22-июнь
Кечээ үйрөнгөнүмдү бүгүн унутуп койчу болдум. Сыягы, баары кандайдыр бир мыйзамдын негизинде болуп жаткансыйт.
Баарын артты көздөй унутуудамын.
Акыркы жолу эмнени үйрөнсөм, эң биринчи ошол эстен чыгат. Кокуй ай, мыйзам деген эмне эле? Сөздүктөн карайынчы.
“Элжернон-
Гордон Эффекти” тууралуу жазгандарымды кайра окуп чыктым. Башка бирөө жазгандай эле болду. Кээ бир бөлүмдөрүн такыр эле түшүнө албай койдум.
Бир топко чейин бир жерди тиктеп тура берчү болдум, өзүм да түшүнбөйм. Машинкада жазуу күн сайын кыйындап бара жатат.
23-июнь
Машинкада жаза албай калыптырмын.
Бир нерсеге оюмду топтоп, чечим кабыл алуу кыйын болуп жатат. Күндөн-күнгө кыймыл-аракетим жайлап бараткансыйт.
Бүгүн аябай таң калычтуу бир нерсе болду. Изилдөөмдө колдонгон Крюгердин "Uber psichische Ganzheit" (Психикалык артыкчылык жөнүндө) аттуу эмгегин алып, балким өз жазгандарымды түшүнгөнгө жардам берер деп окуп көрдүм. Башында көзүм жакшы көрбөй жатабы деп ойлогом. Немисче такыр окуй албай калганымды кийин түшүнүп жатпаймбы. Андан соң мурда үйрөнгөн башка тилдерди да карап көрдүм. Баарын унутуп коюптурмун.
30-июнь
Бир жумадан бери жазгым келбей жатып, араң жаздым. Баары алаканга алган кумдай манжалар арасынан төгүлүп бараткансыйт.
Китептердин көбүнчөсү окуганга өтө эле оор болуп калыптыр. Бир канча жума мурун окуп, түшүнгөн китептерди окуй албай жинденип турам.
Жазгым келбесе да, балким бирөө-жарым буларды окуп, эмне болуп жатканымды түшүнөөр деп өзүмдү-өзүм араң алдайм. Бирок сөздөрдү бириктирип сүйлөм түзүү, туура жазуу өтө эле оорлошуп баратат. Жөнөкөй сөздөрдү да сөздүктөн карап чыкчу болдум. Ошондуктан,
шаштым кетип, бат тажап кетем.
Др. Штраусс күн сайын келет, бирок мен ага эч ким менен сүйлөшкүм да, көрүшкүм да келбейт деп айта берем. Өзүн күнөөлүдөй сезет. Аны менен кошо башкалары да. Бирок мен эч кимди күнөөлөгөн жерим жок. Эмне болоорун билип турам. Бирок билсең да жаман экен.
7-июль
Бир жума кантип өтүп кеткенин билбей калыптырмын.
Терезеден элдер чиркөөгө баратканын көрүп, дем алыш экен деп койдум. Миссис Флинн мага эки-үч жолу тамак алып келгенин билем, бир жумадан бери төшөктө жаткан окшойм. Ар дайым өзүмө бир нерсе жасаш керек деп кайталай берсем да эсимен чыгарып коем, балким антип кечке эле кайталай бергенден пайда чыкпайттыр.
..
Ата-энем жөнүндө көп ойлондум. Деңиз жээгинде чогуу түшкөн сүрөтүбүз бар экен. Атам чоң топту колтуктап, апам болсо мени жетелеп турат. Аларды сүрөттөгүдөн башкача элестетчү элем. Атам көбүнчө мас болуп келип, апамдан акча талашканы гана эсимде.
Сакалын көп алчу эмес, мени кучактап өпкөндө бетимди тытып кетчү. Апам бир жолу аны көзү өтүп кеткен деп айткан, бирок жээним Милти башка бир аял таап, ошону менен кеткенин өз ата-энесинен угуп калган экен. Апама айтсам, беттен ары бир чаап, өлдү дебедим беле деп урушкан. Кайсынысы чын экенин ким билсин, бирок азыр бул мен үчүн анча деле маанилүү эмес (Атам бир жолу сарайга барып, малдарды көрсөтөм деген болчу, бирок алып барган жок. Ал убадасын аткарчу эмес...)
10-июль
Мен жашаган үйдүн ээси Миссис Флинн мага өтө сары санаа болуп алыптыр. Кечке эч нерсе кылбай, төшөктө эле жатканымды көрүп, уулум да ушинтип жата берчү, айлам кетип үйдөн кубалап чыккам дейт. Жалкоолор жакпайт экен. Ооруп жатсаң анда сөз жок дечи, бирок жалкоо болсоң анда сени менен башкача сүйлөшөвүз дейт. Сасык тумоолоп калган окшойм деп койдум.
Аз да болсо гүнүгө бир нерсе окуганга аракет жасап атам. Көвүнчө аңгемелерди,
бирок кээ бирөлөрүн түшүнбөй калганым үчүн кайра-кайра окуватам. Жазуу да өтө оор болуп калды. Албетте, туура жазуу үчүн ар бир сөздү карап чыгышым керек дечи, бирок убактым коромжу болуп, чарчап калып атам.
Ошондо,
узун, оор сөздөрдүн ордуна кыска, жеңил сөздөрдү колдоноюн деп чечтим. Убакыт көп коробойт. Элжернонго ар апта гүл коюп турам. Миссис Флинн чычканга гүл коюп не жинди болдуңбу дегенде, мен үчүн эң жакын жандык эле дедим, түшүнгөндүр.
14-июль
Кайра дем алыш. Телевизорум бузулуп калыптыр, оңдотоюн десем акчам да калбай калыптыр. Эмне кылаарды билбей отурам. (Лабаратория берген чекти жоготувийген окшойм. Эстей албайтам)
Башым өтө катуу ооруп атат, аспиринден болсо пайда жок. Миссис Флинн мени көрүп боору ооруйт. Ооруп турганда андан жакшы киши жок.
22-июль
Миссис Флинн бир доктурду чакырыптыр.
Өлүп калбасын деп корккон окшойт. Доктурга өтө деле катуу ооруган жокмун, гээде баарын унутуп калам деп жооп бердим. Ал башын чайкап тууганың же жакындарың барбы дегенде жок дедим. Элжернон деген чычкан досум бар эле, экөөвүз жарышып ойночувуз десем, мага жинди болуп калган окшойт дегендей карады.
Бир гездерде мен аявай акылдуу болчумун десем жөн гана жылмайып койду. Миссис Флинге гөз ымдап, мага болсо жаш баладай мамиле жасады. Шылдыңдай элек ушул эле калгансып, ага жиним гелип, бөлмөмдөн кууп чыктым.
Элжернонго арналган гүлдөр Америкалык жазуучу Дэниел Киздин атактуу чыгармасы кыргыз тилинде
#22 15 Март 2016 - 20:38
24-июль
Үйдүн акчасын төлөгөнгө акчам калбай галыптыр. Миссис Флинн эки айдан бери төлөй элексиң, жумуш тапсаң боло дейт. Доннигендин желим куту чыгарган фирмасынан башка жумуш билвейм. Ал жерге баргым гелген жок. Алар эмне болгонумду билишчү да, аяка барсам балким кайра шылдыңдашмак.
Бирок акчаны кайдан табам, билвейтам.
25-июль Мурунку жазган барактарымды алып, өзүмдүн кол жазмамды окуй албай койгонума гүлгүм гелди. Гээ бирөөлөрүн окуй алсам да, эштеке түшунбөйтам.
Мисс Кинниан гелип эшикти такылдатканда, ачпай туруп сизди көргүм келвейт деп салдым. Ал да ыйлады, мен да ыйладым, бирок менин мындай жиндидей болгон авалымды көрвөсүн деп киргизген жокмун. Сизди жаман көрөм деп бакырып да салдым. Мен аны дагыле сүйөм, дагыле мурункудай акыл эсим ордунда болсо дейм, ага мындай катуу сөздү эртереек гетип калсакен деп айттым. Миссис Флиннге үйгө деп акча төлөп коюптур. Мындайды каалаган эмесмин. Жумуш тавышым герек.
Оо, Жараткан! Жазганды, окуганды унутпасамкен. ..
27-июль Донигенге барып мурунку жумуш ордумду сурасам жакшы кабыл алды. Башында анча ишенбегенсип, бир нерсени шекшигенсип турду, бирок мен ага башыман өткөндөрдү айтып бергенден гийин мага жакын гелип, далыман таптап кыйын жигиткенсиң деди.
Мурдагыдай ажатканага гирип алып, шыпырып-тазалап гирсем баары мага таңгала карап калышты. Өзүмө өзүм Чарли эгер сага бирө тийишсе гөңүл бурба, алар сендей акылдуу боло алышкан жок деп алдаваттым. Сени шылдыңдашса да алар бир убакта сенин досторуң, сени жакшы гөргөн гишилер болчу деп аттым.
Ошо жерде менден гийин жумушка алынган бирө мени жаман шылдыңдады. Ал мага эй Чарли сени профессор болгон девуктум го, кана ошол ойлоп тапкандарыңан бизге да айтып бервейсиңби деп каткырды. Жиним гелип кетти, ошондо Джо Карп тигини жакалап туруп, тийишпей жүр, мойнуңду кайрып койом деп салды. Джо минтип мага болуша галат деп ойлогонмесмин, эми чындап дос болуп галдык окшойт.
Гийинчерек Френк Рейли жаныма гелип эгер бирө тийишип же алдагысы келсе Джо экөвүзгөле айтып кой, акесин танытып койовуз деди. Френкке рахматымды айткыча шашып ажатканага араң жеттим. Ыйлай берип токтоналбай койдум биртопко. Досторуң болсо жакшыкен да...
28-июль Мурункудай Мисс Кинниандын сабактарына катышпай калганымды унутуп калып анын класына гирип барыптырмын. Жиндимин да. Мурда отурган арт жактагы ордума барып отуруп калсам Мисс Кинниан мага бир кызыктай карады да Чарльз деп чакырды. Ал мага эч качан Чарльз деп кайрылганмес болчу. Дайыма Чарли дечү. Саламатсызбы Мисс Кинниан савакка дайарданып келдим. Бирок китебимди унтуп калыпмын дедим жылмайып. Ал мага карап туруп ыйлап жиберди да кластан чыгып кетти. Бары мени гарап турп калышты. Алар мурда мени менен чогу окуган гишилер эмескенин ошондо байкадым.
Бир гезде аператсийаны анан кантип айавай акылду болуп геткенимди эстеп геттим. Жинди болуп калганымды ошондо гана түшүнүп Мисс Кинниан кайра келгенче гетип калдым.
Мына эми ушинтип Нью-Йорктон гетип бартам. Дагы ушундай жиндиче нерселерге туш болвойун деп. Мисс Кинниан мага боору оорубасын деп. Фабрикадагылардын баары мага боору ооруй берчү. Жаман гөрөм ушундайды. Ошончүн Чарли Гордонду таанываган мурун акылдуу болуп азыр болсо китеп да окуй албай калганын эч ким билвеген жакка гетип бартам.
Жаныма бир эки китеп алывалдым. Балким аларды окуп гөнүгүп турсам гөп нерсени унутпай галармын. Балким жакшырак аракет кылсам аператсийага чейинкиден дагы акылдурак болуп калам. Гим билет...
Мисс Кинниан. Балким сиз буларды окуп калсаңыз мага бооруңуз оорувасын, сарсана болбоңуз. Мен акылдуу болуп галганым үчүн, мага ушул мүмкүнчүлүк тийген үчүн айавай ыраазымын. Мен гөп нерсени үйрөндүм. Мурун мен алардын бар экенин да билчүмесмин. Ушуларды аз да болсо билип гөрүп галганым үчүн Жаратканга ыразымын.
Неге кайра жинди болуп калганымды бийлбейм. Нени туурамес кылдым. Жакшыле аракет кылыватпадым беле. Балким дагы да аракет кылсам бираз акылдуу болуп калармын. Гөнүгүлөрдү жасасам балким сөздөрдүн маанисин да түшүнүп калармын. Бир жолу сырты тытылган гөк китепти окуп айавай рахат алган болчум. Эми мен гөп аракет жасап акылдуу болгонго умтулам. Акылдуу болуп, гөп нерсени билиш айавай сонун. Мен азыр эле отура галып акылдуу боло галышты калайт элем. Анан тымбай окуй бермекмин.
Дүйнөдө илим үчүн гандайдыр бир жардамы тийген жалгыз гиши болсом герек. Бир нерсе жасаганымды билем бирок некенин так эстей алвайтам. Өзүмө окшогон жиндилерге бир нерсе кылсам герек эле.
Кош болгула Мисс Кинниан жана доктур Штраусс жана башкалар.
P.S. Др. Немурга бирө тийишсе гөңүл бурбай эле койсун. Ошондо гана достору гөвөйөт. Ушуну айтып койгулачы. Негизи досторуң гөп болсун десең бирө сага тийишсе эштеке дебешиң герек. Жөн гой тийише берсин. Бара турчу жеримде буйурса гөп досум болот.
P.P.S. Колуңар бошогондо Элжернонго гүл гойуп тургулачы . Ал мен жашаган үйдүн артында...
The end

Fall into my trap :)
#23 23 Март 2016 - 14:28
Абдан сонун, кызыктуу экен)! Бир дем м.н аябай кызыгып окудум. Аябай, ото жакты). Башында ката экен деп окубай жаткам да, корсо ошондой турбайбы))). Короче керемет!!
!!
#24 24 Март 2016 - 22:48
Байкуш Чарли кайра акылынан айнып калганы аябай окунучтуу экен.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#26 09 Апрель 2016 - 13:22
Эн мыкты жазылган чыгарма экен! Ыйлап жибердим.....
Адам заты озуно берилген акыл-эсти ,
мумкунчулукту барктаса.
мумкунчулукту барктаса.
#27 11 Апрель 2016 - 12:32
Сонун чыгарма экен. Бизге жеткизгениниз учун чоон рахмат.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!