Суперстан: Үчөөнүн жүрөгү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үчөөнүн жүрөгү Жек Лондон

#101 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ж Ы Й Ы Р М А Т Ө Р Т Ү Н Ч Ү Г Л А В А
Жээк бойлоп каттоочу кичинекей кемеде Колонго жетип алган Ханыша менен Френсис жарым сааттан кийин эле «Юнайтед фрут компаниге» караштуу кемеге түшүштү. Иштери оңуна келип, Ныо-Йоркко чейинки аралыкты тез басып өтүштү. Жаңы Орлеандан Френсис такси жалдады, такси тез эле аларды вокзалга жеткирип койду, ал жердеги шамдагай жүк ташуучулар алардын колдорундагы жүктөрүн алып, поезд перрондон эми жөнөп жатканда алардын поездге түшүшүнө жардамдашып жиберишти. Нью-Йоркто Френсисти Бэском тосуп алды, күйөө менен колукту Риверсайддрайвдагы кооз, мындайча айтканда, өтө кооз сарайга өз машиналары менен келишти. Бул сарайды Френсистин ,атасы, Р. Г. М. дин өзү миллиондогон акча каражаттап салдырган эле.
Ошентип, ханыша жер астындагы дүйнөгө өзүн таштап саякатты баштаган убагында дүйнөнү канчалык билсе, Нью-Йоркко келгенде андан артык билгендей болду. Ал карапайым адамдардын бири болгондо айланадагы материалдык маданияттын өсүш деңгээлин көрүп таң калган болор эле. Ал болсо бардык нерсени, бай күйөөсүнүн белеги катары, ханышаларга тиешелүү кайдыгерлик менен кабыл кылып жатты. Ал Френсистин падышалык дөөлөтүнөн күмөн санаган жок. Ушунча кулдар ага кызмат кылып жатканын өз көзү менен көрүп жатпайбы! Кемеде, поёздде келе жатканда буларга өзү күбө болбодубу? Бул жерге, анын сарайына келгенде да көптөгөн кызматчылар алар менен көрүшүү үчүн катар тизилип тургандарын закондуу бир көрүнүш деп түшүндү. Шофёр автомобиль эшигин ачты. А башка кызматчылар чемодандарды үйгө алып киришти. Машинадан түшүп жатканда ага жардамдашканын эсепке албаганда, Френсис бир да ишке кол тийгизген жок. Анын баамында, кызматчылардын катарына кирбей турган Бэском да Френсиске кызмат кылды. Сарайга кирип баратышканда, Френсистин буйругу менен, Бэском автомобилге олтуруп, шашылыш кайдадыр кеткенин ал көз жаздымында калтырган жок.
Ал өз өлкөсүндө, бүткүл дүйнөдөн ажырап калган өрөөндө бир топ жапайылардын үстүнөн өкүм жүргүзчү. Күйөөсү болсо бул жерде, ушул кудуреттүү мамлекетте падышалардын үстүнөн өкүм жүргүзүп турат. Булардын бардыгы ушунчалык сонун болгондуктан, ал Френсис менен баш кошкондугу анын ханышалык сөөлөтүнө эч залал кетирбегенине өзүнө-өзү чоң кубаныч менен айтып жатты.
Сарайдын ички жасалгаларын көрүп, балдардай баёолук менен суктанды. Ал кызматчыларды да унутуп коюп, туурараагы, көл боюндагы өз үйүндө кызматчылары менен сакчыларга көңүл бурбагандай, буларга да көңүл бурбай, сөөлөттүү кең вестибюль жана мрамор тепкичти көрүп кол чаап жиберди, ал тез эле жогору көтөрүлүп, өзүнө эң жакын турган бөлмөнүн ичин карап көрдү. Бул Френсис менен биринчи жолу жолугушканда Аалам Күзгүсүнөн көргөн китепкана эле. Ошол көргөн нерселери азыр чындыкты далилдеди. Френсис аны белинен кучактап, китеп толо бөлмөгө алып кирди: бардык нерсе ал алтын казандагы суюк металл жүзүндө көрүнгөндөй. Ал дагы Аалам Күзгүсүнөн коргоп телефон менен биржа телеграфын эстеди — ошондогу сыяктуу бул кандай укмуш экенин билүү үчүн телеграфка жакын келди; Френсис анын белинен колун албай, арты-нан ээрчиди.
Ал аппарат кандай иштерин ханышага түшүндүрмөкчү болуп, бирок ошол замат бир аз убакыттын ичинде биржа операцияларынын бардык татаал жактарын түшүндүрүүнүн мүмкүн эместигине акылы жетти. Капысынан лентадагы «Фриско консолидейтед» акциялары жыйырма эсе төмөндөгөнүн көрсөткөн жазууларга көзү түштү, Р. Г. М. акча менен камсыз кылып турган Айовадагы кичине темир жол акцияларында эч качан мындай окуя болгон эмес. Р. Г. М. бул темир жол акциялары ар кандай бороондорго туруштук берет, ал эмес Уолл-стрит бүтүндөй. жана банктардын жарымы абага учуп кеткен күндө да бул акция сакталып калат деп өмүрүнүн акырына чейин ишеничин жоготпогон.
Тынчсыздана баштаган Ханыша , Френсистин өзүнөн бетер тынчы кетип жатканын сезди.
— Бул нерсе да менин Аалам Күзгүм сыяктуу сыйкырдуу... — деди ал ырастаган кейпте жана суроолуу.
Френсис баш ийкеди.
— Түшүнөмүн, менин алтын казынам сыяктуу бул да сага сырларды ачып берет,— деп сөзүн улады ханыша,— Ааламда эмне болуп жатканын сага ушул жерде, ушул бөлмөдө көрсөтүп турат. Азыр көрүп жатканың сени тынчсыздандырууда. Муну көрүп турамын. Дүйнөнүн улуу падышаларынын бири болсоң, сенин ким тынчыңды алышы мүмкүн?
Френсис жооп бериш үчүн даярданды, бирок эч нерсе айткан жок: булардын баарын кандай түшүндүрүп жана кантип сүрөттөп бериштип биле албады. Ушул учурда анын кыялындагы нерселерди: алыстарга кеткен жолдор менен чоң кеме пристандарын; эли көп вокзалдар менен кыжы-кужу докторду, Аляска, Монтано жана Өлүм Өрөөнүндөгү кендерде иштеп жаткан кенчилерди; көпүрө курулган дарыяларды жана бөгөлгөн шаркыратмаларды; өрөөндөр, жайыттар, баткактардын үстүнөн эки жүз фут бийиктен кайчылаш өткөн кубаттуу зымдарды — кыскасы XX кылымдын шартындагы бүткүл техника, экономика жана финансынын барлык өсүшүн кандайча-айтып бере алмак.
— Сени бир нерсе тынчсыздандырып жатат,— деп ханыша үнүн көтөрө кайталады.— Мен болсо, аттигин ай! Жардам бере албайм. Менин мурдагы алтын казынам жок. Мындан ары дүйнөдө эмнелер болуп жатканын эч качан көрө албайм. Эми келечектин үстүнөн өкүм жүргүзө албай калдым.
Эми мен сен алып келген бул кенен жат дүйнөдө жөнөкөй гана бир аялмын. Мен жөнөкөй аялмын, сенин аялың, Френсис, сени менен гана сыймыктана турган аялмын.
Ушул учурда Френсис аны сүйчүдөй сезди өзүн. Биржа телеграфынын кагаз лентасын таштап жиберип, аны көкүрөгүнө кысты, анан үстүндө катар тизилип турган телефондордун батареясынын жанына келди. «Өтө сулуу аял,— деп ойлоду ал,— Куулукту да, эки жүздүүлүктү да билбейт, болгону аял гана, башынан аягына чейин аял, сүйө турган гана сүйүүгө татый турган аял. Аттигин ай, түбөлүк биздин арабызга көлөкө болуу Леонсиянын таалайына туура келгенин кара».
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 15:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Дагы бир сыйкырдуу көрүнүш! —деди ханыша Френсис Бэскомдун конторунан чакырып, телефон аркылуу сүйлөшө баштаганда.
— Мистер Бэском жарым сааттан кийин конторуна барат. Мен Морганмын, Френсис Морган. Мистер Бэском мындан беш минут мурда конторуна жөнөп кетти. Аны көрөрүңүз менен айтып коюңуз: мен да үйдөн чыктым, азыр жетип барып калам. Анда өтө зарыл ишим бар. Мен азыр анын артынан чыкканымды айтып коюңуз. Рахмат. Кош болуңуз.
Укмуштууларга жык толгон бул чоң үйгө туш болгон ханыша, Френсис бардык нерсени көрсөтөт деп ойлогон эле, ошондуктан анын Уолл-стрит деген жерге тез кетүү зарылдыгын угуп өзгөчө капаланды.
— Мени таштап кетүүгө сени эмне мажбур кылып жатат, сени ким кул сыяктуу кайдадыр айдап жатат? — деп нааразы үн менен сурады ал.
— Бизнес. Бул мен үчүн абдан зарыл,— деп жылмайып ханышаны өптү Френсис.
— Бизнес деген өзү ким, эмнеге ал сендей кудуреттүү падышага өкүмдүк кылат? Менин элим Күн кудайына сыйынгандай, силер сыйынчу кудай ошобу?
Френсис анын орундуу салыштыруусуна таң калып күлдү:
— Ооба, бул улуу америка кудайы. Өтө коркунучтуу кудай: эгер ал жазаласа — жаман жазалап коёт.
— Эмне, сен аны нааразы кылдыңбы?
— Ошондой болуп калды, бирок эмнеге нааразы болгонун билбейм. Мен азыр Уолл-стритке барышым керек.
— Бизнеске курмандык кылына турган алтарь ошол жердеби? — суроо менен анын сөзүн бөлдү ханыша.
— Ооба, анын алтары ошол жерде,— деп ырастады ал. — Эмне үчүн каардандырганымды, күнөөмдү жууш үчүн кантип аны ыраазы кылаарымды ошол жерге барып билемин.
Френсис Колондо турганда эле кызматчы аял жалдоо жөнүндө телеграмма берген. Азыр үй кызматчысынын иштери жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмөкчү болду эле, келинчек буга такыр кызыкпай, күйөөсүнүн сөзүн бөлүп, үй кызматчысы Адашкан Жандар Өрөөнүндө ага кызмат кылган индей аялдары сыяктуу болсо керек деп, бала кезинен энеси ага англис жана испан тилин үйрөтө баштаганда эле алардын кызматына көнүп калганын кошуп койду.
Бирок Френсис шляпасын колуна алып, коштошуп Ханышаны өпкөндө, ал бир топ жумшап, Френсиске кудайдын алтарында бакыт жолдош болсун деп тиледи.
Үй кызматчысы испап тилпн жакшы билген франсуз аял сарайдын ханышага арналган бөлүгүн көрсөтүп жүрдү, анан бир семиз аял, сырткы түрү аныкы да ханышаныкындай, (бирок чындыгында аны менен Френсиске кызмат кылуу үчүн жалданган.) эки жардамчы кыз менен бирге аны бардык жагынан карап көрүштү да, ханышанын келбетине кыйлага суктанышты.
Ошентип бир нече саат убакыт кызыктуу өткөндөн кийин, жаңы үй ээси китепкананы, андагы сыйкырдуу телефондор менен биржа телеграфын жакшыраак көрүп алыш үчүн мрамор тепкичтер менен төмөн түштү.
Ал биржа телеграфынын мезгил-мезгили менен чырылдашына кулак салып, ага узак карап турду. Кызык: ал англисче, испанча окуй алат, бирок бул лентадагы сырдуу белгилер эмне экенин биле албайт. Анан ал телефонду текшере баштады. Ханыша Френсис телефонду кандай иштеткенин көргөн болчу, ошентип ал да микрофонду кулагына кармады. Капысынан кулагынын астынан бир аялдын үнү ушунчалык жакындан угулгандыктан, ханыша бул капысынан чыккан үндөн чочуп кетти да, телефонду түшүрүп жиберип, аппараттын алдынан сыртка чегинди. Ушул убакта Френсистин кары камердинери Паркер бөлмөгө капысынан кирип келди. Ханыша мурда аны кызматчылардын арасынан көргөн эмес, камердинердин костюму жарашыктуу, мүчөсү ушунчалык келишимдүү болгондуктан, ханыша аны кызматчы эместей, Френсистин досу — алар вокзалда Френсистин машинасы менен тосуп алып, алар менен тең даражадагы адамдай чогуу келип, анан эч кандай мамилелешпей, күйөөсүнүн буйругун аткарууга шашылган Бэском сыяктуу ишеничтүү адам болсо керек деп ойлоду.
Паркердин олуттуу түрүн көрүп ыңгайсызданып, күлүп жиберди да, бул эмне дегендей, телефонду ачуулу жаңсап
Френсис үчүн бул күн иш менен тынчсызданууга толо күн болду. |
— Кандай жашыруун душманыңыз бар эле? — деп кайра-кайра сурады Бэском, бирок Френсис душманынын кым экенин биле албай, утур-утур башын чайкап коёт.
— Өзүңүз көрүп турасыз го, сиздин байланышыңыз жок жерде биржадагы абал бекем. Сиздин акцияларыңызга эмне болуп жатат? «Фриско Консолидэйтеттен» баштайлы. Бул компаниялардын акциялары эмнеге ылдыйлап баратканын
эч кандай себеп, же божомолдоо менен далилдеп болбойт. Ушуну эсиңизге алыңыз, бир гана сиздин мекемелериңиздин акциялары төмөндөп баратат. «Нью-Йорк, Вермонт энд Коннектикут» компаниясы акыркы төрт кварталда он беш процент дивиденд төлөгөн, анын акциялары Гибралтар дубалдарындай бекем көрүнчү. Ошого карабай, алар да төмөндөп кетти, төмөндөгөндө да оңбогондой төмөндөдү. «Монтана Лоуд», Өлүм Өрөөнүндөгү жез кендери, «Импириэл Тангстен» жана «Норс-Уэстерн электрик» акциялары да ушундай болуп жатат. «Аляска Тродуэлл» акцияларын алып караңыз. Алар аскадан да бекем болчу. Аларга чабуул кечээ кечинде башталды. Биржа жабылганга чейин сегиз пункт, бүгүн болсо он алты пункт төмөндөдү. Булардын баардыгы сиздин акчаңыз чыгымдалган ишканалардын акциялары. Башка эч кандай кагазга зыян тийген жок. Башка баардык тармактагы биржада абал жайында.
— Бирок «Тэмпико петролеум» акциялары бекем го! — деп Френсис каршы болду.— Менин эң көп акчам ушул ишканага чыгымдалган.
Бэском аргасы кеткендей далысын куушурду.
— Ушундай кара ниеттик кылууга кимдин жөндөмдүү экенин билбейсизби? Душманыңыз ким экени кантип эле сиздин оюңузга келбесин?
Кудай акы, жок! Эч кимден күмөн санай албайм. Менин эч кандай душманым жок, себеби атам өлгөндөн кийин ишти такыр караган жокмун. Мени кызыктырган жалгыз ишкана «Тэмпико петролеум», бирок анын акциялары азырынча бекем,— ал шашылбай биржа телеграфынын жанына келди.— Мына көрдүңүзбү, дагы беш жүз акция азыркыдан жарым пункт кымбатка сатылыптыр.
— Эмнеси болсо да, кимдир бирөө сиздин артыңыздан түшкөн. Бул айдан ачык. Мен сизге айткан ишканалардын эсебин көрүп чыгып жатам. Аларда фактылар атайлап бурмаланган, мүмкүн болушунча жаман ой калтыра турган кылып абдан чебердик менен бурмаланган. Мисалы, «НорсУэстерн» эмнеге дивиденд төлөбөйт? Малэнинин «Монтана Лоуд» ишканалары жөнүндө отчёт эмнеге ушунчалык кара ниеттикте жазылган. Мейли, бул отчётторду өзүнчө коё туралы. Бирок эмне үчүн рынокко ушунчалык көп акция чыгарылып жатат? Баардык иш апачык: кимдир бирөө сизге чабуул коюп жатат, ишене бериңиз, бул чабуул кокусунан эмес, бул чабуулга акырындап жана тайманбастык менен даярдык көрүлгөн. Ар кандай согуш, чоң иш таштоо, же финансылык дүрбөлөң жөнүндө биринчи кеп-сөз таралаары менен эле — кыскасы, биржа рыногунда сокку бере турган биринчи окуя башталары менен эле — бир балакет болору анык.
Караңызчы, азыр кандай абалда турасыз, сиз каражат менен камсыздандырган ишканалардан сырткары бардык ишканалардын акциялары өз ордунда. Мен ушул убакка чейин акциялардын наркы менен чыгымдалган баанын ортосундагы айырманы жаап келдим жана бул менин ишимди оңунан чыгарды. Бирок кошумча жабдылган байлыктарыңыздын бир топ бөлүгү чыгымдалып калды, акциялардын өздүк наркы менен сатылуучу баасынын ортосундагы айырма болсо азайып баратат. Бул анчейин кеп эмес. Бул сизди ойрондоп кетиши мүмкүн. Абал өтө кыйындап турат.
— Анткени менен бизде «Тэмпико петролеум» бар — бул жактагы бакыт али бизге күлүп турат, бул акциялар башкаларын жабдышка сарпталышы мүмкүн,—деди Френсис.— Чынында, мен аларга кол тийгизбесем дедим эле, — деп кошумчалады ал.
Бэском башын чайкады.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Биз Мексикада революция болушунун мүмкүнчүлүгүн да, өкүмөтүбүздүн өтө боштугун да эске алышыбыз керек. «Тэмпико петролеум» акцияларына кол салсак, ал жакта кокустан олуттуу дүрбөлөң башталып калгыдай болсо — ишиңиз бүтүп, дүйнөнүн түбүнө түшүп, жакырланып каласыз. Ошондой болсо да,— деди Бэском акырында,— «Тэмпико петролеум» акцияларынан пайдалануудан бөлөк чараны таба албай турам. Мага калтырып кеткен ресурстарыбыздын дээрлик баардыгын чыгымдап койдум. Биздин башыбызга түшкөн иш капысынан болгон нерсе эмес. Бул акырындык менен жана тайманбай жасалып жаткан чабуул. Бул чабуул мага тоодон ылдый акырын жылып түшүп келаткан көчкүнү эстетип жатат. Биржада сиздин иштериңизди канча жылдардан бери алып жүргөнүм менен, мындай туюк абалга биринчи жолу кабылышым: Эми жалпы финансалык абалыңыз жөнүндө сүйлөшөлү. Финансалык иштериңизди Коллинз жүргүзөт, баардык нерсе ага белгилүү болсо керек. Сиз баардык иштен кабардар болушуңуз керек. Жабдуу иштери
боюнча мага кандай кагаздарды бересиз? Кайсыларын азыр, кайсыларын эртең бере аласыз? Келерки жумада канчасын, андан кийинки үч жумада канчасын бересиз?
— Сизге канча керек? — Френсис да өз кезегинде андан сурады.
— Бүгүн биржа жабылганга чейин бир миллион доллар,— Бэском биржа телеграфы жакты жаңсап койду.— Жакынкы үч жума ичинде дагы кеминде жыйырма миллион, .эгер, ушул «эгерди» жакшылап эсте сактоону кеңеш беремин, эгер дүйнөдө тынчтык болуп, биржадагы абал соңку жарым жылдагыдай өзгөрбөй турса.
Френсис шарт орунан туруп, шляпасына колун созду.
— Мен азыр эле Коллинзге барамын. Менин иштерим тууралуу мага караганда ал жакшыраак кабардар. Биржа жабылганга чейин сизге кеминде бир миллион доллар алып келип беремин; жакынкы жумаларда калгандарын да таап берериме дээрлик ишенип турам.
— Эсиңизде болсун,— деп эскертти Бэском кол узатып коштошордо, — сизге каршы коюлган бул чабуулдун эң жаман жагы — чабуулдун план менен акырындап өрчүп бараткандыгында. Бул — маскарад тамашасы эмес, өтө акыл менен кеңешилип башталган кампания, аны абдан беделдүүлөрдүн бири баштаган сыяктуу.
Ушул күнү жана кечкисин учкуч сөздөрүнүн кулу ханышаны бир нече жолу күйөөсү менен байланыштырды. Ханыша өзүнүн жатаканасындагы кровать жанында да телефон бар экенин көрүп кубанып кетти, ал телефон аркылуу Коллинздин кабинетине чалып, Френсиске түнүнүн кайрымдуу өтүшүн тиледи да, ал тургай өпмөкчү да болду, буга жооп иретинде түшүнүксүз кызыктуу үн — анын жообу угулду.
Канча уктаганын ханыша өзү да билген жок. Ойгонуп кетип, кирпиктеринин арасынан Френсистин босогодо аны карап турганын, анан жатаканадан акырын чыгып кеткенин көрдү. Ал дароо ордунан туруп, эшикти карай чуркады, бирок Френсис тепкичтен ылдый түшүп бараткан эле.
«Америка кудайы ага дагы каарданган окшойт»,— деп ойлоду ханыша, Френсистин тыкылдап жаткан аппарат лентасынан каардуу кудайдын коркунучтуу эскертүүлөрүн билиш үчүн ошол кызык бөлмөгө — китепканага баратканын байкап. Ханыша күзгүгө каранып, чачтарын түрмөктөп, анан ыраазы болгон жылмаюу менен Френсистин ага карата көңүлү жана камкордугунун дагы бир күбөсү болгон калпакты кийди.
Китепканага кире бериште, эшик астынан бөлөк кишинин үнүн угуп токтоп калды. Оболу бул сыйкырдуу телефон болсо керек деп ойлоду, жок, андай эмес, үн өтө жакындан катуу угулуп жаткансыйт. Ал жылчыктан карап, креслодо бири-бирине бет маңдай эки киши олтурганын көрдү... Күнү бою башы түйшүктөн чыкпай көздөрү киртийе түшкөн Френсис күндүзгү костюму менен, ал эми берки фракчан болчу. Ханыша тиги киши күйөөсүн «Френсис» деп атагалыш, ал болсо «Жонни» дегенин укту. Мына ушул жагдайдан улам жана алар камарабастан олтурушкандыгына караганда, ханыша алардын жакын жана эски дос экенин түшүндү.
— Мен сага ишенип калды деп ойлойсуң го, Френсис,— деди баякы киши,— сен эле болсоң Панамада кечилдердин жашоосун өткөргөндүрсүң! Бери болгондо сулуу айымдарга жүрөгүңдү он жолу тартуу кылгандырсың? !
— Бар болгону бир гана айымга,— деди Френсис бир аз тынымдан кийин, ханышанын баамында, досунун көзүнө тик карап мындай деди.— Анын үстүнө,— деп улады ал сөзүн, дагы бир аз үнсүз туруп,— чын эле жүрөгүмдү ага тартуу кылдым... Бирок башымды эмес, эх, Жонни Пасмор, Жонни Пасмор, сен куу чирен жана аялпозсуң, турмуш эмне экендигин билбейсиң. Мына мындай: Панамадан дүйнөдөгү укмуштуудай кызды учураттым; аны көргөнгө чейин жер жүзүндө жашаганыма бактылуумун, эми ал үчүн жанымды курман кылууга даярмын. Кыз өтө ысык, кумардуу, назик, асылзат жан — тим эле ханышанын так өзү.
Анын сөздөрүн угуп, толкунданган жүзүн көрүп турган ханыша! күйөөсү өзүн ушунчалык сүйөөрүн ойлоп, сыймыктана жылмайып койду.
— Болуптур, айымчы... мм... Ал да сени сүйөбү? — деп сурады Пасмор.
Ханыша Френсистин маанилүү баш ийкегенин көрдү.
— Мен аны кандай сүйсөм, ал да мени ошондой сүйөт,— чечкиндүү жооп берди ал.— Муну мен анык билемин.— Ал капысынан ордунан турду.— Токтой тур, азыр аны сага көрсөтөмүн.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Френсис эшик жакка басканда ханыша күйөөсүнүн өз махабатын кабыл алганына өтө кубанып, бир заматта жакшы жасалгаланган катар турган бөлмөлөрдүн бирине бекинди. Бул жердин кандай бөлмө экендигин ханыша жакшы билчү эмес, кызматчы аял «мейманкана» деп атачу. Френсистин жатаканага кирип, аны таба албай таң калып турушун жаш балдардай кубануу менен элестетип, артынан амалкөйлөнүп карап турду. Френсис болсо кенен мрамор тепкич менен жогору чыгып, бир минутадан кийин кайтып келди.
Ушундай буйрук берип, судья уйкуга кетмекчи болгондо, күтүүсүздөн залга кирип келаткан Торрес менен полиция башчысын көрүп калды. Полиция башчысынын көзү жалтылдаганын көрүп, судья эмне кылыш керектигин түшүндү да, сот чогулушун жапты.
Беш минутадан кийин зал бошоп, полиция башчысына тил кирди:
— Мен Родригес Фернандестин алдына барган элем. Ал чыныгы асыл таш деп айтты, жылмалоо мезгилинде бир аз кичирейсе да, ушул таш үчүн беш жүз доллар бермек болду. Сеньор Торрес, судьяга таштардан көрсөтүңүз, биротоло баарын — чоңураактарын да көрсөтүңүз.
Ушул жерге келгенде Торрес калп айта баштады. Ал калп сүйлөөгө аргасыз эле. Анан калса Солано менен Моргандар таштарды тартып алып, өзүн үйдөн айдап чыгарганын айтпайт да! Ал калпты ушунчалык чебердик менен айтты дейсиң, арийне полиция башчысын да ишендирди, судья болсо спирттик ичимдиктер жөнүндө гана эркин ой жүгүртүп, калган иштерде шеф эмне талап кылса, бардыгын туура деп эсептер эле. Узак сөз, кооз сүрөттөөлөрдү алып таштаса, Торрестин аңгемеси кыскача мындай мазмунда болчу: зергер таштын баасын кемитип айтканына ал, Торрес толук ишенет, ошондуктан таштарды баалоо, а мүмкүн сатуу үчүн да Нью-Иорктогу «Тиффани» фирмасына жиберүү жөнүндөгү буйрук менен Колондогу агентине жиберген имиш.
Алар сот залынан чыгып, болуп өткөн баардык революциялардын белгиси катары сан жеткис ок издери калган топодон согулган колонналардын арасынан өтүп төмөн түшүп баратышканда, полиция башчысы сөз катты.
— Кеп мындай, ушул казынага барышыбыз үчүн бизди закон коргошу керек, эң негизгиси — урматтуу досубуз судьяны экөөбүз тең сүйөбүз, ошондуктан ага тапканыбыздан бир аз бөлүшөбүз. Сан-Антониодо биз жок учурда, ал биздин ордубузду жоктотпой турушу керек, учуру келгенде, закондун жардамы менен бизге арка болот.
Так ошол учурда колонналардын биринин астында шляпасын баса кийип алган И Пын олтурган. Анын бул жерде олтурушу кокусунан эмес болчу. Адамдардын жүрөгүндө чочулоо менен толкундоо ойготуучу баалуу сырлар адатта ушул сот имараттарынын айланасында болорун ал алда качан түшүнүп алган эле. Качан сырга кабыларын, же аны угарын эч ким билбейт. И Пын болсо деңизге тор таштаган балыкчыдай, доочу менен жоопкерлерди, эки жактын тең күбөлөрүн күзөтүп, арийне сот чогулушунун кызыгуучулары менен кокусунан келип калгандарды да көз жаздымда калтырган жок.
Ушул күнү таң менен И Пынга элес-булас үмүт туудурган жалгыз киши самтырак кийимдүү пеон эле. Пеон көрүнүшүнөн өмүр бою ичимдик ичип келген, эми болсо ага бир стакан ичкилик беришпесе, бат эле жарык дүйнөдөн өтө тургандай сезилчү. Анын көздөрү жашылданып, жээктери кызарып турат, бирок чарчаган жүзүнөн чечкиндүүлүк көрүнгөнсүйт. Сот залы бошоп калганда, ал сыртка чыгып, колоннага катарлаш тепкичте токтоп калды.
«Бул жерде эмне кылып турат? — деп таң калды И Пын.— Сан-Антонионун үч мыкчыгери — шеф, Торрес жана судья гана ичкериде калды го!» Бирөө же алардын баары менен түшкү күйүп бараткан күн нурунда да суукта калгандай калтырап турган бул байкуш аракеттин ортосунда кандай алака болушу мүмкүн. И Пып эч нерсе болбосо да, күтүш керектигин туйду: мүмкүн торго кандайдыр бир сыр түшүп калар! Ошентип колонналар астындагы күйгүзө кызыган жана өзү жек көргөн күн нурунан тыйынча көлөкө кыла албаган таш үстүнө жата кетти. И Пын күнгө кактанганды жакшы көргөн кишидей түр көрсөттү. Кары пеон бир кадам шилтеп, темтеңдеп жыгылып кала жаздады. Бирок канткен менен да, Торрестин көңүлүн өзүнө буруп, аны жолдошторунун артында калууга аргасыз кылды. Жолдоштору болсо бир аз ары басып, аны күтүп токтоп калышты. Алар буттарын улам сол бутун, ошол мөөнөттө өз алдыңча сүйлөшүп жатышса да, чок басып тургандай, чыдамсызданып жатышты.
И Пын болсо бой көтөргөн Торрес менен аянычтуу пеондун ортосундагы сөздү угуп, ар бир сөзүн, ал эмес колдорунун кыймылдарына чейин көз жаздымда калтырган жок.
— Ии, дагы эмне дейсиң? — деп оройлук менен сурады Торрес.
— Акча, бир аз акча! Кудай үчүн, сеньор, бир аз акча бериңиз! — деп жалынды абышка.
— Акынды алдың го! — деп үтүрөңдөдү Торрес,— Кетип баратканда сага адаттагыдай эки жума тургай, бир ай жашаганга жеткенден эки эсе көп акча бергенмин. Демек, дагы эки жумага чейин бир сентаво да ала албайсың.
Мен баарына карызмын,— деп даттанды абышка, жакында эле аябай ичкенине карабай, ичкиликке ушунчалык берилип кеткендиктен калтырап.
— «Петр менен Павел» пулькериясынын кожоюнунабы? — деди Торрес кемсинткен түрдө, жаңылбай таап.
— «Петр менен Павел» пулькериясынын кожоюнуна, терезе жанына келди. Хосе Манчено коога чыгарбаңыз, эч кимди чакырбаңыз деп кызга шыбырап эскертти да, ушаланган кагазды — Торрестин катын — узатып, сырдуу үн менен мындай деди:
— Бул сизди төмөндө, бадалдын артында күтүп турган кытайдан.
Леонсия испан тилинде тантык жазылган төмөндөгү жазууларды окуду:
«Биринчи жолу мен сизге Генри Морган жөнүндөгү сырды айттым. Бул жолу Френсис жөнүндөгү сырды билемин. Мага жолугуңуз, сүйлөшчү сөз бар».
Френсистин атын окуп жатканда Леонсиянын жүрөгү дүкүлдөй баштады, ал далысына мантильясын салынып, И Пындын күтүп жатканына бир да шекшинбей, карунун артынан жүрдү.
Жээктеги Торрести күзөтүп турган И Пын жолдо сеньорита Соланону бир кап ундан бетер жонуна көтөрүп келаткан киши өлтүргүч Хосе Манченону көргөндө, эмне болуп жатканын толук түшүндү. Хосе Манчено кыздын кол-бутун байлан, оозуна чүпүрөк тыгып койгон эле. Мындан кийин эмне болоруна И Пындын көзү жетип турду. Хосе менен Торрес Леонсияны запас аттын ээрине таңып, жээк бойлоп чапкылап жөнөп кетишти. Семиз кытай мас пеонду бадалдар арасындагы уктап жаткан ордунда калтырып, жолго чыкты да, күчүнүн бардыгында дөбөгө карай чуркады. Асьендеге жетип, деми кысылып тепкичтен жогору көтөрүлдү мындай ашыгуунун себебин айтууга үлгүрө электе, кутурган Соланолордун бири атып койбосо экен деп, кытай кудайдан тилеп, эшикти ургулап,-тепкилеп, талкалай баштады.
— Оо кудай ай, жоголчу бул жерден! — деди Алесандро эшикти ачып, шам жарыгында жадатма мейманды көргөндө.
— Менде чоң сыр бар,— деди И Пын деми кысылып.— абдан чоң, өтө жаңы сыр.
— Эртең күндүз, адамдар иштеп жаткан мезгилде кел,— деди Алесандра кытайды тебүүгө даярданып.
— Бул сырды сатпаймын,— деп балдырады И Пын.— Мен аны сизге тартуулаймын. Кулак салыңыз: сеньоританы, карындашыңызды. .. аны уурдашты! Ээрге таңып, жээк бойлоп ат менен алып кетишти.
Бирок мындан жарым сааттай мурда Леонсияга жакшы укта деп каалоо билгизген Алесандро кытайдын сөзүнө ишенбей күлүп жиберди да, сыр сатуучуну бир тээп эшиктен чыгарып жибермекчи болду. И Пын эмне кыларын билбей калды. Ал белиндеги акча салган капчыгын чыгарып, аны Алесандронун колуна карматты:
— Тезирээк барып караңыз. Сеньорита азыр бөлмөсүндө болсо бул миң доллар сиздики болсун. Эгер сеньорита бөлмөсүндө болбосо акчаны мага кайтарып бересиз.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бул Алесандрону ишендирди. Бир минутадан кийин ал үйүндөгүлөрдүн бардыгын ойготуп жатты. Дагы беш минутадан кийин Соланолор сырткы кийимдерин кийип, куралдарын алышып, ат багуучулар жана пеондор таттуу уйкудан көздөрүн араң ачышып, ат менен качырларды токуп, жүктөрдү артып жатышты.
Соланолор отряды капкараңгы түндө уурулардын изине түшүп, дарыянын оң жана сол жээги менен Кордильерге алып баруучу сансыз чыйыр жолдорго бөлүнүп кетишти. Тагдырдын буйругу менен отуз саат өткөндөн кийин бир гана Генри шайканын изин таап жана кары майя жреци кудайдын Таман изи деп атаган, биринчи жолу өздөрү Чиа кудайынын көзүн көргөн баягы чуңкурдан аларга жетип алды. Генри каракчылардын бардыгын жана уурдалган Леонсияны ошол жерден тапты.
Уурулар эми эле эртең мененки тамакты даярдап, ичип жатышкан экен. Генри англо-сакстарга тиешелүү акыл менен аракеттенди: ал жыйырма кишиге каршы бир өзү чабуул жасап, адилет салтанатына жетүүнү ойлогон да жок. Мындай кылуунун өзү акылсыздык болор эле. Анын ордуна акылына береги кырк качырдан бөлөк тушоолоп койгон, үстүндөгү коркунучтуу жүгү акылсыздык менен алып коюлбаган динамит артылган качырды карап көрүү келди. Генри болбой турган ишке алаксып, Леонсияны куткарууга аракеттенгенден көрө, ойлонуп көрүп, мындай көпчүлүктүн арасында аял затка эч ким коркунуч келтирбейт деген чечимге келип, динамит жүктөлгөн качырды алып кетти.
Бирок аны узакка жетелеген жок. Генри жапыз дарактардын арасына жашырынып, жүктү чечти да, чөнтөктөрүн динамит шашкаларына толтурду, бир коробка детонатор менен бир түрмөк билик милте алды. Калган динамитти чындап жардырып жибермек болду эле, бирок андай кылууга батынбай, ага аргасыздык менен карап коюп, Леонсияны куткарып алса кайра кетүүчү жол менен тааныша баштады. Хучитанда Френсис чегинүү жолуна күмүш доллар чачкан сыяктуу, азыр Генри өзү чегинүүчү жолго динамит шашкаларын тизди; ал билик детонатордон узун болбош үчүн, детонатор ар бир шашканын бекем ширелишине көңүл коюп, ар кай жерге бир нечеден шашка орнотту.
«Тэмпико петролеумду» күрөшкө саламын, бул дээрлик жеңилүүгө учураган күрөшкө жаңы армиянын күчүн кошуу менен барабар.
— Элестетип көрүңүз, бизге белгисиз болгон бул душман ушул акыркы сонун кенчти да жутууга кудуреттүү болсо, жана ошондой эле дагы бер деп талап кыла турган даражада күчтүү болсочу?
Френсис далысын куушурду.
— Анда эмне демек элем, андай болгондо мен жакырданам. Бирок атам бутуна туруп алганга чейин беш жолу жакырданган, ал эң эле жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн болчу, кыскасы мындай болбогон нерсе жөнүндө тынчсызданбасам деле болот.
Бир топ убакытка чейин Солано асьендасында окуялар өтө акырындык менен өөрчүдү. Жалпы алып караганда, Генри динамиттин жардамы менен Леонсияны куткарып калгандан кийин, башка эч кандай окуя болгон жок. Ал эмес И Пын да кандайдыр бир жаңы, өтө жаңы сыр сатуу үчүн бир жолу да кайрылган жок. Леонсия көңүлсүз, зеригип жүрдү, Энрико да, өз агасы Генри да, берки алты агасы да — алар чынында эми кыздын бир тууган ' агалары эмес болчу — анын көңүлүн көтөрө албагандыгын эстебегенде, эч кандай өзгөрүү болбогондой эле.
Леонсия бук болуп жүргөндө, Генриге жана Энриконун балдарына азыр Торрес динамит менен жол ачып жаткан Адашкан Жандар Өрөонүнүн казынасы жөнүндөгү ой тынчтык бербей жатты. Аларга бир гана нерсе, Торрес Аугустино менен Винсентени дагы эки качыр менен динамит алып келиш үчүн Сан-Антониого жиберишкени белгилүү эле. Энрико менен сүйлөшүп көрүп жана анын уруксатын алгандан кийин, Генри оюн Леонсияга айтты.
— Сүйүктүү карындашым, — деп баштады ал,— биз тоого барып, каргыш тийген Торрес шайкасы менен эмне иш жасап жатканын билмекчибиз. Сен себеп болуп, алардын максатынан, кудайга шүгүр кабарыбыз бар. Алар тоонун бир бөлүгүн жардырып жиберип, Өрөөнгө түшмөкчү. Алиги Кыялкечтин үйү күйүп кеткенде кымбат таштарын кайсы жерге жашырганын биз билебиз, Торрес болсо билбейт. Алар Майя үңкүрүндөгү сууну соолткондон кийип, артынан өрөөнгө түшүп, казына салынган сандыкты ээлөөгө аракеттенип көрмөкчүбүз. Менин оюмча, аларга караганда менин ишеничим көбүрөөк буга. Бул сөздөрдү сага ушул себептүү айтып жатамын, анткени биз сени өзүбүз менен алып кетүүнү ылайык көрүп турабыз. Эгер казынаны өз колубузга алсак, жердин астындагы дарыя саякатын кайталоого каршы болбосоң керек.
Бирок Леонсия чарчаган түр менен баш чайкады.
— Жок,— деди ал Генринин өтүнүчүнө жооп иретинде.— Унутулган Жандар Өрөөнүн көрүш ал жакта турсун, атын угууну да каалабайм. Анткени Френсисти ошол жерде баягы аялга берип койгонмун.
— Бул сөзүң туура эмес, сүйүктүү карындашым. Муну ал убакта ким билиптир дейсиң. Мен билбесем, сен да билбесең, Френсис да билчү эмес. Ал чыныгы эркектик жакшы иш кылды. Биздин бир тууган экенибиз анын оюна да келген эмес, мезгилинде так ушундай болушу керек эле да, сени менден тартып алууга аракет кылган жок жана азгырылбастан баардыгыбыздын өмүрүбүздү сактап калыш үчүн ханышага үйлөндү.
— Ошол күндөрдө Френсис экөөңөр ырдаган: «Экөөбүзгө эч ким түтпөйт, кайтарабыз миңдин мизин»,— деген ыр кайра-кайра эсиме келе берет,— деп Леонсия капалуу, мурдагы сөзгө тиешесиз жооп берди. Анын каректерине жаш толуп, кирпиктеринин арасынан тама баштады.
Кыз артына бурулуп, верандадан түштү да, дөңсөө ылдый максатсыз басып кетти. Ал Френсис кеткенден бери аны эстеген сайын ушул алгачкы экөө жолуккан жолдон жыйырма ирет кайталап баскандыр. Мына бул жерден аны биринчи жолу көргөн. Ошондо ал «Анжеликадан» жээкке кайыкта сүзүп келаткан болчу; ачуусу келген атасы менен агаларынан куткарып калыш үчүн аны мына бул жерге, бадалдардын арасына алып келген, анан тапанча кезеп өзүн өбүүгө, кайыкка олтуруп, кайта кетишке аргасыз кылган. Бул анын биринчи келиши эле.
Анан Леонсия анын экинчи жолу келиши менен байланыштуу нерселерди майда-чүйдөсүнө чейин эстей баштады: булуңдагы көлдө киринип болуп, аска артынан чыкканда аны көрүп калган болчу: жигит аскага жөлөнүп ага биринчи катын жазып жаткан эле. Ошол унутулгус күндөгү окуялар кыздын көз алдынан өттү: ал коркуп кетип чытырман токойго чуркады, ушул учурда бутун жылан чагып алды (ошондо ал жыланды уулуу деп ойлогон болчу), ал качып баратып Френсиске урунду да, эсинен танып, кум үстүнө жыгылды.
Леонсия кол чатырын жазып, көлөкөгө олтурду: ал эсине келгенден кийин, Френсис жылан чаккан жерин кесип, жаратындагы канды сормокчу болуп турганын көргөнүн эстеди. Так ошол жаратынын оорусунан улам эсине келгенин да жакшы билерин көрсөттү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Камердинер ошол олуттуу түр менен трубканы көтөрүп, «жаңылыштык болуптур» деп жайына илип койду. Ушул бир нече минутанын ичинде ханышанын туюмунда бүтүндөй бир төңкөрүш болуп өттү. Ал уккан үн кудайдын, же арбактын үнү эмес, накта аял кишинин үнү эле.
— Кайда ал аял? — деп сурады ханыша.
Паркер боюн мурдагыдан да түзөп, андан да олуттуураак ийиле таазим кылды.
— Бул жерде, үйдө жашырынган аял бар,— ханыша туталанып сөз баштады.— Мына бул нерседен анын үнүн уктум. Ал ушул жерде, кошуна бөлмөдө болсо керек...
Ал телефончу аял,— деди Паркер анын сөзүн бөлмөкчү болуп.
— Мени анын аты кызыктырбайт! — деп ханыша анын сөзүн бөлдү.— Бул үйдө менден башка аялдын болушуна чыдай албайм. Айтыңыз, ал чыгып кетсин. Менин ачуум келип жатат.
Бирок Паркер боюн түзөп, өңүндөгү олуттуулук андан бетер күч алды. Ошондо ханышанын башына бөлөк бир ой келди: мүмкүн бул урматтуу жентльмен майда падышалардын арасында ал ойлогондон көрө алда канча обройлуураактыр? Мүмкүн ал Френсис менен теңтайлаштыр? Ал болсо бул кишиге күйөөсүнөн төмөн киши сыяктантып мамиле жасап жатат.
Ханыша Паркердин колунан кармап, анын каршылык көрсөткөнүнө карабай, диванга жетелеп барып олтургузду. Кары камердинердин уялганына карабай, кутудан бир нече конфет алды да, ал сүйлөөгө аракеттенген сайын оозуна шоколад сала берди.
— Айтыңызчы,— деп сурады ханыша Паркердин оозун шоколадга толтуруп болгондон кийин,— сиздерде көп аял алуу адатпы?
Мынчалык ачык жана анык суроону угуп, Паркердин көздөрү алайып кетти, анын тамагыңа шоколад тыгылып кала жаздады.
— Оо, бул сөздүн маанисин мен жакшы билемин,— деп ишендирди ханыша.— Сизден дагы бир жолу сурап жатам: чын эле сиздерде көп аял алуу адатпы?
— Бул үйдөгү кызматчы аялдарды эсепке албаганда, сизден бөлөк аял жок,— деди акыры Паркер.— Сиз уккан үн болсо бул жерде эмес, бир нече миль узакта турган аялдын үнү, ал кызматыңызды аткарууга даяр, ким телефондо сүйлөшүүнү кааласа, анын кызматына даяр турат.
— Ал сырдын кулубу? — деп сурады ханыша, кеп кайда экенин бир аз түшүнө баштагандай.
— Ооба,— деп ырастады күйөөсүнүн камердинери, — Ал телефондун кулу.
— Учкуч сөздөрдүнбү?
— Ооба, сеньорита, сизге туура болсо — учкул сөздөрдүн кулу.— Анын кандай кутулууну билбей жаны оозуна келген болчу; ал иштегенден бери мындай абалга эч качан кабылган эмес.— Кааласаңыз телефон аппаратынан кандай пайдаланууну үйрөтүп коёмун. Учкуч сөздөрдүн кулу түнкүнү кызматыңызга даяр турат. Кааласаңыз ал сизди күйөөңүз сеньор Морган менен байланыштырат, сиз аны менен сүйлөшө аласыз.
— Азыр элеби?
Паркер баш ийкеп, дивандан туруп ханышаны телефондун жанына ээрчитип келди:
— Оболу,— деп үйрөттү Паркер,— сиз кул аял менен сүйлөшөсүз. Мына бул нерсени алып кулагыңызга тутарыңыз менен, ал сизден ар дайым бир нерсени сурайт: «Номер?» Кээде: «Номер? Номер?»—дейт. Кээде өтө ачуулу болот. Ал: «Номер?»— деп сураганда, сиз «Эддистоун, он экитоксон эки»,— дейсиз. Кул аял: «Эддистоун, он эки-токсон экиби?»— деп кайталап сурайт. Сиз болсо: «Ооба, мүмкүн болсо...»— дейсиз.
— Мен кул аялга сөзсүз «мүмкүн болсо» дешим керекпи? — анын сөзүн бөлдү ха-ныша.
— Ооба, сеньорита. Учкуч сөздөрдүн кулдары өзгөчө адамдар, аларды эч ким көрө албайт. Мен бир топ жашка барып калган адаммын, бирок өмүрүмдө бир жолу да телефончу аялды көрө элекмин... Ошентип бир аз убакыттан кийин экинчи кул, ал да аял киши, бирок биринчисинен бир топ алысыраакта турат, ошол аял сизге: «Эддистоун, он экитоксон эки»,— дейт. Сиз ага: «Мен миссис Морганмын. Мистер Морган менен сүйлөшмөкчү элем, ал киши менимче мистер Бэскомдун кабинетинде», — дейсиз. Анан жарым минут, же бир минутадай күтүп турасыз — ошентип мистер Морган сиз менен сүйлөшө баштайт.
— Бир нече миль узакта туруп ээ?
— Ооба, айым, анын үнү кошуна бөлмөдөн келгендей угулуп турат. Мистер Морган: «Көрүшкөнчө», — десе, сиз да: «Көрүшкөнчө», — деп так эле мен жасагандай, трубканы илип коёсуз.
Ханыша Паркердин айткандарын жасап көрдү. Эки кул аял ал айткан сырдуу номерлерге баш ийип жооп беришти. Мына эми Френсис аны менен сүйлөшө баштады, күлүп жатты, зеригип калбасын деп саат бештен кечикпей үйгө барууга убада берди.
Өзүнүн жатаканада жоктугунан Френсистин эч кандай тынчсызданбаганын байкап, ханышанын жүрөгү кысылып кетти. Френсис түтүк кылып оролгон жука ак картон кагазды алып келатты, ал эч жагына карабай түз китепканага өтүп кетти.
Эшиктин тешигинен карап, ханыша Френсистин кагазды ачып, Жонни Пасмордун алдына койгонун көрдү.
— Ал мына. Өзүң баа берчи.
— А эмнеге сенин жүзүң мынча кайгылуу,— деп сурады Жонни Пасмор, сүрөттү абдан көңүл коюп карагандан кийин.
— Анткени биз өтө кеч жолугуштук. Мен башка кызга үйлөнүүгө аргасыз болдум. Ал менин досум менен никелешерден бир нече саат мурда жөнөп кеттим. Алардын никеси биз бири-бирибизди көрө электе эле дайындалган экен. Мен үйлөнгөн аял да укмуштуудай жакшы аял, ал сага мезгилинде белгилүү болот. Мен аны менен түбөлүк жан-дилим менен берилип жашайм. Бирок тилекке каршы, ал эч качан жүрөгүмдү ээлей албайт.
Бул сөздөр ханышага баардык акыйкатты ачып берди. Ал өзүн жаман сезип, акылынан адашты, жинди сыяктанып жүрөгүн мыкчып калды. Китепканада сөз уланып жатса да, бул сөздөрдү угуунун ага кызыкчылыгы калган жок. Ал акырындап, бүткүл эркин колго алып, өзүн токтотууга аракеттенди. Акыры бир нече минут, мурдагы укмуштуу сулуу жана текебер аял, ханыша азыр көлөкөдөй бүкчүйүп, темтеңдеп вестибюлдан акырын өтүп, так эле бутуна тава байлап койгондой, тепкичтен көтөрүлө баштады. Ал жатаканада өзүнө келип, өзүнө өзү ээ боло албай калды. Френсистин шакегин ачуусу менен манжасынан чыгарып, аны буттары менен тебелей баштады. Башындагы түндө кийчү такыясын жана таш баканын сөөгүнөн жасалган чач төөнөгүчтөрүн жулуп алып, аларды да тебелей баштады. Анан ал кайгыдан титиреп, бирдемелерди кобурап, өзүн кроватка таштады; ал безгек ургандай калтырап жатты; бирок Френсис өз бөлмөсүнө өтүп баратып, жатар алдында анын бөлмөсүнө баш бакканда, ханыша уктап жаткандай түрдө көрсөтүп, кайгы-капасын билдирбөөгө күч таба алды.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Френсистин укташын күтүп өткөргөн бир саат ага он сааттай сезилди. Ал уктагандан кийин ордунан туруп, өзү Адашкан Жандар Өрөөнүнөн алып келген, кымбат баа таштар менен кооздолгон канжарды алып, бутунун башы менен акырын басып анын бөлмөсүнө кирди. Стол үстүндөгү картон кагазга оролуп Леонсиянын чоң сүрөтү турган. Ханыша чечкинсиз туруп калды, ал канжарды ушунчалык катуу кысып тургандыктан, сабындагы кымбат баа таштар алаканына батып кетти. Канжарды кимге урсун, күйөөсүнөбү же Леонсиягабы? Ал кроваттын жанына басып барып, канжар уруш үчүн колун жогору көтөрдү; бирок ушул учурда буга чейин жаш чыкпаган көздөрү нымдалып, анын көзүн туман сыяктуу тосуп калып күйөөсүн көргөзбөй калды. Ал ошол калыпта канжарын ылдый түшүрдү.
Ошондон кийин ал башка чечимге келип, тез эле стол жанына басып келди. Стол үстүндөгү калем менен блокнот анын көңүлүн өзүнө бурду. Ал эки ооз сөз жазып, бир баракты айырды да, Леонсиянын сүрөтүн столдун жалтырак үстүнө коюп, аны ошол кагаз менен жапты да, канжар урду — күч менен урулган канжар күнүлөшүнүн эки көзүнүн ортосуна сайылган эле; канжардын учу жыгачка батып кетти, сабы бир силкинди да, токтоп калды.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ж Ы Й Ы Р М А Б Е Ш И Н Ч И Г Л А В А
Нью-Йоркто ар түрдүү окуялар болуп, Риган Френсистин бардык акцияларына катуу чабуулун улантып, Френсис менен Бэском болсо бул ишти ким уюштуруп жаткандыгын билүүгө аракеттенишип жүргөндө, Панамада да олуттуу окуялар болуп, ал окуялар Леонсия менен Солано үй-бүлөсүн Торрес жана полиция башчысы менен кагылыштырды. Бул окуяларда бети балжайган кытай И Пындын ролу чоң болду.
Полиция башчысынын ишеничтүү адамы — кичинекей картаң судья — Сан-Антониодогу сот чогулушунда үргүлөн олтурган эле. Ушул учурда ал кенен-чаран эки сааттай уктап алды, каралып жаткан иш өтө олуттуу болгонуна карабай, кез-кезде башын көтөрүп, уйкусурап бир нерселерди кобурайт; күнөөлүү жыйырма жылга Сан-Хуанга айдалып кеткен жаткан. Ал эми Сан-Хуанда болсо эң күчтүү адам да он жылдан ашык жашай алчу эмес. Бирок судьянын күбөлөрдүн далилдерине, же отургандардын сөздөрүнө кулак салууга көңүлү жок; ишти баштоодон мурда ал полиция башчысынын каалоосун аткарып, алдын ала өкүм чыгарып койгон болчу. Коргоочу акыры узак сүйлөгөн сөзүн бүтүрдү, ошол маалда соттун секретары чүчкүрүп жиберди эле, судья ойгонуп кетти. Ал шашылып айланага карап алды да:
— Күнеөлүү,— деди.
Эч ким, ал тургай соттолуучу да таң калган жок.
— Эртең таң азанда өкүмдү угуу үчүн сотко келгиле! Кезектеги иш каралсын!
деп ачыгын айтты чал. — Карыздарымды жазган тактайы толуп кетти. Эми мага карызга бир тамчы да арак бербейт. Мен бир байкуш, бактысыз адаммын: пулька ичпесем жанымды коёрго жер таба албайм.
— Мээсиз чочкосуң, эми ким экенин билдиңби!
Ал күтүүсүздөн өз кадырын өтө тетиктик менен сезип, боюн түзөдү, ал гана эмес калтыраганы да басылып калгансыды.
— Мен кары адаммын,— деди ал салтанаттуу үн менен.— Менин тамырларымда, жүрөгүмдө кандар муздап баратат. Жаштыктагы эңсөөлөр жок болду. Эмгек жеңилдик берип, кайгы-капаны унуткарарын жакшы билсем да, алсыз денем иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Эми иштей да албаймын, өзүмдү унута да албаймын. Тамакты көргөндө көңүлүм айнып, ашказаным ооруйт. Аялдар мен үчүн чечектин өзү; бир кездерде аялдарды самаган кездеримди эстесем, азыр өзүмдү жек көрүп кетем. Балдарбы? Акыркы перзентимди мындан он эки жыл мурда көмгөнмүн. Мени дин коркутат. Өлүмбү? Өлүм жөнүндө уктап жатып да коркунуч менен ойлоймун. Пулька — о, кудай! — бул менин жападан-жалгыз кубанычым, жашоомдо мындан бөлөк нерсем калган жок.
Көп ичсе эмне экен? Мен көп нерсени унутушум керек, анын үстүнө караңгылык күндү нурсуз көздөрүмдөн түбөлүк жашыраарына аз калды, мына ошон үчүн да ичпеймби.
Торрес чыдамсыздык менен кетмекчи болгондо, абышканын даттануусу анын жинин ого бетер келтирди.
— Бир нече песо, болгону бир нече песо! — деп жалынды абышка.
— Бир сентаво да бербейм! — деп чечкиндүү түрдө анын сөзүн бөлдү Торрес.
— Абдан-жакшы! — Ошондой эле чечкиндүүлүк менен айтты абышка.
— Бул эмне дегениң? — Жини келип сурады Торрес, абышканын жаман ниетинен коопсунуп.
— Эмне, унутуп койдуңбу? — Абышка ушунчалык маанилүү жооп бергендиктен, И Пын, эмне үчүн Торрес чалга акча берип жүргөнүн билиш үчүн өтө сак тыңшады.
— Келишпедик беле, сенин унутушуң үчүн акча төлөп жатам го,— деди Торрес.
— Менин карт көздөрүм көргөн нерсени эч качан унута албайм; бул көздөр сеньор Альфаро Соланонун артынан келип бычак урганын көргөн,— деп жооп берди абышка.
И Пын күн нурунда жылынып жаткан кишидей түр көрсөтсө да, кыялында «ордунан ыргып турду». Соланолор көрүнүктүү жана дөөлөттүү кишилер. Торрес алардын бирин өлтүргөн экен, демек бул укмуштуу сыр үчүн ал чоң суммадагы акча алышы мүмкүн.
— Айбан! Мээсиз чочко! Жийиркеничтүү айбан! — деп Торрес ачууланып муштумун кезеди.— Мен өтө көңүлчөөкмүн, ошондуктан мени менен ушинтип сүйлөшүп жатасың. Оозуңан дагы бир сөз чыкчу болсо, ошол замат сени Сан Хуан түрмөсүнө каматам. Бул деген эмне экенин билесиңби? Сени уйкуда гана эмес, өңүңдө да өлүм коркунучу күзөтүп турат. Жаман сарыларды кароодон коркуп калтырайсың, себеби жакын арада алар сөөктөрүңдү талап кетерин билесиң. Сан-Хуанда пульканын уругун да таба албайсың. Мен ал жакка каматкан адамдар пульканын даамын да унутуп коюшат. И, жагабы? Мына бул жакшы. Дагы эки жыл сабыр кыл, ошондо сага дагы акча беремин. Эгер күтпөсөң — өлгөнгө чейин да бир тамчы пулька көрбөйсүң. Болбосо Сан-Хуандын жаман сарылары сени менен алектениши үчүн аракет кыламын.
Торрес тез бурулуп, ары басып кетти. И Пын Торрес эки жолдошу менен көздөн кайым болгонго чейин алардын артынан карап турду; анан колонна астынан чыгып, чал баш ооруга бир аз ичиш үмүтүнөн ажырап, үшкүрүнүп бышкырынып жерге күп жыгылганын көрдү. Ал жаны чыгып бараткан айбандай тыбырчылап колдору денесине жармашкан сансыз курт-кумурскаларды терип таштап жаткансып, калч-калч этип самтыраган кийими менен бырышкан терисин чымчылап үзүп жатты. И Пын анын жанына олтуруп оюң көрсөтө баштады, ал мындай тамашаларды ойлоп табууга абдан жөндөмдүү жана уста эле. Чөнтөгүнөн бир нече алтын жана күмүш тыйындарды чыгарып, шыңгыратып санай баштады; бул жагымдуу жана шыңгыр үн чаңкагандан акылынан ажыраган пеондун кулагына пулька фонтанынын шылдырындай угулду.
— Сен экөөбүз акылдуу адамдарбыз, — деди ага И Пын, асемдүү испан тилинде, аракеч дагы кыңкыстап, бир стакан пулька үчүн бир нече сентаво беришин сураганда, ал тыйындарынын шыңгыратуусун улантып.— Биз экөөбүз акылдуу адамдарбыз, карыя. Кел, ушул жерде олтуруп, аялдар менен эркектер жөнүндө, турмуш менен махабат жөнүндө, ачуу менен капысынан келчү өлүм жөнүндө, дилди күйдүрчү каар менен далыга сайылган суук болот шамшар жөнүндө бири-бирибизге сүйлөп беребиз; мага кандайдыр кызык окуяны сүйлөп берсең, сага ушунча пулька беремин дейсиң, ал оозу-мурдуңдан атылып чыгат. Пульканы жакшы көрөсүң ээ? Азыр, азыр эле бир стакан ичүүнү каалайсыңбы?
Полиция башчысы менен Торрес караңгылык пардасы астында экспедициясын даярдаган ошол түн Соланолор үйүндө жашоочу адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталып калса керек. Окуя али түн кире электе эле башталды. Чоң верандада эми эле тамактанып болушкан бардык эркек Соланолор жана алар катары Леонсия менен туугандыгына байланыштуу эми Соланолор үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуп кирген Генри да кофе ичип, сигарета тартып олтурушкан болчу. Капысынан ай нуру жарык берип турган тепкичтен кандайдыр бир таң калыштуу элес көрүндү.
— Так эле арбактын өзү,— деди Альварадо Солано.
— Бирок арбак жандуу көрүнөт,— деп кошумчалады эгиз тууганы Мартинес.
— Бул эч кандай арбак эмес, жөнөкөй бир кытай,— деп күлүп жиберди Рикардо.
— Бул Леонсия менен бизди үйлөнүүдөн куткарып калган адамдын өзү го,— деди Генри Морган мейманды таанып.
— Сыр сатуучу! — деди күлкү менен Леонсия,— Ал кандайдыр жаңылык алып келди дей бер.
— Сага эмне керек, кытай? — деп одоно сурады Алесандро.
— Абдан сонун жаңы сыр, өтө сонун жаңы сыр. Мүмкүн сатып аларсыз? — деди сүйүнүп И Пын.
— Сенин сырларың абдан кымбат турат! — деди Энрико анын шаабайын суутуп.
— Ооба, бул укмуштуу жаңы сыр да абдан кымбат,— деп ырастады И Пын.
— Жогол бул жерден! — Кары Энрико кыйкырып жиберди.— Менин узак жашоого үмүтүм бар, бирок өмүрүмдүн акырына чейин сенин сырларыңа кулак сала албайм.
Анткени менен И Пын баш ийген түрдө сүйлөсө да, өзүн абдан тың кармап турду.
— Сиздин сүйүктүү иниңиз бар эле, сеньор Альфаро Солано, ал бир күнү артына сайылган бычактан өлдү. Абдан жакшы, кызык сыр ээ?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Энрико калтырап ордунан турду да, чыдамсызданып туталанган үн менен кыйкырды.
— Сен ал жөнүндө эмнени билесиң?
— Канча төлөйсүз? — деп сурады И Пын.
— Болгон дүйнөмдүн баарын беремин,— деп кыйкырды Энрико, анан Алесандро жакка кайрылып кошуп койду: — Сен аны менен келишип ал, балам. Ал өзүнүн сөздөрүн көргөн кишинин күбөлүгү менен далилдеп берсе, ага жакшылап акы төлө.
— Кам тартпаңыз,— деди И Пын өз кадырын билген кишилердей. — Күбөм бар. Ал баардыгын өз көзү менен көргөн. Ал караңгыда сеньор Альфаронун артынан ким бычак сайганын көргөн. Анын аты...
— И-и! И-и? — деди Энрико деми кысылып.
— Анын аты үчүн үч миң доллар,— деди И Пын, бул акчаны кайсы валютада талап кыларын ойлоп.— Алтын эсебинде миң доллар,— деди ал акырында.
Энрико акча туурасында иштерди уулуна дайындаганын унутуп койду.
— Күбөң барбы? — деп өкүрүп сурады ал.
И Пын кимдир бирөөнү акырын чакырды, веранданы жандап өскөн бадалдардын арасынан карт аракеч чыгын келди, ал чыныгы арбак сыяктуу акырын тепкичке жакындады да, теңселип тепкичтен көтөрүлө баштады.
Бул мезгилде шаар четинде жыйырма чабандес — алардын арасында жандармдар Рафаэль, Игнасио, Аугустино жана Висентелер да бар эле — Кордильерге жасалчу жашыруун экспедицияга чыгыш үчүн башчынын буйругун күтүп, жыйырмадан ашууң качырдан турган кербенди күзөтүп турушту. Алар башка айбандардан өзгөчөлөнгөн эң чоң качырга эки жүз элүү фунт динамит артылгандыгын билишчү. Анан да алар жээк бойлоп, кару уруусунан чыккан ошол коркунучтуу адам өлтүрүүчү — Хосе Манченонун артынан чаап кеткен сеньор Торрес себептүү токтоп турушканын билишчү. Хосе Манченону эчактан бери дарга асуу күтүлсө да, кудайдын керемети жана башчынын ырайымдуулугу менен бир нече жылдан бери дарга асылуудан кутулуп жүргөн.
Торрес болсо бул мезгилде жээкте Хосе Манченонун аты менен дагы бир запас атты жылоосунан кармап турат, Хосе ийри-буйру жол аркылуу дөңгө, Соланолор үйүнө чыгып баратты. Жыйырма футтай арыда, жээкке чейин жашыл чөптөрдүн арасында чымкый мас абышка уктап жатканын, анын катарында азыр эле алган миң долларын белине түйүп алган кытай уйкусу келбей, сергек турганын Торрес ойлоп да койгон жок. Торрес кумдуу жээкке келип, аларга жакын жайга токтогондо, кытай пеонду жолдон четке алып, жашынууга араң үлгүрдү.
Жогоруда, асьендедеги Соланолор үй-бүлөсүнүн баардык: мүчөлөрү уйкуга кетишкен. Леонсия эми эле чачын тарамакчы болуп турганда, терезеге майда таш урулганын сезет.
Леонсияга акыры өзүнүн келгендигин маалымдаганга чейин кудайдын Таман изиндеги лагердин айланасында Генри үч сааттай айланып жүрдү; Леонсия эч кимге байкатпай ага келгенге чейин дагы эки сааттай кымбат убакыт өтүп кетти. Бирок жандармдар жана Торрестин экспедициясынын катышуучулары кыздын качкандыгын тез эле билип калышпаганда убакыттын бекер кетиши эчтеке болмок эмес. Баары бирдей аттанышып, качкындарга бат эле жетип келишти.
Генри Леонсияны ээрчитип асканын түбүнө алып кирип, мылтыкты октогондо Леонсия ага каршы болду.
— Кутулуп кеткенге эч кандай мүмкүнчүлүгүбүз жок, Генри! — деди ал.— Алар көп. Атышуу башталса, сени өлтүрүшөт. Андан кийин менин күнүм эмне болот? Андан көрө кач, бир өзүң качкын да, бул жерге жардамга киши алып кел, азырынча, мейли, мени кайра туткунга ала беришсин: ушинтсек жакшы болот — сенин -өлүмүң мени куткарып кала албайт!
Генри анын сөзүнө макул болбой, баш чайкады.
— Сүйүктүү карындашым, алар бизди туткунга ала алышпайт. Мага ишене бергин да, эки жакка кулак түрүп тур. Тигине, келе жатышат. Эми карап тур!
Дүбүрт угулуп, жолдо Торрес, полиция башчысы жана кайсы бири ат, кайсы бири качыр минген жандармдардын куугунга чыккандары көрүнүп турду. Генри аларды эмес, динамит шашкасын көмгөн биринчи жерди көзөмөлгө алды. Ал машааны басты — айлананы түтүн менен чаңдын булуту каптады. Булут акырын тарагандан кийин Генри менен Леонсия адамдар менен айбандардын жарымдайы жерде жатканын, калгандары болсо бул жарылууга таңдануудан селейип турушканын көрүштү.
Генри Леонсияны колунан тартып ордунан тургузду, алар алдыга жөнөштү. Генри экинчи партия динамит көмгөн жерден өтүшкөндөн кийин, качкындар дем алууга олтурушту.
— Бизге эми алар оңой менен жете алышпайт! — деди Генри кубанычтуу, — Биздин артыбыздан канчалык көшөрүп узак түшүшсө, ошончолук акырындык менен абайлап алга жылышат.
Чын эле куугунчулардын карааны көрүнгөндө Генри менен карындашы алар өтө жай жана абдан этият келе жатышканын көрүштү.
— Баарын кырып таштоо керек эле,—деди Генри.— Бирок алардын бактысы бар экен; өлтүрүүгө жүрөгүм даабай турат. Анткени менен бул үчүн алардын али шаштысын кетирем, алдап тур.
Ал көмүлгөн динамитти болжолдоп туруп ок атты да душмандарынын дүрбөлөңгө түшкөнүнөн пайдаланып, Леонсия менен бирге үчүнчү динамит партиясы көмүлгөн жерди карай качышты.
Үчүнчү заряд жарылгандан кийин качкындар тушалган ат жакка карай чуркашты. Генри кызды атка мингизип, өзү үзөңгүнү карман ат менен катар чуркап жөнөдү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ж Ы Й Ы Р М А А Л Т Ы Н Ч Ы Г Л А В А
Френсис Паркерге өзүн эртең мененки сегизде ойготууну буюрган эле, Паркер акырын кадам таштап, белгиленген убакта кожоюнуна киргенде, ал али катуу уктап жаткан.
Камердинер ваннага суу куюп, сакал алууга бардык даярдыкты көрүп, анан жатаканага кирди. Паркер кожоюнунун дагы бир нече минут уктап алышы үчүн үн чыгарбай бөлмө ичинде басып жүрүп, капысынан столдун капкагына сайылган канжарга көзү түштү — канжар кат менен анын астындагы сүрөткө сайылган экен. Паркер муну көрүп айран-таң калды да, сеньорита Моргандын бөлмөсүн акырын ачып, ичкери карады, анан бат эле кожоюнуна келип, аны түрткүлөй баштады.
Френсис көзүн ачып, катуу уйкудан тургандыктан бир азга эч нерсе түшүнбөй, жалдырап карап турду да, анан кечинде берген буйругун эстеди.
— Тура турган убакыт болду, сэр, тезирээк туруңуз, — деди камердинер акырын гана.
— Бул мен үчүн ар дайым көңүлсүз учур,— деп Френсис күлүп, оозун ачып эстеди да, кайра көзүн жумду.— Дагы бир минут жата турайын, Паркер, уктап калсам ойготуп кой.
— Анын уйкусун күтпөй, Паркер кайра түрткүлөй баштады.
— Батыраак туруңуз, сэр. Менимче, миссис Морганга бир нерсе болгон сыяктуу: ал жатаканасында жок, бул жерден болсо таң калаарлык кат менен бычак табылды. Мүмкүн, эмне болгонун сиз билерсиз. Мен болсо чынын айтсам, сэр... Эчтекеге акылым жетпей турат.
Френсис ордунан ыргып турду; ал бир азга канжарга тигилип, анан аны сууруп алды да, катты окуду: «Түбөлүк кош» деген эки жөнөкөй сөздүн маанисине түшүнбөй, кайра-кайра окуп чыкты.
Бирок каттан да, Леонсиянын эки көзүнүн ортосуна сайылган канжар катуу таңдантты; Френсис жука картон кагаздагы канжар калтырган тешикке карап туруп бул көрүнүштү качан көргөнүн даана эстеди, бат эле анын эсине таанышынын көл жээгиндеги үйү элестеди, мына, баардыгы алтын казандын айланасында турушат, андан ар ким өз келечегин көрүп жатат. Ошондо Френсис Леонсияны көргөн, анын маңдайында канжар сайылып турган. Френсис канжарды сүрөткө кайра сайып, ага көз жүгүрттү.
Мындан өзүнөн-өзү жыйынтык келип чыкты. Ханыша мурун эле Леонсиядан кызганчу, бул жерде, Ныо-Йоркто да күйөөсүнүн кийинүүчү столунун үстүндө анын сүрөтүн көрүп, болот бычак жансыз сүрөткө канчалык ишенимдүү сайылган болсо, ал ошондой туура жыйынтыкка келди. Деги ал кай жерде болду экен? Ал кайда жоголду? Бул чоң шаардагы бардык нерсе өзүнө жат, бөтөн болуп, телефонду— сыйкырдуу, Уолл-стритти — чиркөө, бизнести болсо — НьюЙорк кудайы деп түшүнгөн баёо, кагыла элек аял бул жерде өзүн Марстан жерге түшүп калган адамдай сезип жаткандыр. Түндү кантип, кай жерде өткөрдү экен? Азыр кайда болду экен? Деги эле тирүү болду бекен?
Френсис ким экени белгисиз катар . тизилген моргду, анан толкундар чөгүп өлгөндөрдү сүрүп таштаган океан жээгин анык көз алына келтирди. Паркердин сөзүнөн ал өзүнө келди.
— Менин керегим тиеби, сэр? Мүмкүн издөө агенттерине телефон чалыш керектир? Сизди атаңыз ар дайым...
— Ооба, ооба,— Френсис шашылып анын сөзүн бөлдү.— Бир адам бар эле, атам ар дайым ошонун кызматынан пайдаланчу — өзү жаш, Пинкертондун карамагында иштечү беле... Фамилиясы ким эле, эсиңизде жокпу?
— Бэрчмен, сэр,— тез жооп кайтарды Паркер, эшик жакка бурулуп.— Азыр эле ага киши жиберемин.
Ошентип, Френсис аялын издеп, жаңы жана укмуштуу окуялардын жолуна түштү. Бул жол чыныгы нью-йорктукка чоң шаар турмушунун ар кандай жактарын жана кырларып көрсөттү, алар жөнүндө Френсистин эч кандай түшүнүгү да жок эле. Ханышаны Бэрчмендин жалгыз өзү издеген жок, аны менен кошо ондогон из кубарлар бүткүл шаарды кезип чыкты. Чикаго менен Бостондо анын жетекчилигиндеги башка из кубарлар издешти.
Френсистин ошол учурдагы турмушун бир жактуу, зеригээрлик деп атоого болбойт эле: ал Уолл-стритте белгисиз душманына каршы күрөшүп жатты, үйүндө болсо ар бир жаңы табылган аялдардын өлүгүн көрүш үчүн бирде тыякка, бирде быякка, дагы кайдадыр анын келишин талап кылган из кубарларга жооп берип жатты. Белгилүү сатта жатып уктоону Френсис унутуп койду жана өзүн каалаган убакта отурган жеринен, же уйкудан ойготуп чакырып, улам жаңы өлүктөрдү барып көрүш үчүн бейтааныш жактарга алып кетишкендерине көнүп калды. Бэрчмендин бер; ген маалыматтарына караганда, Ханышага окшогон аял Нью-Йорктон поездде да, кемеде да эч жакка кеткен эмес, анын ушул шаардын ичинде экенине ишеничи абдап чоң болгондуктап дагы эле шаар ичин кыдырып издеп жатышты.
Ушинтип Френсис Мэттенуэнде да, Блэкуэллде да, «Табыт» деп аталган түрмөдө да, түнкү полиция сотунда да болду. Ал ооруканалар менен өлүккананын тынымсыз чакырыктарынан качкан жок. Ал эмес бир жолу эмеле колго , түшкөн, полицияда сүрөтү жок магазинден кармалган ууру аялга Френсисти алып барышты. Френсис жана Бэрчмендии жардамчылары мурунтан шектүү мейманканалардын арткы бөлмөлөрүнөн табылган сырдуу аялдарга да бир нече жолу кез келишти, Вест-Сайддын элүү көчөсүнүн кайсы биринен экөө үчүн күнөө деп эсептелбеген сүйүү сценасында эригендерге урунуп, аларды уялтып, өзү да оңтойсуз абалда калды.
Бирок баарынан көмүр королу Филипп Жэнуеринин чарбагынан көргөнү эң кызыктуу жана өтө кайгылуу эле. Бул үй Филипп Жэнуериге он миллион долларга түшкөн болчу. Кандайдыр белгисиз бир узун бойлуу, шыңга, сулуу аял бир жума мурда Жэнуеринин үйүнө келип калат, Френсисти аны көрүүгө чакырышты. Бир жума мурун аял кандай болсо, Френсис келгенде да ошондон өзгөргөн эмес. Ал зар какшап, көз жашын көл кылып, күбүрөп жатты:
— Отто, сеники туура эмес. Сага тизе бүгүп айтамын: сеники туура эмес. Отто, мен сени, сени гана сүйөмүн. Отто, мага сенден бөлөк тирүү жандын кереги жок. Сенден башка эч ким, эч качан болгон эмес. Бардыгы коркунучтуу каталык. Мага ишен, Отто, ишен, антпесең мен өлөмүн...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бул учурда Уолл-стритте Френсис менен Бэскомдун жалпы оюна караганда, жаш магнаттын байлыктарына катуу чабуул менен, Френсисти жок кылып таштоо максатында чабуул баштаган жана дагы эле ким экендиги аныктала элек кудуреттүү душманга каршы күрөш улантылып жаткан.
— «Тэмпико петролеумду» ишке салбай чыдап турсак экен! — деп чын жүрөктөн айтты Бэском.
— Менин баардык үмүтүм «Тэмпико петролеумда», — жооп берди Френсис.— Рынокко алып чыгууга мүмкүн болгон бардык кагаздар жок болуп бүткөндөн кийин гана,
Леонсия жан-дилине рахат берүүчү эскерүүлөрдүн кучагына сүңгүп кетти: Френсистин эриндери тизесине жакындаганда аны жаакка чаап жибергенин, анан уялганынан кызарып кетип, жүзүн колдору менен басып алганын, өрүлгөн жип менен катуу байланган буту уюп калганын сезип, күлүп жибергенин эстеди: Френсис аны эч себепсиз агасынын душманы деп эсептеп жатканын айтканда ачуусу келип, анан акырында, Френсистин өрүлгөн жипти чечүүгө жардамдашып жиберүү жөнүндөгү сунушун кабыл албаганын эстеди. Булардын бардыгы кечээ эле болгон сыяктуу, ошону менен бирге андан бери жарым кылым өткөндөй туюлду. Ушул убакыттын ичинде кыздын башынан канчалык таң каларлык толкундандырган окуялар, лирикалык учурлар өтпөдү дейсиз!
Леонсия бул көңүлдүү эскерүүлөргө катуу берилип кетип, жолдо Сан-Антониодон келаткан экипаж көрүнгөнүн сезген жок. Экипаждан нью-йорктун мода журналындагы сүрөткө окшогон бир аял түшүп, түз эле аны көздөй келатканын да туйган жок. Бул Френсистин аялы — ханыша болчу. Ал да тропиктик күн нурунан сактануу үчүн кол чатыр кармап алган эле.
Леонсиянын артына келип токтогон ханыша ушул минутада кыз өзү үчүн эң кымбаттуу нерседен үмүтүн үзүп жатканынан кабарсыз эле. Ал бир гана Леонсия корсажынан кичинекей сүрөт алып, кунт коюп карап жатканын көрдү. Ханыша кыздын далысынан эңкейе карап, бул Френсистин сүрөтү экенин тааныды да, анда сокур кызганыч ого бетер күч алды. Ал көкүрөгүндө жашырылган канжарды сууруп алып, шилтемекчи болгондо, бул аракеттин ушунчалык тездигине карабастан, Леонсия аны сезип, ким турганын билиш үчүн кол чатырын бир аз алдыга кыңайтып, артын карады. Күйүттүн айынан таң калуу жөндөмүн да жоготуп койгон Леонсия, Френсис Моргандын аялы менен алар бир саат мурда ажырашкандай жай саламдашты. Ал тургай канжар да ага кызыгууну, же коркуу сезимин ойгото албады. Балким мына ушул сезимдердин кайсы бири пайда болгонун байкаса, душманы канжарды анын жүрөгүнө малган болор эле. Ошентип ханыша бир гана:
— Сен жаман, адамгерчиликтен төмөн турган аялсың.— деп кыйкырганга гана жарады.
Буга жооп иретинде Леонсия далысын куушурду да:
— Күн тийбесин десеңиз кол чатырыңызды түз кармаңыз деп кеңеш беремин,— деди.
Ал Леонсиянын маңдайына өтүп, күнүлөшүнүн башынан-аягына чейин карап чыкты. Ачуу менен кызгануу муунтуп жаткан ханыша кандайдыр бир сөз айтууга алсыз болчу.
— Эмне үчүн мен жаман экенмин? —Узак тынчтыктан кийин Леонсия биринчи болуп сөз баштады.
— Себеби сен уурусуң! — Жек көрүү менен айтты ханыша,— Себеби сен өз күйөөң болуп туруп, башка эркектерди уурдайсың. Себеби сен жок дегенде таза көңүл менен күйөөңө берилген эмессиң: мындан артык чыккынчылык
кылганга мүмкүнчүлүгүң жок.
— Менин күйөөм жок,— Леонсия токтоо жооп берди.
— Күйөөң болбосо, жигитиң бар... биз кеткенден кийинки күнү никелешмекчи элеңер го!
— Жигитим да жок,— деп сөзүн улады Леонсия, ошол эле токтоолук менен.
Ханышанын жаагы түйүлүп, жүзүнөн чечкиндүүлүктү көргөндө, Леонсия аны аргасыз жолборско окшотту.
— Генри Морганчы? — деп кыйкырды ханыша.
— Ал менин уялашым.
— Бул сөз, Леонсия Солано, абдан көп мааниде айтылат. Эми мен муну билемин. Нью-Йоркто кандайдыр түшүнүүгө мүмкүн болбой турган кудайларга сыйына турган, дүйнөдөгү баардык эркектерди «уялаштар», баардык аялдарды «эже-сиңдилер» деп атоочу кишилер бар.
— Генринин атасы менин атам,— Леонсия ага токтоолук менен түшүндүрдү. — Анын энеси менин да энем. Биз бир тууган ага-карындаштарбыз.
— Френсисчи? — деп сурады, ханышада капысынан кызыгуу пайда болуп.— Анын да карындашысыңбы?
Леонсия баш чайкады.
— Демек сен Френсисти сүйөт экенсиң да? — деп кыйкырды ханыша катуу иренжигендик менен.
— Бирок ал сиздики да,— деди Леонсия.
— Жок, сен аны менден тартып алдың.
Леонсия акырын гана кайгылуу баш чайкап, капалануу менен алыстагы — күн нурунда жалтырап жаткан Чирикви булуңуна тигилип, көпкө созулган тынчтыктан кийин чарчаган түр менен сүйлөдү:
— Кааласаңыз буга ишениңиз. Деги бардык каалаган нерсеңизге ишене бериңиз.
— Сенин кандай экениңди дароо билип алган элем,— кыйкырды ханыша,— Сенин эркектерди бийлеп алчу жылдызың бар. Мен аялмын, сулуумун дагы: бул жерде, чоң дүйнөдө, эркектер мага да суктанып карашат, мен муну сездим. Сүйүктүү да боло алам. Ал эмес Адашкан Жандар Өрөөнүндө дайыма жер караган бечара эркектердин көзүндө да өзүмө махабат бардыгын сезгенмин Алардып бири бул жөнүндө мага айтууга батынган эле; мен деп, туурараагы, менин айымдап өлүп калды: ал айлацпага ташталган. Бирок сеп Френсисти өзүңө ушунчалык туткун кылып алгансың, ал өзү менин кучагымда болсо да, ою сенде. Мен муну билемин. Ооба, ошондо да сени ойлоорун билемин!
Бул акыркы сөздөр ашыктык бийлеп алган жана жарадар болгон жүрөктүн кыйкы жолу эле. Андан Кийинки минуталарда ал өтө көңүл коштугунан улам таң калуу мүмкүнчүлүгүн жоготкон Леонсиянын көңүлүн бура албай, канжары колунан түшүп, кумга олтуруп калды, анан колдору менен жүзүн басып, эскирип ыйлай баштады. Леонсия анын далысынан ыкшоо кучактап тынчтандыра баштады. Ханыша өзүнө келгенге чейин бир топ убакыт өттү.
— Френсис сени сүйөрүн билерим менен аныкынан чыгып кеттим,— деди ал чечкиндүү түрдө,— Анын жатаканасында турган сүрөтүңө канжар сайып, сенин өзүңдү да өлтүрүш үчүн бул жерге келдим Бирок мен жаңылгап экенмин. Бул жерде сенин да, Френсистин да күнөөсү жок экен. Анын махабатына татыктуу боло албаган мен өзүм айыптуумун. Сен эмес, мен өлүшүм керек. Бирок мен оболу өз өрөөнүмө барып, асыл таштарымды алып келишим керек. Френсис азыр чоң түйшүктө жүрөт, себеби Уолл-стрит деген ибадатканада турчу кудай ага ачууланып калыптыр. Ал Френсистин баардык байлыгын тартып алмакчы, өз байлыгын сактап калыш үчүн Френсиске дагы башка байлык керек. Менде болсо андай байлык бар. Убакыт бекер өтпөсүн. Сен мага жардам бере аласыңбы, өзүң жана сенин туугандарың. Анткени бул Френсис үчүн!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ж Ы Й Ы Р М А Ж Е Т И Н Ч И Г Л А В А
Ошентип, Адашкан Жандар Өрөөнүнө казына издөөлөрдүн эки тобу тоолорду ашып, эки тараптан кирип келе жатышты. Бир тараптан ханыша, Леонсия, Генри Морган жана бүткүл Соланолар үй-бүлөсү тездик менен келатышат. Алардан мурда жолго чыккан болсо да беркилерге караганда акырындык менен Торрес жана полиция башчысынын жетекчилигиндеги топ келатышкан. Торрес тоого келгенден кийин анын асты менен өтүү жеңил эместигин түшүндү. Үңкүргө кирчү жолду ачуу үчүн ал болжолдогондон көбүрөөк динамит кеткидей экен: аскалар абдан бекем. Акыры алар асканын бир бөлүгүн жардырышты, тешик пайда болду, бирок ал суу деңгээлинен бийик болгондуктан суу агып чыгып кете албады. Ошентип асканы дагы жардырууга туура келди. Алар конкистадорлорун өлүктөрү сууда сүзүп жүргөн үңкүргө кирип, анан тар жолдон кудай менен кудай аял турган бөлмөгө өтүш үчүн дагы бир жолу жардырууга туура келди. Бирок алдыга — тоо койнуна кириштеп мурда Торрес Чианын жакут көзү менен Хцатцлдын зымырат көздөрүн уурдап алды.
Бул убакта ханыша менен анын жолдоштору өрөөнгө карама-каршы тараптан тосуп турган тоону дээрлик кыйынчылыксыз ашып алышты. Алар мурун өрөөндөн чыккан бөлөк бир жол менен баратышкан эле, көп жылдар бою Аалам Күзгүсүн көргөн ханыша ар бир кадам жолду билчү. Жер астындагы дарыядан аска түбүндөгү тешик аркылуу жер астына кирип, анан Гуалака дарыясына куйган жерге кайыктарды калтырууга туура келди. Эркектер ханыша менен бирге айлананы карап чыгып, дээрлик тик аскада үңкүргө кирчү, бадалдар жашырып турган тар жолду табышты: бул жолду анын кай жерде экендигин билген киши гана табышы мүмкүн эле. Саякатчылар кайыктарды аркан менен байлап, үңкүргө тартып кийирип, анан аны ийри-буйру жол менен далыларына көтөрүп барып, жер астындагы дарыя бир топ кеңейип, тынч аккан жерге жеткенде гана сууга түшүрүштү, бул жердеги агымга каршы сүзүш мүмкүн эле. Агым абдан тездеген кээ бир жайларда алар жээкке чыгып, кайыкты аркан менен тартышат. Дарыя тоо астына сүңгүп кирген жерлерде байыркы замандардагы адамдардын колу менен казылган жолду көрсөтүп жатты. Бул жолдордон алар кайыкты кыйналбай жеңил алып өтүштү.
— Бул жерге кайыктарды таштап кетебиз,—деди ханыша; эркектер факелдердин чайпалып турган шооласында кайыктарды суу четиндеги таштарга байлап коюшту.— Жетерибизге аз калды. Бул акыркы жол бизди тик аскадагы кичинекей тешикке алып барат. Тешикти папоротниктер менен жапайы жүзүмдөр жаап калган. Ошол жерден бир кездерде көл боюнда турган менин үйүмдүн ордун көрөбүз. Анан аркан менен ылдый түшөбүз, анчалык бийик эмес, элүү футтай келет.
Электр фонар көтөрүп алган Генри алдыда, ага катар ханыша баратты, коркок пеондордун бирөөнү, же кайыкчы индейди качырып жибербеш үчүн Энрико абышка Леонсия менен артта бартышат. Бирок алар тешик болушу мүмкүн болгон жерге жетип келишкенде, ал Жердеги тешиктен кымындай да белги жок болуп чыкты. Жол бүт бойдон чоңдугу муштумдай таштардан тартып, индейлердин үйүндөй келчү таштар менен төмөнтөн жогору үйүлүп калган болчу.
— Муну ким жасашы мүмкүн? — деп ачууланды ханыша.
Бирок Генри айлананы тез карап чыкты да, ханышанын тынчтанышын сурады.
— Бул болгону көчкүнүн иши,— деди ал.— Тоонун үстүнкү катмары кулап түшкөн. Бул тосмону динамиттин жардамы менен бат эле алып таштайбыз. Динамит ала келгенибиз жакшы болуптур.
Анткени менен жолду ачууга бир топ убакыт кетти. Ал күнү кечке чейин жана түнү менен иштөөгө туура келди. Генри башка катмарлар көчүп түшпөсү үчүн, жарылуучу затты аз-аздан кошуп жатты. Эртеси саат сегизде кезектеги динамит шашкасын жардырышканда жылчык пайда болуп, алар алдыларынан күндүзгү жарыкты көрүштү... Алар эми өтө этияттык менен аракеттеништи. Акыры жолду бекитип турган салмагы он тоннадай келчү жалгыз таш калды. Таштын эки капталындагы жылчык аракылуу андан кол сунуп, ташты күн канчалык ысытып жатканын билүүгө мүмкүн эле, бирок ал жылчык аркылуу чыгуу мүмкүн эмес болчу. Ташты жылдырууга жасаган аракеттерден натыйжа чыкпады — анткени таш ордунан кыймылдайт, бирок жылбайт. Ошондон кийин Генри жардыруунун эпкини ташты төмөн кулатып жиберет деген үмүт менен дагы бир динамит коймокчу болду.
— Коноктор келатканын Адашкан Жандар сезген болушса керек: анткени жашыруун эшигинен он беш сааттан бери каккылап жатабыз да,— деп күлдү Генри биликти жандырууга даярдап жатып.
Чоң үйдүн жанындагы Күн кудайынын алтарынын алдына чогулган Адашкан Жандар Өрөөнүнүн баардык адамдары чын эле чакырылбаган коноктордун жакындап келатканын чочулоо менен сезип турушту. Алардын келгиндер менен акыркы жолугушуусу — көл боюндагы үйдүн күйүп кетиши, ханышанын өлүмү — ушунчалык кайгылуу болгондуктан, алар азыр Күн кудайынан мындан ары аларга конок жибербөөсүн жалынып суранып жатышты. Ошону менен бирге жрецтин шыктандырган чакырыгына кошулуп, бул жолу өрөөнгө ким келсе да, сөзсүз өлтүрүүгө чечим кылышты...
— Ал турсун да Васконун өзү болсо да! — деп кыйкырды жрец.
— Ал турсун да Васконун өзү болсо да! — деп кыйкырып кайталашты Адашкан Жандар.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Алардын баары найза, чокмор, жаа менен куралданып алып, келгиндерди күтүп, алтарь алдында чын ыкласы менен сыйынып жатышты. Дээрлик ар бир минутада көл боюндагы чабармандар, тоо дүңгүрөп жатат, бирок эч ким көрүнгөн жок деген кабар алып келип турушту.
Өткөн жолу Леонсияны тосуп алган Чоң үйдө жашоочу кыз келгиндерди биринчи болуп көрдү. Бүткүл уруунун көңүлү көл үстүндөгү тоого бурулуп, келгиндердин карама каршы тараптан пайда болорун эч ким күткөн эмес.
— Да Васко! — деп кыйкырды кыз. —Да Васко!
Баары кыз көрсөткөн тарапка карашты: Торрес, полиция башчысы жана алардын тобу эми эле ээндикке чыгышып, алтарга элүү метрдей аралык калган эле. Торрес мумуялар үңкүрүндө кургап катып калган бабасынын башынан алган туулганы кийип алган болчу. Алар чакырылбаган меймандарды ок жамгыры менен тосуп алышты — атылган ок эки кишини кулатты. Адашкан Жандар—эркектер менен аялдар өтө тез чабуулга өтүштү. Ошондон кийин полициялар менен Торрестин мылтыктары тилге кирди. Баскынчылар мындай чукулунан болгон чабуулду күтүшкөн эмес эле, Адашкан Жандардын көпчүлүгү кулаган болсо да, бир тобу душмандарына жетип бетме-бет кармашууга өтүштү. Мындай учурда мылтыктын пайдасы дээрлик тийбейт жана Адашкан Жандардын найзасы жандармдар менен экспедициянын башка катышуучуларын тешип өтүп, чокморлору оң-солдогулардын баштарын жанчып жатты.
Ошого карабай, Адашкан Жандар четке сүрүлүп ташталды — тапанча менен жакын аралыктан атуу ыңгайлуу эле. Алардын тирүү калгандары качып кетишти. Келгиндерден да жоготуу оңой болгон жок: алардын жарымы жерде сулап жатты, уруунун аялдары алар узак кыйналбоосу үчүн колдорунан келген ишти жасашкан эле. Полиция башчысы колуна сайылган жебени суруп алууга аракеттенип, ооруунун күчүнөн онтоп жатты. Бирок анын аракеттери текке кетип, Висенте жебенин курч учун кесип таштагандан кийин гана аны сууруп алышты. Торрестин чокмор тийип зыркырап оорутуп жаткан колун эсепке албаганда, жалпы жонунан бир аз коркуу менен бардык каргашадан кутулуп калган эле; ал жерде сулап жаткан жрецти көрүп, кубанганынан секирип бийлеп жибере жаздады: абышка кызынын тизесине башын койгон калыпта үзүлүп бараткан.
Жарадарларды медицина жардамына муктаж эместигин көргөн Торрес менен полиция башчысы отряддын калганын көлгө карай ээрчитип, жээк бойлоп ханышанын үйүнүн урандысына келишти. Суудан чыгып турган күйүк түтүктөр гана мурда үй болгон жерди элестетип турат. Муну көрүп,
Торрес апкаарып калды, ал эми полиция башчысы аябай жинденди.
— Казына салынган сандык мына ушул үйдө эмес беле! — деп кекечтене кобурады Торрес.
— Эми самандын ичинен ийне издеп таап ал! — деп ызырынды полиция башчысы. — Сеньор Торрес, сиздин акмак экениңизди дайыма баамдап жүрчү элем.
— Үйдүн өрттөнүп. кеткенин мен кайдан билиптирмин?
— Билишиңиз керек болчу! Баардык нерсени билемин деп мактанасыз го! — Полиция башчысы аны кысымга алды. — Бирок мени акмак кыла албайсыз. Сизди бир топтон бери кайтарып жүрөмүн. Статуялардын көзүнөн зымырат менен жакуттарды уурдаганыңызды көргөнмүн. Кичи пейилдик менен аларды мени менен азыр эле бөлүшөсүз!
— Бир аз чыдай туруңуз. Бир аз сабыр этиңиз! — деп жалынды Торрес. — Оболу көрөлүчү. Албетте сиз менен баарын тең бөлүшөм, бирок бүтүндөй бир сандык казынанын алдында төрт таш эмне болуптур! Үй туруктуу бекем эмес, жеңил тургузулган экен. Үй кулаганда мүмкүн сандык сууга түшүп кеткендир Кымбат баа таштар сууда да бузулбайт.
Шеф кол алдындагыларга күйгөн жыгачтардын айланасын карап чыгууну буюрду, алар — бири суу кечип, бири сүзүп, айлампадан сактанып, тайыз жайларды карап чыгышты. Сандыкты суу тизеден келчү жээкке жакын жайдан унчукпас Аугустино тапты.
— Мен бир катуу нерсенин үстүндө турамын,— деди ал.
Торрес ийилип, Аугустино турган нерсени кармалап көрдү.
— Мунун сандык экенине күмөнүм жок,— деди ал. — Кана эми, баарыңар бери келгиле! Бардыгың! Жээкке алып чыккыла — анын ичинде эмне бар экенин көрөбүз.
Бирок сандыкты жээке алып чыгышып, Торрес эми капкагын ачаарда, полиция башчысы аны токтотту.
— Сууга түшкүлө! — деди ал алдындагыларга. — Ал жерде мындай сандыктардан көп, аларды табуу керек, антпесек экспедиция убакытты текке кетирген болот. Мындай сандыктын бири бүткүл чыгымдарыбызды жапмак беле?!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Баары сууга түшүп, сүңгүп, көл түбүн карай баштаганда Торрес капкакты акырын ачты. Полиция башчысы чагылган тийгендей катып калды. Ал сандыктан көзүн албай бир нерсе деп кобурап жатты.
— Кана, эми мага ишендиңизби? — деп сурады Торрес. — Бул казынага баа жок! Эми биз экөөбүз Панамада, Түштүк Америкада, бүткүл дүйнөдө эң бай адамдарданбыз! Бул майялар казынасынын накта өзү. Казына жөнүндө бала чагыбызда эле уккан болчубуз. Ата-бабаларыбыз ушул казынаны самап, кыялданышкан. Конкистадорлор муну таба алышкан эмес, эми бул казына биздики! Биздики!
Алар эстери ооп, өз байлыктарына кумарланып турушканда жандармдар акырын бирден суудан чыгышып, унчукпай алардын артына айлана тизилишип, сандыкка тигилишти. Полиция башчысы да, Торрес да жана алардын айланасындагылар да өздөрүн Адашкан .Жандар байкатпай курчап алганын байкашкан жок. Өрөөндүн кожоюндары келгиндерге катуу чабуулга өтүшкөндө, алар дагы эле катып калгандай, казынага тигилип турушкан болчу.
Он кадам аралыктан атылган жаанын огу тийсе өлтүрбөй койбойт эмеспи, баарынан да атуучунун бутага алууга убактысы жетсе. Казына изилдөөчүлөрдүн үчтөн эки бөлүгү Адашкан Жандардын жебелеринен кулады. Торрестин бактысына анын артында турган Висентенин далысына кем дегенде эки найза, беш жебе кадалды. Тирүү калган бир аз адам мылтыктарын алып, чабуул коюп келаткандарга кароого үлгүрө элегинде, душмандары чокморлорун ойнотуп аларга чабуул жасады.
Рафаэль менен Игнасионун — Хучитан нефть талаасындагы кагылышууга катышкан эки жандармдын — ошол замат баштарып жарышты. Адашкан Жандар уруусунун аялдары, мурдагыдай жарадар узак кыйналбоосу үчүн аракеттеништи.
Торрес менен полиция башчысынын бир нече минуталык өмүрү калган болчу, капысынан көл үстүндөгү тоо койнунда кулакты жарып жиберчүдөй жарылуу угулуп, көчкүнүн шоокуму чабуулчулардын көңүлүн өзүнө бурду. Жогорудан согуш талаасына чоң таш кулап түштү. Абал дароо өзгөрдү. Таш түшкөндө аман калган бир нече Адашкан Жандар жүрөгү түшүп, бар күчү менен бадалдарды аралай качышты. Окуя болуп жаткан жайда полиция башчысы менен Торрес гана калды. Алар дөбөгө, дагы эле түтүн чыгып турган аскага карап, жарык арасынан чыгып келаткан Генри Морган менен ханышаны көрүп калышты.
— Сиз аялды бутага алыңыз,—деди полиция башчысы,— мен ошол гринго Морганды жер тиштетпей койбойм, мейли, бул өмүрүмдөгү акыркы мылтык атышым болсун — жашообуз ансыз деле бүтүп калды окшойт.
Экөө бирдей мылтыктарын сундуруп, атып калышты. Эч качан жакшы мерген деп эсептелбеген Торрес, муну караңыз, ханышанын так жүрөгүн көзөптүр. Бирок укмуш мерген деп таанылган, мергендиги үчүн бир нече медаль алган полиция башчысы бул жолу жаза атып салды. Ошол замат
Генри аткан ок анын оң колунун билегин талкалап өтүп, чыканагынан чыгып кетти. Шефтин мылтыгы жерге түшкөндө, ал эми эч качан колуна мылтык ала албастыгын түшүндү. Бирок Генри да бул жолу чебер мерген экендигин көрсөтө албады. Бир сутка үңкүрдө болгон неменин көзү жарыкка кана элек болчу.
Анын биринчи огу ката кеткен жок; бирок кийин канча атпасын Торреске да, полиция башчысына да тийгизе албады. Алар тез бурулушту да, акылынан азган кишилерден чуркаган бойдон бадалдардын арасына кире качты.
Он минуттан кийин Торрестин көз алдында, Адашкан Жандар уруусунан бир кыз дарактын арасынан алдыда бара жаткан жарадар полиция башчысын башка килейген таш менен уруп, талкалап таштады. Торрес кызды атып таштады да, анан корккон бойдон чокунуп алып качып жөнөдү. Аны кубалап келаткан Генри менен ага-ини Соланолордун үнү алыстан угулду. Мына ушул учурда ал Аалам Күзгүсүнөн көргөн жана акырына чейин көрбөгөн нерселерин эстеди. Кантип эле ушул бойдон өлүп кете берсин. Бирок бул дарактар, мобул тикенектүү бадалдар, мобул тикенектүү жай Аалам Күзгүсүнөн көргөн жайга эч окшобойт. Ал жерде эч кандай өсүмдүк жок, жалама аскалар менен айбандардын сөөктөрү бар эле. Торрестин жүрөгүн кайра үмүт учкундары бийлеп алды. Мүмкүн өлүм аны бүгүн, бул жылы күтпөгөн чыгар? Ким билет, мүмкүн анын маңдайына дагы жыйырма жыл өмүр сүрүү жазылгандыр!
Торрес токойдон чыгып, бет маңдайынан катып калган лава40 менен капталгансыган ачык майданга кезикти. Мындай жайда из калбайт — Торрес бул жайдан абайлап өтүп, кайра дарактардын ичине кирип кетти; ал эми кутулуп кеттим деп ойлоду. Аста-секин качуу планын түзө баштады: караңгы киргенге чейин жашырынып жата турган жай тапты, караңгы түшкөндөн кийин, көлгө, айлампасы бар жайга кайтып барат. Ал жерде Торрести эч ким кармай албайт. Ал сууга секирет да, кутулуп кетет. Жер астындагы дарыя менен экинчи жолу саякат кылуу эми аны коркунучка салбай калган. Көз алдында кайра ырааттуу дүйнө пайда болду: Гуалака дарыясы күн нурунда жалтырап деңизге карап агып жатат. Эми анын Чиа менен Хдатцлдын көздөрүнөн алган эки чоң жакут жана эки зымыраты бар! Ушунун өзү эле бүтпөс байлык, байлык болгондо да чекене эмес. Майялар казынасы колго тийип, дүйнөдө эң бай адам болуу ага
буюрбаган экен, мейли, ушул төрт таштын өзү да жетет. Азыр Торрес тезирээк караңгы түшүшүн күтүп жатты, мына ошондо акыркы жолу айлампага секирет, жер астындагы дарыяны бойлон тоо астынан сүзүп барып, алака дарыясына чыгын алат.
Бул көрүнүштү Торрес ушунчалык ачык элестеткендиктен кай жакка кадам таштаганын билбей, тең салмактуулугун жоготуп, ылдый карай сыйгаланып түшүп кетти. Бирок ал толкундардын койнуна эмес, тик аскадан түшүп кеткен эле. Аска ушунчалык жылмакай болгондуктан зымырап ылдыйга түшүп баратты, бирок ал аскага жүзүн буруп, буту колу менен кандайдыр бир нерсеге жармашып калууга жаналы калбай аракеттенди. Анткени менен баардык аракети текке кетти. Ырас, эми ал акырыныраак сыйгаланып баратканы менен кандайдыр бир нерсеге асылып, өзүн токтото албады.
Торрес капчыгайдын түбүнө түшкөндөн кийин, бир нече минут дээрлик дем албай, эси ооп жатты. Эсине келип, колунда укмуштуудай бир нерсени мыжыгып кармап турганын байкады. Бул иши экенине анын күмөнү жок эле. Акыры бардык күчү менен эркин топтон, көзүн ачып кароого батынды — ошол замат жеңил дем алды: колундагы чын эле чочконун тиши экен, ал күн нуру менен шамалдан агарып кеткен болчу, анын жанында чочконун баш сөөгү жаткан. Айланасында да үйүлгөн сөөктөр: Торрес тегерегине каран, булар чочко менен башка майда айбанаттардын сөөгү экенин көрдү.
Ушунчалык коп сөөктү кайдан көрдү эле?.. Торрес ойлон ойлоп, ханышанын чоң казанын эстеди. Оо, кудай! Ошол жайдын так өзү! Ал башын көтөрүп, бул чуңкурду дароо тааныды. Анын башына чейин кеминде эки жүз фуг келет! Тээ башына чыкканга чейин жалама тик аска! Торрес бир кароо менен эле эч бир тирүү жан мындай жайдан чыгып кете албастыгын туйду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Торрестин эскерүүсүндө жанданган алтын казандагы көрүнүш аны ордунан тургузуп, шашылыш айланага кароого аргасыз кылды. Капысынан өзү түшүп калган буктурма ага, кумда жөргөмүш жел жайчу жана өзү түбүндө олжо аңдын жатчу жайга окшоп турду, бар болгону бул желе андан миллион эсе чоң болчу. Каны дүргүгөн башына ушул чуңкурга жараша чоң жөргөмүшкө окшош жандык мени олжо кылуу үчүн аңдып жаткандыр деген ой туулду. Бул ойдон денеси жыйрылып кетти. Бирок ал бекер эле коркуптур. Кудуктук түбү казандыкындай жумуру келип, диаметри он футтай экен, кандайдыр майда айбандардын сөөктөрү калың
катмар болуп жатат. «Кызык, байыркы майялар мындай терең кудукту эмне менен казды экен?» — деп ойлоду Торрес. Ал өзү түшүп калган капкан адамзат колу менен жасалганына күмөн санаган жок.
Караңгы түшкөнгө чейин Торрес жогору чыгыш үчүн кеминде он жолу аракеттенип көрдү, анан акыры мунун мүмкүн эместигине толук ишенди. Жогору чыгууга жасаган ар бир аракетинен кийин, бактыга жараша күн баткан сайын чоңоюп бараткан көлөкөдө аптаптан жашынуу үчүн үч бүгүлүп, ал оор дем ала, ысыктан жана суусагандыктан жарылып кеткен эриндерин ###### жатты. Бул жер тандырдын ичиндей ысык болчу — анын денесинен тер менен бирге акыркы өмүр ширеси да чыгып баратканын сезди. Түндө, кандай кылып кутулсам экен деп баш катырып, бир нече жолу ойгонду. Бул жерден жогору чыгып кутулуп кетүүгө болот, бирок кандай кылып? Ал таңдын атышын коркунуч менен күттү, себеби мындай ысыкка эч ким он саат чыдай албасын ал билет. Кайра түн киргенге чейин анын денесиндеги соңку ным да бууланып, күн аны бырышкан, кургаган мумияга айландырып жиберет.
Таңдын атышы андагы коркунучту күчөтүп, өлүмдөн кутулуп калуунун жаңы, абдан жөнөкөй жолун табууга жардам берди. Ал дөбөгө жармашып чыга албайт, дубалды да тешип өтүүгө болбойт экен, демек жападан-жалгыз жол—төмөндө. Ой акмак! Деги түндө, салкын убакта иштесе болот эле го, эми күн саат сайын ысый баштаганда иштөөгө туура келет. Ал үбөлөнө баштаган сөөктөрдү жан-алы калбай иштеп, каза баштады. Ооба, албетте бул жерде ылдый кеткен жол болуш керек. Эгер, ылдый болбосо жамгырдын суусу кайда кетет? Суу агып кете турган жол болбосо, жамгырдын суусу кудукту толтуруп жибербейт беле. Ой келесоо! Эси жок акмак!
Торрес сөөктөрдү четке ыргытып, кудуктун түбүн казып кирди. Ал жан алы калбай иштеп, абдан шашылып жатты; тырмактары сынып, манжалары канап кетти. Бирок анда жашоого умтулуу күчтүүлүк кылды жана күн менен болгон бул мелдеш өмүр менен өлүмдүн күрөшү экенин билип турду. Ал төмөндөп казган сайын сөөк катмарлары тыгыз жана бекемирээк болуп баратты, сөөктөрдү мылтыктын учу менен сындырып, анан майдаланган сөөктү кочуштап алып таштоого туура келди.
Чак түштө, ысыктан башы ооруй баштаган мезгилде, ал бир ачылыш жасады. Асканын тазаланган бөлүгүндө, сыягы, бычак менен оюп жазылган, кандайдыр жазуулар пайда болду. Торрес зор үмүт менен башын көөдөнүнө чейин өзү казган чуңкурга салып, ит сыяктуу сөөктөрдү тыткылап, артка ыргыта баштады. Алардын бир бөлүгү чотке түшсө, бир бөлүгү — көбүрөөгү, кайра Торрестин үстүңө куюлуп түшүп жатты. Бирок ал ишке ушунчалык берилип кеткендиктен, эмгеги текке кетип жатканынан кабарсыэ эле.
Акыры ал жазууну тазалап окуп чыкты:
Глазголук Питер Мак-Гил! 1829-окыл, 12-март. Өзүм казып, таап алган ушул жол аркылуу Шайтан кудугунан чыгып кеттим.
Жол! Демек ушул жазуудан төмөнүрөөктө жол болушу керек! Торрес жан-талаша кайра ишке киришти. Ал чаң менен топурактын алдында калгандыктан, чоң чычканды, же ушул сыяктуу төрт буттуу макулукту элестетип турду. Топурак бат-бат көзүнө түшүп, мурду менен тамагына тыгылат — мына ошондо чуңкурдан чыгып, чүчкүрүп, жөтөлүп алат. Бул учурда ал эки жолу эсинен танды. Бирок так эле маңдайына келип калган күн аны кайра ишке киришүүгө мажбур кылды.
Акыры ал жолдун бир четин ачууга үлгүрдү. Бирок кайра казып, ал жолду бүтүндөй ачкан жок. Торрес тешик өзүнүн арык денеси батчудай болору менен, күн нурунан тезирээк жашырынуу үчүн буралып-буралы ичкери кирди. Караңгылык менен салкында бир аз эс алгандай болду. Ал кубанычтуу толкундануудан кийин денеси шалдырап калды, анын жүрөгү дүкүлдөй баштагандыктан үчүнчү жолу акылынан танды.
Эсине келгенден кийин, шишип карарып кеткен эриндерин араң кыймылдатып, кандайдыр дубаны окуган бойдон, үңкүрдөн жөрмөлөй баштады. Адам жүрчү жол ушунчалык жапыс болгондуктан, ал эмес эргежел да боюн түзөп баса албайт болчу, ошол себептүү ал дээрлик эмгектеп жүрүүгө аргасыз болду. Торрестин астында сөөктөр кычырап, майдаланып, курч сыныктары бутун тилип жатканын сезди. Ушул калыпта ал күндүзгү жарыктын шооласын көргөнчө болжол менен жүз футтай жүрдү. Бирок кутулуучу жай жакындаган сайын Торрес өтө акырындап баратты, ал өзүнүн абдан алсызданып калганын сезди: бул чарчагандыктан, же ачкалыктан эмес, негизи суусагандыктан эле. Суу, бир нече жутум суу болсо — кайра ага күч кирген болор эле. Бирок суу жок болчу.
Жарык болсо улам чукулдап келатты. Торрес ага жакындап сойлой берди. Аңгыча жол отуз градуска жантайып, төмөн түшкөнүн сезди. Эми алга жүрүү жеңилдеди.
Торрес төмөн сыйгаланып, анын алдан тайып бараткан денесин жердин тартуу күчү алга, жарык түшүп турган тарапка сүйрөдү. Тешикке жакындаган сайын сөөктөр көбөйө баштады. Бирок бул Торрести санааркаткан жок — ал сөөктөрдү көрүп көнүп калган, анын үстүнө бул жөнүндө ойлоого кубаты да жетпей калган болчу.
Көзү караңгылап, колдорунун сезгичтигин бүтүндөй жоготкон болсо да, ал жолдун тарып баратканына акылы жетти. Торрес дагы эле ошол отуз градус жантаюудан ылдыйлап сыйгаланып баратып, күтүүсүздөн бул жол келемиш капканы, өзү башын алдыга созуп белгисиз тарапка сүйрөлүп бараткан келемиш сыяктанганын ойлоду. Жарык ааламга алып чыкчу күндүн жарыгы түшүп турган жылчыкка ал жете элегинде эле тешик абдан тар көрүнөт, ага батпасам керек, деп ойлоду. Анын бул санааркоосу чындык эле. Эч нерсени ойлобой, ал эркек кишиники экенин сезген сөөктөрдүн үстүнөн сойлоп өтүп, кулактарын сыйыртып, тар тешиктен башын тышка чыгарды. Күн анын башын аябай ысытып жиберди, ал болсо муну сезбей, көз алдында керилип жаткан мейкиндикке ач көздүк менен карады, ырайымсыз аска таш анын бул мейкиндикке чыгышын каалаган жок.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бар болгону жүз ярддай арыда дарактарды аралап шылдырап агып жаткан сууну көрүүнүн өзү акылдан аздырышы мүмкүн эле. Чөптөрү жайкалган каптал түптүз сууга туташып кетет. Суунун жээгиндеги дарактардын көлөкөсүндө Адашкан Жандар Өрөөнүндө көргөнүндөй кичинекей уйлар тизесине чейин суу кечип, капарсыз турушат: алар чымын-чиркейлерден корунуп, куйруктары менен ыкшоо сыйпанып, буттарын көтөрүп коюшат. Торрес аларды жек көрүү менен карады: алар сууну каалашынча ичиши мүмкүн, бирок сыягы, азыр алар чаңкаган жок. Акылсыз макулуктар! Айланасында ушунча суу жайма-жай агып жатса ичпегендерин кара!
Күтүүсүздөн уйлар бир нерсе сезгендей баштарын бурду: дарактардын ичинен чоң бугу чыга келди. Уйлар баштарын түзөп, буттары менен суу чапчын баштады. Суунун шарпылдаганы Торреске угулуп турду. Бирок бугу алардын нааразылыгына көңүл бурбай, башын салып суу иче баштады. Бул Торрес үчүн чыдап болбос көрүнүш эле: ал ач айкырык салды, эгер ушул убакта анын акылы жайында болгондо, өз үнүн өзү таанымак эмес.
Бугу качып кетти, уйлар болсо коркунучтуу кыйкырык чыккан тарапка карады да, анан көздөрүн жумуп, кез-кезде сыйпанып коюшуп, мурдагыдай үргүлөй башташты. Торрес кулагы жулунуп кетерин да ойлобой, башын кайра тартып алды да, сөөктүн үстүнө эси ооп жыгылды.
Эки сааттан кийин — канча убакыт өткөнүн ал оз чү билбесе да — Торрес көзүн ачып, баш сөөккө бетин коюп жатканын сезди: батып бараткан күндүн нуру тар тешик аркылуу түшүп турду, күтүүсүздөн Торрестин астында дат баскан бычактын мизи жалтырай түштү: бычактын мизи жешилип, сынып калыптыр. Ал эмне үчүн мында11 болгонун Торрес дароо түшүндү. Бул жер астындагы жолдун оозундагы аскага жазган бычак, анын астындагы сөөктөр болсо, ошол катты жазган адамдын калдыктары болчу. Ошондон кийин Альварес Торрес таптакыр эсинен танды.
— А-а, Питер Мак-Гил, менин душманым экенсиң го? —• деп кобурады ал. —Глазголук Питер Мак-Гил, чыккынчы! Сен мени атайы ушул жол менен сүйрөп келүүгө аргасыз кылдың. Мына сага! Мына! Мына!
Ушундай деп оор бычакты морт баш сөөккө малды. Бир кезде Питер Мак-Гилдин мээси сакталган сөөктөн көтөрүлгөн чаң Торрестин мурдун каптан, андан бетер ачуусун келтирди. Ал скелетке жабышып, сеөктордү бири-биринен ажыратып ыргыта баштады. Бул кандайдыр кандуу кармашка окшоп турду. Бул согушта Торрес бир кезде Глазгодо жашаган адамдын калдыктарып жексен кылып жатты. Караңгылыктын койнуна сиңип бараткан ааламдын сулуулугун дагы бир жолу кароо үчүн Торрес кайра тешиктен башын чыгарды. Ал кадимки майялардын капкагына мойнунан илинген келемиштей сулуу ааламдын караңгылык койнуна сиңип баратканын карап турду, күндүн батышы менен бирге анын акыл-эси да караңгылык койнуна сиңип баратты.
Уйлар болсо дагы эле суу кечип, кез-кезде чымын-чиркейлерден корунуп турушат: анан кайрадан бугу көрүндү, ал топ уйларга көңүл бурбай, эңкейип суу иче баштады.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ж Ы Й Ы Р М А С Е Г И З И Н Ч И Г Л А В А
Кесиптештери Ригаңды Уолл-стриттин бөрүсү деп аташаары бекеринен эмес болчу. Адатта ал биржада өтө аяр, бирок чындап ойноп, кез-кези менен так эле үзгүлтүксүз иче турган аракечтей чечкиндүү жана укмуштуу авантюра баштар эле. Узак жылдар даңкталып, ушул мезгилдин аралыгында беш жолудан кем эмес биржаны дүрбөлөңгө түшүрүп, ар биринде анын чөнтөгүнө миллиондогон акча түшчү. Анткени менен Гиган анда-санда гана ушинтип кутурчу, бирок ал анча-мынчага убараланчу эмес.
Душмандарынын шектенүүсүн жоготуш үчүн жана акырында Бөрү карып, тынчып калды деп ойлосун үчүн бир нече жыл катары менен унчукпай жүрө берчү. Анан оз муунтуп таштоого камынып жүргөн кишилерине канысынан кол салчу. Бирок сокку күтүүсүз башталса да, эч качан капысынан, даярдыксыз болчу эмес. Риган соккуну берүүгө коп айлар, кээде жылдар бою катуу даярдык көрөр эле.
Френсис Морган үчүн да ал эч качан күтпөгөн Ватерлоо ушинтип иштелип чыккан жана даярдалган болчу. Негизги максат өч алуу, маркумдан өч алуу эле: сокку Френсиске эмес, тескерисинче Френсистин атасына каршы багытталып, уулу аркылуу мүрзөдө жаткан атасын жеңүү максат кылынган. Кары Р. Г. М. — Ричард Генри Морган — тирүү кезинде, ага сокку бериш үчүн Риган сегиз жыл ыңгайлуу учурду күттү. Бирок мындай мүмкүнчүлүк келген жок. Риган Уолл-стрит Бөрүсү аталса да, Арстанга, ал өлгөнгө чейин кол сала албады.
Ошентип Риган өзүнүн жек корүүсүн достук пардасы менен жашырып, атасынан анын баласына өткүрдү. Арийне бул жек көрүү туура эмес түшүнүлгөн аракет менен нээттен туулган эле. Риган Р. Г. М. өлөрдөн сегиз жыл мурда аны алдамакчы болуп, бирок ал иши оңунан чыккан жок. Анткени Р. Г. М. анын максатын билип койгон, билип гана койбостон, өзүнүн ойлогон оюунун тууралыгына толук ишенип, кыянатчыл кесиптешинин арабасынын дөңгөлөгүнүн огун тез жана шамдагайлык менен араалап койгону Ригандын оюна да келген жок. Эгер Риган өзүнүн кыянат нээттери Р. Г. Мага маалымдыгын билгенде, өч алуу жөнүндө ойлобой, оозу күйүп кала берген болор эле. Бирок Риган Р. Г. М. да өзү сыяктуу кыяпат жана ыплас деп эсептегендиктеп муну кезектеги негизсиз ыпластык катары кабыл алды да, душманынын өзүн болбосо, баласын талкалап, өчүн алмакчы болду.
Ал ошентип шарттын келишин күтө баштады. Оболу Френсис атасынын каражаты менен тургузулган чоң ишканалардан түшкөн пайдага канааттанын, биржа оюнуна катышпай жүрдү. Френсис «Тэмпико петролеум» компаниясынын негизги кожоюндарынын бирине айланып, миллиондоп пайда бере турган бул ишканага бир нече миллионду жумшагандан кийин, Риган жаш Морганды жок кылып таштоо мүмкүнчүлүгү туулду деп ойлоду. Бирок ушул мүмкүнчүлүк пайда болгондон кийин, ал чабуулга шашылбай, ырааттуу даярданыш үчүн бир нече ай зарыл болсо да, убакытты бекер еткорбодү. Чабуулга даярдануудан мурда Риган Френсистин кандай акциялары ишканалардын карамагында, кайсылары тикеден-тике оз карамагында экенин аныктады.
Ригандын даярдык көрүшүнө эки жылдан ашык убакыт кетти. Френсистин бир топ байлыгы жумшалган бир нече корпорацияларда Риган директорлордун бири болуп, таасири күчтүү болчу: «Фриско консолидэйтедге» ал председатель; «Нью-Йорк, Вермонт энд Коннектикут» компаниясында председателдин орун басары; «Норс-Уэстерн электрикте» болсо мурда бир директорду колго алып, кийин ар түрдүү арам иштер менен добуштун үчтөн эки бөлүгүн өзүнө тартып алды. Ушинтип түздөн түз же бир жагынан — корпорациялар жана банк филиалдары аркылуу Френсистин байлыктарына тиешелүү болгон баардык жашыруун финансы жана коммерция пружиналарын жана да тирөөчтөрдү өз колуна алды.
Бирок бул ишканалар эң чоң «Тэмпико петролеумдуи» жанында эч кеп эмес болчу. Мында Риган, биржада сатып алган арзыбаган жыйырма миң акцияны эсепке албаганда, эч таянычы жок эле, ошого карабай, зор финансылык манипуляция мезгили жакын калган болчу. «Тэмпико петролеум» чынында Френсистин менчик мүлкү эле. Бул ишканага өзүнөн сырткары бир нече жолдоштору, анын ичинде миссия Каррузерс кызыгуучу. Бул жаны тынбаган аял Френсиске тынчтык бербей, ал гана эмес бир уялып да койбой телефон чала берип, жинине тийчү. Ошону менен бирге Жонни Пасморго окшогондор эч качан Френсистин тынчын алып, ашыкча кетпей, жолугушуп калганда гана биржанын абалы жөнүндө жана жалпы финансы жөнүндө кеп арасында, ошондо да үмүтсүздөнбөй, ишенич менен айтып калышчу. Анткени менен бул Френсисти миссис Каррузерстин сүрүштүрө берип жадатканына караганда, көбүрөөк түйшүккө салчу.
Ригандын митаамдыгынан улам «Норс-Уэстерн электрик» акциялары накта отуз тепкич төмөн түшүп кетти да, өтө арзан баалана баштады. Өздөрүн билгич сезген кишилер бул ишкана ишеничсиз деген бүтүмгө келишти. Анан кадимки кичинекей, бирок Гибралтар сыяктуу бекем «Фриско консолидэйтед» компаниясына кезек келди. Бул компания жөнүндө эң жаман имиштер тарады, ал эмес бул компаниянын банкроттолушу жөнүндө да сөз кылып жатышты. «Монтана Лоуд» болсо Малэнинин компаниянын абалы жөнүндө тамак астынан кир издеп, аралаш жазылган эсептешүүдөн кийин дагы эле өзүн ырастай албай жатты. ал эмес англис салымкорлору тарабынан жиберилген улуу адис Уэстон да кандайдыр көңүл тынчыта турган сөз айта алган жок. Жарым жылдан бери киреше кийирбей жаткан «Имиириэл тангстен» азыр чоң иш таштоонун айынан зор зыян тартып жатты, иш таштоонун болсо акыры көрүнбөдү. Булардын бардыгы Ригандын алтынынын айынан экендигин, анын акчасына сатылып кеткен бир нече профсоюз уюмунун башчыларынан блок, эч бир жан билчү эмес.
Френсиске карата болгон бул чабуулдун сырдуулугу жана коонтуулугу Бэскомдун шаштысын кетирип койду. Тоодон акырындык менен сүрүлүп түшүп келаткан муз катмары Френсистин акчасы каражатталган баардык нерсени түбү көрүнбогон жарга сүрүп бараткандай эле. Сырттан караган кишиге эч нерсе өзгөрүлбөгөндөй сезилчү —бул акциялардын жөнөкөй төмөндөшү сыяктанып, анын айынан Френсистин байлыгы күн сайын төмөндөп азайып баратты. Анын өзүнө тиешелүү акциялар гана_ эмес, ал банктардын бере турган акциялары төмөндөп баратты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ушул арада согуш жөнүндө имиштер тарады, Чет мамлекеттердин элчилерине бир баштан паспорт бериле баштады, дүйнөнүн жарымы колуна курал алып жаткандай сезилди. Биржадагы абал туруктуулугун жоготуп, бүгүн эртең дүрбөлөң башталчудай болуп турган убакта чоң мамлекеттер мораторий жарыялоону создуктуруп жаткан мезгилде, Риган Френсиске акыркы соккуну берүүнү чечти. Бул Ригандын жол башчылыгын кың дебестен кабыл алган ондогон чоң «аюулар» менен бирге акциялардын наркын азайтуу оюнун баштоо үчүн эң ыңгайлуу убакыт эле. Бирок Ригандын планы кандай экенин алар да анык билчү эмес, мунун себеби эмнеде экенин ойлоп да коюшкан жок. Алар пайда таап калыш үчүн бул оюнга катышып жатышты жана Риганы да ушул максатта ойноп жатат деп ойлоп жүрүшкөн. Негизги бута Френсис Морган, же туура ыраагы, анын атасынын арбагы экендигин, бул кудуреттүү сокку так ошого багытталгандыгын алар ойлоруна да алышкан жок.
Риган башчылык кылган ушак сөздөр фабрикасы толук кубат менен ишке киришип кетти. «Аюулар» бааны түшүрө электен мурда эле төмөн бааланып келаткан ишканаларынын акцияларынын наркы өтө төмөндөй берди. Бирок ушуга чейин Риган «Тэмпико петролеумга» кандайдыр себеп менен 'кысым жасоодон али тартынып жаткан эле. Жалпы үмүтсүздүк менен дүрбөлөңдүн арасында бул компаниянын акцияларынын наркы жогору даражада кыймылдабай турду. Риган Френсистин айласыздан ушул компания акцияларын рынокко чыгарууга аргасыз болорун. жана ошону менен башка кыйроолордун ордун толтурууга аракеттенишин күттү.
— О кудай! О кудай!
Бэском жаагын таянып, тиши ооруган кишидей капысынан жүзүн бырыштырды.
— О кудай! О кудай! — деп кайгалады ал. — Рыноктун иш балдасы чыкты. Ага кошулуп «Тэмпико петролеум» да кыйрады! Мындай болорун ким билиптир!
Френсис Бэскомдун кабинетинде олтуруп, сигаретасын өчүп калганын байкабай, кайра-кайра соруп жатты.
— Баары кимдики мурун өтөт дегендей, сатып жатышат, сатып жатышат,— деди ал.
— Биз узак барсак эртең мененкиге чейин чыдайбыз, анан сиздин мүлкүңүздү дүң соодага коёт, сиз менен кошо мени да,— деди макилер саатына көз салып.
Френсис да саатына ыктыярсыз көз чаптырып койду: сааттын жебелери он экини көрсөтүп турат.
— «Тэмпиконун» калган акцияларын рынокко чыгарыңыз,— деди ал чарчаган түр менен. — Бул эртеңкиге чейин чыдашыбызга шарт түзөт.
— Эртең эмне болот? — Сурады маклер. — Деги таянарыбыз калбады, кичинекей клерктерге чейин баардыгы оз акцияларын тезирээк сатууга аракеттенип жатышат.
Френсис ийинин куушурду.
— Өзүңүз билесиз, үйүмдү да, Дримуорллду да, Адирондак тоосундагы дачаны да эң жогорку баа менен барымтага койдум.
— Досторуңуз барбы?
— Ушундай убактабы! деди Френсис кейиштүү.
— Ооба, так ушундай убакта жардам берчү досторуңуз барбы? — Кайра сурады Бэском. — Угуп туруңуз, Морган. Колледжде ким менен достошконуңузду билемин. Мисалы, Жонни Пасмор...
— Анын өзү да ушул иш боюнча кулагына чейин сазга батып калды го. Менин ишим оңунан чыкпаган соң, аныкы да тескерисине кетет. Дэйв Доналдсон да айына жүз алтымыш доллар менен жашоого аргасыз болот. Крис Уэстхаузга болсо киного кирип иштөөгө туура келет. Ал мурда эле жакшы катер болчу, анын айтканына караганда экранга өңү абдан жакшы чыгат имиш.
— Ошентсе да бир досуңуз бар — Чарли Типпери,— деп эскертти Бэском, кожоюнунун бул досунан үмүттөнбөгөнүн өзүн сезип турган болсо да.
— Ооба, бар,— Френсис анын сөзүн үмүтсүз коштоду. — Бирок бир начар жагы: анын атасы дагы эле тирүү.
— Картаң эшек, өмүрүндө тобокелге салып бир доллар да каражаттабаган, — деп анын сөзүнө кошулду Бэском. — Бирок ар дайым анын колунда бир нече миллион нак акчасы турат. Бактыга каршы, ал дале тирүү жүрөт.
— Эгер кичинекей ушул «бирок» болбогондо, Чарли мен үчүн атасын көндүрө алат болчу.
— Барымтага коюш үчүн кымбат кагаздарыңыздан калган жокпу? — деп шашылыш кайрылды маклер.
Френсис баш ийкеди.
— Барымтага койбой туруп, абышкадан бир доллар өндүрүп көрүңүзчү!
Ошого карабай, бир нече минутадан кийин Френсис Чарли Типперини өз кабинетинде табыш үмүтүндө анын секретарына визит кагазын сунду. Типперинин фирмасы Нью-Йорктогу, . ал эмес дүйнөдөгү эң ири зергер фирма болчу. Типпери чалдын бриллианттарга койгон доллары көп нерселерден кабардар болгон кишилердин болжолунан да көбүрөөк эле.
Френсис ойлогондой, Чарли менен сүйлөшүүдөн эч натыйжа чыккан жок. Чал дагы эле башкаруучулук ролун өзү бекем кармап, уулу анын жардам беришине кепил боло албайт эле.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Мен атамды жакшы билемин,— деди ал Френсиске. — Аны макулдатууга аракеттенип көрөмүн, бирок сен мындан кандайдыр бир жыйынтык чыгат деп үмүттөнбө. Мындай аракетим дайым чатак менен бүтөт. Анын абдан көп кымбат кагаздардан жана өкүмөт заемдорунан сырткары нак акчасы да бар, мына ушунусу жандан өтөт. Билесиңби, бабам жаш_ кезинде эле бутуна туруп, фирма ачканда досуна миң доллар карыз берген экен. Ал досу өмүрүнүн акырына чейин карызын кайтара албаптыр жана ошону өлгөнгө чейин унута албай жүрөт. Бул кайгылуу окуя экөөнүн тең өмүр бою эсинен кетпейт. Атама түндүк полюсту барымтага койсоң да, мына ошол муздарга тил кат алмайынча жана ал жерге муздун баасын аныкташ үчүн эксперт жибербей туруп бир пенни да карызга бербейт. Сенде болсо барымтага коюучу эч нерсе жок. Мен сага бир нерсени алдын-ала айтып коёюн. Абышка менен бүгүн түштөн кийин сүйлөшүп көрөмүн — тамактангандан кийин анын ар дайым көңүлү куунак болот. Анан өзүмдүн канча акчам бар экенин, сен үчүн эмне иштээр аларымды да байкап көрөмүн. Ооба, бир нече миң доллар сен үчүн аздык кылаарын түшүнүп турам, ошондуктан көбүрөөк табууга колумдан келгенин жасайын, келбесе да аракеттенип көрөмүн. Каңдай болсо да эртең эртең менен саат тогузда сага барамын...
— М-да, мен үчүн бул бактысыз күн болду,— деди Френсис бир аз жылмаюу менен анын колун чын -жүрөктөн кысып коштошуп. — Мен саат сегизде эле үйдө жок боломун
— Андай болсо мен саат сегизге чейин келемин,— деди Типпери дагы бир жолу чын жүрөктөн Френсистин колун кысып. — Азырынча иш менен алекмин. Башыма бир кызык ой келип калды.
Ал күнү Френсис иш боюнча дагы бир кишиге жолугушу зарыл болчу. Өз маклери Бэскомдун конторуна келгенде, ал Риган телефон чалып жолугушууну кааларын айтты деди. Риган Френсис үчүн кызыктуу жаңылык бар экендигин айтып коюуну өтүнүптүр.
— Мен азыр эле анын алдына барамын,— деди Френсис шляпасын колуна алып: анын жүзүндө үмүт учкундары жайнап кетти. — Ал атамдын жакын досу, мени бул азаптан ошол гана куткарышы мүмкүн.
— Буга анчалык ишене бербеңиз,— деди Бэском башын чайкап, тилинин учундагы сөзүн айтууга батынкырабай, бир азга унчукпай туруп. — Панамадан кайтарыңыздын алдында мен ага телефон чалган элем. Аны менен ачык эле сүйлөштүм. Ага сиздин сапарда экендигиңизди, абалыңыз аянычтуу экенин айттым да, кандайдыр зарылчылык болсо, сиздин жардамыңызды күтсөк болобу, деп сурадым. Ал анык жооп бербей, сөздү чаргытты. Адамдардан жакшылык сурасаңыз, алар сөздү башка жакка бура баштарын билесиз го. Ал да так ошентти. Бирок менин оюмча, бул жерде бир кеп бар. Жок, мен аны душмандык деп айта албайм, ошентсе да мага ушундай сезилди... Жалпы алганда ал сиздин келечегиңиздин кыйрашына көңүл кош жана камарабагандык менен карап жаткандай туюлду.
— Болбогон кеп! — Френсис күлүп жиберди. — Ал атам менен өтө жакын дос болчу.
— Сиз «Космонолитен рейлуэйздин» кошулушу жөнүндө уктуңуз беле? — Маанилүү түр менен сурады Бэском.
Френсис баш ийкеди.
— Бирок мен ал кезде жарык дүйнөгө келе элек болчумун,— деп жооп кайтарды ал арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин. — Мен кээ бир сөздөрдү гана укканмын. Ошондо эмне болгонун айтын бериңизчи? Эмнеге капысынан муну эстей калдыңыз?
— Мунун тарыхы узун, бирок менин кеңешиме кулак салыңыз: Риганды көргөнүңүздө бардык сырды ага айтып койбоңуз. Оболу ал баштагандай болсун. Эгер ал сизге кандайдыр жардам сунуш кылса, муну сиздин өтүнүчүңүзсүз, өз колдоосу менен жасасын. Мүмкүн мен жаңылып жаткандырмын, бирок эң алды менен анын көңүлүндөгүсүн билип алуу зыян кылбайт.
Жарым сааттан кийин Френсис Ригандын кабинетинде аны менен бетме-бет олтурду. Ал өзүн кандай балакет күтүп жатканын ушунчалык анык билсе да, муну ачык моюнга алуудан өзүн араң кармап турду: бирок Бэскомдун кеңешин эстеп, өз ишинин абалы жөнүндө мүмкүн болушунча көңүл кош сүйлөөгө аракеттенди. Ал эмес Френсис өзүн анын алдында камаарабагандай көрсөтүүгө аракеттенди.
— Кулагыңа чейин батып калдыңбы, ыя? — деп сөз баштады Риган.
— Өтө эле эмес, башым али жогору турат,— тамаша менен жооп кайтарды Френсис. — Мен али дем алууга кудуретим жетет, чөгүп кетүү жөнүндө ойлой да элекмин.
Риган дароо жооп кайтарган жок. Биржа телеграфы лентасындагы акыркы кабарлар менен бир нече минут таанышып чыкты.
— Арийне «Тэмпико петролеум» акцияларын рынокко көбүрөөк чыгарыпсың.
— Себеби аларды колубуздан жулуп кетип жатышат,— жооп берди Френсис, жанатан бери биринчи жолу, мүмкүн Бэскомдуку туура болуп жүрбөсүн деп таңданып ойлоду.— Эчтеке эмес, душмандарымды алардын-көңүлү айнып кускандай болгончо акцияларды жутууга аргасыз кыламын.
— Ошентсе да, көрдүңбү, «Тэмпико» акцияларын калтырбай сатып алып жатышканы менен, анын баасы төмөндөп баратат. Ушунусу кызык,— деди Риган.
— Биржада наркты төмөндөтүү оюну жүрүп жатканда ар кандай кызык иштер болушу мүмкүн,— деп токтоо жана акылдуулук менен жооп берди Френсис. — Менин душмандарым, өзүм кутула албай ж\гргөн кагаздарды жутуп, курсактарын кампайтаары менен, алар күптүү болушат. Мына ошондон кийин кай бирөөлөр суктугунун айынан болгон дартынан кутулуш үчүн аз суммадагы акча төлөшпөйт Менин оюмча, аларды мен кекиртектен аларымдан мурун, чөнтөктөрүн аңтарып беришет.
— Бирок сен болоруңча болдуң го, балакайым. Сен бул жерде жок кезиңде да биржадагы бул кармашууну күзөтүп турганмын. «Тэмпико петролеум» сенин акыркы таянычың.
Френсис башын чайкады.
— Эч андай эмес,— деп калп сүйлөдү ал. — Биржадагы душмандарымдын оюна да келбеген байлыгым бар. Мен аларды алдап тузакка түшүрүп жатам, атайлап алдап жатам. Риган, муну жалгыз сизге сыр катары айтып олтурам. Себеби сиз атамдын досу эмес белеңиз. Бул чатактан албетте соо чыгамын. Тилимди алсаңыз, базарда нарк ашып кете элегинде сатып алыңыз. Нарк көтөрүлгөндө, пайдага бир топ акчаңыз-калат.
— Кайдагы байлыгыңды айтасың?
Френсис ийнин куушурду.
— Бул жөнүндө душмандарым биржа акцияларым менен толгондон кийин билишет.
Көз боёчулук кылып жатасыңбы? — деп кубана кыйкырды Риган. — Карыя Р. Г. М. сыяктуу сен да бекем турасың. Бирок сөзүңө ишенишим үчүн бул көз байлоо эмес экенин далилдешиң керек.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   belka   02 Май 2016 - 16:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Эмнени далилдейин, сиздики туура,— деп кобурады ал. — Чын эле сизди алдаган болчумун. Мен чөгүп баратам: суу кулагыма чейин жетти, эгер сиз жардам берсеңиз кутулуп чыгышым мүмкүн. Атамды эстеп, анын баласына колуңузду созуңуз. Сиз мени колдоп-кубаттасаңыз, алар адебин жейт...
Мына ошондон кийин гана Уолл-стрит Бөрүсү арсайган азуусун көрсөттү. Ал сөөмөйү менен Ричард Генри Моргандын сүрөтүн нукуду.
— Сен кандай ойлойсуң, эмнеге ушунча жылдан бери мобул сүрөттү дубалга илип, сактап келатам? — деп сурады ал.
Френсис: түшүнүктүү, анткени сиздер канча жылдан бери дос болчусуңар, дегендей баш ийкеди.
— Жок, таба албадың,— деди Риган мыскылдуу жылмайып.
Френсис таңданып ийнин куушурду.
— Ар дайым аны эсте тутуу үчүн сактап келатам,— деди Бөрү. — Мен аны бир мүнөт да унутпайм. «Космополитен рейлуэйздин» биригиши менен тиешелүү окуяны уккансыңбы? Сенин атаң мына ушунда мени алдап кеткен. Сен мага ишенип кой, ошондо оңой алдаган эмес. Бирок өч алууга ал өтө куулук кылды. Ошондуктан анын сүрөтүн дубалга илип коюп, сабырдуулук менен күттүм. Күткөн убактым эми келди!
— Айткыңыз келгени?.. — деп токтоолук менен сурады Френсис.
— Так ошондой,— деп айкырды Риган. — Мен күттүм жана чабуулга даярдандым. Эми мен күткөн убакыт келди. Кантсе да күчүк колума түштү. — Ал табалап, ырсайып, сүрөткө карады. — Эгер бул көрүнүш как баш чалды мүрзөсүндө аласалдырбаса, анда...
Френсис креслодон туруп, өз душманына кызыгуу менен узак карап калды.
— Жок,— деди ал өзү менен өзү сүйлөшкөндөй. — Жок, арзыбайт.
— Эмне арзыбайт? — Дароо бир нерседен шектенгендей сурады Риган.
— Сиз уруп колду булгаганга арзыбайсыз, — деген токтоо жооп угулду. — Мына ушул колдорум менен беш минутада сизди аркы дүйнөгө жөнөтсөм болор эле. Сиз эч кандай Бөрү эмессиз. Жөнөкөй ит менен сасык күзөндөн төрөлгөн макулуксуз. Мага бул жөнүндө айтышкан эле, сизден мындай ишти күтүүгө болорун, мен ишенбей, өзүм толук билиш үчүн бул жерге келген элем. Досторумдуку чын экен. Алар сизге кандай ат коюшкан болсо, баарына татыктуу экенсиз. Оф, бул жерден тезирээк кетиш керек. Бул жерден жаман жыт келип жатат. Сасыгын карачы!
Френсис эшиктин туткасынан кармап, артына бурулду. Ал Ригандын ачуусун келтире албаптыр.
— Эми эмне кылмакчысың? — деп Риган какшыктап сурады.
— Телефонуңуз аркылуу маклериме коңгуроо чалышка уруксат берсеңиз, эмне кылаарымды билип аласыз,— деп жооп берди Френсис.
— Макул, балакайым,— деди Риган кичипейилдүүлүк менен, бирок ошол замат кандайдыр бир нерсени сезип, кошуп койду: — Мен өзүм байланыштырып беремин.
Телефон трубкасын чын эле Бэскомдун алганына ишенгенден кийин, трубканы Френсиске узатты.
— Сиздики чын экен,— деди ал Бэскомго. — Сиз койгон аттардын баардыгына татыйт, ал эмес андан ашыкка да. Өзүбүз түзгөн эрежеге ылайык ишти уланта бериңиз. Карт түлкү ишенбесе да, биз аны каалаган убакта кысымга алышыбыз ырас. Ал мени тоноп аларына ишенет.
френсис душманын алдаш үчүн бир аз ойлонуп турду" да, анан сөзүн улантты: — Мен азыр сиз кабарсыз болгон кээ бир иштерди айтамын. Башында эле ушул түлкү бизге чабуул койгон экен. Эми кимди көргө көмүү бизге белгилүү.
Френсис ушуга окшогон маанидеги бир нече сөз айтып, трубканы илип койду.
— Билесизби,— деп түшүндүрдү кайра босогого токтоп,— сиз изиңизди ушунчалык эпчилдик менен жашырганыңыздан, бул кимдин изи экенин билбей жүрчүбүз. Эй, каргыш тийген Риган, сизден он эсе күчтүү белгисиз душманды талкалап коймокчу болуп жүргөнбүз. Эми бул душман ким экени белгилүү, ишибиз бир топ жеңилдеши калды. Биз оор күрөшкө даярданган болчубуз. А эми болсо жеңил гана жеңишке жетебиз. Эртең ушул убакта, так ушул жерде, сиздин кабинетиңизде жоктоо башталат, бирок ыйлоочу улардын арасында сиз болбойсуз. Сиз өлүккө айланасыз, биз сизди талкалап таштаганыбыздан кийин, чыныгы финансылык өлүккө айланасыз.
— Так эле куюп койгондой Р. Г. М. дин озү,— деди кары Бөрү жылмайып. — Тобо, ал да көз боёмологонго өтө жөндөмдүү эле.
— Атам сизди көмүп таштап бул машакаттан мени куткарбаганына өкүнөм! — деди Френсис чыгып баратып, анын жүзүнө тигилип.
— Бул машакатка тиешелүү бардык каражаттардан да дегин,— деп кыйкырып калды анын артынан Риган. — Али бул сөзүң өзүңө кымбатка түшөт, жаш жигит, бул кабинетте болсо эч кандай жоктоо болбойт.
— Ии, эртең чечүүчү күн,— деди Френсис Бэскомго, ошол күнү кечинде коштошуп жатып. — Эртең ушул убакта менин баш теримди шылып алышат да, өзүм Ригандын коллекциясы үчүн бардык закон боюнча күнгө кургатылып, ышталган экспонатка айланамын. Бул кары шайтан алгырдын менде өчү бар экенин ким ойлоптур дейсиз! Мен ага эч качан жамандык кылбасам. Тескерисинче, аны ар дайым атамдын кыйышпас досу деп билчүмүн Чарли Типпери атасынан бир нерсе өндүрө алалса го...
— Же Кошмо Штаттар капыстан мораторий жарыяласа,— деди Бэском ага боору ооруп, бирок буга өзү бир аз да үмүттөнбөй.
Риган болсо бул убакта өзүнүн кабинетине жыйылган ушакчылары менен агенттерине көрсөтмө берип жатты.
— Саткыла! Сата бергиле! Эмне болсо да саткыла, акцияларды ошол замат кардарлардын колуна карматкыла. Бул төмөндөөнүн акырын көрбөй жатам.
Френсис болсо үйүнө кайтып келатып, жолдон кечки газетанын акыркы санын алып көз чаптырып, чоң тамгалар менен басылган төмөнкү темага көзү түштү:
«ТӨМӨНДӨӨНҮН АКЫРЫН КӨРБӨЙ ЖАТАМ,-ДЕП КҮН МУРУН АЙТЫП ЖАТАТ ТОМАС РИГАН».
Эртеси таңкы саат сегизде, Чарли Типпери Френсистикине келгенде ал үйүндө жок болчу. Бул түн Вашингтондогу өкмөт уктаган жок, түнкү телеграммалар Кошмо Штаттар согушка кошулбаган болсо да, мораторий жарыялаганын жана төлөөлөр токтотулгандыгын бүткүл мамлекетке жарыялады. Саат жетиде Френсис али ордунан тура элегинде ага Бэском ушундай кабар алын келди. Френсис ошол замат аны менен кошо Уолл-стритке жөнөдү. Өкмөт мораторий жарыялаганы аларга үмүт тартуулап, алардын алдында али көп иштер бар эле.
Бирок Чарли Типпери ошол күнү эртелеп Риверсайддрайвга келгендердин биринчиси эмес болчу. Таңкы саат сегизде күнгө күйүп карайып, чаңга бөлөнгөн Генри менен Леонсия чоң эшиктин коңгуроосун чалышты. Эшик ачкан кичинекей камердинерди четке түртүп, алардын каршысына чуркап чыккан Паркерди таңдандырып, түз эле ичкериге карай басышты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: