Мария эженин сөзүн угуп Султан күлүптүр:
- Курорттон мурда эле, өз боюн өзү сылап, кийбеген кийимдерин кийип жасанып калганынан, абышкасы менен табышып калганын билбей эле, ичимден кубанып жүргөмүн. Көрсө чалын таап, көңүлү көтөрүлүп, кубанычта жургөн тура. Эми эмне дейбиз ыя Мария эже?!
- Эми демек элек, «эки жашка» ынтымак-ырашкер, узун өмүр, бактылуу турмуш берсин дейбиз.
- Ал киши атайы сизге барган экен да.
- Ал эле дейсиңби, мен сага барып, сүйлөшүп келгенден кийин, энтеңдеп дагы келиптир. «Сыргага телефон чалып алалбай койдум. Бир жакка кеткенин билген жок белеңиз?» деп сураганынан: - «Сиздин айт деген аманатыңызды уулуңузга айттым. Ал эми Сырганын үйдөгүсүн, үйдө жоктугун, сураган эмесмин» деген болчумун.
- Аа, ооба, ооба, трубка туура эмес коюлуп калыптыр. Мейли эжеке, апам каалагандай эле болсунчу. Апамдын кубанганы менин кубанганым. Эгер өз атам болбой, башка киши болгондо, апамдын этегин карматпайт болчумун. Мен апамсыз туралбайм, макул болсо ал киши биздин үстүбүзгө келсин, - дептир Султан. Уулумдун бул сөзүн уккан Мария эже, эмне деп айтаарын билбей чочуп кеткен имиш.
- Ой айланайын ошол кантип болсун? Үй-жайлуу токтолуп калган киши, күч күйөөдөн бетер силердин үстүңөргө кантип кирсин - деп.
- Ай байкуш балам, оз ата болмоктон, андан аркы болсо да, анча-мынча киши болсо билбейм, өзү айткандай макул болот беле, болбойт беле, ким билсин. Деги Султандын жылдызы, анын аталык мээрими тартты го. Канча кылса каны бир ата экен да. Анын үстүнө менден да коркту. Оорукчан неме, жакшы көргөн жарынан эми экинчи ажыраса өлүп калабы дедиби, билбейм.
- Анан эмне болду? - дедим мен окуянын аягын угууга шашып. - Атасын уулу чакырдыбы, же атасы уулун чакырдыбы? Тойду кимиси берди?
-Султан берди. Бизди айлына чакырды. Үй-бүлөбүз менен чогуу алып кетишти келип. Мен мындай салтанат болот экен ден ойлогон эмес болчумун. Тозгон элден жер дүңгүрөйт. Машинадан түшөөрбүз менен тегеректеп калышты. Бир кезде ар жактан басып келген Султан уулуна, арнап туугандарга айланта сыдыра карап:
- Мына бул жаман немени араңарга кошуп алгыла, журт. Эртеңки күнү, тааныбай калбасын ден ортоңорго алып келип, той бергени олтурам. Бул тойду жеген да арманда, жебеген да арманда. Бир киши кетпесин, укпай калдык деген үзүр-мазар сөз болбосун эртең мага. - Султан анан уулуна карады. - Кагылайын каралдым, мына бул турган элдин баары, сенин канат-куйругуң, аталарың, агаларың, инилериң, эже-карындаштарың, жеңе-желпилериң. Тагдыр деген та-таал персе тура. «Учу бирге жазылат, түбү бирге ко-шулат» деген ушул. Оо, агайын-тууган, бул бала жалгыз эле менин балам эмес, силердин да балаңар, -деди. Анан мага бурулду. Уулду тапкан сенсиң Сырга. Жалгыз жарым, бирөөнүн эли, бирөөнүн журтунда жүрүп, уулду уулдай тарбиялап, атасыздын кийимин кийгизбей, атасыздын ашын ичирбей адам кылып, эл-журтуна кошуп, ата менен баланы бир-бирине табыштырып олтурган сага, өмүрүм өткөнчө карызмын. Угуп койгула, балаңардын аты Султан!
- Эмне дейт, Султан дейби?
- Ооба, атайын Султан деп коюптур апасы.
- Анда, деди бир карыя, каркайып алдыга чыгып, - Султан эмес, Султанбек болсун, бул баланын аты.
Тургандар дуу дей түштү.
- Туура, туура, Султанбек болсун, карыя туура айтат. Кана, ошон үчүн бата кылып койсок кантет.
- Оми-и-ин, ак жолтой болсун!
- Мына бул өпкө чабуучу улакка да бата кылынабы? - деди улакты жетелеп келген бала.
- Бата кылбай коюучу беле? Бул улактан кийии, ата салты боюнча кудайга жалынып айтуякка чалуучу ак боз бээни бери алып келгиле. Союлуучу малдыи баарына бата кылыш керек.
Султан баласын коздой басып келип барк этти:
- Балам!
- Ата!
Экөө кучакташып калышты...
-Ошентип Султанбектин тою баш-аягы бир айга созулду.
-Эми кандай ата-баланын бир-бирине болгон мамилелери? Жакшыбы деги?
- Жакшы болбой анан. Башка өскөн бала, деги башкалык кылбай койбойт экен. А дегенде бой салбай кайдыгер эле жүрдү. Бирок, Султан мурда аткарылбай калган аталык кызматын аткарып жакты. Аркыратьп алдына машина алып берди. Үйдө болсо баякыдай өлчөп-бычып, ченеми менен аярлап оокат кылуучу мезгил жок, май көл, сүт кол орногонсуду да калды. Ошентип Султандын аркасы менен корбөгөндү көрүп, ичпегенди иче баштадык. Казакстандан Турдайым эжени баш кылып, куда-сөөгүн бүт чакырды.
- Колунда бар экен да?
- Бар экен. Сарамжалдуу жашаптыр.
- Небереңиз кимде?
-Өздөрүндө. Уулум мурда эле мени аяп, баланы ымыркай кезинде киши жалдап бактырган. Дем алыш сайын Султан өзү барып алып келип турат. А Султанбек болсо, жумуштан чыкканда мында тиймейинче кетпейт. А Султан болсо баласын сагынып, бир күн көрбөй калса жол тозуп күтө берет.
- Кандай үйдө турасыңар?
- Мени менен сөзү бүтүп, баласы менен табышкандан кийин, өкмөттөн бардык ыңгайлуулугу бар көп кабаттуу үйлөрдөн үч бөлмө там алыптыр. Улуу Ата Мекендик согушта алган ордендери менен медалдарынын пайдасын үй алганда көрүптүр. Мени ошол жаңы алган үйүнө алып барды.
- Кыйын жигит экен ээ, акылдуу. Кыз-күйөөсүнүн, же берки балдарынын үстүнө алып баргысы келген эмес экен.
-Мени жаңы үйгө алып барарын мурда билген эмесмин. Сөз бүтүп, иш машагына жеткенде айтты мага. Шаардагы кыз-күйөөсү эстүү адамдар экен. Мени тозуп алгандар да,күтүп алгандар да ошолор болду, келген-кеткендерди да ошолор узатты. Эркингүл экөөбүз ынтымактуу болуп кеттик. Ал бир жолу Султанды автобустан көрүп таң калыптыр. «Кудая тобо, биздин тукумга окшош жигит экен. Кудум эле атам», - деп таңданаа карап турган кезинде, жанындагы келинчегии экөөнүн казакча сүйлөшкөнүн угуптур. Эркингүл бейтааныш жигиттин кыймыл-аракетине, кебете-кешпирине берилип, суктана карай туруп өз аялдамасынан кандай өтүп кеткенин да билбей калыптыр. Андан кызыгы, Султан түшкөн аялдамадан, жөндөн жөн эле, эчтеке ойлобой Эркингүл да, сүрдүгүп кошо түшүптүр. Машинадан чыгып эки жагын караса шаардын кичи ройондорунун бирине өтүп кетиптир. Ошол кезде тиги атасына окшогон бейтааныш жигит өтүп баратып токтоп калып, кимдир бирөөгө салам айтканын угуп, алар узай бергенде, тигил кишиден сураптыр:
- Кечиресиз, аксакал, тигил сиз менен саламдашкан жигит ким?
- И, ал жигит Жогорку сотто тергөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Менин кошунам, бир подьездде турабыз! - деп сыймыктана жооп бериптир.
- Казакпы?
- Жок, кыргыз эле, балам. Келинчеги казак, -дептир.
Эркингүл Султанды көргөндө эле, тааныптыр. Кудаи кут кылса экен, иним деп үзүлүп түшүп турат.
Ушунтип Сырга экөөбүз узун сабак сөзгө түшүп басып жүрүп, убакыттын канча болгонун да билбей калыптырбыз. Ар жактан бизди көздөй каалгый басып келаткан Султан менен Шарапатты көрүп токтодук...
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 08 Июнь 2016 - 16:09