Суперстан: "АРМАН" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"АРМАН" Зуура СООРОНБАЕВА

#221 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   14 Май 2016 - 01:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Дагы кимде суроо бар?
- Менде. - Экинчи жигит ордунан көтөрүлдү. -Тоют жылда эле мол камдалып жатпайбы. Кошумча тоютту өндүрүш үчүн, айдай турган жер жок болсо, аны кайдан алууга болот?
- Абдан туура суроо болду бул. Жердин жетишсиздигинен кендирибиз кесилип жатат. Ошон үчүн айдоо аянтын көбөйтүүнүн жолун издеп табышыбыз керек. Сенин аты-жөнүң ким?
- Абакиров Урмат. Дыйканмын өзүм.
- Ушул азыркы сенин сурооңдон кийин, Урмат, оюмда ойлоп, ортого салсамбы азыр, же кийинкиге калтырсамбы деп эки анжы болуп турган оюма от коюлгандай болуп, тутанып кетти. - Акылбек тээ бир оокумга чейин залда олтургандарды сыдыра тиктеп, ойлуу тургандан кийин сөзүн улады: - Ооба, айдоо аянтын кеңейтишибиз керек, деп айттым. Бирок, аны кандай кылып кеңейтишибиз керек? Бул жөнүндө оюмда бир нерсе бар. Ал болсо, мына бул коз алдыбызда жаткан ак чан болгон кең талаанын, жер жер болуп жаралгандан бери, кылымдап бош жатышы. Ушул кунары жок кумпайган жер тагдыры менен эл тагдыры уктасам түшүмдөн, ойгонсом оюмдан кетпеген бир чоң кайгы болду. Бул жердин айласын сиздер менен бирге чечип, бирге таппасак болбойт, жолдоштор.
Акылбектии сөзүн угуп, залдын ичи дүүлдөй түштү. Адамдардын арасынан кандайдыр бир жагымсыз создор чыккандай болду. Сыягы, мынадй ойду айтат деп эч ким ойлобосо керек. Бир кезде олтургандардын ичинен эки-үч киши, соз албай туруп эле ордуларынан туруп, жарыша сүйлөп, ачуулангандай кызууланып кетишти.
- Сен балакай, эмне деп сүйлөп жатканыңды деги өзүң түшүнүп жатасыңбы? Билсең бул Ак-Турпак деген оңой жоо эмес. Бул деген кудайдын каарына, пайгамбардын каргышына калган жер. Бул жөнүндө эчен ойлор, эчен сөздөр болгон.
- Ооба, бул жерди эч ким, эч кандай күч багындыра албайт, жолдоштор.
- Тең жарышпай, бирден сүйлөбөйсүздөрбү, - деди совхоздун парткомунуы катчысы, столду карандашынын уңгусу менен такылдатып. Ушул маалда ордунан козголбогон калыбында арт жакта олтургандардын арасынан кимдир бирөө кыйкырды:
- Э-э-й Акылбек, байкап сүйлө балакай, жети ата, жети тукумубуз жашап келген бул жердин сырын биз билебизби, же сен билесиңби! «Акыл жаштан чыгат» деп койсо, тапкан акылың ушул экен да. Ишке ашпай турган бул ишке элди үгүттөп, убара болбосоңчу. Аракетиң жакшы экен. Бирок, эмгегиң куру талаага кетет.
Баятадан тигилердин сөзүнүн бүтүшүн күтүп, тикесинен турган киши саймедиреди:
- «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» дегендей, мына бул алдыга чыгып айткандардын сөзүн уккун балам. Делөөрүбөй коё тургула. Директор деген, райком, раисполком дегендер бар. Директоруңар, оорусунан жакшы болуп, сакайып келсин мурда. Ак-Турпак жөнүндөгү сөздү ошондон кийин баштасаңар деле болот го дейм, ыя балдар?..
Ушул маалда салабаттуу бир карыя, кол көтөрүп ордунан козголду.
-Капырай, урушчудай болуп кекээрлешпей, кезек күтүп жай сүйлөшпөйсүңөрбү, - деди, ак бубак болгон сакал-мурутун өзүнчө бир азем серпкен адам, олтургандарды айлана карап. - Ой, айланайын журт, эмнеге мынчалык дүрдүгүп, убайымга түшүп кеттиңер. Ойго ой, акылга акыл кошот деп ак тилегин ортого салып олтурган баланы, баятадан бери туш-туштан чыгып ит талагандай кылып олтурасыңар. Силер бүгүнкү күндүн сөзүн, бүгүнкү күндүн талабын сүйлөбөй, тээ отузунчу жылдан мурдагы турмуштун көйгөйүн сүйлөп турасыңар. - Ал киши Акылбекти карады. - Өнөрүң болсо өргө чап балам. Биз иштей албаган, биздин колубуздан келбеген ишти эми силер иштеп, силер бүтүргүлө. Абдан жакшы да, чоң да максат бар экен, чырагым. Бирок, айтылган сөз айтылган бойдон калбай, иш жүзүндө болсо экен. «Төртөөң төп болсоң төбөдөгүңү аласың, алтооң ала болсоң алдыңдагыны алдырасың" деген сөз бар. Тигил эле, бул эле, деп кыйшандап,

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 14 Май 2016 - 01:23


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#222 Пользователь офлайн   jasgul   14 Май 2016 - 09:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

Рахмат

Билдирүүнү түзөткөн: jasgul: 14 Май 2016 - 09:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#223 Пользователь офлайн   mery.89   14 Май 2016 - 17:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 30 Май 13
  • Соңку аракети: 17 Дек 2021 22:55
  • Жынысы:Аялзаты

Калганыыыыы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#224 Пользователь офлайн   Zo9lu   16 Май 2016 - 21:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 07 Май 16
  • Соңку аракети: 01 Янв 2021 01:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Jalalabad

Kachan jazat boldu eken
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#225 Пользователь офлайн   jasgul   17 Май 2016 - 06:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

Сурантып, жалдыратып анан жазат экен да тобба
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#226 Пользователь офлайн   zina29   18 Май 2016 - 13:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 306
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Май 2019 08:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Суротко тартып эле кетирсен боло окулуп эле атат.Убактына карап улантып кой эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#227 Пользователь офлайн   mery.89   19 Май 2016 - 15:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 30 Май 13
  • Соңку аракети: 17 Дек 2021 22:55
  • Жынысы:Аялзаты

Автор неге баштады деймда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#228 Пользователь офлайн   bond0202   19 Май 2016 - 19:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

тажап кетип окубай койдум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#229 Пользователь офлайн   benka80   19 Май 2016 - 20:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 13 Июль 12
  • Соңку аракети: 10 Июл 2016 23:53
  • Жынысы:Аялзаты

Куто тургула да жазат да айныбай жаза бериниз аларды укпай
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#230 Пользователь офлайн   Atlantida.   20 Май 2016 - 00:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 12 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2018 21:06

Качан эми уландысы???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#231 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   20 Май 2016 - 20:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

уйдун бөйрөгүндөй бөлүнбөй, бир максатта болгула баарың. Бир сөз айтайын, кулак салып угуп тургула. Мен, баякы жылы түштүккө барып калдым. Ошондо жолдо баратып, бир какыраган ак чап талааны, сол-сол кылып ченоктогон жерлерге суу токтотуп, анан кайра андагы сууну агызып, кайрадан ага суу толтуруп, кайра агызып жаткан дыйкандарды көрүп, «Булар эмне кылып жатышат?» деп жанымдагы мени менен бараткан адамдан сураганымда, ал киши мага «Жердин шорун кетирип, тузун агызып жатат» деп жооп берди. Мен оюмда «жердин шорун кетирип эмне кылышат болду экен?» деп ойлоп, кайра сурадым. «Шору кеткен жерди эмне кылышат?». Жигит күлдү. Кийин ойлосом менин түшүнүгүмдүн тайкылыгына күлгөн экен. Ошондогу анын бир айткан сөзү эсимде ташка тамга баскандай сакталып калды. Шору жок, жарактуу жерге эмнелер айдалып, эмнелер өспөйт аксакал. Тээтигил аркы жакта кок жашыл болуп созулуп жаткан талаага коон менен дарбыз осот. Ушунтип, жердин шору суу менен агызылып, суу менен өмүр көрүп, эл эмгегинен гүлдөгөн дархан талааны көрүп жатасыз. Эми бул жерди да пайдаланууга даярдап жатышат. «Адам эмгегин жер жебейт» тура. Ошондо менин эсиме ушул ак чап болуп шорго баткан ак турпак түшүп, «биздин жердин тузун ушинтип суу менен жууса болот экен да» деп жүрөгүм сызылып, бүйрүм кызыган. Бирок, жакын жерде, бул талаанын тузун айдай турган агын суунун жоктугун эстегенимде, ындыным очо түшкөн эле. Азыр эле Акылбек, жерди өздөштүрөбүз деп силерди айдап чыкканы жаткан жери жок, туурабы. «Жакшы тилек, жарым ырыс» дейт. Агроном уулум «ушундай кылсак кантет?» деп кеңеш сурап жатат бизден. Атаганат, бетине бир тал чоп ӨСПӨГӨН, куурап жаткан ушул ак чап талаага жан кирип, кок жашыл болуп көркүно чыгып, адам үчүн кызмат кылып турар күнү кайда. Баякы, биздин тушубуздагы, санаа жетсе, кол жетпеген, алсыз күндөр алыс калды. Ааламдын сырын алаканга салгандай ачып, айга барып адам конуп жаткан бул заманда, адам баласынын колунан келбей турган эч нерсе жокко дейм, мм балдар. Бул жөнүндө терең ойлонуп, Акылбек айткандай Ак-Турпактын тагдырын тез аранын ичинде чечишибиз керек.
Тигил кишинии сөзүн угуп, олтургандар жуушаган койдой болуп дымый түшүштү. Керек болсо биздин элдин, поезддин алдына түшүп алып чуркай турган адаты бар. Ким мурда сүйлөсө ошонуи сөзүн ойлобои туруп туштуштан колдоп кетебиз. Азыр эле Акылбектин сунушуна каршы чыгып, биринин артынан бири сөз талашып сүйлөп жаткан адамдардын үнү эми кан буугандай басылды да калды. Алардыи ордуна Кадырман карыянын сөзүн жактап чыгуучулар дуу дей түштү:
-Атаганат, Кадырман атам айткандай, Ак-Турпакты өздөштүрүүдө жылчык табыла турган иш болсо, сонун эле болбойбу. Ошонун анык болооруна ишенбей турбайбы, көпчүлүк. Атаңдын көрү-ү, айла жок, эмне деген жер, эмне деген байлык кылымдап кысыр жатат. Колуңардан келсе, күч-кубатыңарды аябагыла, балдар. «Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей, бул жердин тилин билип, жансыз талаага жан киргизе турган күн кайда, — деди алдыңкы катарда олгурган бирөө.
А деп соз баштаганда эле, туш-туштан карты чыгып жаалап киргенде, Акылбек оз оюнда минтип жактоочулар болооруна көзү жетпей, умсуна түшкөн. «Жакшы соз жан эритет» дегендей, акыл-эстүү адамдардын калыстык менен туура сүйлөгөн сөздөрү жигиттин делебесин козутуп, үмүтүн жандырды:
- Бала кезден көңүлдү өйүтүп, ойдо жүргөн сөздү айттык. Ракмат сиздерге. Аракет кылсак иш оңунан чыгып калышы ыктымал. Ак-Турпакты өздөштүрүү көңүлдүн борборунда турган иш болуп калды. Директор аман-эсен сакайып келсе, жок демек беле. Менимче тилектеш болуш керек. Бул иш үчүн түн уйкуну, күн тынымды коюп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир тилекте аракет кылганда гана ойлогон ойго жетебиз. Чуркачу жерлер, түртө турган эшиктер коп. Жогору жактан жардам болбосо, ийгиликке жетише албайбыз.
- Ооба, Акылбек туура айтат. Бул үчүн ак жол каалап, өзүңдү иштин башына койсок, чуркайсың да.
Акылбек ордунан козголо берди:
-Тyypa, «Бал кудукту тапкан сен, таткан да сен» дегендей, албетте, өзүм көтөрүп жаткан ишти өзүм баштайм. Бирок «Жалгыз таару ботко болбойт" дегендей, мындай чоң иш жалгыз бир кишинин колунан келбейт. нарын дайрасынан су алыш үчүн бааруучу жерлерге баруубуз керек. Кадырман карыя айткандай, Ак-Турпак суусуз баш ийип бербейт бизге.
-Канал казабызбы?-деди арт жактан кыйкыра сүйлөп бирөө.
Акылбек кайрадан сөзгө аралашты.
_Канал казганда эле Нарын дайрасы бизди көздөй аркырап ага баштайбы! ? Жок, андай болбойт туугандар. А дегенде биз насостук станция курууга жетишишибиз керек.
-Болуптур, мурда ошол насостук станцияңды курчу айланайнын -деди бирөө, -Калган сөздү ошонуңар курулуп бүткөндөн кийин сүйлөшөлү.
акылбек жанында олтургандар менен шыбырыша түшүп ордунан турду.
-Мынча болду ишти кийинкиге калтырбай эле азыр баштасак кантет? Насостук станциянын курулушу үчүн долборлоо институту менен суу чарба министирлигине азыр эле атайын өтүнүч кат даярдасак эмне болот?
-эмне болмок эле, болот да,_деди алиги Акылбекти колдогон карыя. -"Темирди кызуусунда сок" дейт. Ак-турпакты өздөштүрөрүңөр чын болсо, кийинкиге калтырып, созуштун кергеи эмне. "Өнөрүң болсо өргө ча" балам.
менин катарымда олтурган жигиттин бири мага карады:
-Ыя карындаш, тигил өпкөсү жок агрономдун сүйлөп жаткан сөзүн кандай дейсиң?
-А өзүңүчү?- дедим Акылбектин сөзүнө алагды болуп.
-Мен сенден сурап жатсам, сен кайра менден сурайсың.
-болду, сөзугузуңчү.
-ошонун сөзүн урдум. Чарбанын абалы бул болсо, "Өлалбай жатып өлөң айтат" деген ушул, карындаш. ишенбей эле койгула.
_Эмне үчүн?
-"Кудайдын көзүң менен көрбөсөң, акылың менен тааныбайсыңбы" дегендей, Ак-Турпакты өздөштүрөбүз деген сөз, тим эле келжиректик. Сен чыгып сүйлөбөйсүңбү?
-Эмне деп?
-Эмне деп, деген да сөз болобу? Капаровдун келжиреп, элдин башын айландырып жатканын укпай жатасыңбы? Айылдык кеңешке сени депутат кылып бекер шайлашпаса керек. Элди туура эмес дүрбөтүп жатканын айтыш керек да.
-Калкка пайдасы жок, какшып жаткан боз талааны өздөштүрсө жаман болобу?-дедим мен. -Сөз угузалычы деги.
-сен да аны колдойм дечи.
Ачуум келе түштү.
-Колдойм. Жакшы самаалыкты жакташ керек.
-Аа, ошондой дечи. Көрөбүз.
-Ошол көргөндө айтпайсыңарбы, эч нерсе бололекте ажылдашпай. Деги өзүңөр кимсиңер? Мас болуп алып ушундай жерге келип, бузуку сөздү сүйлөп олтуганыңар уят да.
-Ким мас? Оозуңду карап сүйлө. Биз сенин көзүңө мас көрүнүп турабызбы, же ит көрүнүп турабызбы?
-ит деп жаткан ким бар? Силердей зөөкүрөрр биздин совхоздо жок эле, кайдан келген немесиңер?
-Оме-е-е-й, мына неме эмне дейт? Тааныбыасаң таанып ал, ушул жерден эле болобуз.
-Ушул совхоздон болсоңуздар, эмне үчүн жерди өздөштүрүүгө каршы чыгып жатасыздар?
-акылбекти сүйүп калган сойкулардан эмессиңби, ыя кыз?
Мен мындай жагымсыз сөздүн чыгаарын күткөн эмесмин. Эмне деп айтаарымды билбей буула түштүм. Ошол саамда президиумда олтургандардын ичинен кимдир бирөө ордунан көтөрүлдү:



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#232 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   20 Май 2016 - 22:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Эмне сөз, эмне кыжы-кужу. Тынчтанбайсыздарбы. Каныш, сенин качантан берки бүтпөгөн сөзүң бар эле?
- Мен эмес, мына бул жигиттер, - дедим күңк этип.
Булар менен жаакташып олтурбай, орун которууну ойлоп эки жагымды карадым. Алдыраакта бош орун туранын көрүп, аста ордумдан турдум.
- Бизди таштап кайда барасың? — деди тигилердин бирөө этегимден кармап. - Качпа!
- Коё бер кармабай.
Бейтааныш зөөкүрлөрдүн саатынан проекта институту менен суу чарба министрлигине жазылган каттын текстин да толук укпай калдым. Мен башка орунга которулуп олтураарым менен жанакылар жарыша сүйлөштү:
- Ак-Турпакты өздөштүрүү жел соз эмеспи, ыя Капаров? Бул кеңешти сага ким берди эле? «Ээси келсе, бээсин бер» дегендей, эртең эл атасы келсе эмне дээр экен? Ал киши билеби, кеңештиң беле бул маселени?
- Билет. Айтылган баары. Ойлобогула жолдоштор, Ак-Турпакты өздөштүрүү боюнча көтөрүлгөн маселенин автору Капаров экен деп. Баарыбыз кеңешип олтуруп чечтик.
- Актанба, билебиз сени. А дегенде багалчагың батып, агроном болуп алгандан кийин, ай айланбай башкы агроном болуп чыга келдиң.
- Бул ким? - деди парткомдун секретары ордунан кайра туруп. - Өөдө тур. Эмне, башыңды ийиниңе катасың? Дагы эмне дейсиң?
- Бул жерге бир жыл эмес, миң жыл асылсаңар да чыкпайт эч нерсе.
- Тур. Туруп сүйлөбөйсүңбү?
- Турбай эле сүйлөйм. Айтаар сөзүмдү айтып да бүттүм...
Баятадан бери Каныштын сөзүн угуп олтуруп, мен өзүмдү курортто эмес эле, ошол жыйналышта жумушчулардын арасында олтургандай сезип каным кызып кетти.
- Мына, көрө албаган, ичи тар, бузуку деп ушундайларды айтат. Мындай адамдарда ыйман да болбойт, дедим ичим оттой жанып.
-Аман эмне болду?
-Алар биздин совхоздон эмес экен.
-Э кокуй, анан кайдан келген немелер экен?
-Коңшу айылдан келген жигиттер болуп чыкты. Бир убакта Акылбекти карасам өңү купкуу болуп кетиптир. Көрсө тиги үчөө тең Капаровдун мурдагы аялынын жек жааты тура.
-Аа, катыгүн, Наргүл тараптан экен де. Атайын арам ой менен келишкен экен да. Анан эмне болду? Жыйналышта Акылбектер көтөргөн маселе чечилбей калдыбы? Эл колдоо көрсөткөн жокпу?
-Оо, колдоо корсоткондо да кандай көрсөтүштү дейсиз. А дегенде түшүнбөстүктөн жүрөксүнүшкөн турбайбы. Суу чыгаруу, жердин шорун кетирүү үчүн гипстөө жумуштарынан кийин гана максатка жетишээрин билишкен соң бардыгы колдоп кетишти. Бул айтканга оңой болгону менен ото оор жумуш экени иштин жүрүшүндө белгилүү болду. Чарбанын турмушунда болуп көрбөгөн чон жумуш башталды. Совхоздун директору бул иштин башталышына да аткарылышына да аралашпай калды. Отпускада жүрүп ооруп, ооруканада жаткан бойдон көптө чыкты. Кийин ден соолугуна байланыштуу ишке чыкпаган бойдои пенсияга кетти.
-Катуу ооруга чалдыккан го бечера.
Ден сак, күрпүлдөп турган жаш кезде, ден соолуктун кадыр-баркын билбейт турбайбызбы. Оору менен кырсык таман алдында деген соз бекер айтылбаса керек. А дегенде бутунун баш бармагынын тырмагы эле ооруган имиш. Эмне болоор дейсиң деп этибарга албай койсо, бармагы көгөрүп, өзүнөн-өзү көөп шишип баштаптыр. Oopycy күчөгөндөн кийин догдурга келсе "гангрена» деп диагноз коюп, оң бутун кесиптир, жакшы болуп калса, арадан ай отпой, экинчи буту ооруптур го.
-Анан экинчи бутун да кесиптирби?
-Оба, экинчи бутун да кесиптир.
-Ой бечера, бечера, кыйын болгон экен. Мээнетиңе да ишенбе, дөөлөтүңө да ишенбе деген ошол.
- Кыйып болду албетте.
- Жакшы киши беле? Ордун жоктогондурсуңар?
- Ким билет, жоктоочулар жоктогондур. Деги мындайда ар кандай сөз чыгат тура. Билгендер кара мүртөз, катуу адам эле дешет. Өз билгенин өзгөгө берчү эмес го сыягы. Обком партиянын биринчи катчысы менен бажа тура. «Таянган тоосу бийик болсо, ыргыткан ташы алыс түшөт» эмеспи. Баякы сенек мезгилде арааны араандай жүргөн көпкөн директордуп бири ушул киши эле дешет. Казысы карыш бээлерди козудай, козуну тооктой союп, жеткирүүчү жерлерге жеткирип туруучу имиш. Биздин совхозго жалгыз чапан, жарытымы жок оокат менен келип, падышадай байлык жмйып, казына күтүп, байып кетти дешет. Ооруканага жатып, оор операция болгонун уккан жумушчулар «Тобо, ошол киши да ооруйт экен ээ?! дешип, жакаларын карманышкан адамдарды да көрдүм. Ошол кишинин ден соолугунан кийин бир окуя эсиме тушот да турат. Бир жолу биздин бөлүмдүн башчысы, бир жездеси каза болуп, суранганы директорго кириптир. Ошол кезде ал киши кимдир бирөө менен чечекейи чеч болуп, жарпы жазыла сүйлөшүп жатканын көрүп, «ырас көңүлү ачык экен» деп ойлоп кубана түшөт. Бирок, бул жигиттин эмелеки кубанычтуу көңүлүн, директордун өзгөрө түшкөн катаал мүнөзү силкип салат. Бөлүм башчысына алая караган заарду коз аны жутуп жиберүүчүдөй кадала тиктеп, кирпиги ирмелбей опурулат:
- Телефон менен сүйлөшүп жатканды көрүп туруп, тышта күтө турганды да билбейсиң. Маданият, тартип, жетекчини сыйлоо дегенди үйрөтө албай койдум го силерге.
- Кечирип коюңуз, шашылыштан эле кирип калдым. Жездем каза болуптур. Сизди районго кеткени жатат деп угуп, суранып калайын деп эле...
- Эмне, бир тууган жездеңби?
- Ооба аксакал, бир тууган жездем.
- Башканыкы бүтсө да сенин өлгөнүң бүтпөдү го. Оору менен ажал сенин укум-тукумуда жармашты да калды. Жездеңдин сенден башка көмөөрү жок беле?
Жигиттин оозуна сөз кирбей, ызага буула түшүп, бир демден кийин минтиптир:
-Көмүүгө киши жогунан суранып жаткан жерим жок. Акыркы сапарга узатуу, топурак салуу ага-туугандын милдети да.
-Качан коёт экен?
-Бүрсүгүнү.

Анда эртең барсаң болот экен. Иштеш керек жолдош. Түшүнүп жатасыңбы?
-Эртең барганым кандай? Жол алыс да.
-Кайда эле жездең?
-Алматыда.
-Эжеңе кыргыздын жигиттери табылбай, казакка чыкты беле?
-Ооба, казакка чыккан. Москвада окуп жүрүп табышышыптыр. - Жигит ыйлап жиберет.
-Эй, келесоо, өлгөн казакка да киши ыйлайбы?
Жигит дароо муздай тоңуп, мостоё түшөт.
-Эмне дедиңиз? - Ачууга буулат. - Сизди мен биринчиден жетекчи деп, экинчиден адам деп кирдим. -Ал түз эле сизден сенге өтөт. - Мынчалык айбандыгыңды билсем кайрылбайт элем. Менин башыма келген оору менен өлүм сага да келгиси бардыр. Ушул сөздү жүрөгүңө бекем түйүп кой унутпай. Билсең жездем сен окшогон кыргыздын кыркына бергис жигит болуучуу. «Жездеси өлүп, топурак салууга руксаат бербей койсом, болбой кетип калыптыр» десең кызматтан бошотуп сал. Баятан бери айткан сөздөрүң сөөгүмдөн өтүп, чучугума жетти. Акмак!» - Жигит шарт бурулуп чыгып кетет.
Кызматкеринин, көз көрүнөө даражасына шек келтирип, жагымсыз орой сөздөр менен опурула сүйлөп, беделин түшүрүп, руксаат берелекте жулунуп чыгып кеткенине ачууга буулуп, эмне кылаарын билбей, демигип олтурганда телефон шыңгырайт.
-Алло, угуп жатам! -Ачуулу бурк этет. -Аа, сизби? Саламатсызбы? Жакшы, жакшы.- Бул телефон чалып жаткан алиги обком партиянын биринчи катчысы болуучу. Директор алактай түшүп чебеленет:

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 20 Май 2016 - 22:38


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#233 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2016 - 14:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Жок, жок, кадыр-көңүл тынч эле. Азыр эле бир келесоо келип көңүлүмдү астым-үстүм кылып бузуп кетти. Бир кудай урган жалкоо, орой неме. Иштегиси келсе иштейт. Иштегиси келбесе, бюллетень алат да, оорудум деп жатып алмай адаты бар. Жумушка чыкканы он чакты эле күн болгон. Бүгүн бирдемем өлдү деп руксаат сурап келиптир. Ким дейсиз? Аа, анда ошол менден чыккан неме тура. Ооба, бөлүмдүн башчысы болуп иштейт. Кесиби зоотехник. - Директор сестее түшүп: - Э кокуй, жездеси биринчи катчы бекен?... Экөөбүз ВПШда чогуу окуганбыз дейсизби? A-а, сиз да барасызбы? Ка-а-п, мурдараак телефон чалсаңыз болмок экен. Ал кудай урган немени азыр эле тилдеп, кабинеттен айдап чыкпадым беле. Макул таптырайын. Жарайт, сиз бер десеңиз берем да. А башкы зоотехниктикин алып берсемчи?... Эски дейсизби? Эски болсо эмне болмок эле, барып келгенге жараса болду да. Балким өзү табаар. Менчик машиналар толуп жатпайбы? Макул, макул, берейин Волганы. Жарайт, - деди биринчи катчынын айтканына баш булгай албаган директор.
Секретарь кыз, тигил кишинин, обкомдун катчысы менен сүйлөшүп жатканын толук угуп туруп, трубканы аста ордуна илет.
Өлүм менен ооруну, кырсык менен тарткылыкты каш менен кабактын ортосунда деп калкыбыз бекер жеринен айтпайт тура. Ушундай сөздүн баары калк башынан өткөн коп жылдык тажрыйбадан келип чыкса керек. Ошон үчүн «Кеч өткөн дөөлөттөн, тез өткөн мээнет артык» дешет тура. Кээ бир ичи тар, короалбас адамдар Капаров, директордун оорусунан сакайбасын билип, атайы эле ошол кишинин ордун ээлеп калыш үчүн жан далбастап иштеп жатат деген сөздөрдү чыгарып, аны асманга топондой сапырып жатышты. Бирок, менин жеке оюм боюнча Капаров андай ишти ойлогон да, барган да жок. «Мактоо жеткирет, чагым өлтүрөт» дегендей эле кеп болду. Кеткен директордун жек жааты, үй-бүлөсү, кайын журту Акылбекти район эле эмес, облустун, жетекчилерине чейин, ушактап олтуруп, жаман көрсөтүп коюшканын кийин билдик. Алардын айтуусу боюнча Акылбек моралдык жактан жаштайынан бузулган неме болуп чыкты.
Ошентип, директор пенсияга чыгаары менен совхозго башка райондон, башка элден, бир колхоздун башкы экономисти директор болуп бекилди.
-Өзүңөрдө директор болууга жөндөмдүү жаштар жок беле?
-Кантип жок болсун. Директордун ордуна убактылуу иштеп жаткан башкы зоотехникти бекитип койсо деле болмок. Ал болбосо Акылбек деле бар эле. Чарбанын өзүндө иштеп жаткан тың балдардан көтөрүүнү эсине алган эч ким деле болгон жок. Жогор жакта олтурган жетекчилер өздөрүнүн кишилеринен койгусу келген да.
Мен Каныштын сөзүн бөлүп тынчсыздандым:
-Айтымыңа караганда шайланган киши, жетекчинердип биринин илик-жармасы го.
-Анан эмне. Эл депутаттарынын райондук аткаpуy комитетинин торагасынын жээни келбедиби.
-Аа, ошондой де. Деги, кандай эми чарбаңар" "Бука болсун, чорт болсун, балаларга сүт болсун» дегендей, ким болсо да чарбаны алып кетүүчү, иш .билги жетекчи болсо болду да.
Кыз бир оокумга чейин үн катпай, ой баса түшүп кеиди:
-Кептин баары чарбанын оцолбой эле, орго түшүп баратканында болуп жатпайбы. Мурда эле биз оңбой калганбыз. Мамлекетке миллиондогон сом карыз болуп, эл эмгек албай, сызга олтуруп калганда, совхозго өткөң болчу. Бирок, совхоз болгондо деле жыргап кете албадык. Жана айттым го Акылбектин сөзүн. Дагы эле карызга басылып турат экен. Көпчүлүк айдоо аянтары кайрак, суу чыкпаган каксоо жерлер.
Кайрак адам эмгегин көпчүлүк учурда актай албай тура. Жаан жаабай, жыл кургакчыл болду дегенче, мал-жандын шору катты дейбериңиз. Тоют жетиштүү болбой, район боюнча жем-чөпкө малдын курсагы тойбосо, өлүм-житим да көбөйөт экен, Ал эмес төл да, жүн да, сүт да тартылат тура.
-Кудай ypган тура, анда силердиы чарбанын келечеги жок турбайбы. Жанакы, Акылбектин шорго баткан Ак-Турпакты өздөштүрөбүз деп жан талашып жатканынын себеби бар экен да. Акылбекти жаңы директор колдодубу, же?...
- Колдоду. Жогор жактан жактырылып жатса колдобоско чарасы эмне!
-Баса, Каныш, баякы механизаторлорго деген камкордук эмне болду? Иш жүзүнө аштыбы, же сөз боюнча, айтылып кала бердиби?
- Калган жок эже. Мехпарктын түбүндө бир кезде медпункт болуп турган созхоздун кароосуз калган эки бөлмө чалдыбары чыккан эски үйү бар болуучу. Эшик-терезелери кыйрап, полдору түшүп, чатырындагы шиферлери сынып, ага ысыктан сайгактап көлөкө издеген музоо-торпоктон башка адам аттуу баш бакнай калган. Акылбек ошол жаман тамдын артынан түшүп жүрүп, үсгүн кайра жаңыртып, астын кайра тактайлатып, эшик-терезелерин салдыртып, эски шыбагын кырдырып салып, кайрадан кум шыбактатып, ичитышын актатып койду эле, ширеңкенин кутусуна окшоп, көргөн жандын коз жоосун алган ак там болду да калды. Азыр анын бир бөлмөсү ашкана, бир бөлмөсү ремонту механизаторлор тамак ичип, эс ала турган жай оолуп калган. Ага стол, стул тапчандар коюлган.
Биз ушундай шарт түзүлгөндөн кийин, түштө үйгө барып, жылынып келүүнү унутуп калдык. Эрте келип, кеч кетебиз. Бул жерде өзгөчө жалпы ремонтчуларга жаккан, жакшы тамактыи бири бозо болду. Жумушка чыгаарда бир чоң кеседен мелт-калт кылып жутуп алган жигиттердин эки бети албырып, суукту тоотпой карт кекирип коюп көңүлдүү жүргөндөрү мага абдаи жагат. Анан калса, Бурмаш жеңемдин колунан бозо бир укмуш чыгат экен. Тим эле сары каймак болуп көгүрүп, бөдөнө көз болуп чыбырчыктап, ичкен сайын адамдын ичкисин келтирип тилетип турганын айтпа. Механизаторлор Бурмаш жеңемди мактай беришет. Анда, жеңе да жигиттердин тамашасына тамаша менен жооп берип, күйдүргү сөздөрдү айтып, «Сени кутурткан тооктордун жумурткасы» дегендей, силер мага ракмат айтып, мени мактабай Акылбекке ракмат айткыла. Силердин көчүгүңөрдү бүлөөдөй кылып жаткан ошол бала. Ал болбосо, мындай жыргал силерге жок болуучу. Тим эле борго байлаган «сапкоздун» букасындай болуп баратасыңар, - деп шаңкылдайт. -Бурмаштын сөзүн туура көргөн механизаторлор бир ооздон «Оо, Акылбек атанын баласы да. Ылайым тилегине жетип, өркөнү өссүн. Капарды ушул баласы тартыптыр» деп дуулдай түшүп бата берип да жиберишет. Мен мурда бозону жаман көрүүчүмүн. Кыз бала бозо ичмек беле деп, оозума алуучу эмесмин. Бурмаш жеңем ушинтип бизге күпүлдөтүп бозо сала баштагандан тартып, ууртап-татып иче коюп, көнүп да кеттим. Бул жерде салынган бозо мен ойлогондой ачуу да эмес, жагымсыз да эмес экен. Мен, бозонун бир жакшы куйкум даамы бар, нары ичкиликтүү, нары адамды үшүтпөй жылуу сактап, канды толтура турган касиети бар экенин байкадым. Кычыраган кышта, бозо ичкен механизаторлор үшүгөндү унутуп, комбинизончон дагдая тартып иштеп жүрүшчү. Ал эми кээ бир каныбыз аз, оорукчанбыз деген жигиттердин беттерине кызыл жүгүрө баштады.
Жаңы эле кабинага чыкканы, тепкичке бутумду коюп, көтөрүлүп баратып, ар жакта мехпарктын инженери менен жайма-жай сүйлөшүп катар басып келаткан Капаровду карайм деп, машинанын туткасын жаздым карман алып, трактордун ачкычы колумдан ыргып кетти. Кайра жерге түшүп, алайын дегенимче болбой, Акылбектин үнүн угуп токгой калдым.
- Саламатсызбы Каныш? Иш илгээри болсун!
- Ракмат, айтканыңыз келсин.
- Трактордун ачкычы менен мына бул бурама сизден түштүбү? - Жерден алып мага сунду.
- Ооба, азыр эле колумдан ыргып кетти. - Сүрдөнө колумду сундум.
-Ремонтунуз аяктап калган го дейм, ыя?
-И, бир-эки күндүк жумуш калды.


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#234 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2016 - 14:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Инженер агрономго карап жагалдана сүйлөдү:
- Каныштын ремонту аяктап калды. Бүтөөрү менен бул кызды алып туруңуз. Бир-эки күндөн кийин дагы бирөөнү кошуп беребиз. Мындан ашык болбойт. Зоотехник келип, малчыларга жем-чөп жеткириш үчүн дагы трактор керек деп кетти.
- Албетте, ансыз мал, мал болбойт да. Ка-а-п, бульдезёрдун ремонту кармалат экен го.
- Эмне кылабыз, жапжакшынакай иштеп жатып эле, ушул жерде бутун кокустатып албадыбы. Сиз да барып кеткен турбайсызбы. Мен барсам айтты, Акылбек келип кетти деп. Ыраазы болуп калыптыр.
- И бардым, деги абалын көрөйүнчү деп. Түзүк болуп калыптыр...
Инженер экөөнүн үйлөшүп жатканын угуп, Акылбекке тан бердим. Мен мурда агрономдун жоктугунан, анын ордуна иштеп жаткандыгы үчүн уят болбоюн деп чапкылап жүрөт болсо керек деп ойлосом, башкы агроном келгенден кийин деле, баякысы баякы. Бул жигитке караганда, башкы агроном күйүп-бышпай эле жүрөт. Чарбанын бардык ишин жалгыз өзүнүн мойнуна алгансып, айыл чарба машиналары башка жетекчилердин эч кимисине тийешеси жоктон бетер, бул байкуш эмне мынчалык жанын сабайт деп ойлодум. Деги оңбогур экен, чапкылап жүрүп механизаторлорго жагып алды. Акылбекти көрүшсө өз баласын көргөнсүп, улуу-кичүү дебей жалынып, келбесе сагынып турушчу болду. Ошентип жүрүп трактор, сеялкалар эле эмес, комбайндардын ремонтунун кандай башталып, кандай бүтүп жатканы билинбей баратты. Эми эчак сынып, керектен чыгып, ишке жарабай калды деген бульдезёр менен кранга жан киргени турат. Ал эми, булардан тышкары облустан жаңы бульдезёрду, дагы башка жаңы айыл чарба техникаларын алат имиш совхоз. Акылбек баякыда бир топ күнү жок болуп кеткен. Ошондо ушул айыл чарба машиналарынын артынан жүрүптүр. Акылбекти көргөн сайын «Саргара жортконсоң, кызара бөртөсүң» деген сөз эсиме кылт дей түшөт. Жигиттин жайдары мүнөзү, жакшы сөзү, ички дүйнөсүнүн кенендиги, иш билгилиги, аны мурдагыдан ,а күндөн-күнгө сулуулап, мурдагыдан да сүйкүмдүү көрсөтүп баратты. Үй-бүлөсүн, аялы Зыяданы ойлоп келип курдашыма суктана берем. Ушундай жакшы жигит менен өмүр шерик жолдош болуп, бир үйдө жашап, бир төшөктө жаткан анын арманы жоктой сезилет мага. Деги Зыяда акылдуу кыз экен. Акылбектин аял кетиргенине карабай, улуу экен деп уялбай тийип алып, жылуу сууга колун малып олтурат. Эси жок кыз болсо, этегин карматабы. «Олтурган кыз ордун табат» деген ушул, деп ойлойм. Эмне үчүндүр эле Акылбекти жакшы көрөм. Тилегине тилектеш, эмгегине көмөктөш болуп, жеңилин жерден, оорун колдон алышкым келет. Кокустан, кимдир бирөөдөн ал жөнүндө жагымсыз жаман соз угуп калсам, таламын талашып, өзүмдөн-өзүм эле каным кызып кетет. Мен азыр мурункудай, башкаларды туурап, иштесем иштеп, иштебесем жок, оз билгенимди кылбай калганмын. Анда эмне, ишинди баалаган эч ким болбосо, же эмгегинди толук жазып, чекеңди жылытпаса, ким деген көңүлдөнүп иштесин. Деги механизаторлор эмгек акыны жарытып албагандыктан, жетекчилерге нааразы болушуп, кежигеси кесилип, кежир, жедеп аймаңка болуп калышкан. Азыр ал күндөрдүн изи калбай, өзгөрүп кеттик. Баарынан да иштеген ишибиз бааланып, эмгек акыны да оз убагында алып калдык. Тракторлордун ремонту биринин артынан бири аяктай баштады.

Менин артымдан удаа эле дагы бир трактор чыкты. Эки машина менен тынымсыз иштеп жаттык. Тракторго кол менен күрөктөп кыктарды жүктөө жумушчулар үчүн кыйын болуп баратты. Биз айдоо аянттарына жер семирткичтерди чыгарууну тендеп калган кезде баягы сынык бульдозёрдун бири ремонттон чыгып жардамга келди. Иш кызый баштады. Күздүктөрдүп кулак башына тээ атам замандагы эски кой короолор менен уй сарайлардын ордуна топурак менен топурак, жер менен жер болуп мейиздей чирип калган кара көңдөрдү суу менен жиберүү үчүн топтой баштадык,
Мен агрономго кык менен кара көңдү аянттарга алмаштырып төксөкпү деп, оюмда ойлоп айталбай жүргөн сөзүмдү бир сапар айтууга батындым. Кара көңдү трактордун чиркегичине кабелтең жүктөп келаткан болуучумун. Капаров совхоздун эски «газигин» минүүчү. Мени көрүп машинесин дароо токтотту. Мен да токтодум. Агроном машинасынан дароо түштү.
- Кутмандуу кечиңиз менен Каныш!
- Ракмат, өзүңүздүкү менен да.
- Бүгүн канча рейс жасадыңыз?
- Коп эле. Ушуну менен бүгүнкү иш аяктайт.
- Берки шеригиңиз кандай иштеп жатат?
- Түзүк эле. Бульдезёр чыккандан бери ишибиз оз нугуна түштү окшойт.
Жигит мени карап жарк этти:
- Болуптур, Камыш, жолуңуздан кармап койдум окшойт. Ишиңиз ийгиликтүү болсун. - Машинасын көздөй бет урду. Тилимдин учунда турган сөздү дагы айта албай каламбы деп ойлоп, кабинадан башымды чыгарып турган калыбымда жигиттин артынан тиктеп туруп, жүрөгүм түрсүлдөп кетти. Акылбек машинасы-ын эшигин ачып түшкөнү баратып, мени кылчая карады. Экөөбүз тиктеше түштүк. Ал тепкичке бутун койгоп калыбында сурады:
- Эмне, бирдеме айтайын дедиңиз беле?
- Ооба, сөзүм бар эле.
Машинанын тепкичинен бутун дароо тартып алды.
- Айтыңыз.
- Биз кык төгүүнү туура эмес жүргүзүп жатабызбы деп ойлоп, айталбай жүрөм.
Акылбек мостоё түштү.
- Кандайча? Эмне, айдоо аянттарына жер семирткичтердин кереги жок дейсизби? — Ийнин куушуруп, мойнун кыңырайтып койду.
- Жок, жок, антип ойлогон жерим жок. Бирок, суу менен кошо сугара турган болгондон кийин кара көңдү картошка менен жүгөрү талаасына чыгарып, кыкты күздүккө камдасак болмок экен.
- Эмне үчүн?- Кара көңгө Караганда кык күчтүүлүк кылат.
- Ой, жок, туура эмес Каныш, андай такыр болбойт. Кык дегениң күздө кычыга айландырып жиберет. Кычы басып кетсе, андан арылуу кыйын болуп калат. Ал эми кара көң болуп чириген кыктын жайы такыр башка, Каныш кыз.
- А, жүгөрү менен картошкаиы кычы баспайбы?
Акылбек күлдү.
- Албетте басат. Бирок, алардын катар аралыгы культивацияланып, түптөрү жумшартылып, кычыны баш көтөртпөй отоп жок кылууга болот. Биз эмдиги жылдан баштап которуштуруп айдоого өтөбүз. Мунсуз айдоо аянттарынын түшүмдүүлүгүн көтөрө албайбыз.
Мен ойлоно түштүм. Өткөн жылдардагы эгин талаасы коз алдыма тартылды. Анда да совхоз күздүктөрүн «ширин суу» деп уй менен жылкынын толук чирий элек кыгын аралаштырып сугарчу. Аман сары кычынын үрөнүн атайын сепкенсип, аштык менен бой талашып, дүркүрөп өсүп чыгуучу. Тим эле күздүк талаасы, өзүнчө эле сары гүл болуп жайкалып жатып калганын эстеп турдум. Эгинден түшүм да кем адылчу. Мен ушул убакка чейин эгинди эмне үчүн кычы басаарын билбептирмин. Каадалуу сөз айткансып, өзүм түшүнбөгөн ишке кийлигишкениме уялып турдум.
- Эмнеге мынчалык ойлонуп кеттиң, ыя Каныш? деди Акылбек мени сынай тиктеген түрдө.
- Эч нерсе ойлогон деле жокмун. Балким сиздики туурадыр, дедим жалтайлай.
«Ойлонбой суйлогон, онтобой ооруга жолугат» дегендей, тилимди тиштеген калыбымда, машинанын педалын бастым. Акылбек эмне үчүндүр турган ордунан козголбой, тракторду узата карап, кыймылсыз турганын айнектен көрүп, өзүмдөн-өзүм уялып, бир чоң иштен жеңилип, сыйлыктан куру калган немедеп бетер, беттерим ысып баратты.

Капаров бизге адеп келген жылы оз ишин ушинтип жерди иштетүүдөн, айыл чарба машиналарынып ремонтунан, механизаторлор менен иштөөдөн баштаган

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 21 Май 2016 - 15:12


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#235 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2016 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Анан эмне болду? - деп сурадым мен. - Түшүмдү жакшы алдыңарбы?
- И, ошол жылы совхоз тоют менен аштыктьш алдында калбадыбы. Азыр эмне баары жакшы болду. Жер да кеңелди, суу да кеңелди. Чарба байыган сайын элдин жашоо-турмушу да оңоло баштады. Эмгек эрезеге да, даражага да жеткирээрин калк түшүнүп калды. Баякы эки эчкиси болсо, экөөнө эки башка желин кап кийгизип алып, жайлоону самоочулар азайды. Акылбектин тили менен айтканда мал байлыгы менен жер байлыгы тең тайлашып биринен бири өтүп бараткан кезде жашап жатсак да, жүрөктү өйүгөн өкүнүчтөр көп. Айтсак, баягы бетегеси белден бураган жайыттар жок азыр. Жаз алды көктөмүш болгону менен, ай айланбай бат эле куу такыр болуп, мал жайылаар-жайылбастан кумсара түшөт. Малыбыз көп, жайытыбыз аз тура көрсө. Азыр бизде «Жайыттарды кандай кылып, кандай жол менен эс алдыруу керек?» деген суроонун үстүндө жалпы эле бардыгы баш катырып жатышат. Бир окуя али күнгө эсимден кетпейт. Бир күнү башкы зоотехник мага минтти:
- Каныш, сага айтыштыбы, жайлоодогу кой-козу менен саан уйларга жем жеткирүү жөнүндө, - деп калды.
- Жок, эч ким эчтеке айткан жок.
- Айта элек болсо эми айтышат. Дирекцияда сүйлөштүк. Механизаторлордун баардыгы бош эмес экен. Сени ылайык таптык.
Тырчый түштүм.
- Мен деле бош эмесмин да. Көрүп жатпайсыңарбы, эмне иштеп жатканымды. Трактордон көрөкчө автомашиналардан жиберишпейби. Трактор деген трактор, ал качан жетет, асмандын башындагы малчыларга. Жетекчилердин баштары ошого жетпейт бекен? Жайдын толугунда малга кандай жем керек болуп калыптыр. Кызык жаңылык экен.
- Эмнеси кызык?! Жайыт малдын курсагын тойгузбай жатса эмне кылалы. Чабырлар көбөйүп кетиптир. Тезинен тоютту жүктөп, кой-козуну сактап, уйлардын сүпүүлүгүн чыңабасак, совхоз сызга олтуруп калган жатпайбы. Сен деги бир нерсеге түшүнүп жатасыңбы, Каныш! Абал кыйын. Жайытты көрүп үрөйүм учуп калды.
Зоотехниктин сөзүн угуп, «бул жигит тегин жерин, чуу чыгарбайт эле» деп ойлоно түштүм. Жетекчилер айткандан кийин, аткарат экенсиң. Эртеси трактордун чиркегичине толтура жем жүктөп алып Ак-Сайды көздөй жол тарттым. Каныш-Кыядан өтүп-өтпөй эле, жүрөгүм сыгылып, зоотехник айткандай үрөйүм уча түшгү. Көзүмө жайыттын түрү, жайдын толугу эмес эле, кеч күз кирип келген сыяктуу кумсарыңкы көрүндү. Жайыттын оту жок болсо да, башын жерден албай оттоп жүргөн кой-козуларды көрүп, тракторду токтотуп коюп, кабинадан түшүп, өр таяна койлорду аралай бастым. Мен адеп көргөндө «бул байкуш койлор кайдагы боёкту жешкен» деп ойлоп-турмун. Валким, марча ###### ушундай болду бекен деген кыязда эки жагымды карап токтодум. Тээ нарыраакта жамбаштан жаткан койчуман мени көрүп ордунан шаша туруп, жаныма басып келип салам айтты. Экөөбүз ал-абалды сурашып калдык. Чабандан сурасам, койлор боёк деле жебептир, марча деле жалабаптыр. Оту жок жайытта оттогон койлор чөптүн өзөгүнө чейин казып оттоп жатышып, ооздору тегерете кызыл эт болуп жооруп кетиптир. Мына ушундай эже. Малдыр-жандыр болсун, куураган кекиртек деген кыйын болуучу неме тура.
Ушундай окуядан кийин, бизде «Таргыл», «Жылтыркан» деген жапайы чөптөрдүн уругун тажрыйба-селекция станциясынан алып келип, өзүбүз жайытка тажрыйба жасап көрсөкпү деп жатышат.
- Аны кандай жерге себет экен?
- Мен деле жакшы билбейм, аны адистер билишет да. Чөбү жакшы оспой, малды тоюндура албай калган жайыттарга колдонулат деп айтып жатышкан. Мындан тышкары, өзүбүздүн жетекчилердин башка ара кеттери бар. Кээ бир кокту колоттордо кылымдап пайдасыз өсүп жаткан тоюттук касиети жок «Аткулак», «Шыраалжын», «Актикен», «Марал кулак» сыяктуу уу чөптер басып кеткен жерлерди маданий жайытка айландыруу маселеси көтөрүлүп жатат.
- Ох-о-о, мунуңар да колдоого алуучу жакшы иш экен. Ал эми баякы, Ак-Турпакты өздөштүрүуңөр эмне болду?
- Айтканга оңой болгону менен, иш жүзүнө келгенде, мындай шордуу жерди өздөштүрүү кыйып жумуш экен. Али өздөштүрүлө элек жерлер көп. Баякыдай эле кара чабуулга түшкөн түйшүк аяктай элек. Бирок, жакшы жерибиз, насостук станциянын үзүрлүү иштеши болуп жатат. Улам гипстен өздөшгүрүлгөн жерлердин уламкысына улам латоктор коюлат да, ал жерлерге дароо органикалык жер семирткичтер ара-лашкан суу жиберилет. Айдоо аянттар ошол өздөштүрүлгөн жаңы жердин эсебинен жыл сайын кеңейтилип, уламдан-улам канат жаюуда.
- Өздөштүрүүгө бат эле үлгүргөн экенсиңер. Жердин шорун арылтуу ошончолук оңой болот бекен?
- Балакеттин оңой болобу. Иштин башталышында Акылбек бечеранын таманы Ак-Турпак менен Бишкек калаасынын ортосундагы жолдо калды. Элдин өтүнүчүн бетине карман, өзү айткандай түртпөгөн эшиги, аттабаган босогосу калбаса керек. Деги иниңиз оңой тың жигит эмес экен. Айтканынан кайтпаган өкүмдүгү менен чечкиндүүлүгү жеңди баарын. Чуркап жүрүп Кыргызстан топурак таануу илим изилдөө жана ошондой эле долборлоо институту менен суу чарба министрлигинен архитекторлорду, геологдорду, инженерлерди, электриктерди, химиктерди өзү баштан алып келбедиби ушул жерге.
- Алар эмне кылат экен?
- Мындай учурда, мындай иште аларсыз жумуш бүтпөйт тура. Ар биринин өз иши, өз орду болот экен. Архитекторлор менен инженер геологдор сууну кайсы жердей алууну, насостук станцияны кайда, кандай салууну изилдешсе, агрохимиктер жердин анализин чыгарып, ар бир гектар жерге канча тоннадан гипс кете тургандыгын чыгарды.
-Гегтарына канча тоннадан кетет экен?
-Көп экен. Кырк тоннадан жетимиш тоннага чейин.
-Түү, гипсти шор кудай салбагандай коп жейт экен ээ. Анчалык гипсти кайдан алдыңар?
-Тээ, Казакстандын Жамбул облусунан ташыбадыкпы.
-Аябай убара болгон экенсиңер. Насостук станцияни капсы сууга курдуңар?
Башкы суу бөлүштүрүүчү посту Нарын дайрасы менен Ат-Башы суусунун кошулган жерине салууну чечишти.
-Ии, анан?
-Анан ошол, насостук станцияиын фундаменти тез курулуп бүттү. Бирок, курулушчулардын колун армаган татаал жумуш насостор менен электр моторун орнотуу болду. Мындан тышкары ошол жерге чакан электростанция кошо курулду. Биз насос деп жатпайбызбы. Бул насос дегенибиз да жон эле орнотулуп калбайт тура. Анын ичине жумушчу колёса, мындан тышкары канча насос болсо ошончо электр мотору орнотулат экен. Азыр биздеги торт насостун ар бири паспорт боюнча секундасына 1800 литр суу берип турат. Ал эми 6480 кубометр суу кетет.
-Күчтүү экен. Кандай, сууну эркин эле коё берип турабы?
-Кайдан, эркин болбойт. Агроном кайсы убакка, кайсы жерге канча суу керек экенин алдын ала заказ берип турат. Насос менен суу алуунун бир артыкчылыгы , тамчы суу текке кетпейт. Билесизби, азыр ал жерде насостук станцияный директору баш болгон бир нерче адамдар иштейт. Алар үчүн атайын курулуштар курулуп, үйлөр салынган. Күнү-түнү менен сакчылар турат. Жерди иштетүүгө кадам шилтеген күндөн тартып, бүтүндөй жумушчулар менен жетекчилердин тынчы кетти. Чын-чынына келгенде жалгыз чарбанын оз колунан эч нерсе келмек эмес. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей, бизге жардамга келген


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#236 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2016 - 16:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

чарбалар менен мекемелер, курулуш уюмдары болду. Алардын баарысы тикесинен тик турушуп автомашинадан баштан, айыл чарба техникаларыыаы, жумушчу күчүнөн тынымсыз жардам берип турушту. Жардам болбогондо, ойлоп көрүңүзчү, Жамбулдан ошончо гипсти ташуу дегендин өзү эле канчага турмак. Мындан тышкары жерди гипстөө, латокторду орнотуу дегендин баары өңчөй техниканын күчү менен бүтө турган балакети көп, оор иш экенин башыбыздап өткөрдүк өзүбүз. Дегинкисин айтканда, «Көз коркок, кол баатыр» деген чын экен.
Эки агроном экөө тең жумушчулар менен аралашып жүрүп иштешти. Ал эми Акылбек болсо иштин башталышынан тартып, акыр аягына чейин башында болду. Күнү-түнү менен ачык асмандын алдында чапкылап жүрүп аябай тотукту. Ошол убакта келип калган болсоңуз, ал иниңизди тааныбайт болчусуз.
- Ай, байкуш бала ай, калкыма кадырым өткөндөй, бир чоң ишти колума алайын деген экен да. Эми ошол өздөштүрүлгөн жерлерге эмне сээп, эмне айдап жатасыңар? Таман акы, маңдай териңердин акыбети кайттыбы деги?
- Эмгек кылса жер адам акысын жебейт тура Өздөштүрүлгөн жаңы жерге көбүнчө тоюттук өсүмдүктөр айдалууда. Алгачкы жылы «Баба дыйкан колдо» деп «Дружба», «Надя» деген арпанын үрөндөрүн сээп, гектарына 12 центнерден түшүм алууга жетишкенбиз. Кийинчерээк ошол эле аянттардан кырк центнерден, алтымыш центнерге чейин түшүм жыйнала баштады. Азыр которуштуруп айдоо жолу менен арпа менен беденин уругун аралаштырып бир жагына сепсек, бир жагына тоюттук жүгөрү, дагы бир жагына жашылча-жемиш эгүүнү жүргүзүп жатабыз.
- Бали, бали, жакшы сөзүң бар экен сиңдим. Айыл чарба женүндө түшүнүгүң кенен экен. Ылайым бар бол. Айтымыңа караганда, дагы эле баякы талыбаган күжүрмөндүүлүк менен иштеп жаткан турбайсыңарбы?
Каныш сыймыктуу күлүмсүрөдү.
-Бизге мсйманга келсеңиз инидиздин эл менен кандай иштешип жатканын көзүңүз менен көрөсүз. Мурда болдунуз беле биз жакта?
-Болгом. Андан бери көп болду.
-Ак-Турпакты эми барып көрүңүз. Ал азыр саат санап, мүнөт санап гүлдөп, өзгөрүп баратат. Бир кезде мелтиреп жаткан ак чан талаанын орду көк жашыл кымкап менен алмашкан.
-Болсун, болсун. Аманчылык болсо, Ак-Турпакты көрүү көңүлдүн борборунда болуп калды, - дедим, Акылбектин баякы «Сиз менен адам болгондо кездешем эжеке!» ден жазган каты эсиме түшүп.
-Атаңдын көрү-ү, жигит болбосоң коё кал! Ушундай уулду тууп, тарбиялап өстүргөн энеси кандай катын болду экен? «Уул жакшысы урмат» деп ошон үчүн айтышат тура. Кээ бир энелер, баласынан мурда көөп, кудай теңирин тааныбай кетүүчү эле. Деги андайлардан эмес болду бекен, - деди Каныштын жанындагы шериги, тамшана сүйлөп.
Аялдын сөзүн угуп, жүрөгүм удургуй түштү.
-Көпсө да, көппөсө да тирүү болсо эмне арман. Бул баланын атасы да жок, энеси да жок. Акылбек институттун акыркы курсуна барганда каза болгон энеси, дедим мен. - Көпсө аялы көөп, көөдөнү көк типеп жаткандыр, ким билсин. Бирок, колуктусу деле андай октум-соктум начар үй-бүлөдөн эмес эле. Зыяданын энеси аял затынан башкача эстүү аял. Кыз энесин тартат эмеспи.
-Аа, катыгүн ай, өлүп калганы өкүнүчтүү экен. Чиркин, бири кем дүйнө деп, ошон үчүн айтышат
-Ооба, ошондой өкүнүчтүү жагы бар. Ыя Каныш, сен дагы деле механизатордук кесипте иштейсиңби? -дедим кызга суктана карап. - Сени менен таанышканым жакшы болгон тура. Жакшы кыз турбайсыңбы, өз чарбаң, өз элиң жөнүндө эсте калуучу нускалуу сөзгө бай. «Жакшы сөз жан эритет» дегендей, жакшы ойго салып койдуң бизди.
-Ощол эле кесипте иштейм эжеке. Мен курорттон барган кезде тоюттук жашылча менен картошканын катар аралыктарын культивациялоо башталып калат. Андан кийин чөп чабык кирип келет. Жумуш жетишет. Эрикпейбиз. Машинанын дөңгөлөгү токтобой тегеренип турса болду бизге. - Кыз саатын карады. -Убакыт болуп калыптыр, эжеке. Каттоочу кыздар кетип кала элегинде документтеримди алайын.
- Бүттүбү мөөнөтүң?
- И, бүттү. Эртең мечен саат жетинин автобусу менен кетем. Жакшы калыңыз. Акылбек Капаровичке салам айтып коёюнбу?
- Албетте. Сен кетээриң менен курортко Караколдогу эжең келди дээрсин. - Кызды тамашалай сүйлөдүм. - Теңтуш болсоң, Акылды колунан кармап кой дейт элем. Андай аманатты аткара албайсың да.
Кыз көздөрүн ойноктотуп ойкуштай түштү.
- Ой эжеке бай, аты жакшы эле бетинен өөп кой деп эле айтпайсызбы? Сиздин шарапатьщыз менен Акылбекти бир өөп алайын. Зыяда деле мага окшогон карапайым неме. Жакында алардын үйүндө бир кубанычтуу окуя болду. Оо, мен ал жөнүндө сизди сүйүнчүлөйм деп таза унутуп калган турбаймынбы. Зыяда эгиз төрөгөн. Болгондо да бири уул, бири кыз. Кандай сонун ээ, эжеке.
- Аа, ошондой де. Болсун, болсун! Берейин сүйүнчүңцү. Бешик боосу бек болсун. Туну эгиз болгон экен.
- Жо, туну кыз эжеке. Анысы үчкө карап калды. Декрети бүтө электе эле, кайра декретке чыккан. Азыр үйдө.
-Кайда иштөөчү эле? - деди менин шеригим.
- Күйөөгө чыкканга чейин өзүбүздүн шаардагы бир ательеде мастер болуп иштөөчү. Жакшы мастер. Жогорку үлгүдөгү бычмачы. Биздин совхоздун борборунда тейлөө үйү бар, эки кабат. Тим эле заңгырайт. Акылбекке турмушка чыгып келгенден кийин бат эле ошол ательеде иштеди.
Балалуу болгондорун угуп сүйүнүн калдым.
Бирөөнөн толбогон кемтик, дагы бирөөдөн толот деген ошол. Бактылуу болушсун.
- Зыяда экөебүз курдашпыз, деп айттым го сизге. Ошентсе деле, эмне үчүндүр, мен Акылды жакшы көрөм. Кыз шаңкылдап күлдү. - кокустан, Зыядадан мурда жолукканда ак жибектен тор жайып, аракет кылып көрөт элем. Зыяда экөөбүз көңүл табышып калган кезде көрбөдүмбү. Арман көп эжеке.
Мен күлдүм.
-Акылбекти жакшы көрөм деп мурда да айттың. Азыр да айтып жатасың. Ушул сен чының менен эле Акылды сүйүп калган кыз эмессиңби, ыя Каныш?!
-Ойносом да оюмдагы соз эжеке! - Каныш жарк этти, ордунан туруп. - Болуптур, эжекелер, биз кеттик. Тарс эткендин баары тамаша. Түшүнөсүздөр да. Корүшпөй калсак, жакшы калыңыздар. Бизге барсаңыз көрүшөбүз! ...
Жанымдагы шеригим кыздар чыгып кеткенден кийин, башын чайкады:
-Эркектей болгон, ырас ачык-айрым кыз экен. Чунак, чыны менен эле, Акылбекти жакшы көрөт окшойт. Эки оозунун бири эле Акылбек, Акылбек! Деги Акылбек жөнүндө чарчабай сүйлөдү. Ой пендечилик ай, азыркы жаштар ушундаа-а-й.
-Тамаша да. Акылбегим акыры үйлөнгөн экен. Бүбайым деген оңой катын эме-е-с! Бардыгы ушул кишинин акылы менен иштелген жумуш болуш керек. Эмнеси болсо да тыңгылыктуу жерден катын күткөн экен. Бактылуу болушсун. «Чапкан сайын коз чыкпайт да» - дедим көңүлүм толуп...


Жаңы эле ваннадан чыгып, палатаны көздөй басып келатсам, артымдан, курортто каттоочу болуп иштөөчү Роза деген кыз жете келип салам айтты:
- Саламатсызбы эжеке! Сизге сүйлөшүүгө чакырык бар экен, Нарындан. Азыр эле почтадан Турсун телефон чалып, кайсы корпус, палатада жатаарыңызды айтып бердим эле, айтыштыбы?
- Жок, эч ким эч нерсе деген жок. Балким мени таппай калышса керек.
- Ии, анда айтышат. Мен жогорку корпуска баратып сизди көрүп, эскертип коёюн деп бурула калдым.


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#237 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2016 - 16:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Ракмат.
- Эчтеке эмес, эжеке.
Бул кабар мен үчүи өзүнчө эле күтүүсүз жаңылык болду. «Мени менен кимдин сүйлөшкүсү келди экен, курортто жатканьшды билип» деп ойлоп келатып, корпуска кандай жеткенимди өзүм да билбей калыптырмып. Эшик алдындагы кире беришке коюлган скамейкада олтурган шеригим ордунан туруп мени көздөй басты.
- Бүгүнкү кино жакшы дешкенинен, билет алып койдум.
- Билет! Мен баралбайм го. Саат сегизге сүйлөшүүгө чакырык бар экен. Кимден экенин да билбейм.
- Кайдан экен?
- Нарындан.
- Нарындан болсо, Акылбек болуп жүрбөсүн. Бая күнү механизатор кыз айтып барса, балким сүйлөшөйүн дегендир.
- Бирок, ал Нарында эмес да...
Кечки тамактан кийин түз эле сүйлөшүү түйүнүнө келдим. Мен кирип жарым саатча олтургандан кийин чакырды. Кабинага кирип трубканы көтөрөөрүм менен, кандайдыр кулакка жагымдуу тааныш үндү угуп, маңдайым жаркый түштү.
- Алтын эжекем, сизсизби? Мен Акылбекмин. Кандай, жакшы дем алып жатасызбы?
- Оо акы, саламат айланайын. Мен жакшы элемин. Өзүң кандай? Эжеңди күтпөй кетип калыптырсың. Бир күнгө кечигип келген турбаймынбы. Сенин бул жерде эс алып жатканыңды билгенимде эмне, өкүнүп калдым аябай. Такыр катташпай кеттик.
- Түшүнөм эжеке, Акылбек бизди унутту деп жүргөндүрсүз. Унутпай калайын сизди. Барып учураша кетүү биринчи планымда болуучу. Бул жактан шашылыш телеграмма барып калып, дарылануунун толук курсун албай кетип калбадымбы. Аманчылык болсо, өмүрдүп узак жолунда көрүшүүлөр көп деңизчи. Мүмкүн болсо, иниңиздин эшик төрүн көрүп, өзүңүз бир келип кетпейсизби. Мени келбей койду деп күнөөлөй көрбөңүз. «Чабандын иши чатак иш» деп Райкан ырдагандай, өткөн күндөрдөгү себептерди жазсам керек эле сизге. Азыр болсо иш менен алекмин. Чарбада жумуштун күчөп, эмгектин казандай кайнап турган учуру. Баякы окуп жүргөн кезде, ата жолун жолдоп дыйкан болбой калдым деп өкүнүп жүрүп, а кыры кайрадан тилеген тилегиме жетип дыйкан болуп калдым, эжеке. Сыягы кесип тандоодо жаш кезде жаңылыштыктар коп болот окшобойбу. Эсиме кеч келип, канчалык тырышканым менен баба-дыйкандын накай өзү боло албай жатам. Азырынча мактана туркан деле эч персе жок.
- Адам өзүнүн иштеген ишине, жасаган ишине тойбой турганы жакшы дечи. Бирок, коп эле антип өкүнө бербе. Дыйкан болот детей эле ушул. Уктум баарын. Чоң ишти колго алып иштеп жатыптырсың. «Балыктын өзү көлдө болсо даты, көзү чолдо» дегендей, кабардармын сенден. Элал менен Касиет кандай турушат? Апаңар күүлү-күчтүүбү? Ырас, жакшы кеп болгон тура. Зыядага үйлөнгөнүңдү угуп, аябай сүйүнүп калдым.
- Ошондой болду эжеке.
- Ылайым кут болсун. Зыяда эстүү келин болгондур. Энеси жакшы катын эмесии.
- Жакшы эжеке. «Чапкан сайын көз чыкпайт» тура. Зыядадан мурда, Бүбайымдай кайненелүү, Элалдай кайнагалуу болгонума кубанычтуумун. Армандан да арылаар, кемтиктиы да толоор кези болот тура. Алардын үй-бүлөсүн түгөл билесиң да, эжеке.
- Ылайым кубанычың кут болсун. Балдарыңдын бетинен өөп, Зыядага салам айтып кой...

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 21 Май 2016 - 16:55


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#238 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2016 - 17:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Мен байланыш түйүнүнөн чыгып, корпусту көздөй келатсам, алдымдан Шарапат чыкты.
- Эмне болду, киного барбай калдыңбы? - дедим.
- Кечигип калыптырмын алаксып жатып.
- Эмнеге алаксып кеттиң анчалык?
- Билесиңби, курортко кимдер келгенин? Кимдер келди?
- Аты-жөнүн сурагандай болалбадым. Оюмда, көрүп эле баякы аялбы деп калдым.
- Кайсы аял?
- Тергөөчү жигиттин энесичи.
- Кайсы тергөөчүнү айтып жатасың?
- И-и-й, ушундай бир унутчаак итмин да, атын унутуп жатканымды карачы! Баякы өзүңүз айткан республикалык Жогорку сотто иштеген жигитчи? Алиги Акылбек деген баланын ишин бузуп түрмөдөн куткарган тергөөчү.
- Аа, эми түшүнбөдүмбү, Султанды айтып жаткан турбайсыңбы. Эмне, апасын курортко алып келиптирби?
- Көрүнүшүнөн улам ошол аялбы дейм. Бирок өңү анчалык суук эмес эле, орто өңү бар, арыкчырайынан келген шырыктай аял экен. Менин ошолбу дегеним оң жак көзү айнек, анан бир аз сылтып басат экен.
- Ага кайдан кезигип жүрөсүң?
- Үстүңкү кабаттан түшүп келатсам, биздин алды-быздагы үй-бүлөлүүлөр жатуучу биринчи кабаттын босогосунда турушуптур. Аялдын жанындагы жаш жигит салам айтып, мага кайрылды:
- Эже, кечиресиз, мына бул биринчи кабаттыи санитаркасын көргөн жоксузбу? Келгенибиз жарым сааттан ашып калды. Ачкыч ошол кишиде экен, киралбай турабыз. Апам эс алса болот зле.
-Көрбөдүк санитарканы. Анда, дем алуу бөлмөсүнө кирип олтуруп турбайсыздарбы.
Ошондо олтуруп, апам азыр чыкты. Биротоло жай алып эс алса деген элем.
-Эмне үчүн биринчи кабатка орноштуруп жатасыз? Жалгыз болгондон кийин, экинчи кабаттан орун берсе деле болмок экен.
- Кечиресиз, апам жалгыз эмес. Ошон үчүн биринчиден орун беришти го, - деди, жигит.
Шеригимдин сөзүн угуп, көздөрүм ачыла түштү.
- Аа, Сырга менен Султан акыры баш кошкон экен! - деген сөз оозума кандай киргенин билбей калдым.
- Көрбөй туруп, түз эле «баш кошкон экен» дейсиз да. Балким, башка аял, башка кишилердир. Мен тим эле болжолдоп жатам.
- Көзү жасалма экен дегенинен, мен дагы ошол бекен деп кеттим. Курортко келген немелер болсо, көрө турбайбызбы. Кандай унаа менен келишиптир?
- Волга менен келди. Тигине, машинеси корпустун астында турат. Касиетидден айланайын, бул курорт дегениңиз, таанышпаганды тааныштырып, көрбөгөн адамдарды көрүштүрүүчү немеби, ким билсин...
Биз шеригибиз экөөбүз экинчи сменден тамак иччүбүз. Менин, башынан эле, мындай жерге келгенде эртең менен эрте туруп тоого чыкмай адатым бар болуучу. «Сыныктан башкасынын баары жугуштуу» дегендей, Шарапат да мени туурап, менин ыгыма көчкөн. Тоого чыксак бирге чыгып, бассак бирге басабыз. Шарапат экөөбүз Алыкулдун эстелик плитасынын алдында мурдагы алып келип койгон идиштеги «Кийик отту» алып таштап, суусун жадыртып, кайра «Эдель-вейстин» дестесин салып, жады эле бурула бергенибизде, ар жактан, курорттун мейманканасында иштеген кыздардын бири самоор, бири чайнек, чыны-пыны, дагы бирдемелерди көтөрүшүп, биздин корпуска кирип кетишкенин көргөн аялдар кылчая карай токтогон калыптарында:
Кечээ кечетен бери эле, врачтардан баштан, санитарларга чейин таскактары чыгып, буттары үзүлгөнчө чуркап калышты. Сыягы чоңдордон эс алууга келгендер бар го, ыя? дешти.
-Ким билет, келсе келип калышкандыр.
-Кечээ эле алиги биринчи кабаттагы аялы менен профессор жаткан палата бошоору менен тазалап, жууркан-төшөктөрүнө чейин жайып жүрүшкөндөрүнө Караганда, алдын ала кимдер келээри белгилүү болсо керек.
Ар жактан бирөө сөзгө аралашты:
- Саиитаркалар ар бир дарылануучу кеткен сайын эле, бөлмөсүн желдетип, төшөнчү-орунчусун кагып-силкип жүрүшпөйбү. Чоң-поңу жок эле, бизге окшогон карапайым адамдар го келишкендер.
Анан эмнеге тигилер чуркап жүрүшөт?
- Чуркай тургандар болсо, чуркайт да. Балким өздөрү сыйга татыктуу болбосо, татыктуулар бардыр. «Ээсин сыйласаң, итине сөөк сал» дегенди билбейсинерби?
-Ооба, туура айтасыз, андай сыйлаары болбосо, бул жерге келген дарылануучулардын баары бирдей, өөдө-ылдыйы жок кабыл алынат. Каттоочу кайда жазып, кайсы палатага жиберсе, ошондо барып жата бер. Ашканадан эл катары тамактаныщ процедураны кабыл алмай. Дегеле кайсы курорт кайсы санатория болбосун бардык адамдарга шарты бирдей. Бирок, ар кимдин ден соолугуна, же болбосо даража, мансабына жараша мамиле жасап, сыйлап коюншса эмне болмок
Биз ушинтип көчөнүн ортосунда топтолуп алып, айрым бир адамдарга көрүлүүчү камкордуктар, жакшы мамилелер жөнүндө талкуубузду кызуу улантып жатканыбызда, корпустан чыккан аял менен эркекти көргөн шеригим мени «тигилерди кара» дегендей, капталга аста нукуп койду. Шарапатка дароо түшүнүп, тигил эрди-катынга карегим кадала түштү. Бейтааныш адамдар, жаныбыздан өтүп баратышып, бизди карап, салам айтышты. Бирок, мен канчалык көңүл бурганным менен аялдын көзүн да, өңүн да жакшы кералган жокмун.
Алардын артынан узата тиктеп туруп, көңүлүмдо, эгерде чыны менен булар Сырга менен Султан болуп калса, таанышайын ден ичимден тымызын ойлоп койдум. Меиин көзүмө көрүнгөнү аялдын үстү болду.


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#239 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2016 - 17:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Кочкул жашыл жибек велюрдан жарашыктуу тигилген этеги төгүлгөи көйнөк. Бутуна орто такалуу лактуу кара туфли кийип, чачын эки бөлүп өрүп, артына таштап, башына бир байлам, кыпкызыл роза гүлдорүн торт бурчуна түшүргөн ак дедерон косинка байлап алыптыр. Ал эми эркектин үстүндөгү, жаш жигиттен бегер плащевкадан спорттук стилде тигилген жеңил курткасы көзүмө бир урунду. Бирок, «кийим жаш карыны тандабайт» дегендей, тиги кишиге жарашып калыптыр.
Алар бизден узай берип, кайчылаш жолдон өтүп барып токтошту. Анан ошол саамда эркек аялынын бутуна эңкейип, туфлисин чечип колуна алып ичин күбүп, бир аз айландырып караган болуп кармалап туруп, кайра кийгизди.
- Оми-и-й ай, карасаң тигилерди, эрке аял экен ээ. Колу шал болуп калбагандан кийин, туфлисин өзү эле чечип, өзү эле оңдоп кийбейби, деди биз менен чогуу басып келаткан аялдардын бири башын чайкап.
- Бул эле дейсиңби, кечинде биз кинодон чыгып, аба жуталы деп сууну көздөй бассак, көпүрөнүн үстүндө ушулар туруптур. Бир кезде күйөөсү үстүндөгү костюмун чечип, аялына жаап кымтылады:
- Үстүңө кий десе болбойсуң. Көрдүңбү, бул жер түнкүсүн салкын болот. Кокустан суук тийип ооруп калбасаң эле болду.
- Үшүгөн жокмун, жаппай эле койчу. Кызык, костюмуңду мага жаап коюп, өзүң көйнөкчөн турасыңбы? - дейт аялы. - Мага тийген суук сага тийбейт бекен?
- Жок алтыным, мага суук тийбейт. Мен оорусам ооруюн, сен оорубачы, — дейт тигил киши аялынын үстүн кайра-кайра кымтылап, жакасын көтөрүп. Мындай бири-бирине күйүмдүү жубайларды көргөндө суктанбай коё албайт экенсиң. Карап туруп булардын ак ниелүү эрди-катын экенине ишенбей да кетесиң. Тим эле жаңы таанышып, бири-биринен ысыгы сууй элек жаштарга окшоп турушат.
Ушул маалда биз менен чогуу басып, сөз тьщшап 6apaткан "баткакта» иштеген медсестра, сүйлөп жаткан аялга карап, күлө бакты:
-Aa, тетигил агай менен эжени айтып, суктанып жатасыздарбы? Алар ошондой ынтымактуу жубайлар. Өткөн жЫлы да бизге келип дарыланып кетишкен. Жана бизге баткакка барыптыр. Ден соолугун сурасам "Быйыл былтыркыдан ден соолугум жакшы. Силердин курорт мага жагат экен» дейт. Чындыгында эле Жети-Өгүз жагыптыр бул кишиге. Өткөн жылы таяк таянып, басалбай араң келген. Өзүнчө ваннага да түшө алчу эмес. Ар дайым күйөөсү жанында бирге болуп, сууга киргенде да, чыкканда да жардамдашып туруучу. Деги күйөөсү ченде жок боорукер, адамгерчиликтүү киши. Оорулуу адам өзү эле кылдан кыйкым таппай турган сөз көтөрүмү жок, капачыл болот эмеспи. «Ичи ooруган күлкү сүйбөйт» дегендей, жаны кейип турган адамга күлкү менен шаттыктын кереги эмне. Бирок, бул эже андайлардан эмес экен. Өлгөнү турсада, күйөөсүн коргөндө көңүлү көккө сермелип, чечекейи чеч болуп, төгүлүп кете турган бир жакшы касиети бар, жароокер аял экен. Экөөнүн бири-бирине болгон ынтымактуу мамилесин көрүп туруп «Атаңдын көрү-ү, бири кем дүйнө» дейм ичимден өкүнүп. Кудай таала жак-шы адамдарды ушинтип бир жагынан өксүтүп коет турбайбы. Эгерде бизге окшоп дени сак, санаасы тынч болгондо, бул аялдын кандай жашап, кандай адам болоорун ойлоп элестете албай кетем.
Булар жөнүндө ушундай жагымдуу сөздөрдү угуп, өздөрүн көргөн мүнөттөн баштап, эч ким мага айтпаса да, эч ким бизди тааныштырбаса да, биринин аты Сырга, биринин аты Султан экенин жүрөгүмдө сезип, оюмдан кетпей калды. Ыгын таап таанышкым келет. Врачтын кабыл алуусунан чыгып келатсам, Шарапат корпустун алдында мени күтүп туруптур.
-Баятан бери, сиз экөөбүздү биринчи кабаттагы агай чакырып, эки-үч жолу келди.
- Кайсы агай?
- Баякы жаңы келген кишилерчи. Жана кеп салып жатышпады беле.
- Аа, билдим, билдим. Эмнеге чакырып жүрүшүптүр.
- Сыягы киши келген го.
- Келе элек жатканда элеби?
- Мен өзүм эле ошентип ойлоп жатам. Болбосо эмнеге чакырмак эле, жөндөн жөн.
Чакырылган палатага бир бутум кирип, бир буху'м кире электе эле, аялдын айнек көзү көзүмө дароо урунду. Болду, болбоду, баякы Акылбек жазган келиндин өзү, дедим ичимден. - Акыры «баш кошкон экен бечералар», деп ойлоп, толкуыдап кеттим кубанып. Олтурар-олтурбастан эле, артыбыздан дагы бир эркек менен аял кирди. Биз менен учурашып алаксый түшкөн үй ээси, тигилерди «кел» дебей туруп эле, аларды тааныштырып кирди.

Булар биздин катарыбыздагы коңшу палатада жашайт. Сиздердей эле булар менен да жаңы таанышып жатабыз. Касиетиңден айланайын, бул курорт дегениң таанышпаганды тааныштырып, бир дасторкондон даам сыздырып, бир казандан аш ичирип туздаш-даамдаш кылат тура, - деди дасторкон ээси аял. -Кана, жогору өткүлө.
-Ооба десеңиз, курорт болбосо, биз кайдагы, сиздер кайдагы, дедим мен, олтуруп жатып.
Артыбыздаи кирген аял биздин сөзүбүздү бөлдү.
- Султан жок го. Бир жакка кетти беле?
- Ии, кымыз түшүптүр деп ошого кетти. Кана, дасторконго караңыздар. «Пайгамбар барына азыр, жогуна кайыл» дейт. Жалаң чөп-чар, жер-жемишке чакырыптыр деп капа болбоңуздар. Аманчылык болсо кеткенче башкасы да болоор. Уулубуз мурда күнү бизди орноштуруп коюп, жумушум бар деп Караколго кеткен. Кетип баратам деп, ушуларды алып, азыр эле келип коштошуп кетти. Мына бул бышкан балапандарды ресторандан алдым дейт.
Дасторкон үстүндөгү бейтааныш аял мага минтип шыбырады:
-Сиз бул айнек коз катынды мурда таанычу белеңиз?
-Жок, мурда коргон кишим эмес. Биз да жаңы келдик, булар да жаңы келди. Мындан ары таанышабыз.
- Бул катып жанакы, балам деп жаткан жигитти сиз көрдүпүзбү?
- Өзүм көргөн жокмун, Шарапат айтып жаткан ата-энесин жеткирип Волга менен бир жигит келди деп. Көрсө ошолор ушулар тура.
-Ой кокуй, кайдагы байлап койгон бала, кайдагы ата-эне. Бул катын бекер жеринен сокур болду дейсизби. Кудайдан жөө качкан шыпты кашка окшойт. Машинасына түшүп келгени аз келгенсип, оозу-мурду кыйшайбай туруп, түз эле балп эттирип «балам» дейт.Баласы болсо аты башка болбойбу. Мунун эринин аты да Султан, ал жигиттин аты да Султан экен. Бул катындын бала токтой турган кебетеси көрүнбөйт го. Тобо, кантип ушундай болсун. «Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба» дегендей, бизди оюнда эч нерсе билбейт деп жатса керек, бул шуркуя.
Аялдын жагымсыз сөзүн угуп, жүрөгүм опкоолжуду. Мен бул сыяктуу «Ооздугу жок аттай» болгон, ачык ооз аялдар менен мамйлё түзгөндөн башынан коркчумун. «Тү-ү-ү, ит экен» дедим ичимден, эмне деп айтаарымды билбей, тамагым буулуп. Анысы аз келгенсип «тигини көрдүңбү» дегенсип, улам мени түртүп коёт. Ага Сырганын сүйлөгөн сөзү да, күлгөн күлкүсү да, ал тургай бизге кылган мамилеси жакпагансып туюлду мага. Бөлмөнү чымын учса угулгандай дүлөй тынчтык басып, баарыбыз бир оокумга чейин тым-тырс боло түштүк. А Сырга болсо, эмелеки жадырап турган кубанычын бирөөгө уурдатып жибергенсип, ийсинген бээдей, бизди сыдыра бир тиктеп алып туна түштү. Ой, байкуш келин, «шектүү шекинет» дегендей, тиги аялдын шыбыры, анын эсине эмнелерди салып жиберди экен деген ой көңүлүмдү каптап өттү. Кулагы чалып калган экен деп, өзүмдөн-өзүм ыңгайсыз абалга түшүп турдум. Ортодогу тынчтыкты дагы эле тигил карооз аял бузду.
- Ай аяш, мен бир нерсеге түшүнбөй таң калып турам. Сенден бир суроо сурасам болобу?
- Сураңыз, деди мостойгон калыбында күлүмүш олгон Сырга.
- Бая күйөөң атым Султан деп таанышты эле. Э кудурет, сенин уулум, деп айткан жигиттин да аты Султан турбайбы. Бул аты уйкаш ата-баланы кандайча түшүнсө болот? Мындай ойго келбеген шумдукту мен бала болуп башыма жүн чыкканы биринчи угушум. «Укмуштуунун төөсү жорго» деген ушул экен да.Анан дагы сени мен качандыр бир жерден көргөнсүп турам. Көзүң ошондо эле жок болуучу. Айнек кий-


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#240 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2016 - 18:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

ин салдыргансың го дейм. Сен мени таанышың керек.
Жүзү мурдагыдан да тоңо түшкөн Сырга башын чайкады.
-Жок, мен сизди көргөн эмесмин. Анан «Көзүң ошондо эле жок болчу. Айнекти кийин салдыргансың го» деген сөзүңүз таптакыр туура эмес. Мен көзүмдөн ажырап, дарыланып ооруканада жатып, сакайып чыгаарымда врачтар дароо жасалма коз салып чыгарышкан.
- Бул сенин эченчи күйөөң?
Сырга селт эте түштү.
- Мунун баарынын сизге эмне зарылчылыгы бар? Биринчи күйөөм. Эмне, шегиңиз барбы?
Сырга бул бейтааныш аялдан мындай сөздү, мындай суроону угам деп ойлобосо керек, өңү бузула түштү. Ушул маалда капкагы жок сыр чакага толтура кымыз көтөргөн Султан эшикти ачып кирип келатып эле, бизге салам айтып бакылдады.
- Саламатсыздарбы? — Шеригим экөөбүз ордубуздан тура калдык эле, үй ээси колун шилтей берип «олтура бергиле» дегендей ишарат кылып коюп, бапылдап, алып келген кымызын мактап кирди. - Мыкты кымыз экен. Быйыл деги кымызчылардын пейли кетти. Кайда барбасаң кымыз деп сатууга алып келгендери кыйгыл эле суу. Мына, кымыз деп ушуну айтыш керек. Ак саргыл болуп бал татыйт тим эле. Алганы аш болсун бечеранын. Жылкычы менен сүйлөштүк. Мындан ары такай Мокештикине алып келип турмай болду. - Султан сүйлөп жатып, аялын кыраакы көздөрү менен тиктей калып, тынчсыздана кетти. - Эмне болду, ыя байбиче, бир жериң ооруп турган жокпу?
- Жок, эч жерим оорубай эле турам. Бул жерде мага ойдо жок суроолор берилип жатат.
- Суроо?! Кандай суроо?
- Ат табылбай калгансып, эмне үчүн уулуңдун аты да Султан, күйөөңдүн аты да Султан, деген суроолорго эмне деп жооп беришим керек? Балким, Султандын биздип балабыз экенине да шектении турушкандыр. Андан дагы эченчи күйөөң деген суроо чыгып кетти.
Аялынын сөзүн кунт коюп уккан киши, алтын тиштерин жаркыратып, күлдү:- Ошол элеби сурагандары. Анын эмнесине ойго батып, танооң кыпчылып кетти. Айта бер.
- Эмнени айта берем?
- Эченчи күйөөң дегенге, онунчу күйөөм де.- Ал эми экинчи суроого «Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса» дегендей, ким баласына кандай ат койсо өзү билет деп жооп берсең болот.
Менин жанымдагы шеригим сөзгө аралашты.
- Бул жагынан орустар азамат. Алар энесинин атын кызына, атасынын атын уулуна коё беришет. Ал эмес муну сыймык көрүшөт. Биздин салтыбызда, үй-бүлөдө аттарды бири-бирине коё берүү болбогондуктан бизге өөн учурап жатат да.
Мен ата менен баланын кандайча уйкаш болуп калгандыгынын себебин билип турсам да, эч нерсе дей албай ичимден тынып олтурдум.
-Оме-е-й, кокуй күн, башкабыз аз келгенсип, эми орусту туурап, алмустактан бери келаткап ат коюу салТыбызды бузабызбы, деди тигил аял , кызаңдай сүйлөп, - анык кызык адамдар экенсиңер деги.
- Ай, айланып кетейиндер, башка сөзгө өтөлүчү, -дедим мен, - «Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар» дегендей, балким бир себеби бардыр. Болбосо жөндөн жен эле, атасынын атын баласына коймок беле.
- Мен ошон үчүн, бир себеби бар экенин билип анан айтып жатпаймынбы, - деди тигил аял кайрадан соз баштан.
Күйөөсү аялын алая карады.
- Болбодубу эми, ашык сөздүн кереги эмне. Ушул сенин билгичтигиң өтүп кетти.
- Тигини, тигини, өзү кыйын неме. Сага менин сөзүм ашып кеттиби? Уккуң келбесе кулагьща кебез тыгып ал. Ар качандан бир качан эле мени тыйып турасың.
- Эмне деп жатасың?
- Атаңдын башы деп жатам. Элдин эри аялынын сөзүн сүйлөп, аялына болушат экен. Сен мени ар дайым тыйып, ар дайым басып турасың. Мен сенден эмне жакшылык көрдүм? Тууп тукумунду берип жатсам да жакпадым сага. Кудай жеткирсин.
-Ошол тукумуң үчүн туруп жаткан катынсың да. Балдар үчүн байланып жүргөнүмдү билбейсиң ээ.
- Байланбасаң кете бер. Акмак.
- Ой эмне болуп кетти? - деди Султан, - «Көчкөндө көрүшпөгөн, өрдө урушат» дегендей, биринчи жолу таанышып, чай ичели десек ыйкы-тыйкы болуп кеттиңер да. Сөздү коюп дасторконго карагылачы. Ашык сөздүн кереги жок бул жерде.
Аял кыйгачтай сүйлөдү.
- Менин эримдин адаты, бир жакка барганда менин сөзүмдү да жактырбай, өзүмдү да жактырбай калмай.
- Ой болду, эми! - деди эри.
- Болбосо эмне кыласың?
Бир кезде Сырта мага карады:
- Эже, мен сизди бир жердей көргөндөй болом. Бирок, кайдан көргөнүмдү такыр эстей албай койдум.
- Сенин иниң Элал бизге күйөө бала болот. Бүбайым кудагыйдан уккам мен силерди.
-Аа, ошондой деңиз. Сизди кайдан көргөнүмдү эми эстедим. Баса, биздин үйдө Элал, Касиет, сиз болуп чогуу түшкөн сүрөтүңөр бар. Мен сизди ошондон көргөн экенмин. «Сураша келсе карын бөлө чыгат» деген ушул. Жакшы болбодубу сиз менен таанышканым. Алар сизди ооздорунан түшүрүшпөйт. ..
Эртеси суу ичүүгө кетип баратсам, артымдан Сырга жете келип, мени колтуктап алды.
- Айнектен кетип баратканыңызды көрүп сүйүнүп кеттим. Султан жаңы эле ваннадан келип, эс алууга жаткан. Эжем менен сууга барып келейин десем, макул болду. Ал мени жалгыз эч жакка жибербейт.
Сырганын сөзүн угуп таңдана түштүм.
- Эмне үчүн? Ичи тарбы?
Жок, Султан андайлардан эмес, эжеке. Бир талма деген илдетим бар. Шордуу кишише, шордуудай дарт жабышат тура.
- Эмне, бат-бат кармайбы? Курорт жагат бекен талмага?
- Талма үчүн келген жокмун бул жерге. Буту-колумдун муундары ооруп, башымды жууп, чачымды тарай албай калганмын. Жети-Өгүзгө быйыл экинчи жолу келишим. Азыр мурдакыга Караганда, атайы эле адам болуп, жакшы болуп калдым. А талма болсо, көңүлгө байланыштуу болуучу неме окшобойбу. Азыр мурдагыдай үзүк-созугу жок бат-бат кармабай калды. Болбосо көчөдө болобу, үйдө болобу, кандай карман, кандай жыгылганымды сезбей калуучумун. Баса эжеке, апам мен жөнүндө сизге айтты беле?
- Чет-бучкагын укканмын.
- Султан жөнүндө айтты беле?
- Кайсы Султан уулуң жөнүндөбү же күйөөң жөнүндөбү?
- Деги экөөнүн кимиси жөнүндө көбүрөөк билсесиз? Кудайдан жашырбаган сырды, эми сизден жашырмак белем. Күйөөм менен уулумдун аттары кандайча окшош болуп калганын уккандырсыз. Бул сыр чыны эч кимге жашыруун эмес.
Ортодо мынчалык сөз болуп калгандан кийин, мен дагы жалган айтып, жашыра алган жокмун.
- Ооба, укканмын кагылайын. Акыры «Адашкандын айбы жок, кайрып үйүрүн тапкан соң» дегендей, Күкүк менен Зейнептей болуп, экөөң эки жерде жүрбөй, табышканыңар ажайып иш болгон экен. Чыны, мен силерди көрүп кубанып калдым.
- «Бирөө өлбөй, бирөө күн көрбөйт» дегендей, Султандын аялынын каза болгону көп болуптур. Бирок, эмне үчүндүр үйлөнгөн эмес экен. Кокустан маркум Айчүрөк өлбөй тирүү болгопдо, мен эч макул болмок эмесмин. Султандын абалын көрүп зээним кейиди. Муну мен канчалык сүйүп, канчалык жакшы көргөнүм менен, ден соолугум болбогондон кийин, боорум ооруса да, ага турмушка чыгуу оюма да кел-беди. «Төркүнгө да төрөдөй болон кыз батат» дегендей, эрге да эр азаматтын кадырына сыйлай турган, ден соолугу бар аял керек.
- Ортоңордо бала бар эмеспи.
- Бала болсо деле. Окуя мындай болду. Мурунку таржымалымды уккан турбайсызбы.
- Ооба, укканмын. Бул жигит, сенден баласы бар экенин мурун эле билүүчү экен да, ушундайбы? Анан Султан эр жетип, өгөй атасынын наамы менен Алматыдан окуп келип Кыргыз Республикасынын Жогорку



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 23:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: