Урматтуу форумчулар акындарга тийешелүү эрежелерди билгендер болсо ой бөлүшө кетсеңиздер.
Мисалга: Муун өлчөм, маани жана башка ушул сыяктуу.
Баракча 1 - 1
Сабаттуу акын Акын өзү ким? Жана кантип, кайсыл эреже менен ыр жазуу керек?
#1 30 Март 2016 - 15:44
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#2 05 Апрель 2016 - 00:30
Бакыт Нуру, сен кандай маанисин түшүнгүң келди билбейм, бирок, муун өлчөмдөрсүз эле (прям профи болбосом да) жалпак тил жана мисалдар менен түшүндүрүп көрөйүн.
Мисалы муну кара:
Ооба, өткөн жакшы, кез-кез жаман күндөр,
Бизге окшоп кайчылашат дагы миңдер.
Өткөндөгү айрылышкан эки жолдон
биригүүнү каалайт билбейм деги кимдер..? -
уйкаш сөз түрмөгү, бирок, окусаң бир нерсе түшүнөсүң)).
Эми муну:
Төгүлүп жамгыр сымал,
Төңкөрүп бүт ааламды,
Төмөнгө тартып барат
Түгөнбөс армандарым.
Камалып очогуна
канабас болдум бирок,
Качандыр күчү кетээр
Пайдасыз махабаттын. .
Же:
Тагдырга көптөр ишенет,
Талашат мени бешенем.
Талмасы кармап тургансып
Акылга жүрөк баш ийбей.
ошол эле сөз түрмөгү, шашылыш на ходу жазылгандай, эч нерсе түшүнбөйсүң)).
Күн желесин жерге төшөп жолуңа,
Анын боюн жылдыз менен кооздосом.
Жашыл шибер чөптү көккө сапырып,
Жалбырактыр кундуз болсо не десең..!
Өзүнчөле фантастика.
Аял-Эне. Аял деген асыл Жар,
Аял-сандык, миң бир түркүн акыл бар.
Аял жандык, эң аялуу, эң назик,
Аялдарды алкап өтүү акың бар.
Аял жылдыз жаркып турган асманда,
Теңби кундуз миң-миң түрүн тапсаң да.
Аял-энең, эжең, болот карындаш,
Колун сунаар ар азапка батсаң да.
Кээде сүрдүү, сур булуттай каптаган,
Кээде мерген, мээлеп бирок, атпаган.
Алсыз дебе, алсыз эмес Аялзат,
Аял-Энең, сени багып таптаган..!
мораль.
Жаралган адам экен туулганы суйлой алгыс,
Жашоого умуту чон эртеге конул калгыс.
Баш багаар же жайы жок урунуп ар бир жанга,
Жалдырап мени карайт же оюн айта алгыс...
Сулууга бир кем дуйно жаралат махабаттан,
Ишенген кожосу бул тагдырга башын каткан.
Жер кезип жайын таппай адашып уйурунон,
Кайгыга батып барат турмушта азап тарткан.
Коодонун буулуктурган жан дуйно эзип барат,
Суйлоого зар болгон тил айкырык унун салат.
Жанында жакыны жок болушоор армандарын,
Ичтен сызып кундон-кунго онунон азып барат.
Табият жолдош болуп суротко тартат кечти,
Издеди жакындарын, таппады деги кечпи?
Дудук деп айта албай журогум ооруп турат,
Урунат ар бир жанга же тагдыр буга очпу?
Суротко тарткан колу кучунон кетип барат,
Алсыздык журогуно куч салып жетип замат.
Ар кимдин ою менен оз созун айта албай,
Батынып жасоого да ээликтен кемип барат...
Журокко так калтырган айтылуу ушул кездер,
Мээсине синип барат айтылган уулуу создор.
Жаныма жакын келип кол сунуп мени карайт,
Оз оюн айта албай жалдырайт ушул коздор...
Айбан да болсо карайт 'балам' деп балапанын,
Боор ооруп, мээрим менен бала учун жасап баарын.
Илгерки заман кайда?! 'Оз' учун жашайт азыр,
Мерээзсин эй Адамзат кызыксыз жогун, барын!...
Ойдомун азыр жолдо узатып ушул кечтер,
Убакыт жетегинде жетелеп сансыз кучтор.
Мен дагы мерээзминби кол алышып кете бердим,
Эсимден кетпей койду жалооруп ошол коздор...
Баяндоо, сүрөттөө.
Ж.б.ж.б.

В каждой шутке есть доля правды...
#3 05 Апрель 2016 - 09:17
Акындардын ырларын көп окусаңыз түшүнүп аласыз. Кандайдыр бир муун өлчөмүндө эреже бар деп деле айтыш кыйын,мисалы Алыкулда башка эреже, Рамисте башка эреже (стиль). Тиги жапондордун Басёсунда таптакыр башка, Есенинде да өзүнө гана таандык. Бул эми сырткы визуалдык гана, жазуу техникасы деп коебузбу, ишигылса сырткы гана өзгөчөлүктөрү.
Лирика, ода, романтика,ж.
б. болуп тематикалык жагынан да көп түргө бөлүнүп кете берет...
Кыргыз поэзиясындагы классикалык бир моделди алып көрө турган болсок, бул он бир муундук ыр сабы. Көбүнчө кыргыз акындары ушул ыргак менен жазат. Мисалы, жогорудагы Sweet-Lika'нын
"Аял жылдыз жаркып турган асманда,(а)
Теңби кундуз миң-миң түрүн тапсаң да.(а)
Аял-энең, эжең, болот карындаш,(б)
Колун сунаар ар азапка батсаң да.(а)"
деген ырында уйкаштык а-а-б-а ыкмасында, ал эми муун эсеби 11 муун өлчөмүндө жазылган. Бул эң эле кеңири таралган ыкма болуп эсептелет. Мындан башка а-а-б-б өлчөмү болушу мүмкүн, же а-б-а-б,же а-а-а-а, же а-б-б-а болушу да мүмкүн. Мисалы,менин бул ырымда:
"Барс авамдын окуп чыгып төрт сабын(а)
Эске түштү айылымдын аңыздары...(б)
Шаардын күлүк ритминен чарчаганда(в)
Айыл жыты-табылгыс бир шыпаа,дары.. .(б)
Бук болуп турам,жетишпей турат бир нерсе(а)
Жандүйнөм менин кыйлага азыр бузулган.(б)
Айылдын жытын көкүрөк толо бир жутуп(в)
Ат болгум келди.Сокого кошкон,дың бузган(б)
уйкаштык а-б-в-б ыкмасында бара жатат, муун өлчөмү он бир муун.
Дагы бир мисал:
Жамгыр дале жаап жатат,
Тажабайт...
Ар бир тамчы ысымыңды
Улам-улам кайталайт...
Күз даамданган, күз түспөлдөш аруу кыз
Бир басалы? Колчатырды ачыңыз...
А бул жерде көрүп турасыз, аралаш болуп баары чалкеш болуп кеткен. Бирок, ошентсе да уйкаштык сакталган, бирок муун эсеби ар кандай.
Кыскасы, ыр жазгыңыз келсе жазып көрүңүз, эксперимент жасашыңыз керек, изденип толгонуп дегендей. Жаңы баштап жаткан болсоңуз, эң оңой ыкма алты муун өлчөмү болсо керек. Бул өлчөмгө
" Ай чыкты карачы
Айдан биз жаралдык,
Ай нуру төгүлгөн
Алтындай балалык" деген ыр мисал боло алат.
Аракет кылып көрүңүз, балким ичиңизде бугуп жаткан талант бардыр.

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 05 Апрель 2016 - 09:19
Баракча 1 - 1