Суперстан: Кара Шумкар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Кара Шумкар С. Рыскулов - саятчы, мунушкор, элдик балбан, жарчылардын омуру берил

#1 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Суроолор боюнча Кара Шумкар жана башка баяндар, эски мектеп дейбизби же эски муун авторлору дейбизби, кыргыздын коронгосун суутпай кыргыз кылып келе жаткан озубузго кана тийешулуу салт-санаа, ата мурастар баяндалчуу чыгармалар топтому.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 26 Март 2016 - 18:17



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

САЯТЧЫЛЫК ЖАНА АЛГЫР КАНАТТУУЛАР ЖӨНҮНДӨ БАЯН
Куш күйгөн — эригип-зерикпеген, чаалыгып-чарчабаган адамдын иши. Анын жумушу мындай.

Чыйрак ичке кендир жиптен кадимки балыктын тору сыяктуу эле тор түйөт. Балык тоскон кол тордун бир жак учу туюк болот эмеспи. Куштун, бүркүттүн торлору андай болбойт. Кездеменин эниндей түйүлөт. Узундугу канча болсо мейли. Ашып калганын бүктөп, түрүп таштайсың. Ал эми туурасы өтө эндүү болууга тийиш. Эки метрге жакын.

Торду жаярда анын бийиктиги менен тең же анча-мынча ашык, жоондугу камчы саптай болгон төрт же алты узун чыбык кыркылат. Жерге сайыла турган учу учталат, экинчи учу тордун жогорку жээгине байланат. Ошол чыбыктарды тегерете сайып, кереге көздүү кендир жип менен торду айланта курчаганда, кадимки чий каланган үй сыяктуу болуп калат. Тордун төбөсү ачык болот. Такыр жерге жайылат. Эгер кушка арналган тор болсо ичине тирүү кекилик же чил байланат. Бул экөө табылбаса, тоокту пайдаланса да болот. Алардын алдына жем чачып коет. Ошол тиринин бир бутуна узун танап жиптин бир учу байланат. Экинчи учу саятчынын колунда. Ал эми саятчынын жата турган жайы болсо тордон бир канча метр алысыраак келет. Саятчынын үйү жалпайган чөп алачык болот же керегеси таш менен кармалып, бир киши кенен оонап жаткандай жасалат. Үстү карагай, арчанын бүчүрлүү бутактары менен билинбегендей жабылат.

Саятчы ошол алачыгында жатып, атайылап калтырылган кенен жылчыктан асманда учуп бараткан куштарды даана көрүп турушу керек. Куш карагай-черлүү, бактуу-шактуу токойдун арасына түнөп, эртели-кеч чабыттап учуп чыгат, кечке маал түнөгүнө кайтат. Куштардын үзүлбөй өтүп тура турган тоомдуу жолдоруна тор жайылат. Ошондой ыңгайлуу жерлерди саятчы билет. Учуп бараткан кушту алачыгынын жылчыгынан көргөн саятчы капаста жаткан тиринин бутунан тартып бырпыратат. Аны көрө калган куш, ителги өлөр-тирилерине карабай, качырып сала берет. Торго чалынат. Коомай сайылып араң турган майда чыбыктар жыгылып калат. Тор чатышат. Чатышкан тордо чалынып, балыктай мөңкүп жаткан куш же ителгини саятчы сүйүнгөн бойдон жүгүрүп барып, бошотуп алат. Бир күндө канча түшсө баарысын тең алачыгына алып келип, солой берет. Анан, дагы келээр бекен деп, алачыгынын жылчыгынан шыкаалап асманды тиктеп, учкан куштарды күтүп жата берет. Мындай адамды куш күйгүч же саятчы дейт.

Бүркүткө да ушундай тор жайылат. Тордун ичинде кеп кылып союлган коён же байлооч бүркүт болот. Байлооч бүркүт деген бүркүттүн эң жаманы. Колунан эч нерсе келбейт. Жапан кезинде тарп аңдып же чычкан терип жейт. Тумшугуна эч нерсе илинбесе, бир канча күнгө чейин ачка кезерип жүрө берет. Саятчылардын мындай бүркүттү тордун ичине байлаган себеби, асманда учуп бараткан жапан бүркүттөр тиги жерде конуп олтурган байлоочту көргөндө, жем алып жеп отурган экен деп ойлошот. Ошонун жемин тартып алам менен келип торго түшүп калат.

Алгыр канаттуулардын түрлөрүн ажырата албаган мүнүшкөрлөр көп. Андай мүнүшкөрлөрдү мүнүшкөр деп атоого болбойт. Кээ бир адабиятчылардын чыгармаларынан да алгыр канаттуулар жөнүндө чаташтырылган түшүнүктөрдү учуратып калабыз. Маселен, туйгунга илбирс, шумкарга карышкыр алдыра коюшат. Туйгундун колунан эмне, шумкардын колунан эмне келерин билишпейт окшойт. Ал түгүл туйгун канаттуулардын кайсыл уругунан, шумкар кайсыл уругунан чыгаарын ажырата алышпаса керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 26 Март 2016 - 18:18



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ителги, ылаачын, жагалмай, турумтай, күйкө — булар өзүнчө бир тукум, бири-бирине окшош урук. Шумкар ителгинин уругуна кирет. Анын мыктылары майда илбесинден тартып, тоодакка чейин алат. Шумкар белгиси жок ителгилердин кыраандары да тоодак, аңыр, каз, кузгундарды ала берет. Шумкар кооздугу менен айырмаланат, өңү ар түрдүү болот: кара шумкар ак шумкар, көк шумкар, күйкө шумкар, дагы ушу сыяктуу. Канаттуулардын түрүн мыкты билген кишилер аларды учуп баратканда деле таанышат. Ителги уругундагы канаттуулардын бардыгынын (ылаачын, жагалмай, турумтай, күйкө) канат-куйруктары учуп баратканда учтуу келип, жайыла жазылбайт. Алар көбүнчө сызып учпай, канаттарын кагып учат. Конгон ордунан көтөрүлгөнчө ыкшоо келет. Көтөрүлүп узагандан кийин башка канаттууларга жеткирбейт.

Ылаачындын чоңдугу ителгиден кем эмес. Алардын өңдөрү кара чаар, кызыл чаар, көк чаар болот. Жагалмайдын өңү да ылаачындыкындай үч түрдүү болуп, ылаачындан кичирээк, турумтайдан чоңураак келет. «Ылаачын менен жагалмайдын алкым жүндөрү аппак болуп, алыстан учуп келатканда эле таанылат. Жагалмай, турумтайлардын колунан чымчыктан башка келбейт. Ылаачын ителгиден да учкул. Ителги алгандын баарын алат. Мүнүшкөрлөр ителги менен ылаачынга томого катып салышат. Эгер томогосу жок болсо, алса-албаса да, жетсе-жетпесе да, алыс-жакынына карабай, көзүнө көрүнгөнгө жулуна берип, мүнүшкөрдү убара кылат.

Куш, чүйлүгө томого тартпагандын себеби, алар тигилер сыяктуу жулунбайт. Колдо тынч олтурат. Ала турганына көзү жетсе талпынбайт. Алы жетпегенди көргөзсөң, карап да койбойт. Куш, чүйлү, кыргыйлар учкул, шамдагай келет. Шилтегенинде алып калса алды, жазып калса кайрылып, оңтойлуу жерди ылайыктап барып, олтуруп калат. Үндөсөң колуна келип, шып конот. Ал эми ителги менен ылаачын качырганын ала албай калса, андан ары жактан көзүнө эмне көрүнсө, ошол көрүнгөндү кубалап кете берет. Ылаачын менен ителги салган мүнүшкөрлөргө аттын аты керек. Куу-куулап кыйкырып, артынан чыргааңды сүйрөп же далбааңды булгалап жүрүп олтурасың. Ошондо кайрылып келсе жакшы, келбесе ошондон ары жоголот. Ал эми кушту жөө салууга да болот. Алар көп качпайт.

Туйгун, тунжур, кара кашка тынар — куштун мыктылары. Куштун түрүнө чүйлү, кыргый да (чыбы, мыкый — кыргыйдын кичине, начарлары) кирет. Буларды да учуп баратканда таанууга болот. Алар учканда канаттарын анда-санда ирмешет. Көбүнчө сызып учушат. Учуп жүргөндө булардын канат-куйруктары тиги ителгилердикиндей учтанбай, жазылып кетет. Жүндөрү да ителгилердикиндей болбой, бөлөкчө айырмаланып турат. Булардын кыраандары жүндөрүнүн белгисинен, буту-колунан, тумшугуман таанылат. Кыргыйдын жакшы кыраандары чил, кара боор, кыл куйрук, таан, сагызган алат. Кекилик, өрдөк, кыргоолдордун балапандарына эле катылбаса, чоңдоруна алы жетпейт. Өрдөктүн чүрөктөрү менен бөдөнөнү кыргыйдын баардык түрү ала берет. Чарчашпайт. Тажашпайт.

«Туйгун» — куштун төрөсү» деген эл оозунда лакап бар эмеспи. Ал кооздугу, келбети үчүн айтылып калган. Куштун уругунан чанда гана туйгун чыгат. Анын да чоң, кичинеси болот. Туйгун көзүнө көрүнгөндү ала бербейт. Чоң илбесиндерди, мүнүшкөрү жарашса, кыраандары гана алат. Болбосо туйгундун алы жетпегенин жөнөкөй кыраан куштар деле алып коет. Шумкар алалбаган тоодак, аңыр, каздарды ителги деле алат. Көбүнчө анын мүнүшкөрлөрүнөн болот.

Туйгунду тааныш оңой. Анын өңү, канат-куйругу кебездей аппак болот. Эч бир жеринде өңү буруу, киргил так болбойт. Ар жылы түлөгөн сайын тооктой аппак болуп жүрүп отурат. Картайганда буту-колу, тумшуктары, көздөрүнүн тегереги гана саргайып кетет. Туйгунду учуп баратканда көрсөң ак куу деп ойлойсуң. Бирок ал куудай учпай, куштай учат. Эгер туйгунду бирөө кондуруп келатканын алыстан көрсөң, ээк алдыңа келмейин, ак корозду кондуруп алганбы деп ойлойсуң. Анын куш экенин жаныңа келгенде гана тааныйсың. Туйгун менен шумкарды алып жүрүш, аларды салыш кандай сонун кооздук, кандай сонун ырахат!

Туйгундун экинчи түрү — тунжур. Бул да куштун кырааны, бул да коозу болот. «Тунжур салсаң тунасың» деген сөз ушундан улам айтылып калган. Тунжурдун жүндөрү тиги туйгундукундай текши аппак болбойт. Сырткы жүндөрү, канат-куйруктары бозала келет да, көкүрөк жүндөрү туйгундукундай ак болот. Бирок өтө чымкый ак эмес.

Арасында бирин-экин бозаласы да бар. Ал туйгундай түлөгөн сайын агарбай, жөнөкөй куштардай жыл өткөн сайын көгүш тартып кетет. Мунун да кырааны, кыраан эмеси бар.

Куштун дагы бир жакшы түрүн кара кашка тынар дешет. «Тынар салсаң тынасың» деген элдик сөз бар эмеспи. Тынардын канат-куйрук жүндөрү жөнөкөй куштардыкындай эле. Аны маңдайынан карасаң тааныйсың. Эки каштын ортосунан тумшуктун башталыш түбүнө чейин кара сыр менен тартып кеткендей дапдаана ичке кара так созулуп турат. Ошол кара из түлөгөн сайын нугун жоготпой, капкара болуп кашкаят.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бүркүттүн кыраандарын мүнүшкөрлөр үч түргө бөлөт: Баатыр чегир, Бай чегир, Куу чегир.

Баатыр чегирдин жүндөрү тыкыс келет да, сыртынан караганда жылмакай, жылтырак, сулууча көрүнөт. Кондуруп чыкканда канат-куйругу күнгө айнектей чагылышып, алда кайдан көрүнөт. Туурда тынч алып олтурбайт. Көп талпынат. Томогосун тартканда көзүнө эмне көрүнсө: мейли каман, мейли аюу же жолборс болсун, алы жетпесе да, жетсе да жулуна берет.

Бай чегирдин жүнү узун, үрпөк баш келет. Туурда да, колдо да тынч олтурат. Жоош болот. Бай чегирди мүнүшкөрлөр кирешелүү бүркүт деп эсептешет. Анткени, салынбай үйдө турса да, үйдүн ээсине киреше өзү эле кире берет имиш.

Куу чегир бүркүттүн өтө кырааны. Аны мүнүшкөрдүн мүнүшкөрү салат. Кокус ала турганын ала албай жазып калса, кайра келип өзүнүн ээсине кол салат. Куу чегир туурда олтурганда көп силкинип, көп кагынат. Анын тууру, буту-колу, боочусу, кондурган ээсинин мээлейи да майланышпай, куурап турат деп кеп кылышат мүнүшкөрлөр.

Калган бүркүттөргө да түрлөрүнө, алгырлыгына карап, мүнүшкөрлөр өз-өзүнчө ат коюп алышат.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон


КАРА ШУМКАР

УЯ ТАЛАШ
Чырпыктынын капчыгайы өрөөнү узун болгону менен эки бети кууш, тар капчыгай, өрдөп олтурсаң улам жогорулаган сайын бийик. Улуу тоолордун алкымына чейин созулат. Бирок башы туюк. Атчан киши түгүл жөө адам басып өтө албайт. Өрөөндүн башынан учуна чейин коктунун таманын тең жарып, сойлогон жылаандай ийрелеңдеген анчалык чоң эмес чакан суу агат. Капчыгайдын он жаккы бети дагы, сол жаккы бети дагы касаб жарлар. Анда-санда гана ташка жабыша чыккан түп-түп ит мурун, шилби, арчалар алыстан-алыстан сербейип көрүнөт. Кээ бир жерлери тимеле кылыч менен жара чапкандай типтик. Ала-сала көргөн адам жогорку бийиктиктен туруп төмөнкү суу аккан коктунун таманын эңкейип караса башы тегеренип, жүрөгү опкоолжуй түшчүдөн. Канаттуу куш болбосо жан дит багып карачудай жар эмес.

Ошол капчыгайдын эки бетин алмустактан бери канаттуулар уялап, канаттуулар ээлейт. Бир уя бүркүттүкү болсо, бирөө жорунуку, бирөө ителгиники болсо, бирөө ылаачындыкы, бирөө турумтайдыкы болсо, бирөө жагалмайдыкы. Айтор уядан уя, үңкүрдөн үңкүр. Ала карга, кара карга, көк карга, үкү, кулаалы, айры куйрук, балта жутар, көк кутандан баштап, канаттуулардын түркүн-түркүн түрлөрү ушул Чырпыктынын жарларында жазында жумурткалайт да, анан канат куйругу жетилип торолгондо балапандарын учуруп кетишет. Кимиси кайда кетип, кимиси кайда жүргөнү белгисиз. Балапандар аккүп, темир канат болуп калган учурда ошерде болсоң өрөөндүн эки бети кой төлдөп, козу жамырап жаткандай ызы-чуу, күрү-күүгө кулак тунат.

Мамбеталы саятчы ошол жылы жазда жедеп адат болуп калган жоругун улап, ат тезегин кургаткан жок. Чырпыктынын капчыгайын күн сайын өрдөп, анын эки бетиндеги зоо-аскалардын кычык-кучук ой чуңкурларына алыс-көз чаптырып, кайсынысы кандай жерге уя салганын байкап жүрчү. Жедеп бешиктен бели чыккандан тартып алгыр канаттуулардын артынан түшүп, тор жайып, кылтак салып, тузак тартканды өнөр көрүп калган саятчы мындайда үйүнө бир күн да тынч алып жатабы. Дамамат кудайдын куттуу күнүн кур калтырбай көнгөн киши кызык устүндө болуп, кесибин уланта берет эмеспи.

Ошол жылы жаздын асманынын ачык күндөрүнүн биринде Чырпыктынын капчыгайын өрдөп олтуруп, алкымдап калган учурда бир укмуштуу кызык окуяны көзү менен көрүп, кызыгына батты Мамбеталы. Канаттуулар жаз алды менен туутка камынып эски уяларын оңдоп, кай бирлери жаңы уя түптөп жаткан учуру болучу. Адатта алгыр бүркүттөр улуу тоолордун жалама аскаларынын адам баласы даап бара албагандай бийик беттеринен ыңгайлуу жай таап, анан ошол жерге уя салат эмеспи. Айрыкча бүркүттүн балапанын алыш оңой-олтоң иш эмес. Ага аракеттенгендер жанын оозуна тиштеп, өлөр-тирилерине карабайт. Даана жан кечти деп ошолорду айтат. Төрт тарабы тең туптуюк бүркүт уяга айлакерлер төбөсүнөн түшүүгө аракеттенишет. Адегенде чокусунан ылдый аркан чубатып көрүшөт. Атайын коюлган кишилер аркы өйүзүнөн же төмөнкү оюнан аркандын учунун уяга жеткен, жетпегенин карап турушат. Дааналап өлчөөсүн тактагандан кийин эки-үч кыл арканды кабаттай эшип, анын бир учун уяга түшчү «баатырдын» белине бекем байлап, экинчи учун төбөсүнө житире казык кагып, ошого бекитишет. Ал аз келгенсип үч-төрт киши кармап турат. Анан уяга түшчү «баатырды» зоо ылдый жылмыштырып типтик коё берет. Шар коё бербейт. улам саап, аз-аздан жылдырып олтуруп уяга жеткирет. Эми ал уяга барганга чейинки жол азабынын жүзү курусун. «Жол азабы көр азабы» дегендей — тирүүнүн тозогу. Салаңдап түшүп баратканда этек-жеңинин бир жери оркойгон учтуу таштарга илинип чыкпай калса не болот? Же зооканын бетиндеги кылычтын мизиндей курч таштардын бирине туш келип аркан кыйылып кетсечи? Болбосо уркуйган бир борчуктун ашташына аркан кыпчылып калып ары да жылбай, бери да жылбай туруп калсачы? Бүттү... «Баатырдын» сөөгү сөпөт, эти эпет болот да калат. Ушундай эрдикти жасайм деп далай «баатырлар» күм-жам болгон эмеспи.

Мындай бийик зоолордогу бүркүт уяга түшкөндөрдүн белине таяктан узунураак эки метрче келген ичкерээк жыгачты туурасынан байлап коюшат. Антпесе уяга түшүп бараткан адам чимирилип айланып кетет да, аркан жазылып олтуруп чарт үзүлөт. Ал эми байланган жыгач болсо адамдын тегеренип кетишинен сактап, арканды жазылтпай эки башы жалама таштарды сыдырып, улам ылдыйлап жыла берет. Белинен байланган «баатыр» ошентип олтуруп уядагы балапандарга жетет. Андай эрдиктер ушуну менен эле бүтсө болбодубу, бүтпөйт. Кокус уядагы балапандарына аракет кылып жаткан душмандарды бүркүттөр көрүп калса, анда балакет болду дей бер, тиги арканга байланган киши түгүл жондо калган тобуна кол салат. Ошондой кокустук болуп калбас үчүн кырда турган адамдар улам качырып сала берген бүркүттөрдү чочутуп мынтык менен атып турушат. Ал түгүл балапанга барган «баатыр» да өзү менен кошо мынтык ала кетет. Болбосо уясына жакындаган адамды иче-кардын жара тартып, серпип таштаган бүркүттөр да болгон. Мындай эрдик иштерге баатырдын баатыры, жүрөктүүнүн жүрөктүүсү дит багып барбаса, кокус «сен барасың»—десе эле жөнөй берип, бирок тигиндей окуяга кабылганда «алаасын» булгаган «баатырлар» да болгон да.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ушундай азап-тозокко чыдап билгендер эрдикти көрсөтүп, уяга жеткенден кийин, адегенде өзү менен кошо ала барган куржунга балапандарды салып жогору жөнөтөт. Андан кийин чокуда калган жолдоштору аны тартып алышат. Чырпыктынын зоосунда ошондой татаал уядан бирөө бар эле. Аны жылына алп кара куштай болгон эки бүркүт ээлешчү. Башка бүркүттөр алардан уяны талашмак түгүл жакындагандан коркчу. Жыл сайын бир же эки балапан чыгарып, канат куйругу жетилгенден кийин учуруп кетишчү. Алардын балапандарын алыш үчүн адам дит багып уясына бара алышчу эмес. Мамбеталы саятчынын да нечен жолу кызыгып, нечен жолу шилекейи чууруган. Бирок колунан келген эмес. «Өлө турган жерге ким барсын» — деп эл анын акылына муюбай коюшкан.

Мамбеталы Чырпыктынын өрдөшүн өрдөп олтуруп, баягы азаптуу бүркүт уяга жакындаганда окшоштугу бири-биринен айырмаланбаган капкара эки ителгинин ошол уянын оозунда чабалекейдей катар олтурганын көрдү. Аласала караганда кичирээк бүркүттөй көрүнгөн. Бир аз көз үйүр алгандан кийин экөөнүн тең ителги экендиги даана билинди. Мамбеталы ойлоду: «Баягы берендер быйыл келбей калышкан экен го. Өлүп калыштыбы, же колго түштүбү? Уяны бул экөө ээлешиптир. Же булар ээн уя деп жатышабы? Кокус бүркүттөр келсе экөөнү экөө чеңгелдеп кетет эмеспи. Андан көрө шордуулар ушундайында башка жактан уя издеп, өз жайын табышсачы?.. »

Мамбеталы ушундай ой жүгүртүп кылдыратып бастырып бараткан кезде, кайдан-жайдан чыкканы белгисиз асмандан күркүрөгөн добуштун үнү угулду. Мамбеталы баш көтөрүп көктү карады. Баягы кара бүркүттөрдүн бирөө— тиги ителгилер олтурган уянын накта ээси. Эки бутун салаңдата сунуп, алакандарын арбайта ачып, шадылуу колдорунун курч тырмактарын аткурдай арсайтып, далдайган канаттарын бооруна бекем кыса куушуруп, касташкан жоосуна найза сунуп качырып келаткан баатырга, окшоп, тээтиги уянын оозунда олтурган эки ителгини көздөй шукшурулуп сала берген экен кайран берениң. Бүркүттүн дуулдаган дабышынын илеби жакындагандан жакындап, чукул кирип келгенин сезип калган ителгилер бүркүт жуп шыпырып аларда кош ооз мынтыктын оозунан чыккан октордой отурган орундарынан типтик атылып, экөө тең асманга көтөрүлүп чыкты. Күү менен келаткан бүркүт өз боюн өзү араң токтотуп, тигил экөөнүн бош ордун шыпырып олтуруп калды. «Улуксатсыз эшигимди ээлеп, төрүмдү төрлөгөн салпаяктар, канатымдын күүсү, тырмагымдын уусу менен далдайган айбатымды, күркүрөгөн кайратымды, ормойгон тумшугумду көргөндө жүрөктөрү оозуна келип, жай аларга жай, кирерге көр таппай безе качты бейм», — дегенчелик кылып өзүнө-өзү шердене түшкөн берендин ачуусу чыгып, тула бою жазыла түштү окшойт, ошондон кийин канат-куйругун камыштай шуулдаган чалгындарын кайра-кайра шалдырата-шалдырата силкип-силкип, шамал желбиреткен отор үйдүн тутусундай эки канатын далбак-далбак каккылап, бүткөн боюн таранып, коюу жүндүн арасынан сербейип чыккан бирин-серин талдарын иймекей чоң тумшуктун учу менен мурунку калыбына алпарып өз-өз ордуна, өз-өз ыгына жараша коюп жатты. Анан эки жагын каранып, айлана-чөйрөгө көз чаптырган болуп, куркуйган мойнун ары-бери койкоктотуп, маңгил орок баштанган оркойгон тумшугун эки канаттын мүрүлөрүнүн кырларына чалгы кайрагандай жанып-жанып алды да, анда-санда капкайдагыны көргөн тунук кара көздөрү менен көгөргөн көк асманды, аны курсакка челип турган оркойгон асабалардын шиш чокуларын биринен сала бирин сыдырып карап коюп, уясынын оозунда козголбой локуюп отура берди.

Жанакы эки ителги коркуп калышканбы бийиктегенден бийиктеп олтурушуп, тунук асмандын киндигине теменеден тепчилип кирип кеткендей болушту. Мамбеталынын көзүнө ал экөө бүлбүлдөгөндөн бүлбүлдөп барып, асмандын айнектей тунук бетине эки тоголок кара тактай кадалып калды. Бир оокумда ошол эки кара тактын бирөө көгөргөн көктөн үзүлүп кеткендей түптүз ылдый, топтоголок кара таштай шуулдап, жакындагандан жакындаган сайын ачуу үнүн үстөккө-босток ышкыртып келатты. Бул добуш бүркүттүн күркүрөгүнөн күчтүү десе күчтүү, сүрдүү десе сүрдүү көрүнөт. Аңгыча болбой уянын оозунда эч нерседен капарсыз олтурган бүркүт тиги чукул кирип келаткан каардуу добушту сезип, ордунан обдула берерде күү менен келаткан ителги эки далынын дал ортосу көк желке талаштыра барыскан менен ургандай уруп өттү да, кайра асманга ылаачындай типтик атып чыгып кетти. Бүркүттүн эмне болуп, эмне койгонун кылчайып караган да жок.

Бүркүт заңгелдин башындагы уянын оозунан төмөн карай далдайган бойдон ыргыткан тердиктей жазылып келип, суу жээгиндеги түзөңчөгө талп дей түштү. Муну көрүп турган Мамбеталы колунан чылбыр тизгинин ыргытып жиберип, аттын үстүнөн кандай учуп түшкөнүн билбей, тиги жайган теридей болуп жер кучактап жаткан бүркүттү көздөй чуркады. Мамбеталы жетер менен бүркүттүн оозунан уюган-уюган кара кандардын балт-балт түшүп жатканын көрдү. Бир аздан кийин бүркүт оозун бир-эки жолу ачып-ачып алды да, анан көздөрүн жашылдантып жарык дүйнө менен түбөлүк коштошту.

Мамбеталы «баатырдын» жоо менен беттешпей, капыл-тапыл өлгөнүнө өкүндү. «Эр энөө болот» деген ушул. Энөөлүгүнөн алдырды да, болбосо ошол муштумдай неменин колунан келет беле?»

Мамбеталы бүркүттү өлүмгө кыйбай: «Кокус талуу жерине тийсе эс алдырып алам го» деген ойдо шаша жетип барган. Ал бүркүттүк узун чалгындарынын учтарынан кармап ары дагы, бери дагы ала салдырып көрдү. Жок, жан жок. Көрсө эки далынын ортосундагы кыр аркалар күкүмдөй талкаланган окшойт. Мамбеталы кол тийгизген сайын сөөктөрү кычырап турду. Анан өзүнчө кобурады:

«Кайран гана кыраан, кайран гана асыл, тирүүңдө көк асманды нечен жолу чарк айланып сыздың ээ. Кебездей ак булуттарды жарып өтүп, далай-далай аска зоолордун катмар-кабатын, ой-чуңкуруна чейин арытып эчки-теке, аркар-кулжаларды бир зоодон бир зоого көтөрө чаап учкандырсың. Кезеги келгенде карышкыр, илбирс, аюу, жолборсторго да кол салгандырсың. Мынабу карыш-карыш шадыларыңдын узундугу, уу тырмактарың өзү эле айтып турбайбы. Ошолор кантип тирүүнүн жанын койсун, ар бирин адам дит багып карай алчудан эмес. Көргөн көзгө эки миздүү канжардай илеби муздак учурайт. Мынабу олуп алчудай айбаттуу көк тумшугуңдун иймекей учу далайлардын кардын эше тартып, далайлардын жүрөк, боорун жарып, ысык канына баткандыр».

Мамбеталы бир аз токтоло калып баш чайкап оор улутунду: «Мына тагдыр деген ушул экен го чиркин!.. «Кечээки көргөн бүгүн жок, бүгүнкү көргөн эртең жок, ушундай экен дүйнө шок». «Карачы муну. Кайран гана асыл, кайран гана кыраан, тирүүсүндө учу-кыйырына көз жетпеген көк асманды жеке ээлеп, бул кеңдикке менден башка бийлик кылар, менден башка эгедер болор макулук жок деп жүргөндүр ээ. Кийин соңку өмүр менен өлүмүн ойлоду бекен бул эргул? Ай ким билет? Малдыр-жандыр, адамдыр, айбандыр, асманда эркин учуп канат кагып жүргөн куштур, акыр түбү айланып олтуруп өмүр аягы өлүм болуп бүтөт экен го! Туулганың чын болсо, өлөрүң андан да чын. Туулбай калышың мүмкүн, өлбөй калышың мүмкүн эмес тура».




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ушундан кийин Мамбеталы өлгөн бүркүттүн денесин колтуктаган бойдон ооздугу менен оттоп аткан атына жетти да, аны көрпөчөсүнө ороп бөктөрүп койду. Бөктөрүнчөктүн бир жаккы учунан бүркүттүн тумшугу менен башы, экинчи жагынан канат куйругунун учтарына аралашып буттары менен тырмактары арсайып чыгып турду.

Мамбеталы аттын башын буруп, жуп бастыра берерде асманда дагы күр-күр, дагы шар-шар башталды. Барк-барк эткен ителгинин үндөрү, күн күркүрөгөндөй дүңгүрөткөн бүркүттүн добушу угулду. Мамбеталы мойнун буруп көктү караса баягы эки ителги. Ортодо далдайган чоң кара бүркүт. Сыягы тиги өлгөн бүркүттүн түгөйү болсо керек. Бирпастын ортосунда асмандын тынчы кетти. Жалгыз да болсо бүркүттүн жаасы катуу. Ителгилердин биринен сала биринин артынан түшүп, алардын үрөйүн учурчудай күркүрөп-шаркырап, сүрдүү добуш салып, аяң-буяңга келтирбей сесин алып жиберди. Ылдый тике качырса да, кайра асманга атып чыкса да, эки канатын бооруна бек кыса куушуруп, качан гана көздөгөн жоосуна жакындай бергенде арбайган колдорун жоон балтырларына чейин шымалана сунуп жиберип аткып алчудай абалга келе түшөт. Кокус тиги ителгилердин бирөө анын арсайган чеңгелинин бирине илине калса, мыкчып туруп коё берген күндө да чымындай жаны кала турган эмес. Өпкө-жүрөгү, иче-карды, кан-жини аралашып бытмыйы чыкчудай.

Бирок, ителгинин кайсынысы гана болбосун бүркүт шукшурулуп чукул кирип келип, серпип аларга аз эле калганда, ай эми илип кетти го дегенче болбой, андан шып буйтап асманга типтик атып чыгат да, анан ошондон ары жоголуп житип кетпестен кайра кырданып аңтарыла түшүп барып төмөн жагында калган бүркүттү көздөй сайылып кирет. Канча кылган менен ителгилер аларман келет эмеспи. Өзүлөрүнөн алда канча чоң, айбаттуу десе айбаттуу, каардуу десе каардуу, күчтүү десе күчтүү жоосунан жүрөксүп апкаарыбай, өжөрлүккө салып тартынбастан согушуп жатышты.

Бүркүт ителгилердин бирөөнүн артынан сая түшүп, жуп чеңгелдеп кетерине чукул калганда, экинчи ителги бүркүткө кулач бою жете келип дал ортого таамай муштап өтчүдөй камданып калганын көрөсүң. Үстүндөгү коркунучту байкаган бүркүт алдыңкы жоосунан арткысы күчтүү экенин сезип, кайра чалкалай калат да ага арбайган тырмактарын тосот. Андай болгондо ителги бүркүткө жолой албай жазгап өтөт. Ителгини бүркүт, бүркүттү ителги жогору жагына чыгарбоого аракеттенишет. Этек-жеңди ###### өткөн мынтыктын огундай бири-бирине дал тийише албай коюшту. Канаттын күүсүнөн зуу-зуу эткен гана үндөр асмандан жерге угулуп турду.

Бүркүт менен ителгилердин уя талашкан согушу узакка созулду. Чоң шашкеде башталган айыгышкан кармаш күн төбөгө жакындаганда бүттү. Шуулдаган канаттар асмандын коюу абасын уйгу-туйгу түшүрүп далай жолу чалмакейдей чалып, далай жолу кайра-кайра, ары-бери аралаштырып, чулгуп-чулгуп ташташты көрүнөт, тунук асман мунарыктап боз түшкөндөй болуп калды.

Мамбеталы бул эки ителгини: «Ылаачын болуп жүрбөсүн» деп далайга чейин күнөм санап олтурган, анткени булардын кыймыл-аракети ителгилерге караганда ылаачындарга окшош эле. Тез-тез бурулуп, тез-тез кайрылышат. Мындай шамдагайлык ылаачында болоорун Мамбеталы беш колундай билет. Ал эми ылаачын дейин десең ылаачын ителгиден учкулдугу болбосо, коркок келет. Бүркүттөргө алгыр канатуулардан жалгыз гана ителги кол салат. Ага караганда булардын ителги экендиги даана.

Бүркүт жалгыздык кылдыбы, анын үстүнө улам бийиктикке тез көтөрүлүп, тез түшүп жатканга, нары семиз (жапаныңда алгыр канаттуулардын баары семиз болот), нары эти оор кургуруң мурдагыдай бийик көтөрүлө албай эңиштей баштады. Асмандын жогору жагын ителгилерге алдырып жиберди. Дагы Мамбеталынын чала-моңол шектенгени, жанагы айыгышкан катуу салгылаштын биринде тигил экөөнүн бирөө бүркүттү жон талаштыра чала-моңол нукуп кеткендей болгон. Балким ошондон уламдыр, бүркүттүн күүсү мурдагыдай болбой, бошоң тартып бастай түштү. Андан кийин ителгилерге каршылык да кыла албай, айбаты да мокоп, кайраты да кеткенсип, алар качырса улам чеңгелин тосо берип, мурдакыдай беттешип чабуулга өтө албай баш калкалап, өз жанын өзү коргогонго өттү. Эки ителги жоонун шайманы бошоп, жөн тарткан абалын байкап калышты көрүнөт, баштагыдан да катуу күчөп, алдан тайыган бүркүттү алма-терме, соккунун үстүнө-сокку урушуп, кайта-кайта биринен сала бири удаа-удаа койгулакка алып жиберишти. Дагы бир согушканда ителгилер бүркүттү жалпайтып таштамак. Акыры кандай зор күчү бар балбан болсо да — жалгыздын иши жалгыз экен го чиркин! Тиги түгөйү болгондо эмне? Анда эки-экиден болушпайт беле. Ителгилер жеңет беле, бүркүттөр жеңет беле аны ким билсин? Жана мурункусун жалпая электе бул берен кайда жүргөн? Анда оюнда эч нерседен кам жок тээтиги заңгелдин башындагы соройгон шиш чокунун учунда кечки чабыттуусун күтүп олтурбады беле. Бул кайраның качан гана түгөйү уянын оозунан ойду карай сорок дей түшкөнүн көргөндө жүрөгү болк этип ордунан козголо түшүп, алда кандай болду деп асманга атып чыккан болучу. Мына эми кайран гана баатыр, кайран гана шер. Күнү кечээ учу-кыйырына көз жетпеген көгөргөн асмандын ээси жалгыз өзү болуп, менменсип жүргөндөрдүн бири эмес беле? Карачы эми муну, кордук деген ушул экен да? Өзүнүн он бөлүгүнүн бир бөлүгүнчө келбеген муштумдай эки ителгинин алдына түшүп, зор башы кор башы болуп, ал-күч, кайратынан тайып, артуудан-артуу, белден-бел, кырдан-кыр ашып, бет алган жагын көздөй «кылак-кылак» деп жан соогалап качып баратканын. Ай-ай-ай!.. Турмушуң кургур! «Баатырдын башына иш түшсө бараарга багыт, батарга чуңкур табылбайт» деген ушул экен го чиркин! Бири кем жалган дүйнө! «Төө арык болду, дөө карып болду» деген ушу да.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Качкан жоону качырган жоо койчу беле? Баягы эки кара ителги бүркүттүн артынан сая түшкөн боюнча кетишип, кайра бири-бирин куушуп бат эле баркылдап жетип келишти. Каардуу жоосун жеңгенде адамдыр, айбандыр же канаттуу куштур кубанбай койчу беле? Жүрөгү жарылганча сүйүнүп, маңдайы кашкайганча жаркылдабайбы. Буларга да ошондой кубаныч пайда болгон көрүнөт. Далайга чейин уяга келишпей бири-бирин ойкуп-кайкып кубалап, кайта-кайта барк-барк үн чыгарышып, каардуу душмандарын айыгышкан салгылашта кайсап таштагандарына жетине алышпай, жеңиш менен аяктаган эркиндиктерин даңазалашкандай бири-бирине айкалышат, даң салышат. Бир аз мурун айыгышкан согуш болуп өткөн бүдүрү жок көк асмандын жүзүн жарк эттирип күлкү-кубанычка чайып, далайга чейин ары-бери куушуп ойноп жүрүштү. Анан бүркүттөн тартып алган бийиктеги уянын оозуна биринин артынан бири канат ирмебестен сызып келишти да, чабалекейдей окшошуп катар олтуруп калышты.

Ал эми баягы качкан «баатырдын» тагдыры кандай болду экен? Кандай болмок эле, ал-күчтөн ажыраган шордуу, жан соогалап кетип баратып тоо-таштын бирине урунуп өлгөндүр, а балким тиги артынан сая түшкөн эки оен аны аямак беле, кууп, олтуруп жерге жабыштыра жалпайта тээп, оозунан кара канын кулгуткандыр.

Мамбеталы саятчы отуз жыл бою кышкысын куш күйүп, жазгысын ителги, бүркүттөрдүн балапандарын алчу. Бой тарткандан бери канаттуу куштар менен аралаш өскөн адам. Көл айланасында чанда бирөө болбосо, андан озгон, андан кыйын саятчы мүнүшкөр жок. Ошол отуз жыл өмүрүнүн ичинде мындай шумдук, мындай кызык окуяны биринчи жолу көрүп, биринчи жолу үстүнөн чыгып олтурат.

Мамбеталы ар кыл ойго батып, ат үстүнөн башын шылкыйтып Көл кылаасындагы үйүн карай кеч бешимде жолуна түштү.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон


ЖАЛГЫЗ БАЛАПАН
Бирде бүркөк, бирде жаркырап-жайнап чайыттай ачылып турган жаздын жанга жагымдуу күндөрү. Булут жашып, жаан-чачын өксүбөй жабалактап, чөп чыгып жаткан учур. Ошол жаздын башынан баштап Чырпыктынын зоокалуу бийик жарларына Мамбеталы көп барчу болду.

Бүркүттүн уясын тартып алган эки ителги Мамбеталынын тынчын алды. Отурса-турса да оюнан кетпей конду. Чырпыктынын жарларына жыл сайын тууп балапан учурган бүркүттөн тартып, турумтайга чейин алгыр канаттуулар көп эле болгон. Алардын бир даары Мамбеталынын көзүнө өзүнүн үй канаттууларындай жедеп үйүр алып калган. Отуз жыл бою алгыр канаттууларга асылып жүрүп бүркүттөрдөн, бүркүттөр болгондо да кандай бүркүттөр дейсиң, апыртып айтканга алп кара куштай бүркүттөр, ошолордон уяны тартып алган мындай баатырларды Мамбеталы өмүрүндө биринчи жолу көрүп олтурат. Анан кантип бул экөө эстен кетсин, кетпейт да.

Барган сайын суу жээгиндеги жашаңга атын жайдактап коё берет да, көрпөчөсүн астына төшөп, ээр токумун башына жазданып бирде үргүлөп, бирде ойгонуп уйкулуу көздөрүн ачакей-жумакей кылып, баягы бийик зоодогу бүркүттүн уясын анда-санда тиктеп коюп кырданып жата берет. Эки ителги биринен сала бири шак-шак учуп келип уядагы балапанга алмак-салмак кезек менен жем ташып турушат. Ителгилер жокто өрөөндүн эки бетиндеги ызычуу кулак мээни тундурат. Ал эми ителгилердин бирөө же экөө баркылдап жетип келгенде чыйылдаган балапандардын да, шаңшыган эне-аталарынын да жаагы жап, Тымтырс боло калат да, өрөөндө мемиреген тынчтык өкүм сүрөт. Качан гана ителгилердин карааны үзүлгөндөн кийин аягы ызы-чуу, күрүгүү кайра башталат. Мурунку эки бүркүттүн учурунда да мындай болгон эмес. Анда ар кимиси өз жайында жатканы жаткан, учканы учкан, эч нерседен капарсыз болушчу.

* * *

Жаркыраган жаз өз сапарын аяктап түнү кыска, күнү узун жайдын толукшуган мезгилине кезегин өткөрүп берип узап бараткан кези. Кирген буурадай буркан-шаркан түшүп эки капталын эңшере кемирип, ак көбүгүн асманга бүркүп, уйдай ташты уйпалап, койдой ташты коңторо койгон өзөндөгү чоң дайралар жоосун сайып ачуусу тараган баатырларга окшоп мурунку калыбына келип жайлана түшкөн. Малдуулар малын төлдөтүп, козу, улак, кулун, музоолорун торолтуп, жайлоо жайлагандары жайлоолорго көчүп, шалбаа сугарып, эгин баккандары жакада — ар кимиси көр оокат менен алышып калган.

Мамбеталынын колу тайкы, жок жардынын бири. Жалгыз ат, жалаң тон. Бирин-экин кой-эчки майда жандыгы болбосо, анчалык оокаты жок. Жадаганда бир уйдун саанын дагы «чөп чаап берем» деп байлардан сатуулашып алчу. Өмүрлүк жары Бурма экөөнүн ортосунда он үчтөн он төрткө карап калган жалгыз эркек баласы бар, аты Кырмантүп. Акты, каралы кылып Бурма бечара көп бала төрөгөн. Бирок кудай койгон жок. Өлүп-өлүп токтобой жүрүп ушул Кырмантүбү калган. Атынан эле билинип турбайбы. «Башкаларынын баарын алды, эми деги кудай кырманга түп калтырса ушуну коёр бекен?» дешип, атын Кырмантүп коюшкан.

Күндөгү адатындай Чырпыктынын өрөөнүн бет алып Мамбеталы дагы аттанып жөнөдү. Бул жолу жалгыз эмес, Кырмантүптү учкаштырып алды. Ата-бала ар кайсынын башын айтып кобурашып олтуруп баягы бүркүт уянын тушуна келишти. Өрөөндүн ичи адаттагыдай ызы-чуу, күрүгүү. Өйүз-бүйүз бийик жардын боорундагы уялардын оозунда канат-куйругу жетиле жаздап калган балапандар катарга тизилгендей үчтөн-төрттөн болушуп, төмөнкү капчыгайдын өзөгүндөгү жылтырап аккан агын сууга таңыркап карап турушат. Кырмантүп тестиер болгондон тартып атасын ээрчип алчу болду. Анын да чоңойгондо ата жолун улап саятчы-мүнүшкөр болоору баланын шыгынан эле байкалып турат, Бул жолу «калып кал» десе да болбой: «Бүркүттүн уясын тартып алган эки ителгинин балапандарын көрөм» деп, атасына учкашып алган. Ышкысы кайнаган жаш бала шашкалактап жалаң эле ителгинин уясы эмес жардын жаракаларындагы бардык уяларга эки-үч сыйра сыдырата көз чаптырып чыкты.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Мамбеталы өрөөндү өрдөп жетер жерине жеткенде башка уялардагы ызы-чууга көңүл бурчу эмес. Эки көзү бүркүт уядан өтүп, кетер-кеткенче анын оозун карап олтурчу. Бул жолу да мурунку калыбынан жазган жок. Тиктеп олтуруп кареги талып кетти көрүнөт, баласына:

— Сенин мага караганда көзүң курч, жакшылап карачы, тетиги уянын оозун, мага бирөө эле көрүнөт, байкачы, ар жагында дагы болбосун? — деди. Кырмантүп уянын оозунан көз албан олтурган атасына кылчайып:

— Жок ата, башкасы билинбейт. Жалгыз балапан экен, жалгыз да болсо мага чоң ителгидей көрүндү, — деп кадимки акылы жетик эстүү кишидей жооп берди атасына.

Мамбеталы бир азга ойлонуп, анан ичинен сүйлөндү: «Эми муну кантип алыш керек? Адам баласы бара албай турган татаал жайда турат. Кокус беш-алты күн өтүп кетсе анда кур жалак калганым. Башка ителгилердин уясындай болсо го бир жөн болчу. Ай ушул балапанды алсам, кудайга арманым жок эле!» Мамбеталы өзүнөн-өзү бушайман болуп ак эткенден так этти да калды.

Ал күндүн да кечи кирди. Мамбеталы баласын учкаштырып үйүн көздөй жол тартты. Жолду жолдото тиги жалгыз балапандан башка оюна эч нерсе түшпөй, башын ат жалына салаңдатып үн жок, сөз жок бастырып бараткан Мамбеталыны кызык уйкуда жаткан кишини чочутуп ойготкондой артында учкашкан баланын «ата» деген коңгуроонун үнүндөй шыңгыраган жагымдуу добушу селт эттирди. Кырмантүптүн да уянын оозундагы жалгыз балапан оюнан кетпей көзүнө элестеп бараткан.

— Ата?

— Ии?

— Кокус ушул балапанды кармап алчу болсоңуз мага бересизби?

— Берейин айланайын, сага бербегенде анан кимге берем.

— Таптап бересизби?

— Таптап берем. Таптап бербегенде анан, садага болоюн, андан көрө кудай колго тийгизсинчи?

— Тийгизип калар ата?

Бала мүнөзү кандай сүйкүм, кандай кызык! Балапанды колуна кондуруп тургандай жылмайып күлүңдөн түштү. Кырмантүп.

— Оозуңда бардыр, оозуңдан айланайын — Мамбеталы баласынын үмүттүү сөзүнөн тула боюн ысыткан рахат ала түштү. Кылчайып караса Кырмантүптүн татынакай жүзүн сүйүнүч чайып, эки бети албырып, көздөрү күлүңдөп турган экен. Аны көргөн Мамбеталынын ого бетер ичеги-карды эзилип, бүткөн бою ысып-күйүп эрип кете жаздады. Ата-бала кобурашып олтуруп үйлөрүнө кандай жеткенин билбей да калышты.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

* * *

Арадан алты күн өттү. Ошол алты күндүн бирин да кур калтырган жок Мамбеталы, түнкүсүн үйдө болуп, күндүзүндө уяга барып-келип турду. Жетинчи күн дегенде айылдагы жатакчылардын эс тарткан бала-бакырасынан болуп чака, дагыра, аркан, жип байланган аттуу-жөөлүү, учкашып-чиркешкен он-он бешке жакын эр бүлө Чырпыктынын капчыгайына келди. Ал жерден Мамбеталы барган топту эки тарапка бөлүп, өзү коктунун таманында үч-төрт киши менен калды. Бөлүнгөндөрдүн бир жагы өрөөндүн оң жак кырын, экинчи жагы сол жак кырын кырдап чубашып олтурушту. Бүркүт уя зоонун оң жаккы бетинде болчу. Эки топ уяга тушташ келгенде ойдо калгандардын арасынан Мамбеталы тебетей булгады. Эки жаккы топ тең токтоп калды. Мамбеталы буга чейин уядан чыгып, үңкүрдүн оозундагы таштын кырында олтурган баягы жалгыз балапанды жанындагы жолдошторуна көргөздү. Алар да көпкө кызыгып балапанды карап калышты. Бир оокумда Мамбеталы тебетейин булгалап уя жаккы тараптагыларга белги берди. Алар аркандын учуна байланган чакаларына таш салып калдыраткан бойдон балапанды көздөй чубалтыштышты. Кай бирөөлөрү шагыратып таш кулатып киришти. Дагы бирөө дагырасынын кулагына көтөрмөсүн байлап зоо ылдый калдыратып турду. Уянын жогору жагы кыйкырык-чууга толуп кетти. Кээ бир бийиктен кулаган чоң-кичине таштар балапанды жандап өтүп таштан ташка урунган бойдон зырылдап келип өрөөндүн жай аккан суусуна «чалп» этип түшүп жатты.

Кулактын кужурун алган ызы-чуу алааматты көргөндө балапандын жүрөгү болк этип, уча тургандай — уча тургандай болуп барып кайра канаттарын жыйып алды. Калдырт-шалдырт, ызы-чуу баягынын үстүнө күчөгөндөн күчөп, тоо бүт урап, зоо түбү менен кулап келаткандай майда шагылдардан бери капталдан кошо куюлуп, буркураган кумдуу чаң асманга көтөрүлдү. Аңгыча болбой бийиктен учуп келаткан чөйчөктөй тоголок таш дап-даана уянын оозуна келип бир тийип, зуулдаган үн чыгарган бойдон ойго барып түштү. Балапандын ажалы жок экен, аз жерден өлүп кала жаздады. Ошол таштан кийин балапан катуу чочуп, ошол таштан кийин ордунан обдулуп уча качты да, уясына маңдайлаш тушма-туш келген жардын аркы өйүзүнө барып конду. Ал жактагы ызы-чуу, калдырт-шалдырт андан күчтүү, андан беш-бетер болду. Балапан кайра мурдагы өйүзгө барып конду. Ал түгүл балапан учуп баратканда эки жагыныкы аз келгенсип, коктунун таманындагы Мамбеталылар да тебетейлерин көкөлөтө ыргытышат, этек жеңин каккылап асман көктү жаңыртып чуулдап жиберишет. Бир быяккы, бир тыяккы капталга тынбай учуп жатып, күчкө толо элек балапан бат эле чарчап калды. Алыска учуп көнбөгөн жаш неменин алы ошол да. Канат куйругу толуп жетилсе алда кайда асмандап сызып кетпейт беле. Акырында жаш баладай күйүгүп, жүрөгү жарылып кете жаздап, дааналап ордун таап коно албай, эки канатын жайган боюнча коктуга барып түшүп, жер кучактап жыгылды. Ойдогулардын баары чуркады, ириде балапанга Мамбеталы жетти. Күйүккөн балапан көпкө чейин кышылдап жатып араң эс алды.

Эки ителги эл узап калганда уяга келишти.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

* * *

Күз кирип келди. Мамбеталынын колунда карышкыр, түлкү алган бүркүтү да, каз, өрдөк, тоодак алган кушу да бар. Жыл сайын аларды муздай түлөтөт. Булар аз келгенсип кыргый, чүйлү, турумтайга чейин көгөнгө байлап койгондой катары менен тизилип турат. Алгыр куштардын канчасы болсо да баккандан тажабайт Мамбеталы. Ошон үчүн мүнүшкөр, ошон үчүн саятчы да. Ар биринин тууру ар башка, бөлөк-бөлөк. Бирине-бири жакындабайт.

Мамбеталы быйылкы жазда азап-тозок менен колго түшүрүп келген баягы жалгыз балапанды убадасы боюнча баласы Кырмантүпкө энчилеп берген. Ага татынакай кооз томого тигип, томогонун сыртына жаркырата күмүш чаптырып, ак, көк, кызыл жибектен чыйратып туруп, төбөсүнө калпактын чачысындай чачылатып койгон. Апасы Кырмантүптүн колуна чак мээлей тигип, атасы жумшак кайыштан балапандын билегин өйкөбөгөндөй боо тагып берген. Кара балапан тиги үйдөгү канаттуулардын эркеси, өзүнчө бөлөк туурда, өзүнчө бөлөк үйдө олтурат.

Кара балапанды Мамбеталы чыргага да, далбаага да көндүрүп таштады. Кушту үндөкчүл кылгандай ителгини да далбаачыл кылып коёт мүнүшкөрдүн мыктылары. Далбааны булгаганда ителгилер алда кайдан келет. Кара балапан чоң ителги болду. Канат куйругу жетилип, тырмак, тумшуктары өсүп курчуду. Өңү да кузгундай капкара, эки көзү да бышкан алчадай туптунук. Куйруктун алдындагы үкүнүкүндөй жумшак ак жүндөр көөлөп койгондой, шумкардын белгилерин алардын бетине даана түшүргөн, эч жеринде орой белгиси жок чыныгы даана касма шумкар экендиги жүндөрү, канат-куйруктары жетилгенден тартып ачык билинип калды. Чырга тартса да, далбааны булгаса да алда кайдан келет. Айрыкча балапанында колго түшкөн алгыр канаттуулар Качканды билбейт эмеспи. Жакшы көндүрсө кол баладай болуп калат. Кара балапан да дал ошондой болду. Кыска боосу менен агытып жиберсе үйдүн тегерегинен кетпей учуп конуп жүрө берчү болду.

Мамбеталы бул бала шумкарды адегенде жапан казга, анан тоодакка окшош бакма каздын бозаласына тирилеп туруп, ошондон кийин тоодакты көрсөтөм деп жүргөн. Бирок ал оюна жетпеди Мамбеталы.

Күзгө тартканда Чырпыкты, Саркамыштын тоого жакын өндүрүндөгү боздорго тоодактар толуп кетет. Бери болгондо отуз-кырктан жайылышат. Мамбеталынын дамамат тоодак алып жүргөн көк кушу бар эле. Көк куш быйыл эрте түлөгөн. Тоодакка салам деп аны семиз этинен бастаткан Макең. Көк куш кылтабында, бычактын мизиндей илеп тартып, делбетап болуп турган кези. Колдо түлөсө да эски жүндүн бир талын калтырбай жапан куштай болуп таза түлөгөн. Мамбеталы ошо күздүн күндөрүнүн биринде көк кушту тоодакка алып чыкты. Ал куш саларда жалгыз аттанчу эмес. Дамамат аны ээрчиген жанында үч-төрт жолдоштору болот. Ошол күнү кой десе болбой тайын токунуп, шумкарын кондуруп Кырмантүп да токчоюп ээрчип алды. Алар бастыра түшкөндө Саркамыштын өндүрүнөн жайылып жаткан жоон топ тоодактын карааны көрүндү. Табына келген көк куш колго токтобой талпына баштады. Тоодактар башка илбесинге караганда өтө сак келет. Келаткан элдин тобун алыстан көргөндө эле укуруктай мойнун койкойтушуп козголо башташты. Учарында тоодактар чогула түшөт эмеспи. Аны билген кыраакы мүнүшкөр жолдошторунан бөлүндү да, кушун аттын оң капталына далдалай кондуруп, тоодактар бер жакта калган кишилердин караанын улап алаксый калган кезде курч аттын өкүмүнө салып ыксы коюп, уча берерде көк кушту уруп калды. Көк куш жаңыдан түндүк бою көтөрүлүп бараткан тоодактардын биринин төшүнө шып жабыша калып бакырткан бойдон жерге алып түштү. Бери жакта атчан тургандар дабырата чаап жөнөштү. Мамбеталы алардан мурда жетип куштан тоодакты ажыратып жатканда, анын үстүнөн Кырмантүптүн кара шумкары узун боосун чубалжыткан бойдон тигил узап калган тоодактардын артынан шуулдап учуп баратканы көрүндү.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Мамбеталы Кырмантүптү шумкарын тоодакка салат деп ойлогон эмес. Бүгүн салба деп өзү да эскерткен. Анткени тоодакка шилтегенге шумкардын даярдыгы жок болучу. Кырмантүп да атасынын тилин алып, шумкарын коё бермек эмес. Бул иш кокусунан болду. Качан гана көк куш тоодактын бирин илип түшүп, калган тоодактар учуп жөнөгөндө, бала эмеспи, кантер экен деп Кырмантүп кара шумкардын томогосун тарткан. Ошондо шумкар колдон атып кетип, бош кармалып турган узун боо капылеттен чыгып кетсе болобу, мына кызыкты көрсөң.

Куш менен тоодакка асылып жаткан Мамбеталы тигилерге шаша-буша кол булгап кыйкырып калды. «Артынан, артынан». Бала шумкар тоодактарды үзө качырып узатпай жетти. Тептиби же кармаша кеткенде боого чалышып калдыбы, айтор, бир тоодак ителги менен будаланышып келип жерге кошо түшкөн. Атчандар сабаган бойдон жете келишип тоодак менен ителгини ажырата албай жатканда, алардын үстүнө чаап жетип Мамбеталы да кошулуп калды. Ителигинин узун боосу тоодактын эки канатынын тең мүрүнүн түбүнөн илинип чачышып калыптыр. Ага болбой бала шумкар тоодактын алкымын кыйып жиберген экен.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон


ТАРТУУ
Көкүмбайдын үйүнөн бири аттанып жатса, экинчиси түшүп — үч-төрт күндөн бери көпчүлүктүн аягы суюла элек. Дагы канча күнгө чейин созулат ким билсин. Келатканынан баратканы сурайт:

— Кайдан?

— Көкөмкүнөн.

— Эмнеге бардын эле? — Эмнеге барйын, көлдөн бир досу шумкар тартуулап келиптир дейт, үч-төрт күндөн бери эл чубайт, мен да эл катары...

— Көрдүнбү деги шумкарды?

— Көрдүм.

— Өңү кандай экен?

— Кара көрүнөт.

— Шумкар бекен?

— Кайдан билейин, томогочон бир ителги туурдун үстүндө олтурат.

— Ителгинин кандай ителги экенин билбегенден кийин сага эмне жок?

— Анан көпчүлүк барып жатса, мен каламбы?..

— «Дарбадай дарбыса, Борбодой бооз бээсин мине чаап, кулун салдырып алыптыр» дейт. Дал ошол сен турбайсыңбы!

Ушундай тамаша сөздөр барган келгендердин ортосунда дүүлүгө берди. Көкүмбай менен Мамбеталы жеринен катыш болучу. Экөөнүн ортосундагы достук байланыш — ат алып, ат бериштен уланбай, куш алып, куш беришүүдөн башталган. Анткени, экөө тең мүнүшкөр. Биринин үйүнө бири келип калганда канаттуулар жөнүндө сөз козгошуп, күндүн батканын, таңдын атканын элес алышпай, улам бирөө сөзүнүн аягына чыкканда, экинчиси баштап олтуруп убакыттын кандай бүтүп, кандай койгонун байкабай калышчу. Көкүмбай анчалык канаттуунун артынан түшкөн мүнүшкөр эмес болучу. Ат жалын тартып мингенден тың чыгып, эл аралап калган. Аздыр-көптүр өз туугандарына баркы бар. Ага-иниси колдогондуктан, бүт жумгалдык саякты таруудай талкалап жеп жаткан Кулжыгач Байзактын да анда-санда жемсөөсүнө каргыштай тура калып жүрөт. Көкүмбайдан көп курдай ичиркенип калган Байзак акыркы эки-үч жылдан бери Курманкожого (Көкүмбайдын туугандары) тап бергенин таштап, уу тырмагын батыра албай обочолоп калган. Болбосо Көкүмбайдан мурун Курманкожо Байзактын, «короосундагы кою» болучу. Мына эми ошол Көкүмбайга көлдөгү досу Мамбеталы ушул жылы жазда уядан кармалган кара шумкарды тартуулап, кой тукум үмтөтүп келип олтурат.

Көкүмбайдын Мамбеталы түгүл өзү тукум кылып аларга жалгыз токтусу жок. Тору аргымагым деп коёт, чекесине бүткөн жалгыз аты ошол. Бир жакшы жери өзүндө жок болсо да ага-туугандары аздыр-көптүр коокарлуу. Алдында эки жүздөн, артында элүү-кырктан арбын майда жандыктары бар. Эми тууган дегениң дагы бир кызык эл болот. Жакшы болсоң тууган, жаман болсоң жанынан алыс кууган, жарды болсоң жакындабайт, бардар болсоң бажактап үйүңөн кетпей кошоматын кош айтып турат эмеспи. Мына, Мамбеталынын келгенине бир жумадан ашып баратат. Сен кантип атасың деп бир да бирөө Көкүмбайдын жанына басып келе элек. Мамбеталыга бере турган кой тукумдан дайын жок. Жардам бермек түгүл «а байкуш, буга эмнесин берет» деп, кай бирөө Көкүмбайга жолобой сырт салып ушактап жүрөт. Туугандарынын ошол тейитин байкап, жардам сурагандан Көкүмбайдын да оозу батпайт. Мамбеталы келгенден бери буулган каптай бугу ичине толуп, Көкөң тумчугуп турат.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Күн сайын эл агылып келет, агылып кетет. Шумкар дегенди көргөнү бар, көрбөгөнү бар, билгени бар, билбегени бар. Кээ бирөө шумкар бүркүттөн чыгат десе, кээ бирөө куштан чыгат дейт. Кээ бирөө чүйлүдөн чыгат десе, дагы бирөө кыргыйдан, турумтайдан чыгат дешип, тай талашка түшүп жаткандары андан көп. Шумкардын ителгинин уруусунан чыгаарын көбү билсе, көбү билбейт. Айтор, бир жумадан бери жорудан чыгатка чейин талашып жаткандар да болду.

Мамбеталы «кетсем экен» деп эртели кеч кынкыстайт. Көкүмбай «жөнөтөм» деп коёт, же жөнөтө албайт. Анын ортосунда күн нечен жолу батып, нечен жолу чыкты. Кара шумкарды көргөнү алыс-жакындан келгендеринин ичинде Көкүмбайга кыңыр көздүүлөрү да бар. Алар жөн келип, жөн кетпей аттанып баратканда кобурап бастырышат: «Байкуштун жалгыз атынан башка үрүп чыгар ити жок, досу кой сурап келиптир дешет, кайсы коюн берет?» Бул кобур Мамбеталынын кулагына да анда-санда чалдыга калат: «Эрдин даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дегендей, атка минип айыл-апасына баш-көз болуп компойгону менен бул деле мен сыяктуу экен го. Колунда жок экен. Быйыл болбосо келерки жылы берээрсин деп кыйнабай кете берсемби?» Мамбеталы өз курсагы менен өзү анда-санда сүйлөшүп коёт кырданып жатып.

Куйручук Көкүмбай менен айылдаш. Бир чети тууган, экинчи чети теңтуш. Бир күнү Көкүмбайды үйүнөн обочороок алып чыгып маңдайлаш олтурду да, акылын сурады:

— Ии, досуңдун келгенине көп болду. Эмне үмтөтүп, эмне сурап келген сыягы бар? Эмне берип жөнөтөйүн деп турасын? Байкоомдо аз күндөн бери көзүмө сакасын жоготкон баладай көңүлүң чөгүңкү көрүнөт? Деги сырыңды айтчы, акылга акыл кошулат деген. Менде да кырчаңгыга котур аралашкандай же жинди эмес, же соо эмес бетти тытып алчудай ырсаңдаган бейбаш акылдар бар, ошону сеники менен аралаштырып жиберсек кымкуут, чак-челекей түшүп олтуруп арасынан жылт этип бир керектүүсү чыга калып жүрбөсүн, деги айтчы чын сырыңды?

— Ээ, Куке! Досум баланча бересиң деп салык салбайт. Чоо-жайын тартып көрсөм, кой тукум сурап келгендей сыягы бар. Өзүмдө жок экенин билесиң. «Шумкарыңды кайра алып кет», — дегенге ооз барбайт. Антейин десем намыс өлтүрүп жатат. Же туугандарыма сөзүм өтпөйт, сөзүм өтсө да баланча бересиңер дегенге оозум батпайт.

Куйручук Көкүмбайдан сөздү шак жулуп алды:

— Оо, кудай урган «Бука баш» (Куйручук Көкүмбайды дайым «Бука баш» дечү. Көкүмбайдын башы чон киши болучу). Ата-бабадан келаткан салтты бузабызбы. Тартуу деген сыймык, ырыскы, киреше. Балким ушул кара шумкар менен кошо башыңа ого бетер сыймык конуп, бактың даражаң көтөрүлөр! Кара шумкар кара шумкар эмес эле ушунча жумурай журттун ичинен сенин төбөңө келип конгон зымырык куш болуп жүрбөсүн. Зымырык куш деген хан болор, падыша болор кишинин төбөсүнө келип конот дечү. Аны сен билип коюптурсуңбу Бука башым. Көп шылкыйба, эртең агайын-тууган, ага-инини бүт чогултам. Өзүң баштап биздикинде болосуңар. Сөз бүттү.

Куйручук этегин кагып ордунан туруп кетти. Артынан «Бука башы» Көкүмбай ээрчип басты.

Топтошкон Дуулат уулу эртеси Куйручуктун үйүнөн анчалык алыс эмес дөбөчөгө чогулушту. Чакырылгандардын аягы суюлуп, бүт келгенден кийин чокчо сакалын улам-улам экчеп, эки жагын каранып ак калпагын бирде желкесине, бирде маңдайына келтирип топтун ортосуна тура калып эл куудулу, сөзүндө эми бар чечен Куйручук шаңкылдап сүйлөп кирди:

— Ага-ини, мынабу «Бука башка» көл тараптан бир «чымчык» тартууга келиптир. Атактуу күлүк ат, ашынган жорго, бойго жеткен сулуу кыз сурабайт, сураганы оңой экен. Тартуусуна алар колкосу кой экен, кой болгондон кийин оңой экен. Кой колдон келет го? «Бука баштын» миң кою болсо бизге айтпай эле өзү жөнөтүп жибербейт беле. Мунун жайын кандай кылалы?

Көкүмбайдан кыңк этип үн чыккан жок. Эл жер карап жымый түштү. Бир оокумда топтун арасынан Бекболот тура калды. Бекболот Дуулат уулунун ичинен байыраагы боло турган. Жалгыз аты Нарбаш күлүк чыккандан бери бир аз оңоло түшкөн, болбосо бул деле анчалык жарып кеткендердин бири эмес. Нарбаш бирде чыкса, бирде калат. Чыгып келсе байгесине да ээ боло албайт. Эл бийлегендер соогатка талап кетип калса колунда азоолак бирдеме калат, калбаса жок. Ошондо да Көкүмбайдын айдыңы менен бирдеме тиет, тийбесе жок.

— Куке, деги бере турган малыбыздын чеги барбы, ошону уксак деп турушат бул чогулган эл? — Бекболот отургандарды бирден сыдырып кыдырата карап жиберди, ал оюнда туура суроо бердимби деди окшойт.

— Жүз аппак кызыргалды кой бербейбиз. Ичинде аксак-тексеги, сокур-чологу жок болсун. Бирөө да сары тиш болбосун. Мен өзүм тандап алам.

— Элүү кой берсек кантет?

Куйручук Бекболотко жолборстой атырылып тийди:

— Эй... Бучук (Бекболот бала кезинде короого түшкөн карышкырга мурдун апчытып алып бучук болуп калган) элүү койду жалгыз сен бересиң, калганын эл берет! Кечээ Нарбашың Кочкордогу Шамендин Бекчоросунун ашында миң койго чыкканда «Бука баш» болбосо Темир-Болоттун балдары ат-матың менен бүт талап кетпейт беле! Билесиңби ошону. Же өз кадырың менен байгеге ээ болдуң беле?!— Бекболот жыга чапкандай жалп дей түштү. Куйручук күчөгөндүн үстүнө күчөп сүйлөп сөзүн уланта берди: — Кудайга шүгүр дегиле Дуулат уулу. Мынабу «Бука баш» атка мингенден бери жаман эмессиңер. Ар жагы Күрүчбек элинен Түркмөн, Биялы, бер жагы бүтүн Жумгал өрөөнүн аркы өйүз, берки өйүзүнөн тартып Кызарттын белине чейин ажыдаардай аймап, оп тартып жаткан Байзактын оозунан бизди ажыратып сууруп чыккан жалгыз ушул «Бука баш» болбодубу? Же жалганбы менин сөзүм?

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 26 Март 2016 - 18:53



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

«Ырас- ырас Кукелеп» Куйручукту эл колдоп жатты.

— Мына эми Көкүмбайга көлдөн бирөө бир чымчык тартуулап келсе, жүз кой бериптир Дуулат уулу деген кабар эртең эле калкка «дүңк» дей түшсө «Бука баштын» зоболосу мындан бетер көтөрүлүп, төбөсү булутка жетпейби? Же жалганбы меники?

— -Ырас-ырас Куке».

— Менменсип бетине чыгам деп жүргөн тең ата мындан ары баш көтөргүс болбойбу. Же жалганбы меники?

«Ырас-ырас, Куке, ырас-ырас». Куйручук: «Жалганбы, жалганбысын үстөккө-босток күчөтө айтып жатып токтоду да, анан элди карап көпкө чейин мостоюп туруп калды. Эл «берели-берели» деп бир ооздон дүркүрөштү. Куйручук дагы чаңырды:

— Берсеңер эртең эртең менен мен барганча короодон коюңарды чыгарбай тургула. Өзүм тандап алам!

Эртеси жүз ак кызыргалды чоп-чогуу даяр болду. Куйручук Бекболоттон баштап эки жүз кою барлардан гана чогултуп, андан кийинкилерине бир токту да тарттырган жок. Көкүмбай Мамбеталынын алдына аппак жүз кызыргалды салып берип жөнөттү, Жеткиришип келгенге эки инисин кошту. Бул даңк Жумгал, Кочкор эмес, Атбашы, Нарын, Көл айланасына чейин «дүңк» дей түштү.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон


КЫРААН
Уядан жазда кармалган жаш балапан кадимки жер менен көктүн ортосунда эркинче учуп, эркинче конуп жүргөн жапан ителгидей толуп, узун туурасы чыгып, канат куйругу жетилди. Колу-буту байланып, капаста кордук тартып жаткан ителгилердей болгон жок. Кайра анын тетирисинче көңүлү өсүп, кадимки жаш чагынан үмүттөндүргөн балбандардай далысы жайылып, булчуңдары түйүлүп чыга келди. Мамбеталы далбага чакырса капкайдан сабап келип, чырга тартса илгиртпей басканга үйрөндү. Эмнегедир ошол күздө табына келип эргип турса да, бала шумкарга чоң илбесиндерди көрсөткөн жок Мамбеталы.

Алгыр канаттуулардын биринчи куралы бутундагы тырмактары болот эмеспи. Ошол тырмактар болоттой курч болуп даяр турбаса болбойт. Курч тырмак кармаша келгенде жүнү менен терисинин калыңдыгына карабай ныгыра мыкчыган сайын, «бырт» этип этине тереңдеп бата берет. Эти ооругандан кийин кандай гана жаныбар болбосун душманына айбат кыла албай калат. Алгырлардын экинчи куралы — иймекей тумшугу. Бул өзүнчө эле курчутуп койгон дапдаяр эки миздүү шап. Капыл-тапыл, шапа-шуп душманы менен балтырлашып кармаша калганда ошол иймекей курч тумшугу кекиртектен аткып туруп бир тартып алганда, мууздагандай кан жая берет. Айрыкча буга ителгилер шамдагай келет. Оңуна келгенде ошерден баштайт.

Канаттуулардын кыраан жүрөктүүлөрү мейли өзүнөн чоң алдуу-күчтүүсү болобу, же өзүнө тушташ тырмактуу келген балбандары болбосун анысына карабайт. Алы жетеби, жетпейби көргөн жерден качырып сала берет. Айрыкча, буга калганда ителгилер өжөр келет. Кармашуу асмандан башталганда биринин мыкчыган жеринен экинчисинин тырмагы чыкпай калып, экөө тең жерге тепетең келип күп дей түшкөн учурлары да болот. Жердеги күрөш асмандагыдан да алда канча күчөп балтырлашат. Орой жүндөрдөн аткып жулкушат. Канат куйруктары улам жерге чабыла берип, ошондо бирин-экин кашка куйруктарга же чоң чалгын канаттарга да күч келет, туурасынан чорт сынат же түбүнөн жулунуп союлдай сороюп калат. Ителги менен бүркүттөрдүн кыраандары ошого да карабай согушат. Айыгышкан кезде душман менен эрегешип, өлгөнчө кармаша берет. Качан гана эттери ооруп чыдай албай баратканда, чабалыраагы алаканын жазып тырмагын чыгарып жиберет. Эңишкен балбандардай кимиси мурун озунса, ошонусу экинчисин мерт кылып таштайт. Кыраандар өлөрман, өжөр келет эмеспи, же өлүп тынат, же өлтүрүп тынат. Мындай окуялар алгыр канаттуулардын ичинен айрыкча бүркүт, ителгилерден көп учурайт.

Мамбеталы кара шумкарды ушундай алдуу-күчтүүлөрдүн бирине да кабылтпай туруп, канат куйруктун бир талын да сындырбастан, тумшугу менен тырмактарын жапан ителгиникиндей курч бойдон алып келип Көкүмбайдын колуна тийгизди. Мамбеталы шумкарды чоңго деле салмак, бирок тартууга бараткан асылды көркүнөн ажыратып жал-куйругун отогон тулпардай кылбайынчы деген.

Киши болбосоң коё кал кайран Мамбеталы! ..

Көкүмбай кара шумкар колго келген жылы өрдөк, каз, кыргоол, аңырдан тартып көп алдырды. Эмнени болсо бир тепкенден чыгарбайт. Качырганын кайсап өтүп, жаңсаганын жайлап таштайт. Учканы ителгиден башкача. Асманга атып чыгып, тик сайылып түшкөндө жаанын огундай зуу-зуу эткен канат-куйруктун добушу кулак тундурат, бүркүттүкүнөн да күчтүү десе күчтүү. Мейли тоодак, мейли каз канаттуу илбесиндердин кайсы гана түрү болбосун, кара шумкар качырып сала бергенде жан айласын таппай жерге түшө качат, кокус урунуп калса бүрдөмгө келбей жан берет. Асмандан тебетей ыргыткандай топ-топ этип жерге түшүп турат.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 18:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бир күнү Көкүмбай шумкарын кондуруп Былкылдактын сазын бет алып бастырып калды. Адатта ит агытып, куш салган өнөрпоздордун артынан ээрчиген ышкылуулар көп болот эмеспи. Көкүмбайды жандаган жоон топ атчандар олжодон мурда да кара шумкар кандай алып, кандай коёт кызыгына батып, ошонун өнөрүн көргөнү ээрчип чыгышкан.

Көкүмбайлар Былкылдактын сазына жакындаганда өрдөк, каздар топ-топ болуп, бирөө учса, бирөө конуп, саздын бетин бербей жайнап жатышкан экен. Ителгини канаттуу илбесиндерге куш, чүйлүдөй шилтеп салбайт эмеспи. Аны канаттууларга саларда обочороок жерден: же дөбөчө болобу, же ыңгайлуу кырандар туш келе калабы, айтор ошондой бийикчеден туруп томогосун тартат. Ошол учурда атайылап бир эки киши тиги жайылып жаткан каз, өрдөк, тоодактарга сабап жетишип, этек-жеңин каккылап үркүтүп учурушат. Ошондо ителги куш, чүйлүдөй түз качырып учпай асманга шак көтөрүлүп чыгып, ары бир, бери бир окторулуп өзүн өзү күүлөйт. Анан тикесинен типтик сайылып, тиги топтошуп учуп чыккан каз, өрдөктүн төбөсүнөн түшүп, кадимки найза сунуп качырган баатырлардай тобун жарып өтүп, улам бирден ыргыта коюп турат. Топ этип жерге түшкөнүнө кайрылбайт, кайра зуулдап асманга атып чыгат. Кайра кырданып келип, дагы жанып өтөт. Ошол учурда топтошкон илбесиндин жүрөктөрү оозуна капталып, короого карышкыр тийгендей улам тепе-тең жарыла бөлүнүп, чуручуу-күрүгүү түшөт. Мындай учурда каз, өрдөктүн четке бөлүнүп чыкканы болбойт. Бириндеп туш тарапка качканга чамасы да келбей калат. Кокус бирөө бөлүнүп четке чыга түшсө, тиги асманда камданып турган ителги аны көздөй канатын кыңырайтып эле койсо жаны көзүнө көрүнүп, топко киргенче шашат. Мына бүгүн да Былкылдактын сазындагы өрдөк, каздар дал ошондой алааматка туш болушту.

Дүркүрөп учкан өрдөк, каздардын тобун кара шумкар бир-эки жолу жарып өткөндөн кийин каз, өрдөктөр туруштук бере алышпай, Былкылдактын сазындагы дөмбүл баштарга биринен сала бири тыгылышып, жер менен жер болуп баш көтөрө алышпай, жампадай жабышып калышты. Козголуп учалы десе кыл чайнаган найзакердей шымаланып төбөсүндө ары-бери шуулдап учуп кара шумкар турат. Учпайлы десе тиги топтошкон эл жаткан жеринен жалпайта чаап, улам бирден тезектей терип чогултуп жүрүшөт. Ошентип олтурушуп бүгүнкү Былкылдактын сазына келген каз-өрдөктүн аягына бат эле чыгышты. Акырында Көкүмбай асманда айланып турган шумкарын чыргага чакырып, жерге түшүрдү да, бир өрдөктүн ичин жарып, жылуу кандуу этке тойгузуп койду. Андан кийин мындай окуялар Былкылдактын сазында нечен жолу кайталанды.

Көкүмбай кара шумкарды өрдөк, казга салаарда айылдагы бала-бакыра, чоң-кичине дебей самсып келишип олжого тунушат. Көбүнесе шумкар үстүндө айланып турганда андан коркушуп учалбай жаткан, өрдөк, каздарды бала-бакыра дебей ар кимиси өзүлөрү эле чаап алышчу. Көкүмбай өзү алганынан да элдин алганына кызыгат.

Кара шумкар Көкүмбайга келгени башка илбесиндерден да тоодакты көп алып, тоодакчыл болуп кетти. Тоодак алганга өтө ыкчыл болуп, даана машыкты. Ала-сала жайылып жаткан тоодактарды көрсөтүп томогосун тартканда колдон атып учуп жөнөйт. Ошондо да кетип баратып артына карай кылчактап эки көзү оттоп жаткан тоодактарда. Буга чейин капарсыз мойнун буруп жайылып жаткан тоодактарды атчан кишилер чаап жетип учурушат. Качан гана тоодактар калдакташып аркан бою көтөрүлө бергенде кара шумкардын алда кайдан жетип келгенин билбей каласың. Тоодактардын тобун бир аралап өткөндө жалп этип бирөөнүн жерге түшкөнүн көрөсүң. Калган тоодактар бийиктей албай жан талашып жерге түшө качышат. Ал учурда кара шумкар асманга типтик көтөрүлүп алыстап кетет. Ошондо бери жактагы атчандар карап турмак беле, өйдө көтөрүлгөндөн жүрөгү түшүп жөргөлөп калган тоодактарды кайра күчтөп учурушат. Кайра эле баягы, көз ачып жумганча шумкар даяр, дуу дей түшөт, дагы бирөө, анан дагы бирөө. Ушинтип олтуруп аяң-буяңга келбей топтошкон тоодактар алеки сааттын ичинде жок болот да калат. Ар кайсы жерге түшкөн экиден, бирден тоодактарды сел алып сайроонго чыгып калган эчкилердин өлүгүндөй чогултуп сүйрөп жүргөн элдин ышкысы канып, кумардан чыгат. Ошон үчүн: «Аш-тойдун кызыгынан да ителги салган кызык» деп эл бекер жеринен айткан эмес да.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 19:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Көкүмбай шумкар алган тоодактардан эки-бирин өзү тандап алып, калганын ээрчип келгендерге калыстык менен бөлүп берет. Мындай окуялар тоодакка жайылып чыккан сайын бир нече жолу болгон. Кара шумкар акыркы тоодагын тээп түшүргөндөн кийин, кумардан чыгып моокусу кангандай өзүнө өзү ыраазы болуп, «барк-барк» үн чыгарып, бирде ылдый, бирде өйдө ойкуп-кайкып учуп туруп, анан тик атылып келип дөбөчөгө же чоңураак таш болсо ошонун үстүнө эки канатын ирмебей, сызып барып конуп калат. Ошондо да отурган ордунда тынч албай кагынып-силкинип: «Бүгүнкү жумушту ушуну менен жыйынтыктадык го» дегенсип, канат-куйругун тумшугунун учу менен кайра-кайра тарап, мактангандай үнүн бийик-бийик чыгарып, удаа-удаа баркылдай берет. Ошол учурда Көкүмбай тиги жаткан тоодактын бирин алдын көздөй ыргытып таштап коёт. Анан кара шумкар ордунан козголуп балпактап басып келип, далдайып жаткан тоодакка жеткенде, Көкүмбай барып тоодактын мууздоосунан башын ажыратып бир-эки чокутуп туруп, анан шумкарды ошол олтурган ордуна таштап кете берет. Шумкар бирде алдыга, бирде артка калып учуп-конуп олтуруп, үйгө Көкүмбайдан мурун же кийин келет. Көкүмбай кечкисин тоодактын жаш этине жемсөөсүн сылама тойгузат да, томогосун катып кечки түнөгү болуп калыптанып калган тууруна олтургузуп коёт.

Кара шумкардын даңкы ай, жыл өткөн сайын алыска жайылып кетти. Жумгал, Кочкор, Атбашы, Нарын түгүл көлдү айланып, Сары өзөн Чүйгө чейин жетти. Шумкарды көргөндөрүнөн да көрө элек элдер түркүн түргө салып даңазалап жатышты. Бир даары: «Жумгалда Көкүмбай дегендин кара шумкары бар дейт, эртең менен эрте томогосун шыпырып алып үйүнөн агытып жиберсе, өрдөк, кыргоол, тоодактарды топ-тобу менен айдап келе берет экен. Көкүмбай үйүнүн эшигин түрүп, түндүк жабуусун чүмкөп коёт экен. Шумкар кууп келген каз, өрдөк, тоодактар үйдүн ичине толгондо эшигин түшүрүп, чекесинен кармап мууздап олтуруп, качан гана үйүнүн ичи илбесиндин этине толгондо эшикке чыгып шумкарын чакырып алат экен» деп бир даары айтса, «жоок антпей эле талаага шумкарын кондуруп чыгып, топтошкон тоодагы болобу, каз, өрдөк, кекилик, чили болобу томогосун тартып караанын көрсөтүп койсо эле болду, ошону көздөй кетет дейт. Ага чейин Көкүмбай атын тушап отко коё берип, жамбаштап кырынан жата берет экен, ал эми тиги кара шумкар болсо илбесиндерди топ тобу менен айдап келип, Көкүмбайдын үстүнө келгенде бирден, экиден тээп түшүрүп олтуруп, Көкүмбайдын тегерегин өрдөк, каз, тоодактарга толтуруп үймөлөп таштайт — дейт, — анан Көкүмбай аларды тезек тергендей терип чогултат экен да, эки капка чымчып бууп атына артып, ээрдин үстүнө мингенден кийин кара шумкар келип колуна конот экен» десе, анда айтылып жаткан сөздөрдүн калп экенин байкаган эл арасында олтургандардын бир куудулу: «Каптары толбосо Көкүмбай талаага түнөп калат бекен» дейт. «Толбосо шумкары дагы ала берет да чарчап жатыптырбы» деп тигинин сөзүн колдоп, дагы бирөө тамашага айландырып жиберет, эл кыраан-каткы күлүп калышат. Айтор шумкарды келип көрбөй, кулагы менен уккан алыскы элдер аркар, кулжа, эчки, теке, илбирс, жолборс, карышкыр, каман, кара кулак шер алган буудайыкка чейин теңеп алпарып таштап жатышты.

Кеч күздүн күмүштөй жалтыраган салкын күндөрүнүн биринде Көкүмбай кара шумкарын кондуруп Кызарттын белин ашып, Кочкор багытына түштү. Ошол жылы Жумгалда тоодак азайып, ар жылы күздө улактай жайылып жатчу Кароолдун оозу, Ыламандын өндүрү, Окторкой, Арпа-Тектир, Бел-Арыктар жайдак калды. Бирин-серин болбосо мурункудай топтошкон үйүр-үйүр тоодактардан дайын жок. Жедеп жалкатой болгон шордуулар жер которуп башка жакка ооп кеткен сыягы бар. Былкылдактын сазында да өрдөк, каз суюлду. Кайда кеткени дайынсыз. Анда-санда эрбеңдеп жалгыз жарым гана эки-бирден чүрөктөр, тартарлар учуп калат. Баштагы жылдардай күндүн бетин булуттай калкалап, дүркүрөп учкан өрдөк, каздар быйыл жок.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 19:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Көкүмбай кеч бешимде Кудайбергендикине келди. Кудайберген быйыл Бучуктагы жайкы конушунан эрте козголуп, кышкы конушуна (тамына) келгенине он-он беш күнчө болуп калган. А киши көбүнесе кыргый, куш, ителги салганга карап, келгин илбесиндердин калың учурунда жакага эрте түшкөндү каалачу. Ошон үчүн жайлоодон шаша көччү. Кудайбергендин тоодак алып жүргөн кушу да, шумкары да бар. Аларды да этине келтирип таптап эрте кайрып койгон. Бирок, тоодак, каз, өрдөктөргө көргөзө элек.

Көкүмбайдын түптүз келип Кудайбергендикине түшкөнүнүн себеби бар. Биринчиден он чакты күн жүрүп ителги, куш жайылмак, экинчиден бул атактуу мүнүшкөргө шумкарын сынатмак. Анткени Кудайберген ушул күнгө чейин Көкүмбайдын кара шумкарын көрө элек, угуп жүрөт. Көкүмбай да Кудайбергенге көргөзөм деп, Кудайберген да бир көрсөм деп, экөө тең бири-бирине эңсеп жүрүшчү. Ошон үчүн бүгүн Көкүмбай Кудайбергендикине келип олтурат. Болбосо Көкүмбайга бара турган жер жокпу. Төмөн жактагы Алыяскарга, жогору жактагы Суранчыга дале барбайт беле. Алар да Кудайбергендей болбосо да, Кудайбергенге жакын алынча мүнүшкөрлөр.

Көкүмбай босогону аттап кирери менен Кудайберген үйүнүн оң капшытында туурда отурган өзүнүн кара шумкарын эшиктен баласын чакырып: «Тамга алпарып байлап кой» деп, тышка жөнөтүп жиберди да, анан туруп барып керегенин башында илинип турган куш мээлейин алып кийип, Көкүмбайдын колунан кара шумкарды алып өз колуна кондурду. Эки шумкар тең томого туюктан бири-бирин көрбөй калды. Качан гана өз шумкары тышка чыккандан кийин Көкүмбайдын кара шумкарынын томогосун тартты. Мойну-башын сыйпалап, канат-куйругун сылады. Канча кылган менен асылдын иши асыл да, бөтөн колдон уяң баладай чаркырап чоочуркаган жок. Төр ителгидей зыпыйып Кудайбергендин колунда каадасынча типтик олтурду. Кудайберген эки канаттын чалгындарын ары-бери шуудуратып силккен болуп, анан куйругун көтөрүп саңоорун ачып карады. Айрыкча шумкардын кара алчадай мөлтүрөгөн эки көзүн көпкө тиктеди. Анан тумшугу менен эки буттун тырмактарын, арыштуу манжаларын биринен сала бириң кармалап олтуруп, акыры оң бутунун тайтайган жем басарын көрүп, аны да жабышып турган мээлейден бошотуп, ары-бери козгоп койду. Бүркүттөн бетер эки балтырын тутамдап көрдү. Байкоодо каруусу канча, ошону билейин десе керек. Анын эмнесин кармалайт, балбандыгы кебетесинен эле көрүнүн турбайбы? Бирок ошондой болсо да чыгаан сынчы, нары мүнүшкөр, шумкардын тула боюнан кирит табамбы деди окшойт. Ошентип жатса да бир талпынып, бир былк этип койгон жок кара шумкар.

Муну көргөндө Кудайбергендин шумкары алп кара кушту көргөндөй жүрөгү түшмөк. Бакырмак, чарылдап-чаркырамак, канатын каккылап керээрге чуңкур таппай жерге, сууга житип кетүүгө аракет кылмак. Экинчи тоодак түгүл, коёнго бармак эмес. Жүрөксүп калмак. Ошон үчүн өз шумкарын баласынан тышка жөнөтүп жиберип олтурбайбы кыра мүнүшкөр. Жедеп туулгандан жумурткасынан бирге жарылып чыккансып канаттуу куштар менен бирге жатып, бирге туруп өскөн Кудайбергендин мындай амалын Көкүмбай кайдан билсин. Кокус Кудайбергендин ителгиси туурда турса кара шумкар талпынмак, талпынмак түгүл колдон чыгып кетсе барып баса калмак. Муну Кудайберген Көкүмбай эшик аттары менен билип койбодубу.

Кудайберген Кара шумкарды көпкө чейин колунан түшүрбөй тиктеп олтурду. Кайда, оо бир оокумда барып томогосун катты. Ошого чейин Көкүмбай да бир ордунан козголбой мелтиреп үн жок, сөз жок талып олтура берди.

Кайран киши, башка бирөө болсо жарылып кетпейби. Дегдеп келгенге жараша атактуу мүнүшкөр, ченде жок сынчы шумкарды не нары, не бери деп койсо боло көңүл улап.

Көптөн кийин Кудайберген кара шумкарды кондурган бойдон ордунан обдулуп турду да, капшытта бош калган өз ителгисинин тууруна аны алпарып кондурду. Керегенин түбүнө такай житире кагылган кичинекей темир казыктын төңөлүгүнөн шумкардын узун боосун өткөрүп байлап салды да, кайрылып келип төрдө олтурган Көкүмбайдан окчунураак коломтонун жакасына жакындап өз ордуна келип олтурду, Кудайбергендин бул теңсинбеген кыялына Көкүмбай катуу туталанып итатайы кармап, кыжыры кайнап буулукту. Сөгүп жибере таштап октос берип барып, өзүн-өзү араң токтотуп жатты. Аны Кудайберген да билип турат. Өтө кырс киши эмеспи. «Ылайым жарылып кетер күнү кана» дегенчелик кылып мисирейип койду.

Чай алдыга келгенден кийин сөз кызуу башталды. Мына эми, эр болсоң токтотуп көр. Сөз дегениң өстөн арыктын капталы жарылып, ээ-жаа бербеген жазгы тентек суудай шаркырап агылды. Неге токтолсун, өзүн-өзү араң кармап олтурган Көкүмбайдын бүчүсү бошой түштү. Сөз дегениң дабырата төккөн мөндүрдөй, шатырата куйган жамгырдай куюлду. Бирөө Жумгалдан, бирөө Кочкордон чыккан — эки чечен өткөндөн айтышты, кеткенден айтышты. Сарбагыш, саяк ичиндеги нечен-нечен журт башкарган акылман мыктылар, атактуу аш, тойлор, эр сайышка түшкөн-баатырлар, чыгаан күлүктөр кеп болуп акыр аягында кайта эле алгыр канаттууларга токтолушат.

Кызуу аңгемелер аяктап, оту тартылган казандай дымый калганда сөз учугун Көкүмбай улады.

— Мен бир ишке таңмын. Муну бир билсе сен билесиң. (Экөө курбу болгондуктан сиз, биз дешпей, сен, мен, Куке-Көкө дешпей, Кудайберген, Көкүмбай деп сүйлөшчү). Илбесиндердин көбү кургакта болот. Сууда жүргөндөрү да кезегинде кургакка жайылып чыгат, өмүрү көлдүн үстүнөн ажырабаган, ажыраса да жээктерине чейин келип, алыска багыт аларында жылдыздан бийик учкан ак кууларды алгыр канаттуулар ала албайт го деп ойлойм?

Кудайберген бир аз жылмая түштү да:

— Ак куулар бардык канаттуулардан опоңой алдырат, — деди.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 03:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: