүн алыстан өзүн издеп келгенине ишене албай. Бул да болсо жаш кездеги бир кызыктуу учур экенин жашырып болбойт эле.

#11 06 Март 2016 - 14:33
**********
Тоо этегинде жайгашкан чакан айыл. Элет жериндеги жашоонун шаңы таң эрте башталат эмеспи. Күздүн күнкү эгин жыйноо учуру. Кампада кишинин саны көп. Айыл өкмөтүнүн имаратынын тегереги таң эрте элге толгон. Анткени эгин чапкан комбайындын кезегине туруу эле чоң иш. Мамыт бүгүн үчүнчү күн, комбайындын кезегине турганына. Шүкүр болсо талаада, эгинди кайтарып, тоодон эрте түшкөн кээ бир жылкылар тебелеп кетпесин деп сак-сактап карап жүрөт. Ал эми чөптөр эбак эле чабылып, талаа ачылып калган. Шүкүр үчүн убакыт өтпөй койду. Анткени атасы айткан эле да "эгин чабылып калса шаарга барып кел" - деп. Чынын айтканда шаарга бир гана Азизага жолугуу үчүн келгенге бел байлады. Болбосо көрүп кетпеди беле шаардын жашоосун. Айылдагыдай ээн эркин баса албаса же бир жакын тууганы болбосо, акчага гана күч келтиргени шаарга келбесе, башка жасай турган деле иши жок. Бул жолу атасы эски тракторуна бир тетик алып кел деп гана жиберип жатат. Ага өзү деле келмек, Сыртпай досунун жоругун угуп алып эле ага карата ичи кирдеп, Шүкүрдү жибергени жатат. Андан дагы Шүкүр эки жолу шаарга барып келүү үчүн суранганын эске алды. Сөзүнүн аягында билгизип алган "бирөөнө жолуга келиш да керек болуп жатат" - деп. Бул айтылган сөз менен эле Мамыт уулунун абалын билген болучу. Ата кантип баланын сөзүнө түшүнбөйт. Бала канчалык сыр жашыргысы келген күндө дагы ата менен эне, эмне болгон күндө да баары бир билип койгон бул жашоонун мыйзамы.
Шүкүр чыдамы кете күттү, комбайындын келишин. Анткени эгин чабылса эле шаарга бармак. Ичтен жеген санаа акыркы кездерде чыдамын түгөтүп бара жаткан. Убакыт түшкө жакындап калган кезде, көптөн күткөн комбайын талаага келди. Бул Шүкүр үчүн тим эле абдан чоң кубанычты тартуулады го, Азизага жолугуп жаткандай. Ооба, бул кубанычтын артында албетте Азизага жолугууга жол ачылды деген сөз жатканын танып болбойт болучу.
Комбайын айдаган Сүкүнүн бою тартайып узун, андан калса шашпаган бир адаты бар. Анын ар бир кыймылына көз салып турган Шүкүрдүн ичи бышып кетти. Ан сайын улам комбайындын кампасы какап, бат-баттан токтойт десең. Анткен менен баягы союз учурундагы эскилиги жеткен комбайынга дагы жакшы, ушунча иштеп берип жатканына. Кечки алтыларда гана чабылып бүткөн эгинди кампага төгүшкөндө, Шүкүр оор үшкүрүнүп алды. Ооба, ар бир иштин кыйынчылыгы бар эмеспи. Ушул үшкүрүк менен эмне деген гана кыйынчылыктар арта калганын билүүгө болот. Эми эки күндө эгинди тазалап, ичкери киргизишсе, жумуш бүтөт. Анан шаарга жөнөгөнгө туура келет. Таттуу кыял менен жакшы ойго алаксыгандын өзү бакыт экенин жашырып болбойт го. Шүкүр үчүн түн бир оокумуна чейин уктай албай Азизаны ойлоп жаткан көнүмүш ишке айланган. Кыялында ага үйлөнсө, анын жарашыктуу чачынан сылап, кучагында эркелетип жатса, аппак болгон узун моюнуна колун артып, экөө келечек жөнүндө сүйлөшүп, жакшы бийик кылып там салгандарынан бери кыялданганы, айылдан сагынычы тараганы адатка айланган. Ооба, сүйүү дайыма жакшы тилектерге, жакшы ойлордун кучагына, таттуу кыялдарга жетелейт эмеспи. Ошол себептен "сүйүүнүн бир мүнөтү, бүтүндөй бир турмушту ичине камтыйт" - деп бекеринен айтылбаса керек. Сүйүү үчүн акындар эмне деген гана ырларды жаратпады, ойчулдар таамай сөздөрдү айтып кеткени, сүрөтчүлөр карагандан көз тажабаган чыгарма жаратканы, актёрлордун жигине жеткире аткарган ролдору, жазуучунун сөз менен жеткизе жазган чыгармасынын баары, барып эле сүйүүгө такалат жана такалып келген. Кайсы бир философ айткан экен "сүйүүсүз жашоо супсак" - деп. Албетте өзгөчө жаш кезде сүйүүсүз жашоо чын эле супсак болорун ким тана алат. Ооба, тырмактай таштын дагы тарыхы болгондой, ар бир башка келген аруу сезимдин дагы тарыхы болорун биле жүргөнүбүз абзел. Анысысыңары ар бир адам баскан изин унутпай, алдыдагы басаар жолун билген адам көрөгөч болоруна турмуш күбө. Шүкүр басып өткөн жолун дайыма кайра басып албаганга аракети күч болуп келет.
Убакыт жетип эртең шаарга барам деген түнү Шүкүр таңды-таң атканча уйку бетин көргөн жок. Көз алдынан бир гана Азиза кетпей, аны менен кыялында гана сүйлөшүп жатты. Таң кулөнөк атып келе жатканда гана көзү илинген Шүкүрдү апасы Бермет ойготту. Эненин эмгеги, баамчылдыгына эмне жетет. Бермет, Шүкүрдүн оюн билгенсип, жанына аярлап турду да анан:
- Уулум, мен баарын билем. Эгер сүйлөшкөн кызыңа жолугуп, оюң орундалып калса аны алып келе бер. Атаң дагы айтты "үйлөнсө үйлөнө берсин" - деп. Сенин санааңды бир мен эле эмес, атаң дагы байкап калган өңдүү. Колуңдан келсе ал кызыңды алып кел. Кудага барганга шарт болуп турат деди. Мындай сөздү күтпөгөн Шүкүр таң калып:
- Апа, чын эле мага азыр үйлөнгөнгө болобу? - деди эле, Бермет күлө карап:
- Балам кызыксың го? Сенин канча курбуң үйлөндү. Аларды деле мисалга алсаң болот да. Сен эрте үйлөнсөң, биз эрте неберелүү болобуз. Сенин балаңды эркелетип атаң экөөбүз баарын унутабыз да. Шүкүр жаздыктан башын көтөрүп:
- Апа, шаардык кыз айылга көнбөйт го? - деди эле Бермет:
- Балам, эгер ал кыздын сага көңүлү болсо, сени менен керек болсо тоонун башына барып жашаганга макул болот. Аял затынын сүйүүсү күчтүү, ошол себептен эркекти ээрчип, баарына кайыл болуп Америкага чейин деле кетип жатышпайбы. Колуңдан келсе аял алып келгендей бол. Сен үйлөнсөң, андан кийин машина алабыз деп атаң даярданып жатат. Тиги сырттагы тракторду бирөө сатып алам деп келиптир, баасы келишпей жатат окшойт. Сен бузулган тетигин алып келсең, ал киши келип алып кетет го... Баягы он алты асый болгон бээни дагы сатам дейт. Кыскасы сен жакшылыкты токтотпой аял алып келип калсаң, баары жакшы жагына оойт, - деп айтып сыртка чыгып кетти. Шүкүрдүн эми оюу такыр башка жакка ооду. Чын эле Азизаны алып келсе, анда кандай жакшы болот эле. Бир азга төшөктөн турбай жатты да, анан туруп кийине баштаганда иниси баш бакты:
- Байке, болуңуз, сизди шаарга кете турган таксист даяр болуп турсун деп, Бейшенаалы байкени салып келгени кетти. Апам дагы чай ичип алсын деп шаштырып жатат.
Шүкүр эми кыймылын тездетип, сыртка чыкты. Жашоодогу ар бир шилтенген кадам, ирмелген карек, сүйлөнгөн сөз, күлгөн күлкү, ырдаган үн бул жашоо жаңырыгы. Улуу Алла жаратканда керек болсо, көзгө көрүнбөгөн жандыкка дагы ырыскы бөлгөнү жалганбы. Ал эми адам баласын жаратканда баарынан артык кылып акыл берип, баардык нерсеге жөндөмдүү кылып койгону бул эмне деген керемет. Ойго келбеген космоско чейин учуп барган адамдын колунан эмне келбейт. Ким ойлоптур төрт дөңгөлөктүү машина ушунча алыс жолду эч чарчабай басып өтөрүн. Эгер мындан бир же эки кылым илгери көзү өтүп кеткен ата-бабаларыбыз тирилип келип калса, машинаны көрүп эле таң калып калмак чыгар. Айткандай трактор жаңы чыккан кезде жылкы баласындай көрүп, алдынан чепкенин жамынып жатып алып "үркүтөм" деп тебеленип кала жаздаганы эле караңгылыктан белги берет эмеспи. Анысысыңары машинанын алдынкы орунунда олтуруп бара жаткан молдоке, шарият сөзүн сүйлөп бара жатып:
- Учурда Улуу Аллага шек келтиргендердин саны арбыды. Жанагы химия деген сабакты балдарга такыр эле окутуунун кереги жок. Анткени аны окуган бала шарият жол бербеген ишке барат, - деди эле, айдоочу:
- Молдоке, азыр илгерки басмачылардын учуру, караңгылыктын заманы өткөн. Мезгилдин агымына жараша жашаш керек да. Эгер химия сабагы болбосо сиз минтип азыр машина менен эмес, ат менен жүрмөксүз, ушунча алыс жолду. Ар бир сабактын адамга пайдасы тийе турган үчүн окутуп жатышпайбы. Сизди эле алалы. Машинаңыз бар. Эгер ал машина бузулуп калса, албетте оңдогонго ашыгасыз. Оңдош үчүн химиянын, физиканын дагы кереги тийет. Анткени ар бир элементтин машинада да орду болот, мисалы тосолду эле алалы, ага химиялык зат кошулбаса, аны кантип жасоого болот эле. Бул жерден илим жолу менен диндин жолун сиз чаташтырып жатасыз. Сөз бир топко талашка түштү да, акыры айдоочу башын чайкап:
- Бул - дин адамдарын такыр түшүнүп болбойт. Сөздү толук түшүнбөй эле талаша берген жагы бар. Тиги башка динге өткөндөр дагы сөз жебейт, - деп, молдого теңелгиси келбей, берилген суроого дагы жооп бербей койду. Шүкүр бул жерден молдонун калыстыгы жок сөз сүйлөгөнүн баамдап олтуруп, акырын гана:
- Молдоке, сиз такыр туура эмес айтып жатасыз. Эгер сиздин сөзүңүз туура болсо, кайсы динге берилген адам ушул биз түшүп бара жаткандай машина жасады. Көп сүйлөгөн адамдардын колуна эч иш келбейт. Ар бир адам Кудайды бир гана көкүрөктөн издеш керек, ар бир кишиге сын айтпай, - деди эле, жаш баладан мындай таасын кеп угам деп ойлобогон Алим молдо, эч сөз сүйлөбөй эле олтуруп калды.
Шаарга келгенге чейин жакшы маанайда келишип, аз калганда молдоке жакшы маанайды кайдагы бир даабат сөзү менен өзүнүн билгенин бербей айтып жатып такыр бузуп салды. Айдоочу дагы молдону жактырбай калганын жүзүнөн билгизип, такыр үн дебей койду. Ооба, ар ким өзүнүн оюн туура деп кеп козгой берет эмеспи. Молдо кичине болсо дагы артка чегинип, калыс айтылган сөзгө муюп койгондо мындай болмок эмес. "Эки жакшы жолукса кудалашып коштошот, эки жаман жолукса кубалашып коштошот" - дегендей, айдоочу качан гана молдо жолдо түшүп калганда үшкүрүнүп алды да, аны жаман көрүп калганын билгизип:
- Азыркы таксырларга такыр түшүнүп болбойт. Эч нерсе билбеген адам баардык нерсеге ишене берет. Азыркы молдолор дагы ар ким айткан сөзгө ишене беришип, диндин жолун дагы булгап бүтүштү. Ооба, "шүмшүктөрдүн жападан жалгыз сыйынары - патриотизм" - деп айтылган сөз бар. Молдоке калп эле диндин патриоту болгону менен эч бир көзгө илине тургандай иш бүтүргөнүн укканым жок. Анан минтип тилинен чаң чыгара шарият айтканды ага ким коюптур, - деп, ага болгон жек көрүүсүн ушул сөздөр менен сыртка чыгарып алды.
Шүкүр авто бекеттен түшүп дароо эле Урмат досуна жолукканга ашыкты. Аттиң, ашыктыктын шаштырганы ай, эгер шаарга өз иштери менен келген болсо, анда мынчалык шашпайт эле. Бир гана жүрөккө тынчтык бербеген арзуунун азабы минтип шашканга түрткү берип, аз жерден машинага дагы урунуп ала жаздады. Тоо булагындай таза сезими менен алга умтулуп, Урмат жашаган жерге келсе, ал оңдой берди болуп үйүндө экен. Бирок цехте иштебей калганын жолукканда айтты. Урмат айылга кетип, кайра келгенде, технолог иштен четтетип салган болучу.
Эки дос кучакташып, көкүрөк тийиштирип учурашкан соң эле, дароо сөз өңүтү Азизага бурулду. Шүкүр эбин келтирип:
- Досум, мени Азизага жолуктур. Эгер тил табышып кала турган болсом, айылга алып кетем. Бул сөздү айтканда эмнегедир үнү каргылданып кетти. Ал эми уккан кулагына ишенбегендей Урмат таң калып:
- Чын элеби? - деп элейген түр менен суроо берип калды эле, Шүкүр бир ооз сөз менен гана:
- Мен сага качан калп айтчу элем? - деп кыска гана жооп берип койду. Бул убакта кеч кирип калган эле. Экөө дароо такси кармап, Азиза иштеген цехке келгенде Урмат боюн жашырып:
- Шүкүр, менин көрүнбөй эле койгонум оң. Иштен кетээрде технолог менен кайым айтыша кеткен болчумун. Азыр анын көзүнө чалдыккым келбей турат. Сен бул эшик менен кирсең биринчи эшик технологдун бөлмөсү. Андан сурасаң сага Азизаны чакырып берет. Азизанын дагы көзүнөн учуп жүрсөң керек. Шүкүр сөздү аягына чейин укпай эле, жүрөгү бат-бат согуп, сүрдөп дагы алды. Анткени качантан берки жүрөк эңсеген адамына жолукканы жатпайбы. Кадамы шилтенбей эшикке жаңы гана жеткенде ичкериден технолог бөлмөсүнөн өзү чыгып калды эле, Шүкүр калдастап:
- Саламатсызбы, - деп учурашкан болду. Жылдыз берилген саламды алик алып, сага ким керек эле дегенсип суроолуу карап, жооп күтүп туруп калды. Шүкүр кантсе да элеттин тарбиясын алган да. Сыпаалыгынан жазбай:
- Эже, мүмкүн болсо Азизаны чакырып коёсузбу, жолугууга атайын айылдан келдим эле. Айылдан келгенин айтпай деле койсо болмок. Азизаны чакырып бербей коёбу деп ойлоп жиберип, оозунан бул сөздү чыгарып жиберди. Жылдыз, Шүкүрдүн убара болгонун эске алып:
- Кап, сен дайынын билип алып келсең болмок экен. Ал азыр иште жок, эртең келет. Эртең менен келсең жолуга аласың. Кабатыр болбо, мен ага сенин издеп келгениңди айтып коём деди. Шүкүр башын ийкеп коштошту да, сууга түшүп калган чычкандай шалдырап басып сыртка чыкты. Чыдамы кетип күтүп жаткан Урмат дароо эле суроо берип калды:
- Ой, сага эмне болду деги? - деп. Шүкүр кабагы салыңкы, бир топко берилген суроону жоопсуз калтырып:
- Ал ишке чыкпаптыр. Эртең келет имиш. Эми эртеңкиге чейин мен чыдабайм го. Баса, сен анын үйүн билем дебедиң беле, жүрү үйүнө барып жолугабыз? Айткандай ал үйүндө болсо кайра жакшы да, ээн-эркин жолукканга. Бул сунушту Урмат жактыра берген жок. Үйүнө караңгыда баргандыктан кайсы көчөдө экенин толук билбей калганын эске алып:
- Досум, үйүн азыр караңгы кирип кетти, таап бара албайм. Андан көрө эртең мында эле келгенибиз оң. Азыр биздин үйгө конуп ал. Алгач Кудайберген базарына барабыз, анан түшкө маал Азизага барып жолугуп, макул болсо айылга алып кете беребиз, такси кармап алып.
Шүкүр шаабайы сууп:
- Аттиң, мен өзүмдү бүгүн Азизага жолугам деп даярдап алган элем да. Эми болбостур. Деги эртең ага жолугуп караанын көрсөм экен. Билбейм, ушул жашка чыкканы деле кызга берилип көргөн эмес элем, Азиза өзү менен бирге менин жүрөгүмдүн теңин алып калса керек. Эмне эле балдар сүйүү ырын боздоп ырдашат десе, көрсө бул сүйүү деген немең адамды тим эле мите курттай гана жейт белем. Уктасам уйкум тынч эмес, ойгонсом оюм ордунда эмес. Деги мен бул кызга кайсы күнү жолугуп, кантип аны арзып калдым билбейм. Карасам көчө толо кыз, айылда деле ак маралдай кериле баскан кыздар толтура, анын баарына жүрөк жакындатпай койду. Башка кыздар менен сүйлөшүп деле көрдүм, такыр Азиза оюмдан кетпейт десең. Балким менин башымды айлантып алганбы, билбейм?
Урмат күлүп:
- Шүкүр "сүйүү" - деген ушунусу менен кызык да. Болбосо сүйүүнү эч ким баалабайт болучу. Бул илдет бир гана сенин башыңа келген жок. Көчөдө эч кимди көзгө илбей өбүшкөндөр, сүйүүнүн ашкере фанаттары. Болбосо улуу кичүүдөн уялышат эле го. Чынын айтканда илгеркилердин сүйүүсүн "сүйүү" - деп айтса жарашат. Алар канчалык сүйүүгө берилишкен күндө дагы бир гана жүрөк менен сүйлөшүп, көз караш менен гана сагынычтарын тараткан. Бул сүйүүң деле жеткенге чейин барктуу болсо керек. Бакыт байкемди билесиң да. Жеңемди алганга чейин тим эле илдетке кабылган адамдай тамак жүрөгүнө баспай, бир гана суу ичип кабагы ачылбай калган. Анан атам болгон малын сатып, калыңды камдап алып берген. Эми азыр карасаң жеңем экөө ит менен мышыктай ыркырашып эле урушуп турушат. Бүгүн барсаң көрөсүң, экөөнүн жашоосун. Шүкүр башын чайкап:
- Кап, Бакыт байкеники туура эмес. Ошончо сүйүп алган соң бекер кылган экен, урушканга жол ачып. Эгер мен Азизага үйлөнүп кала турган болсом такыр ага кол көтөрмөк турсун, жаман сөз айтпайм. Эки дос бул темада бир топко талашып - тартышты, акыры үйгө келишкенден соң гана сөздү башка темага бурушту.
Чын эле Урматтын жеңеси сулуу келин экен, эркек сүйгөндөй чырайына Шүкүр көз агыта карап алып "ушул келин кантип урушсун" - деп ойлоп койду. Аңгыча эле бир жагына ооп, көзүн ачып-жумуп мас абалда Бакыт сырттан кирип келип:
- Эй, катын, үйдөсүңбү?! -деди. Абетте жаш келинге "катын" деп кайрылган оозго жарашпайт дагы, кулакка жат угулат. Шүкүр олтурган ордунан туруп салам берди эле, Бакыт тааныган соң гана:
- Кел иним, качан келдиң? - деген болду, булдуруктап. Бир топко калжырап олтуруп уктап калганда Урмат акырын жетелеп барып жаткызып келди. Сырга бир жаштагы баласына тамак берген соң, көз карашы менен билгизди "ушул байкеңерге түтүп жашап жүрөм" - деген сөздү. Ооба, эки жыл илгери эле Сырга боюна караган, шыңга бойлуу, аркар шыйрак, кымча бел кыз эле. Эми минтип бир алкаштын аялы болуп, ар тараптуу айтылган сөзгө бышык кулак болгонун, жашоонун жүгүн артынып кой маарээк тартып, үйрөтүлгөн жылкы баласындай жоошуп, баарына кайыл болуп жашап жатканын чарчаган көз карашы билгизип турду.
Шүкүр таңды таң атканга чейин Урматтын жеңеси тууралуу ойлонуп чыкты. Анткени ал алигидей чырайы менен кордук көрчү жан эмес экенин сын көз караш менен карап, ал ургаачыдан чанда бир жаралчу аял заты экенин баскан-турганынан билди. Аттиң, эгер бир жакшы жигитке чыкканда, кыргызга керек уул төрөп берчү аял затындай көзүнө көрүнүп кетти. Атасы кээде айтып калат "кээ бир аялдардын күйөөлөрү начар чыгып калып, кор болгондору менин зээнимди кейитет" - деп. Айткандай чын эле жакшы кыздардын жолун, тийген күйөөрү бууп салганына турмуш өзү күбө эмеспи. Эртең менен Шүкүр эрте ойгонду. Ойгонсо Сырга күйөөсү Бакытты кууруп жатыптыр:
- Деги сен кандай адамсың?! Кечинде тиги конок баладан уялганымды айтпа! Биздин үйгө киши келеби же ичкен арагың менен үйгө киши келтирбейсиңби?
Бакыт эч сөз жок мугалимдин урушун уккан окуучудай мелтиреп олтурганын ички үйдөн чыгып келе жатып Шүкүр байкап калды. Ооба, кечинде эле арстан болуп аркырап жатпады беле, эми коён болуп тилин жутуп алгансып үн дебейт десең. Кайра Сырга кыр көргөзүп, "эми кезек мага келди" деген таризде сөз менен куруганына таң калды. Анткени момураган Сыргадан мындай ачуу сөздөрдү угам деп оюна да алган эмес. Көрсө бул жалганда "эрди катын урушат, эси жок адам болушат" - деп айтылган сөз бекер жерден чыкпаганына экөөнүн жоругун эле мисалга алсак болот. Шүкүр дагы бир жолу жашоонун сыртка чыкпаган сырына күбө болду. Экөөнү эч ким ойлобойт "сүйүшүп жүрүп үйлөнгөн" - деп. Болбосо жок дегенде сүйүүнү беш, он жыл баалашат эле го, минтип ачуу тилдерин агытпай. Урмат турган соң гана таңкы наарды таткан болуп, экөө иштерин бүтүрүү үчүн үйдөн чыгып кетишти. Жолдо келе жатканда Шүкүр:
- Бакыт байке чын эле жеңеңди сүйүп алды беле? - дегенде, ушул эле суроонун берилишин күтүп тургансып, Урмат:
- Байкадыңбы, экөөнүн мамилесин. Андан дагы кафеден той бергенибизди айтпа. Чынын айтсам апам дагы, атам дагы бул үйгө келишпейт, анткени экөөнүн уруштары эч качан түгөнбөйт. Былтыр тиги кичине баланы бешикке салганы келгенде чоң чыр болуп, ошондон кийин бул үйгө эч ким келгис болгон. Болгону мен гана келем. Сөз ушуну менен үзүлдү, анткени маршрутка келип калды.
**********
Таңкы суук өз өкүмүн жүргүзүп, жашоолору чегине жеткен сары жалбырактар шактардан үзүлүп түшүп, жерге акырын келип конуп жатышты. Аттиң ушул жалбырактар жазында эле жаңы ачылып, айланага кандай кооздук тартуулашты эле. Эми минтип жашоодогу сапарлары карып жерге түшүп жатканы кудум адам баласынын жашоосун эске салат десең. Ооба, адам баласы дагы жаш кезинде кулпурган жашыл жалбырактай көрктүү көрүнөт эмеспи. Анан карыганда саргайган жалбырактардай жерге жакындап, бели ийилип, жашоонун оюнунан четтеп, бир келген жашоонун кадырын билип, убакыттын тез өткөнүн эске салат.
Азиза, ишине келе жатып алгач жашыл жалбырактарга боорун оорутса, эми жол жээгинде кайыр сурап олтурган карыган кемпирди көрүп, ага боору ооруду. Аттиң ал дагы бир кезде өзүндөй болуп көзгө кандай сүйкүмдүү көрүнгөн кыз болгон чыгар. Эми минтип убакыт баарын дарылап, калыстап, карыганда тигини көчөгө олтургузуп койгонуна, Азиза таң деле карган жок. Анткени ар бир адам бул жалганда өзүнүн жазасын алат жана кандай жашаса, ошого жараша карыганда сый көрөт. Балким бул кайыр сурап олтурган кемпир жаш кезинде катачылык кетирген чыгар. Болбосо кызы же баласы багат эле го. Азиза, колдору бырыш баскан, жүзүнүн нуру өчкөн кемпирдин колуна он сомдуктан бирди карматты эле, тиги кемпир тим эле алтын таап алган адамдай кабагы ачыла түштү. Анткени ал курсагы ачка анан эч ким али эч нерсе бере элек болучу. Азизага ушундай бир ыраазы болгонун билгизип, көпкө алкады. Аттиң, адам баласы үчүн бирөөнү ыраазы кылып жакшы сөз уккан кандай жакшы. Таң эрте кабагы ачылган Азиза ишине ушундай жакшы маанай менен келди. Анын себеби, кемпирдин ыраазы болгону, андан дагы маршуруткадан улуу кишиге орун бошотуп бергенде ал дагы "сен жакшы жердин кызы турбайсыңбы, ылайым сени жакшы тарбиялаган апаңдын өмүрү узун болсун" - деген сөзү дагы кабагын көтөрдү. Эх, бул жашоодо баардык жакшы нерселер, жакшы сөздөр, жакшы кабарлар кандай адам баласынын көңүлүн көтөрөт. Азиза, ишине шашып келди. Анткени Шүкүр өзүн күтүп тургандай сезилди. Бирок тилекке каршы Шүкүр эмес эле Сүйүнбек күтүп туруптур. Анын баягы кейпи жок. Күндө ичкилик ичкенге сакалдары алынбай, кийими кир, көзүнөн нур качып, өңүнөн азып катуу ооруган адамдай көзгө абдан кунарсыз көрүндү. Анын саламын алик алып эле Азиза:
- Сүйүнбек сага эмне болгон деги? - деди. Бул айтылган сөздүн артында эмне деген гана сөз жатканын Сүйүнбек түшүнүп:
- Баары сага гана байланыштуу. Сен мени чангандан кийин мага азыр жашоонун кызыгы деле жок болуп калды. Мен бир гана сени менен бактылуу боло алам. Бирок ал бактылуу жашоого жетпейм го. Себеби сенин жүрөгүң бош эмес да. Азиза абдан таң калды. Сүйүнбекти ушунчалыкка барат деп эч ойлогон эмес эле. Бир адамдын тагдырынын бузулушуна өзү себеп болгонун билип, эмне кылышты билбей туруп калды. Атаганат, ушундайда акыл кошо турган адам болсо кана? Эч качан ойлогон да, оюна да алган эмес эле, "бирөөнү сүйдүрүп, аны адамдык сапаттан кетирип салам" - деп. Ушундайда бир гана апасынан гана кеңеш сурабаса, башка эч ким көңүл толо тургандай акыл айта албасын аңдап билип:
- Сүйүнбек, сен мага эртең ушул маалда ушул жерден жолукчу, экөөбүз адамча сүйлөшөлү. Бирок бир гана сенден өтүнүч, ичкилик ичпей келгендей бол! - деди. Сүйүнбекте эмнегедир үмүт оту пайда болдубу, ылжайып күлүп:
- Азиза, сен чын айттыңбы?! Эгер сен мени чанбасаң, ичкиликти такыр ичпей койгонго дарманым жетет. Макул, анда сен мени эртең ушул жерден күт, - деп жолун бошотту. Азиза ишине келип, машинага олтурганы менен оюнун баарын Сүйүнбек ээлеп алды. Чынында ал абдан иштемчил анан адамкерчиликтүү бала болучу. Бирок ал минтип ичип кетет деген ой эч кимдин оюна келген эмес. Колу иште болгону менен болгон дити Сүйүнбекте болду. Анткени ал дагы бир ата менен эненин алпештеп өстүргөн баласы да. Анан минтип болгону "келип, кете берүүчү сүйүү" деген нерсе үчүн өмүрүн ойлобой ичип кеткени, албетте осол иш экенин ойлоп олтурганда, Айжан деген кыз жанына келип:
- Азиза, сага бир бала келиптир, тим эле корей сериалындагы эле актёр баланын өзү экен. Аны кантип таап алдың? Деги сенин баардык жактан жолуң ачык, - деди эле, Азизанын кулагына эч сөз кирген жок, бир гана Шүкүр келгенин билгенден кийин, эмне болуп ордунан турду, кантип сыртка чыкты аны эч билбейт. Тим эле аскерден уулу келген энедей, калдастап калганын өзү элес алган жок. Ушул сөздү, ушул убакытты канча күттү. Ал турсун түшүндө дагы калдастап шашканычы. Канча жолу түшүндө Шүкүргө жолугуп, канча жолу ойгонуп кетти. Эми минтип өңүндө жолукканы турганы, анын издеп келгени, өзү үчүн бул бир келген чоң бакыттай сезилди. Сыртка чыгып көргөн көзүнө ишенген жок. Чын эле өзүн күтүп Шүкүр турган экен. Аны көргөндө көргөн көзүнө дале ишене бербей, далдырап эле туруп калды. Ал эми Шүкүрдүн сүрдөгөнүн жазганга сөз жетпейт го. Экөө жөн эле алтымыш, жетимиш жыл көрүшпөгөн бир туугандардай, эч сөзгө келбей эле алдыга кадам ташташты. Бири-биринен көздөрүн алган жок, аралык жакындаганда эмне болуп бирине-бири бой ташташты аны өздөрү да билбей калышты. Эч кимди көзгө илишкен жок. Андан дагы көздөрүнөн аккан жаш жүздөрүн жууп, аны арчыганга дармандары жетпей турду. Жүрөктөрдүн какканы бири-бирине угулуп, ушинтип кучакташкан бойдон катып калгылары келди. Жашоодогу чыныгы берилүү, таза сүйүү, берилип сагынуу, куса болуу үчүн эч кандай сөз айтуунун кереги жок экенин ушундан улам билсек болот, экөө эч сөз айтышпай эле бирин-бири сагынганын, арзыганын кучакташкан тейде жүрөк аркылуу эле сезип, билишти. Бери жактан карап турган Урмат дагы таң калып калды. Анткени экөөнү минтип көрүшөт деп эч ойлогон эмес эле. Ал турсун эки жаштын бул жоругуна ичинен ыраазы болуп турду. Мунун себеби, чыныгы ашык болгондор гана экөөндөй жолугушат. Мындайда эч кандай сөздүн кереги жок экенин Урмат ушул саам билди. Көрсө чыныгы сагынуунун чын сыры, ушул жерден нак билинди. "Сүйөм, күйөм, сагындым, жаным, каным" - деп айтылган сөздөр сүйүүнү кадырына доо кетирээрин бул экөөнүн жолугушуусуна күбө болгондор дагы бир жолу аңдашты. Технолог Жылдыз көзү толо карап туруп, бул экөөнүн сүйүүсүнө жана жолуккандагы жоруктарына ичинен ыраазы болду. Анткени чыныгы берилүү жана таза сүйүү, болгон жасалмалуулукту кууп салары сөз менен эмес, иш жүзүндө бышык болду. Аттиң, эгер экөөнүн жолугушкандагы жоругун кино кылып тартканда, канчалаган жаштарга сабак болот эле. Ооба, жасалма сүйүү башка келгенде тилдин учу менен "сени сүйөм" деп айтып койгон кандай оңой, эгер таза сүйүү болгон жерде ал сөздөрдү айтканга сүйүүнүн касиети эч жол бербесин Урмат ушул жерден дагы байкады.
Экөө жабышып өскөн кош дарактай көпкө турушту. Кучакташкан тейде үнсүз сүйлөшүп жатышканын баары билишти. Мая эмне үчүн Азизанын кабагы ачылбай жүргөнүн, чеккен санаасынын түйүнү кайда жатканын эми гана аңдады. Анткени Азиза калдастап, эч нерсени карабай, чалынып жыгылып кала жаздап, шашып бөлмөдөн чыгып бара жатканда, кызыгуусу арта артынан чыккан. Ал турсун экөөнүн кучакташып турганын болгон цехтегилер көрүштү. Баары ушул жолугушунун артында эч качан эскирбеген ашыктык, таза сүйүү, чындап берилүү, чыныгы арзуу жатканын өз көздөрү менен көрүштү. "Сыпайыгерчилик - эки жүздүүлүктүн жеткен чеги" - деп айтылган кеп бар. Бул жерде эч кандай сыпайыкерчилик дагы жасалмалуук да байкалган жок.
Шүкүр биринчи жолу кыз кучактап турганына ишене бербей, бул көрүнүш түшүм болуп калбаса экен деп ичинен миң мертебе тиледи. Кудум түш көрүп жаткансып ойгонуп кетпейин деген ойдо болду. Бирок өңүндө болуп жатканына такыр ишеними жетпей турду. Кыз кучактамак турсун, кыздын колун кармабаган баланын абалын жазганга жана айтканга сөз жетпей го чиркин. Кан басымы көтөрүлгөн адамдай, башы айланып, боюн бир гана Азиза кармап тургандай туюлду. Ушунча чеккен азабы боюнан тарап, акылынан ажырап калыбына келе баштады. Ушул убакка чейин кандай күч менен карманып келгенин кеч билди. Кыздын назик денесин бек кучактаган Шүкүр, аны коё берсе эле өзүн бул бакыттан куру калчудай сезди. Дүкүлдөп соккон жүрөгү бара-бара калыбына келип, өз нугунда сого баштады. Анткени ичтен жеген санаанын, кусалыктын, сагынычтын ысык илеби кайтып бара жаткан эле да. Аттиң, ушул жолугушу дагы бир эки күнгө кечиккенде анда эмне болмок... Жүрөктөрдүн кагылышы, аң сезимдин эңсөөсү ушуну менен эле токтоп калган жок. Бир кезде Азиза болгон үнүн чыгарып ыйлап жиберди. Эмнеге антти аны өзү да билген жок. Ооба, бул көз жаштын, бул ыйдын артында ичке толуп кеткен муң, бук чыгып жаткан эле. Качан гана Мая чечкиндүү кадам таштап экөөнүн жанына келип:
- Болду, Азиза, өзүңө келчи? - дегенде гана Азиза бул түшү эмес, өңү экенин билди. Эгер Мая экөөнө жакын келбеген болсо, каккан казыктай болуп дагы канча убакыт турушат эле ким билет. Алгач Шүкүр сөз алды:
- Азиза, кийинип чыкчы, болду эми экөөбүз чеккен азабыбыздын чегине жеттик. Эми сен бир гана мендик болосуң дагы, азыр сени алып кетем. Азизага бул айтылган сөздөр эч таасир берген жок. Бирок эч үн дебестен ичкери кирип кийинип чыкты. Ыйлаганга көзү шишип, дале болсо ичтеги кусалыгы тарай электей сезилди, цехтин технологу Жылдызга.
Жолдо келе жатканда Азиза каргылданган үнү менен:
- Урмат, сага мен өмүр бою ыраазымын. Эгер сен болбосоң мен кусалыктын жүгүн көтөрө албай кыйналып жүрө берет белем, ким билет.
Бул сөздү укканда Шүкүр акырын жүзүнөн өөп:
- Азиза, азыр биз кайда барабыз, билесиңби? Мен сенин эч сөзүңдү укпай айылга алып кеткени келгем. Атам, апамдар бизди күтүп жатышат! Жетет, сен деп ооруп, сен деп санаа чеккен мага. Билесиңби, сен кандай азап чексең, мен сенден миң эсе азап чегип, керек болсо тамакка табитим тартпай калды. Эч ойлогон эмес элем, ушундай улуу жана ыйык дартка кабылам деп. Ал дартымдын бир гана дабаасын сен гана таап, сен гана ал дарттан айыктыра аласың. Азиза башын Шүкүргө жөлөп:
- Шүкүр, мен эле эмне жыргап жашап жатты дейсиңби? Эми баары артта калды, макул көрсөңөр азыр биздин үйгө барып даам сызалы, анан калган сөздү сүйлөшөлүчү. Менин бир гана кеңеше турган адамым бар. Ал менин апам. Апамсыз мен эч нерсени чече албайм. Бирок апам менин сунушумдан баш тартпайт деп ойлойм. Баардык эле энелер бала үчүн баарына кайыл эмеспи. Ушунча жыл багып, ушул жашка чыгарып, болгон тапкан-ташыганын бир гана мага арнаса, апама эч сөз айтпай кетип калсам, анда менин адамдык сапатым калбай калат го. Ансыз деле сени ойлоп чеккен санаама апамдын дагы ичи бышып кетти. Кабагым ачылбаса, көңүлүм өспөсө, эне кантип тынч жашайт. Эмнеге санаа чегип, эмнени ойлоп жатканымды апам билди, бирок менден кантип сурайт эле. Эгер мен эркек болуп сен кыз болуп калсаң, мен эбак эле сени алакачып болсо дагы алып келип алмакмын, жаныма. Бул сөздү укканда Шүкүр:
- Мен дагы сенин ошол оюңду аткарганы келгем. Менин апам дагы чеккен санаамды билип, сени "алып кел" деп айткан. Мен азыр сенин жаныңдан бир карыш да жылбайм, болгон каршылыктарга карабай алып кетем.
Азиза мыйыгынан күлүп:
- Шүкүр, билем сенин оюңду. Сага ыраазымын. Мен сенден ушундай чечкиндүү кадамды күткөм. Кыз бала деги эле аял затынын баары эркек атуудан чечкиндүүлүктү күтөт. Бул жашоодо "эртеңден өткөн калпычылык жок" деп айтылган кеп бар. "Бүгүнкү бүтө турган ишти, этеңкиге калтырба" деген дагы таасын айтылган сөз бар. Баса, эгер сен макул көрсөң, бир апта күтпөйсүңбү, мен дагы даярданып алайын. Бул сөз Шүкүргө такыр жаккан жок, сөздү бөлүп кесе айтты:
- Болбойт, дагы бир апта мени кыйналсын деген турсыңбы? Ушунча кыйналганым эле жетишет! -деди эле Азиза күлө карап:
- Шүкүр уул бала бир гана жолу үйлөнөт, кыз болсо бир жолу турмушка чыгат. Ушул экөөбүздүн тоюбуз супсак болуп калабы деген эле асыл ой. Болбосо мен азыр деле сени менен кеткенге каршы эмесмин. Керек болсо жаштар мечитке барып нике кыйдырып алып деле жашап жатышат. Биздин үйлөнүү тоюбуз бир башкача болсо деген ой пайда болду. Шүкүр кабагы салыңкы:
- Азиза, туура түшүн. Ысырапкерчиликтин кимге кереги бар, ата менен энени кыйнап. Алар дагы көп чарпылбаса дейм. Эгер чоң бизнесим болсо, сени укмуш кылып алып кетет элем, айылга. Сөз ушул жерге келгенде Азизанын үйүнө келип калышты. Шүкүр чын эле калдастап калды да:
- Азиза, мен үйгө кирбей эле койсом кандай болот? Чынын айтсам сүрдөп жатам - деди. Азиза, колун шилтеп:
- Мен азыр үйгө кирип чыгайынчы, атам жок болсо киресиң, бар болсо атамдын кетишин күтүү керек. Эгер апам макул болсо, анда баары ойдогудай болот деп, үйгө кирип кетти.
**********
Сүйүнбек бир үйдүн жалгыз баласы болуп, шаарда өскөндүктөн, бала кезинде абдан эрке болду. Атасы учурунда акчаны жакшы тапчу. Россияга кеткен бойдон, эки жылга кадам басты, али келе элек. Ал эми апасы бир мекемеде бугальтер болуп иштейт. Жалгыз бала болгон үчүн оюндагыны аткармайын жаны тынбайт. Чоң окуу жайды бүткөнү менен эч жерде иштебеди. Чынында оюндагыдай иш чыккан жок. Бир мекемеде жаңы иштеп баштаганда, ал мекеме банкрот болуп жабылып калган. Бир мүнөз күткөн Сүйүнбек, Акыл досунан бычмачылык кесипти үйрөнүп алган соң, ушул цехте иштеп калган. Анткен менен бул иши өзүнө абдан жагат. Тапкан акчасы дагы жакшы. Бир кийимдин материалын бычып берип коёт, тигүүчүлөрдөн эки эсе ашык акча алат. Бир күндө болгону эки же үч саат иштейт, болгону. Калган кезде бош. Бирок башка балдардай болуп казино жана башка оюндарга такыр кызыкпайт. Китеп окуганды абдан жакшы көрөт. Анан футбол дегенде ичкен ашын жерге коёт. Футболдун ашкере күйөрманы.
Сүйүүгө дагы берилип көрбөптүр. Канчалаган кыздар менен окуду жана иштешти, бирок алардын бирин дагы жүрөгү каалаган жок.
Эртең менен ишке келсе, көзгө чалынгандай чырайы бар кыз топчу тигип олтурат. Аттиң, ар бир эркектин көзү сулуулукка кандай кызыгат. Бекер жерден "эркек көз менен сүйөт"- деп айтылган эмес да. Азизаны ар бир кыймылы, баскан турган көз жаздымынан кеткен жок. Улам эле ал кызды уурдана карай берди. Эмнеге антип карап жатканына өзү деле анча көңүл бурган жок. Бирок кандайдыр бир күч сезимин башкарып алды белем, жаңы келген кыз көз алдынан кетпей койду. Бул жөн гана алдамчы сезим деп ойлоп дагы эки, үч күн көңүл бурбаганга аракет кылды.
Ооба, үйүнөн апасы күндө какшап айтат "атаңдай болуп аял саак боло көрбө, азыр кыз деген неме абдан көп, андан дагы "кыз"- деген улуу сөзгө доо кетирип, эркектин оюн бузгандай кыска кийимдерди кийип жатышат. Бир кыздын боюна бүтүрүп коюп, эртең аял алат элем деп мага келбегендей бол. Ала турган кызың үйдүн астанасын кыз бойдон аттагандай болсун. Жакшы жердин кызын алгандай бол. Мен кудаларым менен чай ичишкендей болоюн. Атаң болсо бир жөн эле" - деп айткандан тажабайт. Балким апасынын күндө айткан сөзү кулагына кыттай уюп калган үчүн кыздарга жолобой жүрөбү, аны ачык айтып болбойт. Бир жагынан апасы дагы туура айтат. Эгер иниси же карындашы эле болсо анда сөз башка эле.
Бул жалганда чынында эле баарын алдына алып билүүгө болбойт да. Кимдин-кимге үйлөнөрүн, канча балалуу болорун, канча жыл жашарын тагдыр табышмагы эле билбесе ким билет. Ооба, сүйүү дагы ушундай эле билинбей келип, билинбей кете берүүчү сезим экенин танып болбойт.
Кечинде ишинен келген Сүйүнбектин кабагы салыңкы абалын апасы Акзирек дароо байкады да, тамак алдыга келгенде үнүн жасап жөтөлүп, ысык чайдан ууртап анан:
- Сүйүнбек сага эмне болду, кабагың салыңкы? - деп сурады. Берилген суроого кош көңүл:
- Апа, абдан чарчадым - деди эле, Акзирек ишене бербей:
- Уулум, калп айткан болбойт. Сенин ишиң өзүң айткандай көп деле адамды чарчатпай да. Мен сага бир окуяны айтып берейин угуп тур, - деди. Дайыма бир окуя айтып берген Акзиректин адаты. Андан дагы укмуш кызыктуу кылып айтып берет:
- Тээ илгери мен кыз кезимде бир жигитти жактырып калдым. Бул сөздү укканда Сүйүнбек кызыга түштүбү, суроолуу карады "анан" дегенсип.
Ал бала бирок менин жактырып калганымды билген жок. Ал кезде кыз бала озунуп эркекке арзуусун билдирген абдан катуу уят эле. Менин жүрөгүм бир башкача согуп, болгон дитимди алиги бала ээлеп алды. Сабак окуганга дагы көңүлүм келбей, бир гана ашыктык сезими менен алп урушуп, санаа чегип калдым.
Бир күнү апам менин абалымды билип койду да менден сурады. "Кызым сага эмне болду"- деп. Мен сендей болуп калпты айттым "кийинки убакты чарчап жүрөм" - десем апам мени урушту. "Сен калпты айтпа, кыз балага калп айткан жарашпайт" -деп, өзүнүн оюн айтты. Ал кезде мен мектептин онунчу классында окуп жүргөн элем. Тиги мен жактырып калган бала жаңы гана аскерден кызматын өтөп келген. Апам сөз кезегин келтирип " кызым, бул сага келген назик сезим келип кете берүүчү нерсе. Билем сен бирөөнү арзып калганыңды. Алгач окуп бир кесиптин ээси бол. Шаардан андан башка жигиттерге жолугасың. Жаш кезде андай сүйүүлөр башка көп жолу келет. Макул сен азыр турмушка чыгып алдың. Эртең төрөп түшсөң, анан сени ким карайт. Кыз бала бир кесипке ээ болгону жакшы" - деди. Көрсө ар бир бала жана кыз атасы менен энесин алдай албайт экен. Апам абдан туура айтыптыр. Кийин шаарга келгенде баягы ысып - күйүп ашык болгон сезимим эмне болуп өчтү, өзүм дагы билбей калдым. Анысысыңары сен дагы бирөөнү арзып калганыңды сырт келбетиң эле айтып турат. Түндө дагы ооналактап тынч уктай албай чыктың. Эгер чын эле кыз жактырып калсаң айт, мен дагы сынымдан өткөрүп көрөйүн деди эле, Сүйүнбек апасынын баамчылдыгына баа бергени менен кырс мүнөзү карматып:
- Апа, эч кандай кыз - мыз дегенди айтпаңызчы. Азыр мени такыр башка нерсе кызыктырат деп, каратып туруп дагы калп айтып койду. Бирок чын эле болгон аң- сезимин Азиза ээлеп алган болучу. Анткен менен башка балдардай болуп бир дагы кызга "сен мага жагасың" - деп айткан эмес. Ошол сөздү айтуу кандайдыр бир намысына тийгендей сезиле берет. Бул анын тээ бала кезинен бери келе жаткан адаты. Ооба, ар бир адам баласынын бала кезден бери түптөлүп калган мүнөзү болору анык. Сүйүнбек чынында жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде эле үйлөнүп алса болмок. Кандай гана сулуу кыздар менен окуду. Ал турсун бир курс кийин окуган Элмира деген кыз бир олтурушта ачык эле айткан, балким сегизинчи март беле " мага Сүйүнбек абдан жагат" - деп. Ошондо дагы тоң моюндугу кармап, кош көңүл мамиле жасап койгон. Ал кыз бир мекеменин жетекчисинин кызы болучу. Бирок, Сүйүнбекке деле жакчу. Аны эмнеге колдон чыгарып жиберди өзү да билбейт. Курсташтары дагы канча жолу айтышты "Элмираны алып алсаңчы, дароо ишке орношосуң" - деп. Андан башка канчалаган кыздар үмүттүү карады, аттиң. Бирок бирөөнө дагы көңүлү чаппай койбодубу. Эми минтип Азизаны арзып калып, ичинен от болуп күйүп, чок болуп түтөп жүрөт.
Бул жалганда беш кайып бар деп айтылат. Ошол беш кайыптын бири "дидар" кайып. Ар бир адамдын бири-бирине дидары бурулуп калса дос болот, ал эми эркек менен кыздын дидары бирине-бири бурулуп калганы ашыктыкка алып келет. Сүйүнбектин дагы дидары Азизага бурулуп калып, ичтен жеген санааны айта албай, абдан кыйналды. Буга албетте мүнөзү жол бербеди.
Ар бир иштин бүтө турган учуру, сөздүн дагы айта турган кези болот дегендей, Сүйүнбек болгон күчүн жыйып, Азизага арзуусун билгизди, бирок өзү күткөн жоопту ала албай, апасына дагы баш бербей акыры болгон күчүн ичкиликтен чыгарды. Кайран эне ай. Көрсө ар бир эненин жүрөгүн бала үчүн абдан мээримдүү, кечиримдүү кылып жараткан белем. Сүйүнбек ичип алып келип апасына тилин дагы тийгизди.
- Апа, сен мага акыл үйрөтпөчү. Баягы колхоз кезиңдеги мээңе сиңип калган акыл азыр эч роль ойнобойт. Сизге мен байдын же чиновниктин кызын кайдан табам. Мага жаккан кыз сизге жакпайт деп, катуу кызуу болуп келген күнү айтып салды. Ушул сөз менен апасына ашыктыктын азабын тартып жүргөнүн билгизип алды. Эх тилдин азабы ай. Эгер бул сөз оозунан чыкпаса, Акзирек баласынын ичинен жеген санаасын так билбейт эле. Жалгыз баланы кичинесинен эрке өстүрүп алганына эми гана өкүнүп олтурат. Ооба, баланын кичинеси кандай жакшы. Бирок бала чоңойгондо чылым чегип, ичимдик ичет деп эч бир ата-эне ойлобойт. Ооба, шаардыктар балага такыр башкача мамиле жасап, башка элди туурап "эркин өссүн" - деп баланын жана кыздын оюу менен болуп жатышып, кийин кеч болуп калганда өкүнгөндөр четтен чыгат. Акзирек менен Омор дагы жалгыз балабыз деп, Сүйүнбекти эмне кылып гана өстүргөн жок. Көп акча төлөнгөн бала бакчага берди, анан дагы акча төлөп гимназиядан окутту, кийбегенди кийгизди, ичпегенди ичирди. Бирок оюндагыдай бала болуп берген жок. Ооба, баланы канчалык аздектеп баккан менен дээринде эч нерсе болбогондон кийин кайран гана ата менен эненин эмгеги талаага гана кетээринде эч шек жок.
Акзирет көңүлүнө жаккан бир эмес, эки кызды үйүнө конокко чакырып келип Сүйүнбек менен тааныштырганда, эненин асыл оюн билбей, баалабай эки кызга тең көңүл бурбай койгону, Акзиректин көңүлүн катуу оорутту. Аттиң, энени эмгеги ай. Эгер балмуздактын түрүн, шоколаддын таттуусун сатып берип баккан апасынын эмгегин дээринде болсо Сүйүнбек, баалмак да.
Акзирек ишинде олтуруп да болгон максатын ой тилегин "Сүйүнбек бүгүн ичпей келсе экен" деген санаа ээлеп алды.
Баланы ушинтип, азабын тартайын деген ой менен эне бакпайт да. Эненин бир гана түнү туруп эмчегин эмизген эмгеги эле эмне деген баа жеткис эмгек. Бирок бул жалган жашоодо ар бир адамдын оюндагыдай жашоо боло бербейт экен да. Акзиректин акыркы кездерде ыйлагандан көзү шишип, санаадан бир орунга олтура албай калды. Ушундан көрө айылда жашаганда эмне, анда мынчалык кыйналмак эмес беле. Бул шаардык балдардын жашоого карата болгон аракетине түшүнүп болбой калганын Акзирек башына келгенде билип олтурат. Канча жолу "сабак болсун" деп кандай гана окуяларды айтып бербеди. Ал турсун күйөөсүнүн жоругун дагы мисал кылбадыбы. Бирок анын баары эч таасир бербегенине арданды.
Ишине келип, Сүйүнбектен бир жашка кичүү, жаңы ишке орношкон, жасаган ишине көз толоорлук, ишке так Алымбекке тапшырма берип коюп, Сүйүнбек иштеген цехке баруу үчүн жолго чыкты, бир дайынын билүү үчүн.
Жолдо карата Алымбек менен Сүйүнбектин жоруктарын салыштырды. Алымбек дайыма ишке келгенде айылдагы апасы менен сүйлөшүп, ал акыбалын сурап турат. Ал эми Сүйүнбек телефон чалмак турсун кечинде үйүнө келгенде атайын арнап бышырган тамакка дагы көңүл бурбай жатып алган учуру далай эле жолу кайталанбадыбы. Чаржайыт ойлор башына келди. Ооба, чынында эле тагдыр үчүн жылуулук издеп, ташты тешип чыгып, таштын бетине өсүп чыккан гүл дагы жошоо үчүн күрөшкөндөй, Акзирек да уулунун кийинки тагдырын ойлоп, өмүрү басып барып көрбөгөн тигүүчү цехке келди. Биринчи жолу көрүп жатат, катар тизилип алып тигип жаткан кыздарды иш үстүндө. Колдору тынбай материалдарды улам алга түртүп, өз иштери менен алек болгон кыздар Акзиректин кирип келгенин деле элес алышкан жок. Бир көз ирмемде тигүүчү кыздардын эмгегин баалаганга үлгүрдү. Аттиң, көз менен көрмөйүн эч ким ишенбей. Ушул жөнөкөй келин-кыздардын колунан тигилип чыккан кийимдер алыскы Россияга кетип жатканын. Ооба, тырылдаган машинанын үнү, колдору менен буттары бир тыным албаган кыз-келиндердин кыймылы, жөн гана чүпөрөктөн тигилип чыгып жаткан көз жоосун алган кооз көрүнгөн кийимдер Акзиректин аз убакытта кызыгуусун арттырды. Аңгыча эле жанына "сиз кимсиз жана сизге ким керек" - дегенсип технологдун келип калганы оюн бөлүп, алагды кылды. Жылдыз учурашкан соң:
- Эже, сизге ким керек, - деди эле, Акзирек жылмая карап:
- Бул жерде иштеген кыздардын чоңу менен сүйлөшсөмбү деген ой менен келгем.
Жылдыз күлө карап:
- Эмне жөнүндө? Жүрүңүз, анда тигиндей басалы деп, алдыга кадам таштады да, өзүнүн бөлмөсүн ээрчитип келди. Оюнда "заказ бергени келсе керек" деп да ойлоду, сыйда кийинген Акзиректин бой келбетине карап. Бөлмөнүн ичи кудум начальниктердикиндей стол коюлган, анан кичине бөлмө эле. Акзирек бөлмөнүн ичин аялдык сын көз караш менен караганга да үлгүргөнгө жетишти. Аттиң, аялдардай баамчыл жана сын көз караш менен караган эч ким жок го. Ооба, керек болсо аял заты ар кимдин кийген кийиминен бери сынап жиберген адаты бар эмеспи. Ошол себептен пайгамбар бекер жерден "аялыңды байдын үйүнө ээрчитип барба" - деп айткан эмес да. Сөз орундукка олтурганда башталды. Алгач Акзирек:
- Сиңдим атың ким? - дегенде, Жылдыз өзүн сыпаа кармап, үнүн жасап:
- Ысымым Жылдыз, ушул цехтин технологу болом. Кандай иштер менен келдиңиз эле? - деди. Акзирек бир саамга ойго алдырып жиберип, анан:
- Менин атым Акзирек. Силерде иштеп кеткен Сүйүнбектин апасы болом. Менин келген жөнүм бул, - деп, сөздү эмнеден башташты билбей туруп калды эле, Жылдыз:
- Анда жакшы экен. Сүйүнбек абдан ишине так, жакшы бала эле, акыркы кездерде эмне болду билбейм, эч себеп жок эле ишке келбей калды. Бычмачы жок, ишибиз да аксап жатат. Акзирек уулунун дарегине карата жылуу сөз укканга кабагы ачыла түштү да:
- Мени дагы ойго салган ошол маселе болду. Ишине барып дайынын билейин деп келген элем. Деги силер бир нерсе айта аласыңарбы? - деп суроолуу карады. Жылдыз ойлонгон түр көргөзүп, "айтсамбы же айтпай эле койсомбу" - деген эки анжы ойго кабылды да, Акзиректин абдан капалуу жүзүн көрүп:
- Эже, мени айтты дебеңиз. Бизде иштеген бир кызды арзып калган өңдүү. Анан ал кызды мен иштен кетирип жиберген болчумун, үйүңдөн эле тигип келип тур болбосо, Сүйүнбек ишке чыкпай жатат деп. Ал кызда деле күнөө жок. Сүйүнбектин сөзүнө "жүрөгүм бош эмес, ээси бар" деп жооп берип койгонго, Сүйүнбек абдан катуу теригип, тигинтип ичип алганы жаман болду. Мен деле жакшы кеңештерди айттым. Бирок эч таасир бербеди. Акзирек эми гана иштин тереңи кайда жатканын билип, чоң ачылыш ачканы жаткан окумуштуудай ойго катуу алдырып жиберди. Эх, эненин эмгеги ай. Жашы отузга жакындап калган уулуна дагы ушунча санаа чеккени эмне деген сөздү ичине камтып турат. Бир кезде үнүн жогору чыгарып:
- Жылдыз, Сүйүнбек менин жалгыз балам. Анын кийинки жашоосуна кам көрбөсөм болбойт. Макул көрсөң мага ал кыздын үйүнүн дарегин бер. Жолугуп сүйлөшүп көрөйүн. Балким ал кыз экөөбүз биригип, кеңешип Сүйүнбекти ичкиликтин сазынан сууруп чыгарбыз. Чынын айтсам ал өзүнө да карабай калды. Иче берип боору эзилип кетмей болду. Бир ылаажы таппасак болбойт деди эле, Жылдыз кабагын чытып:
- Эже, балким ал кызды бул жакка кийлигиштирбей эле койсок кандай болот? Эгер Сүйүнбек билип калса, анда ишти татаалдантып алабыз.
Акзирек бул сунушту жактыра берген жок. Ойго алаксыган болуп, өз оюнан кайтпай:
- Жылдыз, айтылган кеп бар "эмнеден оорусаң, ошондон айыгасың" - деген. Сүйүнбекти бир гана ал кыз сөзгө тарта алат. Мейли, анын жүрөгү бош болбосо. Бирок анын сөзүн укса балким Сүйүнбек эсине келет чыгар. Бул сөз Жылдызга абдан жакты. Чын эле ичкиликке берилип кеткен Сүйүнбек азыр кимдин сөзүн укмак эле. Баарынан дагы бир үйдүн жалгыз баласы болсо. Андан дагы адамдардын көбү сүйүүнүн тилин таба билбейт да. Болбосо, баары башкача болмок. Жылдыз бир топко ойлуу олтуруп:
- Эже, мен ал кыздын үйүнүн телефонун берейин. Бирок менин бергенимди ал кыз билбесин. Чынын айтканда Азиза абдан жакшы кыз. Балким аны менен тил табышып калат чыгарсыздар, - деп суроолуу карады. Ооба, Акзирек чынында боюна караган, жарашыктуу кийим кийген таза жүргөндү жакшы көргөн аял. Анын кийген кийимин дагы Жылдыз байкап, сөздү абайлап сүйлөгөнгө аракети күч болду. Ооба, кимдин ким экенин анын ишинен эмес, учурда адамдар кийимине карап мамиле жасап калганы карандай чындык болуп калбадыбы. Ошол себептен кымбат кийимдерди кийгенге ар ким ашыгып калганына турмуш өзү күбө. Жылдыз жылуу коштошуп, кайра-кайра эскертип калды. Дагы бир жолу Акзирек, бул жакка келип кеткенин Сүйүнбектин билбей эле койгону оң деп катуу дайындады.
***********
Бул жашоодо өрүлбөс өрүм, өкүнбөс өмүр болбойт дегендей телегейи тегиз ким болуптур, деги эле бул жашоодо ушул кезге чейин жашап өткөн адамдарын ичинен. Керек болсо жаамы журтту башкарган хандардын, акчасы чөнтөгүн тиреген байлардын дагы ичтен жеген санаасы болгон жана боло берээри анык. Бул эми турмушта кайталанып эле келе жатпайбы. Эл башкарган эки ажонун эле тагдыры билинбегени менен кандай аянычтуу. Ата-бабасы мекендеген, туулуп өсүп киндик каны тамган жерге басып келе албаганы эле алар үчүн эмне деген жаза. Ушул сымал эле Сүйүнбектин атасы Омор да ар кимден карызга акча ала берип, бизнеси такыр болбой калганда, эч кимге айтпай Россияга качып кеткен. Ооба, Омор өзү дагы атадан жалгыз. Бул жалгыз балалуу болгон дагы тукум кууйбу, Омордун атасы, чоң атасы да атадан жалгыз бала болуптур. Балким чоң аталары каргышка калганбы, аны эч ким билейт. Бирок уккан сөзүнө караганда Омордун чоң аталыры абдан бай болушканы айтылат. Демек бай болушса анда эмнеге башка жарды? Бул суроого жооп жок.
Омор, Россиянын Тула деген шаарына жакын жердеги бир айылда жашайт. Бирок анын бул жакта экенин эч ким билбейт. Болгондо дагы уй багылган фермада жөнөкөй гана жумушчу болуп иштеп жатканын тааныгандар билбейт. Анткен менен тапканы өзүнө жетет. Орус калкы уйдун ич этин жебейт эмеспи. Омор жаңы союлган жана ооруп өлгөн уйлардын ич этин алып келип муздаткычына салып коюп, бир четинен бышырып жей берет. Бир өзбек улутундагы келинге баш байлап алган. Анткен менен акчасынын теңин кассага салып, чогултуп жатканын жан адамга билгизбейт. Алган аялы дагы тапкан акчасын өзү кармайт. Экөө жөн гана эрди катын болуп, бир төшөктө жаткандары эле болбосо, бири-бирине көп деле сыр айтышпайт. Болгону иштерине барып келет, анан бош убактыларын телевизор көрүшөт. Омордун бир жакшы жери ичимдиктен алыс болгону. Ошол сапаты орустарга жагып, иштеген жеринде аз болсо дагы кадыры бар. Бирок, акыркы кездерде өзгөчө уулу Сүйүнбекти көп ойлойт. Бул жакка келгенге чейин үйлөнтүп койбогонуна абдан өкүнөт. Ооба, ар бир ата канынан жараган бала үчүн кантип санаа чекпей коёт. Эгер карызы болбогондо ушул уй, кык жыттанган сарайда иштебейт эле. Бул да болсо тагдырдын буйругу экенин жашырып болбойт. Эгер уулу үйлөнүп калса, куда башы болуп ким барат, маселе мына ушунда. Кыргызстан менен байланыша албайт келет. Эгер дайыны билинсе эле карызын доолагандар таап алышы толук мүмкүн. Бул эми Омор үчүн негизги маселе экенин эч жашырып болбойт. Аттиң, жок эле дегенде эки же үч уулу болсо кана. Сүйүнбек төрөлгөндөн бери эле тилек кылганы, жакшы жерден аял алып берип, уулунун үйлөнүү тоюн болуп көрбөгөндөй кылып өткөзүү эмес беле. Кээде арданып да кетчү. Жолдоштору кафеден балдарын үйлөнтүп, той бергенде. Алардай болуп жакшы санаалаштарына чай бере албаганын эстегенде ичинен түтөп кетет десең. Ар бир адамдын ойлогон оюу, тилеген тилеги бар, бирок баары эле аткарыла берсе анда жакшы болбойт беле.
Убакыт чоң шашкеден ооп калган кезде Оморду ферманын директору чакырып калды. Албетте андайда адамдын оюна эмне деген гана ойлор келет. Эгер жөндөн-жөн эле директор чакырса. Бул эми илгертен бери эле келе жаткан адам баласы үчүн адат экенин жашырып болбойт, кожоюндан сестенген. Омордун оюна ар нерсе келди. Атаганат, эгер азыр директор чакырбаган болсо, өз ишин бүтүрүп коюп, үйүнө келбейт беле. Алдыга кадам таштап келе жатып, ар тараптуу ойлорду ойлогонго жетишти. "Балким Кыргызстандан бирөөлөр сураштырган чыгар" - деген да ой башына келди. Андайда адам баласынын оюна качан жакшы ой келчү эле. Директорго жолукканга чейин тим эле кан басымы да көтөрүлүп кеттиби, айтор абдан катуу санаа чеккенге үлгүрдү. Эч качан директор минтип чакырган эмес. Андан дагы Славик деген жашы отуздарга барып калган бала өңүн бузуп, үнүн дагы бир башкача кылып айтпадыбы "сени шеф чакырып жатат, эмне бир иш кылдың беле?" - деп. Эх, ушунча жыл жашап азыркыдай абалга кабылганы да эсинде жок. "Балким бир шылтоо таап, иштен чыгарып салса кайда барып жашайм?"- деп да ойлоду. Бир жагынан жаш өзбек аялы да эсине келди. Ага калп айткан менен көнө да түшкөнү бар. Анын сыйчылдыгы абдан жагат. Урушканда дагы "сиз" - деп урушат. Качан гана Омор конторага келгенде, кире бериштеги күзгүгө каранып алып, өзү да чочуп кетти. Анткени жөн эле көрүмчүнү көрүп корккон адамдай, өңү купкуу болуп чыгыптыр. Бир саамга өзүн токтотуп туруп, анан кайын атасына жүгүнүп кирген жаш келиндей болуп, ыйбаа кылып, эшикти чертип ичкери киргенде директор телефон менен сүйлөшүп жаткан экен, ал колу менен белги берди "сыртка чыгып тур" - дегенсип. Ушул эле белгинин күтүп тургансып Омор сыртка тим эле шашып чыкты. Ушул жерден билди өзүнүн өтүмү жок, коркок адам экенин. Чынын айтканда орус калкы абдан көп сүйлөшөт эмеспи. Директор кеминде телефон менен дагы жарым сааттай убакыт сүйлөштү го чиркин. Аны күтүп олтуруп Омор дагы кыйналып кетти. "Кайсы жеримден жаздым дагы, кайсы жерден жаңылдым. Балким уйлардын ич этин алып жатканымды жактырбай жатабы?" - деп.
Аңгыча эле ичкериден директордун үнү угулду:
- Сактанов, кире бер, -деген. Ушул эле сөздүн айтылышын күтүп тургансып Омор олтурган ордунан шып эткизе тура калды да, анан чоң санааны артынып, ичкери кирди.
Директор орто жаштан өтүп калган, олбурлуу, курсагы чыккан, көзү күрөң болгону менен чачтары сары, маңдайкы эки тиши алтын, мойнунан качан болсо галстук түшпөгөн, кийимди таза кийген анан ишине так калыс адам. Эч качан адамдарды улутка бөлбөйт жана иштеген адамды сыйлай билген жакшы сапаты бар. Омор сырттан кирип келгенде, колу менен жаңсап белги берди "мында олтур" - деп, маңдайындагы стулду көргөздү. Ооба, бүркүттү тырмагы, адамды кызматы сүрдүү кылгандай, директор Омордун көзүнө абдан сүрдүү көрүнүп кетти. Эч сөз оозуна кирбей калды. Директор ан сайын сүрдөтүп, тике карап, чакырган жөнүн дароо айтпай сынай караганда, Омор жаңы таанышкан жигиттен сүрдөгөн жаш кыздай абдан уялып кетти. Василий Сергеевич бир топто гана сөзгө келди:
Омор, сенин деги үй-бүлөөң барбы? - деди эле, Омор шылкы бош:
- Бар, бир уулум бар. Бирок аялым менен таарынышып кеткен элем.
- Уулуң канча жашта? - деди, суроо жаңыртып. "Эмнеге менин үй-бүлөөмө кызыгып жатат?" - деп ойлоп:
- Жашы отузга жакындап калды, бирок үйлөнө элек. Ушул сөздөрдү оозу кыбырап араң айткандай болду. Василий Сергеевич бир саамга сынай карап:
- Омор, сен бизде эки жылдан бери иштеп жатасың. Ооба, ишиң жаман эмес. Туура көрсөң эми эмгек отпуска алып туулган жериңе барып келбейсиңби? Мен эки жылдык отпускаңдын акчасын берейин. Келгенден кийин сага тиги Олегдин ордун берем. Ал ичип алып ишти катуу артка тартып жатат. Эгер кааласаң Сочиге барып эс алып кел. Мага сенин чынчылдыгың жакты деди. Эх, начальниктен жакшы сөз уккан кандай жакшы. Бир аз илгери эле санаа чегип жаткан Омор болуп көрбөгөндөй сүйүнүп, оозуна сөз келбей калды. Аттиң, чын эле Кыргызстанга барып, баласын үйлөнтүп келсе гана атаганат. Бирок, Кыргызстанга барганга жол ачык эмес да. Болбосо, уулу Сүйүнбекти үйлөнтүп, болуп көрбөгөндөй той өткөзөт эле. Омор бир азга тайсалдап:
- Макул, мен ойлонуп көрүп ачык жообун эртең берейин. Кыргызстанга барамбы же Сочиге барамбы анын так жообун өзүм айтам, - деди эле, Василий Сергеевич:
- Омор, менин оюмча эмне болгон күндө дагы өзүңдүн жериңе жетпейт. Уулуңду көрүп келгенге аракет кыл. Бала деген бала да. Ал эми аялың менен өзүң тил табышып аларсың. Омор башын ийкеп, ачык жооп бергенге жарабай сыртка чыга жөнөдү.
Бул күнү кечке баласы жөнүндө ойлонгонгобу, айтор түшүнө уулу Сүйүнбек кирди. Абдан жүдөп, кейпи кетип калыптыр. Чачы, сакалы өскөн, көчөдөгү селсаяктардан эч айрымасы жок. Ал эми аялы Акзирек дагы арыктап, өңүнөн азып калгандай. Эртең менен ойгонуп эле көргөн түшүн эстеди. Алыста жүргөн адам жаман түш көргөндө кандай санаага батат. Аттиң, эгер баары жакшы болгондо минтип алыс жерде жүрбөйт эле го.
Омор таңкы наарды ичип болгон соң, сыйда кийимин кийип, конторага барганы даярданып жатып, уулу Сүйүнбек менен байланышка чыкты. Көптөн кийин гана уулу телефонду алды. Болгондо дагы анын үнүнөн эле мас экенин билип, жүрөгү опкоолжуп кетти.
- Алоо, уулум кандайсың? - деди эле Сүйүнбек көңүлү жок:
- Жүрөм, жашоо өтүп жатат деп, кыска жооп берди. Бул сөздүн артында кандайдыр бир өкүнүч катылып жаткандай сезилди. Андан ары жарытылуу деле сөз козголгон жок. Акча салса ичип салчудай туюлду. Ата баары бир балага сынчы болот эмеспи. Сүйүнбек сөздүн аягына чыкпай өчүрүп салганда дагы, жүрөгү сестене түштү. Анткени ал эч качан мындай мамиле жасачу эмес эле. Ушул жерден эмнегедир эле чукул жерден бир ой пайда болду "Мен алдаган элдердин каргышы балким баламдан чыкканы калган го. Канча кишини сызга олтургуздум, алардын каргышы жөн кетпейт" - деп ойлоп, эмнегедир денеси калтырап кетти. Ооба, адам баласы дайыма башына иш келгенде гана өткөндү жана улуу жаратканды эстеп калган адат эмеспи. Омор эми дароо Акзирекке телефон чалды. Канча болду байланышпаганына. Ооба, тээ бала кезинен берки кыялы кармап, телефондон симканы чыгарып, башка симка салып алган эле.
Узакка созулган үндөн кийин Акзиректин үнү угулду:
- Ало, бул ким? - деген, аялынын үнүн укканда, Омор бир саамга үн атпай туруп:
- Акзирек кандайсың, жакшы турасыңарбы? - деди, колунун келишинче сыпаа үнү менен. Акзирек айласы жок гана Омордун үнүн укканда өзүн араң кармап:
- Жакшы!- деген болду кыска гана.
- Акзирек, колуңдан келсе мени кечирип кой. Макул көрсөң сен менин сөзүмдү акырына чейин угуп койчу. Мен эми гана сенин баркыңды билдим. Сүйүнбек кандай жүрөт, - деп сурады эле.
- Жакшы, сенсиз деле күнүбүз өтүп жатат. Аны коюп карыздарыңдан кутулуп, мында келип жашабайсыңбы. Балага деген ата тарбия берет. Уулуң азыр өзүн-өзү билип калган. Анын эмнесин сурайсың? - деп, какшык аралаштыра сүйлөдү. Ушул сөз менен эле уулунун абалын билип, эмне сөз айтышты билбей, кара көңүл боло түштү да анан:
- Акзирек мен сага анан чалайынчы деп, телефонду өчүрүп салды. Бул эми жаман сөздүн жана жаман кабардын белгиси экенин жашырып болойт эле. "Жүрөккө бырыш түшпөйт, так түшөт" - деген сөз бар. Анысысыңары Акзиректин жүрөгүндө так калган үчүн ал жакшы сөз айта албаганын Омор сезип өзүн карманып, ылайыктуу жооп айта албаганына арданып, телефонду өчүргөнчө шашканын билип туруп, денеси калтырап бир топ турду. Ооба, чынында эле Омор үй-бүлөөсүнүн алдында эле эмес, туугандарынын жана жолдошторунун алдында дагы баркы кеткен. Эми кантип кайра шаарга келет ага акылы жетпей, шалдырап туруп калды. Бул эми алдамчылыктын жана бети жоктуктук бир гана кичине гана берген жазасы экенин жашырып болбойт эле. Ушундан өткөн адам баласына жаза барбы. Канчалаган элди сыздатты. Баарынан алыста жүрүп баласынын мас абалындагы үнүн укканда кандай гана абалда калды. Бир кезде атасы дагы кудум өзүндөй санаа чеккенин ушул саам билди. Ооба, айтылган кеп бар эмеспи "атаңа кандай мамиле жасасаң, балаңдан ошону күт" - деген. Омор атасына жасагандарынын бир канакей үзүмүн көрүп, минтип азап чегип, денеси калтырап турат. Ал эми атасы өзүнүн канчалаган жаман сапаттарына күбө болду. Бул эми адам баласындагы кайталанган тагдыры экенин жашырып болбойт. Эч качан ойлогон эмес, уулу Сүйүнбек минтип ичкиликке берилет деп. Кеминде жарым сааттан ашык убакыт каккан казыктай бир жерди теше тиктеп туруп анан кыймылга келди. Бирок бир тыянакка келе албай кыйналып, кайра үйүнө келди да, ишке кийген кийимин кийип, жумушна жөнөдү. Анын себеби иш менен гана алаксыбаса, мээсине кан таамп кете тургандай, ойлоно берип. Чынында жаман нерсени ойлогондо ар бир адам баласынын мээси кандай тез чарчайт. Бирок дайыма эле жакшы нерселер ойго келе бербейт эмеспи. Омор бул күнү директорго келген жок. Келген күндө дагы жообу даяр эмес болучу.

#12 06 Март 2016 - 14:34
**********
Сүйүнбек үйүнө келди да үч сааттай убакыт уктады анан, түш оой мончого келди. Мунун себеби эртең мененки жолугушууга даярдануу эле. "Сүйүү бул бирөө үчүн азап чегүү" - деп, Франсуз драматургу айткандай, чын эле сүйүүнүн керемети эмнени гана кылбайт. Минтип ичкиликтен башы чыкпай калган Сүйүнбекти жуунуп, тазаланганын эле мисалга алсак болот. "Министирдин туура эмес иш жасаганынан, туура эмес дөөдүрөгөнү опурталдуу" - дегендей, адам баласы тилден жаңылбаганга аракет кылган абзел. Анткени ар бир адам тилден чыккан сөздүн кулу болуп калат эмеспи. Сүйүнбек дагы Азиза жаңы ишке келгенде оозунан жаңылып "тиги кыз меники болот"- деп айтып алып, ошол сөздүн аягына чыгуу үчүн минтип болгон аракетин жасап жаткандагы кези. Баарынан дагы жүрөгүнө "сүйүү" деген илдеттин керемети тынчтык бербей кыйнаганы дагы бир жагынан ичкилик ичкенге түркү бергенин ириде жаздык.
Мончого түшүп, абдан жеңилденген Сүйүнбек канчалык суусап турса дагы "жыттанып калам" деп пиво дагы ичкен жок. Ооба, чын эле жуунгандан кийин адам баласы кандай сергип калат. Сүйүнбек аялдамада турса кудум Азизага куюп койгондой окшош кыз сурмалуу көздөрүн бат-бат ирмеп:
- Байке, мага шаардык экинчи оорукана кайда айтып бере аласызбы? - деп сурап калды. Толгондон Сүйүнбектен сурап калганын кара, курган кыздын. Ал кызды көргөндө алгач Азиза го деп дагы ойлогон эле. Сүйүнбек кызды көрүп таң кала карап:
- Сиз такыр башка жакта жүрөсүз. Макул көрсөңүз мен олтурган маршруткага олтуруңуз, мен сизге көргөзүп коём деди эле Салия күлө карап:
- Байке, сизге ыракмат, - деди. Сүйүнбек дароо эле:
- Чоң кыз сиздин Азиза деген эжеңиз же сиңдиз барбы? - деп сурап калды кызыгуусу арта, Салия бүшүркөп:
- Жок, эмне болду? - дегенсип, көзүнө жылдыздуу көрүнгөн Сүйүнбекти карап калды эле, Сүйүнбек сөз улантууну каалап:
- Билбейм, менин бир тааныш кызым бар. Сизге куюп койгондой окшош. Мен сизди алгач көргөндө ал кыз экен деп ойлоптурмун. Баса, сиз кайдан болосуз? - деди суроо жаңыртып. Салия күлүмсүрөп:
- Мен Кеминден болом. Сиз айткандай окшош адамдар көп болот. Макул көрсөңүз ошол мага окшош кыз менен мени тааныштыра аласызбы? Мага абдан кызык болуп жатат. Бир жолу дагы курсташ кызым мага айткан эле " сага окшош кызды көрдүм" - деп.
Аттиң жаш кезек кандай жакшы. Бекер жерден айтылбайт эмеспи "жаш кезек жаңы кийимдей" - деп. Чылым чеккен киши менен чылым чекпеген киши бир бөлмөдө олтура албаган сымал эле, жашы өйдөлөп калган эркек менен аял Сүйүнбек менен Салиядай көпкө сүйлөшө алышпайт, биринчи жолукканда эле. Экөө тим эле эски тааныштардай сүйлөшүп турганы жашоонун кызык учурун тартуулап турду. Калп айткан менен болбу кыз Сүйүнбекке абдан жакты. Анткени Салия Азизага окшош болгону менен абдан ачык айрым, жылдыздуу дагы кыз болгон үчүн, оңой сүйлөшүп кетти. Негизи эле ар бир эркек бала үчүн кыздын ачык айрым болгону жакшы эмеспи. Мунун себеби, тез тил табышканга жана мамиле түзгөнгө ыңгайлуу болгонгобу айтор ар бир бала кыз менен таанышканда анын алгач жылдызына карайт. Сүйүнбек бир кезде сурап калды:
- Салия, эмне ооруканада жакындарың жатты беле? - деп. Салия ушул суроонун берилишин күтүп тургансып:
- Ооба, апамдын агасы жаткан. Мага бул нерсени берип кой деген эле. Мен адашып, төртүнчү ооруканага барып алыптырмын. Сүйүнбек кыздын жанына кеткиси келбей:
- Макул көрсөңүз мен сиз менен чогуу барып, сыртта күтүп турайынбы. Ушул жашка келгени жаңы таанышкан кызга мынчалык берилчү эмес элем, эмнегедир сиздин жаныңыздан жарым карыш дагы алыстагым келбей калды.
Аял заты үчүн өзүнүн дарегине карата жакшы сөз угуу кандай жакшы. Айтылган бир кеп бар эмеспи "аял затынан өч алгың келсе бир бөлмөгө киргизип, кийимдин түрүн кийгиз бирок, күзгүнү сыртка чыгарып сал, мындан өткөн аял затына кыянаттык жок" деп. Салия дагы бул жылдыздуу баланын айткан сөзүнө кулагы сүйүнүп, көз карашы менен гана билгизди "макул" экенин. Билинбегени менен көз караш дагы көп нерседен белги берет эмеспи. Сүйүнбек дароо кабагы ачылып:
- Салия, макул көрсөң жүрү жөө басабыз. Ашып кетсе он беш мүнөттө барып калабыз дегенде, Салия каршы эмес экенин башын ийкеп билгизди.
Экөө жолдун чети менен кудум кыз-жигиттей сөзгө берилип кетип бара жатышканын Акзирек көрдү да, дароо кызды сынай карады, жолдун берки өйүзүнөн. Бирок аралык алыс болгон үчүн, даана көрө алган жок. Бир жагынан уулунун кыз менен кыналышып бара жатканына ичи жылып, көзү толо карап, ичинен миң-миртебе тилеп жиберди "уулум ушул кызга үйлөнүп калса экен" - деп. Эне үчүн мындан өткөн бакыт барбы. Ооба, Сүйүнбек мончодон жаңы чыккангабы, үстүн оңдоп кийим кийип алганы эле Акзиректин көзүнө дароо илинди. Бул жакка атайын Азизанын апасы менен жолукканы келген болучу.
Бир топко экөөнүн артынан калбай жолдун аркы өйүсү менен ээрчип келди да, анан уулуна көрүнбөс үчүн, такси кармап ишине кетти.
Сүйүнбек биринчи жолу кыз күттү. Атаганат, Салия тим эле асмандан түшө калган перинин кызындай эле болду. Эми бул кызды колунан чыгарбас үчүн, ал ооруканадан чыкканга чейин эмне деген гана асыл ойлорду ойлоду. Жанында ченелүү гана акча бар, болбосо кафеге киргизип, дагы сүйлөшсө кана. "Ата таалими уулда, эне таалими кызда" - дегендей, Салиянын көңүл көтөрө ар бир айткан сөзү, тигиле караган көз карашы, жылмайгандагы өзүнө жарашкан бетиндеги чуңкурчасы, мойнундагы ичке анан узун калы, Азизага куюп койгондой окшош көздөрү, уялыңкы карагандагы кыялы бир заматта Сүйүнбектин көз алдына тартылып "эгер, Азиза менин сунушумдан баш тарта турган болсо, анда Салияны ала качсам дагы алам" - деп ойлоп койду. Чынында Азизага жолугууга камданып жүрүп минтип Салияга жолугуп калганын ырым катары кабыл алды "Балким мага Салия буйруп жаткандыр" - деп. Ушул жерден Азизанын "менин жүрөгүм бош эмес" - деген сөзүн эстеп, ичи кирдей түштү. Ооба, чын эле мындайда адам баласынын башына эмне деген гана ойлор келбейт. Азизанын көңүлүн таба албаганына арданып, аз убакыт ичинде эмнени гана кылбады. Ичкиликтин жетегинен чыга албай, алыстан чалган атасына дагы жакшы сөзүн айта албай, алсыз болуп, ичинен Азизаны эңсеп эзилгени ушул саам суу кечпей калды.
Кыз күтүп туруп Сүйүнбек биринчи жолу бетинен өпкөн гүлбарак келинди эстеди. Сүйүнбек аял заты эмне экенин, ошондой эле эркек эмне экенин ошол келин аркылуу билген. Эркектик касиетин ойготуп, ары таң калтырып, ары кумарлантып, куштар кылган турмушу бузулуп келген Айгүмүш болгон. Аял ушунчалык таттуу болот, болгондо дагы наз кылыгы менен азгырып өзүнө оп тартып алат деп ойлогон эмес. Күүгө келген канчыкты дөбөт ит аңдыгандай, Айгүмүштүн гана жылуу койнуна, анын наз кылыгына, жагымдуу сөзүнө, кумарлуу үнүнө арбалып, артынан калбай ээрчип калган. Бул ургаачынын азгырыгы эмнени гана кылбайт. Ошол себептен "аял шайтан, азгырыгына туруштук берүү чоң эмгекти талап кылат" деген сөз дагы бекер айтылбаса керек. Жаш аялдын азгырыгына азгырылган эл ишенген билермандардын эле жоругу эмнени айттырат. Сүйүнбек аз жерден ал келиндин тузагына илинип каларда, оңдой берди болуп күйөөсү келип, алып кеткени ага карата болгон жаңы башталган азгырыктан куткарды. Ооба, Айгүмүштүн кыңкыстаган кулакка жагымдуу үнү менен өзүнө тартканы кантип эсинен кетет. Бир базардан өтүп калган келиндин жылуу уясына имерилип, андан алыстай албай канча жүрдү. Күүгө келген канчыкты кызгана талашып, көздөрү күйүп, тиштери ырсайып, ыркырашып, тиштешип калган дөбөт карышкырдай аз жерден анын күйөөсүн тааныбай кармашып кете жаздаганы кантип эсинен кетет. Сырдалган олтургучта өткөндү эстеп олтурганда, көз жоосун алып, кылыктана басып Салия келе жатканын көз чалды. Анын ар бир кыймылы, баскан-турганы, жагымдуу жылмайганы көзүнө бир укмуш кооз көрүнүп кетти. Ал турсун жаңы гана эстеп олтурган гүлбарак келиндин кумарлуу кылыгын Салиядан көрүп, азыр эле аны менен бир болгусу келип, оюу бузулганга чейин барды. Баардык эле ургаачы жандын эркектин көзүнө алгач эмнеси урунат, албетте көкүрөгүн тирген кош алмасы, андан соң гана башка турпаты бир баштан көзгө илине баштаганы чын. Ошол себептен батыштын көпкөн катындары жасалма жол менен эмчектерин чоңойтуп жатканы жалганбы. Салиянын кабагы ачык күлүп-жайнап келген бул кылыгы дагы бир жолу түбөлүккө кеткис болуп Сүйүнбектин карегинде сакталып калды. Ушул пейзаж, ушул көрүнүш эмне деген гана кооздукту тартуулап турду. Айлана дагы мемиреп тынч. Сүйүнбек олтурган ордунан тура калды да, утурлай алдынан тозуп басты. Кыз кылыгы кандай гана эркек жанды азгырат. Аттиң, бала болобу, чоң болобу жүрөк тартылуусундай күч жок. Сүйүнбектин жүрөгүнө жылуулук уялады. Ушул көрүнүштөн жазында дүркүрөп өскөн гүлдөргө бай, суулар шылдырап аккан, куштар безеленип сайраган тоо койнуна Салия менен бирге кеткиси келип кетти.
Алгачкы эле берген суроосу бул болду, ал киши таанып жүргөнсүп:
- Кандай анан, таякеңдин абалы жакшы болуп калыптырбы? - дегенде Салия күлө карап:
- Буйруса жакшы, өтүнөн операция болгон, азыр туруп басып калыптыр.
- Эмне көпкө кармалдың? - деди эле Салия көзүн алайтып:
- Көпкө жоголдумбу? - деген болду суроолу карап. Сүйүнбек башын ийкеп:
- Билбейм, адам баласы бирөөнү күткөндө убакыт токтоп калгандай сезиле берет эмеспи. Мага абдан көп убакыт өткөндөй болду. Баса, сен шаардын кайсы тарабында турасың? Дегеним, азыр макул көрсөң мен үйгө барып акча алып алайын да, бир кафеге барып олтуруп келбейлиби? Салия жактырбаган түр менен карап:
- Болбойт, экөөбүз жаңы эле таанышсак, анан дароо эле кафеге бара койгон кантип болсун. Андан дагы азыр мен үйгө барышым керек, бүгүн атамдын туулган күнү. Конок келет. Мени апам эрте кел деп калган. Сизди кыя албай эле убакытка уттуруп койдум көрүнөт. Кыздын шашканы Сүйүнбекке жаккан жок, бирок баардык эле кыздар үчүн ушундай учурда үйүнө шашкан көнүмүш иш экенин жашырганда эмне. Баарынан дагы Салиянын айтканы жөндүүдөй сезилди. Эгер башка кыз болгондо "кафе" дегенде дароо эле макул болмок беле, ким билет. Ооба, кыз балага кылыктанып, айтылган сунуштан баш тарткан кандай жакшы жарашат. Салия дагы кыз кылыгы кылып, такыр эле сунуштан баш тартканынан бери Сүйүнбекке жагып турду.
Экөө ээрчише басып Манас көчөсүн көздөй басышты. Жолдо ката экөөнүн сөзү дагы жакшы уланды. Эмнегедир Сүйүнбек сөзмөр болуп, деле сөзү түгөнбөчүдөй сезилди. Салия аялдамага келгенде гана:
- Макул, анда мен кетейин, менин маршруткам келе жатат, - деди эле, Сүйүнбек шашып:
- Эртең анда кайдан жолугушабыз. Мен сага окшош болгон кызды жолуктурайын дебедим беле. Бул кезде уюлдук телефонду көпчүлүк киши колдоно элек болучу. Сүйүнбекте бар болгону менен Салиянын али телефону жок эле. Салия шашып:
- Эртең саат экиде Филармониянын жанынан жолугушалы. Мени сөзсүз күт деп маршруткага олтурганча шашты. Сүйүнбек эмне кылышты билбей башын гана ийкеп калып калды да, дароо өзүн ээн талаада жалгыз калган адамдай сезип кетти. Ооба, адам баласы үчүн дайыма бактылуу мүнөттөр абдан кыска болору бул нак иш. Ошол себептен жакшы адамга жолукканда убакыттын тез өтөрүү билинээри анык.
Салиянын сын-сыпатына, келишкен келбетине, турна моюн аркар төш, бото сындуу жалжал көзүнө арбалып, аны эсинен чыгара албай бир топко аялдамада туруп калды. Ооба, сулуу жанды ким эле жанына чыгаргыс келсин. Азиза менен Салиянын тамчы суудай окшош жактарын, куюп койгондой бой келбеттерин салыштырып, ойго чөмүлдү. Ушул жерден оюна бир нерсе келе түштү. "Балким экөө бир тууган же эгиз кыздар болушу толук мүмкүн"- деген. Анткени эгиздер гана бири-биринен айрып таанылгыз окшош келишээрин жакшы билет. Ар тараптуу ойлорду ойлоп туруп, биринчи келген маршруткага эле олтуруп үйүнө келди.
Сүйүнбек жаңы гана астананы аттаган кезде, атасы байланышка чыкты. Бул жолу эмнегедир атасын сагынганын ички тую сезими менен сезип, жакшы маанай менен учурашты. Экөө бир топко сүйлөшкөн соң, Омор акча салып жиберээрин айтты. Анан катуу эскертти "ичимдиктен алыс бол" - деп. Сүйүнбектин кабагы ачыла түштү белем, дароо муздаткычты ачып тамакка табити тартып турганын билип, керектүү азыктарды алып чыгып, чайнекке чай койду.
Чай жаңы кайнаган кезде Акзирек оңдой берди болуп ишинен келип калды. Ар бир балага эне өз колу менен чай куюп берген кандай жакшы. Уулунун кабагы ачык экенин көргөндө курган эненин дагы жүрөгү жарыла сүйүнүп кетти. Эне- бала чай ичкени олтурганда, сөз бир топто барып уланды. Алгач Акзирек сөздү алыстан баштады:
- Сүйүнбек, жанагы сени менен кетип бара жаткан кыз ким эле? - дегенде Сүйүнбек олурая карап:
- Кайсы, деген болду. Акзирек ушул жерден аялдык куулукка салып:
- Бизде иштеген Айгүл эже сени бир кыз менен кетип бара жатканыңды көрүп калыптыр. Ошону айтам. Сүйүнбек эми гана өзүнө келип:
- Ал жөн эле, эски тааныш. Биринчи курста чогуу окуганбыз деп калп айтканы Акзирекке жаккан жок. Анткени ал алда канча көзүнө жаш көрүнгөн. Эми сөздү башкага буруп:
- Атаң менен сүйлөштүм. Сага салам айтты деди эле Сүйүнбек:
- Мен дагы, эртең элүү миң рубль салып жибермей болду. Баягы кырк миң сом алган кишиге карызды берип койгула дагы, калганын өзүңөр колдонгула деди. Апа, чын эле ошол карызды берип кутулалычы. Ал кишини көргөндө мен дагы качып калдым. Акзирек сүйүнүп:
- Ырас болгон тура. Элүү миң рубль канча сом болот? Сүйүнбек чай ууртап:
- Жетимиш беш миң сом болот.
- Анда отуз миңин берки карызына берели, Жалалга. Ал дагы сурап жанды койбойт. Сүйүнбек кабагын түйүп:
- Деги атамдын канча кишиге карызы бар? - дегенде, Акзирек башын кармап:
- Аны өзү эле билбесе, ким билип коюптур. Баса, кайсы банка салат болду экен?
- Акча саларда сизге же мага чалып коём деди.
- Балам, билесиң, менин сенден башка карманарым жок. Эми ичкилик ичпечи, сенден сураныч. Сүйүнбек кабагын чытып:
- Макул апа, эми ичпейм. Баары жакшы болот, - деди да, ордунан турду.
**********
Акзирек ишин тапшырып коюп, дарек боюнча үйдү издеп келип, дарбазаны какты. Ичкериден бир топто гана дабыш угулуп, саамай чачын ак баскан, маңдайы жарык, бир караган кишиге мээримдүүдөй көрүнгөн, орто жаштагы аял чыкты. Акзирек элпектик менен учурашты:
- Саламатсызбы? - деп. Шааркан берилген саламды алик алып, бул чоочун аялды көрүп, биринчи көз караштан эле билди, жүзүндөгү муңду. Ооба, ар бир эне бала үчүн санаа чегип, бала үчүн карылыкка эрте моюн сунарында эч айып жок. Ар бир ата менен эненин айтылбай турган сыры, ичтен жеген санаасы болот белем, Акзиректин муңайыңкы көз карашынан эле билди, бир мүшкүл менен келгенин. Акзирек сөзүн таппай калды да, анан:
- Сиз Азизанын апасы болосузбу? - деп суроолу карады эле Шааркан башын ийкеп:
- Ооба, эмне болду? - дегенде, Акзирек жер карап:
- Сиз менен сүйлөшсөмбү деп келдим эле. Баса, Азиза азыр үйдөбү?
- Жок, ал ишине кеткен. Деги жайчылык элеби?
- Ооба, жайынча эле. Макул көрсөңүз ичкери кирели же бир жерге барып олтуралычы. Сиз менен кенен олтуруп сүйлөшүү үчүн атайын убакыт бөлүп келдим эле. Шааркан шашып калды да:
- Кириңиз, үй турса кайда барат элек.
Экөө ичкери киргенде Шааркан газга чай койду. Анан негизги сөзгө өтүштү.
Көп жылдан бери бир жерде иштеп, эл менен сүйлөшкөнгө көнүп калган Акзирек сөздү алыстан баштады. Алгач күйөөсү жөнүндө айтып, анан жалгыз гана бала төрөгөнүн. Учурда уулу менен гана бир үйдө жалгыз жашап жатканын акыры уулу Азизаны жактырып калып, ичкиликке берилип кеткенин кенен бир сааттан ашык убакыт айтып берди. Сөз укканга аял заты шыктуу келээри анык. Акзиректин тарткан азабын угуп алып, Шааркан өзүнчө эле кейип:
- Бул баланын бары да балээ, жогу да балээ тура, - деп, эми Шааркан өзүнүн башынан өткөргөн окуяларды айтып кирди. Бул жашаган күйөөсү экинчи никеси эле. Мурунку аялынан беш баласы, эки кызы бар күйөөгө кантип тийип калганын бир баштан айтып кирди.
- Менин чынын айтсам этегим канаган жок. Ошол себептен биринчи никеден сыйым менен ажырашып кеттим. Анан убакыт учкан куштай өтүп, буйрук менен азыркы жашаган күйөөмө тийгем. Бул күйөөгө тийгенде дале төрөгөнүм жок. Бирок күйөөм бир жылдай үйүнө кеткен кезде кызды багып алгам. Төрөт үйүндө иштеген курбум айтып калды "эки эгиз кыз келди, бирөөнү же экөөнү тең багып албайсыңбы" - деп. Мен барган кезде арык чырай келген, ак жүздүү балага зар болуп жүргөн аял дагы келип калыптыр. Экөөбүз экөөнү алып кеттик. Анткен менен күйөөм кайра келген кезде кызым беш-алты айлык болуп калган эле. Ага "өзүм сенден төрөдүм" -деп ишендирип койдум. Баарынан дагы кызымдын фамилиясын азыркы күйөөмдүн фамилиясына жаздырып койгом. Баарын тиги курбум ойлонуштуруп, анан анын айтуусу менен болду. Чынын айтканда менде азыр баары бар, бир гана арманым өзүмдүн канымдан жаралган баланын жоктугу. Билбейм, ушул кезге чейин бул сырымды эч кимге айткан эмес элем, сага эмне болуп айтып салдым өзүм дагы билбейм. Калыс карап айтсам кызым дагы, жолдошум да эч нерсе билбейт. Мага азыр ушул кызымдан башка эч бир жакын адамым жок. Айткандай азыр кызым жаш. Турмушка чыгып жатканын элестете албайм. Жок дегенде дагы бир же эки жыл жанымда болсо, абдан жакшы болот эле. Бекер айтылбаптыр, "өңдүү-түстүү кыз баланын бойго жеткени суук көздөргө кабылтат" -деп. Ушунусу жаман экен. Суук көздөрдүн көз жаздымынан кетпей кызымды "алам"- дегендер четтен чыгат. Бир мекемеде катчы болуп иштеп калса, курсагын чандайтып мекеменин кожоюну көз артып тийишиптир. Азыр эркектер карыганын билбей калышканбы, деги. Ооба, баягыда тиги пол жууган аял келип, ички үйдө Азиза экөө сүйлөшүп жатканда даана угуп калган болучу, Сыртпай Субановичтин сөз айтканын. Акзирек мемиреп олтуруп сөз укту да, анан сөз кезеги келгенде:
- Эже, деги байкаңыз. Сиз айткандай кыздын дагы бойго жеткени курусун. Бала менен кыздын кичине кези эле жакшы экен. Көчүккө чаап урушуп койсоң, тилди алып калат. Ал эми чоңойгондо такыр эле тилиң өтпөй да калат экен, тилди албай да калат тура. Кечээ мен тигүүчү цехке барсам, шымаланып шым кийген кыздар чылым чегип олтурганын көрүп, абдан жаман абалда калдым. Ооба, түшүнөм, тигүүчү кыздарга. Иши оор. Күндө ток менен иштешет. Ден-соолуктары кетип жатат. Бирок мага жакпаганы чын эле чылым чеккендери болду. Менин деги эле жашоодогу максатым, адамча жашап өтүү. Аял болуп жаралгандан кийин аял затына тийешелүү нерседен ашыкча кетпей жашаганга эмне жетсин. Чынында эле азыр заманга да шылтап болбой калды. Кээ бир кыз-келиндер чүмкөнүп жоолук салынса, кээси тигинтип болгон эркектин көзү илинчү жерин көргөзүп кийинип, чылым чеккени бул ашыкча кеткендик деп ойлойм. Бекер жерден айтылбаптыр да "кыздын кыздай, кыштын-кыштай болгону жакшы" - деп. Негизи эле аял затына көзгө өөн учураган нерсе жарашпайт. Дегеним эркектер чылым чексе көзгө өөн көрүнбөйт да, аялдар чексе тим эле кандай жаман көрүнөт.
Экөө бир топко сыр айтышып олтурушту. Сөз келгенде Шааркан:
- Ооба, кызым эки аптадай үйдөн тигип иштеди. Баамымда иштеген жеринен бирөө сөз айтса керек. Ошол сөз айткан баладан качкандагы амалы го деп ойлоп койгом. Көрсө ал бала сенин балаң го? Аны деле ачык биле албадым деп калпты айтып алып өзүнөн-өзү уялып кетип, сөздү токтотпой улады.
- Биз жалгыз бала деп көзүн карасак, минтип чоңоюп алып тилди албаганы жанды кашайтып жатпайбы, ушул бойдон эле асмандан түшө калгансып. Шааркан күлүп:
- Аны айтпа. Бирок бул жалган жашоодо калыстык деген болбойт экен. Биз эч качан балабызга жасаган мамилени ата менен энебизге жасай албаганыбыз эле бул жашоодогу калыстыктын жоктугунан белги берип турбайбы. Сен балаң үчүн минтип өмүрү тааныбаган үйгө чейин келдиң. Ал эми ата менен эне үчүн минтип чуркабаганыбызга мен абдан өкүнөм. Убакыт келет. Сенин уулуң дагы балалуу болгондо билет, баланын түйшүгүн.
Эх, жакшы сөз, жакшы мамиле кандай жагымдуу. Акзирек бул үйдөн абдан көңүлү өсүп чыкты. Шааркан кызы келсе аны менен эне катары сырдашып, анын сырын билип жообун бермей болду.
Акзирек, кабагы ачылып, жаңы гана чоң жолго чыкканда уулу менен кетип бара жаткан кызды көзү чалып, дагы көңүлү көтөрүлө түштү. Бирок уулунун тоң моюн болуп, өз оюндагыны бербей кайырдин болгонуна абдан ичи ачышып келет. Буга чогуу иштеген айылдык баланын апасына, туугандарына күйүмдүү болгону себеп болду. Ооба, чын эле элеттен келген балдар шаардык балдардай эмес, ынтымактуу анан сөз дагы өтөт.
Алымбек иш убактысы аяктап калган кезде суранып калды:
- Эже, уруксаат бересизби. Бир классташ баламдын келинчеги төрөдү эле. Ооруканага бармак элек, классташтар чогулуп - деп калды. Эки күн илгери эле суранган "классташ баланын атасы каза болгон. Айылга да бара албай калдым, жок дегенде ыражаны берип куран окутуп келейин" - деп. Чынын айтканда уулу Сүйүнбектин классташтары ыража кылмак турсун, жолугушпайт деле болуш керек деп ойлоп койгон. Чын эле шаардык балдардын ынтымагы солгун келет. Анткени орус мүнөз күтүп калышабы, айтор чогулуу деген ойлоруна деле келбесе керек.
Акзирек өз оюу менен болуп, ишинде көпкө олтурду да, анан сааттын жебеси бешти какканда үйүн көздөй жөнөдү. Албетте уулунан санаасы тынбай. Англис драматургу Жорж Бернард ШОУ мындан үч кылым илгери "үй эркектер үчүн түрмө, аялдар үчүн түйшүгү түгөнбөгөн ишкана" - деп айткандай, иштен үйүнө келгенде эле Акзирек диванда чалкалап жатып телевизор көрүп калбайт. Кечки тамактын камын көрөт. Кир жууйт жана башка иштери толтура. Бирок бир жаман жери ал жасаган иштери көзгө көрүнбөйт.
*********
Азиза, үйгө ушундай бир ачык кабак менен кирип келди. Кызынын көптөн бери мынчалык кабагы ачылганын көрбөгөн Шааркан таң калып:
- Кызым, сага эмне болду деги, бүгүн кабагың ачык го? Азиза мектепте окуп жүргөндө, беш алган күнү кудум азыркыдай абалда сүйүнүп келчү. Азыр дагы курган энеге ошол бала кези көзүнө элестеп кетти. Бирок, кызы азыр андай беш алып келген жок да. Ошол себептен кызыгуусу арта сурап калды. Азиза, күлүп - жайнап, чоң жаңылык ача турган адамдай көзүн бакырайтып, табышмак айта турган адамдай өзүн кармап, анан:
- Апа, сиз мени жакшы көрөсүзбү?-деди. Бул сөздү эмнеге айтты Шааркан түшүнбөй да калды. Бирок жооп бергенге шашылбай телмире карап:
- Кызым, сен менин жалгызым болсоң, анан сени жакшы көрбөгөндө кимди жакшы көрмөк элем. Керек болсо бир гана сен деп жашап жүрбөймүнбү. Ушул үйдөгү баардык нерсе бир гана сага тийешелүү эмеспи. Азиза толкунданып алганы жүзүнөн эле билинип турду. Бирок бир нерсе айта албай жатканы даана байкалды. Аттиң адам баласы кээде алдына ала бир нерседен сыр алдырып алган сапаты болот эмеспи. Шааркан, Азиза эч нерсе айта электе эле билди, кызы турмушка чыгууга камданып алганын. Жаш кезде баары эле бир гана ашыктык деген нерсе менен ооруп калары анык экенин жашырып болбойт. Азизанын кабагы буга чейин эмнеге ачылбай түнөрүп жүргөнүн ушул кезде айттырбай билип турду. Бирок кызы "турмушка чыгам" - деп айтпаса экен деп ичинен миң кайталап тилеп да жиберди. Ай, эне, ай. Анан эмне кылат. Ушул жерден билди кызынын чоңойгонун. Анын себеби кызы бир башкача толкунданып алганы эле кулакка жагымсыз окуя болорун алдына ала белги берип, Шааркандын жүрөгү бир башкача сого баштады. Азизаны эмне кылып гана баккан жок. Эмнени гана кийгизбеди да, эмнени гана ичирбеди. Бирок минтип убакыт сааты келип кызы дагы бойго жетип, бир доордон экинчи доорго өтүүгө даяр болуп калганы убакыттын тез өткөнүнөн белги берип турду. Бул жалганда бир гана эненин балага болгон тилегиндей ак тилек жок го чиркин. Эгер Азиза азыр күйөөгө тийем деп айтпай башка бир сөз айтса, атаганат, анда Шааркандан өткөн бактылуу эне жок болот эле. Себеби, кызы кетсе эле үйдө жалгыз кала тургансып сезиле берет. Күйөөсү да эки күндөн бери үйгө келе элек. Балким балдары менен кыздары кетирбей кармап жаткан чыгар "карыганда кашыбызда эле бол" - деп. Шааркан кеч түшүнүп калды бирөөнө экинчи аял болуп тийгендин азабы чоң экенин. Кээде олтуруп чоңдорго токол аял болуп тийген жаш кыздарга боору ооруйт. Алар төрөгөн бала дагы кысылат да "токолдун баласы"-деген сөздөн. Чын эле акыркы кездерде күйөөсү муздак тартып, үйгө келсе да жүзүнөн кыйналгандай көрүнүп кеткенин Шааркан кантип эле байкабай калсын. Ойдон күлүк эмне бар. Кызы сөз айтканга чейин эмнелерди гана ойлонгого жетишти курган эне. Колунан келсе кызы тийе турган баланы үйгө киргизип алса кана. Ооба, Азиза экөө тим эле көз ирмебей олтуруп көрүшөт, алиги корей кинону. Ал кинодогу негизги ролду ойногон бала абдан жагат. Шааркан көзүн кадап карап калганда Азиза такыр башка сөздү айтты. Анткени апасына дароо эле "турмушка чыгам"- деп айта койгон абдан осол боло тургандай сезилди.
- Апа, сизге алиги кинодогу баланы көргөзөйүнбү? - деди эле Шааркан таң калып:
- Кайсы?! -деди күч менен. Азиза дагы толкунданганынан жазбай:
- Биз көрүп жаткан сериалдагычы. Мен азыр деп эле сыртка чуркап чыгып кетти. Шааркан эсин жыя албай таң калып эле калды. Аңгыча эле Азиза сырттан эки баланы ээрчитип кирди. Экөө элеттик балдар экенин билгизишип:
- Жакшысыздарбы? - деп учурашкан болушту. Шааркан башын ийкеп саламды алик алган соң, чын эле кинодогу баланын келип калганына таң кала карап калды. Азиза сөз алды:
- Апа, бул балдар менин жакын тааныштарым болот дегенде, Шааркан шашып калды да:
- Жогору өткүлө! - деген болду. Шүкүр абдан эле уялып алган. Бир жагынан Шааркандын жакшы аял экенин сынынан да өткөзгөнгө үлгүрдү. Бирок эмнегедир ортодо бир топко сөз улана койгон жок. Кызы менен тең балдар менен эне байкуш кантип сүйлөшмөк эле. Бирок жүрөгү менен сезип турду, тиги эки баланын бири кызынын жактырган баласы экенин. Ал турсун ал бала үчүн санаага батып, кабагы ачылбай жүргөнүнөн бери ички туйу сезими менен сезип, өзгөчө Шүкүрдү сынай карады. Анткени Шүкүр жөндөн-жөн эле уялып, сыр алдырып койгон болучу.
Бир чыныдан чай алдыга келгенде Азиза дагы кысынып жатып:
- Апа, чайга караңыз деген болду. Ооба, өзгөчө кыз бала үчүн тастаңдап "турмушка чыгат элем"- деп айтуу кандай эмгекти талап кылат. Кыйын болуп жаткан Шүкүр тилин жутуп алгансып же бир сөз оозунан чыгарбайт. Эгер Шүкүр эле озунуп, Азизанын колун сурап келдим деп койгондо баары башкача болбойт беле. Андай сөздү айтмак турсун, башын эле өйдө көтөрүп олтурса кана. Бир кезде Шааркан сөз билгилик кылып:
- Балдар, силер ээн олтуруп чай ичкилечи. Менден уялып жатасыңар окшойт, - деп ичкери кирип кетти. Ушуну эле күтүп тургансып Азиза:
- Шүкүр, апам менен сүйлөшпөйсүңбү, уялып жер карабай, - деди. Шүкүр чекесиндеги терди колу менен сүртүп:
- Кантип айтам, билбейм, абдан сүрдөп жатам. Макул көрсөң өзүң эле бир нерсе кылчы. Мага такыр эле ыңгайсыз болуп жатат. Чынында эле ооз менен иш бүтүрүп койгон кандай оңой.
Буга чейин тим эле тоону томкоргону жаткан Шүкүр минтип алгачкы кадамдан эле өзүнүн алсыздыгын билдиргени Азизаны ойго салып койду. Бир жагынан Шүкүргө дагы туура түшүнүп, чай ууртаган болду да, анан кабагы салыңкы ойго алаксып кетти. Ички үйдөн Шааркан тигилердин бир да сөзүн уга алган жок. Ал турсун бул балдарды эмне максат менен үйгө алып келди ага жооп таба албай ар нерсени ойлоп тымызын ичинен бир кабар күтүп олтурду. Телевизорду караганы менен эч нерсеге көңүл бурган жок. Болгон дитин кызы анан алиги эки бала ээлеп алды.
Ушул жерден бир кездеги өзү жактырып тийген биринчи күйөөсү Курсантты эстеди. Ал кезде кудум кызындай болуп болуп-толуп турган кези эле. Курсант менен таанышканда болгон дитин бир гана Курсант ээлеп алган. Асансыз жашоосу токтоп кала тургандай сезилгеничи. Эми ошол окуяны кызы кайталап жатканына таң берип турду. Көрсө адам баласы жаш кезде көбүнчө бала кыялга көп алдырып, алды-артын карабай эле болгону "сүйүү" деген гана нерсенин башкаруусунан чыга албай, болгон аң сезимди бир гана сүйүүгө башкартып жиберип, кийин жашоонун шарданы ойлогондой турмуштан алыстатып салганда, башты кармап олтуруп калган бул жашоонун мыйзамы белем. Бир кезде Шааркан дагы Курсантка тийсе эле телегейи тегиздей сезилип, жашоосу ойдогудай болот деп элестеткен. Эми минтип ал кезек арта калганда ошол оюнду минтип кызы ойноп, эч уялбай жигитин үйгө чейин ээрчитип келгени абдан көзүнө өөн учурады. Бирок жашоонун маңызы да ушуга түртүп жатканын танып болбойт эле. Анткени Азиза жаман оюнда мага баланы сынатканы алып келсе керек деп да ойлоду.
Бир кезде кызы сырттан ичкери кирип:
- Апа, сизге жактыбы? - деди. Шааркан телевизордон көзүн алып:
- Ким? -деген болду.
- Тиги кинодогу балага окшош бала.
- Билбейм, бирок сен айткандай чын эле абдан окшош экен.
- Апа, мен ал баланы жакшы көрөм.
- Кой кызым, сенин оозуңа алдагы сөз жарашпайт экен. Менин көзүмчө баланы жакшы көрөм деп айтпай жүрчү. Баса, сени дагы башка бир бала жакшы көрөбү?
- Ким, сиз кимди айтып жатасыз? - дегенде эле Шааркан:
- Кызым, кыз баланын өңдү түстүү болгону жакшы, бирок суук көздөн алыс болуш керек да. Сени жакшы көрүп калган бала азыр сенин айыңдан ичимдикке берилип кетиптир. Ал баланы бир гана сен ичимдиктин сазынан алып чыга аласың. Эч качан бирөөнүн көңүлүн сындырбай жүр. Ал бала дагы бир эненин алпештеп өстүргөн баласы. Колуңдан келсе ал балага өзүң жолугуп, көңүлүн көтөрүп сөз айтып кой. Болбосо, ичип жүрүп бул жашоодон узап кетсе анын күнөөсүн көтөрүп каласың. Мен сага туура түшүнөм. Учурунда мен дагы сендей болуп түнү уктабай ашыктык азабын тарткам. Билсең мен бир гана сен деп жашап жүргөнүмдү эсиңен чыгарба. Керек болсо сени ала турган баланы, үйгө келип жаша деп айт. Эч кандай күч күйөө болбойт. Атаң дагы эки күндөн бери үйгө келе элек. Берки балдары менен кыздарын кыя албай жатса керек. Сен кетсең мен үйдө кантип жалгыз калам? Жана башым айланып жыгылып кете жаздадым. Кан басымым дагы жогорулап кетсе керек, атаңды ойлогонго.
Азиза ушул саам апасын аяп кетти да, кучактап:
- Апа, мен сени эч качан жалгыз калтырбайм. Сиз айткандай эгер мени чындап сүйгөн болсо мейли үйгө келип биз менен бирге жашасын, сиз айткандай, - деп, баштагы оюнан кайтып, апасын кучактаган калыбында:
- Апа, сизге ким айтты, алиги сөздү. Мени ким жакшы көрүп ичип кетиптир? - деди эле Шааркан:
- Кызым, сен ал сөздү ал балага айтпа. Жана ал баланын апасы үйгө келип мага болгон арыз-арманын айтып кетти. Менин тилимди алсаң, ал баланын көңүлүн гана өстүрүп кой. Ал бала сенин кадырыңа жетпейт го деп ойлоп калдым. Мен деги эле ичимдик ичкен адамдан жакшы нерсени үмүт кылбайм. Сени менен чогу иштеген бала бар турбайбы, ошол бала азыр ичип кетиптир. Ал бала сендей болуп бир үйдүн жалгыз баласы экен. Апасынын алты айласы кеткенде үйдү таап келиптир. Кара эненин эмгегин. Азиза эми гана Сүйүнбекти эстеп, башын кармап ойлонуп калды. Ага убада бербеди беле "эртең экөөбүз жолугалы" - деп. Аны такыр эсинен чыгарып салган тура. Чын эле ал дагы ашыктык азабын тартып, ичип кеткенин кантип билбейт. Бирөөнүн өзүнө карата болгон сезимине суу серпкен болбосун билип туруп, аны кантип ордуна коюну ойлонуп калганда Шааркан:
- Кызым, эмне тиги балдарың кетиштиби? - деди эле Азиза эми гана Шүкүрлөр сыртта күтүп турганын эстеп:
- Апа, сиз дагы мендей кезиңизде сулуу болдуңуз беле? Шааркан күлүп:
- Сулуулук ар бир ургаачы жандын багына туура келе бербейт. Бирок менин артымдан дагы чуркаган балдар болгон. Анткен менен кыз бала буйруган жердин бүлөөсү экенин жашырып болбойт. Бул жалганда сулуулук деле убактылуу нерсе экен. Кечээ эле сендей болгон суйкайган сулуу кыз элем, эми минтип карылык келип, жүздү бырыш баса баштады. Бирок мен сенден кантип сулуулукту талашат элем. Сендеги сулуулук бир кезде сенин кызыңа өтөт. Турмуш-жашоо ушунтип өтө берет тура, көрсө.
Азиза эми гана болгон күчүн жыйып:
- Апа, кеңешиңизди бериңизчи. Мен алиги эки баланын бирине сөз берип койдум эле. Чынын айтсам ал бала деп азап чеккеним да чын. Турмушка чыксам кандай болот? - деп апасын суроолуу карады.
**********
Омор ишине келгени менен такыр өзүнө келе албай, бир орунга олтура албай ары-бери баса берди. Адам баласы катуу санаа чеккенде, убайымга батканда ушундай бир азап чегээри анык. Бир кезде жанына чылымды атасынын өчү бардай чеккен Саня деген жашы кырктан өтүп калган орус келип:
- Омор, сага эмне болду? - дегенде гана Омор селт этип чочуп алды да:
- Эч нерсе болгон жок. Баса, Саня бүгүн менин ордума иштеп турчу, ооруп турам, сыркоолоп калдым көрүнөт. Чынын айтсам чыйрыгып, көңүлүм эч нерсеге чаппай турат. Саня адатынча чылымын үйлөп:
- Бара бер, азыр кыйраткан деле иш жок. Аны коюп үйүңө барып, Шазиманын ысык чайын ич. Ооба, сенин жакшы аялың бар, жасаган ишин милдет кылбаган. Билесиң, менин катынымды, колу бир нерсеге тийди эле чоң иш кылгансып милдет кыла берет. Ал турсун кечинде төшөккө мени менен чогуу жатканын да милдет кылат. Эгер төрөп койсо ал эмес мен эле баланы бакмак белем ким билет. Балким ошону эске алып аны төрөгүс кылып койгон чыгар. Бар, жылуу жатып сакайып кет. Дагы айтам Шазима жакшы аял, - деди эле, Омор күлүп:
- Кыргызстанда андан дагы жакшы, анан сулуу аялым бар. Бизде аялдар жасаган иштерин көп эле милдет кылып айта беришпейт. Силер обу жок аялды сыйлап, көзүн карап жатып ашыкча эрке кылып алгансыңар. Болбосо баардык эле аялдардын укугу бирдей.
Саня колун шилтеп:
- Туура айттың. Эгер колумдан келсе мусулман аял алат элем. Бирок азыр кеч болуп калды. Минтип чылымды көп чеккеним дагы эркектик кудуретимди алып тынды. Бир жагына ичимдик дагы ден-соолукту сойду.
Омор үйүнө келип, Шазимага:
- Дары берчи, сыркоолоп калдым көрүнөт.
Ушул сөздү эле күтүп тургансып Шазима:
- Канча айтам, өзүңө кара деп. Эмненин дарысын берейин?
- Чыйрыгып жатат окшойм, кара көңүл болуп такыр эле жылыбай койдум. Дары ичкен соң, эмнегедир Санянын сөзүн эстеп, Шазиманы кылгыра карап:
- Сени Саня катуу мактады. Жакшы көрөт окшойт? - дегенде, Шазима:
- Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз көрүнө берет да. Мени коюп өзүнүн аялын жакшылап карап алсынчы. Аялы күндө айтат "Саня эч нерсеге жарабайт, чылым чеккенден башка. Жок дегенде бирди төрөп алсам болот эле" - деп, ал эми Тома болсо сени мактайт. Балким сени тузагына иле албай жүрөбү ким билет.
Сөз ушул жерге келгенде сырттан Сергей келип:
- Омор, сени директор чакырып жатат. Эмне жатасың?
- Сергей, чынын айтсам сыркоолоп калыптырмын. Ишимди Саняга дайындап жаңы эле келип жаттым. Директорго айтып койчу, ооруп калыптыр деп, байболгур.
- Макул, мага эмне сенин сөзүңдү айтып койгондун эч оорчулугу жок. Бирок менин билишиме караганда сени Олегдин ордуна коёт имиш. Анткени аны бүгүн иштен кетирди. Дагы бух берип алып, ишке келип чыр салганбы айтор аны айтып болбойт. Шефке ичкиликтен алыс адамдар абдан жагат. Сени мактап калганынан эле ойлоп койдум да.
Бул сөздү укканда Шазима:
- Омор ака, туруп барып келсеңчи. Менин дагы кулагым чалган эле, сени Олегдин ордуна койгону жатканын.
Омор бул сөздү укканда жаткан ордунан козголуп:
- Сергей, азыр барып калам. Келе жатат деп айтып кой.
Сыртка чыгып бара жаткан Сергей кетенчиктеп:
- Омор кыйналып жатсаң жата бер, түшүндүрүп айтып коём.
Омор жүрөгү менен бир нерсени сезип:
- Сергей, такыр унутуп калыптырмын. Бүгүн ага жолукмак элем да. Калпычы болбой барып жолугуп койгонум эле оң болуп турат.
- Мага эмне, өзүң бил, - деп сыртка чыга жөнөдү. Ооба, эгер азыр Омор барбаса, ордуна башка кишини коймок. Себеби Сергей башка сөз айтып жамандап, шыбап бармак. Анткени андай кызматта башка улуттун кишиси иштегенин ыраа көрбөй жатышкан, чогуу иштегендер.
Василий Сергеевич иш бөлмөсүндө чыдамы кете күтүп жатыптыр. Анткени Олег ишке кызып келгени аз келгенсип, катуу жаңжал салыптыр. Жаранын дагы өзүгүнүн жарыла турган учуру болот эмеспи. Директордун бүгүн болгон чыдамы түгөнүп, катуу жарылды. Ал турсун Олегке колу да тийди. Омор сырттан кирип келгенде:
- Омор, эмгек отпускаңды кийинкиге жылдыралы. Бүгүнтөн баштап Олегдин ордуна өзүң иште. Бул алкаштар менен алышып жатып болгон чачым агарды. Ишти кандай иштейт өзүң бир үлгү болуп көргөзүп койчу. Сен жогорку билимдүүсүң, иштин көзүн билесиң. Ушуга чейин улутту сыйлап жалаң орустардан койдум эле, баары иштей алышкан жок. Ичкилик ичип алышып эле, ишке келбей коюшат. Анан кантип иш алдыга жылат эле. Азыр арызыңды жаз да, ишти башта, - деди. Олегдин ишин Омор эле бүтүрүп койчу. Анын иштей турган ишин беш колундай билет.
Ар күнү канча литр сүт саалды, канча тоют уйларга салынды, кайсы саанчы канча сүт саады болгону ушуларды кагазга түшүрүп койгондун кандай кыйынчылыгы бар.
Омор ишке киришип, көңүлү өсүп турганда эмне себеп менен өзү да билбейт, уулуна байланышып калды. Аны менен жакшы маанайда сүйлөшүп, көңүлү дагы өсө түштү.
Бүгүнкү жасала турган иштерди кагазга жазды да, жумушчуларга иш тапшырып коюп үйүнө көңүлдүү келди. Ооруп жатканын унутуп да салды. Адам баласы иши алдыга жылганда кандай көңүлү өсөт. Эми ишке дайыма сыйда кийим кийип барат, орус тилин болсо жакшы билет, контордогулар менен мамилеси башынан жакшы.
Түшкү тамакты ичкенден кийин эмнегедир Санянын сөзүн эстедиби, ким билет, жөн туруп эле Шазиманы басып жыгылды. Анткен менен Шазиманын кумар оюнундагы кылыгы абдан жагат. Ушуну эле күтүп турган белем Шазима дагы каршы болбой аппак колдорун Омордун мойнуна артып, таза кырылган жаагынан сылап, эркелей кетти. Күтүлбөгөн мамилеге эрип кеткен Омор имере тарып, аппак болгон алкымынан, бүлкүлдөгөн ууртунан,алчадай кызыл эрдинен, аппак болгон бетинен аймалап өөп жатып маркум Асанкалый Керимбаевдин "бир бетиң өпсөм, бир бетиң калат" деген ырын эстеп кетти. Азгырык деген кандай, Омор жанталаша бирөө талашып жаткансып сугалактык менен кумар оюнуна берилип кетти. Келиндин жумуру билеги мойнуна артылып, илифчик тиреген көкүрөгү былкылдап, толукшуган ууз денеси дирилдеп, куду тыбыт жүнү ыргалып чүйлү алдында жаткан аккуу сымал тиреген ак балтыр аккуу канат каккан сыңары, бир сонун абаз үн бөлмөнүн ичинде акырын кыңкыстап чыгып жатты.
Эркек үчүн бул үн тим эле табылгыстай сезилери анык. Шазима ан сайын өзүнүн улуттук тили менен "сизди" кошуп, жалынычтуу үнүн безелентип Оморду өзүнө оп тартып азыгырып бара жатты. Аялдын эркек үчүн ушул кылыгы аба менен суудай керек экенин жашырып болбойт. Бул жашоонун кызыгы, аттиң, аял менен эркектин бири-бирине бойлорун толук арнап, толук берилүүсүндө экенин танууга негиз жок го. Бул экөө керек болсо чаламандын чак түшүндө эшикти да илбей, бул дүйнөнү унутуп салышып, улуу ишке сапар тартышты. Эх, Шазиманын уккулуктуу үнү ай, Омордун күчүнө-күч, кубатына-кубат кошту белем, болгон кийимин туш-тарапка чечип ыргытты да, аял көрө элек жандай жан алы калбай жалынып кирди. Ан сайын Шазима дагы таттуу тилин агытып "Ака, сени эч кимге бербейм" - деп, берилүү менен айтты. Ал турсун чын эле сүйөөрүн ушул саам билгизди. Шазима, көптөн көксөгөн, зарыгып күткөн, куса болуп күйгөн Омордун ысык койнуна, ысык оюнуна эми гана жетип жаткансып, болуп көрбөгөндөй абдан берилди. Ан сайын Омор дагы жаш келиндин ак денесинен берилүү менен кучактап, өз иши менен алек болду. Ушул мүнөттөрдүн токтоп турушун кандай тиленди. Бирок бул жашоодогу ар бир асыл мүнөттөр, керектүү сааттар, кайталангыс күндөр, арналып эңсеген айлар, жылдап күткөн жылдар кандай тез өтөт. Жашоонун кызыгы, өмүрдүн өрнөгү, көңүлдүн көксөөсү бир гана ашыктык менен чектелет белем. Ооба, кедейлер үчүн бул жашоонун кызыгы байлык менен чектелет. Ал эми баам салып караган кишиге алгач ден-соолук анан көңүл адам баласынын түгөнгүс азыгы экенин танып болбойт. Ансыңары бул жолу Омор менен Шазима бул жолку кумар оюнунан тим эле он жылга жашаргандай эле болушту го чиркин. Көңүл жапа чеккени жана өскөнү адамдын ден-соолугуна байланыштуу экенин жашырып болбойт. Ооба, эртең менен эле Омор санаа тартып, керек болсо дары ичип төшөк тартып жаткысы келип жаны жер тартып турду эле, ишине барып көңүлү өсүп келгенгеби, минтип аялы аталган Шазиманын дагы көңүлүн алып, чоң иш бүтүрүп чарчап келген адамдай жанынада чалкалап жатып калды. Бекер жерден "карабаса катын кетет, бакпаса мал кетет" - деген сөз айтылбаганын ушул эле Омор менен Шазиманын жоругу айтып турат го. Бир кезде Шазима чоң ийгиликке жеткен адамдай:
- Омор ака, билесизби, мен сизге жолугуп калганым үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Анткени сиз аялдын көңүлүн тапканды жакшы билесиз жана алдабайсыз, - деди. Эх, аялдардай ишенчээк калк жок го. Эгер Омор алдамчылыгынан минтип жер кезип, жалгыз жүргөнүн билсе анда мындай жагымдуу сөзүн ага арнап айтпайт эле. Омор эми гана жылаңач жатканын сезип, туруп кийине баштады. Шазима улутунуп алды. Көптөн бери тумчугуп жүргөн жүрөгүнө шаттык уялап бугу тарады, чери тарады, көкүрөк кере серүүн абадан дем алып, өзүн абдан сергек сезип, туруп бул дагы кийине баштады. Ушул кезге чейин Омор менен чогуу жашап, азыркыдай абалга кабылып көрбөптүр. Бул жолу Омордон ушундай канаат алып, сүйүүгө жаңы кабылган жаш кыздай көңүлү өсүп турду.
Омор дароо Акзиректи эстеди. Аны менен сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөн түнү ал дагы Шазима айткан сөздү айткан эле "сага жолгуп, сага тийгеним үчүн өзүмдү бактылуу сезем" - деп. Чынын айтканда Шазима менен түбөлүк жашабайт. Аны турмуш өзү эле айтып турбайбы. Анткени анын мекенинде баласы жана кызы күтүп жатат. Алар дагы апасынан чоңду үмүт кылып жатканын жашырып болбойт. Ал эми Омордун дагы үй-бүлөөсү бар адам. Анан кантип экөө түбөлүк бирге жашайт эле. Шазиманын айтканы Оморго жөн гана улуу иштен кийинки айтылган сөздөй сезилди.
Омор туруп кийинди да, ишине жөнөдү, бир текшерип коюш үчүн. Анткени чоң жоопкерчилик мойнуна артылганын кантип танат. Андан дагы жаман оюнда директордун ишенимин аткарып коюну эп көрдү.
Кечинде чогуу иштеген Надя деген саанчы аял өзүнчө эле күйпөлөктөп, бир нерсе айта албай, Омордун кетип калышын эңсеп тургандай сезилип туруп алды. Ооба, бул кезде Олег ишке келмек турсун, ким эмне кылып жатат көңүл дагы бурчу эмес. Надя отуз литр сүттү ушундай кечте сыртта күтүп турган айылдагы бирөөнө куюп берчү. Ал мунун күндө сатып тапкан акчасы эле. Бүгүн Олег иштен кеткенин билбей калып, тиги кардарын чакырып коюп, алты айласы кетип турган. Омор болгон сүттү өзү кабыл алды да, кагазына жазып алып, түнү салына турган тоюттарга көз салды. Ооба, буга чейин саат беште эле ишинен кетип калчу. Экинчи сменде иштегендер кеминде жүз литрге чейин сүт уурдап сатып, акча жасашканын билбептир.
Эртеси эле директор саалган сүттөгү айрыманы билип, дароо бир нерседен шек алды да, Оморду өзүнө чакырып:
- Омор, кечинде сен эмне уйлар саалып болгончо фермада болдуңбу? - деп суроолуу карады. Омор эч жаман ой жок:
- Василий Сергеевич, ишим ошол болгон соң, иште болом да. Ал турсун кечинде уйларга тоют салынып болгонго чейин фермадан кеткен жокмун.
Директор колунан кысып:
- Омор, көрдүңбү, сен биринчи иш күнү эле өзүңдү көргөзө адың. Анткени мурунку күндөргө караганда бүгүн жүз литрден ашыкча сүт төгүлдү. Тоюттар дагы кечкисин толук салынчу эмес, экинчиден сүт уурдалчу. Мунун баарын мен билчүмүн, бирок колум менен кармап албаган соң сөзүм кыска болчу. Ушунуңдан жазбай иштесең, сага чоң сыйлык берем,- деп кызыктырып койду. Ушул сөздү укканда гана Омор, Надиянын кечиндеги олдоксон аракетин эстеп, андан шек алып мындай жолго бөгөт коюну оюна алып койду.
**********
Сүйүнбек эмнегедир түн ортосуна чейин уктай албай ойго жатты. Оюнда Азизаны же Салияны тандай албай абдан кыйналды.
Экөө тең жагат, экөө тең сулуу жана көңүлүндөгүдөй кыз. Эгер апасы айткандай үйлөнүп алса, "сүйүү" - деген машакаттан арылат беле, ким билет. Бирок баардык нерсе үйлөнгөндөн кийин эле бүтүп калса жакшы, андан кийин дагы бир нерсенин учу чыгары толук мүмкүн. Ооба, сүйдүңбү, ал, алдыңбы, аны менен бирге турмуштун арабасын түртүп, аны менен бирге картаюуга даяр бол. Бекеринен "аял менен күйөөнүн ишине кийлигишпе" - деген кеп калган эмес да. Сүйүнбек көп эле жолу укту атасы менен апасынын ортосундагы ысык сүйүү тууралуу, акыры эмне болду. Эч качан алардын жолун баспагандай болуп жашагысы келет. Андыктан түбөлүк жарды апасы Акзирек айткандай абдан тандап, сынап анан алганга аракет кылганы оң. Антейин десе, жүрөгүнө тынчтык бербеген ашыктыктын азабы да оюна койбой жатканын жашыра албайт.
Эртең менен катуу уктап жатканда уюлдук телефону шыңгырап калды. Кулагына такаса атасы экен. Дароо көзү умачтай ачылды:
- Ата угуп жатам - деп, тыңшап калды. Омор ал акыбалды сурады да анан акча салганын айтты. Сүйүнбек бир топко сүйлөшкөн соң, телефонду өчүрүп, жаткан ордунан турду да, саатты карады. Бул кезде сааттын жебеси онду көргөзүп калыптыр. Дароо шашыла кийинип эле, Азизага жолукканы үйдөн чыгып бара жатып, апасы менен байланышып:
- Апа, атам акча салыптыр. Анан экөөбүз чогуу барып албайлыбы, - деди. Акзирек макул болуп "түшкү эс алуу учурунда жолугушалы" деп телефонду коюп койду.
Баягы өзүнүн издери калган тигүүчү цех. Ушул жерден биринчи ууз сүйүүгө кабылып, анын азабынан иштен кеткенин эстеп, өзүнүн жоругуна өзү нааразы болуп кетти. Бир кезде курсташы Айбек сүйлөшкөн кызын ала качып кетсе бир жума тынбай ичкилик ичип, аз жерден окуудан айдалып кетип кала жаздаган. Ошондо ал балага сын таккан эле. Эми ошол окуя өзүнү башына келгенин Азизаны күтүп туруп, эстеп кетти. Бир чети ошол Азизага сөз айткан учурда чын эле өзүн кармана албай калганын тана албайт. Анткени ушул жашка келгени эч бир жандан кулакка жат жана жагымсыз сөз угуп көргөн эмес, балким ошого ардандыбы. Атасы менен апасы жеке басар кылып эрке өстүргөнүн Азизанын сөзүн көтөрө албаганынан улам билди. Ооба, адам баласы башына кыйынчылык келмейин, эч нерсени түшүнбөгөнү анык. Эгер Сүйүнбек ушуга чейин кызга сөз айтып, аз болсо дагы кагуу жеп такшалганда, Азизанын "жүрөгүм бош эмес"- деген сөзүнө мынчалык басынып, теригип, ичкиликке берилбейт эле.
Бир кезде цехтен Азиза чыкты. Анын акырын кадам таштап келе жатканын, жылмая караганын, бой мүчөсүн Салияга абдан окшоштуруп жиберди. Мурунку күнү мончого түшүп, өзүнө келгенгеби, Сүйүнбек, Азизанын көзүнө көркөмдүү көрүнүп кетти. Алгач Сүйүнбек утурлай басып учурашты:
- Кандайсың, Азиза? - деп. Азиза берилген саламды алик алып:
- Мен го жакшымын, ал эми өзүң кандай? Эмне иштен кетип калдың? Сен жок чынын айтканда цех коңултуктап калды. Адам баласы көрсө жанында жүргөн адамдын анча баркы билинбейт тура. Сен кеткени биз сенин ордуңду жоктоп калдык.
Эх, жакшы сөз, кандай кулакка жакшы угулат. Сүйүнбек күлүп:
- Азиза, сен мени кечирип койчу. Чынын айтсам ушул жашка келгени сени жакшы көргөндөй эч кимди жактырбаптырмын. Баштан өтпөгөндүк кылып, катуу кетип калдым.
Азиза эми гана сөз өз нугуна түшкөнүн билип:
- Сүйүнбек, чынын айтсам мага сөз айткандар абдан көп болду, ошол себептен сага катуу айтып алган окшоймун, сенин ошол кездеги абалыңды аңдабай калып. Мен, сени мынчалыкка бара деп ойлогон эмес элем.
- Баары өттү, эми аны кеп кылганда эмне.
- Мага туура түшүн, жүрөк менен дагы эсептешип койгон оң го. Бул жашоодо адам баласына эмнеге сүйүүнү берген. Анын себеби, эки жаш түбөлүккө бирге жашай турган адамын жүрөгү менен тандасын деп берген сүйүүнү. Мен сени чанбайм. Бирок сага чейин жүрөгүмдү ээлеп койгон бирөө бар болучу. Эгер менин жүрөгүм бош болгондо, анда сенин талабыңа башкача жооп берет элем. Бул жалганда беш кайыптын бири дидар кайып. Дидар бул эки адамдын жылдызы келишкендеги учур. Ошол себептен биз ал жагын дагы эске алып койгонубуз оң го. Сүйүнбек туура айттың дегенсип башын ийкеп, анан сөздү башкага бурду:
- Азиза, сен эмне эгиздин түгөйү болосуңбу? Кечээ мен сага куюп койгондой окшош кыз менен тааныштым. Анын сенден айрымасы болгону мойнунда ичке анан узун калы бар экен. Эгер каршы болбосоң мен сени ал кыз менен жолуктура алам. Ал кыз дагы "сага жолуктур" деп айткан. Азиза кызыгуусу арта:
- Мейли, мен каршы эмесмин. Баса, Сүйүнбек сен кайра бизге келип иштебейсиңби. Анан сенден сураныч эгер ал кыз мага окшош болсо, ал кыздын жүрөгүн багындырганга аракет кылып көр. Баардык нерсеге аракет кылган жемишин берет эмеспи. Сүйүнбек жылмайып:
- Азиза, эми сен менден кооптонбо. Мен сага эми башка сөз айтып, тынчыңды албайм. Тээ илгертен "сүйбөгөнгө сүйкөнбө" - деген кеп бар эмеспи. Мен бул айтылган сөз нак турмуштан алынганын башымдан өткөрдүм. Адам баласы башынан өткөрмөйүн, көп нерсеге түшүнбөйт экен. Буга мисал катары менин эле жоругумду алалы. Акылга сыйбаган иш болду. Баса, эгер чын эле цех менсиз коңултуктап калса, мен кайра ишке чыгам. Аны коюп мени ишке алат болду бекен. Азиза чын ниетинен сүйүнүп:
- Албаганда, алат эле болуш керек. Азыр эле ал ишти чечип кет да, эжеге жолугуп. Сүйүнбек бул сунушту туура көрүп, цехке кирди да, технологго жолукканы анын бөлмөсүнө киргенде, Азиза өзүнүн ордуна келип олтуруп, ишин улантып тиге баштады.
Баягы эле ак машина, баягы эле чүпөрөк. Эндей чүпөрөк кудум заводдон жасалып чыккан машинадай, кийим болуп тигилип чыгып жатканы, канча эмгекти талап кылат. Биринчиден көздү алып жатат, экинчиден материалдын чаңы, үчүнчүдөн нерв кетип жатканын тигүүчү кыздар билип турса дагы, жанды багыш үчүн керээлди күнү кечке төрт дубалдын ичинен чыкпай иш менен алек. Окшош күндөр өтүп жатканын билишсе дагы, башка эмне кыла алышмак эле.
Сүйүнбек ичкери киргенде технолог жакшы маанай менен учурашкан соң:
- Сүйүнбек, кел, эмне кайра иштегени келдиңби? - деди эле Сүйүнбек башын ийкеп:
- Эже, катуу жаңылганымды кеч сездим. Көрсө баарын бир гана убакыт өз ордуна коёт тура.
- Сүйүнбек, кап, кечээ келбейт белең, жаңы бычмачыны бүгүн эле ишке алып койбодумбу. Макул көрсөң сага башка цехтен иш таап берейин, бирок баягыдай ичип кете көрбө. Сүйүнбек бул сунушка макул болду. Бир чети Азизадан алыс болууну каалап турду. Анткени бардык нерсенин өзүнүн орду менен болгону абзел экенин ким билбейт.
Ооба, айтылган кеп бар "дос тууган менен катнаш, бирок бир түндүктүн алдында чогуу жашаба" - дегендей, Азиза менен алыстан сыйлашканы ыңгайлуу экенин сезип, дароо макул болду. Сүйүнбек эртеси эртең менен айтылган дарекке бармай болуп, цехтен чыгып, кабагы ачык апасынын иштеген жерине келди. Бул кезде түшкү тамактануу учуру болуп калган болучу. Эне- бала ээрчише чыгышты да, банкка келип акчаны алышкан соң, жакын жердеги кафеге келип тамактанышты. Ооба, адам баласынын жашоодогу биринчи эңсегени тамак экенин танып болбойт. "Тамак ичип олтурганда шашылба, өмүр токтоп турат"- деп бекер айтылган эмес. Акзиректин кабагы ачык. Анткени жанында баласы бар. Экөө берилүү менен насип тешип олтурат, болгондо дагы Омордун салган акчасына. Көңүл сүйгөн жана абдан жакын адам менен өзгөчө кафеде тамактануу кандай жагымдуу. Сүйүнбектин чынында курсагы ачка болучу. Эртең менен жеринен тамак жүрөгүнө баспайт. Омор жүз миң рубль салыптыр. Акзирек сөз улансын үчүн:
- Уулум, алгач карыздарды четинен бере баштайлы, атаңа айт, дагы акча салып турсун, ыгы келе калганда. Биз акырындан анын карыздарынан кутултуп, аны мында чакыралы. Эгер сен үйлөнүп кала турган болсоң, ким барат куда башы болуп. Түндө атаң менин түшүмө кирди. Чоң ишке олтурган түрү бар. Бир орус атаңды креслого олтургузуп жатыптыр. Бүгүн болсо минтип акча салды. Сен эми мындай кыл. Кечинде тиги кырк миң сом карыз Адилетти үйгө чакырып кел. Анын көңүлүн алып, бир чыны чай берип анан акчаны колуна карматалы. Сүйүнбек сугалактык менен тамак жеп жатып, башын ийкеген болду. Уулунун курсагы ачка экенин билип Акзирек:
- Дагы тамакка заказ берелиби?
- Жок, кереги жок, мен тоюп калдым. Эгер өзүңүзгө карасаңыз мен каршы эмесмин.
Эне бала кафеден чыгышканда, сааттын жебеси бирди көргөзүп калган. Акзирек шашып калды. Анткени түшкү дем алуу учуру аяктап калган болучу. Сүйүнбек кыйыла карап:
- Апа, мага беш жүз сом бериңизчи. Азыр бирөөнө жолугат элем. Чөнтөк кур болгон болбойт экен. Балким кечинде коротпой алып барып калышым да ыктымал. Акзирек акча берип жатып:
- Уулум коротсоң корот, бирок ичкилик ичпей кел. Сага айта турган сөздөрүм бар. Сүйүнбек башын ийкеп:
- Апа, эч кабатыр болбоңуз. Эми мен ичкилик ичпейм. Эртең ишке чыгыш керек деди. Акзирек уулунун бул сөзүн укканда көңүлү өсө сүйүнүп кетти. Анткени иштеп алаксыбаса, болбой турганын билет да.
Сүйүнбек убада боюнча жарым саат илгери жолуга турган жерге келип, жол карады. Аттиң, ар бир жигит үчүн кыз күтүү билинбегени менен эмне деген бакыт. Күтүүнүн азабы качан кыз кылыктана басып келгенде дароо унутулат го чиркин. Кайберен аңдыган мергенчидей, Сүйүнбек өзгөчө айтылуу Чүй көчөсү менен Манас көчөсүнүн кесилишиндеги жер алдынан чыкчу жолдон көзүн албай карап турду. Эл агылып кирип, кайра чыгып жатты, бирок бир гана күткөнүнүн карааны көрүнбөйт десең. Сүйүнбек улам телефондогу сааты карап, тынчы кете баштады. Бирок эмнегедир көңүлү көтөрүңкү. Анткени ар бир адам жакшы көргөн адамына жолугарда кабагы ачык болот эмеспи. Ошол себептен бекер айтылган эмес да "күн сайын адамдык сапаттан кетпей жашаш кыйын" - деп. Негизи эле эркек адамдын өзүнө алгач "көзү душман"- деп бекер айтылбаса керек. Сүйүнбек кылыктана басып өтүп жаткан кыздардын соорусун суугу арта карап туруп, убакыттын өткөнүн аңдай албай калды. Ооба, чынында эле убакыттын баарын досторуң уурдайт дегендей, убакыт билинбей өткөнү менен Сүйүнбектин күткөнү кечигип жатты.
Сааттын жебеси экини көргөздү, бирок Салия али келе элек. Анткен менен анын келээрин ички сезими менен билип, күтүп тура берди. Бул кезде Салия чын эле жолугушууга шашып келе жаткан болучу.
********
Шааркан кызынын сөзүн укканда ичи эңшериле түштү да, ичинен ойлоп койду "бекер айтылган эмес тура, кыз бирөөнүн бүлөөсү" - деп. Кап, "кыз эмес уул бала багып алганымда эмне"- деп да ойлогонго үлгүрүп:
- Кызым, эмне мынча турмушка чыкканга ашыктың. Бир эки жыл коё турсаң болбойт беле, менин жанымда караан болуп.
- Апа, ансыз деле балдар мени бура бастырбай калышты. Сиз айткандай сулуулуктун дагы зыяны тийбей койбойт тура. Курсагы салаңдаган кишилерден бери кылгыра карап, көчөгө ээн баса албай калдым. Эртең тааныбаган бирөө ала качып кетсе деле олтуруп калсам жалгыз каласыз да. Эмнеге мынча кызды алсыз кылып жаратып койду экен?
Шааркан кызынын сөзүн угуп, анын айткан сөзүн эп көрүп, туура тыянак чыгарып:
- Кызым, алиги сени алам деген баланы чакырчы, аны менен өзүм сүйлөшүп көрөйүн деди. Ушул эле сөз керек белем, Азиза сыртка чыкты.
Бул кезде Шүкүр бир жерге тура албай, убайым тарткан адамдай катуу санаа чегип, шаштысы кетип калган болучу. Качан Азиза сыртка чыкканда, көрө коюп, алдынан утурлай басып чыгып, озунуп:
- Азиза, айттыңбы?! - деп күч менен сурап жиберди. Бул суроонун артында чыдамдын кеткен, сабырдын түгөнгөнү катылып жатканы даана байкалды.
- Айттым, "апам сени менен сүйлөшсөмбү" деп чакырып жатат. Жакшылап сүйлөшсөң, жанагындай болуп дулдуйбай. Шүкүр бул сунуштан баш тарта албай, кысынып кайра астананы аттап кирди. Бул жолу эмнегедир Шааркан көзүнө абдан сүрдүү көрүнүп, бул жолу да оозунан сөзү, жүзүнөн нуру качып мугалимден сүрдөгөн окуучудай жер карап турду. Шааркан ички үйдөгү диванга баштап келип олтурду да:
- Балам, кел мында олтур! - деди. Шүкүр уялганынан жүзү албырып, көрсөтүлгөн жерге араң басып келип олтурду.
- Балам, атың ким, - деди, сөздү жай баштап.
- Шүкүр, - деп айтканга араң жарады. Ушул өз ысмын дагы айта албай кыйналып кетти. Бул элеттик баланын тартынчаак мүнөзү эле. Шааркан эми сөздүн ачыгын айтты:
- Шүкүр, эмне Азизага үйлөнөйүн деген оюң барбы?
Шүкүр башын ийкеп үнүн жай чыгарып:
- Ооба, эгер сиз каршы болбосоңуз.
- Мен бир гана шарт менен макул болом, Азизага үйлөнүшүңө.
Шүкүр башын көтөрүп:
- Кандай шарт"- дегенге араң жарады.
- Азиза менин жалгыз көзгө басар кызым. Эгер сен ушул үйдө жашайм десең, мен макулмун. Көрүп турасың, жалгыз экенимди. Эртең ооруп жыгылып калсам ким мага суу сузуп берип, жанымда болот. "Күч күйөө болуп калам"- деп куру намыска алдыра турган болуп каршы боло турган болсоң, анда мен кызымды бере албайм. Мен сени эч качан күч күйөө деп дагы айтпайм. Ушул үй Азиза экөөңөрдүкү болот. Алгач атаң менен апаң келип мени менен сүйлөшүп кетсин. Менин шартым ушул үйдү үйдөй кылып кармап кала турган балага гана кызымды берем. Чын эле Азизаны жактырып аны менен жашайм десең, ата-энең менен кеңешип, кийин башка ашыкча сөз болбогондой ийге келип, кабыргаң менен кеңешип анан жообун бергендей бол. Менин шартым ушул - деди. Шүкүр бул айтылган сунушка башын ийкеп макул болуп:
- Апа, мен анда эки күндөн кийин келем. Ата-энем менен келип сүйлөшүп кетем деп сыртка чыкты.
Азиза бул сөздөрдү угуп туруп, апасынын айткан сөзүнө абдан ыраазы болду да, Шүкүр менен сыртка чыкканда:
- Шүкүр, сен апама дагы туура түшүн. Чын эле апам мен кетсем, жалгыз калат. Ал эми атам болсо мурунку аялынын үйүнө кетип калып келбей калган учуру көп болот. Шүкүр таң калып:
- Эмне атаңдын эки аялы барбы? - деди эле Азиза, кысынгансып:
- Ооба, атам мурунку аялы менен чырдашып кетип, ажырашып апам менен эки жыл жашагандан кийин мурунку аялы балдарын бетине кармап, атамды кайра азгырып алыптыр. Бирок көбүнчө биздин үйдө жашаган. Кийин эле балдары менен кыздары чоңойгондон кийин, эмнегедир тиги аялынын жанында көбүрөөк болуп жатат. Анын себеби ал аялы ооруп калган го. Шүкүр сөзгө туура баа берип:
- Кызык адамдар көп. Негизи эле аялдар ашыкча кетишпесе дурус болот эле. Буга мисал катары сенин эле атаңды алалы. Ал киши башка аял алып алды. Ал эми тиги аялы күйөөгө тийген жок. Ушул нерсени алдына ала ойлонушу керек болучу да. Кээ бир эркектердин эки аял алганына кээде аялдары өздөрү себеп болуп алат.
Сөз башка нукка бурулуп кеткенде Урмат:
- Шүкүр, сен Азизага жообун бербейсиңби? Азыр үйгө эрте баргандай бололу да, биз дагы план түзүп, сүйлөшүп алалы. Шүкүр башын тырмап:
- Азиза, эгер мен сага үйлөнсөм, дароо үйлүү дагы болуп калат турбаймынбы ээ?
- Аны өзүң укпадыңбы. Аны коюп тездет. Мага көз арткандар көп. Менин болсо болгон тилегим бир гана сенсиң.
Шүкүр акырын кучагына кысып:
- Алтыным, баары ойдогудай болот деп, бир саамга ойлонгон түр көргөзүп:
- Кой, анда жакшы кал. Биз ушул аптанын ичинде келип сени алып кетебиз. Сенден сураныч, күт. Башка эч нерсенин кереги жок, - деди. Экөө жылуу коштошту. Урмат акырын гана Азизанын колун кысып коюп, артка бурулуп басып кетти.
Азиза үйгө киргенде Шааркан кабагы салыңкы:
- Кызым, бул баланын шылкы бош го? Абдан эле мажүрөөдөй көрүндү. Сени багып кете алабы же сен муну багасыңбы? Азиза көңүлү суз:
- Апа, өзү тың эле бала. Айылдык балдар абдан эле тартынчаак болот эмеспи. Сизден уялып жатканы болсо керек.
Шааркан ашыкча сөз сүйлөгөн жок. Анткени бул окуя өзүнүн деле башынан өтпөдү беле. Эне менен кыз башка ачылып деле сүйлөшпөдү. Унчукпай олтурушуп кечки тамакты ичишкенден соң, экөө жатып алышты.
Терезеден тийген айдын нуру бөлмө ичине төгүлүп, өз кооздугун тартуулап турду. Анткен менен бөлмө ичин тынчтык каптап, экөө өз ойлору менен алек. Шааркан өзүнүн алгач келин болуп келген кезин эстеди.
Кыз кези менен коштошуп, Шааркан көшөгөгө кирип, ак жоолук салынып, үлбүрөп олтурган кезин кантип унутат эле. Керегеге жоолук бууп, той куржундары сөгүлүп, келиндин себин көрүшкөн. Ооба, ар бир кыз баланын эң бактылуу учуру ошол кез эмеспи.
Көшөгө ичине төшөк салышып Шаарканды кыңшылатышып, жеңелери жеңкетай бөлүшкөн. Арзып тийген күйөөсү көзүнүн агы менен тең айланып, асмандагы айды алып бергенге дагы даярдай көрүнгөн. Эми ошол бактылуу көз ирмемчелик учур, ошол кез, минтип кызына оогонуна таң калып, убакыттын билинбей өткөнүнүн бүгүн гана билип олтурат. Көрсө адам баласы артын көрүп карыйт деген кеп бекер айтылбаган тура.
Азизаны багып алуу үчүн үйүнө алып келгенде, кызыл эт наристени колуна кармай албай абдан кыйналбады беле. Сүт куюлган упчуну чопулдатып соргон ошол наристе минтип учуру келип "турмушка чыгам"- деп жигит арзып турганы Шааркандын бир кезде оюна келген күндө дагы мынчалык тез келип калат деп күткөн эмес. Убакыт деген учкан куш экенин бүгүн минтип узун түндө уйкусу качып жатып, бир баштан эстеп билип олтурат.
Ооба, Азизаны багып алганда Шааркан кандай сүйүндү эле. Бир арманы бакыртып уул, кызартып кыз төрөбөгөнү санаа үстүнө санаа кошуп, тээ эрге тийгенден бери ичинен жеп келет. Атаганат, аял кишинин өз учурунда төрөп түшкөнү билинбегени менен чоң бакыт белем. Ар бир аял заты бала төрөгөндө гана ыйык "эне" деген атка татыктуу болот. Эне болуш үчүн эмне деген гана азаптарды баштан өткөрүү керек. Толгоо тартуу эле эмне деген мүшкүл. Болгон сөөгү ажырап, денени жарып чыккан баланын "баа" -деген үнүн угуу кандай аялдын багына туш келет. Шааркан көзүн жумуп жатканы менен уйкусу келбеди. Эми болгон санаасы Азизаны кантип узатуу жана аны кайра кантип үйүндө жашатып калуу керек деген маселе башын оорутту. Ооба, эгер Азиза тийген күйөөсү менен үйдө жашаганы менен күйөө баласы менен кантип жашайт. Аны менен тил табышып кете алабы. Ооба, "эрди катын урушат, ээси кеткен болушат"- деген кеп бар. Кызынын көз жашын көргүзү келбейт дагы, күйөө баласынын сөгүнгөн сөзүн уккусу келбейт. Ооба, күйөө деген бирде болбосо бирде ичип келет, кабагына кар жаап түнөрүп келген күнү болот. Анан кантип анын каардуу көз карашын көрүп жашайт. Мунун баарын бир баштан ойлоп олтуруп, Азиза менен бирге жашагандан баш тартып калды. Андан көрө кайра дагы бир кызды багып алса кандай болот. Ар тараптуу ойлор менен алек болуп жатып, кечинде Шүкүргө айткан оюнан кайтып калды. Мунун себеби, жакшы көргөн сырдашкан курбусу айткан эле "айылда иш жок, кыз-күйөөм үйдө бир айдан ашык убакыт жашап калды. Экөөнү мен бактылуу жашайт го деп ойлоптурмун. Көрсө бул жетишпеген жашоодо эмне болгон күндө дагы кер- мур айтышуу боло берет тура. Кызым менен күйөө балам уруша кетсе эле мен бери жакта өзүмдү жаман сезип, эптеп бир ай жашаган соң, өзүм чуркап жүрүп квартира таап берип кетиргенче шаштым" - деген эле. Ооба, али үйлөнө электе баары жакшы боло тургандай сезиле берет. Анан турмуштун тайгак жолунда күйөө сөгүнөт, аял ажылдайт, анан кер-мур айтышуу башталат.
Шааркан таң аппак атканга чейин көз ирмеген жок. Эртең менен Азиза туруп ишине барарда гана кийинип сырткы үйгө чыгып, аны менен чогуу чай ичип олтуруп:
- Кызым, сен барам десең бер. Мен баштагы оюмдан кайттым. Эртең сен күйөөң менен уруша кетсең, мен сага же ага болуша албай ортодо кыйналам. Андан көрө мен экөөңөрдүн жаман-жакшы айтышкан сөздөрүңөрдү укпагандай эле болоюн.
Азиза күлүп:
- Апа, биз урушпай эле жашайбыз. Эч кабатыр болбоңуз.
- Кызым, баары азыр сага ошондой сезиле берет. Турмушка чыккандан кийинки жашоонун жолу такыр башка. Атаң деле мени аларда асмандагы айды алып берем деп алган. Эми кара балдары менен кыздарынын сөзүнөн чыга албай, үйгө келбей жатат. Бул эми жашоонун жана турмуштун тарбиясы. Эркек алганга чейин эле алтыным дейт. "Сүйүү" - деп какшанганыбыз менен сүйүү ар бир адамдын кулк- мүнөзүнө, туруктуулугуна, сүйүүнү бага билишине жараша болот. Азыр сүйүү эле эмес, жашоонун өзү булганды. Алдамчылык, эки жүздүүлүк күч алды. Эгер сүйүү болгондо анда аял менен эркектин ортосунда эч качан уруш болбойт эле го. Эмне үчүн үйлөнгөнгө чейин уруш болбойт дагы, качан үйлөнгөндөн кийин эле баары башкача болуп өзгөрүлөт. Мааниси терең айтылган сөзгө Азиза туура баа берип:
- Апа, анда эмнеге Шүкүргө кечинде толук ойлонбой туруп убада берип койдуңуз "үйдө жаша" -деп. Ал эми ата-энесине айтып барат да.
- Кызым бекер айтылган эмес да "алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык"- деп. Аялдык сезим менен тайыз ойлонуп алганымды кеч сезип калдым. Мейли эми калганын дагы көрө жатабыз. Кудалар келсе сүйлөшүп көрөм го. Аны коюп сен айылга барып жашай аласыңбы?
- Аны убакыт өзү көргөзбөсө. Бир чети айылда жашаган жагат. Таза аба, таза суу, таза азык-түлүк. Кой, апа сүйлөшүп олтурсак сөз бүтпөйт, мен иштен кечикмей болуп калдым. Баса, апа мына акча, кечинде берем деп унутуп калган турбаймынбы, айлык алган элек. Эт алам деп жаттыңыз беле?
- Ооба, базарга барып келейин анан.
Азиза шашып ишине кеткенде, Шааркан ички үйгө кирип уйкуга баш койду. Анын себеби таң атканча уктабаганга жаны жер тарып туруп алды.

#13 06 Март 2016 - 14:35
**************
Россиянын баш-аягы түгөнбөгөн токою чалкып жатат. Ферма токойдун эле четинен орун алган. Бирок шаардан бир топ алыс. Уй бакканга абдан ыңгайлуу жер. Бул ферма союз учурунда, тактап айтканда жетимишинчи жылдардын башында түптөлүп, ошол бойдон сакталып калган. Анткен менен баштапкы калыбындай эмес. Эскиргенсип калганы менен үстүртөн оңдолгонго көзгө жаңы салынгандай эле көрүнөт.
Буга чейин эмне деген гана кишилер иштеп кетпеди, бул фермада. Учурунда абдан дүркүрөгөн болучу, союздун учурунда иштин көзүн билген директор иштеп турган кезде. Союз тараганда аз жерден бул ферма тарап кеткени калган. Жогору жактан чоң жардам болуп, минтип уланып кетип учурда элүүдөй адам иштейт.Омор ишине катуу берилип, иш менен алек.
Уулу менен сүйлөшсө, салган акчаны карызына берип, үч кишиден кутулуп койгонун айтканда кабагы ачыла түштү да, Акзирек менен Сүйүнбектин жасаган иштерине ичи жылып калды. Ушул жерден билди ар бир үйдүн түйшүгү бөлөк экенин. Эгер ишенген башка адамына акча салган болсо алар эмне кылышмак эле, аны элестетип алып башын чайкап, баары бир үй-бүлөө гана баарына түтөөрүн эсине салып койду.
Убакыт кечки саат төрттөр болуп калган. Омор боло турган саандын камын көрүп фермада болучу. Бир кезде эле Саня чакырып калды:
- Омор, сени бейтааныш кишилер чакырып жатат, өңдөрүнө караганда капалуудай. Бул сөздү укканда карыз доолагандар го деп ойлоп, санаасы санга бөлүнүп, өңү өзгөрүлө түштү да, Саняга сыр бербей сыртка чыкты. Эки машина менен толугунан келген орус улутундагы беш киши келиптир. Саня айткандай өңдөрү бир укмуш. Бандиттердикиндей экөөнүн беттери тырык, чачтары такыр болуп алынган. Бирөө гана галстук тагынып, интелегент адамдай көрүндү. Кол алышып учурашкан соң, ортодо турган курсагы салаңдаган, ашыкча эткээл, үнү жоон өзүн Игорь деп тааныштырган киши алгач сөз алды:
- Омор, кел адамча сүйлөшөлү. Эгер сен биздин талапка көнсөң, өзүңө эле жакшы. Анда жылуу ордуңда иштей бересиң. Ашыкча ак жүрөк болгуң келсе, биз сага бул жерден жашоо бербейбиз. Омор калдастай түштү. Бир жагынан карыз доолап келбегендер экенин билип, жеңил дем алып:
- Кандай талабыңар бар? Албетте ар бир ишти жай сөз менен чечкенге эмне жетсин - деди, сөзгө келгенин билгизип. Игорь башын ийкеп:
- Омор, сен абдан туура сөз айтың. Биз деле маселени жай сөз менен чечкенди жакшы көрөбүз, жүрөк ооруткан сөздөрдү айтып не керек. Кыскасы мындай.
- Биз бул фермадан сүт алып турчу элек. Сен ишке келгени такыр эле сүт ала албай калдык. Ушул жагын кандай кылсаң? Бул сөздү укканда маселе кайда жатканын билип, бир саамга ойлонуп туруп, тигинин көзүнө тик карап:
- Игорь, силер канча литр сүттү, кандай баада алчу элеңер? - деди. Бул берилген суроо Игорго анча жага барган жок, кабагын чытып:
- Анын сага кандай кереги бар? - деди, берилген суроого туура эмес түшүнүп алганын билгизип, Омор эми жерди теше тиктеп анан кайра жүзүн ага буруп:
- Игорь Степанович, сиз мага туура түшүнбөй калдыңыз көрүнөт. Эгер туура көрсөңөр, менин айтайын дегеним, силерге керек сүттү ачык эле берип турам, силер алып турган баада. Биз ачык сүйлөшүп алалы. Бирок биздин сүйлөшкөн сөздөрдү эч ким билбегендей болсун. Игорь эми кабагын ачып:
- Бул туура сунуш. Кыскасы, биздин чакан ишканабыз бар, ага сүт абдан керек. Эгер силер койгон баада ала турган болсок, анда биз эч кирише албай калат экенбиз. Омор эч жалтанбай сөз кезеги келгенде:
- Биз анда бири-бирибизди сатып кетпегендей бололу. Баарыбыз акча табыш үчүн далалат кылып жүргөн соң, ыңгайына карайлы. Сүйлөшүү абдан жакшы өттү. Тигилер сүттүн өз баасынан отуз пайызга арзан алганга макул болду. Ал сүттү уурдабай эле, күндүз келип машина менен алып кеткиле. Иштегилер арзан алып жатканыңарды билбегендей болушсун деп убадалашты да, алар менен жылуу коштошуп иш бөлмөсүнө келгенде, тигилердин келгенин байкап калган директор өзү келип калды. Анткени иштен чыгып бара жатып көрүп калган, сүйлөшүү жүрүп жатканын. Анан, күтүп турган болучу, эч кимге көрүнбөй. Ал турсун аларды беш колундай билет, кимдер экенин.
- Омор, тигилер эмне максат менен келишиптир? - деди, шашкалактап. Омор берилген суроого жооп бергенге шашылбай:
- Ооба, Василий Сергеевич, билесиз да, мен ишке жана сизге эч кара санабайм. Буйруса алар менен убадалаштым. Бирок сиз менин сунушума макул болсоңуз.
- Айт, айта бер, мен сага ишенген үчүн ишке албадымбы.
- Кыскасы мындай. Мен бул ишке келгенге чейин жүз литрден ашык сүттү тигилер сатып алып жүрүшүптүр, мындай баада деп айтты да анан:
- Мен тигилерге талап койдум. Сүттүн баасынан отуз пайызга арзан берели, силер уурдабай эле келип алып кетип тургула дагы, акчаны нак бергендей болгула деп айтсам, алар макул болушту. Жүз литр сүттү ордуна коюш абдан оңой. Уйларга баштагыдан азга тоютту көбөйтүп койсок эле баары ордуна келет. Ансыз деле тоют уурдалганына дагы бөгөт коюлду. Директор бул сунушка "лам" дебей макул болуп, көзүн жүлжүйтө Оморду карады. Анткени бир кезде ал сүттүн орду жок эле да, экинчиден акчасы башка бирөөнүн колуна тийчү. Василий Сергеевич сүйүнгөнүн жүзүнөн билгизип:
- Омор, сен абдан туура кылгансың. Мен уурдалган нерсени жаман көрөм. Мейли, тигилер менен кагаз түрүндө дагы документешип кой. Бирок ал акча бугальтерияга түшпөй тургандай болуш керек. Алардан түшкөн акчаны эч ким билбегендей эле болгону оң. Омор шашып:
- Абдан туура айттыңыз. Кыскасы алардан акчаны мен гана алайын дагы, сүттү алып кете беришсин, бухгалтерия билбей эле койсун. Акчаны мен сизге өзүм берип турам. Бул сунушка директор ойлонуп туруп:
- Бир чети бул сунушуң дагы туура. Анда сен сүттү кабыл алган кезде бухгалтерияга жүз литрди аз жазып өткөргөндөй болушуң керек.
- Ал жагын өзүм тууралайм. Сиз акчаны алганды билиңиз дагы, мен ишимди жасаганды билейин. Директор күлүп:
- Макул, анда ишти баштай бер деп далыга чаап, оң көзүн кысып койду.
Омор ишке киришкени көп нерсени билди. Жем, чөпкө окшогон тоюттар уурдалып, иштеген жумушчулар эле пайдасын көрүп жүргөндүгүн билип, баарын акырындык менен колуна алды.
Эртеси эрте ишке келсе, убадалашкан сөз боюнча Игордун кишилери машина менен келип, жүз он литр сүттүн акчасын карматты. Омор эбак эле буларга бериле турган сүттү өзүнчө дайындап койгон. Акчаны алып эле, машинага сүттү жүктөтүп берди да, дитректордун кабинетине кирип, болгон окуяны үстүртөн айтып, сүттүн акчасын карматты. Директор бул ишке таң калып:
- Омор, эч ким билген жокпу ? - деп суроолу карады. Омор эч кооптонуп да койбой:
- Билсе ким эмне кыла алат. Мага алар акча бергенин эч ким көргөн жок, бирок сүттү жүктөтүп бердим, бизде иштеген балдарга. Василий Сергеевич эч кам санабай эле коюңуз. Директор акчаны санабай туруп тартмасына салды да, Оморду карап:
- Омор, бул иш эч кимге билинбесе, мен өзүм сени ыраазы кылып алам. Баса, бүгүн бизде маанилүү жолугушуу бар. Балким ал жолугушууга чакыргандар дагы сүткө заказ бергени жатышса керек. Омор сөздү бөлүп, олтурган ордунан копшолуп алып:
- Эгер, алар иштеше турган заказчиктер болсо, макул болуп, Соколовдордун заказын кыскартып салалы. Ансыз деле алар канча карыз болуп кетишти. Алардан баары бир акырындык менен кол үзгөнүбүз оң болуп жүрбөсүн. Алдагандары эми өнөкөт ишке айланат да, акыры алдап көнүп калышат.
Директор бул сунушту дагы туура көрүп, Оморго ыраазы болду. Андан дагы болбогон жерден акчалуу болуп жатса, кабагы ачылбаганда кайда барат эле.
Убакыт өз нугунда өтүп, арадан эки апта өткөндө, директор Оморго эки жүз миң рубль берди, сыйлык катары. Бул ойдо жок жерден болуп калды. Анткени Соколовдор карыздын баарын берип, мындан кийин сүтүү кыскартпай берип тургула деп атайын суранышканы, директордун көңүлүн абдан өстүрдү. Омор дароо ал акчаны Бишкекке салып жиберди.
*********
Жол караган Сүйүнбектин эмнегедир шаштысы кете баштады. Анткен менен жүрөгү ишенип турду, Салиянын келээрине. Бул жалганда күтүүнүн азабы билинбегени менен чоң түйшүктү талап кылат. Бирок күтүүнүн аягы жакшы аяктаса го, анда дурус, күткөн адам келбей калса анда күткөн эмгек талаага кетип, адам көңүлү кирдеп каларында эч шек жок. Эне аскердеги уулун кандай жакшы тилек менен күткөндөй, Сүйүнбек дагы Салияны ушундай бир берилүү менен күтүп туруп, чукул жерден ойлоно калды " балким иши чыгып калып келбей калган чыгар" - деп өзүн-өзү алдады. Адамдын эң чоң ишенгени бир гана "үмүт" экенин ким тана алат. Ооба, үмүт үзүлгөндө гана жашоонун көңүлсүз сааттары акырын сапарын улайт. Эгер үмүт оту тутанып турган болсо, жашоо кандай кызык көрүнөт.
Сүйүнбек бир орундан жылбай күтүү түйшүгүн тартып, эки жакты элеңдеп карап турганын Салия көрүп, аны аяп кетти. Бир жагынан өзүнүн кыз каадасы кылып кечигип келгенине көңүлү өсө түштү. Албетте калыс алып караган кишиге кыздын күттүргөнү бул, тээ илгертен бери келе жаткан жашоонун жазылбаган мыйзамы. Кыз каадасы, кылыгы ушуну менен башталаары дагы анык. Аттиң, анткен менен кыз бала күттүрүп келип, кайра баа-баркын сактап тез кетип калганы кандай жакшы. Анын себеби баардык нерсе өзүнүн чеги менен болгондой эле, кыз кезде жолугушууга келип кайра "мен шашып жаттым эле" - деп, чоң иши калып жаткансып жигитке бааланганы өзүнө эле чоң упай топтогонго түрткү берээри анык экенине турмуш сабактары күбө. Али турмушка чыга электе эле жигитине сыр алдырып койгон, бул кийинки жашоосуна бут тосконго тете иш экенин жашырып болбойт.
Сүйүнбек жанына келип туруп калган Салияны кеч байкады да:
- Ой, качан келип калдың эле? - деди. Салия сыр бербей:
- Келгеним качан, сиз ар бир өткөн кыздарды таң калып, карегиңиз талып карап турганыңызда келип "мен келдим"-деп айта албай турганыма канча болду.
Бул сөздү таап айтканына Салия ичинен кубанып алды. Сүйүнбек таң калып:
- Мен чын эле байкабай калган экенмин. Аз болгондо сени "келбей калды го" деп кетип калат белем... Кап, болбой калды, эми Салия сенин алдыңа түшкөнүм болсун, бир кафеге кирип олтуралы. Чынын айтсам мен сени күтүп туруп, башка кыздарды карабай эле, абдан жакшы ойго кабылдым. Көрсө кыз күтүүнүн дагы өзүнчө ыракаты болорун мен сени күтүп туруп билдим. Ал турсун сен жөнүндө абдан жакшы кыялдарга батып, алыс жактарга сени менен кыялымда барып келгенге дагы жетишпедимби. Бир гана сен менин болгон дитимди, ой-тилегимди ээлеп алып, мага жакшы санаа тартканга түрткү бердиң.
Эх, жакшы сөздүн кадыры ай, Салия бул айтылган сөздөр менен өзүн кандай бактылуу сезди. Ооба, ушул жолугушуу үчүн эмне деген гана азап тартып жасанды. Күзгүнүн эле алдында канча убактысын коротту. Керек болсо ошол себеп менен кечиккенин жашырып да болбойт эле. Кашты, көздү, кирпикти, оозду, бетти, тырмактарды боёп, чачты жасап, кийимди тандап кийүүнүн өзү эле эмне деген эмгек, атаганат. Ошол себептен аял затын көйрөң анан сылаңкороз калк болот деп бекер айтпаса керек. Бир кезде Сүйүнбек, Салияга тигиле карап:
- Салия, сен абдан сулуу жан экениңди азыр байкадым. Кийген киймиң денеңе куп жарашып, чачтарың абдан жакшы жасалгаланыптыр. Байка, балдар сени ала качып кетпесин. Бул айтылган сөз дагы Салиянын кулагына кандай жакшы угулду. Анын себеби, өзү дагы бир гана Сүйүнбек үчүн жасанып, болгон аракети менен чоң даярдыкта келсе, көңүлү өсүп, жасанган аракети текке кетпей, анысы Сүйүнбекти кайдыгер калтырбаганы эле бул чоң жетишкендик экенин кантип тана алат. Экөө ээрчише басып киши аз кирген кафеге келишти. Сүйүнбек биринчи жолу кыз жандап басып, кызга кам көрүп жаткан кези. Бул жаш кездеги өзгөчө бир эсте кала турган учур экенин жашырып болбойт. Ооба, чын эле Салия көзүнө бир укмуштай сулуу көрүнүп, аны эми такыр эстен чыгара албасын ички туйу сезими менен сезип турду. Тим эле экөөнүн сөздөрү түгөнбөй ар тараптуу багытта сүйлөшкөндөрү менен сүйүү темасында сөз козголгон жок. Сөз турмуш жана илимий темада болуп, ал турсун бир нерсени талаша да кетишти. Анткен менен экөө тең ушул учурда убакыттын токтоп турушун ичтеринен миң кайталап тилеп, сөздүн кызуусуна кирип кетишти.
Чынын айтканда эки жаштын жылдыздары келишип, бир пикирге келип калган кезде, көзгө кандай жакшы көрүнөт. Көчөдө кыз менен бала кыналышып, ортолорунда күлкү жаңырып басып баратканы, жаш кездин гүлдөп- бүрдөп турган кезин тартуулайт го. Берки четтеги столдо жалгыз олтурган жашы улгайып калган киши Сүйүнбек менен Салияны карап туруп, өзүнүн жаш кезин эстеп, мыйыгынан күлүп алды. Көрсө сүйүү бул үйлөнө элек кезде барктуу болорун экөөнү карап олтуруп эсине алып койду. Ал эми үйлөнгөндөн кийин жашоонун агымы үй-бүлөөлүк түйшүктүн жүгүн артынып, ортодо мамиле акырындык менен муздап, сүйүшүп үйлөнгөндөр оокат-дүнүйө жыюуга болгон убактысын арнап калышында эч шек. Казыбек, бир кезде аялы Бурма менен кудум Сүйүнбек менен Салиядай болуп кандай таттуу күндөрдү өткөрүшкөн. Экөө бирин-бири арзып жүрүп үйлөнгөндөн кийин "тигини алыш керек, бул жакка барыш керек" - деген турмуштун түгөнбөгөн түйшүгүн артынганы бири-бирине тилдери тийип, беттери ачылгандан кийин баягы "сенсиз жашоо жок" - деген сөздөр кумга сиңген суудай каякадыр жок болуп, дүнүйө топтоо менен алек болуп, бири кеч келсе, бири эрте келип, бала багуу менен машакаттанып, азыр сүйүүнү деле унутушкан. Көрсө сүйүүнүн кадыры эки жаш бири-бирине жете электе, күчүндө болот белем. Ооба, кыз-жигит сүйлөшүп жүргөн кездери менен үйлөнгөндөн кийинки кездерин салыштырсак, асман менен жердей айрыма болорунда эч шек жок.
Бир кезде эки жаш сыртка чыгышты. Бул кезде сааттын жебеси кечки алтыны көргөзүп калган эле. Убакыт ушундай тез өткөнүнө ишене албай турушту. Экөө жуп коштошордо гана:
- Сүйүнбек, сен мени эмне максат менен чакырганыңды билесиңби? Кана, мага окшош кызга жолуктурганың? - деди эле, Сүйүнбек күлүп:
- Эртең жолуктурайын, азыр кеч болуп кетти. Коркпо мен ал кызга эртең менен жолугуп, сен жөнүндө айтсам ал дагы сага жолугуп, сени менен көрүшүүгө ынтызары күч болуп калды.
Экөө аялдамага жакын жерде дагы жарым сааттан ашык убакыт сүйлөшүп туруп калышты. Сүйүнбек, Салиянын ар бир айткан сөзүнө маани берип, эми чындап ага көңүлү бурулуп калды. Мунун себеби Салиянын салмактуу айткан сөздөрү, таза ниети менен келечекке карата болгон ой тилеги, жаш болсо дагы турмушту түшүнө билгени Сүйүнбектин көңүлүнүн төрүнөн орун алды. Салия менен коштошуп аны маршруткага салып жиберген соң, эми гана Азиза экөөнүн окшош жактарын салыштырып көрүп, экөө эгиз болушу толук мүмкүн деген ойго кабылды.
Аялдамада эч максатсыз бир топко олтурду. Чын эле Азиза менен Салиянын кимисин жүрөгү каалайт ага жооп таба албай койду. Бир жагынан Азизанын көңүлү башка адамга бурулуп калганын эске алып, Салияга ыктоону көңүлүндө туура көрүп турду.
Эгер азыр Сүйүнбек өнөр адамы болгондо, ушундай бир кулакка жагымдуу ыр жазып же обон жаратат беле. Ооба, адам баласы качан башына бир күч келгенде же чоң сүйүүгө кабылганда ичтеги быгып жаткан нерсени сыртка ыр менен чыгарары анык. Эч качан ырдап көрбөгөн Сүйүнбектин эмнегедир ырдагысы келди, бирок орус мүнөз күтүп орус эмес же кыргыз эмес болуп элибиздин ырым-жырымын, салт-санаасын толук билбей орто жолдо калган белгисиз улуттун баласындай тунжурап турду. Болбосо канчалаган кулакты сүйүнтө турган сөздөр менен таамай жазылган обондуу ырлар бар, алардын бирине дагы ушул жашка келгени көңүл бурбаганына таң калып келет. Ал турсун филармонияга концерт көргөнү келбегенин эми билди. Ушул кезде аттиң, Салияга арнап бир ырды кыңылдап ырдап алса, кандай өзүн жеңил сезет эле. Орус тилиндеги кайдагы бир ырды ырдаган болду, бирок ал ырды Салияга арнаганга болбойт эле. Ооба, адам баласы сүйүүнүн кызыгына батып, сүйүүнүн кадырын билгенде гана сүйүү темасында ырдаган ыр кандай жеңилдик тартуулайт.
Айтмакчы, алтын жаак, жез таңдай адамдар дүйнөгө келбейт, келсе керемет өнөр өлбөйт, эгер өнөргө бай адамдын көзү жумулса орду толбойт. Сүйүнбек канчалаган жакшы ырларды укту бирок, кулк-мүнөзүнө уялап калган кайдыгерлик ошол уккан ырлардын бирин дагы тилине салган жок. Ушул жерден үнүн керип бир жакшы ырды ырдап алса өзүн жеңилдей түшчүдөй сезди, бирок ага ички дүйнөсүнүн жардылыгы жол бербеди. Бир кезде гана Салияга жолуга турган жерди жана качан жолугушууну айтпай калганын эстеп, алаканын тарс эткисе чаап алды. Ушул эми гана Салияны такыр жоготконун ички сезими менен билип, көзү караңгылашып кетти. Ооба, кандай сөздөрдү сүйлөшүштү, бирок анын дарегин же үйүнүн телефонун албай калганына ачуусу келди. Ушул жерден билди кыз менен жолукпагандын бир кесепети тийгенин. Эгер буга чейин кыз менен сүйлөшүп жүргөн болсо, дарегин алганга ашыгат эле го. Салия канча күттү, "эми качан жана кайдан жолугушабыз" - деген сөздү айтат деп. Бирок Сүйүнбек өзү айтпаган соң, кыз башы менен кантип айтат эле.
Жакшы маанай менен жолугушуп, кайра минтип анын дарегин албай калганына өкүнүп, үйүнө абдан капалуу келди. Бул жигитке жарашпаган боштуктун жана мажүрөлүктүн бир белгиси экенин жашырып болбойт.
Эгер чын эле арзып кала турган болсо, алгач кыздын жашаган жерин билгенге ашыгуу бул жигиттин биринчи милдети эмеспи. Мына шоколад жеп, ак кол болуп өскөн шаардык баланын бир гана кетирген катасы. Ал эми ишке жөндөмү жок, мык урган колунан келбеген эркек деген атка доо кетирген чала кыргыздардын жоругу албетте толтура. Сүйүнбек үйүнө келгенде баарына текши ой жүгүртүп көрүп, өзүнүн каталарын анализдеп билип, кандай адам экенине жооп таба албай турду.
**********
Убакыттан өткөн күлүк эмне бар. Эч кимге билинбей өткөн убакыт канчалаган өмүрлөр бул жалган жашоодон өткөнүнө, канчалаган шаарлар куралып, кайра жок болгонуна, эмне деген окуялар болгонуна, кимдин кандай карып, кантип жашаганына, кулак угуп көз көрбөгөн техникалардын ойлонуп табылганына, кимдин ким экенине деги эле болуп өткөн нерсенин баарына бир гана убакыт гана күбө болуп, убакыт баарын карытканын танып болбойт. Ооба, дүйнөнүн теңин өзүнө караткан Чыңгыз хан дагы өз өкүмүн жүргүзүп туруп, адамга карылык байкалбай келээрин моюнга алган. Айткандай , адам канчалык көп жыл жашагысы келген менен, карылык башка келгенде ар бир инсан бул жашоодон өзүн артык баштай сезе берээри анык. Ошол сымал сүйүү дагы эскирип, кайра жашарып турарына бир гана убакыт өзү калыс.
Азиза, ак машинага жаңы келген заказды тигип олтуруп, Шүкүрдү эстеди. Ал "ушул жумада келип сени алып кетем" деп убада берип кеткен бойдон, али дайын оту билине элек. Ал кеткенден бери кенен эки апта болду. Күтүүдөн тажап, жол карагандан көзү чарчады. Ооба, ага жолукканга чейинки тарткан азабы бир тең, ал келем деп убада берип кеткенден кийинки тарткан азабы бир тең болуп, сүйүүнүн түйшүгү менен алек болууда. Санаасы санга бөлүнүп, оюу бир жерге турбай калды. Ар дайым анын кучагына боюн таштап, көкүрөгүнө башын жөлөп турган кези тартылат. Шүкүрдүн жүрөгүнүн соккону кулагына угулуп, үшкүргөндөгү ысык илеби, кучагына кысып турган турпаты, сөз айта албай буулукканы, жалжылдап караган көз карашы, кусага баткан муңайган жүзү, телмире карап тиктегени кантип көз алдынан кетет. Арзыганынын алдап кетээрине такыр ишенбейт. Балким бир нерсе болгон үчүн келе албай жаткан чыгар деп ар нерсени ойлоп, колу менен буту иште болгону менен болгон аң-сезими Шүкүрдө болду. Ооба, илгери күйөөсү согушка кеткен келин дагы Азизадай болуп санаа чекпесе керек. Бул адам баласындагы ашыкча санаакорлуктун бир белгиси экенин танып болбойт. Ар түрдүү адамдар болот. Илгери Асан кайгы деген болгон экен. Ал болбогон нерсеге эле ашыкча санаа чеге берчү экен, ошол себептен Асан деген атына кайгы деген сөз кошулуп, Асан кайгы аталып калганы бар. Азиза андан ашса ашып, асты кемибей санаа чеккенин өңү эле айтып турду. Адам баласы ашыкча санаа чеккенде кейпи кете түшөрү анык. Кырк күн катуу ооруп суу ичкен кишидей, тим эле өңү керсары тарта түштү. Бул санаа ашыктыктын ашыкча аша чектирген санаасы экенин жашырып болбойт. Көздөрү чүңүрөйүп ичке кирип кеткен Азизаны алгач көргөн киши оорукчан адам го деп ойлошу, толук мүмкүн. Көзү тигип жаткан материалда, колу менен буту кадимкидей машинаны иштетип жатат. Болгону аң сезими менен Азиза бул жерде эместей. Технолог жанына келип:
- Азиза, сага эмне болду? Деле уга турган түрүң жок, сени сыртта бир узун бойлуу бала чакырып жатат! - дегенде гана өзүнө келип:
- Ал ким экен, ысмын айткан жокпу? - деп олтурган ордунан турду да, сыртты көздөй басты.
Сыртта Азат күтүп турган болучу. Ал чынында Азизаны көп издеди. Акыры бул жакта иштеп жатканын угуп, атайын чыгынып издеп келген. Азатты көргөндө Азиза азга жылмайып, жакшы маанай менен учурашты. Анан кантет. Кантсе да бир жерде иштеп, тааныш болуп калган эски көз да. Андан дагы өзүнө ашык болгондордун алдыңкы катарындагылардын бири Азат экенин жашырып болбойт эле. Ал акыбалды сурап билишкен соң, ээрчише басып бери жылышты. Азат тим эле алтын буюмун таап алган адамдай жөн эле кубанып алган. Аттиң адам баласынын ушундай ачык болгон кабагына, үмүт отун жандырып келген абалына кантип жооп бериш керек, маселе мына ушунда. Эгер ачыгын айтса Азат дагы Сүйүнбектей болуп ичип кетсе кандай болот? Көңүлүн калтырбай жооп берсе үмүт менен кайра-кайра келе бериши толук мүмкүн. Ушул жерден Азиза дагы бир жолу кыз болуп жаралып калганына өкүнүп алды. Кээ бир кыздар сөз айта турган жигит таппай жүрсө, Азиза тескерисинче сөз айткандардан боюн ала качып жашырынганы эле "бирөөгө зар дүйнө, бирөөгө бар дүйнө" - деген сөздүн мааниси кайдан келгенин билгизип турганы го. Чоң жыйынга чыгып трибунадан сүйлөй турган адамдай чычтай жасанып келген Азаттын сырт көрүнүшү эле, ушул жолугушуу үчүн кандай азап чегип жасанганы Азизага дайын болду. Ооба, ар бир адам өзгөчө көңүл сүйгөн адамына жолугушууга барарда, кандай берилүү менен жасанат. Калыс алып карасак жолугушканга чейинки тарткан азап кандай барктуу. Чачты суулап тарап, бут кийимди майлап, шымдын кырын чыгара үтүктөп, атырдан колдон келишинче себинип, жагымдуулукту тартуулаш үчүн жигит, кызга кандай жасанып келсе, кыз бала андан миң эсе ашык жасанаары бышык.
Азат кадыр эсе каада күтүп, кызды сүрдөтө карап:
- Азиза, сага эмне болгон? Эмне мынча өңүңдөн азып. Бир жериң ооруп жүрөбү?
Ушул суроону ар бир таанышы берип жатып тажатып жиберген. Азиза кабагы салыңкы:
- Ооруган деле жокмун. Бир чечилбеген ишке санаа чеккендик болсо керек. Бул жалганда ар бир адамдын эч кимге айтпаган санаасы болот белем. Менин дагы бир жан адамга айтпаган санаа басты да калды. Азат таң калып:
- Азиза, эмне керек айтсаң, балким менин сага жардамым тийип калаар. Азыр чечилбеген маселе жок го. Илим-билим өсүп турганда баары чечилет. Азиза жер карап муңайыңкы үн менен:
- Азат, мен сага туура түшүнөм. Сага ыракмат, мага жан тартканыңа. Мен айттым го, ал маселени азыр эмес, убагы келгенде өзүм чечем. Ага чейин чыдаш кана керек.
Азат чын дилинен бушайман болуп:
- Азиза, анда мен такыр туура эмес учурда келген окшоймун. Эгер макул көрсөң мындай басып барып бир жерден насип тешип, тамак ичип келсек кандай болот? Азиза ушул сөздү дагы күткөн:
- Азат, мен сага туура түшүнөм, азыр иш учуру. Заказ көп болуп эч кол бошобой жатат.
Чынынды адам баласында билинбеген кандайдыр бир туйу сезим болот эмеспи. Азизанын кабагына карап Азат:
- Анда мен жылайын. Атайын сага келген элем, сырдашып келейин деп. Азыр сенин сырдаша турган түрүң жок. Башка күнү жолугушалычы. Азиза бул сөздү укканда чындап сүйүнүп кетти. Анткени андан кантип кутулушту билбей турган. Эгер кичине эле кабагын ачып, күлүп койгон болсо Азат "сени алам" - деп айта тургандай сезилип туруп алган эле.
Азиза жылуу коштошуп, иш ордуна келип олтуруп, Азатка боору ооруп кетти. Анткени ал дагы адам, анын дагы жүрөгү бар, өзүнө арналып соккон. Сүйүү келет, бирок аны сыйлай билүү да керек да. Эч качан бирөөнүн көңүлүн калтырбаганга аракети күч. Бирок ар кимдин арнап, тандап тапкан сүйгөнү, жүрөк эңсеген адамы болот да. Эгер Шүкүр эле ушул бойдон келбей, башка бирөөнө үйлөнүп алса, анда кандай болот? Ошол сымал эле бирөөнүнү жүрөгү, көңүлү менен дагы эсептеше жүрүү керек экенин Азиза өзү сүйүүгө кабылганы билип калды. Болбосо эчак эле сөз айткандардын көңүлүн сындырып салат беле ким билет.
Кечке, иш убактысы бүткөнгө чейин Азизанын болгон дитин Азат ээлеп алды. Чынында аны унутуп, эсинен чынарып бара жаткан болучу. Эми андан кантип караанын үзүүгө акылы жетпей турду. Бул билинбегени менен аң сезимден алган абак экенин жашырып болбойт эле. Чынында Азиза эркин басып жүргөнү менен болгон ички дүйнөсү камакта. Сүйүнбек, Шүкүр, Азат жана дагы эки аптадан бери көлөкөдөй ээрчиген Курманбек деген бала пайда болду. Дагы жакшы Сыртпай Субанович бул жакта иштегенин билбейт. Билсе ал дагы өзүнүн жашы келип калганына карабай бул цехти шынаарлашы толук мүмкүн. "Көңүл өспөсө, көөдөн өспөйт"-деген кеп бар. Айткандай санаа баскан Азиза кудум илгерки конслагерге түшкөн плендеги адамдардай арыктап алган. Эки аптада эле ушундай абалга кабылганы өзүнө дагы таң калтырып келет. Ал турсун түнкүсүн уйкусу да качып, түн бир оокумуна чейин уктабай жаткан адат дагы таап алды.
Иштен чыгып үйүнө келе жатканда, Курманбек дагы жанында пайда болуп:
- Азиза, сага эмне болду? - деди, катар басып. Берилген суроого күттүрүп жооп берди:
- Курманбек, иштен катуу чарчадым. Бүгүн жаңы заказ келип, анын формасын таба албай бир топко кыйнала түштүк.
Курманбек жан тарткан адам болуп:
- Азиза, макул көрсөң сен бул иштен иштебей эле койсоң кандай болот? Дегеним, карачы өзүңдү. Ден-соолук дагы керек да. Иш деп жүрүп ден соолукту берип салгандын канча кереги бар. Ар бир нерсенин өз учуру менен болгону жакшы эмеспи. Макул көрсөң ушул жактан иштеп тапкан акчаны мен эле берип турайынчы. Сен болгону мени менен басып көчөлөсөң эле болду. Кандай жакшы мен үчүн сени менен катар баскан.
Чынында Курманбек сөзгө чебер. Тим эле чукугандай сөз тапкан чечендик дагы жайы бар. Азизага Курманбектин эриктирбегени жагат. Кээде жөн жерден күлкүлүү анекдот айтып күлдүрүп коёт. Бул жолу дагы сөздү анекдот айтып улады.
- Бир сөзгө мокок бала, бир кызды жактырып калып жолугушууга келет экен да. Анан бала эч сөз таба албай минтип сөз баштаптыр:
- Тээтиги жерде турган там эскирип калыптыр ээ?- деп. Бул жерден кызга ал тамдын эмне кереги бар эле дейм да. Кыз айласы жок:
- Ийи, - деп айтып туруп калат. Анда тиги бала:
- Кечке эле мен сүйлөй берейинби, сен деле сүйлөсөң боло? - деген тура. Анысысыңары мен эле кечке сүйлөй бербейин, сен дагы бирдеме айтчы деди эле, Азиза күлүп:
- Тээтиги кетип бара жаткан маршрутка абдан эскирип калыптыр ээ? - деди эле, экөө тең күлүп калышты. Курманбек тим эле көзү агып кетчүдөй, берилүү менен жалжылдай карап:
- Азиза, сени кандай эне төрөдү болду экен, ушундай сулуу кылып? Эгер мен сага үйлөнүп калсам, колуңду ишке тийгиздирбей багып алат элем. Сендей сулуу кызга ким гана үйлөнгүсү келбейт. Азиза ушул сөздү укканда апасын эстеп кетти. Анткени ар бир эне төрөгөн кыз сулуу болсо, уул бала жакшы чыкса албетте биринчи берилген суроо ушул эмеспи "кандай эне төрөдү болду экен, ушул кызды же бул баланы? - деген. Чынында ар бир жакшы чыккан инсандын энеси биринчи айтылышы толук мүмкүн. Анткени бала эненин ичинде калыптанат да. Ошол себептен илгери сынчылар баланы же кызды сынаганда "жаткан жатыны жакшы болбой калган экен" - деп, сын берчү тура. Ооба, бул сөз албетте уят сөз. Бирок баланын жакшы төрөлүшү чынынды энеден болушу толук мүмкүн. Ириде айтылгандай бала бойдо кезде эне капа болбой, жакшы тамак ичип, көңүлү жайында болуп төрөгөндө, бала жакшы төрөлүшүн илим дагы изилдеп чыкканы бар.
Азиза, Курманбектин "сени кандай эне төрөдү болду экен" -деген сөзүн укканда, апасын аяп кетти. Анткени менин сулуу, ар бир адамдын көз илингендей чырайлуу болушума албетте апамдын үлүшү чоң деп ойлоп койду. Курманбек үйгө келгенге чейин абдан жакшы тарбиялуу сөздөрдү айтып берди да, кайсы бир мамлекеттин ойчулунун таамай айткан сөзүн айтты " Ар бир уургаачы жан, турмушка чыгарда бай адамга тийсем деп кыялданат" - деп айткан экен. Чынында азыр ал сөздүн таамай айтылганына жаш кыздар, акчага карап атасы менен тең кишилерге экинчи аял болуп тийип жаткандары эле далил болуп жатпайбы.
Азиза менин сенден суранарым мага көңүлүң болбосо мейли, бирок чечкиндүү анан март адамга турмушка чыксаң, жашооң кызыктуу болот. Марсель Паньоль деген француз драматургу минтип айткан "Короосунан үрүп чыгар ити жок эркекти сүйгөн аялды, өмүрүмдө көрө элекмин" -деп. Чын эле колунан иш келбеген, бир кедейге тийип алып өмүр бою азап чеккенди ким каалайт. Азыр керек болсо балдар дагы байдын кызын алсам деп кыялданып калган. Эгер акчанын көзүн карап, тамак ашка киришкен мажирөө тили менен иш бүтүргөн, чечкинсиз адамга турмушка чыксаң, өмүрүң өткөнчө кедейликтин сазынан чыкпай жүрүп өтүп кете бересиң. Кыз бала кандай күйөөгө тийсе, күйөөсүнүн мүнөзүнө көнүп, ал сүйлөгөн сөздү сүйлөп калганын өзү дагы билбей калат. Мисалы, таксырларды эле алалы. Сүйлөшсө ооздорунан ак көбүк акканча бир укмуш сөздөрдү сүйлөшөт дагы, ишке келгенде колдорунан эч иш келбейт. Бир адамга дагы жарыктары тийбейт. "Адам баласы акыл - эс, ден соолуктан, акчадан айрылган кезде баш оту менен биротоло динге оойт"-деп немец акыны Генрих Гейне мындан эки кылым илгери эле айткан.
Ооба, өзүң эле калыс бол, азыр кээ бир акылы жетик эмес адамдар динди беттерине кармагандары менен динди дагы булгап бүтүшпөдүбү. Сага мунун баарын эмне себеп менен айтып жатам. Колуңдан келсе жакшы адам менен жашаганга аракет кыл. Азыр сүйүү деле көп роль ойнобой калды. Анын себеби, сүйүшүп үйлөнгөн жаштар жалаң жетишпеген жашоонун айынан ажырашып кетишип, канчалаган балдар тирүүлөй жетим болуп жашап жатышат. Эгер сүйүү негизги рольдо болгондо, ажырашуу болмок эмес эле да. Азиза бул айтылган сөздү абдан жакшы кабыл алды. Курманбек кудум Шүкүргө карата айтып жаткандай сезилди. Эгер ал чечкиндүү болгондо эмгиче келип кабарын билгизип кетет эле го. Ооба, чын азыр аялга багылган сайпана эркектердин саны арбыганын кантип жаап жашырууга болот. Колунда күчү бар, акылы толук болуп туруп, аялга багылгандар толуп эле жатпайбы. Керек болсо айбанаттар дагы ургаачысына тамак таап берип өздөрүнүн эркектик парздарын аткарып жатышат. Ушул заманда "иш жок" деген шылтоону бетке кармап үйдө бош жаткан адамдар четен чыгат. "Бекерпоздуктан өткөн оор иш жок" - деп англис жазуучусу Оскар Уайльд айткандай, чын эле бош жатып чарчаган кандай адамдын ден-соолугуна, аң сезимине зыян келтирет. Азиза ар бир айтылган сөздөрдү кунт коюп угуп, үйүнө келгенин да билбей калды. Бир чети Курманбек дагы абдан туура, жүйөөлүү сөздөрдү айтканына ичи жылып, өзүн-өзү жаман көрүп кетти. Анын себеби сүйүү деп сүйүү үчүн эмне мынча азап чегип жатканына ушул саам гана калыс ой жүгүрттү.
**********
Шүкүр айылга келгени өзүнүн чечкинсиздик сапатынан чыга албай, убакытка уттуруп койду. Апасы төркүнүнө кетиптир атасы ооруп, аны көргөнү. Ал эми атасына айткан менен ал киши баары бир "апаң келсин" - деп коюшу толук мүмкүн эле. Ичинен сызып, жапа чеккени менен сырын кимге айта алат. Аңгыча эле таятасы каза болуп, баары ал жакка кетишти. Минтип таятасы каза болуп жатса кантип айтат эле "аял алам" - деп. Ал турсун өзү дагы атасы менен таятасынын акыркы сапарга узатуу үчүн барды. Ал жакта эле кенен үч күн жүрүп калып, дагы убакытка уттуруп баштагыдан түнөрүп, жер карап сүйлөбөй ичинен эзиле берди.
Уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпеген Азиза жакшы эле Шүкүргө белги бергендей сезилди. Ал турсун экөөнүн алгач шаарга барып жолуккандагы абалдарын эстегенде шаарга жөө кетип калгысы келип кетет десең. Акыркы кездерде эмнегедир ырымчыл да боло баштаганын, өзү да билбей калды. Ооба, адам баласы башына иш түшкөндө гана Кудайды эстеп кожо-молдо, көзү-ачыкка чуркап калган адаты кармайт эмеспи. Шүкүр дагы алдынан мышык өтүп кетсе же колунан бир нерсе түшүп кетсе ырым кармаган адат таап алганын өзү анча элес албады. Шаарда Азиза кандай азап менен күтүп жатса, Шүкүр андан миң эсе азап менен шаарга жете албай кыйналганында эч шек жок. Күндө бир гана багыта ойлонуп, бир гана нерсени эңсегендиктен Азиза дайыма түшүнө кирип, ар тараптуу ойлорду ойлогонго түрткү берди. Баарынан дагы кетип жатканда "Шүкүр ылдамда, кайра тез келгендей бол, мени аңдыгандардын карааны көбөйдү" - деген сөзүн эстегиси да келбейт. Аны эстесе, бир орунга олтура албай кетет.
Акыры көптөн күткөн апасы келип, айылдагыларга куран окутушту. Ушул күндү кандай чыдамы кете күттү. Бирок апасы минтип аза күтүп олтурса, дароо эле аял алам деп айтуу дагы ыңгайсыздыкты тартуулап, кечинде эл аягы суюлганда араң дегенде апасына айтты:
- Апа, мага сизден башка эч бир жан туура түшүнбөйт. Мага акча таап бериңизчи, шаарга барып келбесем болбой калды. Баягы шаарга барганымда мен ала турган кызыма жолугуп келгем. Ал кыз бир үйдүн жалгыз кызы. Бирок абдан жакшы кыз. Мен ага барып дайынымды билгизип, бир көрүп келбесем санаадан баспай кала турган болдум. Күндө түшүмө кирип, оюмдан кетпей койду. Мен жолугуп шартымды айтып коюп эле кайра келем. Баса, апа эгер таятам каза болбогон болсо аны алып келмек болчумун. Биздин сөз бүтүп калган эле. Эми кантип аны алып келет элем, барып шартымды эле айтып жолугуп келейинчи. Бермет уулунун ар бир айткан сөзүнөн сүйүүгө катуу берилип алганын сезип, аяп кетти да анан:
- Балам, мен сага түшүнөм, жаш кезде баары эле ашыктык оорусу менен ооруйт. Кап, таятаң ойдо жок жерден кетип калбадыбы. Болбосо өзүм барып кыздын апасы менен сүйлөшүп келет элем. Ушул сөздү укканда Шүкүр шашмалык мүнөзүнө алдырып, сөздү бөлүп:
- Апа, мен кыздын апасына жолугуп аны менен дагы сүйлөшүп келген элем. Апасы айткан "апаң менен атаңды ээрчитип кел, мен кызыма ушул жашап жаткан үйүмдү берем, эч качан күч күйөө болом деп ойлобо"- деп. Чынын айтканда бир үйдө экөө эле жашайт экен. Бул сөздү укканда Бермет ойлоно калды. Чын эле шаарда үйү болсо жаман эмес да. Мындай шарт ар кимдин эле маңдайына жазыла бербейт деп ойлоп:
- Балам, сен барып алгач шартты айтып, түшүндүрүп кел. Менин барганым болбойт. Азырынча бул сөздөрдү эч кимге айтпай тура туралы, таятаңдын кырк күндүгү өтсүн калганын ошондон кийин сүйлөшөбүз деди да:
- Эртең анда сен жолго чык. Мен жол кирени таап берем. Атаңа айтпай эле кой, мен өзүм түшүндүрүп коём деди. Шүкүр бул сөздү укканда жүзү жайнап, сүйүнгөндөн эмне кылышты билбей калдсатай түштү. Ушул жерден эненин улуулугун билди. Эгер ушул эле сөздү атасына айтса атасы " Токтот балам, андай ишиңди. Кыз деген толуп жатат, башка деле кызды өзүм алып берем" - деп коёт беле ким билет.
Эми Шүкүр үчүн убакыттын өтмөгү азап болду. Таң атпайт, сааттан жебеси токтоп калгандай сезилип, чакчыгайдай болуп көзү ирмелбейт десең. Таң атканга чейин ар тараптуу ойлорду ойлой да берди, таттуу кыялга жетеленип, узун түндү уйкусуз өткөрдү. Бул эми чыныгы сүйүүнүн тартырган азабы экенин кантип танууга болот. Ооба, жеңил нерселер дайыма жеңилдигин карматат. Чынында шаарда көзгө илинген жеңил сүйүүгө арбалгандардын жоруктары кандай ыйык сезимди булгап жатышат. Көчөдө туруп алып өбүшкөндөрүн дагы мактаныч катары көргөндөр четтен чыгат. Алар сүйүшкөн жок, чыныгы сүйүү андай жеңилдикке жол бербейт. Жүрөк баардык нерсени сезет, бирок жүрөктү алдагандар дагы бар. "Туруксуз сүйүүнүн далили - ант. Чыныгы сүйүү антты ооз анбайт"-деген кеп бар. Ооба, туруксуз сүйүүнүн далили эле көчөдөгү өбүшкөндөр болуп жатпайбы. Алар бир эле жолу эмес, миң жолу ант беришет дагы, бирок учуру келгенде туруксуздугун билгизип коюшат.
Шүкүр таң шооласы жерге нурун чачкан кезде эле төшөктөн туруп алды. Эх, сүйүүнүн түйшүгү ай. Эгер курган бала сүйүүгө арбалып калбаган болсо, азыр таңкы уйкунун кызуусуна батып уктап жатпайт беле. Турса эч ким турмак турсун уйкунун кучагында жатышат, эч нерсени сезбей. Ушул жолу билди, жалкоолуктун биринчи жолдошу уйку экенин. Эгер элдер таң атканда эле уйкудан ойгонушкан болсо, канча иш бүтөт эле.
Сыртка чыгып, эки жакка басып, өзүн алаксыты. Алгачкылардан болуп апасы туруп таңкы наардын камын көрдү. Дагы бир жолу эненин эмгегин ушул жолу байкады.
Тамака деле табити тартпай, таңкы наарды өзүн кыйнап ичкен болду. Бермет эч кимге билгизбей акча берген соң, түз эле жолго чыгып, шаарга кете турган таксистердин байыр алган жерине келди. Али эрте экен. Ушундайда билинет тура, шашылбаган элдин жашоосу.
Токтор деген кишинин машинасынан орун алды. Дагы эки киши керек экен. Бир кишини жолдон аларын айтты. Таң атканча чеккен санаасы бир тең, эми минтип кардардын келмеги бир тең болуп, шаштысы кетип, ичинен эзилди. Бул албетте ашыктыктын тарттырган санаасы менен күйүтү. Билинбегени менен Шүкүр чын эле катуу санаага батып олтурганда, айдоочу суроо берип калды. Анын берген суроосун уккан да жок. Бир жерди теше тиктеген бойдон талмасы кармагансып эч нерсе сезбеди. Токтор абдан таң калып калды. Экинчи жолу үнүн жогору чыгарып:
- Шүкүр, сага эмне болду?-дегенде гана эсине келип селт этип алды да:
- Эмне дедиңиз?
- Тормозду тээп койчу, арткы свети күйүп жатабы карап коёюн! - дегенде Шүкүр эми гана өзүнө келип, томозду тепти. Аңгыча эки киши келип калып, машина ордунан жылды. Шүкүр тим эле болуп көрбөгөндөй сүйүнүп алган. Шаарга эрте жетсе Азизанын ишине эле барып жолугууну эп көрүп турду. Айткандай андайда машина дагы жай жүргөндөй сезилип калат эмеспи. Жолдон күтөт деген киши дагы жыйырма мүнөттү алды. Каалгып такыр шашпаган киши экен. Ушул кезге чейин даярданып турса болот эле го. Качан машина айылдан чыкканда гана Шүкүр оор дем алып, үшкүрүнүп жиберди. Алиги шашпай убакытты алган киши алгач эле начар адам экенин, сүйлөгөн сөзүнөн улам билгизип алды. Ооба, алыс жолго чыкканда жолдошуң жакшы адам болсо жол тез арбыйт эмеспи. Тиги киши тилинен чалынып, наалып:
- Азыркы жаштардын такыр эле сабыры жок, силер шаштырып жатып шаардагы үйдүн ачкычын унутуп калыптырмын. Эми кызым келгенче сыртта күтөт турбаймынбы! - деди эле, ага эч ким жооп катары сөз сүйлөгөн жок. Ал турсун ал кишини абдан жаман көрүп жатышты. Машинага түшкөнүн да милдет кылып наалып эки жолу кеп кылды эле, анда да эч ким сөз коштобой койду. Айдоочу кана акырын жол караган тейде:
- Аксакал, сизге мен эртең менен келип кеткенден бери эмне кылып жаттыңыз, даяр болуп тур дебедим беле? Булардын дагы шашылыш иштери болгон үчүн эрте чыгышты да, шаарга эрте жетели деп. Сиздин ачкычыңыздын унутуп калганына албетте өзүңүз күнөөлүсүз.
- Мен сени мынчалык эрте келип калат деп ойлогон жок элем. Мындайыңды билгенде баарын камдап даяр турат элем.
Шүкүр өзүнө-өзү араң эле кармап олтурду. Эгер тиги киши жашыраак болгондо катуу айтып салат беле... Жолдун алыстыгы бир тең, тиги кишинин наалып-напчыганы бир тең болуп шаарга араң жетти. Машинадан түшүп калганда өзүн абдан жеңил сезип, түз эле Азиза иштеген жерге жөнөдү.
**********
Эртең менен айтылган дарек боюнча ишке келген Сүйүнбектин кабагы салыңкы эле. Анын себеби таң атканга чейин тынч уктай албаганы болду. Жаңы гана кыздын жүрөгүн багынтып, эми гана арзуунун даамын татканы жатканда, кыздын дарегин албай калганы ушунчалык санаага батыргандыктан, мурунку күнү убада берип койгон үчүн гана ишке келди.
Бул жердин иши технологдун айтуусу боюнча жакты. Заказды бычып берген соң бош экенин укканда дароо макул болуп, ишке киришти. Анткен менен бычмачылыкты абдан жакшы өздөштүрүп алган. Ишке келип эркектердин шымына материалды түш жарым убакта бычып берип коюп, иштен бошоп сыртка чыккан соң, тамактанып алып Салиянын окуган жерине келди. Бирок аны таба алган жок. Фамилиясын жана окуган группасын билбеген соң, бир-эки кыздан сураган болду. Алар баштарын чайкап"билбейбиз" - деп басып кетишти.
Башка кимден сурамак эле. Ар бир кызды үмүттүү караганы менен Салия деген ысымдагы кыздар көп да. Кимден эмне деп сурашты билбей, кенен үч саат олтурду БГУнун алдында.
Бул күнү Салия сабакка келген эмес болучу. Контрагына акча сураганы айылга кеткен. Мурунку күнү мугалим "контракты төлөмөйүн, сабакка келбей эле койгула" деп катуу эскерткен. Айылда апасынын туугандарынан башка кимге бармак эле. Апасы дагы атайын дайындап "өзүң барып сурап кел"- деген.
Ооба, Салия айылга баруу үчүн кыйылып жатып араң жолго чыкты. Ушул заманда ким эле акча сурап келген кишин жакшы кабыл алсын. Таякеси жакшы кабыл алганы менен баары бир анын аялы сөзсүз түрдө жаман көрөрү анык. Мунун себеби алар деле анча жакшы турушпайт. Айылга каттаган маршуруткада бара жатып Салия эмнегедир Сүйүнбекти эстеди. Анын жасаган мамилеси, тигиле карган көз карашы, берилип сүйлөгөн сөздөрү, кам көргөнү кош көңүл калтырган жок. Аттиң, бирок кыз баланын басынып жашаганы, бирөөнүн көзүн караганы чынында эле абдан ыңгайсыздыкты тартулайт го. Салия айылга келгени менен таякесине жолуккан жок. Ал киши эки күнгө тоого карагай кыйганы кетиптир. Жеңеси жакшы маанай менен кабыл алганы менен сөзүнөн эле акча тартыш болуп жатканын билгизип, наалып-напчып алды:
- Ушул дыйкан чарба деген немени кайсы келесоо киши ойлоп тапты болду экен. Болгон колхоздун техникасынан бери талап-тоноп алышты. Жер жайнаган малдан эч нерсе калган жок. Элдин баары иштин жоктугунан, дүрбөп эле шаарга качып айылда кары-картаңдар, катын-калачтар калды. Таякең жыргаганынан тоого кетти дейсиңби? Тиги Нурландын контрагын төлөш керек болуп, карагай алып келип аны тилдирип сатпаса, кайдагы акча дегенде эле Салиянын үмүтү өчтү да, акча сурамак турсун кайра эле кечки автобус менен шаарга чыкты.
Ушул заманда минтип Салиядай болуп кыйналгандар четтен чыгат. Бул эми билермандардын тайыз ой жүгүртүүсүнүн айынан чоң окуу жайлардын дагы баркы кетип, учурда окуган эмес, акча төлөгөн студент гана барктуу болуп калганын кантип танууга болот. Салия жолдо келе жатып окууну таштап, тигүүчү болуп иштөөнү ойлоп койду. Качанкыга чейин жол киреге, ар бир сабактан зачёт койдурганга атасы менен энесинен акча сурайт эле. Турмушка чыккан күндө деле ушул эле көрүнүш да. Анда күйөөсүнөн акча сурамай. Андан көрө сырттан окуп, өзү акча тапканы дурус экенин жакшылап ойлоду.
Кечинде эле кайра келип калган Салияны көргөн энеси:
- Ой, тез эле келип калдыңбы? Бир күн түнөп келет го деген элем. Салия курсагы ачып абдан капа болуп келген үчүн, бир топко үн дебей туруп:
- Апа, курсагым ачты, чайыңыз барбы? - деди. Чачыкей шашып калды. Кантсе дагы эне да. Эне үчүн баланын кабагы бүркөлгөнү эле кандай санааны тарттырат. Калдастап газга чай койду анан:
- Кызым, сага эмне болду деги? Салия кийимин которгону ички үйгө кирип бара жатып:
- Эч нерсе деле болгон жок. Жол жүргөнгө чарчап калдым көрүнөт. Сөз чай алдыга келгенде уланып:
- Апа, мен окудан чыгып иштейм. Окууну сырттан окуйм. Ким эле окуп кыйратып жатыптыр. Азыр жакшы окуган эмес, акча төлөгөн студент барктуу. Таякем карагай кыйганы тоого кетиптир. Уулу Нурландын контрагын төлөш үчүн "карагай кыйып келип, аны тактай кылып тилдирип анан акча кылбаса акча жок" - деди, таяжеңем. Чачыкей чебеленип жиберди:
- Кызым, анда мен эртең кредит алганга аракет кылайынбы? - деди эле Салия күлүп:
- Апа, анан кредитти ким төлөйт. Атамдын айлыгы бизди араң бакканга жетип жатса. Андан көрө мен тигүүчү болуп иштейин. Азыр акча сураган кишини ким жакшы көрсүн. Эне - бала бир топко талашып-тартышып жатып акыры Салия окудан чыгып, сырттан окуу үчүн которулмай болду. Бул сунушту атасы Азамат дагы туура көрдү. Бир чети кызынын тал чыбыктай болуп жетилип келе жатканына ичи жылыса, аны окута албай калганына ичи ачышып, Азаматтын алты айласы кетип, ойлонуп жатканда сырткы эшик кагылып калды. Бей маал убакта келген ким деп сыртка чыккан Азамат учурашкан чоочун аялды көрүп, берилген саламды алик алган соң:
- Сизге ким керек эле? - деди. Боюна жарашыктуу кийим кийген, сулууча келген, өз жашынан алда канча жаш көрүнгөн Шербет кысынып үнүн жай чыгарып:
- Чачыкей эже керек эле. Ушул эле сөздү уга албай тургансып Азамат артына карап:
- Чачыкей, сага келиптир. Оозго турбай ичкери киргиле деген болду. Шербет тартынып:
- Жок, мен тез эле. Эже менен сырттан эле сүйлөшөйүнчү деп, артка кетенчиктеди. Эх, бул эми бир кезде кетирген катанын кечирилгиз күнөөсү эле. Шербет, Салияны сыртынан көп аңдып жүрдү. Ал турсун анын кайда окуганынан бери билет. Бирок ичтен жеген санаасын сыртка чыгара албай келет. Ошол бир кездеги эки эгиз кызын чыңыртып ыйлаткан бойдон таштап кеткен күнүн кантип эсинен чыгарат эле. Кантсе дагы "эне" деген улуулук кантип бир эмес, болгондо дагы эгиз кызын унутканга жол берет. Ушунча жыл эзилип, көз жашын жаздыкка төгүп, канча азап тартып канча кайгыга батып, керек болсо ушул кезге чейин өзүн-өзү кечире албай келгенин тана албайт. Чачыкей, эч жаман ой жок сыртка чыгып, Шербетти көргөндө эле кабагы бүркөлө түштү. Анткени анын келбетинен эле кызы Салиянын тапкан энеси экенин билди. Ооба, ушул күндү канчадан бери күтүп келди. Бир кезде кызды багып алып жатканда эле жүрөгү менен сезген " төрөгөн энеси баары бир бирде болбосо, бирде издеп келет" - деп. Акыры ал оюу ишке ашып, көптөн күткөн күнү келгенине кабагы бүрөкөлө түштү. Шербет жакшы маанай менен учурашкан соң:
- Эже, макул көрсөңүз аз эле убакытка мындай басалычы. Биздин сөздү жан адам укпаганы оң деди. Бул сөздү укканда Чачыкейдин оюуна жакшы нерсе уялады. Экөө он кадамдай илгери жылганда Шербет үнүн дирилдетип:
- Эже, мен сизге өмүрүм өткөнчө карыздармын, бирок эч коркпоңуз. Кыз мени билбей эле койгону оң. Мен силердин жашоого чыр салайын деген ой менен келген жокмун. Сизге гана ыраазычылык билдирип койсом деген ойдо келгем. Билем, Салия кайда, канчанчы курста окуп жатканынан бери. Азыр менин эки кыз, эки уулум бар. Мен кызды талашпайм. Бир кезде катуу жаңылышкан элем. Эми ошол жаңылыштыгымды кыздарымдан кечирим суроо менен эмес, аларды баккан силерден кечирим суроо менен күнөөмөн арылайын деп чечтим. Эртең саат бирде Чолпон кефесине кечки саат беште келип калсаңыз. Салиянын түгөйүн баккан эже экөөңөрдү сыйлап койсомбу деген эле ой. Чачыкей бул сөздөрдү укканда кабагы ачыла түштү да:
- Макул, сиңдим. Бирок сен эмнеге кыздар сени билбей эле койгону оң деп ойлосуң? Шербет кабагын бүркөп, улуттунуп алып:
- Мен алардын жүзүн кантип карамак элем. Калган сөздү эртең сүйлөшөлүчү. Баса, эже бул акчаны колумду суутпай алып коюңуз. Салиянын контрагына төлөңүз. Бирок "мени берди" деп айтпаңыз. Чынында ушул жашка чейин кандай эзилип келдим. Эми силер менен сүйлөшүп алсам, ошол бугум чыгып кетеби деген ой келди. Балким Шааркан эже экөөңөрдөн жакшы кеңеш чыгып калар. Чачыкей ак кагазга оролгон акчаны колуна алып:
- Шербет сага ыраазымын. Мен сенин түшүнүктүү аял экениңе баа бердим. Макул эртең жолугушканча - деди. Шербет чоң жүктөн кутулган адамдай үшкүрүнүп алып, кандай келсе так ошондой изине кайтып кетип калды. Чачыкей тим эле асмандан издегени жерден табылгандай сүйүнүп, өзүнүн бөлмөсүнө кирип кагазга оролгон акчаны санап кирди. Туура элүү миң сом экен. Кайра эч кимге билгизбей ороп катып койду да, кызынын бөлмөсүнө кирип:
- Кызым, эртең сабагыңа барганы калдың. Мага бирөө карыз эле, акчаны алып келиптир. Салия чынында эле сүйүнүп кетти. Анткени "бул курсту бүтүрүп алсам болмок" деп ойлонуп жаткан эле.
Эх, акчанын күчү. Акча бар жерде күч-кубат, жакшы максаттар болот деген чын белем, Чачыкей тез эле тасмал даярдай салды да, баары текши тасмал четинен орун алышты. Ооба, Салияны багып алгандан кийин этеги канап бала төрөп, "эне" деген ыйык атка конгон. Аны кантип унутат. Салияны "ак жолтой" деп дагы жакшы көрөт.
************
Омордун иши алдыга жылып, колуна тийген жана сактап жүргөн акчаларын улам салып жиберип жатып көп карызынан кутулуп, элине-жерине келгенге жол ачылды. Ишинен дагы директорго билгизбей чоң акча жасап, аны катып койду. Эмнегедир бул күнү ишинен кеч келип, телевизор көрүп жатканда, Шазима жанына келип:
- Омор ака, сизди мен жанымдан чыгаргым келбейт. Эми сиз кетсеңиз кайра келбей койбойсузбу? - деди. Аял кишинин жылуу сөзү эмне болгон күндө дагы эркектин көңүлүн кандай өстүрөт. Бул жалганда болгон жан-жаныбарлардын ургаачысы, эркегине эркелеген бул жаратылыштын мыйзамы. Баам салып караган кишиге чын эле канаттуу болобу, жандык болобу чын эле ургаачысы эркегине эркелеп, жасакерленет. Бул жерден дагы Шазиманын эркелеп, жанынан Оморду чыгаргысы келбегени түпкүрдө жаткан ойду кытыгылап, Омордун көңүлүн көтөрдү. Жакшы аял жакшы жагы менен эркекти ийге келтирет дегендей, Шазиманын ар бир кылыгы, таттуу тили менен жан тарта сүйлөгөн сөзү, ботонукундай көзү менен кумарлуу караганы, жанына иймене келип жатып, сакалы таза алынган жаагынан сылап, акырын жумшак өпкөнү, купуя бир нерсени каалап турганы, ушул кылыгы менен кетирбей кармап кала тургансып аракет кылганы Оморго абдан жакты. Кантсе дагы Шазима, Акзирекке караганда баары бир жаштык кылып кылыгы менен көңүл серисин көтөрөрүн ичинен сезип турду. Эмне болгон күндө дагы жаш дене жаштыгын кылбай койбойт тура деп, Омор анын ичке белинен өзүнө имере тартып:
- Шазима, Кыргыз элинде мындай бир айтылган кеп бар "аргымак сагынбас үйүр болбойт, эр сагынбас эл болбойт" - деген. Канча жыл болду элимди, жеримди көрбөгөнүмө. Шеф макул болуп, көңүлү менен уруксаат берип жаткан соң, барып келейин. Балам дагы "үйлөнөм" деп жатат. Жалгыз уулумду үйлөнтүп коюп эле кайра сени көздөй сызып жөнөйм. Аны коюп мен кеткенден кийин сен башканы таап ала көрбө деди, кызганганын билгизип. Шазима аппак билегин мойнуна артып:
- Эч кам санабаңыз, мен сизди өмүрүм өткөнчө күтөм. Билесизби, мен сизге жолукканы өз бактымды таптым деп ойлойм. Чынын айтсам турмушка чыкканы күйөөмдүн азабын гана тартып, сөгүүсүн гана укканым болбосо, жылуу эч бир сөз укпай калган элем. Сиз менин жүрөгүмдү жибитип, көңүлүмдүн ачкычын таптыңыз. Мен сиздин мага жасаган мамилеңизден улам билдим, эркектин кадырын. Сиз аял затын сыйлай билген, көңүлүн таба билген жансыз.
Шазиманын минтип айтканына саанчы аялдардын айткан кеби түрткү болду. Анткени Олег иштеп турганда саанчыларга сөгүнүп, кагып-силким мамиле жасачу. Ал эми Омор жылуу сүйлөп, кечигип калгандардын дагы шартына түшүнүү менен мамиле кылганы өзүнүн дарегине карата жакшы сөздөрдү айттырган эле. Ал турсун саанчы аялдар Шазимага "колуңдан келсе Оморду колуңдан чыгарба" -деп айтышкан болучу. Баардык эле аялзаты тынч жашоону жана ичимдиктен алыс эркекти жакшы көрөрү анык эмеспи. Омордун ичимдик ичпегени дагы кадырын өстүрүп, минтип Шазиманы эркелөөсүнө жана жакшы сөздөрдү айтуусуна алып келди.
Убакыт деген учкан куштай өтүп, Омор акыры самолётко дагы олтура турган кезге келди. Шазима иштен суранып, аэропортко чейин узатып келди. Ушул убакытка чейин какшанганы бул болду " Омор ака, тез келгендей болуңуз. Мен сизди чыдамым кетип күтөм" Бул сөздөрдү чын ниетинен айткандыктан Омор дагы убаданы очойто берди "ашып кетсе он күндө эле келип калам" - деп.
Адам буту баспаган улуу тоонун эң бийик аскасына канаттуунун алпы, бүркүт уялайт. Жөөлөшкөн булуттар лыптадан уюлгуп, чагылган чартылдап нөшөр куят. Зоокалар арасынан зуулдаган кара шамал улуп, кээ күнү бороон чапкын жүрөт. Кычыраган кышты, чыкыроон суукта бүркүттүн уясын муз жаап, темир аяз каарып турат. Ошондой ааламатта дагы бүркүт уясын таштабайт. Уясын канаты менен калкалап, балапанын бооруна басып жатат. Ошол сымал эле ар бир уул бала эле эмес, кыз бала үчүн дагы өз үй, өлөң төшөгү баарына кымбат болорун танып болбойт. Омордун жүрөгү бат-бат согуп, Шазиманы бек кучактап коштошкону менен мекенге деген сагынычы көкүрөгүнө батпай баратты. Баарынан дагы уулу Сүйүнбек үч күн илгери эле айткан телефон менен "Ата болгон карызыңыздан кутулдуңуз, эми качан келесиз? Мен үйлөнөйүн деп сизди эле күтүп жатам" -деп. Ушул сөз демине дем берип, шаштысын алганы дагы чын эле. Директор дагы, болгону он күнгө уруксаат берип, какшап калды "кечикпей кел" - деп. Шазиманын кол булгалап, узата караганы көз алдына тартылып, самолётко олтурганы ичкери кирип кетти. Алдамчылыктын айынан элине, жерине батпай калып минтип жер кезип келгенин эстегиси да келбей. Карыздарынан кутулганы менен эми элдин, аялынын, туугандарынын бетин кантип карайт. Эмне деген гана азаптарды башына үйүп, эч узата турган адамы жок келип, эми ким мени тозуп алат? - деген ойду асманга көтөрүлүп баратып ойлоп койду. Мына бул булганычтын бир канакей кичине үзүмү. Ал эми учурунда кандай гана сөгүүлөрдү укканын кантип унутат. Бул жашоодогу эң эле пастык бул калп айткандык жана бирөөнү алдагандык экенин жашырып болбойт. Омор самолётко олтурганы бир баштан алдаган кишилерин эстеп олтуруп, ичи бышып кетти. "Эң өкүнүчтүүсү шүмшүктүн баары мамилеге шар болот" - деп айткан немец философу Артур Шопенгауэрдин сөзүн эстеп, ал кишинин абдан туура айтканына ишенди. Анткени Омор мамилеге шар болгон үчүн убаданы очойто берип, жакшы санаалаштарын алдап, минтип жер кезип жүргөнүн кантип тана алат эле.
Самолёт жерге конгондо гана ар тараптуу ойдун кучагынан бошонуп, өз жеринин абасынан кере-кере дем алды. Аттиң, эмне болгон күндө дагы мекендин абасы, топурагы кандай барктуу.
Омордун көзүнө алгач эле Акзирек көрүндү. Кантсе дагы аялы да. Аялы болгон үчүн баарын кечирип, минтип тосуп келгени эмне деген гана сөздү ичине камтып турат. Эми аны менен кантип учурашып, анын жүзүн кантип карайт. Ай, адам, ай. Эгр ушул күндөрдү, ушу жолугушууну көрөрүн алдына ала билгенде, Омор эч качан алдамчылык кылбайт эле го. Ошол себептен убакыттан өткөн калыс эмне бар. Бир гана убакыт адамды карытып, адамдын жүзүн ачары анык кеп. Омор жердин катуулугунан гана калды белем. Телефон менен сүйлөшүп койгон эч нерсе эмес экен го, жолугушууга караганда. Эптеп Акзирек менен бет ачылып, көрүшүп алса калганы өз орду менен кетет эле. Бирок ошол бет ачылганга чейинки абалы эле минтип мите курттай жеп жатканын карачы. Ал жактан аял алып алганын Акзирек билбейт да. Аны ойлогондо жүзү жер карап, Акзиректи тик карай албай калды.
Акыры күткөн учур дагы келип алгач Акзирек менен учурашты. Бирок ортодо баары бир муздактык бар экени, экөөнө тең билинди. Кучакташып көрүшкөндөрү менен кандайдыр бир нерсе экөөнү эки жакка түртүп турду. Ал эми Омор уулу менен абдан жакшы берилип учурашты. Кучагына кысканда уулунан кандайдыр бир жылуулукту байкады.
Такси менен үйүнө келгенге чейин үчөө ачылып, эч нерсе деле сүйлөшө алышкан жок. Таңкы беште гана үйдүн астанасын аттаганда, Омор чындап ишенди, келгенине.
Жакшылап тамак жасап койгон Акзиректин эмнегедир кабагы ачыла берген жок. Анткени Омор учурашканда берилип кечирим сурап койгондо анда, Акзирек аялдык кечиримдүүлүк менен баарын унутуп салат беле...
Атайын арналып жасалган тамакка олтурушканда Омор уулуна:
- Сүйүнбек сен такыр эле өзгөрүлүп кетипсиң го. Мен сенин "үйлөнөм" - деген сөзүңдү укканда ушундай бир сүйүнүп, директорду эптеп эпке келтирбедимби. Сөз ушуну менен уланып кетти. Сөз арасында Омор бир нерсени эстей калды белем, олтурган ордунан туруп барып сумкасынан бир нерсени алып келди да:
- Акзирек, билем сенин мага карата болгон жүрөгүңдүн муздап калганын. Эми сенден сураныч мени кечирип кой, муну сага атайын арнап алган элем деп, алтын чынжырчаны карматты. Аялдар белек алганды кандай жакшы көрөт. Акзирек алтын чынжырчаны колуна алып, анын баалуулугуна жана кыбатына баа берип:
- Жөн эле койсоң болмок - деген болду. Омор күлө карап:
- Акзирек, сага бербеген белекти кимге берет элем. Сен менин азабымды жакшы эле тарттың. Кантип анын баарын унута алам. Бул сөздү укканда гана Акзиректин жүрөгү жибиди.
**********
Тээ илгертен бери келе жаткан ата салтында элибиздин үрп-адаты, каадасы, жөрөлгө-жоосуну, ырым-жырымы, ой-санаасы болгон. Ата салтында айтылган бүтүм, чыгарылган чечим эч качан эки болгон эмес. Ооздон чыккан сөз көөдөндөн жан чыканга тете дешкен. Эч качан күйөө болучу бала болочок кайын журтунун эшигин атадан оозунуп аттаган салта болбогон. Кийин эле орусташкан заман келип, баарын аял билип калганда минтип кыз үйүнө, али тийе элек жигитин ээрчитип келген кадыресе көрүнүшкө айланып, салт-санаага өзгөрүү кирип келинден келбет, күйөө баладан намыс кетип, акыры Шүкүрдөй болуп болочок кайын журтунун үйүн сүзө качырып кирип келгендердин саны арбыды.
Шүкүр шашып калдасатаган тейде Азизанын ишине келсе, ал аз убакыт илгери эле кетип калыптыр. Эгер алиги киши наалып-напчып жолдон калтырбаганда, анда Азизага жолугуп калат беле ким билет. Бул эми жаман адамдардын тийгизген жаман сапаты экенин жашырганда эмне.
Шүкүр шаабайы сууп, алты айласы кетип, Азизанын үйүнө келди. Ал кезде азыркыдай уюлдук телефон кенен жайылган болсо, анда баары жеңил бүтпөйт беле... Күүгүм кирип, көз байланып калган кезде араң үйдү таап келди. Шаарды жакшы билбегендик кылып, эки көчө ылдый түшүп калгандыктан бир топко убараланды. Акыры көзүнө тааныш күркө көрүнгөндө болуп көрбөгөндөй сүйүнүп кетти да, анан үйдү тапты.
Келээрин келип алып, эми кантип Азизаны чакырууну билбей дагы убакытка уттуруп койду.
Убакыт алга жылган сайын Шүкүрдүн шаштысы кете баштады. Анткени барып жата турган жери да жок. Болгон күчүн жыйып, күч менен дем алып, анан эшиктин коңгуроосун басты. Бей маал убакта келип алганына өкүнүп, ичинен Азизанын чыгышын миң-миртебе тиледи.
Жаштын тилегин берет демекчи, Шүкүрдүн бул тилеги кабыл болуп Азиза өзү чыгып калганда, эч сөзгө келбей эле аны кучагына алды. Азиза алгач эч нерсе түшүнө берген жок. Качан гана Шүкүрдүн үнүн укканда боюн ага ыктап, оң колу менен эшикти жаап:
- Шүкүр?! - дегенге араң жарады. Буга чейин өбүшүп беттери ачылып калганга ысык эриндер магниттей жабышып, бир саамга туруп калышты эле, ичтен Шааркандын үнү угулганда Азиза:
- Апа, мен азыр кирем - деди. Шүкүр эми гана сөзгө келип:
- Азиза, мени күттүңбү?! - деп алгач эле сураганда Азиза таарынып:
- Убадаң кана?! Мен эмес сени апам дагы күтүп, сага карата оюу бузула баштады. Сөз ушул жерге келгенде Шааркандын дабышы жакын жерден угулуп, аңгыча өзү келип калды. Шүкүр эмнегедир өзүн колго алып:
- Апа кандайсыз, жакшы турасыздарбы? - деген болду. Шүкүрдү көргөндө Шааркан:
- Ой, сен Шүкүрсүңбү? Жакшы, сен кайдан?- деген болду. Шүкүр кабагын чытып:
- Апа, мени кечирип коюңуздар. Шарт ушундай болуп калды дегенде Шааркан:
- Ичкери кир! - деп, өзү алдыга басты. Качан үйгө киргенден кийин Шүкүр болгон шартты түшүндүрүп айтканда Шааркан:
- Макул балам, эми баары шартка байланыштуу болот тура деп, сөзгө аралашкысы келбей башка бөлмөгө кирип кетти. Бирок эшик кыңкайып ачык бойдон калды. Азиза болгон окуяны укканда гана Шүкүргө карата жаман ойду ойлогонуна өкүнүп алып:
- Шүкүр, чайга кара!- деген болду. Сөз эми экөөнүн гана ортосунда уланып, үйлөнүүнү кийинкиге калтырууну эп көрүштү. Бул эми боло турган иштин ыңгайына карагандык эле.
Бул кезде Азизаны чынында Азат, Сүйүнбек, Курманбек бура бастырбай жолун тороп, ала качуунун изине түшүп үчөөнүн бирөө алып кетүү үчүн бел байлап калган. Баарынан Азаттын демиткени Азизаны абдан чүнчүтүп жибергени чын эле. Ал эми Сүйүнбек, Салияны таппай калганына ичинен сызып, кайра Азизага келип, көз кырын таштап, айта турган сөзүн таба албай убара чегүү менен алек болуп жатканын Азиза билсе дагы андан караанын алыс тутканга аракети күч болду. Курманбек таттуу сөзү менен арбап, сөз бекитүүнүн ыгын таба албай жатканын кантип көңүлгө албайт. Бир кезде Азиза:
- Шүкүр, мени аңдыгандар абдан көп. Коркконум ала качып кетпесе деген гана ой. Бир нерсе ойлоп тапсаң болот эле. Чынын айтсам мени башка бирөө ала качып кетсе, өмүрүм өткөнчө сени эстеп жүрүп өтөм го. Кыз баланын тагдыры эмне мынча татаал. Сөз айткандар менен тааныша албай тийишкендерден качып жүрүп, убакыт өтмөй болду. Бул сөздөрдү укканда Шүкүр күч менен үшкүрүнүп:
- Азиза, мен эгер сага жетпесем, анда мага жашоонун кереги жок. Болгон ой-тилегимди бир гана сен ээлеп алдың. Билбейм ушул кезге чейин сага жолуга электе кантип жашап жүргөнүмдү такыр элестете албайм. Эки жаштын сүйлөшкөн сөздөрү ачык эшиктен Шаарканга даана эле угулуп турду. Билгизбегени менен кызынын баскан изи аңдууда калганын эми гана билип, кантип жардам көргөзүүнүн амалын ойлонуштурду. Бирок мындайда акыл дагы табылбай калат эмеспи. Аңгыча эле сырткы эшик кагылып калганда, Шааркан өзү жөнөдү эшикти ачканы. Азиза обдулуп эшикти ачканга аракет кылды эле, Шааркан аны токтотуп коюп, сыртка чыкты. Сыртка Шербет келген эле. Жакшы маанай менен учурашкан Шербет, сөздү эмнеден баштаарын билбей, оозунан сөзү түшүп туруп калды. Бул эми күнөөлү кшинин алгачкы калдастагандагы жоругу эмеспи.
- Эже, макул көрсөңүз азга убактыңызды бөлө аласызбы?-деди жалооруган түр менен карап. Шааркан көз байланып калган үчүн Шербетке анча көңүл деле бурган жок.
- Эмне сөзүң бар эле? Мен сизди тааныбайт экенмин.
Шербет чочутуп албас үчүн:
- Эже, сиз мага туура түшүнүңүз. Биздин сүйлөшкөн сөздөрдү эч ким укпаганы оң. Дегеним, азыр бир көз, бир көзгө жоо болуп турганда ашыкча сөздүн жана түйшүктүн кимге кереги бар. Экөө он кадамдай бери баскан соң, Шербет сөздүн ачыгын айтты:
- Эже, мен сизге абдан ыраазымын. Сиз азыр эч сөздү бөлбөй угуп турсаңыз. Анан мага туура түшүнсөңүз экен - деп, алгач көз карашы менен сынай карап алып, негизги сөздү айтты:
- Мен Азиза менен Салияны төрөгөн энесимин.
Бул сөздү укканда Шааркандын кулагы чуулдап, көзү тунарып кетти. Андан ары сөздү тыңдап угуу үчүн өзүн карманып, эч сөз айткан жок.
- Сиз эч коркпоңуз. Мен кызыңызды талашканы келгеним жок. Ал турсун Азиза тууган энеси мен экенимиди билбегени гана оң. Сизден ыраазычылык алып койсомбу деген гана изги ойдо келдим. Азыр менин кыздарым, балдарым бар. Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы деп, көңүл өскөн сөздөрдү айтып, колуна акча берип, жолугуша турган жерди айтам деп үйдүн телефонун алып, колун кыса кармап, коштошуп кетип калды. Шааркан ушул күндү жана ушул жолугушууну күткөн, акыры жакшы маанайда өткөнүнө ичи жылып, акчаны кармаган тейде үйгө киргенде, алдынан Азиза тозуп чыгып:
- Апа, ал ким экен?
- Эски тааныш. Үйгө кир десем болбой койду. Аны коюп силердин сөзүңөр кандай аяктады?
- Аны азыр так чече албай жатабыз. Акча колуна тийген Шааркан ушул жолу эмнегедир чечкиндүүлүк кылып:
- Азиза, анда мындай кылганыбыз оң болуп турат. Эгер сен Шүкүрдүн таятасынын кырк күндүгү өткөнгө чейин айылдагы таякеңдикине барып турсаң кандай болот? Азиза мурчуюп:
- Апа, ал жакка азыр баргым келбей турат. Өткөн жазда барганымда мурду чоң такемдин бир кошунасынын баласы "сени ала качам"- деп коркуткан болучу. Бул сөздү укканда Шааркан:
- Анда эмне айла кылмакчыбыз? Шүкүр ушул жолу сөзгө кошулуп:
- Эгер сен үйдөн чыкпай бир ай чыдасаң кандай болот? Азиза дагы жактырбай:
- Элестетип көр, бир ай үйдө камалып олтурганымды. Алар үйдү дагы билишет. Андан көрө караанымды көргөзбөй бир жерге барып турганым гана оң. Талаш бир топко созулуп, акыры Шүкүр айылга кайра барып, үйүндөгүлөргө эскертип коюп келип алып кетүүнү гана туура көрүп, бир пикирге келишти.
Шааркан ички үйгө кирип, Шербет берген акчаны санаса туура элүү миң сом экен. Бул акча менен кызынын себин камдаса болорун билип, ичинен сүйүнүп алды. Эртеси күнү жалган шашкеде Шербет телефон чалып:
-Эже, бүгүн бүгүн саат бирде "Чолпон" кафесине келип калыңыз. Сизден өтүнүч, башка жолу сиздин тынчыңызды албайм - деди. Убада боюнча айтылган жерге барбаса болбой турганын билип, туура саат бирде келип калды, колунан келишинче жасанып, кийинип алып.
Кафенин ичи абдан жакшы жасалгаланыптыр. Жолугушкан үчөө атайын бир кабинадан орун алып олтурушкан соң, тамакка заказ берип коюшуп, алгач сөз улансын үчүн таанышып алышты да анан сөз уланды.
Сүйлөшүү абдан жакшы маанайда өттү. Шербет эки кызды кантип төрөгөнүн, жигитине алданып калганын, бирок кийин кайра эле ошол алдаган балага турмушка чыкканын кенен эки саат бирде ыйлап, бирде күлүп олтуруп айтып берди. Учурда чоң тигүүчү цехти иштетип жатканын да кобурап, иши жүрүшүп жатканын айтты. Коштошордо Шааркан менен Чачыкейге жакшы жоолук салып, өзү тиктирген көйнөктөн бирден кийгизди. Эгиз кызды баккан эки эне ушул бойдон эле кыздарга билгизбей эле коюну эп көрүшүп, издерине кайтышты. Атаганат, жакшы сөз, жакшы мамиле адамды кандай жашартат. Ушул күндү ич күптүү болуп күткөн Шааркан менен Чачыкей жакшы маанайда Шербетке ыраазы болуп, анын эстүүлүгүнө баа берип, чоң балээден оңой кутулгандарына ыраазы болушту. Мунун себеби, экөө тең убакыт алга жылган сайын кыздын энеси качан келип, "мен төрөгөм" - деп талашат деген санаа менен ушунча жылды өткөрүшкөндөрүн кантип танууга болот. Ооба, чынында эле төрөп таштап кеткен энелер кийин баланы талашып келген учурлар болгонуна турмуш өзү күбө. Эми ошол талаш качан болот деген ой менен жашаган экөөнү санаа кантип ичтен жебейт. Андан дагы билип калса эки кыз, тапкан эмес баккан энелери экенин, кандай абалда калат эле.
Бул иштин аягы жакшы аяктаганына эки баккан эне ичтеринен тынып, эми куда күтүү жолун гана ойлоп калышты.

#14 06 Март 2016 - 14:44
**********
Бир жума катары менен окуу жайдын эшигинин алдын аңдып, Салияны күтүп олтуруп, акыры аялдамадан бери басып келе жаткан көзгө тааныш караанды көргөндө, Сүйүнбектин көздөрү токтоп калды. Ал турсун ишене алган жок, Салиянын келе жатканына. Эх, сүйүүнүн азабы менен кубанычы ай! Көрсө бул "сүйүү" деген неме адамды бир кубантып, бир ыйлатып, бир күлдүрүп ойното турган нерсе белем. Сүйүнбек жөн эле аскерден уулу келе жаткан энедей Салияны көргөндө сүйүнгөнүнөн бир орундан жыла албай дагы калды.
Көзгө тааныш караан жакындаган сайын деми кысылып, үнү чыкпай, саргара жол караган азабы бир заматта унутулуп, аз убакыт ичинде эмне деген гана ойлорду ойлогонго жетишти. Бир аптадан бери жол караган Сүйүнбектин чачы таралбай, сырт келбетинен эле катуу санаага батканы билинип, кыртышы эч нерсени сүйбөй, бир гана дити күткөнүнө жолугуу болуп, жигиттин моюнундагы бир парзы болгон кыз күтүү азабын ашыгы менен тартып, кабагына кар жаап, түнөргөн булуттай түнөрүп олтурганда, жылт этип жанган жылдыздай болуп Салиянын карааны көрүнгөндө, бурганак шамал булутту айдап, калың булутта жашынып калган күн чыга калганда айлана жарык болгондой эле сезилди. Мына бул чыныгы сүйүүнүн тарттырган түйшүгү экенин танып болбойт.
Кыз карааны жакындаган сайын Сүйүнбектин жүрөгүнүн согушу тездеп, кан басымы жогорулаган адамдай деми кысылып кетти. Качан гана Салия эч нерсени байкабай, алдыны гана карап, жанынан беш кадамдай нары өтүп бара жатканын көргөндө, курган бала болгон үнү менен кыйкырып жиберди:
- Салия?! - деп. Тааныш үн, аттиң! Уккан кулагына ишене берген жок, Салия. Канча күндү уйкусуз өткөрдү да канча күндү ушул үндү качан угам деген тилек менен күттү эле. Убагында эч билинген эмес. Көрсө сүйүү адам баласына ар тараптуу жол менен келет экен го. Салия чынында Сүйүнбекти сүйүп калам деп деле ойлогон эмес. Эмнегедир аны менен акыркы жолу коштошкондон бери оюнан бир гана Сүйүнбек кетпей, кандайдыр бир сезим өзүн башкарып алып көчөдөн, элдердин арасынан, маршрутканын ичинен, деги кайда барса ошол жактан көз талыганча издеди. Эми минтип эч ойдо жок жерден тааныш үндү укканда "селт" этип алып, үн чыккан жакты жалт эткизе карап, алдыга кадам таштады. Же бир аралык жакындасачы. Ушул беш метр жерге жетүү бир тең, ушунча күн издегени бир тең болду го чиркин. Эки жүрөк бирин-бири сагынганын алар улам жакындаган сайын билишти. Көздөр тумандап, буттар чалыштап, тил буулуп, өң өзгөрүлүп, көздөр жайнап, колдор алдыга сунулуп, бири-бирине кучак жая аралык жакындап, акыры эч сөзгө келбей бири-бирине бой ташташты.
Көптөн күткөн үйлөнүү тою айтылуу "Дасмия" ресторанында болду. Омор абдан чачылды. Ушул күндү канча жылдан бери күттү эле. Бул тойго баягы карыз алган адамдарын дагы чакырды. Анткени алардын алдынан өтүп, карыздарынан кутулуп, жүзүн ачып алган эле да. Ооба, Сыртпайдан дагы эки миң доллар алып, бербей качып кеткен.
Эртең менен анын ишине келсе, Сыртпайдын ишканасын текшерүү басып, акча таба албай алты айласы кетип жаткан экен. Эшикти кагып кирип келген Оморду көргөндө көргөн көзүнө ишене берген жок. Берилген саламды абдан муздак кабыл алып, алгач эле:
- Ой, деги сен барсыңбы?! - деди. Омор эч сөзгө келбей эле:
- Досум, кечирип кой. Шарт ушундай болуп калды. Карызды төлөй албай убакытка уттуруп койдум деп, акчаны столдун үстүнө койгондо, Сыртпайдын кабагы ачыла түштү. Эгер азыр акчаны бербесе же башка жерден жолукканда анда эч сөзгө келбей муштап жиберет беле ким билет. Акча колуна тийгенде Сыртпай жүз сексен градуска өзгөрүлүп, сөзүн оңдоп, башка мамилеге өттү. Аттиң, кыйналып туранда акча келип калганы кандай маанайды көтөрөт. Сөз бир топко уланып Омор, Сыртпайды конокко чакырды:
- Досум, өткөндү кечиришели. Алтынчы күнү сөзсүз кел. Жалгыз уулум үйлөнүп той берип жатам деп, чакыруу барагын берди. Омор чыгып кеткенден кийин Сыртпай акчанын күчү менен текшерүүчүлөрдүн оозун жаап, тим эле энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп, түшкү тамактанууну учурунда "Шайлообайдын беш" бармагына жөнөдү. Курсагы абдан ачкан эле. Кыргыз баласы үчүн улуттук тамакка жетпейт го чиркин. Казы, карта, чучук эмне деген чүйгүн тамак. Керек болсо мындай тамактарды илгери эл бийлеген султандар, эл эгеси хандар жеген эмеспи. Ооба, шаарда шоколад жеп өскөн жаңы киргиздер үчүн чучук- казы-карталар күчтүүлүк кылат. Жылкынын этинин сорпосуна кымыз кошуп аксерке жасап ичкен эмне деген бакыт. Бирок мындай тамактын баркын билбей жүргөндөр четтен чыгат.
Тойго келген Сыртпай аяш уулунун жанында олтурган кызды көрүп, дароо көзү ачыла түштү. Анткени аны Азиза экен деп ойлоду. Качан гана биринчи антракка чыкканда Омордон сурады эбин келтирип:
- Келинди кайдан алдың, кудаларың кайдан болот экен? - деп.
- Кудалардын жашаган жери шаарда эле экен. Бирок түбү Кеминден болушат. Шаарга келгендерине аз эле убакыт болуптур. Азыр элдин көбү эле сырттан келип жашап жатышпайбы. Москвада деле ушул эле көрүнүш. Сыртпай дале шекшинип жатты "Азизанын эле өзү" - деп. Эки тамчы суудай окшош Азизанын эгизи экенин али аңдап биле элек. Той аяктап калган кезде кыз менен күйөө бийге чыгып калды. Ошондо жакын жерден Салиянын мойнундагы калды көрүп, анда дагы көп ишене албай турду. "Балким Азизанын мойнунда калы болгон чыгар, мен байкабасам керек"-деп ойлоп, акыркы жолу акча берип мойнунан жыттап, бетинен өпкөнүн эстеди. Бирок анда бул мойнундагы калды байкаган эмес эле.
Той аяктаганга чейин Сыртпайдын ичкени ирим, жегени желим болду. Кыздын ысмы Салия экенин дагы аңдабады. Ушул жерден билди өзүнүн кетирген күнөөсүн. Эч ойлогон эмес эле, бир кезде ашык болуп, бетинен өөп акча берген кыз, аяш келини болуп калаарын. Бирок бул жолу эмес, башка жолу мындан катуу уят болорун али билген жок.
***********
.
Ооба, Шүкүр Азизага жолуккан соң, мейманканага жатты да, таң эрте таксиге олтуруп, кечинде айылга келгенде эбин келтирип апасы Берметке болгон ишти түшүндүрүп айтып берди да, тез аранын ичинде Азизага үйлөнүү керек экенин сөз аягында кеп кылды. Айтмакчы,чынында шарт жок эле. Атасы Мамыт бул ишти укса ал чалкасынан кетмек. Эне менен бала түн ортосуна чейин акылдашып олтурушкан соң, анан бир пикирге келишти. Кантсе да эне эмеспи, сөзгө келип Бермет мындай деди:
- Балам, мен сага акча берем, жолуңа. Сен кызды ала качты кылып алып келгендей бол. Мен кара күчкө чыр салымыш болом да, анан калганын көрө жатабыз. Атаң ыкка келбегенде кайда барат эле. Баса анан сен ал кыздын үйүндө жашап каласыңбы? - деди эле Шүкүр:
- Жок, апа, кыздын апасы айнып калыптыр. Күйөө баламдын жаман сапатын көзүм көрбөсүн, өзүнчө эле жашагыла деп. Буйруса үйдө эле жашайбыз го. Бермет дагы ойго алаксып:
- Ал киши абдан эстүү жан турбайбы. Кыскасы сен эртең менен эрте чык да, кечинде таксини кармап келе бер, акчаны үйдөн берем деп айт, таксистке. Негизгиси кызды колуңа тийгизгендей бол. Атаңа болсо мен башка соз айтып жайкап коём -деди. Бул сунуш Шүкүргө жакты да, уйкусу келбей таңды дагы уктабай тосту. Андайда кайдагы уйку.
Шүкүр кийинки күнү кечке маал Азизанын иштеген жерине келсе, Азиза ишке келбептир. Бетинде болор-болбос сепкили бар, маңдайы жарык кыз:
- Азизаны эми сиз эле калдыңыз эле, издеп келе элек. Ага жолугам десеңиз үйүнө барыңыз. Азиза бүгүн ала качабыз дегендерден коркуп, иштен эрте кеткен. Бул сөздү укканда Шүкүр шашып калдастап калды да, дароо үйүнө телефон чалды. Бир топтон кийин гана трубканы Шааркан көтөрдү. Шүкүр учурашып, акыбалды сурагандан соң эле:
- Апа, Азиза кайда ? - деди. Бул кезде Азиза жаңы эле сыртта машинада күтүп отурган Азатка жолуккандан коркуп, корконунан терезени дагы карай албай олтурган. Телефонго Шүкүр чакырып жатат дегенде, кандай сүйүндү. Эч саламга келбей эле :
- Шүкүр, тез үйдүн артына келип кал. Колуңдан келсе такси кармап келгендей бол. Мени ала качканы жатышат- деп, энтиге үн салды. Ушул эле сөз керек белем, Шүкүр дароо:
- Макул, Азиза мени күт - деп, автобекетке келип дароо такси кармады анан, айтылган дарекке арадан туура кырк мүнөттө келип калды. Жүрөгү алып учуп, абдан толкунданып алганы бир тең, санаа чеккени бир тең болду. Качан гана Азиза кошунанын үйү аркылуу чыгып, таксиге олтурганда гана өзүнө келди. Мунун себеби Азат дагы, Курманбек дагы "бүгүн сени ала кача албасам, анда эркек эмесмин" - деп катуу эскертишкен болучу.
Качан Азиза апасы менен коштошуп кеткенине он мүнөттөй убакыт болгондо, үч чоочун аял эшик кагып кирип келип калды. Булар Азаттын эки эжеси жана жеңеси болучу. Сүйлөшкөнү келишкен. Шааркан кабагын түйүп, тигилердин сөзүн угуп болгон соң:
- Мага туура түшүнүп, туура баа бергендей болгула. Азиза менин жалгыз кызым. Мен анын көз жашын көрөйүн деген оюм жок. Ал кимди кааласа, ошого чыкканы мен үчүн ыңгайлуу. Силер азга кечигип калдыңар. Кызым өзү жактырган балага турмушка чыгып кетти - деди. Келгендер бул сөздү угушканда шаабайлары сууп, сыртты көздөй басышканда эшиктин алдынан Шааркандын күйөөсү Бейшен аягын аяр таштап кирип келип калды. Тиги үчөө ооз учунан учурашкан болушуп дарбазанын эшигинен сыртка чыгып кетишкенде, Бейшен ээгин өйдө көтөрүп:
- Булар кимдер? - деп суроолуу караганда Шааркан:
- Аны кийин угасың! Деги сен барсыңбы же эмне карыганда мени таштап кеткенге кам көрүп жатасыңбы? Бейшен, биз эмне деп сүйлөштүк эле?! Эгер кете турган болсоң ачык айт да кете бер, мени санаага салбай. Кайдан билем сен кайда жүргөнүңдү. Сен бирдеме болсоң балдарың менен кыздарың мени тытып кетишкенден кайра тартпайт. Бейшен күнөөлүү кишидей болуп башын жерден албай:
- Шааркан, мени эми бир жолу кечир. Урдум ошолорду. Тим эле таттуу тилдерине салып, көп нерсени убада кылышып алып барып алышып, мага кайра акыл айтышат. Баягы эле көрүнүш. Мен алар менен урушуп келдим. Эми бул жакка бут баспас болушту. Сөөгүм ушул үйдөн чыгат, эгер узап кетсем - деди. Бул сөздү укканда гана Шааркан жибип:
- Бейшен, сен учурунда келдиң. Азиза турмушка чыкты. Эртең куда келет. Эми өзүң кабыл ал деп болгон ишти болгондой айтып берди. Чынында Бейшен, Азизаны абдан жакшы көрчү. Көзүнө жаш алып, кызынын узаганын көрбөй калганына ичи ачышып, улуу кызы менен улуу баласын ичинен кайрып сөгүп алды "алар болбосо жылуу ордумдан козголбойт элем" - деп. Айткандай үйүнө барганда өзү күткөндөй эле көрүнүш болду. Капаска түшүп калган куштай, бул үйү көзүнөн учту го чиркин. Эмне болгон күндө да адам баласы үчүн көнүп, жашап калган үйгө жетпейт го. Андан дагы тиги аялы оорунун азабынан баштагыдан тили чыгып, жумурткадан кыр издеп турган кези экен. Бейшен үйүнө келгенге бир чети сүйүнсө, кызынын турмушка чыгып кеткенине ичи ачышып калды.
*********
Машина узак жолдо зымырап караңгыны жиреп келе жатты. Азиза, Шүкүрдүн ийнине башын жөлөп келе жатып, уктап кетти. Билинбегени менен катуу чарчаган эле. Ооба, адам баласын ойлонуп чарчаганы кандай эзет. Эки күндөн бери санаа чегип, ар тараптуу ойлорду ойлой берип Азиза чарчаганын эми билип, минтип эч нерсени сезбей уйкуга баш койду. Ал эми Шүкүр жанында олтурган Азизаны үйүнө алып бара жатканына али ишене бербей турду.
Таксист жолду күндө басып өткөнгөбү, эмнегедир абдан тез келди. Машина айылга кирип келген кезде үйдөгүлөр эми гана жатканы кам көрүп жатышкан. Жаңы эле Мамыттын теңтуштары куран окутуп келишип, көпкө сүйлөшүп олтуруп калышкан болучу. Бермет улам сыртты карап, качан келип калат деген ойдо олтурган. Бирок күткөндө баары кечигип калат эмеспи. Мына жаңы тасмалды жыйнап болгон кезде Шүкүрдүн теңтуш баласы чуркап келип эшикти кагып калды. Бермет дароо билди, ал эми Мамыт кайдан билмек эле.
- Сүйүнчү, келин келе жатат! - деген сөздү укканда Мамыт таң калып:
- Ой, кайдагы келин?! - деди энтиге. Берилген суроого жооп жок болуп, үй ичи ызы-чуу эле болуп калышты. Бул кезде Шүкүр таксини айылдын четине айдатып барып, сүйүнчүгө кеткен досун күтүп отурган.
Бир кезде Бермет:
- Мейли, эми жакшылыкты токтотпойлу. Айт, алып келе берсин деп уруксаат берген болду. Мамыт биринчи жакшылыгы болгон үчүн калдастап калды да:
- Эмне эле үйгө токтобой калган десе көрсө, иштин төркүнү бул жакта жаткан тура деп, жаңы эле узаган теңтуштарына, туугандарына сүйүнчү айтырып, келиндин келишин күтүп калышты. Бермет машина дарбазадан кирип келип токтоп ичинен Азиза түшүп келе жатканда келини боло турган кызды сынай карап, ичинен сын берген болду "жылдыздуу кыз экен" - деп. Не бар не жок деп көшөгө дагы камдап койгон. Мамыт уулуна бир тийди:
- Балам ушунтип кантип аял алып келсин, эч даярдык жок! - деди эле Шүкүр башын жерге салып:
- Ата, кечирип коюңуз, ушундай болуп калды - деди. Тойдун шааниси дароо эле башталып кетти. Берметтин буту-бутуна тийбей чуркап жүрөт. Келген - кеткендер келин көрүп, боорсокко камыр жуурулуп, үй ичине киши батпайт. Шүкүрдүн инилери, карындашы жеңе жандап олтурат, сүйүнүчтөрүндө чек жок. Кимдин эле жеңелүү болгусу келбесин. Аттиң башка-баш кошулган эмне деген жакшылык. Мындай тойду ата менен эне кандай күтөт.
Мамыт эртеси агасын, инисин анан кайын агасын алып ачуу басарга, шаарга жөнөп кетишти. Кудага келип, Бейшен менен Шааркандын сыйын көрүп, узаган соң, кызуулугу менен Сыртпайга телефон чалды да:
- Мен шаарга келгем, жолугасыңбы же жокпу? - деди, кекете сүйлөп. Сыртпай дароо:
- Азыр барып калам деп, айтылган жерге алчуусун алып келип калды. Эки дос кучакташа көрүшкөн соң Мамыт:
- Досум, Шүкүр аяш уулуң аял алып келип, азыр ачуу басып чыктык. Эртең келип кал, тойго - деди. Ичимдик ичилген жерде ар кандай сөз козголот эмеспи. Тост айтылганда Мамыт:
- Болуптур анда Шүкүр уулум менен келиним Азиза бактылуу болсун дегенде кызып калган Сыртпай, Азизанын ысмын укканда соолуга түштү. Сөз-сөзгө уланып, Шүкүр шаарга келгенде таанышып, эки жолу издеп келип жолугуп кеткенин, анан митип талаш-тартыш менен араң дегенде алганын айтканда, сөздүн маңызынан эле баягы өзү сөз айта койгон Азиза экенин даана билип, күйбөгөн жери күл болуп кетти. Дагы жакшы ага жакындабаганы. Бирок бетинен өөп, акча бергенин, артынан калбай сөз айтканын эстегенде бети чымырап кетти. Эми кантип досунун үйүнө тойго барат дагы, Шүкүр менен Азизанын бетин кантип карайт. Бул эми уят болгондун жеткен чеги экенин жашырып болбойт эмеспи. Бул ашыкча аял жандуу болгондун бир гана үзүмү экенин жашырганга болбойт.
Бир жагынан Берметтин келинине ичи толду. Ар бир эле эне жакшы келиндүү болгусу келет эмеспи. Буга чейин уулунун көңүлүнө толуп, жактырган кыз "кандай неме болду экен"-деп ойлоп жаткан. "Түстүүдөн түңүлбө"- дегендей, ак жоолукту кыйгач салынган Азиза баштагыдан дагы көзгө чырайлуу көрүнүп, келгендердин көзүн өзүнө бурду.
Мына эми бул окуя болгондон бери канча убакыт сапарын карытты, канчалаган суулар агып өттү. Эки жаш үч балалуу болушту. Биринчиси уул, экинчисин Азиза эгиз кыз төрөдү. Эгиз баланы эгиз төрөлгөн кыздар жана апасы эгиз төрөгөндөр төрөрүнө турмуш өзү күбө. Шааркан неберелерин көрүп келип, бир кезде болгон окуяны эстеди. Анда кызы Азиза түгөйү менен кудум бул эки чүрпөдөй болуп жатканы көз алдына тартылып, сүйүнүчтөн ыйлап ийди. Сүйлөшүлгөн сөз боюнча Азиза менен Салия эгиз кыздар экени билинбей калды. Мунун себеби, Салия шаарда жашаса, Азиза айылда туруп калганы түрткү болду.
Айткандай Салия болгону бир гана уул төрөдү. Мунун себеби, Сүйүнбектин атасы Омор көп кишинин каргышына калгангабы айтор, бул баланы дагы докторлордун жардамы менен араң төрөп, эми гана оңолуп калды. Ооба, канчалаган кишилер Оморду каргабады "тукумуң үзүлгүр" - деп. Алдамчылар качан жакшы сөз укчу эле. Ар бир кишинин жаман сөзү каргыш болуп тийерин Омор кеч билди. Небересинин оорукчан болуп төрөлүшүнө Омор өзү күнөөлүү экенин, түшүнөн аян берилгенинен улам билди. Бир келген жашоодо алдамчылык менен жан багып, жүзүн элден ала качып жашаган адамдар убактылуу жыргаганы менен аягы жок экенин Омор өз башынан өткөзүп, беш убак намазга жыгылып, күнөөсүн сезип, жараткандан кечирим сураганы, небересинин оңолушуна түрткү болду.
Ооба, келин алгандан кийин кайра ишине барып, алты ай иштеген соң изине кайтып келе берген. Анткени жаман адатын карматып алдамчылык менен акча жасаганы директорго дайын болуп калып, уятына чыдабай келген эле. Ал эми Шазима канчалык Оморго берилгени менен жаман сапаты билингенден кийин көңүлү кайтып, кетээринде коштошкон дагы жок.
Бул эми аягы суюк алдамчы, эки жүздүү адамдардын абирин бир гана убакыт таразасы калчап коёрунун бир сабагы ушул экенин жашырганда эмне.
Ошонтип талашка түшкөн тигүүчү кыз өз теңин таап, жүрөгү берилген адамы менен бирге жашап, кайын журтуна алымдуу келин болуп, жөн олтура албай айылдан дагы колго тигүүчү машинага олтура калып, өзүнүн жакшы көргөн кесибинен алыстай албай, кийим тигип, өнөрү менен элге алынып келет. Айтандай Азизанын тигүүчү кыз экенин угушканда, айылдагы кемпир-кезектер "кээ бир балдар окуган-чокуган кыздарды эле алып келишет, көрсө керээлди күнү иштен чыкпаган тигүүчү кыздарды көздөрү көрүшпөйбү? Көрсө колу билген тигүүчү кыздар ишке жөндөмдүү келет тура " - деп, Азизанын иш билгилигине кызыгып сөз кылып, тигүүчүлөрдүн дарегине карата жакшы сөздөрдү кеп кылып жатышты.
Аягы.
Китепти сүйүп окуган окурмандарга ааламдай чексиз бакыт, дайрадай узун өмүр, жүздөрүнө жаз гүлүндөй жакшы маанай каалайм! Ылайым китеп менен бирге болушуңарга тилектешмин!
Автор Бердикожо Бийназаров Таштанбекович

#15 06 Март 2016 - 22:02
Автор Жамийланын жашоосунун аягын кызыксыз бутуруп коюптур
колумдан китепти тартып алгандай эле болдуго,андан аркы жашоосун табышмак кылбай кичине жаза кетсе болмок ((ал эми алтындай болгону убакытты болуп(s9zen098)жазып чыккан авторго ыраазычылык!

Билдирүүнү түзөткөн: Musabaeva: 06 Март 2016 - 22:04
#16 11 Март 2016 - 22:44
Убакыт откорушту билбей, эртен менен киргем ушул темага
эми буттум окуп, козум ооруп ататко эми.

Баракча 1 - 1