Суперстан: Үчөөнүн жүрөгү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үчөөнүн жүрөгү Жек Лондон

#61 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 12:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Бул айым Чианын өзү болсо керек,— деп күлдү Генри. — Ал эми мына бул көк көздүү шалпаң кулак эркек ким болду экен?
— Кудай акы, билбей турам! — деп Френсис каткырып күлдү. — Бирок бул шалпаң кулак жентльмендин көзү мен өңүмдө же түшүмдө көргөн зымыраттардын эң чоңу экендигин танбайм. Алардын ар бири ушунчалык чоң болгондуктан карат менен өлчөөгө болбойт. Эгерде бул жөнөкөй эле айнек болуп чыкпаса, мындай таштарды падышалардын таажысынан гана көрүүгө болот.
— Бирок канчалык чоң болгону менен эки зымырат менен эки жакут — майялардын бүт байлыгы болбосо керек,— деди Генри. — Биз казынанын босогосуна келдик, аны ачууга ачкычыбыз жок.
— Ырчы кумда калган майя ыйык түйүндөрүнө карап ачкычты тапмак,— деди Леонсия. — Бул жерде ушул эки статуя менен сөөктөрдөн бөлөк эч нерсе жок.
Ушундай деп ал эркек кишинин статуясына жакындап келип, анын чоң кулагын тамаша кыла баштады.
— Ачкыч кайда экенин биле албадым,— деди ал,— бирок кулпунун орду көрүнүп турат... — деп Леонсия кулактагы тешикти көрсөттү.
Чынында да, адатта кулактын тешиги боло турган жай баштан аяк таштан куралып, анда кулпунун тешигине окшош кичинекей тешик бар эле. Леонсия, Френсис жана Генри дубал менен жерди түрсүлдөтүп жашыруун жол, же казынага бара турган кандайдыр бир жашыруун тешик издеп, үңкүрдү натыйжасыз кезип чыгышты.
— Өрөөндөн келгендердин сөөгү, эки статуя, эки чоң зымырат жана эки так ушундай жакут менен биз өзүбүз, бул жердеги болгон нерселердин баары мына ушул,— деп жыйынтык чыгарды Френсис. — Эми бир гана жасай турган ишибиз төмөнкүчө: биринчиден, артка кайтып, Рикардону качырлар менен бул жерге алып келүү жана үңкүрдү талкалоо; экинчиден, кары жентльменди көтөрүп болсо да ыйык түйүндөрү менен бирге бул жерге алып келүү.
— Сен Леонсия менен ушул жерде күтүп тур, мен тез эле аларды алып келемин,— деп сунуш кылды Генри, алар узун жол менен өлүктөрдүн арасынан өтүп, акыркы үңкүрдөн жарыкка чыкканда.
Бул мезгилде пеон менен анын атасы өздөрү сызган айлананын ичинде олтурушту. Тропиктик жамгыр катуу нөшөрлөп жатты, пеон сууктан титиреп-калтырап, чал болсо алсыз денеси мындай жамгыр менен шамалга чыдай алары жөнүндө такыр ойлобой, эч нерсе болбогонсуп, дагы эле дуба окуп жатты. Пеон үшүп, тынчы кетип тургандыктан атасы байкабаган нерсени көрдү. Оболу ал токой ичинен чыгып, кум аркылуу жашырынып өтүп бараткан Альварес Торрес менен Хосе Манченону көрүп калды. Андан кийин шумдуктуу кызыкты көрдү. Бул кызык мындай эле: Торрес менен Манчено эч нерсе болбогондой кумдун үстүнөн өтүп баратты, кум болсо тыптынч. Алар көздөн кайым болгондон кийин, пеон калчылдап бармагын кумга тийгизди, бирок эч кандай коркунучтуу үн чыккан жок: жамгыр кумдун үнүн өчүргөн болчу.
Пеон атасын түртүп, дуба окуусун токтотту.
— Кум эми үн салбай калды,— деди ал. — Мүрзөдөй тилсиз болуп калды. Бай грингонун душманы кумдан өтүп кеткенин өз көзүм менен көрдүм. Деги эле ал адам — Альварес Торрес аябай күнөкөр адам, ошондой болсо да кум унчуккан жок. Эми кум өлдү. Анын үнү өчтү. Күнөөлүүлөр өткөн жолдон, карыя, сиз менен мен да өтө алабыз.
Кары индей сөөмөйү менен айлананын ичине сыйкырдуу сызыктарды сызды — кум эч кандай үн чыгарган жок. Чал айлананы сыртынан сызганда да кумдан үн чыкпады. Анткени кум ным болуп калган эле. Ал күндүн нуруна кызыганда гана үн чыгара баштачу. Чалдын манжалары ыйык түйүндөрдү санай баштады.
— Бул жазууда кум үн чыгаруудан калса, жол жүрүүнү улантууга мүмкүндүгү айтылган,— деп маалымдады чал. — Азырга чейин кудайдын буйругуна баш ийип келдим, мындан кийин да баш иебиз; тур, балам, кеттик.
Алар абдан тездешти, көп өтпөй кумдан өтүп, Торрес менен Манченого жетейин деп калышты, бири-бирине окшошкон жуп болсо аларды көрүп калып, бадалдардын арасына жашырынууга шашылышты Чал менен анын баласын алдыга өткөрүп жиберип, белгилүү өлчөмдөгү аралыкта алардын артынан түшүштү. Кыскараак жолду тандаган Генри болсо, алардын бирине да жолукпай, башка жолдон кайчы өтүп кетти
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 12:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

О Н Б Е Ш И Н Ч И Г Л А В А
— Канткен менен Панамада калып бекер кылдым, бул менин кемчилигим жана алсыздыгым болду,— деди Френсис Леонсияга. Алар үңкүрдүн оозунда Генринин кайтып келишин күтүп, таштын үстүндө катар олтурушкан.
— Нью-Йорк биржасы сиз үчүн ушунчалык эле маанилүүбү? — Сурады Леонсия назданып Бирок бул сөздөрдү ал өзүн мажбурлап айтты, эң негизгиси убакыттан утуш керек эле. Ал өтө ысык сүйгөн кишиси менен жалгыз калуудан коркту.
Бирок Френсис күтүүнү каалаган жок.
— Мен туура сүйлөгөн кишимин, Леонсия. Дилимдеги сөз тилимде — туура, кыска жана ачык.
— Сиз испандардан ушунуңуз менен айырмаланып турасыз,— деп анын сөзүн бөлдү Леонсия. — Бизде жөнөкөй бир ойду да обу жок кооз сөздөр менен айтуу адат болуп калган.
Френсис кыз анын сөзүн бөлбөгөндөй, кайра сөзүн улады:
— Мына, сиз, Леонсия, так ошол амалкөйлөргө таандыксыз. Мен эркектердин адатынча туурасын жана ачыгын айтып жатам. Сиз болсо тордон качкан көпөлөктөй ар кай жакка урунуп, амалданып жатасыз — бул адат баардык аялдарга тиешелүү, мен да ушундай болушун күтүшүм керек эле. Кантсе да мага карата бул... адилеттик эместир. Анткени мен жүрөгүмдү сизге ачып жатам, сиз баарын жакшы түшүнүп турасыз. А сиз мага өзүңүздүн сезимиңизди айтпай жатасыз. Амалданып, сөздү чаргытып жатасыз. Эмнеге мындай кылып жатканыңызды түшүнө албай койдум. Демек мени ыңгайсыз абалга салып жатасыз. Сизди сүйөрүмдү билесиз. Аны ачык эле айтканмын. А сиз болсо алиге чейин жооп бердиңизби?
Леонсия башын көтөрө албай кызарып, эмне жооп айтарын билбей отура берди.
— Мына азыр да,— деп тыным алды Френсис,— сиз мага жооп бербей жатасыз. Мага өтө жылуу мамиледе болуп жатасыз, ошондуктан ар дайымкыдай сулуу жана ажарлуусуз, ошого карабай, амалкөйлөнүп, өзүңүздүн туйгуларыңыз менен ниетиңиз жөнүндө эч нерсе айтпайсыз. Эмне үчүн? Аял заты болгондуктанбы, же испан кызы болгонуңуз үчүнбү?
Анын сөзү Леонсиянын дилин толкутту. Кыз өзүн араң кармап, бирок бейкапар, ага токтоо карады да, ошол камырабагандык менен.
— Мен англичанка, американка, же башка бирөө болушум мүмкүн, бирок азыркы учурда, бардык нерсеге түз карап, туура түшүнүп, туурасын сүйлөй аламын,— деди. Анан эмне дээрин ойлоп оор басырыктуулук менен унчукпай калды, бир аздан кийин ошол эле калыбында сөзүн улады: — Сиз мага өз махабатыңызды баяндаганыңызды, мен болсо жооп бербегенимди айттыңыз. Азыр сизге баарын түшүндүрүп берем жана ачыгын айтам. Мен сизди сүйөмүн...
Френсис кызга колун созду, бирок анын колу кайтарылды:
— Шашылбаңыз! — деди ал өкүм унчугуп. — Экөөбүздөн кимибиз өзүн аял заты... же болбосо испан аялындай кармап жатат? Али мен сөзүмдү бүтө элекмин. Ооба, мен сизди сүйөмүн. Сизди сүйгөнүм үчүн сыймыктанам. Сиз менден ой-туйгуларым жана ниетимди сурадыңыз. Сүйүү жөнүндөгү сурооңузга жооп бердим. Ниетиме келгенде, сизге айтар жообум ушул; мен Генриге турмушка чыкмакчымын.
Англосакстарга окшоп мындай ачык сүйлөө Френсисти шаштырып койгондуктан, ал араң:
— Кудай акы, мындай ачыгыраак түшүндүрүңүзчү? — деди.
— Себеби мен Генрини сүйөмүн,— деди ал Френсистин көзүнө тик карап.
— Бирок сиз... сиз мени сүйөмүн дедиңиз го? — деди ал калтаарыган үн менен.
— Сизди да сүйөмүн. Мен экөөңүздү тең сүйөмүн. Бирок мен андай бузуку аял эмесмин, анткени өзүмө ар дайым ушундай сезилчү. Акылым мага жакшы аял бир убакыттын өзүндө эки эркекти сүйбөйт, деп жатса да, мен азырга чейин өзүмдү жакшы аялмын деп эсептеймин. Болуптур. Демек мен жаманмын — ушундай төрөлгөн экенмин, айла канча.
Ал унчукпай калды, эми Френсистин да сүйлөгөнгө алы жок эле.
— Экөөбүздүн кимибиз өзүбүздү англосакстардай кармап жатабыз? — деп жигиттин ыңгайсыз абалына күлүп, анын жинине тиймекчи болуп, бир аз жылмайып сурады Леонсия. — Мен сизге өзүмдүн ниетимди жана оюмду эч кандай амалданып, баш тартпай айттым.
— Бул акылга сыйбаган иш! — деп кызуу нааразылык билдирди жигит. — Мени сүйө туруп, Генриге турмушка чыга албайсыз.
— Сиз мени түшүнбөгөн көрүнөсүз,— деди Леонсия жемелүү. — Мен Генриге турмушка чыкмакчымын. Сизди сүйөмүн. Бирок экөөңөргө тең бирдей турмушка чыга албайм да! Буга закон да уруксат бербейт. Ошондуктан бириңерге чыгууга туура келет. А мен Генрини тандадым.
— Андай болсо эмнеге... эмнеге мени жолдон калтырууга көндүрдүңүз? — деп сурады Френсис.
— Анткени мен сизди сүйөмүн. Аны мен сизге айттым го!
— Эгер сиз ушул сөзүңүздү кайталай берсеңиз, мени жинди кылып жибересиз! — деп кыйкырып жиберди Френсис.
— Мен өзүм да акылымдан азар абалда турам,— деди кыз. — Эгер мени англосакстарга окшоштуруп жатсаңыз, жаңылышасыз. Бирок жүрөгүңдө кандайдыр бир уятсыз сезим бар деп, мени бир да англосакс, ал гана эмес мен сүйгөн адам — сиз да жаман көрө албайсыз. Менин оюмча, бул жөнүндө сизге ачыгын айтуу уят болбосо керек. Эгер сиздин оюңузча бул белги англосакстардын сапаты болсо, мейли, ошондой деп ойлой бериңиз. Мүмкүн бул испандарга тиешелүү сапат, же болбосо жеке мага — Солано үй-бүлөсүнүн өкүлүнө тиешелүү сапаттыр — эмне деп ойлосоңуз ойлой бериңиз, мага баары бир, себеби мен испан кызымын, аял кишимин... Сүйлөп жатканымда колумду шилтесем да, баары бир испан үй-бүлөсү — Солано үй-бүлөсүнүн өкүлүмүн,— деп бир аз тынчтыктан кийин Леонсия сөзүн тамаша менен бүтүрдү.
Френсис бир нерсе демекчи болуп даярданган эле, Леонсия аны «тыш» деп токтотуп, анан экөө кулак түрүп калышты: бадалдардын арасынан шыбыш угулду — кимдир бирөө аларга жакындап келаткан болчу.
— Кулак салыңыз! — деди кыз анын чыканагынан жалооруй кармап, тез шыбырап. — Акыркы жолу англосакс болуп сизге баардыгын айтамын. Анан сиздин көз жаздымыңызда калган испан кыздарына, ошондой эле мага да тиешелүү мүнөз менен амалкөйлүк кыламын, сөз чаргытамын. Кулак салыңыз: мен Генрини сүйөмүн, бул чындык, накта чындык. Бирок сизди терең, ага караганда күчтүү сүйөмүн. Мен Генриге тиемин... Себеби, ант ичемин, аны сүйөмүн. Ошого карабай, сизди өтө кумарданып, ар дайым сүйөмүн...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 13:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

О Н Б Е Ш И Н Ч И Г Л А В А
— Канткен менен Панамада калып бекер кылдым, бул менин кемчилигим жана алсыздыгым болду,— деди Френсис Леонсияга. Алар үңкүрдүн оозунда Генринин кайтып келишин күтүп, таштын үстүндө катар олтурушкан.
— Нью-Йорк биржасы сиз үчүн ушунчалык эле маанилүүбү? — Сурады Леонсия назданып Бирок бул сөздөрдү ал өзүн мажбурлап айтты, эң негизгиси убакыттан утуш керек эле. Ал өтө ысык сүйгөн кишиси менен жалгыз калуудан коркту.
Бирок Френсис күтүүнү каалаган жок.
— Мен туура сүйлөгөн кишимин, Леонсия. Дилимдеги сөз тилимде — туура, кыска жана ачык.
— Сиз испандардан ушунуңуз менен айырмаланып турасыз,— деп анын сөзүн бөлдү Леонсия. — Бизде жөнөкөй бир ойду да обу жок кооз сөздөр менен айтуу адат болуп калган.
Френсис кыз анын сөзүн бөлбөгөндөй, кайра сөзүн улады:
— Мына, сиз, Леонсия, так ошол амалкөйлөргө таандыксыз. Мен эркектердин адатынча туурасын жана ачыгын айтып жатам. Сиз болсо тордон качкан көпөлөктөй ар кай жакка урунуп, амалданып жатасыз — бул адат баардык аялдарга тиешелүү, мен да ушундай болушун күтүшүм керек эле. Кантсе да мага карата бул... адилеттик эместир. Анткени мен жүрөгүмдү сизге ачып жатам, сиз баарын жакшы түшүнүп турасыз. А сиз мага өзүңүздүн сезимиңизди айтпай жатасыз. Амалданып, сөздү чаргытып жатасыз. Эмнеге мындай кылып жатканыңызды түшүнө албай койдум. Демек мени ыңгайсыз абалга салып жатасыз. Сизди сүйөрүмдү билесиз. Аны ачык эле айтканмын. А сиз болсо алиге чейин жооп бердиңизби?
Леонсия башын көтөрө албай кызарып, эмне жооп айтарын билбей отура берди.
— Мына азыр да,— деп тыным алды Френсис,— сиз мага жооп бербей жатасыз. Мага өтө жылуу мамиледе болуп жатасыз, ошондуктан ар дайымкыдай сулуу жана ажарлуусуз, ошого карабай, амалкөйлөнүп, өзүңүздүн туйгуларыңыз менен ниетиңиз жөнүндө эч нерсе айтпайсыз. Эмне үчүн? Аял заты болгондуктанбы, же испан кызы болгонуңуз үчүнбү?
Анын сөзү Леонсиянын дилин толкутту. Кыз өзүн араң кармап, бирок бейкапар, ага токтоо карады да, ошол камырабагандык менен.
— Мен англичанка, американка, же башка бирөө болушум мүмкүн, бирок азыркы учурда, бардык нерсеге түз карап, туура түшүнүп, туурасын сүйлөй аламын,— деди. Анан эмне дээрин ойлоп оор басырыктуулук менен унчукпай калды, бир аздан кийин ошол эле калыбында сөзүн улады: — Сиз мага өз махабатыңызды баяндаганыңызды, мен болсо жооп бербегенимди айттыңыз. Азыр сизге баарын түшүндүрүп берем жана ачыгын айтам. Мен сизди сүйөмүн...
Френсис кызга колун созду, бирок анын колу кайтарылды:
— Шашылбаңыз! — деди ал өкүм унчугуп. — Экөөбүздөн кимибиз өзүн аял заты... же болбосо испан аялындай кармап жатат? Али мен сөзүмдү бүтө элекмин. Ооба, мен сизди сүйөмүн. Сизди сүйгөнүм үчүн сыймыктанам. Сиз менден ой-туйгуларым жана ниетимди сурадыңыз. Сүйүү жөнүндөгү сурооңузга жооп бердим. Ниетиме келгенде, сизге айтар жообум ушул; мен Генриге турмушка чыкмакчымын.
Англосакстарга окшоп мындай ачык сүйлөө Френсисти шаштырып койгондуктан, ал араң:
— Кудай акы, мындай ачыгыраак түшүндүрүңүзчү? — деди.
— Себеби мен Генрини сүйөмүн,— деди ал Френсистин көзүнө тик карап.
— Бирок сиз... сиз мени сүйөмүн дедиңиз го? — деди ал калтаарыган үн менен.
— Сизди да сүйөмүн. Мен экөөңүздү тең сүйөмүн. Бирок мен андай бузуку аял эмесмин, анткени өзүмө ар дайым ушундай сезилчү. Акылым мага жакшы аял бир убакыттын өзүндө эки эркекти сүйбөйт, деп жатса да, мен азырга чейин өзүмдү жакшы аялмын деп эсептеймин. Болуптур. Демек мен жаманмын — ушундай төрөлгөн экенмин, айла канча.
Ал унчукпай калды, эми Френсистин да сүйлөгөнгө алы жок эле.
— Экөөбүздүн кимибиз өзүбүздү англосакстардай кармап жатабыз? — деп жигиттин ыңгайсыз абалына күлүп, анын жинине тиймекчи болуп, бир аз жылмайып сурады Леонсия. — Мен сизге өзүмдүн ниетимди жана оюмду эч кандай амалданып, баш тартпай айттым.
— Бул акылга сыйбаган иш! — деп кызуу нааразылык билдирди жигит. — Мени сүйө туруп, Генриге турмушка чыга албайсыз.
— Сиз мени түшүнбөгөн көрүнөсүз,— деди Леонсия жемелүү. — Мен Генриге турмушка чыкмакчымын. Сизди сүйөмүн. Бирок экөөңөргө тең бирдей турмушка чыга албайм да! Буга закон да уруксат бербейт. Ошондуктан бириңерге чыгууга туура келет. А мен Генрини тандадым.
— Андай болсо эмнеге... эмнеге мени жолдон калтырууга көндүрдүңүз? — деп сурады Френсис.
— Анткени мен сизди сүйөмүн. Аны мен сизге айттым го!
— Эгер сиз ушул сөзүңүздү кайталай берсеңиз, мени жинди кылып жибересиз! — деп кыйкырып жиберди Френсис.
— Мен өзүм да акылымдан азар абалда турам,— деди кыз. — Эгер мени англосакстарга окшоштуруп жатсаңыз, жаңылышасыз. Бирок жүрөгүңдө кандайдыр бир уятсыз сезим бар деп, мени бир да англосакс, ал гана эмес мен сүйгөн адам — сиз да жаман көрө албайсыз. Менин оюмча, бул жөнүндө сизге ачыгын айтуу уят болбосо керек. Эгер сиздин оюңузча бул белги англосакстардын сапаты болсо, мейли, ошондой деп ойлой бериңиз. Мүмкүн бул испандарга тиешелүү сапат, же болбосо жеке мага — Солано үй-бүлөсүнүн өкүлүнө тиешелүү сапаттыр — эмне деп ойлосоңуз ойлой бериңиз, мага баары бир, себеби мен испан кызымын, аял кишимин... Сүйлөп жатканымда колумду шилтесем да, баары бир испан үй-бүлөсү — Солано үй-бүлөсүнүн өкүлүмүн,— деп бир аз тынчтыктан кийин Леонсия сөзүн тамаша менен бүтүрдү.
Френсис бир нерсе демекчи болуп даярданган эле, Леонсия аны «тыш» деп токтотуп, анан экөө кулак түрүп калышты: бадалдардын арасынан шыбыш угулду — кимдир бирөө аларга жакындап келаткан болчу.
— Кулак салыңыз! — деди кыз анын чыканагынан жалооруй кармап, тез шыбырап. — Акыркы жолу англосакс болуп сизге баардыгын айтамын. Анан сиздин көз жаздымыңызда калган испан кыздарына, ошондой эле мага да тиешелүү мүнөз менен амалкөйлүк кыламын, сөз чаргытамын. Кулак салыңыз: мен Генрини сүйөмүн, бул чындык, накта чындык. Бирок сизди терең, ага караганда күчтүү сүйөмүн. Мен Генриге тиемин... Себеби, ант ичемин, аны сүйөмүн. Ошого карабай, сизди өтө кумарданып, ар дайым сүйөмүн...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 13:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Френсис кандайдыр бир сөз менен каршылык билдирүүгө үлгүрө элегинде бадалдардын арасынан кары жрец менен анын баласы чыгып келди. Алар Френсис менен Леонсияны көргөн жок. Жрец тизе бүгө испан тилинде кыйкырды:
— Биринчи жолу менин көздөрүм Чианын көзүн көрүп турат!
Ал бармактары менен ыйык түйүндөрдү кармалап, майя тилинде дуба окуй баштады. Эгер жанындагылар анын тилин түшүнгөндө, төмөндөгүлөрдү уккан болор эле:
— Оо, өлбөс Чиа, жок нерседен бардык нерсени бар кылган кудай Хцатцлдын улуу аялы! О Хцатцлдын өлбөс аялы! Бардык дан өсүмдүктөрдүн энеси, өнө турган уруктун ыйык маңызы, жамгыр менен күн нурун жаратуучу кудай! Адамдын турмушу үчүн зарыл болгон урук, тамыр жана мөмөлөрдү сактоочу сенсиң! Хцатцлдын кулагына буйрук берүүчү, эй шаңдуу Чиа! Жрециң сага моюн сунуп, дуба кылып жатат! Менин көңүлүмдү көтөрүп ырайым кыл. Оозуңдагы Хцатцлдын кулагын ача турган ачкычты бер! Сенин чыныгы жрециңе Хцатцлдын казынасына кирүүгө уруксат эт... Эй кудай, өзүм үчүн эмес, гринго өлүмдөн куткарып калган балам үчүн суранып жатам. Сенин балдарың — майя уруусу жер жүзүнөн кырылып баратат. Аларга эми казынанын кереги жок. Мына мен акыркы жрециңмин. Менин өлүмүм менен сен жана сенин атың, мен атын жер өөп туруп, шыбырап айта турган күйөөң жөнүндө адамдардын билгендери да жок болот. Менин зарымды ук, эй Чиа! Алдыңда мен үстөмөнүмдөн кулап, тизе бүгүп турам!
Кары жрец талма оорусу бардай беш минутадай калтырап, тырышып жатты. Леонсия менен Френсис болсо дубага түшүнүшпөсө да анын салтанаттуу сыйынуусунун таасирине берилип, жрецти унчукпай карап турушту.
Френсис Генринин кайтып келишин күтпөй эле, кайра үңкүргө кирди. Ал Леонсия менен бирге кары жрецке жол көрсөтүп баратты. Чал түйүндөрдү кармалап, бир нерселерди токтоосуз шыбырап, алардын артынан ээрчиди. Пеон болсо үңкүрдүн оозунда сакчылык кылып калган болчу. Алар мумиялардын алдына келишкенде чал өлүктөрдү көрүп эмес, түйүндөн улам ордунда тык токтоду.
— Бул жерде мындай деп айтылган,— деди ал олуттуу түрдө, түйүндөр толо жиптердин бирин тандап: — «Булар жаман ниеттүү адамдар, каракчылар болчу. Алардын энчисине — майя уруусунун казынасы жашырылган жайдын алдында түбөлүк күтүү тийген».
Френсис чалды атасынын сөөктөрүнүн жанынан тез алып өттү; экинчи • үңкүргө кирери менен кары майя эки статуянын алдына малдаш урунуп отуруп алды. Анан узак жана берилгендик менен дуба окуду. Ал ыйык китебиндеги түйүндөрдү кунт коюп карап чыгып, Френсис менен
Леонсияга окуганын майя тилинде айтып берди. Френсис өздөрүнүн эч нерсе түшүнүшпөгөнүн билдирип, ийнин куушурду. Ошондон кийин чал испан тилин бузуп сүйлөп, жогорудагы сөзүн кайталап берди.
— «Чианын оозунан Хцатдлдын кулагына» — түйүндө тунундай ден айтылган.
Френсис бул табышмактуу сөздү угуп статуянын үңүрөйгөн оозуна карап, анан аңчылыкта пайдаланчу бычагынын учун кудайдын шалпаң кулагындагы тешикке салды, бычактын сабы менен ташты ургулап көрдү да, анын ичи бош экенин айтты. Анан ал Чиа статуясынын жанына келип, аны да бычактын сабы менен ургулап көрдү да, анын ичи да бош экенин аныктады. Кары майя ушул убакта күбүрөп калды:
— «Чианын буттары боштуктун үстүндө турат».
Френсис буга кызыгып калды да, чалдын окугандарын кайталап коюусун суранды.
— Анын буттары чын эле абдан чоң,— деп Леонсия күлдү,— бирок таман алдында боштук эмес катуу таш.
Френсис статуяны колу менен түрттү эле, жеңил гана ордунан жылды. Андан кийин аны кучактап туруп, ордунан күч менен жылдыра баштады.
— «Ким күчтүү жана баатыр болсо, Чианын аягын ордунан жылдыра алат»,— деп окуду жрец. — Бирок мындан кийинки үч түйүн: «Этият бол! Этият бол! Этият бол!» — деп жатат.
— Эмнеси болсо да мына бул боштук мени чагып албас,— деди күлүп Френсис, түртүп бир топ жылдырып койгон статуяны коё берип. — Ушинтип, байбиче, ушул жерде бир аз тура тур, же дем алып отура тур. Сенин буттарың да талыгандыр: ушунча кылым боштукту таканчыктап туруу жеңил дейсиңби!
Леонсиянын чочулаган үнү Френсисти азыр эле Чиа турган жерди кароого аргасыз кылды. Ал артка бир кадам таштап, Чианын буттары басып турган чуңкурга түшүп кете жаздады. Көрсө, аскадан диаметри бир ярд келе турган тегерек тешик оюлган экен. Френсис оюктун тереңдигин аныктамакчы болуп кур бекер убараланды. Күйгүзүп -ташталган ширеңке түбүнө жете электе эле өчүп калып жатты.
— Чын эле бул жер түпсүз терең белем,— деди Френсис төмөнгө таш ыргытып көрүп.
Таштын бир нерсеге барып тийгени угулганга чейин бир нече секунда өтүп кетти.
— Таш түбүнө чейин жетпеген болушу да мүмкүн,— деди Леонсия. — Таш чуңкурдагы бир урчукка тийип, балким ошол жерде калып калгандыр.
— Мына бул бизге так жооп берет,— деди Френсис, анан сөөктөрдүн арасында жаткан эски мылтыкты алып, төмөн таштамакчы болду.
Бирок чал аны токтотуп калды.
— Ыйык түйүндөр: «Ким Чианын буту астындагы ыйык боштукка кол көтөрсө, дароо кыйналып жатып өлөт», деп жатат.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 13:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Мен ыйык боштукка кол көтөрөйүн деген ойдон алысмын,— деди Френсис мылтыкты бир четке ыргытып.— А бирок эми эмне кылабыз, карыя? «Чианын оозунан Хцатцлдын кулагына» деп айтуу жеңил, бирок муну кандай аткарыш керек? Ыйык түйүндөрдү манжайарың менен кармап көрүп, эмне кылыш керектигин аныкта.
Жрецтин тизеси жаралуу уулу — пеондун өлүм сааттары жакындап калган эле. Ал күндүн чыгышын акыркы жолу көрүп жатканын өзү да билген жок. Бул күнү кандай гана окуя болбосун, өз Тагдырынан кутулуш үчүн эмне гана кылбасын, анын өмүрүнүн акыркы күнү болчу. Эгер ал үңкүрдүн оозунда күзөттө калганда, алардын артынан калбай ээрчип келе жаткан Торрес менен Манчено аны сөзсүз өлтүрмөк.
Бирок күзөткө турбай, коркок жана сак пеон тышка чыгып, жакын арада душман көрүнбөйбү деп тыяк-быякты карамакчы болду. Ошентип ал күндүз ачык асмандын алдында өз өлүмүн табуудан кутулуп калды. Канткен менен анын өмүр сааттары Тагдыр белгилеп койгон чекке жакындай, келаткан.
Ал айлананы текшерип жүргөндө, Альварес Торрес менен Хосе Манчено үңкүрдүн оозуна жетип келишти. Асканын бетиндеги седеп кадап жасалган Чианын чоң көзү динге ишенчээк Манчено үчүн чоң сыноо болду.
— Сен тиги жакка бара бер,— деди ал Торреске. — Мен бул жерден эч кимди киргизбей, сакчылык кылып турайын.
Тамырында өлүктөрдүн катарында жүздөгөн жылдар кыймылдабай турган бабасынын каны агып жаткан Торрес майялардын үңкүрүнө бир кездеги бабасы киргендей кайраттуу кирип кетти.
Ал көздөн кайым болору менен кимди болбосун чыккынчылык менен өлтүрүүдөн тайбаган Хосе Манчено өзү түшүнбөгөн окуялардын пардасы артындагы көзгө көрүнбөгөн дүйнөдөн коркуп, өзүнүн милдетин жана сакчылыгын унутуп, шашылган бойдон бадалдардын арасына житип кетти. Пеон болсо айланада эч кандай кара ниеттеги кишилер жоктугуна ишеним пайда кылгандан кийин, атасынан майялардын сырын билип алууга ашыгып, мурдагы жайга кайра келди. Бул жерден да эч кимди таппай, Торрестин артынан бара жатканын сезбестен, үңкүрдүн ичкерисине карай жол тартты.
А Торрес өзү аңдып келе жаткан кишилер байкап калбас үчүн шыбыш чыгарбай, акырын кадам таштап бара датты. Анан ал өлүктөрдүн катарына көзү түшүп, таңданып токтоп калды. Тарыхка кадам койгон жана алар үчүн тарых ушул маялардын казынасынын босогосунда токтоп калган кишилердин катарына кызыга карады. Баарынан да эң акырында турган өлүк аны кызыктырып калды. Анын өзүнө окшоштугу кадимкидей даана көрүнүп турат. Торрес өлүктүн өз тукуму экенин жазбай байкады.
Өлүккө карап турганда кадамдын табышын угуп калды да, кайда жашырынсам экен деп айланага көз жүгүрттү. Ушул минутта башына кара ниет бир ой келди. Жансыз өз уруусунун башындагы тулганы кийди, анан анын чирип калган плащына оронуп, узун кылычты тагынып, кайырма кончтуу өтүктү кийди эле, өтүк айрылып кете жаздады. Анан жылаңач өлүктү акырын башка өлүктөр турган караңгы жерге алып барып салды. Бул иштерди аткарып болуп, катардын акырына — өз уругунун ордуна, колун кылыч сабына коюп, ал кандай көрүнүштө турган болсо, ошол сыяктуу катып калды.
Анын көзү гана тирүү турду, ал өлүктөрдүн катар аралыгынан акырын жана коркуп араң өтүп келе жаткан пеонду карап турду. Пеон Торрестин алдына келгенде эмнегедир токтоп калды да, коркок көзүн алайтып, кайра кайра майялардын дубасын окуй баштады. Торрес көзүн жумуп, эмнелер болуп жатканын божомолдоп билиштен бөлөк чарасы калбады. Пеондун ары басып кеткенин баамдап, Торрес көз кыйыгы менен ал жакка карады: пеон тар коридорго бурулуштан коркуп токтоп турган. Торрес ушундай убакыттан пайдаланып, анын башын талкалап таштоо үчүн кылычын көтөрдү.
Бирок Тагдыр белгилеген саат жана күн келген болсо да, пеондун өмүрүнүн акыркы минуталары түгөтө элек болчу. Анын маңдайына бул жерде, эки катар өлүктөрдүн арасындагы Торрестин колунан өлүү жазылбаган эле. Анткени Торрес кылычын акырын төмөн түшүрдү, пеон болсо алга карап басты, анан ал бурулуштан көздөн кайым болду. Тез арада пеон атасына, Леонсия менен Френсиске жетип келди. Френсис жрецке түйүндөргө дагы бир жолу кайрылып, Хцатцлдып кулагып эмне менен ачышты сурап жаткан болчу.
— Колуңду Чианын оозуна салып, ачкычты ал,— деп буюрду чал коркок уулуна. Пеон каалар-каалабас баш ийди.
— Коркпой эле кой, ал таштан жасалган, сени тиштеп албайт,— деди Френсис күлүп, испан тилинде.
— Майя кудайлары эч качан таш болгон эмес,— деди чал жемелүү. — Алар ташка окшош болсо да, ар дайым жандуу болгон, ал таштын астында өз бийлигин өткөрүп келген.
Леонсия чочулап жрецтен четтеди да, Френсистин колун кармап, жардам күткөндөй ага ыктады.
— Азыр бир балакет болорун сезип турамын,— деди кыз. — Тоо астында, өлүктөр арасындагы бул жай мага жакпай турат. Мен көп-көк асман, нурлары менен эркелетүүчү күн жана чексиз деңизди жакшы көрөм. Бул жерде башыбызга коркунучтуу балакет түшүшү мүмкүн. Бир нерсе болорун сезип турам.
Френсис кызды тынчтандыра баштаган кезде, пеондун өмүр сааттары өзүнүн эң акыркы минуталарын санап жаткан эле. Ал болгон кайратын жыйнап, статуянын оозуна колун салганда өмүрүнүн акыркы минуталары түгөнүп, өлүм сааты келген болчу. Ал коркунучтуу кыйкырып, колун тартып алды да, бир тамчы кан чыгып турган билегине карады. Статуянын оозунан аны мазактагандай тилин чыгарган жыландын башы көрүнүп, кайра жок болду.
— Уулуу жылан! — деп кыйкырды Леонсия жыланды таанып.
Кандай жылан чакканын жана өзүн өлүм күтүп турганын билген пеон өтө коркуп кеткендиктен артына кетенчиктеп, канча кылымдардан -бери Чианын буту бекитип турган чуңкурга жыгылып, төмөн учуп кетти.
Бир минутага чукул баардыгы тилсиз селейип туруп калышты, анан кары жрец:
— Мен Чианын ачуусуна тийдим, ал баламды өлтүрдү,— деп шыбырады.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 13:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Сиз бул сөзгө ишенбеңиз,— деди Френсис Леонсияны тынчтандырып. — Ушунун баары табигый нерсе жана озүнөн, өзү түшүнүктүү. Жылан таштын жараңкасын ийин кылып алган экен, мунун эмнеси таң каларлык? Мындай көп эле болот. Жылан чагып алгапдан кийин, өзү артка кетенчиктеди, мунун эмнесине таң калууга болот? Анан, кетенчиктеп, артындагы чуңкурга түшүп кетсе, ушунун да таң кала турган жери бар бекен?..
— Анда мына мунун да таңдана турган жайы жокпу?— деп кыйкырып жиберди Леонсия, чуңкурдан чыгып, фонтан болуп атыла баштаган сууну көрсөтүп. — Чал калетсиз айтат. Ал турсун таш да кудай жолунда курал болуп кызмат кылат. Жрец бизди эскерткен эле. Ыйык түйүндөрдү окуп эскертпеди беле.
— Болбогон кеп! — деди Френсис. — Бул эч кандай кудайдын кудурети менен болгон иш эмес, тескирсинче байыркы жрецтердин иши: кудайларды да, мына бул нерселерди да ошолор ойлоп табышкан. Чуңкурда пеондун денеси рычакка урунуп, таш дарбазаны ачып жиберген болуш керек. Ошентип жер астындагы булак ачылып кетиши мүмкүн. Суу ошол жерден чыгып жатат. Оозу мындай укмуштуу аял кудайлар болбойт, аны адамдар жасашкан. Чыныгы аял кудай сулуу болушу керек, анткени сулуулук менен периштени бири-биринен ажыратууга болбойт. Ар кандай түрү суук желмогуздарды адамдар гана ойлоп чыгарышат.
Чуңкурдан атылып чыккан суу ушунчалык көп болгондуктан, ал тез эле кызыл ашыкка чыкты.
— Корко турган эч нерсе жок,— деди Френсис. — Жолдо келатып да, үңкүрдө да жердин чыга беришти карай жантайма экенин сезгенмин. Байыркы индейлер жакшы инженер болушкан, алар суунун агып чыгышын болжолдоп ушундай кылышкан. Суу жолдон тышка чыга турган жакка карап шырылдап агып жатканын көрүп турасыздарбы? Кана, карыя, түйүндөрүңдү окучу, казына кай жерде экен?
— Менин уулум кана? — деп сурады жрец суроого жооп бериш ордуна кайгыга камыккан үн менен кобурап. — Жалгыз баламды Чиа өлтүрдү. Анын энеси деп мен майя законун бузуп, таза майя жанына күнөстүү жерлик аялдын ыпылас канын аралаштырганмын. Балалуу болуш үчүн ушундай күнөө ишке баргамын, ошондуктан ал мага аябай кымбат эле. Эми казына менен эмне ишим бар? Эми менин уулум жок. Майя кудайлары мага каарданышты.
Басымдын күчтүүлүгүнөн чулкулдап жаткан суу дагы эле фонтандай атылып чыкты. Үңкүрдө суунун деңгээли көтөрүлүп баратканын биринчи болуп Леонсия байкады.
— Суу тиземе чейин көтөрүлдү,— деди ал Френсиске.
— Бул жерден чыгып кетүүнүн айласын табуу керек,— деди Френсис абалдын кыйындашканын сезип. — Агымдын жолу жакшы эсептелип чыгылган болсо да, суунун жолун көчкү тосуп калган көрүнөт. Төмөн кеткен жолдордо суу мындан да көбүрөөк. Анткени менен бул жерде да суунун деңгээли төмөн эмес. Тышка чыга турган башка жол жок. Кеттик!
Ал Леонсияны алдыга өткөрүп жиберип, кайгыга баткан жрецтин колунан жетеледи. Жол чукул бурула турган жайда суу тизеге чыкты. Өлүктөрдүн үңкүрүндө болсо суу алардын белине чейин чыккан эле.
Ушул мезгилде катуу коркконунан катып калган Леонсиянын каршысында суудан туулгалуу баш менен кадимки плащка оролгон дене көтөрүлдү. Шарылдап агып жаткан суу башка өлүктөрдү да жыгып таштаган болчу, ошол себептүү Леонсия буга таңданбаса да болот эле. Бирок бул мумия оор дем алып, кыймылдап, жандуу көздөрү менен Леонсияга карап турган болчу.
Жөнөкөй адам үчүн бул абдан кызык, табигый көрүнүш эле: Леонсиянын каршысында мындан төрт жүз жыл мурда өлгөн аскер экинчи жолу чөгүп өлүп баратты! Леонсия кыйкырып жиберди да, алдыга умтулуп, анан тез артына кайта жан алакетке түшүп үңкүрдү карай чуркады. Так эле Леонсияга окшоп бул көрүнүшкө таң калган Френсис артка чегинди, автомат-тапанчасын колуна алды. Ушул мөөнөттө өлүк катуу жерди таканчыктап суудан чыкты да, үн салды.
— Атпаңыз! Бул мен, Торресмин! Мен азыр үңкүрдүн оозунда болдум. Ал жерде бир нерсе болуптур, өтүүгө болбойт. Суу көмүп' кетет, ал эмес үңкүрдүн оозу да көрүнбөйт, таштардын гана сууга кулап жатканы угулат.
— Бул жакка да өтө албайсың,— деди Френсис тапанчаны ага кезеп.
— Азыр чатакташа турган убакыт эмес,— деп жооп берди Торрес. — Эң оболу бул жерден кутулуп чыгуу керек, эгер чатак керек болсо, кийин да убакыт табылат.
Френсис эки анжы болуп туруп калды.
— Леонсияга эмне болду? — деп сурады арамза Торрес. — Мен анын артка карай качканын көрдүм. Ага эч нерсе болбоду бекен?
Френсис Торреске ырайым кылып, чалды сүйрөп кайра кудайлардын Үңкүрүпө кайтты. Торрес алардын артынан ээрчиди. Леонсия аны көрүп дагы кыйкырып жиберди.
— Коркпоңуз, бул Торрес,— деп Френсис кызды тынчтандырды. — Аны көрүп менин да жүрөгүм жарылып кете жаздады. Бирок ал баарыбызга окшогон эле тирүү адам. Ага бычак урсаңыз кан чыгат. Кана, карыя! Биз бул жерде келемиштей чөгүп өлүүнү каалабайбыз. Али майялардын бардык сырлары ачылган жок. Түйүндөрүңдү окуп, бизди бул жерден алып чык.
— Жол тышка эмес, ичкериге алып барат,— деди калтыраган үнү менен жрец.
— Бизге баары бир, эптеп чыгып алсак болду. Бирок ичкериге кантип кирүүгө болот?
— «Чианын оозунан Хцатцлдын кулагына»,— деп жооп берди абышка.
Ушул маалда капысынан Френсистин башына коркунучтуу бир кызык ой келди.
— Торрес,— деди ал,— мына бул таш лединин оозунда ачкычпы, же ушуга окшогон бир нерсе бар. Сиз ага жакыныраак турасыз. Колуңузду салып, ошону алып чыгыңыз.
Френсистин кантип өч алмакчы болуп жатканын сезген Леонсия аз жерден кыйкырып жибере жаздады. Бирок Торрес аны сезбей, кубанып, аткарууга умтулду:
— Сиздерге пайдам тийгенине өтө кубанычтамын.
Бирок ойлогон иштин акырына чыгышка Френсистин абийири жол бербеди.
— Токто! — деп буюрду ал, анан өзү кудайды көздөй умтулду.
Оболу ага таң калып карап турган Торрес, кандай балекеттен кутулуп калгандыгын кийин түшүндү. Френсис тапанчадан статуянын таш оозуна бир нече ок атты, жрец болсо: «Ыйык нерсени кордоо!»—деп онтоп жиберди. Анан Френсис колун костюму менен ороп, статуянын оозуна салып, жараланган жыланды куйругунан кармап алып чыкты. Аны таш статуянын капталына бир нече жолу ургулап башын талкалады.
Ал жерде дагы жылан болбосун деп, Френсис колун костюму менен ороп, экинчи жолу эстеликтин оозуна салганда түзүлүшү жана чоңдугу жагынан Хцатцлдыга кулагындагы тешикке туура келе турган, жакшы жылмаланган алтын ачкычты алып чыкты. Чал кулакты көрсөттү. Френсис ачкычты тешикке салды.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 13:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Так эле автоматтын өзү,— деди ал «ачкыч» тешиктен түшүп кеткенден кийин. — Эми эмне болот? Сууну байкап тургула, тез азайса керек.
Бирок суу дагы эле фонтан болуп атылып турду. Капысынан Торрес кыйкырып дубалды көрсөттү. Чоң таш дубалдан бөлүнүп акырын жогору көтөрүлүп бараткан эле.
— Мына чыгып кетчү жай! — деп кыйкырды Торрес.
Чал айткандай, кире турган жол,— деп анын сөзүн
түзөдү Френсис. — Эмнеси болсо да баса бергиле. — Алар дубалдан өтүп, тар жолдон бир топко жүргөндөн кийин майя чал: «Балам!»—деп бакырып кайрылды да, жан далбастап артка чуркады.
Дубалдын ачылган жери өз ордуна түшүп бараткан эле. Жрец кичинекей тешиктен өтүп алды. Дагы бир аздан кийин таш өз ордун ээледи. Бул чоң таш ушунчалык эбине келтирилип бекилгендиктен кудайлар турган үңкүрдөн агып өтүп жаткан суу дароо токтоду.
Тышынан, таштардын арасынан сызылып чыгып жаткан сууну эсепке албаганда, үңкүрдүн ичинде эмне болуп жатканын билип болбойт эле. Генри менен Рикардо үңкүрдүн оозуна келип, ал жерден суу чыгып жатканын көрүштү.
— Мына мунусу жаңылык болду. Бул жерден чыгып кеткенимде али суу жок эле,— деди Генри.
Бир минутадан кийин алар жогорудан таш кулап түшкөнүн көрдү.
— Бул жерде азыр эле үңкүрдүң оозу бар эле,— деди Генри. — Эми болсо жок. Кызык, кайда жоголду экен?
Анын суроосуна жооп бергендей, үңкүрдөн адам денеси агып чыкты. Рикардо менен Генри чуркап барып, денени суудан тартып алышты. Генри карт жрецти таанып, аны көмкөрөсүнөн жаткырды да, өзү жанына чөгөлөй калып, ичин басып, суусун чыгара баштады.
Чалдын жаны бар экени билингиче он минутадай убакыт өтүп кетти, дагы он минутадан кийин көзүн ачып, айланага таң кала карады.
— Алар кайда? — деп сурады Генри.
Кары жрец майя тилинде бир нерселерди кобурады, чыдамы кеткен Генри аны силкилдетип өзүнө келтирди.
— Жок, эч ким жок... — деп түшүндүрдү чал испан тилинде.
— Ким жок? — деп сурады Генри, аны өзүнө келтирүү үчүн дагы бир жолу силкилдетип. — Ким жок?
— Менин уулум. Чиа аны өлтүрдү. Чиа уулумду өлтүрдү, алардын баардыгын өлтүрдү.
— Кимдердин баарын?
Абышканы кайра жулкулдатып, суроону кайталатууга туура келди.
— Баламдын досу дөөлөттүү жаш грингону, дөөлөттүү грингонун Торрес деген душманын, Солано үй-бүлөсүндөгү кызды — баардыгы ошол кыз себептүү болду. Мен сиздерди эскерткен элем. Ал биз менен бирге келбеши керек болчу. Аялдар ар дайым эркектерге кырсык алып келет. Алар кудайдын ачуусун келтирет, анткени Чиа да аял киши. Чианын тили — уулуу жылан. Чиа өз тили менен баламды өлтүрдү. Баарын Чиа өлтүрдү. Мен кудайлардын каарын келтирдим. Шордуумун. Майя кудайларынын ыйык казынасын уурдамакчы болгондордун абалы ушундай болот.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 13:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

О Н А Л Т Ы Н Ч Ы Г Л А В А
Генри менен Рикардо аскадан шаркырап чыгып жаткан агым менен кулап түшкөн таш үймөктөрүнүн ортосунда туруп алышып, эмне болгонун -аныктоого аракеттеништи. Алардын жанында майялардын акыркы жреци жер кучактап, деми кысылып дуба окуп жатты. Генри чалды бир аз акылына келтирүү үчүн аны түрткүлөп жана силкилдетип көрдү. Бирок ал үңкүрдө болгон окуя жөнүндө баш-аламан шыбыроодон бөлөк эч нерсе уга албады.
— Жылан анын баласын чагыптыр, ал чуңкурга өзү гана жыгылган,— деди Генри кандайдыр үмүт менен.
— Абдан туура,— деп анын сөзүн ырастады Рикардо.— Калгандары бар болгону суу болушкан. Анын сөзүнүн төркүнүнө караганда, анчалык коркунучтуу эч нерсе деле болбогондой.
— Мүмкүн алар азыр суу жетпей турган бир жайда олтурушкандыр, — деп Генри өз оюн улантты. — Кана эми үңкүрдүн оозун тазалап, суунун агып чыгып кетишине жол ача алсак! Эгер алар тирүү болушса, дагы бир нече күн чыдан алышат, анткени адам суусуздуктан тезирээк өлүшү мүмкүн, аларда болсо суу мол. Оокатсыз узак жашоого болот. Бирок мени бир нерсе таң калтырып жатат. Ал жерге Торрес кантип барып калды?
— Кызык, кару уруусу анын кесепетинен кол салбады бекен? — деди Рикардо.
Бирок бул сөзгө Генри анчалык маани берген жок.
— Мүмкүн, арийне азыр бул жөнүндө ойлоп отурууга убакыт жок. Эң оболу, эгер алар тирүү болушса, куткаруу үчүн үңкүрдүн ичине кандай киришти ойлошубуз керек. Ушунча ташты сен экөөбүз бир айда да алып таштай албайбыз. Эгер биз элүү киши болгонубузда түн-кү7н дебей иштеп, эки күндө үңкүрдүн оозун ача алмакпыз. Демек, мындай болгон соң, биз үчүн эң керектүүсү — азыр адам табуу. Эң оболу ушул ишке көңүл бурушубуз керек. Мен азыр качырга минип ошол карулардын айылына жөнөймүн, бизге жардам бериш үчүн бул жерге келишсе Френсистин чек дептериндеги долларга убадалашамын. Эгерде мындан бир иш чыкпаса, Сан-Антониого барып, адам жыйнап келемин. Ошентип, бул ишке мен киришем. Ага чейин сен чыйыр жолду тазалап, бардык пеондорду жана башка шаймандар менен бирге бул жерге көчүрүп кел. Мага кара, сен аскадан тыкылдаган үп келер бекен, кулак салып тур: алар тыкылдатып, өздөрү жөнүндө кабар бериши мүмкүн.
Ошентип, Генри качырдын нааразылыгына карабай, кару айылына жол тартты. Кару душмандарын, аныгыраагы жакында өздөрү өлтүрмөкчү болгон душмандарынын бирин өз айылдарында көрүп, таңданып калышты. Алар үйлөрүнүн алдында күнгө кактана магдырап олтурушкан. Ак денелүү кишинин тайманбастыгы бул жолу да жапайы метистерди таңдантып, аларды кыймылдоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратып койгон болчу. Алар акыл жүгүртүп көрүшүп, башкалардан бир карыш жогору турган, баатыр жана алар түшүндө да көрбөгөн эр жүрөк адам гана чаалыккан жана асоо качырда душмандары жашаган айылга кире алат деген жыйынтыкка келишти.
Карулар бузулган испан тилинде сүйлөшчү, ошол себептүү Генри алардын сөзүн түшүндү, алар да Генринин испанча сөзүн түшүнүштү. Бирок ыйык тоодо болуп аткан бактысыздык жөнүндөгү кабар аларга эч кандай таасирин тийгизбеди. Генринин бактысыздыкка учурагандарга жардам көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчү жана жакшы акы төлөш жөнүндөгү убадасын көңүл кош угуп турушту да, камаарабагандык менен ийиндерин куушурушту.
— Гринголоруңузду тоо жутуп жиберген болсо, демек кудайдын буйругу ушундай экен. Кудайдын эркине каршы чыккандай биз ким экенбиз? — деп жооп беришти алар. — Биз кембагал адамдарбыз, бирок башка бирөө үчүн эмгектенүүнү, анын үстүнө кудайдын буюрганына каршы барууга эч качан макул эмеспиз. Эмне болгон болсо баарына грингонун өзү айыптуу. Бул жер алардын мекени эмес. Биздин тоолорду аңтаргыдай эч нерсе жок. Эми минтип кудайдын каарына калган экен, колу менен кылганды мойну менен тарта беришсин, биздин болсо аларсыз да ишибиз ашып-ташып жатат — тилибизди алууну каалабаган аялдарыбыздын түйшүгү деле жетишет.
Генри эки качыр алмаштырып, үчүнчүсү — эң өжөрү менен жан көрүнбөгөн кыймылсыз Сан-Антониого кирип келгенде түшкү дем алыш убактысы алда качан бүткөн болчу. Борбордук көчөнүн жарымындагы сот имараты менен түрмөнүн ортосунда полиция башчысы менен кодогой, семиз судьяны көрдү. Алардын артында онго жакын сакчы жандармдар Сан тостогу плантациядан качкан эки байкуш пеонду айдап келатышты. Генри качырын токтотуп, судья менен полиция башчысына жардам сурап кайрылды. Ал сүйлөп жатканда полиция башчысы байкатпай судьяга — өз судьясына, жан-дили менен кызмат кылуучу судьясына көз кысты.
— Ооба, албетте, жардам беребиз,— деди кериле эстеп полиция башчысы.
— Качан мага адам бере аласыз? — деп сабырсыздык менен сурады Генри.
— Адам беришке келгенде биз азыр таптакыр бош эмеспиз,— полиция башчысы бетсиздик менен жооп берди. — Ушундай эмеспи, урматтуу судья?
— Ооба, биз таптакыр бош эмеспиз,— ырастады ал Генри карап эстеп.
— Дагы бир топко бош болбойбуз,— деп улады анын сөзүн полиция башчысы. — Абдан өкүнүчтүү, бирок эртең да, кийинки күнү да сизге жардам берүү тууралуу ойлошко убактыбыз жок. Бир аз кийинчерээк болсо...
— Айталы, рождество майрамында, — деди судья.
— Ооба, ооба, рождество майрамында, — деп анын сөзүн ырастады полиция башчысы, ызат көрсөткөнсүп сылык жүгүнө. — Рождествого жакын бизге кириңиз, мүмкүн ага чейин ишибиз басаңдап калса, экспедиция түзүү жөнүндө ойлонуп көрөрбүз. Азырынча жакшы калыңыз, сеньор Морган.
— Тамашалап жатканыңыз жокпу? — деп сурады Генри ачуудан жүзү бырышып.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 13:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Сеньор Альфаро Соланонун артынан келип ага бычак урганда да жүзүн ушундай тырыштырган болсо керек,— деди жек көрүү менен полиция башчысы.
Генри бул акаратты кулагынын сыртынан кетирди: анткени ал башка нерсе жөнүндө ойлонуп жаткан.
— Сиздердин кимдигиңиздерди бетиңиздерге айтамын,— деди ал кыжыры кайнап, бул адилетсиздикке каарданып.
— Абайлаңыз! — деп эскертти судья.
— Түкүрдүм мен силерге! — деп Генринин жаалы келди. — Мени эч нерсе кыла албайсыздар. Мени Панама президентинин өзү кечирген. Сиздер болсо аянычтуу салпаяксыңар, адамдыгыңарды да, чочколугуңарды да билип болбойт!
— Суранам, сөзүңүздү уланта бериңиз, сеньор,— деди полиция башчысы жаалданганын сылыктык менен жаап жашырып.
— Сиздерде испан, же карибдердин биринин да кайраты жок, тескерисинче, ошол эки элдин тең милдеттери сиздерде толуп-ташып жатат. Сиздер адам эмес — чочкосуздар, уктуңарбы?
— Сөзүңүздүн баарын айтып болдуңузбу, сеньор? Баарын акыр аягына чейин? — деп полиция башчысы аяр сурады да, жандармдарга белги берди; алар Генринин арт жагынан келип, аны куралсыздандырышты.
— Али кылмыш кыла элек кылмышкерди Панама президенти да кечире албайт. Туура айтамбы, судья? — деп сурады полиция башчысы.
— Бул таптакыр жаңы кылмыш! — деп жооп берди полиция башчысынын белгисине тез түшүнгөн судья. — Бул ит гринго законго акарат келтирди.
— Андай болсо биз аны соттойбуз, мына азыр, ордубуздан жылбай туруп сот кылабыз. Сот залына барып кайрадан чогулуш чакырып олтурбайбыз, антип өзүбүздү кыйнап эмне кереги бар. Аны ушул жердин өзүндө соттоп өкүм чыгарабыз да, жолубузду улантабыз. Менин Үйүмдө бир бөтөлкө жакшы вино бар...
— Мен винону жактырбайм судья бул сунушту кабыл албоого ашыкты. — Мага андан көрө мыскал болсо. Азырынча мен да күбө жана жабырлануучу болгонум үчүн, колумдагы далилдерден башкасына зарылчылык болбогондуктан айыпталуучуну күнөөлүү деп эсептеймин. Сеньор Мариано Верхара-и-Ихос, сиз кандай жазаны макул көрөсүз?
— Бул кызуу кандуу грингону эсине келтирүү үчүн бир күн калыпка олтургузуу керек.
— Биз так ушундай өкүм чыгарабыз,— жарыялады судья. — Өкүм дароо күчүнө кирсин. Жандармдар, камакдарды алып кеткиле, анын мойнуна калып салгыла.
Таң атканда Генри он эки саатты калыпта жатып өткөргөн эле. Ал чалкасынан түшүп уктап жатты. Бирок түшүндө басыңкырап, тоо койнунда камалып калган досторун көрдү, күйүт-тынчсыздануудан эзилди, анын денесин болсо сан-санаксыз чымындар чагып жатты. Ушул азапта толгонуп, канаттуу душмандарды колу менен айдап, акыры ойгонуп кетти. Ойгонор замат башына кандай балекет түшкөнүн эстеди да, өзүн оозго алып болбос сөздөр менен тилдеп кирди. Миңдеген уулуу чымындардын чагышынан каарданган Генри ушунчалык сөгүнгөндүктөн, аспаптар салынуу ящигин көтөрүп кетип бара жаткан жолоочунун көңүлүн өзүнө тартты. Бул Кошмо Штаттардын аскер формасын кийген зыңкыйган, кырдач мурун жаш жигит эле.
Ал Генри жаткан жерге жакын келип кулак салды жапа аны сонуркай карады.
— Достум,— деди ал, Генри дем алууга бир аз тыным алганда. — Өткөн түндө палатканын кооз шаймандарынын жарымы жээкте, өзүм болсо бул жерде жатканымда, мен да аябай сөгүнгөн элем, бирок менин сөгүнгүм сиздин алдыңызда эми тили чыккан баланын былдыраганындай бир кеп экен. Мен сизге суктанып калдым, сэр. Сиз ар кандай аскерди жолдо калтырып кетет экенсиз. Эгер каршы болбосоңуз, сөгүнүшүңүздү башынан кайталай албайсызбы, мен да үйрөнүп алып, кези келип калганда пайдаланып жүрөйүн.
— Өзүңүз ким болосуз, шайтан алгыр? — деп сурады Генри. — Эмнеге бул жерде каңгып жүрөсүз?
— Сизден капа болууну өзүмө эп көрбөйм, сэр деди күлүп учкуч. — Жүзү минтип шишип кеткен адамдын кополдук кылууга толук акысы бар. Ким сизди мынчалык атап койду? Мен өзүм жөнүндө айтсам, алп жин-шайтандарга ишим түшкөн жок, бул жерде, жер жүзүндө болсо Парсонс, лейтенант Парсонс наамы менен таанымалмын. Азырынча тозокко да бир иш менен түшө элекмин. Панамага, бүгүн Атлантика океанынан Тынч океанына учуп өтүш үшүн келгенмин. Жолго чыгаардан мурда сизге менин жардамым зарыл эмеспи?
— Албетте зарыл! — кыйкырып ийди Генри. — Ящигиңизден аспабыңызды алып, калыптын кулпусун талкалаңыз. Бул жерде дагы олтура турган болсом ревматизм оорусуна чалдыгышым мүмкүн. Менин фамилиям Морган, мени эч ким сабаган да жок — мунун баары чымындын кесепети.
Лейтенант Парсонс гайка бурай турган ачкычы менен бир нече жолу уруп, калыптын эски кулпусун сындырды да, Генриге ордунан турууга жардамдашты. Генри ага Леонсия менен Френсистин башына кандай балакет түшкөнүн жапа бул алар үчүн канчалык трагедиялуу болушу мүмкүн экендиги жөнүндө кыскача баяндап берди.
Мен ошол Френсисти абдан жакшы көрөм,— деди сөзүнүн акырында-ал. — Ал мага куюп койгондой окшош. Биз бири-бирибизге эгиз козудай окшошпуз — сыягы биз узак тууган болсок керек. Сеньоританы болсо сүйүп гана калбай, ага үйлөнмөкчүмүн. Ошентип бизге жардам берүүгө даярсызбы? Аэроплапыңыз кай жерде турат? Майя тоолоруна жөө, же качырда баруу үчүн өтө ыраак, эгер сиз машинаңыз менен таштап өтсөңүз, көп деле убакыт кетпейт. Жана мага жүзгө жакын динамит шашкасып таап берсеңиз, тоо басып калган жайды жардырып, үңкүрдөгү сууну чыгарып жиберемин.
Лейтенант Парсонс арсарлана түштү.
— «Макул» деп коюңузчу, бай болгур! Айтыңызчы,— деп жалдырады Генри.
Эстеликтердин үңкүрүнүн оозун бекиткен таш өз жайын ээлери менен ыйык тоо астында калган үч туткун көзгө сайса көрүнгүс караңгыда калышты.. Френсис менен Леонсия сыйпалап бири-бирин таап алышып, кол кармашты. Дагы бир аздан кийин ал кызды кучактады, бул кучактоонун ыракаты жүрөктөрдү курчап алган коркунучтан бир азга алаксытты. Алар жанында Торрестин оор дем алып жатканын сезип турушту. Акыры ал кобурады:
— Оо кудуреттүү кудай, мына муну өлүм менен бетме-бет келүү дейт. Араң дегенде качып кутулдук. Эми бул жагы эмне болор экен?
— Эми ушул үңкүрдөн чыгып алганга чейин көп коркунучтарды башыбыздан кечиребиз,— деди Френсис. — Бирок бул жерден чыгышыбыз керек, канчалык тез болсо, ошончо жакшы.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 13:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Жүрүш тартиби тез эле белгиленди, Френсис сол колу менен дубалды сыйпалап жол баштады: анын артынан Леонсия ээрчиди. Френсис кызды курткасынан бекем кармап алуусун буюрду. Торрес болсо оң капталдагы дубалды сыйпалап, Френсиске катар жүрүп баратты. Алар бири биринен артта калып, же озун кетпестик, эң негизгиси — капталдан башталып кеткен жолдорго бурулуп кетпес үчүн тынбай сүйлөшүп баратты. Алардын бактысына туннель (себеби ал чыныгы туннель болчу) тегиз болгондуктан сыйпалап жүрүшсө да эч нерсеге мүдүрүлүп кетишкен жок. Френсис аябай зарылчылык туулмайынча ширеңке чакпаска чечим кылуу менен бирге, кандайдыр кудук, же чуңкурга түшүп кетпес үчүн оболу бир бутун акырын алдыга таштап, катуу жерге бут койгонуна ишенгенден кийин, экинчи бутун көтөрөр эле. Ушул абалда алар саатына бир чакырымдай жол басып, акырын баратышты.
Ошончо жолду басып, бир жолу гана туннель эки жакка ажырай турган жайга кез келишти. Ушул жерге келгенде Френсис суу өткөрбөй турган кутудан баасы ашынып турган ширеңкенин бир даанасын алып чыгып, эки жолдун бири-бирине коёндой окшоштугун көрүштү. Алардын кайсынысын тандап, кайсынысы менен жүрүш керек?
— Мындай кылууга туура келет,— деди Френсис. — Мына бул жол менен барабыз. Эгер бул жол ачыкка алып чыкпаса, артыбызга кайтып, башкасы менен жүрөбүз. Бир нерсеге толук ишенүүгө болот: бул жолдор бир жайга алын барат, антпесе майялар жол казып, өздөрүн кыйнабаган болор эле.
Он минутадан кийин Френсис күтүүсүздөн токтоду: анткени анын бут коймокчу болгон жери боштук эле. Ал: «Токтогула! » — деп эскертти да, ширеңкенин экинчи данын тутандырды. Көрсө алар табигый үңкүрдүн оозуна келип калышкан экен, ширеңкенин жарыгында үңкүрдүң кабаты да, түндүгү да, жери да көрүнгөн жок. Ошого карабай, төмөнгө карай алып түшүүчү тепкичке окшогон нерсени көрүштү. Бул тепкич чынында да табигый болуп, адамзаттын колу бир аз жылмалап, чыныгы тепкичке айландырылган болчу. Тепкич көзгө сайса көрүнгүс караңгы чуңкурга алып түштү.
Бир саат өткөндөн кийин кайраттуу саякатчылар тепкичтен төмөн түшүшүп, үңкүрдүн ичинен бир топ жол басышканда, капысынан алды жактан жарыкты көрүп калышты. Алар алгалаган сайын жарык да чоңоюп бара берди. Жарык түшүп турган жер алар ойлогондон бир топ жакын эле, тез арада Френсис жапайы жүзүм менен калың. бадалдардын чырпыктарын четке сүрүп, батышка оогон күн нуру өз жебесин чачып турган ачыктыкка чыкты. Анын жанында Леонсия менен Торрес да пайда болду. Төмөндө өрөөн созулуп жатат, ал бүт турпаты менен бийик чокудан көзгө даана тартылат. Өрөөн дээрлик айланага окшош болуп, диаметри бир лигадай34 келет — өрөөндү бийик тоолор менен тик аскалар дубал сыяктуу курчап алган.
— Бул Адашкан Жандардын Өрөөнү деп шаңдуу үн менен баяндады Торрес. — Мен бул жөнүндө көп укканмын, бирок ушундай өрөөндүн бардыгына эч ишенген эмес элем.
— Мен да уккам жана такыр ишенген эмесмин,— деп Леонсия.
— Андай болсо эмне экен? — деп сөзгө аралашты Френсис. — Биз адашкан арбактар эмес, тирүү адамдарбыз. Анан эмнеден коркобуз?
— Билесизби, Френсис,— деди Леонсия,— жаш чагымда уккандарыма караганда, бул өрөөнгө бир жолу түшүп калган адам эч качан чыгып кете албайт.
— Макул, ошондой эле деп ойлойлу,— деди Френсис жылмайып,— андай болсо бул жөнүндө айткандар кантип чыгып кетти экен? Эгер эч ким чыгып кете албаган болсо, бул жерди кайдан билишет?
— Билбейм,— моюнга алды Леонсия. — Мен тек укканымды гана айттым. Анын үстүнө бул сөздөргө мен эч качан ишенген эмесмин. Бирок бул жай жомокто айтылып жүргөн өрөөндүн сүрөттөлүшүнө абдан окшошун кетет экен.
— Бул жерден эч ким эч качан чыгып кете албаган өзүнүн сөзүн кайра. ырастады Торрес.
кайдан билесиз? — Өжөрлүк менен сурады Френсис.
— Бул жерде Адашкан Жандар жашайт,— деп жооп берди Торрес. — Ошондуктан аларды эч качан көргөн эмеспиз. Бул жерден эч ким чыгып кете албаган. Мистер Френсис Морган, ушуну билип коюңуз, мен сиз ойлогондо! ! акмак адам эмесмин. Мен маалымат алганмын. Европада окуганмын. Сиздин Нью-Йоркуңузда иштегенмин. Мен ар түрдүү илим менен философияны үйрөнгөнмүн. Ошого карабай, бул өрөөнгө түшүп калган адам эч качан чыгын кете албастыгына ишенемин.
— Бирок биз али өрөөнгө түшкөнүбүз жок го,— деп Френсистин сабыры түгөнө баштады. — Биздин өрөөнгө түшүшүбүз шарт эмес, туурабы? — Ал көңүлүн бургап бир нерсени жакшыраак караш үчүн үйүм таштар менен кирпичтер турган аянттын четине келди. — Мелдешишим мүмкүн, бул үстү саман менен жабылган үй.
Ошол мөөнөттө ал таянщи дөңсөө жылбышып, үчөө турган аянт ылдый көчтү. Френсис, Торрес жана Леонсия шагыл таш топуракка аралашып, тик аскадан ылдый кулап кетишти.
Эркектер өздөрүн токтотуп калган калың бадалдардын жанында биринчи болуп ордунан турушту. Жигиттер Леонсияга жардамдашууга шашылышты эле, бирок кыз өзү чакан ордунан туруп күлүп жиберди.
— Мына, көрдүңүзбү, дагы сиз өрөөнгө түшүшүбүз шарт эмес деп айтасыз! — деди ал Френсиске каткырып карап. — Эми эмне дейсиз?
Бирок бул мезгилде Френсис башка нерселер менен убара эле. Ал колун созуп, жанына кулап келген тааныш нерсени алды. Бул Торрес өлүктөр турган үңкүрдөн уурдаган туулга болчу. Френсис аны Торреске узатты.
— Таштаңыз аны,— деди Леонсия.
— Бул мени күндөн калкалайт,— деп кыздын сөзүнө макул болгон жок Торрес. Ал туулганы айландырып карап жатып, капысынан анын ичиндеги жазууга көзү түшүп калды жолдошторуна көрсөтүп үн чыгара окуду: «Да Васко».
— Мен бул адам жөнүндө укканмын, — деди Леонсия.
— Туура, уккан болушуңуз мүмкүн,— деп коштоду Торс — Да Васко менин бабаларым болгон. Энемдин турмушка чыга электеги фамилиясы да Васко болчу, ал испан колониясына Кортес 35 менен бирге келип калган.
— Бул жерге келип козголоң чыгарып, көтөрүлүш баштаган,— деп Торрестин аңгемесин Леонсия улантты. — Эсимде жакшы сакталып калыптыр: бул жөнүндө мага
атам менен Альфаро байкем антын берген болчу. Ал он эки жолдошу менен майялар казынасын издеп кетет. Алардын артына жээктеги караибдердин бүтүп бир уруусу — жүзгө жакын эркектер менен аялдар жолго чыгышат. Кортес болсо Мендоса деген адам баштаган отрядды алардын изинен жиберет; анын архивде сакталып турган эскермесинин баяндамасында — Альфаро байкем так ушундай аңгемелеп берген эле,— аларды Адашкан Жандар өрөөнүнө кууп киргизип, ит азабына салып өлүмгө өкүм кылып таштап кеткен.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 13:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Да Васко, сыягы, бул жерден биз келген жол аркылуу кутулмакчы болгон,— деп аңгемени жыйынтыктады Торрес,— майялар болсо аны кармап алып, өлтүрүшкөн да, мумиялап коюшкан.
— Ал байыркы туулганы маңдайына кондуруп алды да:
— Күн ооп калса да мээмди кайнатып жиберди,— деди.
— Менин болсо ачкалыктан ичегилерим үзүлгөнү турат,— деп мойнуна алды Френсис. — Кантсе да бул өрөөндө кандайдыр бир уруу жашар?
— Чынын айтсам, билбейм, сеньор,— деп жооп берди Торрес. — Мендосанын эскермесинен бир нерсе маалым: алар Васко менен анын отрядын ушул жерде өлүм кучагына таштап кеткен, ошондон кийин аны да, жолдошторун да эч ким көргөн эмес. Менин билгендерим ушул.
— Бул жерде тамактана турган нерсе табылчуга окшоп калды,— деди Френсис, Леонсиянын бадалдардын арасынан кандайдыр мөмөлөрдү үзүп жатканын көрүп, анан сөзүн башка жакка бурду:— Мага караңыз, Леонсия! Азыр эле токтотуңуз бул ишиңизди! Ансыз деле кайгыбыз өзүбүзгө жетишет, эми ууланган сулуу менен убара чегишибиз эле калса да.
— Бул мөмөлөр зыянсыз,— деди кыз жайбаракат оозуна салып. — Куштардын чокулап жатканын өзүңүз көрүп турбайсызбы.
— Андай болсо кечирип коюңуз, эми мен да сизге шерик боломун,— деп каткырды Френсис, оозун ширелүү мөмө менен толтуруп жатып. — Ушул мөмөлөрдү чокуп жаткан куштарды кармап алсам, аларды да жеген болор элем.
Алар ачкалыктан бир аз кутулганча күн бир топ ооп калган болчу. Торрес башындагы туулганы алды.
— Эми ушул жерде түнөөгө туура келет,.— деди ал. — Батинкемди өлүктөрдүн үңкүрүндө калтырып, да Васконун өтүгүн сууда сүзүп жүргөнүмдө жоготтум. Минтип эми буттарым жара болуп кетти, мында кургак чөптөр көп экен, алардан тез эле бут кийим согуп алышым мүмкүндөй.
Торрес өзүнө бут кийим согууга олтурганда Френсис от жагып, чогу өчүп калбасын үчүн бир топ отун камдап үлгүрө элегинде Леонсия бүрүшүп, башын тизесине жөлөгөн бойдон уктап калды. Френсис кургак жалбырактар менен мохторду топтоп, Леонсиянын оттун табы тийбей турган капталын ороп койду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 14:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

О Н Ж Е Т И Н Ч И Г Л А В А
Адашкан Жандар Өрөөнү. Таң. Адашкан Жандар айылынын так ортосунда чоң үй; чынында да чоң үй: узундугу сексен фут, эни кырк, бийиктиги отуз фут келе турган, топурактан согулган саман чатырчалуу үй. Ал үйдөн бутуна араң турган кары киши — Күн жреци чыгып келди; үстүндө колдо токулган одуракай боз кендир матадан көйнөк, бутунда сандал; бул индейдин бырыштуу кары жүзү байыркы конкистадорлордун кебетесин эстетип турат. Башында жарым айлана кейиптенген алтын күнгө окшоп нур тартып турган тажы кондурулган укмуштуу алтын калпак. Бул, сөзсүз, күндүн символу болсо керек.
Карыя аянттан өтүп, эки столбанын учуна кайчылаштырып коюлган ичи бош, жаныбарлардын сүтү менен ар түрдүү белгилер тартылган жоон жыгачка жакындады. Ал таңкы нурдан шоолаланып келе жаткан чыгыш жакка карап, кечикпегенине канагаттанып, жумшак шарик орнотулган таяк менен жыгачты ургулады. Карыянын алсыздыгынан таяк акырын урулганы менен ичи бош жыгач узактан келген күндүн күркүрөгүндөй үн чыгарды.
Жрец жыгачты ургулай берди. Чоң үйдүн айланасындагы алачыктардан Адашкан Жандар анын алдына шашыла чогула баштады. Эркек, аял, кары-жаш дебей балдарын жетелеп, аялдар колуна эмчектеги ымыркайларын көтөрүп — Күн жрецин курчап алышты. Жыйырманчы кылымда мындан архаикалык көрүнүштү элестетүү кыйып. Алар индейлер болсо да, көптөрүнүн жүзүнөн испан каны аралашкандыгы сезилип турду. Кээ бирлери испандыктын накта өзү, кай бирлери — ушул эки улуттан жарык дүйнөгө келген. Бирок алардын жүздөрүнөн да, кийимдери кызыктуураак — аялдардын кийимдери жөн кокой, колдо тигилген узун боз көйнөктөр, эркектердики. болсо ушул эле кездемеден тигилгени менен башкачараак, Колумбдун биринчи саякатындагы испандардын кийимдерине окшоп тигилген. Туугандардын өз ара никелешүүсүнүн натыйжасында урууда сыягы жаңы кан аралашпай, алар ойноп-күлүү жыргалынан ажырап калгандай, ар дайым кабагы салык, көрксүз кишилер эле. Эки киши — көрксүз келбеттердин арасынан кооз гүлдөй ажарлана бөлүнүп турган он жаштар чамасындагы кыз менен, көрүнүшүнөн куу, арамза жана акылдуулугу байкалып турган кары Күн жрецинен башка баары — жигит-кыз, балдар жана ымыркайларга чейин бешенеси суук көрүнөт.
Жрец көңдөй жыгачты ургулап жатканда элдин баары чыгышка карап, уй мүйүз тарта тизилишти. Горизонттон күң көрүнөөрү менен жрец бөтөнчөлөнгөн испан тилинде куттуктап, үч жолу таазим кылды, аны туурап калгандар да кулдук урушту. Күн толук чыгып калган кезде эл жрецтин белгиси менен ордунан туруп, кубанычтуу гимнди ырдай баштады. Ырым-жырым бүтүп, эл тарамакчы болуп турганда жрец өрөөндүн аркы жагында түтүн чыгып жатканын көрүп калды. Ал бир нече жигитке түтүндү көрсөттү.
— Бул түтүн биздин уруунун эч биринин буту басышына уруксат берилбей, тыюу салынган Коркунучтуу Жерден чыгып жатат. Эчен кылымдардан бери биз жашырылган жерди таба албай издеп жүргөн душмандарыбыз жиберген бир азезил болсо керек. Аны тирүү калтырууга болбойт, бизди сатып коёт. Душмандарыбыз болсо абдан күчтүү, ошондуктан алар бизди жок кылып жибериши ыктымал. Бизди кийит өлтүрүп жибербеши үчүн аларды азыр барып өлтүрүп келгиле!
Түнү менен жыгач отун жагылган от жанында биздин саякатчылар — Леонсия, Френсис жана Торрес уктап жатат. Торрес чөптөн токулган жаңы кепичин, да Васконун туулгасын шамалдап калбас үчүн башына кийип алган эле. Леонсия биринчи болуп ойгонду; көз алдындагы көрүнүш ушунчалык таң калыштуу болгондуктан, ал элден мурда кирпик арасынан жакшылап карап алууга аракеттенди. Адашкан Жандар өрөөнүн уруусунан үч киши жаасын кере тартып, Леонсия менен жолдошторуна жебесин кадоого даяр турушкан, бирок уктап жаткан Торрестин кейпи аларды өтө таң калтыргандыктан жааларын чонгон калыпта катып калышты, алар бири-бирин карап, жааны төмөн түшүрүштү да, аны өлтүрүүдөн айныгандай баштарын чайкашты. Анан сойлоп Торреске жакыныраак келин, чочоюп олтурушту да, анын жүзүн, баарынан да кандайдыр бир нерсеси менен аларды кызыктырган туулгасын таңдана карай башташты.
Леонсия жаткан жеринен буту менен Френсисти далыга акырын түрттү. Ал ойгонуп, жайбаракатордунан туруп олтурду, бирок бул аракет бейтааныштардын көңүлүн бурду, алар ниеттеринин актыгын далилдөө иретинде жаасын анын бут астына таштап, куралдарыбызды таштадык дегендей колдорун көрсөтүштү.
— Кутмандуу таңыңыздар менен, куунак бейтааныштар! — деп кыйкырын алар менен Френсис англис тилинде саламдашты, анын саламына алар баш чайкап тим болушту.
Френсистин сөзүнөн Торрес ойгонуп кетти.
— Адашкан Жандар ушулар болсо керек,— деп шыбырады Леонсия Френсиске.
— Же жер участкаларды сатуу боюнча жергиликтүү агенттер, — деп Френсис күлүп, шыбырап жооп берди. — Эмнеси болсо да өрөөндө адамдар жашайт экен. Торрес, бул досторуңуз кандай адамдар? Сизге тизилишкенине караганда туугандарыңыз сыяктуу.
Адашкан Жандар арыраак барып бир нерселер жөнүндө акырын шыбырап сүйлөшө баштады.
— Алардын тили испап тилине жакындай, бирок кандайдыр кызык,— деди Френсис.
— Бул орто кылымдагы испан тилинип өзү,— деп анын -сөзүн коштоду Леонсия.
— Конкистадорлор ушул тилде сүйлөшкөн, аны азыр эч ким билбейт,— деп кошумчалады Торрес. — Көрдүңүзбү, менин айтканым туура экен. Адашкан Жандар ошондон бери өрөөндөн сыртка чыккан эмес.
— Бирок бардык адамдарга окшоп үйлөнүшкөн, күйөөгө чыгышкан, болбосо мына бул үч каракчы кайдан келер эле? — деп тамашалады Френсис.
Аңгыча үч каракчы бир бүтүмгө келди окшойт, жандоо менен бейтааныш адамдарды артынан ээрчитип, өрөөн койнуна барууга үндөдү.
— Жүздөрү кайгылуу болсо да ак көңүл, айтор жакшы жигиттер экен, — деди Френсис алардын артынан ээрчүүгө ниеттенип. — Эх, ушунчалык да кайгылуу адамдар болорбу! Сыягы алар ай тутулган убакта төрөлгөн, же жоро-жолдошторунун бирөө да калбай кырылып кеткен, же болбосо андан да кайгылуураак бир нерсе болгон.
— Менин оюмча, Адашкан Жандар так ушундай болушу керек эле,— деди Леонсия.
— Ооба, эгер бул жерден кутулуп чыгуу маңдайыбызга да жазылбаган болсо, кебетебиз булардан да кайгылуураак болуп көрүнүп калаары бышык деди Френсис. — Кантсе да алар бизди тамактанууга чакырып жатат го деп ойлоймун. Албетте, эч мүмкүнчүлүк болбосо мөмө жемиши менен да тамактанса болот, бирок ал курсакты тойгузбаганы өкүнүчтүү.
Алар жол баштоочуларды ээрчип, бир сааттан кийип бул уруунун айылындагы алачыктар жана Чоң үй жайгашкан аянтка келишти.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 14:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Булар да Васко экспедициясынын мүчөлөрүнүн караибдер менен аралашып кеткен урпактары деди ишеничтүүлүк менен Торрес, топтолгондордун өзүнө көз салып,— менин бул сөзүмө ишенүү үчүн буларга бир жолу кароонун өзү жетишет.
— Алар да Васконун христиан дининен кадимки бутпарастык ырым-жырымдарга өтүшкөн,— деп кошуп койду Френсис. — Чиркөөнүн үстүн караңыз: ал таштан жасалыптыр, бышырылган козунун этинин жыты келип жатса да, бул биз үчүн эмес, кудай жолуна курмандык сыяктуу.
— Кудайга шүгүр, курмандыкка кой союшуптур! — деп Леонсия жеңил дем алды. — Мурда Күнгө сыйынуучулар адамдарды курмандыкка чалышчу. Бул жерде жашагандар да чыныгы Күнгө сыйынуучулар. Тээтиги узун көйнөк, Күн нуру түшүрүлгөн алтын таажычан чалды караңыз. Ал Күн жреци. Альфаро байкем бул дин жөнүндө мага көп айтып берген эле.
Чиркөөдөн бир аз арыраакта Күндүн металлдан жасалган чоң сүрөтү турат.
— Алтын, чыныгы алтын! — деп шыбырады Френсис. —
Эч кандай аралашмасы жок. Нурланганын караңыз: абдан чоң накта алтындан жасалган. Ант беришим мүмкүн, аңы жаш бала да ийип бүктөй алат.
— Эй боорукер кудай! Тиги жакка бир караңыздарчы! — деп кыйкырып жиберди Леонсия, алтардын бир аз төмөн жагындагы одоно таш статуяны көрсөтүп: — Торрестин так эле өзү го! Майялардын үңкүрүндөгү биз көргөн мумиянын келбетинин эле өзү.
— Жазуусу да бар... — деп Френсис окүгү үчүн жакыныраак бармакчы болду да, бирок жрецтин өктөмдүү ишарасына баш ийип кайра артына чегинди. — «Да Васко» деп жазылган. Көңүл буруп караңыздарчы, статуяда да Торрестин башындагыдай туулга... Мына бул жрецке көңүл бургула! Ал Торреске бир тууган атасындай окшошуп кетет. Мынчалык окшоштукту оюма да келтирчү эмесмин!
Жрецтин ачуусу келип, өзгөчө каардуу жаңсоо менен Френсистин сөзүн токтотту да, бышып жаткан курмандыктын үстүнө эңкейди. Ошол убакта жогор жактан белги берилгендей, шамал кой этинин астындагы жалынды өчүрдү.
— Күн кудайынын ачуусу келди,— жрец кабагын салды: анын бөтөнчөлөнгөн испан тили байыркылыгына карабай, келгендерге түшүнүктүү болчу. — Арабызда бөлөк-бөтөндөр пайда болду, алар алиге тирүү. Андыктан Күн кудайынын ачуусу келди. Бейтааныштарды чиркөөгө ээрчитип келген жигиттер, жооп бергиле: аларды өлтүр деп буюрбадым беле. Менин тилим менен ар дайым Күн кудайы өзү сүйлөйт.
Үч жигиттин бири калтырап алдыга чыкты да, титиреген колу менен оболу Торрести, анан статуяны көрсөттү.
— Бизге анын өңү тааныш болгондугу үчүн өлтүрүүгө батына албадык,— деп чочулана тартынып сүйлөдү ал. — Анткени, түпкү ата-бабабыздын кайтып келээри жөнүндөгү уламыш эсибизде. Мүмкүн бул бейтааныш адам ошол болуп жүрбөсүн. Биз билбейбиз, билүүгө да, ырастоого да батына албайбыз. Аны билүү жана ырастоо сенин ишиң, оо жрец. Бул ошол биз күткөн адамбы?
Жрец Торреске ынтаа менен карап, бир нерселерди кобурады. Анан артына бурулуп, алтарь аянтындагы идиште турган чок менен ыйык отту күйгүздү. Алоо бир жалбырттады да, өчтү.
— Күн кудайы ачууланып жатат,— деп сөзүн кайталады жрец: муну уккан Адашкан жандар чачтарын жулуп, чуу көтөрө ыйлай баштады. — Курмандыгыбызды кудай жактырбай, ошол себептүү от күйбөй жатат. Эми ар кандай балакеттин болушун күтүүгө болот. Бир гана мага белгилүү боло турган улуу сыр бар. Бейтааныш элден келгендерди азыр курман кылбайбыз. Күн кудайынын эркин билүү үчүн мага убакыт керек. — Ошентип ал жыйын бүтө электежаңсоо менен элди таратып жиберип, үч туткунду Чоң үйгө алып барууну буюрду.
— Ал эмне жөнүндө ойлоп жатканын такыр түшүнө албай койдум,— Френсис Леонсиянын кулагына шыбырады. — Бирок ал жерден бизге тамак берсе керек деген үмүттөмүн.
— Тигини карагыла, кандай татына! — деди Леонсия көз кылыгы менен сулуу жүзүнөн акылдуулугу сезилип турган кызды көрсөтүп.
— Торрес аны көз алдына алып койду, — деп шыбырап жооп кайтарды Френсис. — Анын кызга көз кысканын көрүп калдым. Жрецтин ниети кандай экендигин, шамал кай жакка карап согорун ал да билбейт, бирок дос арттыруу үчүн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайт. Андан сак болуш керек: өз жанын сактап калыш үчүн бизди каалаган убакта сатып жиберүүдөн тайбайт, ал ушундай куу, жаман адам.
Чоң үйдөгү чоп-чардан одуракай кылып согулган бойрого отурушаары менен алардын алдына тамак келтирип коюшту — таң калаарлык чоподон жасалган кумура идиште жашылча аралаш кайнап бышкан эт жана таза суу; алардын баары көп алып келинди. Андан сырткары жүгөрү нан коюшту.
Алар тамактанып бүтүшкөндөн кийин, тамак алып келген аялдар чыгып кетишти, туткундарды баштап келип, үй ичин башкарып турган кыз гана калды. Торрес кайра ага көз кыса баштады, кыз андан сылыктык менен четтеп, бир гана Леонсияга, анын сулуу ажарына дал болуп тигилип карап турду.
— Кыз ушул үйдүн кожоюну окшойт,— деп жоруду Френсис. — Байыркы Самоа айылдарында да үрп-адаттар бар. Ушундай сулуу кыздар баардык саякатчыларды күтүп алышып, аларды зериктирбес үчүн ар кандай нерселер мекен алаксытышат. Кай бир официалдык жыйындарды жана каадаларды да кыздар башкарат. Сулуулугу, ийгилиги жана акыл-эстүүлүгүнө карап, аларды уруу башчысы дайындайт. Бул кыз да мага ошолорду эстетет, бирок кыз өтө жаш, али бала бойдон экен.
Кыз Леонсияга жакыныраак келди, ал бейтааныш аялдын көркүнө таң калса да, анын кыймыл-аракетинде кошоматтануунун, же кысынып-кымтытуунун кымындай да белгиси көрүнгөн жок.
— Айтчы,— деди ал жергиликтүү эски испан диалектисинде, — бул адамдын эле Күндөгү үйүнөн бизге кайтып келген капитан да Васкобу?
Торрес текеберлүү жылмайды да, таазим кылып, көтөрүңкү жооп берди:
— Ооба, мен да Васконун тукумунанмын.
— Да Васко тукумунан эмес, өзүм да Васкомун деңиз! — деп Леонсия англис тилинде ага сөз үйрөттү.
— Бул ишеничтүү оюн, ушул сөзүңүздөн кайтпаңыз,— Френсис да англис тилинде ага акыл айтты. — Да Васко аркылуу бул жерден чыгып кете алабыз. Эмнегедир жрецти көңүлүм сүйбөй турат, ал кыясы Адашкан жандардын кудайы да, падышасы да окшойт.
— Ооба, мен Күндөн жерге кайтып келдим,— деди Торрес ийкемдүүлүк менен өз ролун жакшы аткара, кызга карап.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 14:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Кыз ага бир топко тигилип карап калды: ал Торрестин жообун таразадан өткөрүп жатканы сезилип турду. Кыз урматтаган кейипте ага көңүл кош таазим кылып, Френсиске назарын салып өттү да, Леонсияга бурулуп жылмайды.
— Кудайдын сендей сулуу аялдарды жаратарын билген эмесмин,— деди кыз коңгуроодой үнү менен эшик жакты карай басып баратып. Анан ал эшик алдына баргандан кийип, кошумчалап койду: — Биздин Кыялкеч да сулуу, бирок ал сага таптакыр окшобойт.
Кыз чыгып кетээри менен Күн жреци кирди, аны менен бир нече жигит кошо келди, алар сыягы идиштерди жана калган тамактарды жыйнаштыруу үчүн келгенсип, жигиттердин эки-үчөө ийилишти, калгандары жрецтин жалдоосу менен бейтааныштарды зордоп колдорун артына байлашты да, бүт уруу чогулган Күн кудайынын атарына алып кетишти. Туткундардын көзүнө алды менен эле очокко асылган казап көрүндү. Казандын астында от күйүп жатты. Анын капшытында үч устун жерге көмүлүп турат. Туткундарды ошол устундарга таңып байлашты, көпчүлүк алардын таманы астына куураган отундарды үйүп ташташты.
— Өзүңүздү кармап, эч болбогондо чыныгы испан сыяктуу башыңызды ойдо көтөрүңүз. — Френсис бир эле убакыттын өзүндө Торрести үйрөтүп жапа аны шылдыңдап жатты. — Анткени, сиз да Васкосуз! Жүздөгөн жылдар мурун мына береки адам кейпиндегилердин ата-бабалары менен бир жерде, ушул өрөөндө жашагансыз.
— Силер өлүшүңөр керек,— деди Күн жреци, Адашкан Жандардын баардыгы макулдашып баш ийкешти. — Төрт жүз жылдан бери ушул өрөөндө жашайбыз, бизге сырттан келип калгандарды ар дайым өлтүргөнбүз. Сиздерди өлтүрбөгөнүбүз үчүн, байкадыңарбы, Күн кудайы кандай ачууланды: алтардагы от өчүп калды. — Сөз ушул жерге келгенде кайра Адашкан Жандар чуу түшүп, онтоп, көкүрөктөрүн ургулай башташты. — Күп кудайы бизге ыркым кылыш үчүн силер азыр өлүшүңөр керек.
— Абайлагыла! — деп кыйкырды Торрес, Френсис менен Леонсия ага эмне деп айтаарым шыбырап турушту. — Мен да Васкомун. Силерге мен Күндөн келдим. — Анын колу байлануу болгондуктан башы менен статуяга ишара кылды. — Тээтиги турган да Васко мен боломун. Мындан төрт уз кыл мурда ата-бабаларыңарды бул жерге мен ээрчитип келип, мен кайра кайтып келгенге чейин ушул жерде жашап туруусун буюрганмын.
Кун жреци арсарлана түштү.
— Ии, жрец, сүйлөбөйсүңбү! Теңир да Ваского жооп бер! — деп ачуулуу кыйкырды Френсис.
— Анын теңирлигин мен кайдан билемин? — деди абышка ага каршы. — Мен өзүм да ага окшоймун, а мен — теңирминби? Мен да Васкомунбу? Мүмкүн да Васко азыр да күндө жүргөндүр? Мени аял киши төрөгөнүн жакшы билемин, бул үч жолку жыйырма анан дагы он сегиз жыл мурда болгон эле, демек, мен да Васко эмесмин.
— Улуу да Ваского ушундай да жооп береби? — деди Френсис аны опузалап, анан кичипейилдүүлүк менен Торреске таазим кылды, өзү болсо тиганн кычыратып, англисчелеп шыбырады; —көтөрүбүрөөк турсаңызчы, жин ургур! Бой которүбүрөөк!
Жрец бир азга созулган тычтыктан кийин Торреске карап сүйлөдү.
— Мен Күнгө аябай-берилген жрецмин. Өз диний ишенимимден жеңил-желпи кече албаймын. Эгер сен чын эле теңир да Васко болсоң бир суроомо жооп бер.
Теңдеши жок текеберленген Торрес макулдугун билдирди.
— Сен алтынды жакшы көрөсүңбү?
— Алтынды дейсиңби? — деп Торрес күлдү. — Мен Күндүн улуу капитанымын, Күн болсо алтын. Алтын мен үчүн бутумдун астындагы ылай, же айланабыздагы бийик таштардай бир нерсе.
— Баракелде! — деп анын жообун макулдады Леонсия.
— Андай болсо, теңир да Васко,— деди жрец баш ийүүчүлүк менен, бирок үнүндөгү шаңдуулукту жашыра албай,— сен биздин эзелки, байыртадан бери келаткан кадимки сынообуздан өтүүгө тийишсиң. Алтындан даярдалган ичимдикти ичип, мурдагыдай «мен да Васкомун» деп айтсаң биз баарыбыз алдыңа тизе бүгүп сага сыйынабыз. Биздип өроопго жат жерликтер көп келишкен. Алардын алтынга чаңкап тургандыгын билчүбүз. Андыктан биз анын чаңкоосун кандырчубуз, ошондон кийин гана алар чаңкоодон таптакыр кутулушчу, анткени алар өлүп калышчу.
Анын сүйлөгөн сөзүн Адашкан Жандар көңүл коюп угуп турушту; жат жердиктер да ага көңүл коё, бирок коопсунуп карап турушту. Жрец чоң булгаары мешокко кол салып, уучтап таза алтындарды чыгарды да, очокко асылуу турган казанга таштады. Френсис, Леонсия жана Торрес казанга өтө жакын тургандыктан, алтындын эрип суюктукка, аныгыраагы жрец Торреске ичирмекчи болгон суюктукка айланып баратканын даана көрүп турушту.
Уруудагы өзүнүн бийик даражасынан пайдаланган кыз чалдын алдына чечкиндүү басып келди да, баарына угуза минтти:
— Бул адам да Васко турбайбы? Капитан да Васко, бир кезде ата-бабаларыбызды ушул жерде алып келген теңир капитан да Васко! — деди.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 14:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Жрец үнүңдү бас дегендей ага ачуулу карады, бирок кыз бир таш статуяга, анан Торреске анан кайра таш статуяга ишара кылын, өз сөзүп кайталады. Жрец жеңиши колунан чыгып бара жатканын сезип, ушул кыздын энеси менен байланышкан жана аны атага айландырган махабатына ичинен наалат айтты.
— Бас жаагыңды! — деп каардуу буюрду ал. — Сен али эч нерсени түшүнбөйсүң. Эгер ал капитан да Васко болсо, алтын ичимдикти ичип деле аман калат.
Эл эриген алтынды чоподон жасалган кумарага куйду. Анын жаңсоосу менен бир нече жигит найзаларын жерге коюп, Леонсиянын оозун ачып туруш үчүн ага карай басышты.
— Токто, жрец! — деп кыйкырды Френсис. — Бул кыз да Васко сыяктуу теңир эмес! Алтын ичимдигиңди оболу да Ваского берип сынап көр.
Бул сөздөрдү уккан Торрес Френсиске ашкере жек көрүү менен карады.
— Сиз эч нерсени сезбегенсип жана менменсинип тура бериңиз,— деп ага үйрөттү Френсис. — Бирок ичүүдөн баш тартыңыз. Аларга туулгаңыздын ичиндеги жазууну көрсөтүңүз.
— Мен ичпеймин! — деп кыйкырды Торрес.
Жрец ал жакка кайрылып:
— Жок, ичесиң! Аны менен чыныгы да Васко, күндөн кайтып келген теңир капитан экендигиңди далилдейсиң. Мына ошондон кийин алдыңа тизе бүгүп сыйынабыз.
Торрес жалдырап Френсисти карады, жрецтин кууш көздөрү муну сезбей калган жок.
— Ичиштен башка арга калган жок окшойт,— деди Френсис таш боордуулук менен. — Эмне кылабыз! Аял үчүн чөмүчтөгүнү ичип, баатырларча өлүңүз.
Торрес капысынан кескин аракет кылып, колун бошотту да, башындагы туулгасын алып, ичиндеги жазуусун көрсөтө жрецке сунду.
— Бул жерде эмне жазылганын окуп көр! — деп кыйкырды ал.
Жрец «да Васко» деген жазууну көрүп, таң калганынан колундагы идишин түшүрүп жиберди. Эриген алтын жерге чачырап, айланада жаткан чырпыктарды күйгүздү, сакчыдардын биринин бутуна бир нече тамчылары чачырап кеткендиктен ал .оорууга чыдабай кыйкырып жиберди да, бир буттап секирген бойдон көздөн кайым болду. Анткени менен Күн жреци тез эле өзүн колго алып, үч курмандын бутунун астындагы чырпыктарды жандырмакчы болду. Бирок кыз анын ишине кайра кийлигишти:
— Күн кудайы улуу капитандын ичимдик ичишин каалабады,— деди ал. — Күн кудайы колуңду калтыратып, ичимдикти төгүп таштады.
Адашкан Жандар тобунда кобур-собур башталды: бул жеңил-желпи иш эмес экендигин баары түшүндү. Жрец өз оюнан кайтууга аргасыз болду. Анткени менен ал келгиндерди өлтүрүүгө катуу чечим кылган болчу. Ошол себептүү бүткүл айла-амалын ишке салып, дагы бир себеп чыгарып элге кайрылды:
— Жогор жактан буйрук болорун күтөбүз. Май алып келгиле. Күндүн өзү бизге белги берсин. Шам алып келгиле.
Бир кесе майды отун жакшы күйсүн үчүн чырпык үстүнө куюп, ортосуна шамды орнотту.
— Ушул шам күйүп бүткөнгө чейин жогорудан кандайдыр бир белги болорун күтөбүз. Ушундай кылсак туура болобу, жарданган менин элим? — деди.
— Туура болот! — деген Адашкан Жандардын шыбыраган үндөрү угулду.
Торрес Френсиске жалдырай карады, бирок ал ага көңүл бурбастан:
— Кары шүмшүк шамды кыска кылып кесип койду,— деди. — Узак дегенде беш минутадай күйөт, мүмкүн үч минутадан кийин өзүбүз да күйүп күл болуп кетербиз.
— Анда эмне кылабыз? — деп коркуудан өзүн жоготкон Торрес сурады. Леонсия болсо эч нерседен коркпой, Френсистин көзүнө кусалуу, махабат толо жылмаюу менен карады.
— Жамгыр тилеп кудайга жалыныңыз,— жооп берди Френсис. — Карасаңыз, тилекке каршы асманда бир үзүм да булут жок. Демек, өлүмдүн убакты-сааты келиптир, эми баатырларча туруп бериңиз. Катуу кыйкырбаңыз.
Анын көзү Леонсиянын көзү менен чагылышып, жүрөгүндө толкунданган чексиз махабат сезимин тартуулады.
Алардын аралыгын өздөрү таңылган устун гана ажыратып турган болсо да, ортодо бөтөнчө, мурда байкалбаган жакындык пайда болуп, көз караштары аларды бириктирип, бири-бирине байлап турган жип болду.
Алар күткөн белгини биринчи болуп асманга караган кыз көрдү. Күйүп түгөнүп бараткан шамдан көзүн албай турган Торрес кыздын үнүн угуп, жогору карады. Асманда чоң чымып учуп бараткансыган үн укту. Бул үн башкалардын да кулагына жетти.
— Аэроплан,— деп кобурады Френсис. — Торрес, сиз аларга мына ушуну кудайдын белгиси деп айтыңыз.
Бирок муну кайталоонун кажети калган жок. Алардан жүз метрдей бийиктикте аэроплан айланып, акырын ылдыйлай баштады. Бул Адашкан Жандар көргөн биринчи аэроплан болчу. Аэропландан тааныш сөздөр кулакка жаңырды:
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
Аэроплан бир айланып, миң футтай тик көтөрүлдү да, андан жүз футча нерсе ажырап чыгып, таштай түйүлүп жерге түшө баштады, жоон топ адамдардын төбөсүндө чоң парашют ачылды. Анын астында кимдир бирөө торго асылып алган жөргөмүштөй силкинди. Парашют жерге жакындаганда кайра баякы тааныш үн угулду:
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
Ушул учурдагы окуялар бири-бирине чагылган тездигинде аралашып кетти. Шам күйүп бүттү, билиги астындагы майга кулады, май күйүп кетип, ага кошулуп май чачылган чырпыктарга өрт жабышты. Бирок Адашкан Жандардын так ортосуна, алардын жармынын үстүнө жууркан жапкандай парашют менен жаап түшкөн Генри эки секирип, досторунун жанында пайда болду, күйүп бараткан чырпыктарды тепкилеп өчүрүп жатты, бул ишке жолто болмокчу болгон Күн жрецин ал ээк талаштыра сокту эле кудайдын кулу чалкасынан түштү, чал эсин жыйып ордунан турганча ал Леонсия, Френсис жана Торрес таңылган жиптерди чечүүгө үлгүрдү. Ал Леонсияны кучактамакчы болуп кучагын жайды эле, бирок кыз аны түртүп жиберди.
— Батыраак! Азыр түшүндүрүп олтурууга убакыт жок! Торрестин алдына тизе бүгүп, өзүңүздү анын кулу кылып көрсөткүдөй болуңуз... англисчелеп сүйлөбөңүз, — деди кыз.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 14:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Генри эч нерсеге түшүнө албады, бирок Леонсия көз карашы менен өз сөзүн ырастаганын, анын үстүнө экөөнүн душманынын каршысында Френсистин тизе бүккөнүн көрдү.
— Мына эмесе! — деп кобурады ал да, Френсиске кошулуп тизе бүгүп жатып. — Өтө кызык болду го. Бул мышык-чычкан оюнуна окшош иш.
Леонсия да тизе бүккөндөн кийин Адашкан Жандардын баардыгы капитан да Васконун бутуна жыгылышты: анткени баарынын көз алдында асмандан кудайдын элчиси учуп келбедиби? Жрецтен башка баардыгы жерде жатты: жрец болсо бул окуяга аябай таңданып, жат жердик адамдын теңирдигине мен да ишенсем бекен деген ойдо турду. Бирок ушул мөөнөттө Торрестин жүрөгүндөгү кара ниеттик баардык иштин ойронун чыгарды.
Торрес Френсис үйрөткөн текеберденүү менен оң бутун көтөрүп Генринин ийнине койду да, анын кулагын оорута басты.
Генри бир секирип алды.
— Минтүүгө кантип батындыңыз, Торрес! — деп өкүрүп ал бая эле жрецти кандай кулаткан болсо, так эле ошондой кулата чапты.
— Мына эми бардык иш ойрондолду, — деп Френсис үмүтсүз үшкүрүндү. — Теңир комедиябыз бүттү.
Чын эле жрец бул окуяны байкап калып, сакчыларын кол жаңсап алдына чакырды. Бирок Генри автомат-тапанчасын кары жрецтин көкүрөгүнө такады, жрец капысынан «порох» деп аталган сырдуу нерсе салынган өлүм келтирүүчү ок жөнүндөгү уламышты эстеп, багынганын билдире жылмайып, сакчыларына артка чегинүүгө белги берди.
— Мындай окуяга баамым да, акыл-оюм да жетпейт,— деди ал өз уруусуна кайрылып жатып Генринин колундагы пистолетке тез-тез назарын сала. — Мен эң акыркы чараны колдонууга аргасызмын: Алиги Кыялкечти ойготуу үчүн чабарман жиберебиз, барып ага асмандан, а мүмкүн күндөн түшкөн бейтааныштар өрөөнгө келишкенин, анын акылдуу кыялы гана мен түшүнбөгөн нерсени бизге чечмелеп беришке жөндөмдүү деп айтсын.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 14:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

О Н С Е Г И З И Н Ч И Г Л А В А
Найзалуу сакчылар Леонсиянын Моргандарды жана Торрести курчап алышып, дыңы алгач бузулуп, жакшы иштелгендиктен эгиндери көпкөк болуп өсүп турган талаалар, шарылдаган агын суулар жана кичинекей токойчо, чөбү тизеге жетип турган шибер аркылуу айдап кетишти. Чөбү жайкалган аянтта музоодон чоң эмес кичинекей уйлар оттоп жүрөт.
— Булар сүт бере турган чыныгы саан уйлар,— деди Генри. — Сулуулугун карагыла! Мындай кыдыгый уйларды буга чейин көргөн белеңер? Бир аз күчү бар адам эң чоңун ,да далысына коюп көтөрүп кете тургандай.
— Менимче, сен жаңылып жатасың,— деп Френсис анын сөзүнө кошулган жок. — Тетиги каралжын уйду көрдүңбү. Анын салмагы жок дегенде үч, жүз фунт келерине мелдеше алам.
— Канча коёсуң? — деп сурады Генри.
— Өзүң айт.
— Жүз доллар. Эгер мен далыма коюп көтөрө алсам, жүз доллар төлөйсүң.
— Келе колуңду.
Бирок алардын кимисинин сөзү туура экендиги аныкталбай калды, себеби Генри четке бир кадам шилтээри менен эле найзалуу сакчылар жаңсоо менен аны кайтарып, эл катары жүрүүгө аргасыз кылды.
Карарган асканын астынан өтүп баратып бийиктен эчкилердин үйүрүн көрүштү...
— Үй эчкилери,— деди Френсис. — Көрүп жатасыздарбы, алдыда эчкилерди кайтарган балдар жүрөт.
— Жанагы берген тамагын эчкинин этинен жасалган дегениңиз жалган эмес тура,—деди Гепри. — Мен эчкини жакшы көрөмүн. Эгер, каап, аты ким эле. Алиги Кыялкеч беле — жрецтин өкүмүн четке кагып, бизди түрүү калтырып, бирок өмүрүбүздүн акырына чейин ушул жерде — Адашкан Жандардын арасында жашай турган болсок, мени ушул королевствонун башкы эчки багуучулугуна дайындашын сураймын. Ошондо, Леонсия, сизге татынакай чакан үй салып беремин, сиз королеванын сарайына быштак жеткирип бергич болосуз.
Бирок Генри кыялдуу пландарын уланта албады, себеби, айтып болгус кооз көлгө туш болушту, аны коргоп Френсис ышкырып, ал эми Леонсия кол чаап жиберди. Торреске да көл жагып, бир нерсе деп кобурап койду. Көлдүн узундугу бир милдей, эни жарым милче келип, эч бир кемчиликсиз узун сүйрү формада болчу. Анын айланасы бамбук жана бадалдар менен курчалып, арийне асканын төмөн жагын да каптап калган. Бул жерде бар болгону жалгыз үй жайгашып, ал жашыл кештеге кадалган седептей көздүн жоосун алат. Көлдөн айланадагы тоолор даана чагылгандыктан, чыныгы тоо кайсы жана анын чагылышынын кай жерден башталарын араң ажыратууга болот.
Леонсия көлдүн кооздугуна карап көпкө суктана албады: бир аздан кийин ал көл суусу таза эместигин сезип, иренжий түштү.
— Аттигиниң-ай, суусунун кирдигин карасаң!
— Себеби өрөөндүн топурагы түшүмдүү,— деген түшүнүк берди кызга Генри. — Кара топурактуу жердин кыртышынын калыңдыгы бир нече жүз фут болот.
Бул өрөөндү бир кезде бүтүндөй көл каптап жаткан сыяктуу,— деп алардын сөзүнө аралашты Френсис. — Аскага назар салгылачы, суунун мурда кай жерге чейин көтөрүлгөнүн андан билүүгө болот. Кызык, суу эмне үчүн мынча азайып кетти экен?
— Жер титирөөдөн болсо керек: көл түбүнөн суу жолу ачылып, көрүп турганыбыздай, бөксөрүп кеткен, көл суусу азыр да төмөндөп баратат. Суунун ылайланган түсү көлгө кир суу куюлуп жатканын билгизет, бирок тунууга үлгүрбөй жатат. Чамасы бул көл чар тарабынан суу түшө турган өзүнчө чуңкур.
— Мына, акыры үйгө да келдик! — деди Леонсия арадан беш минутадай убакыт өткөндөн кийин, оркоюп чыгып турган асканын бурулушунан өтүп, көл боюндагы аскага жабыштыра салынган жапыс үйдүн алдына жетишкенде.
Жоон устундардан тектир жасалып, үстүнө үй курулган, дубалдары бамбуктан, чатыры саман. Үй ушунчалык өзгөчө жайга тургузулган эле. Ага же кайык менен, же жыйырма фут келген, эки киши араң сыйчу тар көпүрө аркылуу гана өтүүгө мүмкүн. Көпүрөнүн эки капталында экиден жигит сакчылыкта турушат. Алар алдыда бара жаткан Күн жрецинин жаңсоосу менен чегинишип, адамдарды өткөрүп жиберишти. Чоң үйдөн келген найзалуу сакчылар көпүрөнүн аркы өйүзүндө калганын эки Морган тең сезбей калган жок.
Көпүрөдөн өткөндөн кийин үйдүн босогосун аттап, кенен бөлмөгө өтүштү. Бул бөлмө жөнөкөй болсо да, Адашкан Жандар өрөөнүнөн жакшыраак болчу. Камыш бойро майда, кооздолуп согулуп, терезенин тешиктерин жаап турган бамбук парда өтө чеберчилик менен жасалгаланган. Бөлмөнүн төрүндө чоң үйдүн алдындагы алтарда орнотулган сыяктуу горизонттон көтөрүлүп чыгып келаткан Күндүн алтын белгиси көзгө даана тартылат. Бирок бул таң каларлык жерде жада калса кыймылдап да койбогон эки жандуу нерсе туткундарды баарынан таң калтырды. Күн белгиси астындагы секиче үстүндө көптөгөн жаздык — жарым диван, жарым тактыга окшогон орун турат. Ошол жаздыктардын арасында бир аял уктап жатат. Анын ийининдеги көйнөгү караңгылыкта жаркырайт, мындай кездемени биздин саякатчылар эч качан кергөн эмес. Анын көкүрөгү акырын көтөрүлүп кайра түшүп дем алып жатты. Ал Адашкан Жандардын уруусуна, караибдер менен испандыктардын кошулушунан таркаган тукумдарга тиешелүү эмес экендиги көрүнүп турду. Анын башында таажы кейиптенгеп эң кымбат баалуу таштар менен алтындан согулган укумуштуу таажы бар эле.
Аялдын каршысында эки алтын тулга турат: алардын биринин алдында от жылтылдайт, экинчисинде чоң казан асылуу турат, эки тулганын ортосунда кардай аппак, орустун бөрүбасарына окшогон чоң ит буттарын керип, кыймылсыз жатат. Үйгө киргендерди көрүп, ит аларды тикирейе карап калды.
— Бул аял чыныгы айым экен, түрү ханышанын өзү, анын кыялы да ханышаныкындай болсо керек,— деп шыбырады Генри жана ошол замат жрецтин каардуу көз карашына кабылды.
Леонсия дем албай, уктап жатканды карап калды, Торрес болсо чочулап, өзүнчө чокунуп:
— Адашкан Жандар өрөөнүндө мындай укмуш бар экенин укпаган элем,— деди. — Бул аял чыныгы испан кызы. Анын үстүндө бул кыздын тамырында кастильялыктардын асыл каны агып жатат. Анын көзү көк болушу керек. Менин ушул жерде турганым кандай чындык болсо, көздөрүнүн көк экендиги ошондой чындык. Бирок байкуштун өңү мынча неге кубарыңкы! — Ал кайра чочуй түштү. — Эмнегедир анын уйкусу табигый эместей. Буга бир нерсе ичиришет окшойт жана көптөн бери ичиришет көрүнүшөт.
— Абдан туура! — деп анын сөзүнө аралжы болду Френсис тынчсыздануу менен шыбырап. — Алиги Кыялкеч апийим уйкусунун кучагында. Сыягы ага ар дайым апийим берип кармап турушат. Бул аял алардын улуу жреци, же оракулу36 болсо керек... Сен тынчсызданбай эле кой, карыя,— деп ал испан тилинде жрецке кайрылды. — Эгер биз аны ойготуп жиберсек, анын кандай жаманчылыгы бар? Анткени силер бизди аны менен тааныштырууга алып келдиңер го, анан уктап жаткан адам менен таанышууга болобу?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 14:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бул шыбыш сулуунун уйкусун бузгандай болду, ал акырын кыймылдады; жаткан ит да биринчи жолу ордунан кыймылдап койду; ал башын кожоюнуна бурду, аял анын мойнун сылап эркелетти. Жрец жүзүн жыйырып, беркилер тынч тургула деп ишара кылды. Бардыгы аялдын көзүн ачып ойгонушун күтүп, тымтырс болуп калышты. Ал акырын туруп отурду, сүйкүмдүү бөрүбасарын кайра сылады, ит болсо курч азууларын арсайта үрдү. Бул көрүнүш жүрөктөрдү жагымдуу дирилдетип, бирок аял туткундарга түз караганда, алар андан бетер титирешти. Алар мындай көздү эч качан көрүшкөн эмес эле, бул көздөн эки дүйнөнүн жарыгы белги бергендей сезилди. Леонсия чокунмак болуп кытыярсыз колун жогору көтөрдү, Торрес болсо аялдын көз карашынан шайманы ооп, чокунмак тургай, Бүбү Марияга арнаган дубасын шыбырап окуй баштады. Ал гана эмес, Френсис менен Генри да узун, кара кирпиктердин көлөкөсүндө коюураак көрүнгөн көгүлтүр көздөрдөн көздөрүн албай калышты.
— Көгүлтүр көздүү сулуу! — деп шыбырады Френсис.
Эмне деген көздөр! Сүйрүгө караганда тегерегирээк! Бирок өтө тегерекке да жатпайт. Төрт чарчыбы? Шок, кантсе да тегерек го. Эгер сүрөтчү болгондо кагазга түшүп жаткан учтан көзүн албай туруп бир нече квадрат сызып, алардын бурчтарын улаштырып бир айланагы бириктирмек да, анын көзүнүн түзүлүшүн тартмак. Көзгө көлөкө түшүрүп, андан улам кыздын көзү чексиздей көрүнөт. Бейтааныштарды көргөндө бул көздөрдө таңдануу да, коркуу да байкалбады, бар болгону кыялдуу кош көңүлдүктүн белгиси көрүндү. Бирок ушундай көңүл коштукка карабай, көз -алдындагы нерселердин бардыгы айымдын сезимине таасир тийгизди. Анын көздөрүндө капысынан ар түрлүү паанайлардын пайда болушу келгендерди таңдандырды. Айымдын көзүндөгү кандайдыр жашыруун азап улам күчөп баратты. Жаз жамгыры көгүлтүр деңиз бетин, же болбосо таңкы туман тоолорду каптагандай бул азап анын мөлтүрөгөн көзүнө парда тарткансыды. Анын үргүлөгөн бейпилдигинде да кадим ошол азап пайда болгонсуду. Бул көздөрдө азыр чексиз баатырдык жалын, эрк жана кайрат электр учкуну сыяктуу балбылдачудай көрүнөт. Бирок уйку пардасы секин ылдый түшүп, уйкудагы аялды ар кандай ой-санаа жана сезимден ажыратып койгонсуду. Анткени менен булардын баары бейтааныш аялдын бүткүл турпатында көрүнүп турган акыл эстин алдында эч сөз эмес болчу. Анын такыбалык турмушунан жышаан берүүчү шимирилген жаагы бул ойду ого бетер бекемдээр эле. Жүзүндө же кургак учуктун, же косметикалык упа, бетмайдын кызылы даана сезилип турду.
Аял ордунан турганда анын периштедей назик кымча бели көзгө даана тартылды. Анын сөөгү жука жана бою шыңга эле, бирок арыктыгы билинбейт. Эгер Генри менен Френсистен бул аял жөнүндөгү пикирлерин сурашса, дүйнөдөгү арык аялдардын эң кумардантуучусу деген болор эле.
Мүңкүрөгөн кары Күн жреци жерге созула эңкейип, маңдайын бойрого тийгизди. Калгандары кыймылдаган жок, бирок Торрестин тизеси бүгүлгөнү араң турду, эгер жолдошторунун жрецти тууроого кенедей эле көңүлдөрү бар экенин билсе, ал сөзсүз көмкөрөсүнөн түшүп сыйынмак. Чынын айтканда, ал тизесин бүгүн баратып, какая түз турган Леонсия менен Моргандарды көрүң, боюн түзөп туруп калды.
Алиги Кыялкеч оболу Леонсияга тигилди; кызга көңүл коюп карап, жаңсагандай түр менен жакыныраак келишин буюрду. Леонсиянын оюнча бул жаңсоо назик жана сүйкүмдүү сулуу үчүн чектен тышкары буйрук эле, ошондуктан Леонсия ага тырчып калды. Ошол себептүү жрец ызырына шыбырап ага баш ийишин буюрганча ордунан кыймылдаган жок. Ошондон кийин гана Леонсия апсайган дөбөткө көңүл да бурбастан сулууну карай басты. Ал эки тулганын ортосу менен иттин жанынан өттү да, баякыдай жаңсоодон кийин токтоду. Эки аял бир минутадай бири-бирине тигилишти, бир убакта Леонсия, каршысындагы аял көзүн ала качканын көрүп, ыктыярсыз салтанаттуу ой пайда болду. Бирок жеңиштин салтанаты көпкө созулбады. Анткени Алиги Кыялкеч көзүн алып качпай эле, тескерисинче текебер кызыгуу менен анын көйнөгүн карап жаткан. Ал эмес, ичке, кубарыңкы колун созуп,. аялдык сезим менен кездемени кармап көрдү.
— Жрец! — деди ал ачуу үн менен. — Бүгүн бизде Манго Үйүндө үчүнчү Күн. Мен сага эчактан бери ушул күнү бир окуя болот, деген элем. Эмне деп айтканымды эсиме сал.
Күн жреци анын алдында кошоматтанып ийиле мындай деди:
— Ушул күнү таң каларлык окуя болот деген элеңиз,— деп жооп берди. — Ханышам, так эле сиздин айтканыңыздай болду!
Бирок ханыша эмнени сураганын унутуп койду. Ал Леонсиянын көйнөгүн сыйпалап, көйнөк ээсин көңүл коюп байкап турду.
— Сен абдан бактылуу экенсиң,— деди ханыша, жолдошторуңдун алдына бара берсең болот деген белги берип. — Сени эркектер сүйүшөт. Азырынча мага баардык нерсе ачык түшүнүктүү боло элек, бирок сени эркектер аябай сүйүшөрүн сезип турамын.
Анын үнү жумшак жана жагымдуу болуп, музыкадай угулду. Бирок Леонсия бул үндүн жагымдуу, же жагымсыздыгын баалаган жок. Анын ачуусу келгендиктен жүзү жанып, жүрөгү дүкүлдөгөнүн сезди.
— Сени мурда да көргөнмүн, көп жолу,— деп сөзүн улады ханыша.
— Жок, туура эмес! — деп кыйкырып жиберди Леонсия.
— Тынч тур! — деп ага ызырынды Күн жреци.
— Тиги жерде,— деди ханыша чоң алтын казанды көрсөтүп,— сени ошол жерден көп көргөнмүн.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 14:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Сени да,—деди ханыша Генриге карап.
— Сени да,— деди Френсиске, чоң көздөрү андан да чоңоюп, анан ал Френсиске абдан көпкө карап турду, муну көрүп турган Леонсиянын жүрөгүн канжар тилип өткөнсүдү.
Ханыша Френсистен көзүн алып, Торреске караганда көздөрү жана түштү.
— Сен кимсиң, бөтөн жерлик? Абдан кызык кийинип алыптырсың: башыңда рыцарлар кийүүчү туулга да, бутуңда кулдардын кепичи!
— Мен да Васкомун,— деп тартынбай жооп берди Торрес.
— Бул абдан байыркы ысым,— деп жылмайды ханыша.
—. Так ошондой, мен ошол кадимки да Васкомун,— деди ал, анан чакырбаса да ханышанын алдына барды: анын оройлугун көрүп ханыша шылдыңдуу күлдү, бирок сөзүн токтоткон жок. — Мындан төрт жүз жыл мурда Адашкан Жандардын ата-бабаларын ушул өрөөнгө ээрчитип келгенимде да ушул туулга башымда болчу.
Ханыша ишенкиребей күлдү да, акырын сурады.
— Демек, сен төрт жүз жыл мурда төрөлгөнсүңбү?
— Ооба десем да болот, жок десем да. Мен эч качан төрөлгөн эмесмин. Мен да Васкомун. Мен түбөлүктүүмүн. Менин үйүм — Күн.
Ханышанын сулуу ичке каштары жогору серпилди, бирок эч нерсе деген жок, ичке, аппак манжалары менен жанындагы орундукта турган алтын кутудан бир чымчым кандайдыр күкүм алды да, тулгада асылуу чоң казанга көңүл кош таштап жиберди, анан ошол эле мөөнөттө анын сулуу жука эриндери шылдыңдуу жылмаюу менен бырышты. Казандан коюу түтүн көтөрүлүп, ошол замат тарап кетти.
— Кара! — деп буюрду ал.
Торрес казанга жакын келип, ичин карады. Анын казандан көргөндөрүн жолдоштору эч качан биле алышкан жок. Бирок ханыша да казандын үстүнө ийилип, Торрес көргөндөрдү көрдү; ошондо ханышанын көзүндө жек көрүү жана кыжырдануу аралашкан күлкү пайда болду. Торрес болсо Бокас-дель-Тородогу мураска тийген үйүнүн экинчи кабатындагы бөлмөнү жана ал жерде ымыркай жаткан бешикти көрдү. Бул аянычтуу көрүнүш анын төрөлүш сырын ачып койду,— ханышанын жүзүндөгү жылмаюу да боор ооруган кейипте эле.
— Сен дагы бир нерселерди көрөсүң,— деди жылмайып ханыша. — Мен сага өмүрүңдүн башталышын көрсөттүм. Эми анын эмне менен бүтүшүн кара.
Бирок ансыз деле көргөндөрүнө таң калган Торрес чочулап, казандан алыстай баштады.
— Мени кечирип кой, айым! — деп жалдырады ал. — Кетүүгө уруксат бер. Азыр көргөндөрүңдү унут, мен да унуткарам деп үмүт кыламын.
— Эми ал жерде эч нерсе жок,— деди ал казан үстүнө кол шилтеп. — Анткени менен мен унута албайм. Көргөн нерселерим түбөлүк эсимде калат. Өзү жаш, башындагы туулгасына караганда кары адам, сен жөнүндө да Аалам Күзгүсүнөн мурда көргөнмүн. Сен өз кылык-жоругуң менен ачуумду аябай келтиргенсиң. Бирок мына бул туулганы кийип жүргөнүң үчүн эмес,— деп ал жай гана даанышмандардай жылмайды. — Качандыр бир кезде көздөрү өткөн рыцарлар өлүктөр үңкүрүндө өз диндерине, өз урууларына тиешесиз сырларды өмүр бою кайтарып какайып турушканын өмүр бою көрүп келаткан сыяктанамын. Ошол өлүктөрдүн арасында сенин кадимки туулгаңды кийип турган кишинин да бардыгы эсимде... Калганын да айта берейинби?
— Жок, жок! — деп жалбарды Торрес.
Алиги Кыялкеч башын ийип, бул аркылуу Торрести өз ордуна барып тура беришин билдирди. Анан анын көз карашы Френсиске токтоду да, жаңсоо менен аны алдына чакырды. Ал ошол мөөнөттө өзүнүн жигитке секичеден карап жатканын байкап, ыңгайсыздана ылдый түштү да, эми ага ылдыйтан жогоруга карап колун узатты. Френсис эмне кыларын билбей, анын колун чечкинсиз кыса кармады. Ханыша анын оюндагыны билип жаткандай үн салды:
— Ушинтчи! Ушул убакка чейин мени эч ким эч качан колумдан өппөгөн. Кантип өбүшүн өмүрүмдө көргөн да эмесмин. Аалам Күзгүсү көрсөткөн сүрөттөрдөн улам гана көргөнмүн.
Френсис анын колуң ийилип өптү. Ханыша колун тартып алууга таптакыр аракеттенбегенден кийин, Френсис анын колун кармап тура берди, алаканы менен анын манжаларындагы тамырлардын согушун даана сезип турду. Ушул абалда экөө тең унчукпай туруп калышты. Френсис ыңгайсызданып турду, ханыша болсо ырыкаттана дем алды. Бул көрүнүштү карап турган Леонсиянын жүрөгүн кызганыч сезими бийлеп алды. Капысынан Генри англис тилинде кубанычтуу:
— Френсис, колун дагы өп! Ага жагып калды,— деди.
Күн жреци тынч турбайсыңбы дегендей ага карады. Бирок ханыша кыздарга тиешелүү уяңдык менен чочулап алганы жаткан колун кайра Френсистин алаканына койду:
— Мен да сен сүйлөгөн тилде сүйлөшө алам,— деди ал Генриге. — Мен эркектердин кандайлыгын билбесем да, колумдан өпкөндө мага жакканын айтуудан уялбаймын. Бул менин өмүрүмдөгү биринчи жолку өбүү. Френсис — сени досуң ушундай атады го? — анын тилин ал. Мага жагып калды. Ооба, абдан жагып калды. Колумду дагы бир жолу өп.
Френсис буга моюп сунду; ал ханышанын колун дагы эле кармап турган, айым болсо дүйнөдөгү баардык нерсени унутуп, сыйкырдалган кишидей, жигиттин көзүнө тигилди. Акыры ал бүткүл эркин колуна алып, өзүн кармады. Колун тез тартып алды да, Френсистин да кетүүсүн буюруп, жрецке кайрылды.
— Ошентип, жрец,— деп баштады ал, үнүндө кайрадан чечкиндүүлүк пайда болду. — Туткундарды эмне үчүн бул жерге алып келгениң мага белгилүү. Ошого карабай, өз оозуңан угууну каалаймын.
— Оо, ханышам! Эзелтен берки салтыбыздагыдай, бул келгиндерди буйруксуз өлтүрүш керек эмеспи? Эл менин оюма кошулбай нааразыланып жатат. Алар сенин чечимиңди талап кылууда.
— Эмне, сен аларды өлтүрүш керек дейсиңби?
— Ооба, менин чечимим ушундай. Бирок мен сенин пикириңди билишим керек, оюбуздун бир жерден чыгышын каалаймын.
Ханыша төрт туткунду дагы бир сыйрадан көздөн өткөрдү. Торреске аянычтуулук менен, Генриге күмөнсүрөп, Леонсияга кабагын бүркөп карады. Френсиске болсо бир мөөнөттөй махабат толгон көздөрү менен тигилди — кантсе да, кызганып ачуусу келген Леонсияга ушундай туюлду.
— Араңыздарда аялы жоктор барбы?— деп капысынан сурап калды ханыша. — Жок, айтпай эле койгула,— деп кебин улады ал, жигиттердин жооп беришин күтпөй. — Эч кимиңердин үйлөнө электигиңерди билемин,— деп ханыша Леонсия турган жакка тез бурулду да:— Бир аялдын эки күйөөсү болушу мүмкүнбү? — деп сурады.
Мындай орунсуз жана кызык суроону угуп Генри да, Френсис да кулкүдөн өздөрүн тыя албай калышты. Бирок бул суроо Леонсияга орунсуз да, кызык да сезилген жок, анын өңү кайра кыжырдануудан кызарып кетти. Ал өзүнүн каршысында өзүнө карата аялдардай мамиледе боло турган чыныгы аял турганын туйду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 14:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Жок, туура эмес,— деп Леонсия буйдалбастап катуу жооп берди.
— Бул абдан кызык,— деп ханыша үн чыгара ой жүгүртө баштады. — Кызык жана адилетсиздик. Эгер дүйнөдө аялдар менен эркектер тең укуктуу болсо, бир аялдын эки күйөөсү болушу. адилеттик эмес, анткени бул туура болсо, анда башка бир аял күйөөсүз калат.
Ал бир чымчым күкүм алып, алтын казанга таштады. Казандан мурдагыдай түтүн көтөрүлүп, тез эле тарап кетти.
— Жрец, туткундарды эмне кылуу керек экендигин мага Аалам Күзгүсү айтып берет.
Ал казан үстүнө эңкеймекчи болуп жатып, капысынан башына бир ой келди. Баарын өз бооруна тартып алчудан эки колу менен жаңсап, туткундарды жанына чакырды.
— Келгиле, баарыбыз бирге карайбыз! — деди ал. — Баарыбыз бир эле нерсени көрөбүз . деп айта албаймын. Кимдин эмнени көрөрүн да билбеймин. Ар ким өзүнө тиешелүү нерсени көрөт. Сен да келип көрсөң болот, жрец.
Айланасы алты фут келе турган казандын жарымына чейин белгисиз суюк металл куюлган эле.
— Сымапка окшойт экен, бирок сымап эмес,— деп шыбырады Генри Френсиске. — Мындай металлды эч качан көргөн эмесмин. Менин оюмча бул эритилген металлга окшойт.
— Жок, ал таптакыр муздак,— деп ханыша анын сөзүнө нааразыланып англисче жооп берди. — Ошого карабай ал от... Френсис, казанды сыртынан кармап көрчү.
Френсис баш ийип казандын сыртынан кармап көрдү.
— Үй температурасынан муздагыраак, — деп жарыялады ал.
— Эми карап тургула! — деп кыйкырды ханыша, анан казанга дагы бир чымчым күкүм таштады. — Муздак болгону менен, бул — от.
— Күкүм өзүнөн-өзү күйүп кетүүчү зат, андан түтүн чыгат,— деди Торрес, костюмунун чөнтөгүнөн тырмалап, ал бир ууч майдаланган тамеки алып чыкты, арасында бир нече сынык ширеңкенин баштары жана чүпүрөктүн тытыгы да бар болчу. — Мына бул күйбөйт!.. — Ал колундагыны казанга таштамакчы болду.
Ханыша уруксат бергендей белги берди. Торрес жарданып карап тургандардын көз алдында колундагыларды казанга таштады. Ошол замат коюу түтүн көтөрүлүп, тарап кетти. Металлдын жылмакай бетинде жок дегенде күл да көрүнбөдү.
— Баары бир ал муздак,— деп Торрес өжөрлөнүп, Френсисти туурап казанды кармалап көрдү.
— Бармагыңды салып көрчү,— деген сунуш кийирди ханыша.
— Жок,— деди Торрес.
— Туура кыласың! — деп анын жообун макулдады ханыша. — Менин айтканымды кылганыңда, азыр манжаларың төрөлгөн кезеңдегиден бирөө кемип калмак. — Ал казанга дагы бир чымчым күкүм таштады. — Эми карагыла, ар ким өзүнүн маңдайына жазылганын көрөт.
Так ошондой болду.
Так ошондой болду.
Леонсия өзүнөн Френсисти ажыратып турган океанды көрдү. Генри Френсис менен ханышаны көрдү, алар кызыктай көрүнүштө никеден өтүп жатышкансыйт, бул кандай жыйын экендигин акырында гана түшүндү. Ханыша болсо өзүн кандайдыр чоң үйдүн ичинде турганын көрдү: ал жогортодон төмөндөгү кооз жасалгаланган мейманканага карап турат, Френсис бул жайды көрсө атасынын үйүндөгү мейманкананы тааныган болор эле. Ханыша өзүнүн жанынан Френсисти көрдү, ал белинен кучактап турат. Френсистин көз алдында болсо жүрөктү-титиретүүчү көрүнүш пайда болду: өлүктөй катып калган Леонсиянын жүзүн көрдү, маңдайында, эки кашынын ортосунда курч канжар сабына чейин сайылып турат. Анткени менен чуңкур жарадан бир тамчы да кан чыкпайт. Торрестин көз алдында пайда болгон нерседен ал өмүрүнүн акырынын башталышы экенин түшүндү; Торрес чокунуп калганын көрүүнү каалабай, карап тургандардын арасынан бир өзү артка чегинди. Күн жреци болсо өзүнүн жашыруун кылмышын көрдү: махабаттын айынан Күн жреци динин унутууга мажбурлаган аялдын жүзүн жана Чоң үйдөгү кыздын өңүн көрдү.
Бул көрүнүштөр күңүрттөнүп жок болгондо, баары бирдей казандын жанынан алысташты, Леонсиянын көздөрү жалындап ханышага арстандай атырылды.
— Сенин Аалам Күзгүң калпты көрсөтүп жатат! Аалам Күзгүң калпычы!
Азыр көргөндөрүнүн таасиринен чыга элек Генри менен Френсис Леонсиянын ачуусу келгенине таңданып, чочуп кетишти. Бирок ханыша сылык сүйлөп каршы болду.
— Менин Аалам Күзгүм эч качан калп көргөзбөйт.
— Анын сага эмне көргөзгөнүн билбеймин, бирок ушуну анык билемин, көргөндөрүңдүн баары — чындык.
— Сен азезилсиң! — деп кыйкырды Леонсия. — Митаам көз боёчусуң, калпычысың!
— Биз экөөбүз тең аял кишибиз,— акырын жеме аралаш жооп берди ханыша ага,— биз аял киши болгонубуз үчүн, кээде эмне кылып жатканыбызды өзүбүз да билбейбиз. Менин кимдигимди — калпычы, көз боёчумунбу, же аялдарга тиешелүү махабатка жык толгон жүрөгү бар аялмынбы — муну эркектер чечишсин. Биз экөөбүз аял киши, андай болгондон кийин, алсыз жандарбыз, азырынча бири-бирибизге карата кең пейилдүү бололу.
— Эй Күн жреци, эми өз чечимибиз жөнүндө сүйлөшөлү. Сен ыйык Күн жреци болгонуң үчүн кадимки үрп-адатыбызды мага караганда жакшыраак билесиң. Мага тиешелүү болгон нерселерди, менин бул жерде кандай пайда болуп калганымды да мага караганда жакшыраак билесиң. Алиги Кыялкеч жашай турган ушул үйдүн сырын уруубуздун энелери өз кыздарына калтырып келгенин жакшы билесиң. Биздин да келечек тукум жөнүндө ойлой турган убактыбыз жетти. Бизге бөтөн жердиктер келишти, алардын бардыгы бойдок. Уруубузда келечекте дагы Алиги Кыялкеч болушун кааласаң, той күнүн жарыя кылыш керек. Ушундай болушу керек — убакыт жетти, эми керектөө пайда болду, орун да белгилүү. Мен өткөн ыйык элестерден сураган элем, алар кандай кылууну айтып беришти. Менин чечимим ушул: ушул үч жигиттин кайсы бири аалам пайда боло электен мурда менин тагдырыма байланган болсо, ошого тиемин. Ушундай болсун: алардын эч бири мага үйлөнүүнү каалабаса баардыгы өлөт жана сен алардын ысык канын ыйык Күн алтарыңа курмандыкка коёсуң. Эгер алардын бирөө мага үйлөнсө, баары тирүү калат, андан кийинки тагдырыбызды убакыт өзү көрсөтөт.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 12:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: