Топурап калышты делегаттар. Илгерки бай-манаптын тобундагыдай болуп, үй тиктирип, конок алган ким бар дейсиң, “чайынын ылайыгы кандай?” деп бүшүркөп, “Кол чаначым! Кол чаначым бар эле, канжыгада асылуу эле!” деп кол чаначтарын сурап, “Үкөктүү келди элем! Үкөгүм!” деп үкөгүн издеп, делегаттар азан-казан түштү эле:
-Конокторду чайканага алып баргыла! Чайканага баштагыла!
- деген буйрук айтылды.
“Чайкана” десе чайнектин чоргосунан шырылдаган сууну ченеп саткан чайкоочу эске түшүп, кол чаначтарын тутамдай, корунгансып калышты эле:
- Кызыл чайкана! – деди баштаган киши.
Ошондо да, “бир чөөгүн чайдын акысын төлөп жүрмөк белек” дешип, куржундуу, чаначтуу делегаттардын жарымы бакты четтей имерилип, жаңыдан жамырай баштаган көктү тебелей келип, чепкен-чапандарынын этегин кайра-түрүнө келип, тегерете жайлана башташты. Аш-тойдо табак тартылчудагыдай болуп, бештен, ондон бөлүнө жолоочулуктун казанын асмакка кам урду. “Бысмылда! ” деп коюшат чөк түшүп жатып, “Бысмылда! ” деп коюшат чанач-куржундарынын көзүн ачып жатып. Күлазыкка калама нан, бышкан эт, тоңдуруп койгон куурдак, курут алынган экен, суусар тебетейин сеңселткен оокаттуудан өңдөнөт, арасында чучук, казы-карта, бөөн-карынга куюлган сары май, сүзмө ала келгени бар экен. “Аксарбашылына айтуяк чалынчу, кырк кулактуу казан асылчу жорукка кабылдык! ” дешип уу-дуу, “Айтуяк айтчу маал эмес, мал - көтөрүм эмеспи! Анын үстүнө Бишбектин чок ортосу! Өзү Бишбек болсо, орус сойдурбай калсын, бакты чукутпай калсын!” дешип уу-чуу. “Абдыракмануп улуксат алып берсе, заматта тегерете казан асып, ылайыгын деле таап жибермекпиз! ” дегени чыкты ичинен. Деген менен үзүкчүлүктүн ың-жыңы билинбеген узун-узун дасторкон жайылды. “Курултай дасторкону! Кара-Кыргыз абтоном облусун чакырчудагы, чамгарагын сегиздеп көтөрчүдөгү курултай дасторкону! ” деп бажаңдашат.
Куржунун сүйрөгөн Таласбай Зулпуев кайсы топко кошулаарын билбей кайсактап калды эле, капталдан бирөө “Таласбайлап” чакырды. Он чакты кыргыздын арасына кыпчылган Саадак мойнун буруп, колун маңдайына алып, булгалап туруптур. Таласбай Зулпуев анын жанына жүйүртө отура калып, куржунунун көзүн ачты.
Саадактан өйдө отурган, устуканына жамбаш кармаган чокчо сакал кыргыз кезеги эми келгенсип, жыйынды эми билгенсип кеп салат:
-Кандуу моюн мужуктун жазасыз жүргөнү жалганбы?
Кой терисин жамынып, делегат атанып, арабызда жүргөнү канча дейсиң!
Бу кишинин партия чыгаардан мурун томояк жүргөнү билинбейт, атка минер көрүнөт, сөөлөтүнө караганда мурда болуш, болбоду дегенде ыстарчын жүргөн кебетеси бар. Абдыракманов менен орустардын кызыл чеке түшүү жагдайын, талаштын ушул жерин ачыктай албай башы маң болгон делегаттар чокчо сакалдын оозун тиктейт. Анын айтуунда Абдырахманов “кара орус жазалансын” деп, орустар - каршы. Ушундай турбайбы! Эмне эле мушташчудай кызаңдап, жулунушат десе! Текши унчукпай, сары майга малынган бармактарын жаланат, эттен үзүп оозго салып, сүзмөдөн илип сугунуп, жаактары бүлкүлдөйт. Элпектенип эт туурап, кыя тилинген эттен, анда-санда этке аралаштырып, бөөндөгү сары майдан томкоруп, оозун толтурган Саадак анын сөзүн улайт.
- Керимбай досум кандай жүрөт? – дейт чокчо сакал делегат.
- Күүлүү, - дейт оозу бошобогон Саадак.
- Такай топ үстүндө болчу эле, - дейт тигил.
- Топко мени атказбадыбы, - дейт Саадак.
Абалтан ымаласы бар немелердей. Кандай топ болуп бөлүнгөн буларың, экөөнүн кобурашканына аралашса сөздөн жаңылышчудан бетер, отургандар кулак гана төшөп, жаактарын чулчуйта эт чайнап курсакты тойгузуу менен алек. Коомайланган Таласбай Зулпуев ушинтип ойлогуча:
- Жусукебиз кыргыздан кызматчы чыгаруу жагын да сонун келтирди ээ! – деди Саадак кудундап.
Абдыракмановдун сөзүнөбү, же башкасына ичи чыкпай калганбы, айтор, чокчо сакал:
- Кул-кутанды сүрөгөн заман, - деп күңк этти.
- Кедей-кембагалды! – деди отургандардын бири териккен түр менен көзүн чекчейте.
Баята Абдыракманов трибунаны муштагылап бакылдаганда, кулагына сиңген белем:
- Пролетариат! – деди Таласбай Зулпуев таптак.
Чокчо сакал делегат “дегеле кыйраттың” дегенчелик Таласбай Зулпуевди бир тиктеп алып, үстүндөгү бейкасам чепкенди карап турду да:
- Кайсы элденсиң? – деди бир маалда.
- Аксыдан. Саруу элинен, - деди Таласбай Зулпуев бейкапар.
- Жашың? – деди тигил.
- Жыгырма жети, - деди Таласбай Зулпуев.
Таласбайдын чаарала чапанын жактырбай караган тигил киши
эми “жыгырма” деген сөзгө чындап иренжип, сынай тиктеп калды.
- Аксынын канчасы обулуска кошулду? - деди.
“Жер уусунан кабарлуу го!” деп ойлоп калган Таласбай Зулпуев:
- Нанай колоту чек болду. Тоо жагы кыргызга кошулду, пас жагы... жаңыча аталды, өзүбек аталды, - деди.
“Пас” деген сөздөн тамаша чеккиси келген тигил киши:
- Өзүң деле “пас” жактык окшойсуң, биз жакка кантип өттүң? –
деди.
Отургандар “дуу” эте күлүп жиберишти. Киши күлөрлүк эмне
айтканын түшүнбөй Таласбай Зулпуев элейди.
- Эмнесине күлүп? – деди Саадактан.
- Сени Намангандын сарты деп ойлоп калды, -деди
Саадак кыткылыктап.
Арданган Таласбай Зулпуев “энеңди...” деди ичинен.
- Ким мунуң? – деди.
- Жумгалдын манабы, – деди Саадак. – Саяктан!
Таласбайды чычалатып алган Жумгалдын манабы кайра жайгармакка устуканынан үзүм эт сунду:
- Кел, агаңдын колунан даам ооз тийип кой!
“Жумгалдын манабы түгүл, Кокондун каны болуп кетсин маа демектен. Шакаба чеккен неменин шагын сындырып коёюн” деген ойдо, Таласбай оройлонду:
- Сага окшогон кишинин колунан кешик алганча! - деди.
Отургандар кастарын тигип, жаман көзү менен карашты. Төбөдөн ары бир урчудай обдулуп, Жумгалдын манабы үрпөйүп калды эле, Саадак ортого түштү:
-Ал, алып кой, кадырлуу киши сунуп жатканда...
Билдирүүнү түзөткөн: belka: 24 Апрель 2016 - 15:40