Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө жакшы, анткени өпкө колуңузда турат)) Ал эми куйрукка кепилдик жок, ал эртең болот. А эртең куйрук да, өпкө да болбой калышы мүмкүн, ал эле эмес эртеңки күн өзү болбой калышы мүмкүн, анда эмне кылабыз? Ошондуктан,
өпкөнүн бар экенине шүгүр кылабыз, эртеңки куйруктан үмүт үзбөйбүз, ага жетиш үчүн бүт аракетибизди жумшайбыз. Кудай бизге акыл, дене, жөндөмдүүлүк,
кыскасы бүт баарын берди. Эми ана ошонун баарын колдонобуз (аалымдар айтмакчы, "асбаабды аткарабыз"
), алыбыздын жетишинче аракет кылабыз, бирок жыйынтыкты бир Аллахтан күтөбүз, сабыр кылабыз... анткени баардык нерсе Анын гана колунда... Анан, жыйынтыгында өпкө келеби, куйрук келеби, балким экөө тең жок, балким кабатталып экөө тең болуп калышы мүмкүн, кандай гана жыйынтык болбосун, ЫРААЗЫ болобуз,ошого моюн сунабыз. Мына ошондо гана жашообузга гармония, жүрөккө бейпилдик келет. Эртеңки куйрукту кууп жүрүп күйүгүп калбайлы да, бүгүнкү өпкө боло берет деп чыйт түкүрүп жамбаштап жата бербейли. Аллахым баарыбызга сабыр, күчкубат, топук берсин!
Рахмат) кээ бир адамдар менен суйлошуп калган учурда...бироолору кызмат кутуп, бироолору онтойлуу учур кутуп жашоого койгон ой максаттары жакындап калганда кана толук кандуу жашап, ага чейин жон кана ошол окуяларды кутуп кун откоруп жургонуно кубо болуп калгандыктан сурадым эле. Озум болсо чыдамсыз баарын колго жасап алчудай боло берем))) берген жообунуз суроомдун бир канатын ачып берди. Чооон рахмат сизге дагы жараткан жакшылыктарын аябасын.

Супер-Инфо
super.kg
видео























Мобилдүү версия