Бул теманы ачканы өлкөбүздө болуп жаткан көйгөйлүү маселелер түрткү болду.
Мен өзүм Базаркоргон районуна караштуу Акман айылынан болом. Мугалимдердин жашоосун да жакшы түшүнөм.
Болуп өткөн окуялар аябай маанайымды чөктүрдү, себеби мугалимдер пикет уюштуруп көчөгө чыккан абалга келип калганын көрүп турабыз.
Туурабы туура эмесби буну талкууга алсак ар кимдин ойу ар башка, анан күнөөлүүнү издесек баары бир пайда таппайбыз.
Кайсыл жерге барба, дүйнөнүн ар бир бурчунда МУГАЛИМ деген кесип жөнүндө баары билишет. Мугалим келечектин "конструктору" Ошол мугалимдерге биз балдарыбызды тапшырып жатабыз. Ошол мугалимдер биздин балдарыбызды тарбиялайт. Демек аларга да маани беришибиз абзел.
Бир бирибизге жардам берсек ар кандай кыйынчылыктардан оңой эле чыгып кетебиз.
Деги бул маселени чечүүгө жол издейли. Сунуштарыңыздарды күтөбүз, жана ишке ашырууга болгон аракетибизди жасайбыз!
Кандай дейсиңер?
Кыргызстандын өнүгүүсүнө ар бирибиз салымыбызды кошуубуз керек.
аракет кылууга убакыт келди.
Кыргызстан биздин кызматты күтүп турат.
Көп күттүрбөйлү
Билдирүүнү түзөткөн: Kirgizjigit: 17 Декабрь 2010 - 21:14