Суперстан: Жортуул - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жортуул Асанбек Стамов тарыхый роман

#61 Пользователь офлайн   Disappear   06 Март 2016 - 22:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ошо кезде эл чурулдап калды:— Опей, карасаңар тигинин жоругун, капырай! Көпчүлүк жапырт асканын төбөсүн тиктей беришти.Чөкү кадимки эле кыргыздын бакшыларынча чокуга туруп алып, алаканын жая көктү тиктей кыйкырып, секирип, секирип жаткан болчу. Бирок анын тамашасы көпкө созулган жок. Эл кызыгып карай бергенче, ал ошол колун көккө созгон боюнча күүлөнүп келйп боюн аскадан ары таштап жиберди.— Опей, ботом, — дешти бир топтор. Кебелбей тиктеп турган Сарытай мырзанын кашы да жыйрылган жок.— Анда эмесе, камынгыла! — Ал Койсарыга багыштап сүйлөдү. — Сүннөткө алып жатканда калгандарына сак болгула, бөөдө жерден майып болушпасын, — деп коюп басып кетти. — Калгандары өз жандарын кыюуга бара албайт, — деди Багдөөлөт. — Айтпадым беле башында, кара мүртөз Чөкү гана ушуга бармак. Сарытайды жандай басып бараткан Ниязбек кашка Атаке баатыр жактан келген өзүнө тааныш бир жигитке карап үнүн бек чыгарды:— Накай, сени колун, жеңил деп укчу элек. Калган беш калмакты сүннеткө өзүy ал. Териси ширидей болуп катып калгандыр. Абайла, кабылдап кетпесин. Багдөөлөт акырын кошумчалады: — Жараты кабылдап өлгөн калмакты мен өмүрүмдө көрө элекмин. Ээрчий баскан Койсарыга Сарытай акырын буйруду:— Жылкыларды айдай бергиле. Биз дагы артыңардан жөнөйбүз бүгүн эле. Кошун козголуп, кымгуут түшүп калды. Ошо кезде чаап келген төрт жигит Сарытай мырзага жете бербей кыйкыра сүйлөштү:— Тиги арбак урган ынжы боюн аскадан таштаарда тийбегиле дегендей ишаарат кылды. Тушкөн жерине барсак мээси жайнап калыптыр. Киши дит багып карай ала турган эмес. Козгогон жокпуз, Кепчүлүк бир ооздон унчукту:— Калмактар ылайым сөөгүн жерге жашырбайт. Алардын расымында өлгөндөрдүн денеси муздай электе эле талаага сүйрөп барып ташташат. Тарпын калтырбай иткуш жеп кетсе— маркумдун жаны жаннаттан жай алганы деп түшүнүшөт капырлар.Эртеси кошун Көтмалдыга жакындай берди. Түш оопкалган кез. Асман ачык, көгүш тарта булоолонгон ЫсыкКөл тунуп, көл бетинде ак куулар, каз өрдөк батпай, конур күз өкүм сүрүп турганына карабастан бул касиеттүү татынакай жаныбарлар жылуу жактагы кышкы мекенине кете турган көөнү жок, алда неден чоочуп да коюшпай бейкут. Кошундан анча алыстабаган Сарытай мырзанын жанында беш алты жигит. Алар анча катуу унчугушпайт. Сарытай мырза көп сүйлөбөгөн соң, калгандары да үнүн бийик чыгарышпай, бирок арттагы кошундун добушунан талаа жаңырууда. Аларды кой деген, тыйган эч ким жок. Эртеден бери ооздору тыйылбай, баарынын тен көңүлдөрү куунак, бакашака түшүшө ай талааны жаңырткан шат күлкү. Алардын тамашасын уга жүрөлүк дейби, Сарытай ат тизгинин жыйып, өзүнчө дымыйт. Кошун улам жакындаган сайын сүйлөшкөн сөздөрү, тамашалашкандары кулакка даана угула берди. Байкашса, ээрге жакшылыктуу отура алышпай чалкалай беришип, жанайласын таппай үргүлүшкөн, тунжурашкан беш калмакты шылдынбай, ырга кошуп келатышкан экен. Атаке баатырдын айлынан кошулган Бөбүй ыр күүгө шыктуу келе турган. Ошонуц үнү чыккан сайын кошун кыраан катып жыгылып калчудай ээрдин кашына өбөктөй беришет. Бөбүйдүн өз аты— Ботокан. Ал саяк уруусунан чыккан кичинекей бөбүй деген журтчулуктан болгондуктан баарысы тең Бөбүй дешчу.Ботокандын ыры кичине ороюраак, ары тамашалуу эле, Ал өзүнүн Накай досунун калмактарды сүннөткө алгац жерин ырга кошуп, кошунду күлдүрүп келаткан экен. Ботокандын чыгарган ыры эл оозунда али сакталып, ырдалып жүргөнүн өз кулагыбыз менен далай жолу эшиткенбиз. Демек, ырды өзүбүз чыгарбаган соң, окуучулардан кечирим сурап, кантсе дь аны келтире кетүүнү ылайык көрдүк. Андыктан, бул дастанды окуп жаткан карыжаш мени туура түшүнөт деп үмүттөнөм. Баса,Бөбүй Ботокандын ырынын маанисин жеткилең түшүнгөн Сарытайдын жанындагылар адегенде бир күлуп алышты да,анан ичинен кимдир бирөө арттагыларды тыймакчы болуп кылчая бергенде, Сарытай аны токтотуп койду:— Ортолорун суутпа, тамаша токтобосун. Узун жолду кыскартканга не жетсин. Ошондо көпчүлүктүн каалоосу боюнча Ботокан минтип кайталады: Чике ынжынын киндигин... Накай кескен эмеспи. Бүрүк болуп калат деп Устараны тууралап Такай кескен эмеспи. Бычак кеспей ыргытып, Балта кескен эмеспи, Кокус тайып кетет деп Тарта кескен эмеспи. Шөкүлөсүн кайчылап Жаракескен эмеспи, Сөңгөк болуп калат деп Жана бир кескен эмеспи...Кошун арасы кайрадан кыраан каткы, Сарытайдын жанындагылар да бырс күлүшүп, жаш мырза өзү да бир сыйра жылмайып алды. Чоң олжо менен келаткандардын ичинде Атаке баатыр кызын узатпай коёт деп күмөн саноо жок эле. Алдыдагы чоң той кыз оюндун шааншөкөтү жигиттердин делебесин козгоп, Сары-Өзөнгө улам жакындаган сайыга алардын жарпы жазылууда. Кабактары тырышып жараты жанын кыйнаган беш калмак менен эч кимдин иши жок, аларды качып кетет деп санааларына дакирбейт. Динден чыккан өз балдарын качып барган күндө да, адатты бек туткан тууган уругу өлтүрүп таштаары бышык. Ошондуктанбы, беш калмак өз тагдырлары менен алда качан эле элдешип калышкан болчу.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Disappear   06 Март 2016 - 23:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ошентип, Атаке баатырдын кызы Сыргага 1786-жылдын конур күзүндө өзгөндүк Басыз уруусунун кылычтамгасынан чыккан Сарытай мырзанын үйлөнгөнү кашкайган чындык.Бирок, Атаке баатыр кызын аземдүү чоң той берип,шааңшөкөт менен узата алгбай калганы. да элге маалым. Эмесе кеп ошол жөнүндө. Кошун ылдыйлап, көл кылаасы. алыстай бергенде алдыраак ченде жанталаша чаап келаткан атчан көзгө чалдыкты. Кошун аярлай калган эле. Айткандай, чабарман Атакенин айылынан, Сары Өзөндөн чыгыптыр. Кабарчынын айтканы боюнча ошол учурда Сары Өзөнгө күтүлбөгөн жерден жоо тийиптир да, кокуйлаган катынкалач менен үрөйү учкан элди араң тыйган Атаке баатыр туш- тушка чабарман жиберип, өзү болсо күндөп тундөп кол курай баштаган экен. Ансыз деле ат жарагы дайым даяр көчмөн элден заматта түмөн кол жыйыла калчу андай кезде. Эс тартканы бирде бөрүчө качырып, кээде түлкүчө качып ойт берип, далай салгылашты, чапкынды башынан өткөргөн Атаке баатыр катылган жоого оңой эле кол куушуруп туруп берген жолбашчылардан эмес эле анда. Баса, кол баштап, өзү катылбаган элге жоо болуп келген адам өткөн кеткен кербендерди талап, чөлдүн бөрүсү аталган, Атакениң илгертен берки душманы казактын Теке баатыры болуи чыкты. Аблайдын чапкынынан кийин казак кыргыздын ортосу тынчып калган. Өтмө катар боордош эки эл кыз берип, кыз алышып дегендей илгерки ынтымагы, журтчулугу чыңала, жакшылыкка чогуу кубанышып, жаманчылыкта бирге болушуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып калган чакха Теке баатарды кайсы кара теке сүздү? Ким кайрады аны өзүнө каршы. Же дагы эле касиеттүү КанТоону бүтүндөй басып алып, жалгыз чардасам деп ойлойбу? Эч ким менен көп сүйлөшпөй: буйрук берип, кеп уккандан башканы сүйбөгөн Атаке баатыр өзүнчө туруп ушулар жөнүндө ойлойт. Аңсыз деле казак туугандар өз ара чабышып, ыркы кетип жатканын жакшы билет ал. Жайыты кенен талаа, кумдуу чөл,ой тоолуу мекен аларда мол. Жер жайытынын көптүгү жагынан казактарга кайсы эл теңелет. Көрө жатарбыз дегендей турнабайын салып, алысты тиктеген Атаке баатыр кантсе да бейкам. Жараксыз күнү жоо келет деген чын тура. Болбосо, Сарытай мырза Котонду чаап көп олжо менен келатканын уккан Атаке той камын көрө баштабады беле. Билет, не деген менен күйөө бала чоң сыноодон өттү. Эми Карабай тууганынын уулуна кызын бербесе арбак урбайбы. Элимден чыккан бир көк жал бар экен — деп ичинен кубанып коёт баатыр. Бирок, күйөөлөп келип үлпөт куруунун ордуна Сарытай мырзаны экинчи чоң сыноо күтүп жатканын Атаке баатыр ал учурда өзү да билбегендир. Жашы кырк, кырк бештер чамасындагы Теке баатыр Атакенин айылынын этегин кокусунан келип баспады. Курдайды кыйгап өтүп, атактуу Кеминди алууну көксөп келаткан Текенин көп колун жылкычылар күн мурунтан сезип калышат. Эки жакка кабар берип, итапкан кол жыйноого үлгүргөн Атаке жоонун санын билүүгө жол чалдырды. Эки түмөнгө жакын кошундун санын жол чалып чыккандар тез эле билишти. Теке баатыр сейилдеп чыкпаптыр, демек, кыргызды чапсам деген ниети чын экен да. Эң мурда өзү озунуп кол салууну ык көргөн жок Атаке. Таңдайынан чаң чыккан чечендери баш болгон элчи жиберип, Теке баатырды кепке алаксытмак болду. Эгер Теке баатырды үч күнчө жаткан жеринде алаксытса, туштуштан кыргыздын колу да чогулуп бүтмөк. Союшун камдап, тамакашын даярдап барган кыргыз элчилерине Теке баатыр көрүнбөстөн кошун аксакалы чыкты кебелбей.— Теке баатыр кошун курап жатат дейт келген максатын айтпай. Билсек, сүйлөшсөк баатырдын өзү менен...— Теке баатыр күйөөлөп келди кыргызга. Атакенин кызы бойго жетиптир. Күйөө тандап жатат деп уктук. Кыргыздар жооп берди:— Атаке баатырдын кызы күйөө тандабайт. Сырга атасалтын билген жан. Баатыр атасы кимди ык көрсө ошого кете берет.— Сырганын колун сурап жуучу жиберсем, Атаке кабылдабады деп Теке баатыр аябай капа.— Атаке баатырга көп эле жуучу келди. Анысын биз кайдан билдик.— Анда айтып баргыла, — деди кошун аксакалы. Кыргыздар кайра кетти.Эртеси түш оой келген кыргыз элчилерин кошундунаксакалы тосуп чыкты.— Атаке баатыр аябай капа! Кыргыз казактын макалы бар:«Кызды сураганга, кымызды ичкенге бер». Теке баатыр кыздын колун сурап келсе, эмнеге алдыман өтпөйт,. — деп таарынып жатат. Же Теке баатыр салт билбеген тексиз жан беле! Анын түпкү теги түркмөндүн Теке уруусунан чыккан деген айыңдан улам кыргыздар Теке баатыр дей турган. Тексиз дегенсөз ага катуу тиерин аксакал жакшы билгендиктен атайын айтты.— Теке баатырды казактар орто жүзү хан деп билет. Ал тектүү жерден чыккан. Кыргыз сүйлөдү:— Андай болсо, ала келген калыңы кайда?— Теке баатырдын өз билгени бар, — деп сөз таштады казак. Кара далы кызга эмне калың. — Сырганы мына ушул ордомо алып келип берсин дейт баатыр. Элчи мостойду:— Каадасыз кыз болсо да, калыңсыз кыз болбойт. Теке баатырдын антип Атаке баатырды кордой турган жөнү жок.— Жөнү бар үчүн айтып жатат го.— Кандайча?— Жөнү баатырдын күчүндө. Кыргыз элчи сыпаалык кылды:— Баатырга айталык, күтө тургула.— Айта бар, эртең түш ченде Сырга ушул жерде болсун. Эртеси Атакенин элчилери жортуулчулардын кошунуна үчүнчү жолу келишти. Ошентип бул аңдышуу башталгандан бери эки күн өткөн. Кыргыз элчи айтып таштады:— Алабыз десе кыз мына, ажал келсе биз мына деп, Теке баатырдын айтканына көнүп берди Атаке баатыр. Баатырдын бир гана өтүнүчү: эки күн убакыт берсин, кыздын камын көрөлүк, — деп суранат. Кара сакал Теке баатыр чатырды жирей эшикке өзү чыкты. Атакенин жообуна көтөрүлүп калган эле. Чынында да ал өзүн оңой көрбөйт. Чөлдөгү; куюндай жойлогон Теке ушу кезге чейин беттешкенинен жеңилип көрө элек. Далай кербенди талап, далай журтту чапты. Бирөөнүн көз жашына боору ооруп, кан төккөн мыкаачылыгынан тажай элек ал арыстаңча тайманбай эки миң кол менен Атакенин айлын өрттөй каптайм деп камырабайт. Мына ушул калп эрдемсүү өз башына тийерин бул сапар сезбеди ал. Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло деген эл макалын унутуп калган Теке кыргыздардын артынан кыйкырып калды.— Эртең ушу маалда кыз алдыма келбесе, айлынар бөөдө жерден таланат.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Disappear   06 Март 2016 - 23:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Атаке баатырга мындан башканын кереги не. Ал өзү каалагандай убакыттан утту. Кабар жетер замат Сарытай мырза сан жылкыга кошуп беш калмакты кара Кочкорду көздөй айдаткан. Тополоң тыйылганда олжону Шамшынын бели аркылуу Чүйгө ашыруу оңой. Санаасы тынчыган Сарытай жол жүрүп баратканда Ниязбек кашка беш жүз кол менен куюндай чаап келаткан. Атаке болжогон күнү кыргыздын кошуңу ЧоңКеминдин оозунда туруп калган эле. Жамансарттын уулу Түлөберди баатырынын колу жоонун артынан айланып келип бугуп калган. Эртеси Теке баатыр тынчы кете жол карап турганда Атаке чабуул койду. Далайды көргөн Теке баатыр даяр турган. Атаке баатырдын колун куушуруп, жапырып чабуулга өттү. Чагылгадай уюлгуган күлүк аттар бирде аралашып, бирде кетенчиктей айыгышкан майдан бир эт бышымча созулганда Атаке тарап чегине баштаганын көргөн Теке баатыр өрттөй каптап Аблайлап ураан чакырып кирди. Кыргыздар жанталашып чегинүүдө. Олжосун оозунан жулдуруп жиберчүдөй болгон Теке баатыр колун күргүштөтүп күчөтүп, улам алга — алга айдап жатканда анын сол капшытынан Ниязбек менен Сарытайдын колу куюндай уюлгуп чабуулга өттү. Эми эле демилген казактар солк этти. Алдатып койгонун дароо түшүнгөн Теке баатыр артка чегине берип, колу сазга тыгылбас үчүн негизги күчүн эми капшыттан чыккан жоого салды. Кылычтар сынып, кылычтардан от чыгып аянуу болбой былчылдашып жаткан кезде арт жагынан Түлөберди тап койду да, курчоодо калганын билген Теке баатыр азыр кантсе да колго түшпөөнүн амалын издеди. Казактар арыстанча тайманбай Теке — баатырды ортого алышып жарып чыгып баратышкан эле. Сарытай мырза бир саамга да локуйган Теке баатырды көз жаздымынан чыгарган жок. Ал эми Койсары баш болгон өз жигиттери менен Текенин артында. «Тирүү алгыла, тирүү алгыла» деп, өзү ага чукулдай бергенде Теке баатыр жигиттери жандай жетелеген кашка атка секирип минди. Кутулуп кетет деп жанталашты Сарытай.Ангыча Койсары ыргыткан сыйыртмак Текенин мойнуна жыландай оролду. Аттан кулап түшкөн аны Сарытайдын жигиттери басып калган болчу. Мөрөйү колуна тийген Сарытай андан ары жоону куубай, ансыз да тымтыракайы чыккан казактар баатырынан айрылганын билишип таруудай бириндешти. Атаке менен Түлөбердинин колу качкан жоону бирден терип, кууп жүргөн кезде Сарытай мырза Чүй суусунун боюндагы топ талдын түбүндө Теке баатыр экөө бет маңдай отурушкан болчу. Башы чарадай болгон куш тумшук Теке төшүндөгү зооту бытчыт чыкса да эч жеринен жарадар болбоптур. Энтиккенин басып, кебелбеди ал:— Мени туткунга алган кайсы баатыр?— Сарытай мырзанын колуна түштүң.— Сарытай сенби? Сарытай жооп бербей сурданат. Тагдыры жаш мырзанын колунда турганын билген Теке кейиди:— Тагдырга айла жок экен. Далай жоо менен алышып, чөл кезген, чөлдү эзген Теке баатыр ээрчи Басыздын, жатакчы Басыздын сары ооз балапанынын колуна түшкөнүн кара. Эң кур дегенде Түлөберди баатыр кармасачы.— Рас, айтканыңыздай мен Басызмын. Басыз экиге бөлүнөт.Керки тамга, кылыч тамга болуп. Мен кылыч тамгаданмын. Көп жорткон бөрү акыры ушинтип капканга түшөт. Тоо жакалай жортоду көк бөрүлөр, акыры ал дагы ат артына бөктөрүлөр, — деп айтышат го казак калкы, Теке кул. Сенин шишиң толгон болчу. Баатырдын жаны чыгып кетти:— Кул деп айтпаң, кордобо мени. — Кул болбосоң энчилүү жериң, элин болот эле го. Жоктугунан талоончулук кылып жүрөсүң, Теке.— Өлтүрсөң да кул дебе, шакаба чекпе, жаш мырза.— Эч кимди аябай далай эрди шакаба чегип, боорун тилгениңди укканбыз. Сарытай кумсарды.— Мырза, сен мени менен сүйлөшүүгө тең эмессиң. Атаке баатырдын алдына алып бар, өлсөм да Атаке колдуу болоюн.— Мунун амалын, — күлдү Сарытай. — Сени баатырдын алдына жеткирбей жайлайбыз.Теке дагы өтүндү:— Мырза, Атаке баатырды бир көрсөт. Ошонун өз колу жазаласын.Сарытай мыскылдады: — Биз ошончолук эле макоо бекенбиз... Күн көзүн көргөн суукка тоңбойт, бий көзүн көргөн бөөдө өлбөйт. Тирүү калгың бар экен го. Аблай кандын алдына барган эрлерибизда өлүмдөн азат болгон эмес. Азыр сен биздин колдон тирүү кутулбайсың. Теке баатыр кебелбеди:— Айтканың чын болсо, сен дагы мени өлүмгө кыюуга акың жок. Сарытай таң калды.— Кай себептен?— Сарытай мырзаны биз кан деп билебиз.— А, ошоңдойбу? — Сарытай мыскылдады. — Эч ким мени кан көтөрө элек. Аны жакшы билесиз. Азырынча биз баатырдын күйөө баласыбыз.— Анда эле ажалым жеткен экен да...— Ээн жердин бөрүсүндөй далай бейкүнөө адамдын канын төктүң.— Атаке баатырды бир көрсөт, жаш мырза!— Келме келтир, баатыр! — Сарытай буйруду. —Акыйлашып отура албайм. Сөз бүттү.— Анда акыркы өтүнүчүмдү айтып калайын, мырза!— Айт, айтып кал! — Башымды алсаң ал. Бирок денем менен башымды чогуу көмдүрт. Сарытай кумсарды:— Бул өтүнүчүңө макул эмеспиз, баатыр. Денеңди иткуш талайт, башыңды баканга сайып элге жарыя кылабыз. Чөгөлөй калып бата кылды Теке баатыр.— Мырза, сен дагы менин кейпимди кий! Сөөгүн көмүлбөй ач талаада иткушка жем болсун!— Бол! — деп Сарытай ызырынды. Даяр турган Койсарынын нар кескен кылычы кирпик ирмегенче Теке баатырдын шилисин кыйып түштү. Локуйган дене диртдирт этип тыбырчылай бергенче, көзү бакырайган чон. башты арыжактан кимдир бирөө илип кетти. Колкосунан каны дирилдеген денени жигиттер чоң сууну көздөй сүйрөп жөнөгөндө Сарытай акырын буйруду:— Аккан сууну арамдабай кара жерге жашыргыла. Жиги чыкпасын...Теке баатырдын башын канжыгага байланышкан жигиттер түзгө чыга бергенде жоон топ кол менен келаткан Атаке баатырга кездешти. Мөрөйү колуна тийген баатырдын кабагы жарык эле.— Арыбаңыз, баатыр! — дешти, бир ооздон жигиттер. Атаке алик алды:— Бар болуңар, азаматтарым! — Ошо кезде анын көзүнө Коисарынын канжыгасындагы Теке баатырдын башы уруна Атакенин кабагы жыйрыла түштү, бирок унчуга алган жок. Жигнттер баатырдын соңунан ээрчий бастырыша, алар сүйлөшпөй ат бойлогус куу камыштын жээгиндеги кыртыштуу жолдо баратышат. Бир маалда эч кимди карабастан өзүнчө сүйлөп койду Атаке:— Бекер кылыпсыңар! Теке баатыр мага тирүүлөй керек болчу.Үн Сарытайдын кулагына шак дей түштү да, эч ким жооп айтпай тымтырс. Камыш арасындагы жолборстун күрүлдөгөн үнүнөн аттар үркүп, аттар кошкура, бирок эч ким кебелбейт. Күн кеч бешйм чен, алдыда маңкайган ак карлуу тоо, мемиреген, мелтиреген бейкут Сары Өзөн: эми элеги кыргыныңдын изи жоктой. Анан эмне, алды жактагы айылдарга кабар жете элек, кошок чыга элек. Бир аздан кийин айыл ичи чуу түшүп калары менен табияттын иши канча...


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Disappear   06 Март 2016 - 23:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Атакебаатырдын кызына алыстан ат арытып арзып келген Сарытай мырзанын кокусунан жасаган эрдиктери Чүй боорунун бир этегин эзелтеден мекендеп келаткан калың Тынай элинде кезинде айтыла калчу. Ал кезде мен Токмоктун четиндеги мектепте мугалим элем. Жайкы каникул жаңы эле башталган. Бир курдан жоон топ жаш мугалимдер Шамшы капчыгайынын алкымын жарып өткөн дарыянын боюнда сейилдеп жүргөнбүз. Түш ооп калган кез. Шар аккан суу, тоонун жапжашыл этеги, өндүр ылдый салкын жел уруп турат. Сай бойлоп, сууга түшүп, кээ бирибиз бута аткан болуп, айтор, көңүлүбүз куунак, кабагыбыз жарык. Аңгыча биздин күн чыгыш жагыбыздагы жашыл этекти кыйгай төмөн түшүп келаткан эликтин кыпкызыл кураны көзгө чалдыкты. Коркуп, чоочуп да койбойт. Үн жок, сөз жок баарыбыз селейдик. Жарыктык десе, аябай суусаган экен, жетип эле тумшугун дарыяга малды. Аңгыча ичибизден кимдир бирөө ышкысын баса кыйкырып жибергенде, башын көтөргөн ал биз жакты карап алды да, анчалык коркунуч жоктугун сездиби, суусунун кандырган соң кайрадан тоо таянды. Мен мылтыкты колума кармай артынан чуркадым. Аңчылыктын кумары оңой эмес тура, мен эликтин артынан кууйм деп жүрүп итапкан жерге барып калыптырмын. Тулаңы белден чыккан жашыл коктуну өрдөп кетип баратам, эликтен дарек жок. Ошентсе да, улам өр таянып, өйдөлөй бердим. Аңгыча алды жагымдан добуш чыкты. Мен мылтыгымды аяр кармай туруп калган болчумун. Аңгыча жоп-жоош кызыл тору бээ минген карыя чыкты алдымдан Мен озунуп салам айттым. Карыя кебелбей жаныма бастырып келгенден кийин гана алик алды да, ал жай сурашууга өттү. Мен жайымды түшүндүрдүм. Аң улоол менин караманча эле.тажрыйбам жок экенин сезген карыя күлдү:— Ие, уулум, эликти жолуңа байлап койгонсуп шашып алыптырсың го. Ушул кейпиң менен сага элик тургай суур да аттырбайт. Азыр алардың кимиси болбосун бадал арасына житип кетти да. Жарыктык кайберен аябай суусабаса дарыя жакка караманча басмак эмес.— Тоо арасында суу жокпу? — дедим мен.— Бар эмей, бар.— Анда эмне үчүн элик чоң сууга түшүп келди?— Өзү чоң сууга жакын жерде жүрсө келет да. Жогорто суу бар. Бирок алысыраак. Атакебаатырдын эски. конушунда булактар көп. Качанкы эки жүз жылча мурда жашап өткөн адамдын ысмы ушу кезге чейин унутулбаганына мен таңгалдым:— Азыр да Атаке баатырдын конушу деп аталабы ал жерлер?— Эмне экен? Кыргызга кадыры өткөн чоң адам. Анын эмгеги силердей жаштарды кызыктырбасын билем. Биздей карылар турганда берендин аты унутула койбос... Жашы жетимиштен ашкан Калча аксакал экөөбүз ошол күнү тааныштык. Элге кадыры өткөн, ары сөзмөр, жайдары карыя менин тарыхый уламыштарды утууга ынтызар экенимди түшүндү окшойт, ойго түшкөндүн ортосунда ушул аңгемени шашпай айтып берип, анан ал бир топко унчукпай калганда,чыдамым кеткен мен сурап жибердим:— Сарытай мырза Сырга кызга үйлөндүбү, анан? Карыя акырын күлгөн болуп койду:— Сен өзүң кандай дейсиң?— Атакебаатыр бергендир кызын Сарытай мырзага. Калча аксакал мени кубаттады:— Бербегендечи, Сарытай мырзанын эрдиги Атакенин күткөнүнөн ашып кетпедиби. Баатырга да эл журт керек болчуанда. Өзүң ойлочу уулум, Сарытайдай азаматтар эл ичинен чанда чыгат. Жаш мырза мына бул Шамшыны ашып Чүйгө адеп күйөөлөп келгенде баатыр аны ошол жогорку конуштан кабыл алган деп айтылат эл оозунда. Андан бери көп жыл өттү. күбө болгон ким бар дейсиң. Дегинкиси конуштун аты очпөй ушул убакка чейин айтылып келатканына караганда окуя чын го, болбосо алда качан эле унутулбайт беле ал. Унчукпаган мен Калча аксакалдын аңгемесин тыңшоодомун. Аңгыча эле көз алдыма шааншөкөткө жык толгон өткөн замандагы кыз узатуу тою тартыла калды да, делебем козголо түштү. Жаагын жанган ырчысыз кыз оюн болмок беле, мен адегенде эле жар салып ырдаган акынды көрдүм, андан ары катар катар тигилген ак боз үйлөрдүн ортосунда алты бакан тепкең ай чырайлуу кыз уландар жанада булутсуз бозомук асманда толгон ай мелтиресе, ары жактан тоо суусунун шары чыгып, кезек кезегинде эликтин бакырганы угула, кыз өргөөсу жак өзүнчө кымгуут, не бир сыйкырга толо, кечээ эле жортуулда башым кетет деп тартынбаган жигиттер мына эми өзүнчө адеп сактап, не бир сонун тамашага кумары канбай, сыйкырдуу таңдын, жайкы таңдьш өтпөөсүн тилеп жатышкансыйт. Айлуу түндө, тоо этегиндеги жашыл өрөөндө, атактуу мырзанын үйлөнуү тою өтүп жатса, анын миң түркүн кереметин сөз менен сүрөттөө,көз алдыга келтирүү кимдин колунан келмекчи, кала берсе мен өзүмчө эргип, өзүмчө сүрдөй түштүм. Мындай той көчмөн элдин турмуш салтында далай ирет болгондур, бирок бирибирин кайталабаган дөөлөтү, сөөлөтү өзү менен кошо кетти дечи, атаганат. Күндүзү ат чабыш, эр сайыш, жамбы атуу, күрөш эңиш, кыз өпмөй, төө чечмейине чейин көп күнгө созулган тойдун кайсы бир аземдүү сапатын айтып бүтмөк элек.Карыя токтой калганда:— Анда эле Атаке баатыр. кызына жакшылап той берип,мыктап узаткандыр, — деп сурадым. Калча башын чайкады: — Айтса, кептин чордону: ошол эл кызыгып күткөн тойдун болбой калганында. Мен таңгалганымди жашыра албадым:— Чын эле той болгон жокпу?— Ие, уулум, той бербе деп Атаке баатырга мен кеңеш бериптирминби, ал учурда өзүм да жок болчумун...Чалдын какшыгын түшүнгөн мен:— Кантип аксакал — дедим. Ал кыскача жооп берди:— Элдин айтканына караганда Атаке баатыр кызын шааншөкөтсүз узаткан дешет.— Коюңузчу, — дедим мен ишенбестен. — Таңгалба, уулум. Ал калетсиз чындык.— Кантип тангалбайм, каадасыз кыздан бетер аттандырып жибергени кандай? Калча кебелбеди:— Кеп ошондо...— Түшүндүрсөңүз? — дедим, чыдадмым кете. Калча карыя бээсинин басмайылын бошотуп жалпак ташка көчүк басты да, мен анын бет маңдайыңа барып отурдум.— Казактын Теке баатыры Чүй элине кол салып, анан өзүколго түшкөндө анын башын Сарытай мырзанын жигиттери кесип алганын азыр эле сага айтып бердим го. Анын үстүнө эки эл чабышып, өчөшкөн жерде аянуу болмок беле. Ошол чапкында эки жактан тең эр өлүп, өлгөндө да көп өлүп, каракийип кошок кошкон аялдар менен, боору эзиле өкүргөн эркектердин үнүнөн айыл ичи тунат да калат. Анан аза күткөн эл кантип тойдо күлүп отура алат эле. Кеменгер Атаке баатыр:«Ыйыңарды тыйгыла, мен той берем, кыз узатам» деп өз элин кыйнабайт да.Анын үстүнө илгертен келаткан жоосу Текебаатырды өз алдына жеткирбей жайлап койгон күйөө балага Атаке баатыр ичинде нааразы болуп калган дешчү.— Ошончолук эле боорукер бекен Атаке? — деп мен аксакалды какшыктадым.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Disappear   06 Март 2016 - 23:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Калча какшыкты эрөөн албады: — Кеп боорукерликте бекен? Жоо аяган жаралуу экенин жакшы түшүнгөн Атакебаатырдьш да өз билгени болгондур. Кыскартып айтканда, ошондон үч күн өткөн соң эч кандай шааншөкөтү жок эле, себин кошо берип, өз жолуна жараша дегендей АлаАрча аркылуу Сырга кызды бел ашырып жиберген экен Атакебаатыр. Атакебаатыр кызын узатканга чейин Таштанбек деген уулун кошуп берип эки үч күнчө күйөө баласына жер кыдыртып, эл ичин аралата, Солто элинин мыктыларына чейин тааныштырган тура. Атакенин той бербей кыз узаткан жосунун эли деле туура түшүнүптүр учурунда. Карыя токтой калганда мен: — Аксакал, эмнеликтен Атаке жырык дешет? — деп капылеттен сурай, кайра тартына түштүм. Не болсо да, Калча карыя жооп бербей коётго деп ойлогом. Байкасам, Калча бир аз туруп күңгүрөнүп койду.— Ие, уулум ай, он эки мүчөсү түгөл, эч жеринде кемтиги жок да баатыр болобу?Атаке баатыр эрдинен өйдө тарта мурдунун үстүнө чейин кара жоолук менен таңып жүрчү экен. Элдин көзүнчө тамак ичпептир. Уламыштарга ишенсек, боз жигит кезинде шоктук кылып, түн ичинде эс алып жаткан кербенге катылган имиш. Ошондо айдың жерине айбалта тийип, мурду үзүлсө керек. Элдин жоромолу, көпчүлүктүн айтканы ушундай. Анан калса эки жүз жыл мурда өткөн окуяны ким так айта алат. Дегинкиси, ошондон уламбы, айтор, эс тартканы Атаке баатыр каракчылык кылганды жек көргөн дешчү. Текебаатырды колго тирүү түшүрсөм дегенде ак эткенден так этиптир. Анын башы кесилгенде бекеринен өкүнбөсө керек. Мен дагы суроо бердим:— Элжуртуна алынган Атаке баатыр эмнеликтен өзүн кан көтөрбөдү?Атаке баатыр өзүн кан атабаганы чын. Бирок анын өз небереси Жантай кан аталган. Мен сурай бердим. — Жантай кан Атакенин алты уулунун кайсынысынын баласы?— Жантай Таштанбектен туулат. Бирок иниси Карабек асырап алат аны. Ал жөнүндө айтса, көп кеп. Баса, Жантайкандын уулу Шабдан баатыр чоң атасыНын жолун жолдоп кыргыздардын Россиянын карамагына өтушүнө чоң көмөк кошкон.— Билем! — дедим мен.— Ошону жазгандан эмне тартынышат жазуучулар. —Өзүнчө кейип койду Калча карыя. Биз унчугушпай калдык. Калча кошумчалады: — Атаке баатыр өзүн кан атабаганы менен сан кыргызда анын жеке керт башынын атак даңкы аябагандай чоң болгон. Баса баатыр өлөрдөн он жылча мурдараак ага: «Журт агасы»деген наам берилгендигин уктуң беле?— Кайдан билейин, аксакал, — деп жибердим.— Рас эле, аны сен кайдан билет элең. Дегинкиси билип койсоң жаман болбойт. Илгери илгери атактуу Суусамыр өрөнүндө бир курдай курултай өткөн тура. — Калча карыя курултай деп так айтканда мен өзүмчө таңгалып койдум. —Ошондо Күрүчбек элинен чыккан Сөлпү баатырдын сунушун бөлөк уруу башчылары колдоп кетишет да: Атаке бүтүндөй кыргыз журтчулугунун агасы деген титулга ээ болгон. Ал кезде билгенге: «Журт агасы» деген наам кандыктан да өйдө турган.Калча аксакал өйдө туруп тору бээсинин басмайылын тарта баштады. Күүгүм кирип калыптыр. Мен ага башка суроо берген жокмун. Кийинчерээк дагы бир он жылдан кийин карыяны атайын издеп барсам, кайран киши сексенден ашып картайып калган экен. Экөөбүз оңдуу сүйлөшө алган жокпуз, байкасам өзү да мени тааныбай калыптыр. Биз көбүнчө колхоз курулушу жөнүндө сүйлөшкөн болдук. Андан бери көп жыл өттү. Арачолодо тарыхтын өчө жаздап бараткан эскиргенизине түшүп, көптөгөн китептерди, кол жазмаларды окуй коюп жүрүп мен кайрадан Калча аксакалдын айткандары менен изи калган тарыхтын ортосунда анчалык чоң айырма жоктугун көрүп таң калдым. Элдин дилиндеги оозеки тарыхты жатка билген аксакалдын көзү өткөнү менен байыркы доордун жандуу элеси — уламыш легендалар аркылуу эл ичинде ушинтип кала берет. Андыктан мен,өзүнүн өткөнүн жакшы билбеген эл — атасы жок, никесиз туулган баладай тексиз болуп каларын эске алып, ушул дастанды жазууга киришкем.

Атакебаатыр далайдан бери ар кимдер менен алгылыктуу сүйлөшпөй жалгыздай басып, ээн эркин жүргөндү адатка айландырып алгандан кийин башынан эч кимге көп ачылбаган түнтүрөөк киши өзү ошентип элден оолактаса ким эле батынып сөзгө алмак аны. Ар качан жандай жүрчү жөкөрлөрү быякта турсун, жигит болуп эр жеткен өрттөй өткүр уулдары да сөз кепке алгандан тартына, баатырдын турпатындагы энөөлүккө окшогон түнттүктү, билгизбей келип мыкчыган карылыктын салдары деп жоруй башташкан болчу. Чынында, мына ошол 1787-жылы Атаке баатыр агаласакал болуп алтымыштан аша, мурдагысындай болбой сөөгү оор тартып, атка минип бастыргандан да эрингендей айыл айылдардагы утурум боло берчү тойаштарга да катышканын койгон. Ал күткөнү, ойлогону эмне экенин эч жанга билгизбей, адамдардан атайын эле оолактай баштаганын жашырбастан, быйыл да жайы менен Чүй этегиндеги бөксө жайлоолордун биринде өргөөсүн тиктирип коюп, Суусамыр жайлап улуу тоолордун арасын көздөй жылган жок. Баатырдын бул жоругуна көпчүлүк таңгалбагандан башка эмне дейт эле. Бир караганга Атакенин телегейи тегиз болчу. Элжурт ичинде ыйкытыйкынын жиги билинбей тынч, кала берсе пейилди кубанткан ынтымак, бейкуттук өкүм сүрүп тургансыйт. Ушу кезге чейин .өзүнө өйдө карап, сөзүн эки кылган адам аттуу боло элек. Алты уулу тең бөрүдөй көкжал чыкты, алар балабакыралуу болуп дегендей, баары тен очорбачар. Жазып тайып көзжумса.элине эге болчулары четтен чыгат. Мына күйөө бала сынына толду. Ал тургай Аблай Султандын туусуна жамынып, кала берсе эзелки чөлдүн бөрүсү атанган душманы Теке баатырдын кошуну да өз колунан кыйрады го. Эс тартып, ат жалын тартып мингенден бери жолу татаал жана шыдыр болду. Колдогону бар: жолдошу кыдыр дешип сыртынан айың кылгандар башында «Тынайлап» ураан чакырышса, мына далайдан бери: «Атакелеп» ураан чакыра башташкан. Адегенде тыйып көрдү, чындап зекиди. Эл деген кыйын экен макул болгон жок. Эчак көзү өткөн атасынын арбагынан жол талашмак беле, бирок ошенткен сайын жан дүйнөсү жибий, негедир жыргай түшчү. Чүй боорунан орун очок алышкандан бери, оң капшытындагы солто элинен кантсе да аябай сактанат. Солтолор намыскөй эр эл, көп эл. Ал эми эрдиктин артында алакөөдөндүк, ак көңүлдүүлүк, энөөлүк болорун да жакшы билет. Анчалык куулук шумдугу жок элдин ошол талуу жерин жакшы билген Атаке баатырдын кадыры кошунасына алда качан эле өтүп кеткен. Кырктан өтө бергенде Жайыл баатырдын кызы Бегимжанды токолдукка алды. Өтмө катар болгусу келген Атаке Солто элинин бирине кызберсе, кайрадан кыз алды. Дагы бир уулуна Солтоной деп аткойоо, экинчи уулун мыкты чыкма Түлөберди баатырдын уулу Канай менен көкүлдөш кылып, төшүн тийиштире кучакташтырган. Аш тойлордо Солто элинин мыктыларын туу катары көргөн кишиче жыйын башына отургузат. Билгенге акылман, адамкерчиликтүү эле Атаке. Акылдуунун бир аты —куу. Ошол куулук, аяр мамиле гана анын зоболосун көтөрдү. Же болбосо көптөн бери жоо келгенде чокмор көтөрүп жекеге чыга элек. Илгертеден эле кара күчү бар эр көкүрөк, тулкусу темирдей чың: шайдоот, шайыр, ары өжөр, жигиттердин арасында акыл айла менен дароо айырмаланган кыраакы, баамчыл Атаке акыры келип элдин туткасы болгонго жарады. Мына ошентип элжуртка алынгандан бери ал жеке өз керт башынын пайдасы үчүн кам көргөндү жек көрүп, кайда жүрбөсүн элдин калың катмарынан өзгөчөлөнгүсү келбейт. Дүнүйөмүлк жыйнап, каражанын жыргатуу деген жосун баатыр үчүн караманча жат эле..Ошондуктан анын өргөсүндө асыл зат, баалуу буюм деген жокко эсе. Өмурүн бүт бойдон жортуулда өткөргөн адамга күлүк ат менен мыктап жасалган жоо жарактан өткөн кандай байлык болсун. Ээрин башына жаздай туш келген жерде уктап көнгөн Атаке ушул азыр да мамык төшөккө жаткандан каччу.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Disappear   06 Март 2016 - 23:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Атаке баатыр башынан кыялкеч, ал көбүнчө жалгыз отуруп алып, келечек жөнүндө ой жүгүртө, эли жеринин эртеңки күнүн ойлоп, кээде уктабай таң атырганы менен кимдин иши бар. Качан эле Атаке бөтөн журт менен жоолашып, бейкүнөө бечеранын канын төктү. Он төртүндо ат жалын тартып минип, калмакка катылды. Калмактан сокку жеп, качып, өз мекени Ала-Тоонун койнуна кире албай ач белде калганычы. Ошондо өзүнөн саал улуураак эр Садыр менен эр Момокон үчөе каңырыгы түтөп минтип арман кылышпады беле: Адыр, адыр, адыр тоо, Арсайып турган аска зоо. Томсортуп турган жеримди, Боздотуп кыргыз элимди, Карарган чаңды буратып, Каршыккан эрди сулатып, Кайдан чыкты калың жоо... Көбөйтүп малын жайыт от, Урушпай койсо не болот. Журт менен журт жоолашып, Карышпай койсо не болот. Эзелтен бери кыргындуу, Замандын койну тар экен. Ат тепсеп уулу жанчылса Эненин көөнү зар экен. Көгөрүп жаткан кең асман Суйкайган бийик Ала-Тоо, Ээсиңди куубас койнуңдан, Дүрбөлөң салып келбес жоо, Көшүлгөн заман бар бекен?.. Кайран эрлер, кайран достору: Садыр менен Момокондор канкор Аблайдын колунан жан таслим болушту. Эмне, алар журт азаттыгы үчүн жан кыйышкан жок беле. Айласы түгөнгөндүктөн кыргыздын баш кошуп, кыргыз атанын тукумдарын аман сактап кетсем дегенде ак эткенден так эте канча айла издебеди Атаке баатыр. Акыры келип көзү ачыла кеменгер аталган кезинде анын оруска кол бергиси келген далалатын жактырбаган мекендештери да арбын азыр. Ошонун көбүнө түтүп, эл башы аксакалдардын баарын бирдей ынандырып, акыры орус падышасына, орустун ордосуна элчи жибергенден бери эки жылча мезгил өтсө да, элчилерден кабар жок, жиги билинбейт. Кичинекей жапан эл— деп теңиңе албай койгондур падыша эне. Андай болгон күндө да алдына барган бечаралардын башын кесип албас. Неликтен дайны чыкпай, кумга сиңген тамчыдай жоголушту.Дагы эле болсо, эртеликеч өткөн кеткен жолоочулардан сурамжылаган болот. Оруска кошулсак деген тилек бир эле күндө жетилип чыккан жок. Ал ой: оо, мындан отуз жыл илгери атасы Тынайдын туусу астында касиеттүү кыргыз жеринен ойротторду караманча кууп чыкканда пайда болбоду беле. Ойрот менен кыргыздар бири бирин өрттөй каптап эки тарап тең аянуу дегенди эч билбей кармашкан. Рас, ойротторго каршы көтөрүлгөн чапкында казак, кыргыз, кыпчагы баш боло, ал тургай Кокон, Букар хандыгы да бир кишинин баласындай чогуу турушту. Мына ошол чапкында мизи майтарылган ойроттордун көп саны эзелки ата мекени жунгар жерине кире качышса, бир далайы сүрүлүп отуруп, орус мамлекетинен баш паанек издешкен. Куту качкан элди сел каптайт болуп, ач жылаңач түмөндөй түрүлгөн бечараларды бет алдынан кол курай тосуп турушкан манжуркытай империясын башкарган Богдыхандын жоокерлери заматтын ортосунда таптакыр эле тыптыйпыл кыла кырып ташташкан болчу. Пейли кенен экен, качып барган ойротторго койнун кенен ачкан орус падышасы алардын жайытына жерсуу бөлүп берип, эч кимисинин да чекесинен чертпегендигин эшиткен атасы Тынайдын: «Атагөрү, орустан өткөн адилет калкты ушу кезге чейин көргөн жок элем. Ыя уулум, замана тарып эгер кокус айлаң куруса, орустун этегин карма. Ошондо кор болбос элжуртуң...» деп маашырлана айткан керээзи эсинен чыга элек. Андан бери отуз кырк, жылдан ашык мезгил өтүп, өзү элжуртка тутка болгон кыраакы Атаке баатыр сан кыргыз үч тарабынан тең курчоодо калганын алда качантан бери сезе баштаган. Бирде акырын алдай, кээде кылычын камдай кокондуктар көз артса, кун чыгыш жагындагы Богдыхан Циянь Лин көзүн кызартьш, кыргызды тутмайынча көксөөсү сууй турган эмес. Ошол эки тарабындагы эки ажыдар аздык кылгансып Аблай кандын тукумдары да кылычын кайрай,бир жак этегин үзө чапкысы келип жатпайбы... Ала-Тоонун койнунда аз жылдан бери бейкапар жан сактаган май курсак байбачалар менен бир коктудан башка экинчи коктуну көрүп билбеген бечара журтчулук ушул коркунучту түшүнөт бекен. Мейли деп, курулай сөөлөт күтүп жатып алса, элдин тагдырын ким ойлойт? Ким көтөрөт анын жүгүн? Ич ара аңдышуу, бирине бири курулай үстөмдүк кылуу жанга баттыго. Курама жыйып кол курган, кулдарды жыйып эл кылган Манас атанын арбагы акыры колдоор. Түндүгүң бийик,түркүгүң бекем болбосо: жыйган алтын күмүш менен күтүрөтө күткөн малың кимге опа? Ушуларды ойлогон Атакенин үшү кетип, бир бечаранын кейпин жамынар эле. Оруска ыкласы оой баштаганын Атаке баатыр адегенде жан кишиге шек алдырбай, бул дуйни капырлардын тамырын тартып көрүунүн далалатын кыла, не бир айлаамал издегенин өзүнөн башка ким сезди. Ата конушун аралап өткөн орус кербендери дээрлик эсепке алынып, ал тургай казак журтчулугунун ичиндеги орус менен ымаласы болуп калган уруулардын айылдарына чейин барышып, ишенген адамдары жер чалып келип турбадыбы. Өз жеринен өткөн бир дагы орус кербен талоонго алынуу быякта турсун, эч кандай ыдык көргөн жок. Кытай менен Индустанга каттаган атактуу Жибек жолу акырьшдай Сары Өзөн Чүйдү басып өтө баштады. Ошентип, акыры кең пейил, анан калса адилет Атакенин кадыр баркы өткөн кеткен жолоочулар менен көптөгөн кербенчилердин арасында акырындап арта берди. Өзгөчө, орус көпөстөрү кербен коштоого Атакенин жигиттерин жандили менен кошуп ала башташчу болгон. Мына ошондой кербен күзөткөн жигиттердин катарында керт башынын ким экендигин билгизбей өзү да далай ирет сапар чеккенде баатырдын бул жоругуна таңгалгандар да учураган. Атаке эч кимге сыр бербеди.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Disappear   06 Март 2016 - 23:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Алгачкы жолу орустар туурасындагы кең кесири маалыматты Атаке баатыр Эдил боюн жердеген булгармишар көпөстөрүнөн алды. Жер кесип, чөл кезип чаалыккан аларды туугансыта жакшылап күткөн баатыр акырындап кеп сөзгө ала,орустар жөнүндө айтып берүүсүн өтүнчү. Байкап көрсө, алардын берген жоопторунун баары тең бирдей чыкканына таңгалып койчу. Орустун адилеттигин, кең пейилдигин алардын бири да танбады.— Баатыр, бу сен кызыккан саклабдарга эч бир эл тең келе албайт, — деди бир курдай көкала сакал, көптү башынан өткөргөн Якуб Раззак. — Элинин саны кыжылдаган көп кытайдан кем эмес. Жеринин көптүгүн айтып түгөтө албасмын. Ааламда түктүү жер канча болсо, тең жарымы саклабдарга тийиштүү. Орус жерин кыдырып чыгам деген бир көпөстүн өмүрү аздык кылат. Ошончолук эле шаарлары да көп. Эли жерин кайтарган сансыз кол бар. Жоо келсе коркуп койбой, өлүмгө тике барышат да, тартиптүү келишет жоокерлери. Падышасына кыңк этпей баш ийишет да, силерчилеп уруу урууга бөлүнүшпөй, бири бирине мыктысынуу деген аларда караманча болбойт. Орусту жендим деген бөтөн өлкөнү мен ушу кезге чейин көрө элекмин. Жүз эле колу бар саклабга бүт кыргыз чак келбейсиңер. Анткени, алардын түз аткан мылтыгы менен бир атканда миң колду жайлаган замбирегине ким тутсүн. Бетөн диндеги тили бурууларды жектөө, кордоо деген менен иштери жок. Саклабдардын кеги да, мээрими да жүзүнөн көрунүп турат. Душмандашса эч кимди аябай өлтүрө беришет, достошсо сыйлашууну жакшы билишет алар. Баатыр,мен билгени аларга баш ийген элдер бүт бойдон баар таап, тукумуругу өсүүдө... Атаке баатыр аяр сурады:— Орус өзүнө баш ийген элди зордоп чокундурат дегенкепчи? — Ал жалган сөз. Дини жок көчмөндөрдү саклабдар өз динине алган учурлар бар,—деп ачык айтып алды да, кайра Атаке баатыр өзүнөн кадиксиз жооп кутуп турганын сездиби , эми чоочугандай сүйлөп кирди. — Бөтөн диндегилерди өз динине мажбурлабайт падыша. Саклабдардын адептүүлүгү ушунда: кайра ак падыша өзү турган ордо шаарына башка диндегилер үчүн мечит салдырып таштаган. Орус калааларынан жалаң эле мусулмандар үчүн салынган мечиттердин канчасын мен өзүм көрдүм. Ал эми, ак падыша эненин жеке керт башын кайтаргандар да мусулман динин туткан элдин өкүлдөрү. Атаке кабак түйдү:— Анда эмие, өз элинен чоочуйт бекен?— Падышалардын башынан келаткан тартиби ошодур. Менин билишимче, кытайдын Богдыханын кайтаргандар да:уйгур, кыпчак, кыргыздар.— Анда эле түшүндүм, — деп Атаке баатыр этегин сүйрөйордунан турду да, сөз бүткенүн билгизгендей соодагерге акырын баш ийкеп койду. Ошол соодагер Жакыптын аңгемесинин аягы Атаке баатырдын эсинен ушу кезге чейин таптакыр эле чыккан жок, Байкап көрсө, бүтүндөй ааламды башкарган падышаларда өз кара башынын бүтүндүгүнө келгенде, жакын тууганына, өз кандашына ишенбегени бекеринен эмес экенда! Кандыктын, бийликтин жолу ар дайым татаал. «Этимди көргөн катыным сыйлабайт, күнүгө бетимди көргөн тууганым барк кылбайт» деп түшүнгөн эл башы илгертеден эле өзүн тегеректеп жүргөн жан жөкөрлөрүнүн арасына жакын тууган уругунун эч бирин жолотпой келатат. Сырын жакшы билген тууган сөрөй акыры келип тең туугандыккыла, бетине чыгарын да билет Атаке баатыр. Эки жылдай мезгил өтсө да, орус ордосун беттеп кеткен элчилери: Абдрахман менен Шергазыдан ушу убакка чейин эч кандай кабар билине элек. Баса, кошун коштоп көптөгөн белек бечкек менен элчиликке агганган адамдарынын экөө тең Атаке баатырдын өз уруусуна жатпасын көпчүлүк да жакшы билчү. Шергазы Атакенин асыранды уулу. Колуна сегиз жашында келген. Ал эми ыйык куранды шатырата жатка айткан сабаттуу Абдрахман соодагердин баспаган жери,көрбөгөн эли жок сыяктанчу. Ошо кезде түрк элдери үчүн орток делип эсептелген чагатай тилин да мыкты билген Абдрахман такыба падыша энеге багышталган катты да өзү жазбады беле. Барса келбес сапарга кеткен элчилердин кечигип жатканына баатырдын өз уруу мыктылары анчалык кейибеди. Караандай өлүмгө өз туугандарын кыйбай, башка бир кайдыгер урууларды кириптер кылып жибергендей көрүшкөн алар кантсе да баатырга ыраазы, тууган деп, кыраакы деп ушуну айт. Ьирок, Атакенин ойлогону башка экендиги менен алардын кайдан иши болсун. Эгерде баатырдын өзүнүн тектүү туугандарынан чыккан бирөө жарымы — падыша энеге барып кокус жолугуп келсе,атак даңк менен көптөн күткөн максатына Атаке баатыр жалгыз өзү ээ боло алмак эместир. Андыктан, чечейлер өз эли болсо да, назили Сарыбагыш эмес да. Ал эми тексиз элден чыккан бирөө баатырдан кантип жол талашсын? Соодагер Абдрахман даңкка анча кызыкпайт. Ага дүнүйөдөн өткөн дөөлөттүн кереги жок. Ошондуктан, бул ыйык ишке камынганда Атаке баатыр көп ойлой, жети өлчөп, бир кескен болчу. Дагы да болсо, ошол ойлоп тапкан жолунун тууралыгынан күмөн санай албайт. Бир гана күйүт элчилердин жиги билинбей кеткенине ичинен кейийт. Атаке баатырдын көпчүлүк менен сүйлөшкүсү келбеген, окчундап жалгыз жүргөнүн бир себеби ушунда эле. Кудай жалгап баатырдын санаасындагыларды ушу кезге чейин эч жан сезбеди.Эзелки жоосу, колго тирүүлөй түшкөн Теке баатырдын башы өз алдына жетпей алынып калганына Атакенин чыны менен эле өкүнө турган жөнү бар эле. га да баатырдын өзүнөн бөлөк тууган уруктары маани беришпеди. Өткөн жылдын бугу айында кыргыз жерине танапташ жерден орустун кербенчилери талоонго учураптыр деген каңшаарды Атаке баатырдын кулагы чалып, алгачкы ирет ага эч кандай деле таң бербей бейкам жүргөндө, каңшаар улам күчөй бердида, акыры башын кара жоолук менен бууган талоончулар: «Атакелеп» ураан чакырышып, дүнүйө мүлктүн баарын талап алып көздөн кайым болуптур. Кербенчилердин ичинде мерт болгондор да бар имиш. Эгер ал каңшаар чын болсо талоондун жаманаттуусу Атакеде калып жатпайбы. Кулак түрүп акыйган ал ошондон бери жүрөкзаада. Неси болсо да,андан бери өзүнө сурак салып, күнөө койгондор боло элек. Аны менен эле Атакенин санаасы тынчып калмак беле. Баамдай келсе, ошондон бери өз жери аркылуу, айылапаны тополоң кыла дүүлүктүргөн кербен аттуу өтө элек экен. Кантсе да талоон чыккандан бери өз атына доо кетти көрүнөт. Андай болгон күндө элчилер барымтада экен да. Мүмкүн орустар канга кан деп аларды өлтурүп таштаса кантет. Буга Атаке баатыр көп ишене бербейт. Орусту адилет деп уккан. Эгер чындап ишенсе териштирет эле го эмдигиче. Өзүнө келип бир ооз сурайт эле го. Атаке андай жүзүкаралыкка барбасын айтып, касам ичүүгө чейин бармак. Неси болсо да иши чатагына айланганын сезүүдө. Ойго батып, жалгыздай баскан негизги себеби да ошол. Эли эмне десе мейли, азырынча аны менен иши болбойт Баатырдын... Орус кербенин талаган Теке баатыр экенин Атакенин жүрөгү сезген. Иттей тытышкан заманда жеке душманың тургай, өз өзөгүнөн да өрт чыгышы таңгаларлык иш эмес. Бирок да талоондун түйүнү Теке баатырда жатканын ачык айта албады. Далили жок жерден душманы болсо да бөтөн бирөөнүн бетине көө жапканды билбейт Атаке. Андай катын ушак — эл башчысы, баатырдын ишине жатпайт. Мына,жаштык кылып, курчтук кылып Сарытай мырза Теке баатырдын башын албаганда, эмдигиче чындыктын айкын жүзү ачылбайт беле. «Атакелеп» ураан чакырганына караганда бул карандай душманынын колунан келген иш. Баатырды жалаага жыгып, каралагысы келген ким? Эзелки кеги бар Аблай Султандын уулу Валихандан башка ким жасайт муну. Теке баатырдын карманган туткасы ошол элего...


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Disappear   07 Март 2016 - 01:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Айтор, башы каткан, санаасы бөлүнгөн Атаке баатыр жалгыз. Бир чети ал жашы өтүп, билектен каруу кеткенине кейийт. Бүтө элек иш, окула элек намазы али көп. Карабашыл элим ай, эртеңки көрөр күнүң эмне болорун билбей балача баёсуң, ишенчээксиң. Бир күнү кардың казыга тойсо дүнүйөн түгөл, телегейиң тегиз боло түшөт. Тоо артында тоо, андан ары да тоо деп ойлошот. Дүйнөнун баары тоодон бүткөндей көрүшөт. Эл ичинде ажыдаардын койнунап жылуулук издегиси келгендер да бар. Аюунун үңкүрүнө башын салып,башсыз калары менен иши жок. Кзмсыз, эндей жаткан баёо, баатыр элден чыкпаса Атаке өзү ушундай жорукка басат беле. Элинин тагдырына жаны күйгөн Атаке ыйык ишти мойнуна алды. Оруска дили чындап түшпөдү беле... Ишенди эле го ага. Тепкедей элди тоотпой коёбу улуу журт? Тутунган тоон бийик болсо төбөң көккө жетет деп ойлогон. Орусту тоо көргөн. Аны тилек кылып, караан тутканын түшүнбөдү бекен? Салам айткан жетимдин алигин албаган машаяк да акыры бир күн кудайдын каарына калат. Же орустун кудайы жок бекен? Көктө кун жалгыз болгон сыяктуу, ааламды жараткан кудайдын өзү да жалгыз деп түшүнөт Атаке баатыр. Андай болгон соң, кудай алдында, күн алдында бардык пенде бирдей. Орусун, кытайын баштап бардык пендени жараткан кудай, Кудай алдында, күн алдында Атакенин жүрөгү ак. Атаке оруска ак дилинен кол сунду. Кең пейил орус Атакенин сунган колун какпаса, ал жума кункү кутба намазына ар качан ак падыша эненин ысмын кошуп окууга даяр...Же Атакенин дилин түшүнбөй жатты бекен каапырлар!


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Disappear   07 Март 2016 - 02:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ЖУСУП АДИЛЕТ
Ошол 1785-жылдын бугу айынын аяк чени. Он эки канат ак өргөнүн ичи толтура, төрдүн как ортосунда — Атаке баатыр. Отургандар жалан гана баатырдын кара көздөй адамдары: өз уулдарынан Таштанбек менен Карабек жакындан бери атасынын үстүнө тартынбай кире беришчү болгон. Мындай жыйындардан иниси Сатыбалдынын жалгыз уулу Жообасар да калбайт. Уруу аксакалдарынын катарында Абдракман соодагер жана Атаке баатырдын асыранды уулуШергазы, Булардан бөлөк эртели кеч Атакенин жанынан такыр чыкпай турган бирөө бар. Ал баатырдан жашы алдаканча улуу — Берик жайчы. Бетинде каны сөөлү жок Берикти Атаке олуя деп эркелетет. Бериктин кыдырбаган эли,көрбөгөн жери калбай, курандын аяттарын шатырата жатка айткан анын билбетен жомогу, жорубаган түшү жоктур. Адам ооруп, мал ылаңдаса да Берикке келишет. Бир эле көргөн адамынын ким экендигин Берик олуя дароо тааныйт. Ал карабаскан аялды төрөтөт, чекирттёген балдардын тумоосун алып таштайт. Алла тааланын күнүн каалаган кезде жаадырып, кайрадан ачып коюу анын колунда. Жылдын, жылдыздын тогошконуна чейин жатка билип, эл журттун тагдырын канча жыл мурдагысына чейин алдын ала айтып тыштайт. Анын көрүп билбегени жокко эсе. Атаке — баатыр айткандай ал — нагыз олуя. Баатырды караан тутуп келгенине көп жыл болгон, ошондон бери эч жакка чыкпайт,эл аралабайт. Атакесиз бөтөн бирөөнүн үйүнө баш бакпайт ушу тапта. Атакенин ишенгени, кеңешчиси — жалгыз Берик. Рас, анын үйбүлөсү жок, жалгыз бой жан сактайт. Алтүндө да өзүнө көтөрүп берген боз үйүнө барып жатпай, көбүнчөАтаке — баатыр менен сүйлөшүп отурган боюнча анын үстүндө түнөп кала берет. Атакенин оң жагындагы орун дайыма Берик олуяныкы. Олуяга тил кайрып, акарат кылган адамды учуратпайсың. Чындай келгенде Атакеден башканын баары Бериктен чоочуйт, ал тургай коркушат. Ызаат үчүндүр бирөөнүн качан өлөрүн айтпаганы менен ал өз өлөр күнүнө чейин жазбай билет. Анын элжурту кайда, жери кайда экени эч жанга белгисиз. Жарык дүйнөгө бир келген бул тили кыргыз, дини мусулман, өзүнчө бир жаралган кайып жандын качан сүйлөп, качан токтоорун көпчүлүк капарына албайт. Бирок ал көбүнчө сүйлөбөй деле отура берет. Канча күн кечке унчукпаса да кебелбейт; сөз келсе сүйлөй бергенден тажабайт. Комуздун кулагын бурагандай аны сүйлөтүп же токтотуп коюунун ачкычы да Атаке баатырдын өз колунда... Коломтодогу оттун кызыл тили түндүктү көздөй атылып, түндүктөн ылдый жылдыз жаап, түн бир оокум. Коломтодогу чатырап күйгөн жалындан улам боз үйдүн ичи жарык, отургандардын жүздөрү да кызгылт тарта мээримдүү кабак бүркөгөн, катуу күлгөн да адам жок. Боз үйдөгүлөрдүн кызыга көз салганы эки мейман. Экөө боз үйдүн эки жак капшытында, экөөнүн тең демейдегидей Атаке баатырга келип кетчү меймандардан эмес экендигин сезген көпчүлүк маани берген түрдө, алдыртан жымыя тиктеп коюшат. Атаке баатырдын өзү үчүн да бүгүнкү меймандардын кадыры аябай зор эле. Бирин көптөн бери күтсө, бирин күтпөгөн болчу. Кокондон, Нарбото бийдин алдынан атайын келген мейман жаадырай күлүп, жагалдана сүйлөп, кала берсе өзүн аябай эле эркин сезүүдө. Аны эч ким тыйбады. Атаке баатыр да унчукпайт. Элеттиктерди анча тоотпой жатабы, айтор, салттан чыгаашыгыраак сүйлөп койдум деп тартынар кейпи жок. Анан калса ал мейман Атаке баатырдын алдына жакшылык кабар менен, так айтканда, аны ордого чакырып келиптир. Элчи Нарбото бий Атаке баатырды өзүнөн алда канча бийик коёрун айтып мактаса деги бир таңдайынан чаң чыгат. Отургандар Нарбото бийдин дилинин тазалыгына маңдайлары жаркый күлүп, чын дилинен кубана баш ийкеп өздөрүнчө шайдоот. Атаке баатыр гана бул мактоо менен иши жоктой тымпыят. Илгери илгери Эрдаана бийдин чакыруусу боюнча Коконго барганы эсинен кантип чыксын. Анда жаш экен, өрт экен. Ордонун так эшик алдына чейин жая салынган байчечекей кооз килемдердин үстүнөн атчан бастырып барып жерге түшкөн Атаке. Баатырдын жигиттери да килемди аттын туягына эздире туруп калышканда, кокондук эшик ачар кейип ийди: «Атаны жапандар — ай, сый билеби булар? Көрчү, килемди булгап» — жемени кулагы чалган Атаке кайрылып туруп айтып тыштаган: «Биздин аттардын туягымындай килемдерди күн сайын тепсейт». Сүйлөсө оозунда сөзү, жүрөгүндө өртү бар жигит алего анда Атаке. Эми ал улгайып дегендей душманын байкатпай акыл менен алабаштаган кези. Коконго дагы эле өз башы керек болуп турганын жакшы билет. Бирок Кокондун колуна азыр түшүп берсе бели сынары, мерт болору бышык. Жеке керт башы мерт болсо мейли дечи, эли ыдырайт анда. Бейкут элди ынтымакка ким чакырат? Ким күйүп, ким ойлойт алардын камын. Бул жолго түшсөң — кара ажыдаар сорот; — тиги жолго кирсең арыстан чайнайт — деп ким айтат кеңешти аларга. Болбосо Нарбото бий аны сагьшып туруптурбу? Кандын жытын искеген, обору ачылган көк жал карышкырдай бүйрү кысып турбайбы. КанТоонун ичи анын азуусуна илинбей жатат азырынча. Атакени белинен чапса,калган эл кайда качмак? «Нарбото, Нарбото, амалыңды билбейт деп ойлобо. Биз дагы көргөнбүз далай жортуп. Биз дагы бөрүбүз. Азуу тишибиз мокосо да, акылыбыз мююой элек. Мына бул түктүү баштын алдындагы мээ чирий элек. Көз каныгып, акыл курчуду» — дегендей, Атаке дагы эле тунжурап отурганда кокондук элчи алып келген бегликтерин орточо чачып, Атаке баатырдын айдалысына алтындап тигилген кымкап чапан жапты да, коломтонун четине өлүк дүнүйө додолоно, отургандар дүргүп, туш келди кобураша бергенде, баатыр ооз учун кыбыраткандай акырын ныкыды:— Кокондун каны Нарбото шердин казынасы жакырлана баштаганбы? Антпегенде тууганына бир миздүү жарак жиберет эле го...— Баатыр, адатта досуна, жакшы көргөн адамына миздүү буюм тартуулабайт. .. Бегликке алтын күмүш ала келдик. Көзуялткан — каукар ташы дагы бар... — Анда биз салт билбейт экенбиз да...— Атакенин каны ичине тарта ызырынды. — Досу дос көргөн адамына кылыч тартуулабайт, бычак да бербейт. Мылтыктын анты бар. Алберген кишисинин кайра өзүнө атылат. Андай экен Нарбото бий билбейби! Тууганынын башын алам деп аптада бирден жоо жалаңдап келип жатат. Биз башыбызды кантип коргойлук? Эки колубуз менен жаап коюп бүжүрөп отура береликпи, ыя! Жалгыз бакан менен куу союл жарак болбой калыптыр азыр. Билип койсун Нарбото — бий. Биз дагы найза жасап, кылыч ийгенди үйрөндүк. Өз колунда кылыч жаркылдап, кыргыздын колунда комуз гана шаңкылдап турса деп ойлойт го бий... Майлуу эт жегенди жакшы көргөн кыргыз— жаа тартып, кылыч шилтегенди алда качан үйрөнгөн. Атакенин каарынан сүрдөгөн элчи бүжүрөдү:— Баатыр, кыргыздын көк жал жигиттери кылыч тута билерин сезбесе, Нарбото сиздин амириңизге муктаж болот беле? Сиз тоотпой койгондуктан Бий өзү кол сунуп жатат го... Алды жагында кыргыз тоосу, кыргыздай коргон турганда кокондуктар чидерленген төө. Оо, баатыр, өзүңүзгө теңир кубат берсин. Журтуңуздун коломтосунан ылайым кут кетпесин. Касиеттүү Нарбото бий ошон учун сизди ортого келип сый көрүп кетсин деп зарыгып күтүүдө. Бийдин шагын сындырбан барып бериңиз. Оо, касиеттүү, Баатыр!...Ырдаганы же ыйлаганы билинбей кокондуктун үнү өтө мээримдүү, өтө жумшак. Атаке баатырдын каары кайта түштү:— ээ ушу бечарада не айып — дегендей аны курулай жекиргенден пайда чыкпасын сездиби, ал экинчи мейманына назар салды. Анысы өтө . жүдөгөн, көкала сакал кыргыз эле. Жол жүрүп, аябай чарчаган го — өңү керсары. Кашкар тараптан келген ал мейманды сүрөбөсө сүйлөй турган жөнү жоктой, Атаке — баатыр кыйытты.— Өтөмбай, бир боорум. Билем; сенин Кашкардан жүктөнө келген дүнүйөмүлкүң жок. Кара жаныңды сүйрөп араң келдиң. Көзүңдү көргөнүбузгө сүйүнүп.отурабыз. Акыбал кандай,эл журт аманбы? Кеп сала отур...


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Disappear   07 Март 2016 - 02:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Мейман ордунан козголгон болуп башын көтөрду:— Баатыр, алдыңа кур кол кантип келейин. Сагынган тууганыма, журт туткасы Атаке — баатырга ала келген белегим бар...— Ал жан жагынан бирдеке издегендей козголо берди эле, отургандар бул бечара кандай белек алып келди экен деген кыязда кызыга түшкөн болчу. Ал керегенин түбүнөн чыканактай кичине комуз сууруп чыкты да, Атакени түз карай, дагы эле үн катпадьг.— Кутманым, өзүңдү сагындык, өзүңдөн да күүңдү сагындык. Кулактын кумары бир кансын, кана черте бер —деп, жонундагы элчи жапкан чапанын силкип тыштаганда. Атакени туурап отургандар да жандана түштү. Өтөмбай кичинекей кыпкызыл өрүк комуздун кулагын толгоп эч шашпай үй ичи жымжырт, кадырлуу мейман келгенде гана жагылчу коломтодогу куу арча отун чартчурт эте, от улуу күйуп, арча жытына, ачкыл менен ыш аралашкан эзелки тоолуктун, тондун жытына көңүл жибип, көздөрү бадырая эч нерседен капарсыз, ары баёо, карапайым, бирок даанышман адамкерчиликтуү, кези келсе колуна тийгенди тирүүлөй мууздоого даяр, мына бул бейкам көрүнгөнсүгөн адамдар көзгө илинбеген үч кылдын сыйкырына заматта байлана түшүшкөн болчу. Илгертеден келаткан көчмөндөрдүн салтыдыр, үзөнгүгө бутту салып мингенде эле атты чаппаган сыяктуу комузчу колду солгун тыштап, күү адегенде жай башталды, анан улам кызый күүлөнүп, кайра жайлай түшсө, бирде шатыраган шаттык муң менен алмаша шаңкылдай, кээде басаңдай, керемет күү көпкө токтобой ага берди. Бир көргөн көзгө карапайым, өтө эле маңыроо, ары момун көрүнгөнсүгөн элеттиктердин — өзү сыяктуу жупуну комузу менен атам замандан бери жандили бир го.Түшүнгөндөр үчүн кыргыз менен комуз эгиз. Кыргыз ага бүтүндөй көөнүн, дилин берип эне атасындай кастарлап, кыйышпас жакын тууганы же жүрөктөшү сыяктуу аны менен эзилише сүйлөшө алса, деги андан тышкары кызылтил менен жеткире албагандын баарын комуз гана айта алат го чиркин. Комуз жаратылышта болгондун баарын күүгө салат, туурайт, алсак, ал куштун сайраганынан тартып, суунун шары, шамалдын жүргөнү менен иттин үргөнү, мейли бүтүндөй жанжаныбарлардын кыймыл аракети, туюу сезимине чейин, ал тургай тунган тынчтык, жаркырап тийгенай менен ңурун төккөн күн, ал гана тургай ачылган гүлдүн ажайып кооздугуна чейин сүйлөп, шаңшып берүү комуздун гана кудретине сыя алат. Айта берсе комуз дилдеги чор болуп катып калган сырсыпатты да эритип, жан дүйнөңдү жыргатып,сени бирде шердентсе, бирде көшүлтүп, бошотуп, кайра чыңалтып: күлдүрө, ыйлата, айтор, миң бир сезиминде ойной беретко жарыктык десе. Чертилген комуз баятан бери эч тынбай Атаке — баатыр баш болуп тыңшап отургандар караманча эле анын сыйкырында, арбоосунда калганда Өтөмбай кайрадан бир жаңы күүнү чертип кирип, аягына чыкканча Атаке — баатыр комузчуну жумшак гана тыйды:— Кутманым, бир ав аярлачы. Түшүнүп турам, ала келген бегилигин күүнүн залкарынан тура. Мында күүнү мурда кыргыз баласы черте элек болчу. Ээси ким бул сыйкырдын? Отургандар дуулдай түштү:— Капрай, ким чыгарды экен мындай күүнү, ыя? Өтөмбай тартынгандай үн катты:— Баатыр, Кашкарды кыдырып, Бээжиндин чебине жетип токтодум. Чөлдө түнөп карышкырга жем болбой, чаянга чактырбай аман калдым. Индустанды аралап уйга сыйынып, маймылды кудай туткандарды көрдүм. Ыйык кожолордун этегине сыйынып ак урган бакшы, бу дүйнөнүн күйөнүн аша кечкен дербиштерди ээрчидим. Кайда барып, кайда түнөббйүн ыйык куранды койнума ката жүрүп, курандын тили кудайдын тили экенм не көзүм жетти. Актык, тазалык куранда гана. Ошентип, чөл кезип, бел ашып, суу кечип жүрүп үйрөнгөн күүмдүн сырын айткандан тартынып турам, баатыр. Өтөмбайды андан ары сүйлөтпөй Атаке — баатыр озунуп койду: бейпилдик менен бейиштин рахатынан кабар ала тына түштүм. Акка мойнумду сунуп, көшүп, жашып баратканымда, жүрөктү түшүргөн тополоңдон кабар берди күүң. Ошол мени эсиме келтирип, далай капилет коогалаңды баштан өткөргөн курган жаным кылыч алып• ордумдан тура калайын дегенче, кайра эле жаннаттын бейпил үнү көңүлүмдү куш уйкудай алаксытты. Жоо шудум,термелдим, жаным жай ала бергенде, эмнеси болсо да өзүбүз эптеп күн көргөн бээжай турмуштун кабарына урундум. Анан зарурет болуп муңканган, арзууга канбаган бейбак аял самаганына жетпей калдыбы? Армандуу үн алыста калып, нур жүздүү жигит туткунга кетти окшойт. Калп айтпасам зордук менен зомбулук кармашты да, актык менен акыйкаттык жапа тартты. Кыскасы, кутманым, сенин черткениңден жанга баткан таймашууну сездим. Рас,таймашуу болгон жерде, өмүр өлүм бет келишкенде —бирине шайтан аралашса, биринде периште жардамга келет. Иши кылып, күүнүн кай бир жеринен жүзү кара шайтандын элесин көрдүм. Бул кандай күү? Кандай төлгө айттың бизге,адис тууганым. — Жардана карап отургандар бүт бойдон комузчудан жооп күтө, коломтодогу от ан сайын алоолоно күйүп, боз үйдүн ичи жымжырт боло түшкөндө Атакени тиктей муңканып алды:— Оо, баатыр, качан да болсо адамдын сырын айттырбай жоруган акылмандыгыңа таңгалам. Баамчыл, даанышман Атаке баатырдын алдында комуз да дилин жашыра албайт. Мен айтпасам да комуздун күүсүн өзүң чечмелеп салдың. Өзүң баамдагандай күүдө «Жусуп менен Зулайканын» тарыхы айтылат. Курандын он экинчй сүрөөсүндөгү ак ниет, адилет Жусуптун баштан кечирген жоругун билбеген мусулман жоктур... Ушу жерден элчи чыдабай кетти: — Ээй, бейбаш, сен ыйык куранды кор тутуп, наадандык кылба. Комузга кошчу эрмегиң түгөнүп калдыбы? Баатыр, мына бул күнөкөр пенде сүйлөбөсүн башка. Кебелбеген Атаке — баатыр:— И, олуям, сен кандай дейсиң? — деп, Берикти карай күңгүрөндү. Өтөмбай чекилик кылдыбы, ыя! Анда эле күү уккан биз дагы күнөөгө баттыкко...— Баатыр! — деди, Абдрахман көпөс.— Баатыр! — деди, Өтөмбай. Бул экөө тең сөздүн кунун билген, куранды шатырата жатка айткан окумал адамдардан. Ошондой болсо да Атаке баатыр ал экөөнү кол жаңсап токтотту да:— Олуя айтсын,— деп, анан ал үргүлөгөн ынагына карапбаш ийкеди. — Билесиңер, Берик олуя эч кимдин алдында тайсалдап көрө элек. Ал болгонун болгондой гана деп тыштайт. Берик олуя көп маалкатпады: — Курандын тили, кудайдын тили. Аны танган ким? — деп баштады ал. — Куранды кимде ким канчалык окуп, жатка айтса, көпкөп кайталаса, ошончолук ал күчүнө кирет, жаңырат. Акыр заман келгенче, мусулман тукуму жан сактап турганчакта ыйык куран көөнөрбөй, ал мусулман баласын ак жолдон азгыргандарды жазалап, кимди да болсо тазалыкка, адалдыкка үндөй берер. Адамзаттын утурумдук турмушунда кез келе берчү жаңылыштык жана ыпластыкка чейин куранда алдын ала жазылып калган. Күнөөдөн арылуунун ак жолу да курандын өзүндө. Күнөөгө кабылуу бардык эле адам үчүн парз болсо, кетирген күнөөсүн туя билип, Алладан кечирим тилөө да парз. Алладан өткөн адилет ким? Баарын билип, көрүп,туюп турган чюң кудай алдында жаамыбыз бирдей пендебиз. Куранда айтылгандай: Зулайка катын өзү асырап алган уулу Жусупка көңүлү түшүп, аны жолдон чыгарам десе, ага Зулайка катын күнөөлүү эместир, бурадарларым. Кара шайтан азгырып, катын ыплас жорукка жетелегенде Жусуп туткан ак жол гана аны чоң күнөөдөн сактап калды го. Билгенге ошондо эле баарын тең кудайдын керемети туйган болчу. Ыйык куранды күүгө кошуп, калайыктын көөнүн тазарткысы келген Өтөмбай такыбада не айып? Жусуп, Зулайканын тарыхы илгертеден эле эл оозунда айтылып келаткан тамсил. Ошону билбегендер да барбы?... Бул ыйык сүрөөнүн аятын күүгө салып черт, жаки болбосо курандын ыйык тилиндегидей дуба оку, келме келтир, андан куран бузулбайт. Ошол кезде Атаке — баатыр:— Олуям, мааниңе ынандык — деп, кубаттап жиберди эле, кабагы түнөргөн кокондук өйдө карай албай, мөөрөйү колуна тийген Өтөмбай менен кошо отургандар да жандана түштү.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Disappear   07 Март 2016 - 02:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Үркөр төбөдөн ооп, жылдыз бажырайган, жылдыз толгон асман чалкый, алыстан үйүрүн коруган айгыр кишенеп, көчмөндөрдүн дагы бир түнү билинбей бейкут өтүп жатты. Чаралар толо титиреген майлуу эт али алдыга келе элек. Үркөр төбөдөн алда качан оосо да, эч ким үргүлөп көшүлбөй боз үйдөгүлөрдүн баары тең сергек, ал тургай сырттагы шырт эткен добушка чейин туюп, ары сагызгандай сак, коломтодо чартылдап алоолоно күйгөн түбөлүктүү кызыл оттон үмүт тилегендей, узун сөздүн аягына чыгам деп ойлобогон мына бул отурган жай адамдар кантсе да эч нерседен таптакыр эле капарсыздай. А бирок, ушу тапта Атаке — баатырдын көңүлүнүн тереңинде зор максат бышып, демейдегидей көрүнгөн бул кадыр түндүн арты мерчемдүү улуу сапар менен бүтөрү кимдин оюна келдидейсиң анда... Меймандар алда качан тарап, чыгыштан көк шоола сызыла таң атып келатса да, Атаке баатыр жаздыкка башын койбой, мурдагысынча эле урунган мандашын жазбастан соксоюп, төрдө отурган анын эки жагындагы Берик олуя менен кашкардан келген Өтөмбай комузчунун сүйлөп берип жаткан сөздөрү өтө эле акырын чыга, сыртта, тээ боз үй желкесинде таң каракчысына окшогон жалгыз караан Таштанбек теребелди акмалай карап коюп, үй ичиндегилерди бөтөн көздөн коруган түрү бар. Мына ушул курулай сактануунун өзү эле Атаке баатыр жанындагы ынактары менен демейдегидей бейкапар аңгеме куруп отурбаганынан кабар бермек... Коломтодогу көгүш тарта кутка окшоп жанган көк жалын боз үй ичин чала жарык кыла, арбашып жаткансып мына ошол көк жалын чачкан кызыл чоктон көзүн албаган Атаке —баатырды мээримдүү тиктеген Өтөмбай:— Кумурскадай көп кытайдын улуу эгеси урматтуу Богдыхандын такка отурганына мына быйыл тогуздун айы ченде туура элүү жыл толот — деп, айтып келатканда Атаке баатыр сурап койду:— Касиегтүу падыша нече жашка чыгыптыр?— Он үчүндө такка отурган дешет.— Анда эле экөөбүз жашташ турбайбызбы. .. Муну акылдуу Атаке сыпайкерчилик менен айтса да Өтөмбай өзүнчө түшүнүп, сөз учугун андан ары улады.— Рас эле, пайгамбар жашына келип, акыл толуп турганчагы азыр Богдыхандын. — Акылдуу гана эмей, өтө эле кыраакы го чиркин Богдыхан— деп, кубаттады Атаке баатыр. Кайрадан кобураган Өтөмбайдын үнү баштагысындай эле кыраттуу.— Баатыр, айтканыңда калет жок. Акыл — айла жана. да бир чети кылычтын мизи менен өз өлкөсүнүн чегин арттыра, атакдаңкы көтөрүлүп турганына карабастан бөтөн элге кыр көрсөтүп, душман болуу быякта турсун, дагы эле болсо дос алгысы келет ал...— Богдыхан аты туруп, доско муктаж бекен?— Ананчы, болгондо да өзүңө окшош карапайым баатырлар менен достошсом — деп эңсейт ал. Атаке акырын жөтөлдү: — Чокусу көк челген улуу тоого, токол адырдын кереги канча?— Баатыр — деди, Өтөмбай кытмыр үн менен.— Чокусу көк челген аскар тоонун сүйөнгөнү боз адыр. Адырлар болбосо тоо жайдан бийик көрүнөт.Атлке ойлоно түшүп кошумчалады: ,— Ал айтканың жөндүү дечи.— Эсиңе тутуп кой, баатыр — деди Өтөмбай. —МанжурЧин өлкөсүнүн улуу эгеси Богдыхан он үч жашында такка отурган. Эсептей келгенде, быйыл ал туура элүү жыл падышалык кылыптыр. Жарым кылым алтын тактан түшпөй эл башкарат дегең оңой бекен? Акылман падыша өзүңдү күтүнүп жатат, аябай даярдык көрүүдө. Ата мурсына эге болгонго элүү жыл толду — деп, чоң той бермекчи. Тойго өзүңдөй кара башыл баатырлар көп чакырылмакчы. Өзүңө кабар бергени дүнүйө мүлк артынган кербен жакында жолго чыкты...— Ошондойбу? — деди, Атаке камырабастан. — Ооба, баатыр! Эми Берик олуя кепке аралашты:— Цин падышачылыгы кытай өлкөсүн качантан бери башкарып келишет?— Оо, бир жарым кылымга жакындагандыр — деп, Өтөмбай ойлоно түштү да, кайрадан жообун бышыктады. —Санжыра боюнча МанжурЧиндер 1022-жылы такка келишип, Бээжин кайрадан ордого айланган.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Disappear   07 Март 2016 - 02:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ошо кезде эшик шарт ачылып, капкара мурутчан чымыр жигит баш бакты. Атаке камырабай бащ ийкеди:— Кире бер. Жигит Атакеге жакын келип отурса да тымый түштү. Көздөрү күйүп, өрттөй жанган жигиттин кантсе да алданемеден сактанган түрүн байкаган Атаке ооз учун кыбыратты:— Сүйлөй бер, боорум — Аваак досуңуздан дубай салам ала келдим, баатыр.— Ат көлүгү аман эсен жүрөбү? Саксаламатпы? — Досуңуз ушу кезде Нарбото бийдин көздөй ынагы.— Кабарым бар. Аваактын кеменгерлигин илгертен билем.— Билгизип кой деген салам дубайын угарсыз...— Кулак сенде. Жигит токтой калды.— Тартынба! — деди, Атаке.— Аваак досуңуз, сизди ордого келбесин деп суранды.— Аваак айтса алдабайт. — Кабак түйгөн Атаке комдонуп койду да: — Анан? — деди, бир туруп кекеткендей. — Аваак келбесин деп жатса, түшүнүктүү да, баа тыр...— Аваак айтса алдабайт — деп күңгүрөндү Атаке,— Ачык айтып ак сүйлө.— Нарбото бийдин пейли ак эмес сизге.— Эмне билгени бар?— Мерт кылып тыштайт.— Ордого жигит кезимде далай бардым. Анда эмне катылбады... — Анда катылбаса, эми катылмакчы, баатыр.— Ошончолук эле Нарбото бийдин жолуна кандайча бөгөт болдум экен?— Ал чындык баатыр...— Мейманга чакырып алып өзү катылса, артымда калын эл турат. Ошону билбейби Нарбото бий...— Жигиттен сөз чыксын дегендей маңыроо суроо салды Атаке.— Билгендиктен сизди мерт кылмакчы.— Кандайча?— Элди башсыз калтырмак! Бир күнү эле эртең менен төшөктөн тура албай каласыз.— А, а — деди, Атаке баатыр чоочугандай. Өлүм биринчи жолу эсине келди көрүнөт. — Уу берет дечи!— Андай болушу да мүмкүн, баатыр. — Андай эле Нарботонун чекесине чыккан чыйкан болгон турбайынбы! — Чыйкан эмессиз, баатыр. Сиз улуу тоонун койнуна Нарбото бийди киргизбеген — Арыстансыз. — Арыстандын башы кетсе эле, башка эл күчүк болуп калабы?— Журт ээси кетсе, эл башсыз калат. Ошон үчүн келбесиң— дедиАваак досуңуз.— Улант...— Сизди жутканда эле кокондуктарга чкудай бергени.— Ошондой дечи?— Анда эле элжуртка ким тээк болот. Нарбото бий калган журт аксакалдарын алдайт, арбайт. Анан тез эле улуу тоонун койнундагы кыргыздар кокондуктардын кулу болот. —Аваак досуңуз ушинтип ойлойт, баатыр.— Кажылдаган көп калмакты кууп чыктык. Эми минтип эркин жашайлык, эл катары жашайлык десек гынч койбойт экен да. — Атаке чындап кейиди.— Нарбото бий көздөгөнүнөн баш тартпайт, баатыр.— Асылган оору акыры алмайынча койбойт — деп кыргыз бекеринен айтпайт. Билем, Нарботонун илгертецен көксөгөнү биз. КанТоонун ичин биротоло өзүнө каратып, беклер беги, — кандардын каны — Гурхан болом деп эңсейт Нарбото. Көрө жатарбыз — деп тобокел салган Атаке жигитти тиктеди. — Азаматым, Таажыбай досума айта бар. Тукум уругу өсүп, теңирим ылайым кырсыкка учуратпасын деп бата кылды. — Баятан бери айтылып жаткан каймана ат кыргыздын ичкилик уруусу Аваактардын бийи, Алтынбешик тоосун жайлап, ордо кызалатына чакырылган Таажыбай экенин отургантар мурда эле баамдашкан болчу. Жигит чыгып кеткенден кийин:— Кутманым, Бээжинге чакырган Богдыхан да ордого жеткирбей эле мага уу берип өлтүрөбү? — деп, Атаке баатыр Өтөмбайды карап какшыктады. Өтөмбай шашып кетти: — Баатыр, кытай падышасы азырынча андай жорукка барбайт.— Кутманым, качантан бери Богдыхан пайгамбардын кейпин кийип калды экен?— Богдыхан билгенге Нарбото эмес, баатыр.— Анда ким?— Ал деген чоң өлкөнүн эгеси, Көкө Теңирдин амиринен жаралган — падыша.— Аны билебиз дечи...— Рас, ал назилинде сагызгандан сак, түлкүдөн өткөн куу. Бирок Нарбото бийче кыянатчылыкка бара койбойт.— Угуп жатам, кутманым.— Демек, Богдыхандын сыйыңа сый көрсөтүү сиз үчүн парз.— Анда эле Бээжинге жөнөшүм керекпи?— Баатыр, баруу же барбоо өз эркиң...— Кандайча түшүнсөк?— Барган кундө ал өзүңө кол салдырбайт, мерт кылбайт.— Ии?— Барбасаңыз жайыңа койбойт...— Кызык экен!— Сиздин керт башка абдан муктаж ал ушу тапта,— Койчу ары?— Сизди падышача жакшылап күтөт. Акындары ысмыңды ырга кошот. Үлбүрөгөн сулуу кыздар алдыңдан бийлеп өтөт. Жатканың ак сарай, олпок төшөк, энеси өппөгөн жыпар жыт кыздар койнуңдан үзүлбөйт, жеке керт башың быякта турсун, коштоп барган адамдарың, ат кошкон жигитиңе дейре сыйга туйтунат. Жоодураган жумшак күлкүнү ошо жерден көрөсүң. Бейиштегидей не бир сый.— үлпөт Бээжинде. Ааламга таанымал падышанын жанында отурсаң кайсы арман. Мындай сыйды көрбөгөн жанжөкөрлөрүң менен жигиттерин Богдыханды мактабаганда кимди мактайт. Сыйга,жоомарттыкка карк болгон алар көшүлүп, магдырап отуруп берет... — Ошентип билгизбей кебез менен мууздайт дечи Богдыхан. — Атаке кымтыр күлдү.— Апбали, мына эмесе, төбөсүнөн түштүң. — Өтөмбай сүйүнүп кетти.— Улант — деди Атаке.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Disappear   07 Март 2016 - 23:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Душман көргөнүнө ылайым кечирим бербей, мыкаачылык, таш боордук жагынан да Чнндердин ноёндоруна эч ким тең келген эмес. Сулуулукту, кооздукту канчалык баалай билишсе, салаасынан кан шоргологон мыкаачылык да аларга таандык. Тоту куш, сулуу аял заты, кооз гүл, көккө атылган сууну көрүп кадимкидей көздөрү кылгыра жашыйт. Ошол эле жерде душманынын жүрөгүн тирүүлөй сууруп, салаасынан кан шорголоп жатса кабагын жыйрыбайт алар... ". Атаке кубаттады:— Кабарыбыз бар, кутманым.— Билсеңиз баатыр — деп Өтөмбай аңгемесин улады.—Илгери биздин атабабалар Манас айкөл баштап Бээжинди чаап киргенде Чин падышасы кантип каршылык көрсөткөнүн билесиңби?— Айта бер — деди, Атаке.— Айтса эле ушул. Каптап келгендерге күчү жетпесин билген падыша каршылык кылбай, алдынан тосуп чыгып урматсыйга бөлөй, жылуү сүйлөп, жоодурай күлө жоокерлердин ар бирине ай чырайлуу кызды катындыкка кыйган. Кэп күмдүк жортуулда чаалыккан жүдөгөн жоокерлер заматта дүнүйө мүлккө карк боло сулуу катьндын назына магдырашып, көп узабай эле өзүнүн жоокердик кудретин жоготушкан. Анан бир эки жылча туруп, балалуу болуп дегендей өз элин, тилин унута, дилин Чиндерге беришип, биротоло кала беришчү экен. Ошентип кайран эрлер, мыкты жигиттер кумга сиңген сууча жок болгон. Чиндер көп эл. Алар бөтөн элди женүүнүн нечен бир айлаамалын билишет. Богдыханга азыр сиздин керт баштын кереги канча, баатыр. Ага көк кашка сууга мол, байлыгы ташыган Ала-Тоо керек... Асыл жер, касиеттүү кыргыз жери керек. Элдин тагдыры, баатырдын башы менен кайдан иши болмок эле алардын.Атаке айласы кете туталанды:— Анда эле канттик? Сол жагыбыздан кокондуктар тооруса, он капталдан Богдыхан оп тартат. Жутсам деп оборун агыткан эки ажыдаардын кайсынысынын оозуна барып кептелет байкуш кыргыз. Тынч жашай албайт турбайбызбы. Эркиндик жок экен да бизге...Өтөмбай кеңеш айтты:— Баатырдын күчү билегинде эмес, анын акылында. Өзүң тап айланы, баатыр. Калың журтту сактап ал. Элдин тагдыры эми өз мойнуңа жүктөлдү го дейм сыйкы. Богдыхандын мээримине алданбасаң акыры алар кылычка алат. Кокондуктардын колу улуу тоонун койнуна бир кирсе, ач бөрүчө кайран элдин тымтыракайын чыгарат да...— Кутманым, тушүнүп турам — деди, Атаке — баатыр айласы кеткендей. Ушу кезде көк шоола суюлуп, сыртта таң агарып келаткан эле. Коломтодогу жалын үйичине анча жарык бербей туш тараптан тынбай бөдөнөлөр бытпылдыктап жаткан болчу. Он эки канат боз үйдүн ичиндеги үчөө ошол отурган жерлеринде бүкүлүүбүкүлүү бойдон кыйшая кетишти. Көк шүүдүрүм тулаңда тонго оронгон Таштанбек мырза да тырп этпейт.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Disappear   07 Март 2016 - 23:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бугу айынын капортосу экендигине карабай күн аябагандай ысык. Асманда кылайган булут көрүнбөй чар тарап мемиреп,мелтиреп, көк менен айкалышкандай төш тарабынын баары көпкөк, сайраган торгой, самсып учкан кызылтазыл көпөлөктөр. Тапталган жана да такай кербен өткөн кан жолду,чоң жолду бейкапар тепсеп бастырып баратышкан кокондук меймандардын жарпы жазыла, кабактары ачык. Жүргүнчүлөр Сары Өзөн Чүйдөгү Солто элинин атактуу баатыры Жайылдын тукумуругу мекендеген жерине жете элек. Жолдун эки жагы бирибирине атаандаша бой тиреп жыш өскөн көк камыш, элчи Сайдулла кербендин башында. Узун жолду кыскарталык дедиби, катар бастырып келатышкан ынагынын бирөө элчиге суроо салды:— Бу кыргыздын бийин мурда көрбөгөндүрсүз азиретим.— Кайдан көрмөк элем. Сайдулла камырабагансыйт. Суроо салган адам көкүттү:— Кандай ойдо келатасыз? Хихи...— Жапандардын кашкамашкасын далай эле көрдүкко. Мындай бучукмучугун мурда көрбөгөм. Сыйына кандык...Жол жүрүп келаткандар Сайдулладан пикир сурашып, Атаке — баатыр жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүшкөндө, камырабаган ал бир тамсилди жөнөттү.— Илгери, илгери — деп баштады Сайдулла. — Улуу тоонун этегине, жүлүндөй булак чыккан сайдын четине чынар теректин жалгыз уругу түшүп калат. Ал акыры келип көктөп жаш чынардын чырпыгына айланган дейт. — Чырпык жетилсе чынар болот — деп айтылган кеп ошондон калгандыр. Жаш чынар өсүп отуруп, өсүп отуруп, акыры көптөгөн жылдар өткөн соң көк челген, менменсинген апапак, ары нечен бир адамдардын кулачы жетпеген жоон чынар терекке айланыптыр. Чынар өскөн жерге, анын өзүнөн бөлөк да көп бадалдарактар өсүп чыгып, түнт токой пайда болгон тура. Токойлуу жерден оргутан суу чыга, баягы жүлүндөй булак бир кулак сууга айланып, токой ичи ар кыл айбанатка, жанжаныбарларга толот. Чынар теректи караан туткан дарактардын ичинде кайың талы, караганшилби, чычырканак менен ит сийгек жана жылгынга окшогон өсүмдүктөр да аябай жыш өсүп чыгат. АлардЫн баары бүтбойдон жалгыз мырза чынарга кошомат айтышып, шамалга ыргала ыр ырдап, аны мактагандай болсо жандары тынышчу эмес экен. Кошомат кимди эрдемсинтпейт, андай мактолорду уккан саиын жалгыз чынардын моокуму канып, канбай дагы эле мактоо уккусу келе берчү. Баса, ошол көп жыл жашап, башынан көптү өткөргөн карт чынар дагы эле болсо, өзүнөн бөлөк чынар туугандарын жанына жолотпой, аларды ар качан өз боюнан оолак тутчу. Өзүм гана жалгыз макталсам, өзүм гана жалгыз болсом деген карт чынарды төштүн боорундагы, суу жетпеген шагылдын арасына чыккан карт арча, миң жыл жашаган жалгыз арча көрүп байкап турду. Жайкы аптапта суу жетпей чаңкаганына чыдап, кышкы ызгаарда бороон улуп, бороон уйпаласа кулап калбай жайыкышы көпкөк бойдон турган жалгыз арча мен менсинген чынар терекке акыл кеңешин айтайын деп батына албайт. Менсинген чынар ага оолактан көз , чаптырып, сырдашууга батынбаган карт арча менен сүйлөшүп кеңеш сураганды оюна да албайт. Чынардын саябанына ар кылкуштар учупкелип бой сергитсе, ары өткөн бери өткөн жолоочулар да анын түбүнө токтобой. өтчү эмес. Ошентип менменсинген, капарсыз турган чынардын түбүндө бир курдай кичинекей түктүү, көрүнүшү өтө эле сүйкүмдүү курт пайда болот. Чынардын көлөкөсүндө сайран курган курт анын боорунда өз эркинче сойлой, акыры анын жалбырактарынын арасына урук тыштай ызгаар киргенде чынардын тамырын оюп кирип кыштан да чыгат. Маанайы сүйкүмдүү куртту карт чынар да жакшы көрүп калса керек. Акыры ушун баарын оолактан байкап турган миң жыл жашаган жалгыз арча чыдабай кетип: — Таксыр кошунам, алдагы куртту бооруңа жолотпо — деп кеңеш айтса, «Теменедей бою бар жылдыз курт мага кандайча зыян кылат эле» — деп, чынар ишенбей коюптур. Анда карт арча: «Ал деген жөнөкөй курт бекен, анынаты — мите» — десе да чынар терек капарына эч нерсе албаптыр: «Теменедей курттан коркуп жан сактабай эле койдум». Акыры теменедей мите курт тамыры аркылуу анын өзөгүнв кирип, менменсинген чынар акырындап саргайып куурап, түбү бошогон аны бир кунү ызгарлуу шамал жыгып таштайт да, булактар соолуп, карт чынардын тегерегиндеги жашыл токой да жоголот. Угуп келаткандар бул тамсилдин маанисин түшүвд бербей тунжурай түшкөндө, кимдир бирөө сурап койду.— Анча болду, бул жомокту өзүң чечмеле, Сайдулла аке! Сайдулла маалкатпады: — Атаке баатырды кубаттуу чынар деп түшүнсөк, жалгыз гана Берик олуяны кошпогондо жапандардын бийи тегерегине бүтүндөй төкөрлөрдү жыйып алганын көрдүңөрго. Деги эле ыйык куранды шылдыңдап күу черткен Өтөмбай селсаягы ким? Арстандай айбаттуу Солтонун бектеринён эч кимисин көрө албадым, жаки болбосо өз кандашы Үчүкөнүн тукумдарын эмне үчүн боюна тартпайт. Жүргөн турганы хандыкына тең келген, кыргызга аттынкашкасындай таащымал Эсенгул мырзаны жолуктура албадык. Деги баатыр сөрөйдүн жанында купулга толуп, озго алынган жан көрүнбөдү. Анжыяндан тентңд барган соодагер экен да Атакенин ишенгени. Нарбото ханды тоотпой алдына келген ырыскыны тебет. Сөөк аңдыган итче тегерегине топтолгон бир ууч төкөрлөр акыры келип, өзөккө кирген мите куртча Атаке кашканын түбүнө жетпесе өлөйүн. Көрөсүңөр бир күнү...


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Disappear   07 Март 2016 - 23:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кимдир бирөө злчиге тил кайрыды:— Кыргыз деген жапайы элдин мыкты кашкаларк менен мал баккан төкөрлөрүнүн арасында көп айырмэ болбойт. Тамакты чогуу отуруп жешип, чогуу жата, чогуу жүрө беришет. Баатырынын кейпин көрдүңөр го төөчү казактан кандай айырмасы бар?— Туура айтасың! — деп, Сайдулла кубаттады. Бу жапайы кыргыздардын макалы бар. Ал мындайча: Бузулган элге —бучуктан Ажо. Элчинин акыркы сөзүнө тегерегиндегилердин баарs кыраанкаткы күлүшүп, көгөрүм сууну кечип өтүшкон кошун— көлөкөсү көйкөлгөн эгиз талдын түбүнө келип түшкөн эле. Жайма жай түштөнүшкөн соң, чарчага« аттардын белин суутуу аракетин кыла бир топко өрүч алды кошун. Ошол эле күнү кечинде Сайдулла элчин сөзүн төкпөй чачпай укканАтаке: — Душманың бөрүбү, сен дагы бөрү бол. Сыйлашканды билген Атаке, сыйрышканды да билет — деп калар сызкүлгөн болду. Айткандай, кошун Сары Өзөн Чүйдүн чегинен чыгып, чөл кесе Ташкенди көздөй бет алып, талаага түнөшкөн кез болчу. Чатырда жаткан Сайдулла эртеси күн чыгып келатканына карабастан төшөктөн турбаганынан улам жигиттёринин бири акырын баш бакса ардактуу элчи козголуп.да койбоду. Жанына келишсе ал ошо көшүлүп уктаган боюнча кете берген экен... Бөтөн бирөөнүн чатырга кирип чыккан изи билинбейт. Элүүдөн ашкан бул эткээл адамдын мүрт кеткенине эч ким таңгалбастан, анын сөөгүн жол боюндагы эски көрүстөндөрдүн бирине жашырган бойдон кошун андан ары сапарын улады...


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 11:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ЖылгынБашыны жарып чыгышкан жоон топ атчан жатакчылардын кичинекей айлы АкБешимди кыйгай, жаңыдан эле капкара шагылдуу тоону көздөй бет алышканда, туура жактан каргылданган, шашкалактаган үн чыкты:— Оо, жайчы! О, о айланайын, олуя! Токтой тур... Топ башындагы Атаке баатырды көзүнө илбей Берик жайчыны чакырган бечараны капарга алышпай жоонтоп дагы эле бастыра бергенде:— Оо, жайчы аке! Оо, Берик олуя, деген муңдуу үн дагы чыкты. Мусапыр үн кулагына шак дей түшкөндө топ башында бастырып бараткан Атакебаатыр тизгин жыйып, баатырга куйрук улаш келатышкан атчандар «Бу ким?» дешкендей өздөрүн көздөй лакылдап чуркап келаткан кишини таңгала карай калышты. Топтун ичиндеги бирөөнүн унү:— Ашым азык экен. Атаны байкуш — ай, карасаң жыпжылаңайлак, буту башын чөңөр тилгенине да кайыл...— Баатырды жолдон калтырып — деп кимдир бирөө ызырынды. Ак дамбалы тизесине чейин түрүлгөн, жүн баскан балтыр эттери көрүнгөнү менен иши жок, ийнине кетменин салаңдата артып алган Ашым жатакчы топко жакындай келгенде, Атакени эми гана тааныгандай: — Салоомалейкум, баатыр! — деп күйүккөн демин басууга аракеттенди. Жайынча алик алган Атаке баатыр мээримдүү сурады:— Ашыке, жоо кууп келаткан жокпу. Эмне мынча шаштың? Лакылдап чуркабасаң деле, кайра келатканда өзүңө жолуга кетмекмин... Баатырдын үнү мээримдүү чыкканы менен Ашым жатакчынын иши жоктой:— Баатыр, менин жумушум Берик олуяда эле. Алыстан караанын көрүп чуркай бериптирмин. — Айта бербейсиңби? — Арт жактан кимдир бирөө кыжырланды. — Күн ысыгы бу апенди, баатырды сапарынан алаксытпа! ..— Шаштырбагыла, жигиттер! Атаке артын карабай күңкүлдөдү. .Ашым жалооруду:— Олуям, жардам кыл! Жайчы аке, жакшылыгыңды аяба... Билесиң, чыпчаң бир айдан бери күн жаай элек. Жерге тоголок тамчы түшпөй, кайрактагы аштыктын баары күйүп кетти. Анан калса быйылкыдай какшыган ысыкты башыма жүн чыкканы көрө элек болчумун. Чегирткелер ызылдайт.Талаада жылан батчу эмес эле, эми баары, төмөнкү сазды көздөй качтьг. Дагы бир жума жаан жаабаса, алааматка туш болобуз. Анан калса быйыл кирген кезде Кегетинин суусу нугун өзгөртүп... Калмак арыктан суу чыкпай, канча күндөн бери элдии баары ошол жакта, арык башында. Сууну бура албай жатышат. Мен гана бүгүн тегирменге алаксып калып калгам. Суу чыккан күндө да кайракка айдалган арпабуудайдан кол жууйбуз. Эгиндер кыл мая, саргарып буттү. Элдин күнү эмне болот? Балабакыра ачтан өлэбү? —Ашым эми Атакени карап жан талпас кылды. — Баатыр,элиң аштыксыз калса, өз башыңа кыйынчылык келер.Жардам кылсын Жайчы аке. Канча жолу түлөө кылдык. Кудайга жалындык, ылаажы болбоду Өгүнү өзүнду издеп баргандар таппай келишкен, баатыр. КөкОйрокко чыгып кетти дешти. Айлабыз куруп бүгүн алдыңа баралык деп жатканбыз, Жайчы аке! Баатыр, дабаа кылсын, элдин убалын ойлосун олуя. Атаке боору ооругандай унчукту:— Азыгым, азыгым! — Сен билгенди мен да билем Бирок силер кабарсыз жаткан соң балкытып, көлкүтүп сугатка киргенго деп ойлоптурмун. Калмак алыштай суу чыкпай калганын мурда эскерткениңде бир айласын таппайт белек. Чын эле силердин аштык күйүп кетсе. баарыбыз куурабадыкпы, азыгым! Анда эле, эл кышыи да ордо атып, бозо ичпей куруду дей бер. Балдардын курсагы чоюлуп, ачтан өлбөйбү! Таруу бозонун сазайын берген мына бул берендер кантет. Олуям,кандай дейсиң?— Биздин колдон келбесе, кудайдын колунан келер.— Берик жайчы төмөн караган түрдө күңгүрөндү. Эми баатыр Ашымды эркелете сүйлөду.— Азыгым, азыгым, сенин аштыгың күйгөндө эле курубадыкпы. Жайчы бар күчүн жумшар, кабатыр болбо. Берик кубаттады.— Жатакчым, убайым жебе! Бир айла табылар... Ак мата көйнөкчөн Ашым:— Касиетүү жайчы, кудай жалгасын. Элиңдин алкышы тийип, өзүң тиги дүйнедө бейишке чык — деп, олуянын этегинен өптү. Жай бастырып келаткан топ атчан тегирмендин жанына келип калышканда Ашым карбаластады: — Баатыр, наар ооз тийип кетсеңер болбойт беле. Каап...— Калп сыпайкерчиликтин кереги эмне? — деди жигитбашы Орозбай. Калтырба баатырды жолдон, сөз бутпөдүбү. Орозбай Атакенин ишеничтүү адамынын бири. Ошондуктан ал баятан бери баатырга батына түшкөн жатакчыга жини келди.— Орозбай, кур бекер салтты бузбайлык. Үйдүн жанынан өтүп баратып, баатыр кур ооз кайтабы! Сүт эмген күрпөн улагым турат... Атаке сыпайкерчилик кылбады:— Тегирмениңде эмне бар? Ашым кайсалактады: — Баатыр, тегирмендин ташын чегип жаткам. Атакебаатыр кебелбеди:— Талканмалкан да жокпу?— Кебеги арсайган арпа талкан тургандыр, баатыр. Айбыккан Ашымды көкүткөндөй: — Жанякка суудан куюп, арпа талкандан чалып чык— деди Атаке. Буйрукту алеки заматта аткарды Ашым. Талкан чалынуу мелткалт кара аякты:— Бисмилда! — деп тартып жиберген сон: — Булар ичпейт, манаптарга даба жок да — деп какшыктаган Атакебастыра берди. Раазы болгон Ашым жатакчы топ атчандан көзүн албай карап калган эле. Ушу кезде Атаке — баатыр капыстан тизгин жыйып, артына кылчая бергенде Ашым дагы элеандан көзүн албай туруптур. Баатыр ошол калыбында маныроо жатакчыны «бери бас» дегендей ишаарат кылды. Эчнерсе түшүнбөгөн Ашым козголгоң жок. Локуйган жатакчыны көздөй чаап бараткан Орозбай «Илгери бас, келбери» — деп, улам кыйкырып коёт, Эми гана өзүн күтүп жатканын түшүнгөн Ашым жан алы калбай чуркап келгенде, Атаке — баатыр жашыруун сыр айтчудан бетер эңкее берип анын кулагына шыбырады.— Азыраак сулуу тап, азыгым. Баатырдын колу жонуна тийгенде өзүнчө эргий калтыраган жатакчы шашып калды:— Сулуу курусун, баатыр. Керек болсо кыпкызыл Ьуудай табабыз.— Буудайды кой, мага сулуу керек деп жатам.— Сулуунун жарасы жеңил дечи, баатыр. Андан көрө жаңы түшүмгө күт. Эски сулууну өзүңө ыраа көрбөйм. Атаке кебелген жок:— Жаңы түшүмгө чейин күтө албайм, азыгым.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 11:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Баатыр, азыр үлүк таптап, күлүк чапчуу мезгилби? Өзүнчө бүшүркөдү Ашым. — Жаңы түшүмгө деле аз калды. Кудаа кааласа, бир айга жетпей сулууга орок түшөт. Баатыр тамашалагандай күлдү:— Сулуу мага азыр керек, бадырак кылып жейм.— Бадыракка жарабайт да ал, баатыр. Ашымдын аңкоолугуна кейигендей Атаке катуураак сүйлөдү:— Бадыракка жарайбы же жокпу, аны мага кой. Бар .болсо камда, момунум. ;— Камдайм, кантип камдабайын — деп, Ашым карбаластады. Ошондо атын темине берген Атаке баатыр жатакчысын эркелетип жойду акырын.— Азыгым, азыгым! Кудай бар, Берик олуя турган да аштыгың күйбөйт. Бүгүн эле күн жаадырат жайчы. Оозун ачкан Ашым баатырдын мактоосуна ого бетер семирип, атчандардан көзүн албай сыйынып жаткан адамча кыймылсыз. Баатырдын жатакчы Ашым менен сүйлөшкөн сөзүн кулагы чалган сүрмө топ жигитте жайлоо бышып, от жетилип калган чакта, баатырга сулуунун кандайча кереги бар экенин түшүнүшпөй өздорүнчө аңтаң. Атчандар Жылгын- Башыны жарып өткөн кан жолдун четиндеги он чактыдай жалпак тамдуу кыйыр тоого жакындашты. Ошол токол тамдуу туракты эл-журт көптөн бери «Токмок кыштак» — деп, атай башташкан. Кан жолдун как четиндеги карааны анча чоң эмес Токмокту — Атакенин санаалашы Абдракман Кучүк уулу мекендейт. Абдракмандын илгертеден күткөн кесиби —соодагерчилик. Ал кырды кыдырып, сырды сыдырып дегендей: Кашкар аралай Кытайга; Индустанга чейин жетсе,андан кайткандан кийин деле көп аярлабай Ташкен, Кокон, Хива аркылуу Эдил боюн мекендеген булгарларды тинтип чыгат да, үйүнө келип ат тезегин суутпастан кайрадан чөлкезип, Сары-Арка аркылуу казак туугандарды аралап жөнөйт. Деги эле, анын жаны жай албайт. Бир аз эле күн жатып калса бук болгондон өлуп калчудай көрөт өзүн. Ошентип, Абдракмандын дуйнө-мулк артынган кербени ары бери чубайт да турат. Кайсы эл, кайсы жерде кандай буюм баа экенин Абдракманча ким билет дейсиң. Керектүү буюмдарын каалаган учурунда таап келип, Ала-Тоо ичиндеги туугандарын бир карк кылат Абдракман көпөс. Кымбат баа аң тери, алтын күмүш, кездеме манаттын не бир түрлөрүнөн тартып, жип-шуу, ийне, кытайчай, калмак чай, казантулга, окдаары, ал тургай: куңү менен кулу; аргымактын асылы,аюунун мамалагына чейинки не деген гана дүнүйө мүлк атактуу көпөстүн колунан чыкпады. Кокус сатууга дүнүйө таппай, ат көлүгү кырсыкка учурап калса, бөтөн кербендерди ээрчий жол көрсөтүүчү болуп да жалданып алат. Ошентип кай бирөөгө жалданат, кайра бирин жалдайт. Бу жалганда Абдракман көпөс жарык дүйнөгө күлү бир жерде додо болуп тынч жагып, тынч жашоо үчүн келбеген адам. Баса,Абдракман злжурттун каймагы — төбөлдөр менен көйкаша илимүүлөр гана тушунө билген чагатай тилинде да сүйлөп, кооздоп жаза билгени аз келгенсип, ыйык курандына. ятгарын шатырата жатка айткан, көзү ачык адам. Кербен көчү тыйылбай, жана ошого жараша нечен бир жарактуу жоо өткөн тогуз жолдун тоомуна там салып, беш алты үйлүү курама элге кошулуп Атаке баатырды караан туткан Абдракманды жергиликтүү эл бөлөк бөөн санабайт. Анан калса, өз урук тууганынан безиппи, йтор, Атакени караан тута, мына ушул Чүй бооруна кимдер гана көчүп келбеди. Бардыгы тең эл болуп, эч андай коогасыз жашап келатышат. Андыктан киндик аны тамган жеринен алда качан ооп келген Абдракманы тескеген деле киши боло элек. Неси болсо да,Абдыракман оокаты өтпөй калчу бечаралардан эмес. Жок, кайра ал эл кадырын, баш кадырын билген, дүнүйө мүлккө каркболгон көпөс. Адеп ооп келгенде жергиликтүү эл аны өздөрүнчө «Жаңы тууган» — деп жүрүштү. Мына ошентип,Жылгын- Башыны Абдракман мекендегенден баштап, анын журтун тегеректей, бөтөн эл да көбөйдү. Кадырлуу көпөстүн бир кездеги «Жаңы туугат аты өчкөн. Бу күндө Токмоктун тегерегине Кашкар менен Кара-Тоо тараптан ооп келишкен кожолор арбыды Кожолор кыргыз ичин аралай курандан,шарияттан кеп салышса, Абдракман дүнүйөмүлк чогултуунун айласын көздөйт. Баса, бул кыштакка Токмок деген ат кайдан келгени ушу кезге чейин белгисиз. А мүмкүн илгерк айкөл Манас туулган Алтайдын түндүгүндөгү Кем дарыясынын жэзтиндеги Кызыл-Жардын бет алдындага кооз чоку —Токмоктун атын которуп койгондур Абдракман. Эгер ошюндон улам ЖылгынБашы — Токмок аталса, анда Алтайды жарып аккан Катын дарыясыныв чет жакасы бүтүндөй Чүй деп аталат да. Анда эле касиеттүү Сары Өзөнгө — Чүй деген атты да Абдракмак койдубу? Билгенге, сан кыргыз жүрбөгөн, кыргыз жортпогон жер аз... Илгертен атабабасы мекеңдеген жерсуунун атын кайран эл кайда барбасын өз көөнүнөи, өчүрбөй ала жүргөндүгү үчүн кыргыз аты өчпөгөндүр. Ушул азыр Абдракман көпөс — Атаке баатырдын эн бир урматтаган адамы. Жеке эле быякта калсын, көпөстү төгөрөктүн төрт бурчуна чейин жакшы билишет. Жайдыр кыштыр өйдөтөмөн өткөн жүргүнчү менен кербендердин баары Токмок кыштоого токтобой, бел чечип эс албай кетишпейт. Капкаяктагы кабар жакшылыктыг баарынАтаке — баатырга Абдракман жеткирет. Атаке турганда көпөскө тирүү жан өйдө карабас. Иши кылып көпөс менен Баатыр ары кетсе таякежээн, берк кетсе учу бирге тууган. Анын үстүнө итче кабышкан, бөрүчө аңдышкан заманда алтынкүмүш баш болш сан байлыкка ээ болуш учүн да көпөскө арка болор Атакедей бир баатыр керектир. Айтор,Абдракман менен Баатырдын өтмө катар мамилесин чечмелей берсе сөз арбын.Чүй суусу киргенде кан жолго чейин топон суу жүргөндөй сел каптайт. Абдракман кыштакты кара жолду үстүндөгү дөңсөө жерге салганы да бекеринен эмес Топ атчан үйүнө жакындап калган, баятан бери даяр турган Абдракман саламдашкан соң Атаке — баатыр дыжандай бастыра берди. Үйүнүн жанынан өтүп ба раткандарды «наар ооз тий» — деп ызаат кылбаганын караганда, Атаке менен көпөс мурда элеакылдашып койгон түрү бар. Атаке — баатыр унчукпаса, көпчүлүк эмне демек эле, ат дүбүртү басандабай кетип баратыщат. Чүй суусунун боюна жакындаган кезде Берик жайчы топтон бөлүнүп, топ талды көздөй бет алды. Ошондо бир жигит айттырбай эле анын артынан ээрчиди да, качан Олуя аттан түшмөкчү болтоңдо, карыяга катарлаша берген ал жайчыны колтуктан сүйөй жерге койгон соң, эмне кылайын дегендей карыяны тиктеп калганда, Берик бара бер —дегендей кол шилтеп, чоң сууга куюп жаткан булактын четине отура кетти. Чүй суусу жаңыдан кире баштаган кез экен. Дарыянын боюндагы жапайы өскөн көпкөк талдардын салаңдаган бутактары шар аккан сууну улам чапкылай, көзкумарын эргиткен жапжашыл талдардын арасынан таранчылар чырылдап, күкүк таңшый, чар тараптын керемети арта, асман көпкөк. Тээ алыста баштары көк чалган тоолор. Мээден өткөн күн ысыгын эч кимдин сезе турган түрү жок. Булоолоно тер жыттанган кер ат сууга жутунганына болбой, баятан бери тизгин каккан Атакебаатыр заңк этти:— Кана, биссмилда — деп кече берелик. Олуя өз ишин кылсын, биз аны өйүздөн күтөбүз. Кечмелик өтө жайык жана терең болчу. Аттардын толорсугунан өйдө суу жаба, өйүзгө чыккандар унчугушпай төш таяна берип, артка кылчая карап калышкан. Алар турган суу жээгинен өйдө тоонун күңгөйлүү төшү чылгый эле карашагылдуу этек. Шагылдардын төмөн жагындагы көк майдан аптапка чыдабай күйүп кетиптир. Көктө чакчайган күн. Төштөгү кара шагылдан улуу күйгөн оттун табындай аптап уруп, аттар кошкура, аттар тыбырчылай, Берик олуядан көздөрүн албаган атчандар үн катышпай тунжурайт, тымтырс. Тигинде сүйрөлгөн, упузун Берик олуя шашпай даарат алып болуп, койнунда ката жүрчү кара бүлөөгө окшош касиеттүү ташын аярлай кармап, булактын суусуна малды да, анан адатынча ооз учун кыбырата, бүлөнү дубалай баштады. Жайчынын жоругун көпчүлүк далай жолу көрүшкөн. Мындайда карап тургандар да ичтеринен дуба окуй унчугушпайт. Кала берсе андай чакта тегерегиндеги жанжаныбарларды жайчы сыйкырдап таштайт дешчү. Карап тургандар кантсе да дубанын сыйкырына ишене, Берик олуядан чочугандай тымтырс боло түшүшөт. Жайчыга акарат айтып, шылдыңдаган киши акыры бирди көрөрү бышык. Берик суу кечип өздөрүнө жакындай бергенде:— Ары болгондо, эт бышымга жетпей күн жаайт — деп,топтон бирөө үн катты. Экинчиси аны коштоп кетти:— Деги, тез эле жааса экен. Тозоктун отуна күйгөндөн эле болдук.Ысыкка күйүп, суукка тоңбогон кыргыз кыргызбы Кыргыз баарына чыдайт. Анын эмнесин кеп кыласыңар дегендей сүрдүү караган Атаке баатыр ат соорусуна камчы үйрүдү. КараТоонун этегин кыйгай аккан сууну бойлой кетип баратышат. Баатырга катар бастыргандар: Берик олуя, Абдракман көпөс, Өтөмбай чертмекчи жана да чыйрак жигит Шергазы. Аларга куйрук улаш келаткан жигит башы —Орозбай, калгандар тобун бузбай артта. Аларга алдыңкылардын сөзү угулбагандай итапкан оолак. Атакенин башында четжакасы саймаланган төбөсү шуңшугуй ак калпак. Жакасы туюк көйнөктүн үстүнө жалаңкат жамынганы —төөнүн аппак чуудасынан тигилген жепжеңил, жука чепкен. Баатырдын кийингени жупунудай көрүнсө да, ат жабдыгы бүтүндөй күмүш менен аземделген. Баатырга жараша,калгандары да ошончолук карапайым кийинишкен. Карасур аргымактын үстүндө кебелбеген баатыр ошол алды жагынан көзүн албаган бойдон үн салды:— Керегеде кулак бар, кеңешчү болсоң ыраак бар... Берик олуя өзүнчө табышмактатты: — Айталаада сүйлөшкөн сөздү да кээде адам угат. баатыр. Анысы артык башыбыз жокпу деген маани эле. — Олуям, өзүң мага баш болсоң, анын ичиндеги мээси Өтөмбай менен Абдракман.Анан өзүн тиктей калган Шергазы жөнүндө кошумчалады. — Шергазы кара көзүм, бери болгондо — жүрөгүм.— Журт ээси Атаке баатырга теңирим кубат берсин. —Абдракман бата кылды. Арттагы Орозбай сөз укпаган кишиче ат үстүндө какаят. Кебелбегенсиген Абдракман сөз жылдырды.— Кокондук элчи жолдон жан таксым болуптур, баатыр. Берик олуя алакан жайды.— Жаны жанаттан жай алсын. Атаке кебелбейт:— Ыйманы жолдош болсун. Жазмыштын жолун аргажок...Сөздү Шергазы илип кетти:— Оозуна алы жетпегенге өлүм ак... Абдракман жубатты:— Жазуу, жазуу... Алланын маңдайга жазганы ошоболсочу. ..— Алла тааланын буйругунан эч ким кутулбайт, — деп Олуя оозун жыйганча арттан күн күркүрөдү.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   USSR   10 Март 2016 - 12:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аллах ыраазы болсун сизден, эң жакшы көргөн чыгармаларымдын бири,көптөн бери окусам деп эңсеп жүргөм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 16:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бастырып бараткандардын эч кимиси артка кылчайбайт. Эми нөшөрлөгөн кара жамгыр тоо этегинен берки Чүй суусун жээктете тынбай куюп кирди. Азыр эле ысуулаган жигиттер сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөштү да, чыйрала түшкөн аттар ооздук кемире чуу коюп чуркагысы келе тынчы кетүүдө. Жигиттер кантишмек, тизгин кагып топ алдына чыгууга даашпайт. Жамгыр өчөшкөндөй үстү үстүнө сабап жатат. Бирок байкаганга кызык башкада эле. Бир бута атымча алдыда келаткан атчандардын төбөсүндө күн нуру жаркырай, алардын этек жеңине тоголок жамгыр тамган жок. Берик жайчынын өнөрүнө раазы болгон Атаке баатыр.— Куп гана кылдың, олуям. Эми бизди да сергит — деди,чекесине тийген күндү колу менен тосуп. Атакенин өтүнүчүнөн кийин гана олуя артына кылчайды эле, тоо үстүн копкоюу кара булут жыш каптап калыптыр. Жүргүнчүлөрдүн бет алдында кылайган булут көрүнбөй асман ачык. Чокчо сакалчан чап жаак Олуя өтүндү:— Баатыр, суу болосузго... — Олуям, жамгырга чыланбагандай нур жаадыр. Аттардын тери кургасын. Өзүбүз да сергийлик.Ошо бойдон каптал жактан жамгыр чаба жаап; аттардын соорусун салкын жел жулмалай, терге аралаша жамгыр жыттана, алардын төбөсүнө тамчы суу тийбеди. Маанайы көтөрү/лгөн Атаке баатыр Орозбайга зоңк ,этти:— Айт, жигиттер алдыга өтүшсүн. Бир аздан кийин капталдай чапкан жигиттер алдыга озуп чыгышты да, этек жеңдеринен суу тамчылап, куп гана шөлбүрөгөн курбуларынын кейпин көргөн Шергазы күлүп жибергенде, Атаке да эрксизден жылмайды. Кызык... жамгыр эми жай бастырып келатышкан Атакенин атынын куюшканынан бери өтпөй, анын жаясынан ылдый гана жаймажай себелөөдө. Бирок жайчынын сыйкырына таңгалганделе эч ким болбой, сергип көңүлдөрү көтөрүлгөн атчандар сөзгө кирди.— Баатыр — деп, өтүндү Шергазы. — Олуя атам ушу кезге чеиин жайчылык енерүнүн сырын эч кимге ача элек. Көрүп турасыз: бир буту жерде, экинчи буту көрдө. Кокустан көзүөтүп кетсе, ордун ким басат. Ыйык өнөр ушу бойдон кошо кетеби көргө? Мага үйрөт деп күндө жанын койбойм. Жооп бербейт. Же мага ишенбейби. Менин ата-бабам кара жердин төшүн чий мелеп, аштык эгип жан баккан назили дыйкандардан эле. Каалаган кезде кара жерге жамгыр жаадырып, калың элдин курсагын кара жармага кенен тойгузат эле го. Көкө теңир менен сырдашып, жайчылык кылганда өткөн да өнөр барбы? Олуя ата, баатырдын көзүнчө сурарым — таалимиңизди берип кетиңиз. Баатыр олуяны карады.— Шергазы өнөр үйрөнүүгө татыксызбы, олуям; Жашы отуздан ашты, колунан баары келет.— Татыксыз деп — өгөйлөбөйм. — Андай болсо шакирттикке ал. Олуя башын чайкады:— Анте албайм, баатыр.— Себебин айт, олуям?— Келип келип эле өзүңдү кыя албайм.— Түшүнсөм оңбоюн...— Баатырдын кадырына жүрөгүндө карасы жок,баатыр жигит гана жетет. Шергазы сенин канатьщ Атына жараша Шергазы — шер жигит. Ал жигиттериндин ичиндеги даанасы. Жоо келгенде бет алганын жарып түшчүкөк жал. Арстанга каршы шилтесең да тайманбайт Шергазы. Жортуулдарда жол баштайт. Эр сайышта, эңиште эч кимге мөөрөй бере элек. Отузунда өгүз коштоп, жер чийип мөгдөбөсүн эр Шергазы. Баатыр, кара жанын карч урган данбагарларың азбы? Шергазы сенин арка белиң, муну жаныңан чыгарба. Башың көргө кирсе, уулдарыңа көз болот Шергазы. Көзуң барда далай керегиңе жарайт. Кысталышта эң бир албан иштин көзүн тапты. Шергазыча өзүңө берилген, жүрөгү таза ким бар? Андыктан, Шергазыны өзүмдөй такыба кылууга дитим чаппады. Ичсе тамакка тойбой, эрегиште душманга мөөрөй бербей, тирүүлүктүн кумарына канбаган,шайдоот- шайыр Шергазы жаныңда жүрө берсин. Эр жигиттин да маңдайына жазганы бар. Шергазы белин ийип жер чийбей, жортуулда жүрүп картайат. Жортуулчунун башы жолдо калат дегендей же жортүула мерт болор. Көктөгү туйгунду бакма тоокчо жер чокутпайлык, баатыр.— Ыраазымын, Олуя — деп, жиберди Атаке. Делөөрсүгөн Шергазы бир топто барып унчукту:— Андай экен, олуя ата, Орозбайга үйрөт жайчылык өнөрдү. Ошол аштыктын сырын сонун билчүдөй. Былтыр эккен таруу — коногунун үстүнө ыргыткан тебетей жерге түшпөй калды. Жаки болбосо, өнөр Чокойбайга калса эл- журтка жаман болобу?— Чокойбайга үйрөтпөй калайын — деп кесе айтып тыштады Берик.— Неликтен? — Атаке чоочуп кетти. — Аны жакшы билем. Өтө кырс, карамүртөс эме ал. Чокойбай өз көмөчүнө күл тартканды жакшы көрөт. Айдаган аштыгынын ичинде сойлоп жүргөн жылаанды башканыкына алпарып таштайт. Аныңардын ичине кара таруу айланбайт. Кара мүртөз Чокойбай жайчылык өнөрдү үйрөнсө,өчөшкөндөрүн кырып таштабайбы? Жайчылык өнөр кеңпейил, ары кой оозунан чөп албаган момун адамга жарашат. Шергазы күйүп кетти:— Анда эле касиеттүү өнөр текке кетеби?— Кейибе уулум, сан кыргыздын арасында жайчылар азырынча арбын. Олуянын жообуна Шергазы ынанбады:— Көзүңүз тирүү турганда бирөөбүз үйрөнүп калсак болбойт беле, жарыктык.Олуя жайкалган сакалын сылай ат жалын таптады. Ээрде отурган өзү кургак, атынын жалы менен жаясы суу эле.— Эл ичинде өнөрүмдү алып калгандар арбын дедим го,уулум? — Чын элеби? — Шергазы сүйүнүп кетти.— Илгери, илгери, оо мындан көп жыл мурда — деп баштады Берик Олуя. — Жөө-жалаңдап, арып-ачып Кетмен- Төбөгө жетип токтодум. Жаан жаабай ой-түзөңдүн чөптөрү күйө баштаптыр. Курсагым ач, ызылдаган саратандуу аптап. Алдымдан сайгактаган беш-алты шүдүңкүт чыкты, жакын жерде айыл бардай. Бир кыр аша берип, жалгыз конгон боз үйгө туш келдим. Ит үрө, үйдөн атып чыккан жигит иттен арачалагандай мени көздөй чуркады. Деги эле жан алы калбай салам айтып, үйүнө ээрчитип киргенде, аялы алдыма жумшактай төшөк салып, суусун берди. Кичине өзөк жалгап көшүй түшкөн менин алдыма тамак ашын жайнатты. Мен шашпай курсак тойгуздум. Чарчап турганымды туйган жигит менен аялы экөө илбериңки унчукту: — Ата, мына бул жаздыкка башыңызды коюп эс ала бергиле — деп. Анан аялы экөөлөп казан асууга кам урганын байкадым. Көзүм илинип кетиптир. Бир маалда байкасам эшикте, дыбыр-дыбыр эте жамгыр жаап жаткандай,. сыртка чыксам баягы жигит эшик алдында суу сээп, боз үйдүн үстүнө суу чачып жүрүптүр. «Эмне кылып жатасың?» — деп сурасам: «Сизди салкында уктасын деп туурдукка суу сээп жатам» дейт. Ичим эзилди, шашпа деп ошо замат эле ал жерге өткүн жаадырдымда, кетеримде жигитке жайчылыкты үйрөтүп койдум, Ошо жигиттин аты Кадыр. Ушу кезде Кетмен-Төбөдөгу чоң жайчы. Эч качан кыянатчылык кылбай, эл камын ойлойт. Качанкы бир жылы Эрдаана бийдин колу Эчки-Сайды бойлой кыргызды басканы келатканда ал капчыгай ичинде ак жайдын күнү кар жаадырта, селге агызып, баарын кумжам кылган. Жайчылык көпкө дейре ошонун тукумдарынан үзүлө койбос. Андан башка да эки кишиге үйрөткөм. Үчтөн ашыкка өзүмдүн да күчүм жетпейт. Ошо кезде Ала-Тоонун түштүк жагын жыш булут каптап, Ашым данбагардын айылынын үстүндө нөшөөр куюп жатсада, Атаке баатыр баштап бараткан атчандардын бет алды ачык, сыдырым муздак жел тынбай жүрүп, түш оой атчандар Кордойго жакындап кирип барышты. Эрте жазда эле кой көктөткөнү ооп келишкен Атаке баатырдын бир айлы Кордойдон Ала-Тоо жакалай көчө элек. Жамгыр тез жаап ачылгандыктан жербети тирилип, токол адырлардын жылгасынан иттер үрө баштады. Атаке баатыр көздөп бараткан айыл ушулдур. Заматтын ортосунда тээ алыста, алдыда маңкайган ак чокулуу тоолор бүтүндөй булутка малынып, бир эт бышымга жетпеген убакыт ичинде кеңирсиген Сары-Өзөнгө шатырата жамгыр төгүп жатканына карабастан батышты беттеп баратышкан жолоочулардын үстүндө күн нуру жаркырайт. Жайчынын кереметтүү өнөрүнүн касиетине булар биринчи жолу күбө болуп олтурушбагандыктан эч ким таңгалган жок. Берик олуянын азыр эле өзү жөнүндө айтканына Шергазы кубанып же кайгырбастан кайра ал сыр бергиси келбегендей дымыйт. Унчукпай бет алдынан көзүн албай келаткансыганы менен ичи элжирей, ичиндеги күйүтү козголо, Нышаа баатырдын токолу Акшайымды көксөдү. Айбалта кармап жолборско жалгыз катылган Шергазы канчалык эр жүрөк көрүнсө, ал кээде ошончолук жоош, кыялкеч. жоомарт, бир туруп кирген буурадай чамынган албуут эле. Ал отуздан ашсада өзүнчө үй көтөрө элек. Асыранды уулунун көөдөнүндөгү күйүттү Атаке жакшы билет. Акшайымдан айрылгандан бери дүйнөдөн так өтчү дөй көгөрүп койду ал. Шергазы далай жылдан бери Атаке баатырды жандап, ал сапарга аттанса такай жанында, үйүндө отурса устүнөн чыкпай, баатырдын оюндагысын кирпик ирмегенинен түшүнүп, деги эле анын каарына кабылбай ачыкайрым жүргөнсүйт. Баатыр өз балдарына анчалык бой салбагандай, Шергазыны гана жанына жалгыз медер туткансыганын көрүпбилгендер өздөрүнчө тангалса. да, сыр алдырбай билмексен. Атасынан ыйбагышабы, айтор баатырдын өз балдары да Шергазыны нак дилинен ызаатташчу. Дегеле ага ичтери тарыбай турган. Анан калса, адамга жугумдуу,бешенеси жарык эле Шергазы. Баса, Атаке баатырдын бөрүчө жортуп, эл көзүнө таанылып калган же болбосо бөлтүрүкчө жаңыдан боорун көтөрүп келатышкан: Аблай, Солтоной, Байжигит, Карабек, Таштанбек, Жаншүгүр аттуу алты уулунуи ичинен Таштанбек менен Карабек тың чыккансыды. Өзгөчө жыйырма үчтөрүндөгү Карабек баатырдын жолун басып элине тутка болчудай. Ал жаштыгына карабастан өтө салмактуу, калбат. Чыгынган ишин акылга салып, жети өлчөп бир кесүү менен бүтүргүсү келет ал. Баатырдын өзү да уулунун мына ушул маныздуулугуна баа берчү. Эл тагдыры колуна тийсе жаман болбос деген оюн эч кимге билгизбей, анан келип эле Таштанбекти көп байкоого алат. Ошого тете Таштанбеги оңду солду байкабаган баатыр, ыксыз курч мүнөзү менен өзгөчөлөнө баштаган. Өкүмдүк, курчтук учуру келгенде керектир, бирок эр башына анын залакасы да көп тийет. Атаганат, айкөлдүк менен курчтук төп келип, оңой менен бир адамдын турпатына сыйбайт тура. Атаке баатыр ар кандай сапарларда, зарыл кеп кеңештерде уулдарын жанына анча жолотпогон кишидей көрүнсө да, ал жеке керт башындагы сапат аркылуу бөлтүрүктөрүнө мыкты таалим тарбыя берип жатканын бөтөндөр кайдан түшүнсүн. Жылуу жумшак мамилесинен уламбы, Шергазы да баатырды көрбөй калса кандайдыр коңултуктап, кез келгенде күчүгүнөн бетер эреркей,эркелегиси келчү. Керек десе ал Атаке үчүн отко түшүүгө даяр эле


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 16:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Чегирткелер учкан такыр этекти кыйгай, жүргүнчүлөр жон таяна бергенде, алды жактан түтөгөн тезектин изи урду да,бул жерге айыл кончу эмес эле деген кыязда Шергазы атын темине туу жонго чаап чыкканда бет алдында кара кокту пайда болду. Анын как ортосунда кичирэк каралжын эки боз үй турган экен. Бирок кара боз үйдү тегерене куушкан кызыл көйнөк келин менен мадыраңдаган боз жигиттен башка алжерде эч кандай бөлөк жан көрүнбөйт. Жан дүйнөлөрү козголгон ал экөөнү эриксиз тиктей бергендин ортосунда Шергазынын жанына Атаке баатыр баш болгон арттагы атчандар жете келип токтой калышыптыр. Келиндин салынган ак жоолугу шилисине түшө шыпырылып, тайбукадай чамынган жигиттин кеңен сары щымынын алаасы шөлбүрөй, ычкыры жерге чубала, ушу кезде алар өздөрүн небир жан аттуу көрөт менен иштери жок, махабаттын шайтандуу азгырыгына баш оту менен кирип калганын кыраакы баатыр түшүндүбү, ал атын акырын моюнга жаңсаган бойдон артка бурулуп баратып өзүнчө күңк этти:— Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин узбөйт. Өтөмбай чертмекчи баатырдын оюн бышыктады:— Шайтандын азгырыгы да, болбосо, ушунчалыкка барышат беле. Көшүлгөн калыбында Берик олуя кеп кыстарды.— Зулайканын дилин бузган да шайтан...Ошо бойдон алар унчугушпай жүрүп отурушту да, Атакебаатырдын ачууланып же жипкирип баратканын эч ким туя албай баары тымтырс. Топ жигит кайрадан артка өтүшүп, чаба жааган жамгыр эми алардын үстүндө мурдагыдай сабап келүүдө. Баатырдын как чокусу ченде бир ууч апакай тармал булут атайын ээрчип алгансыйт. Жаан себелеген көлөкөлүу булуттун алдында бараткан Шергазы унчукпастан Берик олуянын өнөрүнө ичинен таңгалып коёт. Ошо бойдон дагы бир аз бастырышканда күркүрөгөн күндүн добушу сол жакта. СарыӨзөндүн үстүндө калып, алар түндүктү көздөй бет алганда Кордойдун боз адырлуу этеги көрүндү да, кайрадан думуктурган аптап бетке урду Күн түштөн ооп калган кез эле. Баятан бери унчукпай келаткан Атаке.— Оо, качан жетебиз? — деп үн салды. Шергазы жооп айтты:— Баатыр, дагы итапкан жер бар. Эт бышымча жүрөбүзго.— А, мейли, кебелбей үн катты баатыр. Шергазы өтүндү:— Баатыр, Шор-Колотко токтойлук.— Шор-Колотто эмне жумушубуз бар?— Аттардын белин суутсак...— Ии, курсак ачтьг — дечи. Шергазы тайсалдады: — Курсакты ойлогон жокпуз, баатыр. Аттар бир аз тыныксын.— Ие. ошондойбу? Түшчүлүк жолдо бели талыган атты минип эмне! Андан көрө кара курсаь гын камы деп ачык айт,уулум.— Өзүнүздү ээрчий жүрүп ач калбасак да, көптү баштан кечирдик, баатыр. Дегинкиси, курсактын камын да жейлик. Баатыр Шергазыны кубаттады:— Сөз чындыктан бузулбайт. Айтканың чын, баарын кылган кызыл кекиртек. Кызыл кекиртек үчүн адам баласын мындай кой, жан жаныбардын баары, ал гана тургай көктөгү куш дагы колго түшөт...— Ананчы, деп баятан бери жорго үстүндө көшүлгөн Абдракман кепке аралашты. — Жанталаша дүнүйө жыйып, мал күтөбүз. Ошонун баары келип эле — кызыл кекиртектин камы...— Ап — бали, Абдракман айтса эле, анда кызыл кекиртектин камын жейлик, — Атаке баатыр тамашалагандай сүйлөдү. Шергазы, ат жалына казан аскыла. Арттагы жигиттер жете келсин. Ошо бойдон топ бир азга буйдала берип, жерге түшө калган кимдир бирөө ат үстүндөгү аксакалдардын колуна суу куйду да, кара кеселер толо мелткалт кымыз аяр сунулду. Кымызга суусун кана көңүл жайланып, аттар кайрадан алдыга.аяк шилтегенде, Атаке дагы буйурду:— Орозбай, ат жалына казан аз. Жол арбысын, курсакты да эстен чыгарбайлык. Билип алгыла: өзүбүздөй жоокер текетүрктөрдүн бир жоругу бар. Күндүз жол жүрүп, чөл кезип баратканда өрүш жасашпайт алар. Азыгын ат үстүнөн жеп, төө кымызын шимирип коюп кете беришет.— Аттары — арып — ачпайбы? — деди, Шергазы,таңкалгандай акырын.Атаке баатыр түшүндүрдү: — Койдун кадимки эле бүкүлү куйруктарынан канжыгага байлана жүрүшөт андай кезде. Маалмаалы менен шашып баратканда куйруктан аргымактарына да сугунтушат тура. Ошентип, өздөрү көнгөн да. Суусап, курсагы ачпаган жарыктык жылкылар чөлдүн бир кыйрынан экинчи кыйрына оңой эле чыгып кетишет экен.— Капырай — дешти, ар кимдер. Баатыр сөзүн бышыктады:— Өзгөчө, шашылыш жол жүргөн жоокер аргымак коштой чыгат. Биринин бели талыганда экинчисин минип, маал маалы менен аргымактарга жанагинтип куйрук сугунтуп койсо болду, аларга суусун да, азык да ошол... Ошо бойдон сөз токтой, аттардын басыгы да жайлап, баглан козунун бышкан жилигин кармаган жүргүнчүлөрдун ар кимиси өздөрүнчө алек. Жалгыз баатыр гана колуна устукан албады. Ал көпчүлуктун көзүнчө тамак жебесин баары билишет. Ошондуктанбы, тамак жеп жаткандардын эч кимиси андан айбыкпагандай. .. Бир аздан кийин колун аарчыган Берик акырын бата кылганда, башында артта келатышкан жигиттер кайрадан өздөрунчө оолактай бергенде:— Чогуу жүргүлө! — деп буйруду Атаке баатыр. Кара булут жүргүнчүлөрдүн желкесинен басты да,баатыр минип бараткан дулдулдун так жал үстүнө өткүн дыбырады. Майда майда боз адырлар. Адырдын артындагы адыр түгөнбөчудөй көңүлү ого бетер ачылган Атаке баатыр:— Кана олуям, узун жолду кыскарт — деп, жумшак өтүндү. Мындайда ылайым токтоп көрбөгөн Берик олуя буйдала бергенде Атаке сурап койду:— Олуям, курандын он экинчи сурөөсүн чечмелеп бер. Мына бул бурадарларың билип алсын...— Баатыр, — деп каршы болгондой унчукту Берик олуя. —Ыйык курандын он экинчи сүрөөсүн жатка билчү элең го.Элден мурда сага курандын тогузунчу «Тобоо» сүрөөсүн айтып берейин. Курандагы «Жусуп менен Зулайканын» тарыхын андан кийин чечмелейм. Атаке айтканын берген жок.— Тобо —сүрөөнү биз кечинде коломтону тиктеп отуруп угалык, олуям.— Баатыр, айтканыңдай он экинчи сүрөөдө «Жусуп менен Зулайканын» тарыхы айтылат.— Жусуп менен Зулайка катындын тарыхын мына бул жигиттер да уксун. Бирөөнүн никелүү зайыбына көз артуунун зыяндуу жагын билип коюшса жаман болбойт. Жанагы аңгинин чак түштө кылган жоругун көрдүкко...Берик олуя баш ийкеди:— Ал да болсо шайтандын азгырыгы.— Шайтандын азгырыгына кирбей, кудайдын амирин туя жүрүшсүн жигиттер. Тыгыз бастырган жигиттер кулак түрө, бул аңгеме жанагы жалгыз боз үйдү тегерене куушкан эки безердин жоругунан улам чыгып жатат деп ойлошту. Шергазы болсо, түндө бозүйдө Өтөмбай комузчу черткен күүнүн сыры ушунда жатканын өзүнче баамдап, баатыр менен олуяны акырын карап алды.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 17:10

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: