- Менде. - Экинчи жигит ордунан көтөрүлдү. -Тоют жылда эле мол камдалып жатпайбы. Кошумча тоютту өндүрүш үчүн, айдай турган жер жок болсо, аны кайдан алууга болот?
- Абдан туура суроо болду бул. Жердин жетишсиздигинен кендирибиз кесилип жатат. Ошон үчүн айдоо аянтын көбөйтүүнүн жолун издеп табышыбыз керек. Сенин аты-жөнүң ким?
- Абакиров Урмат. Дыйканмын өзүм.
- Ушул азыркы сенин сурооңдон кийин, Урмат, оюмда ойлоп, ортого салсамбы азыр, же кийинкиге калтырсамбы деп эки анжы болуп турган оюма от коюлгандай болуп, тутанып кетти. - Акылбек тээ бир оокумга чейин залда олтургандарды сыдыра тиктеп, ойлуу тургандан кийин сөзүн улады: - Ооба, айдоо аянтын кеңейтишибиз керек, деп айттым. Бирок, аны кандай кылып кеңейтишибиз керек? Бул жөнүндө оюмда бир нерсе бар. Ал болсо, мына бул коз алдыбызда жаткан ак чан болгон кең талаанын, жер жер болуп жаралгандан бери, кылымдап бош жатышы. Ушул кунары жок кумпайган жер тагдыры менен эл тагдыры уктасам түшүмдөн, ойгонсом оюмдан кетпеген бир чоң кайгы болду. Бул жердин айласын сиздер менен бирге чечип, бирге таппасак болбойт, жолдоштор.
Акылбектии сөзүн угуп, залдын ичи дүүлдөй түштү. Адамдардын арасынан кандайдыр бир жагымсыз создор чыккандай болду. Сыягы, мынадй ойду айтат деп эч ким ойлобосо керек. Бир кезде олтургандардын ичинен эки-үч киши, соз албай туруп эле ордуларынан туруп, жарыша сүйлөп, ачуулангандай кызууланып кетишти.
- Сен балакай, эмне деп сүйлөп жатканыңды деги өзүң түшүнүп жатасыңбы? Билсең бул Ак-Турпак деген оңой жоо эмес. Бул деген кудайдын каарына, пайгамбардын каргышына калган жер. Бул жөнүндө эчен ойлор, эчен сөздөр болгон.
- Ооба, бул жерди эч ким, эч кандай күч багындыра албайт, жолдоштор.
- Тең жарышпай, бирден сүйлөбөйсүздөрбү, - деди совхоздун парткомунуы катчысы, столду карандашынын уңгусу менен такылдатып. Ушул маалда ордунан козголбогон калыбында арт жакта олтургандардын арасынан кимдир бирөө кыйкырды:
- Э-э-й Акылбек, байкап сүйлө балакай, жети ата, жети тукумубуз жашап келген бул жердин сырын биз билебизби, же сен билесиңби! «Акыл жаштан чыгат» деп койсо, тапкан акылың ушул экен да. Ишке ашпай турган бул ишке элди үгүттөп, убара болбосоңчу. Аракетиң жакшы экен. Бирок, эмгегиң куру талаага кетет.
Баятадан тигилердин сөзүнүн бүтүшүн күтүп, тикесинен турган киши саймедиреди:
- «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» дегендей, мына бул алдыга чыгып айткандардын сөзүн уккун балам. Делөөрүбөй коё тургула. Директор деген, райком, раисполком дегендер бар. Директоруңар, оорусунан жакшы болуп, сакайып келсин мурда. Ак-Турпак жөнүндөгү сөздү ошондон кийин баштасаңар деле болот го дейм, ыя балдар?..
Ушул маалда салабаттуу бир карыя, кол көтөрүп ордунан козголду.
-Капырай, урушчудай болуп кекээрлешпей, кезек күтүп жай сүйлөшпөйсүңөрбү, - деди, ак бубак болгон сакал-мурутун өзүнчө бир азем серпкен адам, олтургандарды айлана карап. - Ой, айланайын журт, эмнеге мынчалык дүрдүгүп, убайымга түшүп кеттиңер. Ойго ой, акылга акыл кошот деп ак тилегин ортого салып олтурган баланы, баятадан бери туш-туштан чыгып ит талагандай кылып олтурасыңар. Силер бүгүнкү күндүн сөзүн, бүгүнкү күндүн талабын сүйлөбөй, тээ отузунчу жылдан мурдагы турмуштун көйгөйүн сүйлөп турасыңар. - Ал киши Акылбекти карады. - Өнөрүң болсо өргө чап балам. Биз иштей албаган, биздин колубуздан келбеген ишти эми силер иштеп, силер бүтүргүлө. Абдан жакшы да, чоң да максат бар экен, чырагым. Бирок, айтылган сөз айтылган бойдон калбай, иш жүзүндө болсо экен. «Төртөөң төп болсоң төбөдөгүңү аласың, алтооң ала болсоң алдыңдагыны алдырасың" деген сөз бар. Тигил эле, бул эле, деп кыйшандап,
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 14 Май 2016 - 01:23