Суперстан: "АРМАН" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"АРМАН" Зуура СООРОНБАЕВА

#241 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2016 - 19:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

сотунда иштеп жаткан кезинде дарегин угуп, Султан семи өзү издеп тапкан тура. Мен силерди ушуга чейин укканмын. Тобо, кээде өзүмчө эле ойлоп калуучу элем экөөңдү.
- Эмне деп ойлоочу элеңиз?
- Эмне деп ойломок элем, кандай байланышта болушту экен, баласы экөө бирин-бири туура түшүнүп, көмүскөдөгү жашыруун сырлары ачылып, бактылуу болушту бекен дегем эле ой. Султандын аялыным жогун да уккам. Сени да жалгыз бой дешкен. Деги аябай бек экенсиң. Сенден башка аял болсо, абышкадан ажырагандан кийин бир кабарын Султанга билдирет болучу.
- Аны деле ойлодум. Бирок, андай кылууга шартым да болбоду, аялдык абийир да, ар-намыс да жол бербеди. Султан ошол биз таанышкан алгачкы күндөн баштап эле аялына бой салбай, бала-чакасына карабай, мен деп эле чапкылап калбадыбы. «Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет» дегендей, өз башыма түшкөн бактысыз тагдырдам кийин, мен башкаларды да аяп калдым. Бактысыз болгон өзүм эле бактысыз болоюн дечүмүн. Жазыгы жок бирөөлөрдүн уясын бузуп, убалына калгандан жаман эмне бар дейсиз. Ошон үчүн мен Султанды сурамжалдап издегим да, өзүм жөнүндө билгизгим да келбеди. Бирок, эжеке, чынымды айтсам Султанды эстегенде кирпик-көзүн какпай, ошону ойлоп жыргап да, ыйлап да чыккан түндөрүм көп болду. Адамдын өзү карып, жашына-жаш кошулуп улгайганы менен, жүрөгү менен көңүлү картайбачу керемет неме турбайбы. Ал эми үмүт менен тилекке чек жок экен. Арман менен азап, кайгы менен касырет биригип төбөмдөн ылдый басып, тебелеп турган күндө да, Султан деген бир тоодай болгон күч көңүлүмдү көтөрүп, кайратыма кайрат кошуп, жүрөгүмдү курчутуп, үмүтүмдү жандырып турду. Опасы жок оор турмушта жашап, өмүрүм устаранын мизинде калтылдап турган кезде да Султан мага жөлөк болду. Мен Султанды ойлогондон ракат алып, алаксый турганмын. Асыйым алтымышка чыгып картайганда болсо да, бир корсом деген эңсөө көңүлүмдү жарып туруучу.
Бирок, көзүмдөи ажырап, көркүмдөн кеткенден кийин, баягы үмүтүм, баягы эңсөөм солгундап, Султанга көрүнүүдөн жазганып калбадымбы. Өмүр бою суубайт деген жүрөктөгү гүлдөп турган махабатым, мөндүр согуп мезгилсиз талкаланган гүлдөй болуп баш көтөрө албаган бойдон мүңкүрөп кала берди.
Азыр да, бир кезде өз балама өзүм, артымды ойлобой, алдыда эмне деген тагдыр күтүп тураарын билбей, байкоосуздан сүйлөгөн сөздөрүмдү эстеп, өкүнүп да, уялып да кетем. Баарынан да балага баладай мамиле кылууга эриңе сөзүң өтпөй турганы жаман экен. Өгөй атасы жалгыз эле мен эмес Султан менен эрегишип, чоң киши менен машташкандай машташчу. Төтөн ичип алганда кымындай болгон баланы сезгө сөлтүк, кепке кемтик кылып басынткысы келип жинденип кетүүчү.
Мындай бир окуя болду. Кечинде жаңы эле уй сааганга олтурганмын. Ошол кезде Султан чон апасынан сурап жатканын угуп элее түштүм.
- Чоң ana! Арам сийдик деген эмне?
Самобрго чакмак салып жаткан апам (Мен күнүлөшүмдү шарт боюнча эже дебей, апа дечүмүн) мукактанды:
- Сийдик арам болбогондо, адал болчу беле, чырагым. Ал жөн эле айтыла берүүчү сөз.
- А, «ойнош» дегенчи?
Султандын бул суроосун угуп денем дүр деди. Ошол маалда апам менен Султандан тээ бир оокумга чейин үн чыкпай, тыптынч боло түштү. Сыягы баланын суроосуна эстүү киши эмне деп жооп берээрин билбей какап калдыбы деген ойдо, кулак төшөп, уйдун эмчегин солгун кармап, саар-саамаксан болуп шайым бошоп баратканымды сезип, өзүмдү колго алалбай калдым. Бир укканым апамдын бул сөзү болду.
- Андай кепти ким айтты сага?
- Атам. Мени «ойноштон туулган бөлтүрүк» деди. Ойнош деген кишинин атыбы?
- Ойнош деген кишинин аты болчу беле, катыгүн. Атаң аңга түшсүн. Алп ооз киши калжырап сүйлөй бербейби. Аны кандайча айтты? Ай балам ай, балам, тилин албай жинине тийип койгонсуң го?
- Жок чоң апа, жинине тийген жокмун. Мектепке барайын деп жатып, курсагым ачканынан өзүм кирип, cyу менен нан жеп жатсам, Төлөгөн менен Амангелди келип калышты. Мен аларга аздан сүт куюп, нан сындырып жаткамын. Ошол маалда, атам кирип келип эле «Эмне үчүн атты отко койгон жоксуң? - деп, өзүнөн өзү тилдеп кирди.
- Сиз өзүңүз отко койбо, бир жакка барам дегениңизден отко койгон жокмун, - дедим мен.
- Эй, мээси жок чирик, андан бери канча убакыт өттү. Барбай калган экен деп ойлобойсуңбу башың болсо. Ой энеси жаман энеңди урайын, тартчунуду тарткансын да. Ары жок апаң кайсы адам өңдүү адам менен ойноштук кылып тууду дейсиң сени. Алдагы ичип жаткан сүт менен, жеп жаткан нанды ким таап, кимдин эмгеги менен келип жатканын билесиңби? «Эшектин күчү адал, сүтү арам» деген менмин. Качан болсо «Коңгуроолу көк эшектей болуп», балдарды шатектетип ээрчитмейинче жүрбөйсүң. Ичип бүтсөң турбайсыңбы, булчуңдабай, — деп эч нерсе иче элегимде, үйдөн кууп чыкты. Андан мурда да бир жолу мени урганда «Ойноштон туулган бөлтүрүк» деп тилдеген болуучу.
Билесиңби апа, Амангелди менен Төлөгөндөн аябай уялдым. Мен чын эле башка кишиден туулганмынбы ыя, чоң апа?!
- Кайдакы башка киши болмок эле, ушул эле кишинин баласысың. Айта бербейби мас болгондо. Анда мен кайда элем? Сырга да жок беле үйдө?
- Билбейм, экөөң тең жок болчусуңар. Жолдо баратып балдар мага эмне деди дебейсиңби?
- Эмне деди?
-Өз атаңды таап кетип калбайсыңбы дешти.
-Ок, кетип калбайсыңбы дешкени эмнеси экен балдардын. Өз үй, өлөң төшөгүңдөн кайда кетмек элең, жок атаны издеп. Исанын эле баласысың кагылайын, козум.
Мен апам менен Султандын сөзүн угуп, уйдун желинин жинди немедей кармалап олтура бериптирмин. Анан дагы сүттү чакага саабай эле жерге саап жаткан турбаймынбы. Бир кезде капысынан чыккан бүкүрдүн ачуу үнүнөн чочуп, бакырып жибериптирмин.
_ Ой эненди урайын канчык, байлатма жинди болгондон соосуңбу? Көлдөтүп сүттү жерге саагансыңбы, же төгүп алгансыңбы? Тобо, буга бирдеме тийип кеткен неме го. - Ордумдан сүйрөп тургузду.
Мен өзүмдү токтото албай калчылдап кеттим. Бүкүрдүн түрү мага мурдагыдан да суук, мурдагыдан да ырайымсыз болуп көрүндү. Баламды сыздаткандыгы үчүн колуна өлүп бергим келип каным кайнап, санаам бузулуп, жаным бир тутам. Бул менин ага каршы каяша айтып турган биринчи кайратым болучу.
- Эмне сүйрөйсүң? Коё бер. Жетишет Султан экөөбүздү ушунча кордогонуң?
- Эй, минтип кошо айтышканды сага ким үйрөттү?
- Сен өзүң үйрөттүң.
- Тарт тилиңди!
- Тартпасам эмне кыласың?
- «Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт» болуп, менден бирди көргөнү турасыңбы дейм. Өлүп калып жүрбө байкуш.
- Өлтүрөсүңбү, өлтүр. - Мен үнүмдүн бардыгынча өкүрүп-бакырып, жакасына жармашып, башым менен сүзгүлөй баштадым.
Ушул маалда, абышка экөөбүздүн ызы-чуубуздан Султан менен апам сарайга атып кириштй.
- Эмне болуп кетти кокуй, - дёп энтиге сүйлөп байбичеси жаңы эле жеткенде, артынан эки муштуму чаяндай түйүлүп, өңү тамдай кубарып Исаны жеп жиберүүчүдөй жакындап келаткан Султанды апам кармай калды.
- Сен ары тур каралдым. Ата-эненин чатагына баланын кийгилишкени уят болот. «Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат» дегендей, жандуу адам эмес, жансыз казан-аяк деле кагышат тура. Кагылайыи каралдым, чоң апаңдын силерди жамандыкка кыйбасын билесиң го.
- Сизде кеп жок, апа, - Султан ыйлап жиберди. -Атама айтыңыз, бизди каалабаса руксаат берсин, кетебиз. Качан болсо уруш, качан болсо чатак, тажап кеттим.
- Эй бала, сен мени, кетебиз деп коркутпай эле кой. Мына бул канчык апаңдын эмне кылганын корбой турасыңбы. Акты төккөн, же сүттү чакага саабай жер-



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#242 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2016 - 19:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

ге саган адамды, деги уктуң беле? Бул эмне деген иш, эмне деген жорук? Ушунун баары мына бул карыган мастандын берген тарбия-таалими. Сырга, Сырга, деп сөз тийгизбей канатына калкалап, болушуп олтургандагы мага корсоткон сыйынын жыйынтыгы бул болду. Эй, алжыган шуркуя, менин кара жиним кармаса, бириң эмес экөөңдү тең көгөндөйм.
- Мен алжыбай эле, сен өзүң алжып калган турбайсыңбы. Бул байкуштун эмне күнөөсү үчүн ур токмокко алып жатасың?
- Мен эч нерсе деген жокмун буга. Айткандан сүттү айттым. Көзүң көр болбосо тетигил жерде көөлгүп жаткан сүттү көрбөйсүңбү?
- Катыгүн, катыгүн, ооруп калган го. Coo киши кантип ушуйдай иш кылмак эле?! Күпүлдөбөй карышкан колун жазчы. Талмасы деле жок эле, бул кандай болуп кетти, ыя?
Мен чындыгында эле, эс-акылымды жыйнай албай, тигинин жакасынын колум бошоору менен кыйган теректей чалкамдан кеттим. Бүкүр ошондо гана чочугансып селт этти. Анын менден тынчсызданып, коркуп кеткенин биринчи жолу сездим.
- Ай, Сырга, сага эмне болду? Эсиңди жыйчы! -Элтеңдеп, мени жердей таптак көтөрүп алып үйдү көздөй темтеңдей басып келатты. Ошол саамда мен дароо эсиме келе түштүм. Бирок, жумган көзүмдү ачпай, сунган бутумду тартпай, «Калп эле мени коркутайын деп амал кылып жаткан турбайсыңбы» деп айтат экен деген ойдо сулк жата бердим. Ушул маалда менин сөөгүмдү чаккан Султан болуп турду. Ал менин колдорумду кармалап, өпкө-өпкөсүнө батпай ый аралаш муңкана сурайт:
- Чоң ana, апам жакшы болоор бекен?
- Жакшы болот, кулунум, ыйлаба. Сен ушунтип ыйлап олтурсаң, айыкмак турсун күчөбөйбү оорусу. Бул талмага окшогон дарат болуп калды. - Анан абышкасына карады: - Эмне туруп калдың жалдырап. Тезирээк барып Миңжасар молдону таап жетип кел. Тамырын карматып, дем салдырып, окутуп жиберели...
«Күнү күйүшкөн жоо, абысын аңдышкан жоо» дегендей, бул киши мага күнүлүштөй эмес болуучу.
Мен, а деп булардын босогосун аттап киргенде, бул кишинин бүкүрдүн аялы экенин билбей, абышканын койнуна жаткандан коркуп, апакелеп ыйлап, этегине эрмешип, жакасына жармашып, жан далбастап, төшөгүнө кире качканым али эсимде. Ошондо артымдан көйнөк-дамбалчан кубалай кирип, дырдай жылаңачтап чүмкөнө калган жуурканды үстүмдөн алып ыргытып, мени билектен алганда, апам тура калды.
- Ай, кудайдан коркпогон Иса, сенде адамдык жүрөк барбы деги. Аркы-беркини эс токтотуп биле элек жаш жүрөк коркот деп аясаң боло. Бала неме боюңа үйүр алып, кичине көнгөнчө өлүп баратасыңбы? !
Ошол замат бүкүрдүн колу менден дароо бошой түштү. Анан аялды карап ыржайып күлдү.
- Эмне, жаш аял алганыма өзөгүң өрттөнүп, ичиң күйүп жатабы. Тим эле башы оорумуш болуп калган тура. Билем сени, ич тарлыктан ичиңе ит өлүп жатканын. Тирүү туруп Иса, бул кызды сенин койнуңа жаткырбай эле, өзү алып жатат.
- Ата-бабанын салтын бузасыңбы?
- Эмне салт?
- Нике кыйыла элек да.
- Эй акмак, эмне деп эле улам бир шылтоону таап турасың. Никени, эртең кыйса болбойт бекен?
- Пай, пай, пай, ушундай напсиң жаман, сугалак кишисиң да.
- Э, былжырабай турчу нары. Сенин күнүлүгүңдү уруп да койбойм. - Ошентип, менин жаныма аралжы болот деп бел туткан аялды түртүп жиберип, энеден туума мени бөдөнөдөй бөктөрүп, чырылдатып кайра тартты...
Мен Салима апанын бүкүрдүн аялы экенин ошондо билдим. Бирок, ал киши мага күнүлөштөй болгон жок. Күнүлөмөк турсун, мен ыйласам кошо ыйлап, мен күлсөм кошо күлөт. «Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы, убалың таякеңе, таяжеңеңе жетсин. Өтө жаш экенсиң. Болбосо, Иса деле жаман киши эмес, көнөсүң балам. Анын айтканын аткарып, ою менен болуп турсаң эле болду, жамандык көрбөйсүң дейт. «Башка келсе, байтал бээ жорго болот» дегендей, акыры күнүлөш апам айткандай, торго түшкөн жетим улактай болуп бараар жер, басаар тоом жок, аргасыздан баш ийип олтуруп калдым. Ушундай турмуш, ушундай жашоо да болот экен. Баарынан да ал киши менен бир төшөктө жатуу мен үчүн тозок болоор эле. Кеч кире баштаганда эле, жүрөгүм ойноп, карышкырдан корккон улактай болуп эмне кылаарымды билбей титирей баштачумун. Келгеним бир жылга жакын болуп калган. Бирок, мындай тозоктуу күнгө эч көнө албай койдум.
«Ары жок уйкучу, ырысы жок күлкүчү» дегендей, бүкүрдүн коңурсуган колоңсосунан дем ала албай жийиркенгеним аз келгенсип, анын эзген сөзүн угуп, уу чеңгелинде канатын жулган чымчыктай ушаланып жатып уйкуга мас болгон жаным, уктап кегиптирмин.
- Кудай урган киши экен, эмне деп эзет, урушабы? - дедим Сырганын сөзүнө түшүнө бербей.
- Урушчу да эмес, уктатчу да эмес. Мени кандай жакшы көрүп сүйөөрүн айтып, менин жүрөгүмө жеткире албай, ыр эмес, жомок эмес эле кайталай берүүчү. Өзөгүн үзүп өпкө-жүрөгүн чаап, балакет-мейнетимди алып, баласына жалынгандай жалынчу. Менин айламды кетирип, аргамды түгөткөн анын «Сен мени сүйөсүңбү? Сүйөм деп айт. Өп мени. Кучакта мени. Эркелетип койчу. Сакалымдан жыттачы» деген сөздөрү болуучу. Бирок, күнүлөш апам айткандай жалган болсо да «сүйөм» деген сез өзүмдү өзүм зордоп, кыйнасам да оозумдан чыгуучу эмес. Ал кишинин каалоосундай боло албаган айбымдын жазасын кийин көп тарттым.
- И, баса уктап калдың, анан эмне болду?
- Апам ойготкондо жалган түш экен. Ой шордуу кыз, деди ал киши, кийимиңди бүгүн да түгөл чечинтип, кол жеткис жерге илип койгон тура. Устунга жетпей жатып, зорго араң алдым. Эки көзүңдүн асты-үстү көгөрүп, балкан тоо болуп шишип калыптырсың. Убалдан коркпогон ит экен го.
Салима апанын ушундай боорукер, ушундай адам-керчилигинен улам жакшы көрүп, эне-баладай болуп алынышып кеттим. Өзү зымпыйган сарамжалдуу, колунан көөрү төгүлгөн ишмекер, чынынын сыныгындайболгон өңдүү-түстүү аял экен. Кайран киши жакшы ургаачы эле. Султан ал кишини айтса азыр да ыйлап жиберет. «Султаным журт башкарып, адам тагдыры үчүн кам көргөн элдик адам болот» дечү эле чоң апасы.
Кыраакы киши билген экен. Чындыгында эле айтканы айткандай келип, Султаным токтоо, сезимтал, ак ниет, кыраакы болуп өстү. Ушундай оор күн, оор турмушта жашаса да мектептин босогосун аттап кирген алгачкы күндөн баштап жакшы окуду. Ал эми университетти да жогорулатылган стипендия менен бүтүп, кызыл диплом алып чыкты. «Жашыңда берсин мээнетти, карганда берсин дөөлөттү» деген туура соз тура. Өткөндөгү көргөн күндөр минтип бир күнчөлүк көрүнбөй калды. Биз Бишкекке келгенден кийин, Султан мени кандай издеп тапканын уктуңар беле?
- Ии, аны уккамын. Бирок, ата менен баланын кандай табышып, сен экөөңдүн кандай баш кошконуңарды уккан эмесмин. Көңүлүмдө эмне болушту экен деп коп ойлоочумун.
- Уккуңуз келеби?
- Уккум келбегендечи.
- Сизге айттым го жана, көзүмдөн ажырап, кебете-кешпир, келбет-сөөлөтүмдөн ажырагандан кийин, кудай акы Султан менен көрүшүүнү мурдагыдай эңсебей калдым деп. Мен бир жолу аялдамадан аны көргөм. Чиркин ай, дароо тааныдым. Аласала, эмне кылаарымды билбей жаман болуп кеттим апкаарып. Аз жерден «Султа-а-а-н! Сенсиңби?! Сени коре турган күнүм бар экен го!» деп аны көздөй өзүмдү таштап, бакырып жибере жаздап барып токтодум. Бир жакшы жери, ал мени тааныган жок. Мен да өзүмдү тааныткым келбей, санаам сандап, кыялым кымкуут болуп чыкты. Дароо эле, ден соолугумду ойлоп, ушул жерден кокустан талмам кармап шерменде болбоюн деп өзүмдөн коркуп кеттим. Султанды көргөндөн кийин троллейбустун келишин да күтпөдүм, баруучу жумушума барууну да ойлободум. Биздин үй ошол аялда-мага жакын болуучу. Дароо кайра тарттым. Кетип баратып, артыма кылчайдым. Көңүлүмдө Султанды акыркы жолу бир мертебе карап алгым келди. Менин


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#243 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2016 - 20:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

көзүмө ал мурдагыдай эле анчалык өзгөрбөгөп сыяктуу болуп көрүндү. Бир өзгөчөлүгү бир аз толуп алыптыр. Кийген кийми жупуну, өзү жүдөңкү тартып, баякы уюлгуган түндөй кара чачы агарып кеткенин байкадым. Ошол саамда каскак биринин артынан бири келип, каз катар туруп калган троллейбустар менен автобустар болду. Эмелеки котолоп турган адамдар-дын баарын машиналар жутуп алгансып, бир заматта аялдамада эч ким калбай калды. Эмне үчүндүр Султан машинага түшүп баратып, кайра тартты. Анан ал мен тарапка тиктеген калыбында жансыз сөлөкеттөй катып турду. «Тобо, машинадан эмне үчүн кайра түшүп калды?» деп ойлоп, кылчаңдап баратып, кимдир бирөөгө урунуп алып чочуп кеттим. Билбейм, ошондо Султан мени таамай тааныдыбы, тааныбадыбы ачык байкабай калдым. Балким, артымдан чачымды көрүп, кебете-кешпиримдин бир жерин өзүмө окшотуп турдубу?.. Ошол бойдон эч жакка бурулбай үйгө кирип эле жыгылдым. Арманымды айтаар адам жок, күчүмдү коз жашыма чыгарып, ой-боорумча, кой деген кошуна, ай деген абысын жок, күйүтүм күчөп, эски дартым жаңырып чөккөн нардай бүк түшүп жатып калдым. Ошол күнү удаасы менен эки жолу талмам кармады. Эртеси төшөктөн туралбай калыптырмын.
Султанды көргөндөн кийин эмне үчүндүр көчөгө чыккым келбей калды. Кокустан, аялдамага барсам эле, Султан дагы эле ошол жерде, мени жалган таанык болуп, алыстан тинте тиктеп тургансып кежигем кер тартат да турат. Бирок, чын сырымды айтсам, мен ошондон кийин, аны мурдагыдай да коп ойлоп, кеп эстөөчү болуп кеттим. Түшүмө да кирүүчү болду. Өңүндө батымы жок тартынчаак киши, түшүндө да ошондой болот экен. Султандан түшүмдө да корунуп, түшүмдө да качам.
- Кезиккенидди айтчы?
- Ии, кезиккенимди айтайынбы? Уул-келин жумушка кеткен. Үйдүн ичин жыйнаган болуп, залда жүргөмүн. «Эси-дартым эримде, эки өзүм балтамда» дегендей, Султан жонүндө ойлоп Ой тагдыр ай, эми экөөбүз ушул бойдон көрүшпөй калабызбы, же көрүшөбүзбү? Ал дагы эле жигит бойдон экен. А мен болсом минтип, келин кезимде кемпирдин кейпин кийип калдым. «Санаа саргартат, кайгы картайтат» деген ушул экен да. Ага турмушка чыгып, бир чамгарактын алдында чогуу жашабасак да, кудай боор ооруп, жакшы күндө боюма болуп, Султанды төрөп алганым жакшы болгон экен, деген сыяктуу ойдон ой туулуп, өзүм менен өзүм болуп тарганымда, телефондун үнүнөн оюм чачылып кетти. Кудая тобо, ишенесизби, ошондо трубкадан чыккан үндөн адашып, бир жаңылдым. Кызык болбодубу.
- Бул кимдин квартирасы? десе, уулум экен деп таңдана түшүптүрмүн.
- Э жасаган кудай, кимдин квартирасы дегеии эмнеси экен? Сен Султансыңбы, балам? Кайдан звандап жатасың? Ойбай каралдым, кимдин квартирасы деген да тамаша болобу? Эмне болду, командировкага кетпей калдыңбы? Же үйдө бир нерсе унут калыптырбы?
- Сен мени уулуң менен алмаштырып жатасың го, ыя Сырга?
- Сиз кимсиз? - жүрөгүм булкуп алды. - Ооба, балам экен деп ойлоп кетиптирмин. Үнүңүз Султанга окшоп кеткенинен эле.
- Киммин, таанып көрчү?
- Ким болмок элең, Султан элесиң го?
- Ай алтыным, бул сени менен сүйлөшүп жаткан Исаев Султан эмес, Керимов Султан деген кишимин мен. Ошондой адамды таанычу белең?
Эмне деп айтаарымды билбей, апкаарый түштүм. Оозума сөз кирбей, трубканы карыша карман, үнсүз тыңшап канчага тил-оозу жок турганымды өзүм да билбейм. Тээ бир оокумда эсиме келе түштүм. Мени чочуткан Султандын бир сөзү болду.
- Сырга, мен азыр барам.
- Эмне? Кайда барасың?
- Сага барам. Силердикине.
- Жок, жок, келбе, келбе. Мен сени көргүм келбейт.
- Эмне дейсиң? Эмне үчүн көргүң келбейт? Кызыксың го өзүң. Эмне, турмушка чыктың беле?
-?
- Ыйлап жатасыцбы
- Ооба. ыйлап жатам. Мен өмүр бою ыйлап жүрүп, куурап бүткөн катынмын. Менин кимге чыккан турмушумду билүүчү элең го.
- Жыргап жүргөн ким бар дейсиң. Куусад да барам. Сени корбой дегеле жаным тынбайт. Эмне, бүкүрүң да бул жердеби?
- Ал жок, казактарында калган...
«Көңүлдөштүн көөнү түтпөйт» дегендей, Султандын өтүнүчүн баары бир кабыл албай коё алган жокмун. «Үйүр алышкан жоо, атышаарга жакшы» тура. Бири-бирибизди кыя албай турганыбызды экөөбүз тең түшүндүк. Ошол күндөн баштан, уул-келинге билгиз-бей, ууруларча жашыруун кезигишип жүрдүк. Анан калса, ортобуздагы баякы балалык кездеги балтыркан сүйүү, мурдагыдай эле мөлтүр бойдон жүрөгүбүздө сакталып калыптыр. Менин баамдашымда, Султандын мага болгон адамкерчилиги менен боорукерлигинде чек жок болуп көрүндү. Көрүшкөн сайын жан жыргатар жакшы сөздөр менен көңүлүмдү көтөрүп, жапа тарткан жанымды жыргатып кетет. Анын көбүнчө ден соолугума тынчсызданганы адамдан башкача сезилет мага. Өзүмдөн башка жан адам байкап, эч ким билбеген өдүм менен мүнөзүмдөгү өзгөрүштү Султан дароо байкап, дароо көрөт. «Ыя, Сырга, бир жериң ооруп турабы? Өңүң кубарып, көзүңдүн алды шишип калыптыр. Сыягы бүгүн начар уктагансыд го дейм» деген сыяктуу сөздөр, анын жүрөгүнүн теңединен сызылып чыгаарын, мен анын үнүнөн эле билүүчү болдум. Ушундай мамиледен улам «Отуз уулум болгончо, осурак чалым болсочу» деген макалды эстей берүүчүмүн. Чын-чынына келгенде, өзүмдүн өзөгүмдөн чыккан жалгыз уулум да, атасы байкаганчалык байкап, Султан тынчсызданганчалык, менин ал-абалыма коз салып тынчсызданбаса керек. Атаддын көрү дүнүйө, «Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада» деген соз турмуштук коп жылдык тажрыйбадан кийин айтылып калган окшобойбу.
Ортодон ушунча жыл, ушунча убакыт өтүп, өлбөй-житпей, аман-эсен көрүшкөнүбүзгө кубанычы койнуна батпай, өрөпкүп турган Султанды капа кылган ортобузда бир иш болду. Анын аялынын кайтыш болуп калганын угуп жүрөгүм сызыла түштү. Бирок, анын "Ээки бакыр, бир тукур» болуп, калган өмүрдү бирге жашап, бирге өткөрөлү» деген сунушуна макул болбодум, аны кейишке салды. Анткени, 'экөөбүздүн ор- бузда бөлүп турган тоскоол, менин ден соолугумдун жоктугу. Эрге тийип, эрди эрдей күтүш үчүн да ден соолук керек экенин, баякы жаштык мезгилимдин өтүп кеткенин айтып, макулдугумду бербей койгон болучум . Бирок, Султан үмүтүн үзбөй келе берди, звандай бсрди.
Ошентип Султан экөөбүз көрүшкөн биринчи күндөн баштап эле, ички дүйнөмө дүрбөлөң түшө баштады. Анын сунушун кабыл ал бай койгонум да мен үчүн өзүнчө бир аты жок оору болду. Бир кезде Султандай күйөөм болбогонуна өкүнүп жүргөн жаным, эми минтип «Өбөөргө жок элем, тебээрге болдум» дегендей, өкүнүч өзөгүмдү өрттөп, кайра баштан аны кыйбай ойго батам. Аны ар дайым көрүп тургум келет. Сагынам. Султанды эстеп көчөгө чыккым келип делөөрүп урганымда, уулумдун бир кезде айткан сөзүн эстейм.
- Ай апаке, билесиңби, сен көбүнчө үйдөн чыкпай олтуруп жатасың. Өзүң менен тең, курбу аялдарды карачы, тим эле бойго жеткен кыздардан бетер татынакай кийинишип, кара жандарын ханышадай кастарлап багышат. Алар кино, театрда жакшы оюн болуп калса калышпайт. Эртели-кеч чогулуп алышып, ары-бери басышып аба жутушат. Шерине жешет. А сиз болсоуз алардын жасаганынын бирин да жасабайсыз, алар көргөндөрдүн бирин да көрбөйсүз. Үйдөн чыкпай олтуруп, бүкүрдөн калган ден соолугуңузду өзүңүз талкалап олтурасыз. Керээли кечке колуңуз да бошобойт, жумушуңуз да бүтпөйт. Бир келсем кир жууп, бир келсем пол жууп, бир келсем күлала болуп казан-аякты калдыратып ашканада жүргөнүңүздү көрөм.
-Анан эмне кылайын? Сенин оокатыңды жасабай, кимдикин жасайм? Эки колумду боорума алып кантип чыдап олтурам. Өлалбай жүрүп, кино-театрдын балекетин аламбы - дейм, Султандын сөзүн жактырбай. -Колуктуң болсо чыйтайып ак кол неме. Оокат жасаганды коюп, баласын тын багып алсынчы.


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#244 Пользователь офлайн   Zo9lu   24 Май 2016 - 19:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 07 Май 16
  • Соңку аракети: 01 Янв 2021 01:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Jalalabad

Kachan jazasyz erterek jazyp buturup koiso bolmok kutturboi
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#245 Пользователь офлайн   Azura5   26 Май 2016 - 20:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 27 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2018 16:35

Kachan ulantasyz?........
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#246 Пользователь офлайн   karamat1999   26 Май 2016 - 21:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 29 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2017 17:25

Анан?????????????? ?????????????????????? ????
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#247 Пользователь офлайн   jasgul   27 Май 2016 - 18:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#248 Пользователь офлайн   benka80   30 Май 2016 - 15:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 13 Июль 12
  • Соңку аракети: 10 Июл 2016 23:53
  • Жынысы:Аялзаты

??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#249 Пользователь офлайн   perim.ai   30 Май 2016 - 17:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 24 Апрель 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 19:31
  • Жынысы:Аялзаты

А ии кана калганы? Жазбаганынызга кооп болуп кетиптир го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#250 Пользователь офлайн   Zo9lu   31 Май 2016 - 14:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 07 Май 16
  • Соңку аракети: 01 Янв 2021 01:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Jalalabad

Aftor kachan jazasyz kaida jurosuz erterek ulantyp koiunuzchu suranych
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#251 Пользователь офлайн   belka   04 Июнь 2016 - 00:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Алтышка жазып бутсон анан окуюн деп бир маал акыйып коюп журом,качан бутосун?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#252 Пользователь офлайн   Frezia   06 Июнь 2016 - 10:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 10 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2021 08:54

Урматтуу автор суперстанга кирип эле жатасыңар го. Эмне себептен чыгарманы улантпай жатасыңар билдирип койбойсуңарбы? Окурмандарды сыйласаңар боло
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#253 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Июнь 2016 - 12:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Ой апакебайым ай, аны сен өзүң жаман үйрөтүп жатпайсыңбы. Тим койсоң жасайт. Акыры ушунтип айтаарынды ал билгендей эле айткан экен.
Сөздүн жүйөөсүнө түшүнбөгөн жаным минтип сурад ым: у
- Эмнени айтты эле билгендей?
- Көрөсүң го, апам акыры «Эчтеке жасабайт аялың» деп айтпаса эле, мурдумду туурасынан кесип берейин деген. Чыйтайып колунан эчтеке келбейт дейсиң, өгүнү сен Жумгалга, тайенеме учурашып келгени кеткениңде өзү эле жасап жатты баарын. Алматадан келген төркүндөрүн сен бардакыдай эле сопсонун узатты. Ага-буга кийлигишип, көртирлик менен алышканча жаныңды бакчы.
Султандын бул айткан сөзүн угуп кубанган болчумун. Байкуш келиним, мен жок болсом деле эптеп оокат кылышып кетишет экен, деп ойлоп санаам тынчып калган. Күндөрдүн биринде Султандын атасы мени театрга барып келели деп чакырып калды. Буга чеиин Султан менен бир жолу да же киного, же театрга барып көрө элек болчумун.
Эмнегедир сүйүнүп кеттим. Жасап жаткан тамагымды дароо токтотуп, газды өчүрдүм да, «Күн эрте келин жумуштан келип жасап ичишээр» деп ойлоп кииинип алып үйдөн чыгып кеттим. Султан үйдө жок командировкага кеткен болуучу. Театрдан келсем, келиним эрте эле жатып алыптыр. Баякы мен тамак жасайм деп туурап койгон эт тууралган жеринде, асылган казан асылган калыбында турганын көрүп көңүлүмдө келип ооруп калдыбы, же баласынын табы болбой калды бекен деп ойлоп, бир заматта санаам алда кайда кетип, келинимдин үстүнө кирип «Э алдыңа кетейин балам, эмне эрте жатып алгансыңар? Деги баланын дени сакпы, өзүң тумоолоп калган жоксунбу?! » деп жарыкты күйгүзүп, уктап жаткан небереме үзүлө түшүп карадым. Ошол маалда келиним капааттанган үн менен кейиштүү: «Экөөбүз тең оорубай эле ' денибиз сак. Чакыйтпай өчүрүңүз жарыкты» деп турса болобу. Келинимдин оозунан мындай жагымсыз сөздү биринчи угушум болуучу. Санаам санга бөлүнүп, эмелеки Султан менен бирге басып, бирге театрга барып, ракатка батып, кубанычка бөлөнүп толкунданып тypган көңүлүмдү кимдир бирөөгө жулдуруп жибергенсип, тула боюм муздай түштү. Мен күңчө иштеп, буга үнчукпай көзүн карап турганымдан, баламдын көзүнүн түзүнөн, катуу сөз укпай, сый жүргөн турбаймынбы деп ойлодум. Ошондо, бир байбиче жөнүндө бир кезде уккан сөзүм эсиме түштү. Абышкасы эл аралап, журт башкарган эстүү киши экен. Ал киши каза болгондо байбичеси, чалын жоктоп кошпой койгон имиш. Эл эли менен байбичеге таң калып «Капырай, карыса да байбиченин байын жоктобогону кандай» деген сыяктуу сөздөрүн кулагы чалган байбиче минтип айткан экен, элге "Уулум, улуум дээрмин, уулумдан кагуу жээрмин, уулумдан кагуу жегенде, ошондо чал кадырын билээрмин, келин келин дээрмин, келинден кaгyy жээрмин, келинден кагуу жегенде, ошондо ала жат чалым дээрмин» деген экен. Ошондо, билген экен журт байбиченин чалына ичинен күйүп күл болуп олтурганын. Анын сыңарындай келинимдин бир ооз сөзү мени онбогондой ойго салып кетти. Ал эмес Султандын аркасынан издөөчүдөй болуп делөөрүп, кыялым бузулуп турду.
Бир кезде, карындан чыккан кара чечекей балам, аба жутуп, ары-бери басып кел десе, үйдөгү көр оокат жасалбай, балдарымдын тамагы убагында бышпай калат деп карыш чыгууну каалабаган жаным эми минтип өзүмдөн өзүм көчөгө чыгууну самап, көңүлүм бузулуп Султандын сөзүнө баш ийип, бардыгына макул болуп, ага айтаар сөзүмдү камдап, өзүмчө эле бир кызык болуп жаттым көңүлүмдө. Кызым да, келиним да ушул деп көзүнүн агы менен тең айланып олтурган келинимдин салкын мамилесинен ойго батам. Бул келин, Султан барда, атайы эле баласы көрсүн деп апалачу окшобойбу, дейм. Атасынын көрү, башың менен башмалдак атып, төбөң менен кудук казсаң да баары бир татыбачудай көрүнүп турду мага. Мейли «Жакшы болсон өзүңө, жаман болсоң өзүнө, өөдө кapaп түкүрсөң кайра түшөт көзүңө" дагендей, өзүңө жаман. Иши клып балам аман болуп, экөө ынтымактуу болсо болду. Мен да кызыкмын дейм, кайра ойлонуп. Тамак жасабай, эрте жатып алыптыр деп да таарыныч кыламбы? Казан-аякка жолотпой өзүм жасап, өзүм чуркап жүрүп көндүргөн өзүм. Эси болсо эс кирер. Жаш немеге таарынып мен да кызыкмын. Унчукпай жасай бер казаныңды кармап. «Хан казанын көп астым, кана колдун көөсү» дегендей Султан окуп окуусун бүткүчө ушул колум менен эмнелерди жасап эмнелерди бүтүрбөдүм. Ошондогу бир эле окуяны айтайын, уксаңыз эжеке. Турдайым эженин Татьяна Григорьевна деген, телегейи тегиз бай жашаган коңшусу бap болучу. Ал аял азык-түлүк магазининде магазин башчысы болуп иштөөчү. Дүкөнгө кирсем, мага:
-Соня, (мени орустар ошентип чакырышчу) менин дачамда иштей турган бир аз жумуш бар. Башкага бергенче сага берейин. Эмгек акыңды жакшы төлөп берем, - деди. Мен, эмне жумуш экенин да сураган жокмун, ал өзү да ачык айтпады. «Бекер жүргөнчө бекер иште» дегендей, акчасын жакшы төлөйм, деген сөздү угуп, жумулуп кеттим. Ансыз деле ар кимдин колумдан келген жумушун өзүм издеп жүрүп иштөөчүмүн. Кээде арзыбаган анча-мынча акча үчүн деле, албан жумушту иштеген мезгилдерим коп эле болуп жүргөн. Муну бул аял башынан билүүчү. Турдайым эжеге айтсам жеңил-желпи жумуш болсо барсаң барып иштеп кел деди. Эртеси эртең менен эрте дүкөнчү аял менен автобуска түшүп жөнөп кеттим. Мен оюмда жер айдап бирдеме, ардеме олтургуздурабы, же үй-пүй актатабы, деп ойлогонмун. Анткени кар жаңы эле кетип, жердин тону эрип, жаз жарышы кызуу башталган кез болуучу. Аял мени дароо эле даараткананын жанына алып барып:
-Ушунун ичине адегенде суу толтуруп жакшылап айры менен аралаштырып алып, анаи чакалап алма бактын түбүнө, анан малина менен бүлдүркөндөрдү cyгара турган кулакка чыгарасың, — деди. — Аялдын сөзүн угуп, эмне кылаарымды билбей дендароо боло түштүм. Мындай балит жумушту өмүрүмдө жасамак турсун, жасагандарды уккан да, көргөн да эмес болучумун.
-Жок, мындай жумуш колумдан келбейт, Таня-дедим. -Убара болбой мурда эле ачык айтсаң болмок экен.
- Эй бечера, сага берген пулду, башка бирөөгө берсем, айланайын деп иштеп берет. Мен сепии өзүңө карап, жардам болсун -
-Эй, бечера, сага берген пулду, башка бирөөгө берсем, айланайын деп иштеп берет. Мен сенин өзүңө карап, жардам болсун дегеним. Кечээ уулуңа костюм алууга он сом жетпей, акча карыз сурап жүргөнүңдү угүп боорум ооруп, макул болот го деген элем. Түш жарымдык эле жумуш бул. Оозу-мурдуңду таңып, башка кийим берем, ошону кийип алып иштеисиң.
- Канча бересин?
- Жүз сом берем сен үчүн.
«Малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр» дегендей, мага жүз сом, тим эле миң сомдой көрүнүп кетти. «Мейли эмесе, менин дааратканада иштеп жатканымды бул ээн жерден ким көрүп жатты эле» деп ойлодум.
Аял иштей турган ишимдин жөн-жайын түшүндүрүп, кандай кылып, кайда төгөөрүмдү данистелеп, эмгек акыма берүүчү акчаны колума санап берип, кайра тартты.
Мен үй ээси кетээри менеи, үстүмдөгү кийимдеримди чечип, комбинизон кийип, оозу-мурдумду жел киргис кылып тумчулап алып, бирде окшуп, бирде кусуп жатып, акыры өлдүм-талдым дегенде баштаган балит иштин аягына чыктым. Таня түш жарымда эле бүтөсүң деген бул оор жумушту кызыл күүгүмдө бүттүм. Мени жийкирткен дагы бир жаман жери канчалык жуунуп, канчалык жышынсам да болбой бүткөн боюмдан даараткананын жыты кетпей, тула ооюма сиңип калгансып көңүлүмдү айнытат. Анысы аз келгенсип, алкымыма без чочуп, тамагым ооруп, шилекейимди ирмей албай, табым айнып, этим ысып, ошол жерден эле ооруп калдым.
Үйгө келсем Турдайым эжем бечера, кечки тамакты жасап алып мени күтүп туруптур.
- Э кудай, тап азандан, кеч күүгүмгө чейин бул катындын эмне жумушун бүтүрүп жүрдүң? Өңүң түктөйүп, эмнеге кебетең кетип калган катыгүн?
- Ооруп калдым эже. «Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу» дегендей, жыргаган жумуш иштеди дейсизби. Эртең менен сизге эмне иштээримди билсем да, сизди урушат го деп ачыгын айткан эмесмин.

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 08 Июнь 2016 - 12:10


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#254 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Июнь 2016 - 12:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Э кудай, ошончолук oopyп калгандай кандай жумуш иштедиң?
- Даараткананы чакалап чыгарып, алма-өрүгүнүн түбүнө, айдалуучу жерге төктүм.
- Ойбай, эмне деп турасың? Анчалык башыңа эмне күч келди?
- Акчага карадым.
- Акчасы менен куруп калсын, канчага макулдаштыңар эле?
- Жүз сом.
- Ой куураган шордуу, өзүң ооруп өлалбай жүрүп, куураган турбайсыңбы.
- Куурасам эмне кылам, эжеке. Султан костюм алам десе акча жетпейт. Тыгынчык болсун дебедимби.
- Маган айтпаптырсың да. Акча бар эле го.
- Айтууга оозум барбады. Ансыз деле сиздин айдыңыңыз, сиздин жардамыңыз менен жокчулукту билбей жашап жатабыз. Эмгегиңизди кантип актаар экеибиз?
- Кырсыктан тышкары, аман-эсен болсоңор актайсыңар. «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» дейт. Султаның аман болсо, баарына жетишесиңер. Сенден сурарым, экинчи мындай жумушка барбагын катыгүн. Канча жолу айтам сага, башка жумуш издеп ар жак, бер жакка урунуп-беринбей колуңдан келгенинче мен иштеген ишке эле жардамдашып тур деп. Менин көрсөткөнүмдү көрсөткөндөй аткарып турсаң эле болду. Үйдө олтуруп тапкан табылгабыз бизди өлтүрбөйт карагым. Баса, сага Нарынколдон кат келиптир. Ар жакта столдун үстүндө турат. А Каттын кабарын угуп ордумдан тура калганымды көргөн эжем: - Окуурсуң, мурда ваннага кирип жуунуп, кийим которуп чыкпайсыңбы! - деди.
Каттын кимден келгенин билгим келип, апамдан болуп калса экен деп көнүлүмдө тилеп турдум.
Мен жуунуга кирип кеткенден кийин Турдайым эже коңшусунукуна кирип, Таня менен эмне деп сүйлөшүп, эмне деп айтканын билбейм, дагы элүү сом алып чыгыптыр.
- Бечара, жүрөгүндө кара жок, боорукер, адамкерчиликтүү жакшы аял экен ээ. Эмне кесиби бар экен? Пенсияга кайда иштеп жүрүп чыгыптыр?
- Ал эженин кесиби укмуш. Өмүр бою Алматадагы өңчөй улуттук кийимдерди тигүүчү бир чоң ательеде мастер болуп иштептир. Жогорку үлгүдөгү мастер экен. Эс алууга чыккандан кийин деле кыйбас адамдарынан кез-кез заказ ала коюп жүрүптүр. Кийин эмне үчүндүр анысы арбып, жумушу көбөйүп кетти. Эми ойлосом Султан экөөбүзгө карай, заказды ашык ала баштаган окшойт. Турдайым эже ак көңүл, колу ачык, жайыл дасторкои аял эле. Эркекке окшоп бапырап март да болуучу. Берем дегенине берип, алам дегенинен алчу. Үйүндө бөдөнөнүн сүтүнөн башканын баары боло турган. Ал кишинин кардарлары да өзүнө окшогон жакшы адамдар. Эженин кем-карчы болуп калса, ошолор таап, ошолор алып келип берүүчү. Эже. ушундай өз чөйрөсүнө кадыры чоң аял экен. Мени келгендерге «сиңдим» деп тааныштырып жүрүп, чын эле бир тууган сиңдисиндей болуп, алар менен да аралашып кеттим. Бирок, ошондой болсо да, бир туугандык ылымы жок, сый адамдардыкында жашаганың аз келгенсип, бекер тамак ичип, бекер үйдө жашап, ырыскысына шыбагалаш болуудан оор эмне бар дейсиз. Сыягы эже, оюнда мени колунан эч нерсе келбеген байкуш болсо керек деп жүргөн окшобойбу. Анткени, кийим бычканга да, тиккенге да эч аралаштырчу эмес. А мен болсом бул кишинин уздугуна суктанып, бычып-тиккенди кантип үйрөнөм деп көздөрүм чачырап жүргөн жаным, ыгы келе калганда өзүм эле сурап, эже мага көрсөтүп койсоңуз, мен деле көктөгөндү билемин дечүмүн. Кийин тигиштерди тасмалдоого өзү эле берүүчү болду. Ошентип жүрүп менин ашка эле эмес, ишке да жөндөмдүү экенимди түшүндү. Жанакы «ар жак, бер жакка урунбай, маган эле жардам берип турчу» дегени да ошондон.
Кайра-кайра жышынып, кайра-кайра жуунсам да болбой бир жумага чейин мурдумдан жагымсыз жыт кетпей, тамагым ооруп, эстеген сайын жүрөгүм айланып жүрүп көптө жакшы болдум.
- Баса, алиги кат кимден экен?
- Аа, кат дейсизби? Султандын апасынан келиптир. Конверттин ичине акча да салыптыр. Катты жазган киши, апабыздын оозунан чыккандын баарын кагаз бетине байланышы жок эле түшүрө бериптир.


«Экөөңду тең сагындым. Силерди эстегенде канатым болсо учуп кетким келет. Ракатым да, жыргалым да силер тур байсыңарбы. Баякыда Нагима баратканда курут, сары май берип жибердим эле. Андан кийинки барышында мага айтпай кетиптир. Өкунуп, арманда болуп калдым. Баякы Исанын сотунда келгендекиде, ден соолугуңду жакшы экен деп угуп, кубанып, санаам тынып калды. Силер жок, журтта калган иттей болуп бир тамда жалгыз калдым карганда. Артыңардан издеп баргым келет. Бирок, барганда, экөөңду Алматанын кайсы көчөсүнөн, кайсы уйунон издеп табам. Исаны болсо «итап» кылып, башка жакка алып кеткен бойдон кат-кабары жок. Ага эч ким эч нерсе кылганы жок, өз убалы өзунө. Өз ырыскысына озу чыккынчылык кылып, өз үй-бүлүсүн өзү чилче таратып, өз уясын өзү бузду. Малды бага ала турган эмесмин. Бир келип, өзүңөргө тийген малыңарды алып кетесиңерби, сатып кетесиңерби, же ушул жерде бирөөлөрөо берип бактырасыңарбы, бир жаңсыл кылып кеткиле. Сырга, айланайын, деги ден соолугуң кандай, жакшы болгон бойдон жакшы болуп кетсең эле болду. Султаныңдын дени сакпы? Балакетиңди алайын медерим, окууңду жакшы оку. Силер келсеңер энчиңерди берип, санаам тынса, мен дагы төркүндү көздөй жылсам деген оюм бар. Ден соолугум да бузулуп, карыш жерге басалбай демигип жүрөм. Аманатыңарды аман-соосунда алып кеткиле», - деп жазыптыр.


- Аа, байкуш кемпир де. Анан эмне кылдыңар бардыңарбы?
- Бардык эже, Султан чоң апасынын катын окуп, абалын угуп токтоно албай койду. Эртең эле окуумду таштап, Чүйгө өзүм жеткирип келем деп балакет кылса болобу. Эртең дем алыш деген күнү жөнөп кеттик. Апабыз бизди мынчалык тез эле келип калат экен деп ойлобоптур. Султан экөөбүздү алмак-салмак кучактап казакчасынан кошуп ыйлады. Ичпей-жебей, жылтыраган май-чайын, кургаткан кышкы сүрүнөн өөдө сактап, Султанды эртеби-кечпи айланып бир келээр деп күтүп жүргөн кези экен. Бир-эки күн болсо да, кеткени келип, кемтиги толгонсуп жыргай түштү. Кеңешип олтуруп, чоң апасынын бир туугандарына, келип көчүрүп кетүү жөнүндө кат жазып жиберди. Султан экинчи күнү кетем деп, апасын кыйбай дагы эки күн конду. А мен болсом бир-эки жумага көр оокаттын айынан калып калдым. Султан кетип жатып чоң апасына ниетин билдирди:
— Чоң апа, мен өз апамдай эле, сизге да өмүрүм өткөнчө милдеттүүмүн. Эки энем, силер үчүн колумдан келген жакшылыкты эч качан аябаймын. Жаныңды бек карма, чоң апа. Окуумду бүтсөм, өзүм алып, өзүм багам сизди.
- Өзүңдөн секет кетейин, чоң апаңды унутпа балам. Сырга кой-козуну тейлеп, сатканын сатып, сатпаганын бирөөгө табыштап, шашпай кетээр. Астыңда ага, артыңда ини жок, жалгыз болуп калдың. Ата деген кишинин кебетеси тигил болду. Мал тапканыңча мал, акча тапканыңча акча керек. Мен да сенин камыңды кылып жүрөөрмүн. Чоң апаң өлүп калса, өкүрүп ыйласаң жакшы болбойт беле. Ай, менин өлгөнүмдү укпай да, топурак салбай да каласың го балам.
- Өлбөңүз, чоң апа. Мен иштесем чогуу жашап, чогуу турабыз. Апам экөөңдү шаар кыдыртып, курортторго алып барам. Көрөсүз го.
— Тилегиңден секет кетейин козум. Ошол күндү, ошол ракаттарды мен көрбөй калсам, Сырга көрсүн. Апаңа күйүмдүү бол...
Чоң апасы менен Султан ошентип коштошту.
Мен өзүм жөнүндө ойлобой эле, Султан үчүн жашап, Султан үчүн күн көрүп, канатымды каккылап жүрүп, өзүмдүн кандай жашап, кандай күндө жүргөнүмдү өзүм да билбей калыптырмын. Эми ойлосом, кекиртегимден ысык суу өтүп, балам үчүн тирүү жүргөнүмө корстон болуп жашаган экенмин. Менде Султанды бутунан тургузуп, адам кылуудан башка максат болбоптур. Качан гана Султандын атасы мени тапкан күндөн баштап, жашоого болгон кумарым кайра баштан тутанды. Ургаачы үчүн, жакшы көрүп аздектеген эркектин зери оңой эмес тура. Бир кезде адашып таппай калган адамым менен чейрек кылымдан ашык

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 08 Июнь 2016 - 12:31


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#255 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Июнь 2016 - 14:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

убакыт өткөндөн кийин, кайрадан жолугуу мынчалык таасир берерин эч ойлогон эмес болчумун. Өзүмдү өзүм басынтып, эми менин эч кимге керегим жок, эч кимдин мага да кереги жок деп арманым башымдан ашып жүргөн бактысыз күндөрдө ушундай күтүүсүз окуяга кабылдым. Мен бул дүйнөгө аял болуп жаралып келгенимди эми гана араң баамдап кыялга баттым. Тобо, мен да кимдир бирөөгө керек экенмин да дейм. Анын «Үйлөнөлү» деген сунушуна макул болбой койгонумду эстесем, ал тим эле жалгыздыкка жедеп көнүп, эрге тийип, жар күтүүдөн түңүлүи, жакшылыктан үмүтү үзүлгөндүн сөзү тура. Деги ушул ишке эбепке-себеп болгон баякы келинимдин бир жолку көрсөткөн кыялы болуп кетти бейм. Ошондон кийин, өзүм эле Султанды эстеп көңүлүм бузулду. Баякы кийбеген кийимдерди кийгим келип, көчөгө чыккым келип эле делөөрүгөнсүп калдым. Бирок, мындай ойго келип, эки бакыр, бир тукур болуп бирге жашоого макул экендигимди Султан али биле элек болуучу. Оюм чаташып, өз кроватымдын үстүндө эки бутумду салаңдатып коюп, өткөн-кеткендерди ойлоп сан түркүн санаага батып олтуруп, уулумдун үстүмө киргенин да байкабай калыптырмын.
- Апа! - деген үндөн селт эттим. - Эмнеге мынчалык ойго батып, түнөрүп олтурасың. Ооруп калган жоксуңбу деги?
- Жок, жок, оорубай эле турам балам. Бирок, менин жүрөгүмдү өйүп турган оорудан жаман бир иш болуп турат.
Балам сестее түштү.
- Тынччылыкпы деги? Ал эмне болгон оорудан жаман иш? Айтчы мага?
- Жок, сураба балам, айтпайм азыр.
- Анан качан айтасың? Эмне, бирөө бирдеме дедиби?
- Жок, эч ким эчтеке деген жок.
- Коркутпачы апа, жүрөктү түшүрүп. Сенин кабагың бүркөлсө, мен чыдабай кетем апа. Айтчы жашырбай, же сени келиниң капа кылып жүрөбү? Билип кой ушуну, ал сага сөз эмес «ө» деп өөдө караган күнү бул жерде болбойт.
Султандын сөзүн угуп чочуп кеттим.
- Жок, жок, ал келинде кемчилик жок балам. Мен үчүн жок жерден өөдө-ылдый айтышып суук-селки болбогула. Сез айтпа колуктуңа.
Мен анчалык кекчил да, кара ниет да эмес элем. Кечиримдүү, ак көңүл жайымды Султан эле эмес, башкалар да, өзүм да билчүмүн. Бирок эмне үчүндүр, келинимдин баякы бир мамилеси жүрөгүмдүн башында түйүнчөктөй түйүлдү да калды. Аны эстеген сайын ичиме ит өлүп, санаам сапырылып, көңүлүм бузулат да турат. Ойлоп олтуруп өзүмдү өзүм жемелеп да кетем. Капырай, келинден андан чоң сөз угуп, андан өткөн кыялын көрсөм, эмне болуп кетет элем. Эмне эле, баланын балалык кылып койгон бир кыялын кечирбей, эсимден чыгарбай калдым. Кээде ошол сөздү, ошол мамилени эстебөөгө аракет кылып, дароо анын ордуна Султандын атасын ойлоп, ошого алаксууга аракет кылып кетүүчү болдум.
Ушинтип Султан экөөбүз кайрадан жаш, кайрадан кыз-күйөө болуп, жаш өткөнүн билбей, жаныбыз жай таппай жүргөн күндөрдүн биринде уулум мага Эсен-тюкиге путёвка алып келгенин айтты:
- Апа, бүрсүгүнү жөнөйсүз буюрса. Самолётко да билет алдым. Барып дарыланып келесиз. Быйыл үчүнчү жылы барып жатасыз. Балким келеркиде, башка курортко алып барам.
- Баякы, мен барган курортко барам деп жүргөн эжеңе путёвка табылдыбы? Жанымда тааныган бирөө болсо жакшы болот эле, жалгыз кантээр экенмин.
- Жалгыз болбойсуз апа. Кантип эле сизди жалгыз жиберейин. Сиз үчүн Мария эженин путёвкасын жүгүрүп жүрүп таап бердим. Ырас, чогуу барып, чогуу келесиздер.
Баламдын сөзүн угуп сүйүнүп калдым. Бирок, тигил Султандын жогун эстеп ичим эңшерилип турду. Ал бир ишкананын ишин текшергени кеткен. Менин курортко кетээримди билбей калбадыбы.
Султан аэропортто мени, бир улгайып калган кыргыз аял менен тааныштырды:
- Апа, бул киши алиги мен айткан Мария эже. Сиңдиси бизде иштейт. Путёвканын бир мезгилде табылып калганына аябай сүйүндүм. Жылдагыдай эле сизди өзүм алып барып келсем болот эле. Иш көп болуп, отпуска бербей койбодубу. Ошондуктан Мария эже үчүн абдан чуркабадымбы.
- Ракмат балам, уккамын баарын. Жалгыз жаныңа кудай кубат берсин.
- Бири-бириңерге ээк-тээк болуп, чогуу кеткениңер жакшы болбодубу. Менин да санаам тынч, көңүлүм жай уктамак болдум. Мария эже ал курорттун жайын жакшы билет экен.
- Ыя Султан балам, апаңдын аты ким? - деди аял.
Султан күлүп жиберди.
- Мен сиздерди толук тааныштырган эмес турбаймынбы.
Мен озуна жооп бердим.
- Сенсиз эле өзүбүз таанышып алабыз балам. Эже, менин атым Сырга.
- Ырас, унутпай турган жакшы атың бар экен...
Султан биз түшкөн самолёт асманга көтөрүлүп, өз сапарына багыт алганча карап туруп кайра тартты.
- Жакшы балаңыз бар экен сиңдим. Ушундай уулду төрөгөн бактылуу келин экенсиң. Айланып кетейин, апамдын талмасы бар, оорукчал деп аябай тынчсызданып турат экен. Көп кармайбы?
- Жок, азыр кармабайт. Мурда көп кармачу.
- Султандын атасы эмне болду эле? Сыягы күйөөң жок го?
Аялдын сөзүнө эмне деп жооп айтаарымды билбей мукактана түштүм. Деги адамдар кызыкпыз. Таанышар-таанышпастан туруп эле эриндин бар-жогун, канча уул, канча кызың бар экенин билүүгө кызыгып турушат. Бул эжеден кутулбасымды билип жооп узаттым:
- Эрим менен ажырашып кеткемин.
- Барган жериң казак беле? Же өзүңдүн чалымың барбы?
- Эмне үчүн антип сурап жатасыз? - Дароо көңүлүм буй боло түштү. Балким бул аял бүкүрдү тааныган желмогузбу деп ойлоп кеттим. Көңүлүмдө Иса жөнүндө уккум да, сүйлөгүм да келбей денем чыйрыга түштү.
- Кээ бир сөздөрдү казакча чалып сүйлөйт экенсиң.
Күлүп жибердим.
- Мен Султан университетти бүткөнчө Алматы калаасында болдум да эже. «Кимдин жерин жер десен, ошонуп ырын ырда» дегендей, дайым бирге аралашып жүрсөң үйрөнөт экенсиң.
- Аа, ошондой де. Анд а жөнү бар экен сиңдим...
Биз Эсентюкиге аман-эсен жетип, Мария эже экөөбүз бир корпустан, бир палатадан орун алып жатып калдык. Дарылануу башталып, курортко барганыбыз төрт-беш күн болуп калган. Эже экөөбүз жаңы эле дары суу ичүүчү булакка бараткан жолдо, артыбыздан «Сырга!» деп чакырган үндү угуп, эже экөөбүз тең селт эттик. «Тобо, бул жерде мени тааныган ким болуп кетти?» деп ойлоп, экөөбүз тең эки жагыбызды элеңдеп карап токтодук. Ошол саамда артыбызда келаткан адамдардан бөлүнүп шайдоот баскан ак калпакчан адам көзүмө шамдай урунду. Дароо Султан экенин таанып, жүрөгүм кекиртегиме чыга булкуп алды. Ал алыстан эле жадырап-жайнап, маңдайы жарыла күлүп, салам айтты.
- Саламатсыздарбы! ? - жаныбызга чукул келип кол алышты. - Ыя, Сыргажан, кандай ден соолугуң жакшыбы. Мени келет деп күтпөсөң керек, - деди Султан.
- Кайдан күтөм. Сени бул жерден көрөм деген оюмда жок болчу. Эже, бул киши менен таанышып коюңуз, бул Султан.
-Султан?! - Аял менин сөзүмдү кайталады.
- Ооба, Султан. Уулумдун атасы.
- Уулумдун атасы дейсиңби? Ажырашып кеткен күйөөңбү?
Күлдүм.
- Ооба, эже, ажырашып кеткен күйөөм. Ортодо бала бар да.
- Ооба, ооба, туура айтасың, балаңар бар тура. Уулуң атасына түспөлдөш экен.
Мен Султанга карадым.
- Курортко, бул жакка келээриңди айткан жок элең го?
- Сен өзүң деле айтпай кеткен турбайсыңбы.
- Сен жок болсоң кимге айтат элем. Менин бул жакта экенимди укпай эле келген турбайсыңбы? Же уктуң беле?


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#256 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Июнь 2016 - 14:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- «Ак шумкар менен барчынды,
Аңдыган билээр баркыңды..." деген ырды уктуң беле?
-Уккамын. Эмне болду, барган жериңде ревизия болбой калдыбы?
-Болуп жатат. Менин ордума башка адамдар барды?
- Эмне үчүн башка кишилер барды?
- Ошондой себеп болуп калды, байбиче, айтып отурса сөз көп. Азыркы адамдардын баары укмуштуудай узун кулак болуп кеткен турбайбы. Мен мейманканадан орун алып, жаңы эле жайланышканмын. Душтан чыгып, сакал-мурутумду серпип жатсам, эшикти бирөө шыңгыратып калды. Эшик ачык болчу. Ошол саамда күтүүсүз жерден мындан кырк жыл мурда Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде армияда бирге болуп, бирге согушкан бир фронттош жакшы көргөн адамым кирип келип турса брлобу. Мен аны дароо тааныдым. Экөөбүз кубанычтан кучакташып эле жатып калдык.
- Ой досум о-о-й көрүшө турган күн да болот экен ээ. Сенин келгениңди угуп токтолуп туралбай койдум. Жүрү биздикине, үй турса мейманканада эмне бар. Атайы келдим чакырып.
-Экөөбүздүн аман-эсен көрүшкөнүбүз жакшы, досум. «Жакын жүргөн менен алыспыз» дегендей, бир республикада жашап туруп, дайныбызды билишпей калбадыкпы. Чакырып келгениңе миң мертебе ыраазымын. Бирок, келелек жатып конокко барышым кандай болоор экен. Биздин жолдун ичкелигин түшүнөөрсүң текшерүүчүлөрдүн баскан изи саналуу. Тоголок арызчылыр экөөбүздүн достугубузду билмек беле.
- Ооба, бизде «жазуучулар» көп. Ал айтканыңдын чындыгы бар. Сен дагы ошол «тоголок арызчылардын» азабынан келип жатсаң керек. Түшүнөм баардыгына. Бирок, мен жооптуу жумушта иштегендерден эмесмин. Ушунча жылдан бери көрүшпөй жүрүп көрүшсөк, кубангандан деле, бир пиаладан чай ичип, жүз граммдашып «шайтан мойнун сындырбайбызбы». «Чегирткеден корккон эгин экпейт» дегендей, артыбыздан «арызчылар» андыйт деп адамдык сапаттан чыгып кетебизби.
-Менден башка кимдер болот?
- Башка шамшаркыт деле эч ким болбойт. Болсо өзүмдүн бирди жарым укаларым болоор, болбосо жок. Ошону кантип түшүнбөйүн.
- Өзүң кайда иштейсиң? „
- Күзөтчүдө иштеймин. Менден чочулабаи эле кой. Бол эми кийин.
Адамдын көңүлүн сындырбаган ак көңүл жаным, барууга макул болуп кийине баштадым. Ошол саамда, телефон шыңгыраганынан алсам, бир жакшы санаалаш адамымдын, ошол азыркы мен барган шаардын ички иштер бөлүмүндө иштеген уулу экен.
- Кандай, байке, жакшы эс алып жатасызбы?-деди жигит.
- Жакшы. Мен азыр конокко кетип жатам.
- Конокко. Кимдикине?
- Самак деген адамды таанычу белен?
- Тааныйм го дейм. Комбинатта күзөтчү болуп иштеген киши бекен? Мурда билүүчү белеңиз?
- И, согушта бирге болгонбуз.
- Абайлаңыз.
-Сөзсүз '
- Анда биздикинен чай ичпейм деңизчи. (Ал бул сөздү кандайдыр бир сыр менен айтканын түшүндүм).
- Ошондой болуп калды.
- Мейли, жакшы барып келиңиз. Биздин шаардын көчөлөрүнүн ой-чуңкуру көп. Абайлап басыңыз.
- Ракмат, - дедим күлүп. - ошондой болот...
Достун үйүнө келип, машинадан түшүп, дарбазадан өтүп-өтпөй эле бир кызык боло түштүм. Мындай шумдукту биринчи көрүшүм болчу. Дарбазадан үйгө кире беришке чейин жол килем, анын үстүнө көздүн жоосуп алган ханатлас жайылыптыр. Эч нерсеге түшүнбөй кетенчиктей түштүм.
Эки колун бооруна алып салам айтып, жол килемдин четинде турган жигиттер көзүмө урунду.
Эки жагымды элеңдеп карай алып, жанымда күнөөлүү немеден бетер бүжүрөп турган «досума» жалт бурулдум.
- Бул кандай көрүнүш болуп кетти, түшүнбөй турам? Бул жигиттер кимдер?
- Э досум, согушта өлүп калсак мындай күн,мындай турмушту кайдан көрөт элек. Сиз менен бир көрүшсөм деп ойлоочу элем. Кудай тилегимди берди. Бул жигиттер менин жакындарым. Сиз менен согушта бирге болгонумду, бир окопто жатып, бир котёлдон тамак ичкенимди, бул жерге командировкага келгениңизди, анан сизди мейманга чакыраарымды айтсам эле, өздөрү конок камын көрүп күдүңдөп жатышат. Булардын экиси уулум, бири күйөө бала, үчөө акамдын балдары. Ошондуктан бул жерде сиз чочулап сактана турган эч нерсе жок.
- А бул эмне? - жолдо төшөлүп жаткан атлас менен килемди көрсөттүм.
- Муну паяндас дейт, досум. Бул өтө сый, урмат көрсөтө турган, өзүңүзгө окшогон ардактуу адамдардын жолуна төшөлө тургандыгын эсиңизге алый коюңуз.
Мен «досум» баштап кирген бөлмөгө кирип жанакыдан бетер, көздөрүм алайып, дем тарталбай туруп калдым. Дасторкондун үстү бир эле кишилик эмес, бир нече кишини күтүп тургандай болуп, дүйүм жер-жемиш, түркүн түрдүү тамак ашка жык толгон.
- Мейманың көп го дос!
- Бөлөк-бөтөн эч ким жок, өзүбүздүн эле балдар. «Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет» дегендей эле кеп.
Менин жалгыздыгыма карабай, үй ээлери чарк көпөлөк айланып чуркап жүрүштү. Чайдын аркасынан чай, ысылыктын аркасынан ысылыктар келе баштады. Ошол маалда үй ээсинин коштоосунда эт комбинатынын директору менен дагы бир жигит кирип, бүгүн эле көрүшкөнүбүзгө карабай, кайрадан салам айтып, кайрадан кол алышып көрүштү.
Ушул маалда үй ээси эки колун бооруна алып, таазим кыла бүжүрөп, көздөрү ууру күчүктүкүндөй жалжылдады:
-Кечирип коюңуз дос, бул сиздин катарңызда олтурган жигит комбинаттын директору Алишеров Мамасалы.
- Биз таанышпыз! - дедим суз. - Жана эле болгом бул кишиде.
-Дурус, дурус. А бул жигитти деле таанысаңыз керек. Өзүңүзгө окшоп облустан бизге командировкага келген обкомпартиянын экинчи катчысы. Сизди жалгыз олтурбасын деп эле чакырып койдум.
- И, жакшы болуптур чакырганыңыз. «Тең ичкенди теңирим сүйөт» дейт. Жакшы адамдар менен насиптеш болгондугум үчүн кубанычтуумун.
Алишеров кытмыр күлдү:
- Чын айтып жатасызбы?
- Калп айтып башыма эмне күч келди.
- Сиз эмес, бизге күч келип жатат.
- Түшүнбөдүм.
- Түшүнө-ө-сүз.
Ушул маалда алиги обкомдун катчысы деген жигит Мамасалыны капталга аста нукуп койгондой болду. Директор башын бир-чайкап алып унчукпай калды.
- Ыя Султан, сөзүң эң эле узарып баратат да. Анан эмне болду? Жакшы конок болдуңарбы? - дедим мен.
- Уккуң келбесе айтпай эле коёюн.
- Уккум келип эле турат. Менин шашканым, бул жакка кандайча келип калганьщды угуу болуп жатпайбы. Түштүктө дасторкондун көркүн чыгарган көбүнчө жержемиш деп жүрбөйбү. Алар да шарап берет бекен?
- Арак-шарапсыз да мейман күтүлмөк беле?
- Ичпейт дешет го.
- Ичкенде да чайнекке куюп, чайчасынын ичишет. Ичкиликтин бири эле эмес, ар түрү бар экен. Бирок мен ичпегенден кийин, тигилер анчалык батына алышпай ууртап-татып олтурушту. Сүйлөгөн сөздөрүнө Караганда Алишеров мурда эле «чалып» келгенби деп ойлоп калдым. Сөз арасында мага тийише коюп сүйлөп жатты.
- Сизден, суроо суроого болобу? деди Мамасалы.
- Сураңыз - дедим мен.
- Сизге ишенүүгө болобу?
- Түшүнбөдүм. Кайсы жагынан дейсиз?
- Кайсы жагынан болсо да.
Ушундай жагымсыз сөздөрдү угуп, келгениме өкүнүп,


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#257 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Июнь 2016 - 15:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

кандай шылтоо таап, бул жеерден чыгып кетүүнүн айласын таппай турдум. бир оокумда үй ээсинен өтүндүм:
-Эгер мүнкүн болсо мен кетейин. мага телефон чалышмак эле.
олтургандардын баарысы мага жалт карашты.
-Тамагыңар даярбы?-деди директор
-Азыр эле кайнады.
-Мен ыраазымын тамакка. Ичпедимби. мага руксаат бериңиздер, -деим кайталап.
Директор түйшөлдү:
-Бышып жаткан тамакты таштап кетүү мусулманчылыкка туура келбейт го, аксакал. Бир-эки саат чыдаңыз эми. Телефон менен эртең деле сүйлөшүүгө болот.
-Мен анда капа болом дос,-деди үй ээси.-Ушунун баары сиз деп олтурат.
"Көп ооз бир болсо, бир ооз тек турат" , дегендей көпчүлүктүн сөзүн укпай коюуга да болобу. Анын үстүнө мынча келбесең болот эле, келгенден кийин бышып жаткан тамакты таштап чыгып кетүүгө чыны дитим барбады. Болору болду, эмнеси болсо да көрө жатармын деп ойлодум.
Сөздөн сөз чыгып олтуруп директор мага минтип сөз жылдырды:
-айтор, бизди тынч иштетпес болду. Бир жылдан бери эле айра-кайра ревизия, кайра-кайра текшерүү. тоголок арызды арыз кабыл албайт дечү эле. Ага болбой эле, тоголок арыздын артынан сүрө түшүп, кайра жазса кайра эле, бүткөн ишти бүлдүрүп, бири кетсе бири келип жаман болду. Эми сиз да айлап жатып кайра баштан жазасыз да.
-Анан эмне кылабыз, жогору жактан буйрук болуп жатса, милдетти аткаруу моюндагы парз тура.
-Баары бир кайра баштан миң текшерсеңер деле баякы мурдагы жыйынтык чыгат да акыры. Айырмасы эле сиз республикадан келдиңиз.
-Көрөбүз аны,-дедим.-Туура, мурдагылар областтан келишпеди беле. Билем аны.
Ошол маалды үй ээси:
-Султан түшүнөт кимдин ким экендигин. Экөөбүз канмайданда каруудан кан кечип жүргөн кезде таанышканбыз. Ошондо эле кыраакы, кумурсканын кусканын, жөргөмүштүн жөтөлгөнүн билген жигит болчу. Мен оюмда, текшерүүгө республикадан келип жатса, чакырыкка макул боло койбойт го деп чочулаганмын. Бирок, ийимди жандырган жок Султан. Рахмат сага досум, - деп мага карап ыржая күлдү.
- И, анан эмне болду? Ток этээр жерин айтчы.
- Ток этээр жеринби? Ток этээр жери ушул. Тамак ичилип кол жуулун, бардыгыбыз кетүүгө баш когоп ордубуздаи турдук. Ошол саамда үй ээси кагазга оролгон бир чакан таңгакты колуна кармап келип мага сунду:
- Досум, «Куттуу үйдөн куру чыкпа» дейт. Мына бул түйүнчөктө бир аз арзыбаган пул бар, аз болсо көптөй көрүп көйнөк кийип коюңуз.
Жүрөгүм болк лей түштү. Коркуи кеттим. Тышта кимдир бирөөлөр мени күтүп тургандай болгон бир жаман ой көңүлүмдү чагылгандай аралап өттү. Алар мени үйдөн чыгаарым менен «пара алгап катарында» ак жеринен күйгүзүү үчүн даяр тургандай сезидил кетти. Анан тигил оролгон «олжону» кармап турган досума деп айттым:
- Болуптур, «Сыйга сый, сыр аякка бал» дейт, ракмат сизге. Бирок, мен пулду азыр албайын. Кандай-андай болот, жолдо коопсуз болгонум оң го. Андан көрө мага эртең менен саат жети менен сегиздин ортосунда өзүңүз жеткирип бериңиз. Болбосо, тура берсин өзүңүздө. Кетээрде алып кетем.
- Жолдон кам санабаңыз. Мейманканага сизди биз өзүбүз жеткиребиз.
- Жок, ошондой болсо да «Сактыкта кордук жок» деген ата-бабанын сөзүн эске алып коёлучу.
- Мейли, мейли, анда эртен менен өзүңүз жеткирип бериңиз, - деди директор. - Бул, -жездемдин кийгизген көйнөгү. Бизде да көйнөк болуп калаар аксакал. Көңүл табышсак баары болот.
«Жезде» деген директордун сөзүн угуп, булар мага туугандыктарын билдиришкен жок эле. Көрсө арызда жазылгандай, бул жерде иштегендердип көпчүлүгү бири-бири менен чырмалышкан туугандар тура.- Ошол саамда менин ойлогон оюмду обкомдон келген жигит бузду.
- Текшерүүнүн жыйынтыгын мурдагылардын жолу менен чыгарсаңыз, текшерүү ушуну менен аяктайт. Экинчи бул комбинат боюнча сизден кийин эч ким текшерүүгө келбейт. Мен бул ишке коммунисттик абийирим менен кепил болуи берем.
- Бирок, мен жалгыз эмесмин да.
- Ошондой болсо да.
- Мурда иш менен таанышалы. Билбей туруп эч нерсе айталбайм.
- Туура айтасыз, таанышыңыз. Бирок, биздин өтүнүчүбүз, мурунку ревизияныи жыйынтыгын жокко чыгарбоону, эске алыңыздар.
- Көрөлү, - демиш болдум машинага олтуруп жатып.
Алар мени мейманканага түшүрүп коюп кайра тартышты. Номериме кирип, ойлонуп олтуруп, жанагы ички иштер бөлүмүндө иштеген аяш уулума телефон чалып, өзүмдү кабардар кылып коюуну туура таптым. Мен ага эртең менен саат жети менен сегиздин ортосунда Самак мага акча алып келээрин билдирип:
- Куттуу үйдөн куру чыкпай, олжолуу келдим. Бирок, арты кандай болоорупа көзүм жетпей калды. Барбай эле койсом болмок экен, байкоостон аңкоолугумдан алдырып койдум, - дедим.
- Кабатыр болбоңуз эми. Мындан аркасына сак болуңуз. Ыйманда жатыңыз,
Эртең менен менин досум Самак, мага «көйнөк кийип кетиңиз» деп берген түнкү түйүнчөктү номериме алып келип берип жаткан жеринен колго түштү.
- Анан эмне болду?
- Эмне болмок эле, дароо кетүүгө туура келди. Мекемеге келип болгон окуяны жетекчиме айтып, ревизияга барбайм деп, баш тарттым. Менден кийин текшерүүгө бир бригада кетти. Ал жерде иштегендердин тамыры тереңге кеткен мафиянын уюгу тура.
- Көйнөк кийип кет деп берген досуңдун акчасы канча акча экен?
- Жыйырма миң дешти.
- Аны милицияга билдирбей эле, өзүң алып албайсыңбы? Сага, керегибизге жарайт деп ишеништи да.
- Акчаны алгандан кийин, аны акташ керек байбиче. Менин колумдан андай иш келбейт. Караны ак деймин деп өлалбай жүрүптүрмүнбү.
Баятан Султандыи сөзүн кунт коюп угуп келаткан, Мария эже суроо салды:
- Э кагылайын, кайда иштейсиң? Алиги, эки жылдан бери чуусу чубалып бүтпөй жүргөи эт комбинатындагы чатакка барган баласың го?
-И, ошого барганмын. Билет турбайсызбы.
- Билем. Уккамын, «мафия» бар деген бирдемени.
Султан мага карады тынчсыздангандай:
- Эмне, Сырга, сага акча керек беле?
Султандын сөзүнө таңдана түштүм:
- Кызык суроо, эмне үчүн мага акча керек болот?
- Билбейм, азыр айттың го өзүң «Досуңдун берген акчасын милицияга билдирбей эле өзүң алып албайсыңбы? » деп. Балким, сени акчага кардар бекен деп ойлоп жатам.
Султандыи сөзүн угуп күлүп жибердим.
- Мен тим эле тамаша кылдым сени. Кереги эмне андай доолуу акчанын.
-Баса, кандай болуп кетти дейм да. Бир заматта көңүлүм буй болуп кетти. Кудай агынан берсин. Мен санаасыз тынч уктап, тынч жашаганды жакшы көрөм. Бар, бар бойдон, жок жок бойдон турбайт да. Толуунун бөксөрөөр күнү, бөксөнүн толоор күнү болот, байбиче.
-Кетип калганың жакшы болуптур. Ал жакта көпкө болом дегениңден, быйыл бүтүүчү жумуш эмес го деп сарсанаа болуп жаттым эле. Эми бул жакка кандайча келип калганыңды айтчы.
- Кандайча деген да сөз болобу. Сен үчүн келбейминби? Өзүңдүн тилиң менен айтканда, бир жолу зывапдасам, аял алды. Келиниң го деп ойлоп калдым. Үнүнүи башкалыгын билип эле, трубканы дароо илдим. Экинчи жолу чалсам эркек алды. Сыягы Султан болсо керек. Трубкадан от чыгып кеткенсип, рычагын дагы илгенимди өзүм да билбей калдым. Эртеси, эртең менен балдар жумушка кеткен убакты болжоп туруп дагы чалдым. Сени сыркоолоп калдыбы деп чочулап, кайра-кайра чала берип чарчаганда, үйгө бардым түз эле. Звонокту басып эшиктин алдында


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#258 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Июнь 2016 - 15:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

турсам, силердин үйдүн катарындагы коңшу эшиктен бир аял чыгып:
- Булардын үйүндө киши жок. Энеси курортко кетти. Келин-уулу жумушта - деди.
- Кайсы курортко кеткенин билбейсизби? - дедим.
- Эсентюкиге кетти го. Жылда ошол курортко барат ал аял...
Мен ошол эле күнү совпрофко барып путёвка сурадым. «Айыгаар оорунун дарысы өзү табылат» дегендей, кудай жалгап, мен сураган курортко баруучу кишинин жумушу чыгып, барбай калып, ал путёвканы кимге берээрин билишпей, эки жакка телефон чалып, кардар издеп жатышыптыр. Мени угуп сүйүнүп кетишти. Анан отпуска алдым да, сенин артыңдан канатымды каккылап, салпаңдап учуп жөнөп калдым, - деди, Султан кубанычтан толкунданып.
А Мария эже болсо, Султандан карегин албай аңкаят. Мен эженин бул окуяга түшүнбөй, анан дагы Султандын Султанга окшоштугуна тан берип, таңыркай тиктеп турганын көрүп күлкүм келди.
Сыртымдан сыр бербемиш болгонум менен, көңүлүмдө кубанып эле, өзүмдөн-өзүм териме батпай чатырап турдум. Курорт да жаныңда жакшы көргөн жакын адамың болсо курорт да. Бул сапар мурдагы эки жылкы дарыланып эс алганым бир тең, бул жылкым бир тең болду. Мен мурда ысыгыма күйүп, суугума тоңоор жалгыз уулумдан башка эч ким жок деп ойлоп, арманда жүргөн кезимде мыиа ушундай окуя болду.
Султан келгени, эже экөөбүз бир айылдуу кишидей болуп, жыргап калдык. Султанды кой десем болбой мени дарыланууга ээрчитип барып, киргизип коюп, кайра чыгышымды күтүп олтура берет. Дем алыш күндөрү такай экскурсияга чыга турган болдук. Мындан мурунку эки жылы удаасы менен уулум менен келип, ден соолугума байланыштуу бир жолу да жер көрүүгө чыкпаган жаным, бул сапар Сочиден баштан, Гори, Афони, Сухими, Адлер, Вицунду, Гагра сыяктуу Кавказдын кооздугу менен дүйнөгө атагы чыккан көптөгөн курорттук ажайып жайларын, Мария эжени жаныбызга кошуп алып, бүт кыдырып чыктык.
"Адам өз жамандыгын өлгөнчө билбейт, киши жамандыгын кирип чыкканча билет» дегендей, Мария эжени жөнөөр алдында аэропорттон көрүп, биринчи жолу таанышканда анчалык бой салбаган жаным, курортко келип бат эле бири-бирибиз менен бир тууган эже-сиңдидей болуп алынышып кеттик. Эстүү киши экен боорукер. Менин башымдан өткөн окуяларды ыйлап отуруп укту. Султан экөөбүздүн адашып жүрүп, кайра табышканыбызга кубанычы койнуна батпай, өз кызы турмуштан өз бактысын тапкандай сүйүндү. «Султанга, атасы жөнүндө айтууну мага эле койгула. Буюрса, ата менен баланын ортосундагы алтын данакери болуп бергенге жарабасам эле, Майнакенин таз катыны болуп калайын. Атасынан да, уулунан да, сүйүнчү менен көрүндүктү эч кимге бербей өзүм алам» деп балпаңдап, айтаарга сөз таппайт.
Мария эже менен таанышканына Султан да кубанычтуу, эже да кубанычтуу. Султандын путёвка менен курортко келди эле аты болбосо, аттуу-баштуу лечения деле албады. Бар болгону эртең мененки. гимнастикага катышып, бир маал циркулярдуу душ алат. Султандын бул жерге келгендеги негиздүү иштей турган иши бирөө гана болуп калды. Ал болсо, ар күн сайын базарга бармай. Анан ал жерден жер-жемиштин түрлөрүн алып, куурган жөжөлөрдү, даамдуу тамак аштарды сумкага толтуруп келет.
- Ой-и-й, мунун баарын ким деген жеп түгөгөт, -дейм Султан сумкадан биринин артынан бирин алып чыгып, стол үстүндө коюн жаткам тамак-аштарды карап туруп. - Мындай болгондо курорттун тамагын ичпей калабыз го такыр.
Султан күлөт.
- Аны да жейбиз, муну да жейбиз. Билесиңби, тамак турган жерге оору турбайт. Курсактын токтугу, санаанын тынчтыгы, ден соолуктун булагы, дейт да турат.
Ырас эле Султандын айткан сөздөрүнүп жөнү бар экенине кийин көзүм жетти. Бул сапар эмнегедир, бир жолу да талмам да, шакыйым да кармаган жок. Ал эмес үч килограмм салмагыма салмак кошулуптур. Бир аз толуп, эт кармаганга көйнөктөрүм тар келгенсип калды. Мурункуга караганда өңумө чыгып, кебете-кешпирим да оңолгонсуп баратты. Мындай ракаттуу жакшы күндөрдө убакыт да чапкан аттай тез өтөт экен.
Ошентип, ары-бери караганда болбой Эсентюки менен коштошуучу акыркы күнүбүз да келип жетти. Врачтын кабыл алуусуна мени менен Султан да келген. «Эки оору бир келсе ажалындын жеткени, эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени» дегендей, эки түрлүү эле оору эмес, беш-алты оорунун азабын тартып, тирүүлүктөн үмүт үзүп жүргөн жаным, өгөй бөйрөгүм өз бөйрөгүмдөй иштеп, өзүмдүн оорукчал жалгыз бөйрөгүмдүн таза сакайганын угуп, кубанганымдан ыйлап жибериптирмин. Ракмат айтууга алым келбей, апкаарып турдум. Ошол саамда Султан мени баамдай коюп, врачка ыраазычылыгын билдирди:
- Сиздерге кандай алкыш айтаарыбызды да билбей турабыз. Баарыңыздарга рахмат. Адам баласынын ден соолугун билгичтик менен дарылап, сергек мамиле кылган адам жанынын инженери - сиздердин эмгегиңиздер өмүр бою жүрөгүбүздүн тереңинде сакталат.
- Бул биздин милдетибиз. Бардык адамдардын, таза сакайып, ушинтип кубанычта кеткени, биздин жамаат үчүн сыймык. Экинчи оорубаңыздар.
- Доктор, эми бул кишинин буту-колунун муунагына, сиз кайсы курорт, кайсы санаторийди сунуш кылаар элеңиз? - деди Султан.
- Анын баары санатордук китепчеге жазылды. Өзүңүздөрдүн жергиликтүү Жети-Өгүз, Жыргалаң, Ак-Суу, Алтын-Арашан сыяктуу курорттор полиартрит, остеохондрос сыяктуу сөөк, муун, нерв ооруларып эң сонун дарылайт. Жети-Өгүз курорту родондуулугу жагынан дүйнөдө экинчи орунда, ал эми союзда биринчи орунду ээлейт. Быйыл сизге ал курортко да, санаторийлерге барууга болбойт. Эсентюкиден кийин сегиз-тогуз айды өткөрүп, жакшы дем алып туруп, анан барсаңыз талапка ылайык болот. Сиз, Жети-Өгүздөн толук сакайып кетээриңизге ишенип коюңуз...
Биз, курорттон кайсы күнү, кайсы саатта учаарыбызды кабарлап мурдакыдай эч кимге телеграмма берген эмеспиз. Үйгө барганыбызда эле бир билишсин деп ойлогонбуз. Манаска келип самолёттон түшүп, эч нерседен капарсыз, автобустан чыгып келатып, түптүз жерден жаздым басып алып, бетим менен кетүүчүдөй мүдүрүлө түшкөнүмдө Султан мени шамдагайлык менен колтуктан алып, кармай калды.
- Шашпай, байкап баспайсыңбы. Шаарга келгенде «Сарт үйүн көргөндө чабат» болуп кеттиң го дейм. Бир жериң ооруп калган жокпу, деги?
- Жок, жок, Султан эч жерим ооруган жок. Кандай болуп кеткенимди өзүм да билбей калдым.
Ушул маалда ар жакта, элдин арасынан «Апа!» деген үндү угуп селт эттим. Көзүмө колуна гүл кармаган келин-уулум көрүндү. Аларды көрүп таңдана түштүм.
- Э кудай, кайдан билишти экен биздин ушул рейс менен келатканыбызды. Балдар тосуп кслишкен турбайбы. - Мени жүгүрүп келип кучактап калган келинимди, анан уулумду алактай түшүп беттеринен өптүм.
- Тосуп алгыла, деп телеграмма бербесеңиздер деле, бүгүн ушул рейс менен келип калаар бекен деп тосуп чыкканбыз. Кандай (Султан Мария эжеге, анан кубаныч менен өкүнүчтөн терисине батпай чатырап турган Султанга карады) жакшы дарыланып, жакшы эс алып келдиңиздерби? - Уулум атасын дем тартпай тиктеп туруп, анан кандайдыр мостоё түшүп мага карады. --Апа, сиз быйыл жакшы экенсиз. Мен дарылоочу врачыңыз менен сүйлөшсөм, ал киши мени таза кубандырып салды. Чын айтыптыр, - Султан жерге түкүрдү, -тү-тү-тү, коз тийбесин. Айланайын алтын апам, жездей болуп, сөөгү менен сөөк болуп каткан эти көөп, өңүнө чыгып жакшы болуп калган тура. Эс алып, дарыланууга баласы менен барбаганга караганда, курортко өз алдынча, башкалар менен барган жакшы болот экен го, ыя апа? - тамашалай сүйлөдү. Анан, анын атасыныкына окшогон ойноктогон кыраакы, өткүр көздөрү Султанга кадала түшүп тайыды: - Бул киши да сиздер менен чогуу эс алган го?
«Шектүү шекинет» дегендей, мен эмне деп айтаарымды билбей, Мария эже менен Султанды алмай-телмей тиктеп алып, өзүмдөн-өзүм кызара түштүм. Бала кезимде, бүкүргө сүздүрүп, жедеп жалтаң болуп


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#259 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Июнь 2016 - 15:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

калган жаным, тилимди жутуп алгансып, эчтеке айталбай, колдорумдан муздак тер чыга түштү.
Карасам, баякы демейде сайрап, жаактууга жай бербөөчү сүйлөөк эже да тилден калгансып, жалдырап калыптыр. Аңгыча тынчтыкты Султан өзү бузду:
- Ооба балам, биз чогуу болдук Эсентюкиде. Мөөнөтүбүз да чогуу бүтүп, жолго да чогуу чыктык. «Жетим өз киндигин өзү кесет» дегендей, мен өзүмдү -өзүм тааныштырбасам, апаларыңдын тааныштыруучу түрү жок. Атым Султан. Өзүм Кеминдик болом. КРУда ревизор болуп иштейм.
Султан деген атты укканда уулумдун көздөрү ачыла түштү.
- Султан дейсизби?
- Ооба, Султан. «Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт» дегендей, мен Сырганы ортодон туура жыйырма жети жыл өткөндөн кийин курорттон көрдүм.
- Менин атым да Султан. Аты уйкаш турбайбызбы. Апамды мурда эле таанычу экенсиз да.
Ушул саамда келиним тынчсызданды:
- Ыя, апа, элдин баары жүктөрүн алып чыгып жатат. Бул жерде турбай чемодандарыңызды алалы, кайда кагазыңар?
- Аа, катыгүн, - деди Мария эже, - баса чемодандарыбызды албайбызбы? «Сөз музоо эмизет, музоо таяк жегизет» деген ушул.
- Келе апа, баарыңар чогултуп мага бергиле? -деди Султан.
- Кагаздар менде! - деди Султан. - Мен алам.
- Биз эле алып келебиз, апа. Мария эже экөөңүздөр машинага бара бериңиздер.
Жанаша басып бараткан ата-баланы артынан карал туруп, эже мага:
- Карасаң, экөөнүн басканы да, бойлору да окшош экен, тобо. Балаңдын көздөрү жайнап, кадим эле Султандын өзү тура. Эмне кылалы ыя Сырга? Ата-баланы ушул жерден эле тааныштырып койбойлубу? -деди.
- Билбейм эжеке, талаадан элеби?
- Деги мурда укту беле Султан деген атасы бар экенин?
Уккан, унутуп эле калбаса.
Жаштардын көкүрөгү каттай. Унутпай калсын. «Темирди кызуусунда сок» дегендей, эгерде кабардар болсо, тобокел деп айтып көрбөйбүзбү.
- Ай билбейм эжеке, корком. Сиз баладан мурда Султанга айтып, кеңешип көрбөйсүзбү, эмне дээр экен?
- Эмне деп?
- Уулуң менен ушул жерден эле, тааныштырсак эмне болот деп.
Тигилер жүктөрүбүздү алып келгенде, Султанды чакырып эже айтса, макул болбоптур. Башка күнү сүйлөшөлү дептир.
Кудай жалгап машинаны уулум өзү айдап келиптир. А дегенде Султанды жеткирди үйүнө. Ал машинадан түшүп жатып сурады:
- Мынча болду, түшүп тамак ичип кеткиле.
- Ракмат аксакал.
- «Бир көргөн билиш, эки көргөн тааныш» дейт уулум. Мындан ары таанышып жүрөлү. Менин шаардагы үйүм ушул. Кыз-күйөө менен турам. Биздин көрүшүүбүз биринчи да, акыркы да болбосун. - Байкуш Султандын эки көзү жалжылдап менден өтөт. -Сырга жакшы тур эми. Ден соолугуңду сакта. Талмам бер дедиң эле, курорттон бир жолу да кармаган жок. Ушул бойдон жоголуп кеткиси бардыр...
Эмне үчүндүр, Султандын сөзүнө эреркедимби, же анын менден бөлүнүп калганына ичим күйдүбү, ыйлагым келип кетти.
Уулум негедир тигил үйүнө түшүп калган адам жөнүндө жолдо бир ооз да сөз жаңыртпады, бул кандай киши деп да сурабады. Атыбыз уйкаш экен деп да айтпады.
Арадан эки күн өттү. Аз убакыт болсо да Султанга баш отум менен биротоло берилип, үйүр ала түшкөнүмдү ушул эки күндүн ичинде билдим. Эмне үчүндүр бассам да, турсам да ойлогон оюмдун баары . Султан болду да калды. Телефон чалып калабы деп күтөм. Анан дагы өзү келип калабы деген үмүтүм үзүлбөй, таң атса кеч кирбей, кеч кирсе таң атпай сагына баштадым. Ушул эки күндүн ичинде Султансыз жашай албасымды сездим. Тышка да чыккым келбейт. Босого аттап мындай чыксам эле, Султан келип мени таппай калуучудай, же телефон чалып издеп калуучудай кылчаңдай берем. Мен аны дагы эле мурункудай, ыйык сезим менен сүйө турганымды жашыра албай калдым. Султанды ойлоп санаа басып турган болчумун. Ушул маалда эшиктин коңгуроосун угуп жүрөгүм ойноп кетти. Мен дароо эле Султан экен деп, күзгүгө бир каранып алып, өзүмдү токтоо, жайдары көрсөткүм келип, аны күтпөгөн адамча, салмактyy басып барып эшикти ачтым. Бир, мага окшогон бирөө «Киши десем [moderated] экен» дегендей, Султан келген экен дел көөдөнүм көк тиреп кетсе, уулум болуп калса болобу. Баламды көрүп, бир башкача болуп ындыным өчүп, томсоро түшкөн окшобоймунбу. Анын үстүнө, дегеле Султан үйгө түштөнүүгө келүүчү эмес. Балам да дароо байкады мени.
- Ыя апа, мени келет деп эч күтпөсөң керек ээ? Уулунду көрүп чочуп кеттиң да.
Эмне айтаарымды билбей актана сүйлөдүм.
- Койчу балам, эмнеге чочумак элем. Түшкү дем алыш бат эле болуп калдыбы? Келем деп звандап койсоң тамак даярдап койбойт белем.
-Жок, апа, түшкү дем алышка дагы эки саатка жакын убакыт бар. Мен бир адам жөнүндө өзүңүз менен эне-балача сүйлөшөйүн деп келдим. Кайра эле кетем азыр. Бүгүн иш карайбыз түштөн кийин. Кишилерди чакырып койдум. Тааныша турган делолор бар.
- Антип ишиң тыкыр болуп жатса, мени менен сүйлөшө турган кандай соз, кандай жумуш чыгып калды?
«Кудая тобо, бул бала мени менен эмне жөнүндө сүйлөшөт болду экен?» деп ойлоп, жүрөгүм дүпөйүл болуп турду.
-Ошондой болуп калды апа. Баяртең жумушка барсам, Мария апа мени күтүп туруптур.
«Мария жинди болгонбу» деп ойлоп аңкая түштүм.
- Эмнеге күтөт?
- Бая күнү сиздер менен чогуу келген Султан деген киши менин атам турбайбы, ээ?
Султандын сөзүн угуп, кайратыма келе түштүм. «Атасы экени чын болгондон кийин эмнесин жашырам» деп ойлоп.
_ Ооба, атаң! - дедим, шилекейим кургап, тилим күрмөөгө келбей.
-Тиги апа ошого келиптир. Ал кишинин мени менен таанышсам, деген ниети бар экен. - Султан унчукпай калды тунжурап. - Мен ал кишиден бая күнү, биринчи көргөндө эле шектенгем. Бардыгы эсимде апа. Менин атымдын эмне үчүн Султан болуп калган себебин сиздин өз оозуңуздан укпадым беле. Сиз ал байыңызды жакшы көрөөрүңүздү да, сүйөөрүңүздү да билем. Атамдын айттырган сөзүн угуп туруп, сизге айтпай кечке чыдай ала турган эмесмин.
- Тобо, ушунчалык сабырың жок, шашма экенсиң ээ балам. Кудайга шүгүр, мен дагы Султанды бирдеме болгон экен деп коркуп кеткенимчи. Ата болгондон кийин айтат да балам менен таанышайын деп.
- А таанышпай эле койсом эмне болот, ыя апа! Атасыз эле өсүп, атасыз эле ушул жашка келбедимби.
Дароо денемди калтырак басты. Мен бул баланы, өз атасын мындай кабыл алат экен деп эч ойлогон эмесмин. Атадан көзү каткан армандуу бала, Султандын ата экенин билсе, жумулуп кетет деп ойлогон турбаймынбы. Уулумдун керемек сөзүн угуп эмне дээримди билбей буйдалдым:
- Анан Мария эжеңе эмне деп айттың?
- Апам менен кеңешейин дедим. Ойлоп көрүңүзчү, андай эле бала үчүн күйгөн, баланын тагдырын ойлогон күйүмдүү ата болсо, бая биз куурап казактарда тентип, кийсе кийимге жетпей, ичсе тамакка жетпей, жат бирөөнүн запкысында жүргөндө, ал киши кайда жүрдү эле?! Баласы бар экенин билгенден кийин, эмне үчүн сурамжылап издеген жок болду экен? Эми, минтин эрезеге жетип, бутумдан туруп адам болгондон кийин «балам» деп...
- Бүкүр менен жашап, бүкүрдүн баласы болуп калды деп ойлоду да. Казакстан деген учу-кыйырына коз жетпеген, баш-аягы жок республиканын кайсы шаар, кайсы район, кайсы бурчунан издейт эле? Эгерде биздин дайыныбызды билип туруп, кайрылбай койсо, күнөөлөсөк болот эле. Азыркы сенин дооматың жүйөөсүз доомат, балам.
- Ал кишинин максаты жалгыз эле мени менен таанышуубу, же башка да ой-максаты бар бекен?


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#260 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Июнь 2016 - 15:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Кандай ой-максатын айтып жатасың?
- Балким сиз менен кайра баш кошуп жүрбөсүн дейм да. Аялы жок жесир чал тура. Даяр бала, даяр аял! Балким, сиз менен курортто тил табышып, макулдашкан сөзүңөр болсо, жашырбай ачык айтыңыз?
- Дагы эмне дейсиң?
- Эчтеке дебейм. Карыганда күйөөгө тийүүнү, сиз өзүңүз деле каалабасаңыз керек. Же жалган айтамбы?
-Бул эмне деген сөзүң балам? Же Сырга өзү макул болду, деп айтыптырбы, Марияга?
- Андай сөз жок.
- Сөз жок болсо, эмне деп сүйлөп жатасың?
-Мен өзүм айтып жатам.
- Аа, өзүм айтып жатам дечи. «Кадыры жок, жаман эне менен, акылман баланын сүйлөшкөн сөзү мындан башкача болбосун» билем.
- Антип катуу кетпечи, апаке. Болуптур, сен эле билчи, мен эми эмне кылышым керек? Эмне деп жооп айтайын?
- Өзүң бил. Сен мага акыл үйрөтпөсөң, мен сага акыл үйрөтө турган мезгил эмес...
Баламдын сөзүн угуп, муздай тоңуп турдум. Мен деги Султанга болгон акыркы үмүтүм таш каап, аны менен экинчи көрүшпөөчүдөй болуп, ичим туз куйгандай ачышып өлөөрүмдү санап кеттим. Санаам бузулгандан бузулуп, башымдан өткөн бактысыз күндөр коз алдымдап кербендей чубашып, биринин артынан бири өтүп жатты. Канчалык ал картинаны эстегим да, көргүм да келбей, өзүмдү-өзүм алаксытууга, аракет кылганым менен, ой санаам оңолбой, баякы элс көнгөн көйгөйдөн чыга албай маталып жаттым. «Бул дүйнөгө адам болуп жаралып эмне жакшылык көрдүм. Өзүм үчүн эмес, балам үчүн, Султан үчүн үмүт менен жашап ушул жашка келдим. Эми, жарыгама алыстан бүлбүлдөгөн жакшылыктын шооласын көрүп, мындан аркы калган күн, калган өмүрүмдү өзүм каалагандай өзүм сүйгөн адамым менен жашап өткөрөм го десем, ал оюм да ордунан чыкпай калган тура» деген сары убайым көөдөнүмдү эзип, жакшылыктан үмүтүм биротоло үзүлүп, жашоодон тоюп турдум. Ошол саамда өзүмдү жаман сезип турганымды билип, өз бөлмөмө кирип жыгылайын деп ойлоп, ордумдан турганымды бир билем.
Бир кезде көзүмдү ачсам, жанымда врач, медсестра турганын көрүп, өзүмдүн диванда жатканымды билдим. Султан болсо колдорумду ушалап, карышкан манжаларымды жазып жаткан калыбында, ыйламсырады:
- Ой апа, мен сизди кантээр экен деп тамаша кылбадым беле. Ошого да киши капа болуп, ушинтеби? Жүрөгүмдү түшүрүп салдың. - Жаагын жаагыма тийгизип, бетимден өптү. - Кечирип койчу апаке!
-Биз кеттик — деди врач. — Башка жакта да чакырык бар. Апаңыз жакшы болуп калды, кудай сактасын эми. Кокустан оорусу кайталана турган болсо, телефон чалып чакыраарсыз. Эмне үчүндүр, бул кишинин жүрөгү да, каны да бузулуп, жедеп оорукчал болуп бүткөн киши тура. Эмне, бирдемеге капа болду беле? Көп келип жүрүп апаңызды билип калдык.
- Жок, жок, эч нерсеге капа болгон эмесмин, -дедим озуна сүйлөп.
- Сизге капа болууга болбойт, эже.
Султан врачтар кеткенден кийии, жаныбыздагы коңшу аялды алып келди:
- Апа, сен жакшы эс алганыңча, бул киши жанында олтуруп турсун. Мен Мария эжеге барып, машина менен жиберем. Келиниңди «апам ооруп калды, үйгө кел» деп айтайын десем, комиссия менен районго кетип калыптыр.
Жаңы кирген кошуна аял үстүмө түшө үйрүлдү:
- Бир нерсеге капа болгонсуз го, ыя кошуна. Каап, ырас жүрдүңүз эле.
- Жок, капа деле болгон жокмун. Ушул үйдө капа боло турган иш барбы?
- Тирүү адам болгондон кийин болот да ар кандай. Бул талма деген дарт көңүлгө жараша болоорун билебиз.
- Күнөө менде болуп калды, - деди кетүүгө камынып жаткан Султан, - «Чылпагын алам деп көзүн чукуп алган» сыяктуу, апамды чычалатам деп, байкоостон өзүм капа кылып алдым. Мындан ары такыр мындай болбойт. Аз айып, көп күнөөм болсо кечирип кой, апа. - Кайталап бетимден дагы опту.
Аял Султан экөөбүздү карап туруп башын чайкады:
- Аа, катыгүн, «Кыламыктан бут сынып, буламыктан тил сынаарын» билбейсиңби, садага. Энеңдин ден соолугун билип туруп, бекер кыласың. Кокус өлүп калса эмне болот? Акыйкаттын ээси деген акылдуу бала, сен ошентип апаңды капа кылсаң, акылсыз башка балдар эмне кылбайт. Оо, куруп кетсин, эненин баркын бала билмек беле.
- Ошон үчүн кечирим сурап жатпаймынбы.
- И, сура кечирим.
- Сурайм эжеке, сурайм...
Ошондогу эне менен бала ортосундагы өткөн ата жөнүндөгү окуя, Султан экөөбүздүн тилегибизди тилегибизге, оюбузду оюбузга бириктирген алтын данакер болду, эжеке.
- Анан эмне болду, атасы экөө кандай беттешти?
Иш карай турган убактысы болуп калып, Марияга жумуш күнү аяктаганда барып шаштырыптыр:
- Сизге келдим эжеке. Апамдын баякы кармабай жүргөн талмасы кармап, жүрөгүмдү түшүрүп салды. Жүрүңүз.
- Эмне дейт каранкүн, деги жакшыбы? Бирдемеге капа болду беле?
- Эртең мененки сиз мага айткан сөз боюнча, өз оюмду айтам ден оорутуп алдым. Чыным менен деле айткан жок элем, апамды кантээр экен дегем.
- Катуу айткансың го, катыгүн?
- «Келген кепти келин айтат» дегендей, биз куурап тентип-тербип жүргөн убакта, ал киши кайда жүрдү эле. Койчу апа, атасыз туулуп, атасыз өскөн жаным, аты жакшы атасыз эле жашайм. Картайган кезиңде сага деле эрдин эмне кереги бар. Мен келгенче айтаар жообуңду белендеп, кабыргаң менен кеңешип тур, -деп залга кирип кеттим. Кайра чыксам, апам жерде жатат. Кудай акы талмасынын кандай кармаганын билбей калдым.
- Эми кандай?
- Үйгө телефон чалсам, аялым келиптир. Апамды сурасам, жатып алып өзүнөн-өзү ыйлап жатат дейт. Акылыңызды айтыңызчы, эмне кылышым керек. Курортто ал киши менен чогуу болуптурсуңар. Деги кандай киши экен?
- Алдын ала айтып коёюн, атаңдын адамкерчилигинде чек жок экен. Түшүнсөң апаң али келин бойдон. Бир гана арылбаган шору ден соолугунун жоктугу. Ачыгын айтсам, апаң Султанды сүйөт. А Султан болсо апаңды сүйөт. Билесиңби, ал киши курортко ким үчүн барганын? Жердин алыстыгына карабай учуптур го бечара.
- Ким үчүн барыптыр?
- Сырга үчүн барыптыр. Апаңдын курортко кеткенин ушул эле өзүңдүн кошуналарыңдын биринен угуп, отпуска алып, путёвка таап, «айрыпуланга» түшүп аркырап жөнөптүр го учкан бойдон. Сырганын көңүлүн котөрүү үчүн, талаада, тар жер, тар эшикте жүрүп эмнелерди гана кылбады. «Конгон жерине кой союп, түштөнүүгө тай сойгон» жигиттердин бири экен атаң. Атайы камынып барган окшойт, апаң үчүн дүнүйөнүн көзүн карабай чачты пулду.
Билесиңби Султан, эгерде апаң менен атаң чогуу жашаса Сырга кайрадан жашарын, кайрадан ден соолугу калыбына келет, балам. Аялынын кайтыш болгонуна он жылдан ашыптыр. Ошондон бери үйлөнүү оюна келбептир. Апаңды көрдүң го кандай өзгөрүп, кандай оңолуп келгенин. Сага деле ата, ага-тууган керек да балам. «Өөдө чыксаң өбөк, ылдый түшсөң жөлөк» болгондон башка, сага зыяны тийбейт атаңдын. Мен ушинтип ойлоп калдым. «Жамандын айтканы келбесе да, сандырактаганы келет» дегендей, мага ишенип кой. Курортто атаңдын аркасы менен жалгыз Сырга эле эмес, мен да кошо жыргап жүрүп келдим. Апаң ал жерде ооруну унутуп калган болуучу. Айтып олтурса экөө Төлөгөн менен кыз Жибектин экинчи түгөйү экен. Сырганын мындан аркы өмүрү, кейиштүү болбосун десең, атаңды ата деп, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» оокат кылгыла. «Эр жигит элин табат, элсиз тексиз жигит болбойт» Султан балам. Ансыз да бир уядан жалгыз экенсиң. Сырга акылдуу аял. Апаңдын ою менен бол. Капа кылба. Ал эми атаңдын аты да Султан, заты да Султан экен. «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» дегендей, экөөнү көрүп олтуруп, мындан аркы тур-


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: