Гиршпрунга оорусун уккансыңарбы?
менин кошнам ушул оору менен ооруйт.бир эле мен бул оору менен ооруйм деп кайгыра берет.укканыңарды айта кетсеңер?.айыкканында?
Баракча 1 - 1
Гиршпрунга оорусун уккансыңарбы? Гиршпрунга оорусун уккансыңарбы?
#3 30 Июнь 2013 - 22:51
Атыда шумдуккен,укпаптырмын.
Кантип ооруйт,каери ооруйт,же жара сыяктуубу,же параличпи,минингит сыяктуубу,кененирээк жаза кетчи бизда кабардар бололу.....?!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#4 04 Апрель 2015 - 21:25
менин уккакндарым боюнча ичегинин оорусу б.а. непроходимость ичегидеги
#5 04 Апрель 2015 - 22:52
Бул оору менен жаш балдар торолуп атышат акыркы убакта.Ичегиси туюк болуп торолуп бала тезегин чыгара албай ото кыйналат экен натыйжада ичи да кооп кетет экен ыйына берип,ото кыйын эми койчу кудай сактасын.Менин синдимдин экинчи уулу ушундай оору м..н торолуп аябай кыйналышта 3жолу операция кылып зорго айыкты операцияны да 6айга толгондо анан кылышат экен ага чейин клизма кылып зорго карады синдим,азыр бир жаш болоюн деп калды сакайды кудайга шугур
#6 05 Апрель 2015 - 00:46
Билбейм
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#7 11 Июнь 2016 - 22:55
Саламатсынарбы форумчулар менин иним 2.5жашта төрөлгөндөн бери ичи катат больницага барсак гришпрунга деп диагноз коюшту буну операция менен гана даарылаш керек экен кайсы жерде операцияны жакшы жасайт жана канча убакытта толук айыгат сураныч жазып коюнуздарчы биз аябай кыйналып жатабыз.
#9 03 Июль 2016 - 12:33
Гиршпрунга оорусун Бишкекте операция кылат.операция анчалык оор эмес экен.Бишкектеги чоң больницаларга алып барыңыз.Жоон ичегенин бир жери кичирейип бүрүшүп калатда анан тамак калдыктары өтпөй топтоло берет.Койук жана ичти катыруучу тамактарды көп бербеңиз.суйук тамак бериңиз.Бүрүшкөн ичегиден суйук тамактын калдыктары азмаз өтүп турат.Тезинен операция кылдырыңыз болбосом балаңыздын кийинки жашоосу кыйын өтүшү мүмкүн
#11 05 Июль 2016 - 10:00
Бишкекте Жал микрорайонунда жайгашкан балдардын ооруканасына алып барсаныз.Ал жерде эн кучтуу адистер эмгектенет жана балдарга тиешелуу бардык операциянын туру жасалат деп айтылат
#12 05 Июль 2016 - 10:24
Жалпак тил менен айтканда, жоон ичегинин кыртышында ичегинин кыймылын жөнгө салуучу функцияны камсыздоочу нерв клеткалар жок болуп калат. Натыйжада запор пайда болот. Операция кылууда ошол өз функциясын аткара албаган ичеги бөлүктөрүн кесип салышат.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 05 Июль 2016 - 10:27
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#13 05 Июль 2016 - 13:38
Кудай сактасын эми.Чон адам канча болосун запор болгондо.Байкуш балдарга боорум ооруду.
Баракча 1 - 1