Энелердин эрдигин даңазалай... сынак старт алды Суперстанда кезектеги сынак.
#41 17 Апрель 2016 - 12:17
Апам жаннатым,
Апам жердеги периштем,
Апам дуйном,
Апам эн кымбатым,
Апам кунум,айым. Айта берсен соз бутпойтго энелер учун. Дуйнонун эн жакшы создорун айтсамда ал жетпейт, таманындан ооп канча коп рахмат айтсамда ал аздык кылат, бирок менин мээримдуу апакем кичине жакшылыгым учун ыраазы боло берет. Мен апакем менен сыймыктанам, куч- кубат алам. Мактайын десем соз бутпойт экен албетте мактай турган адамда. Апам 1974 жылы Ноокат районунун Жар-Коргон айылында торолгон. Ата апасынын созун жерде калтырбаган, ар дайым илим алып, жакшы окуган кыздардан болгон экен. Аябай коркуп турчуу экен бир кун сынап атам " койдун жунуно тикенек жабышып, тикенек басып кетиптир отуруп тер десе, ошонуда калтырбай колум менен терип чыгыпмын" -деп кулдугон эле. Окууну буткондон кийин эки жыл Ташкентте медресседе билим алган. 22 жашында турмушка чыгып 6 баланын мээримдуу энеси. Ушул жашка келип бизге жаман соз айтканын корбодум, ар дайым кыйынчылыкта куну отту, ошентседа сабыр кылып, сабырдуулугу менен женет баарын. Ааламда тендеши жок асыл апам дайыма бар болсун, ар бир уйдо эненин уну угулуп турсун.
#42 17 Апрель 2016 - 22:25
Менин апам Сакеева Жаркын Кубатбековна 1966-жылдын,жаркыраган жай айынын 1-июнунда,Жалалабат шаарына караштуу Тайгараев а/о Кызыл-Суу кыштагында, алтынчы болуп,жарык дуйного келген.
Таэнемдин айтуусунда:
-апакемди тороордо,шаардык торот уйуно жоногон экен ,кызыгы ат устундо келе жаткан таэнем жар башына келгенде толгоосу куч алып ,ошол жерде жарык дуйного алып келет.
Жаным апакемдин ысымын ошол себеп менен
Жаркын деп таятам коёт.
Жароокер ,жаркылдаган ,жагымдуу жылмайган ,жалжал коздуу жаным АПАкем он бир туугандын ортончусу болуп ,алыскы Кызыл-Суу кыштагында тоолуу ороондо бактылуу балалыгы отот.
Суйкайып керилген ,олон чачы тизесине тушкон апакеме коз артып ,соз айттырган мырзалар четтен чыга баштаган мезгилде атакем бир орустун машинеси менен ала качат.
Таш тушкон жеринде оор деген салтка баш ийген апакем атам менен жашап калат.
17 жашында турмуш курган апакем ,удаа-удаа агартып уул ,кызартып кыз торойт.
Эки уул торт кызды жарык дуйного алып келгенде апакем Алыкулдун ак боз ат минген мезгилинде болот.
35 жашка чыкканда тун кызын куйоого берип ,куйо балалуу болуп ,кайнене статусун алат.
36 жашында неберелуу болуп ,таэне болот.
Азыркы учурда эки уул ,торт кызды оз тууруна кондуруп ,он уч небере коруп ,атакем экоо бактылуу турмуш кечиришуудо.
Апакем-молтур булагымсыз!
Апакем-жарык чырагымсыз!
Апакем-аткан танымсыз!
Апакем-уйдун кутусуз!
Апакем-менин бак доолотумсуз!
Апакем-ыйыгымсыз!
Апакем-айтып бутпос дастанымсыз!
Бар болунуз -АПАКЕ!
Апакем-
#43 17 Апрель 2016 - 22:57
Umka..00 (17 Апрель 2016 - 12:17) жазган:
Апам жаннатым,
Апам жердеги периштем,
Апам дуйном,
Апам эн кымбатым,
Апам кунум,айым. Айта берсен соз бутпойтго энелер учун. Дуйнонун эн жакшы создорун айтсамда ал жетпейт, таманындан ооп канча коп рахмат айтсамда ал аздык кылат, бирок менин мээримдуу апакем кичине жакшылыгым учун ыраазы боло берет. Мен апакем менен сыймыктанам, куч- кубат алам. Мактайын десем соз бутпойт экен албетте мактай турган адамда. Апам Акаева Бухадича 1974 жылы Ноокат районунун Жар-Коргон айылында торолгон. Ата апасынын созун жерде калтырбаган, ар дайым илим алып, жакшы окуган кыздардан болгон экен. Аябай коркуп турчуу экен бир кун сынап атам " койдун жунуно тикенек жабышып, тикенек басып кетиптир отуруп тер десе, ошонуда калтырбай колум менен терип чыгыпмын" -деп кулдугон эле. Окууну буткондон кийин эки жыл Ташкентте медресседе билим алган. 22 жашында турмушка чыгып 6 баланын мээримдуу энеси. Ушул жашка келип бизге жаман соз айтканын корбодум, ар дайым кыйынчылыкта куну отту, ошентседа сабыр кылып, сабырдуулугу менен женет баарын. Ааламда тендеши жок асыл апам дайыма бар болсун, ар бир уйдо эненин уну угулуп турсун.
Билдирүүнү түзөткөн: Umka..00: 17 Апрель 2016 - 22:59
#44 17 Апрель 2016 - 23:23
Түшүнүксүз тараптан ичиркенткен суук келип, аябагандай бороон-чапкын болуп, ошол өрүктү түбү менен омкоруп салчуудай катуу шамал болуп жатты. Мына-мына бутактары шамалга сынып түшчүдөй ары-бери чайпалат, кайран өрүк, түбүнүн бекемдигинен гана түтүп жаткандай. Өрүктү канчалык шамалдан арачалагым келген менен колумдан эч нерсе келбей чыйпылыктайм, сынбаса экен дейм. Каап, калдайган канатым болсо дарактын турган-турпаты менен канатыма калкалап ороп алмакмын, анте албадым, канчалык чебелектегеним менен колумдан эч нерсе келчүүдөй эмес, демим кыстыгып аба жетпей кыйналам...
Тайенемдин айтуусу боюнча ошол өрүк дарагы менен апамдын жаш курагы чамалаш экен , ошондон улам болсо керек дарактын мөмөсүда мен үчүн аябагандай даамдуу, ширелүү сезиле берет. Анданда кандайдыр бир мээрим, жылуулук чачырап тургандай туюлат, балким энекең менен жашташ дегенди уккандан бери балалык кыял менен жакын сынтып алсам керек. Апам Улуу империя СССРдин гүлдөгөн доорунда, күнөстүү түштүктө, педагогдордун үй бүлөсүндө жарыкка келиптир, төрөлгөн кези ак төөнүн карды жарылган күз мезгилине туш келгенин кара, энекемдин турган турпатынан береке төгүлүп турат. Алты канат боз үй сындуу апакемдерда алты бир тууган эле. Боз үйдүн ууктарын бириктирип турган түндүгү эмесби, ошол түндүк таятам болчу. Ал эми чакан боз үйгө жылуулук берип турган коломтосун тайенем деп атагым келди.
Апам болсо ата-энесинин жолун жолдоп 20жылдан ашуун өмүрүн мектепке арнап, мугалимдик кесипти аркалап келет. Өз ишине тактыгы, чынчылдыгы, кесибин сүйгөн жан катары эмгеги бааланып, эл агартуунун отличниги наамын алып, катардагы мугалимден тарбия завучтугуна көтөрүлүп, үзүрлүү эмгегин жеткинчектерге арнагандан дале жадабай келет. Адам ар дайым алдыга жылыш керек деген принципке таянгандыктан, чакан тендердин негизинде айылыбызга ак мээнет менен балдар бакчасын ачып, ушул тапта мектептеги жумушу менен катар балдар бакчасында ишке салган кез. Бирин-экин айымдар жумуш менен камсыз болгондоруна курсант болсо. Кароосуз калган имарат минтип оңдолуп-түзөлүп, азыркы тапта томсоргон мечиттен бөбөктөрдүн шаңдуу үнү жаңырып бакчага айланган кез. Ансызда мээнеттен башы чыкпаган айылдын жаш келиндеринин бир аз да болсо колу узарып, балдары күндүзү кечке таза, тыкан жерде тарбиялынып, келечек жашоосуна фундамент куюлуп жатканы алкоого алаарлык эмей эмне?
Башка айымдар сыяктуу апамдында башынан ар түрдүү оош-кыйыш күндөр өтпөй койбогон. Алардын бирин эстесем, бирин балалык кыял менен эстейда албайм. Бир билгеним аптаптуу ысыкта кетмен чаап, тамеки эгип, пахта чаап, колдору даалай туурулуп, жүзү даалай күнгө тотуккан. Үйдөгү иштида, талаанын ишинда, элдин ишинда бирдейинен алып кетип, көп ийгиликтерди жараткан менен, даалай ирээт кагылып, даалай ирээт согулуп, кандай гана азаптуу күндөрдү баштан кечирбеди дейсиң?
Эээх, жашоо канчалык оптимист болуп алдыга бет алсаңда, жараткан улам ар түрдүү сыноолор менен пендесин сынап, демин майтарып улам жаңы сыноолорду тартуулап турат окшобойбу. Азыркы таптада турмуштун оор соккусуна кабылып апамдын жүрөгү ооруп турганын карап туруп, колумдан эч нерсе келбегенине, бир байкуш алсыз перзент экениме арданам. Колумдан келсе кана, апамды жонума кондуруп алып кулак укпас, көз көргүз бейпил жактарга алып кетпейт белем. Кайдаан, антмек тургай көңүл көтөрөөр жылуу сөзүмдү жөндөп айталбай, ачуу жашка муунгандан башка колумдан эч нерсе келбегени өзөгүмдү өрттөйтда турат.
...шамал дале уулуп-уңшуп, өрүктү кулатуунун аракетинде, мына-мына сынып кетчүүдөй ийилип, ары-бери чайпалып, жалбырактары сабагынан үзүлүп түшүп сапырылып туш-тарапка учат, мейличи бариги күбүлсө күбүлсүн өзү сынбасын дейм. Тилегимди кудай бергенби, канчалык бороон-чапкынга кабылган менен өрүк сынбады, майтарылды бирок сынбады! Мен ошого кубандым.
Чочуп ойгондум. Офф, түшүм экен, мен жакынсынткан дарактын бороон-чапкынга кабылганын, апамдын башынан өткөрүп жаткан оор минуталары деп жоорудум. Оозум кургап, жүрөгүмдүн согушу баттап калыптыр. Туруп барып муздак суудан кере ичип, демимди баскансыдым. Ансызда канча күндөн берки асыл энеме болгон санаркоом жаш менен сыртка сызылып жатты. Анан кантмекмин, ыйдан башка колумдан коко тыйын келбеген алсыздыгыма арданам.
Өрүкда болсо жашоо менен күрөшөт экен. Кудай тамырын бекем кылган болсо канчалык табияттын катаалдыгына кабылбасын, адамдардын таш боордугу менен балталанып, араланып сынбасын, ар жазда үмүт менен бутак байлап, андан барып мөмө байлап, көккө карай кулач жаят экен.
А биз инсанбыз го.
-Апа эч качан майтарылбаңыз! Ооба, өзүңүз айткандай темирда бир күн келип жешилет, сабырда бир күн келип түгөнөт, а мен сабырыңыздын түгөнбөшүн кудайдан сурайм. Сиз сынбашыңыз керек, сиздин демиңиз менен дем алып, сиздин көзүңүз менен дүйнөнү көрүп келебиз. Сынам дей көрбөңүз, биздин кооз дүйнөбүздү урата көрбөңүз! Бул күндөрдүнда артында жарык күн келээр. Ооруп турган жүрөгүңүзгө эм болоор, сынып турган көңүлүңүзгө азда болсо дем болоор деп арзыбаган чакан биографиялык баянымдын соңуна чыгардым. Узак-узак жылдар боюу жашообуздун байрагы болуп, өрүк сындуу майтарылбай, дал ошол дарактай чыйралып, кайратыңыздан жазбай, көп жашаңыз!
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 18 Апрель 2016 - 08:56
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#45 18 Апрель 2016 - 00:15
rnurzida (11 Апрель 2016 - 04:18) жазган:
Биссмилла деп энелерди даңтап, мактап, улуулугун, баа жеткис эмгегин, дегеле сөз менен айтып бүткүс апаларыбызды даңазалачу сынагыбызды баштадык.
Сынак 4 шарттан түзүлдү. Алар;
1."Ааламда теңдеши жок асыл апам" деген теманы аркалай апакелерибиздин өмүр баяны. Бул жерде кыска жана нуска болушу шарт!
2."Апа, сага кандай мактоо жарашат, апа, сенден ким сыймыкты талашат?"
Албетте, апаларды мактап, даңктап 5 куплеттен ашпаган ыр.
3."Оорубасын энелердин жүрөгү". Бир эле өзүбүздүн апабыз эмес, жалпы энелер жөнүндө баян. Коомчулуктагы айрым мисалдар менен коштолсо да жакшы болмок.
4."Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" . Сиз кандай апанын уулусуз же кызысыз? Балалыгыңыздан кызыктуу жана күлкүлүү бир үзүм окуя.
Сынакта өз апаларыбыз жөнүндө гана жазабыз. Эгерде чоң эне, таянелери өз апасынын ордунда болгондор болсо, анда алар да баяндашса болот. Сынакка бардык тайпадагы (конок, жаран, аким ж.б.) форумчулар катыша алат.
Сынактын ар бир шарты үчүн бир апта убакыт берилет. Ар бир шарт үчүн добушту мазмуну жагынан жалпы форумчулар берет. Ал эми грамматикалык жактан калыстар тобу баалап, жалпы добуштарды эсептеп, бизге жарыялашат.
Экинчи тур башталганда биринчи шарт үчүн добуштар бериле баштайт. Жаран статусуна ээ болгон жана билдирүүсү 100дөн ашкан (10-апрелге чейинки билдирүүлөрү) гана форумчу добуш берүү укугуна ээ. Эгерде негизги ниги менен жазганга мүмкүнчүлүгү жок, бирок конок тайпасындагы ниги форумчуларга белгилүү, билдирүүсү 100дөн ашкан форумчу болсо, анда добуш бере алат. Сынактын катышуучулары да каалаган катышуучуга же өзүнө добуш бере алат.
Сынактын биринчи шарты боюнча тапшырмалар 17-апрель саат 00:00дө токтотулат. Демек, 17-апрель саат 00:00гө чейин жазып бүтүшүбүз керек. Андан кийинкиси кабыл алынбайт.
Бул темада жалаң гана сынактын шарттары (тапшырмалар) жазылууга тийиш! Ашыкча билдирүү жазбайбыз! Сынак боюнча ой-пикирлерибизди төмөнкү темага жазабыз!
http://www.super.kg/ ...showtopic=93270
Баарыңыздарга ийгилик!
Сынактын биринчи бөлүгү соңуна чыкты. Добушуңуздарды бул темадан бериңиздер. Ал эми катышуучулар экинчи этапка өтө берсе болот.
2."Апа, сага кандай мактоо жарашат, апа, сенден ким сыймыкты талашат?"
Албетте, апаларды мактап, даңктап 5 куплеттен ашпаган ыр.
#46 18 Апрель 2016 - 00:20
Жаркылдаган жарык маанай апакебайымдын жылуу, жумшак колдору чекеме тийген кезде ичимди тызылдата ачыштырган ой-санаадан арылып, кейиш дүйнөсүнөн бейиш дүйнөсүнө сапар алам ар качан.. Мээрим төккөн көздөрүнүзгө кирип алып, эч бир жанга эркелебегендей эркелеп, тар дүйнөм чексиздикке айланып, бир заматта бүткүл ааламдын ханышасына айланаарым чындык.. Бул сезимди жалгыз гана сиз тартууларыныз шексиз апакебайым! Мен сизге чексиз ыраазымын менин алтын апам, жүрөгүмдүн ар бир кагышы, жасаган ар бир кадамым бир гана сиз учун жаным апам.
1971 - жылдын 14-апрели.. Көз ачырбаган жаандуу күнү апам жарык дүйнөгө келип Кыдыралиевтердин үй-бүлөсүн тогуздун бири кыдыр дегендей тогузунчу наристе шанга бөлөйт. Жаш кезинен эркек мүнөз күтүп, аттын кулагы менен тен ойноп чонойгон секелек кызды, айылдын эли Исхактын "эшек минген" кызы таанышчу экен. Далай жолу эшек менен жылкы жаныбарынан куласам да, жалкып койбой минип, чан ызгыта чабаар элем деп апам жылмайып эскерип калат бала чагын. Мектепте ар бир концерт, кароо-сынактарда созолонто ырдаган апам, ырчылык кесипти аркаламакчы болуп, ошондогу Фрунзе шаарына келет. Бирок, дегдеген ой-максатына тайкем жолтоо болуп, медицина тармагына тапшыртып коет. Кыязы, чыгармачылыктын оош-кыйышын жон териси менен сезип калган үчүн караманча каршы болгон сынары.
Ошентип, алып жаткан билимине канаатанбаган апам, айылга сапар алат. Ушул алыскы сапарда атам менен таанышып, жылдызы келишкен эки жаш кол кармашып, турмуштун чон дайрасына түшүшөт. Жыл айланбай уулду болушуп, бал жыттанган бакытка ээ болушат. Андан соң агамдын артынан мен ээрчий келген экенмин. Бирок, турмушта кубаныч менен катар өксүк катар жүрөт бейм, кечээ эле бакытка балкыган эки жаш эки бөлөк жолго түшүп, кыйчалыш жашоо башталат. Апам кара жанын карч уруп жүрүп эки баланы жалгыз бутуна тургузду. Тоодой кайратына, анча-мынча мырзаларды артка таштаган эр жүрөктүүлүгүнө көптөр тан берип, бийик баасын берип келишет. Ушул убакка чейин көзүнө жаш алып, мүнкүрөп олтуруп калганына күбө болбоптурмун азыр ойлосом. Эшикке чыгып эркек болуп, үйгө кирип мээрим төккөн эн назик аял болуп бизди аталуудан кем кылбай өстургөн апамкем тизе бүгүп таазим кылам. Ак сүтүндү эки дүйнө актай албасым бышык.. Ар дайым бар болунуз менин алтыным АПАКЕБАЙЫМ.
#47 18 Апрель 2016 - 00:37
Аялзаты эн бир назик куш
Билесинерби менин апам укмуш,
Башынан канча кайгы отсо дагы
Апакемди жене албаптыр бул турмуш.
Эрте менен ысык чайын берип бизге
Жонотчу билим алуу мектебине,
Мектептен келген болсок ошол замат
Ыссык нанын ыссык чайын берет бизге
Апакем бактыбызга бар болун
Кыздарынызга очпой турган шам болун
Сиз бизди алпештеп остургонсуз
Апаке айым болун кунум болун.
Апам турмушта коп кыйынчылык корду бешообузду бир катуу суйлобой чонойтту ошолорду ойлооп отуруп жазылган ыр..
Билдирүүнү түзөткөн: kok-jar: 18 Апрель 2016 - 00:41
#48 18 Апрель 2016 - 01:24
"Араң гана үрөң-бараң таң аткан,
Апам тура ишке шашып бараткан.
Энелердин баардыгын тең башкага,
Бакыт жасап бериш үчүн жараткан"
-деген саптар бирде көзүмө жаш кылгыртып, бирде жүрөгүмдүн тереңинен ыраазычылык үнү угулгандай болуп турат...
Ырдабаймын, калыш үчүн сыйланып,
Канды түрттү,каткан сырлар жыйналып.
Сен жөнүндө ырдаш кыйын апаке,
Ырдабасам андан бетер кыйналып.
Сен жөнүндө баштаарымда ыр ырдап,
Сөздөр жайнап, чегирткедей чырылдап.
Сөздөр чууруп, кумурскадай капташып,
Жылдыз сымал бийиктерден жымыңдап.
Сен жөнүндө баштаарымда ырымды:
Телегейим келе калды төп болуп.
Жалкы нерсем санат жеткиз көп бодуп.
Столумдан сөздөр өсөт чөп болуп.
Калемине тийгизерде колумду,
Гүлдөр көзөп тактайланган полумду.
Чачыратып алтынданган карегин,
Шүүдүрүмдөр жарык кылат жолумду.
Даярданып узак жолго басууга,
Беленденип терең кенди казууга,
Издейм сөздүн керектүүсүн, асылын,
Тиштеп көрөм, сала коюп азууга.
Көз алдыман бүт турпатың чубалып,
Ырдайм сени…обонумду чыгарып.
Ойдогусу орундалган немедей,
Ойкуп кайкып, учат сөздөр кубалап.
Уйкаштыктар бир-бирине уланып,
Адам эмес сөздөр дагы кубанып.
Мелдешкендей жетип келет жарышып
"МЕНИ КОШКУН,МЕНИ ЖАЗ!"-деп суранып
(Алты миң сап ыр жазмакмын сен үчүн,
Акын болуп эгерде мен жаралсам....)
Билдирүүнү түзөткөн: jemile: 18 Апрель 2016 - 01:31
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#49 18 Апрель 2016 - 18:01
Мееримин токкон.
Бул дуйнодо сен.
Бактылуу болгун энекем.
Мен учун бул дуйнонун,
Кемчилигин корсотбодун.
Бул жашоомдун манызы, сизсиз энекем.
Ак бешигине болочу элен.
Алдей ырын ырдап мага.
Ал кезда отуп кетти,эми мына.
Энекем бактыбызга аман болчу сен дайым.
Энекем сенин баркын тугонгус.
Энекем сенин баркына жетээр бекем.
Сени менен туболук бир болуп.
Кучагында ар дайым.
Бул дуйнодо журоор бекем.
Апакем менин сени сагынам.
Апа сени сагынганда кайда барам.
Жааным жай тапбай олтуруп.
Бул олкодон сенин кааранынды издеп,
бирок тапбайм.
[ quote][/quote]
#50 19 Апрель 2016 - 09:52
А сен апа туболук сыз жердесин
Куса болом досторунду коргондо
Кайрат кыл деп журокко дем бересин
Урмат коруп жашар кезде ачылып
Апакебай сенден калдык айрылып
Алтын апа кеттин неге эртелеп
Басалбадын неберенди жетелеп
Кош бол апа туболукко уктагын
Биз ыйлайбыз бирок аны укпайсын
Периштелер гулзарынан узаткан
Атыр жытту бейиш гулун жыттагын
#51 19 Апрель 2016 - 12:23
Эне, сенден ким сыймыкты талашат!
Өмүр берип, бул жашоого алып келген.
Ой-санаага бир мен үчүн батып келген.
Ордуна эч бир нерсе алмашылгыс.
О менин касиеттүү асыл энем!
Күнүмсүң сен күн батса да жанып турган.
Күлкүң сенин дем күч мага берип турган.
Каректериң муңайбасын, жаш акпасын.
Асыл энем, бир сен үчүн жаным курман!
Сабырдуу бол, ыймандуу бол деп үйрөткөн.
Энекемдин асыл кебин угуп келем.
Ыраазымын, канча айтсам да аздык кылат.
Асыл энем акыл берген, мээрим берген.
Кантип актайм ак сүтүңдү мага берген.
Адам бол! деп чоңойттуң үмүт менен.
Миң жолу өпсөм дагы таманыңдан.
Кутулбасмын мээнетиңден мага берген.
Сурап келем талыкпастан ар убак.
Ден соолук бер, өмүр бергин Кудайым.
Эне ыйык! Эне кымбат! Асылзат!
Узаак жашап, бакубат бол ылайым.
Сыйлайлычы эне көзү барында.
Бейиш төрү эне таман астында!
Баарыбыздын энелерибиз аман болсун бул жашоодо!
Билдирүүнү түзөткөн: Supsuluu: 19 Апрель 2016 - 13:16
#52 21 Апрель 2016 - 02:06
Апаке, кечир мени – тентегиңди,
Саамайда сыйдам чачың бат агарткан.
Тымызын жылдарыңды бергениңди
сезбестен нечен ирет капаланткан.
Апаке, кечир мени. Актым эчен
турмуштун агын суусун каршы жирей.
Буулугуп, сынып, мокоп турганымда,
Апам ай, жүрдүң бекен бактым тилей?
Апамдын ар бир сөзү алтын экен,
Жаңылсам жардам сунат жетпес ченем.
Алыста, бөтөн жерде жүргөнүмдө,
Апакем, кең дүйнөгө баттың бекен?
Эне болдум. Дале сенин түшүңдөмүн.
Апкем-оов, эми сени түшүнгөнүм,
Саамга карап калсам нур жүзүңдү,
Айтасын: «Чай ичсенчи, үшүбөгүн».
Билемин,караан туткан медеримсин,
Көөдөндүн өксүк жашын жууп кеткен,
Туурулган колдоруң – күн, апакебай,
Жыпжылуу кучагына мемиреткен.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#53 21 Апрель 2016 - 12:21
Омур деген кандай баалуу озун барда,
Озунду деп кыялдарым туркун жакта.
Оо апакем мен баспаймын бир кадам да,
Озун болбосон жыргалдуу бейиш тарапта.
Кучагына алып келген бул дуйнонун,
Кумарым канбайт канча мээрим чачсан да.
Коздорумо тар ишен апа ушул дуйно,
Каректерин бир нурданып жылмайбаса.
Толкунданып ташып жаткан океан да,
Жетпейт апа бир кундук камкоруна.
Жер жузундо тамырлашып жаткан бактар,
Жетпейт апа баалуу бир тал чачына.
Озун менен ушул аалам толук апа,
Омурунду узун кылсын жаратканым.
Тиренуучум ишеничим жаным апам,
Бал да сендей таттуу эмес жада калса.
Жаркыным, жазым, аруум апам,
Жадыранып конулунду которчу апам.
Жузун кулсо кундун нуру тийе тушот,
Журогумдун тупкуруно алтын апам.
Жашоодон ата болуп орун тапсам да,
Жалгыз сага кичинекей уулун апа.
Жашоодо кандай гана бактылуумун,
Жадыранып журо берчи алтын апам.
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 21 Апрель 2016 - 15:32
#54 21 Апрель 2016 - 20:10
Эне ,сенден ким сыймыкты талашат,
Эне,менен теңдеше албайт эч бир
жан.Баардык мактоо сага гана
жарашат!"
Апаке сен бар үчүн,менда бармын.
Жашоону белек кылдың,мага арнадың
Күн келет жаратканым насип этсе
Ак сүтүңдү мага берген,мен
актаармын.
Апаке кантип таазим этпейм сага?
Жашоодо кымбатым жок сенден башка
Кымбатсың,баа жеткиссиң сен мен
үчүн .
Өзүңдү теңебеймин эч бир жанга.
Мен түшүндүм апа сенин керегиң.
Аздык кылаар бүт өмүрлүк белегим,
Каттуу сүйлөп,кээде көөнүн оорутуп
Кечир апа,кечирип кой дебедим((.
Ыйлабачы ай чырагым керегим.
Алтын апам Аллах берген белегим,
Азырынча алыс жерде жүрөмүн .
Араң жүрөм сагынбады дебегиң((.
Күлүп жүрчү,күндө ырдап беремин.
Кереги жок,мансап бийлик неменин.
Көпкө жаша,ак сүтүңдү актаймын,
Керек болсо бүт өмүрүм беремин.
Мени ойлоп кара чачың агарган.
Жаштыгыңды кантип кайрып беремин ....
Билдирүүнү түзөткөн: Musabaeva.: 21 Апрель 2016 - 20:14
#55 22 Апрель 2016 - 15:49
Мээрим чачкансиз энеке асылым,
Сиз турасызак тан болуп тогулуп.
Чырпык элем,чынар кылып остурдун,
Билбейм, кантип актаарымды ак сутунуз.
Сизкымбатсыз, сиз асылсыз баарынан,
Тен келбестирсизге эч ким-
Мээримдуулук, сабырдуулук жагынан.
Он ойгонуптун ичинде караган.
Алыста журсомдагы сизден апа,
Турмуштуначуу- таттуусун корсом дагы,
“Аман бол”, ”бактылуубол” деген создорунуз.
Унутпаймынапаке, журогумдо.
Бой жеттим, “апа”болдум мен дагы,
Бирок дайым сиз учун мен балапанмын.
Мин ирээткоторуп барсам дагы Меккеге,
Апаке,актабасмын тамчы сутунуз.
Багытбердиниз, турмуш жолун уйротуп,
Бул дуйнодожок го сиздей жакыным.
#56 23 Апрель 2016 - 00:09
Алыстасын апаке качан жетем, сагындым го унунду кызым деген, сагынып санаа тартып сен да апа,
мен учун канча чачын агарды экен!!
Жургон экем эч нерсени мен сезбей
жургон экем кызым десен кенебей Журчу элен кадам жылсам мени ойлоп
жургон экем журогу жок немедей.
Билдим апа мага болгон мээриминди
Сездим апа балдарым деп жургонунду,
Белимди бекем бууп соз беремин,
Ак сутунду акташ учун жашаймын мен.!!! !!
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 26 Апрель 2016 - 20:13
#57 23 Апрель 2016 - 18:44
Караңгы...Суу каптаган тар бир аалам,
Периште: "чык!" -деп жатты ал ааламдан
Кичине,алсыз элем,мен бейкунөө,
Сурадым:" Кайда жана кимге барам?"
"Коркпогун, чексиз мээрим,сүйүү менен,
Сени күтүп,коргоп алат,ал жан-АПАҢ!"
Ошол күндөн камкор болгон алтын апам,
Таалимди,тарбияны сенден алгам.
"Мүдүрүлбө, чыйрак бол"деп акыл айткан,
Тайгак жолдо тирөөч болгон асыл адам.
Балаң үчүн берээрге жаның даяр,
Эмгегиңди эч нерсеге теңей албайм.
Туңгуюкта жол көрсөткөн чырагымсың,
Жамандыктан коргоп жүрчү тумарымсың.
Капа тартсам кайгымды жулуп алып,
Өмүрүмө жаз келтирип турарың чын.
Эми гана бала күтүп анык сездим,
Ченемсиз бакытымдын булагысың.
Ыйык эне сенде да бар,замандашым,
Тирүүсүндө билеличи баркын,баасын.
Алдейлеп,чонойсок да бөпөлөгөн,
Энелер балдары үчүн кан жутпасын.
Актайлычы агарган ар бир чачын,
Кайгырып,тамчы көз жаш агызбасын.
Кана эмесе,кош алакан жайылсын:
"Аллах УЛУУ Элчисине салаваттар айтылсын!
Ташталбасын, энекелер кадырлансын,
Журөктөрдө ыйман нуру байырласын.
Эки дүйнө өмүрү бейиш болуп,
Данкталсын, ак эмгеги ардакталсын! !!"
#58 24 Апрель 2016 - 00:46
"Апа сага кандай мактоо жарашат,апа сенден ким сыймыкты талашат"
Бир жашымда таанышканмын апа деп,
Бата тилеп олтурган апам жаша деп.
Башка бироо анчалык мага куйунбос,
Башка оор иш келгенде бизден болот айткылачы ким тунулбос?
Тилим чыгып апам ага суйунгон,
Меерим жок апа ашыкча сенин суйуундон.
Башканы билбейм бирок апа сизди мен,
Кайдан унун уксам да тааныйм унундон.
6-жашта мектепке мен кадам аттагам,
Экинчи апа эжеке мени таптаган.
Экоондо тен бир меерим тууган карачы,
Экоо тен болду мен учун эн бир жакшы адам.
Маанайы ачык апакем менин периштем,
Торт жагы топ мен учун апам келишкен.
Картайып кундо чачыныз агарып баратат,
Бук болуп буттум сизди ойлоп апа кейиштен.
Алыста журсом тиет меерим жарыктай,
Суу жоктой мен негедир суусаймын апа балыктай.
Озунуздун мееримиз негедир,
Тиет мага кундо тийген жарыктай....
#59 24 Апрель 2016 - 15:43
Апакемдин бороон чапкын, тушкон балалыгы менен эскерууну баштадым. Бул жалган тушкур, жарык дуйного кадам таштап, жерден боорун которо электе, турмуштун ачуу, чамгарактаган жосунсуз илеби, жаш чырпыктын канатын кайрый отот.Эн кымбаты энесинен айрылган апакем, мектепке кадам таштай электе жетимдиктин, куу тумшук эненди жеп алгансын деген, огой эненин заардуу тилинен корунуп, жарытылуу ашка жетинбей, бала чагы каардуу да ызалуу да туйшуктор менен отот. Чонойгуча башымдан муш, кочугумдон кок кетпей чонойдум деген эскеруулорун эстегенде, тамагым кысылып, козум жашка муунат эле. Энелуу жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим дегендей, конулум коксоп, окуу дегенде ичкен ашымды жерге койуп, огой энемдин сен эмнени кыйрата коймоксун деп уруп, барба дегенине карабай, жыланайлак мектепке качып барып окуучумун. Мен тендуулор мектепти бутуп, чон окуу жайга жоношсо, атам дагы огой энемин тилинен чыкпай. Мени он жети жашымда сенин тенин жетим деп, мугалимдик кесипти бутуп келген, колунда жок атама берип коюшат экен. Короосунда бир чычкак улагы жок болчу атандын, мен дагы анын тени экенимди сезип, ичимде туйшолуп, ичимден гана сызаар элем. Кудайым дагы боору оорудубу мага, пешенеме атан жакшы жолдош, куйумдуу ата болду деп калат. Атандын алты бир тууганын, кошо багышып, ага эриш аркак болуп, тундоп уктабай корунгондун тошогун, саймасын сайып эптеп акча кылып, бешоосун тен чон окуу жайга окуттурдук. Когурогумдо тузугуроок койногум жок, мен окубасам да ушулар окусун деп жан уройт элем. Жакшылыктын акы бети бир куну кайтаар дегендей, атамдын бир туугандары апамды жене дебей, биз учун эне болдунуз деп, басса да турса да ооздорунан тушурушпой сыйлап келишет азыркы тапта. Кундузу элдин ишин кылсам, тундосу чырактын жарыгы менен, атан экообуз, ылай чылап, кыш куюп там салдык. Ошондогу менин кубанычымда чек жок эле, жетимдердин да суйунуп, сурдугоор куну келет экен деп жаратканга жалынып ыйлагамын деп эскерет . Атабызга агартып уулду да , кызартып кызды да тороп берет. Жарык дуйного 16 наристени ынаалатып алып келгени менен, бешоосу жок болуп,11биз аман эсен жарык суруудобуз. Баатыр эне, соз десе, созго чечен. Иш десе ишке тойбогон, иш дагы аш дагы колунан мыкты келген мээрбан аял заты. 30 небереси, 3 чебересинин мандайында бактылуу карылыкта, баш кечируудо. Аман болунуз апакем, бала чакта чекеси жылычу соз укпай чонойгон апакемди аяп да , ардактап да турабыз. Мен балдарым бар бактылуумун, ушунуна шугур деп ар дайым дуба кылып келет. Коп бала тороп, ысык суукка тотуккан апакем коп ооругандыктан, ар куну апамдын аман эсен болушун кудайдан мин мертебе тилеп келем!!! Ар бирибиздин апакебиз аман эсен болсунчу! !!
#60 24 Апрель 2016 - 17:17