Суперстан: "АРМАН" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"АРМАН" Зуура СООРОНБАЕВА

#261 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Июнь 2016 - 16:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

муштары бактылуу болсо экен деп тилек тилеп жүрдүм. Бирок, кудай жалгап оорусу кармаган жок.
Мария эженин сөзүн угуп Султан күлүптүр:
- Курорттон мурда эле, өз боюн өзү сылап, кийбеген кийимдерин кийип жасанып калганынан, абышкасы менен табышып калганын билбей эле, ичимден кубанып жүргөмүн. Көрсө чалын таап, көңүлү көтөрүлүп, кубанычта жургөн тура. Эми эмне дейбиз ыя Мария эже?!
- Эми демек элек, «эки жашка» ынтымак-ырашкер, узун өмүр, бактылуу турмуш берсин дейбиз.
- Ал киши атайы сизге барган экен да.
- Ал эле дейсиңби, мен сага барып, сүйлөшүп келгенден кийин, энтеңдеп дагы келиптир. «Сыргага телефон чалып алалбай койдум. Бир жакка кеткенин билген жок белеңиз?» деп сураганынан: - «Сиздин айт деген аманатыңызды уулуңузга айттым. Ал эми Сырганын үйдөгүсүн, үйдө жоктугун, сураган эмесмин» деген болчумун.
- Аа, ооба, ооба, трубка туура эмес коюлуп калыптыр. Мейли эжеке, апам каалагандай эле болсунчу. Апамдын кубанганы менин кубанганым. Эгер өз атам болбой, башка киши болгондо, апамдын этегин карматпайт болчумун. Мен апамсыз туралбайм, макул болсо ал киши биздин үстүбүзгө келсин, - дептир Султан. Уулумдун бул сөзүн уккан Мария эже, эмне деп айтаарын билбей чочуп кеткен имиш.
- Ой айланайын ошол кантип болсун? Үй-жайлуу токтолуп калган киши, күч күйөөдөн бетер силердин үстүңөргө кантип кирсин - деп.
- Ай байкуш балам, оз ата болмоктон, андан аркы болсо да, анча-мынча киши болсо билбейм, өзү айткандай макул болот беле, болбойт беле, ким билсин. Деги Султандын жылдызы, анын аталык мээрими тартты го. Канча кылса каны бир ата экен да. Анын үстүнө менден да коркту. Оорукчан неме, жакшы көргөн жарынан эми экинчи ажыраса өлүп калабы дедиби, билбейм.
- Анан эмне болду? - дедим мен окуянын аягын угууга шашып. - Атасын уулу чакырдыбы, же атасы уулун чакырдыбы? Тойду кимиси берди?
-Султан берди. Бизди айлына чакырды. Үй-бүлөбүз менен чогуу алып кетишти келип. Мен мындай салтанат болот экен ден ойлогон эмес болчумун. Тозгон элден жер дүңгүрөйт. Машинадан түшөөрбүз менен тегеректеп калышты. Бир кезде ар жактан басып келген Султан уулуна, арнап туугандарга айланта сыдыра карап:
- Мына бул жаман немени араңарга кошуп алгыла, журт. Эртеңки күнү, тааныбай калбасын ден ортоңорго алып келип, той бергени олтурам. Бул тойду жеген да арманда, жебеген да арманда. Бир киши кетпесин, укпай калдык деген үзүр-мазар сөз болбосун эртең мага. - Султан анан уулуна карады. - Кагылайын каралдым, мына бул турган элдин баары, сенин канат-куйругуң, аталарың, агаларың, инилериң, эже-карындаштарың, жеңе-желпилериң. Тагдыр деген та-таал персе тура. «Учу бирге жазылат, түбү бирге ко-шулат» деген ушул. Оо, агайын-тууган, бул бала жалгыз эле менин балам эмес, силердин да балаңар, -деди. Анан мага бурулду. Уулду тапкан сенсиң Сырга. Жалгыз жарым, бирөөнүн эли, бирөөнүн журтунда жүрүп, уулду уулдай тарбиялап, атасыздын кийимин кийгизбей, атасыздын ашын ичирбей адам кылып, эл-журтуна кошуп, ата менен баланы бир-бирине табыштырып олтурган сага, өмүрүм өткөнчө карызмын. Угуп койгула, балаңардын аты Султан!
- Эмне дейт, Султан дейби?
- Ооба, атайын Султан деп коюптур апасы.
- Анда, деди бир карыя, каркайып алдыга чыгып, - Султан эмес, Султанбек болсун, бул баланын аты.
Тургандар дуу дей түштү.
- Туура, туура, Султанбек болсун, карыя туура айтат. Кана, ошон үчүн бата кылып койсок кантет.
- Оми-и-ин, ак жолтой болсун!
- Мына бул өпкө чабуучу улакка да бата кылынабы? - деди улакты жетелеп келген бала.
- Бата кылбай коюучу беле? Бул улактан кийии, ата салты боюнча кудайга жалынып айтуякка чалуучу ак боз бээни бери алып келгиле. Союлуучу малдыи баарына бата кылыш керек.
Султан баласын коздой басып келип барк этти:
- Балам!
- Ата!
Экөө кучакташып калышты...
-Ошентип Султанбектин тою баш-аягы бир айга созулду.
-Эми кандай ата-баланын бир-бирине болгон мамилелери? Жакшыбы деги?
- Жакшы болбой анан. Башка өскөн бала, деги башкалык кылбай койбойт экен. А дегенде бой салбай кайдыгер эле жүрдү. Бирок, Султан мурда аткарылбай калган аталык кызматын аткарып жакты. Аркыратьп алдына машина алып берди. Үйдө болсо баякыдай өлчөп-бычып, ченеми менен аярлап оокат кылуучу мезгил жок, май көл, сүт кол орногонсуду да калды. Ошентип Султандын аркасы менен корбөгөндү көрүп, ичпегенди иче баштадык. Казакстандан Турдайым эжени баш кылып, куда-сөөгүн бүт чакырды.
- Колунда бар экен да?
- Бар экен. Сарамжалдуу жашаптыр.
- Небереңиз кимде?
-Өздөрүндө. Уулум мурда эле мени аяп, баланы ымыркай кезинде киши жалдап бактырган. Дем алыш сайын Султан өзү барып алып келип турат. А Султанбек болсо, жумуштан чыкканда мында тиймейинче кетпейт. А Султан болсо баласын сагынып, бир күн көрбөй калса жол тозуп күтө берет.
- Кандай үйдө турасыңар?
- Мени менен сөзү бүтүп, баласы менен табышкандан кийин, өкмөттөн бардык ыңгайлуулугу бар көп кабаттуу үйлөрдөн үч бөлмө там алыптыр. Улуу Ата Мекендик согушта алган ордендери менен медалдарынын пайдасын үй алганда көрүптүр. Мени ошол жаңы алган үйүнө алып барды.
- Кыйын жигит экен ээ, акылдуу. Кыз-күйөөсүнүн, же берки балдарынын үстүнө алып баргысы келген эмес экен.
-Мени жаңы үйгө алып барарын мурда билген эмесмин. Сөз бүтүп, иш машагына жеткенде айтты мага. Шаардагы кыз-күйөөсү эстүү адамдар экен. Мени тозуп алгандар да,күтүп алгандар да ошолор болду, келген-кеткендерди да ошолор узатты. Эркингүл экөөбүз ынтымактуу болуп кеттик. Ал бир жолу Султанды автобустан көрүп таң калыптыр. «Кудая тобо, биздин тукумга окшош жигит экен. Кудум эле атам», - деп таңданаа карап турган кезинде, жанындагы келинчегии экөөнүн казакча сүйлөшкөнүн угуптур. Эркингүл бейтааныш жигиттин кыймыл-аракетине, кебете-кешпирине берилип, суктана карай туруп өз аялдамасынан кандай өтүп кеткенин да билбей калыптыр. Андан кызыгы, Султан түшкөн аялдамадан, жөндөн жөн эле, эчтеке ойлобой Эркингүл да, сүрдүгүп кошо түшүптүр. Машинадан чыгып эки жагын караса шаардын кичи ройондорунун бирине өтүп кетиптир. Ошол кезде тиги атасына окшогон бейтааныш жигит өтүп баратып токтоп калып, кимдир бирөөгө салам айтканын угуп, алар узай бергенде, тигил кишиден сураптыр:
- Кечиресиз, аксакал, тигил сиз менен саламдашкан жигит ким?
- И, ал жигит Жогорку сотто тергөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Менин кошунам, бир подьездде турабыз! - деп сыймыктана жооп бериптир.
- Казакпы?
- Жок, кыргыз эле, балам. Келинчеги казак, -дептир.
Эркингүл Султанды көргөндө эле, тааныптыр. Кудаи кут кылса экен, иним деп үзүлүп түшүп турат.
Ушунтип Сырга экөөбүз узун сабак сөзгө түшүп басып жүрүп, убакыттын канча болгонун да билбей калыптырбыз. Ар жактан бизди көздөй каалгый басып келаткан Султан менен Шарапатты көрүп токтодук...

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 08 Июнь 2016 - 16:09


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#262 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Июнь 2016 - 18:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Мен Акылбектин кабарын угуп, өзү менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн тартып, көрүшүүчү күндөр көздөн учуп жүргөн кезде, эки облустун ортосундагы социалисттик мелдештин жүрүшүн текшерүү үчүн, ал жактан бул жакка, бул жактан ал жакка делегаттар бара турган болуп калдык. Ойдо жок жерден оңдой берди болуп, областтык газетадан мени жиберип калса болобу. Ошондогу кубанычым ай, көңүлүмдө мен өзүм эле змес, жалпы эле делегация жалгыз эле Акылбек үчүн, Акылбектин иштеген ишин, анын кандай орошон дыйкан, кандай агроном болгонун көрүш үчүн бараткандай, кыялымда өзүмчө сезип, толкундоодон көңүлүм көккө сермелет. Жолдо баратып өзүмчө ойго батам. Акылбек жөнүндө жакшы сөз, жакшы кабар угууну эңсейм. Иштеген ишинин ийгилигин көрүп кубангым, мактангым келет. Кокустан мелдешти текшерүүнүн жүрүшүндө, ал иштеген чарбада иш начар болуп калса, эмне болот, деп ойлоп кетсем, тим эле санаам самандай сапырыла түшөт. Анда Акылбек үчүн, анын өзү эмес эле, мен уятка калып, заабадай болгон ушунча адамдын ичинде беделим түшүп, мелдештен жеңилип калуучудан бетер тынчсыздана берем.
Жайдын толуп турган кезинде мындай чоң топ менен жол жүрүүнүн өзү, өзүнчө эле ракат эмеспи. Баарынан да мага өзгөчө жакканы бөлөк-бөлөк бөлүнбөй, бир машинада чогуу баратканыбыз болду. Автобустун таза, жумшак орундуктарында чайналып, терезеден теребелден көз албай карегибиз кардыкканча карай беребиз. «Көргөн жерден, көрбөгөн жер жыргалдуу» дегендей, Ысык-Көл артта кадып, Балыкчыдан чыгып, Нарын облусун бет алгандан баштап, баарыбыз тең башка дүйнө, башка жаратылыштын кучагына киргенсип, жүрөгүбүз көөдөнүбүзгө батпай дик-дик согуп, кош карегибиз жайнап, жаратылыштын марттык менен тартуулаган кооздугуна суктана карап ракатка батабыз. Мен сумкамды ачып, атайы ала чыккан дүрбүмдү колума алып, тээ алыска-алыска көз чаптыра карайм. Дасторконго чачкан чакмак канттай болуп, жайлоонун бетегеси белден бураган бетин бербеген короо-короо койлор, үйүр-үйүр жылкылар улуамдан улам биринен сала бири бет алдыма тартылып, жаратылыштын сулуулугуна сулуулук, көркүнө көрк кошконсуп көрүнөт. ар кай жерде бири-бирине жамааташ тигилген жумурткадай болгон чатырдай аппак боз үйлөр , желе-желе кулундар, ылаалаган бээлер көзгө урунат. Бирөөлөр самоор коюп жатса, бирөөлөрдүн кемегесинен чыккан уюлгуган каракочкул көк түтүн, асманга көтөрүлө түшүп, жайылып барып жок болот.
-Тээтигиндеги бир ак жоолукчан, кош этектүү, көгала гүлдүү көйнөк кийген жаш келин самоор тамыза албай убараланып, аябай түйшүк тартып жаткан экен бечера. Кайра-кайра эле самоордун кернейин бир алып, бир кийгизет- дедим бир демге тиктеп туруп.
-Кана, кана, берчи дүрбүңдү, кайсы келинди айтып жатасың?-деди, мени арт жагымдагы орундукта олтурган бирөө, мага кол сунуп.
-Мына көрүңүз!
-Ой-и-й, эмнеге эле жыргап жатат десем, тим элн укмуштай сонун дүйнөнү көрүп жаткан турбайсыңбы. Мен, азыркы самөө тамыза албаган жүдөө келинди көрөйүң дебедим беле! Кайда ал!
-Тигил жакты караңыз. Тээ топ карагайдын бери жагындагы желени көрдүңүзбү?
-Аа, көдү, көрдүм. Эки боз үй жанаша тигилген экен. Анда келин эмес, кемпир жок эле турат? Балдарлуу немелер окшойт. Аа, үйүнө кирип кеткен тура, тигине эми чкты. Тестиер бала самоордун жанына келип, кернейин алып ыргытты. Сыягы таптакыр өчүп калган болуш керек. Келин уулуна бирдеме деп сүйлөгөн болуп коюп, түз эле желени көздөй басты. Колунда көнөгү бар экен. ар жактан атчан адам келди. Үй ээси го ыя, аттан түшүп , чылбырын мамыга чалды да, түз эле аялдын артынан жөнөдү. Аа, бээ саан болуп калган тура. Сиз тээтиги карагайдын этегиндеги түтүндү айтып жаттыңыз беле? Ал очок-мочогу жок эле, ыштык турбайбы.
- Ыштык?! Ал эмне ыштык деген? - дагы бирөө дүрбүнү алууга шашты.
- Ыштыкты билбейсизби?
-Аа жарыктык кыргызым, жерден кемеге казьп , артынан түтүн чыккандай оюк чыгарып, карагайдын тобурчагын түтөтүп чанач, сабаа, көнөк, көөкөр дегендерди ыштайт. Ошонун атын ыштык дешет. Көрдүңүз беле чаначтардын кызыл буурул болуп, өзүнчө бир буруксуп ажайьш жыт чыгарып турганын?
-Түшүндүм,-деди жигит. -Кымыз куйган чаначтардын атайын боёгу болот экен десем, ыштайт турбайбы.
Олтургандардын ичинен дагы бирөө сөзгө аралашты.
-Ышталган чаначка куйган кымыздардын даамы укмуш. Бул да өзүнчө өнөр.
Машина өргө чыга берип имерилип кайра эңкейишке зымырады. Эмелеки бизди суктандырып келаткан желе-желе кулундар, ак боз үйлөр бир заматта чимириктей айланып, кимдир бирөө жер танабын тартып башка жакка жылдырып кеткенсип көздөн кайым болда калды. Анын ордун эми башка дүйнө, башка жаратылыш ээлегенсип, сулуулуктун артынан суулулук уланып, биринии ордун экинчиси басып баратып, Нарынга кандай жеткенибизди да билбей калыптырбыз облусттук жетекчилерге, социалисттик мелдешти текшерүүгө барган ысыккөлдүктөрдүн максаты белгилүү болгондуктан, дароо эле ушул жерден топко бөлүндүк. Жергиликтүү партиялык, советтик уюмдардын атайы өкүлдөрү кошулду. Мен Соң-Көл тарапка баргым келип, Элал менен Касиетти сагынганым менен, жүрөгүмдө Акылбек иштеген районго дилгирлиги артып турду. Арпа менен Ак-Сайды көрө элемин деген өтүнүчүмдү жетекчибиз эске алып, мени экинчи топко кошту. Бирок, мен мурда бул жакта болбогонумду, атайын эле Акылбек үчүн жашырып койгондугумду эч ким билген жок.
биз мелдештин жүрүшүн текшерүугө бараткан алгачкы район Акылбектин району болуп чыкты. Мен

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 08 Июнь 2016 - 18:56


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#263 Пользователь офлайн   Frezia   14 Июнь 2016 - 10:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 10 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2021 08:54

Эми дагы 20 күн сабыр кылып күтмөй.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#264 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   14 Июнь 2016 - 19:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Кечиресиздер. Экзамендерден кол бошобой жатат. Ушул жумада Кудай буюрса китепти бүтүрүп коём. Кыркына чыдаган, кырк бирине дагы чыдап коюңуздар. Сабыр кылып туруңуздар. )

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#265 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   18 Июнь 2016 - 09:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Бул жума китепти жаза албай калдым. Эмки жума жазат экем окурмандар. Сөзүмө тура албагандыгым үчүн башымды ийип сиздерден кечирим сурайм.

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#266 Пользователь офлайн   belka   18 Июнь 2016 - 13:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

))) мейли бутуруп койсон эле болду,жазып бутуруп салган окшойт деп жулкунуп кирип алыпмын.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#267 Пользователь офлайн   n-o-v-a-89   22 Июнь 2016 - 07:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 01 Авг 2017 20:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия Забайкальский край г. Чита

Качан жазасын? Батыраак бутуруп салчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#268 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   25 Июнь 2016 - 11:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

жолдо бараnып, бул районго мурда да ушундай текшерүүчү делегаттар менен келип кеткенимди көңүлүмдө тымызын эстеп келаттым. Анда бул өрөөндөгү чарбалар ирелиштириле элек кези болуучу. Кырк-элүү түтүндөи турган сербейген кичинекей айылдын ар бири өзүнчө колхоз, өзүнчө чарба боло турган. Ошол кезде райондун борбору болуп аталган, чакан чарба азыр ирелишкен бир чоң совхоз экенин, бизди баштап бараткан адам көңүлдүү сүйлөп түшүндүрүп келатты.
Бирок, менин ой-максатымды бүтүндөй өзүнө тартып бараткан ушул жердин мурдагы бетке саяр чөбү жок, жансыз томсоргон тумсак талаасы болду. Бош жаткан, шору бетине чыккан ак топодон башка касиеги жок бул жерди көрүп, ошол текшерүүдө биздин делегация менен келген, Оморов Карып деген бир чоң колхоздун башкармасынын төрагасынын сөзү эсиме түшүн келатты.
«- Атаңдын көрү, жер эмес бекен а. Эби жок шордуу тура. Манас баатыр өлгөндө, Каныкей «Катын болбой эр болсом, калмакты ханы Коңурга, кылбайт белем кызыкты, сызбайт белем сызыкты» деп, көңүлүн көк түтүн каптап, арман кылган экен. Анын сыңарындай, бул жерге жетекчи болуп, бир мыкты иштээрман, калктыи камын ойлогон баба дыйкан келсе, гүлзарга айлантуучу жер тура» деп оозун кармап, башын чайкап, жаны кейип, ак талааны ач көздүк менен өкүнө карап турган ошол Карып аганын тулку коз алдыма элестеп, менин жанымда тургандай, үнү кулагыма угулуп кетти.
Көргөн көзүмө бирде ишенсем, бирде ишенбей өзүмчө эле толкундап бараттым. Же биз башка жол, башка жер менен келатабызбы, деп ойлоп, жетекчи жигитке бир кезде кылчая карап сурадым:
- Кечиресиз, бул кайсы чарба?
- Ленин атындагы совхоз. Бул жерди кыргыздар Ак-Турпак деп коюшат. Буга чейип жер-жер болуп жаралганы, бул мейкин талаага соконун тиши тийген эмес экен. Ал эмес чычкан ийин казбаптыр. Айбан да жан багуучу жерди тандайт тура.
-Мына жаңылык. Иштейт деп ушуну айтыш керек. Ох-о-о, лоток орнотулуп, суу чыгарылгаң экен. Бул Ак-Турпактын чөлү, таанылгыстай болуп өзгөрүп кеткен турбайбы.

- Өзгөрүп кетти. Лоток орнотулуп, жерди тегиз шорунан арылтып, суу келгенине бир топ убакыт болуп калды. Нарын дайрасына электр мотору орнотулган. Анда төрт насос иштейт. Суу кеңири. Суусуз, ак топурактуу жер эмес, кара топурактуу жерге да эч персе өспөйт. Бирок, суу канчалык кеңири болгону менен бир тамчы суу текке кетпейт. Мына Ленинге да келип калдык. Ак-Турпакка жан киргизген адам менен азыр таанышасыздар. «Асыл таштан чыгат, акыл жаштан чыгат» дегендей, чарбанын директору жаш жигит. Сиздердин келээриңиздерди билишет баары. Күтүп жатышса керек.
Акылбек жөнүндө айтып келаткан жигиттин сөзүн угуп, баякыда Каныштын айткандарын эстеп өзүмчө эле кубанычым койнума батпай, толкунданып келаттым. Менин көзүмчө, ал кыздын айтканынан да алда канча жакшы, алда канча ийгиликтер бар экен деген ойду ойлоп аягына чыкканча болбой, биз түшкөн жеңил машиналар биринин артынан бири келип, мекеменин алдына токтогон кезде, ар жактан кимдир бироо, машинасын катуу айдап келип, бизден обочо токтотту. Башында ак калпак, үстүндө өңү өчүңкү, бозомтук чий баркут костюм, бутуна кончтуу өтүк кийген жупуну жигит, машинасынын эшигин тарс жаап, бизди көздөй басты. Майлаган буудайга окшогон кара тору жүзүнүн ажарын ачып, маңдайы жаркып, тиштери каш-кайып алыстан көрүнүшү, баякы институтта окуп жүргөндөгү студенттик кезине окшоп кетти. «Карааныңдан кагылып кетейин байкушум» деп кандай жалынып жибергенимди өзүм да билбей калдым.
- Тигине, келатат совхоздун директору. Алыс кетпей, ушул тегеректе бизди пайлап жүргөн экен, - деди райондон келген өкүл, түз эле бизди көздөй ылдамдай басып келаткан адамдын директор экенин алдын ала бизге кабарлап.
Мен Ысык-Көлдөн чыкканы, не өзүбүз тараптагылардын, не булар тараптагылардын эч кимисине Акылбек жөнүндө, аны тааный тургандыгымды ооз ачып айткан да, сураган да эмесмин. Көңүлүмдө, өзүм менен өзүм сүйлөшүп, барганда көрө жатаармын деп гана ойлоп койгонмун. Акылбек, бизге улам жакындаган сайын өзүмдөн өзүм эле күңүлдөп, көздөрүмдөн от күйүп толкунданып турдум. Бул баланы Каныш агроном дебеди беле?! А балким директордун милдетин убактылуу аткарып жатты бекен? Же директорлукка көтөрүшкөнбү? ? Баякыда, курорттон шашылыш чакырып кеткенинде кеп бар экен. Бир заматта эки бетим өзүнөн өзү албырып, маңдайымдан тер чыга түштү.
Акылбек менден башка адамдар көрбөгөн сыяктуу, түз эле, энесин көргөн наристеден бетер, мени көздө канатын жайып, күлкү аралаш жадырай сүйлөп келатты:
-О-о-й, алтын эжекем, келишиңиз менен! Кандай дениңиз сак, жакшы жүрөсүзбү? Балдар аман-эсен чоңоюп жатышабы?
Менин оозума кубангандан сөз кирбей калды. Тек гана кучактап, эки бетинен алмак-салмак өөп, көзүмө жай айлана түштү. Толкундоодон кардыга түшүп, тынымдан кийин сүйлөдүм.
-Бардыгы баякы өзүң көргөндөй, турабыз аман-эсен. -Эми тигилер менен учураш дегендей, жанынан оолактай бердим.
Бизди карап тургандар тымтырс болуп, дем тартпай калышыптыр. Акылбек жаркылдай басып, тургандарга бир баштан кол узатып, салам айтып көрүшүп жатты.
-Ленин атындагы совхоздун жаңы директору Капаров Акылбек деген жигит ушул болот, -деди райкомдун өкүлү сыймыктана сүйлөп. -Мурда ушул чарбанын өзүндө агроном болуп иштөөчү. Жанакы жолдо келатып көргөн, жер жер болуп, адам адам болуп жаралганы, жарты тыйынчалык пайда бербей жансыз жаткан ак топуракка кан киргизген да, жан киргизген да чынында ушул Капаров болдую "Жандооч кийик аттырат" дегендей бул жердин тагдыры үчүн тике менен тик туруп акылбек демилге көтөрбөгөндө, чыныда бул ойдо жок иш болучу. Директор болуп шайланганына ай айлана элек. Совхоздун директорунун ордун элөөгө үч кишинин кандидатурасы бар болчу. Биз, башкы зоотехник болуп калаар бекен деп ойлогонбуз. Өзү директордун милдетин аткарып жаткан. Ал дагы "мен" деген тың жигиттердин бири. Бирок, шайлоого келгенде жумушчулар бир ооздон жалгыз гана Акылбектин кандидатурасын жактап кетишти. Райондо биздин оюбузда да Капаровдо болуучу. Көрсө, иштеп бере турган адамды айтпаса да билет тура эл.
Акылбек мактоону жактырбагандай, мыйыгынан күлгөн болду:
-Мен болбогондо деле, акыры бул жердин тагдыры үчүн бирөө чыгат болуучу. Кана, калган сөздү кеңсеге кирип сүйлөшөлү.
Чарбанын жетекчилери, меймандар келегенде, ишти чарбанын кайсы тармагынан баштоонун шартын мурда эле түзүп коюшуптур. Сөздөн сөз чыгып олтуруп, совхоздун бир бөлүмүндө жаңы уюшулган "ЖамилаДанияр" деген комсомолдук- жаштар бригадасы жөнүндө сөзболуп кетти. Бригаданын шартын угуп олтуруп кызыга баштадык. Күндүн кечтеп баратканына байланыштуу, бүгүнчө ошол бригаданын иши менен таанышууну чечтик. Биз барганда жаштардын алды жумуштан келип, арты келе элек экен. Ыр менен күүлөр жаңырып, уккан адмдын делебесин козгоп, айлана шаңга бөлөнөт. Бизди көргөн жаштар ырды да, музыканы да тып токтотуп коюшту. Футбол ойноп жаткан жаштар, дароо топторун таштап, бизди көздөй басышты. Аңгыча ар жактан, токтолуп калган салабаттуу аял биздин жаныбызга келип, салам айтып, баарбызды бир сыйра сыдыра тиктеп алды.
-Бул меймандар Ысык-Көлдөн келишти, Айнагүл эже!-деди Акылбек аял менен өзү биринчи кол алышып.
-Ысык-Көлдөн? !-деди аял директорду суроолу тиктеп. _Айтып койсоңор болмок экен.
-Айтканда эмне кылат элеңер? Жаштардын иштеп жптепн жерин, жашап жаткан жашоосун көрүп, бир аз аңгемелешип сүйлөшөт да, кетишет. Эки облостун ортосунда жарыш бар эмеспи. Мурда уксаңыз керек. Булар ошол боюнча келишти.

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 25 Июнь 2016 - 11:56


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#269 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   25 Июнь 2016 - 13:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Ооба, билем, билем. Булар текшерүүгө, мелдештин жүрүшү менен танышууга келишкен турбайбы анда.
-Кыскасы ошондой. таанып жатасызбы, булардын ичинде биздин облусттан да, райондон да өкүлдөр бар.
-Таанып жатам.
Акылбек бизге карады.
-Бул киши жаштардын насаатчысы. Мектепте мугалим болуп иштейт. Уландар менен кыздарды ыймандуулукка, кайрымдуулукка, достукка, эмгекти сүйүүгө, ошондой эле сүйүү жана үй-бүлөө күтүү, турмуш куруу сыяктуу адам баласынын ар бирине аба менен суу кандай керек болсо, ошондой керек болуучу маселелер, Айнагүл эженин иштей турган ишиндеги эң бакы тема болуп эсептелет. Кана эмесе, жаштардын кандай жашап, кандай иштеп жатканын көрүп, таанышып чыгалы.
-Каап, жумуш аяктап калбадыбы. Эки-үч бала эле иштеп жатат алар да азыр келип калышы керек. Жүрүңүздөр, балдар болбосо, ремонту бүткөн бастырманы көрөсүздөр да.
-Бул жерде иштеп жаткан жаштар бригадасынын мүчөлөрү, үстүбүздөгү окуу жылы онунчу класстаты жаңы бүтүргөндөр. Өз ыктыярлары менен өндүрүштө калышты. Жумушчу күчүн минтип жаштардын эсебинен чыңдап толуктабасак, бара-бара чарбада кол күчү жетишпей кала турган.
-Булар эми ушул бойдон совхоздо иштеп калышабы? -деп сурады биздин кишилердин ичинен кимдир бирөө.
-Жаштар өндүрүштө бир жыл иштегенден кийин, билимин жогорулатуу максатында жогорку окуу жайларына барууну кааласа, чарба жагынан бут тозуу болбойт. айрым адистер боюнча институтка, техникумдарга, курстарга баруучуларга колдоо көрсөтүп өзүбүз спонсор болуп, материалдык жактан жардамдашып стипендияны чарбанын эсебинен берип турабыз. ВУЗдарга өткөндөр өтүп, өтпөй калгандар кайра келип өндүрүштө иштей беришет. Ал эми курулушчу, ширетүүчү, электрик, бульдезёрчу, монтёр, сантехник, механик, бир сөз менен айканда булардан тышкары механизаторлук кесип боюнча окуган окуучуларга окуу жайынан тышкары берилүүчү стипендиядан тышкары совхоз үй-бүлөөсүнө материалдык жактан жардам көрсөтүп турууну мойнуна алат. Ал эми ушундай окуу жайларында, курстарда окуп жаткан, ошондой эле мекенди коргоо милдетин өтөөгө кеткендердин орду, окууну жаңы бүкөндөр менен улам ар жыл сайын толукталып турат.
Сарайга кирип баратып, насаатчы минтип кошумчалады:
-совхоздун дагы бир жакшы иш-ушул жылдан баштап жумушчу жаштарды ар жыл сайын баатыр шаарларга, демократиялык республикаларга чарбанын эсебинен акысыз алып барып турууну пландаштырып жатат.
-Силерде жаңы демилгер, жаңы башталыштар көп экен. Максаттын башталышынан да, аны улантып кетүүчү ишенимдүү жөлөгү болуш керек. Ансыз иштин ийгилиги болбойт. мындай адам сиздерде бар экен,- деди бизден бирөө. Мындай ишти ар бир колхоз менен совхоздордо колдоого алса болоор эле. Бир сөз менен айтканда төрт-беш жылдан кийин чарбады бардык адистер кадрлар өзүңүздөрдөн болот экен да.
-Ооба, ошондой максат менен уюштуруп жатабыз. Жаштарга минтип багыт берип, жардам көрсөтпөсөк, эмгексиз колоктоп көчө таптап калыша турган,-деди Акылбек, -азыр жаштар бул демилгеге абдан кызыгып жатышат. Кайра курууну биз ушундай жол менен жүзөгө ашырууну ылайык таптык.
Көңүлүбүздө биз атайын эле койлор үчүн салынган стандартту кой короо экен десек, андай эмес эле, атам замандагы эски бастырма экен. Эки жагыбызды карап токтодук. Балдар шымаланып алышып, жаңы тартылган зым тор менен, таш дубалдын ортосуна кык менен самандын аралашмасын шыкап жатышыптыр.
-О-о-о, мунуңар таш короо турбайбы. Силерде дагы эле Октябрь революциясынанмурдагы, бабалардан мурас болуп калган өмүр сүрүп келаткан турбайбы.
Акылбек кызара түштү:
-Ооба, ошондой болуп жатат. Айла жок, эмне кылабыз анан. Колдон келген аракетти кылып, жылуулаган болуп, ремонттоп жатабыз. Бул жерге болбогондо да туут кой кышталат. Бардык ыңгайлуулугу бир стандартуу жаңы кой короону салууга эч мүнкүнчүлүк болбой калды быйыл. Ачыгын айтканда, быйыл эле эмес, бул беш жылдыкытын планында чарба боюнча андай стандартуу, бардык ыңгайлуулугу бар короо салуу деген жок экен. Билбейм, эмне кыларды, жогорку жактан жардам сурасакпы деген ой бар.
-Үстүбүздөгү жылдын төлү кандай болду силерде?
-Сен айтчы,-деди диретор бет маңдайында турган жигитке карап.
Совхоздун башкы зоотехниги директорго жалт бир карап алып, сүрдөнө катты:
-Ушул таш коордо көп жылдык тажрыйбасы бар, улгайгып калган чабандын койлору кыштайт. Быйыл жүз жыйырма бирден козу алды. Өткөн жылы тоют мол болуп, койлорго кышта силос берүүнү токтоуп, чыктуу тоюттан дароо кургак тоютка өткөнбүз. таш короо деген эле аты болгону менен, бул бастырма абдан жылуу.
-Зоотехник болуп көптөн бери иштейсизби?
-Жок, келгеним бир жылдан аз эле ашты.
-Сиздерге чейин эле, төл ушундай алынуучу бекен, же?
-Айрым чабандарда милдеттеме аткарылбай, төл аз алынып калган учурлар болуптур. бирок, кезинде жүзүнө жүз токсондон козу алгандар да болгон.
-Андай жогорку рекордго жеткен чабандар барбы азыр?
-Мага чейин болгон. Быйыл кандай болот көрөбүз. Бирок, мындай өтө эле чектен чыга ашыра төл алууда жасалмалуулукка, келишүүчүлүккө, көз боёмочулукка жол берилгендиктен бети ачылып жатпайбы. Чабандарда төл убагында "Манастан Чубак кем бекен" дегендей бири-бири менен атандашуунун кесепетинен сыйлыкка, атак-даңк мансапка жутунушуп, өздөрүнүн менчик койлорунун төлдөрүн кошуп эле тим болбостон, тууган-туушкандарынын менчик козуларын шыпырып алып, эсепке киргизүүну адатка айлантып кеткен фактылар кездешет. Жакында эле биздин республикада, эки бир туугандын ортосунда мал талашуудан чатак чыгып, бири-бири менен бычакташуу, ал тургай ок чыгарып атышууга чейин барышканын окуп адамдын төбө чачы тик турат. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендеринин ээси, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эл депутаты болуп экинчи жолу шайланып, эл ишенимне ээ болгон чабандын абийри айрандай төгүлүп, иши сотко чейин жеткенде райондун жетекчилери ортого түшүп пас-пас ккылып коюшуптур. Ал чабан ар жыл сайын ар жүз койдон 180ден, 195ке чейин козу алып, ыргыткан ташы өөдө кулап турган. ал эмес, ага Социалистик Эмгектин Баатыры деген ардактуу берүү жөнүндө маселе козголуп жаткан кезде кыңыр иш кылтакка илинип өтө эле чээнден чыгып, ашыра төл алган чабандарга кандай ишенүүгө болот? Күнөөсү мойнуна түшүп жаткан чабандын иши партиялык жыйналышта каралып жаткан кезде, эмне дептир дебейсиздерби. "Чаап алсаңар, мындай көз боёмочулук жалгыз эле менде эмес , алдыңкы деп эсептелип, эл оозна кирип жүргөн чабандардын баарында бар" деген экен. Мындай жасалма жетишкендиктерден биздин да, сиздердин да, башкалардын да чабандарынын куру эмеси белгилүү болуп калды. Унчукпай тим койсо, алар жакында ар жүз тубар соолуктан 230-300дөн төл алуудан да кайра тартышпйт болуучу. Көрсө керт башынан кызыкчылыгын ойлогон алдым-жуттум щылуундар көп экен да элде.
-Ооба, бул статьяны окуганбыз.
Бизден дагы бирөө сөзгө аралашты.
-Түшүнүктүү сөз. Бирок, кээ бир чабандардын алган милдеттемесин аткаруу гана эмес, караандабай алыс калышында кандайдыр бир себептер болуш керек го?
Зоотехник жандана түштү.

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#270 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   25 Июнь 2016 - 15:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Албетте себеп болгон. Биринчиден жаш төлдү кабыл алууда короо сууктук кылса керек. Таш короо деген таш короо. Мындай бастырмада толук жылуулук сакталмак беле. Анын үстүнө туут убагында чыктуу тоют берилип турган болуш керек. Силос жеген койлордун сүтү а чып, козуга жагымсыз болуп, кара чычкак каптап, өлүм-житимге жол берилген. Акылбектин көзүн көрүп мактангандык эмес, бул жигит ушул чарбага агроном болуп келген күндөн баштап тоют маселеси, чарбада чечилди деп айтып жүрүшөт.
-Туура, тураа, төрттүлүк малдын кыштан семиз чыгышы да, төлдүн арбын алынышы да малдын жаткан жатагынан, анан тоютунан болоору баарыбызга баарыбызга тажрыйбадан белгилүү болбодубу,-деди биздин делегатциянын мүчөсү. Төл алуу жагынан алган милдеттенмесин ашыгы менен аткарып келаткан алдыңкы чабан. -Таш короого ремонтту мыкты жүргүзүп жаткан экенсиңер. Кык менен жылууланган короо меш жаккандан артык болот. Жакын арада мал барбы?
-Жок, болгон малдын баары жайлоодо,-деди Акылбек,-барганда көрөсүздөр.
-Жайлоо болгондо кайсы жайлоо? Алыспы?
-Соң-Көлдө бар, арпада бар. Ал эми жылкынын баары Ак-Сайда.
-Малыңар чачкын экен да.
-Жогоруда мен айткан жайлоолордун билесиздер, бардыгы атагы алыска кеткен чоң жайлоолор. Ал эми жыбыт-жылгалуу бөксө жайлоолор канча? Толуп жатат. Бирок, баарында бирдей от азайды. Ошон үчүн жайыттарды бөлүштүрүп, эс алууга коюп, жапайы чөптөрдүн уругун себе баштадык.
-Бизде деле ошол. Жайыт маселеси жылдан жылга кыйын болуп баратат. Бул жерде бизди көбүрөөк кызыктырган маселе, сиздердин ошол жайыттарды эс алдырууга койгонуңуздар, анан жаңы өздөштүрүлүп жаткан жериңиздер болуп турат. Ошол жапайы чөптөрдүн уругу себилген жайытыңыздарды көрсөк жакшы болот эле. Бул жагынан азаматтык кылып, чоң ишти колго алып жаткан экенсиздер.
-Көрүп эле тим болбой, үйрөнүшүбүз керек,-деди дагы бирөө,-"Миң уккандан, бир көргөн" дейт эмеспи, барып өз көзүбүз менен көрүшүбүз керек.
-Көрүңүздөр. Көрөбүз десеңиздер алып барабыз. Бирок, алысыраак,-деди акылбек.
-Алыс болсо мейли, барабыз. Өңгөнү көрбөсөк да, эс алуга коюлган жайыттарды, анан жапайы чөптөрдүн уруктарын кандай кабыл алып жаткандыгын көрүшүбүз керек,-деди жетекчибиз.
Биз бастырмадан чыгып, жаштардын жатаканасына жакындай бергенибизде, алар өздөрү куруп, өздөрү даярдаган спорт аянтчасында футбол ойноп жатышкандыктарын көрүп, суктана карап, делебебиз козголуп, ошол жакты көздөй бастык. тордун ар жагынан күч менен урулган топ түз эле бизди көздөй учуп келатты. акылбек көздү ачып-жумганча болбой алдыга атып чыгып, көкөлөп келаткан топту кош колун асмандата сөзо берип, бир секирүү менен кайра кайтарды.
-Ой азама-а-а-т, бой менен шамдагайлыктын пайдасы спортто чоң роль ойнойт эмеспи. Сиз сыягы футболду мыкты ойносоңуз керек.
-Негизинен спортту жаман көрбөйм. Атам маркум "Топтун аркасынан томолонуп жүрүп, боюң чыгып, тартайып тез өсүп кеттиң" деп калаар эле. Бул спорт дегениң ден соолук менен жаштыктын саябаны. Биз совхоздун борборуна, фермаларына спорт аянтчасын курууну колго алып жатабыз.
-Эң сонун, эң сонун! Туура кыласыңар,дешип биздин тарап директордун сөзүн коштоп кетишти.
Спорт жөнүндөгү болуп жаткан сөздүн кулагыма бири кирсе, бири кирбей, оюм башка дүйнө, башка жакта болуп жатты. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы каармандардын аттарын жаштар бригадасы чоң максат менен терең ойлоп "Жамиля-Данияр" деп аташкан экен. Бирок, Жамиладыгы окуя Улуу Ата Мекендик согуштун күйүп турган кезине туш келет. Азыр болсо бейпил күн, бейпил турмуш. бул жаштар согуштун эмне экенин, кандай үч кандай кайрат, кандай жоготуулар менен биздин эл душманды жаңгендигин кайдан жеткире түшүнсүн. Деги Жамила ким, Данияр ким болгондугун бул бокмурундар жомоктогу каармандардай эле элестетип калышпадыбы. Ошондой болсо да насаатчы бизге бригиданын максатын эң сонун айтты. Ылайым эле ошондой болсо экен.
Жолдо келе жатып Акылбекке кайрылдым:
- Бул комсомолук- жаштар бригадасынын атын «Жамила-Данияр» дебей эле, башкача коюуга болбодубу?
-Аа, - деди жигит башын ийкеңдетип, - сиз берген суроону башкалар да беришет. Башкача коюуга албетте, болот деңизчи. Бул атты жаштар өздөрү тандап, өздөрү коюшту. Азыр алар Чыңгыз Төрөкулович менен кат алышып, байланышып турушаг. Кыргыз элинин алп жазуучусу өзүнүн алгачкы бир катында


«...Жалима менен Даниярды согуш мезгилинде эле жашап, ошону менен эле буткон экен деп ойлоп жүрсөм, тынчтык кундө да, алардын аттары өчпөй, ысымдары чыныгы эмгекте жаштар менен аралашын жашап, силер менен бирге жургонуно кубанбай коё алган жокмун. Сиздердин жьщыдан коз ачын, жацыдан уюту луп, эмгек менен маха-баттын ак жолуна канат куулоп аттанып чыккан бригадаңардын эмгекчил жаштарына калпар каалоом, тилеген тилегим - Жамила менен Данияр коргон кандуу согушту корбой, тынчтык кундун аруу тилек, ак суйуусу өчпөгөн, өз эл, өз жериңердин белдуу уул-кыздарынан болууңарга тилектешмин! » - деп, жазган.


- Менимче ушул жерден, ар бир акыл-эстүү адам оз келечегин, өз сүйүүсүн өздөрү таап, өмүрдүн узак жолунда Данияр менен Жамилага окшоп ак дил, адал оюна колоко түшпөгөн наристе махабат менен эмгек шарданынан жаңы үй- бүлөнүн катары өсүп чыгаар бекен деген гана ак тилекти түшүнүүгө болот экен да. Чарбада ремонт болуучу короо-сарайлар көппү дагы?
- Бар дагы эле. Бирок, негизинен бүтүүгө чукулдап калды. Бул иштер аяктагандан кийин Айтматов менен жолугушууга жөнөшөт.
- Жазуучу менен алдын ала макулдашылган болсо керек?
Ии албетте, сүйлөшүлгөн.
Баятадаи бери, Капаровдун сөзүн болбой, машинанын ичинде кунт коюп угуп келаткан адамдар бир ооздон жаалашты:
-Тилегиңер да, максатыңар да чоң экен. Бул жагынан азаматтык кылып жатыпсыңар. Мына, көрдүңөрбү, «Асыл таштан чыгат, акыл жаштан чыгат» деген ушул эмеспи.
Жолдо келатып кыркын пункту на кайрылдык. Бул жерде бүгүнкү жумуш күнү аяктап, эртеңки күнгө даярдык көрүлүп жатканын көрүп, кайра тарттык. Эми эртеңки ишти сүйлөшүп алуу үчүн чогуубуз менен, мекеменин алдына келип машинадан түштүк. Ошол маалда биздин алдыбыздан өткөн тогуз-он жаштар чамасында, бала ээрчиткен аялдын көзү көзүмө оттой кадала түшүп тайыды. Анан менден өтө берген аял, биз жакты балага колу менен көрсөтүп, бирдеме деп сүйлөшүп жаткандай болду. А бала болсо, энесин да карабай, башка жакка да көңүл бурбай, биз жакты тиктеген бойдон жолдун ортосунда энөө таргып турду. Качан гана тигил аял, баланы колдон алып жетелей бергенде, өспүрүм артын кайра-кайра кылчаңдай карап жолго түштү.
Өңү тааныш неме экен деп ойлодум ичимден. Тобо, бул келинди кайдан, кайсы жерден, кимдикинен көрдүм экен? Канчалык ой жүгүрткөнүм менен так эстей албай жаттым...
Ойго батып олтуруп, кимдин эмне деп сүйлөп жатканын, эртеңки жумуш күнүн кандай пландаштырып, кандай чечишкенин, азыр кайда барып эс алаарыбызды билбей да, түшүнбөй да калыптырмын.
- Кеттик эже! Аябай чарчаган окшойсуз! — Акылбек ордунан туруп, мени карады.
- Кайда? - дедим эч нерсеге түшүнбөгөн бойдон, топурап тышка бет алган адамдардын артынан элее карап, ордумдан туруп.
Акылбек күлдү. Анан мени колтуктап, сумкамды көтөрүн өзүнүн колтугуна кысты. Дагы эле менин оюмда эмелеки тыштан көргөн балалуу аял турду.
- Жана биз талаадан келгенде, көчөдөн бала зэрчитип алдыбыздан өткөн келинди байкадыңбы, ыя. Акы. Ким ал?
-Кайсы келинди айтып жатасыз?
- Капырай, биз короого бурула бергенде, алдыбыздан өттү го, - дедим, - тестиер эркек баласын

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 25 Июнь 2016 - 15:48


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#271 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   25 Июнь 2016 - 16:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

ээрчиткен келинчи? Аялдан да, ошол бала бизге кылчаңдай карап, аябай имерчиктеди. Аялдын көзү көзүмө чагыла түштү. Тааныш көз экен. Баятадан ойлоп ким экенин таппай олтуруп, Наргүл болуп жүрбөсүн деген ниет азыр эле жүрөгүмдү силкип алды. Эгерде, ал келин экени чын болсо, мурдакысынан көп эле өзгөрүп кеткен экен.
- Болсо болоор. Анын ата-энеси ушул эле бизге коңшу чарбада турушат. Бир иниси бизде веттехник болуп иштөөчү мурда. Азыр өз чарбасында. Иши кылып алардын Ленинде иштеген ага-тууганы көп. Мени көрө алышпайт. Издегендеринин баары жамандык. Колдорунан келсе, жоготсок дейт, айлалары жок.
- Ал жакшы эмес. Сени көрө алышпайт экен да. Кудайдын көзү түз болсун. Наргүл кайда азыр?
- Ушул жердеги он жылдык мектепте окуу бөлүмүнүп башчысы дейт. Андан тышкары музыкадан сабак берсе керек. Мен бул жерге агроном болуп келгенден кийин бошонуп, башка жакка кетти деп жатышкан. Бирок, эмне үчүндүр кайра келиптир. Кез-кез көрүп калам. А деген жылдары Наргүлдүн ушул жерде экенин угуп өкүнүн жүрдүм. Бирок, канча кылса да өз эл, өз жер да. Башка жакка баргым келбеди. «Ашыркынын аты озгончо, айылдашыңдын тайы чыксын» дегендей, өзүм туулуп-өскөн эл-жер үчүн иштеп көрөйүн деп ойлодум. Көбүнчө мени өзүнө магниттей тартып турган, мына бул ак чап талаа болду. Ошол мен адеп келген кезде Наргүлдүн бир жездеси ушул совхоздун директору болуп иштөөчү. Ага да карган жокмун. Кыскасы тобокелге салдым. Бирок, арты жаман болгон жок, туура эле келген экенмин.
- Наргүл уул төрөдү деп уктум эле, барбы баласы?
Акылбек оор улутунду.
-Ооба, эркек төрөгөн. Бар баласы.
- Чоңоюп калгандыр?
- Баласын эже-жездеси асырап алды деп жүрүшкөн. Кээ бирөө айтат, эже-жездеси эмес эле өз атасыныкында экен деп. Түшүнбөйм кимиси багып, кимиси тарбиялап жатканын.
- Анда сеиин ата экениңди билбей калган турбайбы. Баланы көрдүңбү деги?

-Жок эже, көргөн жокмун. Көргүм да келбеди.
-Эмне үчун?
-Өзүңүз билесиз да, Наргүл мени көргөндөй калдыбы? Андан көңүлүмдүи кандай калганын, анын мага кандай кордук көрсөтүп, кандай ажырашканын сизге казганмын. Мен мурда адамдан мынчалык көңүл калаарын билген эмес экенмин. Ишенсеңиз азыр мен Наргүлдүн атын атап, ал жөнүндө ойлогондон корком.
-- Ооба, жазгансың баарын. «Чыккан жан менен калган кадыр табылбайт» деген ошол.
- Э-э-й эжеке, көңүл кала турган ошондой көп иштер өттү. Ал бала меникиби же башканыкыбы, билбей калдым чыны. Бир жолу Элал Наргүлдүн шаарда бала көтөрүп машинадан түшүп жатканын көрүп, токтой калып:
- Оо, бешик бооң бек болсун! Уулбу же кызбы? -деп сураптыр.
- Уул! - дептир ал.
- Фамилиясын ким деп жаздырдың? - дептир, эмне деп айтаар экен деген ойдо.
- Кимге жаздырса дедиң эле? - деген Наргүлдүн сөзүн угуп, атайы эле кычаштык кылып, кантээр экен деп минтип кошумчалаптыр:
- Кимге жаздырса демек элем. Акылбскке жаздырса керек деп ойлоп турам. Деги ал балалуу болгонун укту беле?
- Эмне эле кайра-кайра эле Акылбек деп какшайсың. Укпаса койсун.
- Дебегенде эмне дейин, балаңдын атасы да.
Наргүл ошол жерден эле жинденип кириптир өзүнөн өзү.
- Угуп кой Элал, бул бала анын баласы эмес.
- Анан кимдин баласы?
Уккан кулагына ишенбей чочуп кетиптир.
- Эмне?! Эмне дедиң, кайра айтчы? Анан кимдин баласы?
- Айтуугандын баласы! Айтып кой, ичи күйсө туз жаласын.
-Акылбекке жубан тийдиң беле?
- Жаш кезде жаңылыштыктар боло берет. «Адашкандын айбы жок, кайрып үйрүн тапкан соң» дегендей, Айтууганга тийгенимди уккан жок белең?

Ошол жерден Элалдын жини келип, Наргүлдү жаакка тартып жиберип, сөгүп кириптир:
-Эх бузулган канчык! Андай болсо эмне үчүн мурун эле Айтууганга тийип алган жок элең, Күнөөсүз адамды күйгүздүң го, акыры күйүп өлөөрсүң. «Кудай бир, кезек эки» дейт. Шашпа, бир убакта оозуңду карманаарсың.
- Карманса оозун ал карманаар, мен эмнеге карманмак элем. Сени адам десем акмак турбайсыңбы. Мени урууга кандай акың бар?
- Сотко бер.
- Берсе берем, эмнеси бар экен?
- Бер, бер. Акты кара, калпты чын деп соттошуу жагынан тажрыйбаңар бар эмеспи, — дептир жаны кашайган Элал. - Мен өзүм деле Наргүлдүн төрөгөнүн угуп, «Эмне үчүн айына жетпей эрте төрөп койду экен» деп таң калып жүргөн болчумун. Элалдын сөзүнөн кийин, баякы олтуруштагы ичкиликтин кесепетинен, кыздын кыз экенин, же эчак эле болчусу болуп жубан болуп калганын ажырата албай калган турбаймынбы. Көрсө Наргүл ошондо эле Айтууган менен аралашып, кош кабат болуп калган неме тура. Азыр да эстегенде эрдимди тиштем кетем.
- Аа, акыры Айтууганга тийген экен да. Азыр ошол жигит менен жашайбы?
- Жок жашабайт. Ажырашып кетишкен имиш. Бирок, ал Айтууганга тийген эмесмин, деп изин жашырып жүрөт экен. Масалбек Саратанович областтык партия комитетинин биринчи катчылыгынан түшкөндөн кийин чатак болушкан го сыягы.
- Айтууганың менен аңга түшкүр, акылсыз жигит экен андай болсо.
- Ага Наргүл эмес, мансап керек болгон да.
- Эми баякы Карагул деген кайынатаң сен жөнүндө эмне деп жүрөт болду экен? Наргүл өкүнөөр дейм.
- Өкүнсө, өкүнбөсө да, алар азыр мага душман. Айласы жоктон турушса керек, кандай айла-амал менен, кайсы жактан өксүтөөрүн билишпей. Башкасын айтып эмне кылайын, насостук станциянын электр маторуна темир таштап күйгүзүп жиберген учурлары да болбодубу. Наргүлдө уят менен ыйман бар дейсизби. Мен Зыядага үйлөнөөр алдында мага кат жазыптыр,

Сөз ушул жерге келгенде бизди ташып жүргөн райкомдун биринчи катчысы бизге жете келип, катарлаша басты.
Ичимден ойго багам. «Кудай тобо, эмне деп жазды болду экен катты. Кап, тигил кишинин жолтоо болгонун карачы, аягына чейин укпай калбадымбы. Унутпай эстеп сурасам экен. Акылбектин жакшы адам, жакшы жетекчи болооруна көзү жетип, ичи күйүп жүргөн экен да. Эмнеси болсо да, айыл чарба институтун сырттан окуса да бүтүп алганы абзел болуптур. Мугалим болсо, баякы эле көп мугалимдин бир мугалими болуп, мектептен алыс узай албай жүрө берет беле, ким билсин» деп кубанып койдум.
Биз жакындаганда, машинанын ичинде күтүп турган шофёрлордун бири эшикти ачып, башын чыгара берип сурады:
- Кайда барабыз?
- Биздин артыбыздан түшкүлө! - деп жооп берип коюп, мага карап, - олтуруңуз эжеке, - деди Акылбек машинасынын эшигин ача берип. Анан шофёруна эскертти. - Тигил мащиналардын алдына түшүп, биздин үйдү көздөй айда!
Акылбек экөөбүздүн сүйлөшүп сөзүбүз канбоочудай болгон бир күч бирибизди бирибизге тартып тургансыйт.
- Кайненем сизди көп эстейт. Жылда барабыз деп коюп эле, баралбай жатат окшойт. Бир топ болду го катышпай калганыңар. Апам өз балдарын да, бизди да жемелеп, эжеңерди унуттуңар дейт. .Ал киши картайып калды. Биз силердикине чогуу баралы деп сүйлөшкөнбүз. Кол бошобойт. Иштей турган иш көп. Директорлуктаң мурда эле, ушул совхозго агроном болуп келгенден бери, Наргүлдөн калган чачым агарды. Жолдо келатып көрсөңүздөр керек, жаңы оздөштүрүлгөн жерлерди. Жумушчу менен жумушчу болуп, иштин башынан аягына чейин өзүм кошо жүрдүм. Бул жерде мен катышпаган, менин колум тийбеген бир да иш калган жок. Чарбанын келечеги,

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 25 Июнь 2016 - 16:14


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#272 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   25 Июнь 2016 - 16:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

адамдардын турмушу үчүн жанды-жанга уруп жүрүп механизатор да, шофёр да, куруучу да, жолчу да, геолог да, инженер да мураб да, химик да болуп кеттим.
- Мураб демекчи, олтургучтун астында кетмен, күрөк, сууга кийүүчү өтүк жатат. Кимдир бирөө атайын таштап кеткенби, же унутуп калганбы?
Акылбек күлдү.
- Эч ким унутпай эле, алар меники, эжеке. Талаа кыдырганда кереги тийип калат экен. Дайыма ала жүрөм.
- Дагы өздөштүрүлүүчү жериңер көппү?
- Көп. Бир жакшы жери, гипс өзүбүздүн тоодон чыгып жатат. Эми мындан ары алыстан гипс тартпайбыз. Мурда ушундай болгондо эмне. Канча күч, канча каражат Жамбул менен Ак-Талаанын ортосунда калды.
- Гипстин өзүңөрдөн табылганы жакшы болгон экен.
- Иш чачтан көп. Мурдагы эле, бир жагдай өз жумушум жакшы экен. Чарбага жетекчи болгондон бери тыным болбой калды. Талап күчтүү. Эл ишенимин акташ керек. Сиз шайлоо мезгилиндеги элди көргөн болсоңуз, билбейм эмне дейт элеңиз. Ошондогу ким директор болоорун, кимге кол канча көтөрүлгөнүн көпчүлүккө жарыя айтып, менин атым угулгандагы жумушчулардын кубанычтан кандай шаңданганы эмдигиче көз алдымдан кетпейт. Канча мүнөт, канча убакыт дүркүрөтө кол чаап турушканын өзүм да билбей калдым. Бардыгы орундарынан турушуп «Туура! Туура! Туура» деген абаз менен алакандын дабышынан дубал жарылып кетүүчүдөй дүңгүрөп турду. Мындай кол чабуу, мындай сөздөр мага болгон калктын ишеними экенин жүрөгүмдөн сезип, ошол ишенимди аткаруу колумдаи келээр-келбесин ойлоп, сүрдөөдөн маңдайымдан тер чыпылдап, тула боюм чыңалып турду. Директор болуп шайлангандан бери уйкум да качты, тынчым да кетти. Азыр мен төрт-беш сааттык уйкуга көнүп калдым. Иштеш керек болуп жатат. Мурда мага убакыттын кенендиги да, тардыгы да анчалык сезилбептир. Азыр болсо, эмне үчүндүр ары-бери караганча болбой күнүң да, айың да биринин артынан бири куушуп, учкан куштай өтүп баратат. Таңдын атып, күндүн чыкканынан, батканы бат болуп калды. Э-э-й, эжеке, иши кылып иштей турган иштер чачымдан көп. Ойлогон ой, көздөгөн максатка жетип, жаным жай алып, эл катарлуу эс алуучу мезгил менде болобу, болбойбу, билбейм. Же өмүр бою ушинтип тынчым кетип, чапкылап жүрө беремби. Деги ден соолук болсо экен.
-Башталган иштин аягы болбой коймок беле. << Гоону томкоруп, ойду омкоро турган» маалыңда жетекчиликке көтөрүлүптүрсүң. Акылың бар, билимиң бар. Жаратылыш тартуулаган күч-кубатыңдын ашып-ташып турган кези азыр. Жеринен эмгекчил баласың. Сенин колуңдан баары келет. Эли-журтуң ошону билип, чарбабызды оңдосо да, турмушубузду оңдосо да ушул жигит оңдойт. Мүдөөбүзгө чыкса, ушул жигит чыгат деп ишеним көрсөтүштү да сага. Көптүн көзү көрөгөч эмеспи. «Адамды сынагың келсе, жетекчи болгондо көр» деген сөз бар. Күндүн кетигин үзүп келип, орнотуп койсоң да калыстыгыңдан жазба. Карапайым, жөнөкөй бол. Мактанып кетпе.
- Ооба, эжеке, туура айтасыз. «Көпкөн көөдөктүн иши» деп атам да айтып калуучу эле. Мен директор болуп шайлангандан кийин, ушул жердеги өңчөй пенсиядагы кары-картаңдарды, эски активдерди, жаш-кары дебей баарын чакырттым. «Келеби, келбейби?» деп көңүлүмдө арсарсып турган кээ бир карылардын ир алды келиши мени кубандырып салды. «Атаңдын көрүү карылык» дедим аталардын абалын карай олтуруп ичимден тынып. Бир убакта чарбаны чарба кылып, чачылганды жыйнап, тентектерди теске салып, элди эл кылып, карман турган адамдардын, таштандыга ыргытылган чайнекке окшоп, эч кимге керексиз адамдай болуп, мокоп олтурушу менин зээнимди кейитип турду. «Эже кийген тонду сиңди киет» дегендей, силерге келген карылык бизге да келет, биз да силердей болобуз. Бирок, ошол карылыкка жеткен кезде сыйлаарыбыз, эстээрибиз болсо экен. Мына бул саксайган мадыра баштар силердин арзан-кымбатыңарды билбейт ээ, - дедим ичимден.
Биз тараптан бөлүм башчыларынан тартып, эсеп-кысап кызматкерлери, партком, профком, мектептин мугалимдери, директор менен окуу бөлүмүнүн башчыларына чейин чакырылган. Бир гана айылдык кеңештин төрайымы командировкада болуп, секретары келмек болгон. Болжолдонгон сааттан мурда эле согуш менен эмгектин ардагерлери, жаштар көбөйүп кеткендиктен, совхоздун актовый залына батпай, клубка кирүүгө туура келди.
Келгендердин ичинде өз атам Ашымдын жоктугу мени тынчсыздандырып турду. Олтургандардын көздөрү, менин катарымда олтургандарды көрбөгөн сыяктуу болуп, жалгыз мага кадалып, кыймыл-аракетиме, сүйлөгөн сөзүмө, алган демиме чейин сынаакы карап, байкоо жүргүзүп жатышкансып тиктей беришет. Бири-бири менен шыбырашып сүйлөшкөн болуп кайра мостоё калышат. Мен ордумдан туруп, олтургандарды сыдыра тиктей берип жыйындын максатын түшүндүрдүм:
- Ардактуу аталар, ини-карындаштар, эже-жеңелер, эмне үчүндүр биз чакырган негиздүү бирин-эки кишилер кечигип жатышат. Шашылбасаңыздар бир аз күтө турсак кандай болоор экен? Эскертип коёюн, бул эмгек жөнүндөгү өндүрүштүк жыйналыш деле эмес. Тек гана сиздер менен дидаарлашалы, айрым иштер боюнча кеңешели, сүйлөшөлү деген эле кеп.
- Кечиккендерди күтөлү десеңер күтөлү, балам. «Тең иштегенди теңирим сүйөт» дейт. Силердин илебиңерден чыккан сөздөрдү тең угуп, тең бөлүшөлү. Бул жерге чогулуп олтуруштун негизги себебин уктук. Кудай бетин салбагандай, шумдук го бул иш. Жаштардын баары келсин. Ошолор угуп, ошолор билсе болот эле.
Чындыгында карылар менен жаштарды аралаш чакырып сүйлөшүү жөнүндогү менин оюма ой кошуп тездеткен Ашым атам өзү болуучу. Эми минтип ир алды келүүчү адамдын кечигиши, мени да алда немеден кооптонтуп, санаамды сапырып турду. «Кызуу кандуу байкуш киши, деги өзү аман, айыл ичи тынч болсо экен» деп оюмдун аягына чыкканча болбой, тыштан Ашым атамдын үнү өкүм чыгып, өрт чыккансып, өзү төгүүчү бир автоунаанын шофёрун желкелеп

залга түртүп киргизди. Ашым атам, кудай акы олтурган адамдарды да көзүнө илген жок. Ачуу бүркүп, айгай салып, башындагы өз калпагын өзү жулуп алып, биздин алдыбыздагы столго бир чапты. Бардыгыбыз чочуп, элее түштүк. Мен ордумдан турдум.
- Э-э-й, куураган куу жетим! - Көздөрү канталап, эриндери кыймылдап, ээги эмшеңдеп, муундары калчылдап, ыйлайын деп ыйлай албай, тамагына бирдеме туруп калгансып каргылданып, сөзүнүн аягын улай албай, бир демге үнсүз туруп, кош колдоп башын мыкчый кармады.
Мен жанына барып, атамды кучактай калдым.
- Эмне болуп кетти? Тынччылыкпы деги?
Мени бир демге алая тиктеп туруп ачуу бүрктү.
- Атаңдын башы болуп кетти. Элдин бузулганын көрбөй турасыңбы. Бирөө энесин бакпай, казыналык үйгө өткөрсө, бирөө ууру кылса, ушундай адамдар менен кантип иштөөгө болот?! Буларга ишеним жок, шерменде кылат сени.
- Жарыктык, ачууланбай жай түшүндүрүңүзчү. Бул шофёрду ишинен ажыратып эмнеге бул жерге алып келдиңиз?
- Бул ууру. Тигил жакта эмне болуп жатканын билбейсиң, куураган куу чунак.
Шофёр жеңинин учу менен маңдай терин сүртүп күң этти:
- Мен аны руксаат алган экен деп ойлогон болчумун.
- Эмнеге? - дедим.
- Гипске.
- Гипсти эмне кылдың эле? Ак-Чап участкасына бүгүн канча машина гипс төктүңөр?
Ашым атам мага карады:
- Андан сурабай, мына бул менден сурабайсынбы? Өз көкүрөгүн өзү бир койду муштуму менен. - Эй
балакай, айтты-койду дебегин булар сенин максатыңа жеткирбейт. Ушунтип директор болгон олуялыгыңды урайын иттин баласы. Арыз жазып өткөрүп бер мындай балакеттүү жумушту.
- Эс алыңызчы кичине!
- Ой айланайын Ашыке, эмне болуп кетти, түзүктөп

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 25 Июнь 2016 - 16:45


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#273 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   25 Июнь 2016 - 17:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

түшүнүдүрүп айтчы? - Карыялардын ичинен кимдир бирөө, жанына келип колун кармады. - Түшүнбөй турабыз сөзүңө?
- Гипс уурдагандар жооп береби, же андайларга тыюу салынбайбы? Тигил Ыбарйдын баласы Максут деген зөөкүр мына бул немени өзүнө манчик шопур кылып алыптыр. Эртеден бери жалгыз ошонун огородунун жанындагы ак топурактуу кысыр жерге ташыптыр гипсти. Бул эмне деген тартип, эмне деген ээн баштык, ыя, айланайындар? Басмачылыкны, же баатырлыкпы? Айтсам жанаакы зөөкүр мени менен мушташканы жүрөт. Азыркы адамда абийир да, адеп да калбай калган тура.
Мен күлкүсү жок жерден калп эле күлгөн болдум. Ашым атамды тынчтандырыш үчүн калп айтууга туура келди.
- Ата, акчасын төлөп, менден руксаат алган.
Ыя! - чочуп кетти. - Ошондойбу? Мен гипсти кайдан жүктөп келсе, кайра чыпчыргасын коротпой ошол жерге жеткиртейин дебедим беле. Э кудай, анан эмне үчүн айтышкан жок, акча төлөп, директордон руксаат алганбыз дешпейби тил-оозу бар киши. Милицияга кабарлайып деп, жыйналышка карап жетише албай калбадымбы. Бекер, уят болмок турбаймынбы.
- Эмне үчүн айтышпаганын кайдан билейин. Ички иштер бөлүмүнө билдирбегениңиз абзел болгон экен. Бул сыяктуу өзүбүз чече турган иштерди башка жакка чапкылабай эле, өзүбүз чечип, өзүбүз эле жыйынтык чыгарып коёбуз, ата. - Мен шофёрго карадым. - Бар, кете бер. Анан жумуш күнү аяктаганда учётчик экөөң мага келип кеткиле. Талааларга гипс ташуу кенедей да токтобосун, уктуңбу?
- Уктум. - Шофёр чыгып кетти.
Ашым атам мага аңкая карап:
- Ай таң, сөзүңө ишенбей турам. Минте берсең ишиң алга жылбай, артынан кетип калып жүрбөсүн. Сак бол балакай. - Сөөмөйүн силкилдетти мага.
- Болуптур атаке, элдин баары экөөбүздү күтүп калды. Гипсти коё туруп, обол мурун карыялар менен ал-абал сурашалы. Алиги Сагын деген отү жарылгыр келгенче, өзүбүзчө бир аз сүйлөшүп алалы. Айткылачы, кагылайын кадырман аталар, ардактуу апалар, деги турмуш ал-жайыңар, ден соолугуңар кандай? Уул-келиниңердин сый-сыпаты, багуусу жакшыбы?
-Кандайыбызды көрүп турбайсыңарбы. «Куу алган кушта эмне сын» дегендей эле кеп биздики. Минтип карылык деген каршы келип, уламдан улам эңкейип, төрүбүздөн көрүбүз жуук болуп, бойдон кубат, билектен күч, каректеп курч кетип турган кез. О-о-й, балдарай, баланын ата менен энени бакканы эле, өз жандарын өздөрү багып, өз оокаттарын өздөрү кылып кеткени болот тура. Карысак да азырынча балдарыбыз бизди бага элек чыны. Колду карап, оозубузду ачып, эч нерсе таппай олтуруп калган бакма карылардан эмеспиз. Өзүбүздүн эмгегибизге жараша өкмөт берген пенсиябыз бар, өзүбүздүн жыйган-тергенибиз өзүбүзгө жетет. Ошол езүбүздүкүн өзүбүздөн аябай, кабак-кашын ачып, үч маал чайыбызды жакшылап кайнатып берип турса болду. Кээде эле бир ыгы келген иштерди, калп болсо деле «атабыз билсин, апабыз менен кеңешели» деп койсо дейт экенсиң. Атаңдын көрү дүнүйө, карыганда карып болуп, кеп-кеңештен калып эле калат экенсиң. Ушундай балдар. «Бай билгенди кул билет, айтайын десе эрки жок» дегендей, баарын эле билип, баарын эле көрүп турасың. Бирок, андай эмес, мындай болуш керек, деп айталбасың ачык.
Тигил кишинин сөзүн угуп олтуруп, бир карыя күлдү.
- Деги, «Жен олтур» деген атка коно элексиңби? -деди курдашына сөз ыргытып. - Баягы жылы Соң-Көлгө баратып, жолдо Төлөк айлында туруучу бир жакын эжебиз эсиме түшүп, учурашканча атымды чалдырып алайын деп бура тарттым. Кудай жалгап эже үйдө экен. Чапанын желбегейинен айкарысынан жамынып кыйшайып жатыптыр. Мени көрүп кубанып кетти. Ордунан туруп алдыма көлдөлөң салды.
Ал-жайды сурашып олтурдук. Үйдө эжеден башка эч ким көрүнбөгөнүнөн сурадым:
- Балдар көрүнбөйт го, ыя эже? Бир жакка кетишкенби?
- Өз балдарым езүнчө эмеспи. Мен Садырдын уулу менен турам. Жездең барында эле бул бала бизге таандык эмес беле. «Өз баладан, бөлүп кутуласын, , баланын баласынан өлүп кутуласың» дегендей, чал кеткенден кийин, экөөбүз бир түтүн болуп кала бердик. Атасынын көрү, жаштар карынын кадырын кээси билсе, кээси билбейт тура. «Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт» дегендей, келин өтө эле төркүнчүл. «Эми эле келем» деп эртең менен кеткен бойдон, ушул убакка чейин жок. Кап, чай ичсең болот эле, эми кантейин.
- Мен үчүн убара болбой эле коюңуз, чайга ракмат.
Эжени карап олтуруп күү-күчтөн кетип, картайып калган кези экен деп ойлоп, ичим эңшерилип турду. Бирок, сексенден ашып, токсонго таяп калса да сүйлөгөн сөздөрү орундуу, салабаты менен экен. «Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт» деген сөздү ойлоп коём. Кайран киши төгөрөгү төп келген, эстүү киши эле. Айткан сөздөрү алымдуу, кадыры менен калкына жаккан акылман аялдардан болучу. Жезоймоктуунун узу боло турган. Жездебизди жезде кылып, жакшылар менен жанаштырып, жакшы атакка жеткирген да ушул эжебиз болгон имиш. Аты да затына жараша Акылкарачач экен. Мен бул ат эженин азандагы, туулганда коюлган аты экен деп ойлоп жүрсөм, оз аты Акылкарачач эмес эле Батма экенин кечээ жакында билдим. Акылкарачачты келген жеринде, кайната, кайнилери, абысын-ажындары коюптур.
- Кагылып кетейин, эмнеге ракмат. Ичип-жеп, маңдайың тердеп, ракат көрүп кетсең болбойт беле. «Байың баякыдай эмес, баякыдай болсо аягандай эмес» дегендей, бир тамакты, казан асып жасап бералбай олтурганымды карабайсыңбы. Карылык куруп калсын, адамдын күч-кубатын бүт алуучу неме турбайбы.
Ушул маалда эженин өз аты эсиме түштү:
- Баса, сиздин өз атыңыз, Акылкарачач эмес, Батма турбайбы, ыя эже? Мен кийин, кечээ жакында эле билдим.
- Ал атым эмес, бул атымды да өзгөртүп коюшту балдар.
- Кызык, кандайча өзгөртүп коюшту?
- «Жөн олтур» деген атты уктуң беле мурда? Азыркы ысмым Жөн олтур.Жаш кезде адам эч нерсени аңдабайт тура. Ойлонбой туруп эле, шайтан басып күлүп жиберсем болобу. Бирок адегенче күлгөнүм менен, жолдо кетип баратып, бул сөздүн күлкү эмес экенин ойлоп, «жөн олтур" деген сөздүн тээ түпкүрүндө кейиштүү бир өксүк жашырынып жатканына ошондо гана араң акылым жетип, көңүлүм уйгу-туйгу боло түштү.
-Карыганда ошондой болот тура. Көкүрөк семиз, жаш кезде карыймын деп адам ойлобойт. А дейбиз,бу дейбиз, деги ал кезде карыда да, жашта да ыйманбар экен. «Элүү жылда эл жаңы» дегендей, кийинки жылдарда, жаштар өзгөрүп кетти. Алар орой, мээримсиз, ач көз өсүп жатышат. Уулдан уят, кыздан кылык кетти. Баякы ата-бабадан бери салт катары сакталып келаткан «Кызга кырк үйдөн тыюу» деген болбой калды. Ичкендери шарап, тарткандары тамеки. Андан дагы наша деген коркунучтуу чума бизге да келеби деген коркунуч жүрөктү сестентип, чочулатып турат. Деги өз балдарыбыздан өзүбүз суук сөз угуп, жагымсыз кылык-жоругун көрө электе, жылуу-жумшак кете берсек сонун эле болгону турат...
Олтургандардын сөздөрү көбөйүп, армандары артып баратканын угуп олтуруп пикир коштум:
- Ошондой да кеп болуучу беле, ажал жеткен күнү, бир күнү жашайын, бир саат жашайын, жок дегенде он мүнөт жашайын, десеңер да эч ким укпайт. Өлүмгө шашпаңыздар. Жаратылыш өлчөп берген өмүрдү сүрүш керек.
- Ой айланайындар, эми биздин өмүрдү кудай силерге берсин. Биз көрбөгөн эмне калды. Кууралды да көрдүк, жыргалды да көрдүк. Мындан аркы жакшы күн, жакшы турмушту эми силер көргүлө. Минтип көргө бутубуз салаңдап турган бизден не пайда? Ашка жүк, башка жүк болуп...
- Антпегиле. «Миң күнкү караңгылыктан, бир күнкү жарыкчылык» артык эмеспи. Өзүңүздөрдүн өтөгөн эмгегиңиздердин үзүрүн, бала-бакыранын ракатын көрүшүңүздөр керек. Эл үчүн иштеп, эл үчүн эмгек кылып, артыңыздарга өрнөк болуучу атуулдук милдеттерин өтөгөн ардактуу төр ээси да, жер ээси да, бакыт ээси да сиздерсиздер. Биздин бай-манабыз

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 25 Июнь 2016 - 17:13


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#274 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   25 Июнь 2016 - 18:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары



ташып-ашып көкөлөп кетпесек да, ушул күндөрүбүздү сиздер көрүп, сиздер түптөп бербедиңиздерби. Биз сиздерге бирибиз эмес, баарыбыз милдеттүүбүз. Бирок, ошондой болсо да биздии көөдөнүбүздү көк таштай өйүп, жарык маанайыбызга көлөкө түшүрүп, сөөгүбүздү сыздатып жаткан бир жаман жорук бар. Айткылачы, аталар, апалар - кайсы кыргыздын уул-кызы ата-энесин бакпай үйдөн кууп салуучу эле? Ар кайсы жерде ата-бабада болбогон жоруктар чыгып жатат. Ата-энесин карылар үйүнө жеткирип салган уулдарыбыз менен кыздарыбыздын кабарын угуп, таң калсак, бул жосунсуз жорук биздин айылга да укуругун сүйрөп кирип келиптир. Бул нашадан өткөн коркунучтуу оору. Биз ошон үчүн, жашты жаш дебей, карыны кары дебей чогуу чакырып олтурабыз. Карылар боюнча сүйлөшүп бүттүк. Мындан ары бири-бирибиз менен байланышта бололу аталар. Арыз-муңуңуздар, зарыл жумушуңуздар болуп калса, сиздер үчүн ар дайым эшик ачык. Тартынбай келип туруңуздар. Колдон келгеи жардамды эч кимиңиздерден аябайбыз. Мен болбой калсам башкалар бар.
Ушул маалда шофёрум кирди:
Сагындын үйүнө үч-төрт жолу бардым, жок. Кайда кеткенин эч ким билбейт.
- Ай иттин баласы, ушундай экен да. Кечээ какшап айттым эле. Качкан экен. Эми эмне кылыш керек? - дедим айлам кетип.
Залдан олтургандардын ичинен кимдир бирөө көтөрүлө берип сурады:
- Уккан кулакта жазык жок. Ал жигит апасын казынилган карылардын үйүнөн чыгарып Акылбек ала келиптир, деген сөздү азыр уктум ушул жердей. Бул чынбы, же баякы, көп катын ушактын бириби?
- Чын. Ошон үчүн Сагынды кайра-кайра издетип, эртеден бери таппай жатпайбызбы.
- Айылдагы адамдар бирин-бири жамандык-жакшылыкта, адамдар чогулган жерде жоктошот тура. Бир өлүктө, «Ой, Айша мындайдан калчу эмес эле, көрунбөй эле калды» десем, ошол жерде олтурган бирөө, «Төркүнүнө кетиптир» дейт. Ал байкуш байбиченин төркүнү жок экенин мен жакшы билем, - деди аялдардын ичинен бирөө. - Илгээри Казакстанда ачарчылык болуп эли тербүүчүдө, киречилер үч келинди алып кслишиптир. Ошонун бирөө Айша апа экен. -Аял Акылбекке карады. - Э балам, Айша силердикиндеби?

-Ооба, биздикинде апа.
-Ой кагылайын, Капар балам, ырас кылыптырсыц. Сообу тийсин.
Аялдын жанында олтургандар терикти:
- Капырай, жарыктык, кайра-кайра эле Капар дейсицер да. Бул бала Капардын уулу Акылбек эмеспи.
- Эмне, Капар деп жатамбы? Аа, атаңдын көрү карылык. Акылбек дейм деп Капар деген экенмин да. Ушул баласын көргөн сайын маркум Капар эсиме түшөт да турат. Атасы арбагында колдогусу бардыр. Сообу тийсин байкуш мусапырды, үйүңө алып келип ырас кылыптырсың балам.
- Анда бул абдан керектүү жыйын тура. Ракмат балам, сен карыны сыйласаң, карыга боор оорусаң, карыга жакшылык кылсаң кудай сени сыйлайсын. Айша да чоң эл, чоң жердин тукуму эмеспи. Билебиз го казактарды, түмөнү түрүлгөн калк.
Айша апа жөнүндө укканда залда олтургандардыи баары жандана түшүп, дүүлдөп барып басылды.
- Жанакы Сагын деген итти аялы менен алып келип, көрүнөө жерге олтургузуп коюп, бул жыйынды ошондон кийин баштаганда жакшы болмок экен. Жаштардын чакырылганы жакшы болуптур. Уксун баары. Э, Акылбек балам, бул кандай болду? Байбичеге кандай кезигип. алып келип калдың? Ушуну уксак болобу?
- Айтып берейинби?
- Айтып берсең, угалы! - Суранган үндөр залда дүүлдөп кетти.
- Кап, Сагын келсе жакшы болбойт беле.
- Айта берчи, балким келип калаар, - дешти олтургандар.
Окуя өкүнүчтүү. Ушул сапар Бишкекте командировкада болгонумда, көптөн бери көрүшпөгөн жолдошума май куючу пункттан жолугуп калсам болобу. экөөбүз тең кубанып кеттик.
-Ойбо-о-о-й, дос, директор болду деп уктум сени. кут болсун ордуң. качан жууйсуң? -деди ал.
-Азыр деле жууп берем. -саатымды карасам он эки болуп калыптыр. -Ырас болбодубу, чогуу түштөнөлү.
-Ракмат досум, мен тим эле тамаша кылып жатам. Атама барып учурашпаганыма эки ай болуп кетти. Ошол кишини көрүп келгени бараттым эле,- деди ал.
Мен атасы ооруп, ооруканада экен деп ойлодум.
-Эмне, оорубу атаң? Кайсы ооруканада?
-Жок, оорканада эмес, карылар үйүндө.
Уккан кулагыма ишенбей делдее туштүм.
-Эмне-е-е?! Карылар үйүндө дейсиңби? Кандайча?
-Ошондой болуп калды дос!
-Кызык, төрт көөмүт тамдын бир бурчунан атаң орун табылбай калдыбы? "Бирөөгө ичээрге суу табылбаса, бирөөгө кечээрге кечүү табылбайт" деген ушул экен да.
-Аялым экөө батышпай койду. Атама карап аны менен ажырашайын десем ортодо кыз бар. Карылар үйүнө барууга атам өзү макул болду. Үйдө камалып, келинин кабак-кашын карап олтурганча атама жакшы эле болду. Ал жерде карылар арбын экен.
-Отуз уул, кырк кыз тууп берсе да, атага күйүмү жок андай катындын кереги эмне? Атаңдын кадырынан бир кыздын кадыры күчтүүлүк кылган экен. Бекер кылыптырсың. Карылар үйүнө жеткирүүгө кантип жүрөгүң чыдап, кыйдың экенсиң,-дедим. Ушул саамда баякы Караколдо, силердикине окуп жүргөндө, сизден кеңеш сураганы келген Алкожо деген жигит эсиме түштү:
-Угуп турчу бир сөз айтайын.
-И, мына угуп турдум. Айта бер сөзүңдү.
-Атаңдын көрү, ал жигит азамат тура. Сенден акылдуу экен.
-Ал ким эле?
-Мен Караколдо окуп жүргөндө, баякы өзүңө айткан эжемдикине барсам, кабагынан кар жаап, Алкожо деген бир мугалим олтуруптур. Сыягы менин алдымда эле келген окшойт. Мукактана жөнүн билдирди:
-Сизден кеңеш сурап келдим. Аялым менен энемдин ынтымагы кетип, эч бир келише албай койду. "туубаган катын менен жашап, бир башың эки болбой, туяксыз өтөсүңбү?! " деп ыйлап жатып, акыры айтканына көндүрдү. Кудай берем десе ажеп эмес экен, экинчи алган аялым жыл маалына жетпей уул төрөдү.
Баласы го бала. Бирок, аялымдын бир кемчилиги кыялы чатак, тили узун чыкты. Келген күндөн баштап энемди сүйгөн жок. "Кудайды көзүң менен көбөсөң, акылын менен тааныбайсыңбы" дегендей, баарын байкап жүрдүм. Оңоолор деп күттүм. Бирок, өнолбоду. Кыялына кыял, тилине тил кошулду. Энемдин көргүсү келбей, ачык эле кагып-силкчү болду. Көбүнчө көргүлүктү мен жокто көрсөтөт экен. Тамак ичпей ачка жаткан күндөрү да болуптур. акыры апам да жарылды. Энемдин да тили чыкты. Экөөнүң ит менен мышыктан айырмасы болбой калды. Энем экен, кары экен деп аялым кечирбейт, же апам көтөрбөйт. орто жолдо эөөнүн ынтымагы жогунан мен курууп бүттүм.Бир бармагымды тиштесем бир бармагым ооруйт. Аялым, бул үйдө апаң турса, мен турбайм, дейт. А апам болсо, бала эмес Манас тууп берсе да, бул катыныңды жогот дей баштады. Эмне кылышым керек, акылынызды айтыңызчы?
-Энеңди бир туугандары бар да. Ошондо жиберсең кантет?
Жигит чочуп кетти.
-Жок эже, апамдан ажыраганча, аялымдан ажыраганым оңго, ыя?
-А балдарыңчы?
-Балдар чоңойсо табаар, таппаса жүрүшөөр, кантейин.
-Анда өзүң эле чеччи. Эне да кымбат, бала да кымбат. Мен кеңеш береалбайт экенмин иним, деди эжем.
-Анан алар эмне болду?

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#275 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   25 Июнь 2016 - 22:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Кийин уксам, үй-жайын аялын таштап, энесин алып айылына кетиптир.
-Мен анте албайм,-деди курдашым кесе сүйлөп.
-Жүрү анда, ал киши менен мен деле барып учурашып келейин,-дедим мен, карылар үйүндөгү турмушту көргүм келип.
-Ракмат, барганда эмне кылат элең?
-Эмнеге барат элең деген дагы сөз болобу? Учурашпайымбы. ..
-Өзүң бил,-деди досум көңүлсүз.
-Бирдеме алабызбы?
-Эмне алат элең?
-Тамак-аш, белек-бечкек дегендей.
-Белек-бечкектин кереги жок. Ал жердин тамак-ашы кеңири. жакшы да даярдашат.
Курдашыма көңүлүмдө таарынып калдым. Бараганы бир айдан ашса. "Карылар үйүнө " эле, казына төгүп салды дейсиңби. бардык жерде өлолүү да. Атам колумду карайт дебейт экен да бул.
Мен, жесе жээр, жебесе калаар деп ойлоп, базарга барып жер-жемиш, ашканадан бышкан эт, бышкан жөжө, колдон нан алдым.
"Карылар үйүн" укканмын, бирок, көрөлек болчумун. Биз атайы түшкү тамак убагын болжогонсуп, барыптырбыз. Бардыгы тамакка кирип кетишиптир. Курдашымдын атасы да тамакта болсо керек деп ойлоп, тышта скамейкалардын бирине көчүк басып олтурарыбыз менен бир кыргыз байбиче өтүп баратып, биздин тушубузга келгенде токтой калды:
-Кимге келдиңер эле, айланайындар?
атам бар эле, апа, -деди жигит.
Байбиче таңдана түшүп, ишенкирбей минтип сурады:
-Сенин атаңбы?
-Ооба, менин атам.
-Өз атаңбы?
-Анан өз атам болбосо, бирөөнүн атасына келмек белем._Бул сөздү жигит байкабай айтып жибергендей болду.
Байбиче жакасын карманды:
-Тобо, кудая, тобо, бул жерге мага окшогон жетим-жесир, багаар-көрөөрү жоктор эле келет экен десем, сендей заабыдай болгон өкмөт баласы бар адамдар да келет экен ээ. Атаңдын аты ким эле, балам?
-Төрөбай.
-Ии, Төрөбайдын баласымын де. Ал киши бир жумадан бери ооруп тышка чыкпай калды эле. Кудайга шүгүр, бүгүн жакшы болуп калыптыр. Бүгүнкү оокат доңуздун этинен жасалыптыр. Бир дагы мусулман баласы тамакка кирген жок.
Бир демге бири-бирибизди тиктеше түшүп, каректерибиз тайыды. Үнсүз тигил байбиче көрсөткөн жакты көздөй аяк таштадык. Биз барганда, бир түп өрүктүн көлөкөсүндө карыялар менен байбичелер бир нерсеге бушайман болгондой кабактары карыш түшүп түнөрүп олтурушуптур. Салам айтып, бардыгы менен кол алышып көрүштүк.
Мен буга чейин карылар үйүнө келген эмес экем. Өз оюмда бул жерде мындай ыйман жүздүү, салабатуу карылар бар экенин элестеткен эмес болчумун. Көрүп туруп көңүлүм бузулуп, эрдимди тиштеп турдум. ушул саамда ушулардын бирин ата, бирин апа ордуна алып кетким да келип кетти. Алардын кимисинин кйдан келгенин, багаар-көрөрү бары-жогун билгим келип турса да суроого дитим барбады. мындай суроо алардын көңүлү бузбаса, оңдомок беле?.. Ансыз да, жарыла албай арн турган арылбас армандары, кайра жаралып, жүрөккө аламаат салаарын ойлоп, кабыргам кайышып, муун-жүнүм бошоп, ыйлагым келип турду. Оюмда, кокустан, тигил "досумдун" тилин алып эч нерсе албай куру келгенде шерменде болмок турбайбызбы деп ойлоп, машинада калган тамак-ашты кайра барып көтөрүп келдим.
Мен, колумдагыны кайда коём, кайда барып жейсиңер, дегендей өзүбүз көздөп келаткан "Аяш атаны" карай берип, ал кишинин катарында өңү өчүп , көздөрүнүн жашы чарасына батпай мөлтүрөп толуп турган байбичени көрүп, калтырай түштүм. "Бул кишини кайлан көрдүм эле?" деп ойлогончо болбой, ал оозуна сүйлөдү:

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#276 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   26 Июнь 2016 - 14:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Кагылайын, сен кайсы баласың? Ак-Турпактык Капардын уулу эмессиңби?
- Ооба, апа, Капардын уулумун! Сиз езүңүз кимсиз? Өңүңүз жылуу учураганы менен жакшы тааный албай жатам.
Байбиче ыйлап жиберди. Эмне кылаарымды билбей чачылып кеттим. Колумдагы көтөрүп турган оокатты өрүктүн түбүндөгү көк чөптүн үстүнө коё койдум. Колдору мени көздөй сунулуп, басайын деп басалбай темтеңдей түштү. Мен ал кишини кучактай калдым. Балбыраган муздак эрини жаагымды аймалап, өпкүлөп жиберди.
- Атым Айша, Жаркынбай уста деп уктуң беле?
- Ооба, ооба, уккам, апа.
- Уксаң ошол кишинин байбичесимин.
-А, Сатыбалды акенин апасысыз да. Кызык, бул жакка кандайча келип калдыңыз? Сатыбалды акени жакшы киши деп уктум эле го. Тобо, сизди «карылар үйүнө» кандайча берип салды?
- А, катыгүн балам, Сатыбалды тирүү болсо, бул жайдын өзүне келүү эмес, атын угат белем. Жалгызымды жалмап алып, шорум кайнабадыбы. - Көзүнөн аккан жашты жоолугунун учу менсн сүрттү.
- Уккан эмесмин, качан каза болду эле?
- Көп болду балам. Айыл башка болуп билбей калдың да. Сатыбалды Капардан бир аз мурдараак каза болбодубу.
- Ошондой деңиз. Мени кечирип коюңуз апа. «Билбеген адам уу ичет» деген ушул. -----Неберелеридиз бар беле?
- Бар. Сагын деген шопурду билесиңби?
- Билем. Сагын сиздин небереңизби?
- Неберем.
- Эчедесиз?
- Быйыл күздө сексен төрткө толуп, сексен бешке кетем. Жашты кудай мол бергени менен, бактыны кем кылып койгон тура. «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» дешсе, «Жаш кезде жыргабаган дөөлөттүн карыганда эмне кереги бар» деп жүрбеймүнбү бала кезде. Көрсө, дөөлөт карыганда керек тура.
-Бул жерге келгениңизге көп болдубу?
-«Агус» айында бир жыл болот.
-Сагын алып келип жүрөбү?
-Анан ким алып келмек эле?
-Meн билгеи эмес экенмин. Ушундай каңшаарды угуп, бир жолу сурагам Сагындан. Ал мага «карылар үйүндө змес эле, «силер менен туралбайм» деп төркүнүнө кетип калган. Аялым апама такыр жакпай койду, деген.
-Аа, катыгүн жактырбай кайда бармак злем. Башкасын айтпай зле коёюн, убагында чай берчү змес. Эмне үчүндүр келген күндөн баштап мени жактырбады. Баарын жан кишиге чыгарбай ичиме сактап жүрдүм. Жаштык кылып жатса керек, оңолоор деп ойлодум. Уулумда кеп жок. Баарын кылган, жанагы шайтан катыны. Маңдай сөөгүм тайкы экен. Төрөгөн балдарым токтобой койбодубу, Сатыбалдымды ырымдап, төрөгөндө зле бирөөлөр уурдап кетип, кайра «тогуздап» барып сатып алып, атын Сатыбалды койгон элек. "Баланын баласы балдай таттуу» деген чын экен. Өз баламды кандай көрүп, кандай өстүргөнүмдү билбей калынтырмын. Бул Сагыпдын жүрөгү менен жүрөгүм, жаны менен жаным бир эле. Айла жок, ушундай болуп калды. Эркеликтикиби, айтор ойлоп олтурсам кыраакылыгы кем, акылы терең эмес экен. Бир сөз менен айтканда «Энең турса мен турбайм» деп эки күндүн биринде төркүнүнө барып айлап жатып алуучу аялын кыйган жок. «Сен болбосоң Уруйпа кетпейт эле» деп, ичип келип канымды сүлүктөй соргон күндөрү көп болду. Ажал жетпей койбодубу. Эл ичинде өлсөм эмне. Атаңдын көрүнүн маңдайы ай. «Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок» деген ушу тура. Бул жерде өлгөндөрдү «бульдезёр» менен жерди чукуп туруп зле, иттин өлүгүн кемгөндөй көөмп салышат экен. Ыйман угузуу, жаназа окуу деген болбойт тура. Ушундай күндө, ушундай жерде өлөм деген кимдин оюна келиптир.
Уулуңуз карылардын үйүнө алып барам дегенде эле, айылдык кеңешгин төрайымына, ал болбосо бизге кайрылсаңыз болмок экен.
-Сельсоветке кайрылдым балам, ал келип мага: «Балдарыңыз барып тур десе, барып туруңуз. Карылар үйү сизге окшогон кары-картаңга ылайыктуу жай. Уулуңуз барып турат. Сагынсаңыз кайра алып келет» деп мактаса эле, курортко окшогон жакшы жай экен деп ойлоп жүрбөймүнбү. Өзүм билбестик кылып алдатып койдум. Мен кеткенде келиндин боюнда бар болуучу. «Барып турабыз апа. Уруйпа аман-эсен эки колун бооруна алса, өзүм сүйүнчүлөп барып, кайра өзүм алып келем. «Колдо бар алтындын баркы жок» болуп жатпайбы. Сиз жок болсоңуз кадырыңызды билээр» десе ишенип жүрбөймүнбү. Көрсө мени алдаган тура. Алып кетмек турсун бир кайрылып келген жок. Көрсө, баарынын сөзү бир турбайбы.
Байбиче букулдап, жаш балача ыйлап жатты. Эмне деп көңүлүн жубатып, кайраттандырарымды билбей турдум.
- Жарыктык, ыйлабаңыз. Карылар үйүндө сизге окшогон карыялар да, байбичелер да бар турбайбы.
- Кантип ыйлабай коем. Ыйлаган жалгыз эле мен дейсиңби балам. Ушул тургандардың баарынын арманы арбын, көз жашы көл. Элди сагынат экен, жерди сагынат экен. Мен сага бир өтүнүч айтайын деп турам. Кабыл алсаң айтам.
- Айтып көрүңүз. Кабыл ала турган иш болсо, кабыл алам апа.
- Өмүрүмдүн акырында, оскон-онгон жерди бир көрүп, тели-теңтуштарым менен учурашып, абышкама акыркы жолу куран окутуп, жүрөгүмдү бир бөксөртүп келейин. Тил алсаң, мени ала кет балам. Сообум тийсин, батамды берейин. Жаш болсоң да элге баш болуп турасың: Өтүнүчүмдү аткарып кой балам. Балким Сагындын келүүгө шарты болбой жаткандыр. Деги аяды экөө ынтымактуу жашап, аман-эсен болду бекен. Андан да санаам тынбайт.
Айша апамды көрүп, ал киши айтпаса деле санаам сандап, көңүлүм бузулуп турган. Айылга алып барып жаш-карыны чогултуп, «энесин бакпай, карылар үйүнө жеткизип салган эргулду, элдин сотуна коюуну» ойлогом. Мындан ары бизден бир да эне, бир да ата, өз үй, өлөң төшөгүн таштап, эли-журтунан ажырал өлөөр алдында, туулган жердин турпагын буюгуп, казыналык жайга келбеши керек деп, өзөгүмдө өрт тутанган. .
Ушул саамда аңдоостои, апанын бутума жыгылып, кош аягымды кучактап, өпкүлөп жибергенин көрүп, таманымдан үрккөн бир муздак толкун дароо мээме чыга түштү. Шашканымдан эмне деп айтаарымды билбей «Ой жарыктык кантет», деп жерден тургузайын десем колдору бутумду кучактаган бойдон карышып калганынан, коркуп кеттим. Жанымда турган аксакал түйшөлө түштү.
-Курган киши, сени көрүп эреркеп кетти окшойт. Кайраты жок, санаачыл киши тура. Дайым эле ыйлап жүрөт. "Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы" дегендей, тагдырыбыз ушул болсо, ыйладык эмне, ыйлабадык эмне. Бизге боору ооруп, ыбаа карап, «Ой байкуш» дей турган адамыбыз болсо, туулган жердин турпагынан сүрүлүп бул жерге келбейт элек. Анчалык капа болуп, кайгырбаңыз байбиче. Кантебиз, өкмөттүн мунусуна да каниет кылышыбыз керек.
Дагы бир карыя, Айша апаны колтуктап капааттанды:
- Ой айланайын мусулманым ай, уулду болуп уулдун, кыздуу болуп кыздын кызматын көрбөгөн мына бул адам деле арданбай арабызда жүрбөйбү. Мына бул жигитти караңызчы, сыны бийик, сырты түзүк эле адам экен го. Көрүнүшүнө Караганда бир чоң кызматта болсо керек. Баласын балдар бакчасына берген немече, атасын карылар үйүнө өткөргөн немеде ыйман бар дейсиңби. Мен балам жок деп, муңканып жүрсөм, балалуулар деле келип жатат. Ушундайларды көргөңдө көксөң сууйт экен.
-Ой, андай ыймансыз баланын барынан жогу, чоңдугуна чокоюм, - деди дагы бир карыя, - атасына көрсөткөн бул кордукту, акыры баласынан көрөт эмеспи.
- Апа, болуптур, ыйлабаңыз, сөз бүттү. Мен сизди алып кетем. Бишкекке чарбанын иши боюнча келгем. Бир күндүк жумушум калды. Эртең бүтсөм эртен, бүрсүгүнү бүтсөм бүрсүгүнү келем - дедим.
Менин сөзүмдү угуп кубанганынан ый аралаш алкап жактты.

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 26 Июнь 2016 - 14:41


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#277 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   26 Июнь 2016 - 16:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-"Алып кетем" деп айткан оозуңдан тегеренип кетейин. Ылайым уучүң узарып, ооматың башыңдан кетпесин. Атаң Капар да адамгерчиликтүү, боорукер, ыймандуу жигит болуучу. Эми, кудай пендем деп жаратса кайра бул жерди көрсөтпөй, барарым менен өлүп кетсем экен. Өз жеримдин топсун торко кылып, балдарым жаткан көрүстөндү пааналап, чалым менен катарлаш жатып калаар бекенмин.
Мага Айша апа эле эмес, ошол жерде турган адамдардын баары ыраазы болуп , алкап жатышты.
Айткан убадам боюнча эки күндөн кийин келип, Айша апаны ала кеттим. Жолдо келатып өзүмчө ойго батам. "Атаңдын көрү-ү, карынын касиети бар да, Төтөн намаз окуп, орозо кармаган адамдар өзүнчө эле кут. Чоң атам менен чоң энемди эстейм. Орозодо орозо кармайбыз деп, таптап, даамдуулап жасаган тамагына карап, зор ичип, оозубузду бекитип, анан курсагыбыз ачканда уурдап ичип! Тү-ү, ооз ачаардагы салтанат деги бир укмуш болоор эле. Дасторкондун үстү дүйүм жер-жемишке, түркүн-түрдүү тамак ашка тим эле толуп кетүүчү. Анан дагы үйдө канча адамдын оозу бек болсо, ошончо чыныга бир жутумдан суу куюлуп коюлуучу. Уурдап тамак ичкенибизди билдирбей, биз да чокчоюп ата-эненин катарына олтуруп калаар элек. Бейиши болгон кем менен чоң атам менен чоң энемдин көзүнүн агы менен тең айланып, ооз ачаар убакта көпөлөк болуп кетишчү. Өзгөчө кайнене менен кайнатага калганда апам ошондой эле. Чоң атам менен бир жакка барганда чочулап турчумун. Тааныймынбы, тааныбаймынбы, ал киши үчүн баари бир болоор эле. Ким кезиксе эле ошонун баарына, салам айт деп кулагыма кумдай куючу. Андан дагы атчан баратсам, улуу кишилерден жөө адам кезигип калса, аттан түшүп салам айт дечү. Биз турган көчөдө, биздин үй менен маңдайлаш абыке деген карыянын үйү боло турган. Жалгыз уулу согуштан кайтпай калыптыр. Күйөөдөгү кыздарынын балдары тайене, таятасына каралап, көбүнчө ушулардыкында болуучу. Бирок, алардыкынан көп түйшүк бищдин моюнда боло турган. Чоң эне чака алып суугаа басты дегенче, болду, чоң атам бизге кыйкырат:
-Э-э-э-й балдар, байбиче сууга баратат. Баргыла карыган кишини темтеңдетпей, суусун алып келип бергиле.
Биз чоң атмдын үнү чыгаар чыкпастан учуп жөнөйбүз. биздин колдон келе турган жумушу чыгып калса, чоң атам менен чоң энеме айттырбай эле өзүбүз бүтүрүп беребиз. Кар жааса да биз, отун жарса да биз. Деги бизсиз эч нерсе бүтпөйт. Улууга урмат көрсөтүп, карыга кызмат кылгандан эч нерсе болбойсуңар дейт да турат. Кээде кыйыктанганым келип "Жээндери жүрөт, жасайт да ошолор. Дайыны жок эле бизди ителип жумшай бересиң" деген сөз ойдо ойноп, тилдин учунда турса да, ачык айтуу кайда. Көрсө, ушунун баары эле кайрымдуулук, ушунун баары эле ыймандуулук тура. "Тарбияүй- бүлөдөн башаталат" деген ушул болсо керек. Мен ушундай ойлордун түрмөгүн түрүп бүтүрө албай келатып , үйгө кандай жеткенибизди да билбей калыптырмын.
Айша апаны ала келгенимди көрүп Ашым атам аң-таң болду:
-Оо Акылбек менен келген ким десем, жеңем тура. Сизди казакстанга төркүнү алып кетти деп уктум эле. кандайча жолугуп калдыңыз Акылга. Кандай күүлүү-демдүү турасызбы? Оо катыгүн, өңүңүз жок экен. Эмне, ооруп жүрөсүзбү?
-Аа, арман күн, 2Куу алган кушта эмне сын" дегендей, менде кайдагы өң, кайдагы ден соолук болсун. Менде төркүн жок да Ашыке. Алиги бара-көрөөрү жок, жетим -жесирлерди баккан карылардын казыналык үйүнөн келдим.
Ашым атамдын куту уча түштү.
-Карылар үйүнөн келдим дейсизби? Эй кудай, ал жакка кайдан жүрүп кабылып жүрөсүз? Сих ээси жок карылардан эмессиз да. Абышкаңыщдын сайып берген талы, салып берген тамы бар. Түтүнүңүздү өчүрбөй тукумуңузду улап турат деп Сатыбалд таштап кеткен сагыныңыз турбайбы. Кана, үйгө кириңиз, "Жол азабы-көр азабы" дегендей, чарчап-чаалыгып келсеңиз керек.
-Кубанганымдан жарчаганымды деле билген жокмун Ашыке. Машинанн ичи мамыктай жумшак, тынч экен Чарчабасам деле, балдар ар кайсы жерге токто туп, абага чыгарып улам-улам эс алдырып алып келишти. Ырысың бар экен Ашыке, Капар көрбөй ракатты Акылбектен эми сен көр. Аман болсун балаң.
Айша апа кубанганынан айтаарга алкышый таппай олтурду. Мен Айша апага кандай кезигип кандайча ала келгенимдин чоо-жайын айтып сөз аягына чыга электе эл Ашым атам мага карады
-Ырас болуптур, бул кишини ала келгениң «к алардын үйүнө» жеткирбесе да, ата-энесине кайрымы жок жашгат көбөйүп кетти. Бүтүн жаш-карыны чакырып бул ишти ортого салып, балдардын көзүн ачыш керек. Мен дагы ошону ойлодум ата.
-Ии, ойлосоң жакшы экен. Тентектерди теске салыш керек. 1
Айша апа, балдарыма барам деп тынчы кеткенинен, биз жибербедик.
- Ошол мурун уул-келиниңизге сиздин келген деп айталы сүйүнчүлөп. Эмне дешээр экен! Сөз ошондон кийин болсун, - дедик.
Эртеси Сагынды чакыртып алып, энесин карылар үйүнөң чыгарып алып келгенимди, азыр ал киши биздин үйдө экенин айтсам, эси ооп калды. Анан ал эмне дейт дебейсизби?
- Эми аялым баланы алып төркүнүнө кетип калат турбайбы. Анын апам менен тургусу келбейт. Мен ошон үчүн ал кишини карылар үйүнө жеткиргенмин . Бизди беймаза- кылып бекер алып келиптирсиз, - турса болобу.
Жинимдин кандай келгенин өзүм да билбей калдым. Ордумдан туруп барып эшикти илдим. Муштумум өзүнөн-өзү түйүлүп турду. Анан жанына унчукпай басып келип, тизеге тептим эле, учуп кетти. Ордунан очорула туруп, ар жакта томолонуп жаткан калпагын колуна алып, оңдогон болуп башына кийгени баратканда, жакадан алдым.
- Кайра айтчы азыркы сөзүңдү. Сендей немени өлтүрүп салыш керек. - Жаакка тартып жибердим, -Ыя акмак, аялым апам менен тургусу келбейт деп, энеңди казыналык үйгө жеткиргенче, катыныңды кетирбейсиңби?
- Бала бар да.

Мүүнта кармап силкилдеттим.
-Сенин балаңа ата бопгон кебетенди урайын эшек. Урбаңыз.
-Муунуп кеттим, коё бериңиз жакамды.
- Азыр муунтуп өлтүрөм. Айтчы, карылардын үйүнө жеткирүүгө сага ким кеңеш берип жүрөт? Аялыңбы?
- Аялым да, башкалар да.
- Башкаларын ким?
- Сельсовет эже.
Сагындын сөзүнө ишенээр-ишенбесимди билбей дендароо боло түштүм. «Урушканды табыштырып, бөлүнгөндү бириктирип, чыр-чатакты болтурбаи, үй-бүлөнүн ынтымагын коргоочу» адам кантип эле ушундай өкүнүчтүү ишке барсын. Бул тим эле менин жемемден кутулуш үчүн жандалбас кылып жаткан сөзү болуш керек, деп ойлодум.
- Эми апаңды эмне кыласын?
Башы шылк дей түштү.
- Билбейм.
- Билбейсиңби? - Жакасын кое берип жаакка дагы тартып жибердим. Жыгыла жаздап, темтеңдей түшүп оңолду. Анан түлөй түшкөн жаагын сыйпалап турду.
-Сенин бул ишиң адам эмес кудайга жакпасын билесиңби. Болуптур, апаңдын тагдырын да, сенин тагдырыңды да эл чечсин. Көпчүлүккө салбай туруп эле, аялың меңен сүйлөшүп, энеңден кечирим сурап, үйүңөргө алып кетээрсиңер. „
- Макул, аялым менен сүйлөшүп көрөйүн,- деди түнөрүп...
Мен болгон окуяны төкпөй-чачпай үйгө айтып келдим. Аялы келбесе да, апасы менен учурашууга Сагын келээр деп ойлодук. Ал эмес күттүк. Бирок келген жок. Мен тыштан кирип, колумду жууп жатып Ашым атам менен Зыяданын сүйлөшүп жаткан сөзүн угуп, тыңшай калдым.
- Атаңдын көрү-ү бири кем дүйнө. Чоң эне менен өз эненин кандай айырмасы бар. Ушул да тукумбу.. Жаман уул менен жаман келин, кайран кишини кор кылып койгон тура. Ит болбосо кечээтен бери бир келбейби. Куураган кишинин жол карап жатып көзү тешилди.
-Уул-келини келбесе келбесин. Апа жакшы киши

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#278 Пользователь офлайн   benka80   28 Июнь 2016 - 22:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 13 Июль 12
  • Соңку аракети: 10 Июл 2016 23:53
  • Жынысы:Аялзаты

Anan
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#279 Пользователь офлайн   n-o-v-a-89   01 Июль 2016 - 06:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 01 Авг 2017 20:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия Забайкальский край г. Чита

Кызык жерине келгенде жазбай калдын го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#280 Пользователь офлайн   belka   07 Июль 2016 - 11:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Буткондур деп кире калдым эле,бутуруп салчы алтын кыз?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 07:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: