Апа бул — үч эле тамгадан турган сөз, ичине бүтүндөй бир ааламды, жашоону, өмүрдү камтыйт. Дүйнөдөгү эң таттуу, эң ширин, эң—эң көп колдонгон сөз да ушул Апа....
Менин апам, менин маматайым, менин демим, менин дүйнөм асылым апакем, 1959- жылы, 30 — ноябрьда, Ош областынын Ноокат районуна караштуу Төөлөс айылында төрөлгөн. Он эки бир туугандын эң улуусу. Таятам менен таенемдин туң кызы, алар сегиз жыл перзенттүү болбой жүрүп, тиленип, суранып алган кыз. Өзүнүн артынан он бир тууганын алып келген ак жолтой кыз.
Мектепти, андан соң педагогикалык институтту аяктап, орус тили жана адабияты адистиги боюнча мугалим. Бирок, такыр башка эле тармакта иштеп калган.
Жыйырма алты жашында турмушка чыгып, 28 жашында мени,анан отуз жашында инимди тапкан. Бизге татыктуу тарбия берип, бойго жеткирди.55 жашында уул үйлөп "кайнене" — деген статуска ээ болду. Буюрса 57 жашында саналуу айлардан соң "чон эне" деген дагы бир ыйык статуска ээ болот.
Азыркы тапта, келининин колунан ыссык чайын ичип, атам экөө айылда.
Акыркы айларда, бир аз ден соолугу кыжаалат кылгандыктан, Москва шаарына жаныма чакыргам, азыр учактан түшөт. А мен мээримдүү апакемди бир кучак гул менен аэропортто күтүп отурам.
Толук он беш ай, тагыраагы 463 кун дегенде маматайымды көрүүгө көзүм төрт эмес сегиз.
Мына ушундай замандаш! Менин ааламда тендеши жок асыл апакем жөнүндөгү дил баяным.
Менин, сиздин, баарыбыздын апаларыбыз ар дайым аман болушсун бар болушсун! !!
Билдирүүнү түзөткөн: barpynynkyzy: 15 Апрель 2016 - 03:32