Суперстан: Айта бар менин кебимди... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Айта бар менин кебимди... Арслан Капай уулу Койчиев (роман)

#41 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ушинтип, Каштектин эңишинен тартып, Короготуга чейин

кылка кыштоого конгон сарыбагыш, солтонун балдарын бирден санап, “баланчанын балдары тынч, мал-жаны аман, түкүнчөнүн балдары казакка жылкы тийди, бастанчанын балдарына казактан жылкы тийди” деп, журттун жөнүн айтып, оозун жыя электе, ошончодон:

-Кула бээнин кулуну? – деп чок баскандай так секирсе
болобу мал жандуу Эсенгул.

Кабырга тууганы Кулатай дегени бар, ошонун түпөк куйрук,
кең соору шарп куласы былтыркы жазда – буга, кулжа айларынын арасы болчу чамасы - Шамшынын жайлоосунда кара саны түрүлүү, кар жилиги кадоодой кара айгырдан качканын билчү эле, андан кулагы шамдай бир жакшы кулун туулганын билчү эле. Ушул чакта кызыр эмди жабагы болгон ошол кулундан табына келсе Аккула, Агаладай ач буудан чыгарын болжоочу эле. Арка менен Алайдын арасына, Кичи-Буурул, Иленин арасына, Түлкүбаш, Түйүшкөндүн арасына, Уландын учу менен Күйүктүн кайкысына чапсаң арыгыс, бүткүл Ала-Тоону айланта чапсаң жараган аргымак чыгаарын болжоочу эле, чиркиндики. Тулпар чыкма туучунакты өзүнө ылайыктап, боюна куп жарашарын болжогондо, калбыр өпкө, жез билек ачбуудандын даңкан челе ак карлуу тоолордун арасын андан-мындан бир аттап, туу белдерден каргып учуп өтөөрүн элестеткенде, ойду-түздү чабыттап, шамалдай сызаарын элестеткенде, аң-кемерди ылгабай жоого кирээри көз алдыга келгенде, каны удургуп, кудуретиңен кагылайын Камбар-Ата, кула бээң кулун туубай эле Эсенгулдун күнүн туугандай кубанчу. Кулун чагында кунун тогуздап малга бычып, башын сурап алган жабагы болчу ошол.

Жаза тайып, кула бээнин карагер кулунун алдырганда ошол жерден Эсенгул эмне болмок, бир кудай өзү билет. Балким, санын бир аткып алып, Сулуу-Төрдүн үстүн сапырып, талаа-түздү жаңырта айкырмак дагы, мүрдөмгө келбестен айгай сала жөнөп бермек, ээк алдында жаткан казакты соо койбостон жүрө бермек, жүрө бермек...

-Кула бээлүү үйүр аман, кула бээнин кулуну да аман, - деди
тууганы. - Бирок да балээ басып кырсыктап.

-Ок, жаагың сынгыр! – деп түктөйдү Эсенгул баатыр.
-Жар башынан учуп жамбашы сынык, - деди тууганы.
- Кашайгырдыкы, каякты карап аттыңар эле!

Ороң-ороң этип Эсенгул баатыр, каны жаман бузулду, көңүлү жаман сөгүлдү. Кабагы калыңдап, оң-тетири басып сөгүндү.

Он беш күн бою бел чечпей, талаа-түздү түнөк кылган жигиттер жапырт аттарынан түшүп, кыстарылуу жарактарын албастан, басмайылдарын бошотпостон тушап, суулуктарын чече сары отко коюшту. Баатырдын кабагынан кар жаап, оң-тетири басып калганын анча түшүнө бербей бүшүркөштү да чет-четинен жайлана отурушту. Ортого келген чаначтардын боосу сөгүлүп, оозу ачылды эле, карк тойгонго жетиштүү азык экен, сүзмө, шие жырга сүр эт, жылкынын эти, сары май, майга көөлөнгөн талкан экен.

-Үйдүн тамагындай болобу! - деп тамшанып коюшат жол
чалган жигиттер.

-Аз калды. Жаш сорпого жетесиңер, – деди Эсенгулдун
тууганы.

Орто толуп, бапырашат. Кыргый кабагын салаңдаткан Эсенгул баатыр гана бир канчада жайланып, анан араң аралашты. Жылкынын сырттуу кара кабыргасы сунулду ага:

- Алыңыз, аба!

- Иленин ичине кытайдын отурганы анык бекен? – деди тууганы.

- Аныгы анык.

- Аралай алдыңарбы?

- Кантип араладык! Иленин бою бош эмес. Кытайың калың

черүү отургузуп, кыргыз карыш кирчү болсо сазайын бермекке жарагын кесеп турат. Чагымда кыштоо ою бар, - деп барк этти колундагы этти үзө тиштеп, бурдап чайнаган Эсенгул.

-Атаа, кысталак! - деди тууганы тамагын кырынып. – Көп
чыгар?

-Колу миң чамалуу. Кошуун-кошуун болуп, мерчемдүү
жерде отурат.

-Үч-Алматы? – деди тууганы.
-Ээй, несин айтасың! Кыныгын тапкан казагың этек алдынан
кирип, туш-тушунан ээлеп жатуунун алакетинде, - деди Эсенгул баатыр. - Киши отургузпасак казакка ээлеттирип алабызбы бейм.

Тууганы бу саам:

-Арам-ээй! – дегенге жарады да Сулуу-Төрдүн сөгөттүү
жондорун мелтирей тиктеп, моло таштай отуруп берди калыбынан жазбай.

Кара кабырганын этин эки чайнап, бир жуткан Эсенгул баатыр:

- Карчыгасынан бар бекен? – деди.
Чаначтын оозун кере ачып кармаган сары жигит койдун сырты эки эли карчыгасын сууруп чыгып сунду.

- Ылайдай семизин! - деди Эсенгул баатыр карчыганы алып жатып.

Жаактары бүлкүлдөп, унчукпай калышты. Улуулардан озунуп сүйлөө деген болчу эмес эле, тобо, чаначтын оозун кармап, чөгөлөй отурган сары чийкил жигит бир маалда:

-Черүүсү менен челишип, Илени албай жан жокпу? – деп
тапанданса болобу.

-Кылооңор түшө элек баласыңар! - деди карчыганы узунунан
сыйра тиштеген Эсенгул баатыр. – Челишип черүү, чалышып жоо көрө элек экенсиңер. Кытайдын черүүсүн калмактын чочморчон жоокериндей көрүп жүрөсүң го. Эчедесиң?

- Быйыл он жетиге кирдим, аба.

Бу балдар көрө элек, Эсенгул көргөн андай черүүнү. Өз көзү

менен көргөн. Текши кыйгач көздүү, чылбыр чачтуу, атка жеңил, тайга чак тегиз бойлуу болушат. Көк темирден зоот кийип, бирден түпөктүү найза, жалаңдатып бирден кылыч көтөрүнүшөт, кучак-кучак жебе салынган саадактуу болушат. Эриндерин тиштене ызырынган түр менен каз катар тизиле калып, кылкылдата найза сунуп, сес берүүгө маш болушат. Жыйырма беш жылдай оболу көп черүүсүн ээрчитип, айкырып сүйлөгөн черүү башысы чоң атасы Маматкулдун жолун Кетмен-Төбө менен Тогуз-Торонун арасынан тоскондо көргөн. Өөдөсүнгөн өнөрү да бар. Сыр кесеге мелт-калт кымыз сунганда жипкирип койгон. Көзгө илбеген көпкөлөңдүгү да бар. Жалгыз-Теректин түзүндө оңду-солду айкырып сүйлөй чапкылап, аттын аласында чимирилип, чегирткедей секирээрде көздөрүн акшыйта найза сунуп, кызык оюн койгон. Анысын машыгуу дешет экен, аныгында маскарапоздукка көбүрөөк окшоштурса да кыргызың улуу-кичүү дебей көздөрү байлангандан баштарын чайкап, жакаларын карманган. Билерман чыккан кишилер шыпшына карап:“Аярдын окуусу дейт муну! Шыпшайдар! Шыпшайдар! ” дешкен. Эчки сакал, чекир көздүү черүү башысы найзасын кезеп: “эми Иле - кытайдыкы, өтөм дечү болбогула! ” деген эле ошондо. Кыргыздар тоңдоосун тартып, аттап-тондоп узатып коюшкан. Бу балдардын алды анда мадырабаш жаш болчу, арты жарык дүйнөгө келе элек болчу.

Кытай менен калмакты оңдуу ажыратып билбеген көп

түркөйдүн бирөө эле тигил жигит, “черүү деген черүүдөй эле болбойбу! ” деп, сөз төркүнүн аңдаган жок. Бирок да манасчынын кара жинине арбалганы, кунт төшөй тыңшап, жерден бир карыш көтөрүлө буусуна буулукканы бар неме эле, калмакты ушундан жогору качырганга өзүн Манас-Семетейдин чоросу сезип алганбы? Балким жигиттин күлү Күлчоро сезип аткандыр, өзү да сары чийкилинен келген неме экен, бери дегенде Сарытаз сезип алгандыр, ким билет? Анан да билгич болуп кеткенин кантесиң! ? Тууганы тыймакка жаман карады эле ага болбостон:

-Илгеркилер Бээжинди чаап, ордосун талаган тура, - деп
кадаланды.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Качан болсо эки кыргыздын башы бириккендеги жабырап айтылган сөз ушул. Көзүнө Манас, берегиден Үчүке-Түлкү көрүнгөнсүп, тигиле тиктегенин кара. Онтоп ийди Эсенгул баатыр: “Эмикинин Эр Манасы өзүм деп жүрсөм, Ак уул – Куу уулдун биринчи баатыры менмин деп жүрсөм!”. Ошондо минтип жооп узатты:

-Оболуда кытай, манжу, кийинкиде калмак менен
кырылышып жүрүп, кырк сан кыргыз далай-далай бузулган экен, балдар. Ата-бабанын заманынан бери тукумубуз өспөй, азып кеткенибиз, болбосочу, мынча жерди ээн калтырып, карап жатмак белек...

Үч-Алматыдан тарта жол ката толгонгондогу кеби болчу ушул.

- Ширге жыргаңдан келе дагы, - деди.

Саны бузулуп демекчи, чылбыр чач кытайдын бир жоругу эске түшөт анда да. Жалгыз-Теректин түзөңүндөгү көрүнүштө черүү башы кыргыздын түтүнмө-түтүн эсебин алган. Бу каапырдын өзүн ким санап коюптур дейсиң, өлчөмөк кимдин оюна келиптир дейсиң, чекир көздүү черүү башысы болсо ириде кыргыздын бий түшкөнүн тизмектеп, “баланча бий канча түтүнгө ээлик кылат, түкүнчөңөр нече түтүнгө ээлик кылат?” деп, сарыбагыш, саруусун ылгабай, Койлон, Кылжыр дебей балдарын бирден санап, даңса чийдирген. Ошондо кенен төшөлгөн кийизди тебелей, уй мүйүз тарта келберсий отуруп, тебетейлерин сеңселткен жакшылардын ооз толтуруп, кербездене сүйлөгөндөрү да эсте. “Темир бийдики анча миң түтүн, Болот бийдики мынча миң түтүн, баланча бийдики бери дегенде беш миң түтүн, түкүнчө бийдики үч миң түтүн” дешип, миңден ашыра-ашыра сүйлөгөндөрүнө маашырланып, черүү башы аңырайгандай караса, “таң калдырдык! ” деп ойлошкон. Анан эле түмөн-түмөн угулган элди эскиден калган конушка орноштура келгенде, нечелеген жердин өңүрү толбой калбадыбы, катыгүн!?

“Агер айтканыма көнсө, Адыгине-Атанын балдарын алдыртсам, Үч-Алматыга кондуртсам, Илеге өзүбүз кирсек. Ошондо кайрадан адыгине-тагай болуп, кудум ата-бабанын – Адыгине-Тагайдын заманындагыдай татуу болуп, жатып калсак!” дегендеги кыялы ошондон. Эс тарткандан уга жүргөн сөз, “Адыгиненин балдарына алты ата тууганбыз” дечү эле чоң атасы Маматкул, тобо, эми санаса сегиз ата өтүп барат...

-Чын эле! – дешти тургандар. – Кара көпөлөк айдаган
замандарда саныбыз бузулуп!..

Тигил жигиттин жаагы ошондо жап болгонсуган. Жер чалган казакка капылет кептелебиз деп ким ойлоптур, баатырдын сөзү муюткан экен, жаактарын чулчуйта эт чайнап, кочуштарын толтура талкан сугунуп атышат дагы, ар киминин ою ар кандай чабыттап, ар кими ар кандай жоктоду ата-бабанын тукумун. Мындайда Аккочкор, Каңкы дегендердин аты аталат оболу, баба-бубалардын заманында жашап өткөн сыягы, аңызы кулакты далай кандырган ошол Аккочкор, Каңкы дегендерди эстешти адатынча. “Карабагыштан! ” деп айтылат ошолор, азыр карабагыш мында калбай калгандыгын айтышып, баштарын бир чайкап:
-Карабагыштан беле? Багыштан беле? – дешти.
-Карагулчу?
-Карагулу да болгон, таякелеринин кегин куучуда
калмактын огунан өлүп алган. Кетмен-Төбөдө өлгөн...

-Жо-ок, Кетмен-Төбөнүн нары жагында өлгөн...
Боз улан жигит:
-Үчүке-Түлкү? – деп кыйшайды эле, Эсенгулдун тууганы:
-Калмактан мурун өлгөн! – деп жүзүн үйрүдү.
“Катын колдуу болгонун укканың жок беле, макоо!” дегендей угулдубу ушул сөз, иши кылса “катын колдуу болгон” дешкендей ичтеринен дымып, Эсенгул баатырдын алдында боз уландын осол суроосуна оңтойсуздана түштү билгендер. Бышы кулак болгон немедей Эсенгул үндөбөй отурду.

- Сарыбагыштын баласын Кан Кудаян кысталаңда сандалткан.

- Элин ач бел, куу жондо жутуп алган... – деди тууганы.

-Кудаяндан калганы? – деди боз улан.
-Кудаяндан калганы? Кудаяндан калганы [moderated] ичине кумдай
сиңип, мисмилдирик болгон, - деп, тууганы кебин дагы улагыча, үңкүйүп отурган Эсенгул:

-Ай, ошону! – деп, буканын мойнундай мойнун ары буруп
кетти.

Сөз үзүлүп текши унчукпай калышты. Ойлоп багышса, жүз жыл ала салыптыр андан бери. Ушулар эле калмактын колунан же катындын колунан ажал таппай тирүү калганында, тукуму уюп, жер жайнап турмактай кейип алышты бир сыйра: адамдан чанда туулган Аккочкор сен өлбөй кал, өлбөгөнүңдө Үч-Алматыны ээлемектир урпагың, Каңкысынын өмүрү сыржебенин учунда кетпегенде, ка-ап, Күйүктүн кайкысына чейин каңкы уулу шыкалмактыр, Карагул дейсиңерби, атаңкөрүү-ү, Карагул тукумсуз кетпегенде узундуу өзөндүн өйүз-бүйүз журту болмоктур...

Ушинтип кейишти. Ушинтип төрт эле эрдин аты айтылгычакты атпай журттун төрт уруу элге кемигени, Ала-Тоонун төрт өңүрү эңшерилип, ээнсирегени айтылды. Беш эрдин аты айтылса, беш уруу журтка кемигени, алты эрдин аты айтылса, алты уруу журтка кемигени айтылды.

Күлазыкка жык чаначтар ал ортодо кап ортолоп, бөксөрө-бөксөрө түшкөн.

Ар кими ар кандай санады ата-бабасынын тукумун. “Баланчадан баланча уулу тараган, түкүнчөдөн түкүнчө уулу тараган. Жети муун айлангыча өзөнү узун Кеминдин жакасына жык толдук, алты муун айлангыча өзөнү узун Аламүдүн, Ала-Арчанын жакасына шыкалдык. Атадан алтообуз, жетөөбүз...”.

Чанач кучактаган сары чийкил жигит гана атадан сыңар экен, сыңарлыгын ойлоду. Анан да чолок өзөнгө конгон журттан болчу. “Кудай буйруп талабыма жетип, катындуу болсом, кар түшкүчө жуучу чаптырып, Кишимжанымды алсам, колуктум төлдүү болсо, чубуртуп уул төрөсө, коколой башым боо-чуулу журт болсо, Короготу сонун дейт, өзөнү узун, жыбырткасы илбээсиндүү дейт, Короготунун кош жээгине толо консо...” дейт капкайдагы кыялында. Төбөңдөн кол чырак жаккандай ай жарык түндө, кыз оюн кургандагы чыкыроон түндө ашыгы Кишимжанга жолукканын бир ойлоп, эбин таап жеңесинен обочо бөлүп, Кашкелеңдин кашатында, толгон айдын жарыгында Кишимжанга жологонун эки ойлоп, ашыгынын чийдин түбүн аңдытпай жолотконун эстегенде жүрөгү туйлап, “ай, жаным, өңүмбү же түшүмбү?” деп эси эңгиреди эле ошондо, азыр да эңгирей түштү эстегенде. Ошондон кийин экөөбү оонаган жердин тушуна эки-үч курдай ээндете бастырып барып, – урчуктагы топ жылгындын далдаасы экен көрсө, көмөлөнүп кетишпей жолсуз кашатка кантип чуркап түшкөндөрү белгисиз - ашыгын билектен тартып, белден имергендеги, жалбарганына көнбөй, акыштатып бой кошкондогу, анан кабынан чыкчудай соккон жүрөктөрүн араң баса, сыр алдырбай кашаттан чыга келишип, кыздын этек-жеңин түзөнө, кеп такыясын оңдоно оюнга кошулбастан, көз кайраштыра басып кеткендеги түндүн сырын каткан Кашкелеңдин кашатын мазарындай айланчыктап да жүргөн. Аттын башын атайылап буруп, кыр менен бастырып калчусунда экөөбүнүн турмушун астын-үстүн оодарган арзуунун чогу калгансып, эгерим козголбочудай мелтиреген Кашкелеңдин тоолорун чамгарактата чимирилткен жердин огу калгансып, асман толо ай-жылдызыңдын Алтын казыгын, Жетигенин кошо айлан-көчөк аттырган, түнкү асманды жерге жалп урган, жерди көккө жалп урган сырдуу кашат анда жаткансып топ жылгындын түбүндөгү экөөбүнүн оонашкан жерин тиктеп койчу эле! Алакандын отундай ошол жердин көзгө ысыгы! Эх, эгер Камбаркандай күүчү болгонунда, кыл кыяктын кош кылын “Кашкелеңдин кашаты, Кашкелеңдин кашаты” деп сайратмак. Эгерде кара тилин кайраган ырчы болгонунда акыр замандын балдары унутпастан кеп кыла жүргүдөй нөшөрлөтө төкмөк. “Толгон айдын жарыгына чайынган салкындуу түндө Кашкелеңдин тоолоруна суктандың беле? Алыскы кыры жакын көрүнүп, жакынкы кыры алыс көрүнүп, жайык өрдөшү азгырды беле? Тениң толукшуп, ай жарыгына кошо чайындың беле? Ак чөлмөк атып, кашатында чуркадың беле күйүгө? Чамынып аккан Чүй суусунун шоокуму кулакта жаңырган түнүндө, кыз оюнду шылтоого жеңесине айттырган түнүндө, кыз-жигиттер ойду-тоону жаңырта “Шырылдаң” созгон түнүндө, шыңгыр күлгөн толгон айыңды таптың беле? Бураң белинен бура тартып, кучагыңа толтура, бооруңа кыстың беле?“ дегендей нөшөрлөтмөк. Күүсү да, ыры да табышмактуу болмок. Жандырмагын билгендер гана Кашкелеңдик Сарынын Кишимжанга арноосу деп айтышмак. Куйса толбос кызыл мештин заманына угулганда, чабалай баш, чап жаактуунун заманына угулганда, “Кайран гана Сары ырчы!” деп айтышмак соңкулар, “Чоң Эсенгулдун, кадимки Эсенгулдун заманында жашаптыр! ” деп тамшанмак кийинкилер.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Кара таштыбы! Маңдайына же күүчүлүктү, же ырчылыкты жазбаптыр кудайым, а көрө кыламык кар түшкөнгө жеткирбей кызды ала качыштын санаасын тарткан, долонодон укурук толгогон, кыңылдап “Шырылдаң” ырдаган сары чийкил жылкычы кылып коюптур минтип, кантсин. Кыял дегениң курусун, бучкагын саамга мелтирей тиктеп, жүйүртө отура чанач кучактаганы менен иши жок, эмеле Илени кеп кылып отурган жаны ушинтип Кишимжанын Кашкелеңдин кашатына ээрчитип түшкөнүн да эстеп алды. Кабырганын учун мүлжүп отурган Эсенгул баатырга карап: “Абабыз го алты катындуу! ” деп суктана карады.

-Көөлөнгөн талканыңдан келе! – чаначты көздөй обдулган
жигиттердин бири колун сунду.

-Арагыңдан бер!
Кол чаначка ээлик кылган жигит арак куюлган көөкөрдү – бозодон тартылган арак эле – кош колдоп сунду.

Алты катындуу Эсенгулдун таңдайы катып турган экен, көөкөрдү шыпкай көңтөрүп, колунун үстү менен сакал-мурутун жана: “Бах! Арак эмес бекен!” деп тамшанды. Жигит көөкөрдү кайталап сунду эле:

-Болду, болду, иним! – деп, карт-карт кекирди. – Күчала го
мунуң!

- Ээй! – дешти майлуу эттин артынан көөлөгөн талкан сугунуп, жумуру кургап отургандар чаначтуу жигитке тигилишип, –Тарт арагыңдан бизге деле!

Арак чуркаганга жумур-ичегиси ысып, денеси жибиген Эсенгул баатыр майлуу колдорун жекесан өтүгүнө түрө-түрө аарчып, “мен болдум!” дегендей капталына ооду да буура сандуу аяктарын узатасынан суна жамбаштап жата кетти.

Бу жарык дүнүйөң башы кара, буту айрынын шыбагасына тириликтин не бир ыракатын ченебей ыроолоп, ырайымын төккөн болсо, ошонун бири – жайык төштү таяна кырыңан түшүп жатуу эмеспи, кыңая жаткан тейде теребелдеги ой-кырга, өркөчтөнө чубалган керме тоолордун кооздугуна сугуң артып, кыйыры мунарыктаган этектеги талаа-түздүн кенендигине төштүн бийиктигинен санаасыз көз чаптыра, түпсүз ой-кыялга чөмүлүп-термелүү эмеспи. Кыраан куштун баласы кырымга карайт демекчи, көчмөндүү кыргыз баласынын жазбай өздөштүргөн бир өнөрү ушул.

- Төө-жылкыга ырас жер экен, - деп тамшанды Эсенгул Сулуу-Төрдүн айыштуу этегин кайкыта тиктеп. – Келерки жылы ушуларды кыштасакпы!

Жер чалгандарды зарыга күтүнүп, кара таштын түбүндө жол күзөтө жатчусунда жер уусун сынга толтургандан бөлөк эрмеги жоктон Сулуу-Төрдү өндүр-өтөгүнөн бери төрт түлүк малга өлчөп чыккан тууганы:

- Оту сөлдүү-чыктуу болот, - деди.

Айланта көөкөр көтөрүп, арактан кере-кере жуткан жигиттер туурадан кужулдашып, сары сойгогу көң болгон мынабул тегерекке элди отургузмактын ылайыгы сөзгө алынды заматта.

- Этеги төөгө, жылкыга ылайык, - деп коюшат.

- Жылгасы уйга, койго ылайык, - деп коюшат.

Ушинтип бир сыйра кыялдарында Сулуу-Төрдүн оюнда ат ойдолотуп, мал “айдалап! ” алышты.
Кыялында Сулуу-Төрдөн тарта Үч-Алматынын ичин Ойсул-Ата менен Камбар-Атанын тукумуна жык толтурган Эсенгул ушу саам санаасын кызыр эмди тайдын кайгысына жетелетти. Астыңкы ээрдин кыйшайта тиштеп, “Ата-а, сыныгы зилдебей, муунуна кирип, мал болор бекен?” деп отурган. Бир оокумда оттогу аттардан обочо турган тулпарынын жер чапчый кошкурунганын туйгандан жумулуңку көзүн ачып, ээгин жаңсады:
-Моберекини кара! - деди. – Соо немелерби?
Баштарын көтөрсө кырк элүүдөй жарактуу казак – казактыгы кулакчындуу бөркүнөн таанылды - капталдагы кырдан чыга келди шоңшоюп. Ат койчудай түрлөнүп, кебетелери чындап суук.
Адегенде Эсенгул баатыр саамга козголбой, жалдырай тиктеди: ушундан төмөн топурактын көзгө үрүл-бүрүл илинген тээтигиндеги учуна чейин болжол кылып, “ээмин!” деп отурса, эминеси кокуй!? Ушул отурган туштагы тоолордон - өткөндөгү жамгырдан кийин белинен туташ кар баскан мынабул аркадагы арсак тоолордон тартып маңдайдагы талаанын кыйырына дейре ээлик кылып атса, ээнбаш бастырган кандай немелер? Же бир жөнжай жүргөн аламан каракчыларбы?

Алдыдагы казактын эңчер бойлуу тулкусунан, алдындагы атынан оңой жоонун жоктугун баамдаган тууганы:

-Каапырдын орою жаман! – деди.
-Капырай, төлгөдө жок эле! – деди Эсенгул баатыр.
Козголбогон Эсенгул эсин жыйгыча:

-Атты тарт! – деп бакырды тууганы.
Айдөштө туйгунт отурган кыргыздар ордуларынан атып туруп, айкырган тейде “атты эле атты!” деп, ат-көөлүгүн издей каршы-терши чуркап, азыктуу чаначтарды таштай аттап-буттап чуркап, - шашкан жанга тушоосу да оңойлук менен чечилбей калат мындайда - кымгуут түштү. Мынча кишинин атка мингени бир тең, Эсенгулдун мингени бир тең, мынча кишинин жарак шилегени бир тең, жалаңдатып Эсенгулдун шилегени бир тең эмеспи, үркөрдөй жигит оттоп кеткен карагерди орой чуркады оболу. Кошкурунган карагер тулпар кулагын камыштай тикчийте тура калган. Сары чийкил жигит шамдагай эле, тике чуркай мурда жетип, жылоодон кармай ооздугун катты да баатырдын алдына оңдоп тартты. Ошентип элде мурда Эсенгулду мингизишкен.

Такай койнуна ала жатчу сырнайзасын толгой кармаган Эсенгул баатыр каракчы жүргөн казактарды жолдошторуна жибербестен жол тосууга камынып:

-Ии!.. – деп теминди. – Ниети бузуктан болбогун! ?
Ичине найза аралатчудай теминди. Артынан жигиттери

ээрчиди.

- Качырткы болуп жүрбөсүн! – деп эскертти тууганы.

Адегенде бирин-бири аңдый, кабактарын саландата бута атымчалык желдире келишти эки топ, анан айдарын тигип, маңдай-тескей үн алышты.

- Кимсиңер? – деди Эсенгул баатыр.

-Шапырашты! – деди казактар.
-Жок издегениңер эмине?
Казактар ийиндерин куушура бирин-бири тиктеп калды эле, омуроодогу көмөлдүрүгү күмүштөн, карчыты бийик ат минген, найзаны узун кармаган кара туулгачан баштык адамы:

- Мынау жерлер кыстаумыз гой! Өзүңдер? – деди.

Каны бузулган Эсенгул баатыр:

-Дени-кардың соо немесиңби? Оозуңа кара! – деп опурулду.-
Ушундан Жетиген жакка караган жердин баары сарыбагыштыкы эмеспи!

-Сарыбагыстыкы- ы? – деп кыйшайды казак.
-Кыяма-ат! Деги өзүң кимиси болосуң?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ушинтип эки бааатыр кер-мур айтышкычакты, алым-сабак айтыша өздөрүн тааныштыргычакты – бет маңдайдан бир кез келбей жүргөн Абылай дегени бар казактын, ошого жөөкөр жүргөн неме экен тигил баатыр - эки жак ыкыс берип чукул келди. Коошу келишпеген эки баштык бирин-бири сынай кажылдашканча кызууланган жигиттер бирин-бири чет-четинен омуроолоп, сөгүнүп турушту: “Ээй! Тиги маңканы кара маңканы! Ары жок! Ары жок!”. Кокус кыргыздын аты үркүп, октос берсе, казагы каткырат жапыра, казактын аты үркүсө, “мингениң чобур го!” деп, кыргыздын каткырыгы каптайт. Анан союл кезеп, найза кезеп, тап бермейге өтүштү. Бирин-бири омуроолоп жатышты.

Казактын баатыр чалышы чама-чаркын билбеген өпкөрөөк көрүндү Эсенгул баатырга. Аты туйлап, көздөрү шойкондуу ойноктойт. “Сарыбагыш Эсенгул - мен болом!” дегенди таңазар албай, алса да билмексен түр көрсөтүп, айтканындай эле казасы жетип турган немедей:

- Эсенгул экениң чын болсо жекпе-жек! – деп айкырса болобу.

Сайышпай жүргөн казак беле!? Ушуну эле күтүп турган

Эсенгул баатыр жигиттерине:

- Эми болбостур, балдар! - деди. – Кийин тургула!

Омуроолошкон атчандар экиге жарылып, эки баатыр окчун бастырып кетишти. Болжолдо алты жүз арыш аралыктан ат коймой болушту.

Колтукка толгоорунда экөө тең түпөктөрү желбиреген найзаларын жерге бир уруп, матай кармап, маңдайда кыйшайган күзгү күнгө жылтыраган кылда учун саамга шыкаалашты. Бирин бири найзанын учуна илмектин оңутун издей шыкаалашат. “Жарай көр!” деп шыкаалашып, “Ажалыңды ушундан табасың!” дегендей кезенишет.

- Ка-ап, араактан чаппай, карагери ыраакчыл эле! – Эсенгулдун тууганы жүрөкзаада үн катты.

Аргымагын жулкунтуп, өрөпкүгөн чапырашты казагын кандай ой бийлеп турду ошондо, бир кудай билет. Балким, “далай эрдин куну мойнуңда эле, кекти кууштун кыябы табылды” дегендир, балким, “мактанган баатырын ыргыта сайсам, чын атагым Абылайга жетээр” деп ойлогондур, ай, ким билсин? “Колумдан казак өлбөй жүрдү беле!? Көп болсо Көкжал Баракчалык барсың!” деп ойлоду Эсенгул баатыр. Көкжал Барак дегени болгон найман казагынан. Ажалы көзүнө көрүнгөндө бармагын кесе чайнап, Кескен-Ташты аралай качкан, куйругун түйүп, Кочкор-Атанын тоосун тогуз айлана качкан ошол Көкжал Баракты көк желкелеп сойгон, артынан Айтак, Күржү дегендерин солоткон сырнайза эмеспи мынабул. Баатыр найзанын учун аттын башынан кере кулач ашыра сундуруп, бууданын кууш теминди. Теминээрде:

- Куу далы, сени жебесем! – деп ачуу айкырды.

“Куу далы!?”. Эсенгулдун көзүнө “куу далы” көрүнгөн тигил казак үзөңгүлөрүн кагыштыра жарданган кыргыздын көзүнө куу далы көрүнгөн жок. Көздөрүн бардап-бардап, оңду-солду карап, не бар, не жок, жеңдерин каруудан түрүнүп, жарактарын кезене камдуу турушту.
Ат жалына өбөктөй найза сундурган казак ачуу айкырып, илгиртпей тулпарынын оозун жайды. Алдындагы атынын желдей күлүктүгүн кантесиң, чаткаягын кере таштай адымдап, чымын-куюн болуп атырылды, нардай күчтүүлүгүн кантесиң, ноопаздай казакты камгактай көтөрүп, алкынып учуп баратты. Ээрге көчүгү жармашкан эңчер мүчө казагы түпкүчтөй түйүлүп, найзанын учун маңдайдагы Эсенгулдун өпкө-жүрөгүнө кадамакка мелжеп келатты. Көөдөнүн жара саймакка, көкүрөгүн көзөй саймакка болжоп келатты.

Кайың-долонодон кыркылып, ашталгандан анты ушундай тура, не бир усталардын колунан ашталып-бүлөнүп аткандагы баштатан анты ушундай тура, найзанын учу жоонун өңгө жерине мелженбейт, туура эле өпкө-жүрөгүн аралата саймакка мелженет. Кызыл өңгөчтү бөлө кыркып, жүрөгүн толтосунан жара саюуга, өпкөсүн үзүп, кыр аркасын быркырата саюуга мелженет.

Темир үзөңгүсүн үзө тепчүдөй оң капталына кыңайган Эсенгул да “Өпкөңдү сенин үзбөсөм!” дегениби, айтор матай кармаган сырнайзанын бөрүнүн тилиндей жалаңдаган кымасын казактын көкүрөгү тушка туштады. Толгой кармап, өпкө туштан өткөрө саймакка, кыр аркадан жарым кез чыгара саймакка өлчөп алган. Казактын көөдөнүн бөлө саймакка, эки далысынын ортосунан найзанын бөрү тилин эки карыш чыгара саймакка ыктанып алган.

Алты жүз арыш аралык эле, алты ирмемде жетчү аралык эле, казандай көмкөрүлгөн туяктарынан муштумдай-муштумдай даңкан ыргып, ордунан жебедей аткан аргымактар эрегешип алгандай алкынып учту, жетип бара алкымдашып чайнашчудай, жалдан тиштеп чалышчудай жулунуп учту. Эки баатырдын өчөгүшкөнүн туйгансып, “менин баатырым сеникин алат!”, “менин баатырым сеникин жутат!” дегенсип, кан күсөп найза сундургандарды ташып учту.

Эки жаат болуп жарданган казак менен кыргызың, жер жаңырта кыйкырып, сүрөп турду. “Жангороздоп! ” кыйкырды кыргызың, “Алачтап! ” айкырды казагың.

Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Ооздуктарын жара чайначудай жаактарын керип, оозунан ак көбүк чачыраткан аргымактар атчан эрлерден озунуп жетип, омуроолору менен кагышчудай шукшурулган ал аттардан сунулган найзалар мурун жетип, үй ордундай жердин тозу сапырылып, абасы уюлгуй түштү да найзалардын “карс” этип кагышканы угулду. Карашса, казактын аты арткы аяктарынан очорулуп, жамбашы сынгандай жерге жалп этти да оңолуп туруп кете албай, көз ирмемге катып калды. Мууну талыгандай алдыңкы аяктары солкулдап, арткы аягын тартмакка далбастап, башын чулгуй жүткүнүп-жүткүнүп алды. Болбоду.

Эсенгул баатыр болтурбады. Колтугун жырып кетчүдөй бекем толгонгон сырнайзасы түз кадала соотун айрып, казактын көөдөнүн жарган экен, канга боёлгон кымасы эки далынын ортосунан эки карыш чыга түшкөн экен, Эсенгул найзанын сабын саамга бошотпой, кашында үзөңгүсүн кере тепкен тейден мүрт үзүлгөн шордууну ат-маты менен ныгыра басып турду. Ээрдин кашына өбөктөгөн бойдон башы шылкыйган, оозу толтура коюу кан жүткүрүп, эки колу эки жакка салаңдаган казакты көзү канталай кумарлана карап турду. Баятада ойноктогон көздөрү эми чанагынан чыкчудай акшыйып, кареги айнектей каткан казакты маашырлана карап, бир уруп жанын чыгарганына кыбаасы канып турду. Саамга ушинтип турду да колтугун бошотуп, найзаны копшоп-копшоп сууруп алды эле, “корр” эткен доош чыгара, ээрден оолжуй кулаган казак оңкосунан “күп” эте жер сайып, эт-бетинен түшүп жатып калды. Казандай кара туулгасы алыс ыргып, чачы жаңыдан кырылган, буржуйган чарадай башы куураган сойгоктуу топуракка бети менен сайылды. Очорулган буудан ошондо оңолуп, кылчылбырга чалына ээсин айланчыктай азынады.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Булоолонгон канга масайган Эсенгул тизгинди кыска жыйып, чулу туяктары жер ойгон аргымагын туйлата сөөктү тегерете бастырып турду саамга. “Ээңе тапшырдым сени!” дегендей бастырып турду. Анан ээрден жай эңкейип, казактын узатасынан ыргыган найзасын эңди да азынаган азоо аргымагын жылоолой бери бастырды.

- Ой-боой! Аргымактын омоктуусу тура! – деп астейдил тамшанды сары чийкил жигит. – Соорусунун бийигин айтчы!

- Соорунчуңа көмөлдүрүгүн ал! – деп тамашалады экинчиси.

Жигиттер бир-бирине карап, кыйшая күлүп калышты.

Бөөдө катылганын туйган жак качып берчү эле, кайра чап салуу болчу эмес эле. Казак-кыргызда жок эле мындай коолу, арданган казактар айбат көрсөтүшсө болобу!?

“Жекпе-жек! ” деп айкырып, нечен-нечен эр сайышка чыга жүргөн, эчен-эчен эрди көмөлөтө жыга жүргөн баатырынын эмеледе ээрден шыпырылганын көргөндөгү көздөрүнө ишенбей аңырайган казактар адегенде нестейди. Кулачтап жер кучактап, тумшугу менен жер сая үстөмөнүнөн түшкөн баатыры ордунан козголуп, оодарыла туруп келчүдөн бетер, ооналактай башын өйдө көтөрөөрдө кум-топосу аралашкан оозу толо канды кыйшая түкүрүнүп, чаңын сапыра жер чапчып тура калчудан бетер өлүк жаткан жерди жапырт кадала карашат. Кара туткан баатыры жер кучактаган бойдон козголгон жок, чаң сапырылта чапчынган да жок.

Кабактарын калың салаңдатып, үтүрөңдөгөн казактар кур намыстуу окшобойбу, же көптөп төбөлөшөбүз дештиби, айтор айгай салып, бет маңдай турган кыргыздарга тобу менен жапырылды эми. Эсенгул баатыр бастырып келгиче кекенген эки жаат ыкыс берип, найзанын ыгын тапканы найзасын кезенип, чокмордун ыгын тапканы чокморун шиленип, алеки заматта куюндай удургуп, аралаша түштү. Уй түгүндөй калмактын соңку ирет “жагылап! ” кыйкырып өтүп, изи сууганы, ызы-чуусу ын-жыңсыз жоголгону мемиреп тынч жаткан Сулуу-Төрдүн тар коктусунда кишилердин ач айкырык, куу сүрөөнү кайрадан жаңырып, айгайлаган найзакери өпкө-жүрөктү, такыр колтукту, табарсыкты бойлото саймакка найзасын мелжеп, чокморчону чокудан ары шилемекке, жаза кетсе көк шилисин жанча урмакка жанталашып, кыргызы казактын жанын суурусам дейт, казагы кыргыздын жанын суурусам дейт. Ушунча кенен жерден Сулуу-Төрдүн тар коктусуна тыгылып, ары-бери удургуган топ кара жерди майыштыра өлүп-тириле чабышып, кыргызы казактын жанын тобу менен алсам дейт, казагы кыргыздын жанын тобу менен алсам дейт, казагы кыргызың кырылып калса деп ураан таштайт, кыргызы казагың кырылып калса деп ураан таштайт...

-Арам, ээй! – деп сүйлөндү Эсенгул баатыр. – Азуулашчу
силерби!?
Олжого эңген найзасын челчең ыргытып, жылоологон атты агытты да чукулунан теминип, казакка четинен тийди. Ошондо анын жоонун катарын жарып ары өтүп, аралата бери өтүп, эгем талаадан бешенесине найзадан ажал табаары жазылган бешөөнү удаасы менен жыга сайганы топ казакты жанынан түңүлтүп, жалтантты. Аламан уруш менен алалбасына көзү жетти аларың.

Шору кайнап, ажалы тооруган дагы бир ала өпкөсүнүн жанын сууруп алмакка, айланып бир тиймекке Эсенгул баатыр аттын башын жана бир мертебе алчылана бурганда казак чыдабастан чет-четинен бузулуп, бет келди качып берди. Көбүнчөсү сай ылдый, эңиштеп качышты. Кыргыз оролой кысканда, кача албастан ортодо калганы жабыла аттан ыргып түшүп, камчыларын моюнга иле, жан соога сурады.

- Жан сауга! Жан сауга! – дешти жалынычтуу.

Чабыштын кызыгына батып, кызып алган кыргызың токтоно албастан, күүсү менен бир тийип, жанчкылап өлтүрчүдөй чамынып, баштарын шылкыйта чөгөлөгөн казактын дагын эки-үчөөн төбө талаштыра уруп жыкты.

-Шешеңди! – деп коюшат балдар.
- Токтой көргүлө! Токтой көргүлө! – деп арачы түштү Эсенгул баатырдын тууганы.

- Жоо аяган жаралуу! – дейт кызуу кандуу бирөөсү.

- Теңи качты, болду эми! – дейт тигиниси арага колун созуп.

- Жалбарып ийдиңиз, болбосочу!

Жигиттер текши найзаларынын учун өйдөлөтө көтөрүп, чокморлорун алды. Тек, башы-көзүнөн тамтык калбай канга боелгон бирөө гана жолдошторунун жол тосуп, тизгинин тутамдай тартканына болбостон атын башка чапкылай оң-тетири теминип:

-Коё бер эле коё бер! – деп жулунду.
-Сабыр кыл, баатыр, сабыр кыл! – деп жаалашты эмеледе эле
өздөрү кошо ай-койго келбей, арыстандай атырылып аткан жолдоштору туш-туштан.

- Эгей-шыгайымдын кеги үчүн канын ичпесем! - деп кокуйлады тигил.

Анысы “Эгизимдей эле!” дегендей жаңыргандан каңырыгы түтөгөн Эсенгул баатыр:

-Тим тургула! – деди.
-Бөөдө канына забын болбо! – деди тууганы.
- Жаагың карышкыр! Жаагың бас! - деди Эсенгул баатыр. – Жоонун иши жоонукундай болучу!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Жаактары жап болуп, кийиндей беришти. Өкүрүп-бакырып, буркан-шаркандаган кыргыз аттан секирип түшөр замат жалаңдаган болот кестигин сууруп чыкты да жалынычтуу караган көп казактын ичинен алаңдаган четтегисин койчо баса калып, “Ээ!” дегенге үлгүртпөй карын тушту болжоп, узунунан эки мертебе эше сайды. Күрмөөгө келбей, кургаган тилин туурасынан чайнаган бечара казак каны шыркырап аккан, ичеги-карды чубалган курсагын кош колдой мыкчый, бүк түшүп жыгылды. Болот кестигин кончуна кыстара салган кыргыз көзү канталай жүйүртө басып отура калып, кан-жинине аралашып жаткан өлүктүн үстүнө жакын эңкейди, адегенде оргуштап барып, анан түтүктөп агып, куураган чөптү аралай сарыгып, турпакка сиңип аткан ысык канга ээгин матыра ичип алмакка мойнун созо эңкейди. Өпкөсүн муздак абага толтура илеп тартып, жакшы эле эңкейди эле, бирок иче алган жок. Атадан нечен укканын эстеп намысына келсе да ээгин мала алган жок. Бок-жиндин жагымсыз жыты каңылжарын аралагандан жипкирип башын өйдө көтөрдү. Кандын бок-жинге аралашпай таза шоргологон тамчысына дароо оң колунун уучун тосту. Саамга уучун тосуп, канга толтурду да шуркурата ууртап ийди. Тамчы канга зар болуп, таңдайы ката суусагансып үч ирет удаа ууртады. Үчүнчүсүн ууртаганда эсине келе соолуккан эмедей “шуу” эткире үшкүрүп ийип, билегинин үстү менен тумшугун жанды.

-Сарынын кеги эми жанды! - деп кыйкырды кандуу ооздонуп.
-Сары?
-Баса, Сарыбыз каякта?
-Арабызда эмес беле!? Каякта? Каякта? – деген үндөр
жаңырды.

Кан ууртаган жигит “Тигинде! ” дегиче, жолдоштору жан-жагын элеңдей каранып, чокморунун боосу билегине оролгон бойдон аттан кулаган Сарынын анда-мында сулайган өлүктүн арасында чалкасынан дардайып жатканын көздөрү чалды. Кокуйлап дароо жетип барышса, найза төөнөп өткөн кокосу айрылып, коюнуна кан толуп, узунунан суналат. Малакайы башынан сыйрылып, көгүштүү көздөрү мемиреп жаңыдан уйкуга кирчүдөй чала жумулган. Бир караган кишиге көздөрү түпсүздү тиктей кыялга чөмүлө катып калгандай.

Карагерин туйлатып, сырнайзасын бооруна кыса бастырып келген Эсенгул баатырга дагы сары чийкил жигит Иленин боюн бир көрүүнү эңсеп-кыялданган бойдон, көзүн чала жума уктап калгандай туюлду. Ичи эңшерилип, сөөкчүлүк туюму козголду.

-Илени гана алгысы келген эрени-им! – деп кейиди Эсенгул
баатыр Сарынын түгү түшө элек кыймылсыз жүзүн тиктеп.
Негедир ичинен кайрып ийди. Күүлөнгөнү билинбей, күзгүдөй бети мелтилдеп, чамынганы билинбей, чалкая бети мелтилдеп, кемерлүү жээги мелт-калт толуп, жайылып агат Иле-өзөн, ошол өзөндүн быткылдуу өйүз-бүйүзүн көзү тешиле көрүүнү эңсеген тейден өлгөнүндөй туюлду бу жигит. Ит муруну жыш өсүп, кырчын тал, жийде, жылгындуу болот бүйүзү, жык сөксөөл каптап капталын, чий, камыштуу болот өйүзү, жылга-жыбырткасын аңыр баласы өрдөк-каз, кекилик-кыргоол өрдөп, ала мышык баласы жолборс менен илбирс, карсак баласы карышкыр менен түлкү жойлоп, кулан-бөкөн калың мекендеп, берекеси төгүлгөн кенен жер болот, ак келтени асынып, ошол жерлерди оозунан оргуштаган ак көбүгүн омуроого чачыраткан желмаян минип аралап, өйүз менен бүйүзгө аркырата каттасам деп кыялданган боюнча оо дүйнөгө кеткениндей туюлду. Эл жайлоодон түшкөндө, өзөндү жээктеп көчкөндө, Өгүз-Кечүү, Кыз-Кечүү, кыркаар тартып кечкенде, Кыз-Кечүүнүн тушунан, кылкылдаган кыз-келин, өлөң созуп өткөндө, ойноктото ат минип, ашыгы минген күлүктү жылоодон алмакка эңкейе берип, күмүш сыргалуу кулагынын тушунан жүрөктөгү арзуусун шыбырап айтууну ала качкан кыялында ала кеткениндей туюлду. Антпесе, эзели көрбөгөн Иленин эки жээгин неге зарламак да неге оозанмак!

Көзү чала жабылган, алданемени кобурачудай болуп, ээриндери чала ачылган өлүктү ээр үстүнөн карап турчуда Эсенгул баатыр ушинтип кейиди. “Элимди аркама салып ээрчитип, Илеге отургуза албай, атаганат, деги-деги Кудаяндан айырмам не?” деген ой дагы бир ирет мээсин көзөп, көкүрөгүн ачыштыра аралап өттү.

Кимдир-бирөө жонундагы чепкенин чечип, Сарынын үстүнө айкарасынан жаба салды.

- Бу шордуу түтүн булатканга жарады беле? – деди Эсенгул баатыр атынын башын туурага тартып.

-Кайдан! - деди Сарынын сырдана жолдошу. - Кар кыламык жааганча жуучу чаптырмак.
-Курагы нечеде эле?
-Жаңы он жетиге караган.
-Айдарчач кытайды албай кал, шордуу..., - деди Эсенгул.
-Атадан жалгыз туяк эле! – деп кайгырышты тургандар.
- Көгөндөгүлө! – деп өктөм кыйкырды Эсенгул баатыр өрүм камчылары моюндарына асылуу казактар жакка ээгин өчтүү жаңсап.

Каардуу, өктөм добуш кулактарына шак эткенде эстери чыккан топ казак бир-биринин колтугуна тыгылды: “Не дейт, не дейт, оп-пирим!? Тоодой заңкайган мынабу кыргыздын зөөкүрлөнө сүйлөнгөнү эминеси? Көгөндөп байлатканы койчо мууздайм дегени эмеспи!? Канды суудай агызып, мууздатканы жүрөбү!?”.
Кийин-кийин, агала сакал болуп, алтымышка киргенче сырнайзаны оң колтуктан түшүрбөй, армансыз сундуруп, ач бууданын алкынта доорон сүргөн өмүрүн көз алдынан заакымдата сыдыра өткөргөн ирмемдерде же бир эл-журт аңырая оозун тиктеп, орой-курчай отурган топ жыйындарда кадалана сурангандан ушул окуяны кыстара айтып, кыраатын келтирип кеп сала эстечүдө болжоп-баамдаса, Сулуу-Төрдүн оозундагы чабышта жан таслим кеткен Сарыга сөөкчүлүгү бекерден ойгонбоптур. Ойлоп-бакса, ажалын издегенсип алдынан чыккан казакка тегинден туш келип, сырнайзасын кезебептир, тегинден ошол казактын кара туулгасын карагеринин чарадай туягы менен тебелете бастырбаптыр. ..

Бирок дал ушул ирмемдерде, бир эсе, суу жээктей конгон айыл үстүнө сөөктү туурасынан артынып, каралуу кайтаарын ойлогондо, баштары шылкыйган топ жигитти баштап, Ыргайтынын кокту-колотун жаңырта өкүрүп түшөөрүн, аны көргөндө жамандыкты туюп, жалгызынан айрылганын сезген эненин элечегин ыргытып ийе чачын жая чыңырып, эт-бетинен кетээрин элестеткенде көңүлү кирдеп, бир эсе, кан ууртаганына көкүрөгү өскөн мынабул жалоондой жигиттерге купулу толгон дал ушул уйгу-туйгу ирмемдерде, аргымагын туйлатып өйдө-төмөн бастырган ушул маалдарда үч уктаса түшкө кирбеген калабалуу окуядан, төлгөдө жок каргашадан капарсыз эле. Каргылуу тоосу кулаарын, кара көзүн кашайтып, караан туткан кабыландын дал бүгүн жоо колунан сулаарын туйган жок эле. “Кандуу журт болсок” деп гана какшанчу кан досунун көөдөнү жарылып, ичеги-карды аңтарылып, кабынан суурулган өпкө-жүрөгү тең бөлүнүп, тенинен алыс ыргытылаары, боз топуракка оонаган өлүгү өкүрүп алаар кишиси жок ай-талаада суналып жатып калаары оюна да келген эмес. Ошол, ошол саамдарда...

...Олуя-Атанын ойдуңун оң түштүк жагынан ороп, күн жүрүшкө чубалган сайын балык жон – балык жон тартып бөксөлөнгөн дөңсөөлөрдү этектей конгон эл арасы бүгүн башкача кымгуут. Жигиттер ат тезегин кургатпай өйдө-төмөн чаң уюлгута чапкылап, эртеден-бери тыным жок. Чабармандар боз чаптуу дөңсөөлөрдү этектей тигилген боз үйлөрдүн тушунан туш-тарапка кутургандай чапкылап кетишет дагы, бир оокумда эле туш-тараптан өрөпкүй чапкылап келишип, алтын түстөнгөн жибек жиптен кештелген ак туусу ирегесинде шаңкайган чоң үйдүн – айчыктуу асаба сайылган ортодогу ал үйдү “кан чатыр” деп коюшат - капталындагы мамыларга аттарынын мүрү менен сайыла жол талашып, тыгылып калышат. Аптыга: “Деп айтты! Деп айтты!” дешип, аманат кепти айтууга ашыгат.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Маңдайдагы, так кан чатырдын маңдайындагы, жарактуу сарбаздардын камоосундагы сайма алачыкты айланта котолоп-сагалаган караламан эл кандан эмне буйрук болоорун зарыга күтүнүп, алачыктагы адамдын тагдыры эмне менен бүтөөрүн билмекке ынтызар. Өлүмгө буйрулабы? Өлүм эмей анан, өлүм эле ылайыктуу го канкорго! Агер өлүмгө буйрулса, дарга асылабы же башы алынабы? Анткенинде, алмадай башын шыпыра чабууга кимиси ылайык болду экен?

Күбүр-шыбыр кеп аралайт эл ичин.

-Кошоктолуу келген анау бала ким?
-Баласы.
-Баласы?
-Ие, өз баласы.
-Жаш ко!
-Бу ирет токолдон эместир!
-Ха-ха-ха...
“Ха-халап” каткыргандар алданемени эстеп, табалуу.
Кереге-саганагы жок тигилген, кара туурдугу чүргөй жабылган алачыкта болсо кыл чайнашкан нечен-нечен айкашта казактын далай баатырын алып, эмикиде кан Абылайдын өзүн аттан оодара сайсам, башын кыя чапсам, чиркиндики, эки дүйнөдө арманым жүрбөс деп кыялданган адам жер муштап отурат, бүгүн түш оой ошол кыялынын ойрону чыгып, тун уулу менен чогуу байлоодо отурат. Уйгу-туйгу армандуу ойлор көкөйүн ачыштырып, эргилчектен көзүн албай, ээрдин тиштене түнөрөт.

Каршысынан кез келип, шор аяк менен беттешүүгө жетпестен, байлоого түшкөнү эмнеси, капырай? Кап, бирин-бири найза суна качырып, “жутамын! ” деп айкырып, жекеме-жеке сайыштын моокумуна канбастан, каруусунун кайрылганы, билегинин толгонгону эмнеси? Каеринен жазды, капырай? Таң. Кара алачык көп казак, Түлкү-Башка жолотпой, түлкүдөй жойлоп чапчуда, Күйүктүн белин кароолдоп, күлүгүн минип чапчуда, “Жайсаң, Жапегиңди жайладым, айсал-буйсал болгуча, Абак-Тарагыңды мойсодум, канжыгамдан Көкжал Барагыңдын башын чечтим, каапырды Кара-Тоонун караанын көргүс кылаармын, Самтыр сартты алууга мына-мына аз калдым!” дечү эле, “Самтыр сартты албасам, Садыр атым өчсүн” дечү эле, дегенинде азуусу айга бүлөнүп, санын аткып ийчү эле, атаңгөрү-ү дүнүйө, сыр көрсөттүм деп жүрсө, мураасына жетпей өмүрдүн, мүдүрүлчү чагы бүгүнбү? Сырттан Манас кептенип, как жомоктогудай түмөндөтө кол баштап, Сыр-дайраны бойлото чоң казатына аттанды, чакчелекейин чыгара аарынын уюгун чачкансып, Чолок-Коргон, Сузактын 77 күлүн көккө сапырды, ошондо күңгөй тоо менен терскей тоо бүткөн талааларды каршы-терши кезип, учу-кыйры бир талай жерди аралай чапты эле, ошончодон мүдүрүлчү жери - Олуя-Атанын алакандай оюбу? Алдырарда жаздырар болуп, Абылайдын колуна түшүп калганы кандай? Капырай! “Үч уктаса түшкө кирбеген жорук” деген кептегидей окуя! Сарыбагыш, солто сан кыргыз, колун күтпөй элинин, жалгыз башына ишенип, жалгыз аттанып алдыбы? Балким, ымыртта тийбей, жарыкта тийип алгандан жазгандыр! ? Канын көөкөрлөп, капылет качырып киргенде, эликтей элирген Каранар күлүгүн омуроого тээп теминип, айкырык салып тийгенде, шор аякка жеткирбестен карпа-курп жолун бөгөгөн кимисинин колу болучу?

Күржүйгөн мойнунан ылдый каршы-терши арчындалып, толгой тартылган кыл арканга колу-буту чырмалуу Кан Садыр ушундай ойлор менен алпуруша бирде түктөйүп, бирде түнөрүп, жабалактаган суроолорду жандырмакка шаасы жетпей эшейип отуру, жоо кылычы шиленгенде тонун каруу туштан таарып өтүп, булчуң этин кыя тилген жаракаттын оорусун сезбей, капканга түшкөн жаралуу жолборстой күш-күш эте дем алып, заманасы куурулуп отуру. Тегеректин уу-чуусу даана угулбай, кайдадыр ыраактан калкыгандай жаңырып, дүйнө андан алыстап, ал дүйнөдөн алыстап, эси-көөнү бүгүнкү окуяда. Катарында боортоктоп, таңылуу жаткан багалчагы бекем ката элек баласына да көңүл бурган жок атүгүл.

Колунан найзасын кагып ийип, “Уучта!”, “Уучта!” деп кыйкырып, төө бастыга алчудай жабылган топ казактын ичинен кылычын кыйгач кезеген экөөбүнүн атып ийчүдөй тиктеген кектүү көздөрүн эстеди. Жаңылбаса, бири Жоогач өңдөндү эле. Ооба, ооба, жапкак көздүү Жоогачтын өзү. Абылайдын айтуу менен Таластын аягынан арага кирип, бир курдай алдына келген, келгенинде керегеге жөлөнө отуруп, “айылымды үч чапты, айылдаш түшүп конбоймун, жоолашам ошол кул менен, уктуңбу!?” дегенди башын ийкегилей-ийкегилей угуп кеткен баягы Жоогачтын өзү. Каккы жегенине мусаапыр кейиптенип, боз ала болуп узаган баягы Жоогач бүгүн эми баягы Жоогач болбой, жылтыя карап, кээкердүү тим эле. “Кап, элде мурда ушу сенин көзүңдү тазалабай, каапыр!” деди ичинде Кан Садыр.

Жоогачтын кектүү тиктеши көз алдына тартылып, жүрөгү жамандыкты туюп туруп алды. Эгер дал ушул саамдарда Кан Садыр төрт мүчөл өмүрүнөн жаңылып-жазган иш издеген болсо, элде мурда Жоогач менен жоолашып, эртелей чым жаздантып салбаганына өкүндү. Кермек өкүнүч көңүлүн өйүдү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Кабагын карыш түйүп, кайра ойго чөмүлдү. Бу Абылайдын сазайын колуна берүүнү кайдан ойлонуп, кайдан кекенип жүрөт? Бу Жараткан жарыкчылык дүнүйөнү жаратып атканда эле башынан калмак-кытайды бир жаат, көчмөндүү кыргыз журтун бир жаат кылып бөлүп, ушул эки жаатты бир-бирине батыштырбай антташкан жоо кылып, жер бетиндеги тиргиликти капкаяктан өчөшкөндөрдүн талашына салып берген экен, мынча казакты билген самтыраган сартка эминеге өчөштү!?

Ойлоп-бакса мунун баары Капкадан башталат экен. Ата конуштун кам-кайгысы деп козголушпады беле, ошондон башталат экен. Оболу, оң-солдун мыктылары Капкага түрө чогулуп, жыйын курушкан. Мындай кеңеш бир болсо тээ илгериде, калмак дүрбөй качып баратканда, Кошой бий, Маматкул дегендердин чагында Коңур-Өгүздүн жайыгында болгондур, ошондон бери эл билгилери ийри отура түз кеңешип, кыргыздын чегин ажыратууну акылдашып, чыбык кыркып тараша элек болучу.

Жердин жүзү каймактап бүтүп, кумактан тоо куралып, булактан суу жаралып, кыртышы каткандан кийин карай топурак бетинен ар элдин тиргилигине, мандайына жазылган ырысына жараша энчиси ажыратылган экен, кудуретиңен кагылайын Жараткандын амирин кара, кумак менен булактын атасы Ала-Тоо, Улуу-Тоолордун койну, этек-өңүрлөрү ошол замандан Кыргыз-Атанын урпактарынын бешенесине буйрулган экен. Өз энчисин макул таппай, бөлөктүкүнө кошо эпсиз көзүн арткан каапыр калмак бу тегеректен жоголгону төгөрөктүн төрт бурчу эми өзүнөн-өзү төрткө бөлүндү деп жүрүшсө, төрт эмей эле, өзүнөн-өзү үчкө үлөшүп, сүйлөшүп алгансып кытай менен казак бир жагынан, жер чукулаган [moderated] баласы бир жагынан чет-четинен ээлик кылып, оң-солдун жайыт-конушун туш тараптан тарытып келаткандан, Капкага чогулчуда ата-бабанын киндик каны тамып, кири жуулган конуш-жайларды кароолдоого сөз бекитишкен. Ошондо, Үч-Алматыны күзөтмөктүн милдетин мойнуна алган сарыбагыш Эсенгулдун “элиңди Талас менен Чүйгө кондуруп бер!” деп өтүнүү боюнча Кетмен-Төбөнүн түнкатар-түнтөй саягынын теңин баштап, Беш-Ташты аша, татыймын деп Таласка конду, “Күйүктүн бели менен Түлкү-Баштын арасын кайтара көр!” дегенинен, Капканын кайкысындагы короо-короо кой кенен жатаарлык тегиз жерге үч айланта дубал соктуруп, коргон салдырды, ордо тургузду. Анан “кан” атагы тарады Аркага...

Ээ, соңкуларга билинеби-жокпу ким билсин, соңкуларга жетеби-жокпу ким билсин, кыйла журтка угулар кылык болгон ошондо.

Жайлоо бышып турган маал болучу. Жер бетине мал батпай, кан жайлоодо ыңкыган беш түлүк бөксөдөгү жайлоого чубуруп, бөксө жайлоодо ыңкыган беш түлүк кан жайлоого чубуруп, калмактын чагындагы куу этек турмуш унутулуп, карагай-черлүү Арымды жайлагандар суусу мол Суусамырдан бери аш-тойлоп, Суусамырды жайлагандар Арымдан бери аш-тойлоп, союш-согуму кенен-чонон жыгылып, калк тоюнган шай турмуш эле. “Ак уул, Куу уул - эки ата” деп коюшат, айтууда ошол ата-бабалардын заманында кыргыз баласынын кой үстүнө торгой жумурткалаган, май көл - сүт көл турмушу болгон окшобойбу, калмактан үрккөндө унутулган ошол турмуш жөнү эмиден эски калыбына түшкөнсүп, элдин алды тогуз канаттап, арты төрт-беш канаттап үй тигип, ошол жылдары өзөн-өстөн бойлору да төлүн төккөнсүп, көк тал – ак талдын жыш өскөнүн кантесиң, уук-кереге узанчулардын жайды жайлай бир эрмеги жыгач-таш, эмерек чапмай болуп, жүн, жал-куйрук дегениң кап-каптап кыркылгандан бир жагынан уздардын эртели-кеч жаны тынбай, кат-кат жыйылган терилерди ултарганга чололору тийбей, куунаган эл кудайдын куттуу күнү шатыра-шатман түшө чамгарак артынан чамгарак көтөрүп, бүлөө башына бирден чамгарак күтүнүп, журт кенелгени билинген кезең эле. Суусар тебетейди сеңселте кийип, оолжуй бастырып, айылма-айыл кыдыра кымыз уулаган эркектана колдогу малдын этин тангандан топ-тобу менен салбырындап, каркыра канат сайына каадаланган кыз-кыркындын алты бакан арнайы курдурткан эркелиги чыгып, сармерден жаңырып, журттун кабагы анык ачылганы билинген кезең эле. “Аш көп жерде каада көп” деген кеп тегинден айтылбаса керек, анын сыңарындай калың журттун бей-бечарасына дейре ашка аралашкан чагы эле. Ак төөсүнүн карды жарылып,
чыгданы май-сүткө толгон элдин “төө чечмей” деген эрмеги да чыгып, аял аттууну жылаңачтап чубатчудан бетер “төө чечмейлеп” жүгүрүп калышкан эле ошол жылдары.

“Кыйла журтка угулар кылык” демеги ушул, жайлоолоп жаткан элдин тең жарымы “Садыр айтты, аттан!” дегенден теке какшык – баш оонанын арасы саратан жайда, ити май жебеген бир сасык байдын төө чечтирмейине төрт атан саймак болгон тоюна күйбөстөн, капылеттен кымгууттана туурдук сыйрып, үй бүгүп, шаа мүйүз шүдүнгүттөргө, чуудалары бапсайган айры өркөч төөлөргө артынып, үйүр-үйүр жылкыларын күтүрөтө айдап, короо-короо кой-эчкисин сүрө-сүрө айдап, ашыгычтан Узун-Акматты өрдөп, чубап көчүп калды. Жатындашы Сейиттин элди бузуп, айнытканына көнбөстөн, ээрчимекке ыктыяр кылган саяктын, азганактай сарыбагыштын – тайлары болот алар - алдына түшүп, дубан бузган Каранар аргымагын алкынтып, көчтүн башында өзү болуп берди. Калың журт илгери калмак каптачуда ушинтип бир будун-чаң түшүп, сапырылса керек, эми калмак каптабай-этпей эле сапырылды. Ошол сапар өзү сапырган, “Күйүктүн бели, Түлкү-Баш! ” деп аздагандан сапырган.

Сайма алачыкка батып-батпай, күш-күш эте оор дем алып, байлоодо отурган Кан Садыр ушунун баарын: чокулары көк тиреген калкагар тоону керүүлөй жүрүп, көк муз каптап жаткан туу белди баштанган сайын кыркаар тартып түзөлгөн, сурданган булут аска башына уюлгуп, шыбыргактата кар жаап жибере электе ашууну аша конууга ашыккан санжыргалуу көчтүн сап алдында болуп бергенин эстеп, бирок Сейиттин тилин макул таппай Кетмен-Төбөнү таштай көчкөнүнө кымындай да өкүнгөн жок. Көрсө, Кетмен-Төбөгө батмак эмес экен баары бир!

Кайрадан көкөйүн туздай ачыштырган армандуу ойлорго чөмүлүп, эргилчектен көзүн албай түнөрөт.

...Сырттан Манас кептенип, как жомоктогудай казганактата кол баштап, Сыр-өзөндү бойлото чоң казатына аттанды, Чолок-Коргон, Сузактын тозун сапырып, казакка жылас салды, ошондо учу-кыйры бир талай жерди аралай чапты эле, ошончодон оозунан жулдурган бөрү кейиптенип, мүдүрүлчү жери - Олуя-Атанын оюбу? Алдырарда жаздырар болуп, насили бузук Абылайдын туткунунда жатканы кандай, капырай?

Учугу жок ушул ойлор улам каптап келе берди. Каптаган сайын местейип, үч уктаса түшкө кирбечүдөй сезилген окуянын жандырмагын таба албастан далбастайт.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Алмадай болгон ар башта бир өлүм бар эмеспи акыры. Ал эми жоо бетинде кашык канын көөкөрдөп, эл-журттун намысына башын сайып койгон эр кишинин эртеби-кечпи бир бет келчү ошол жазмыш буйругу менен кудайдын куттуу күнү арбашып жүрөрү андан анык. Эчендин өлүмүн таап, эчен эрди чым жаздантчуда далай ирет мант берип, өлүмдөн буйтады эле, ажалды кашынан алдады эле. Дале буйтап-жазгырып кетчүдөн бетер өлөөр учуру менен арбашып калганын туйбастан, тирүү жан болуп жаралгандан тарта бешенесине жазылган жазмышы ушул азыр карыш сагалап, эргилчектен шыкаалап калганын туйбастан, бу саам адам баласынын төбө чачын тик тургузган өлүм жазасы уулун экөөн кабат тооруп калганын таңазар албастан, эргилчекти мелтирей тиктеп, үч уктаса түшкө кирбечүдөй туюлган окуянын жандырмагын тапмакка алпурушат: толгой тартылган аргамжыга чырмала байланып, үңкүйүп отурганы эмнеси? Кере тартылган кыл арканга ороло байланып, жаман Сарткулунун туткунунда тушоодо жатчу киши эмес элең!?

Ушинтип отура берди. Жака-белдеги дөңсөөлөрдү аралай чабыттап, токмок жалдуу аттарын ойдолоктото кан чатырдын маңдайындагы мамыларга тыгылган чабармандар жылан баскандай секирген бий-баатырлардын “түбүбүзгө жетип жүрбөсүн! Өлтүрө көр эле өлтүрө көр!” деп какшана суранган аманат сөзүн кезметтешип Абылайга жеткиргени менен иши жок, какшанган сайын какаардуу жазмышындагы казасынын чеңгээли катуулаганы менен иши жок, эрдин кесе тиштенип отура берди. Эртеси-кечи, түшү-бешими туюлбай, убакты-саатты унутту. Ушул сапар өлүмдү жазгыра алаар бекен? Ушул саам ажалды алдай алаар бекен? Ошентүүгө кудурети жетээр бекен? Баса, уулучу!?

Уясына төнөөр маалында чоктой алоолонуп албырган, чаап барып кол сунсаң жетчүдөй болгон, жетсең кулачыңа толчудай болгон, табактай уюган кызыл күн кыйыры көзгө илинип-илинбей мелжиген чексиз талаанын - Чолок-Коргон, Сузактын тушу болуп калат даркан талаанын ошол учу – бүткөн жерине, талаанын кызыл чөл болуп уюган кырым жерине батып баратты. Талаа-түздү, ошол талаа-түздүн үстүндө буурулданган асман-абаны кызыл күүгүмдөнтүп, ээн калтырып баратты. Ал эми ээнденген айлананы иңир басып баратты. Эртеден берки кымгуут сээлдеп, катарлаша бастыра журт кайтарган кайгуулчу төлөнгүттөрдүн андан-мындан үн салышканы, дөңсөөлөрдү ашыра үйүр-үйүр жылкы айдаган жылкычылардын кыйгуулап кыйкырганы көбүрөөк жаңырып, жамы журт текши отурууга кам урду.

Улам эшик түрүп энтиге кирген чабармандын тилин угуп коюп, керээли кечке эки анжы ойдун камоосуна таланган Абылай кабагынан кар жаадырган калыбынан жазбай, эки тизесин мыкчыган тейде көз байланган чакты козголбой отуру. Лам үн катпайт. Кебин жөнөтүп болгон чабарман Абылайдын жүзүнө бакпастан, саамга башын саландатып турат дагын, колун көкүрөгүнө алган бойдон арты менен жылып чыгып кетет. Жан-жөкөрлөрү гана кара күчкө баш ийкешип, ымдашып калышат.

Абылай толгонот. Ары толгонуп ойлонот, бери толгонуп ойлонот. Ары толгонуп ойлонсо, мынабу Садырдын көзүн тазалаганы оң, бери толгонуп ойлонсо аттап-тондоп атказып ийгени оң. Не кылуу оң?
Бир туруп өлүмгө ыраа көрбөйт: “Аттап-тондоп узатсам, Садыр ийге келээр беле? Ошондо жакшылыгымды баалап, Түлкү-Баш, Күйүктүн кайкысын казактан талашканын коер беле? Оолукканын коюп, оюк-тилик баласын кыйыктаганы тыйылаар беле? Журту каралдаш коноор беле?”.

Кайрадан ойго чөмүлүп, көңүлү бузулат: “Же Олуя-Атанын кайкысына көмсөмбү сени? Таластын сайына көмсөмбү сени? Же көмүүсүз таштап, сөөгүңдү ит-кушка жем таштасамбы? ..”.

Абылай ойго чөмүлгөн сайын, жанында уй мүйүз тарта кыркалекей отурган нөөкөрлөрдүн санаасы санга бөлүнөт. “Атаа! Айнып кетпегей эле! Арабыздан ушу Каманбай баатыр ылым санаган өндөндү эле, соогалап арачы түшпөгөй эле!” деп бөлүнөт. Хандын кабагын тиктеп, оюндагысын окугандан бетер: “Өлтүрткөнүң эле оң!” деп чебелектейт. Колдорунан гана келбейт, непадам келчү болсо, жабыла арбап, “Өлтүртөйүн! ” деген ойго чөмүлтүп салгылары келет.

Чыйпыйы чыккан нөөкөрлөрдүн бири – аты Жоогач эле -айласын тапты. “Айнып кете элегинде калган кепти аш ичкен маалда безелентип жырауга айттырайык” деди. Деди да дасторкон жайылып, булоолонто эт тартылаар маалды күттү кымыйып.

Чабармандардын аягы тыйылып, табак-табак эт тартылган маал да келди акыры. Кызыр эмди тайдын эти устукандалып болуп, отургандар таман чыккан казыдан, тыштуу кабырганын майлуу этинен тамшана сугунуп, жаактарын бүлкүлдөтө жарыша чайнап калган кезде алиги Жоогач ысымдуу баатыры эңкейип:

-Энди жырауну бир тыңдасак кантеди, алдаяр ханым! – деди.
-Тыңдайык! – деп ишаара этти хан.
-Тыңдайык! – дешти жабыла.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Демейде кол ойнотуп чалаарда домбрасынын кулагын сол кулагына бир такап, башын чулгуй оң кулагына бир такап, жайбаракат күүлөп кербезденген, демейде тээ кадим замандагы – Жаныбек, Бердибек дегендердин заманындагы күү аталарынан калган үлкөн күүлөрдөн ойногон, төрт аягы тыбыраган жорго сымал кызыган чагында карга бойлуу Казтуганды кайрып, Казтуган болуп элөөрүп, жаагын жана: “Бу жалгандан өткөнчө, Кайрылып сени көрөмбү, Кайран да мениң Эдилим! Кайран да мениң Эдилим, ау!” деп какшанган, какшаган чагында өзү гана ыйлап тим калбай, уккан адамды кошо жашыткан жырау бул сапар ашыккансып кыска күүлөп, тамагын кырына дабышын башкача созду. Ириде бүгүнкү чабышты ырга келтирди.

Аахее-ей!

Арбагы сүрөп Алаштын,

Арасын чаптың Таластын,

Арбагы колдоп Алаштын,

Акелеттиң элин Таластын.

Майлуу колдору менен сандарын чапкылаган нөөкөрлөр “Ай, балилеп!” калышты. Жырау ансайын “аахейлеп” абан созуп, тилин безеди.
Аахее-ей!

Сары - Аркадан аттана,

Сар жайлоодон баштана,

Сан колун баштап казактын,

Санаага салдың кыргызды.

Садырын алып ичинен,

Сай-сайлаттың кыргызды.

Эми, кайсы-бирин кеп кыласың карагым, сүрөөгө делөөрүп, өпкөсү сабаадай көпкөн жыраунун айтуунда казак баласы казак болуп жаралып, Сары-Аркага жык толгону Садырдай жоону жоолап көрө элек экен, үч жүздүү казак аталып, “Алаштап! ” айгайлаганы мындай жоого тийе элек экен оболу, ошондой кара жоонун тилеги мына бүгүн таш каап, Таластын оозунан озбой таш-талканы чыккан тура.

Домбранын коштоосунда жырау мына ушинтип кызыл тилин безеди. Демейден бөлөк туйлады, оозунан ак көбүк атып, кара жини кармаган бакшыдай ойноду. Кең талаа - кызыл чөлдүн учу-кыйрына дейре угузчудай созуп, “Аахе-ейлеп! ” алат дагын, тилин безейт, “Аахе-ейлеп! ” алат дагын, тилин безейт. Көптү айтты соңунда, Көкжал Барактын сууй элек кегин айтты, Абак-Тарак, Жайсандын төлөнбөгөн кунун айтты. “Садырыңдын өткөзбөгөн жабыры жок эле, берендердин кегин кууп, мөөрөй алдың Абылайым! ” деп айтты.

Көңүлдөгүнү таап айтканына маашырланган бийлер үй көтөрө ызырына кыйкырып, баштарын чайкай отурушту.

Кыбасы канган Абылайдын көздөрү жылтылдап, мыйыгынан жылмайды. Калмак менен сайышчуда да мындай мактоого тунган эмес. Мактоо кимди гана мас кылбайт, мактоого көшүлдү. Түйүлүү кабагы жазылып, көзү сүзүлө көшүлдү.

Оозунан ак көбүк атып, талмасы кармагандай термелгени менен, эки ийни өөдө көтөрүлө элөөрүгөнү менен жез таңдай жыраунун көз кыры бирде Абылайда, бирде санын аткыган береги жапкак көздүү Жоогачта. Очоктогу оттун жалт-жулт эткен жарыгында утур бирин кылтыя тиктеп, айтчу кебинин кыябын издейт. Качан гана Абылайдын мыйыгынан сырдуу жылмаю кетпей, мойнун созо кепке муюп калганын туйган жырау эми Садырды боктоонун, көкүрөктөгү кегин эси-көөндөн жангыс кылып каршы кайраштыруунун кыябы келгенин баамдады. Ошондо Жоогачтын алдыртан айтуу менен Садырдын ой-санаасын минтип тилге келтирип, тигинин кимдир-бирөөнү “кул” атаарын жарыя төгүп салды.

Көрчү конбойм ага мен,

Көргөзөм ошол кулга менен,

Айылдаш конбойм ага мен,

Арбашам ошол кул менен.

Жакалаш конбойм ага мен,

Жоолашам ошол кул менен...

Ниети бузук Садыр ушинтет имиш. Төрө Абылайга өчтүүлүгү ушунчалык күчтүү имиш.

Сүрөй-сүрөй отуруп, кайраштырууну куп келтиргенине кубанган бийлер көздөрүн алайта, “ошондой бекен каапыр!” дешкенсип, сөгүнүп коюшту.

Калпка эле чок кармагандай так секиргендей түр жасаган Жоогач:

- Акмактын эсиргенин кара! – деди.
Төкмөнүн ыры төрө Абылайга жүлүнгө сайгандай тийип, эзелки-эзелки, кенедейден көкүрөктү эзген ызаасын козгоду. Эмелеки күлпөң күлкүсү жоголуп, өңү кумсарды. “Кыргыз келекелейт экен да! Кыргыздын эсинен чыкпайт экен да!” деди уйгу-туйгу ой арасында. Төлө бийдин ирегесинде жүрүп, төөсүн баккан кезин эстеди, “Тумшуксуз туулган уул элең, Төөсүн баккан кул элең, Таалайсыз туулган уул элең, Тайлагын баккан кул элең” дечү сөзүн эстеди. Арылай кулак салды жырауга. Арылай тыңшаган сайын сөөк өчтү касынын жыландын уусундай арман-тилеги угула берди, уккан сайын көңүлү оорлоп, ичи бүлүнө берди, ичи бүлүнгөн сайын каары какаардай кайнай берди...

Туусун жыгып келермин,

Туулгасын тартып киермин.

Көк зоотун чечип келермин,

Көөдөнүнө сиермин.

Ушул сөзүм этпесем,

Муратыма жетпесем,

Мен – Садыр болбой калайын!

Муну укканда кабагын түйгөн Абылайдын ачуусунан жаактары бүлкүлдөп,чыкый тамырлары көгөрө көөп чыкты.

- Аныкпы?! – деп кага сүйлөдү.

Домбрасын чорт тыйган жырау башын ийкектете:

-Анык эмей! – деди.
Эртеги менен эртеңкини бирдей тилге келтирип, эпсиз мыкты келтирип, эсти оодарган жыраунун көзүнө тигилген Абылай:

- Кансынган неменин ой-санаасын калайча билип жүрүң? –

деди.

- Дегениме ишенбесеңиз, эт тартып сынаңыз. Чып-чыргасын коротпостон бир койдун этин алдына бүкүл тартыңыз, бүдөмүк калганын ошондо айтайын...

-Жыраунун айтуундай эт аскыла! – деп буюрду да Абылай
түктөйө отуруп калды.

...Жарма бышым убакыт өтүп-өтпөй сайма алачыкта кезерип отургандарга эт тартылмай болду. Адегенде чырак жагылып, ата-баланын кыл аркандап таңылган колу-буттары бошотулду. Бир короо койдун ичинен ириктин аксагын тандап жара тартып, алеки заматта жиликтеп казанга аскан, жеңди жоон билектен өйдө түрүнө, тындырбай от калап, кемегени айланчыктаган казак бир оокумда “Калак! Калак!” деп кыйкырып, эт дододой үйүлгөн килейген мис табакты кучактай келе Садырдын алдына коё салды. Кытмыр каранып, кестик таштады:

-Этке караңыз!
Таштады да так маңдайга чөк түшө отурду. Мылжыңдаган казакты каакымчалык элес албаган Кан Садыр адегенде тизесинин алдындагы кестикке баам салды. Мизи мырык, мүйүз сабы кетилген кестик жатканын билди. Кимдин колунан келсе да көөнү кастын кылганы! Жүрөгү жамандыкты түпөйүл туйган Кан Садыр көзүнүн асты менен бууланган табакты тиктеди, жука билиги өчөр-өчпөс жылтыраган кара чырактын үрүл-бүрүл жарыгында ирмемге үңүлө карап, эттин чала бышканын баамдады. “Ээ! Билдим сени. Асили кулдун туюк сынга түшүргөндөгү кербези!” деди ичинде. Башын көтөрүп маңдайындагы мылжыңдаган казактын жүзүнө тигилди. Кылгыйма тиктешинен кытмырлуу нурду көрдү. Жаалы кайнады.

Бирде эти булоолонгон мис табакты, бирде кара көк тарткан Садырды аңдынып жатып, мылжыңдаган казак капталын сала отурган өспүрүмдүн кабагын байкаган жок. Ошентип жатып чуңкур кабактуу бала баатыр Доскулунун чаары чачыраган көздөрүн байкабай калганы!

Бир мүчөлдөн жашы жаңы оогон Доскулуң бала болуп башына жүн чыкканы он эки мүчөнүн минтип тартылышын эгерим көргөн эмес, эгерим уккан эмес. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, ойротто жок мынабу жосуну эмнеси? Заадиси кул какбаштын бул эмине кордугу!? Эмне кыяматы!?

Жаагынан ажыратылбастан бүкүлү кайнатылып, тили салаңдаган, мүйүзү чала чабылып, чала куйкаланган ириктин башы, көк жашык эти ойду-келди ажыратылып, күң жилиги, кар жилиги, жото жилиги, кашка жилиги аралаш устукандалган жиликтер, шашкалактаган кайсы-бир томояктын шалаакы колу осол омкоргондон учтары быркыраган омурткалар, мизи мырык эски кестик, куучуңдаган казактын жылтыр тиктеши – ушунун баарын көргөндө байкоостон таңууга түшкөнүнө ансыз да желкеси тырышып, көңүлү зилдеп турган неменин каны төбөсүнө тээп, ичи муздады. Керилип туруп мис табакты босогодон ары көмкөрө тээп ийгиси келди, ириктин башын мыкчый кармап, мылжыңдаган казакты төбө талаштыра ургусу келди, желкелей баса калып, алешем этти ой-боюна койбой оозуна тыгып, сугунта жедиргиси келди...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Аңгыча атасынын үнсүз-сөзсүз акырын обдулуп, мырык кестикти оң колго алганын байкады. Ачуусу тыйыла нестейди. Неге антти? Не кылгысы бар? Жарыктык кишинин не билгени бар?

“А” деп үн катпастан Кан Садыр мис табакты кырынан кыпчый илип жакын тартты да сол колдоп башты алды. Жакын кармап ирмемге тиктеди. Чала куйкаланып, чала бышырылган, мүйүзү чала чабылган, тили ууртунан салаңдай, жаагы ажыратылбастан тартылган ириктин бүкүлү башын арбашкандай тиктеп, алаканына сала салмактап турду.

Доскулу ансайын жалдырай карайт. Бул эмине болучу? Жарыктык кишинин бул эмине ишаарасы? Не кылгысы бар дагы не дегиси бар?

Кан атасы шакшактуу колдору менен быркыратып ийчүдөй мыкчый кармаган баштын оң жаагына мырык кестикти такай берип, куйкум этинен чындап ооз тийип алчудай үч эличелик кыя тилди. Жипкирбестен оозуна салды. Үч бөлө жара чайнап, бүркүп ийеби десе анткен жок, күрмөбөстөн жутту. Жутту да мис табакты уулунун алдына түртүп койду. Мырык кестикти тим койду.

Ошондо оюлгур бала Доскулу кан атасынын жүзүнө бакпастан туруп, мылжыңдаган казактын уурдана тиктегенин таңазар албастан туруп, эки жеңин билектен өөдө ашыкпастан түрүндү дагын, мырык кестикти колго ала мис табактагы этке карады.

Ириде башты алып, сол жаагынан кыя тилип ооз тийди. Жаагын ажыратмакка адегенде кестикти туурасынан сойлотуп, этин тилди, кош колдоп күчкө салып, астыңкы жаагын үстүңкү жаагынан бөлөк-бөлөк кайрып айрыды. Эки кулагын кесип, маңдайын жара тилип, тумшугун туурасынан тилди. Эки көзүн чанагынан чыгарып, карегин тазалады да эзели көздү жалгыз жебеген жаны жалгыз сугунуп ийди, адатта кырк бир сөөккө ажыратылчу башты алжа-булжа бузуп, мээсин кочуштап сугунду.

Бүркүттөй калдайып, отурушунан жазбаган кан атасы ордунан козголбой, кашындагы чокчойгон казактын оозу ачылды алжайып.

Аны менен токтогону жок Доскулу. Эми жиликтерге карап, четинен алды. Оң келип турган экен, жото жиликтин оңун алып, туура этинен кыя тилип ооз ийди, кестиктин сабы менен эки уруп чагып, кан аралаш кара чучугун сорду. Сол жилиги турган экен, сол колдоп алып, этинен кыя тилип сол ууртуна салды, туурасынан чагып, чучугун сорду.

Ушинтип ар бир жиликтин этинен кыя тиле ооз тийип, чамбыл чучугун шимиди. Кар жиликтин этинен да кыя тилди, кашка жиликтин этинен да кыя тилди, кар жилигин чагып, чучугун кабат шимиди, кашка жилигин чагып, чучугун кабат шимиди. Күң жиликке гана кол тийгизген жок, башка мүчөгө болсо көнүлү чаап караган да жок.

Кабагы бүркөлүү кан атасы ээгин кесе тиштенип, демин ичине катып калды. “Кабыландын сийдиги-и! ” деди.

Казактын көзү кадалып, оозу алжаят эле алжаят. Доскулу он эки мүчө эти шакелдей үйүлгөн мис табакты кош колдоп алды да казактын алдына таштады.

-Ме эми казактар, атаңарга аш бергиле! – деди.
Козголбогон кан атасы ошондо барып оң ийнин көтөрүп, онтоп ийди. Көзүн алайткан казак алжайып ачылган оозун араң жыйып, чарыгынын буугучун чубалткан тейден көчүгү менен жыла жөнөдү. Лып этип чыгып кетти.

Болоору болду! Баш тартмактан эмне тарт, асты, кесир сунулган тамактын кешиги ушундай болмок.

Ата-бала бирин-бири тик бакпай, үн да катпастан, шүк отуруп калышты. Түнөрүп ар кими өз ою менен алек. Уйгу-туйгу ойлору менен алек.

Түнөргөн Кан Садыр ичтен сызып: “Жаның аман турганда ааламды бузар, көзү жок көйкашка эр болмогуң бар эле, кап!” деп түтөдү. “Кайран гана чамгарак! Доскулуга арналган кара чамгарак, көкөлөбөй калдың, чамгарагы сегизден түндүгүң арнайы көтөрүлбөй калды, кап!” деп түтөдү. “Он гүлүңдүн бири ачылбай, кудалашкан жериндин арзышкан беш көкүл кызын колдон алып жетелеп, алмадай албырган бетинен сүйбөй, уучуң узарып уул көрбөй, көзүң ачып бала көрбөй, тукумдабай калдың, кап!” деп түтөдү. Кабыргасы сөгүлүп, каңырыгы ушинтип түтөдү. Тул катыны эми тулаң чачы куудай агара карыганча, башынан кара элечегин түшүрбөй, кабылан-жолборс туулган уулунун кайгысына кан какшап, өмүрү өткөнчө өксөп калаарын ойлогондо, эси эңгиреп, дал болду, муздак тер басып, шал болду. Эртеден бери босогону бойлоп-сагалаган ажал эми уулунун башын кошо тооруганын туйгандан сырттан шыбыш-ишаара гана күтүнүп, кулагын түрүп калды. “Кантели, кабат өлөбүз!” деп, кабат өлөөрүнөн күмөн санабай, жазмышына моюн сунду.

Эшик түрүлүп, чарыгынын буугучуна чалынган казанчы жыгылып-кооп кирип келгенде Абылай алдындагы этке ичтейи тартпай, утур-утур памил чай ууртап, сабырсыз отурган. Уй мүйүз тарта отургандар жардана казанчынын оозун тиктешти. Кан сүрүнөн сүрдүккөндөн аптыга сүйлөгөн казанчы акырындап демин басып, эмелеки көргөнүн төкпөй-чачпай айтты. Дасторкон четиндегилер көздөрүн алайта: “Бу эминеси?” дегенчелик бирин-бири абай тиктеништи эле, Абылай айтканындай эле жырауга акыл салды:

- Ээ, жырауым! Жалдырабай бачым айт, жандырмагы не болучу? Жаагы ажырабаган баштын жаагы айрылыптыр, бул эмине болучу?

Ушуну эле күтүнүп турган жырау Кан Садырдын жаак тилчүдөгү өнөрүн төрөсүнүн жанына баткыдай, чучук шимирген баланын кылганын чучугуна жеткидей саймедиреп жандырды:

Азирети төрөм! Анык душмандыгы билинди ченгээлиндеги
туткунундун. Энди жандырмагын айтайын, азыр бол: атасынын башты бузбастан жаагынан кыя тилип ооз тийгени – Абылай, жаза тайып колуңдан аман-эсен кутулсам, акыры жаагынды тилем дегени! Ал энди уулунун атасынан ашкан кастыгы бар, тим койсоң, укум-тукумуңа дейре сөөк өчтүүлүгү өчпөйт. Алиги баштын соо жаагын тилип ооз тийгени – айым оңунан тууп, аман чыксам колуңан, сол жаагынды тилем дегени, жаагын кайрып ажыратканы – жаагынды айрыйм дегени, эки көзүн оюп жегени - эки көзүң кашайта ойбосом, ушу сениби, дегени, мээсин кочуштап сугунганы - сениби, акыры башынды жутпасам дегени! Жиликти бирден чакканы жилигинди чакпасам дегени, чучугун кабат шимигени - укум-тукумуңдун сай-сөөгүн сыздатып, кызыл уук кылбасамбы дегени...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Саймедиреген жырау ушинтип тажрыйба кылып атты. Уккан кишинин тула боюн дүр эттирип, үрөйүн учуруп айтты.

- Он төртүндөгү айтканы! – деген күбүр-шыбыр угулду.

“Укум-тукумуңду кыратты!” эшиткенде отуз уулдуу Абылай

калчылдап, каны суюлду: ”Өлчөөсү өз башы менен кетки-ир! Валимдин балээсин алабы, Эшимим менен Адилимден айланабы, Оспаным менен Шыгайымдын мээнетин же, Касым менен Сыздыктын... ” 80 .

- Баарыдан да уулунун жүрөгүндө кара жери жок кабыландыгы бар, бирок да атасынан ашкан кастыгы күч, укум-тукумуңа дейре өч чыгат!

Жырау баятадагы сөзүн бир кайрып тамамдады.

- Атасы менен уулунун топурагы бир жерден! – деп бакылдап коё берди жапкак көздүү Жоогач ага удаа.

Ал антип, айтып оозун жыйгыча, Абылай ай-буйга келбестен::

- Укум-тукумума убалы тийбесин арамдын! Өлтүргүлө! – деп буюрду. – Мууздап болгондо экөөбүнүн тең көөдөнүн как жарып, жүрөгүн сууруп апкелиңдер!

Баатырлардын бири баланын тамчы канына арачы түшкөн болду:

- Ханым! Ал да биздей неме экен, он төртүндө ойронуң, оргуп турган бала экен, өлтүрбөчү...

Абылай кулак салбады. Баягы эле кара башың жуткур Жоогач:

- Өлүмүн өзү тиленип атпайбы! – деп жиреп, арачы түшкөн кишини кыйгачынан карап койду.

Канга суусаган каардуу кандын өкүмү эки болчубу, килеңдеген төлөнгүттөр алеки заматта сайма алачыкты орду-түбү менен камгактай оңторуп жиберип, Кан Садырды уулу менен чогуу колдорун толгоп, дегдеңдете жылаңбаш сүйрөп жөнөштү. Бир маал таканчыктай “Шешеңди! ” деп албууттана ашатып калды Кан Садыр.

Түн нылдай караңгы. Чыйрыктырган жел согуп туру.

Үстүндөгү жоо кийимин сыйрып, жалаңкат дамбал-көйнөкчөн калтырышкан соң, алыштын боюна ийинден ныгыра басып чөгөлөтүшкөндө, Кан Садыр ээгин өөдө көтөрүп, төбөдө жымындаган сансыз жылдыздарга соңку мертебе көз чаптырганга үлгүрдү, жылдыздардын ирээтин түзөп, Алтын казыкты айра таанып, тегерете жылдыз оңоп, желдеттин канжары кардын эше сойгондо кара тоону баштана, кара топуракты жаздана кулаарын болжоду.

“Атангөрүү- үү, эки ооз сөз аманатым бар эле!” деген арман ой сокту үшкүртө: “Эки ооз кеп аманатымды желге кетирбей, жадына түйүп, Капкадагы топто чыбык кыркып, кылыч жалашкан досторума жеткирүүгө жараган бирде-жарым адам табылсачы! Чынгыш!”.

Капканын жайыгына каз катар толо жыйылган калың элди эстеди дагы бир жолу. Оң-солдун толгон эрлери түрө чогулуп, кылыч жалашып, ай туякты аксарбашыл айтчуда, жер-суунун чегин кароолдону макулдашчуда жык жыйылышпады беле, ошону эстеди: “Кайда жүрүштү экен эрендер? Кунумду кууп алаарга кимиси жарайт болду экен эми? Колунан келээр берени ким болду экен? Жатындашым Сейитпи? Ай, ошонум жарабас, баары бир оң-солдун мыктысы – Эсенгул эле. Топту бузган кыргый көз Эсенгул, ылаачын арыш кайран Эсенгул, кайдасың? Ата-а, Капкадан кайра кездешпейбиз эми, азып кетер бекенсиң...”.

Жарыкчылыктын жашоого татыткан үмүтү таттуу эмеспи, көөдөй караңгылыкта жан-жагын каранды. Өңчөй суук караан өңдөндү. “Караңгыда касирет сөзүмдү кулагы чалган жан табылаар бекен! Армандуу сөзүм жеткирмейин, жегени тамагынан өтпөгөн, жегени желим, ичкени ирим болуп, түн уйкусу үч бөлүнгөн, акыреттик сөз эле деп жаны чырылдап-чыркыраган киши чыгаар бекен бу жалганда! Болуу керек. “Болот!” деп үмүт байлады. Ошондо өзөгүн өрт чалгандай күйгүзгөн арман-керээзин айтты күңгүрөнө:

Ылаачын арыш, кыргый көз,

Болот бийдин Эсенкул,

Айта бар менин кебимди,

Кызы талак Абылайдан,

Ала көрсүн кегимди!

Ушуну гана айтканга үлгүрдү. Дагы айтмак, берегидеги улуу тоолордун боорун таянып күн көргөн журттун учуна угулсун деп, узун-узун кеп айтмак. Үлгүрбөдү. Сөзүн белендеп, оозун ачып айкыргычакты, “Куусун менин кунумду!” деп айткычакты, кош мизи жалаңдаган курч канжар карын тушка кадалды. Уусу ооруксунткандан “Ай!” деп энкейе бергенде, коко тушка жана бир канжар жеди. Жер кулачтап, күүсү менен күп этип, эт-бетинен көмөлөндү. Боолгологонундай эле кара тоону баштанып жыгылды, тобо. Жаны кайра кирчүдөн бетер акыркы ал-күчүн үрөй аягын тартып, кайра тирүлчүдөй туйлап көрдү. Оор тарткан денеси туйлаганга көнбөй, көзү сүзүлүп, тамагы киркиреп жатыпкалды.

Ошондо жара тартылган кардынан оргуштап аккан, кыя кыркылган кокосунан түтүктөп аккан ысык канына капталынан чыланып, үшүнө келалбай үстөмөнүнөн чыланып, ач талаанын топурагында оонап жатып, киндик каны тамган журттан күнчөлүк алыс, жайнаган агайын-туугандан айчалык алыс, өгөйлөгөн жайда далбас ура туйлап жатып, өбөккө келбей өзөрүп, томолонуп жатып, “канжыгадан башыңды өз колум менен чечпей калдым!” деп чырылдады кайран баатырдын кайран жаны. Өпкө-жүрөгү жанчылып, акырек-сүймүлчөгү быркырап, деми кирбей кекиртеги киркиреп, киртейип-караңгылаган көзү сүзүлүп баратканда, “ү” дээрине үн калбай, далбастаган жаны үзүлүп баратканда, кыялында “Сарткулу! ” деп айкырып, ай-ааламды жанырта бакырды оюнда. Тирүүчүлүктөн үмүтү үзүлөөр ирмемде, чөөдөй талагандардын колунан жакшылык болбосунан күдөрүн үзөөр ирмемде, кайра ойгонгус, кансыраткан уйкуга чөгөөр ирмемде, ой тереңинде белендеген акыркы сөзүн акырет досу Эсенгул баатырга багыштады дагы бир ирет:

Айта бар менин кебимди,

Алсын менин кегимди...

Канын ичмейдин кезеги Доскулуга жетти. Баш алганга

маштыгы ашынган эңгезер желдет каны тамчылаган канжарды карын тушка малып алаарда, жакын турган бирөө жоон билектен кармап токтотту да Доскулунун тике маңдайына тура калып:

- Эмне арманың бар, баатыр? – деди.

- Кантейин! Айсыз түндө казакка катылып, кызыл уук кыла

сабабай, как төбөңдү кандабай, бир моокумдан канбай калдым, саяк-саруу элимди аркама жергелете тизип, ымырт түндө ылаачындай тийбей калдым, “Жанкороздоп! ” айкырып, Чолок-Коргондон ыраак ашпай калдым. Намысыма уудай тийген Абылайдын тукумунан бирде-жарымынын маңдайынан кез келип, жекеме-жеке найзалашпай калдым. Алтын түркүктүү, күмүш босоголуу чатырынын чамгарагын түшүрө чаап, бузбай калдым, катылып кирген казакты мазарлуу талааны аралата, базарлуу Ташкенден ашыра “тателетип” куубай калдым, Олуя-Атанын оозуна ордомду курбай калдым, соо...

Аңгычакты, ар-намысы козголгон бирөө ачуулана жер тепкилеп, теребелди жаңырта бакырды:

- Сонундукка карап турасыңбы! Сой! Бачым сой! Жалаңкычтын жанын ал да жүрөгүн сууру!

Эңчер бойлуу эңгезердей желдет тизелеген уландын боюнчалык эңиле берип, кулачын керип, адегенде ичеги-кардын эшип алмакка канжарын шиледи. “Жедиң!” деп бакырган улан бүк түшүп барып сулады.

Ал түндө котологон эл саамдан кийин чайырга чыланган шам чырактын жарыгында узун-кыскалуу катар суналган эки өлүктүн көкүрөктөрүн шамшарлап жарып, көөдөндөрүн сойлото жоон билектерин матыргандардын, жүрөктөрүн толтосунан сууругандардын кызыгына батып, көргөнү-көрбөгөнү деле кош алакан толо кылдай карасы жок, чылк май капталган жүрөк чыкканын кыйлага күрүү-күү түшө кеп кылып, бир оокумга дейре удургуп турушту...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ээ, соңкуларга билинеби-жокпу ким билсин, соңкуларга жетеби-жокпу ким билсин, асман толо жылдыздар бейкут жымыңдаган ошол-ошол саамдарда, жердин кыртыш-дыңын сууткан кеч күздүн аза бойду чыйрыктырма ал түнүндө, Олуя-Атанын айыштуу жакасында ушундай азалуу окуя болгон. “Жортуулдап чыгарынан кандайча кабарсыз калдык!” деп айкырып, “Кокуй күн, бир боорумдан айрылдым! ” деп жер койгулап, ээгиндеги сакал-мурутун жулган Эр Эсенгулду өлөөр-өлгүчө армандатып азапка салган, буту көрүнө салаңдап, көзү жумулуп бараткан чагында да кабыргасын кайыштырган каргашалуу окуя ушундайча болгон.

...Элүүдөн ашкан чагында Эр Садырдын кайгысын бир тең, Үч-Алматыны Адыгине-Тагайдын уулдарына карк толтуруунун кайгысын бир тең тарттырган алты мүчөлүк өмүрү минтип түгөнүп баратканда, түндүгү сыйрылуу чамгарактан өткөрө тиктей, көкмөлдүр асманга жалдырап көзүн сатчуда, куу мамыда аса байлануу теке жоомарт бууданы менен купуя сырдашып калчуда Эр Эсенгул баатыр ушуну эстеди. Сырнайзанын бөрүдөй тилин жаландатып, кимди гана сайган жок өмүрүндө, бирок да өчү канбай койду, “Үч-Алматы, Үч-Алматы! ” деп жүрүп нени гана кылган жок өмүрүндө, бирок Үч-Алматынын койну оюндагыдай элге-журтка толбой койду.

Ошол жылкы болгон олжосу - Кашкелеңдик бир туубийнени аялдыкка алды. Жетинчи кылып алды. Билсе, жылкычы Сарыдан боюна бүтүп, күмөн калганы бар экен. Ошону да талашты. Туубийнеден туулган уул тондуу уул болду, торолгондо беш түтүн жан болду, ошентип, тондуу баланы топтуу кылды. Бирок Үч-Алматы толбоду. Баягы жылкычы Сарынын окуясы кылт эткени да ушундан.

Эсенгул булдуруктап, үн катты.

- Ыя! – деди Ныязбек.

- Ор-мо-нуң? – деди.

- Ормонбу? Мынакей! Ай, Ормон, келчи! - деп кылчайды Ныязбек.

Ойрону Ормон суурулуп чыккан жок мында отургандардын арасынан.

- Эшикте, - деди көк ала сакал киши.

- Чакыр! Бачым келсинчи! – деди Ныязбек.

Көк ала сакал киши ирегеден башын чыгарып:

- Ормон! Ай, Ормон! Бачым кир! – деди.

Жанатада бышактап, башын салган бойдон чыгып кеткен бала кайра кирип келди. Чөк түшө отура калды чоң атасынын маңдайына.

Эсенгул тестиердин төбөсүнөн искеп-искеп, жыттагысы келди. Буулган тилин күрмөмөккө күчүн топтоп, кимиси болбосун кулагына куя жүрчү аңызды дагы бир мертебе кайталагысы келди, “Айта жүр менин кебимди!” дегиси келди. Күрмөгөндөй болду тилин. Бирок дедиби, дебей калдыбы, билбей калды. Эс-учу үзүлүп, үзүл-кезил өзүнө келип-келбей жатып, эки дүйнөнүн ортосунда элдир-селдир суналып жатып, билбей калды. Тили күрмөөгө келдиби-жокпу, дечүсүн дедиби, дебей калдыбы? Дедиби, дебей калдыбы? Деди окшойт го, анда эмнеге бышактаганы тыйылбаган Ормон башын ийкеп-жаңсабайт. Жо-ок, эшитти окшойт, ошон үчүн бышактап атпайбы бала!? Жубарымбек десе!?
Теке жоомарт буудандын жер чапчып, азынаганы жаңырды. Баягы жабагысында жамбашы сынып, муунуна кирген кулатайдын тукумунан! Кылагар көзү сүзүлгөн Эсенгул ичинен төлгө кылды да, кулакты бир тундура жаңырып барып алыстаган, заакымдай алыстаган азыноо үндү ээрчип, “күш!” эте акыркы демин чыгарып, бу дүйнөнү аңгыратып бош таштап, үзүлүп кете берди. Түпкүрдө соккон соңку ой-туюмунда жер үстү менен кайкып учкан жылкылардын арасында кайдадыр түпсүзгө көчүп баратты. Ай-ааламды жаңырта азынап-кишенеген жылкылардын агымында канат бүткөн кулатайды чаап, тоо-ташты аттатып, каалгып учуп баратты. Тап этине келип турган экен жаныбар, төрт аягы тыбырап, ыраакты самап калган экен жаныбар, жаныбардын азынаганы неге мынча жанга жагымдуу да көшүлтө таттуу! Жаныбардын азынаганы неге мынча...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

X

“Капка трагедиясынын” болжолдуу сюжети ушундай чыгуусу керек эле. Ооба, анан ушинтип аталышы керек эле. Сюжети ушинтип келтирилгенде гана жаман оюнда Жусуптукунан ашып түшкөн аңгеме жазылмак. Болгону ушундай аңыз. Эси ордунда кыргыздын баары эле билген аңыз. Бирок сааты чыкпай, дароо келтире албай койду. Анысы башына күйгүлтүк гана үйдү. “Хандар хандай кезинде, бектер бектей кезинде, бул жалгандан Эр Эсенгул өтүптүр...” дегенден ары өтпөй, он барак ангемени эртелей жазып, Сыйнатына суна албай, араны суутуп, арада он жыл жүрүп албадыбы шаарды таптап! Ал ортодо ата-бабасынын түшүнө да кирбеген капкаяктагы кандидаттык наамга азгырылып, диңкинин соолуткан ушул иштин түйшүгү бир жактан колун байлады...

Кийин-кийин, эки ортодо баш кошкону менен оту күйүшпөй, ажырашса деле, Сыйнатын унуткара албай: “Ат-аа, учурунда илгиртпей кагазга түшүргөнүмдө Сыйнат деле меники болмок беле!” деп, далайга бармагын кесе тиштеген учурлары болду. Акыры жазды. Бирок кызыгы, Сыйнатсыз жазып калды. Кеп ушунда.

(Уландысы бар)
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Уландысын автор жазып буто элек окшойт .
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 00:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: