Турмушка чыкканыма бир жылдан отту боло элек, бирок менин эжем да ушинтип журуп тороду 1 кыз 1 уул. сен соссуз корун Оштон болсон брак и семьяга бар
Айыз кечигип жатат
#62 02 Декабрь 2015 - 18:34
Бул корунуш мен де да болгон, кыз кезимден баштап нормалдуу келчу эмес,2,3айда бир келип коймой адатка айланган эле, мен да кыз кезимде турмушка чыкканда онолуп кетээр деген умут мн журдум, турмушка да чыктым, бирок кош бойлуу боло албай копко убараландым,
барбаган жерим калбады, акыры адистер мага спкя(синдром поликистозных яичники)деген диагноз коюшту , кудайга шугур 5жыл деген де балканактай уулдуу болдук, айтайын дегеним бул оной оору эмес,дени сак аял кишиде ай сайын жумурткалык клетка болунуп чыгып турса менде ошол жумурткалык клетка оспойт эле, бугундон калбай врачтарга корунуп,керектуу дарыларды ичсен мага окшоп кыйналып журбойсун,бардык нерсенин алдын алуу керек.
#63 02 Декабрь 2015 - 21:21
#64 05 Декабрь 2015 - 14:02
Sisterinlaw купуянызга жооп берип коюнчу кат жиберип алып кутуп журом
#65 04 Январь 2016 - 12:13
Менде да ушундай койгой бар болчу. 15-20 кун кечигип келет эле. Врачка корунуп 4 ай дарыландым.
Анан кечикпей оз убагында келип баштады эле. Негедир ушул айда дагы кечигип атат, бир жума болду отуп кетти
#66 04 Январь 2016 - 18:48
Мен да азыр ушул теманы окуп ойлонуп калдым. Кызым 1жарым жаш дагы эле эмизем, куйом алыста жанымда эмес айызым келе элек. Экинчимди торогонумдо да бир жылдан отуп келген айызым. Силерде да ушундай болгонбу?
#67 11 Январь 2016 - 15:28
Эгер тороттон кийин айызыныздын озгоргонун байкалса (алгач 3кун келип журуп,кийин 7кун келип баштаса)дароо гинекология болумуно кайрылыныз.
Кенебей журуп коптогон коркунучтуу ооруларды арттырып алуунуз да мумкун.Гонорея деген оорунун башталышы да ушундай болушу мумкун экен.
#68 16 Январь 2016 - 16:10
Кыз кезимде айызым ар айда бир жумадан кечигип, мисалы бул айда 20сында келсе кийинки айда 27си келчү. Бул нормалдуу көрүнүш деп маани берген эмесмин. Эми байкап көрөйүнчү.
#69 23 Январь 2016 - 12:20
erketaiko (12 Сентябрь 2015 - 16:45) жазган:
Рахмат. Народные средства ким билет айтып кетсениздер
Корица айызды чакыруучу каражат деп окугам.1 кружка сутко 1 чай кашыктын жарымынан азыраак олчомдо корица кошуп ичуу керек.4-5 кун задержка болгондо 2-3 кун ичкем.
Кийин оорума байланыштуу 4 ай задержка болгондо гинеколог фолиевая кислота,витамин Е,анан 1 литр сууга 1 кашык сода кошуп,жуу деген.Ошондон кийин 2-3 ичинде келген.Андан бери шугур,задержка болгон эмес.
Бирок,8-9 айдан бери келбей жатса,беймарал жургонун жаман экен. Гинекологго корунуш керек,озундун ден-соолугун учун.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#70 13 Март 2016 - 13:54
Айыз озу 5 кун алдыга же 5 ар кага жылып келсе коркунуч жок . Эгерде андай эмес болсо коруну керек.
Сердце решает кого любить
суддьба решает к кембыть
суддьба решает к кембыть
#71 13 Март 2016 - 13:59
АЙЫЗ ЦИКЛИНИН БУЗУЛУШУ
,КАНДАЙ КОРКУНУЧТАРДЫ
ЖАРАТАТ!
Айыз- бул аялдын организминин циклдүү
өзгөрүшү менен ай сайын жатындан келген кан.
аны борбордук нерв системасы (баш мээ
кыртышы, гипоталамус, гипофиз) тейлейт.
• Гипоталамус - ички органдын ишин
багыттоочу жана жөнгө салуучу баш мээнин
негизги бөлүгү. Ал гипофиздин аракетин
тездетүүчү өзгөчө зат - нейрогормондорду
бөлүп чыгарат.
• Гипофиз өзү да ички секреция бездеринин,
анын ичинде жыныс (энелик) бездеринин
функциясын активдештирүүчү гормон иштеп
чыгарат.
Энелик безде гипофиз бөлүп чыгарган
гормондордун таасири менен энелик клеткалуу
фолликул өсүп, жетилет. Фолликул өсүү
мезгилинде жатынга түздөн-түз таасир берүүчү
өзгөчө жыныс гормондорун (эстрогендерди)
бөлүп чыгарат. Фолликул жетилип жарылат да,
андан энелик клетка чыгат (овуляция).
Жарылган фолликулдун ордуна прогестерон
гормонун бөлүп чыгаруучу сары денече пайда
болот. Эстрогендердин жана прогестерондун
таасиринен жатындын былжыр катмары
калыңданат, анын кан тамырлары кеңейип,
канга толот. Эгер уруктануу жүрбөсө, энелик
клетка өлүп, сары дененин функциясы азайып,
акыры токтойт. Жатындын былжырлуу
катмарынын канга толгон кан тамырлары
жарылып, андагы кан былжыр кабыкка куюлат.
Канга толгон жана борпоң былжыр кабык
ажырап, кан агуу (менструация) башталат.
Андан кийин былжырлуу кабык кайра калыбына
келе баштайт. Энелик клетканын жетилүү
процесси мезгилдүү кайталанып турат. Адатта
этек кир дайыма бир мезгилде кайталанып (3-4
жумада бир), 3- 7 күнгө (аялдын организминин
өзгөчөлүгүнө жараша) созулат. Кыздарда
биринчи этек кир жыныстык экинчи белгилер
пайда болгондо башталат (Жыныстык жетилүү).
Анын кечигиши кыздардын ден соолугуна,
социалдык жана турмуш шартына, ички
секреция бездеринин функциясынын
бузулушуна байланыштуу болот. Ошондуктан
14- 16 жашка чейин кыздарда айызы келбесе
аялдар консультациясына врачка кайрылуу
керек. Биринчи этек кир күтүлбөстөн келген
учурда кыздар коркуп, кайгырышы мүмкүн.
Ошондуктан кыздарды буга мурдатан абдан
этияттык менен даярдоо зарыл. Көпчүлүк
аялдардын айызы белгилүү убакытта
кайталанып, келүү мөөнөтү да туруктуу болот,
жалпы абалы анча өзгөрбөйт. Айрым аялдарда
табарсыктын тушу, бел ооруйт, этек кирдин
келүү мөөнөтү бузулат. Кээде аз-аздан, анда-
санда же катуу ооруп кан көп кеткен учуру да
болот. Этек кир циклинин бузулушу көп учурда
гинекологиялык оорунун белгиси болгондуктан
врачка кайрылуу зарыл. Кээде этек кир келерде
баш ооруп, алы кетип, эмчек катууланат, баш
айланат, уйку качат, жүрөк тез кагат. Мында да
врач менен кеңешүү керек. Аялдын ден соолугу,
анын организминин иш-аракети тиричилик
шартына, бала чактан туура багуу, тарбиялоого
байланыштуу болот. Айрыкча өздүк гигиенаны
сактоо, организмди чыңдоо, туура тамактануу
чоң мааниге ээ.
Гинекологиялык оорулардын алдын алуу
Гинекологиялык оорулардын алдын алууда
айыз учурунда белгилүү гигиеналык эрежелерди
сактоо маанилүү. Айыз каны микробдун
көбөйүшү үчүн жагымдуу чөйрө болгондуктан
алар жыныс кынына, жатынга, жатын
кошумчаларына кирип, аларда сезгенүү
процесстерди пайда кылат (Андексит,
Метроэндометрит). Этек кир мезгилинде күнүгө
2 жолу кайнатылган жылуу суу менен самындап
жуунуп, душ алуу керек. Ваннага, сууга түшүүгө
болбойт. Менструация бүткөнчө өткүр татымал,
алкоголь ичимдиктерин ичүүгө уруксат
берилбейт, ал кан агууну күчөтөт. Үшүп калууга,
өтө чарчоого, оорулуу менен жолугушууга
болбойт, анткени бул учурда аялдардын
организми начарлап, ар кандай ооруга тез
чалдыгуусу мүмкүн.
Айыз цикли кээде өз маалында келбей,
убактысы туруксуз болот
Өз маалында келбеген айыз цикли айымдар
арасында кеңири тараган гинекологиялык
көйгөйлөрдүн бири.
Айыл циклинин келүүсүнүн тартиби бузулганда
өз маалында келбейт же узакка созулат. Айрым
учурда эч себепсиз эле 2-3 ай келбей калат.
Андыктан айыз циклинин келүү тартибинин
бузулуша себеп болгон кээ бир белгилерге
олуттуу көңүл буруу талапка ылайык.
Айыз циклинин келүүсүн тарбизи бузулгандагы
белгилери:
• 21 күнгө чейин же узарып 33 күндөн кийин
айыз келсе, демек, тынчсызданууга негиз бар.
Сөзсүз түрдө гинеколог адисине кайрылыңыз.
Бирок, кээ бир учурда мындай көрүнүш тукум
куучулукка да кирет.
• Айыз циклинин туруктуулугун ар бир айым так
биле жүрүүсү маанилүү. Андыктан ар дайым
календарга белгилеп туруңуз.
• Узак убакытка жана өтө көп өлчөмдө келген
айыз дагы кооптонууну жаратат. Бул айымдарга
өтө чоң ыңгайсыздыкты жаратат. Андыктан
дарыгерге кайрылыңыз.
Себептери:
Эгерде айыздын келүү туруктуулугунун
бузулуусна бир нече себептер бар жана
суроолоруңузга бир гана гинеколог адиси жооп
берет. Өз алдынча кандайдыр бир аракет
көрүүдөн алыс болуңуз.
• Диета жана физикалык чоң күч жумшоодо
дагы айыздын келүүсү туруктуулугун жоготот.
Буга байланыштуу күнүмдүк колдонгон тамак-
ашыңызга кескин өзгөртүүлөрдү киргизсеңиз же
тез арада арыктаган болсоңуз, анда, сөзсүз
түрдө айызга таасирин тийгизет. Айрыкча
белоктуу диетада отурган жана бодибилдинг
менен алектеген айымдар көп кабылышат.
Организмге туура келбеген күчкө жооп кылып,
дароо эле айыз цикли туруктуулугун жоготот.
Мындан сырткары, салмактын калыптагыдай
болбогону жана оор диеталар бойго бүтүүгө
жолтоо болот.
• Гормоналдык өзгөрүү. Калкан без жана дагы
башка гормоналдык көйгөйлөргө кабылууда
дагы айыздын келүү туруктуулугу жоголот. Ал
үчүн гормонго кан тапшырып, себебин так
билип алуу керек. Ошондой эле гормоналдык
дары- дармектерди ичүүнү токтотуудан кийин
дагы туруксуздук келип чыгат. Мындай
туруксуздук жарым жылга чейин уланат. Эгерде
бул убактан өтүп кетсе, анда, дароо дарыгерге
барып текшерилиңиз.
• Инфекция. Жыныстык инфекцияга чалдыгуу
дагы айыздын туруктуулугун жоготот. Бирок
,кабатырланбаңыз дарыгердин көрсөтмөсүнө
ылайык туура дарылансаңыз, баары өз ордуна
келет.
• Стресс. Депрессия жана стресс нерв
системасына таасирин тийгизгендиктен
айыздын келүү туруктуулугунун бузулушуна
алып келет. Демек, мындай терс сапаттардан
арылуу талап кылынат. Эс алып, өзүңүзгө
жаккан иш менен алектенип, көңүлүңүздү
ачыңыз.
• Кош бойлуулук. Айыздын мындай учурда
келбей калуусуна бул ирет кубанууга болот.
Анткени кош бойлуулукта айыз келбейт.

Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#72 13 Март 2016 - 14:37
АЙЫЗ УЧУРУНДАГЫ
ООРУКСУНУУ! !
Ар бир айым айызы келгенде ооруну сезет.
Айырмасы, ал оору биринде жеңил болсо,
экинчисинде катуу болот. Бизди ай сайын
кыйнап турган бул оорунун себептери жана аны
кантип басаңдатуу тууралуу төмөнкү макалада
сөз болот.
Себептери
Белгилүү болгондой, ай сайын аялдардын
организминде жумуртка клеткасы бышып
жетилет. Эгер бойго бүтүү болбосо, ал өлөт. Ал
эми организм өзүндөгү ашыкча нерселерден
арылууга аракет жасайт: жатындан керексиз
ткандарды жана суюктукту бөлүп чыгарат.
Ашыкча нерселер жакшы бөлүнүп чыгыш үчүн
бул учурда организм булчуңдардын
жыйрылуусуна жардам берүүчү простагландин
аттуу затты иштеп чыгарат. Эгер бул зат өтө
эле көп иштелип чыкса, анда оору менен
коштолот. Бул албетте, айыз учурундагы
оорунун жалгыз эле себеби эмес, мындан башка
да төмөнкүдөй себептери бар:
Гинекологиялык оорулар. Эгер айымдын ички
жыныс органдары сезгенген болсо, жыныс
органында инфекция болсо, анда айызы келген
учурда айым катуу ооруну сезет. Бойго
бүтүүдөн сактоочу спираль да оорунун бир
себеби болушу мүмкүн.
Физикалык кыймылдын аздыгы. Көп
кыймылдабай бошоп калган булчуңдар
организмдеги ар кандай өзгөрүүлөрдү оор
көтөрөт. Андыктан, айыз келгенге чейин спорт
менен машыгуу керек.
Тукум куучулук. Эгер сиздин апаңыз айызы
келген учурда ооруга кабылса, анда ушул эле
көрүнүш сизде да кайталанат.
Кальцийдин жетишсиздиги. Организмде
кальцийдин жетишсиздиги да айыз учурунда
ооруну жаратат. Мындай учурда курамында
кльций көп азыктарды көбүрөөк пайдалануу
керек. Кальций сүт жана сүт азыктарында,
брокколи капустасында, төө буурчакта, бадамда
көп.
Магнийдин жетишсиздиги. Магний
булчуңдардын калыптагыдай иштешине таасир
этет. Эгер организмде магний жетишсиз болсо
булчуңдар жыйрылып, айыз учурунда оорутууга
жеткирет.
Ооруну басаңдатуунун ыкмалары:
- Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө
ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге
басыңыз. Бул жыйрылган булчуңдарды
бошоңдотуп, ооруну азайтат.
- Туздуу, майлуу, таттуу, ошондой эле сүт
азыктарын азайтыңыз. Айрыкча айызыңыз
башталаарына бир жума калганда. Ал эми
жашылчаларды көбүрөөк жеңиз.
Чөп чайлар, мисалы, ромашканын чайы да
оорунун басаңдашына жардам берет.
- Курамында кофеин бар коюу кара чай, кофе,
шоколад сыяктуу азыктардан жана алкоголдон
качыңыз. Кофеин ооруну күчөтөт, ал эми
алкоголдук ичимдиктер суюктуктун бөлүнүп
чыгышын жайлатат.
- Айыз келип жаткан учурдагы ашыкча
кыжырдануу, жинденүү, стресс болуу -
ооруңузга оору кошот. Андыктан, өзүңүздү
тынч алып жүргөнгө аракет кылыңыз.
- Такыр эле оору басылбай койсо, анда
таблетка ичүүгө туура келет. Анальгин,
баралгин, спазган, но-шпа ооруну басат, бирок
буларды көп ичүүгө болбойт.
Эске түйүп алыңыз:
• Этек кирдин 3 күндөн 7 күнгө чейин
келиши нормалдуу болуп эсептелет.
• Толук кандуу этек кир 28 күндө бир
келет. Депрессия, булганыч
экологиянын терс таасиринен улам
айыз мөөнөтүнөн эрте же кеч келиши
мүмкүн. Эки жумадан ашык кечигип
баратса, доктур-гинекологго кайрылыш керек.
Айыз мезгилинин
бузулушу кээде жатындагы ар
кандай оорулардан кабар берет.
• «Катаал күндөрдө» айымдар күнүнө
20-50 грамм, жалпысынан 250 грамм
кан жоготот. Кан менен кошо
организмде темир да азаят. Кээ
бирөөлөр үчүн байкалбаса, кай
бирлерибиздин организмибиз катуу жабыркайт.
Демек, курамында
темири көп азык-заттарга муктажбыз.
Организм үчүн алмашкыс делген
темирди деңиз капустасынан,
какаодон таба алабыз. Эт
азыктарынан 20-30%, өсүмдүктөрдөн 3-5%
темир алса болот.
• Этек кириңиздин келүүсүн контролго
алыңыз, сөзсүз календарь
колдонуңуз!

#73 18 Март 2016 - 18:02
Меники да нерегулярный))) 3 айга чейин келбей коет))) ии деп суйунуп боюм да болгон экен десем кайра келип калат... Тушунуксуз.
.. Дарыланып деле тажадым...
#74 20 Март 2016 - 17:39
Последний 3 айдан бери нерегулярный т.е 1 жумага жакын кечигип жатат. Мунусунда да или тиш дапылатканлем ошо уколдун таасиринен уламбы же. Кимде ушундай болгон?
[size="2"][/size]
#75 27 Март 2016 - 23:20
Торогондон кийин месячный келбей туруп боюнда болуп калышы мумкунбу?жооп бериниздерчи сураныч!
#76 31 Март 2016 - 13:58
Задержка болду ушу ай 5-6 кун, кыжалат болуп баштаганда келип калды))
♔ Aytku(love)a ♔
#77 04 Апрель 2016 - 01:50
Календарь беш айдан беери колдоном,кызыгы циклим өзгөрүп турат экен. 26.27.29.26.27 дейт. Майдыкы 29.болот окшойт деп койдум...
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
#78 04 Апрель 2016 - 02:49
Ashk olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deiysmelim.