Кабарлардан бир комментарий окуп калдым, бардык нерсеге эркек жоопкер, ошол көзүн сүзүп келаткан кунаажынды көзгө бир коюп жолго салгыла, экинчи көзүн сүзгүс болсун деген сыяктуу, кошулам) Бул башка тема болуп кетти окшойт.
2-3 аял алганга кандай карайсыңар, туугандар?
#322 21 May 2016 - 23:01
А дейбизби б дейбизби, акыйкат айтыла берет, миллион адам каршы чыксада шариаттын окуму кыяматка чейин озгорбойт.
Албетте кайсы аял экинчисине ыраазы болсун, каршылык корсотот, ыйлайт, сыктайт анан озуно келет.
Албетте кайсы аял экинчисине ыраазы болсун, каршылык корсотот, ыйлайт, сыктайт анан озуно келет.
Ушул шарияттын өкүмүнө ушул нерсени ким жана качан кошту экен... Бул коомдун өнүгүшүнө, социалдык карым-катышка карай өзгөрөт, бирок түшүнбөгөнүм, эмнеге эркек? Эмнеге эркекке боло берет, эмнеге эркек ошондой болот, аларды алдаш керек, эркектерди минтиш керек, эркек чыдабайт, эркек кечирбейт, дагы толтура, а аялчы? Аял кечиримдүү, аял кылган нерсе кечирилбейт, аял көтөргөн толгоону эркек көтөрө албайт, аял чыдамдуу... Анда эмнеге аялзаты назик?
Аял эркектин кабыргасынан жасалган дешет, кабырга деле сынат го, сынган жериң кандай ооруйт? Видимо, көп аялдуулук да ушудан келип чыкса керек, эркекте бир эле кабырга бар эмес, демек, аял да ошончо болсо болот дешип... Билбейм, эээч келише албайм, жадакалса чоочун эркектин да ушундайын уксам ал адамды сыйлагым келбей кетет, а аялы барын билип сүйлөшкөн аялды, миң периште болсо да жек көрөм.
#323 21 May 2016 - 23:31
Мисалга айта кетсем,азыр билесин карындаш,турмушка чыга албай же турмуштан ажырашкандар же болбосо жан шериги каза болгондор коп туурабы?Ошолордун баарын айтып жатам.
Сенин жанында жургон жарында, озуно окшош эптеген септеген немего, оозун ачалбаган. Сендейлерге жесир эмес, кара далыларда тийбейт. Так что асманда калкыбай жерге туш.
#324 22 May 2016 - 05:36
Клара айым же Гупа эмнени жаап жашыргыныз келди, акыйкат эскертууну жаап жашырсаныз,
кыяматта жан чыдагыс азап бар! Унутпаныз!
Билдируулорду ордуна коюп койсонуз, себепсиз банга айдаганынызды токтотунуз!
#325 22 May 2016 - 05:45
Кыскасы биздин копчулук аялдар куйоолору экинчи учунчу алганга психически даяр эмес! Бирок дининен кабары бар салиха, такыба аялдар тушунот. Буга мисал Систер, Мерует, Нурзида айымдар коз карашы туз экенин билебиз анткени алар оз дининен кабары бар, карангы эмес!
#326 22 May 2016 - 10:53

Ой, жарыктык, жогоруда эмнени айттыңыз түшүнбөдүм жаап-жашырган жөнүндө.
А тиги караңгылык боюнча, шарият, шарият деп кимдир-бирөөлөрдү кемсинтүү шарияттын эрежелеринин бириби бул дагы? Сиз атаган айымдарды сыйлайм, бирок адамдын психологиясын буруу оңой, ар кимдин өз пикири болуш керек. Бизге бул эле болот экен деп ошол кичинекей кампанын ичинде кайнай бербей, сыртка көз салып, пайдалуусун алыш керек. Жадакалса каапырдын да китебин окуш керек, жыйынтыгында анын да дүйнөсүн таанып-билесиң. Ислам дини диндердин ичиндеги эң таза дин, пайдалуу дагы, бирок акыркы кездерде өз максаты үчүн колдонгондор да көп, угушумча, ушул динди да бир канчага бөлүп жибергендер бар экен, ошон үчүн ар бир мыйзамын ойлоп анан баштоо керек. Чубак ажынын бир сабагында аялзатын кандай сыйлоо, кандай барктоо керектиги жөнүндө айтканын көргөм, бирок 2-3 аял алуу деген аялды тепсегендикке жатат, укугун тебелегендикке жатат, демек, тиги мыйзамга каршы болуп калды го.
Эй, эркек, жашооңдо үч гана аял болушу керек, бири тогуз ай бооруна көтөрүп, тогуз саат кабыргасы сыздап толгоо тартып төрөгөн, бапестеп, үмүттөнүп баккан энең. Экинчиси, ата-энесин, бир туугандарын таштап сага келип, сени сыйлап, сага ишенип, сени ылдыйда жөлөгү, өйдөдө өбөгү, коркунучта коргоочусу санаган жубайың. Үчүнчүсү сени кумир туткан, сени үлгү кылып жигит тандаган, атакелеп эркелеген кызың. Ошол... Катуу кетип калдым окшойт)
Дегеле аялдын бир толгоосуна тең келиш кыйын дейт го, кичинемде эркектин маңдайында шам күйүп турат, ошон үчүн эркек бар жерге шайтан келбейт деген кепти угуп, ымыркай эркек уктап жатса да ошону эш тутуп коркпочумун. Кичинемде шайтан деген немеден аябай коркчу элем, ошол силерге ишенип, өмүрүн арнаган бир аялды кантип ошондой азапка салганга, ыйлатканга кыясыңар билбейм. Аял төрөгөн сайын арууланып турат экен го.
#327 22 May 2016 - 10:54
Али Кыргызстан,
айтыңызчы, сиз эмне максатта экинчи-үчүнчүнү алмаксыз? Шарияттын мыйзамы деп элеби?
#328 22 May 2016 - 11:39
Али Кыргызстан,
айтыңызчы, сиз эмне максатта экинчи-үчүнчүнү алмаксыз? Шарияттын мыйзамы деп элеби?
Имишго андай экенго, мындай экенго деп, уккан элем деп каяктагы болбогон создорду озунорго мыйзам кылып аласынар. Анан мусульмандын жашоо образы болгон Куран менен Хадистен так далил, акыйкатты алып келсе чанган болосунар.
Анан мен эч жерде экинчи учунчу алам дебегем, шариаттын эрежесин сактап, мумкунчулугу болгондор алсын дегем.
Эгер куйоосу эрежелерин сактап экинчиге уйлонсо, биринчиси ага чыдабай кетип калса ал аял куноокор болот. Демек куйоонузго экинчини алып бере берин, шарт туура келсе.)))себеби ошол нерседе чоон жакшылык бар.
Анан сиз айткан аял назик, аял бийик деген ал башка маселе.
#329 22 May 2016 - 11:47

Ал имиш менен, уккан элемди кантип айтышым керек? Эч ким түзмө-түз уккан эмес да, Ыйык Курандан окуган элем дейбиз, бир имамдан уккан элем дейбиз. Кыргызда 2-3 аял алуу өзү эркектин напсисинде, байбиче, токол дешип илгери эле, мен бул нерсеге караманча каршымын. Бул нерсени баягы бирөөлөр арак ичсе болбойт, тамеки чексе боло берет деп да чыгарышкандай эле көрөм.
#330 23 May 2016 - 05:02
Кел эми карындаш сага жооп берейин.Мен ала турган болсом,коп балалуу жесир алам.Ооба,
материалдык мумкунчулугум жетпейт азыр алайын десем.Эми экинчи сурооно келсек,корунгондун астында талпак болгондон коро бироого башын байласа жакшы эмеспи?Же корунгондун астында жатып,"сойку"
-деген статус менен жургону жакшыбы?Биз эркектер алабыз десек баарын алабыз,болгону же материалдык жактан кыйалып жатат же бир аялды жакшылап тунку иштерде канааттандыра албай жатат.Тийем деген кыз тизеден,болгону азыр материалдык каражатты ойлоо керек да.Мен дагы келечекте коп балалуу жесирди экинчи аялдыкка алып,аз болсо дагы балдарына татыктуу тарбия берем инша Аллах
Материалдык жетишсиздик дегениңер жөн гана шылтоо.Анткени, Аллах ар бирине ырыскысын берип койгон.Аллахка шүгүр,ошол ырыскыны силерсиз эле таап,эр жетип,чоңоюп жатышат.Керек болсо,атадан артык уул чыгып жатат.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#331 23 May 2016 - 19:55
Негизи 3.4аял алуу же эки аял алуу бул -сүннөт. Пайгамбарыбыздын с.а.у жолун жолдо тарикасы.
Бирок убагында Пайгамбарыбыз с.а.у 9 же андан көбүрөк аял алган. Ал аялдарды жеке кызыкчылык же напси үчүн алган эмес .
Баардык аялдарын жашоо шартыы оор, жесир, көп балалуу жесир, согуштардан күң болуп келген жесир аялдарды жана саясий кызыкчылык үчүн же Ислам келечеги үчүн алып үйлөнгөн.
Бирок азыркы тапта Пайгамбарыбыздын с.а.у сүннөттүн аткарып жатабыз деп туруп, өз напсисине алданып кеткендер көбөйдү .....Утурумду кызыкчылык бүткөндөн кийин жообун берип Ислам динин жаман көрсөткөндөр көбөйдү ........

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#332 24 May 2016 - 01:42
Мейли алгыла шарияттын мыйзамы деп кычырайсыңар шариятта ар бир аялынын кем каржы каржыланышы керек, эки аял бир үйдө жашабашы керек дет.Биринчи биринчи аялыңарга бүт условиясы менен там салып бер, балдарыңдын кем каржын каржылап, ай сайын аялыңдын балдарыңдын жеп ичкенине,кийингенине,
баскан турганына акчаны алып келип берип тур,анан экинчисин ал ушундай эле каржыла, анан үчүнчүсүн ал ар бир аялыңдан 2 ден балаңар бар дейли. бардык аялыңарды, балдарыңарды өксүтпөй жакшы карашыңар керек да алар нааразы болсо силер жооп берип каласыңар. Кана эми 2, 3, 4 аял алгысы келгендер каржы эмес даже нервиңер жетпей майкечен каласыңар айланайындар.
"Жок бунун баары колумдан келет" деп көкүрөк чийсеңер пожалуйста мага десе 70 катын алгыла. Араптарды мисал кыласыңар араптар кандай бай экенин билесиңерби,
алардын ар бир аялы өзүнчө бөлөк турушат, араптарда деле даже 1 аял ала албай жүргөн байкуштар бар. Так ыштоо ойлонгула бир нормальный иштин башын кармагыла, жакшылап бутка тургула тапканыңар 4 аялыңарга жеткидей болсун.
Внешность - это козырь , но не туз…
#333 24 May 2016 - 01:48
Куранда Жараткан 4 аял алууга уруксат берген бирок инсан ага алы жетпейт деп айткан
#334 24 May 2016 - 01:51
эми ФИЗИКАЛЫК жана МАТЕРИАЛДЫК жагы УКМУШ болсо,болот да!эгерде тескерисинче болсо,болбойт!
#335 24 May 2016 - 05:57
эми ФИЗИКАЛЫК жана МАТЕРИАЛДЫК жагы УКМУШ болсо,болот да!эгерде тескерисинче болсо,болбойт!
Аялдарга физикалык,материалдык колдоодон мурун,моралдык колдоо керек.А эркектер психикалык жактан чыдайсыңарбы? Бир аялды анаконда,кобра, үч баштуу ажыдаарга салыштырып ийесиңер го!3-4төп алып,целая стаяга кантип чыдаар экенсиңер..?
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#336 24 May 2016 - 11:57
Мурда эки уч алса алгандыр азыр бир аял эле жетет бир аял беш аялга тете рахман разыков айтмакчы
#339 26 May 2016 - 13:25
#340 26 May 2016 - 13:28
Тапканыңар эле биринчи аялын багып алсынчы дей берет экенсинер да. Эмне үчүн эки үч аял алышкан мунун пайдасын ойлоп анан шарият уруксат берген. Убакыт болгондо кеңир жазамго буйруса. Ага чейин ичиңердеги дартыңарды төгүп төгүп тургулачы.))

Супер-Инфо
super.kg
видео