Ит-биздин досубуз кимде кандай ити бар?
#121 03 Май 2015 - 22:27
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#122 05 Май 2015 - 08:45
Апамын жылына бардым огородого кетип атсам эле жаш ит атырылып эле мени коздой чуркады.Корконуман эсим оой эле туруп калдым.Ага чейин апам баккан ит кайдан чыга калды. мага жеткизбей уруп кетти.Кеткенимче мени кузотуп,кайда барсам кошо журуп атты.Озунчо эле чунчуп кеткенинен байлабай калышыптыр. Тигит ит жаны ит экен.Байкем ии бул сени энемдин кызы деп ,сенден калбай журуп атат же сен апана окшошсун ошого сенден калбай атат деп калды.Мен кеткенден кийин эле озунчо эле жоголуп кетиптир.Жакшы ит олугун корсотпойт дегени чын бейм.Ит болсо да мени менен кошо ыйлашканы,мени эрчигендери эсиме тушсо жаман болуп кетем.Апамын менин Оштогу кызым да деп тааныштырса ошого тушунгонуно, мени коргогонуна тан берем..
#123 06 Май 2015 - 09:17
#124 06 Май 2015 - 22:42
#125 16 Май 2016 - 16:46
#126 16 Май 2016 - 16:51
1. Эльза
2. Буран
3. Байгер
4. Айза
Билдирүүнү түзөткөн: incognito1: 16 Май 2016 - 17:02
#127 22 Май 2016 - 09:30
#128 22 Май 2016 - 13:10
Бирок биздин итти да машина сузуп кеткен уйго алып келип олугун эртеси таппай калганбыз жок..
Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 22 Май 2016 - 13:11
#129 22 Май 2016 - 15:16
#130 22 Май 2016 - 15:26
#131 22 Май 2016 - 19:50
Биздин биринчи итибиздин аты Кузя болчу.. Кичинекей кезинде алаканга салып койсоң эле батып калчу.. Көчөгө таштап кетишкен жеринен таап алып, үйгө алып келсек, кипкичинекей болуп алып бизге үрүп коет.. Төрт бутунун лапка жактары аппак, куйругунун учу ак болчу.. Өзүнүн өңү капкара эле.. Абдан акылдуу, сүйлөп берсең түшүнгөнсүп караап угууп олтурчу эле.. Кээде эшикке чыгып олтуруп калганда кучактап алып олтурчумун, эки саат отурсам эки саат мени менен олтура берчү.. Күүн суук күндөрү үйгө алып кирип жылытып кайра көтөрүп эшикке чыгарып койоор элем.. Ошентип менин эрмегим, чыныгы досум болуп 2 жыл жанымда жүрдү.. Кайсы кашайган күнү иттер менен талаша калды билбейм.. Иттер көп жеринен тиштеп, тишини ички органдарын жарып кеткен окшойт.. Колуман эч нерсе келген жок.. Өлүп калды..




Өлүп калгандан кийин канча күн көз жашымды кармана албай ыйладым билбейм.. Короого чыккым келген жок, чыгып анын жок экенин көрсөм муунум бошоп үйгө киргиче шашаар элем..

Ошондон кийин өзүмө сөз бердим итке жан дүйнөм менен байланбашка. .
#132 22 Май 2016 - 21:18
#133 23 Май 2016 - 00:34
#134 23 Май 2016 - 23:13
#135 23 Май 2016 - 23:24
#136 23 Май 2016 - 23:46
Билдирүүнү түзөткөн: Oceana: 23 Май 2016 - 23:49
#137 24 Май 2016 - 06:27
Бул эмне дегендик?
Бул иттин кулу дегендик. Кудайга кул болбосо, ал заттын айтканын кылбаса, ал адамды итке жана башка нерселерге кул кылып коёт Кудай Таала. Аны инсан өзү билбей калат, туура кылып жатам деп ойлойт ал өзү. Ошол итти бизге жараткан берди,кызмат кылсын, сенин корооңду кайтарат,мал койлоруңа кароол болот,сага кул болот деп.
А инсан мунун тескерисин жасайт да күйдүргү. Ал итти жуундурат шампун самындын түрү менен,кееде өзү жебеген тамак менен тамактандырат, анысы аз келгенсип үйүнүн ичине чейин алып кирип сасытып багат,жайлап койсо аны тазалайт,дагы аны менен кучакташып жаткандары да жок эмес. Бул эмне деген шумдук. Кымбат машинаны алат,ал машинага ошол итин салат,ошол машинасына ата энесин да салбайт керек болсо, ошол машинага сен кол көтөрүп алып алчы десең өмүрү сени албайт,себеби ал машинасына адамдарды итчелик да ыраа көрбөйт.
Мындайлар Россияда да толтура. Капкара чоң чоң джип машиналардын алдынкы месталарында иттер олтуруп кетип аткан болот. Ошол жакшынакай места да ата энеси олтуруп кетсе болот элего. А ата энелерин башка адамдарга каратып коёт.
Адам ыйманга меенет кылбаса ошол итчелик да кадыры жок калат. Бул жаныбарларды жакшы көрүү,аларга жакшы мамиле кылууну эч ким кой дебейт. Просто адамдын кадыры ошол иттен да төмөн түшүп кадыры жок болуп кеткенине ичиң күйөт да.
Ит адамдын досу эмес,ит адамдын кулу десе туура болот. Адамга периштелер кызмат кылат керек болсо. А адамдарчы кимдерге кызмат кылып кимдерге кул болгонун бир байкап көрсүнчү?! ...
#139 24 Май 2016 - 11:48
happy02 (22 Май 2016 - 19:50) жазган:
Биздин биринчи итибиздин аты Кузя болчу.. Кичинекей кезинде алаканга салып койсоң эле батып калчу.. Көчөгө таштап кетишкен жеринен таап алып, үйгө алып келсек, кипкичинекей болуп алып бизге үрүп коет.. Төрт бутунун лапка жактары аппак, куйругунун учу ак болчу.. Өзүнүн өңү капкара эле.. Абдан акылдуу, сүйлөп берсең түшүнгөнсүп караап угууп олтурчу эле.. Кээде эшикке чыгып олтуруп калганда кучактап алып олтурчумун, эки саат отурсам эки саат мени менен олтура берчү.. Күүн суук күндөрү үйгө алып кирип жылытып кайра көтөрүп эшикке чыгарып койоор элем.. Ошентип менин эрмегим, чыныгы досум болуп 2 жыл жанымда жүрдү.. Кайсы кашайган күнү иттер менен талаша калды билбейм.. Иттер көп жеринен тиштеп, тишини ички органдарын жарып кеткен окшойт.. Колуман эч нерсе келген жок.. Өлүп калды..




Өлүп калгандан кийин канча күн көз жашымды кармана албай ыйладым билбейм.. Короого чыккым келген жок, чыгып анын жок экенин көрсөм муунум бошоп үйгө киргиче шашаар элем..

Ошондон кийин өзүмө сөз бердим итке жан дүйнөм менен байланбашка. .
Ушу сени Ак кемедеги Нургазыга эле окшото беремда. Сүйүнсөң деле күйүнсөң деле,бирөө менен урушсаң деле арманыңы итке,чөп чарларга эле айтып жүрө бересиңго))
#140 24 Май 2016 - 15:48