Суперстан: Үчөөнүн жүрөгү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үчөөнүн жүрөгү Жек Лондон

#81 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 14:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Күн жреци кыжыры кайнап ачууланып, каршылык кылмакчы болду эле, ханыша анын оозун ачырбады.
— Оозуңду жап, жрец! Сен бул элге мен аркылуу гана өкүмдүк кылып келесиң... Бир ооз сөз айтсам барбы... Сени эмне күтүп турганын өзүң билесиң. Бул жеңил өлүм эмес. — Ал бери жакта турган үч жигитке кайрылды. — Ии, үчөөңдүн кимиңер мага үйлөнөсүңөр?
Алар болуп жаткан сөздөн уялып, оңтойсуздана бири-бирине карап турушкан, ошондуктан эч биринен үн чыккан жок.
Мен аял эмесминби,— деди ханыша аларды ызалаптып. —Кантип эле мени бир да эркек каалабасын? Эмне, мен жаш эмесминби? Же сулуу эмесминби? Эркектер ушунчалык кызык калкпы, кантип эле эч бириңе мен сулуу сезилбейин, эч бири мени бооруна кысып, ак көңүл Френсис колумду өпкөндөй, өбүүнү каалабасын?
Ал Леонсияга карады.
— Сен калыс бол! Сен көп эркектердин жүрөгүндө махабат отун жаккан аялсың. Кантип эле мен сенчелик эмесмин, кантип эле мен сеп сыяктуу боло албайын?
— Сен ар дайым аялдарга караганда эркектерге ак көнүлсүң,— деп жооп берди Леонсия, анын сөздөрүндөгү эркектер үчүн табышмактуу маани ханыша үчүн толук түшүнүктүү болчу. — Сен аял катары абдан сулуу жана жароокерсиң; сени' бооруна кысыш үчүн, баарын берүүгө даяр эркектер дүйнөдө толуп жатат. Бирок, ханыша, сага эскертип коёюн, эркектердин да ар түрдүүсү болот.
Ханыша Леонсиянын сөзүн угуп жана ойлонуп туруп, анан жрец жакка чукул бурулду.
— Сен баарын уктуң, жрец. Бүгүн мен турмушка чыгышым керек. Жат жердиктердин бири да мага үйлөнбөсө, баары кудай жолуна курман болот. Мына бул аял да. Ал мени шерменде кылып, жер караткысы келип турат,— ханыша бул сөздөрдү жрецке айтып жаткан болчу, бирок бул сөз баарына тиешелүү экендиги анык эле. — Бул жерде үч жигит бар, алардын бири төрөлө электен мурун эле менин тагдырыма бүткөн. Сөзүмө кулак сал: туткундарды башка бир жерге алып барып кой, кимиси мага үйлөнөрүн өздөрү чечишсин.
— Эгер тагдырыңа мурдатан жазылып коюлган болсо,— деп жиберди Леонсня,— кандай чечүүнү эмне үчүн алардын өздөрүнө берип жатасың? Өзүңө кимиси жагаарын билесиң! Ой жоруп олтуруунун эмне кереги бар? Анын атын ата, ханыша, азыр эле айтып кой?
— Ал кандайча тандалышын айтып болдум!—деп каршылык билдирди ханыша алтын казанга бир чымчым күкүмдү көңүл кош таштап, ошондой капалуу абалда ага тигилди. — Баргыла эми, тагдырга жазылганын көрөбүз! Жок, токтогула! —деп кыйкырды ал капысынан, туткундар бөлмөдөн чыгып баратканда. — Френсис, бери кел. Мен сага тиешелүү нерсени көрүп турам. Бери келип; мени менен кошо Аалам Күзгүсүн кара.
Баары күтүп токтоп калды, Френсис болсо казандын жанына барып, ханыша менен кошо казандагы белгисиз металл үстүнө тигилди. Ал өзүн Нью-Йорктогу үйүнүн китепканасынан көрдү, жанындагы Алиги Кыялкечти белинен кучактап турат. Кыз болсо биржа телеграфын кызыгуу менен карап жатат. Френсис телеграф кандай иштешин ага түшүндүрө баштады, бирок лентага карап, ушунчалык жагымсыз кабарды көргөндүктөн, өзүнүн маклерина37 коңгуроо кылыш үчүн телефонго чуркады — ушул мөөнөттө баары жок болду.
— Эмнелерди көрдүң?— деп сурады алар тышка чыкканда Леонсия.
Френсис калп айтты. Алиги Кыялкечти Нью-Йорктогу үйүнүн китепканасынан көргөнүн жашырып айтпай, жооп берди:
— Биржа телеграфын көрдүм, акциялар Уолл-стритти коркунучка сала турган даражада төмөндөп кеткенин кабарлады. Бирок Уолл-стрит жана биржа телеграфына байланышым бардыгын ал кайдан билди экен?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 14:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

О Н Т О Г У З У Н Ч У Г Л А В А
— Бул жинди чалыш немеге кимдир бирөө үйлөнүшү керек,— деди Леонсия, төртөө жрец ээрчитип келген үйгө кирип, бойро үстүнө олтурушканда. — Ушул баатырдыгы менен ,ал баарыбыздын, ошондой эле өзүнүн да өмүрүн сактап калат. Сеньор Торрес, өзүңүз менен кошо баарыбыздын өмүрүбүздү сактап калуу мүмкүнчүлүгү алдыңызда турат.
— Э-э-й! — деп Торрес калтырап кетти. — Он миллион доллар бергенде да мен ага үйлөнбөймүн. Ал адаттап тышкары акылдуу. Аны көрсөм денемди калтырак басат: Ал, эмне десем экен? Ал сиздердин сөз менен айтканда, нервиме таасир этет. Мен баатыр адаммын. Бирок анын алдында менин баатырдыгымдан эч нерсе калбайт. Коркконумдан кара терге чөмүлүп кетем. Жок, он миллиондон азга коркунучту жеңишке аракет да жасабайм. Генри менен Френсис мага караганда эр жүрөк эмеспи. Алардын бири үйлөнсүн.
—Тилекке каршы менин Леонсия менен сөзүм бүтүп калган,— деп Генри өзүн алып качууга шашылды.— Анан мен кантип ханышага үйлөнөм?
Баары жапырт Френсиске карашты, анткени менен Леонсия анын жооп беришине жолтоо болду.
— Бул адилетсиздик, — деди ал.— Эч бириңиздер ага үйлөнүүнү каалабай жатасыздар! Ошол себептүү жеке адилеттик — таяк кармоо,— ошентип ал бойродон үч тал чөп сууруп алды да, бирин сындырды.—Ким кыска чөптү алса, ошол адам ханышага үйлөнөт,— деди кыз.— Сеньор Торрес, оболу сиз алыңыз.
— Ким кыска чөптү алса, таажы киши, нике окутсун,— деп Генри күлдү.
Торрес тулку-бою калтырап, чокунун чөптүн бирин тартты. Чөп узун эле, ал кубанганынан бөлмөнүн ичинде тегеренип, ырдап жиберди:
Барбайм мен таажы кийгенге,
Мен ушундай азамат...
Андан кийин чөптү Френсис тартты, анын үлүшүнө да узун чөп түштү. Ошентип, Генринин кызга үйлөнүүдөн башка айласы калбады. Леонсиянын колунда калган кыска чөп анын тагдырын чечип олтурат. Ал Леонсияга карады, анын жүзүнөн жети кабат тозоктун баардык азаптары көрүндү. Кыз муну көрүп, аябай боору ооруп кетти, бул кыйналууну Френсис да сезип, тез эле бир бүтүмгө келди. Жолу бар. Тез эле баардыгы өз ордуна келет. Леонсияга канчалык махабаты терең болсо, Генриге болгон достугу андан да күчтүүрөөк эле. Арсар болчу убак эмес, ошентип Френсис Генринин далысына колун коюп, кубанычтуу кабарды жарыялады.
— Каршыңызда башы ачык бойдок турат, ал никелешүү законунан коркпойт. Ага мен үйлөнөм.
Генри өлүмдөн кутулгандай жеңил дем алды. Ал Френсистин колун кармады, алар биринин көзүнө бири тик карап кол кысышты. Тек гана таза жүрөктүү, асыл кишилер бири-биринин көзүнө ушинтип тик карай алышат. Маселенин күтүлбөгөндөй чечилишип көрүп турган Леонсиянын жүзүндөгү дабдыроону экөө тең туйган жок. Алиги Кыялкеч чындыкты айткан эле: Леонсия аял киши катары адилетсиз, ал эки кишини бирдей сүйүп, ошону менен Алиги Кыялкечти закондуу бакытынан куру калтырып жаткан болчу.
Чоң үйдөгү кыздын пайда болушу бул теманы талкуулоону улантууга мүмкүнчүлүк берген жок. Кыз башка аялдар менен бирге туткундарга тамак алып келген. Торрестин курч көздөрү кыздын мойнундагы кымбат баа таштардан тизилген шуруга кадалды: шуру кадим жакуттан, чоң-чоң жакуттан болчу.
— Алиги Кыялкеч мага белек берди,— деди кыз, анын жаңы жасалгасы туткундарга жагып жатканына көңүлү толуп.
— Анда мындай таштардан дагы барбы? — деп сурады Торрес.
— Албетте,— деген кыздын жообу угулду,— Ал мага азыр эле ушундай таштарга толгон сандыкты көрсөттү. Анда ар кандай түсүнөн бар, ал турсун мындан чоңдору да бар, бирок алар жипке тизилбеген бойдон жүгөрү данындай додолонуп сандыкта үйүлүп жатат.
Баардыгы тамактанып, аңгеме куруп олтурушканда, Торрес тынчсызданып ордунан туруп, тамеки тутантып, өзүн жаман сезип, тамак ичкиси келбей жатканын айтты.
— Мага карагыла,— деди ал короздонуп. — Мен испан тилин экөөңөргө караганда жакшы билемин. Мындан сырткары өзүмө ишенип айта алам, испандык аялдардын табигатын да сиздерге караганда жакшыраак билем. Сиздерге дос экенимди далилдөө үчүн мен азыр ошол ханышанын алдына барып, аны бизге турмушка чыгуудан баш тартууга аракеттенип көрөмүн.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Сакчылардын бири Торрестин жолун тосту да, ал жөнүндө кабарлаганга кетти, анан тез эле кайтып келип, кире берүүгө белги берди. Ханыша жамбаштап жаткан болчу, ал Торреске сый көрсөтүп, алдына жакыныраак келишке уруксат берди.
-Сен тамак ичкен жоксуңбу? — деп сурады ал камкорлоно; Торрес көңүлүм чаппайт дегенден кийин, сунуш кылды: — А ичүүнү каалайсыңбы?
Торрестин көзү жайнай түштү. Ал чечкиндүүрөк болуш үчүн бир аз ичип алуу зарылдыгын сезди: акыркы күндөрдө ал көп нерселерди башынан өткөрдү, анын үстүнө жаңы авантюранын алдында турат, бул иште эмнеси болсо да жеңишке жетүүгө чечим кылды. Ханыша кол чаап, кирип келген кызматчыга буйрук берди. Кызматчы ошол замат кичинекей жыгач челекти алып кирип, оозун ачты.
— Бул өтө эски шарап, бир нече кылымдан бери сакталып келе жатат,— деди ханыша. — Айтмакчы, да Васко, булар сага белгилүү эмеспи, анткени мындан төрт кылым мурда бул жерге өзүң алып келгенсиң.
Челектеги ичимдиктин эскилигинде шек жок болчу, Торрес катуу чаңкагандыктан тамагы кургап кеткенин сезди. Бул челек Атлантика океанынан бери өткөндөн бери он эки муун төрөлүп, өлүп кетиптир. Кызматчы аял чоң идишке куйду, аны Торрес бир көтөрүү менен бошотуп, ичимдиктин жумшактыгына баа берди. Бирок тез эле бүткүл тулку-бою жана мээси төрт жүз жылдык шараптын сыйкырдуу күчүн сезди.
Ханыша ага орундуктун аяк жагына отурууга уруксат берди, ошенткенде гана аны карап туруу жеңил эле.
— Сен чакыруусуз өзүң келдиң, мага бир нерсе айткың келеби же бир нерсе сурагың келеби?
— Мен сүйлөшүп макулдашылган адаммын,— махабат авантюрасына кадам койгон чыныгы эркек кебетесине кирип жооп берди ал.
— Кызык,—деди ханыша. — Аалам Күзгүсүнөн сени көргөн эмесмин. Мүмкүн... бул жерде кандайдыр бир каталык кеткендир?
— Абдан туура, каталык. —Торрес аны алдап болбосун түшүнүн дароо сөзүнө кошулду. — Бул шараптын таасири. Анын кандайдыр сырдуу күчү бар, сага жүрөгүмдү ачып салууга мажбурлап жатат, анткени мен сага умтуламын!
Ханыша мыйыгынан жылмайып, кызматчы аялды чакырды да, чопо идишти дагы толтурууну буюрду.
— Эми экинчи жаңылыштык болоор ээ? — деп ызалантты ал чөйчөктү бошоткондон кийин.
— Жок, ханышам! — деп жооп берди Торрес. — Азыр эс-акылым ордунда, өзүмдү токтотууга кудуретим бар. Тагдыр Френсис Морганды — сенин колуңду өпкөн жигитти — тандады: ал сенин эриң болот.
— Бул айтканың туура,— деди кыз салтанаттуу. — Мен Аалам Күзгүсүнөн так ошонун өңүн көргөнмүн, анын меники экенин да дароо сезгенмин.
Анын сөзүнөн демдене түшкөн Торрес кебин улады:
— Мен анын досумун, эң жакын досумун. Сен билбеген нерсе жок, колуктуга сеп берерин да билсең керек. Ал мени, эң жакын досун, колуктусунун канча себи бардыгын билип келгенге жиберди. Анын өз өлкөсүндө эң бай адамдан экендиги сага белгилүү болсо керек.
— Бери кел,— деп буюрду ханыша.
Торрес босогодон аттап, бул бөлмө ханышанын жатчу бөлмөсү экенин туйду. Бирок ханыша бат кыймылдап, калай менен капталган оор сандыктын капкагын ачып туруп чакыргандыктан бөлмөнү карап чыгууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Ооба, кыз акыйкатты айткан эле! Сандыкта кымбат баа таштар, бриллиант, каухар, зымырат жана сапфирлер жүгөрүнүн данындай үйүлүп жаткан.
— Колуңду сандыктын түбүнө чейин батыр,— деди ханыша, — булар жөнөкөй айнек эместигине, кыял же түш эмес, арийне кымбат баалуу таштар экендигине ишен. Ошентсең гана мага үйлөнө турган дөөлөттүү досуңа анык Жооп бере аласың.
Эски шараптын таасири менен Торрес анын айтканын кылды.
— Кантип эле ушул айнектер сага ажайып болуп көрүнсүн? — деп сурады ханыша аны шылдыңдап күлүп. — Алдыңда айтып бүткүс укмуш тургандай тигилип калдың.
— Жарык дүйнөдө ушундай казына бардыгы түшүмө да кирген эмес эле,— деп күбүрөдү ал, өзүн таптакыр жоготуп.
— Буларга баа жокпу?
— Ооба, буларга баа жок.
— Булар эрдик, махабат жана намыстан да кымбатпы?
— Булар баардык нерседен кымбат. Бул казына акылдан адаштырып жибериши мүмкүн.
— Ушул байлыкка аялдардын, же эркектердин чыныгы махабатын сатып алууга болобу?
— Бул байлыкка бүтүн дүйнөнү сатып алууга болот!
— Эмне деп жатасың? — деди ханыша. — Мына сен эркек кишисиң, аялдарды кучагыңа алып көргөнсүң. Кантип эле ушул таштарга аялдарды сатып алууга мүмкүн болсун?
— Дүнүйө жаралгандан бери аялдарды ушундай таштарга сатышкан жана сатып алышкан. Мындай таштар үчүн аялдар да өздөрүн сатышат.
— Ушул таштар менен досуң Френсистин жүрөгүн сатып алышым мүмкүнбү?
Ошондо гана Торрес биринчи жолу анын жүзүнө карады да, баш ийкеп кобурады. Шараптан улам жана ушунчалык көп кымбат баа таштарды көргөндүктөн анын көздөрү алайып кеткен эле.
— Сенин оюңча, досуң Френсис да бул таштарды сендей кадырлайбы?
Торрес дагы унчукпай баш ийкеди.
Ханышанын күлкүсү үй ичин жаңыртып жиберди,. анын күлкүсүнөн жек көргөндүк сезилди. Ал ийилип туруп, баалуу таштардан бир ууч колуна алды.
— Жүр,— деп буюрду ал. — Бул таштар мен үчүн канчалык кымбаттуу экенин көрсөтөмүн.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ханыша Торрести бөлмөнүн ичинен суунун үстүнө курулган балконго алып чыкты. Бул балкон үйдүн үч жагына айландыра курулуп, төртүнчү жагы аскага барып такалчу. Асканын таманындагы прим буркан-шаркан түшүп жатат. Торрес Моргандар күмөн кылган көлдүн тешиги ушул жерде болсо керек деп ойлоду.
Ханыша болсо конгуроодой күлкүсү менен аны шылдыңдап, колун жайды да баалуу таштарды айлампанын ортосуна ыргытты.
— Мен үчүн булардын кадыры мына ушундай,— деди ал.
Торрес таңданып калган эле, ал мындай ысырапкерчиликти көрүп дароо өзүнө келди, ичкен шарабынын таасиринен кымындай да калган жок.
— Булар эч качан колума кайтып келбейт! — деп күлүп сөзүн улады ханыша. — Ал жерден эч нерсе кайтып келбейт. Карап тур!
Ал сууга гүлдесте таштады, гүлдесте айлампа чуңкурунда чарк айланды да, жок болду.
— Эгер ал жерден эч нерсе кайтып келбесе, анын баары кайда кетет,— деп киркиреп сурады Торрес.
Бул жол менен көп адамдар кеткен,— деди ханыша ойлуу. — Алардын бири да кайтып келген эмес. Менин апам да ушул жолдон кеткен — ал өлгөндөн кийин ушул жерден таштап жиберишти. Мен ал кезде кичине болчумун. — Капысынан ал өзүнө келип: —Эми туулга кийген адам, жөнө! Көргөнүңдү кожоюнуңа барып айт, мен досуңа барып айт демекчи элем. Менин себимдин кандай экендигин ага жеткир. Эгер анын ушул таштарга сеникинин жарымынчалык эле ыкыласы болсо, анын колдору белиме чырмалат. Мен болсо ушул жерде калып, ал келгиче ой-кыялдын толкунунда болом. Мен суунун агымын көпкө тамаша кылышым мүмкүн.
Торрес кетиш жөнүндө буйрук алгандан кийин, жатаканага өттү, анан ханышанын эмне кылып жатканын көрүш үчүн ошол замат бутунун учу менен артына кайрылды. Ханыша балкондо маңдайына колун жөлөп иримге карап турган. Аны көрүп, Торрес шап сандыктын капкагын ачып, бир ууч ташты чөнтөгүнө салды. Бирок экинчи жолу сандыкка колун салып жатканда, артынан ханышанын уулуу күлкүсү угулду.
Коркунуч менен каар аны ушунчалык курчап алгандыктан, ханышага карай жүткүндү; ханыша балконду көздөй качты, Торрес артынан кууду, мына эми кармадым дегенде, ханыша ага канжар кезеди.
— Ууру,— деди ханыша токтоо. Уяты жок ууру. Өрөөнүбүздөгү бардык уурулардын тагдыры — өлүм. Азыр сакчыларымды чакырам да, сени иримге таштоону буюрамын.
Иштин күтүлбөгөн жерден тескери кетиши Торрести бүткүл айласын жумшоого мажбурлады. Ал ханыша таштап жиберем деп коркуткан көбүктүү сууга карады да, ал жерден коркунучтуу бир .нерсе көргөндөй кыйкырып жиберип, бир бутун бүгө тизелеп, шадылуу колдору менен жасалма коркуудан бүрүшкөн кебетесин жашырды. Ханыша башын буруп, Торрес караган жакка назарын бурду. Торреске ушул гана керек болчу. Ал ханышага жолборстой атырылып, колдон кармады да, канжарын тартып алды.
Али өзүн колго ала албаган Торрес кыска-кыска дем алып, жүзүндөгү терин аарчыды. Ханыша болсо ага кызыга кымындай да коркпой карап тура берди.
— Сен иблистин кызысың,— деди Торрес жек көрүү менен дагы эле өзүн колго ала албай,— жин-шайтандардын тилин билген азезилдин өзүсүң! Бирок ургаачыдан төрөлгөн аялсың, демек сени өлтүрүүгө болот. Сен баардык жаныбар аялдар сыяктуу алсызсың, ошондуктан сага тандоо укугун беремин. Же сени иримге таштап өлтүрөмүн, же болбосо...
— Же болбосо эмне? — деп сурады ханыша.
— Же... — ал тыным алып, кургап кеткен эриндерин жалады: — Жок! Кудай урсун! Мен коркпойм! Же болбосо бүгүн эле мага тиесиң! Танда!
— Сен мага ашыктыктан үйлөнөсүңбү, же байлыгым үчүнбү?
Байлыгың үчүн,— деди бети чымырабай Торрес.
— Бирок Турмуш Китебинде Френсиске чыгарым жазылган да,— деп нааразылыгын билдирди ал.
— Эмне болмок эле. Турмуш Китебинин ошол барагын кайрадан жазабыз.
— Мындай кылуу мүмкүндөн бетер айтасың! — деди ханыша шылдыңдай күлүп.
— Андай болсо мен сенин өлүшүң мүмкүндүгүн далилдеймин, иримге гүл таштагандай, сени да таштап жиберем.
Азыр Торрес чынында да баатыр эле. Эски күчтүү шарап канын кызытып, анын үстүнө ханышанын колунан канжарды тартып алып, күчү ашып-ташып тургандыктан баатыр болуп кеткен эле. Ал чыныгы Латын Америкалык болгондуктан, өзүн көрсөтүү жана сөзмөрлүгүнө эрк берүү мүмкүнчүлүгү болгон сахнадан ыракаттанбай кала албайт болчу.
Ал капысынан чыккан ханышанын ышкырыгынан чочуп кетти — Латын Америкалыктар адатта кызматчыларын ушинтип чакырышат. Торрес ханышага шектенип карады, анан жатакананын эшигине, кайра ханышага карады.
Босогодо элес сыяктуу — Торрес көз кыры менен элес булас көрүп калды — чоң боз ит пайда болду. Торрес иттен коркуп артына чегинди. Бирок бут коюучу орун таба албай, иримге түшүп кетти. Ал жан далбастай кыйкырып, артынан ит да сууга секирип түшкөнүн көрдү.
Торрес сууда сүзгөндү жакшы билгени менен иримде өзүн чөптөй сезди. Алиги Кыялкеч балкон тосмосуна ийилип, сыйкырлагандай төмөндү карап, ирим оболу Торрести анан итти кучагына тартып кеткенин көрдү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ж Ы Й Ы Р М А Н Ч Ы Г Л А В А
Алиги Кыялкеч буркан-шаркан түшүп жаткан сууну дагы көпкө карап турду. Анан улутунуп: «Байкуш итим!» — деп боюн түзөдү. Торрестин өлүмү аны кенедей да кайгырткан жок. Ал кырылып бараткан жарым жапайы уруусунун өмүрү менен өлүмүнө жашынан өкүм чыгарып үйрөнүп калган, адамзаттын өмүрү ага кандайдыр ыйык нерсеге окшочу эмес. Адамдын турмушу жакшы, сулуу боло баштаса, ага өмүрүнүн акырына чейин жашоо мүмкүнчүлүгүн бериш керек. Эгер ал жаман, адепсиз жолго кирип, башкалар үчүн кооптуу болсо — андай адамга кайгырууга болбойт: өлө берсин, андайларды 'өлтүрүп коюуга болот. Ханышанын адамдарга көз карашы мына ушундай эле. Ошондуктан Торрестин өлүмү ал үчүн көңүлсүз бат өтүп кетчү окуя бойдон кала берди. Ал итине гана боору ооруду.
Ханыша өз түнөгүнө кирип, катуу кол чаап кызматчысын чакырды. Кымбат баа таш салынган сандыктын капкагы дале ачык турган. Кызматчыга буйрук берип ханыша кайра айванга чыкты, себеби ал жерден бөлмөдө эмнелер болуп жатканын байкатпай карап турууга ыңгайлуу эле.
Бир нече мүнөттөн кийин кызматчы бөлмөгө Френсисти ээрчитип кирди да, аны жалгыз калтырып чыгып кетти. Жигит ойлуу болчу. Леонсиядан кечип кетүү канчалык. асылдык болгону менен ага жеңил болгон жок. Адашкан Жандарга өкүмүн өткөргөн, көл боюндагы ушул үйдө жашаган көркөм аял менен боло турган нике да аны кубанта албады. Туура, аялды көргөндө Торрес сыяктуу коркуп калтаарыбайт, тескерисинче, Френсистин ага боору ооруй1'. Оп гүлүнөн бир гүлү ачыла элек бул сулуу аялдын аянычтуу абалы анын жүрөгүн ачыштырат. Байкуш аял бой көтөрүп баарын башкарганына карабай, махабат, өмүр шеригин табууга бүт ынтаасын коюп умтулганына кайдыгер тура албайсың.
Френсис кайсы жерде экендигин айланага бир жолу назар салып эле түшүндү да, эрксизден: ханыша ашыкча кеп сөзсүз, менин ыраазылыгымсыз жана эч кандай каадасыз эле мени өз эрим деп эсептеп койгон го деген ойго кетти. Ушул сыяктуу оор ойлорго батып, сандык жакка көңүл да бурган жок. Жигиттин кыймылын байкап турган ханыша анын бөлмөнүн ортосунда өзүн күтүп турганын көрдү; ал ушул калыпта бир аз туруп сандыктын алдына келди, бир ууч кымбат баа ташты алып, анан ал таштарды жөнөкөй айнектей салааларынын арасынан ордуна таштады: андан кийин бурулуп ханышанын отургучунун жанына барды да, ал жердеги жайылып турган кабылан терисин көздөн өткөрө баштады. Бир аздан кийин казынага да, кабылан терисине да көңүл бурбай, олтургучка чөктү. Баарын байкап турган ханыша кубанып кеткендиктен эми мында жашырыпып карап тура албады. Ал бөлмөгө кубанычтуу кирип:
— Эмне, сеньор Торрес калп сүйлөгөндү абдан сүйчү беле? — деди.
— Сүйчү беле? — Френсис бир нерсе деп жооп бериш керектигин ойлоп, анын суроосун кайталап, ханышаны күтүп алуу үчүн ордунан турду.
— Ооба, эми ал эч нерсени сүйбөйт. Сөзүмө түшүнүп жатасыңбы? Ал эми жок,— деп түшүндүрдү ал.— Эч жерде жок.
Бул кабарга Френсистин кызыгып калганын көрүп, кошуп койду:
— Ал кайып болду. Бул абдан жакшы, эми ал эч качан кайтып келбейт. Мен билгим келет, бирок ал калп айтканды жакшы көрчү беле?
— — Ооба, сөзсүз жакшы көрчү. Ал жеткен калпычы болчу,— деп жооп берди Френсис.
— Ал сага эмне деди? — деп сурады Френсис.
— Мага үйлөнүү анын тагдырына түшкөнүн айтты.
— Калпычы,— деди Френсис тек гана.
— Анан ал тагдыр сага түшкөнүн айтты. Бул кеби да калп болчу деди ал маанайы бошоп.
Френсис баш чайкады.
Ханыша кубанганынан кыйкырып жиберди. Аны көрүп Френсистин жүрөгүндө мээрим менен аёо пайда болду, аны кучактап соороткусу келди. Ханыша анын сүйлөшүн күттү.
— Сага үйлөнө турган адам менмин,— деди ал чечкиндүү.— Сен сулуу кызсың. Той качан болот?
Ханышанын өңүнүн ушунчалык кубанычтуу жалжылдашын көрүп, Френсис эгер бул өң өзүнө энчиленсе, эч качан ага кайгы кондурбоого ант берди.
Адашкан Жандардын өкүмдары, баасыз казынасы менен келечекти алдын ала айтып бере турган укмуштуудай жөндөмү болгону менен Френсис үчүн ханышанын жүрөгү махабатка толо эле, жигит үчүн, ал махабат жагдайында тажрыйбасыз, жалгыз, жөнөкөй аял болчу.
— Ал Торрес деген дөбөт дагы эмне дегенин айтып беремин,— деп сөзүн кубанычтуу улады ханиша,— Ал мага сенин абдан бай экениңди, мага үйлөнөрдөн мурда менин себим канчалыгын билгиң келгендигин айтты. Сен аны менин себимди кергөнү жиберген имишсиң. Бул сөздүн калп экенин билемин. Анткени сен менин байлыгым үчүн үйлөнүп жатканың жок да! — деп ал кымбат баа таштарга толо сандыкка жек көрүү менен карап койду.
Френсис ачуулу баш чайкады.
— Сага мына булар эмес, менин өзүм керек! — деди кыз салтанаттуу.
— Ооба, сенин өзүң керек,— деп Френсис сүйлөөгө аргасызданды.
Азыр болуп өткөн нерсе Френсисти таң калтырды. Өкүм чыгаруучулардын эң зулуму, өз элинин тагдырына өкүм жүргүзүп келген, Торрестин тагдырын өлүм менен бүтүм чыгарып бул жөнүндө кайдыгер гана айтып өтүштү ылайык көргөн, Френсистин ыраазылыгын сурабай туруп эле, өзүнө күйөөлүккө тандап алган ханыша кызарып кетти. Кыздарга тиешелүү уяңдык анын бетин кулактарына чейин кызартып жиберди. Ханышанын ыңгайсыз абалы Френсиске да өттү. Ал эмне кылаарын билбей калды; жүзүнө кан тээп, күнгө какталган терисин кызартып жиберди. Адамзат тарыхында эркек менен аялдын ортосунда эч качан мындай байланыш болбогон болуш керек деп ойлоду Френсис. Экөө тең ушунчалык кысынып-уялган абалга келгендиктен, Френсис бул ыңгайсыз абалды жеңилдетип, кандайдыр бир нерсе ойлоп табууга жан-далбастап аракеттенсе да эч нерсе таба албас эле. Сөздү биринчи болуп ханыша баштоого туура келди.
— Эми мага болгон махабатыңды көрсөтүшүң керек,— деди ханыша андан бетер эки бети кызарып.
Френсис сүйлөмөкчү болду эле, эриндери кургап кеткендиктен жаланып, түшүнүксүз бир нерселерди шыбырап жөн болду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Мен эч качан эч кимди сүйгөн эмесмин,— деп толкунданып сөзүн улады ханыша.— Менин элим сүйүшкөндү билбейт. Алар адам эмес, акыл жүгүртүп, ой ойлоого кудуретсиз айбандар. Бирок сен экөөбүз чыныгы эркек жана аялбыз! Дүйнөдө эркелөө, назиктик жаракөрлөнүү деген түшүнүк бар — буларды Аалам Күзгүсүнөн көргөмүн. Бирок мен али тажрыйбасызмын. Анын кандай аткарылышын билбеймин. Сен чоң дүйнөдөн келгенсиң, албетте, махабат эмнелигин билесиң. Мына мен күтүп турамын. Мени сүй! — Ал орундукка чөгүп, жанына Френсисти өткөрдү да, өз сөзүнүн натыйжасын күтө баштады. Кыздын айтканын аткарып сүйүшү керек болгон Френсистин буту-колу катып калган эле: ал кыймылдоого күчү жок экенин сезди.
— Мен сулуу эмесминби? — деп сурады ханыша бир аз тынчтыктан соң.— Кантип эле мен сенин кучагыңа кирүүнү кыял кылып жатканымдай, сенин да мени кучактагың келбесин? Эркек кишинин эрини менин эриниме эч качан тийген эмес. Антип өбүү — эрининен өбүү кандай болот? Эриндериң колума тийгенде ыракаттанганымды байкагамын. Ошондо колумду гана эмес, жүрөгүмдү да өптүң. Анда менин жүрөгүм сенин колуңда согуп турган эле. Муну сен сездиңби?
— Мына ушундай,— деди ханыша алар жарым сааттан кийин орундукта кол кармашып олтурушканда. — Сага өзүм жөнүндө билгендеримди айтып бердим. Өткөндөгүлөрүм жөнүндө башкалардан уккандарымды капа билемин. Азыркы окуяларды Аалам Күзгүсүнөн көрүп турамын. Келечекти да көрүшүм мүмкүн, бирок элес сыяктуу, көргөндөрүмдү баардык убакта эле түшүнө бербейм. Апам, чоң энем сыяктуу эле мен да ушул жерде туулганмын. Ар бир ханышанын турмушунда эртеби-кечпи өз сүйгөнү пайда болгон. Кээде алар сага окшоп башка жерден келишкен. Апам мага, энеси сүйгөнүн издеп өрөөндөн чыгып, узак убакыт жоголуп кеткенин айткан болчу. Менин апам да ошондой кылган. Мен жашыруун жолду билемин, бул жолдо алда качан өлүп сөөгү сөпөт болгон конкистадорлор майялардын сырын сактап турушат, да Васко да ошол жерде, Торрес деген дөбөт анын туулгасын уурдап, өзүнүкү кылып алган. Сен өзүң келбегениңде, сени издеп барууга аргасыз болмокмун — себеби сен меникисиң, тагдыр сени мага атаган.
Кызматчы аял, артынан сакчы кирди. Алар өзүнүн кызыктуу испан тилинде эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн Френсис араң түшүндү. Ханышанын бир ачуусу келип, ошол эле мезгилде кайра кубанычка бөлөнүп, сүйлөшүүнүн мазмунун айтып берди.
— Биз азыр эле Чоң үйгө барышыбыз керек. Ал жерде той каадасы болот. Күн жреци өжөрлөнүп жатат дейт, эмнеге экенин билбеймин, мүмкүн алтарда сиздердин каныңыздарды төгүүгө жол бербегеним үчүндүр. Ал өтө канкор. Өзү Күн жреци болгону менен анчалык акылдуу эмес. Күн жреци биздин нике кыйдырышыбызга каршы элди көкүтүп жаткандыгын айтышты. Сасыган дөбөт! — деп ал муштумун түйдү, өңүндө чечкиндүүлүк көрүнүп, көздөрү кыжырданууга толуп,— Мен аны биздин Чоң үйдүн алдында, Күн кудайынын алтары алдында эски салтыбыз боюнча нике кыйдырууга мажбурлаймын!
— Мени карачы, Френсис, али деле болсо өз оюңдан кайтууга убактың бар,—деди Генри ага,— Чынында да бул адилетсиздик! Анткени кыска чөп мага тингең! Туурабы, Леонсия?
Леонсия бир ооз да сүйлөй алган жок. Алтардын алдында турган, алардын артын Адашкан Жандар каптап калган болчу. Ханыша менен Күн жреци. Чоң үйгө кирип кеткен эле.
-Бирок Генринин да ага үйлөнүшүн каалабайсыз, ушундай эмеспи, Леонсия? — деп сурады Френсис.
— Сиздин да ага үйлөнүшүңүздү каалабаймын, — деп нааразылана сүйлөдү Леонсия. — Ага күйөөлүккө Торрести эки колдоп тапшырган болор элем. Ал аял мага жакпайт. Досторумдун бирөөнө да ага ыраа көрбөймүн.
— Сиз, менимче, кызганып жатасыз, — деди Генри, — А Френсис болсо өз тагдырына анча деле капа эмес.
— Ханыша кайдагы бир желмогуз эмес да,— деди Френсис. — Өз тагдырыма жазылганды эч капаланбай, татыктуу тосуп алмакчымын. Андан сырткары, Генри, кепти өзүң баштап калганың үчүн айтып коюуну ылайык таптым, сен ага жолуккан күндө даал сага тиймек эмес.
— Аны... ким билет...— деп баштады Генри.
— Андай болсо өзүнөн сурап көр. Тигине келатат. Көздөрү бузулуп калыптыр. Азыр бир балакет башталат. Жрецтин да кабагы салыңкы. Мен бул жерде экенимде мага турмушка чык деп айтып көрчү, ал сага кандай жооп берээр экен.
Генри да көгөрүп баш ийкеди.
— Макул... айтамын, аялдардын жүрөгүн кантип багындырарымды сага көрсөтүш үчүн эмес, адилеттик болуш үчүн ушинтемин. Сенин сунушуңду кабыл алып туура кылбадым, эми өзүмдү актоом керек.
Алар бир нерсе деп токтотуп калууга үлгүрө элегинде, Генри адамдардыи арасын жарып өтүп, ханышанын алдына барды. Ал жрецти бир четке түртүп ийип, бир нерселерди күйүп-бышып түшүндүрүүгө жан-алакеттенип жатты. Анын сөзүн угуп, ханыша күлдү. Бирок бул күлкү Генрини шылдыңдоо эмес болчу; ал Леонсияга карата салтанаттуу күлүп жаткан эле.
Генринин сунушун кабыл албаганын түшүндүрүү үчүн Ханыша көп убактысын кетирген жок, ал Леонсия менен Френсистин жанына келди; анын артынан удаа жрец менен Генри келди. Генри ханыша сунушун кабыл албаганына кубанычта экенин жашыра албады.
— Өзүң ойлоп көрчү,— деди ханыша Леонсияга кайрылып.— Ак көңүл Генри өзүнө турмушка чыгуумду сунуш кылды. Бүгүнкү күндүн эсебинде бул төртүнчү сунуш. Демек, мени да сүйөт экен! Аял кишиге анын тою болор күнү төрт кишинин махабат билдиргенин уккансыңбы?
— Кандайча төрт киши? — деп Френсис таң калды.
Ханыша ага мээримдүү карады.
— Сен өзүң, азыр эле мен ыраазылыгымды бербеген Генри. Сиздерден мурун баякы уятсыз Торрес. Азыр болсо Чоң үйдө мына бул жрец.— Ханышанын көздөрүндө каардуу учкундар чачырады, өңү кызарып кетти.— Өз антынан алда качан танган мына ушул жрец, ушул жарым жан эркек мага эр болууну каалап калыптыр! Дөбөт! Макулук! Мен ыраазы болбогонумдан кийин Френсиске да тийбейсиң деди. Жүргүлө! Мен азыр анын адебин беремин.
Ал сакчыларына өзү менен туткундарды курчап алууну, ал эми эки сакчыга жрецтин артына өтүүнү буюрду. Муну көргөн эл чуулдап жиберди.
— Башта, жрец! — деп кескин буюрду ханыша.— Болбосо менин адамдарым сени өлтүрөт.
Жрец кыясы адамдарды жардамга чакырмакчы болду окшойт артына тез бурулду, бирок көкүрөгүнө кадалган найзаны көрүп, тилин тиштеп баш ийүүгө аргасыз болду. Ал Френсис менен ханышаны алтардын алдына ээрчитип келип, өзүнө каратып тургузду да, ошол жердеги бийик орунга чыкты. Анан колукту менен күйөөгө жана ошол жерде топтолуп турган элге кайрылып сүйлөй баштады:
— Мен Күн жрецимин. Менин сөзүм ыйык. Ант ичкен жрец катары бул аялды — Алиги Кыялкечти мына бул келгинге, алтарда анын канын төгүүнүн ордуна нике кыйышым керек. Менин антым ыйык. Мен аны буза албайм. Мен бул аялды бул эркекке никелештен баш тартамын...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Андай болсо азыр эле өлөсүң, жрец! — деп ханыша өзүнө жакын турган сакчыларга башы менен ишара кылып, найзанын учун ага кадоону буюрду, дагы бир топ сакчыларды нааразылык билдирип, баш ийбей коюуга даяр турган Адашкан Жандарга каршы койду.
Арада оор тынчтык өкүм сүрдү. Бул бир минутага уланды. Эч ким ооз ачкан жок, бирөө кыймылдаган да жок. Баары бир орунда катып, көкүрөгүнө найза кадалган жрецтн карап калышкан эле. Жаны кыл үстүндө турган адам тынчтыкты биринчи болуп бузду. Ал баш ийди. Найза кадап тургандарга камаарабай тескери карады да, тизе бүгүп, эски испан тилинде Күн кудайына жүгүнүп, түшүмдүүлүк жөнүндөгү дубаны окуду. Анан ханыша менен Френсиске бурулуп, аларды жүгүнүүгө, дээрлик тизе бүгүүгө мажбур кылды. Абышканын колдору алардын чырмалышкан колдоруна тиери менен өңү бузула түштү.
Жрецтин белгиси менен кыз-күйөө ордунан турду. Күн жреци жүгөрү нанын экиге бөлүп, ар бирине жарымдан берди.
— Баш кошуу,— деп шыбырады Генри Леонсияга, Френсис менен ханыша өз үлүшүнө түшкөн нандан тиштегенден кийин.
— Сыягы да Васко бул жерге алып келген Рим-католиктик ырым-жырымдар акырындык менен той каадасына айланып кеткен,— деп шыбырады Леонсия ага жооп иретинде. Френсистен түбөлүккө ажырап жатканын сезүү Леонсия Р . үчүн абдан оор эле. Ал өзүн араң кармап турду: эриндери кеберсип, тырмактары эрксиз алаканына батып баратты.
Алтардан алып чыккан кичинекей канжар менен кичинекей чөйчөктү жрец ханышага узатты. Кыз өз кезегинде Френсиске бир нерсе деди. Жигит сол колунун жеңин түрүп ага сунду. Ханыша анын колун тилип кан чыгарууга даярданып жатып, капысынан ойлонуп токтоп калды. Анан жигиттин колун тилүүнүн ордуна канжарды тилин учу меш ибн акырын ###### көрдү.
Анын ошол замат каары ашып-ташып канжарды ыргытып жиберди. Азыр ал жрецти өлүмгө буюрууга даяр эле. Ханыша өзүн колго алууга аракеттенди, бирок өтөсүнөн чыга албай бүткүл Денеси калчылдап баратты. Ал канжардын кай жерге барып түшкөнүн жана анын эч кимге зыяны тийбегенин көргөндөн кийин, көкүрөгүнөн башка кичинекей канжар алып чыкты. Бычакты оболу тили менен ###### көрдү, анан Френсистин колун тилип кан чыгарды да, бир нече тамчы — алтын чөйчөккө тамызды. Кезеги менен кыздын колун Френсис да ушинтти. Жрец ханышанын каардуу көз карашына кабылгандан кийин аралаш кан куюлган чөйчөктү алды, алтарга төгүп, курмандык өткөрүү ырымын жасады.
Бир азга тынчтык өкүм сүрдү. Ханыша ачуулуу жана кабагы салыңкы турду.
— Эгерде бүгүн кимдир бирөөнүн каны Күн кудайынын алтарына төгүлүшү керек болсо...— деп сөзүн каардуу баштады ал.
Ушул мөөнөттө жрец өзүнүн көңүлсүз милдети эсине түшкөндөй элге кайрылып, азырдан баштап Френсис менен ханыша эрди-катын экендигин салтанаттуу түрдө жарыяла" ды. Ханыша бүт турпаты менен өзүн кучактоого үндөп, Френсиске кумардуу карады. Френсис аны кучактап өптү. Муну көрүп турган Леонсия жыгылып кетпес үчүн Генриге жөлөнүп, онтоп жиберди. Бирок бул көрүнүштү Френсис сезбей калган жок, жана анын себебин да түшүндү. Ханыша бир минуттан кийин күлүп-жайнап атаандашына карады эле, бул мезгилде Леонсия эч нерсе болбогондой, сыймык менен турган эле.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ж Ы Й Ы Р М А Б И Р И Н Ч И Г Л А В А
Айлампа тартып баратканын сезген Торрестин көңүлүндө эки нерсе чагылгандын тездигинде пайда болду. Биринчиси — артынан секирип сууга түшкөн чоң боз ит, экинчиси, мени Аалам Күзгүсү алдады деген ой. Торрес өз өмүрүнүн акыркы минуталарын жашап жатканына ишенди, бирок Аалам Күзгүсүнө көз кырын салып көргөн нерселери суу ичинде өлүүгө такыр окшош эмес эле.
Ал мыкты сүзгүч, ошол себептүү ирим тартып баратканда, бар болгону башын ташка, же үңкүрдүн шыбына уруп алуудан сактанды. Бирок тагдырды карачы, анын башы бир жолу да ташка тийген жок. Ал кээде агым жогору түртүп баратканын сезет: дубал же ташка жакын келип калса, акуланы көргөндө башын Калканына жашырып алуучу деңиз таш бакасы сыяктуу жыйрылып төмөн көздөй сүзүп жөнөйт.
Бирок минута өткөндө — Торрес аны канча убак дем албаганына карап билип турду — кайрадан агымдын тездигинин төмөндөгөнүн байкап жатты. Ал башын суудан чыгарып, таза абадан кере-кере дем алды. Ал суу бетинде каалгып, сүзбөй, итке эмне болду экен, жер астындагы дарыядан сүзүү дагы кандай кокустуктарды келтирер экен деп ойлоду.
Бир аздан кийин Торрес алды жактан чыккан жарыкты көрдү, бул күңгүрттөнгөн жарык сөзсүз күндүн жарыгы эле. Ал жарык акырындык менен чоңоё баштады. Торрес артына карап, өзүн бар күчү менен сүзүүгө аргасыз кылган нерсени көрдү. Ал башын бийик көтөрүп, курч тиштерин арсайтып сүзүп келаткан итти көргөн болчу. Жогору жактан жарык түшкөн жерде аскага туташкан таш жолду көрүп, Торрес ага чыгып алды. Эң оболу ханышадан уурдап алган каухарлар жоголбоду бекен деп колун чөнтөгүнө салды. Бирок жер астында күн күркүрөгүдөй жаңырган иттин үнү Торреске анын курч тиштерин эстетип, кымбат таштардын ордуна канжарын алып, шай турууга чакырды.
Торрести кайрадан күмөндүү олку-солкулук курчап алды. Бул айбаттуу итти суу ичинде өлтүрсөмбү, же агым аны ары агызып кетишин күтүп жогоруга, жарык түшүп жаткан жакка тырышсамбы? Ал өзүнө экинчи жолду ылайык көрүп, сороюп чыгып турган таш асканын үстүнө шашылып чыга баштады. Бирок ит суудан чыгып, төрт аяктуу айбандарга тиешелүү тездик менен ага чуркап тез эле жетип алды. Торрес буту араң батчу тар аянттан туруп артына кайрылды да, канжарын шайлап соккуга даярданды.
Бирок ит ага асылган жок. Ал оозун ачып чочоюп отурду да, так эле саламдашып жаткандай, алдыңкы бутун ага узатты. Торрес иттин бутун кармап силкилдетти — ал коркконунан эс-акылынан ажыроого араң калган эле. Андан туталанган каткырык чыгып, иттин алдыңкы бутун силкилдете берди, ит болсо тилин салаңдатып, ага карап үнсүз күлүп жаткансыды.
Итти артынан ээрчитип, жогору тырмышып чыгып бараткан Торрес дарыя үстүндөгү жол бир аз жогору көтөрүлүп, анан кайра ылдый дарыяга түшөрүн байкады. Ушул минутада Торрес эки ачылыш жасады: биринчиси аны калтыратып, токтоого аргасыз кылса, экинчи көргөнү үмүттөндүрдү. Бул ачылыштын биринчиси жер астынан аккан дарыя болчу. Дарыя аскага күч менен урунуп, суу көбүктөнүп, буркан-шаркан түшүп жер астына кирип кетүүдө — суунун шарпылдап урунушу, толкундун бийик көтөрүлүшү ыгымдын өтө тездигин көрсөтөт. Экинчи ачылыш, аскадагы тешик, андан жарык чыгып турат. Диаметри он беш футтай келген бул тешикти акылга сыйбас коркунучтуу жөргөмүш желеси каптап алган болчу. Анын айланасында чачылып жаткан сөөктөр болсо андан да үрөй учуруп, коркунучка салат. Жөргөмүш желесинин жоондугу карандаштай болуп, күмүш жип сыяктуу көрүнөт. Торрес колун буд жиптердин бирине тийгизип алып, чочуп кетти. Жип желим сыяктуу анын манжаларына жабышып калды, ал бар күчү менен жипти силкилдетип жатып колун араң бошотуп алды. Колуна жабышып калган илээшме жипти кийими менен иттин жүнүнө аарчып тазалай баштады.
Жөргөмүштүн өтө жоон желесинин ылдыйкы капшытындагы эки жибинин ортосу бир аз ачык болуп тургандыктан, алардын арасынан өтүп, жарыктыкка чыгуу мүмкүн эле: бирок өтө сак жүргөн Торрес ал жакка оболу итти өткөрүүнү туура тапты. Боз ит жөрмөлөп өттү да, ошо замат көздөн кайым болду. Торрес иттин артынан эми эле бармакчы болуп камынды эле, бирок ит капысынан кайра көрүндү. Ал бир нерседен аябай корккондуктан ушунчалык тездик менен келип өзүн токтото албай Торреске урунуп экөө тең жыгылды. Тигил колдору менен урчук таштарга тырмышып араң калды, анын төрт буттуу жолдошу болсо кулаган бойдон туура көбүрүп турган айлампага түшүп кетти.
Аны куткаруу үчүн Торрес ойлонгуча суу итти асканын астына тартып кеткен болчу.
Торрес көпкө олку-солку болуп туруп алды. Ал үчүн кайра жер астындагы дарыяга түшүүнү ойлоонун өзү коркунучтуу эле. Жогортодоп болсо жарык дүйнөгө жол ачылгандай сезилди, гүл күнгө умтулгандай, Торрес да бүт жандили менен ушул жарыктыкка умтулууга даяр турат. Бирок ит ал жерден эмнени көрдү экен, артына качууга ага эмне себеп болду экен? Терең ойго чөмүлгөн Торрес колунун кандай томолок нерсеге тийип турганын дароо сезе алган жок. Ал ошол нерсени колуна алып, адамдын ырсайган баш сөөгү экенин көрдү. Өтө коркуп кеткен Торрес бутунун астында адам сөөктөрү килем болуп төшөлүп жатканын көрдү. Кабырга менен омуртка сөөктөрү кадимкидей даана көрүнүп турду. Бул көрүнүш сууга секирүүнү оюна салды. Бирок суу буркан-шаркан түшүп, асканын астындагы тешикке кирип кетип жатканын көрүп, кайра артка болду.
Ханышанын канжарын алып, Торрес өтө сактык менен жөргөмүш желесинин арасынан карады да, ал ошол жерден ит көргөн нерсени көрдү. Торрес катуу коркуп кеткендиктен артына бурулуп, өзүн түз эле сууга таштады. Ал суу бетинде жеңил дем ала элегинде асканын астындагы айлампа соруп кетти.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бул убакта ханышанын көл боюндагы үйүндө мындан да кызыктуу окуялар абдан тез өөрчүп баратты. Меймандар менен кыз-күйөө Чоң үйдө өткөн ырым-жырымдан кайтып келип, кооз жасалган дасторкондун айланасына олтурушкан эле, дубал терезесинен учуп кирген бамбук дарагынан жасалган ок Френсис менен ханышанын ортосунан зуулдап өттү да, каршыдагы дубалга сайылды, ал ушунчалык күч менен сайылгандыктан анын канат жагы дагы эле кыймылдап турду. Генри менен Френсис тар көпүрө жакка караган терезенин тушуна чуркап барып, коркунучтуу абал туулганын көрүштү. Алардын көз алдында ханышанын көпүрөнү күзөтүп турган сакчысы үй жакка карап качып келатып, көпүрөнүн ортосуна келгенде ок тийип сууга кулады. Анын далысында да дубалга сайылгандай жебе турду. Адашкан Жандар' Өрөөнүнүн баардык эркектери жрецтин башчылыгы алдында жээктеги көпүрөнүн башына топтолуп алып, үйжакка канаттуу жебе жаадырып жатышты. Аялдар менен балдар алардын артында ар кандай тапшырманы аткарууга даяр турушат.
Ханышанын сакчыларынын бири бөлмөгө чалыштап кирип келди: ал жыгылып кетпес үчүн эки бутун талтайтып токтоду, көздөрү чанагынан чыгып кетиптир, эриндери болсо үнсүз шыбырайт — ал бир нерсе демекчи болду, бирок буттары өзүнө баш ийбей, көмкөрөсүнөн кулады, анын далысында да кирпинин ийнесиндей жабалактаган жебелер. Генри көпүрө жактагы эшикке чуркады, анан тапанчасынан ок жаадырып, чабуулга өткөн Адашкан Жандардан жолду тазалады. Алар тар көпүрөдөн тизилишип келаткандыктан, тапанча огуна кабылып, биринин артынан экинчиси кулай баштады.
Кичинекей үйдү камоо узакка созулган жок. Френсис, Генри автомат-тапанчасы менен аткылап жатканынан пайдаланып көпүрөнү бузуп таштаса да, жрецтин буйругу менен жаадырылган жебеден жыйырмадай жери күйө баштаган үйдү өчүрүүгө, курчоодо калгандар алсыз болчу.
— Кутулуунун бир гана жолу бар,— деди ханыша түтүндөн дем ала албай. Ал көл үстүнө салынган балкондо Френсистин колунан бекем кармап, көрүнүшүнөн анын кучагына өзүн таштоого, андан жардам суроого ынтызар эле. Бул жол бизди кең дүйнөгө алып чыгат,— деп ханыша айлампаны көрсөттү.— Ал жакка кеткендердин эч бири кайтып келген эмес. Аалам Күзгүсүнө карап отуруп өлүктөр мына ушул дарыядан агып барып, кең дүйнөгө чыкканын көргөнмүн. Торрести эсепке албаганда, ал жакка тирүү жан түшкөнүн көрө элекмин. Алардын баары жансыз болчу. Алар эч качан кайтып келген эмес. Баса, Торрес да эми кайтып келбейт.
Бардыгы өзүн күтүп турган коркунучтан чочулап бири бирин карашты.
— Башка жол жокпу? — деп сурады Генри Леонсияны бооруна бекем кысып.
Ханыша баш чайкады. Шыптын алоолонуп күйүп жаткан жыгачтары алардын айланасына түшө баштады. Кан ичүүнү самашкан Адашкан Жандардын ызы-чуусунан алардын кулагы тунду. Ханыша, сыягы, өз бөлмөсүнө кирмекчи болуп, колун Френсистин колунан чыгарды, анан кайра дароо анын колун кармап жатаканага баштады. Френсистин эч нерсеге акылы жетпей, ханыша менен бирге кымбат баа таштарга толо сандыктын каршысына токтоду: анан таарды сыйырып, полдогу тешикти ачты, ал жерден суу көрүндү. Френсис ханышанын буйругуна баш ийип, сандыкты тешиктин алдына сүйрөп келип, сууга таштады.
— Бул жайды Күн жреци да билбейт,— деп шыбырады ханыша, анан ал Френсистин колунан кармап, Генри менен Леонсия турган балконго чуркап чыгышты.
— Качууга убакыт жетти, Френсис, менин урматтуу күйөөм, мени бекем кучакта да өзүңдү сууга ташта! — деп буюрду ханыша.— Биз башкаларга жол көрсөтөбүз.
Алар сууга секиришти. Ошол замат алар чыккан үй учкун чачыратып кулап түштү. Алардын артынан Генри да Леонсияны кучактап, азыр эле Френсис менен ханыша кайып болгон айлампага өзүлөрүн таштады.
Торрес сыяктуу алар да эч жерге урунбай, жарык түшүп турган жана чыгуучу жерде чоң жөргөмүш олжо аңдып жаткан жерге эсен-аман чыгып алышты. Френсиске караганда Генринин сүзүшү жеңилирээк болду, анткени Леонсия сууда жакшы сүзчү. — — Ырас, Френсис мыкты сүзгөндүктөн, ханышаны суунун ичинде эркин алып жүрдү. Себеби, ханыша анын колун кармап, дарыянын түбүн көздөй тартпастан, Френсистин суроосун чын дили менен аткарып жатты. Аскага жетишкенде алар суудан чыгып, дем алын алууну туура табышты. Эки аял суу болуп жайылып кеткен чачтарын сыга баштады.
— Сиздер менен тоо койнунда биринчи жолу болуп жаткан жерим жок,— деди Леонсия эки Морганга күлө карап; чындыгында анын сөзү аларга караганда ханышага көбүрөөк тиешелүү эле.
— Мен болсо мындай саякатка күйөөм менен биринчи жолу чыгышым,— деп тез жооп кайтарды ханыша, анын шылдыңдашы Леонсиянын жүрөгүнө канжардай сайылды.
— Френсис, сенин аялың менин болочок колуктум менен ымалалаша алчудай эмес,— деди Генри аялдардын уятсыэ сөздөрүнөн ыңгайсыз абалга камалганын жашырмакчы болуп.
Бирок Генри ишке мындай чыныгы эркекче мамиле жасап, баары үчүн мурдагыдан да оорураак болгон тынчтыкты пайда кылды. Бул көрүнүш, ал тургай, эки аялды тең рахатка бөлөгөндөй сезилди. Френсис бул ыңгайсыздыкка чек коюу үчүн кандай сөз сүйлөшүн билбей баш катырды. Генри болсо айласы кетип, капысынан ордунан турду да, чалгынга барарын айтты. Ханышага өзүнө жолдош болуп жүрүүнү сунуш кылды. Ал колун сунуп, ханышанын турушуна жардамдашты. Френсис менен Леонсия дагы эле оозуна талкан салып алгандай үнсүз олтура беришти. Ал тынчтыкты биринчи болуп Френсис бузду.
— Билесизби, Леонсия, мен сиздин адебиңизди берип койсомбу деп турамын.
— Анткидей мен эмне кылыпмын? — деп сурады кыз Френсистин жинине тийип.
— Билмексенге салбаңыз! Сиздин жүзүңүз курусун!
— Сиздин да жүзүңүз курусун! — Кыз аялга тиешелүү алсыздыгын билдирбөөгө аракет кылса да анын үнү дирилдеп кетти.— Ким сизге айтты ал кызга үйлөн деп? Таяк кармаганда сизге түшкөн эмес эле го. Мындай опурталдуу ишке периште да батына албайт, а сиз эмне үшүн кол-бутуңузду таңып бердиңиз? Мен сизден ушуну сураган белем? Сиз ага үйлөнөөрүңүздү Генриге айтканыңызда жүрөгүм жарылып кете жаздады. Акылымды жоготуп коюуга аз эле калды. Сиз мени менен кеңешип да койгон жоксуз. Анткени сизди андан сактап калуу үчүн таяк кармоону мен сунуш кылбадым беле — мендик болуп калышыңыз үчүн ушундай кылганымды мойнума алуудан эч уялбайм. Генри мени сизге караганда башкачараак сүйөт. Мен да Генрини эч качан сизди сүйгөнчөлүк сүйө албайм, азыр да сизди сүйөмүн, о теңир, мени өзүң кечир.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Френсис өзүн кармай албай калды. Кызды бекем кучактап, бооруна басты.
— Тоюңуз болуп жаткан күнү ушинтесизби? — деп жиберди Леонсия. Френсистин колдору бошоп кетти.
— Эмне деп жатасыз, Леонсия, дагы ушундай учурда ээ! — деди жигит капалуу.
— Эмне үчүн айтпайм? — деп кыз ачууланды.— Сиз мени сүйчүсүз. Муну көз карашыңыз менен ушунчалык ачык айтчусуз. Сиздин сүйөрүңүзгө кымындай да шектенбей калганмын. Анан, капысынан аппак денеси менен сизди акылдан аздырган биринчи жолуккан аялга кубанып үйлөндүңүз.
— Сиз кызганып жатасыз! деди жигит таарынычтуу. Леонсиянын баш ийкеп ырастаганын көргөндө жигиттин жүрөгү дүкүлдөп сого баштады,— Сиздин кызганып жатканыңызга кепил болушум мүмкүн, ошону менен бирге бардык аялдарга окшоп калп сүйлөп жатасыз. Ооба, мен ага үйлөндүм, бирок кубаныч, шаттыктан үйлөнгөнүм жок. Сиз менен өзүм үчүн ушундай кылдым. Чын-чынына келгенде экөөбүздөн да, Генри үчүн ошенттим. Кудайга шүгүр, эркек кишинин ар-намысы эмне экенин али таптакыр унутуп коё элекмин!
— Эркек кишинин ар-намысы ар дайым эле аялдарды кубанта бербейт,— деп анын сөзүн кубаттабады Леонсия.
— Сиз менин абийирсиз болушумду каалар белеңиз? — деп сурады Френсис.
— Мен азыр махабат туткунундагы гана аялмын! — деп Жалооруду Леонсия.
— Сиз аял эмес, чагаанак аарысыз,— деди жигит ачууланып,— Мага карата адилет мамиледе болбой жатасыз.
— Сүйө турган аял ушундай жагдайда адилет боло алабы? — деп Леонсия, ошону менен дүйнөдөгү эң улуу акыйкатты мойнуна алып.— Эркектер үчүн өздөрү ойлоп чыгарган ар-намыс зарылыраактыр, аялдар үчүн болсо эң негизгиси сүйүүгө толо жүрөгүнүн буйругу; мен муну аял киши катары баш ийүүчүлүк менен мойнума алууга аргасызмын.
— Мүмкүн сиздики туурадыр. Абийирдүү болуунун математика сыяктуу закондору бар. Ошондой эле, аялдар үчүн эч кандай ахлак-адеп закону жок, бир гана...
— Бир гана көңүл бар,— деп анын сөзүн жыйынтыктады Леонсия.
Алардын сөзү ушул жерге келгенде ханыша менен Генри чакырып калышты. Френсис менен Леонсия алардын жанына шашылышты. Анан баары бирге чоң жөргөмүштүн желесин карап калышты.
— Мынчалык чоң жөргөмүштүн желесин көргөнсүңөрбү? — деп сурады таң калып Леонсия.
— Муну тарткан шумдуктуунун өзү канчалык болду экен? — деди Генри.
— Ырас, адам жөргөмүшкө окшош болгондон көрө, аны тамаша кылган жакшыраак,— деди Френсис.
— Бактыга жараша биз бул жол менен кетпейбиз,— деди ханыша. Баары ага суроолуу карады.
— Биздин жолубуз тигине,— деп ал Колу менен көбүктөнгөн агымды көрсөттү.— Мен бул жолду жакшы билемин. Аалам Күзгүсүнөн аны бат-бат көрүп турчумун. Апам өлгөндөн кийин, аны көмүү деп эсептеп айлампага ташташканда, дененин кай жакка агып кетерин Аалам Күзгүсүнөн карап, ал оболу ушул жерге келгенин, анан агым андан ары карай агызып кеткенин көргөмүн.
— Бирок ал өлүк эле да,— деп каршы болду Леонсия.
Алардын ортосундагы күнүлөшүү кайра күч алып кетти.
— Сакчыларымдын бири, сулуу жигит,— деп сөзүн улады ханыша,— мага махабат көзү менен кароого батынды, ошондо ал тирүү бойдон айлампага ташталды. Мен аны Аалам Күзгүсүнөн байкап турдум. Ал ушул жерге чейин сүзүп келип суудан чыкты. Жөргөмүш желесинин арасынан ары жакка, жарык түшүп турган жакка, жөрмөлөп өткөнүн көрдүм. Ал жакка өттү да, бат эле артынан кайтып, өзүн сууга таштады.
— Жок мен аны Аалам Күзгүсүнөн карап турдум, бир топко чейин капкараңгы болуп эч нерсе көрүнгөн жок, анан чоң дарыянын үстүнө чыга келди. Күн айлананы нурга бөлөп турган эле. Эсимде жакшы сакталып калыптыр, ал сол жээкке сүзүп өтүп, чоң дарактардын ичине кирип көздөн кайым болду. Адашкан Жандар өрөөнүндө анда дарактар өспөйт.
Бирок аска астына кирип жок боло турган бул дайрага өзүн таштоо, Торрес сыяктуу аларды да коркунучка салды. Ошентсе да ханыша өз сөзүнөн кайткан жок.
Дарыядан коркуп башка жолдон жарыкка чыкмакчы болгон жаныбарлар менен адамдардын сөөктөрүн көрүп турасыздарбы? Түшүнсөңүздөр, булар да бир кезде тирүү жан болгон. Мына, алардан калганы. Аз күндө бул да калбайт.
— Ошондой болсо да,— деди Френсис,— күндү ушунчалык көргүм келип турат! Мен чалгынга барып келейин, силер ушул жерде тура тургула.
Суу өтпөй турган ок салынгандыктан эч кандай зыян көрбөгөн автомат-тапанчасын колуна алып, Френсис жөргөмүш желесинин арасынан сойлоп өтүп кетти. Ал көздөн кайым болушу менен эле Леонсия, ханыша жана Генри тапанча үнүн угушту. Ошол замат Френсис кайра көрүндү: ал аткылап артына чегинип, желенин ээси — жүндүү буттарынын арасы эки ярддай келген чоң жөргөмүш ага чабуул жасап келатат. Анын калкан менен капталган денесинин чоңдугу чакадай келет. Френсистин аткан октору денесин калбыр кылып жиберген болсо да, ал дале өлүм менен алышып келатты. Кулап баратып жөргөмүш Френсистин далысы менен ийинине тийип кетти. Анан жүндүү буттарын жан талаша кыймылдатып, оргуштаган сууга күп этти. Төрт жуп көз жөргөмүш аска алдындагы тешикке кирип кеткиче карап турду.
— Бир жөргөмүш бар жерде, экинчиси да болбой койбойт,— деди Генри жарык түшүп турган тешикке кооптуу карап.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Жалгыз жол мына ушул жерде, так ушул жерде,— деди ханыша дарыяны көрсөтүп.— Жүрү, менин күйөөм, бири-бирибизди кучактаган бойдон 'караңгылыкты жарып, күнөстүү ааламга чыгалы. Эсиңизде болсун, мен жарык ааламды эч качан көргөн эмесмин, мына эми сенин аркаң менен тез арада көрөмүн.
Ал кучагын жайды, Френсис аны четке кага албады.
— Бул тик аскадагы бир гана тешик, ал эми анын алдында тереңдиги миң фут келе турган туңгуюк бар,— деп Френсис жөргөмүш желесинен өтүп, ал жакта көргөндөрүн Жолдошторуна айтып бере баштады. Анан ханышаны кучактап алып, сууга секирди.
Генри да Леонсияны кучактап, аны менен бирге сууга секирмекчи болду эле, кыз токтотуп калды.
— Сиз Френсисти эмне үчүн ханышага салып -бердиңиз? — деп сурады кыз.
— Себеби...— ал бир азга буйдала түштү да, кызга таңданып карады. — Себеби мен сиз менен болууну кааладым,— деп сөзүн бүтүрдү ал. — Анын үстүнө биз шерттешип койгонбуз, а Френсис болсо бойдок болчу. Мындан сырткары, эгер мен жаңылышпасам, Френсис өз тагдырына анчейин деле нааразы эмес сыяктанат.
— Жок,— деди Леонсия ишеничтүү,— Ал табиятынан абийирдүү адам, ханышанын сезимин сыйлап гана анын мамилесине жараша өзүн кармап жатат.
— Анысын билбейм. Эсиңиздеби, Чоң үйдүн алдындагы алтарда азыр ханышанын алдына барып, анын макулдугун сурайм дегенимде, Френсис ага жалынсам да мага турмушка чыкпастыгын айтып, күлгөн эле. Демек мындан ханышага өзү үйлөнмөкчү болгон деген жыйынтык чыгарууга болот. Чын эле, эмне үчүн ал кызга үйлөнүүгө болбосун? Френсис бойдок, ханыша болсо абдан сулуу.
Бирок Леонсия анын сөзүн укпай жаткан сыяктанды. Кыз бир маалда капысынан артка боло берди да, анын көзүнө тигилип туруп сурады.
— Мени кандай сүйөсүз? Өтө кумарданып сүйөсүзбү? Сиз менин жанымсыз, сизсиз жашай албайм деп айта аласызбы?
Генри Леонсияга танданып карады.
— Айта аласызбы, же жокпу?
— Албетте айта аламын,— деди жигит сөзүн таптап,— бирок сизге өз сүйүүмдү ушинтип билдирүү эч оюма келген эмес. Кудай күбө, сиз мен үчүн дүйнөдөгү жалгыз сүйүктүү аялсыз! Сизге деген сезимим жөнүндө айт,— дедиңиз: менин махабатым ысык, терең жана. чын. Сизге ушунчалык үйрөнүп калганмын, сиз жөнүндө өмүр өткөнчө ойлой берчүдөймүн. Биринчи таанышканыбызда эле ушундай сезимге кабылганмын.
— Ал жийиркеничтүү аял! — деп Леонсия орунсуз кыйкырып жиберди.— Биринчи көргөнүмдө эле менин дилимде ага карата жек көрүү пайда болгон эле.
— Оо жараткан, сиз канчалык каардуусуз! Эгер ага Френсис эмес мен үйлөнгөнүмдө, анда аны кандай жек көрөрүңүздү ойлоонун өзү коркунучтуу.
-Жүрүңүз, андан көрө тигилердин артынан баралы,— деп кыз сөздү бүтүрдү.
Баягы каткан Генри аны бекем кучактады да, көбүктөнүп турган сууга секирди.
Гуалака дарыясынын жээгинде эки индей кыз кайырмак менен балык кармап олтурушкан. Алардын каршысында, агым менен бир аз ары басса тик асканын уркуйган таштары чыгып турат. Бул бийик тоонун уландысы эле. Дарыя суусу негизинен тез акканы менен кыздар олтурган тушта мемиреп жай акчу. Суусу жай аккан жердин балыктары далай кармалат. Кыздардын кайырмагынын жиптери суу бетинде каалгып турду: ага коюлган жем да балыктарды кызыктырбайт. Кыздардын бири, Никойя дегени, оозун чоң ачып эстеди, ал колундагы бананды жеп болуп кайра эстеди, анан жеп бүткөн банан бочогун алыс ыргытмакчы болуп колуна алды.
— Конкордия, экөөбүз бир топтон бери тынч олтурсак да,— деди ал жолдошуна,— бир да балык илинген жок. Сен карап тур, азыр шоокум салып, сууну шалпылдатамын. «Асманга эмне ыргытсаң да жерге түшөт» дейт эмеспи. Эмне үчүн мунун тескерисинче болбосун? Азыр мен төмөн карай бир нерсе ыргытам, көрөлүчү, мүмкүн бир нерсе жогору калкып чыгар. Кана, байкап көрөйүнчү! Карап тур!
Кыз банан бочогун ыргытты да, суу бетине тирмийип карап турду.
— Чын эле суудан бир нерсе чыгаар болсо, чыкканга жараша чоңураак бир нерсе чыксын да,— деди Конкордия да чаалыккан түр менен.
Кыздардын таңдануудан ачылган чоң көздөрү капысынан суу түбүнөн чыгып келаткан килейген боз итке түштү. Кыздар кайырмактарын суудан чыгарып жээкке ташташты да, үрөйү учуп бири-бирине жабышып итке карашты. Ит болсо жээк бойлоп, бир аз ылдый сүзүп барды да, суудан чыгып, силкишга алып, дарактардын арасына житип кетти.
Никойя менен Конкордия кубанганынан кыйкырып жиберишти.
— Дагы бир нерсе ыргытчы! — деди Конкордия.
— Жок, эми кезек сеники! Кана сага эмне чыгар экен.
Конкордия мурдагы кызык кайталанышына анчалык деле ишенкиребей сууга бир ууч топо ыргытты. Ошол замат суу түбүнөн туулга кийген баш көрүндү. Кыздар кайра бири-бирине жабышып, туулгалуу кишинин ит чыккан жерге чейин сүзүп барганын, анан ал да токойго кирип кайып болгонун көрүп турушту.
Кубанып кеткен эки кыз кайра кыйкырышты, бирок эми
алар бири-бирин канчалык кыстабасын сууга бир нерсе таштоого батына алышкан жок.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бир аз убакыт өттү, алар дагы эле күлүшүп, Каткырып жатышканда, жээкке жакын аралык менен кайыкта сүзүп келатышкан эки индей жигит кыздарды көрүп калды.
— Эмнеге күлүп жатасыңар? — деп сурады жигиттердин бири.
— Биз бул жерде ушунчалык таң калыштуу нерсенин күбөсү болдук! — деп айтты Никойя кубанычка бөлөнүп.
— Пулька38 ичип алган болсоңор керек, — деп жоромолдоду жигиттердин бири.
Эки кыз баш чайкашты, Конкордия болсо:
-Таң калыштуу укмушту көрүш үчүн пулька ичүүнүн анча деле кажети жок,— деди.— Оболу Никойя сууга банан бочогун ыргыткан эле, суудан ит чыкты, чоңдугу жолборстой келген боз ит...
— Конкордия топо ыргыткан эле, суудан темир баштуу адам чыкты,— деп анын сөзүн улады Никойя. — Бул укмуш эмей эмне? Демек экөөбүз сыйкырчыбыз.
Хосе,— деди жигиттердин бири экинчисине, — тиги сыйкырчылардын, ден соолугу үчүн ичиш керек.
Алар кезектешип, бири кайыкты бир жерде кармап турду, экинчиси жарымына чейин толтурулган голланд арагынан бошотулган төрт бурчтуу чоң бөтөлкөдөгү ичимдиктен шимирди.
— Жок,— деди Хосе, кыздар да алардан ичимдик сурашканда, — Пулькадан бир ууртам ичип алсаңар көзүңөргө кайрадан жолборстой чоң боз ит менен темир баштуу адам көрүнөт.
— Болуптур,— деди Никойя.— Андай болсо бөтөлкөңдү ичиндеги пулькасы менен сууга ыргытчы — анан эмне болорун көрөсүң. Биз таштаганда адам менен ит чыкты, сен танг тасаң мүмкүн азезил чыгар.
— Ошол азезилди көрсөм кандай жакшы болор эле,— деди Хосе, кайра бөтөлкөдөн шимирип,— Мына бул пулькадан ичип алып ушунчалык баатыр болуп кеттим. Мен азезил менен ушунчалык кезикким келип жатат.
Ичип түгөт деп бөтөлкөнү жолдошуна узатты.
— Эми сууга ташта! — деп буюрду Хосе.
Бош бөтөлкө сууга шалпылдап түштү. Ошол замат килейген жөргөмүштүн жүндүү денеси суу бетине калкып чыкты. Бул карапайым индейлер үчүн ажалдын так өзү эле. Коркуп кеткен жигиттер кайыкты тез четке бургандыктан кайык
оодарылып кетти. Жигиттердин башы суу бетине чыкканда шар суу аларды бир топ ары агызып кеткен эле, алардын артынан оодарылган кайык акырын агып баратты.
Эми кыздар да күлүшкөн жок. Алар бири-бирине жабышып, сыйкырдуу сууга көз салышты, ошол эле убакта көзүнүн кыйыгы менен жүрөгү жарылаар даражага жеткен жигиттерди байкап турушту. Алар кайыкты араң кармап, жээкке алып чыгышты, өздөрү жолго чыгып токой ичине кирип кетишти.
Кыздар сыйкырдуу дайрага дагы бир жолу таш ыргытууга камынышканда күн батышка карап бир топ ооп калган эле. Узак тартышуудан кийин алар сууга чогуу топо ыргытмай болушту. Ошол замат суу бетине эркек менен аял киши — Френсис менен ханыша сүзүп чыгышты. Кыздар дароо бадалдардын арасына жашырынып, ханышага жардамдашып жээкке карай сүзүп бараткан Френсисти байкап турушту.
— Мүмкүн кокустуктан улам ушинткен чыгар... Так сууга таш ыргыткан убагыбызда алар кокусунан суудан чыккан болушу мүмкүн го,— деп шыбырады Никойя Конкордиянын кулагына, арадан беш минутадай убакыт өткөндө.
— Сууга бирден топо ыргытканыбызда бир гана нерсе чыкты,— деп анын сөзүнө каршы болду Конкордия. — Эки топо ыргыткан элек, экөө чыкты.
-Болуптур,— деди Никойя,— андай болсо кел, дагы бир жолу өзүбүздү сынап көрөлү. Экөөбүз бир маалда ыргытабыз. Эгер эч нерсе чыкпаса, бизде эч кандай сыйкырдуу күч жок.
Алар дарыяга дагы бирден топо ыргытышты. Суудан дагы бир эркек менен бир аял көрүндү. Бирок бул жуп — Леонсия менен Генри экөө тең сууда сүзүштү билгени үчүн жээкке чыгуу оңоюраак боло турган жерге катар сүзүп барышты да, өздөрүнөн мурда чыккандар сыяктуу токой ичине кирип, көздөн кайым болушту.
Эки индей кыз жээкте дагы бир топко олтурушту. Эми алар сууга эч нерсе ташташпай күтүүнү чечим кылышты. Суудан бир нерсе чыкса, демек, көргөндөрүнүн баары кокусунан туура келип калган, эгер нерсе көрүнбөсө, анда алар чын эле сыйкырдуу кыздар. Алар караңгы түшүп, суунун бети көрүнбөй калганга чейин бадалдардын арасына жашырынып, дарыяны күзөтүштү. Ошондон кийин кудай өтүнүчүбүздү кабыл алды деп өз айылдары тарапка көңүлдөрү көтөрүңкү жол тартышты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ж Ы Й Ы Р М А Э К И Н Ч И Г Л А В А
Торрес жер астындагы дарыядан чыккандан кийинки күнү эле Сан-Антониого жетип келди. Ал үстү-башы айрылган балит көрүнүштө шаарга жөө кирди. Анын артынан индей бала да Васконун туулгасын көтөрүп келатты. Торрес полиция башчысы менен судьяга укмуштуу саякаты жөнүндө айтып берүүгө ашыгып, бул саякаттын чындыгынын далили катары туулганы көрсөтмөкчү эле.
Торрести чоң көчөдө биринчи болуп кезиктирген полиция башчысы аны көрүп таң калганынан кыйкырып жиберди.
— Ырас эле, бул сизсизби, сеньор Торрес? — полиция башчысы кол берүүдөн мурда олуттуу түрдө чокуңду.
Сеньор Верхара-и-Ихос анын булчуңдарын, тери алдындагы кир колдорун көрүп, мандайында арбак эмес, тирүү Торрес турганына ишенди.
Мына ошондо полиция башчысынын ачуусу кайнап кетти.
— Мен сизди өлдү го деп ойлогон элем! — деп кыйкыра сүйлөдү ал,— Бул Хосе Манчено кандай ит өзү! Ал мага келип сизди өлдү деп айтты! Өлдү, түбөлүккө Майя тоосунун астында калып кетти деди.
— Ал акмак, мен болсо эми Панамадагы эң бай адам болсом керек,— деди Торрес сыймыктанып, — Кантсе да, кадимки баатыр — конкистадорлордон кем эрдик көрсөткөнүм жок, баардык тоскоолдуктардан өтүп, казынага жеттим. Мен ал казынаны көрдүм. Мына...
Торрес Алиги Кыялкечтен уурдап алган жакут менен каухарларды алыш үчүн колун шымынын чөнтөгүнө салмакчы болду да, өз убагында өзүн кармап калды. Себеби анын аянычтуу көрүнүшүнө таңданышып, өтө эле көп адамдар карап турган болчу.
— Сизге көп нерселерди сүйлөп беришим керек,— деп сөзүн улады Торрес.— Бирок бул жер маектешүүчү жер эмес. Мен өлүктөрдүн эшигин кактым, маркумдардын кийимин кийип жүрдүм; мындан төрт жүз жыл мурда өлгөн, бирок чирип кетпеген адамдардын денелерин көрдүм — алар көз алдымда сууга чөгүп, экинчи жолу өлүштү; мен тоолорду кездим, жер астын көрдүм: Мен Адашкан Жандар менен туз даамдаш болдум, Аалам Күзгүсүнөн карандым. Эң жакын досум, урматтуу судьяга убакты келгенде буларды толук айтып беремин, анткени мен бир өзүмдү гана ойлоп жатканым жок, силерди да байытмакчымын.
— Балким сиз ачыган пулька ичип алган жоксузбу? — деп ишенкиребей сурады полиция башчысы.
— Сан-Антониодон чыкканымдан бери суудан бөлөк нерсе ичкеним жок,— деп жооп берди ал.— Анын эсесине эми үйгө барып каалашымча ичемин, анан жуунуп кийимдеримди алмаштырамын.
Бирок Торрес үйүнө дароо эле жетип бара албады. Көчөдө ага жупуну кийинген кичинекей бала жолугуп, конверт узатты. Ал мындай конверттерди көп жолу алган болучу. Ошол себептүү бул жергиликтүү мамлекеттик радиостанциядан, Ригадан келгенин бат эле билди.
«Жеңиштериңизге ыраазымын. Нью-Йорк келүүсүн дагы үч жума кечиктириш зарыл. Жеңиш болсо — элүү миң доллар».
Торрес баланын колунан карандашты алып, конверттин артына жооп жазды.
«Акчаны жибере бериңиз. Ал киши эми эч качан кайтып барбайт. Тоодо курман болду».
Дагы эки окуя Торрестин кана ичиши жана мончого түшүп жуунушуна жолто болду. Ал Родригес Фернандес деген абышканын зергерлик дүкөнүңө кирмекчи болуп кайрылганда, босогодон майялардын кадимки анык жреци токтотту. Торрес аны аңыркы жолу ыйык тоо арасынан көргөн эле. Испандык адам арбакты көргөндөй артына кетенчиктеди, анткени аны көрүп ушунчалык коркуп кетти. Чал чыны менен кудайлар мекендеген үңкүрдөгү сууга чөгүп кеткендей болгон эле. Балким, полиция башчысы Торрести көргөндө мынчалык коркпогон чыгар.
— Жогол! — деп кыйкырды Торрес.— Көзүмө көрүнбө, жаны тынбаган какбаш! Анткени, сен арбаксың. Сенин өлүгүң тоо койнундагы суу ичинде көөп, чирип жатат. Сен арбаксың, көлөкөсүң! Тез кайып бол! Сен тирүү адам болгонуңдабы, адебиңди берип койгон болор элем. Бирок сен арбаксың — арбак менен мушташкым келбей турат.
Бирок арбак анын колунан катуу кармап, жабышып алгандыктан Торрес анын тирүүлүгүнө ишенди.
— Акча! — деп шыбырады абышка Мага акча бер! Карызга акча бер! Анткени мен кайтарып беремин.— Мен майялардын казынасынын сырын билемин. Балам ошол казына жашырылган тоодо адашып калды. Эки гринго да ошол жерде. Мага жардам бер, баламды куткарайын! Уулумду куткарып бер — казынаны бүтүндөй сага беремин. Бирок бизге көп адамдар жана ак денелүүлөрдө боло турган укмуштуудай дарыдан көбүрөөк керек. Бул дары менен асканы тешип, сууну коюп жиберебиз. Балам чөгүп кеткен жок. Көздөрү кымбат баа таштардан жасалган Чиа менен Хцатцл турган жерден аны суу чыгарбай жатат. Ошол көк жана кызыл таштардын өзүнө бүткүл дүйнөдөгү укмуштуу дарыны бүт бойдон сатып алса болот. Бул укмуштуу дарыны сатып алыш үчүн мага акча бер.
Бирок Альварес Торрес кызык адам эле. Анын табиятында бир өзгөчөлүк бар болчу: арзыбаган акча чыгым болсо, ушул чыгымга да өзүн көндүрө албай кыйналчу. Ал дөөлөттүү болгон сайын ушул өзгөчөлүгү да улам күчөй берди.
-Ии акча дегин! — деп ал оройлук менен жрецти четке түртүп, Фернандестин дүкөнүнүн эшигин ачты,—Менде акча кайдан болсун? Кийимдерим дээрлик тытылып бүттү, өзүм тилемчиден бетер жүрөм. Олдо абышка ай, сага акча бермек турсун, өзүмө да жок. Анын үстүнө балаңды майя тоосуна өзүң алып баргансың, аны менен менин ишим жок. Уулуңдун өлүмүнүн жүгү менин башыма эмес өз башыңа түшөт, уулуң түшүп кеткен Чианын бут астындагы орду менин ата-бабаларым эмес, өз уруктарың казышкан.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бирок абышка айтканынан кайтпай динамит сатып алуу үчүн акча сурады. Бул жолу Торрес абышканы ушунчалык катуу күч менен тепти эле, чалдын алсыз буттары кармай албай, таш жолго кулап түштү.
Родригес Фернандестин дүкөнү кичинекей, балит болчу, дүкөнүнүн жападан-жалгыз кичинекей витринасы да кир, кыязы бир кылымдан бери шыпырылып тазаланбагандай эле. Дубалдарынын жырыктарында кескелдириктер менен таракандар жөрмөлөп, жөргөмүштөр баардык бурчтарга тор жайып таштаган, шыпта кандайдыр бир жандык жөрмөлөп жүргөн. Торрес аны көрүп башыма түшпөсө экен дегендей, шашыла өзүн четке тартты. Узундугу жети дюйм келе турган бул жаныбар заардуу жандык болгону менен адамдын башына, же жакасына түшүүнү ойлогон да жок. Кандайдыр көк жыттанган тар бөлмөдөн чоң жөргөмүшкө окшоп Фернандес чыгып келди. Ал королева Елизавета мезгилинде жашаган актерлор сүрөттөгөн Шейлокко окшоп кетчү. Бирок мындай балит Шейлокту Елизавета сахнасына эч качан чыгарбаса керек эле.
Зергер Торреске ийилип таазим кыла, өтө начар дүкөнү үчүн өзүн жөнөкөй кармоого аракеттенип, чыйылдаган ичке үш менен саламдашты. Торрес ханышадан уурдап алган кымбат баа таштардан он чактысын чөнтөгүнөн алып чыгып, эң кичинекейин тандап туруп, зергерге узатты да, калганын чөнтөгүнө салып койду.
— Мен кембагал адаммын,— деп кыңкылдады Фернандес, бирок Торрес анын ташты өтө көңүл коюп карап жатканын байкады.
Акыры зергер ташты эч нерсеге арзыбаган нерседей витринага таштады да, Торреске суроолуу карады. Торрес сүйлөөк абышканын жаагын ачуунун эң оңой жолу унчукпай ТУРУУ экендигин билип, тынч тура берди.
— Мен туура .түшүндүмбү, урматтуу сеньор Торрес, сиз таштын сапаты жөнүндөгү пикиримди билмекчисизби? — деп сурады зергер.
Торрес үнсүз баш ийкеди.
— Бул чыныгы таш. Кичинерээк. Өзүңүз көрүп турасыз, кемчиликтери бир топ бар. Жылмалаганда дагы кичирейиши өзүнөн-өзү белгилүү.
— Канча турат! — деп Торрес чыдамсыздыгын жашыра албай сурады.
— Мен кембагал адаммын,— деп кайталады Фернандес.
— Мен сени сатып ал деп жатканым жок го, алжыган абышка. Бирок сатып алуу жөнүндө өзүң кеп кылдың, кана айтчы, канча төлөйсүң?
— Урматтуу сеньор, сиздин сабыр-каниметиңизге ишенип, жана сизге айтканымдай мен кембагал адаммын. Ушундай учурлар да кээде болуп турат, өзүм үчүн бир сасыган балык сатып алууга он сентаво каражаттаганга кудретим жетпейт; андай күндөрү, өзүмө арзан кызыл шарапты да ыраа көрбөймүн, бирок кызыл шарап ден соолугума өтө пайдалуу. Мен муну жаш кезимде Италияда, Барселондон ыраак жерде кызмат кылып жүргөнүмдө эле билип алганмын. Мен өтө кембагалмын, ошондуктан кымбат баа таштарды сатып албаймын...
— Кийинчерээк пайда табуу үчүн кошуп сатканга да албайсыңбы? — деп Торрес анын кебин бөлдү.
— Пайдасы тие турганына ишенсем гана аламын,— деп кобурады чал.— Ооба, ошондой болсо гана сатып аламын, бирок кембагалдыгым үчүн көп акча төлөй албайм.— Ал ташты колуна алып, көңүл коё узакка карап турду.— Бул таш үчүн мен,— деди ал чечкинсиз,— мен буга... Өтүнөмүн, сеньор, мени түшүнүңүз, мен өтө кембагал адаммын. Бүгүн бир кашык кара шорпо, кофе жана бир сындырым нан менен гана тамактандым.
— Оо кудай, эй какбаш абышка, деги айтпайсыңбы, канча төлөрүңдү? — деп Торрес бардык үнү менен кыйкырып жиберди.
— Беш жүз доллар, ошондо да зыян тартпас бекенмин деп чочуланып турамын.
— Алтын акча мененби?
— Жок, мексика доллары менен,— деп жооп берди зергер: бул алтын акчанын тең жарымына барабар эле. Чалдын куулук кылып жатканын Торрес байкады.— Албетте, мексика доллары менен, бир гана мексика доллары менен. Биздин бардык мамилелерибиз мексика доллары менен бүтөт.
Торрес ушул кичинекей таш ушунча акча болорун билип кубанып кетти, бирок өзүн ыраазы эместей көрсөтүп, ташты кайтарып алмакчы болгондой кол узатты. Бирок чал пайдалуу келишкенден ажырап калышын каалабай, таш кармап турган колун дароо ары тартып кетти.
— Биз эски досторбуз.— Чалдын үнү чыйылдап калды.— Бала кезиңизде, Бокас-дель-Тородон Сан-Антониого келгениңизде, сизди биринчи болуп мен көргөнмүн. Мейли, достугубузду эсепке алып, сизге акчасын алтын эсебинде төлөймүн.
Таштын чыныгы баасын али биле элек болсо да, Торрес ханышанын казынасынын — байыркы замандарда Адашкан Жандар майялардын үңкүрүнөн уурдап кетишкен казынанын канчалык баалуу экендигин толук ишенич менен көз алдына элестетти.
— Абдан жакшы,— деди Торрес, анан эпчилдик менен зергердин колунан ташты жулуп алды.— Бул таш бир досумдуку. Ташты берип, менден акча карыз алмакчы эле. Эми сиз аркылуу досума алтын эсебинде беш жүз долларга чейин карыз беришим мүмкүндүгүн билип алдым. Дагы бир жолу пулькерде жолугуп калсак, сизге бир стакан, ах, эмне деп жатам, бир стакан эмес, канча кааласаңыз ошончо ден соолугуңуз үчүн зарыл болгон кызыл шарап алып берсем, өзүмдү бактылуу деп эсептейм.
Ушундай деп, Торрес дүкөндөн чыгып кетти, ал өзүнүн салтанатын да, акмак болуп калган зергерге карата болгон жек көрүүсүн да жашырган жок; ошону менен бирге ал бул кары испан түлкүсү Фернандес таштын чыныгы баасынын жарымын айтты деп ойлоп, өзүнчө мулуңдап койду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бул мезгилде Леонсия, ханыша жана эки Морган Гуалака дарыясында кайык менен сүзүп баратышты. Алар жээкке Торреске караганда тез жетишти. Бардыгы Солано асьендасына жете берерде бир окуя болду. Ошол убакта бул окуяга эч ким маани берген жок. Асьендага алып баруучу жалгыз аяк жол менен буга чейин бул жерде эч качан болбогон кандайдыр бир кызык адам жогору чыгып баратты; анын жанында карыган кемпир бар эле. Кемпирдин кара жоолугунун астында бырыш баскан, азгын жүзү көрүнүп турат, сыягы ал жаш кезинде сулуу 'болсо керек.
; Семиз, тегерек кызыл жүзүнөн жайдарылыгы байкалып турган орто жашар бул адам кытайлык киши эле. Анын аты И Кын, кыймыл-аракети да анын аты сыяктуу жумшак жана жеңил болчу. Ал колуна таянып жанында келаткан кемпирге өзгөчө мээрман мамиле кылып баратты. Карылык менен алсыздыктан кемпир мүдүрүлүп кетсе, кытай токтон анын эс алып, күч жыйнашын шашылбай күтүп турат. Жогорулап баратканда чөнтөгүнө салып алган идишиндеги француз шарабынан үч жолу кашыкка куюп кемпирге берди.
И Пын кемпирди короонун салкын бир бурчуна олтургузуп коюп, чоң эшикти чечкиндүү какты. Кандайдыр бир жерге иш менен барса, ал адатта арткы эшиктен кирчү эле. Бирок чоң эшикти кайсы мезгилде пайдаланууну ал өз тажрыйбасынан улам билчү.
Анын такылдатканын уккан кызматчы нндей кыз Энрнко Солано балдары менен кайгыга батып олтурган мейманканага кирип, аларга киши келгенин маалымдады. Рикардо Леонсиянын майя үңкүрүндө өлгөндүгү жөнүндө кабарды алып келгенден кийин, Солано оор кайгыга баткан эле. Кызматчы кыз тышка чыгып, сеньор Соланонун өзүн жаман сезип жатканын жана эч кимди кабыл кыла албастыгын айтты. Келген адам жөнөкөй бир кытай болсо да, кызматчы кыз бул сөздөрдү кичи пейилдҮүлүк менен маалымдады.
— Хм,— деди И Пын кызматчы кыздын каршысында салтанаттуу көрүнүүгө тырышып жана аны кожоюнунун бөлмөсүнө экинчи жолу андан кат алып барып берүүгө көндүрүү үчүн мактаныч аракетине өттү: — Мен дейдиленип жүргөн кандайдыр кул эмесмин. Мен адептүү кытаймыЛ Мектепте көп окуганмын. Испанча сүйлөй алам. Англисче да сүйлөй аламын. Мен испанча жаза алам. Мен англисче жаза алам. Көрдүңбү: азыр сеньор Соланого испанча кат жазамын. Сен жазганды билбейсиң, ошондуктан менин жазганымды окуй да албайсьщ. Мен бул жерге: — мен — И Пынмын, Колондо жашаймын. Бул жерге сеньор Соланону көргөнү келдим. Анда зарыл ишим бар. Абдан зарыл, жана өтө жашыруун иш.— Ушулардын баарын мына ушул кагазга жйзып койдум, бирок сен окуй албайсың.
Чынында ал катка: «Сеньорита Солано, мен коп сырды билемин»,— деген сөздөр менен бүтүргөнүн кызматчыга айткан жок.
Сыягы бул катты Соланонун тунгуч уулу Алесандро алды окшойт, себеби ал кызматчы кызды артта калтырып, эшиктин алдына биринчи болуп жетип келди.
— Сүйдө, эмне болуп кетти! — деп семиз кытайга жулуна кыйкырды.— Ал эмне экен? Сүйлө! Тезирээк!
— Абдан сонун кеп,— И Пын Алесандронун тынчсызданып жатканын көрүп, канааттангандай болду.— Мен көп акча табамын... Мен... сатып алам. Жанагы эмне эле? — жашырын сырды. Мен жашырын сыр сатам. Абдан сонун иш.
— Сеньорита Солано жөнүндө эмне билесиң? — деп кыйкырды ал кытайдын далысынан апчып.
Көп нерсени. Абдан зарыл кабар...
Бирок Алесандро андан ашык чыдай алган жок. Ал кытайды үйүнө, Энрико отурган үйгө сүйрөн кирди.
— Бул Леонсия жөнүндө кабар алып келиптир,— деп кыйкырды Алесандро.
Каерде ал? — Энрико менен балдары бирдей суроо берди.
«Эх-хе!»—деп ойлоду И Пын ичинде. Минтип баарынын тынчсызданышы анын көңүлүндөгүнү тапты, бирок өзү да толкунданып кетти.
Кытайдын ойлонуп калганын байкап, коркуп жатат деп ойлогон Энрико, балдарына тынчтангыла дегендей колун көтөрдү да, токтоолук менен мейманга суроо берди.
— Каерде ал?
И Пын кайра: «Эх-хе!»— деп койду ичинде. Демек сеньорита жоголуп кеткен тура. Бул жаңы сыр. Бул сырдын азыр болбосо кийинчерээк И Пынге пайдасы тийип калар. Ушундай көрүнүктүү жана бай үй-бүлөнүн чырайлуу кызы Латын Америкасындагы мамлекеттердин биринде дайынсыз жоголгондугу менен кабардар болуш чекене иш эмес. Күндөрдүн биринде ал турмушка чыгат — Колондо ушундай сөз жүрүп жатат го! Кийинчерээк ал күйөөсү менен, же болбосо күйөөсү аны менен чырдашып калышы мүмкүн, мына ошондо алардын кимдир бирөөсү, мага баары бир, бул сырды билиш үчүн чекене акча төлөшпөйт.
— Бул сеньорита Леонсия,— деди ал кууланган кошоматтануу менен,— сиздин кызыңыз эмес. Анын ата-энеси башка.
Леонсияга аза күтүп жаткан Энриконун кайгысы ушунчалык күчтүү болгондуктан, кытайдын өз үй-бүлөсүнө бул сырды айтканынан чочулап да койгон жок.
— Туура,— деп ырастады Энрико.— Мен аны кичинекей кезинде багып алганмын. Бул сырды өзүбүздөн бөлөк сырттан эч ким билбейт. Муну сиздин билип алышыңыз кызык.
Бирок муну сизсиз деле билемин, мага анын кызыгы жок. Азыр мени башка нерсе кызыктырат: ал кай жерде?
И Пын олуттуу жана аны түшүнгөндөй баш чайкады.
— Бул таптакыр башка сыр,— деди ал.— Мүмкүн ал сырды да билип алармын. Мына ошондо сырды сизге сатамын. Азырынча менде эски сыр бар. Сеньорита Леонсиянын ата-энеси ким экенин сиз билбейсиз. Мен болсо билемин.
Бул көңүл бурууга арзырлык кабарга Энрико кызыгып калганын жашырган жок.
— Сүйлө,— деп буюрду ал.— Аттарын айт, чынында ошондой экенин далилдеп бер, ошондо гана менден белек аласың.
— Жок,— деп И Пын баш чайкады.— Мындайча иш жасоого болбойт. Мен өз милдетимди башкача аткарам. Оболу мага акча төлөңүз — анан айтамын. Менин сырларым — жакшы сырлар. Мен өз сырымды ар дайым далилдеп беремин. Сиз мага беш жүз песо бересиз, Колондон Сан-Антониого, бул жерден Колонго чейинки жол каражаттарын төлөйсүз, мына ошондон кийин ата-энесинин кимдигин айтамын.
Энрико Солано макул болуп, баш ийкеди. Ал эми эле Алесандрого акча алып келүүнү буюрмакчы болуп турганда, капысынан кызматчы кыз бөлмөгө бороондой атырылып кирди. Ал Энрико Соланонун маңдайына тез жүгүрүп келип, көздөрүнөн жаш агызып, колдорун кысып бирдеме деп жатты, бирок ал кайгыдан эмес, кубанычтан улам көз жашын төгүп жатканы анык эле.
-Сеньорита! .. — деди ал акырын шыбырап, башын кыймылдатты да, колу менен короону көрсөттү.— Сеньорита!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ошондон кийин баары И Пынды жана анын сырын унутуп коюшту. Энрико уулдары менен короого чыгып, бардык жагы чаңга бөлөнүп ушул минутада качырдан түшүп жаткан Леонсия, ханыша жана эки Морганды көрүштү. Алар качырларды Гуалака дарыясынын баш жагынан жалдаган болсо керек. Ушул учурда кызматчы кыз жардамга чакырган эки индей семиз кытай менен анын карт жолдошун үйдөп чыгарып жиберишти.
— Башка убакта келгиле,— дешти алар Азыр сеньор Солано зарыл иш менен алек.
— Албетте, башка убакта келемин.— И Пын акча колуна тиер кезинде соода бузулганыпа капаланганын' билдирбөөгө аракеттенип, кичипейилдүүлүк менен ишеним билдирди.
Бирок ал айласыздан кетүүгө аргасыз болду. Бул жерде анын пайдасы үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөр көп эле. Ал эмес ага абада да сыр толуп жаткандай туюлду. Ал дарыя жээгине барып, суу иче албаган кишидей сезди өзүн. Эгер кызматчылар мынчалык жан күйдүрүп айдап чыгышпаган да, И Пын кайсы бир бурчка жашырынып алып, келген кишилерге жок дегенде бир сыйра көз кырын салган болор эле. Бирок ал аргасыз баш ийип, кетүүгө мажбур болду; жарым жолго барганда кемпир ага дээрлик асылып алганын сезип токтоду да, жолдошун кубаттандырыш үчүн оозуна шарап куйду.
Леонсия качырдан секирип түшүүгө үлгүрө элегинде, Энрико аны көтөрүп ала койду — ал кызын бооруна басууга ушунчалык ашыгып жаткан эле. Бир нече минутага дейре чуулдап саламдашкан үндөр угулуп турду: агалары Леонсияны тегеректеп алып, кубаныч менен мээримдерин билдирип жатышты. Бир аз көңүлдөрү жайланышкандан кийин, Френсистин башка аялды качырдан түшүшүнө жардамдашып, анын колунан кармап, өздөрүнө кезек келшин күтүп турганын көрүштү.
— Бул менин аялым,— деп аларга бейтааныш аялды тааныштырды. — Мен Кордильерге казына издеп барып, мына ушуну таап келдим. Менчелик жолу болгон кишини көргөнсүздөрбү?
— Бирок бул да чоң казынасын курман кылды,— деп Леонсия чечкиндүү сөзгө аралашты.
— Ал кичинекей королдукта королева эле,— деп Түшүндүрдү Френсис, Леонсияга ыраазы болуу менен кубанычтуу көз таштап.
Кыз да түшүндүрүүгө шашылды:
— Бул баарыбыздын өмүрүбүздү сактап калды жапа кичинекей королевалыгын курман кылды.
Леонсияны айкөлдүк сезим бийлеп, ханышанын белинен кучактап, аны Френсистен ажыратып алып, асьендага баштап кетти.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ж Ы Й Ы Р М А Ү Ч Ү Н Ч Ү Г Л А В А
Жаңы Дүйнөнүн табитин эске алып, орто кылымдагы испандыктардын модасы боюнча тигилген костюм — мындай костюмду Панаманын дөөлөттүү плантаторлору азыр да кийип жүрүшөт кийип алган Торрес жээк бойлоп Соланонун үйүн көздөй келатты, Анын жанында жер астындагы дарыядан бирге сүзүп чыккан чоң ак ит жортуп баратты.
Керек болсо ит Торрестин эң күлүк атынан да озуп кетери бышык эле. Торрес Соланолордун үйүнө баруучу жолго бурулары менен И Пынга кезигип калды. Кытайлык кары жолдошуна бир аз дем берүү үчүн эки жолдун кесилген жерине токтогон болчу. Бирок Торрес бул кызыктай жолоочуларга эч кандай көңүл бурган жок. Үстүндөгү өтө келишимдүү костюму менен жүзүндөгү бой көтөрүп керкейүү аларга көңүл бурууга жол берген жок, ошондуктан көңүл кош гана көз салып өттү.
Тескерисинче, И Пын кылыйган көздөрү менен ага абдан тигилип, кичинекей нерсени да көз жаздымдан четте калтырган жок: «Бул өтө бай болсо керек. Ал Соланолордун досу. Азыр алардын үйүнө кетип баратат. Мүмкүн ал сеньорита Леонсиянын сүйгөн жигити, же ал чанып койгон ашык жигиттердин бири. Эмнеси болсо да сеньоританын төрөлүү сырын сатып алуудан баш тартпайт. Ооба, ал көрүнүшүнөн өтө бай, абдан дөөлөттүү», — деп ойлоп койду.
Бул мезгилде үйдүн мейманканасында казына издөөгө катышкандардын бардыгы жана Соланонун үй-бүлөсүнүн бардык өкүлдөрү чогулушкан эле. Ханыша алардын башынан өткөргөндөрү жөнүндөгү аңгемеге өз үлүшүн кошкондугу үчүн көздөрү жанып, Торрес анын кымбат баалуу таштарын кантип уурдаганын, иттен коркконунан айлампага түшүп кеткенин сүрөттөп жаткан болчу. Генри менен терезе алдында турган Леонсия капысынан кыйкырып жиберди.
— Шайтандын оз, качан жоктогон мезгилде даяр болот,—деди Генри.— Тигини карагыла, сеньор Торрес өзү келе жатат.
— Оболу мен!— деп муштумун түйүп кыйкырды Френсис.
— Жок,— деди Леонсия.— Ал ашкере калпычы. Анын уялбай туруп калп сүйлөрүн билебиз. Келгиле, бир аз шакаба -чегели. Мына, ал аттан түшүп жатат. Төртөөбүз жашынып калалы. Сиздер болсо,— ал атасы менен агаларына карады,— мага аза күтүп жаткандай кыязда болуп олтургула. Ал митаам азыр бул жерге кирет. Бизге эмне болгонун андан билмекчи болосуз. Ал калпты үйүп таштайт. Биз болсо тетиги көшөгөнүн артына жашынабыз... Кана, жүргүлө!
Ал ханышанын колунан кармап көшөгөнүн артына жетеледи, Френсис менен Генриге артыбыздан жүргүлө деп белги берди.
Торрес бөлмөгө кирип, кайгылуу көрүнүшкө туш келди. Энрико менен анын балдары азыр эле кайгыга батып олтурушкандыктан, өздөрүн капалуу көрсөтүү кыйын эмес бол-
чу. Энрико мейманды көрүп, аны. менен саламдашуу үчүн ордунан турмакчы болду да, ошол замат кайра алсызданып кулап түштү. Торрес эки колдоп анын колунан кармап, жүзүндө анын кайгысына шериктештигин билгизип, кыйналуудан өзүн сүйлөөгө алсыз кылып көрсөттү.
— Аттигин ай! — деди ал абдан капалуу үн менен. — Алар өлүштү. Сулуу кызыңыз Леонсия да өлдү. Эки Морган. да. Алар майя тоосунун ичинде өлгөндүгүн сизге Рикардо айтып бергендир. Ал жер кандайдыр сыйкырдуу жай,— деп сөзүн улады ал, Энриконун бир аз эс алышын күтүп тургандан кийин.— Алар менен мен өлүм алдында бирге болдум. Менин сөзүмдү угушканда, алар тирүү калышмак. Бирок Леонсия да эски таанышынын кебине кирген жок! Ал мага караганда, эки Морганга кулак салууну ылайык көрдү. Мен эчен коркунучтардан өтүп, үңкүрдөн чыктым. Төмөндөгү Адашкан Жандардын Өрөөнүн көрдүм, кайтып келсем алар жандары менен алпурушуп жаткан экен.
Ушул мөөнөттө бөлмөгө ак бөрүбасар кирип келди, анын артынан индей кызматчы жүгүрүп келатты. Ит бир нерсени сезгендей кыңшылап, титиреп, өз ээсинин жытын искеп, бөлмөнү кезе баштады. Бирок ит ханыша жашырынган көшөгөнүн жанына барууга үлгүрө элегинде Торрес иттин жибинен кармап, кармай тургула ден эки индей кызматчыга берди.
— Ит азырынча тура турсун,— деди Торрее.— Бул жөнүндө кийин айтып беремин. Оболу мына буга карагыла.— Ал чөнтөгүнөн бир ууч кымбат баа таштарды алып чыкты.— Мен өлүктөр жайына барып келдим, көргүлө: майя казынасы меники болду. Эми мен Панамага гана эмес, эки Америкадагы эң бай адаммын. Мен күчтүү боломун.
— Кызым өлүм алдында жатканда сиз аны менен бирге болдуңуз го.— Энрико ыйлап анын сөзүн бөлдү,— Кантип эле ал мага саз аркылуу эч нерсе айттырган жок?
— Ооба,— деп ыйлан жооп берди Торрес, өзү ойлоп чыккан Леонсиянын өлүмүн сүрөттөөдөн толкунданып, сиздин атыңызды оозунан түшүрбөй көз жумду. Анын акыркы сөздөрү...
Ушул жерге келгенде анын көздөрү алайып, сөзүн бүтүрбөй токтоп калды: анткени Генри менен Леонсия эч нерсе болбогондой, жайбаракат сүйлөшүп бөлмөдөн өтүштү. Алар Торрести көрбөгөндөй терезенин жанына келип токтошту.
— Сиз мага Леонсия өлөр алдында айткан...— деп эстетти Энрико.
— Мен... мен алдадым,— деди мукактанып Торрес, бул ыңгайсыз абалдан кантип кутулуунун амалын ойлоп, убактты өткөрүү үчүн.— Алар баары бир өлүшөт, үңкүрдөн эч качан чыга албайт деп ишенген элем, кызыңыз чын эле өлгөндө ал айткан сөздөрүн айтып, сизди жооткотмокчу элем. Дагы, сизге жакшы көрүнүп калган Френсис... Ошол грингонун кандай коркок адам экендигин билүүдөн көрө, аны өлгөн деп эсептегениңиз оң болот го деп ойлогом.
Ит кубанычтуу үрүп көшөгө жакка умтулду, кызматчылар болсо итти араң кармап турушту. А Торрес акыйкаттан кабарсыз сөзүн уланта берди:
— Адашкан Жандар Өроөнүндө сыягы ар түрдүү нерселердин жардамы менен келечекти билебиз деген акылы жок, акмактар бар. Ал коркунучтуу канкор аял. Жашырбайм, өзү абдан татына, чырайлуу. Бирок бул миң аяктын сулуулугу, миң аякты жактырчулар гана аны жактырышы мүмкүн. Кандай окуялар болгонун мен эми түшүндүм. Ал Генри менен Леонсияга өрөөндөн чыкчы жашыруун жолду көрсөткөн, алар ошол жол аркылуу өрөөндөн чыгып келишкен, Френсис болсо аны менен калып, күнөөгө батып жашоону өзүнө эп көргөн — өрөөндө нике кыя турган католик поп болбогондон кийин алардын байланышы күнөөдөн башка эмне болмокчу. Жок, Френсис ошол коркунучтуу аялды жакшы көрүп калган деп ойлобоңуз, эч качан андай эмес. Ал аялдын байлыктарын жакшы көрүп калган. Көрдүңүзбү, гринго Френсис кандай адам экен! Өз бооруңузга жыланды жылыткан экенсиз! Ал махабаттуу көз карашы менен сулуу Леонсияга да акарат келтирди. Мен эмне айтып жатканымды жакшы билемин. Мен өз көзүм менен көрдүм...
Иттин кубанычтуу үрүшү анын сөзүн уктурбай койду. Ошол замат Торрес ханыша менен Френсисти көрдү: мурдагы жуп сыяктуу алар да көшөгөнүн артынан чыгып, бир нерселер жөнүндө өз ара маектешип бөлмөдөн өтүштү. Ханыша токтоп итти эркелетти; ит өтө чоң болгондуктан, ал алдыңкы буттарын ханышанын далысына койгондо, башы ээсинин башынан жогору боло түштү. Торрес кургап калган эриндерин ######, бул аянычтуу абалдан кандай кутулууну ойлоп жатты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Энрико Солано биринчи болуп күлүп жиберди, балдары ага кошулду; алар ушунчалык катуу каткырышкандыктан, көздөрүнөн жаш чыгып кетти.
— Ага мен өзүм деле үйлөнсөм болот болду,— деди Торрес заардуу күлүмсүрөп, — бул аял менин алдыма тизе бүгүп жалынган.
— Болду, жетишет,— деди Френсис.— Мен -баардыгыңыздарды жийиркеничтүү иштеп куткарып, бул каргыш тийгирди эшиктен ары өзүм ыргытып жиберем.
Бирок Генри анын алдына тура калды.
— Мен да кээде жийиркеничтүү иштерди тез көздөп далдалоону жакшы көрөмүн, бул ишти болсо жан-дилим менен аткарамын.
Эки Морган. Торрести ыргытып жибериш үчүн аракеттене баштаганда, Ханыша аларды токтотуп калды.
— Оболу деди ал,— кемеринен чыгып турган канжарды мага берсин. Аны менден уурдап алган.
— Айткандай,— деди Энрико, канжарды тартын алышкандан кийин,— сеньорита ханыша, сизден уурдап алган кымбаттуу таштарды кайтарып бериши керек эмеспи?
Торрес күттүрүп олтурбай, бир ууч ташты чөнтөгүнөн чыгарып, стол үстүнө таштады. Энрико ханышага карады, бирок ал эч нерсе дебестен катып тура берди — ал дагы күтүп турган эле.
— Дагы! — деди Энрико.
Торрес стол үстүнө дагы үч иштетилбеген кооз ташты койду.
— Эмне, мени кадимки ууруну тинткендей типтип карайсыңарбы? — Шымынын чөнтөктөрүн оодарып көрсөтүп жатым айтты Торрес, каар жана коркуу менен.
— Болуптур, эми мен ишке киришем,— деди Френсис.
— Шок, мен,—деди Генри.
— Мейли, кел, андан көрө экөөбүз тең,— деп Френсис макул болду.— Ушундай кылсак узагыраак барып түшөт.
Алар экөөлөп Торрести жакасы менен бутунан кармап сыртка сүйрөп жөнөштү.
Торрестин кандай алыс ыргып барып түшөрүн көрүү үчүн баары терезени карай жүгүрүштү; Энрико баарынан шамдагайлык кылды — ал терезенин тушуна бирикчи болуп жетип келди. Кызыктуу тамашага канааттанып, бөлмөнүн ортосуна келишкенде ханыша стол үстүндө чачылып жаткан кымбат таштарды кочушуна толтуруп Леонсияга узатты.
— Френсис экөөбүздүн сиз менен Генринин нике тоюңарга кошкон кошумчабыз деди.
И Пын кемпирди жээкте калтырып, жашыруун үйдүн алдына кайтып келди да, бадалдардын арасына жашырынып, үй ичимде эмне болуп жатканын күзөтө баштады. Бай кабальерону тепкичтен күч менен төмөнгө ыргытып жиберишкенин, ал кумга түшүп сулап калганын көрүп, И Пын канааттанып кыткылыктап күлдү. Бирок ал өзү жашырын-
гав жерден чыгып, баардыгын көргөнүң сездирип коюш акмактык экенин жакшы түшүнчү. Ошондуктан жогортодон төмөнгө чуркап, атчан Торрес ага жакындаганда жээкке жетип калган эле.
Кытай сылыктык менен ага кайрылды, бирок ачуусу келген Торрес аны бетке камчы менен урмакчы болуп кол көтөрдү. Анткени менен ИИ Пын өзүн жоготкон жок. "
— Сеньорита Леонсия... — деди ал тезинен, Торрестин колундагы камчы көтөрүлгөн бойдон калды.— Мен чоң бир сырды билемин.— Торрес камчысын түшүрбөй күтүп калды.— Сулуу сеньорита Леонсияга бөлөк бирөөнүн үйлөнүшүн каалабасаңыз керек ээ?
Торрес колуп түшүрдү.
— Кана эмесе, сүйлө,— деп катуу буюрду ал,— Кандай сырды билесиң?
— Сеньорита Леонсияга башка кишинин үйлонүшүп каалабайсызбы?
— Ошондой деле болсун дейли. Эмне экен?
— Ойлоп көрүңүз, бир сыр бар, бул сыр белгилүү болсо, сеньорита Леонсияга бөлөк киши үйлөнө албайт.
— Ал кандай сыр? Тезирээк сүйлө!
— Оболу мага алтын эсебинде алты жүз доллар төлөйсүз,— деди И Пын башын чайкап,— анан сырды айтамын.
— Жарайт, төлеймүн,— деп бат эле макул болду Торрес, бирок өз сөзүн аткаруу анын оюнда да жок эле... — Оболу эмне кептигин айт, эгер калп сүйлөбөсөң, буга чын эле шпенсең акчаны төлөймүн. Мына, көрүп ал!
Ал ички чөнтөгүнөн акча толо намыянын чыгарып көрсөттү. И Пын каалар-кааламаксан болуп, аны жээкте күтүп турган кемпирди көздөй ээрчитип жөнөдү.
— Бул кемпир эч качан калп сүйлөбөйт,— деди ал.— Ал ооруулу. Жакында көз жумат. Ал коркуп жатат. Анткени Колондогу поп менен сүйлөшсө, ал сырды ачышың керек, болбосо өлгөнүңдөн кийин түз эле тозокко түшөсүң деди. Кемпир жалган сүйлөбөйт.
— Ал калп сүйлөбөйт деп коёлу. Ошондо мага эмнени айтышы мүмкүн?
-Акысын төлөйсүзбү?
— Албетте. Алтын эсебинде алты жүз доллар.
— Анда эмесе кеп мындай. Ал Испанияда, Кадиксде төрөлгөн. Кемпир мыкты кызматчы жана мыкты эмчек эне39 эле. Акыры ал анын өлкөсүн кыдырып саякаттап жүргөн англистин үй-бүлөсүнө жалданып ишке кирди. Ушул үй-бүлөдө узак жыл жашады. Ал гана эмес алар менен Англияга да бирге кетти. Кийин — билесиз го: испандар өтө кызуу кап болушат аларга мунун ачуусу келет. Ошол үй-бүлөдө бир кичинекей кыз болгон. Ал кызды уурдап качат да, Панамага алып келет. Кул кичинекей кызды сеньор Солано асырап алган. Себеби Соланонун уулдарынан бөлөк кызы болгон эмес. Кемпир ага кыздын ата-тегин айтпайт. Кыз өтө атактуу, бай үй-бүлөдөн эле. Аларды бүткүл Англия билишет. Алардын фамилиясы — Морган. Сиз бул фамилияны уккансызбы? Колонго Сан-Антониодон адамдар барышкан эле, алар сеньор Соланонун кызы Морган деген англичанга турмушка чыгып жатат дешти. Ошол гринго Морган сеньорита Леонсиянын агасы.
— Эх-хе! — деп кыйкырды Торрес, өтө кубанычтуу табалап.— Эми мага алтын эсебинде алты жүз доллар төлөңүз,— деди И Пын.
— Ушунчалык акмактыгың үчүн сага өтө ыраазымын,— деди Торрес аны шылдыңдап.— Убакыт келгенде өз сырларыңды акылдуулук менен сатууну үйрөнүп аласың. Сыр — бул туфли, же саат эмес. Айттыңбы — бүттү, желдин өзү. Көрдүңбү жел жүрүп турат, бирок ал көрүнбөйт. Аны ким көргөн? Туфли, же саатты кайтарып бер деп талап кылышың мүмкүн. Бирок сырды айтканыңдан кийин аны кайтарып бер деп талап кыла албайсың.
— Биз элес жөнүндө сүйлөшүп жатабыз,— деди И Пын токтоолук менен,— Чынында да элес жок болот. Мен сизге эч кандай сыр айтканым жок. Муну сиз түшүңүздө көрдүңүз. Сиз бул жөнүндө сүйлөсөңүз, сизден ким айтты деп сурашат. Сиз «И Пын» дейсиз. И Пын болсо өз кезегинде «жок» дейт. Мына ошондо баары сизди «түшүңүздө көргөнсүз» дешет, сизди мазактап күлүшөт.
Бул логикалык ой жоруудан сүйлөшүп жаткан кишиси багынып баратканын сезип, И Пын сырлуу унчукпай калды.
— Биз өз ара сүйлөштүк, бирок сөздөрүбүз шамал менен кошо учуп кетти,— деп сөзүн улады ал, бир аздан кийин.— Сиз сөз элестин өзү деп абдан туура айттыңыз. Мен болсо сыр сатып жатканда элес сатпаймын. Мен туфли сатамын, саат сатамын. Ишеничтүү далилдер. Булардын салмагы оор. Эгер закондуу кылып кагазга жазса — кагазды айрып жоготсо болот. Бирок фактылар кагаз эмес, аларды тиштеп тишиңизди сындырып алышыңыз мүмкүн. Сөздөр таңкы тумандай тарап кетти. Менин колумда болсо далилдер-фактылар калды. Ушул далил-фактылар үчүн мага алты жүз доллар төлөйсүз, болбосо элестерге кулак салып үргөпүңүздү элдин баары шылдың кылып күлүшөт.
И Пындыи далилдерине баш ийген Торрес.
— Болуптур,— деди.— далилдериңди көрсөт; бирөөнү кагаз сыяктуу жыртып, башкаларын чайпап көрөйүнчү.
— Оболу алтын эсебинде алты жүз төлөңүз.
— Сен өз далилдериңди көрсөткөндөн кийин.
— Оболу алты жүз доллар төлөңүз, анан далил-фактылар сиздики болот; кааласаңыз кагаздай жыртасыз, кааласаңыз тиштеп көрөсүз. Сиз төлөймүн деп убада бергенсиз. Бирок убада — элес, шамал, мага болсо элес эмес, чыныгы акча керек. Жыртып таштаса, же тиштеп көрсө боло турган чыныгы акча төлөңүз.
Акыры Торрес баш ийип, документтерге, эски каттар, балдар медальону жана бир нече балдардын буюму үчүн алдын ала акча төлөшкө мажбур болду... Далил-фактыларды көргөндөн кийин аларга көңүлү толду. Ошентип Торрес соодалашууга ыраазы экендигине И Пынды ишендирди, ал эмес И Пынга дагы бир тапшырманы аткаруу үчүн жүз доллар акча кошуп берди.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бул мезгилде Генри менен Френсис өз бөлмөлөрүнө учкай салынган жуунуучу жайда жаңы кийимдерин кийип устара менен сакал алышып ырдап жатышты:
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
Леонсия өзүнүн кооз жасалгаланган бөлмөсүндө эки чебер индей кыздын жардамы менен ханышага жогорку маданияттуу аялдардын кийинип-жасануу сырларын үйрөтүп жатты, бул болсо кайгылуу да, күлкүлүү да эле. Ханыша аял болгондуктан Леонсиянын шкафындагы кооз кийимдер, ич кийим жана ар түрдүү аялдарга керектелүүчүлөрдү көрүп, кубанычын жашыра албады. Экөө чүпүрөк менен алпурушкандарына өтө ыраазы ' эле, ал эми уз бычмачылар' болсо бир жерин сөгүп, бир жерин бүгүп, Леонсиянын бир нече көйнөгүн ханышанын кыпча белине ылайыктап тигишти.
— Сизге корсеттин кажети жок,— деди Леонсия, ханышанын келишимдүү боюна көз салып.— Сиздин келбетиңиз, ар бир жүз аялдын биринде гана болушу мүмкүн. Ушунчалык ичке, бирок келишкен аялды биринчи жолу көрүшүм. Сиз... — Леонсия унчукпай калды да, жасана турган стол үстүндөгү төөнөгүчтү алмак болуп артына кайрылды, чындыгында ал толкунданганын басуу үчүн бурулган эле; өзүн.
токтотуп алгандан кийин гана сөзүн улады.— Сиз сулуу колуктусуз, Френсис сиз менен сыймыктанышы керек.
Френсис жуунчу жайда ырын улантып, эми эле сакалын алып бүткөндө, эшик чертилип, ырын токтотууга аргасыз болду; ал барып эшикти ачты да, Соланонун кичүү балдарынын бири Ферпандону көрдү. Ал колунда телеграмма карман турган болчу. Френсис телеграмманы алып окуду:
«Тез кайтыңыз. Кененирээк полномочие зарыл. Биржада баалар өзгөрүп жатат — азыр да жогору даражада турган «Тэмпико петролеумдан» башка акцияларыбызга катуу чабуул коюп жатышат. Качан келишиңизди телеграф аркылуу кабар кылыңыз. Абал олуттуу. Сиз тезирээк келсеңиз, чыдап тура аламын деген үмүттөмүн. Тез жооп беришиңизди күтөмүн.
Бэском».
Эки Морган мейманканага чыгып, Энрико менен анын балдары шараптын бөтөлкөсүн ачып жатканын көрүштү.
— Кызымды кайтарып алууга үлгүрө элегимде,— деди Энрико,— аны кайра колдон чыгарып жатамын. Бирок бул жолу, Генри, аны жоготконума анчалык капаланбайм. Той эртеңкиге белгиленди. Канча тез болсо ошончо жакшы. Анткени жанагы каргыш тийген Торрес Леонсиянын силер менен бирге тоого баргандыгын сыягы, бүт Сан-Антониого жайгандыр.
Бирок Генри өз ыраазычылыгын билдирүүгө үлгүрө элегинде бөлмөгө Леонсия менен ханыша кирип келишти. Энрико бокалын көтөрүп:
— Колуктунун ден соолугу үчүн...
Леонсия түшүнбөй, стол үстүнөн бокалды колуна алып, ханышага карады.
— Жок, жок,— деди Генри анын колунан бокалды алып, ханышага узатып жатып.
— Кеп мындай,— деди Энрико,— тост сөзү толук айтылбай туруп белгисиз каалоо үчүн ичүүгө болбойт. Мен акырына чейин сүйлөйүн. Ошентип, колуктулардын ден соолугу үчүн!
— Генри экөөңөр эртең никелешесиңер, —деп түшүндүрдү Алесандро Леонсияга.
Бул Леонсия үчүн капысынан күтүлбөгөн кабар болгонуна карабай, ал өзүн кармап, жасалма куунактык менен Френсистин көзүнө карады.
— Дагы бир тост! — деди ал.— Күйөөлөрдүн саламаттыгы үчүн!
Френсиске ханыша менен никелешүүгө макул болуу жана сабыр тутуу оңой болгон жок, ал эми Леонсиянын никелешерип угуп, беймарал тура албады. Өзүн кармап туруу ага канчалык кыйын болуп жатканын Леонсия да сезди. Анын кыйналышы Леонсияга тымызын кубаныч тартуулады. Френсистин бир нерсени шылтоолоп бөлмөдөн чыгып кеткенин ал кубанычтуу сезим менен байкап турду.
Ага чейин Фрепсис телеграмманы баарына көрсөткөн эле. Тезинен жооп беришим керек, бүткүл байлыгым тобокелде деген эле ал. Анан Фернандодон Сан-Антониодогу өкүт радиостанциясына телеграмма алып барыш үчүн чабарман даярдоону сураган болчу.
Леонсия узак күтүп олтурбай, Френсистин. артынан чыкты. Аны китепканадан тапты; ал стол жанында алдына ак кагаз коюп, жапыз китеп текчесинде турган Леонсиянын чоң сүрөтүн алып, ага кусалуу тигилип отурган. Бул көрүнүштүн үстүнөн чыккан Леонсия өзүн кармап тура албай, көздөрүнөн эрксизден жаш чубуруп, жыгылчудай теңселип кетти. Френсис ыкчам ордунан туруп, кыз жыгылып кетпес үчүн белинен кучактап калды. Эмне болуп жатканына баамы жетпей турун, эриндери кыздын кумарлуу эриндерине жабышып калды.
Леонсия капысынан Френсистин кучагынан бошонуп, ага таң калыштуу карады.
— Жетишет, Френсис, буга чек коюш керек! — деп кыйкырды ал.— Анын үстүнө сиз менин тоюмда болбошуңуз керек. Эгер сиз калчу болсоңуз мен өзүм үчүн жооп бере албайм. Бүгүн Сан-Антониодон Колонго кеме жөнөйт. Аялыңыз экөөңөр ушул кеме менен жөнөп кетишиңер керек. Ал жерден кандайдыр мөмө компаниясынын кемеси аркылуу Жаңы Орлеанга жетип аласыз, анан поездге олтуруп Нью-Йоркко жөнөйсүз. Мен сизди сүйөмүн, муну билесиз.
— Бирок али биз ханыша экөөбүз никелеше элекпиз да! — деп күйүп-жанды Френсис өзүн кармай албай.— Күн кудайынын алтарындагы ошол ырым-жырымды никелешүү деп эсептөөгө болбойт да. Биз эрди-катын боло элекпиз — ырым-жырым боюнча да, иш жүзүндө да. Ишенсеңиз, Леонсия. Дале болсо кеч эмес...
— Анткени менен Күн кудайынын алтары алдындагы ошол ырым-жырым азырга чейин сиздерди кошуп турат,— кыз анын сөзүн токтоолук менен бөлдү.— Ныо-Йоркко, эч болбосо... Колонго жеткиче ушул ырым-жырым * сиздерди бириктирип турсун.
— Ханыша биздин салт боюнча никелешүүнү каалабайт,— деди Френсис,— Анын өз уругундагы баардык аялдар так ушундай никеден өтүшкөн экен, Күн кудайынын
алтары алдындагы ырым-жырым ыйык жана бекем деп эсептешет.
Леонсия далысын арсар куушурду, бирок анын өңүнөн туруктуу чечимге келгени билинип турду.
— Сиз үйлөнгөнсүзбү же жокпу,— деди ал,— кандай болбосун, экөөңөр бүгүндөн калбай кетишиңер керек. Андай болбосо мен жинди болуп кетишим мүмкүн. Сизге эскертип коёюн: сиз ушул жерде болсоңуз мен өзүмдү кармай албайм. Сиздин көз алдыңызда Генри менен никелеше албасымды, никеден кийин сизди кайра көрүүгө кудретим жетпестигин сезип турамын. Сизден суранамын, өтүнөмүн, мени туура түшүнүңүз! Мен чынында да Генрини сүйөмүн, бирок... бирок, сизди сүйгөндөй эмес. Мен... бул жөнүндө сизге ачык айтуудан уялбайм — мен Генрини мисалы сиз ханышаны сүйгөнүңүздөй жакшы көрөмүн, сизди болсо Генрини канчалык сүйүшүм керек болгонундай, сиз ханышаны сүйүшүңүз керек экениндей жапа сиз мени сүйгөнүңүздөй сүйөмүн.
Кыз анын колун кармап, көкүрөгүнө басты.
-Мына, акыркы жолу! Эми кетиңиз!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бирок жигиттин колдору кызды кучактады, Леонсия анын өпкөнүнө жооп берди. Бирок кыз ошол замат анын кучагынан бошонуп, эшикти карай атылды. Френсис анын чечимине баш ийип, кыздын сүрөтүн алды.
— Эстелик үчүн ушул сүрөтүңүздү аламын,— деди жигит.
— Мындай кылбашыңыз керек,— деди Леонсия, анан коштошоордогу жарокер жылмаюусу анын жүзүн албыртып жиберди.— Мейли, алсаңыз ала бериңизчи! — деп кошумчалады да, артына кайрылып, көздөн кайым болду.
Ошентип И Пын Торрес алдын ала төлөгөн жүз доллар үчүн дагы бир тапшырманы аткарышы керек эле. Эртеси эртелеп Френсис менен ханыша Колонго жөнөгөндөн кийин, бир нече саат өткөн кезде, И Пын Соланолордун эшигин какты. Энрико өзүнө жана бүткүл дүйнөгө, ошондой эле, бул дүйнөдөгү оңунан чыгып жаткан иштерге ыраазы болуп, верандада сигарета тартып олтурган болчу. Ал И Пынды көрүп, кечээ келген адамды таанып, аны менен маектешерден мурда, кечээги келишим боюнча, Алесандрого беш жүз песо алып келүүнү буюрду. Мына ошентип ар кандай сырларды соодалашууну кесип кылып алган И Пын өз сырын канааттануу менен экинчи жолу сатты. Бирок ал Торрестин тапшырмасы боюнча, сырды Леонсия менен Генринин алдында айтамын деп туруп алды.
— Бул сыр иш менен байланыштуу, — деди И Пын, Генри менен Леонсия келгенден кийин, далилдер-фактылар салынган мешогун чечип жатып.— Бул буюмдарды сеньорита Леонсия менен анын күйөөсү биринчи болуп көрүшү керек. Анан калгандар да көрө берсе болот.
— Сырдын эң оболу аларга тиешелүү болгонун эсепке алганда, алардын биринчи көргөнү абдан адилеттүүлүк, — деп кең пейилдик менен ыраазы болду Энрико, бирок кызы менен Генрини столго чакырышынан улам, анын мешоктогу нерселерди көрүүгө ашыгып жатканы сезилип турду.
Энрико өзүн бейкам көрсөтүүгө аракеттенип, бирок өзү жаштарды жашыруун күзөтүп турду. Леонсиянын Генри менен биргелешип окуган бир бөлөк кагазды жерге таштап, эч кимден уялбай күйөөсүн чын жүрөктөн кучактаганын, анан эч кимден уялбай эриндеринен чын дилден өпкөнүн көрүп абышка айран калды. Генри болсо артына чегинип, эмне кылар айласын таппай, капалуу кыйкырды:
— Оо жараткан, Леонсия, бул бардыгы бүттү деген кеп го! Биз эч качан эрди-катып болбойбуз!
— Эмне болуп кетти? — Энриконун ачуусу келди.— Бардык нерсе тойго даяр болгондо дагы кандай кеп болушу мүмкүн? Бул эмне дегениңиз, сеньор? Акарат! Силерге нике окутулат, болгондо да бүгүн эле!
Эмне кыларын билбей катып калган Генри Леонсияга сөз берип жаткандай ага карады.
— Кудайдын жана адамзаттын закону боюнча да эч ким өз карындашына үйлөнө албайт. Генриге карата болгон көңүлүмдөгү бул кызык сезимдин себебин эми түшүндүм. Ал менин агам. Эгер бул документтер алдап жатпаган болсо, бир тууган ага-карындашпыз.
Ошондон кийин И Пын Торреске кубанычтуу кабар жеткириш мүмкүндүгүн билди: эми бүгүн да, эч качан да той болбойт.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: