Суперстан: Кыргыз грамматикасын талкуулайбыз. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыз грамматикасын талкуулайбыз.

#21 Пользователь офлайн   CCCP   20 Октябрь 2009 - 17:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Ушул эле грамматикабызды жакшылап уйронуп албайлыбы? Азыркы тил эрежелеринин кемчилик жерлери бар экенин такыр байкабаптырмын. ... Аран-аран эрежени сактап жазып жургонумдо жаны тамгалар жана эрежелерди чыгара коюшса,азыркысын ондуу билбеген жаным даана сабатсыз бир байкушка айланып калам го. Ансыз да форумга жаны катталганымда "Сарычелек" деп жаза коюп Барс авамдан жеме уктум эле. Окуп жургондо "Сары-Челек" деп жазып эле кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин ыраазы кылып,шагыратып "5" алып жургон бала элем.... Анан эле мамлекеттик телеканалыбыздан "Сарычелек" , "Ысыккол" ,"Сонкол" деп жаза башташты... Бу кандай болуп кетти деп айрым "мударистерден" сурасам, "аа,тил эрежелери ошентип озгоргон" деп акыл уйрото коюшту "билермандар" ... Эгер форумга катталбаганымда ушул убакка чейин "Сарычелек" болуп журо берет белем...ким билет.... Тил эрежесин нары-бери кылып озгорто бериштин кереги жок го деп ойлойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Барс   20 Октябрь 2009 - 17:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Анан эле мамлекеттик телеканалыбыздан "Сарычелек" , "Ысыккол" ,"Сонкол" деп жаза башташты... Бу кандай болуп кетти деп айрым "мударистерден" сурасам, "аа,тил эрежелери ошентип озгоргон" деп акыл уйрото коюшту "билермандар" ...

Ал мударистердин айткандары да чын. Анткени, кээ бир "биларман" чыгармачыл тилчилердин жана "тилчи" лердин Х. Карасаев тарабынан негизделген орфографиялык эрежелерди өзгөртү п, аны жогорку органдардан бекиттирү үгө жетишкени да чын. Анан кайрадан бир топ жылдан соң, мурунку абалына келтирилип, кайрадан Жогорку Кеңештен бекиттирилип, азыр пайдаланылып жаткандыгы да чын!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Октябрь 2009 - 17:31

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Мергенчи   20 Октябрь 2009 - 18:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 12 Март 09
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:18

Цитата

Биз кызык эмеспиз. Тил өзү кызык. Туура "жеш", "сааш" деген сөздөр этиштен жасалган кыймыл атоочтор. Мис: Же+ыш=жеш, саа+ыш+сааш, ойно+ыш=ойнош. Ушундай эле айда+оо=айдоо, жайла+жайлоо ж.б. сөздөр. Мисалдан көрүнү п тургандай кыймыл атоочтордун кээ бирлери зат атоочко айланып калган учурлары да кеңири кезигет. Мис: Жайлоо, кыштоо, айдоо ж.б. Сен айтып жаткан же+оо=жеө ө, саа+оо=сааоо, же ойно+оо=ойнооо (эгер ушундай айтып, жазууга туура келсе) баары бир кыймыл атоочтор болот. Жогорудагы мисалдан байкалгандай, тил мыйзамы да, орфографиялык эреже да буга жол бере албайт...


Кызык экен. Кыймыл атоочтордун уңгусунда этиш сөз болгону менен, алардын мааниси атооч сөз катары каралат. Кыргыз тилинде «кыймыл атооч» деп бекеринен аталбаса керек: кыймылдын же процесстин атын билдирет. Бул – анын грамматикалык мааниси. Ал эми «жайлоо, кыштоо, айдоо» же «кыштак, жаздык, күздүк, айдама» сыяктуу мисалдар кыймыл атоочтор менен чаташтырылып, өзүнчө «зат атоочторго айланып калган кыймыл атоочтор» деп кесе айтуу чоң бүдөмү ктүктү жаратат. Бул – бир.



Экинчи жагы: «Эмне үчүн же этиши жеөө болбойт?»... Мунун жообу эң жөнөкө й. Кыргыз тилинде бири-биринен айырмаланып турган үндүү фонемалар эч качан бири-биринин жанына келе бербейт. Эгер андай айкаш болсо, кыргыз тили дифтонгдордун тилине айланмак. Мисалы, латын тилинин бир үлгүсү нө ылайык «ареа» деген сөздө е жана а тыбыштары айкашып келген да, биздеги сыяктуу ар бир тыбыш өз-өзү нчө айтылбай, е менен а тыбышынын ортосундагы бир тыбыш айтылат. Бул – башка бир мисал. Кыргыз тилинде сөздөр сингармонизм мыйзамына ылайык өздөрү нүн барлыгын көрсөтө алат, б.а. бир сөздө а тыбыш болгон жерде анын артка карай ээрчишүү сү ы тыбышына, о тыбышыныкы у тыбышына, ө тыбышыныкы ү тыбышына, е тыбышыныкы и тыбышына карай өзгөрө берет. Керек болсо, ушундай эрежелерден улам сөздүн ичинде фонемалар өзүнү н күчүн сактай албай башка сөздөргө омонимдик катмарды түзүп калган учурлары да учурайт. Жазууда ага жол бербейт. Мисалы, тирүү деген сөз айрым учурларда түрү ү сыяктуу айтыла берет да, түрү ү деген башка бир этиш сөзгө омоним болуп калат.



Үчү нчү жагы: кыргыз тилинде эч качан эки үндүү же эки үнсүз бири-бирине удаа келбейт. Эгер келсе, эки үндүү болсо ортого бир үнсүз, эки үнсүз болсо ортого бир үндүү жаратат. Мунун айкын үлгүсү н чакчыл мүчөлө рдөн көрүү гө болот. Мисалы, үнсүз тыбыш менен бүткөн этиштерден кийин -а, -е, -о, -ө фонемаларынын бирөө келет да, үндүү тыбыш менен бүткөн этиштерден кийин –й тыбышы келет.



Созулма үндүү лөр кайдан чыкты? Алар эмне үчүн жанаша турат деген суроолор пайда болушу эч кимге таң калычтуу көрүнү ш эмес. Алар кыргыз тилинде алфавиттин кабылданышы менен 40-жылдардан кийин гана активдүү колдонула баштады деген туура болот. Неге дегенде, эски жазмаларда уу, оо же аа тыбыштарынын ув, ов, ав же уғ, оғ же ағ түрүндө болгону белгилүү . Демек, кыргыз тилинде «Бул эмне үчүн созулма?» деген икая токтотулууга тийиш. Ар бир тилдин өзүнү н нормасы бар. Тилекке каршы, кээде жазма кеп же форманы эске алуу менен, айрым грамматикаларды кыйнап коюу процесси уланып келет жана уланууда.


Тилдик маселе боюнча түйшөлү үлөр жалпы форумчуларга кандайдыр бир натыйжаны алып келсе гана болгону... :)
Мергенчи тилейт кийикти,
Кийик тилейт бийикти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Мергенчи   20 Октябрь 2009 - 18:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 12 Март 09
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:18

Цитата

Анан эле мамлекеттик телеканалыбыздан "Сарычелек" , "Ысыккол" ,"Сонкол" деп жаза башташты... Бу кандай болуп кетти деп айрым "мударистерден" сурасам, "аа,тил эрежелери ошентип озгоргон" деп акыл уйрото коюшту "билермандар" ...

Ал мударистердин айткандары да чын. Анткени, кээ бир "биларман" чыгармачыл тилчилердин жана "тилчи" лердин Х. Карасаев тарабынан негизделген орфографиялык эрежелерди өзгөртү п, аны жогорку органдардан бекиттирү үгө жетишкени да чын. Анан кайрадан бир топ жылдан соң, мурунку абалына келтирилип, кайрадан Жогорку Кеңештен бекиттирилип, азыр пайдаланылып жаткандыгы да чын!


Тырмакчага алган сөздөрдү өзгөчө имла менен жазарыңызды байкадым. Аша чапсам, кечирим сурайм. Мисалы, «биларман» эмес – «билерман», «тилчи»лердин эмес – «тилчилердин». Балким, сиз «биләрман» деп жазгыңыз келгендир... Тәң! Гим билет?! :)
Мергенчи тилейт кийикти,
Кийик тилейт бийикти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Мергенчи   20 Октябрь 2009 - 18:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 12 Март 09
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:18

Цитата

Ушул эле грамматикабызды жакшылап уйронуп албайлыбы? Азыркы тил эрежелеринин кемчилик жерлери бар экенин такыр байкабаптырмын. ... Аран-аран эрежени сактап жазып жургонумдо жаны тамгалар жана эрежелерди чыгара коюшса,азыркысын ондуу билбеген жаным даана сабатсыз бир байкушка айланып калам го. Ансыз да форумга жаны катталганымда "Сарычелек" деп жаза коюп Барс авамдан жеме уктум эле. Окуп жургондо "Сары-Челек" деп жазып эле кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин ыраазы кылып,шагыратып "5" алып жургон бала элем.... Анан эле мамлекеттик телеканалыбыздан "Сарычелек" , "Ысыккол" ,"Сонкол" деп жаза башташты... Бу кандай болуп кетти деп айрым "мударистерден" сурасам, "аа,тил эрежелери ошентип озгоргон" деп акыл уйрото коюшту "билермандар" ... Эгер форумга катталбаганымда ушул убакка чейин "Сарычелек" болуп журо берет белем...ким билет.... Тил эрежесин нары-бери кылып озгорто бериштин кереги жок го деп ойлойм.


Туура, кемчиликтер абдан көп. Бирок сиз сунуштагандай, негизи колдо болгон грамматикабызды жакшылап туруп үйрөнү п алалы да, андан кийин гана талкуу кылсак, өзүбү згө пайдалуу болор. Ага даяр болбой туруп, ар кимдин каалоосуна жараша жаза берүү – бул чар жайыт маселе. :good:
Мергенчи тилейт кийикти,
Кийик тилейт бийикти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Мергенчи   20 Октябрь 2009 - 18:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 12 Март 09
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:18

Цитата

Орус тилинде йоттошкон тыбыштарды бир эле тамга менен белгилейт:
й+а=я
й+э=е
й+у=ю
й+о=ё
А эмне үчүн кыргыз тилинде мындай тамгалар жок?
1) й+и = ? (Мисалы, "мейиз" деген сөздө)
2) й+ү = ? (Мисалы, "түйү н" деген сөздө)
3) й+ө = ? (Мисалы, "күйө ө" деген сөздө)
4) й+ы = ? (Мисалы, "тыйын" деген сөздө)
Менин оюмча, бул тыбыштар үчүн жаңы тамгаларды киргизиш керек же орусча йоттошкон тамгалардан баш тартыш керек!


Жека мырза тарабынан туура ой айтылган. Бирок буга кыргыз баласы же кыргыз кызы моралдык жактан даяр эмес. Ошондой эле жаңычылдыкка баруудан коркот, жаңычылдыкты кабыл алып, аны ары карай өркүндө түп кетүүдө да ыкшоо келишет. Капа болбогула, катуу айтсам.


P.S.: Кыргыз тилинен алынып таштала турган тамгалар да көп, киргизиле турган тамгалар мындан көп.
Мергенчи тилейт кийикти,
Кийик тилейт бийикти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Мергенчи   20 Октябрь 2009 - 18:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 12 Март 09
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:18

Цитата

Эңгиреп, качанкы калыптанган грамматиканы туура жаза албай атканда Жека, сиздин тыбыштарды алып салып, жаны тамга киргизебиз дегениңизге жол болсун? хе хе...
Элестетип кеттим эсибиз ооп, анан дагы бир жыйырма жылдан соң оңолсок керек? Же...


Cиздин айтканың ыз боюнча дагы жыйырма жыл ушул орфографиялык эрежелерди колдонуп турганыбыз оң болор. Балким кийин оңолорбуз. Бул – убакыт маселеси.



«Бир нерсе айтканда, күлбөш керек, ыйлабаш керек. Жөн гана аны түшүнү ү керек. Ошол болот – философия... » - деп Спиноза айткан экен. :)
Мергенчи тилейт кийикти,
Кийик тилейт бийикти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Барс   20 Октябрь 2009 - 18:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Кызык экен. Кыймыл атоочтордун уңгусунда этиш сөз болгону менен, алардын мааниси атооч сөз катары каралат. Кыргыз тилинде «кыймыл атооч» деп бекеринен аталбаса керек: кыймылдын же процесстин атын билдирет. Бул – анын грамматикалык мааниси. Ал эми «жайлоо, кыштоо, айдоо» же «кыштак, жаздык, күздүк, айдама» сыяктуу мисалдар кыймыл атоочтор менен чаташтырылып, өзүнчө «зат атоочторго айланып калган кыймыл атоочтор» деп кесе айтуу чоң бүдөмү ктүктү жаратат. Бул – бир.



Экинчи жагы: «Эмне үчүн же этиши жеөө болбойт?»... Мунун жообу эң жөнөкө й. Кыргыз тилинде бири-биринен айырмаланып турган үндүү фонемалар эч качан бири-биринин жанына келе бербейт. Эгер андай айкаш болсо, кыргыз тили дифтонгдордун тилине айланмак. Мисалы, латын тилинин бир үлгүсү нө ылайык «ареа» деген сөздө е жана а тыбыштары айкашып келген да, биздеги сыяктуу ар бир тыбыш өз-өзү нчө айтылбай, е менен а тыбышынын ортосундагы бир тыбыш айтылат. Бул – башка бир мисал. Кыргыз тилинде сөздөр сингармонизм мыйзамына ылайык өздөрү нүн барлыгын көрсөтө алат, б.а. бир сөздө а тыбыш болгон жерде анын артка карай ээрчишүү сү ы тыбышына, о тыбышыныкы у тыбышына, ө тыбышыныкы ү тыбышына, е тыбышыныкы и тыбышына карай өзгөрө берет. Керек болсо, ушундай эрежелерден улам сөздүн ичинде фонемалар өзүнү н күчүн сактай албай башка сөздөргө омонимдик катмарды түзүп калган учурлары да учурайт. Жазууда ага жол бербейт. Мисалы, тирүү деген сөз айрым учурларда түрү ү сыяктуу айтыла берет да, түрү ү деген башка бир этиш сөзгө омоним болуп калат.



Үчү нчү жагы: кыргыз тилинде эч качан эки үндүү же эки үнсүз бири-бирине удаа келбейт. Эгер келсе, эки үндүү болсо ортого бир үнсүз, эки үнсүз болсо ортого бир үндүү жаратат. Мунун айкын үлгүсү н чакчыл мүчөлө рдөн көрүү гө болот. Мисалы, үнсүз тыбыш менен бүткөн этиштерден кийин -а, -е, -о, -ө фонемаларынын бирөө келет да, үндүү тыбыш менен бүткөн этиштерден кийин –й тыбышы келет.



Созулма үндүү лөр кайдан чыкты? Алар эмне үчүн жанаша турат деген суроолор пайда болушу эч кимге таң калычтуу көрүнү ш эмес. Алар кыргыз тилинде алфавиттин кабылданышы менен 40-жылдардан кийин гана активдүү колдонула баштады деген туура болот. Неге дегенде, эски жазмаларда уу, оо же аа тыбыштарынын ув, ов, ав же уғ, оғ же ағ түрүндө болгону белгилүү . Демек, кыргыз тилинде «Бул эмне үчүн созулма?» деген икая токтотулууга тийиш. Ар бир тилдин өзүнү н нормасы бар. Тилекке каршы, кээде жазма кеп же форманы эске алуу менен, айрым грамматикаларды кыйнап коюу процесси уланып келет жана уланууда.


Тилдик маселе боюнча түйшөлү үлөр жалпы форумчуларга кандайдыр бир натыйжаны алып келсе гана болгону... :)


Кызык! Демек, "Быйыл ушул жерди айдоо керек, кысыр калбасын" деген сүйлөмдө деле "айдоо" деген сөз атооч маанисинде болуп калат экен да э? Кыз-ыык???

Кыргыз тилиндеги созулмалардын мурун дифтонгдордон турганына макул болууга болот. Анткени, Аксы өрөө нүндө ошол кубулуш оозеки кепте сакталып калган Мисалы: Мен суvга барамын.
Бирок, муну менен кыргыз тилинде 40-жылдарга чейин созулма тыбыштар болгон эмес деген түшүнү к болбоого тийиш. Созулма тыбыштардын кыргыз тилинде пайда болушун 40-жылдардагы алфабиттин кабыл алынышы менен активдешти дегендик, калпыс пикир болуп калаар. Алфабитти алып жатканда созулма тыбыштарга өзүнчө тамга энчиленбей калган десе, туура болгудай, менимче!

Анан кээ бир тил боюнча мударистердин кыргыз тилиндеги фактыларды айтып жатып эле те башка тилдерге өтүп кетип, ошолордон мисал келтире баштагандары мени таң калдырат? Билимдеринин кең экендигин далилдеш үчүнбү, таң?!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Барс   20 Октябрь 2009 - 19:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Иконки сообщения 

Цитата

Тырмакчага алган сөздөрдү өзгөчө имла менен жазарыңызды байкадым. Аша чапсам, кечирим сурайм. Мисалы, «биларман» эмес – «билерман», «тилчи»лердин эмес – «тилчилердин». Балким, сиз «биләрман» деп жазгыңыз келгендир... Тәң! Гим билет?! :)


Туура! Тырмакчалар ошону үчүн кабыл алынган да...
Анан да кабыл алына турган тамгалардын арасына ушу (ә) тыбышы да тамгага ээ болуу укугуна ээ экенин белгилеп, "биларман" . "алибетте" деп жазып жатканымды байкаганың -сенин кыраакылыгың !!! :)
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   LIFE   20 Октябрь 2009 - 19:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Кыргыз тилиндеги созулмалардын мурун дифтонгдордон турганына макул болууга болот. Анткени, Аксы өрөө нүндө ошол кубулуш оозеки кепте сакталып калган Мисалы: Мен суvга барамын.
Бирок, муну менен кыргыз тилинде 40-жылдарга чейин созулма тыбыштар болгон эмес деген түшүнү к болбоого тийиш. Созулма тыбыштардын кыргыз тилинде пайда болушун 40-жылдардагы алфабиттин кабыл алынышы менен активдешти дегендик, калпыс пикир болуп калаар. Алфабитти алып жатканда созулма тыбыштарга өзүнчө тамга энчиленбей калган десе, туура болгудай, менимче!


Кыргыздар менен казактардын орус арибине өткөрү ү боюнча иш-аракеттер Октябрь революциясына чейин эле иштелип такталып калган. Бул жагынан күмөн санабай эле койсоңуздар болот. 1870-жылдары орус миссионери Н. И. Ильминский Волга бою жана казак талааларына жасаган сапарында татар, башкырт, кыргыз жана казактардын имласынын окшош экенин баамдайт да, кайткандан кийин падыша өкмөтү нө өздөрү нө караган ээликтерге орус арибин киргизүү нү сунуштайт. Бирок ал тилеги дароо эле ишке ашпайт. Болгону кыргыз тилиндеги ч тыбышын казак тилинде ш катары жана кыргыз тилиндеги ш, с тыбыштарын с катары жазууга өткөрө алган. Ушул жерден баштап жазуудагы айырмачылыктардан улам оозеки тилде түрдүү ажырымдар пайда боло баштайт. Анан Советтер Союзу түзүлү п, кыргыздар араб жазмасын Ишеналы Арабаев менен реформалаштырган. Кийин болсо Касым Тыныстанов жаңы көз караштын шарданы менен кыргыз жазмасын латын алфавитине өткөрү п салган. Бул учурларда проблемалар байкалган эмес. Ал эми 1940-жылдары кабыл алынган алфавит боюнча тектеш тилдерде сүйлөгө н элдерди колдон келишчинче алыстатуу максатында окшош эле тыбыштар үчүн ар башка тамгаларды сунушталган. Натыйжасында, кыргыз, казак жана өзбек, түркмө н тилдери бири-биринен дээрлик айырмалана түшкөн. Бул – чоң тарых. Ошону окушубуз керек.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   LIFE   20 Октябрь 2009 - 19:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Кызык! Демек, "Быйыл ушул жерди айдоо керек, кысыр калбасын" деген сүйлөмдө деле "айдоо" деген сөз атооч маанисинде болуп калат экен да э? Кыз-ыык???


«Айдоо» деген сөз атооч сөз, б.а. кандайдыр бир кыймыл-аракеттин аты. Бул – бир. Экинчи жагынан зат атоочтун бардык грамматикалык категориялары боюнча өзгөргө н сөздү неге мен «атооч» деп атоодон коркот экенмин. Мисалы, «шаар» деген атооч сөз «шаарлар, шаарга, шаардан, шаарым, шаарыңар» сыяктуу кандай өзгөрсө , «айдоолор, айдоого, айдоодон, айдоом, айдооңор» сыяктуу болуп өзгөрө т. Анан да этиштерден бөлүп көрсөтү ү үчүн атайын этиштердин өзгөчө формалары деп туруп, ага кыймыл атоочторду, атоочтуктарды, чакчылдарды сүйрөп барып киргизип жатышпайбы тилчилер... :)
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   LIFE   20 Октябрь 2009 - 19:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Анан кээ бир тил боюнча мударистердин кыргыз тилиндеги фактыларды айтып жатып эле те башка тилдерге өтүп кетип, ошолордон мисал келтире баштагандары мени таң калдырат? Билимдеринин кең экендигин далилдеш үчүнбү , таң?!!


Тилдик кубулуштар дүйнө тилдеринин бардыгына бирдей тиешелүү . Эгер кайсы бир тилде тийиштүү тема боюнча көзгө көрүнө рлүк үлгү жок болсо, тилчи салыштырма түрүндө башка бир тилге кайрылса болот. Илимдин негизи эле ушул эмеспи. Бардык илимдер бири-бирине байланыштуу жана салыштырылат. Ошонун негизинде кыргыз тилинин да ажары ачылат.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   LIFE   20 Октябрь 2009 - 19:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Туура! Тырмакчалар ошону үчүн кабыл алынган да...
Анан да кабыл алына турган тамгалардын арасына ушу (ә) тыбышы да тамгага ээ болуу укугуна ээ экенин белгилеп, "биларман" . "алибетте" деп жазып жатканымды байкаганың -сенин кыраакылыгың !!! :)


«Алибетте» деген сөз боюнча сиздин элдик этимологияга таянган бир мисалыңызды окуганмын. Айтып коёрум: бул сөз кыргыз тилине араб тилинен келип кирген. Анын араб тилинде альбат жана альбатта варианттары бар. Дагы эки-үч сөз боюнча кыргызча ой толгомдун негизинде сөздүн маанилерин буруп жүрдү элеңиз. Ошону да байкаганмын. «Пайгамбар баарына азир» дегендин мааниси эмне эле? Айтайын дегеним: башка тилдерге салыштырбай туруп, кыргыз тилинин азыркы этабына ылайык сөздөрдү н маанисин жоромолдой берүү катачылыкка алып келет. Капа болбоссуз деген ойдомун. Анткени, сөздүн тазалыгы – тилдин тазалыгы. Тил таза болсо, коом да таза болот. :)
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   LIFE   20 Октябрь 2009 - 19:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Туура! Тырмакчалар ошону үчүн кабыл алынган да...
Анан да кабыл алына турган тамгалардын арасына ушу (ә) тыбышы да тамгага ээ болуу укугуна ээ экенин белгилеп, "биларман" . "алибетте" деп жазып жатканымды байкаганың -сенин кыраакылыгың !!! :)


Араб тилине таандык ә тыбышы мурда түштүк кыргыздардын тилине гана таандык болсо, азыркы учурда түндүк говорлордо да кеңири колдонула баштаганын тажрыйба көрсөтү п турат. Жазууда аны жазбаганыбыз менен оозеки тилде анын үлгүсү н көп эле көрүп калабыз. Мисалы, баары деген сөздү "бәри" деп айткандарды көп эле көрүп жүрөм. Демек, ә тыбышы акырындык менен кыргыз тилине кирет окшойт. :)
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Барс   20 Октябрь 2009 - 19:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Цитата(Барс @ 20.10.2009, 18:52) <{POST_SNAPBACK}>Кызык! Демек, "Быйыл ушул жерди айдоо керек, кысыр калбасын" деген сүйлөмдө деле "айдоо" деген сөз атооч маанисинде болуп калат экен да э? Кыз-ыык???

«Айдоо» деген сөз атооч сөз, б.а. кандайдыр бир кыймыл-аракеттин аты. Бул – бир. Экинчи жагынан зат атоочтун бардык грамматикалык категориялары боюнча өзгөргө н сөздү неге мен «атооч» деп атоодон коркот экенмин. Мисалы, «шаар» деген атооч сөз «шаарлар, шаарга, шаардан, шаарым, шаарыңар» сыяктуу кандай өзгөрсө , «айдоолор, айдоого, айдоодон, айдоом, айдооңор» сыяктуу болуп өзгөрө т. Анан да этиштерден бөлүп көрсөтү ү үчүн атайын этиштердин өзгөчө формалары деп туруп, ага кыймыл атоочторду, атоочтуктарды, чакчылдарды сүйрөп барып киргизип жатышпайбы тилчилер... :)


Мен келтирген сүйлөмдө гү "айдоо" деген сөздү Сиз атооч деген болсоңуз, анда талашты улантпай эле койгонубуз оң экен!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Барс   20 Октябрь 2009 - 19:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Цитата(Барс @ 20.10.2009, 18:52) <{POST_SNAPBACK}>Анан кээ бир тил боюнча мударистердин кыргыз тилиндеги фактыларды айтып жатып эле те башка тилдерге өтүп кетип, ошолордон мисал келтире баштагандары мени таң калдырат? Билимдеринин кең экендигин далилдеш үчүнбү , таң?!!

Тилдик кубулуштар дүйнө тилдеринин бардыгына бирдей тиешелүү . Эгер кайсы бир тилде тийиштүү тема боюнча көзгө көрүнө рлүк үлгү жок болсо, тилчи салыштырма түрүндө башка бир тилге кайрылса болот. Илимдин негизи эле ушул эмеспи. Бардык илимдер бири-бирине байланыштуу жана салыштырылат. Ошонун негизинде кыргыз тилинин да ажары ачылат.


Жоок. Мен башка тилдердеги фактылар салыштырууга каршы эмесмин. Кыргыз тилиндеги фактыларды негиз кылып, аларды терең изилдеп, салыштырып алып, анан башка тилдерден мисал келтирсе деген эле ой. Болбосо, кыргыз тилинин кубулуштары туурасында сөз болгону жатып, чу деген эле жерден араб, фарс, а тургай Европалык тилдерге басым жасалып, кыргыз тили ошолордун кандайдыр бир начар нускасы сыяктуу көрүнү шкө айланып калып жатканын гана кыйытып айттым...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   LIFE   20 Октябрь 2009 - 19:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Мен келтирген сүйлөмдө гү "айдоо" деген сөздү Сиз атооч деген болсоңуз, анда талашты улантпай эле койгонубуз оң экен!!!


Жалпысынан, атооч сөздөргө кирерин эч ким тана албайт. Өзүнү н да аты «кыймыл атооч» деп айтып турат. Бул - бир. Экинчи жагы: дагы бир нерсе жөнүндө айтсам, айрымдар муз болуп тоңуп калабы деп коркуп турам. Ал ой: «Тилде, негизинен, үч гана сөз түркүмү бар: атоочтор, этиштер, кызматчы сөздөр. Атоочторго зат атооч, сын атооч, ат атооч, тактооч кирет. Этиштерге этиштин өзү жана айрым тууранды сөздөр таандык. Кызматчы сөздөр болуп бөлүкчө , жандооч, байламта жана модалдык сөздөр кызмат кылат. Ал эми сырдык сөздөрдү н сөз түркүмү катары калыптануусунда күмөн туудурган толгон токой маселе бар». Ушуга ылайык атоочтордун изилдөө объектиси канчалык экендиги түшүнү ктүү.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Барс   20 Октябрь 2009 - 19:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Хе-хе... бул ачылышың ыз менен эч кимди "тоңдура" да, таң калтыра да албайсыз. Анткени, ал көз көрүнө ө эле түшүнү к. Ошол үч чоң сөз түркүмү нө "айдоону" этиш жагына оодарсаң ыз абдан туура болот эле. Дагы бир ойлонуп, мисалдар менен текшерип көрүң үз. Өзүн "жылаң ач" алсаңыз, сиз айткандай "шаар" деген менен бирдей окшой берет, караң калгыр...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Октябрь 2009 - 19:45

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   LIFE   20 Октябрь 2009 - 19:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Жоок. Мен башка тилдердеги фактылар салыштырууга каршы эмесмин. Кыргыз тилиндеги фактыларды негиз кылып, аларды терең изилдеп, салыштырып алып, анан башка тилдерден мисал келтирсе деген эле ой. Болбосо, кыргыз тилинин кубулуштары туурасында сөз болгону жатып, чу деген эле жерден араб, фарс, а тургай Европалык тилдерге басым жасалып, кыргыз тили ошолордун кандайдыр бир начар нускасы сыяктуу көрүнү шкө айланып калып жатканын гана кыйытып айттым...


Кыйытып айткан жагыңыздан ыраазычылык билдирем. Балким, мен бетке чабарлык кылып жаткандырмын. Бирок чындыктагы көрүнү штөрдү айтканда, өзүбү згө эле пайда алып келер. Ошондой эле кыргыз тилине өтө одоно пикир айткан жоктурмун деген ойдомун. Кандай болсо да кечирим сурайм. Анда эмесе кайра эле талкууну кызуу улантабыз. :) Кичине чегинүү : Майда-майда, оп-майда! Топондору сизге пайда, кыпындары бизге пайда. Майда-майда, майда-майда. .. Баарыбызга пайда алып келсин талкуубуз.

Тил же жалпы эле илим тууралуу кабары бар адам андай деп ойлобосо керек. Неге дегенде, ар бир илим өзүнү н барлыгы менен башкалардан айрымаланып турат жана анын башка категориялардан салмагынын оордугу же жеңилдиги тууралуу ойлоонун өзү туура эмес болсо керек. Кыргыз тилин бирөө келип, кыргыз тили латын тилинин же араб, фарс тилдеринин нускасы дегенде, кыргыз тили болуп алардын нускасы болуп кетпейт. Тескерисинче, кыргыз тили бардык тилдердин негизи, кыргыздар алардын атасы дегенде деле абал өзгөрү п кетпейт. Ошондуктан, бул жерде илимий көз караш катары гана айтууга далалат жасап жатам. Андай болбогон шартта күдүк ойлорду жазгым да келбейт, жазбаймын дагы.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   LIFE   20 Октябрь 2009 - 19:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Хе-хе... бул ачылышың ыз менен эч кимди "тоңдура" да, таң калтыра да албайсыз. Анткени, ал көз көрүнө ө эле түшүнү к. Ошол үч чоң сөз түркүмү нө "айдоону" этиш жагына оодарсаң ыз абдан туура болот эле. Дагы бир ойлонуп, мисалдар менен текшерип көрүң үз. Өзүн "жылаң ач" алсаңыз, сиз айткандай "шаар" деген менен бирдей окшой берет, караң калгыр...


Сиз «айда-» деген инфинитивге окшоштуруп, «айдоо» кыймыл атоочун этишке кошуп коюп, кишини кыйнап жатасыз. Зили «айдоо» дегенди жайында калтырганың ыз дурус. Ансыз да кыргыз тилинин лексикографиясында орус тилиндеги «-ть, -чь, -ти» менен бүткөн инфинитивдерди кыргыз тилине «-оо, -өө, -уу, -үү» түрүндө которо беришип тажатышты. Орус тилинин морфологиясы кыргыз тилиникинен кескин айырмаланып турат. Кыймыл атоочтор процесстин, кыймыл-аракеттин аты, - өзү эмес -, көңү л бурушубуз керек! Дагы бир жагдай: орус тилиндеги –ие менен бүткөн атооч түрүндө гү термин сөздөрдү кыргыз тилине кыймыл атоочтор менен которо беришип, илимде терминдер конкреттү ү түшүнү ктөрдү билдирбей калды. Ага караганда «атооч, тактооч, аныктооч» сыяктуу соңу конкреттү ү түшүнү ктү билдире турган мүчөлө р менен жасалган сөздөр бир топ жагымдуу да, колдонууга да жакын. Кантсе да, жогорудагы терминдерди алгач ирет чыгарган инсан катары К. Тыныстановго таазим кылуу керек. Андай болбогондо, биз аны –оо, -өө түрүндө гү кыймыл атоочко айландырып алып, бул этишпи же эмеспи деп кара терге түшүп кыйналмакпыз. :)
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 16:53

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: